О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 1:30

«Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылган митинг болуп жатат

Жарандык активисттер, парламенттик шайлоого бараткан айрым партиялардын мүчөлөрү пикетке катышууда. Алар бийлик шайлоодо бардык саясий партияларга бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек экенин айтып, Жогорку соттон «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылып жатышат. Митингге чыккандар шайлоонун үгүт иштери баштала электе эле айрым жерлерде акча таратыла баштаганын, ага Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) чара көрбөй жатканын сынга алышууда.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

Шайлоо 2020. Саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелери, программалары жана платформалары тууралуу көз караш

Санжар ЭРКИНДИКОВ — атайын Elgezit.kg үчүн. Жогорку Кеңешке болгон шайлоого даярдыктар бүтүп калды. БШКнын маалыматына ылайык, 22 партия съезд өткөрүшүп, ал жакта программаларын, платформаларын айтып беришип, депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин бекитишти. БШКга 16 партия тиешелүү документтерин тапшырып, шайлоо күрөөсүн төлөштү. “Саясий партиялар 24-августка чейин 5 млн сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төлөшү керек болчу. Мыйзамга ылайык, эгерде партия бул сумманы төлөбөгөн болсо, ал шайлоого катыша албайт. Тизме түзүүдө гендердик жана жаштар үчүн берилген квотаны эске алышпаса да шайлоого катышууга мүмкүн эмес. Мындан сырткары, добуш берүү күнүнө чейин башка партиялар менен бириккен уюмдар өз каалоолору менен четтеп кетишсе болот. Дагы бир маанилүү жагдай бар – буга чейин БШК добуш берүү күнүнө 5 күн калганга чейин Мыйзам бузган партия болсо аны четтетип коюу укугуна ээ болчу. Эми болсо ал мөөнөт жок. Партиялар шайлоо Мыйзамын бузган учурда БШК ал партияны шайлоо күнү жана андан кийин дагы четтетип кое алат”, — деди БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова . Парламентке ат салышууга мурда дагы бир нече жолу парламенттик шайлоого катышкан партиялар бар: «Ата Мекен», «Республика», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Бүтүн Кыргызстан» . Ал эми « Чоң Казат», «Ордо», «Мекенчил», «Биримдик», «Ыйман Нуру», «Мекеним Кыргызстан», «Социал-демократтар» жана «Реформа» партиялар шайлоого алгачкы жолу катышууда. Жергиликтүү кеңешке болгон шайлоолордо жеңишке жетишкен партиялар да жок эмес: «Замандаш», «Улуу Кыргызстан» жана «Мекеним Кыргызстан». Саясий серепчилердин көбү партиялар саясий багыты, платформалары тууралуу айтып беришкени менен алар партиялык түзүлүштүн классикалык модели талап кылгандай, коомчулукка идеологиясын жеткире алышкан жок деген пикирде. Муну Кыргызстанда классикалык партиялык түзүлүш жок экени жана саясий уюмдар лидердин айланасында чогулары менен түшүндүрүп келишет. Анын үстүнө көпчүлүк партиялар өздөрү тууралуу парламенттик шайлоо алдында эле жар салышып, кандайдыр бир өз ордун ээлеп алууга жетишпей калышты. Ошондуктан партияларды бийликчил жана оппозиция деп гана экиге бөлүп карап келишет. Ак үйгө кайдыгер эмес партиялар катары «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Замандаш» жана «Кыргызстан» партияларын атап келишет. «Бир Бол», «Ата Мекен» «Республика» жана «Бүтүн Кыргызстан» болсо оппозицияга кетип жатышканы тууралуу жар салышты. Ошондуктан алдын ала кандайдыр бир жыйынтыктарды чыгаруу үчүн партиялардын съездин, алардын программасынын жана платформасынын презентациясын жана депутаттардын тизмеси карап гана талдоого мүмкүн. «Биримдик» – кыргызча “единоростор” «Биримдик» партиясын бийликтин партиясы деп атап жүрүшөт. Муну партиянын тизмесинде президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун болушу менен байланыштырышууда, ошондой эле орусчадан которо келгенде “Биримдик” “Единство” деп которулуп, Россиядагы башкаруучу партиянын атына үндөш. Кыскасы, Жээнбеков дагы бир жолу кыргызстандыктарды бийликтин эч кандай партиясы болбой турганына ишендирди, ошондой эле административдик ресурс тууралуу кеп да болбой турганын айтты. “Кыргызстан” партиясынын документтерин кайра берип салышканы дагы бул шайлоого Ак үйдүн 7-кабаты кийлигишпей турганын далилдеп тургансыйт. «Биримдиктеги» жаш жүздөр «Биримдик» партиясынын башкы идеясы – евразиялык интеграция жана Россия менен жакындашуу. Идея жаңы эмес, көп жылдан бери бул идеяны “Замандаш” партиясы алып жүрөт. Бирок бул жаш партияга аталган идеяны саясий платформасынын негизи катары колдонуусуна тоскоол болгон жок. Партиянын негизги багыты – Россиядагы мигранттардын жашоосун жеңилдетүү, евразиялык баалуулуктарды бириктирүү, Кыргызстандын евразиялык өнүгүү векторун иштеп чыгуу. “Биримдик” тизмесинде аймактардагы ишкерлерге, коомдук ишмерлерге, спорт дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө басым жасаган. Ошондой эле жаш топ-менеджерлер, башкаруучулар жана ар кандай масштабдагы аткаминерлер кошулган. Муну менен катар эле буга чейин парламентте депутат болуп, аброюн түшүрүп алгандар да жок эмес. Партиянын башкы кемчилиги – реформалоо боюнча идеялардын жоктугу. Партия өлкөгө өзгөрүүлөрдү сунуштабай эле, евразия багытында туруктуу иш алып барууну сунуштайт. Тең салмактуу «Мекеним Кыргызстан» Республикалык масштабда «Мекеним Кыргызстан» партиясы жаңы, бирок саясий уюм аймактарда жакшы таанымал, анткени алар буга чейинки жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууда ийгиликтүү тажрыйбага ээ. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси тең салмактуу көрүнөт – талапкерлердин арасында жаштар да, тажрыйбалуу саясатчылар да, ар кайсы тармактагы эксперттер, чиновниктер, журналисттер, юристтер, ишкерлер, коомдук ишмерлер да бар. Бул диверсификацияланган курам партиянын саясий платформасы өлкөдөгү алдыңкы санарип технологияларын колдонуп ар кандай тармактарды реформалоону камтый турганын түшүндүрөт. Башка партияларга салыштырмалуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдө эң негиздүү, масштабдуу реформаларды сунуштады. Партиянын лидерлеринин съездде Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсе кыскартууну пландап жатканын, мамлекеттик аппараттын кызматкерлерин секвестрлөөнү, бийликти борбордон алыстатууну жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк ыйгарым укуктарды берүүнү пландаштырып жаткандыгын билдирүүсү эле көптү үмүттөндүрөт. «Мекеним Кыргызстандын» тең салмактуу курамы Финансылык реформалардын алкагында, бизнеске алынган бардык салыктарды алып салуу жана алардын бирөөсүн – “жүгүртүү салыгын” гана киргизүү сунушталууда. Экономика жаатында партия “Кыргызстандын бакчалары” деген программаны сунуштоо менен негизги басымды агрардык секторго койду. Бир катар ири логистикалык борборлорду түзүү жана табигый айыл чарба продукцияларын чет өлкөлөргө экспорттоону жолго коюу пландаштырылууда. Ошондой эле саламаттыкты сактоо, энергетика жана билим берүү жааттарындагы да реформалардын топтому сунушталды. Партиянын негизделген идеясы – “интеллектуалдык, инновациялык жана идеялык революция” жасоо. Чындыгында, салыштырмалуу партиянын жаш курамынын тажрыйбасы мындай ири пландарды ишке ашырууда канчалык деңгээлде жетиштүү болот деген маселе суроо бойдон калууда. Буга партия шайлоодо жеңишке жетишип, өзүнүн реформаларын жүзөгө ашыра баштаганда гана жооп алабыз. «Жаштардан турган» «Бир Бол» жана «жаңыланган» «Ата Мекен» Алдыдагы шайлоонун жаңы тенденциясы – чоң саясатта булганбаган, жаш жүздөрдү өздөрүнүн катарына тартуу. Бул тенденцияларды биринчилерден болуп “Бир Бол” жана “Ата Мекен” партиялары колдонгон. “Бир Бол” партиясы дээрлик толугу менен жаңыланып, катарын бир катар жаңы, жаш жүздөр, ар кандай эксперттер, ишкерлер менен толукталды. Партиянын лидери Алтынбек Сулаймановдун айтымында, ал тизмеде онунчу орунда турат, Кыргызстанга “саясий вакцинация” керек жана тезинен коррупциядан, аймактык бөлүнүүчүлүктөн, башкаруунун натыйжасыз системасынан арылуу керек. Съездде «Бир Бол» партиясынын саясий платформасы катары партиянын жаш мүчөлөрү ишке ашырышы керек болгон «Инновациялык реформалардын убактысы» программасын сунушталды. Чындыгында эле программа жагымдуу, жакшы пикирлерге ээ болуп жатат, айрыкча билимдүү жаштардан. “Бир Бол” партиясынын жаңы лидери Алмамбет Шыкмаматов Баса, «Бир Болдун» кадрларынын жаңы жүздөрү чындыгында жаш, социалдык тармактарда таанымал жана, балким, өз тармагындагы компетенттүү адистер. Бирок алардын негизги көйгөйү, айрыкча ушул этапта, алардын негизги шайлоочулар – Кыргызстандын карапайым калкы менен жалпылыктарынын аздыгы. Жайлуу кеңседен же «балкондон» карапайым адамдын чыныгы көйгөйлөрүн, «жаңы жүздөрдүн» дүйнөсүн жана шайлоочулардын сейрек учурларда кесилишин көрүү өтө кыйын. Жаңы бийиктиктерди издешибиз керекпи? Азырынча баары толук түшүнүктүү боло элек, алар шайлоочулар менен канчалык тил табыша алышат, парламентке шайланып калса, алар мыйзам чыгаруу жана өкүлчүлүк функцияларын канчалык натыйжалуу аткара алышат. Бирок «Инновациялык реформалардын убактысы» программасы адаттан тыш жана актуалдуу болуп көрүнөт. Адаттагыдай эле, “Ата Мекен” партиясы да нааразы болгон электоратка таянат, алар да «нөлдү» чыгарууга аракет кылышкан. Алгач, партия шайлоонун алдында заманбап саясий альянска айланарын катуу жарыя кылып, бир нече кыймылдар жана алардын лидерлери – Тилек Токтогазиев (“Жаңы дем” коомдук кыймылы), Темир Сариев (“Ак шумкар” партиясы), Азамат Темиркулов (Жашыл күчтөр коалициясы) менен келишим түздү. Алардын катарына бир кездеги күчтүү КСДП партиясынын жаш мүчөлөрү Жанар Акаев менен Эльвира Сурабалдиева, ошондой эле Рыскелди Момбеков кошулду. Бирок көп өтпөй альянс ыдырап кетти – бул катардан биринчи эле Темир Сариев кетти, андан кийин Азамат Темиркулов дагы парламентке барбай тургандыгын жарыялады, анткени «партияга чоң пайда алып келген адамдар көп». Съездде партиянын көп жылдан берки лидери Өмүрбек Текебаев шайлоого катышпай тургандыгын жана партиянын башка эски лидерлери сыяктуу эле саясий уюмдун ичинде дагы, дегеле саясатта дагы “жаштарга жол ачууну” көздөй турганын билдирди. Саясатта оор салмактуу Өмүрбек Текебаев шайлоодо ордун жаш саясатчыларга бошотуп берди… Партиянын жаңы лидери жаш саясатчылардын толкунун көрсөткөн Жанар Акаев болду. Муну менен катар, албетте, тажрыйбалуу саясатчы Өмүрбек Текебаев да өзүнүн баалуу кеңештери менен партиянын мүчөлөрүнө партиянын саясатын ишке ашырууга жардам берет. Кандай болгон күндө да “Ата Мекен” партиясы өзүнүн күчтүү электоратына таяна алат, эгерде шайлоо процессинин катышуучуларынын өзүнүн тарыхы бар экендиги жөнүндө айта турган болсок, анда бул партиянын чыныгы тарыхы бар. Бирок “ата мекенчилер” өз тарапташтарынын катарын канчалык деңгээлде кеңейте алышты, олуттуу өзгөрүүлөр дагы кеңейтилген курамда парламентке жол ачып бере алабы, аны убакыт көрсөтөт. Антикоррупциялык “Республика” “Республика” партиясы өткөргөн съезддин негизги интригасы – аталган партиянын лидери Өмүрбек Бабанов парламенттик шайлоого аттанабы деген суроо болчу. Мындай саясий “оор салмактагы” адамдын шайлоого катышуусу партияга 90% ийгилик алып келмек. Бирок Өмүрбек Бабанов кандидаттардын тизмесинде жок болуп чыкты. Эске салсак, экс-премьерге 2 кылмыш иши козголгон, андан сырткары жеке ишкерлигине байланыштуу кысым көрсөтүүлөргө дуушар болгон. Балким, Бабанов өз эркиндигинен жана каражатынан кол жууп калуу тоболкелчилигине баргысы келбегендир… Кантсе да “Республикада” өз бутуна бекем турган, тажрыйбалуу команда бар. Ал командада жергиликтүү кеңештен баштап президенттик жарыш сындуу шайлоонун бир канча деңгээлинен өткөн тажрыйба бар. Партиянын тизмесин карасаңыз, партия күчтүү, тажрыйбалуу саясатчылар, чиновниктер, ишкерлерден түзүлгөн. “Республика” партиясынын съездин анын көп жылдан берки башкаруучусу Өмүрбек Бабановсуз элестетүү адаттан тыш нерсе. Шайлоо алдындагы негизги идея катары “республикачылар” коррупция жана криминалдык чөйрө менен күрөшүүнү колго алышты. Бир карасаң бул идея көптөн бери эле айтылып келе жатат, балким, айтыла берип кулакка сиңип бүткөн сөздүн иш жүзүнө аша турган убактысы эми келгендир. Бирок партиянын чыныгы лидеринин жоктугу, өзгөчөлүгү жок, ачыгын айтканда, алсыз саясий платформа “Республиканын” көптөгөн күчтүү тараптарын жокко чыгарып койчудай. Анан албетте, “Ата Мекен” жана “Бир Бол” партияларынан электораттын бир бөлүгүн “тартып алуу” мүмкүнчүлүгү төмөндөйт. “Замандаш” партиясынын жаңы деми Мамлекеттин саясий аренасында “Замандаш” партиясынын активдүү иш-аракети жаңы көрүнүш болду. Эске салсак, аталган партиянын артында жетишерлик тарыхы бар жана чет жерде эмгектенип, жашап жүргөн биздин мекендештердин колдоосуна ээ экени маалым. Андыктан адаттагыдай эле “Замандаштын” колдоочулары болуп көптөгөн мигранттар жамааты жана алардын өлкөдөгү туугандары болуп эсептелет. Ар кайсы инсайдерлердин айтымында, ушул себептен аталган партия расмий Москванын “батасын” алган. Ошол эле учурда “Замандаш” партиясы кыргыз саясатындагы бир канча көрүнүктүү адамдар менен катарын чыңдай алды. Алардын катарына жаш кадрлар, ошону менен бирге саясатта орду, тажрыйбасы, аброю бар саясатчылар кошулду. Тактап айтканда, Жеңиш Молдокматов, Мелис Турганбаев, Айсулуу Мамашева, Эльмурза Сатыбалдиев. Кыязы, интеграция маселелери, ошондой эле ЕАЭБдин ичиндеги миграциялык агымдарды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү реформа көйгөйлөрү боюнча иш алып баруу “замандашчылардын” негизги “фишкасы” болот өңдүү. Мамлекеттин саясий аренасында “Замандаш” центристтик позицияны ээлейт – партиянын программасында “оң” да, “сол” да идеянын элементтери бар. Съездде “замандашчылар” партиянын жаңыланган программасын көрсөтүштү. Программа негизги жети багыттан турат, анын ичинде социалдык мамлекет түзүү, ЕАЭБдеги интеграция, “жашыл” экономика жана башкалар камтылган. Ошол эле учурда партия инновацияларды мамлекеттик деңгээлде киргизүүнү жана өнүктүрүүнү, элдин алдында мамлекеттик органдардын ишинин так, ачыктыгын жана отчёттуулугун сунуштайт. Көпчүлүктөн “Замандашты” айырмалап турган дагы бир өзгөчөлүгү, ал кайсы бир регионго байланган эмес жана республиканын бардык аймактарынын өкүлдөрүнөн куралган. Бирок бардыгын убакыт көрсөтөт. Азырынча бир гана нерсе түшүнүктүү, жаңыртылган “Замандаш” мандатка жетүү үчүн көп эмгек, аракет кылышы керек. Туруктуу «Кыргызстан» “Кыргызстан” партиясы тескерисинче эски курам менен эле бара жатат. Биринчи ондуктагылардын баары мурдагы депутаттар – бул жакта таасирдүү жүздөр жетиштүү. Алардын катарындагы партиялаштарынын экөө бийликтин башкы багыттарынын рулунда экени: Дастан Жумабеков спикер болуп парламентти жетектегени, ал эми Алмазбек Батырбеков вице-премьер-министр болуп, аткаруу бийлигинде негизги кызматтардын бирин жетектеп турганы аларга ийгилик алып келет деген көз карашты карманып келишет. «Кыргызстан» партиясы мурдагы эле курамына басым жасоодо “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев съезд учурунда «Эл үчүн» деп аталган программасын презентация кылды жана андан улам саясий биримдик ири бизнеске басым жасайт экендиги байкалды. Канат Исаевдин айтымында, бизнесмендер пандемия учурунда мамлекетке жардам берди жана ири бизнестин эсебинен өлкө бюджети дайыма толукталып келет. Партиянын негизги шайлоочулары “Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү иштеген ири ишканалардын кызматкерлери болот окшойт. Алардын саны өтө көп. Бирок бул партия 5 жыл мурда берген убадаларынын канчасын аткара алды деген суроо ачык бойдон калып келет. Эгерде ал суроолорго жооп болсо, анда шайлоочулардын добушуна ээ болушмак. Албетте, өлкөнү реформалоо жана сапаттуу өзгөрүүлөрдү жасоо партиянын добуш алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтмек. “Токтоно алгыс” — “Бүтүн Кыргызстан” Бакиевдин “Ак Жол” фракциясынан Жогорку Кеңештин экс-спикери Адахан Мадумаров дагы бир жолу парламентти багындырууга аракет кылууда. Эске сала кетсек, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо анын партиясы топтогон добуштар боюнча шайлоо босогосуна 0,5% жетпей калып, парламентке келбей калган болчу. Шайлоодо жеңип чыгуу үчүн Мадумаров айланасына таарынган, саясатка кайра кайтууну самагандарды топтоду. Тизмеде депутат Исхак Масалиев, күч органдарынан Өмүрбек Суваналиев жана Курсан Асанов, экс-премьер Темир Сариев да бар. Бирок Сариев кандайдыр бир пикир келишпестиктерден улам “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан чыгып кетти. Съездге экс-депутаттар Ишенбай Кадырбеков, Турсунбай Бакир уулу, Бектур Асанов катышты. “Өз ысымы бар”, сыноолордон өткөн, кайсы бир убактарда бийликте отургандар катышты. Партиянын тизмесинде бир дагы жаңы талапкер жок. “Бүтүн Кыргызстандын” съездине келген делегаттардын тизмесин көрүп “Неудержимые” тасмасы эске түштү… Эми көрө жатарбыз. Партиянын башкы саясий платформасы криминал менен күрөшүү экенин мурдагы милиция кызматкери Өмүрбек Суваналиев билдирди. Бирок өлкөнүн ИИМи качандыр бир убакты Өмүрбек Суваналиев күч органдарын жетектеп, кылмыштардын саны бир топ жогорулаганын айтып коюуну эп көргөн жок. Ошондой эле ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун айланасында айтылып жүргөн кептерди эстебей кое албадык, аны өлкөнүн түштүгүндө баңгизат бизнесине “крыша” болуп, өзбек коомунан “чотур” алып жүргөн ж.б. деп келишет. “Бүтүн Кыргызстан” үгүт кампаниясынын башталышына чоң ишеним менен аттанды, андан ары кандай болорун убакыт көрсөтөт.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:24

УКМКнын АКК жана прокуратуранын жоюлушу. Руслан Казакбаев “Республика” бул планды кандайча ишке ашырууну пландап жаткандыгын айтып берди

"Республика" партиясы өзүнүн шайлоо программасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти, анын ичинде АККны, ошондой эле прокуратураны жоюуну сунуш кылат. Vesti.kg "республикачылар" аталган ведомстволор жок болгон учурда мамлекеттин ишмердүүлүгүн кандайча көрүшөт жана алардын ордуна кандай структураларды түзүүнү сунуштап жатышат деген суроону чечти. "Биз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен, тактап айтканда АКС жана прокуратурадан, алар үчүн адаттан тыш функцияны алып, адистештирилген бөлүмдөргө бергибиз келет", - деди Vesti.kg сайтына берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаты, Республикалык партиянын талапкери Руслан Казакбаев. - Мисалы, УКМК төмөнкү функцияларды калтырышы мүмкүн: чет элдик чалгындоо, контрчалгындоо, эл аралык терроризмге каршы күрөш, диний экстремизм. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Каржы полициясына ГСБЕП), коомдук коопсуздукту камсыз кылуу функциясы - Ички иштер министрлигине жүктөлүшү мүмкүн. Саясатчынын айтымында, АКК УКМК башында туура эмес түзүлгөн. "Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы экономикалык чөйрөдөгү коррупция менен буга чейин эле алектенип келет", - деп эскертти парламентарий. - Конституцияга ылайык өзүнчө структура түзүлүшү керек. Мисалы, өкмөттүн тушунда. Бирок УКМКнын алдындагы кызмат катары эмес. Прокуратура боюнча айта турган болсок, мыйзамдарды көзөмөлдөө ыйгарым укугун Юстиция министрлигине өткөрүп берүүнү сунуштайбыз. Россия Федерациясынын мисалында өзүнчө тергөө органы түзүлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда Руслан Казакбаев УКМК жана Прокуратура өзүлөрүнүн беделин түшүрүп, ушундай аталыштарда жана иштеп жаткан функциялары менен иштегендигин баса белгиледи. "Маселен, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти Улуттук коопсуздук кызматы деп атасак болот", - деп улантты депутат. - Азыр адамдар бул органдарга өтө терс мамиле кылып жатышат, анткени бул кызматтар саясий куугунтуктоонун бир түрүнө айланган. АККнын кысымы астында болгон дарыгерлер, мугалимдер, фермерлер камерадан кечирим сурашат. Чындыгында алар (УКМК жана Прокуратура) элден кечирим сурашы керек. Медина Купсулдаева Сүрөт www

Подробнее
10 сентября 2020 г. 15:49

“Бир Бол" саясий партиясы

“Бир Бол" саясий партиясы Баткен шаарынын тургундары менен жолугушту. Партия өкүлдөрү элеттиктер менен баарлашып, көйгөйлөрүн угушту

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:32

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров провел заседание по вопросам выборов

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров провел очередное заседание Республиканского штаба по оказанию содействия избирательным комиссиям в решении организационных вопросов и материально-техническом обеспечении проведения выборов. Об этом сообщает пресс-служба кабмина. Вице-премьер-министр отметил, что несколько днями ранее состоялось заседание Совета безопасности в узком составе по рассмотрению вопроса подготовки к парламентским выборам. «По итогам заседания Совета безопасности подписано Решение, включающее комплекс рекомендаций государственным и местным органам власти по проведению выборного процесса. Все указанные пункты должны быть выполнены качественно, своевременно и в полном объеме. Одним из важных пунктов значится в срок до 10 сентября 2020 года совместно с правоохранительными органами разработать и утвердить план мероприятий по обеспечению правопорядка и безопасности граждан в период подготовки и проведения выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики», - сказал Акрам Мадумаров. По итогам заседания профильным государственным органам дан ряд поручений.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоодон четтетилди

Партияларды парламенттик шайлоого катыштыруу үчүн расмий каттоого алуу боюнча жыйында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы өтпөй калды. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 3-сентябрдагы жыйынында кабыл алды. Эми аталган партия 4-октябрдагы саясий өнөктүккө катыша албайт. Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесиндеги одоно мыйзам бузууларга барганына байланыштуу ушундай чечим кабыл алган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

Шайлоодон четтетилген “Кыргызстан” партиясы шайлоо фондуна 47,9 млн сом которгон

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ар бир саясий партиянын шайлоо фондунун атайын эсебине түшкөн каражат боюнча отчетун жарыялады. Маалыматка караганда, 21-августка карата "Кыргызстан" саясий партиясы өзүнүн шайлоо фондуна 47 млн 968 миң 364 сом которгон. БШКнын маалыматы боюнча партия которгон жалпы каражаттын ичинен 2020-жылдын 9-июлунан 21-августуна чейин 39 млн 335 миң 620 сомун короткон. Буга чейин маалымдалгандай, Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясына документтерин кайтарып берген. Мындай чечим БШКнын 25-августта өткөн отурумунда кабыл алынган. Парламенттик шайлоого катышып жаткан бардык партиялар 24-август күнү саат 18.00гө чейин шайлоо күрөөсүн төлөп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүшү керек болчу. БШКнын өкүлдөрү документти партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келиши керектигин, башка адам алып келген деген жүйөө келтиришти.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

"Кыргызстан” партиясы БШКны сотко берет

"Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канат Исаев БШКны н чечимиине макул эместигин жана соттон адилеттүүлүк издерин билдирди. Ал мындай чечим өкүндүрөрүн белгилеп, шайлоо процессинде мындай катачылыктар болуп турарын айтат. “Бул техникалык ката. Шайлоо процессине эч кандай таасир этпеши керек. Ыйгарым укуктуу өкүл тапшырбай койду дейт, бирок ал келип “ооба” деп тастыктап, менин ишеним катым менен келген. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен макул эмеспиз. Чечимди колго алар менен сотко кайрылабыз. Сотто адилеттүүлүктү издейбиз”, - дейт Исаев. Белгилей кетсек, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясына документтерин кайтарып берүү чечимин кабыл алды.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

БШК “Кыргызстан” партиясына документтерин кайтарып берди

Борбордук шайлоо комиссиясы “ Кыргызстан ” партиясына документтерин кайтарып берди. Мындай чечим БШКнын 25-августта өткөн отурумунда кабыл алынды. Парламенттик шайлоого катышып жаткан бардык партиялар 24-август күнү саат 18.00гө чейин шайлоо күрөөсүн төлөп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүшү керек болчу. БШКнын өкүлү документти партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келиши керектигин, башка адам алып келген деген жүйөө келтиришти. Добуш берүүдө 9 адамдан турган БШКнын 8 мүчөсү документ кайтарылсын деп добушун берди.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

17 партия каттоодон өтүү үчүн БШКга документтерин өткөрүштү (тизме)

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 17 саясий партия каттоодон өтүү үчүн документтерин өткөрүштү. БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар төмөнкү партиялар; 1. «Актив» 2. «Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын» саясий партиясы» 3. «Мекен Ынтымагы» 4. «Ата Мекен» Социалисттик партиясы 5. «Мекенчил» 6 «Бир Бол» партиясы 7. «Ыйман Нуру» 8. «Замандаш» 9. «Чоң Казат» 10. «Реформа» 11. «Республика» 12. «Бүтүн Кыргызстан» 13. «Социал-демократтар» 14. «Биримдик» («Единство») 15. «Мекеним Кыргызстан» 16. «Ордо» 17. «Кыргызстан»

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курамынан дагы эки өкүл четтеди

" Бүтүн Кыргызстан " партиясынын курамынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Абдыманап Кутушев жана Мурадыл Мадеминов кетти. Бул тууралуу алар социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиришти. Кутушевдин айтымында, партиянын катарынан пикир келишпестиктен улам кетишкен. "Биздин мындан аркы партиялык ишмердигибиз боюнча "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен сүйлөшүүлөр олуттуу пикир келишпестиктерден улам көздөгөн максаттарга жетпеди. Ошондуктан биз досум Мадеминов Мурадыл Ганиевич экөөбүз 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышпоону чечтик. Ар дайым дилибиз таза, ниетибиз ак болуп келген. Мындан аркы ишмердигибизде да өлкөбүздө адилеттүү коом курууга, эл чарбасынын деңгээлин көтөрүүгө аракетибизди уланта бермекчибиз", - деп билдирүү калтырган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

Улукбек Кочкоров кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды . Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди "Бүгүнкү күнү биздин мамлекетке пайда алып келгим келет. Мындан улам министрлик кызматтан кетип, Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо өз талапкерлигимди көрсөтүүнү чечтим", - деди ал. Белгилей кетсек, буга чейин Улукбек Кочкоров Демократиялык социализм принциптерине негизделген “Биримдикти” тандаганын жар салган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

БШК Зиядин Жамалдиновдун депутаттык ыйгарым укугун токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясы "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдиновдун депутаттык ыйгарым укугун токтотту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Ал мандатын тапшыруу боюнча арызын башка партия менен шайлоого аттанган үчүн берген. Жамалдинов "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен шайлоого аттанып жатканын жана шайлоого депутаттык макамы жок барайын деп чечкенин билдирген . Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катышууга бел байлаган Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулбайт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

Зиядин Жамалдинов мандатын тапшырып, “Бүтүн Кыргызстан” менен шайлоого барат

" Өнүгүү-Прогресс " фракциясынан депутаты Зиядин Жамалдинов Борборбук шайлоо комиссиясына мандатын тапшыруу тууралуу билдирген . Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен шайлоого аттанып жатканын жана шайлоого депутаттык макамы жок барайын деп чечкенин билдирген. Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катышууга бел байлаган Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулбайт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:33

Шайлоону чагылдырууда ЖМКнын ролу жөнүндө коомдук диалог болду

Шайлоо учурунда шайлоо кампанияларынын каржылануусун чагылдыруудагы ЖМКнын ролу жөнүндө коомдук диалог болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-августта КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте “Шайлоо учурундагы шайлоо кампанияларынын каржылануусун чагылдыруудагы ЖМКнын ролу” деп аталган коомдук диалог өткөрдү. Бул иш-чара Кыргызстандагы ПРООНдун жардамы менен, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо кампаниясын каржылоонун ачыктыгы боюнча билим берүү долбоорун ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү. Коомдук диалогдун башкы максаты – ЖМК жана Интернет-басылмалардын өкүлдөрү менен шайлоонун жыйынтыгынын ишенимдүү жана сапаттуу болушуна түздөн-түз жана бир топ таасир тийгизген шайлоо кампанияларынын каржылануусундагы маселелерди талкуулоо болду. Катышуучуларга КР БШК төрайымынын орун басары А.Бегматов , ПРООНдун шайлоону колдоо программасынын улук кеңешчиси Ю.Шипилова жана “Жарандык платформа” коомдук фондунун жетекчиси А.Усупбекова кайрылышты. БШК төрайымынын орун басары А.Бегматов шайлоо процессиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана Интернет-басылмалардын ойной турган чоң ролу тууралуу айтып берген. “ЖМКлар шайлоочуларга аң-сезимдүү тандоого жардам беришет, шайлоо процессинин бардык кызыкдар тараптарынын ортосунда коммуникациялык функцияны аткарышат. Керек болсо ЖМК шайлоочуларга маалымат берип гана тим болбой, шайлоонун ачыктыгын, мыйзамдуулугун, жана аныктыгын да камсыз кыла алат”, - деген ал. ПРООНдун шайлоолорду колдоо боюнча программасынын улук кеңешчиси Ю. Шипилова өз сөзүндө саясатта шайлоочу кандай тандоо жасай тургандыгына акча чоң роль ойной тургандыгын белгилеген. “ЖМК жана Интернет-басылмалар саясый партиялар кандай каржыланып жаткандыгы, алар каражатты эмнеге коротуп жаткандыгы боюнча обьективдүү жана калыс маалымат берип туруулары абдан маанилүү. Бул шайлоочуларга аларга шайлоо кампанияларын каржылоодо кандай ыкманы кабыл ала алуу же кабыл ала алышпай тургандыгы боюнча толук картинаны ачып билүүгө жана кайсы саясый күчтү колдоо керектигин аң-сезим менен тандоого жардам берет”, - деген Ю.Шипилова. “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору А. Усупбекова демократиялык укуктук коомду, күчтүү жарандык коом курууда, өткөрүлүп жаткан реформалардын ачык-айкындыгын камсыздоодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң экендигин белгилеген. Өзгөрүүлөр тууралуу, өлкөдөгү бардык көйгөйлөр тууралуу ошондой эле чечүүнү талап кылган бардык маселелер боюнча маалыматтарды жарандар ЖМК аркылуу алып турушат деп кошумчалаган. “Шайлоо кампанияларынын каржылануусун талкуулоо биздин өлкөдө жакында эле пайда болду. Катышуучулардын көпчүлүгү талапкерлердин шайлоо фонддорунун отчеттуулугу жана негизги концепциялары менен тааныш эмес. Ошондуктан бүгүнкү диалог саясый каржылоонун концепцияларын талкуулоо, бардык кызыкдар тараптар шайлоо кампанияларын каржылоонун негизги эрежелерин түшүнүүсү үчүн, шайлоо учурундагы талапкерлердин отчеттуулугунун так механизмдери бере турган ачык маалыматтар менен мониторинг кылуу билимин алса болот. Биздин журналисттик коомчулукта мамлекеттик саясатка жетүү жана жарандарга саясат жана акча тууралуу, каражаттын шайлоо жыйынтыгына таасири жөнүндө маалымат берүүдө мыкты мүмкүнчүлүктөр пайда болду”, - деген А. Усупбекова. Спикерлер катышуучуларга айткан сөздөрүндө Жогорку Кеңешке шайлоону акыйкаттык менен чагылдыруудагы ЖМК ролу тууралуу, шайлоо кампаниясын каржылоо тууралуу, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун каржылануусунун ачыктыгы боюнча, шайлоону өткөрүүдө шайлоо фонддорунун каражаттарынын сарпталышынын түзүлүшү тууралуу кенен айтып беришкен.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники