О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
21 сентября 2020 г. 0:03

Жаштардын телетаймашы: Лимон, жол кире жана бийлик

Парламентке аттанган талапкерлердин дебаты уланууда. 18-сентябрда КТРКдагы телетаймашта «Ата Мекен», «Биримдик», «Бир Бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш» жана «Чоң казат» партияларынын жаш талапкерлери элдин элегинен өтүштү. Телетаймаштарда талапкерлер бири-бирине суроо узаткан бөлүгүнө гана токтололу. Дебатта бийликтин партиясы саналган «Биримдиктин» өкүлү Акылбек Жамангуловго башка атаандаштары тарабынан эң көп суроо берилди. «Чоң казат» партиясынын талапкери Бекжан Рысмендеев «Биримдиктин» ураанын кескин сынга алды. «Евразиялык жол - бул Орусияга жагалдануу. Бирок, алар бул нерсеге көңүл бурбайт жана ишенбейт. Президенттин партиясы мандат үчүн ушуга деле макулбуз деп жатат. Эмки шайлоодо федерализация же губерния деп чыгабы?», - деди Рысмендеев. «Биримдиктин» талапкери Жамангулов Кыргызстан СССРдин тушунда гүлдөп турганын белгилеп, азыр да Евразия мамлекеттери менен тыгыз кызматташтыкта өнүгө ала турганын айтты. Ал партиянын урааны ошого байланыштуу экенин түшүндүрдү. «Демократиялык социализмди калыптандырабыз деген максатты көздөдүк. Экинчиси - евразиялык тандоо. Биздин өлкө илгертеден евразиялык мамлекеттер менен алакада болуп келген. Азыр да экономикада гана эмес, тышкы саясат, маданият жалпы карым-катнаштар кошуна мамлекеттер менен болот», - деди Жамангулов. Дебаттын шартты боюнча ар бир талапкердин суроосу жана жообу үчүн тогуз мүнөт берилген. «Чоң казат» тогуз мүнөттү өзүнө ыңгайлуу пайдаланып, партиянын талапкери Бекжан Рысмендеев каршылаштарына суроо жаадырып, өзүнүн жообу үчүн аз гана мүнөттү сактап койду. Ал талапкер Тилек Токтагазиевге кайрылып, «Ата Мекен» партиясы 29 жылдан бери парламентте жүрүп, өлкөнүн азыркы абалына жоопкер экенин айтты. Бул сынга Тилек Токтагазиев мындай жооп кайтарды: «"Ата Мекен" партиясынын акыркы чакырылышында 11 эле мүчөсү болгон. Алар Кумтөр сыяктуу маселелерде элдин кызыкчылыгы үчүн турган», - деди талапкер. «Ата Мекен» партиясынын көпчүлүк суроосу «Биримдикке» жолдонду. Партия өкүлү Тилек Токтогазиев «Биримдиктин» өкүлү Акылбек Жамангуловдун ишмердүүлүгүнөн тартып базардагы азык-түлүктүн баасынан бери сурады. Токтогазиев: - Элге жакынсыңарбы же жокпу деп сурап көрөйүн. Троллейбустун, автобустун жол акысы канча? Жамангулов: Троллейбустуку сегиз, автобустуку он сом. Токтогазиев: Туура эмес, автобустуку да сегиз сом. Жогорку сорттогу ундун баасы канча сом? Жамангулов: Жыйырма сомдун тегереги болсо керек. Токтогазиев: Туура эмес, 47 сом. Картөшкөнүн баасы канча? Жамангулов: Билбейт экенмин. Анткен менен Жамангулов атаандаш талапкерлердин партиялаштары, өкмөттүн иши, чек ара сыяктуу суроолоруна так жооп берген жок. Көпчүлүк суроого «партиянын жана өзүмдүн ишмердүүлүгүм үчүн гана жооп берем» деген жалпы сөздөр менен чектелди. Жамангулов «Ата Мекенди» 29 жылдан бери бийликте жүрүп эч нерсе кылган эмес десе, «Чоң казаттын» лидеринин декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкү бар экенин сындады. «Бир Бол» партиясынан талапкер катары дебатка катышкан Нурсултан Кубанов «Биримдик» партиясына бир топ суроо даярдап келгенин айтып, бирок ал партиянын жооп берүүгө убактысы калбай калганына нааразы болду. «Бирболчу» Кубанов дебаттын жүрүшүндө көп сүйлөбөй турган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Орозайым Нарматова менен бир топ кайым айтышты. Экөөнүн талашы партиянын лидери жана буга чейинки иштери жөнүндө болду. Нарматова: - Сулуу кийим кийип алып эле муну өзгөртөм дейсиңер. Эмне үчүн ЖЭБ, Кумтөр, Дача-Су, миграция маселесин «Бир Бол» партиясы көтөрүп чыккан эмесиңер? Кубанов: - Сизден эмне так иш кылдыңыз деп сурап жатам. Биз мисалы, миллиондогон инвестиция тартып, чоң отель куруп жатабыз. IT академияларды, мектептерди куруп жатабыз. Ар бирибиз өз тармагыбызда элдин жүгүн көтөрүп жүрөбүз. Айтор, дебатка көз салгандар башка телетаймаштарга салыштырмалуу бул жолку жаштардын дебаты маңыздуу болгонун белгилешүүдө. Дебатта «Ата Мекен» партиясынын өкүлү Тилек Токтогазиев казынаны кантип толтура турганын айтып жатып, стакандагы сууга лимонду сыгып көрсөткөнү Интернетте кызуу талкууга жеп таштады. Лимонду кыргыз активисттери «миллион» деген сөздү туюнтуу үчүн колдонуп келишет. Чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган мурдагы бажы кызматкеринин «Миллион» деген каймана аты бар экени белгилүү. Телетаймашка социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай баа беришти. Бири сындаса, башкалары жаш талапкерлердин бул дебаты курч болгонун белгилешти. Журналист Кудурет Тайчабаров бул теледебат жөнүндө кенен пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. «Жаштардын дебаты жакшы эле болду. Өтө жакшы болушуна ойлонулбаган регламент күнөөлүү болуп калды. Элдин баары бийликтин партиясына суроосу бар экенин билип туруп жеке Акылбек Жамангуловдун өзүнө суроо жаадырып, таймашты бүтүрүп салышты. «Биримдикке» «Бир Бол» менен «Бүтүн Кыргызстан» суроо бергенде сонун болмок», - деп жазды Тайчабаров. «Бирок дебатта эң эле айырмаланганы «Чоң казаттын» талапкери Бекжан Рысмендеев болду. Өзү адам суроо бергенинен эле билинет. Саясатчы болом деген адамдын суроо бере билгени андан жакшы. Рысмендеевдин берген суроолору башкаларга караганда дасыгып калган «биримдикчи» Акылбек Жамангуловду бир топ кара терге түшүрдү. Дегинкиси «Чоң казаттан» «чоң жиндини» эмес, чоң саясатчыны көрдүм», -деп жазды Sheraly Bektash аттуу колдонуучу. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия ат салышууда. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:03

Бекматов: шайлоочулардын акыркы тизмеси 27-сентябрда даяр болот

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси шайлоо күнүнө бир жума калганда жарыяланарын кабарлады. Бул 27-сентябрга туура келет. «19-сентябрда шайлоо участкаларында кабыл алынган арыздар, маалыматтар эки-үч күндө иштелип чыгат. Акыркы тизме шайлоого жети календардык күн калганда даярдалат», - деди Бекматов. Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо тилкелеринде кыргызстандыктар 19-сентябрга чейин шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактап же шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыз беришти. Адамдар бир топ жерде кишилерди идентификациялык каттоо системасы иштебей маселе жаралганын айтып арызданышты. Ушундан улам №2 форманы толтурууда кезек күткөндөр көп болгону кабарланды. Кыргызстанда 13-сентябрга карата шайлоочулардын саны үч миллион 465 миң адамды түзгөн. Алардын жарым миллионго жакыны Бишкек шаарына, 700 миңдейи Ош облусуна туура келет. Акыркы тизмеде бул сандар өзгөрүшү мүмкүн. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Кошумча участокторго жарандар №2 форма деген документ менен катталышты. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. (BTo)

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:05

БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат

Соңку убакта социалдык тармактарда азыркы партиялардын парламентке келишине бөгөт коюу максатында баарына каршы добуш берүүнү активдүү үгүттөгөндөр болууда.БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Эгер парламенттик шайлоодо “баарына каршы” графасына добуш бергендер көп болуп чыга турган болсо кайрадан ушул эле партиялар, азыркы тизмедеги талапкерлери менен шайлоого катышат алат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Белгилей кетсек, мыйзам боюнча бир дагы партия жети пайыздык босогодон жогорку добуш ала албаса жана “баарына каршы” графасы биринчи сапка чыкса, кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Шайлоочу кимге добуш бергенин партиялар текшере алабы? БШКнын жообу Соңку убакта социалдык тармактарда баарына каршы добуш берүүгө активдүү үгүттөгөндөр болууда. Алар эгер “баарына каршы” графасы биринчи орунга чыкса, кайра шайлоо өтүп азыркы партиялар ага катыша албай турганын айтып келишкен. “Азыркы жана башка партиялар кайрадан катышууга укуктуу болот. Ошондой эле талапкерлердин тизмесин да өзгөртө алышат. Кайра шайлоо өткөрүү дайындалганда катышууну каалаган бардык партиялар арыз жазып, кайра башынан БШКдан каттоодон өтөт”, — деди Осмоналиев. Ошондой эле ал “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 38-беренесинде партияларга тиешелүү эреже жазылганын белгиледи. Ага ылайык, кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда иш-аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу укугуна ээ боло албайт. Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин чечимдери шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныса, биринчи турдагы шайлоого катышкан партиялардын баары жана башкалары катыша алат. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алууга 16 партия ат салышууда. Шайлоо 4-октябрга дайындалган.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:07

Сооронбай Жээнбеков: Добуш сатуу менен коом да күрөшүү керек

«Добуш сатуу менен коом да күрөшүү керек», — Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген маегинде билдирди. Маек учурунда мамлекет башчысына шайлоону калыс өткөрүү жана добуштарды сатып алууга бөгөт коюунун шарттары тууралуу суроо берилди. Сооронбай Жээнбеков Президент катары шайлооону таза, адилет өткөрүү үчүн талап кылынчу мыйзамдын алкагындагы өз милдеттеринин баарын аткарганын жана аткарып жатканын дагы бир ирет белгиледи. Бирок, аталган процесс бир гана Президенттен, Өкмөт жана БШКдан көз каранды эместигин кошумчалады. «Добуш сатпоо маселеси биринчи кезекте партиялар, партиянын ичиндеги талапкер, андан кийин шайлоочулардан түздөн-түз көз каранды. Мен Коопсуздук кеңешин атайын ушул шайлоо маселеси боюнча өткөрүп, укук коргоо органдарына тапшырмаларды бердик. Эң негизгиси — кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатуу фактылары боюнча бардык партия, талапкерлерге бирдей катуу мамиле камсыздоо деген талап коюлган. Бул боюнча иш аткарылып жатат. Фактылар болсо — жазаланат. Бирок, тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына „мага добушуңду сат“ деди деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында „ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр“ деп айтып жатышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатышат, бирок мына ушул боюнча кайрылган факт жок болуп жатат. Бир же эки эле учур болбосо, негизинен имиш-имиштер болуп жатат», — деди өлкө башчы. Мамлекет башчысы белгилегендей, тийиштүү органдар бул багытта эгерде тынчсызданган маалыматтар келип түшсө, иш алып барышууда. «Демек, сиз айткандай, коомубуз өзү да ушуга барып жатат деген туурадыр. Добуш сатуу менен коом да күрөшүү керек. Азыр угуп, көрүп жатам. Сиздер, массалык маалымат каражаттары элди чакырып, түшүндүрүү иштери болуп жатат. Жакшы түшүндүрүү иштери болуп жатат. Ушул ишти күчөтүүбүз керек. Элге ушуну сиңириш керек. Бул өзүбүздүн, элибиздин, балдарыбыздын, мамлекетибиздин келечеги. Ушундай көрүнүштөргө жол бербешибиз керек деп өзүбүз да күрөшүүбүз керек. Мына, айтып жатышат, паспортун алып кетип жатышат деп. Паспортун алып кетип, азыр мынчадан беребиз, калганын кийин беребиз деп жатышат деген сөз болуп жатат. Органдар иштеп жатышат. Бирок, кайрылып, мына, менин паспортумду алды, муну мындай кылды деп кайрылган адам өзү жок болууда. Ар бир шайлоочунун өз иши, кандай кылат. Бирок паспортун эч кимге бербеш керек. Ал өзүнүн жеке документи. Добуш берүү купуя сакталат. Эч ким мажбурлай албайт, „буга сал, буга салба“, деп. Кимге добуш берсең, аны билип алат деген да сөз бар. Аны билбейт, андай технология жок азыр. Шайлоочу өзү жалгыз калат, кабинкада, бюллетенди каалаганына салат. Кимге добуш бересиң, өз эркиң. Добуш берүү 4-октябрда гана болот», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:07

“Мекенчил” Ош шаарында. Б. Аманбаев: "Кыргызстанды 30 жыл бою тоногон бир ууч коррупционерлердин схемасын кан буугандай токтотобуз!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ош шаарына барды. “Мекенчил” саясий партиясынын элдин жашоосун жакшы нукка буруучу экономикалык программасы ишке ашырылууга даяр. Бул тууралуу саясий партиянын талапкери Бакыт Аманбаев Ош шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. \“Биздин негизги максат – кыргыз элинин жашоосун оңдоо. Канткенде биз элдин жашоо-шартын жакшырта алабыз деген суроого жооп берейин. Парламентке барып калсак, биринчи кадамыбыз соңку 30 жыл бою Кыргызстанды тоногон бир ууч коррупционерлердин коррупциялык схемасын кан буугандай токтотобуз. Ал үчүн мыйзам долбоору даяр. Биринчиси, энергетика тармагында 30 жылдан бери 17 ишкананын ээси 1кВт электр энергиясын 1 тыйындан сатып алат да, аны элге 77 тыйындан сатат. 700 кВттан ашып кеткенде 2 сом 16 тыйынга бааланат. Коңшу өлкөлөргө 3 сом 50 тыйындан сатат. Кышында, элге берүүгө электр энергиясы жетпей калганда, кайра эле коңшу өлкөлөрдөн 5 сом 50 тыйынга сатып алат. Кайсы акчага? Элдин, силердин акчаңарга. Бул аткаруу бийлигинин кыргыз элине жасаган кыянатчылыгы. Биз ушуну токтотушубуз керек!” – деди Бакыт Аманбаев.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:08

(Фото) “Мекенчил” Араванда. Б.Аманбаев: “Биздин колубузда бийлик, ашыкча акчабыз жок. Бирок патриоттук духубуз күчтүү!”

Бишкек, "Саясат.kg". “Мекенчил” саясий партиясынын талапкери Бакыт Аманбаев Араван районунун шайлоочулары менен болгон жолугушууда парламенттик шайлоого бараткан 16 партияны үч топко бөлдү. “Учурда ат салышып жаткан 16 партияны үч топко бөлсө болот: 1. Чоң топ – коррупционерлерден куралган бийликтин партиялары. Соңку 30 жылда бийликтин башында болуп, улам президент алмашкан сайын өздөрүнүн позициясын 180 градуска буруп, акча берип, жаңы президенттин партиясына киргендер. Кошоматтык кылып, бийликке, болгондо да эң кирешелүү тармактардын башына конгондор. Өздөрүнүн коррупциялык механизмин орнотуп, кыргыз элинин канын кактап соргондор. 2. Соңку он жылда бийликте болуп, элди алдагандар. 2010-жылдагы революциядан кийинки элдин үмүтүн уурдагандар. Кыргыз эли алардын куру убадаларына ишенип, келечегин тапшырган, тарыхта сейрек кездешүүчү мүмкүнчүлүктү берген. Бирок элдин үмүтүн, ишенимин өз кызыкчылыгына алмаштырышты. Эл берген мүмкүнчүлүктү байлык топтоого пайдаланышты. 3. Жүрөгүндө эли-жерине болгон бийик сезими барлар. Булардын колунда бийлик, чөнтөгүндө ашыкча акча жок. Бирок патриоттук духу күчтүү. Элдин, мекендин тагдырына кайдыгер карабагандар. Бул топко биздин “Мекенчил” партиясы да кирет! Партиялардын бардыгы тең сиздердин добушка муктаж. Бирок ошол добушту, мүмкүнчүлүктү ар кимиси ар башкача пайдаланышат. Сиздер жаңылбоого милдеттүүсүздөр. Ар бирибиздин, балдарыбыздын келечеги бүгүнкү тандообуздан көз каранды болоорун унутпаңыздар”, - деди Бакыт Аманбаев.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:08

(Фото) “Мекенчил” Араванда. К.Зулушев: “Мекенчил” - катары таза, мамлекетке бир да зыянын тийгизбеген, бирок пайдасы чоң инсандардан куралды!”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Араван районуна барды. Мамлекеттин тагдырын мекенчил инсандар түздөйт. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын талапкери Курманкул Зулушев Араван районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Мекенчил” партиясын мамлекет, улут дегенде күйүп-жанган Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров негиздеген. Садыр Жапаров “Кумтөр” элге өтсүн, алтындын пайдасы мамлекетке калсын”- деген мекенчил аракетинен улам азап-тозок көрүп абакта жатат. Мекенчил уулдарды мекенчил күчтөр колдобосо болбойт. Сиздерде партиянын программасында эмне айтылган, тизмедеги талапкерлер эмнени өзгөртө алаар экен, же көнүмүш болуп калгандай куру убадалар менен парламентке жетип алууну көздөшөбү деген ой пайда болушу мүмкүн. Биздин программа – куру убада эмес, реалдуу мүмкүнчүлүктөр! Башка партиялардыкынан айырмасы – мамлекеттик системаны алмаштырууга умтулуу! Азыр жаштар, жаңы күчтөр деп алдаган партиялар бар, алдына беш-алты “куурчакты” коюп, кнопкасын эски күчтөр өздөрү кармап отурушат. Өздөрүн оппозициябыз деп атагандар – катарына мамлекетти тоногон мурунку аткаминерлерди кошту. А “Мекенчил” - катары таза, мамлекетке бир да зыянын тийгизбеген, бирок пайдасы чоң инсандардан куралды. Биз – мамлекетти кыйынчылыктан сууруп чыгарууну гана башкы максат кылдык!” – деди Курманкул Зулушев. "Мекен чил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:08

(Фото) “Мекенчил” Ноокатта. Ж. Жолдошова: “Мекенибиздин бир метр жерин азайтпастан урпактарга өткөрүп беришибиз керек!”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ноокат районуна барды. Дүйнө жүзүндө өзүнүн жерине, мекенине жете албаган улуттар көп. Кыргыздардын бактысы – мамлекети бардыгында. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын талапкери Жылдыз Жолдошова Ноокат районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Биз баарын өз ордуна койгонго убакыт келди. Дүйнө жүзүндө 80 миллион дунган жашайт – өз жери, мамлекети жок. 140 миллион уйгур калкы ар башка мамлекеттерде өмүр сүрүшөт. 200 миллион күрд улутунун мекени жок. 6 миллион кыргыздын керемет жерди ээлеген, мамлекети, туусу, герби бар. Кыргыз, ойлон, сенин башка мекениң жок! Ата-бабаларыбыз жерибизди басып алабыз дегендер менен кармашкан, жанын аяган эмес, курман болушкан - бирок мекенибизди бүтүн бойдон бизге калтырышты. А биз анын бир метр жерин азайтпастан урпактарга өткөрүп беришибиз керек. Туура тандоо жасабасак, акчага алданып, добушубузду сатсак мамлекеттүүлүгүбүздү сактап кала албай калабыз. Эртең урпактарга эмне деп жооп беребиз?! Силердин келечегиңерди акча үчүн “ичтен чыккан ийри жылан” коррупционерлердин, өз элинин чыккынчыларынын колуна карматканбыз дейбизби?!” – деди Жылдыз Жолдошова. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
26 сентября 2020 г. 11:47

Каныш Нурди: Өлкөбүздү өсүүгө өзгөртөлү! "Республиканы" тандайлы! №14✅

Каныш Нурди: Өлкөбүздү өсүүгө өзгөртөлү! "Республиканы" тандайлы! №14✅

Подробнее
19 сентября 2020 г. 16:22

Биз жаш, билимдүү, күчтүү, жаратман лидерлерден түзүлгөн командабыз.

Биз жаш, билимдүү, күчтүү, жаратман лидерлерден түзүлгөн командабыз. Биз сөз менен эмес, иш менен далилдейбиз!

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:50

БИЗ ДАЯРБЫЗ ! СЕНЧИ ?

Жаштыкты жана тажрыйбаны айкалыштыра турган мезгил келди. БИЗ ДАЯРБЫЗ ! СЕНЧИ ?

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

Мирбек Асангариев : "Элге бийликти кайтарып берели"

Мирбек Асангариев : "Элге бийликти кайтарып берели"

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:15

Нурсултан Кубанов

Нурсултан Кубанов : "Пандемия учурунда өтүп кеткен биздин мекендештерибизди, жакындарыбызды эскерип кетели..."

Подробнее
19 сентября 2020 г. 12:55

Советбек Рустамбек Уулу:

Советбек Рустамбек Уулу: "Эң алгач чакан ишкерлик жана миграция маселелерине басым жасап, ишкерлерге жакшы шарт түзүп, ага карата мыйзам жазам!"

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:03

“Мекеним Кыргызстан”

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкерлеринин Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуусунан фоторепортаж.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники