О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
19 сентября 2020 г. 14:58

Дүңүнөн окуудан өткөн мыйзамдар, тышкы карыздан кутулуунун жолдору боюнча суроолорго дебатка катышкан 6 партиянын жооптору (видео)

Бүгүн, 18-сентябрда КТРКда алдыдагы шайлоого аттанган партиялардын дебаты болду. Ага 6 партиянын - "Ата Мекен", "Биримдик", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир бол", "Замандаш" жана "Чоң-Казат" партияларынын өкүлдөрү катышты. "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев . "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангулов. "Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Нурсултан Кубанов. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Орозайым Нарматова. "Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Жакшылык Матанов. "Чоң-Казат" партиясынын жаштар канатынын лидери, депутаттыкка талапкер Бекжан Рысмендеев. 1-СУРОО: Жогорку Кеңеш мыйзамдарды топ-тобу менен кабыл алып, айрым мыйзамдарды регламенттин талаптарын эске албай окуудан тез эле өткөрүп салат. Айрым мыйзамдар кабыл алынгандан бир айдан кийин кайра чакырылып же өзгөртүү киргизилип, аткарылышын токтотуп, мөөнөтүн узарткан учурлар да аз эмес. Кээ бир адистер кабыл алынган мыйзамдар аткарууга келгенде таптакыр реалдуулукка туура келбей жатканын айтышат. Парламентке келгендер жеке кызыкчылыгын көздөп өлкөгө доо кетирген маселе бар экени айтылып келет. Мыйзам чыгаруу ишин канткенде жакшыртууга болот? "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев. "Мунун эки себеби бар. Биринчиси, президент өзүнүн чегинен чыгып кеткен. Биз жаңы команда менен парламентке келип, президентти ордуна коёбуз. Өзүнүн ишкерлигин коргогон депутаттар эмес, элдин кызыкчылыгын коргогон депутаттар бар арабызда. Биз парламентти күчтөндүрүп президентти ордуна коёбуз. Өлкө башчы өкмөткө, сот системине кийлигишпей "Англия королу" болушу керек. Мыйзамды иштетишибиз керек. Алып баруучудан кошумча суроо: "Жогорку Кеңештин негизги ишмердүүлүгүн, мыйзамдын сапатын жакшыртууга багытталган программаңыздар жок экен. Жооп : "Саясий аренага тажрыйбалуу адамдардан турган команда керек. Кадр баарын чечет, билимдүү, эрктүү адамдар келсе мыйзамды иштете алат". "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Орозайым Нарматова. "Мыйзамды элдин көйгөйүн жон териси менен сезген, билген, түшүнгөн адамдар жаза алат. Бизнестерди манипуляциялап алгандар, базарчылар тигил жакка барып алып өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлогондугу үчүн эч качан элге ыңгайлуу мыйзам жазып бербейт. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы 10 жылдан бери парламентте эмес, эл арасында жүрөт. Биздин мекендештердин конституциялык укугу бузулуп жатат. Мигранттардын көйгөйүн, жумушун билбеген депутаттар кантип мыйзам жаза алышат? Элге "Бүтүн Кыргызстан" иштеп бере алат". "Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Жакшылык Матанов. "Буга карата баабыз абдан төмөн. Азыр биз 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу кеп козгойлу. Кандай гана мыйзам болбосун Казакстандын, Орусиянын мыйзамдарын "кж" деп оңдоп алып жазган мыйзамдар бар экенин баарыбыз билебиз. Маалым болгондой, өнүккөн өлкөлөрдө бир жылда 5-6 эле мыйзам кабыл алынат. Жана башка мыйзамдарга керектүү өзгөртүүлөрдү гана киргизишет. Ал эми бизде кандай? Бизде пакет-пакети менен 60-70 мыйзамды бир алып кирип, бир күндө 3 окуудан кабыл алып өткөрүп коёт. Мисалга алсак, акыркы жолу Жогорку Кеңеш каникулга кетип жатканда 67 мыйзамды бир күндө 3 окуудан өткөрүп берди. ЖКнын түздөн-түз милдети мыйзам чыгаруу жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө деп айтып жатабыз. Биздин депутаттар ар бир мыйзамды карап, эртең элдин жашоосуна кандай жардам берет, бул мыйзам элдин жашоосуна тоскоолдуктарды жаратпайбы деген жоопкерчиликти алып туруп, көңүл бурушу керек. Бүгүнкү күндөгү депутаттар мыйзам менен таанышпай туруп эле кабыл алган үчүн "кнопка баскычтар" деген атты бекеринен алган жок да. Ошондуктан кыргыз элиме кайрылат элем, билимсиз депутаттарды шайлабаңыздар!" "Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Нурсултан Кубанов. "Бул суроого жооп берерден мурда кайрылуу жасап кетким келет. Пандемия учурунда баарыбыз көрдүк, канча деген биздин мыкты инсандар, жакындарыбыз өтүп кетти. Бирок азыр шайлоо башталып, кайра эле ошол депутаттар, мурдагы министрлер кызматка келе жатат. Мен ойлогом азыр Акылбек мырза (ред.: Жамангулов) сөзүнүн башында партиядагы депутаттардын атынан Кыргыз элинен кечирим сурайт го деп. Депутаттар каникулга чыгып кетишти да. Бирок андай сөз болгон жок. Жаштар үлгү бололу. Буга чейин деле жаштардын теледебаты болду. Бирөө дагы ушул өтүп кеткен инсандарыбызды эскерип койгон жок. Суроо боюнча, биз санариптүү мамлекет деген долбоорубузду сунуштайбыз. Анда ар бир мекендешибиз Аpp Stor жана Play Market`тен "Бир бол" деген тиркемени жүктөп алса болот. Бул тиркеме аркылуу мыйзам долбоорлору талкууланып жатканда, аны тиркеме аркылуу элге чыгарабыз. Мисалы, жакында эле чуулгандуу болгон "маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамды депутаттардын басымдуу бөлүгү колдоду. Биздин эркиндикке шек келтирди. Бирок биз ошондой мыйзам долбоорлор чыгып жатканда элге таратып, "каршы" жана "макул" деп добушка коёбуз". "Чоң-Казат" партиясынын жаштар канатынын лидери, депутаттыкка талапкер Бекжан Рысмендеев. "Эң биринчиден, жогорку билими барлар парламентке келиши керек. Биз көрүп турабыз, Жогорку Кеңештин чоң курамын бул аткезчилер, базаркомдор түзөт. Алар күнүнө 67 мыйзам кабыл алганы бул мүмкүн эмес. Аларды окуп да жетишпейт. Көпчүлүк депутаттар өзү кабыл алып жаткан мыйзамды окубай, кийин "аны мен билбей туруп кабыл алыптырмын" деп айтып чыгышат. Мисалы, бир саясатчы айткандай, "мен бир күндө 4 катарды басып коём" дейт. Бул кылмыш да. Кантип эле бир киши төрт ряддын добушун басып койсун? Биздин программабызда конфискация, люстрация жана конституциялык реформа боюнча пункттар бар". "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангулов. "Жалгыз эле депутат мыйзам чыгаруунун үстүндө гана иштебейт да, 80 пайыз мыйзамды чыгарууда бул ЖКнын аппараты, секретариаттын кызматкерлери жана депутат болгон инсандардын, алардын кеңешчилери менен жардамчылары иш алып барат. Ал жакта кадрларды тандоо учурунда туура эмес, кесипкөй эмес инсандар иштеп жатканынын натыйжасы да ушул жерден чыгып жатат. Биздин партиянын парламентке баруудагы негизги максаты - акыркы 15-20 жылдагы мыйзамдарга ревизия жүргүзүү, канча мыйзам бири-бирине карама-каршы болуп жаткандарын алып чыгуу, мыйзамдарды шайкеш келтирүү, толук кандуу иштешине шарт түзүү. Мыйзамдардын санына эмес, сапатына басым жасоо бул өкмөт менен аткара турган чоң иш десем да болот. Жакшы мыйзамдар жазылган, бирок бир тобу карама-каршы иштеп жатат жана иш жүзүнө ашкан жок. Биз мунун үстүнөн иштейбиз". 2-СУРОО: Тышкы карыздын көлөмү бүгүнкү күндө 4 миллиард доллардан ашты. Пандемия шартында биздин өлкө чет элдик донорлорго кайрылууга аргасыз болду. Бюджеттин жетишсиздиги 30 миллиард сомду түзөрү болжолдонууда. Сиздердин көз карашыңыздар боюнча тышкы карызды көзөмөлдөө боюнча кандай чаралар эффективдүү? "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев. "Мен бул суроолорго анализ жүргүзүп көрдүм. Биздин Кытайга болгон тышкы карыздын көлөмү 1 миллиард доллардан ашат. Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу тышкы кырыздын көлөмү ченден (60 пайыз) ашты. Бүгүнкү күндө бюджеттеги каражат 2 миллиарддан төмөн. Ал эми тышкы карызга эле 30 миллиард сом сарпталат. Биз эмне кылышыбыз керек? Биринчи кезекте коррупция менен күрөшүшүбүз керек. Бажыдан, салыктардан түшкөн каражат менен бюджетти толуктай албайбыз. Статистикага ылайык, Кытайдан бизге 6 миллиард долларга товар келет. Биз 1 жарым миллиард деп айтып келебиз, айырмасы 4 жарым миллиардды түзүүдө. Бажыдагы "уурулуктан" бюджетке миллиард доллар каражат түшпөй жатат. Мындан тышкары мамлекеттик органдарда деле "уурулук" болуп келет. Биз ал жакты иретке келтирип, каражаттарды бюджетке кайтарышыбыз керек. Кеч болуп кала электе Кытайга болгон карызды төлөшүбүз керек, анткени бул өлкө жерлерди тартып алат". "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Орозайым Нарматова. "Карызга келген каражаттар максаттуу колдонулбай жатканын элеттеги элден баштап шаар тургундарына чейин маалым. Бирок биз ким менен, кантип күрөшөбүз? Баары ачык-айкын болуп турса дагы оозубузга талкан салып алгандай болуп, бүгүн биздин ишибиз бүтсө болду деп калдык. Карызга келген акчаларды уурдап алып, бизди башкарам деген уяты жоктор саясатка барып жатат. Урматтуу, мекендештер биз сатылбайлы, элим деген эр-азаматтарды колдогондо гана жаркын келечекке жетебиз деп ишенем". "Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Жакшылык Матанов. "Учурда мамлекеттин карызы 4 миллиарддан ашуун долларды түзөт деп айтып жатабыз. Бирок ошонун 70 пайызы - бул тышкы карыз болсо, калганы ички карызды түзөт. Чет өлкөгө болгон карыздын 70 пайызы бул Кытайдын менчик банктарына таандык. Мисалга ала турган болсок, мамлекет тышкы карызды тейлөөгө 200-250 миллион долларды сарптайт. Ал эми бул 2024-жылдан тартып 450 миллиард долларга чыгат. Эгерде бюджетте 2 миллиард доллар болгон болсо, ошонун төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Биз мындан кантип чыгышыбыз керек? Мен буга 3 жолду сунуштайт элем. Биринчиден, пандемия шартында өнүккөн эң күчтүү 20 мамлекет, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн жеңилдетүүлөрдү караган. Ошондуктан биздин өкмөт Кытайдын бийлиги менен насыянын пайызын жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Дүйнөлүк банктар менен сүйлөшүп, ал жактан дагы каражат тартыш керек. Экинчиден, өкмөттү толугу менен оптималдаштыруу зарыл. Мамлекеттин бюджетинен кетип жаткан ашыкча чыгымдарды жоюп, эң керектүү тармактарга каражатты туура, адилеттүү бөлүштүрүү керек. Үчүнчүдөн, коррупцияны жоюш керек деп айтып келебиз. Аны түп-тамырынан бери жоюп салуу мүмкүн эмес. Бирок колдон келсе, коррупционерлерди кескин кыскартууга аракет жасоо керек. Ошондо гана өнүгөбүз!" "Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Нурсултан Кубанов. "Бюджетке түшүп жаткан негизги каражаттардын басымдуу бөлүгү жолдорду курууга жана салууга кетип жатат. Бирок бизде эки жылдан кийин эле жолдор бузулуп баштайт. Анан кайрадан насыя, гранттык каражаттарды алып, капканга түшүп жаткандай болуп жатабыз. Ички валлдык продукт бизде 600 миллиарддан ашык каражатты түзөт. Бирок адистер анын дагы 40 пайызы көмүскө экономиканын эсебинен түшпөй жатканын айтып келишет. Бирок мен айтып кетет элем, көмүскө экономиканын айынан 40 пайыз эмес, 60 пайыздан ашык каражат бюджетке түшпөй жатат. Эсептеп көрсөңөр бизге канча салык жана башка жактардан каражат түшсө, кайра эле ошончо каражатты жоготуп жатабыз. Эгер мыкты, билимдүү кадрлар болгондо мындай маселе жаралмак эмес. Бардык маселе кадрлар менен чечилет. Коррупциянын айынан бүгүнкү күндө баары кыйналып жатат. Мугалимдер өтө аз айлык алышат. Бирок азыр шайлоо учурунда аларды акчага кызыктырып, бийликчил партияларга добуш берүүгө үгүттөп жатышат". "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангулов. "Тышкы карыз боюнча жогоруда айтылып жаткан цифралар бурмаланып жатат. Биз элди адашууга түртпөшүбүз керек. Каржы министрлигинин расмий маалыматы боюнча, ушул жылдын 31-июлуна карата Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызы 4 миллиард 169 миллион долларды түзөт. Эртеби, кечпи бул карыздарды кайтарышыбыз керек, бул маселе баарыбызды кыжаалат кылат. Насыяга келген акчаларды пайызы менен төлөшүбүз керек. Биринчи кезекте, насыяны кайдан, канча мөөнөткө жана кандай шарт менен алганыбызга ревизия жүргүзүшүбүз керек. Биздин бюджет өскөн күндө деле тышкы карызды жаап кете албайт. Ошондуктан дипломатиялык каналдар аркылуу пайыздык чендер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү абзел". "Чоң-Казат" партиясынын жаштар канатынын лидери, депутаттыкка талапкер Бекжан Рысмендеев. "Жанар Акаев айткандай, биз быйыл миллиард доллар карызга алганбыз, бирок Ливанга миллиарддаган доллар инвестиция салгандыгыбызды эч кимибиз сезген жокпуз. Бул акчага, мисалы, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун, Ысык-Көл аймагына баруучу жолдорду курууга мүмкүн эле. Бирок бүгүнкү күндө биз жыйынтык көрө элекпиз жана отчёт ала элекпиз. ЖКнын депутаттары каникулдан каникулга кетип жатышат. "Чоң Казат" партиясы биринчи болуп парламентке келсе, биз отчёт талап кыла баштайбыз. Экинчиден, биздин программада мыйзамсыз алынган же мамлекеттин менчигинде турган товарларды конфискациялоо жазылган". 22:35 18-09-2020 Автор: Бактыгүл Момбекова, Бактыгүл Султаналиева, Гүлдана Мамадали кызы

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:59

“Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев: “Өлкөдөгү коррупциялык схемалардын башчыларын жазалоого күчүбүз да, эркибиз да жетет!”

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата бардык партиялар өз программаларын жар салышты. Алардын арасынан "Республика" партиясынын программасы бул жолу да максаттардын так жазылышы боюнча айырмаланып, анын айрым пункттары талкууга түшүп жаткан кез. “Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев айрым саясий реформалар жөнүндө кененирээк түшүндүрмө берүү максатында маек берди. - Мирлан Канатбекович, “Республика” партиясынын программасында Президенттик институтту жоюу керек деген демилге бар. Ушул боюнча коомчулукта ар тараптуу пикирлер орун алып жатат? - Кыргызстанда эки революция тең эбегейсиз укукка ээ Президенттик институттун жана үй-бүлөлүк-мафиялык кландардын кесепетинен келип чыккан. Алар Кыргызстандын казынасын өз капчыгындай көрүп, өз жакындарын гана байытууга багыт алып калган. Президенттик институт ынтымакка, өнүгүүгө баштаган жол эмес, тескерисинче, ыдыроого жана коомдо ынтымакты жогото турган институтка айланып калды. Бийликтин ээси - эл! Элибиз мамлекеттик башкаруунун так жолун тандашы керек. Биз бул маселе боюнча өзүбүздүн ачык позициябызды айтып коюшубуз керек. “Республика” партиясы парламенттик башкаруу үчүн! Өлкөдө бардык бийлик бутактары баш мыйзам менен жүктөлгөн милдетин кыйшаюусуз аткарышы керек. Кылчактабастан жоопкерчиликти өз моюнуна алышы керек. Өлкөнүн жоопкерчилиги премьер-министрге жана өкмөткө жүктөлүшү керек! Айрымдардын президент болуш керек, көзөмөлдөгөн бирөө болуш керек деген пикирлерин угуп жатам. Биз дайыма бирөөлөрдү туурап жүрөбүз, качан бизге ылайыктуу болгон өз жолубуз менен кетебиз? Мисалы, АКШда премьер-министр жок, министрлер кабинетин президент башкарат. Ал жакта Конгресс менен президенттин ортосундагы арбитр - бул сот. Ошондуктан биздин сунуш Конституциялык соттун укугун бекемдеш керек, ортодо талаш-тартыш маселе болсо Конституциялык сот чечет, ошондо өлкөнү мыйзам башкарат. Партиялык, саясий маданияттуулук өсүп, жоопкерчилик да күчөйт. Шайлоодо кайсы партия көп добуш алып келсе, ошол партиянын жетекчилери премьер-министр болуп келип, өз партиясынын эл алдындагы кадыр-баркы үчүн, анын программасынын аткарылышы үчүн жан үрөп иштейт. Эгерде аткаруу бийлиги натыйжалуу иштей албаса, партия өкмөт менен кошо жоопкерчилик тартып, кийинки шайлоодо парламентке өтө албай калат. - Парламенттик өлкөлөрдө премьер-министр эң көп добуш алган партиядан дайындалышы керек, Кыргызстанда бул эмне үчүн ишке ашпай жатат? - Биз парламенттик мамлекетте болбогон практиканы колдонуп келе жатабыз. Жадакалса, кошуна супер президенттик өлкөлөрдө да парламенттик шайлоодо утуп келген партиянын лидери премьер-министр болот. Мисалы, Казакстанда Нур Отандан, Орусияда Единая Россиядан келген Өкмөт башчыларын мисал тартсак болот. Ал эми Кыргызстанда болсо саясий партияга таптакыр тиешеси жок жаран эле министрлер кабинетин башкарып калып жатат. Мындай жол менен келген өкмөт башчынын эл алдында эч кандай жоопкерчилиги жок, анткени шайлоого катышып, электоратка убадасын берип келген эмес. Ал бир адамдын же бир топтун батасын алып, анын буйругун аткаруу үчүн келген адам. Ошол себептен биз азыр жалтак, эл алдында жоопкерчиликсиз өкмөт башчыларын көрүп жүрөбүз. Жаңы премьер-министр келсе аппараты толук өзгөрүп, вицелеринен тарта министрлердин командасы кароолчусуна чейин алмашат. Кызматтан алып салган адамдары душманына айланат. Ошентип 6 ай алмаштыруу менен алектенет, анан ордуна башка келет, ал да өзүнүн убактысынын көбүн тааныш-туугандарын алып келүү менен өткөрүп иштегенге мүмкүнчүлүгү калбайт. Аларга буйрутма берген адамдын тапшырмасын аткаргандан башка нерсенин кереги жок. Жыйынтыгында, жалпы өлкө утулуп, экономика жабыр тартып, элдин мүдөөсү аткарылбай калып жатат. Биз өкмөттү түзсөк, убада биздики, программа биздики болот! Тиги мунун кадры, бул тигинин тууганы деп эч кимди бөлбөйбүз, өкмөттүн курамын ким кайсы партиядан экенине карабастан жалаң профессионалдардан түзөбүз. Эгерде биздин партия өкмөттү кураса саясий да, экономикалык да жоопкерчиликти толук моюнубузга алабыз! Эч кимди карап жалтаңдабай, чыныгы адистерден түзүлгөн команда менен программабыздагы реформаларды ишке ашырууга билек түрө киришебиз. - Ал эми партиялар арасындагы квота деген маселени кандай кыласыздар? - Квота деген нерсе мыйзамда жок, эч жерде жазылган эмес. Бүгүнкү күндө коалициялык көпчүлүк премьер-министрди гана шайлайт, башка министрликтер боюнча милдеттүү түрдө квота берилет деген жок нерсе. Эгерде күчтүү, чечкиндүү өкмөт башчы болсо командасын өзү түзөт, курамын өзү сунуштайт, партиясына же кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө же өтүнүчүнө карабай адистигине карап тандай алат. Ал эми азыр кандай? Эч кандай программасы жок, эл алдында берген убадасы жок премьер-министр жана партияларга устукан катары тартылган кызматтар энчиленген чиновниктер болуп калганын моюнга алыш керек. - Эми УКМКны жоюу боюнча маселеге кайрылалы, бул демилгеңиздерге да терс пикирлер болуп жатат? - Тилекке каршы, кечөө эле саясий куугунтукта жүргөн адамдар ушундай позицияны карманып жатышканы таң калычтуу. Ошондой эле программаны толук окуп үңүлбөстөн “экспертмин” дегендер өз пикирлерин билдирип чыгышты. Бүгүнкү күндө УКМК өзүнүн түпкү миссиясына туура келбеген функцияларды аткарып жатат. Бүгүн бул орган “жандарм” катары эле жарандарды аңдып, ким чындыкты сүйлөсө, ким альтернативдүү ой айта турган болсо ошону куугунтукка алуу менен гана алек. Бүгүнкү күндө саясий айдыңда башкача ой жүгүрткөндөр кысымга алынган учурлар бар. Альтернативдүү пикир, башкача көз караш, эгерде уңгусунда улуттук коопсуздукка доо кетирген террордук чакырыктар болбосо, баш мыйзам менен корголгон. Азыр чет жактан миллиондогон каражаттар которулуп, ошонун эсебинен байып жаткан адамдар бизге өздөрүнүн идеологиясын, саясатын, биздин кыртышка жат баалуулуктарын таңуулап жатат. Кибер коркунучу, милиарддаган каржысы бар эл аралык террордук уюмдардын коркунучу бар. Бизде жүздөгөн үй-бүлөлөр согуш жүрүп жаткан аймактарга жалданып кетип жатат. Чет жактан келген күмөндүү акчаларга курулган объектердин ачылышына барып лента кеспей, УКМК ушул сыяктуу тышкы коркунучтарга каршы иш-аракеттерди жасашы керек. Анын ордуна карапайым дарыгер, жөнөкөй дыйканды бийликтин көз карашына дал келбеген сөзү үчүн кечирим суратып, майда иштер менен алектенип жатат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин биринчи жана эң негизги жумушу өлкөнү сырткы күчтөрдөн коргоп, мамлекеттин эгемендүүлүгүн, улуттук коопсуздукту камсыздоо болуп саналат! Мындан улам биз УКМКнын керексиз, мындайча айтканда, “жандармдык” функцияларын жоёбуз. УКМК замандын жаңы чакырыктарына даяр болуп, өлкөнүн тышкы коопсуздугуна калкан болушу керек! - Сот реформасы тууралуу айтып келе жатканыбызга көп болду, сиздер да сот системасын толук көз карандысыз кылабыз деп жатасыздар, кантип деген суроо жаралат? - Соттор буйрутманы аткарып иштеп калышканы жашыруун эмес. Кээ бир сотторду жолдогу мурдагы МАИ кызматкерлери менен салыштырсак болот. Алар деле көчөдөгүдөй мыйзам бузган адамды пара менен же телефондук сүйлөшүүдөн кийин коё берет. Адилеттүүлүк жок болуп калды. Бүгүнкү күндө соттор да айрым депутаттардай эле кожоюн таап алып ошолордун сөзүнөн чыкпай жүрөт. Өз алдынча ойлоно албаган, бирөөнүн жетегинде жүргөн жаш, компетенттүү эмес соттор пайда болду. Паракорчулук боюнча мурда биринчи орунда МАИ кызматы турса, азыр соттор турат. Кыргызстанга инвестициянын келбей, бизнес өнүкпөй жаткандыгынын бирден бир себеби соттордун адилетсиздиги! “Республика” партиясы көз карандысыз, адилеттүү сотту камсыз кылабыз! Биз бардык экономикалык талаш-тартыштарды третей сотторуна беребиз. Учурда Британиянын соту эң адилеттүү сот катары брендге айланды. Дээрлик бардык дүйнөлүк талаш-тартыштар Британия сотунда каралат, дүйнөлүк ири компаниялар, инвесторлор Лондонду тандашат. Биз британдык сот системасы менен, керек болсо британдык сотторду жумушка орноштуруу менен бул тармакта адилеттүүлүктү орнотушубуз керек. Бул экономиканын өнүгүшүнө алып келет. Мындай система Сингапурда киргизилген, 2016-жылы Казакстанда ишке кирди эле, азыр ал жакта инвестиция көбөйдү. Третей соту бизнестин кызыкчылыгын коргойт, объективдүү, калыс чечимдерди чыгарат. Кыргызстанга бир сом же доллар алып келем деген инвестор анын каражаты корголоруна ишенимдүү болушу керек. Ал эми жалпы судьялардын калыстыгын орнотуу үчүн телефондук укукту жоюш керек. Алардын жеке телефону бүгүнкү күнү жашыруун тыңшоодо болсо, биз ачык тыңшоого өтөбүз. Соттун баскан-турганы, анын декларациясы, мүлк-байлыгы толук көзөмөлдө болушу керек. Эгерде сот аны ачык бузса, коомчулуктун пикирин эске албаса, жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле балдарга, зордук-зомбулуккка байланыштуу сот отурумдарынан башкасын онлайн көрүүгө жол ачабыз. Айрыкча, экономикалык талаш-тартыштар, саясий ишмерлер аралашкан резонанстуу соттук териштирүүлөр ММК, коомчулук үчүн ачык болушу керек. Эгер биз бийликке келип, реформаларды ишке ашырсак, укук коргоо органдарында буюртма менен иштеген тергөөчү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, опер кызматкерлер жана соттор боюнча ачык-айкын чоң соттук териштирүүлөрдү өткөрөбүз. Биз люстрацияны ушул тармактардан баштайбыз! Арасында кайсы гана бийлик болбосун иштешип кетүүгө жөндөмү күчтүү тергөөчүлөр бар, буйрутма соттор бар, буйрутма кызматкерлер бар. Алар жеке кызыкчылыгы үчүн бийлик алмашкан сайын кожоюнун өзгөртүп турушат. Ошондуктан экономикалык иштерде же саясий буюртма менен бейкүнөө адамдарга кылмыш ишин козгогон, абактарда кыйноого алып, күчкө салып сүйлөттүргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартып, кара тизмеге киргизебиз. Алар эч качан мамлекеттик кызматта иштебегендей болушу керек! - “Республика” партиясынын коррупцияга каршы ураандары катуу чыкты, бирок бул боло жүргөндөй куру кыйкырык, куу сүрөөн болуп калбайбы? - Коррупция азыр тамырын ушунчалык терең жайды, анын масштабын ушундан билиңиз! Коррупционерлер уюшкан кылмыштуулук топтордун лидерлери менен бирге саясий партия түзүп, алдына өтө амбициялуу саясий максаттарды коюшту. Коррупция кулачын кенен жайганын ушундан билиңиз! Алар азыр коомчулукка ачык чакырык таштап жатат. Алар бүгүнкү күндө ушунчалык күчкө толгондугунун белгиси - коомчулуктун нараазычылыгына карабай өздөрүнүн саясий амбицияларын жар салып жатышат. Биз бийликти алганга даярбыз, андан кийин буга чейин көмүскө иштеп келген коррупциялык схемаларды мыйзамдуу түрдө иштетебиз деп турушат. Мен юрист катары, бул тармакты илимий жактан изилдеп чыккан адам катары айта алам, коррупция бул кылмыш эле эмес, бул социалдык көрүнүш. Кээ бирлер коррупциялык схемаларга аргасыз аралашканга мажбур, кээ бирөөлөр жеке кызыкчылыктан улам барып жатат. Биз коррупцияга каршы 500 сом алган мугалимден баштап, казынадан миллиарддарды уурдаган аткаминерлерди соттоп эле күрөшпөстөн, эң ириде анын келип чыккан себептерин жок кылышыбыз керек. Мунун бир гана жолу - бардык мамлекеттик мекемелерди санариптештирүү жана алардын ишмердүүлүгүнө ачыктык киргизүү. Себеби ар бир көлөкөдө кабыл алынган чечим - бул коррупция. Учурда коррупция өлкөнүн улуттук коопсуздугуна, мамлекеттин эгемендүүлүгүнө коркунуч туудуруп калды! Мамлекеттик чечимдер эл аралык кылмыштуу топтордун аралашуусу менен кабыл алынып жатат. Бажы, контрабанда кылмыштуу топ менен биригип калды. Алардын наркотрафик боюнча кызыкчылыктары бар, курал-жарактарды мыйзамсыз ташуу боюнча кызыкчылыктары бар. Бул Кыргызстан аркылуу өткөн мультимиллиарддык рынок! Эми бүгүн бул схеманын катышуучулары өздөрүнүн саясий амбициясын жар салып чыгышты. Бардык прогрессивдүү коом, эл аларга каршы турушу керек! - “Республика” партиясы коррупционерлердин, криминалдын бийликке келишине кантип тоскоолдук кыла алат? Биз жарандарды бизге добуш берүүгө чакырабыз. Көпчүлүк добушка ээ болсок, айтылган реформалардын баарын ишке ашырабыз! Бул коррупциялык схеманын өкүлдөрүн жазалоого күчүбүз да, эркибиз да жетет! Урматтуу мекендештер! Бүгүн ак менен каранын күрөшү болуп жатат. Бүгүн трансулуттук кылмыштуу топтор, коррупциялык схемалардын эрке балдары, бийлик алмашкан сайын беткаптарын алмаштырып, таасирдүүлөрдү тандап, этегине жүгүнүп жүргөн саясатчылар, кошоматчылар жана кылмыштуу ишмердигин жаап-жашыруу максатында бийликти эңсегендер саясатка аттанып жатат. Бүгүн коомчулук кимдин ким экендигин ачык көрүп турат. Өлкөнүн келечегин уурдап-тоногондун эсебинен, салынбаган ооруканалардын, мектептердин, жолдордун эсебинен, жетпеген электр жарыгынын, таза суунун, коюлбаган интернеттин эсебинен байыган партиялар бүгүн ошол элдин каражатын сапырып чачып жатат. Бүгүн эң жаманы, саясатка кылмыш дүйнөсү да аралашты, анткени жеңиштин куну жогору. Эгерде алар буга чейин бир бийликке кошомат кылып тынч жүргөн болсо, бүгүн алар ачыкка чыкты! Бетине жаш кыз-жигиттерди кармап алып ураан-чакырыкты салып, келечекти сатып алабыз деп демдүү баратышат. Алардын калп сөздөрүнө алданбаңыздар, арам акчаларына сатылбаңыздар! Сиздин бир добуш - бул биздин келечек! Сиздин бир добуш - бул балдарыбыздын, неберелерибиздин келечеги! Эгерде бул шайлоодо кара күчтөр утса, тарых өзгөрөт, багыт кескин бурулат! Латын Америкасындагыдай, Ооган мамлекетиндегидей кылмыштуу топтордун башкаруусуна жол ачасыздар. Ким кандай сөз айтпасын, тандоону кабинадан сиз жасайсыз! Биз баарын көзөмөл кылабыз деген сөздүн баары төгүн, кабинанын ичинде бир Жараткан менен жалгыз өзүңүз болосуз! Ошондуктан өлкөнүн жаркын келечеги үчүн, балдардын келечеги үчүн, эртеңки бакубат жашоо үчүн тандоону туура жүргүзүңүз! Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А. 21:20 18-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

БШК Дастанбек Жумабековду каттоодон алган жок

Бүгүн, 18-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында Дастанбек Жумабековдун 50 миң сом сүйүнчү пул бергени боюнча маселе каралды. Борбордук шайлоо комиссиясы жумушчу топтун сунушун канааттандырган жок. Тактап айтканда, "Кыргызстан" партиясына гана эскертүү берди. 20:57 18-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

БШК Дастанбек Жумабековдун сүйүнчүсү боюнча маселени карады (видео)

<p Бүгүн, 18-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында жыйын өттү. Жыйында БШКнын жумушчу тобу Дастанбек Жумабековдун жаңы төрөлгөн балага 50 миң сом сүйүнчү пул бергени боюнча маселени карады. жаңыланды 20:50 18-09-2020 кошулду 19:06 18-09-2020 Автор: Азат Бейшенбеков

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

Искендер Матраимов кыргызстандыктарга билдирүү таратты

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов социалдык тармакта тараган такталбаган маалымат тууралуу кыргыз элине билдирүү таратты. Урматтуу элим, урматтуу шайлоочулар! Үгүт өнөктүгү маалында белгисиз топтор интернет айдыңы аркылуу мага жана мен мүчө болгон “Мекеним Кыргызстан” партиясына карата ыплас технологияларды колдонуп, айтпаган сөздү айтты деген карандай калптарды таратуу менен “кара пиар” жасоодо. Маселен, акыркы күндөрдө интернеттеги социалдык тармактарда менин атымды жана сүрөтүмдү коюп, “Искендер Матраимов «саясат.kg» сайтына «Карантинде ун таратып, элди ачкачылыктан сактап калдык, болбосо кедейлер кырылып калмак” деп айтты деген сөздү таратышууда. Бул карандай калп жана жалган жалаа. Мен аты аталган сайтка жана башка бир да маалымат каражатына же кайсы бир журналистке минтип айткан эмесмин. Коронавирус пандемиясы күчөп, элибиз кыйналып турган учурда кол сунуп, ар тараптуу жардам бергенибиз чын. Бирок биз аны эч качан колко, милдет кылган эмеспиз. Ал оюбузга да келген эмес. Жардамды чын дилибизден бергенбиз жана ага эл күбө. Азыр эми айрым ниети түз эмес топтор биздин ошол аракетибизди бурмалап, ушинтип манипуляция жасоодо. Андыктан айтпаганды айтты дедирген мындай жалган маалыматтарга ишенбеңиздер. Биз, "Мекеним Кыргызстан" партиясы парламенттик шайлоого аттанган күндөн тарта атаандаштарыбызды, бардык саясий күчтөрдү бири-бирин жок жерден жаманатты кылган мындай “кара пиарлардан” алыс болуп, таза күрөш жүргүзүүгө чакырып келебиз жана мындан ары да чакыра беребиз. Сиздерди урматтоо менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты жана Жогорку Кеңештин VII чакырылышын шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Искендер Матраимов. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 18:14 18-09-2020

Подробнее
18 сентября 2020 г. 11:57

Партия «Республика» предлагает оставить ОДИН налог вместо пяти! Поддержим малый бизнес!

Партия «Республика» предлагает оставить ОДИН налог вместо пяти! Поддержим малый бизнес!

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

Сузактын эли "Кыргызстан" партиясын чоң жарышка ак бата менен узатышты

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер Жусубали Төрөмаматов жана партиянын мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Курманбек айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту. "Кыргызстан" партиясынын программасын, платформасын угуу үчүн аталган аймактын жаштарынан тартып, улгайган адамдарына чейин чогулушту. Жолугушуунун жүрүшүндө, талапкер шайлоочуларга "Кыргызстан" партиясынын “Эл үчүн” программасында өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү боюнча конкреттүү багыттар камтылганын баса белгиледи. “Биздин максат – элдин жашоосун жакшыртуу. Ал үчүн биз салыктарды мүмкүн болушунча кыскартуу боюнча программа иштеп чыгабыз. Бул өз кезегинде өндүрүштүн өсүшүнө, инвестицияларды тартууга, эмгек акысы жогору болгон жумуш орундарынын, пенсиялардын жана жөлөк пулдардын көбөйүшүнө алып келет”, - деди Төрөмаматов. Шайлоочулар партиянын программасы менен кеңири таанышкан соң өздөрүнүн бир катар суроолорун беришти. Ошондой эле айыл тургундары негизги көйгөйлөрү катары электр энергияга болгон баанын кымбаттыгын, ичүүчү таза суунун тартыштыгын жана Кара-Чолок айылында бала бакчанын жоктугун айтышты. Андан сырткары чакан жана орто бизнести өнүктүрүү багытында жеңилдетилген насыя алууга кызыкдар экенин ортого салышты. Жусубали Төрөмаматов шайлоочулардын суроолоруна жооп берип жатып, партиянын программасында көптөгөн маселелерди чечүүнүн жолдору каралганын баса белгиледи. Ошондой эле ал «Кыргызстан» партиясы ишкерлерди колдоо багытында жеңилдетилген насыянын жаңы механизмдерин иштеп чыга тургандыгын айтты. Жолугушуунун соңунда айыл тургундары партиянын программасын жактырып, чын ниеттери менен “Кыргызстан” партиясын колдой турарын айтышып, ак бата менен узатышты. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 17:33 18-09-2020

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

Бүгүн БШКда Дастанбек Жумабековду каттоодон алуу боюнча сунуш каралат

Бүгүн, 18-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында Дастанбек Жумабековдун жаңы төрөлгөн балага 50 миң сом сүйүнчү пул бергени боюнча маселе каралат. "Жумушчу топ буга чейин Жумабековдун ишин карап, аны каттоодон алуу боюнча БШКга кайрылган. БШК саат 18:00дө сунушту карайт", - деп билдирди жумушчу топтун мүчөсү Атыр Абдрахматова . 16:14 18-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

«Замандаштын» үгүт кербени Ноокат районунда

17-сентябрда «Замандаш» партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери Ноокат районунун тургундары менен жолукту. Жолугушууга Искендер Гаипкулов , Баткен согушунун ардагерлеринин төрагасы Канат Бакалов , Шайыргүл Баймурзаева , Эркинбек Токтошев жана Мырзажигит Маматкерим уулу катышты. Искендер Гаипкулов алгач Ноокаттын эли менен амандашып, «Замандаш» партиясынын тарыхын, программасын жана келечекке койгон максаттарын айтып берди. Искендер Гаипкулов: - «Замандаш» партиясы бир гана мигранттар менен эмес, жергиликтүү эл менен тыгыз байланышта иштешип келет. Эмне үчүн Ата Мекенден чыгып Замандашка кирдиң деген суроолорду көп берип жатышат, «Замандаш» партиясы туруктуу, эл менен болгондуктан «Замандаш» партиясы менен бирге бара жатам. Биздин партиянын тизмеси дыкат текшерилип, кесипкөй адамдар менен толукталган». Искендер Гаипкулов Ноокат элине Жогорку Кеңешке аттанып жаткан талапкерлерди тааныштырып, татыктуу талапкерлер «Замандаш» партиясы менен бара жаткандыгын билдирди. Канат Бакалов өзүнүн кайрылуусунда «Замандаш» эл менен экендигин жана шайлоого элдин үнүн угузуш үчүн баратканын белгиледи. - «Мен элдик партияны тандадым, тарыхы бар, мигранттар менен көптөн бери иштешип, башка партиялар жасабаган иштерди «Замандаш» жасап келе жатат. Бул партия биринчилерден болуп Баткен согушунун ардагерлерине жардам берген. «Замандаштын» лидери түздөн-түз ардагерлер менен иштешип, биздин иш-чараларга катышып келет». Маматкерим уулу Мырзажигит азыркы көйгөйдү көрүп туруп четте тура албастыгын, эли, жери үчүн шайлоого аттангандыгын билдирди. “Бул партия таза партия, таза болгондуктан тандадым, мен саясатчы болгум келбейт, мен өлкөмө жардам бергим келет”. Жолугушуунун аягында Ноокаттын ак сакалы «Замандаш» партиясына каалоо айтып, өзүнүн ак батасын берди. Искендер Гаипкулов эл менен коштошуп жатып сөзүн, -«Замандаш куру убада бербейт, «Замандаш» аткарат!» - деп жыйынтыктады. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 18-сентябрь, 2020-жыл. 15:09 18-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

"Замандаш" Кызыл-Кыянын эли менен жолукту

"Замандаш" партиясынын үгүт кербени Кызыл-Кыя шаарында болду. Жолугушууга Искендер Гаипкулов , Канат Бакалов катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынан "Замандаш" партиясынан Жогорку Кеңешке бара жаткан талапкерлерге жергиликтүү тургундар тарабынан суроолор берилди. Кызыл-Кыянын тургуну талапкерлерден тез арада коомдук жайларды жарыктандырууга жардам берүүсүн суранды, бирок Искендер Гаипкулов бул нерсе мэриянын иши экендигин айтып, эгер мындай иштер жазалса, добушту сатып алуу болуп калат деп билдирди. - "Бул маселени шайлоодон кийин чечүүгө болот, мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнүшү керек, биздин партия башка партияларга окшоп убадаларды бербейт. Шагыл төгүп, кыска убакыттын ичинде шайлоого чейин элди алдап, куру сөздөрдү айтпастан парламентке өтсөк элдин үнү болуп, алардын кызыкчылыгын сактайбыз" , - деди Гаипкулов. Ошол эле маалда жолугушууда "Замандаш" партиясынын буга чейин жасаган иштерине ыраазы болгон жарандардын саны арбын болуп, "Жүк 200" боюнча жардам алган эне ыраазычылыгын билдирди. - "2017-жылы 17-ноябрда балам чет жерде каза тапкан, «Замандаш» партиясы баламдын сөөгүн алып келип беришкен. «Замандаш» партиясына терең ыраазычылыгымды билдирем, жаштардын жаркын келечеги үчүн «Замандашка» добушумду берем", - деди ыраазычылыгын билдирген эне. Жолугушууда чет элде мигрант болгон жарандар да катышып, буга чейин «Замандаштан» жардам алгандарын жашырышкан жок. Кызыл-Кыянын тургундары шайлоодон шайлоого эмес, шайлоодон кийин да өзүнүн жардамын берип, эл менен кызматташып келген партия бир гана «Замандаш» деп айтышты. Жолугушуунун аягында Кызыл-Кыянын тургундары талапкерлерге, партияга ыраазы болуп кайтышты. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 18-сентябрь, 2020-жыл. 14:38 18-09-2020

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:00

"Биримдик" №1 Баткенде: "Чек ара маселесин чечип, миграциянын агымын токтотобуз"

Парламенттик шайлоонун алкагындагы партиялардын үгүт иштери уланууда. Бүгүн, 18-сентябрда "Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо" партиясы Баткен шаарынын эли менен жолугушуу ѳткѳрдү. Партиянын тѳрагасынын орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров "Биримдиктин" жаралыш тарыхына токтолуп, элдин кызыкчылыгын баарынан жогору койгон партия экенин белгиледи. Кээ бир партиялардай бир лидердин атына байлангандан айырмаланып бир лидердин үстѳмдүгүндѳ калбаган, ѳзүнүн идеологиясы бар партия экенин айтты. Ал элдин нарк-насилин, улуттук баалуулуктарды, ыйманын, дилин сактоону кѳздѳгѳн идеология. Ошондой эле Төрөбай Зулпукаров Баткендин кулуну, талапкер Улукбек Кочкоровдун социалдык ѳнүктүрүү министри катары реформалык чоң иштерди кылып, жарандарды социалдык жактан коргоо багытында зор ийгиликтерге жетишкенине токтолуп, анын келечекте Баткенге, кыргыз элине Исхак Разаковдой кызмат кыларын билдирди. "Биримдиктин" программасынын реалдуулугу, ишке ашырыла тургандыгы менен айырмаланган, элдин жашоосун жакшыртууну кѳздѳгѳн программа экенин айтып, эл ишеним артса, программада белгиленгендердин баары жүзѳгѳ ашарына ишендирип ѳттү. Жогорку Кеңештин вице-спикери, талапкер Аида Касымалиева Баткендеги эң кѳйгѳйлүү делген чек ара маселесин чечүү, облустагы жаштарды жумуш менен камсыз кылып, ички миграциянын агымын токтотуу зарылдыгын айтты. Партиянын идеологиясына токтолуп, социалдык теңчиликти жактай турганын билдирди. Анын белгилѳѳсүндѳ, ѳлкѳдѳ жакырлар менен байлардын ортосундагы ажырым ѳтѳ чоң. Мындай болбошу керек, социалдык теңчилик болмоюнча социалдык адилеттүү ѳлкѳнү куруу мүмкүн эмес. Ал эми социалдык адилеттүүлүккѳ жетишүү - "Биримдик" партиясынын эң башкы максаты. Талапкер Улукбек Кочкоров буга чейинки парламенттик шайлоолордо колдоп, ишеним артканы үчүн Баткендин элине ыраазычылыгын билдирип, министр кезиндеги аткарылган иштери боюнча маалымат берди. Анын айтымында, министрликтеги максатсыз жумшалган акчаларды туура багыттоо, коррупциялык схемаларды жоюу аркылуу жѳлѳк пул алчулардын катарына 100 миңдей аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳр кошулган. Оңго, солго кеткен миллиарддаган сомдордун эсебинен майып балдарын караган энелерге пенсия чектѳѳгѳ мүмкүн болду. Эми алардын балдарын баккан жылдары эмгек стажы катары эсептелип, келечекте пенсия ала башташат. Партиянын дагы бир талапкери Мамыржан Рахимов ѳз сѳзүндѳ биримдикчилердин колдоосу менен Баткенде миң жумуш орундуу текстиль фабрикасы, 250 жумуш орундуу ѳрүктү кайра иштетүүчү ишкана курулуп жатканы боюнча маалымат берди. "Биримдик" партиясы парламентке барса, буга окшогон кѳптѳгѳн долбоорлор ишке ашырыларын айтып, добуш берүүгѳ чакырды. Талапкер Эркин Рахманов шайлоодо "Биримдикке" добуш берүүгѳ чакырып, бул партияга ишеним артуу менен Баткендин эли ѳлкѳнүн ѳсүп, ѳнүгүүсүнѳ ѳз салымдарын кошо турганын баса белгилеп ѳттү. Баткен шаарынын кадырлуу аксакалы Туйгун Жолдошев биримдикчилерге шайлоодо ийгилик, ак жол, жеңиш каалап, ѳзүнүн ак батасын берди. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы" саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. Дареги: Бишкек шаары, Разаков көчөсү 4. 13:50 18-09-2020

Подробнее
18 сентября 2020 г. 17:53

Максат Сабиров: “Кыргызстандагы токой чарбасынын 70%ы Ысык-Көлдө жайгашкан.

Максат Сабиров: “Кыргызстандагы токой чарбасынын 70%ы Ысык-Көлдө жайгашкан. Тилекке каршы, ошол токой чарбанын таш-талканы чыгып жатканын көрүп жатабыз. Айлана-чөйрөнү коргоого сырттан келген бөлүп-жарып, сол чөнтөккө салбай, максаттуу пайдаланалы.”

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:01

Депутат Дастан Бекешев: "Жашыруун добуш берүү авторитардык өлкөлөрдө болушу керек. Биз ачык добуш берсек, кимдин ким экенин көрмөкпүз"

Шайлоодо добуш берүү ачык жүрсө, жарандар арасында жоопкерчилик күчтүү болмок. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына билдирген. Бул боюнча депутаттын өзү менен байланышканыбызда, ал төмөндөгүлөрдү кошумчалады. "Жарандар депутаттарга нааразычылыгын шайлоого чейин билдирип келет да, парламентке өтчүлөрдү аныктоого келгенде амнезияга туш болушат. Андыктан шайлоо учурунда добуш берүү ачык болсо, ким чын эле өлкө үчүн күйөт, ким калп эле түр көрсөтөрүн билип алмакпыз. Жарандарда жоопкерчилик пайда болмок деген оюмду билдиргем. Себеби учурда элибиз үчүн эң оор мезгилдердин бири болгон июлдагы окуя унутулуп калгандай. Тигинисин деле, мунусун деле мактап жатышат. Кээ бирлери добушун сатууга чейин барып жатат. Эртең ошол эле добушун саткан адам укук коргоо органдарына барып, өлкөдөгү коррупцияга нааразы болот. Бул деген догма болуп калып жатпайбы. Жашыруун добуш берүү Беларусь, Түркмөнстан сыяктуу авторитардык өлкөлөрдө болушу керек. Себеби ал жакта ачык эле мага добуш бербесең, жумуштан кетирем деп коркутушат. Биз демократиялуу өлкөбүз. Ачык добуш берсек кимдин ким экенин көрмөкпүз" , - дейт Бекешев. Догма - сын көз карашты тажрыйбада сынабастан, жөн эле ишенип алган далилсиз жобо. 13:19 18-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
19 сентября 2020 г. 15:01

"Кыргызстан" партиясы: "Мугалимдердин жашоосун жакшырталы!"

Кыргызстандын калкынын 9 пайызы билим берүү тармагында эмгектенет. Учурда республика боюнча 4 миңден ашык мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү, жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар. Билим берүү тармагында жалпы 108 миңге жакын мугалим эмгектенип, 1 миллион 700 миңге жакын тарбиялануучуларга, окуучуларга жана студенттерге билим жана тарбия беришет. Жалпы билим берүүчү мектептерде 78 миңге жакын мугалим эмгектенсе, анын ичинен шаарларда 22 миң, айыл жеринде 56 миңге жакын мугалим эмгектенент. Мектептердеги мугалимдердин түйшүгү өтө оор. Кыргыз Республикасынын "Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзамдын акыркы редакциясына ылайык, профилдик педагогикалык билими бар адис мектептерде мугалим болуп иштей алат. Ошол эле учурда республиканын мектептеринде эмгектенген мугалимдердин ичинен 2,5 пайызга жакыны талапка жооп бербейт, бирок кандайдыр бир адистик боюнча жогорку же орто кесиптик билимге ээ. 2019-жылы жалпы билим берүү мекемелеринде иштегендердин эмгек акылары болжол менен 30 пайызга көбөйдү. Бирок билим берүү тармагын каржылоону көбөйтүү боюнча бардык аракеттерге карабастан, мугалимдердин орточо эмгек акысы республикада орточо эмгек акынын деңгээлинен төмөн бойдон калууда. Мугалимдердин жашоо сапатын жогорулатуу үчүн “Кыргызстан” партиясы төмөнкүлөрдү сунуштайт: 1) бюджеттен орточо эмгек акы алган мугалимдердин эмгек акылары салыктардан кийинки орточо айлык боюнча республикалык көрсөткүчтөн төмөн болсо, анда мугалимдерди киреше салыгын төлөөдөн бошотуу. Бул чара 18 миң сомдон кем алгандар үчүн эмгек акыны 10%га жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет; 2) мугалимдер үчүн белгилүү бир артыкчылыктарды камсыз кылуу: - коммуналдык кызматтарга акы төлөөдөн бошотуу же наркын төмөндөтүү; - 11 айдын ордуна 9 ай тынымсыз иштегенден кийин акы төлөнүүчү өргүүнү алуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу; 3) жаш мугалимдерди, анын ичинде педагогикалык ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн айыл жеринде иштөөгө стимулдаштыруу программасын иштеп чыгуу. Программа жаш мугалимдерге турак жай жана жер тилкесин, пайызсыз насыяларды берүүнү, окуучулардын санына жана сарпталган сааттарга ылайык эмгек акыларын эсептеп, "жаш мугалимдин депозитин" камсыз кылуу механизмин ишке киргизүүнү камтышы керек. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 17-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 11:42 18-09-2020

Подробнее
18 сентября 2020 г. 10:48

Урматтуу карапайым кыргыз элим!

Урматтуу карапайым кыргыз элим! Биз жанындабыз! Биз сиз учун туруп беребиз.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники