О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
20 сентября 2020 г. 0:01

Спикердин саясатташкан көрүндүгү

Спикердин шайын оодарган сүйүнчү пул, COVID-19 демократияны өлтүрөбү? Дареги жок учкан каттамдар көбөйдү. “Eurasinet” онлайн басылмасы Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген окуясын талдаган макала жарыялады. «Кыргыз коомчулугу азыр "бул акча кайсыл капчыктан алынды?" деген маселеге кызыгып турат. “Парламенттин төрагасы ымыркайга өзүнүн ысымы берилгенине кубанып, көз жарган энеге 600 доллардай акча карматкан. 14-сентябрда Таласта болгон окуя кийин Борбордук шайлоо комитетинде териштирүүгө чейин жетти. Буга чейин “Кыргызстан” партиясы ар бир жаңы төрөгөн келинге 50 миң сомдон сүйүнчү берилерин үгүт кампаниясы учурунда жарыялаган. 2018-жылдан бери сүйүнчү пул катары бир ирет 4 миң сомдон акча берилип келет. Таласта эл менен жолукканда спикер Жумабеков: “Өлкө экономикасы өнүгүп жатат, ушундан улам энелерге сүйүнчү пул да көбөйөт. Азыр 4 миң сомдон алса, эмдиги жылы 10, андан кийинки жылы 15 миң сомго чейин жетет”, - деп айтып, бул сумманы келечекте 50 миң сомго чейин көтөрө турганын жар салган. Мындай убада “Кыргызстан” партиясынын жол боюндагы чоң жарнамалык плакаттарында да бажырайып жазылып турат. Анда рекламалык сүрөттөрдө жашы жете элек балдарды пайдаланбоо тууралуу эреже да бузулган. "Кыргызстан" партиясы спикер сүйүнчү акчаны кайдан алганын тактай албай пресс-релизин үч жолу алмаштырып жазууга аргасыз болду», - деген басылма БШКнын андан аркы аракеттери жана социалдык медиадагы бул окуяга болгон маанайды кенен сүрөттөдү. БШК спикердин ал кадамынан мыйзамсыз иш таппай, шайлоо марафонунан анын талапкердигин чыгарууга негиз жок деп тапканын кошумчалай кетели. ЕККУ: вирус шайлоолорду көзөмөлдөөгө тоскоол болду “Martinsville Bulletin” гезити Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму пандемиянын айынан өз байкоочуларын АКШ менен Кыргызстандагы шайлоого жибере албай жатканын кабарлады. 3-ноябрда Америкада өтө турган президенттик шайлоого аталган уюмдан 500дөй байкоочу бармак. Коронавирустун айынан 30 гана байкоочу АКШга сапар тарта турган болду. 2002-жылдан бери АКШ, Беларус жана Кыргызстандагы шайлоолордун адилет, коопсуз өтүшүнө сереп салган бул уюм акыркы 10 жылдагы эң чоң чектөөгө учурап олтурат. Америкада электрондук добуш берүүнү пандемиянын айынан жүзөгө ашырып жатат. ЕККУнун 100 узак мөөнөттүк, 400 кыска убакытка жиберилчү байкоочулары АКШда бир айдай болуп, шайлоонун өтүшүнө көз салмак. 2019-жылы март айында ЕККУ курамына Орусиянын да байкоочулары кирген атайын топту 4-ноябрдагы шайлоону көзөмөлдөөгө уруксат сурап кайрылган. Адатта уюмдун бир нече кишилик делегациясы шайлоо болордон бир ай мурда шайлоо өтчү өлкөгө барып, үгүт иштери, шайлоо маалындагы мыйзам бузуулар сыяктуу бир нече аспекттерди байкап турушчу. «Батыш Кентукки университетинин саясат таануучу профессору Тимоти Рич “Америкадагы адилет шайлоону камсыздоо демократиянын ажырагыс бөлүгү. Эл аралык байкоочулар коомдогу шек саноолорго бейтарап жооп бере алчу күч экени талашсыз», - деген. Кыргызстанга ЕККУ бул ирет карантиндик чектөөлөрдөн улам байкоочу жибере албай турганын жарыялады. COVID-19 демократияны өлтүрөбү? “Foreign Policy” журналы коронавирус пандемиясы авторитардык бийликтин мизин курчутуп, демократиялык жараяндарды солгундата турганын Чыгыш Африкадагы Танзаниянын мисалында жазды. «Пандемия арышын арттырган сайын мамлекеттик башкаруу, демократиялык коомду бекемдөө иштери улам солгундап баратат. Бул жагдай кайсы бир мамлекетти алсыздандырып эле тынбай, ар бир атуулдун ден соолугу, укугуна жарака кетирүүдө. Жакырчылык, медициналык тейлөөнүн адилетсиздиги атуулдардын үмүтүн талкалап, пандемиянын айынан бир топ чыр-чатактар чыкканы турат. Алсыз топко кирген коомчулук оорунун алдын албай, жакырчылык сазына батканын бийлик билиши керек эле. Бийлик мындай шартта ачык башкарууга өтүп, маалымат чогултууну жайылтып, ички кыйынчылыктарды эл аралык жана ич ара чөйрөдө саясатташтырбоого тийиш. Маселен Танзанияда ансыз да оорудан кыйналган элди “бульдозер” деген ылакап ат менен белгилүү, өзүнө каршы чыккандарды дароо жок кылган президент Жон Магуфули ого бетер азапка салууда. Ал 2016-жылдан бери оппозицияны бутага алып, тынчтык жараяндарын өткөрүүгө жана саясий көз карашты билдирүүгө толук тыюу салган. Танзанияда журналисттердин коопсуздугу коркунучка кабылып, эл аралык басма сөз өкүлдөрүнө кысым күчөдү. Магуфули бийликке келгенден бери Танзаниядагы сөз эркиндиги дүйнөлүк рейтингде 53-орунга ылдыйлаган. Пандемия башталгандан бери Танзания парламентинин үч өкүлү бир нече күндүн ичинде себеби билинбей эле каза болушту», - деген журнал ушул эле Чыгыш Африкадагы Кения мамлекетиндеги авторитардык бийликтин пандемиядагы ролун да талдады. Багытсыз учкандар көбөйдү “Washington Post” гезити пандемиянын айынан аба компанияларынын иши токтоп, кризистен чыгуу үчүн алар акыркы маалда кардарларга өзгөчө тейлөө сунуштап жатканын жазды. Сиднейдеги “Qantas” компаниясы багыты жок эле асманда жети саат учуп жүрүүгө билет сата баштады. Мындай жарыя чыгары менен кардарлар 10 мүнөт ичинде билеттин баарын сатып алышкан. Алар учакка түшүп жети саат асманда жөн эле ары-бери учуп жүрөт да, кайра учак абага көтөрүлгөн аба майданга келип конушат. Мындай кызматты Азия аба жолдору, Тайвань, Жапония жана Сингапурдун айрым аба компаниялары да ишке ашыра баштады. Бир билеттин баасы 575 доллардан 3 787 долларга чейин жетет.

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:02

Бишкекте шайлоо тилкелеринде адамдарды каттоо системасы иштебей жатат

№2 форманы толтуруш үчүн Бишкекте шайлоо тилкелеринде шайлоочуларды каттоо системасы иштебей, кишилер кезек күтүп турганы тууралуу социалдык тармактарда маалымат тарады. Бишкектин Ленин районундагы №1047 шайлоо тилкесинде да адамдар каттоодон өтө албай жатат. БШКнын Ленин району боюнча системдик администратору Самат Турусбеков «Азаттык» радиосуна Бишкек шаары боюнча ушундай маселе бар экенин айтты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Бишкекте буга чейин эки эле шайлоо участкасында маселе жаралып, ал убагында кайра жөнгө салынганын айтууда. Бүгүн, 19-сентябрда шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактоонун же шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыз берүүнүн акыркы күнү. Боршайком Кыргызстанда иштеп жаткан участкалык шайлоо комиссиялары адамдарды саат 20:00гө чейин кабыл аларын билдирди. Чет өлкөдө ачылган шайлоо тилкелери, анын ичинде Орусия менен Казакстандагы участкалар саат 21:00гө чейин иштейт. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Кошумча участокторго жарандар №2 форма деген документ менен катталат. Оппозициячыл саясатчылар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бул жол менен бийликчил партиялар адамдардын дарегин алмаштырып, добуш топтоонун амалын көрүп жатканын айтып келишет. №2 форма деп аталган документ 2011-жылдагы президенттик шайлоодон баштап колдонула баштаган. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. (BTo)

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:02

Жээнбеков партиялар популисттик убадаларды берип жатканын айтты

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого катышып жаткан айрым партиялар үгүт иштеринде президентти сындап упай топтоп атат деп эсептейт. Бул тууралуу ал 19-сентябрда «Биринчи радиого» курган кезектеги маегинде билдирди. Журналисттин суроосуна жооп берип жатып талапкерлердин берген айрым убадаларына токтолду. Анын сөзүнө караганда, партиялар депутаттарды азайтуу тууралуу айтышканы менен конституциялык реформа боюнча сөз кылышкан жок. Себеби, депутаттардын саны Баш мыйзамда каралган. «Парламенттин чыгашасын азайтабыз деп жатышат. Мындай убаданы мурда да укканбыз. Тилекке каршы, депутат болуп келери менен, «ал үчүн мыйзамды өзгөртүшүбүз керек» деп, алакан жайгандар да болгон. Аларды да көргөнбүз», -деди Жээнбеков. Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын айрымдары Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсеге же башкача айтканда 60ка чейин, кээ бирлери 75ке кыскартарын билдирип чыгышты. Ушундай эле убадалар буга чейинки шайлоолордо да берилген. Сооронбай Жээнбеков ар аптанын ишемби күнү «Биринчи радиого» маек куруп жатат. Кыргызстанда 120 орундуу парламентке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган. (BTo)

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:02

Президент: Добуш сатып алуу фактылары боюнча кайрылгандар жок болуп жатат

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берип, шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөрүн айтты. Бирок андай мыйзамсыз иштер боюнча реалдуу фактылар жок экенин билдирди. «Тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага добушуңду сат деди» деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр» деп айтышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатат, бирок мына ушул боюнча кайрылган факт жок». Сооронбай Жээнбеков партиялар шайлоочулардын паспортун чогултуп жатканы тууралуу да кабардар экенин, «акчанын бир бөлүгүн азыр, калганын кийин беребиз» деген сөздөр бар экенин айтты. Бирок паспортун партияларга бергени тууралуу да айтып, кайрылган киши жок экенин кошумчалады. Жана документти эч кимге бербеш керектигин эскертти. «Добуш берүү купуя сакталат. «Буга сал, буга салба» деп эч ким мажбурлай албайт. Кимге добуш берсең, аны билип алат деген сөз бар. Аны билбейт, андай технология жок азыр. Шайлоочу өзү жалгыз калат, кабинкада, бюллетенди каалаганына салат. Кимге добуш бересиң, өз эркиң», - деди президент. Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталгандан бери партиялар адамдардын паспортторун чогултуп, дүңүнөн добуш сатып алуу аракети болуп жатканы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш сатып алуу же сатуу үчүн жоопкерчилик каралган. Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча добуш сатып алган адамга 220 миңден 260 миң сомго чейин айып салынат же болбосо 2,5 жылга кесилет. Добушун саткан адамга да ушундай эле жазалар каралган. (BTo)

Подробнее
23 сентября 2020 г. 17:20

Элдик кыймыл, элдик партия Чоң Казат! Элибиз үчүн аягына чейин туруп беребиз!

Элдик кыймыл, элдик партия Чоң Казат! Элибиз үчүн аягына чейин туруп беребиз! _____________________ Народное движение, народная партия Чоң Казат! За народ будем стоять до конца!

Подробнее
26 сентября 2020 г. 18:25

Уктап жаткан эл! Мекени жок ойгонот.

Уктап жаткан эл! Мекени жок ойгонот.

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:03

Шайлоо участкаларында идентификациялоо системасы жакшы иштебей жатат. БШКнын жообу

Бир нече саат мурда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 19-сентябрда, шайлоочулардын тизмеден өзүн тактап жана дарегин алмаштыргандыгы тууралуу маалымат берүүсү үчүн акыркы күн экенин эскерткен.БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Шайлоочуларды идентификациялоо системасында мүчүлүштүктөр болуп жатат. Аталган система жарандын шайлоо участогун алмаштырууга мүмкүндүк берет. Бир нече саат мурда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 19-сентябрда, шайлоочулардын тизмеден өзүн тактап жана дарегин алмаштыргандыгы тууралуу маалымат берүүсү үчүн акыркы күн экенин эскерткен. Андыктан бүгүн шайлоо участкалары саат 20.00гө чейин иштемекчи. Көп өтпөй Sputnik Кыргызстан редакциясына окурмандар кайрылып, аталган система иштебей жатканын айтышкан. Мисалы, Бишкектеги №53 мектепте орун алган 1334-участокко катталгысы келген жаран системанын иштебей жатканын көргөн. Ошондой эле участоктогулар бүгүн адаттагыдай саат 17.00гө чейин гана кайрылууларды кабыл аларын айтышкан. Башкы прокуратура: массалык түрдө дарек алмаштыруу боюнча 21 кылмыш иши козголду Ал эми БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова өзүнүн Facebook баракчасына “Идентификациялоо системасы эки күндөн бери жакшы иштебей, эл кезекке туруп калганын” жазды. Редакциянын кабарчысы аны менен байланышканда, мындай көйгөй борбор калаада гана эмес, аймактарда дагы байкалып жатканын тастыктады. Абдрахматова божомолдогондой, буга техникалык жана адамдык факторлор дагы себеп болушу ыктымал. Ошондой эле ал көйгөй болуп жаткан участоктордон видео тартып, жарыялоого чакырды. Мындан соң редакция БШКнын маалымат кызматына кайрылганда, ал жактан бул суроо Бишкек аймактык комиссиясынын жетекчиси Кайрат Маматовго берилиши керектигин айтышты, бирок ага байланышууга мүмкүн болгон жок.

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:04

Президент Жээнбеков аны сындаган талапкерлер боюнча оюн айтты

Жээнбеков шайлоо алдында президентке сын айткандан өткөн жеңил популизм жок экенин айтып, муну түшүнүү менен кабыл аларын кошумчалады.БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” маек берип жатып, парламенттик шайлоо алдында өзүн сындагандар боюнча пикирин айтты. “Албетте, бийликти сындоо кайсы заманда болбосун элге жагат. Мындай кырдаалда президентке сын айткандан өткөн жеңил популизм жок. Мени жамандагандар добуш алабыз деп үмүт кылып жатат. Бул дагы саясий ыкмалардын бири, көп эле мамлекеттерде ушуну колдонушат”, — деди Жээнбеков. Жээнбеков: бюджетти тоноп, кызматын пайдаланып байыгандарга аёо болбойт Ошондой эле өлкө башчы мунун экинчи жагы да бар экенине токтолду. “30 жылдап саясатта гана эмес, бийликтин бир бутагында жүргөн азаматтарыбыз да бийликти болушунча сындап жатат. Депутаттардын санын азайтабыз, пенсияны көбөйтөбүз деп айтып келатышат. Бирок кандай жол менен экенин айткан киши жок”, — деди президент. Эске салсак, өлкөдө учурда шайлоо кампаниясы жүрүп жатат. Парламенттик шайлоо 4-октябрь күнү болмокчу.

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:04

Факты болсо, жаза да болот. Жээнбеков добуш сатып алуу боюнча пикирин айтты

Өлкө башчы түздөн-түз эч ким факты менен кайрылбаса дагы тиешелүү органдар иштеп жатканын белгиледи.БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Эл арасында "бул партия ушинтип жатыптыр, тиги партия сатып алыптыр" деп айтып жатышат. Бирок ал боюнча кайрылган факты жок. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, журналист өлкө башчыга "Сиз шайлоону таза өткөрөбүз дедиңиз эле. Бирок ага карабай, акча сунуштап, кысымга алып жаткан айрым көрүнүштөрдү жоюуга күчүбүз жетпейби? Же коом өзү ушуга барып жатабы?" деген суроо узаткан. "Мен шайлоону таза, адилеттүү өткөрүү үчүн президенттен талап кылынган бардык милдеттерди аткардым, дагы да аткарам. Бирок бул процесс президент, өкмөт, БШКдан эле көз каранды эмес. Ал партия, анын ичиндеги талапкер жана шайлоочудан да көз каранды. Добуш сатуу фактылары катталса, тиешелүү тараптар жазаланат. Тилекке каршы, шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, "ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып алыптыр" деп айтып жатышат, ал сөздөрдү мен да угуп жатам. Органдар иштеп жатат, бирок бул боюнча факты жок. Бир же эки эле учур болбосо, негизинен имиштер", — деди Жээнбеков. Өлкө башчы түздөн-түз эч ким факты менен кайрылбаса дагы тиешелүү органдар иштеп жатканын белгиледи. "Добуш сатуу менен коом да күрөшүүсү керек. ЖМКлар элди добуш сатпоого чакырып жатат. Аны көрүп, угуп атам. Муну күчөтүш керек. Паспортун алып кетип, тең акчасын кийин беребиз деген сөздөр чыгып жатат. Мунун үстүндө да органдар иштөөдө. Бирок иш жүзүндө "менин паспортумду алып кетти" деп кайрылгандар жок болууда. Паспорт ар бир адамдын жеке документи, аны эч кимге бербесин. "Ага сал, буга сал" деп эч ким мажбурлай албайт. Кимге добуш бергенин эч ким билбейт, аны билген технология азыр жок. Кимге добуш бересиң, өз эркиң", — деди президент. Эске салсак, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:04

Шайлоочулардын тизмесинен өзүңдү такта, бүгүн акыркы күн

Жарандар өздөрүнүн конституциялык укугун толугу менен пайдалануусу үчүн шайлоо участкалары бүгүн 20.00гө чейин иштемей болду. Өлкөнүн сыртында иштеген шайлоо комиссиялары жергиликтүү убакыт менен саат 21.00гө чейин каалоочуларды кабыл алат.БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 19-сентябрда, шайлоочулардын тизмеден өзүн тактап жана дарегин алмаштыргандыгы тууралуу маалымат берүүсү үчүн акыркы күн экенин эске салат. Андыктан жарандар өздөрүнүн конституциялык укугун толугу менен пайдалануусу үчүн шайлоо участкалары бүгүн 20.00гө чейин иштемей болду. Чет өлкөдөгү шайлоо комиссиялары жергиликтүү убакыт менен саат 21.00гө чейин каалоочуларды кабыл алат. Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме Белгилей кетсек, “КР президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, ар бир шайлоочу алдын ала тизмеден маалыматты тактап алышы керек. Тизмеден өзүн таппай калган учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Эске салсак, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:10

Президент: Парламентке келген партия жетекчилери жаш талапкелерин сүрүп чыгарбайт деп ишенем

“Партия жетекчилери мына ошол жаштарды колдоп, кийин парламентке өтүп келишсе, аларды тизмеден сүрүп чыгарбай, калтырат деген ишенимим бар”, – деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Биринчи радиосуна” берген маегинде. Ал Жогорку Кеңеш депутаттыгына аттанган жаш талапкерлер жөнүндө пикири менен бөлүшүп, жаш талапкерлердин дебаттарын көрүп жатканын, алардын көпчүлүгү санариптештирүү саясатын колдоп, аймактарды өнүктүрүү жөнүндө, кайра иштетүү тармагын колдоо керектигин айтып жатышканына токтолду. “Эгерде ушундай жаштарыбыз парламентке келсе, демек менин президенттик ишимдеги негизги багыттар – санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү саясаты колдоо табат экен деген менде толук ишеним бар”, – деп белгиледи президент. Сооронбай Жээнбеков парламентке ушундай жаштар баратканына канааттангандыгын айтты. “Буга чейин да айткам, башталган реформа, долбоорлорду улантуу үчүн парламенттин колдоосу абдан керек. Партия жетекчилери мына ошол жаштарды колдоп, кийин парламентке өтүп келишсе, аларды тизмеден сүрүп чыгарбай, калтырат деген ишенимим бар”, – деп жыйынтыктады өлкө башчы.

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:12

Шайлоо: Бүгүн «Форма-2ни» толтуруунун акыркы күнү

Бүгүн, 19-сентябрда жарандардын шайлоого катышуу үчүн шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыздарын берүү мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу БШК билдирет. Буга байланыштуу бүгүн жарандардын конституциялык укуктарынын аткарылышын камсыз кылып, «Форма-2ни» толтурууга шарт түзүү максатында участкалык шайлоо комиссияларынын иш убактысы узартылды. Кыргызстандагы иштеп жаткан участкалык шайлоо комиссиялары жарандарды саат 20:00го чейин кабыл алышат. Өлкөдөн тышкары жерлерде (Орусия менен Казакстан) иштеген участкалык шайлоо комиссиялары саат 21:00го чейин кабыл алышат. Форма №2 шайлоочунун укугун коргогон менен түпкүлүгүндө кызыктар тарап колдонот

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:15

Шайлоо 2020. БШК Москва шаарында үчүнчү шайлоо участогун түздү

Борбордук шайлоо комиссиясы Москва шаарында үчүнчү шайлоо участкасын түздү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, Москвадагы Большая Ордынка көчөсү 64 дареги боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин аймагында түзүлгөн.Мындан тышкары, БШК Жогорку Кеңешке шайлоону даярдоо жана уюштуруу боюнча Москвадагы туруктуу өкүлчүлүктүн ишин уюштурган.БШК белгилегендей, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдөгү консулдук кызмат адамдарында катталган жарандар автоматтык түрдө тиешелүү шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:15

«Республика» №14 : “Саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону эки эсе көбөйтөбүз!”

Коронавирус пандемиясы саламаттыкты сактоо тармагынын кейиштүү абалын ачыктап койду. Биз бүгүн бул тармакта олуттуу реформаларга барбасак, эртең кеч болуп калат. "Республика" партиясынын шайлоо программасында саламаттыкты сактоо тармагы орчундуу орунда, анда көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору так көрсөтүлгөн. Терең изилдөө, экономикалык жана башка эсептөөнүн негизинде пайда болгон программанын ушул бөлүгү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кененирээк маекте айтып берди. - Алтынай Сейитбековна, Жогорку Кеңеште саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, миграция жана эмгек комитетинде иштедиңиз, андан кийин 2 жыл вице–премьерлик кызматты аркаладыңыз, өлкөбүздөгү социалдык абалды абдан жакшы билесиз. Азыркы учурда курч турган кандай социалдык маселелер бар? - Социалдык тармактын кайсыл багытын албайлы бардыгында чоң көйгөй бар. Медицина тармагынын жалпы бюджети 17-18 миллиард болгону менен ар бир мекемеде каражат маселеси курч турат. Белгилүү болгондой, иштеген жарандардын кирешесинен 2% милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна төлөнөт. Чет өлкөлөрдө бул көрсөткүч 15% чейин. Биздин 2% эң төмөн көрсөткүч. Бирок, аны да жалпы эмгекке жарамдуу жарандарыбыздын 20% гана төлөйт. 50-60 пайызы мамлекет тарабынан каржыланат, бирок, киши башына бөлө келгенде бул болгону 150 сомду түзөт. Бул абдан аз. Жарандардын дагы 20% камсыздандыруу процессине кирген эмес. Булар жумушсуз адамдар. Эртең алар саламаттыкты сактоо системасындагы кайсыл бир ооруканага барса, эч кандай кепилдиктери жок. Алар азыр жок дегенде жылына 1200 сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу полисин алса, ага ооруканалардагы кызмат көрсөтүүлөр арзаныраак болот эле. Ошондой эле, жалпы экономиканын 39-40 пайызы көмүскөдө, демек, анда иштеген жарандар каттоосу жок болгондугуна байланыштуу эч кандай социалдык төлөмдөр түшпөйт. Бирок, пенсиялык куракка жеткенде жардам катары мамлекеттен минималдуу пенсия алат. Булардан тышкары, мамлекетке эч кандай социалдык төлөм жасабаган жарандардын категориясы бар. Алар да кыйын учурларда кадимкидей эле саламаттыкты сактоо системасына кайрылышат. Ошондуктан, бейтап эгер анын камсыздандыруусу болсо канча төлөйт, болбосо канча төлөйт экендигин так билиши керек. Бул системаны өзгөртүп жана көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу менен биз саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону 2 эсе көбөйтөбүз. Мындан жалпы саламаттыкты сактоо тармагы утушта болот, бул ооруканалардын инфраструктурасы эки эсе жакшырат, дарыгерлердин айлыгы эки эсе көбөйөт, тез жардам унааларын сатып алабыз дегенди түшүндүрөт. Коронавирус пандемиясы учурунда саламаттыкты сактоо тармагындагы курч абал ачыкка чыкты. Бул тармакта тез арада кескин өзгөрүүлөргө барбасак, эртең жарандарга баш мыйзам тарабынан кепилденген саламаттыкты камсыздай албай калышыбыз мүмкүн. Учурда ири ооруканаларды толугу менен автономиялык кылып, өзүн–өзү каржылоо тартибине которуу керек. Ошондо ооруканалар өз бюджетин оптималдаштыруу менен алектене алат. Бүгүн ири оорууканалардын көпчүлүгүндө кийим жууган цехтер, ашканалары бар. Союздан калган жабдуулары, идиш-аяктары эски. Аларды иштетүүгө канча электр энергиясы сарпталат? Бүгүнкү күнү башка мамлекеттерде анын баары аутсорсингге өткөрүлгөн. Миллиондогон акчаларды коротпой жеке компаниялар менен сүйлөшсө чыгаша эки эсе кыскарат. Демек, биздин башкы дарыгерлер менеджер болушу керек. Чыгымдарды азайтуу менен айлык акыларды көбөйтүп, жаңы жабдуулар менен камсыз кылууга болот. Андан тышкары, каражат ооруп айыккан ар бир бейтап башына бөлүнсө, ооруканалар арасында атаандаштык пайда болуп инфраструктура жакшырат, дарыгерлер да жогорку деңгээлде кызмат көрсөтө баштайт. Мындай реформалар менен саламаттыкты сактоонун абалын кыйла жакшырта алабыз. Кээ бир партиялар ооруканаларды салабыз деп айтып жатышат. Бул туура эмес мамиле. Эң ириде биз элдин саламаттыгын чыңдоого көңүл бурушубуз керек. Жарандар спорт менен алактенип, сергек жашоого өтүп, туура тамактанып, оорубаганга шарттарды түзүү зарыл. Жети облустагы ири ооруканаларды жогорку технологиялуу жабдыктар менен камсыздап, көп профилдүү, бардык талаптарга жооп бере тургандай ооруканага айландырыш керек. Бизде бүгүн өлкө боюнча эки жүздөн ашык оорукана бар, алардын көбүндө мындай айтканда керебеттен башка эч нерсе жок. Жарандар ооруп калса ал жактарга эмес, областык же борбордук ооруканаларга кайрылышат. Ошондуктан, жаңы ооруканаларды куруунун ордуна, аймактык ооруканалардын деңгээлин көтөрүп, калкты тейлөөгө мыкты шарттарды түзөбүз. -Өлкөдө адискөй дарыгерлердин жетишпестиги курч турат, бул көйгөйдү чечүүдө “Республика” партиясынын кандай сунуштары бар? - Адамдын ден-соолугу, өмүрү тууралуу кеп болуп жаткан жерде кайдыгер мамиле болбошу керек. Жаш дарыгерлердин квалификациясы эмне үчүн начар болуп жатат? Азыр ординаторлордун окуу мөөнөтү кыскартылды, бул туура эмес. Ар бир тармактык медицинага өзүнчө карашыбыз керек. Нейрохирург менен стомотологдун же болбосо терапевттин айырмасы асман менен жердей. Алар өз алдынча иштей баштаганга чейин чон тажрыйба топтошу керек. Бул жерде баягы эле паракорчулук маселеси да жок эмес. Азыр медициналык окуу жайларда студент начар окуса да көз жумган мамиле болуп жатат. Анткени, окуудан кетирип жиберсе, билим мекемесинин кирешеси азаят. Акчага баа койгондор да жок эмес. Андыктан, мугалимдердин айлык акысы жогорулатып, талаптарды күчөтүшүбүз керек. Ошол эле убакта, мамлекеттик социалдык буйрутманын негизинде бир нече миң дарыгерлерди окутуп жатабыз. Бирок, жаш адистер окуу жайды бүткөндөн кийин келишимде көрсөтүлгөндөй аймактарга барып иштебей жатышат. Анан дагы мамлекет төлөгөн акчаны кайтарып берсе, аймактарга барбай коюуга уруксат берилип калган. Келишимдеги талаптар аткарылмайынча дипломун бербеш керек эле. Андай болсо бюджеттик негиздеги окууну жоюп салыш керек же окуткандан кийин шарттар так аткарылышы зарыл. Экинчи жагынан жаш адистер эмне үчүн аймактарга барбай жатышат? Алыскы аймактардагы бейтапканаларда шарттар жок, мыйзам боюнча жаш адиске үй берилиши керек болсо, ал мыйзам иштебей турат. Бул системдик маселе. - Коронавирус пандемиясы учурунда дары-дармектердин баасы көтөрүлүп кетти. Ага чейин деле дары-дармектерге болгон баа саясаты баш аламан эле. “Республика” партиясы тартипке салуу иштерин жасайбы? - Биринчиден, биз дары дармектердин маркировкасын толук кандуу талап кылабыз. Бардык өнүккөн мамлекеттерде ар бир дарыга маркировка басылат. Ошол белгилер менен дарыканаларда сатылат. Ар бир дары маркировкасы менен келсе контрабанда жоголот жана толук көзөмөл ишке ашырылат. Биз дары-дармектерге мамлекеттик жөнгө салуу киргизебиз! Андан тышкары, жашоого абдан азырл дары-дармектердин тизмеси дагы көбөйтүлөт. Анткени бардык эле адамдар мындай дарыларды кымбат баада сатып ала албайт. “Республика” партиясы саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону эки эсе көбөйтүү менен тармактагы абалды жакшыртса болоорун так айта алабыз. Бул биринчи кезекте ооруканалардагы шарттар жакшырат. Экинчиден, дарыгерлердин квалификациясы жогорулайт. Эки эсе көп акча бөлүнсө, демек, дарыгерлердин айлыгы эки эсе көбөйөт жана ак халатчандарыбыз өз жумуш ордун барктап- баалай баштагандан кийин тейлөө да жогорулайт. Үчүнчүдөн, өлкө боюнча тез жардам унаалары чоң көйгөй. Дал ушул тез жардам унааларынын санын эки эсе көбөйтөбүз! Кыргызстандын ар бир аймагы толук кандуу бардык заманбап жабдууланган реанимобилдер менен камсыздалат! Биз элдин саламаттыгынан эч качан акча үнөмдөбөшүбүз керек! "Республика" партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. "Республика" бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:16

«Замандаш» партиясы Баткенде

18-сентябрда «Замандаштын» кезектеги үгүт кербени Баткен шаарында өттү. Баткендин эли «Замандаштын» Жогорку Кеңешке талапкерлерин жылуу маанай менен тосуп алышты. Жолугушуунун башында Жогорку Кеңешке талапкер Искендер Гаипкулов партиянын программасын жана талапкерлерин тааныштырды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын көйгөйлөрүнүн чечүү жолдорун айтып, партия Парламентке өтсө жети багытты ишке ашырууга дароо киришерин билдирди. "Баткендин эле эмес Кыргызстандын чоң көйгөйү болгон чек ара маселесин тезинен чечүү «Замандаштын» максаттарынын бири. «Замандаш» партиясы экологияга өзгөчө көңүл бурат. Шаарларда сапаты жок көмүрлөр жагылып, түтүн каптап элдин ден соолугуна зыян келтирүүдө. Электромобилдерди, электроавтобустарды алып келип, жалпы элди газ менен камсыз кылышыбыз абзел. Өлкөбүздү гумандуу өлкөгө айлантып, сот системасы адилеттүү болбогондуктан системаны жаңылаш керек. Ааламдашуу мезгилинде өлкөнү инновациялык нукка буруу мезгилдин талабы". Мигранттарга жеңилдиктерди кылып, аларга пенсияны мыйзамдаштыруу керектигин да белгиледи. Канат Бакалов Баткен эли менен болгон амандашып, партияга эмнеге киргендигин айтып өттү: «Биздин катардагы инсандар чынчыл, адилетүү. Таза партия менен жаркын келечекти эл менен бирге курууга даярбыз. Парламентке барбасак карапайым элдин, Баткенчилердин көйгөйү чечилбейт. 20 жылдан ашты, макам дале ала албай келебиз, Баткенде коогалаң болду деп айтышат, бирок чындыгында Баткенде согуш болгон. Баткен ардагерлери жылдан жылга азайып бара жатат, башка партиялардан үмүт жок болуп калды, бул көйгөйлөрдү чече ала турган жалгыз «Замандаш» партиясы гана» Баткендин көйгөйлөрүн ичинен билген, Жогорку Кеңешке талапкер Эсеналы Парманов элге кыска кайрылуу жасады: «Мен буга чейин мамлекеттик кызматты аркалаган эмесмин, Баткендин көйгөйүн жакшы билем, мага өзүңүздөрдүн батаңыздарды берсеңиздер, Кыргызстандын, Баткендин жаркын келечегин курууга аракетимди жумшайм» Жолугушууга кыргыздын салтын сактап, элечек кийип келген энелердин бири жалпы талапкерлерге ийгилик каалап, Искендер Гаипкулов Баткен районунун акими болуп турганда, бир топ элге ак кызмат кылып кеткенин белгилеп, ыраазычылыгын билдирип көзүнөн жаш алды: «Сиздин бизге кылган жакшылыгыңызды эч унутпайм, инимдин эстелигин тургузганда, агасына кантебиз дегенимде, сиз агасына да эстелик тургузабыз, ал да Баткен үчүн курман болду дегенсиз. Сиз колдогон 21 жетим балдар бүгүнкү күндө жетилип, Кыргыздын мыкты уул кыздары болуп, мекени үчүн татыктуу кызматын кылышууда» Жолугушуунун аягында Баткен эли «Замандаш» партиясынын жасап келген иштерине ыраазычылыгын билдиришип, шайлоодо утуп чыгуусуна тилектештигин билдиришти. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 19-сентябрь, 2020-жыл. 21:27 19-09-2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники