О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
21 сентября 2020 г. 0:02

Минскиде жүзгө жакын адам кармалды

Минскидеги «Адилеттүүлүк жүрүшүндө» 20-сентябрда жүзгө жакын адам кармалганын «Весна» укук коргоо уюму кабарлады. Ал эми Беларустун башка шаарларында өтүп жаткан каршылык акцияларында кармалгандардын саны кырктан ашты. Брест шаарында полиция демонстранттарга жаш чыгарчу газ колдонуп, асманды карай ок атты. Демонстранттар менен ОМОН өкүлдөрүнүн ортосунда кагылышуулар болгонун ошол жердегилер социалдык тармактарга жайгаштырган видеолордон көрүүгө болот. Баш калаа Минскидеги Төбөлсүздүк аянтына он миңдеген адамдар чогулганын TUT.by агенттиги жазды. Жогорку соттун имаратынын жана Эгемендик сарайынын жанына атайын аскердик техника, автозактар алынып келди. Ошондой эле бул эки имаратты аскерлер кайтарышууда. 19-cентябрда Минскиде өткөн аялдардын жүрүшүндө 300дөй адам кармалган. Беларуста толкундоолор 9-августта башталып, ошондон бери токтой элек. Демонстранттар ошол күнү өткөн шайлоодо президент Александр Лукашенконун расмий жеңип чыгышына нааразылык билдирип келишет. Алар Лукашенконун кызматтан кетишин жана жаңы адилеттүү шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып жатышат.

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:16

"Замандаш" алыскы Аксайда

«Замандаш» партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыка талапкерлер Искендер Гаипкулов, Канат Бакалов, Эсенали Парманов Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Аксай айылынын тургундары менен жолукту. Аталган айылда кошуна мамлекет Тажикстан менен чек аранын такталбаганынан улам ар кандай жаңжалдар арбын болуп келет. Тилекке каршы, Аксайда бул көйгөй азыркы күнгө чейин чечилген эмес. «Замандаш» партиясынын жергиликтүү тургундар менен жолугуунун максаты элдин муңун угуп, парламентке өтсө куру убадаларды бербестен аткараарын билдиришти. Жолугушууга келген тургундар тажик эли менен түшүнбөстүктөрдөн тажаганын, буга чейин убада берип кеткен партиялардын бири да айткан сөздөрүн ишке ашырбагандыгыг баса белгилешти. Искендер Гаипкулов чек ара маселеси азыркы күнгө чейин кесипкөй адистердин жоктугунан улам чечилбей келгендигин билдирди. «Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери чек ара маселесин чечүүдө кесипкөй адамдар жетектебей келет. Баткендин шартын билишпейт, айылдардын абалы менен тааныш эмес. Такталбаган жерге кошуна мамлекет үйлөрүн салып кирип жатышат, бул маселелерди чечиш үчүн кесипкөй адистер иштеген жок. Эгер биздин партия парламентке барса, чек аранын маселесин чече турган адистерди даярдап, атайын орган түзүүгө умтулат», - деди ал. Канат Бакалов чек ара маселесин жон териси менен сезген адам катары аксайлыктарга кайрылды: «Биздин «Замандашка» кошулганыбыздын себеби чек ара маселелерин, суу көйгөйлөрүн чечиш үчүн бирге бара жатабыз. Элдин маселесин, чек ара маселесин биз жон терибиз менен билебиз, тартипке салып, чек ара көйгөйүн чече алган адистер Жогорку Кеңешке барышы керек» . Аксайдын тургундары партияга ийгилик каалап, айылдын аксакалы каалоо тилегин айтып, өз батасын берди. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 19-сентябрь, 2020-жыл. 21:13 19-09-2020

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:16

"Кыргызстан" партиясы №15: Таштанды көйгөйлөрүн чечүү – жарандардын экологиялык коопсуздугун камсыз кылат

Кыргызстан жыл сайын 520 миң тоннадан ашуун тиричилик таштандыларын "өндүрөт", алар көпчүлүк учурда ири шаарлардын айланасында жайгашкан таштанды төгүлүүчү жайларга жана полигондорго ташталат. 2018-жылга карата республикада 406 таштанды төгүлгөн жайлар болгон, алар үчүн мамлекет жалпы аянты 616,3 гектар аянтты бөлүп берген. Бул жерлерде ондогон жылдар бою 16 миллион 500 миң тонна таштанды топтолгон. Көпчүлүк таштанды таштоочу жайлардын мөөнөтү эбак эле бүткөн. Бул жайларда техникалык, санитардык жана экологиялык коопсуздук нормалары сакталбайт. Өрттөлгөндө жана чиригенде таштандылар абаны уулуу заттар менен булгап, кара түтүн көптөгөн аймактарга жайылат. Химиялык жана башка кооптуу кошулмалар топуракка жана жакынкы суу объектилерине сиңет. Мындай аймактарда жашаган адамдардын көпчүлүгү алар ичкен суунун канчалык булганганынан күмөн санашпайт. Таштанды талаалары - бул ар кандай ооруларды алып жүрүүчү жана калк үчүн эпидемиологиялык коркунуч туудурган чычкандардын, келемиштердин, курт-кумурскалардын жашоочу жайы. Бул аймактарда мамлекет тарабынан толук кандуу медициналык, биологиялык жана химиялык көзөмөл жок. Таштанды баскан жерлердин дээрлик 96%, ал тургай уруксат берилген жана мыйзамдуу документтери бар жерлер таштандыларды чыгаруу үчүн талап кылынган жерлердин тиешелүү категориясына айландырылган эмес. Бул бөлүктө аймактык өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү көзөмөлү жок. Ондогон жылдар бою таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу жана таштандылардан тараган газды утилизациялоо маселелери чечилбей келген. Ошол эле учурда чиновниктер жана депутаттар өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү максатында чет өлкөлөргө иш сапарларга көп чыгышкан, бирок эч кандай жыйынтык чыга элек. Белгилей кетсек, Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы Бишкекке 22 миллион евро бөлүп, анын көпчүлүгү таштандыларды сорттоочу заводдун курулушуна жана санитардык полигондун рекультивациясына жумшалган. Бирок сөз борбор калаа жөнүндө гана жүрүп жатат. Республиканын аймагында өндүрүш жана керектөө калдыктарынын бир адамга туура келиши көбөйүүдө. 2010-жылы бул көрсөткүч бир адамга 1118,2 килограммды түзсө, 2016-жылы бир адамга таштанды көлөмү дээрлик эки эсеге көбөйүп, 2015,8 килограммга жеткен. Эгерде азыркы тенденциялар улана берсе, анда 2030-жылга чейин табияттын булганышы коркунучтуу чекке жетип, калк арасында жугуштуу оорулардын саны көбөйүшү мүмкүн. “Кыргызстан” партиясы төмөнкүлөрдү сунуштайт: - Таштанды төгүлгөн жайлардын категорияларын жөнгө салуу. Ошол эле учурда трансформацияланган жер категорияларынын мыйзамдуулугуна көңүл буруу керек; - Таштанды ресурстарын чарбалык керектөөгө колдонуу үчүн өзүнчө чогултуу боюнча мыйзамдык базага өзгөртүүлөрдү киргизүү; - Калдыктарды иргөөнүн заманбап экономикалык механизмдерин ченемдик укуктук базага киргизүү. 1) Өнүккөн аймактардын резиденттери үчүн жеңилдетилген салык салуу механизмдерин, киреше жана мүлк салыгы боюнча региондук жеңилдиктерди колдонуу; 2) Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тартылган насыялар боюнча мамлекеттик кепилдиктерди, насыялар боюнча пайыздык төлөмдөрдүн бир бөлүгүн компенсациялоо үчүн субсидияларды, жеңилдетилген насыяларды берүү, илимий-техникалык ишмердүүлүктү жана инновацияларды колдоо. - Кайра иштетүүнүн акыркы продукциясын курулуш, ички жасалгалоо, санитария, ошондой эле айыл чарба тармактарында колдонуу максатында зыяндуу чыгындылары нөлгө барабар болгон таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу жаатындагы маселени иштеп чыгуу; - Калктын өзүнчө чогултуу жана калдыктарды азайтуу жаатында маалымдуулугун, экологиялык билимин жана кызыгуусун жогорулатуу. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 19:23 19-09-2020

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:16

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын жаштар канатынын жаңы демилгеси ишке ашты

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын Мырза-Акедеги жаштар канаты бүгүн, 19-сентябрда ишембилик уюштурушту. Аталган иш-чара Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өттү. Катышуучулар айыл аймагын таштандылардан тазалап, жарандарга күтүүсүз келген таажылуу вирустун алдын алуу үчүн бет кап тагынуу, колду бат-баттан жууп туруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айыл башынан аягына чыгышты. Өтүп бара жаткан айыл тургундары жаштарга жана “Мекеним Кыргызстан” партиясына ыраазычылыктарын билдирип, ак батасын беришти. Эске сала кетсек, “Мырза-Аке” жаштар биримдигинин мүчөсү Жеңиш Жумабай уулу тазалык иштери айыл жергесинде байма-бай уюштурулуп тургандыгын айтты. Буга чейин жаштарга алгылыктуу колдоо көргөзүп, сергек жашоо жаатында алдыга сүрөөлөр болгондугу үчүн айыл жаштары акылдашып, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер, Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматовду колдоо чечимине келген. Жергиликтүү тургундар “Өзгөрүүнү өзүңдөн башта” жана “Тазалык айылыбызга, айылыбыз баарыбызга” деген ураан алдында өткөн иш-чараны, башка партиянын жаштар канаттары дагы улантып кетишсе деген демилге киргизишти. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 17:57 19-09-2020

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:16

Шайлоо-2020: Бүгүн жарандардын өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алышынын акыркы күнү

Бүгүн, 19-сентябрь жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алышынын акыркы күнү. Бул тууралуу маалыматты БШКдан билдиришти. Ага ылайык, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-сентябрында жарандардын шайлоочулардын тизмесинен өзүлөрүн тактоо же шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыздарын берүү мөөнөтү аяктай тургандыгын билдирет. "Буга байланыштуу жарандардын конституциялык укуктарынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын иш убактысы узартылды. Кыргыз өлкөсүнүн аймагында иштеп жаткан участкалык шайлоо комиссиялары жарандарды саат 20:00гө чейин кабыл алышат. Ал эми өлкөдөн тышкары жерлерде иштеген участкалык шайлоо комиссиялары саат 21:00гө чейин кабыл алышат" , - деп жазылат маалыматта. Маалым болгондой, өзүн тизмеден тактоо же шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыздар добуш берүүгө 15 календардык күн калганга чейин берилиши керек. 17:35 19-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:05

Апта: Экс-министр камалды, Европарламент Лукашенкону президент катары тааныбайт

Узап бараткан аптанын (14-20-сентябрь) урунттуу окуяларына сереп. Экс-министрдин камалышы Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин камалышы Кыргызстанда өткөн аптанын башкы окуясы болуп калды. 15-сентябрда кармалган дарыгерлердин экс-башчысын Биринчи май райондук соту 15-ноябрга чейин камакка алды. Чолпонбаев Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен каралган кылмыш иштин алкагында шектелип жатат. Бул жөнүндө Башкы прокуратуранын өкүлү Эрмек Асанов «Азаттыкка» мындайча маалымат берди. «Космосбек Чолпонбаев кызмат абалынан пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы туруп, консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзгөн. Натыйжада мамлекеттик бюджет 65 млн. сомдук зыян тарткан». Кылмыш ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) козгогон. Бул мекеме зыяндын көлөмүн 9 млн. сомго жакын деп баалаган эле. Финполиция алгач экс-министрди 6-июлда суракка чакырып, эки айдан кийин кармап отурат. Космосбек Чолпонбаев өзү сотко алынып келген учурда журналисттердин суроосуна жооп берүүдөн баш тартты. Мурдараак анын адвокаты Марат Эшперов да кардары менен макулдашмайынча «комментарий бере албай турганын» билдирген. Чолпонбаевдин уулу Эркин Чолпонбаев менен «Азаттык» байланышканда, ал «атасынын күнөөлүү эместигин» айткан. Экс-министр Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат. Чолпонбаев кеп болуп жаткан министрликтин башкы кызматын 2018-жылдын 25-апрелинен 2020-жылдын 1-апрелине чейин жетектеген. Анын эки жылдан кийин иштен алынышына коронавируска каршы даярдыкка карата нааразылыктар себеп болгон. Саламаттык сактоо министринин ишин ошол учурда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков да сындаган эле. Коопсуздук кеңеши «Чолпонбаев өзүнө коюлган кызматтык милдеттенмелерге жоопкерчиликсиз мамиле кылганы үчүн бир катар ири катачылыктарга жол берилген» деп маалымат тараткан. Коопсуздук кеңеши "министрдин катасы эпидемиологиялык абалга терс таасирин тийгизип, оору жуккан жарандардын көбөйүшүнө алып келди" деп жыйынтык чыгарган. Бирок кезинде пандемияга даярдык жетиштүү көрүлбөй калганына ошол учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын да жоопкерчилигин талап кылгандар бар. Жарандык активист Мелис Аспековдун пикирине орун берели. «Чолпонбаевди эчак эле камакка алыш керек болчу. Мындан тышкары, биринчи кезекте өкмөттү мурдагы башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевди жоопкерчиликке тартыш керек эле. Ошол социалдык жана саламаттык сактоо тармагына көзөмөл кылган Өмүрбекованы да сураш керек. Себеби пандемияга келген акча каражатты ушулар бөлүштүрдү. Эл өкүлү Марлен Мамаматалиев «коронавируска каршы күрөшкө аталып келген 300 млн. долларды башка багытка буруп жиберишти» деп айтып жатпайбы. Ошол акчага дем алдыруучу жана башка аппараттарды, дары-дармектерди алып коюшса, эл кырылмак эмес да. Расмий бир жарым миңдей, а расмий эмес канча адам өлүп кетти. Ошондуктан бир эле кишини жоопко тартып жатышканы көз боёмочулук аракет. «Биз коронавирустун жайылышына жол бергендерди жоопко тартып жатабыз» деген кожо көрсүн нерсе болуп калат»,-деди ал. Көз карандысыз адвокат Канат Хасанов Башкы прокуратурага быйыл июль айынын башында кайрылып, Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда сырттан келген каржылык жардамды бөлүштүрүү кандай жүргөнүн текшерүүнү жана аны жоопко тартууну суранган. Башкы прокуратура анын арызын Жазык кодексинин «Шалаакылык» беренесинин негизинде козголгон сотко чейинки териштирүүнүн алкагында карай баштаганы белгилүү болгон. Беларуска байланыштуу жагдай курчуду Беларуста бир айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан кырдаал өткөн аптада дагы жаңы өңүт алды. Европарламент Александр Лукашенконун президенттик мөөнөтү 5-ноябрда бүткөндөн кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын жарыялады. Евробиримдиктин мыйзам чыгаруу органы мындай мазмундагы резолюциясын 17-сентябрда кабыл алды. Европарламенттин Беларустагы кырдаалга байланыштуу төртүнчү резолюциясын 574 депутат колдосо, 38и каршы, 82и калыс болду. Депутаттар Европа кеңешинин буга чейин жарыяланган позициясын ырастап, Беларустагы 9-августта өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын белгилешти. Буга алар шайлоонун одоно мыйзам бузуу менен коштолгонун жүйө келтиришти. Резолюцияда Беларуста тынч демонстранттардын өлүмүн иликтөө, жаңы шайлоо өткөрүү тууралуу талаптар да коюлду. «ЕККУнун көзөмөлү астында жаңы шайлоо өткөрүү - учурдагы кырдаалды жөнгө салуунун башкы жолу. Азырынча Беларус бийлиги менен эч кандай деңгээлде байланыш түзгөн жокпуз. Лукашенконун бийликте калууга умтулган өжөрдүгү, анын Москвадан барган сайын көбүрөөк колдоо алып жатканы кырдаалды татаалдаштырып жатат», - деп билдирди бейшембидеги жыйында Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррел. Мындан тышкары Европарламент Беларуста бийликтин тынч жол менен өткөрүлүп берилишин жактай турганын, оппозициянын Координациялык кеңешин «демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган элдин убактылуу өкүлдөрү» катары тааный турганын белгиледи. Бейшембиде кабыл алынган резолюциянын мыйзамдык күчү жок. Бирок бул документ Европадагы институттар үчүн саясий ориентир болуп берет. Беларусту 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко Европарламенттин чечимине бейшемби күнү Минскидеги аялдардын форумунда жооп кайтарды. Ал башка өлкөлөрдүн Беларустагы шайлоону тааныганы же тааныбаганы маанилүү эмес экенин айтып, өлкөдөгү кырдаал үчүн кайрадан Батыш өлкөлөрүн айыптады. Ошондой эле Орусиянын президенти жана коргоо министри менен Беларусту «коргоого аргасыз болуп жатканын» кошумчалады. «Биз аскерлерди көчөлөрдөн чыгарып кетип, армиянын жарымын күжүрмөн даярдыкка келтирип, мамлекеттик чек аранын батыш тарабын, биринчи кезекте Литва жана Польша менен чек араны жабууга аргасыз болуп жатабыз. Биз өтө өкүнүү менен биздин боордош Украина менен чек арабызды да бекемдөөгө аргасызбыз», - деп билдирди Лукашенко. Лукашенко 16-сентябрда да АКШны, Борбордук жана Чыгыш Европадагы айрым өлкөлөрдү жана Украинаны Беларусту «жок кылуу боюнча сценарий даярдап, ишке ашырууга аракет кылган» деп айыптаган. Аталган өлкөлөр мындай дооматтарды четке кагып, бул сыяктуу билдирүүлөрдү Лукашенконун бийликте калуу амалы катары мүнөздөп жатышат. 16-сентябрдагы анын билдирүүсү Беларустун Тергөө комитети оппозиция лидерлеринин бири Мария Колесниковага «улуттук коопсуздукка доо келтирген чакырык жасаган» деген айып койгонуна туш келген. Колесникова ушул айдын башында беларус-украин чек арасында кармалган. Колесникова беларус бийлиги аны Киевге күчтөп жөнөтөрдө паспортун айрып салганын, коркутууга кабылганын айтып чыккан. Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодон бери түмөндөгөн адамдар катышкан жүрүштөр токтобой келет. Демонстранттар Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн, саясий туткундардын боштондукка чыгарылышын талап кылышууда. Беларустун бийликке баш ийген Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенко добуштардын 80%, оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская 10% жакынын алганын билдирген. Бирок оппозициянын башкы лидерине айланган Тихановская бюллетендер туура саналган ондогон добушканалардын жыйынтыктарына таянып, президенттик шайлоодо өзү жеңгенин белгилеп жатат. Литвага чыгып кеткен Тихановская 18-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинде видеокайрылуу жасады. Ал Минскиден Лукашенконун бийлигинин кылмыштуу аракеттерин иликтей турган эл аралык миссияны Беларуска киргизүүнү талап кылды. Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши Беларустагы демонстрациялар маалында адам укуктары бузулган жагдайларды кылдат иликтөө боюнча Евробиримдик сунуштаган резолюцияны 18-сентябрда кабыл алды. Женевада өткөн жыйынга 47 мамлекет катышып, алардын 23ү документти колдоп, экөө каршы чыкты. 22 мамлекет добуш берген жок. БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишель Бачелетке Беларустагы кырдаалга кылдат көз салып, жыл соңуна чейин өз сунуштарын берүү боюнча ыйгарым укуктары тапшырылды. Жээнбековдун коррупцияга каршы «жаңы деми» Узаган аптада Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин отуруму жана анда айтылган коррупцияга каршы чакырыктар коомчулуктун талкуусунда болду. 17-сентябрда өткөн отурумда укук коргоо органдарынын жемкорлукка каршы үч жылдык ишинин жыйынтыгы жана Кыргызстандын коррупцияга каршы мамлекеттик жаңы стратегиясы каралды. Жыйында президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик бюджетти талап-тоногондорго, өзүнүн кызмат ордун пайдаланып мыйзамсыз байыгандарга эч кандай аёо жана кечирим болбой турганын белгилеп, «коррупция менен элдешкис күрөш уланат», - деп айтты. «Көптөгөн коррупциялык схемалар ачылды, мамлекеттик сатып алууларда, фискалдык, сот, укук коргоо органдарында, лицензиялык-уруксат берүү ишмердигин ишке ашырган органдарда, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндө коррупцияланган кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюлду», - деди президент. Кеңештин 17-сентябрдагы жыйынында президент 2018-жылдан бери коррупциялык жана кызматтык кылмыш боюнча мамлекетке келтирилген зыян 13,6 млрд. сомду түзгөнүн, анын ичинен мамлекеттин пайдасына беш млрд. 827 млн. сом өндүрүлгөнүн кабарлады. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун сөзү боюнча, прокуратура жана башка укук коргоо органдары тарабынан 2018-2019-жылдары жана 2020-жылдын сегиз айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга байланышкан 6 541 факты катталган. Анын ичинен 1 576 жазык иши боюнча тергөө аяктап, сотко 965 гана иш өткөн. 2,5 жыл ичинде кызматтык же коррупциялык кылмыш үчүн айыпталган 648 адам сот жообуна тартылган. Коопсуздук кеңешинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагасы Бакир Таиров да баяндама жасады. Анын маалыматына караганда, 2018-жылдан бери кызматтык жана коррупциялык иштер, пара алуу, коррупциялык схемаларды түзүү боюнча 2981 факт аныкталып, анын 291 гана сотко жөнөтүлгөн. Андан мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы бир миллиард 200 миллион сомду түзгөн. Учурда анын ичинен 585 миллион 400 миң сом мамлекетке кайтарылды. 8,5 миллион сомдук мүлккө арест салынган. Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин 392 кызматкери жоопко тартылды. Таиров Бажы кызматындагы ири коррупциялык иштердин айрымдары тууралуу маалымат берип, ага байланыштуу 30дан ашуун киши жоопко тартылганын айтты. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев 2018-жылдан бери атайын кызмат коррупция боюнча 1017 иш козгогонун билдирди. Алар боюнча 529 кишинин жоопкерчилиги каралып, 96сы соттолгон. Бирок коррупцияга каршы күрөш өз күчүндө уланып жатканын айткан укук коргоо органдары менен президентке кошулбагандар көп. Ал тургай «коррупцияга каршы күрөш өзү негизи барбы?» деп суроо койгондор көп болду. Ушул эле Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан парламенттик шайлоого талапкер Өмүрбек Суваналиев жана экс-депутат Бактыбек Калмаматов сындап чыгышты. Алар Коопсуздук кеңеши өз милдетин аткара албай жатканын айтып, мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго чара көрүлбөй жаткан чакта коррупция жөнүндө сөз кылуу орунсуз экенин билдирип жатышат. Коомдук ишмер Жаныбек Түлкүнов да ушундай позицияда. «Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция эмне экенин чындап эле билеби? Байкабай, башка нерсе менен күрөшүп жаткан жокпу? Анткени коррупция же жоголгон жок, же азайган жок. Эч кандай жыйынтык сезилген жок. Балким, «коррупция» бул президенттин тренажерунун атыдыр. Эртең менен турганда, улам «күрөшүп жатам» деп түр көрсөтүп жатабы деген ой келет. Антпесе коррупция менен эч кандай күрөш жок да. Уланып жатат эмес, ал али баштала элек. Бирин-экин кишини камап койсо, пара алгандарды анча-мынча кармап койсо эле, ал күрөш деп аталып калбайт. Атамбаев да коррупция менен күрөш деп, өзүнө жакпаган кишилерди камап кирген. Азыр да куду ошондой эле имитация жүрүп жатат. Бир эле мисал, орун басары 500 миң доллар пара алууга шектелип кармалган мурдагы транспорт министри, кайра бийликтин партиясы менен шайлоого баратат. А башка мисал, коррупциянын символу болуп калган адамдар жүрбөйбү, эч кандай камалбай, этпей эле»,-деди ал. Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынында кабыл алынган Коррупцияга каршы жаңы стратегия 2024-жылга чейин деп эсептелген. Анда жалпысы 82 антикоррупциялык иш-чара пландалды. «Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт. Уюмдун быйылкы коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу. Москва Навальный үчүн санкцияга кабылмай болду Берлиндеги «Шарите» ооруканасы орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абалы ушул аптада кыйла жакшырып, керебетинен турганга жарап калганын кабарлады. Аталган клиника тараткан расмий билдирүүдө ал жакын арада өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттан ажыратылары айтылган жана оорулуунун абалы тууралуу маалымат анын аялынын уруксаты менен жарыяланганы белгиленген. «Шаритенин» маалыматынын алдында немис өкмөтү Франция менен Швециядагы эки эркин лабораторияда орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын анализи текшерилгенин, анда немис адистеринин Навальныйдын ууланганы тууралуу корутундусу бышыкталганын билдирген. Германия тараткан билдирүүдө «ушул кезге карата үч лаборатория Навальный «Новичок» тобуна кирген, нервди шал кыла турган зат менен ууланганы тууралуу өз-өзүнчө корутунду чыгарды» деп айтылат. Ошондой эле Навальныйдын анализдери Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун экперттерине да жөнөтүлгөнү, алардын лабораториясында да текшерилери белгиленген. 15-сентябрда Алексей Навальный «Инстаграмдагы» баракчасына ууланып ооруканага оор абалда түшкөндөн бери биринчи жолу билдирүү жазып, жубайы, уул-кызы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Бул аптада Европарламент Навальныйдын иши боюнча Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө чакырды. Европа парламенти орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын өмүрүнө кол салуу аракети боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө, Евробиримдикти Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө чакырган резолюция кабыл алды. Документте Навальныйдын өмүрүнө кол салуу «Орусияда сынчыл ой-пикирдеги адамдардын үнүн басыш үчүн системалуу жүргүзүлгөн аракет» катары мүнөздөлүп, Кремлдин мындай саясаты «өлкө ичиндеги репрессия жана тышка көрсөтүлгөн агрессия» деп бааланат. Санкцияларды Навальный жана анын Коррупцияга каршы күрөш фонду жүргүзгөн иликтөөлөрдө аты аталган бардык орусиялык аткаминерлерге каршы кабыл алыш керек экендиги баса белгиленет. Буга «Магнитский тизмеси» сыяктуу бирдиктүү санкциялык документ иштеп чыгуу сунушталат. Анын алдында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб менен жолугушуусунан кийин Орусияга Навальныйдын ууланышын терең иликтеп, түшүндүрмө берүүгө жетиштүү убакыт берилгенин баса белгилеген. «Эч кандай шартта химиялык курал колдонууга жол берилбейт. Эки жыл мурун адамдын акыл-эсин шал кыла турган уулуу зат Солсбериде колдонулган. Бүгүн да бул курал колдонулганы тастыкталып жатат», - деген Помпео. Ак үйдөгү жана Европарламенттеги билдирүүлөргө улай АКШдагы бир катар беделдүү окуу жайларынын өкүлдөрү менен мурунку орусиялык окумуштуулар Алексей Навальныйды Нобел сыйлыгына көрсөтөрүн жарыялашты. «Муну окумуштуулар башташты. Балким, артынан мамлекеттик ишмерлер, эл аралык уюмдар кошулат. Бирок биринчи саясатчылар эмес, окумуштуулар баштаганын эске алып койгула. Окумуштуулардын арасында мурда Навальныйдын ишмердигин анча жактырбай, бирок соңку окуялардан кийин аны колдоп чыккандар бар», деп жазды америкалык Ратгер yниверситетинин профессору, социолог Сергей Ерофеев «Фейсбуктагы» баракчасында. Расмий Москва Навальныйдын уулуу «Новичок» заты менен ууландырылганын тастыктаган Европадагы лабораториялардын далилдерин көрбөгөнүн билдирип, Кремлге айтылган бардык дооматтарды четке кагып келет. Шаршембиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров «Батыш Орусияга кошумча санкцияларды киргизиш үчүн гана Навальныйдын ууланышын колдонуп жатат» деп сындаган. «Мен биздин саясат таануучулардын бир сөзүнө кошулам. Навальный болбосо деле алар жаңы санкцияларды киргизиш үчүн башка бир нерсе таап чыгышмак. Навальныйдын окуясы боюнча Батыштагы кызматташтар бардык чектен чыгып кетишти. Алар бизден «күнөөнү моюнга алгыла» деп талап кылып жатышат. «Силер немис адистерине ишенбейсиңерби?» деген маселе көтөрүп жатышат», - деген Лавров. 44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген. Берлин Кремлди сындап келген саясатчы анын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын жарыялаган. Москва болсо мындай шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырган.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 15:30

Кадамжай районунун Халмион айылынын жашоочулары

Кадамжай районунун Халмион айылынын жашоочулары "Республика" партиясынын талапкерлерине ак баталарын беришип, "Алдыга жолду" тандашты. №14

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:01

«Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса, депутаттардын санын кыскартат

v Элибиз — эң башкы байлыгыбыз! Мамлекет эл үчүн — бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет. «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар. Биздин сунуш: — Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу; — Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү; — Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу; — Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү; — Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү, же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат — мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди. Депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан «Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого киришет. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:01

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт кербени өлкө ичиндеги өз жүрүшүн улантууда

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт кербени өлкө ичиндеги өз жүрүшүн улантууда. Үгүт кербени Ош облусунун Отуз-Адыр, Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Мады, Катта-Талдык жана башка айылдарында болуп, жергиликтүү тургундар партиянын талапкерлерин жигердүү тосуп алышты. Башкаруу системасын модернизациялоонун зарылчылыгы тууралуу Искендер Матраимов: «Азыр биздин мамлекеттик административдик түзүлүшүбүз Советтер Союзундагыдай. Ал кезде интернет жок, азыркыдай технологиялар жок эле. Бул чоң өзгөрүүлөргө карабай мамлекеттик башкаруу системасы ошол бойдон калды. Ошондуктан бул система азыркы жашоо талабына жооп бере албайт», — деп түшүндүрмө берди. Ага кошумча, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү — саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк — Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз. Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризис байкалууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз жана каалайбыз. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. Кыргызстандын элин кандай негизги проблемалар түйшөлтүп жатканына биз дайыма көз салып турабыз. «Мекеним Кыргызстандын» командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын максаты: Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу; Ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу. Приоритеттери: Жеке эркиндик; Экономикалык эркиндик; Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу; Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик; Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк. Принциптери: Улуттук кызыкчылыктарга приоритет; Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык; Либералдык-плюралисттик башкаруу; Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик; Рационализм жана прагматизм; Бардар эл жана бакубат өлкө, — деди «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:07

Сооронбай Жээнбеков: "Коррупция менен күрөшүү — менин шайлоо алдында берген башкы убадаларымдын бири"

"Коррупция менен күрөшүү — менин шайлоо алдында берген башкы убадаларымдын бири", — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде. Мамлекет башчысы Президент болууга аттанганда өтө көп эмес, 5-6 убада бергенин, алардын эң негизгиси — аймактарды өнүктүрүү болгонун, анткени элетти өнүктүрбөсө, мамлекет өнүкпөй турганын эске салды. "Айтып келе жатам, миграция айыл жеринен, алыскы бийик тоолуу райондордон, элет жерлеринен кетип жатат. Ирригация, таза суу маселеси, мугалим-врачтардын турмушун жакшыртуу, аскер кызматкерлеринин турмушун жакшыртуу. Арзан турак-жай менен элибизди камсыз кылуу, анан санариптештирүү маселеси. Буларды ырааттуу аткарып келе жатабыз, өкмөт, парламенттин колдоосу менен, айрыкча элдин колдоосу менен. Ошол убадалардын негизгиси — коррупция менен күрөш", — деп белгиледи Президент. Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, коррупция бул адам болгон жерде болот. Бул бир эле бизде эмес, бардык мамлекеттердин көйгөйү. "Бул — өлкөнү артка тарткан, коомду муунткан илдет. Андан толук арылбасак да, кыскартууга милдеттүүбүз. Ошонун үстүндө такай иштеп жатабыз. Кечээ ошол жыйында да айтылды, буга чейин да айттым. Коррупциянын алдын алуу чараларын күчөтөбүз. Анын негизги куралы — санариптештирүү. Адам факторун жоюу — эң негизги маселе", — деп белгиледи Мамлекет башчысы. Президент баса белгилегендей, күрөш тандалма эмес. Ууруну чоң же кичине деп бөлүүгө болбойт. Ал негизги коррупциялашкан органдар — бул укук коргоо органдары экендигин кошумчалады. "Карга карганын көзүн чукубайт" деп бекеринен айтылган эмес деген лакап бар. Аны кечээки жыйында да айтып, катуу талаптарды койдум. Укук коргоо органдарын, сот системасын жетектегендер, анда иштегендер таза болсо эле, напсисин тыйса эле, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасы болот. Муну эмнеге айтып жатам? Укук коргоо органдары, сот системасы таза болмоюнча, алар коррупция менен күрөштү абдан жогорку денгээлде жүргүзмөйүнчө, коррупцияны жеңиш, токтотуш кыйын. Анткени көп коррупциялык схемаларда ошол укук коргоо органдары өздөрү башында турат. Мен кечээ Коопсуздук кеңешинин жыйынында ар бир укук коргоо органдарынын жетекчилерине айттым ошону. Буга чейин дагы айткам, кечээ дагы айттым, талапты коюп жатабыз", — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы темир жолдогу коррупциялык схеманын үлгүсүн мисал келтирип, элдин, мамлекеттин ырыскысын уурдагандардын орду — түрмөдө экендигин дагы бир ирет баса белгиледи. "Жетекчи алмашкан, токтойт деген, бирок кайра эле ошону башташкан. Мына кармалышты ошол схема менен. Бирок, ошого чейин ал жерди салык инспектору текшерген, Эсептөө палата текшерген. Бардыгы кийлигишкен. Прокуратура карап отурат. Бир схеманы ачсак, ошол схеманы жасагандар камалат. Бирок, ошол схеманы болтурбай коё турган органдар эч кандай чара көрбөй, тескерисинче, калкалап келишкен да. Эми андай болбойт. Кайсыл бир мамлекеттик органда схеманы ачышса, же мамлекетке зыян келтирген маселе чыкса, ошону текшерген Эсептөө палатасы болобу, Салык инспекция болобу, Финансы полициясы болобу, прокурор болобу, баары тең бирдей жооп берет.Темир жолдогу коррупциялык схема боюнча салык кызматынан кармалды, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин жоопко тартып жатабыз. Ошол процесс кетти. Баарынын жоопкерчилиги бирдей. Уурдагандын дагы, аны жашырган органдар дагы ууруга теңелип, алар да жоопко тартылышы керек", — деп белгиледи Президент. Сооронбай Жээнбеков кошумчалагандай, коррупция менен күрөш бул — эң биринчи кезекте эл үчүн, жөнөкөй жарандын жакшы жашоосу үчүн жасалып жаткан түйшүктүү иш. Бул токтобойт. »Мында эл мени толук колдойт деп ишенем. Колдоп жатышат, буйруса. Элди кыдырганда айтып жатышат. Артка кайтпагыла, күчөткүлө деп. Алардын колдоосун көрүп жатам, сезип жатам. Буйруса, бул токтобойт, мындан ары дагы күчөтөбүз», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Мындан тышкары, Президент коррупция менен күрөштү жүргүзүү, алдын алуу боюнча жаңы стратегия тууралуу айтты. Мурунку стратегия 8 жыл иштегенин, анын аткаруу мөөнөтү жок, жалпы кабыл алынган стратегия болгонун эске салды. »Азыркы стратегиянын айырмасы — бул 2024-жылга чейин, төрт жылга кабыл алынды, анда 82 иш-чара бекитилди. Аларды аткаруунун так мөөнөтү бар. Ошол мөөнөттө аткарганды талап кылабыз.Бул стратегия башка мамлекеттердин коррупция менен күрөштөгү алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүп, көрүп, эксперттер иштеп, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери иштеп, кабыл алынды», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:02

Минск жана Гродно шаарларында демонстранттар кармала баштады

«Настоящее время» каналынын Минскидеги кабарчылары билдиргендей, шаар борборунда полиция жүрүшкө чыккандарды кармап кетип жатат. Негизинен жалгыз, колдоруна ак-кызыл түстөгү желектерди көтөрүп бараткандар кармалып жатканы маалымдалды. "Интерфакс" агенттиги 20 адам кармалганын жазды. Уюштуруучулар 20-сентябрда "Акыйкаттык жүрүшүнүн" катышуучуларын Төбөлсүздүк аянтына чогулууга чакырышкан, андан ары алар Жогорку соттун имаратынын алдына жана президенттин резиденциясына барары күтүлүүдө. Жогорку соттун имаратынын жана Эгемендик сарайынын алдына атайын техника алынып келип, күз түзүмдөрүнүн өкүлдөрү топтолушту. Каршылык акциялары Гродно, Солигорск, Жодино, Витебск жана башка шаарларда өтүп жатат. Гроднодо да жүрүштүн катышуучуларын кармап кетип жатышканын ал жакта жүргөндөр социалдык тармактарга жазып, сүрөт-видео чыгарып жатышат. 19-cентябрда Минскиде өткөн аялдардын жүрүшүндө 300дөй адам кармалган. Беларуста толкундоолор 9-августта башталып, ошондон бери токтой элек. Демонстранттар ошол күнү өткөн шайлоодо президент Александр Лукашенконун расмий жеңип чыгышына нааразылык билдирип келишет. Алар Лукашенконун кызматтан кетишин жана жаңы адилеттүү шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып жатышат.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:02

Минск шаарында «Акыйкаттык жүрүшү» өтүп жатат

20-сентябрда Беларустун Минск шаарында кезектеги ири акция өтүп жатат. «Акыйкаттык жүрүшү» деп аталган акцияны айрым чет өлкөдөгү Беларус жарандары да колдоп чыкты. Мунун алдында 19-сентябрда Минскиде аялдардын тилектештик маршы өткөн. Анда ОМОНдор жүздөгөн адамдарды кармап кеткен. Беларустун Ички иштер министрлиги өткөн күнкү акцияда 430 адам кармалганын кабарлады. Мекеме алардын ичинен 385и 20-сентябрда кайра коё берилгенин билдирди. Аялдардын тилектештик маршына чыккандар кармала баштаганда оппозициячыл NEXTA телеграм-каналы ИИМдин 1003 кызматкери тууралуу маалыматтарды жарыялады. Каналдын авторлору алар демонстранттарды кармоого катышканын, NEXTAда ИИМдин кызматкерлери тууралуу маалымат базасы бар экенин жазды. Беларустун Ички иштер министрлиги 20-сентябрда күч кызматкерлерине тиешелүү маалыматтар ким тарабынан берилгени иликтене баштаганын билдирди. Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өтүп, анда Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай, Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган элдин демонстрациялары ошондон бери токтобой келатат.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:02

Депутат Сурабалдиева Аскер прокуратурасына суракка чакырылганын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынан талапкер Элвира Сурабалдиева Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул маалыматты «Азаттыкка» ал өзү ырастады. Анын сөзү боюнча, 17-сентябрда өзүн «Аскер прокуратурасынын тергөөчүсүмүн» деп тааныштырган Бектур Калиев деген адам телефон чалып күбө катары суракка келүүнү өтүнгөн. Бирок расмий чакыруу келген эмес. «Эмне иш боюнча чакырып жатканын тактаган жокмун. «Мен үгүт иштери менен аймактарда жүрөм, суракка бара албайм» десем, «Бишкекке келериңиз менен чалып коюңуз» деди. Бишкекке келгенден кийин юристтер менен сүйлөшсөм мен талапкер болгондуктан 4-октябрга чейин тергөө иштерине барбай коюуга мыйзам жол берет экен». Элвира Сурабалдиева буга чейин кайсы бир иш боюнча суракка чакырылбаганын кошумчалады. Бектур Калиев «Азаттыкка» Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү экенин айтып, бирок комментарий бере албасын билдирди жана иш боюнча басма сөз кызматына кайрылууну сунуштады. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул окуяга байланыштуу маалыматты дүйшөмбү күнү тактап бермей болду. Шайлоого талапкер болуп катталган адам кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, шайлоонун жыйынтыгы чыкканча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) макулдугусуз сот жообуна тартылышы, кармалышы, камакка алынышы мүмкүн эмес. Мындай талап «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамда жазылган. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева күзүндө өтчү парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынан төртүнчү тизмеде баратат. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. (BTo)

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:02

Минскидеги аялдар маршында жүздөгөн адамдар кармалды

Беларустун Борбору Минск шаарында 19-сентябрда аялдардын тилектештик маршында ОМОНдор жүздөгөн адамдарды кармады. Автозактарда аларды киргизүүгө орун да калбай калды. Ак-кызыл-ак түстүү желек, SOS деген жазуусу бар плакаттарды көтөргөн демонстранттар колонна болуп басышты. Алар «Журналисттерге рахмат», «Биз ишенебиз, биз жасайбыз, биз жеңебиз» деп ураан чакырышты. «Азаттыктын» беларус кызматы маршка чыккандар миңден кем болбогонун кабарлады. Жолдон аларды айдоочулар да колдоп турушту. ОМОНдор аларды «Айсберг» деген соода борборунун жанынан кармап, автозактарга сала башташкан. «Весна» укук коргоо уюму кармалгандардын ичинен 160 аялдын аты-жөнүн жарыялады. Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская өлкөнүн Ички иштер министрлигин кармалгандарды коё берүүгө чакырды. Акцияга чыккандар кармала баштаганда оппозициячыл NEXTA телеграм-каналы күч органдарынын 1000 кызматкеринин аты-жөнүн жарыялады. Каналдын авторлору алардын колунда ИИМдин кызматкерлери тууралуу маалымат базасы бар экенин билдирди. Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өтүп, анда Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай, Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган элдин демонстрациялары ошондон бери токтобой келатат.

Подробнее
21 сентября 2020 г. 0:03

«Добушуң үчүн алган акча аш болбойт»

“Азаттык” шайлоого байланыштуу элден түшкөн кайрылууларды сунуш кылат. Ош шаарынын Актилек кичи районунун тургуну Женишбек уулу Куралбек ал жашаган райондо партиялардын бирине добуш берүүгө үгүт кызуу жүрүп жатканын айтууда. Куралбек өз окуясы менен бөлүшүп, башкаларды добушун сатпоого чакырды: «Ош шаарындагы Актилек районунда домком «Биримдик» партиясына добуш бергиле деп паспорт чогултуп жүрөт. Ал добуш үчүн 1000-2000 сом акча төлөп беребиз деп айтты. Биздин райондо тургундар абдан көп. Айрымдары менен сүйлөшсөм «акчасын алып, добушту каалаган партияга беребиз» дешти. Бирок, мен аябай жаман болдум. Биз беш жылда бир жолу ушинтип эле сатылып кетебизби? Ошол миң сомго кантип тамак жеп, кийим киет? Кантип ошол акчаны уялбай кем каржысына жумшайт? Мен баарына айтаар элем: добушуңарды сатпагыла, алданбагыла». Добуш сатып алуу №2 формасы менен ишке ашып жатканы айтылып келет. Өзүнө бөлүнгөн аймактан көп добуш алууну көздөгөн партиялардын талапкерлери бул документтин жардамы менен өзүнө ыңгайлуу шайлоо тилкесине элди каттатып жатат. Кээ бир партиялар добуш алуу максатында жолдорду жасап, кээ бир аймактарга жарык, суу киргизүүгө убада берип жатканы байкалууда. Ош шаарынын Татар айылынын тургуну Кубанычбек уулу Адилет шайлоого аттанган партиялардын бири айылында свет өткөрүп, футбол талаасын салып берүүгө чоң өлчөмдө каражат бөлгөнүн айтууда: «"Кыргызстан" саясий партиясы азыр футбол талаасын куруп жатат. Алар 250 добушка 1 млн. акча бөлүп жатат. Акчасын бөлүп берип, курулуш иштери жүрүүдө. Негизи анын курулганы жакшы, бирок бул ачык эле добуш сатып алуу болуп жатат. Азыр 250 адам №2 форманы толтуруп коюшуптур. Шайлоо күнү биз ар бириңерди көзөмөлдөйбүз дешти». №2 форма - жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу арызы. Бул ички миграцияны жана шайлоочунун укугун эске алуу менен киргизилген. Буга чейин шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө добуштарды сатып алуу жана шайлоочулардын дарегин өзгөртүү максатында жарандардын паспортторун чогултуу фактылары боюнча арыздар түшүп жатканын БШК да ырастаган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш сатып алуу же сатуу үчүн жоопкерчилик каралган. Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча добуш сатып алган адамга 220 миңден 260 миң сомго чейин айып салынат же болбосо ал 2,5 жылга эркинен ажырайт. Добушун саткан адамга да ушундай эле жаза каралган. Ош шаарынын тургуну, мамлекеттик кызматта иштеген ​Сайпидин кызы Мээрим аны жана кесиптештерин №2 формасын мажбурлап толтуртканын кабарлады: «Алар бизге "«Биримдик» бийликтин партиясы, баары бир бийликке келет, ошондуктан №2 формасын толтургула" деди. Биз баарыбыз шаардагы бала бакчанын бирине барып толтурдук. Барсак кезек узун экен. Бизди кезексиз киргизип, кайра арткы эшиктен чыгарып кетишти. Эми "башка партияга добуш берсек болобу?" деп ойлонуп жатабыз». Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны расмий маалымат боюнча 315 000ге жетти. Өлкөдө айрым участоктордо бул форма менен катталгандардын саны көп болгондуктан толуп калганы айтылууда. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Саргата айылынын тургуну Айтилек Самтырова үгүт иштериндеги байкоолору менен бөлүштү. «Менин атама «Мекеним Кыргызстан» партиясынан сунуш түштү. Ага "15 киши таап берсең дароо 10 миң беребиз" дешти. Атам макул болгон жок. Курбу кызым болсо да ушул эле партияга агитатор болуп иштеп жатат. Мен ушуларды көрүп алып аябай жаман болдум. Биз кантип өнүгөбүз? Эгер ушундай боло берсе, андан келечегибиз кандай болот? Курбумду тыйсам, ал мага "жок дегенде шайлоодо иштеп алалы" деп жооп берди. Атам мыйзамсыз ишке аралашпайм деп баш тартты». Ал эми Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушунун тургуну Гүлнара ижарага алынган батирде жашайт. Ал аз күн мурун партиялардын бирине добуш берүүгө макул болуп, ал үчүн 1000 сом алганын, ошондон бери сарсанаа болуп жатканын айтты: «Квартиранттарга келип, форма №2 толтургула дегенде мен бир чети эч нерсе оюмда жок эле сүйүнгөм. Себеби, биздин каттообуз айылда. Ал жакка качан барып, добуш берип келем деп ойлонуп жаткан элем. Бирок, алар добушту ушул партияга бересиңер деп 1000 сом беришти. Ошол күндөн бери аябай жаман болуп жатам. Мен ошентип добушумду сатып саламбы? Эми кантип, кимге добуш берем деп отурам». Балыкчы шаарынын тургуну Жанара Мелдешбекова кебин бул шайлоодо «баарына каршы добуш берем» деп баштады. Ал буга партиялардын үгүт иштери, акча сунуштап жатканы таасир тийгизгенин айтууда: «Интернетте добуш сатуу тууралуу уккан уу-дуу кептерге мурда ишенген эмесмин. Бул жолку шайлоодо өзүм күбө болуп, таң калып отурам. Шайлоо башталганда эле көчө башчы келди. Алар бизге «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бересиңер, биз силерге жолуңарга шагыл төгөбүз дешти. Алар баарыбыздын паспортубузду сүрөткө тартып алышты. Андан көп өтпөй Ак-Ордодо жашаган туугандарым чалып, алар да паспортумду сурашты. «Мекеним Кыргызстан» 1000 сомдон таратып жатат деп айтышты. Андан бир нече күндөн кийин эми «Кыргызстан» партиясына иштеп жаткандар кайрыла баштады. Алар мени Балыкчыга барып келели, добушуңду берип койчу, акча беребиз деп убада кылышты. Мен ушулардын кийин ушунчалык ирээнжип отурам. Азыр эми «баарына каршы добуш» берем деп отурам». Жалал-Абад облустук мамлекеттик окуу жайынын студенти Мээрим жаштарга кайрылып, бул жолку шайлоодо студенттерди жана мугалимдерди добушун сатпоого чакырды: «Биздин окуу жайдагы мугалимдер №2 формасын толтургула дешти. Студенттердин көбү барышты. Себеби, баарыбыздын эле каттообуз айылда. Мен баарына каршы чыгып толтурбай койдум. Себеби, мындай болбойт да. Мугалимдер үн катпаганы менен эми сессия учурунда эмне болот деп ойлоп жатам. Бирок, ушул кырдаал мени аябай ойлондурду. Эмне үчүн студенттерди колдонуп жатышат? "Жаштар чечет, жаштар келечек" деп туруп бизди курал катары колдонуп жатышат. Мурунку муун, ата-энелерибиз деле кайдыгер карап калышыптыр. Алар эптеп акча алалы деп жатышат. Бирок, жаштар буга барбаса дейт элем. Мугалимдер, студенттер добушун сатпаса деп чакырам». «Азаттыкка» келген кайрылуулардын басымдуу бөлүгү «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларын айтып жатышат. Бул эки партия тең добуш сатып алуу тууралуу дооматтарды четке кагып келет. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын төрагасынын орун басары Канатбек Азиз мындай дейт: «Шайлоодо атаандаштык күч. Бирөө бир нерсени көрбөй калса да аны башкасы көрүп жазып чыгат. Биздин жалпы шайлоого аттанган талапкерлер андай ыкманы колдонбойт. Бирок, агитатор, "силерге иштеп берем" дегендер ушундай жолго барышы мүмкүн. Мындай нерсе бизде эле эмес, башка партияларда да учурашы мүмкүн». Ал эми «Биримдик» партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев мындай билдирүүлөрдү партияны каралоо катары баалады: «Азыркы учурда биздин партияга ар кандай каралоо болуп жатат. Бирок, Кыргызстандагы сөз эркиндиги, шайлоонун ачык жүрүшүн эске ала турган болсок, добуш сатуу, административдик ресурс колдонуу мүмкүн эмес. Ошондуктан мен жоопкерчиликтүү түрдө «Биримдик» партиясы мындай былык иштер менен алектенбейт деп айта алам». Президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берип, шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөрүн айтты. Бирок андай мыйзамсыз иштер боюнча реалдуу фактылар жок экенин билдирди. «Тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага добушуңду сат деди» деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр» деп айтышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатат, бирок мына ушул боюнча кайрылган факт жок». Кыргызстанда бул күндөрү 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий түрдө жүрүп жатат. 120 мандаттуу парламентке 16 саясий партиядан эки миңдей талапкер ат салышууда.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники