О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
19 сентября 2020 г. 14:49

Исабеков: Шайлоого ичип-жегендер, соттолгондор баратат

Парламенттик шайлоого ичип-жегендер, соттолгондор баратат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Кубанычбек Исабеков “Майдан” теледебаты учурунда билдирди.“10-15 күндөн бери баарына каршы саясат жүргүзүп жатам. Себеби, шайлоого бараткан партиялардын программалары, талапкерлери дагы жакпайт. Коррупциялык иштерге аралашып, соттолгондору дагы бар. Бүгүнкү 120 депутаттын 88и кайра башка партия менен аттанды. Анын ичинде соттук иштер менен түрмөдөн качуунун айласын издеп, акчаларын чачып кайра парламентке бараткандар бар”,-деди Исабеков.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:49

БШКнын жумушчу тобу Жумабековду шайлоого катыштырбоону сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду шайлоого катыштырбоону сунуштады. Анын талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу сунушу БШКнын жыйынында каралат. Жыйын бүгүн 18.00гө белгиленген. Жогорку Кеңештин төрагасы, шайлоого талапкер катары аттанган Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн аялга 50 миң сом сүйүнчү бергени административдик ресурс катары кабыл алынып, коомчулукта талкууга түшкөн. Көпчүлүк буга чара көрүүнү талап кылган. Жумабеков 14-сентябрда Таласка иш сапары менен барганда жаңы төрөгөн аялга 50 миң сом сүйүнчү берген. Бул акча алгач спикердин фондунан берилгени айтылган. Кийин парламенттин басма сөз кызматы Жумабеков сүйүнчүнү үй-бүлөсүнүн атынан бергенин кабарлады. Андан кийин 17-сентябрда сүйүнчү акча төраганын фондунан бөлүнгөнү белгилүү болду. “Ошондуктан бул окуя парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнө тийиштиги жок”, — деп айтылган билдирүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы жагдай иликтенерин билдирген. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:50

Шайлоо-2020: Эл аралык дагы 14 байкоочу катталды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) 2020-жылдын 18-сентябрындагы жыйынында 4-октябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын дагы 14 өкүлүн эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрүү токтомун кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет. Белгилей кетсек, БШК буга чейин эл аралык 25 байкоочуну каттоодон өткөргөн. Ирет № Күб.№ Байкоочу өкүлү болгон эл аралык уюм Ф.А.А. Өлкө Ээлеген кызмат орду Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Постивый Сергей Александрович Украина Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Украинанын БШКсы Шараг Екатерина Дмитриевна Украина Украинанын БШКсынын катчылыгынын жетекчилиги Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги ХаразиСаид Иран Ислам Республикасы Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги РостамиянТаги Иран Ислам Республикасы Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин биринчи кеңешчиси Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия регионундагы өкүлчүлүгү Хайне Ронни Дирк Германия Федеративдүү Республикасы Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия регионундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ) ПокраяцСаша Сербия Республикасы ЕККУнун ДИАУБдун узак мөөнөттүү байкоочуларынын координатору ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ) ХанжинАндрейСергеевич Россия Федерациясы ДИАУБдун Миссиясынын улуттук азчылык маселелери боюнча эксперти Нидерланд Королдугунун Кыргыз Республикасындагы элчилиги КарстенсАндрэ Нидерланд Королдугу Нидерланд Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчиси Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү ЛевовскиРената Василевна Молдова Республикасы Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгүнүн директору Эл аралык өнүгүү боюнча Корея агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү Хонг Ын Хе Корея Республикасы Эл аралык өнүгүү боюнча Корея агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Сироткин Сергей Никанорович Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Абдусаломов Мирза –Улугбек Элчиевич Өзбекстан Республикасы Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Алимов Шерзод Батырович Өзбекстан Республикасы Өзбекстан Республикасынын БШКсынын МКТ менен иштөө боюнча бөлүмүнүн начальниги Израиль Мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы элчилиги Френкель Галина Израиль Израиль Мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы элчилигинин консулу Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-октябрындагы №197 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, кабыл алынды.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:50

Кабири: Эгер биз Тажикстанда болсок, шайлоого бойкот жарыяламакпыз

Тажикстан Улуттук альянсынын төрагасы, Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири 16-сентябрда Жорж Вашингтон университетинин Борбор Азияны иликтөө программасынын алкагында сөз сүйлөдү. Ал коронавирус маалындагы Тажикстандагы саясий жана экономикалык абалга баа берип, президенттик шайлоо жараянын сынга алды. Анын айтымында, президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү болгондо, шайлоого бойкот жарыяламак. Тажикстанда тыюу салынган партиянын лидери бул сөзүн президенттик жарышта көз карандысыз талапкерлердин жоктугу, үгүт маалында баарына бирдей мүмкүнчүлүк берилбегени менен түшүндүрдү. Тажикстанда Борбордук шайлоо комиссиясы беш талапкерди каттаган. Арасында өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмон да бар. Бийликке жалгыз оппозиция болгон Социал-демократиялык партия шайлоого бойкот жарыялаган. Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясы менен Социал-демократиялык партиясы 2013-жылы коалиция түзүп, президенттикке укук коргоочу Ойнихол Бобоназарованы сүрөшкөн. Ал тиешелүү өлчөмдө кол топтой алган жок деген жүйө менен марадан четтетилген. Мухиддин Кабири онлайн-жолугушуу учурунда Тажикстанда ким жеңишке жетери белгилүү экенин, жеңүүчү добуштардын канча пайызын өзүнө ээлик кылып алары гана ачык эместигин айтты. Ал бул сан 70-80% тегерегинде болушу ыктымал деп эсептейт. Кабири 2015-жылдын сентябрынан бери Европада бозгунда жүрөт. Тажикстанда аны сыртынан узак мөөнөткө соттошкон. Тажик бийлиги Кабирини жана анын шериктерин беш жыл мурда коргоо министринин орун басары уюштурган козголоңго катышы бар деп күнөөлөгөн. Ал бардык айыптоолорду четке каккан. Соцтармактардын колдонуучулары Кабири түз эфирде сөз сүйлөй турган маалда Тажикстанда бир саат Интернет өчүрүлгөнүн жазышты.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:52

БШКнын жумушчу тобу Дастанбек Жумабековду шайлоо жарышынан четтетүүнү сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) караштуу Маалымдоо жана үгүт иштерин көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун парламенттик шайлоого талапкер катары каттоосун жокко чыгарууну сунуш кылды. Бул тууралуу 18-сентябрда “Азаттык” радиосуна БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирген: “Карап чыгышты. Бул маселени Боршайкомдун жакынкы жыйынына чыгарышат”. Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган. 17-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы кайра маалымат таратып, акча фонддон бөлүнгөнүн айтылган. Ошентип, сүйүнчү акча тууралуу расмий маалымат үч жолу өзгөртүлгөн. Төраганын фонду – мамлекеттик каражат. Шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо административдик ресурсту пайдаланган болот. Чөнтөгүнөн акча берсе – шайлоочуну сатып алуу болот. Ушундан улам БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Кыргызстан» партиясын шайлоо жарышынан четтетүүнү сунуш кылып, комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнөн колдоо таба алган эмес. Спикердин келинге акча бергенине байланыштуу маселени БШКнын карамагындагы жумушчу топ карап чыкмай болгон. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрага үгүткө катышпай жатканын, аймактарда иш сапарда жүргөнүн, буга «Жогорку Кеңештин макамы жөнүндө» мыйзам жол берерин билдирген. Булак: “Азаттык”

Подробнее
20 сентября 2020 г. 14:09

Урпактарга улуу жол улаш үчүн, БИР БОЛ!

Урпактарга улуу жол улаш үчүн, БИР БОЛ!

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:53

Материалы за неделю

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ат салышып жаткан партиялардын ортосундагы телетаймаштар кезек-кезеги менен өтүүдө . Бул ирээт "Чоң казат" партиясынан Бекжан Рысмендеев, "Ата -Мекендин" таламын талашкан Тилек Токтогазиев, "Замандаш"партиясынын өкүлү Жакшылык Матанов, "Биримдик" партиясынан Акылбек Жамангулов, "Бир бол" партиясынын эн жаш талапкери Нурсултан Курбанов, "Бутун Кыргызстан" партиясынын атынан Орозайым Нарматова чыгууда.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 16:34

Бардык адамдар үчүн бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр – адаттагыдай ураан. Бирок иш жүзүндө эмне болот?

Бардык адамдар үчүн бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр – адаттагыдай ураан. Бирок иш жүзүндө эмне болот? Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар көп учурда маалымат алуу, эң негизги муктаждыктарын канааттандыруу жана өлкөнүн коомдук турмушуна катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. «Биримдик» партиясы «өзгөчөлөрдү» бөлбөй, өлкөнүн бардык жарандары үчүн партия болууга умтулат. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар – ошондой эле биздин адамдар жана алардын өзгөчөлүктөрүнө ылайыктуу мамилеге татыктуу!

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:56

БШКнын мүчөлөрү парламент төрагасы Дастанбек Жумабековду шайлоодон четтетүүнү сунушташты

Спикер үй-бүлөгө жаңы төрөлгөн сүйүүчүнү тапшыруу менен мыйзамды бузду. Дастанбек Жумабеков депутаттыкка талапкер болгондуктан, бул паракорчулук катары бааланууда.Буга чейин Дастанбек Жумабековдун пресс-катчысы Жоомарт Максатбеков парламент спикеринин фондунан 50 миң сом бөлүнгөндүгүн, ошондуктан сүйүнчүнүн берилишин пара катары кароо туура эместигин айткан. Анткени спикер парламентке барган партиянын шайлоо өнөктүгүнө же үгүт иштерине эч кандай тиешеси жок экендигин түшүндүргөн. … Буга чейин, эсибизде, Дастанбек Жумабеков сүйүнчү каражатын жеке фондунан которгон деп айтылган.Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин аймактарда иштөөнү чечишти. Спикер Талас облусуна талапкердин статусунда эмес, жумушчу сапарынын алкагында барды. Басма сөз кызматы Жумабеков шаар тургундары менен болгон жолугушууларда үгүт иштерин жүргүзбөйт деп ишендирүүдө.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:56

КАБИРИ: ЭГЕР БИЗ ТАЖИКСТАНДА БОЛСОК, ШАЙЛООГО БОЙКОТ ЖАРЫЯЛАМАКПЫЗ

Тажикстан Улуттук альянсынын төрагасы, Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири 16-сентябрда Жорж Вашингтон университетинин Борбор Азияны иликтөө программасынын алкагында сөз сүйлөдү. Ал коронавирус маалындагы Тажикстандагы саясий жана экономикалык абалга баа берип, президенттик шайлоо жараянын сынга алды. Анын айтымында, президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү болгондо, шайлоого бойкот жарыяламак. Тажикстанда тыюу салынган партиянын лидери бул сөзүн президенттик жарышта көз карандысыз талапкерлердин жоктугу, үгүт маалында баарына бирдей мүмкүнчүлүк берилбегени менен түшүндүрдү. Тажикстанда Борбордук шайлоо комиссиясы беш талапкерди каттаган. Арасында өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмон да бар. Бийликке жалгыз оппозиция болгон Социал-демократиялык партия шайлоого бойкот жарыялаган. Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясы менен Социал-демократиялык партиясы 2013-жылы коалиция түзүп, президенттикке укук коргоочу Ойнихол Бобоназарованы сүрөшкөн. Ал тиешелүү өлчөмдө кол топтой алган жок деген жүйө менен марадан четтетилген. Мухиддин Кабири онлайн-жолугушуу учурунда Тажикстанда ким жеңишке жетери белгилүү экенин, жеңүүчү добуштардын канча пайызын өзүнө ээлик кылып алары гана ачык эместигин айтты. Ал бул сан 70-80% тегерегинде болушу ыктымал деп эсептейт. Кабири 2015-жылдын сентябрынан бери Европада бозгунда жүрөт. Тажикстанда аны сыртынан узак мөөнөткө соттошкон. Тажик бийлиги Кабирини жана анын шериктерин беш жыл мурда коргоо министринин орун басары уюштурган козголоңго катышы бар деп күнөөлөгөн. Ал бардык айыптоолорду четке каккан. Соцтармактардын колдонуучулары Кабири түз эфирде сөз сүйлөй турган маалда Тажикстанда бир саат Интернет өчүрүлгөнүн жазышты. WWW.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:57

Аргынбек Малабаев: "Кыргызстан" партиясы кескин түрдө чоң реформаларды жасайт"

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого аттанган “Кыргызстан” саясий партиясынын курамында саясий ишмерлерден тартып, экономиканын реалдуу секторунун көрүнүктүү өкүлдөрү бар. Алардын айрымдары өкмөттөгү эң жоопту кызматтарды, министрликтерди, облустарды жетектеп жүрүшкөн. Ушундай мыкты жетекчилердин бири “Кыргызстан” партиясынын катарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Аргынбек Малабаев менен маек курдук. Саламатсызбы Аргынбек мырза, сиз парламенттик шайлоого “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер катары бара жатасыз. Бул партиянын өзгөчөлүктөрү тууралуу кыскача айтып берсеңиз? “Кыргызстан” партиясы 2015-жылкы шайлоодо чоң жеңишке жеткен, артында 200 миңден ашык колдоочулары бар партия. Ошондой эле бул партия парламентке келген күндөн тартып, шайлоочуларга берген убадаларын аткаруунун үстүндө иштеп келе жатат. Андан сырткары Жогорку Кеңештин VI чакырылышы менен парламентке келген алты партиянын ичинен “Кыргызстан” партиясы гана туруктуу партия экенин көрсөтө алды. Ал эми башка партиялардын айрымдары чачырап жок болсо, айрымдарынын мүчөлөрү көчмөн болуп, улам бир партиялар менен биригип шайлоого бара жатат. Негизи талапкерлер убагында элге берген убадаларын унутуп, беш жылдан кийин башка партияларга кирип кете берсе, анда биз кимден жоопкерчиликти сурайбыз? Ошондуктан мен ишенем, быйылкы шайлоодо биздин “Кыргызстан” партия жеңишке жетип, эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, жакшы иштерди алып барган, туруктуу жана таза партия болот. Бүгүнкү күндө өлкөдө темир жол, жол куруу тармагында кандай маселелер бар? Деги эле азыркы учурда Транспорт министрлиги реформалоого муктажбы? Бүгүнкү күндө кыргыз темир жолу, шаар, айыл аралык жол куруу тармагынын телегейи тегиз, жыргап кетти дегенден алысмын. Бир топ көйгөйлөр бар. Бул эле эмес, жарандык авиация, почта, байланыш, жүргүнчүлөрдү ташыган таксилер жана кичи автобустар боюнча да көптөн бери чечилбеген бир топ маселелер бар. Темир жолго жаңы техникаларды алыш керек жана башкаруу системасын өзгөртүүгө тийишпиз. Авиация кара тизмеден чыгыш керек. Өзүбүздүн учактарыбыз жок. Коопсуздук маселеси бар. Ошондой эле мен иштеп турганда транспорт жана коммуникация министри эле, азыр транспорт жана жол министри болуп калды. Министрлик чачыранды болуп, жоопкерчилик жок болуп жатат. Эми баарын бир колго топтошубуз керек. Экинчиден кадр тандоодо чоң мүчүлүштүктөр болуп, эртеңки күнү министрликте чоң маселелерди жаратышы мүмкүн. Анткени жалаң тааныш-билиш же сырттан бул тармакка тиешеси жок адамдарды кызматка орноштура берүү туура эмес. Ошондуктан бул тармакка иштин көзүн билген кадрларды кызматка дайындоо керек. Бишкек жана Ош шаарларынын ички жолдору бүгүнкү күндүн талабына жооп бербегендиктен, унаа тыгындары көп болууда. Мындан улам бул маселени түп тамырынан чечүү үчүн жаңы айланма жолдорду же метро куруу зарылбы? “Кыргызстан” партиясы жеңишке жетип, парламентке келген соң кандай программаларды жана мыйзамдарды сунуш кылат? Сөзсүз түрдө бул маселе боюнча өзүбүздүн сунуштарды киргизебиз. Азыр шаардын калкынын саны миллиондон ашып кетти деп айтылып жатат, бирок жаңы конуштарды кошкондо эки миллиондой бар. СССР учурунда шаардын калкы миллиондон ашып кетсе метро, трамвай куруу каралчу. Биз дагы инвестор тартып, метро курушубуз керек. Азыр тыгын көп, жеңил унаа менен жүргөнчө метро менен кетсең көп ишиң бат бүтмөк. Алматыда тыгын көп болуп, көпүрөлөрдү курушкан, азыр метро куруп башташты. Метро ыңгайлуу, бизге мэрияда бул боюнча айтылып келет, бирок конкреттүү план жок болуп жатат. Бишкек жана Ош шаарларындагы жол тыгындарын азайтып, экологиялык жактан абанын тазаланышы үчүн айланма жолдорду курушубуз зарыл. Шаар ичиндеги базарларды сыртка чыгарып, сырттан кирген унааларга чектөөлөрдү киргизишибиз керек. Мисалы, Бишкектин батыш-чыгышына жаңы автобекеттерди куруп, ал жакта жүрчүлөр үчүн шарттарды түзүп берүүбүз керек. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 14:38 19-09-2020

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:57

"Биримдик" №1. Замирбек Осмонов: “Учурдагы шайлоо – программа, идеялардын жарышы болсун”

“Биримдик” демократиялык социализм - евразиялык тандоо” партиясынын үгүт иш-чаралары Баткен облусунун Лейлек районунун борбору Исфана шаарына жетти. Үгүт иштеринин ачылышы Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды. Андан кийин ар бир кандидат тууралуу маалымат берилди. Алгач сөз “Биримдик” партиясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаровго тийди. Ал ар бир жаран акчага алданбай, жүрөк менен келечекти тандоосу керек деп баса белгиледи. Ал эми Лейлек жергесинен чыккан талапкер Замирбек Осмонов тууралуу мындай деди: “Бул киши өкмөттүн туура эмес кадамдарын оңдоп, жолго салган. Ал жергиликтүү, райондук, облустук деңгээлде эмес, жалпы Кыргызстандын деңгээлинде иштеп бере турган инсан”. Замирбек Осмонов: “ Лейлек эли ысымы ар бирибизге ыйык тумарга айланган Исхак Разаковдун жердештери, таза, касиеттүү эл. Бул жерден Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түзгөн, мамлекетти башкарган инсандарыбыз чыккан. Келечегибиз кең болсун десек, өткөн тарыхты сыйлашыбыз керек. Таберик кылып калтырган мамлекетти сакташыбыз керек”. Ошондой эле ички-тышкы миграциянын себептерине токтолуп, мындай деди: “Экономикабыздын чабалдыгы, интеграцияланбаганы, ресурстардын жетишсиздиги, анын ичинде өндүрүлгөн продукцияга талаптын жоктугунан улам иш орундары жок. Мына ушундан улам күчкө толуп турган эр-азаматтарыбыз четке чыгып кетүүдѳ”. Талапкердин айтымында, экономикалык саясаттын негизги милдеттери бул - экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жана калктын реалдуу кирешесин көбөйтүүгө жетишүү. “ Мына ошондо гана мигранттарыбыз өз мекенине кайтып келип кызмат кылат”, - дейт Замирбек Осмонов. Андан ары Замирбек Осмонов буларга токтолду: “ Шарты оор Маргун айылына бардык. Ошол эл биздин программаны угуп, чет жактагы мигранттар чалды дешти. Шайлоодо акча албагыла, жетпесе биз жиберели. Акча алсаңар, турмушубуз, мамлекет оңолбойт, мамлекет оңолбогондон кийин биз мигранттар кайтып барышыбыз кыйын дегенди айтышыптыр. Биз мигранттарыбыз кайтып келиши үчүн мамлекетибизди оңдошубуз керек”. Талапкер Замирбек Осмонов тѳмѳнкүчѳ сѳзүн жыйынтыктады: “Лейлектин эли реалдуу программа сунуштаган “Биримдик” партиясын шайлап бересиздер деп ишенем. Учурдагы шайлоо – программа, идеялардын жарышы болсун. Келечекте мүдүрүлбөй биздин эл да башка элдердей татыктуу жашаса деп алдыңыздарда турабыз. Калыстыктан тайбай татыктууларды, элим деп жүрѳгү соккон, кыргыз элинин кадырын бийик койгон, мамлекетти алдыга сүрөй турган адамдарды тандап аласыздар деп ишенем!”. "Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 19-сентябрь, 2020-жыл. 10:39 19-09-2020

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:57

"Бүтүн Кыргызстан" мигранттарга жардам берүү жагын "Замандаштан" талашпай деле койсо болот". Шайлоого аттанган партиялардын дебаттагы суроо-жооптору

Парламенттик шайлоого аттанып жаткан саясий партиялардын теледебаты уланууда. КТРКда орун алган бүгүнкү дебатка 6 партиянын - "Ата Мекен", "Биримдик", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир бол", "Замандаш" жана "Чоң Казат" партияларынын жаштар канатынын лидерлери катышты. Партия өкүлдөрү 3-раундда бири-бирине суроо узатышты. "Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Жакшылык Матановдун атаандаштарына берген суроолорунан: "Биримдик" партиясынан Акылбек Жамангуловго суроо: "Айтууңуздар боюнча жаңы кадам, жаштар менен шайлоого аттанып жатасыздар. Тизмеңиздерде мурдагы чакырылыштын 30дан ашык өкүлү бар экен, аларды кошуп алып кантип жаңы кадам деп атасыздар? Жооп: "Биринчиден, жаңы кадам деп айткан жокпуз. Биз баарыбыз тең укуктуу мамлекетте жашайбыз. Мыйзамга ылайык, өлкөнүн бардык жарандары (иш козголуп же соттун чечими чыкпаса, экинчиден башка мамлекеттин жараны болбосо) талапкер болууга толук укугу бар. Экинчиден, сиз айткан мурдагы чакырылыштын депутаттары бардык эле партиялардын катарында бар. Үчүнчүдөн, талапкерлердин мыйзамдык укуктарын чектөөгө бир дагы адам акылуу эмес. Ал элдин добушуна ээ болсо, албетте, депутат болуп, элге кызматын өтөш керек". Ал эми "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангуловдун суроосу "Чоң Казат" партиясынын өкүлүнө берилди: "Силердин лидериңер 200 чарчы метр батирде жашап, акыркы үлгүдөгү жол тандабас айдап жүрөт. Бирок декларациясында бул мүлктүн баары көрсөтүлбөптүр, ал кишинин дагы мүлкүн конфискация кыласыздарбы?" Жооп: "Өзүңүз жооп берип көнгөндөй, ал кишинин өзүнөн сураңыз". "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Орозайым Нарматова "Замандаш" партиясына гана суроо берүүгө үлгүрдү. "Лидериңер Орусияга барып "силердин көйгөйүңөрдү чечкенге араңардан талапкер чыгыш керек" деген. Бирок катарыңарга андай адамдарды кошо алган жок. Бул мигранттардын атын колдонуу болуп калабы же аларды алдоо болобу?" Жооп: "Бүтүн Кыргызстан" партиясы мигранттарга жардам берүү жагынан "Замандаштан" талашпай деле койсо болот. Биздин партия 13 жылдан бери укуктук, финансылык жактан мигранттарга жардам берип келген. Бүгүн жаштар лидериңерге жактоочу болуп жатасыңар, бул уят. Биздин лидерди мигранттарды катарыбызга кошобуз деп кошпой койду деп жатасыздар. Силер биринчи өзүңөрдү билип алгылачы. Канча жылдан бери "Мадумаров үчүн өлөм" деген жаштар катарыңардан чыгып кетпедиби". "Бир Бол" партиясынын өкүлү Нурсултан Кубановдон "Чоң Казат" партиясына берген суроосу: "Туризм багытындагы негизги аткара ала турган кандай программаңар бар? Жооп: "Туризмди өнүктүрүүнү комплекстүү караш керек. Биринчиден, аэропорт жана транспортторду жаңылоо. Экинчи - бул сервис. Бизде тилекке каршы, сервис өтө төмөн. Өлкөгө келген туристтер үчүн эң биринчи кызмат көрсөтүүлөр маанилүү". 00:59 19-09-2020 Автор: Бактыгүл Момбекова, Бактыгүл Султаналиева, Гүлдана Мамадали кызы,

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:57

"Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев оппоненттеринен ундун, картошканын баасын сурады

Парламенттик шайлоого аттанып жаткан саясий партиялардын теледебаты уланууда. КТРКда орун алган бүгүнкү дебатка 6 партиянын - "Ата Мекен", "Биримдик", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир бол", "Замандаш" жана "Чоң-Казат" партияларынын өкүлдөрү катышты. Анда партия өкүлдөрү бири-бирине суроо узатышты. "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын лидери, депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиевдин атаандаштарына берген суроолорунан: "Биримдик" партиясынын талапкери Акылбек Жамангуловго берген суроосу: "2019-жылдын биринчи кварталында "Альфа Телеком" (Мегаком) 300 миллион салыкты төлөптүр. Ал эми 2020-жылы салыктын өлчөмү 35 миллион сомго түшүп кеткен. Дээрлик 80 пайызга салык төлөөнүн түшүп кетишинин себеби эмнеде?" Жооп: "Сиздин маалымат туура эмес. Бизде, тескеринче, 28 пайызга өсүш болду. "Мегаком" компаниясы башка менчик компанияларга караганда салык инспекциясына өкмөттүн сурамы боюнча салыктарды алдын ала төлөп келет". "Биримдик" партиясынын талапкери Акылбек Жамангуловго суроо: "Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышындагы 31 депутат сиздердин партиядан келип жатыптыр. Пандемия учурунда каникулга чыгып кеткен депутаттардын 7-чакырылышка келгенге моралдык укугу барбы?" Жооп: "Мен биздин тизмеге кирген депутаттар үчүн жооп бергенден алысмын. Алар азыркы Жогорку Кеңештин депутаттары, бүгүнкү күнгө чейин мандаттарына ээ. Бир жылдын ичинде жаңы түзүлгөн "Биримдик" партиясы 7-чакырылыштагы парламентке жаңы кадамдар менен кирип бара жатабыз". "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын талапкери Тилек Токтогазиевдин "Биримдик" партиясынын талапкери Акылбек Жамангуловго берген суроолору. Суроо: "Троллейбус, автобустун жол акысы канча сом?" Жооп: "Троллейбустуку 8 сом, автобустуку 10 сом". Токтогазиев: "Туура эмес, автобустуку дагы 8 сом". Суроо: "Ундун жогорку сортунун баасы канча сом?" Жооп: " 20 сомдун тегереги болсо керек". Токтогазиев: "Туура эмес, 47 сом". Суроо: "Картошканын баасы канча сом?" Жооп: "Билбейт экенмин". 23:53 18-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:58

"Жаңы дем эмес эле, партиянын жеми болуп калбайсыңарбы?". Дебатка катышкан "Чоң-Казаттын" өкүлүнөн атаандаштарына суроо

Парламенттик шайлоого аттанып жаткан саясий партиялардын теледебаты уланууда. КТРКда орун алган бүгүнкү дебатка 6 партиянын - "Ата Мекен", "Биримдик", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир бол", "Замандаш" жана "Чоң-Казат" партияларынын өкүлдөрү катышты. Дебаттын жүрүшүндө партия өкүлдөрү бири-бирине суроо узатышты. "Чоң-Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Бекжан Рысмендеевдин атаандаштарына берген суроолорунан: "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Жамангуловго : "Сиз геополитика дегенди кандай түшүнөсүз? Евразиялык баалуулук деген эмнени билдирет?" Жооп: "Биздин партия программа эмес, эң биринчи идеологияны түптөдүк. Байкап көрсөк, негизги курулуштар, завод, фабрикалар, инфраструктура, жалпы эле биздин экономикабыз, саясатыбыз, тышкы жана ички карым-катнаштарыбыз социализм учурунда калыптанган. Бүгүнкү күнгө чейин анын жакшы жактарын көрүп келе жатабыз. Экинчиден, мамлекетибиз башынан көп сыноолорду өткөрдү. Ошого карабастан элибиз эгемендигин жана демократиялык принциптерин, сөз эркиндигин сактап калды. Ошондуктан биз демократиялык-социализмди калыптандырабыз деген максатты койдук. Евразиялык тандоо дегенибиз - кыргыздар илгертен эле кошуна мамлекеттер менен мамиле түзүп келген. Азыркы реалдуу жашоодо да экономикалык, саясий жашообуз коңшу мамлекеттер менен тыгыз байланышта. Мисалы, пандемия шартында Кыргыз-Казак чек арасы жабылып көптөгөн экономикалык кыйынчылыктарды тарттык". "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтагазиевге суроо: "Учурдагы ботконун автору "Ата Мекен" партиясы. Анткени 29 жылдан бери бийликте жүрөт. "Жаңы дем" деп ачтыңар? Жаңы дем эмес эле, "Ата Мекендин" жеми болуп калбайсыңарбы?" Жооп: "Азыркы ботконун себепкери учурундагы жана азыркы бийлик. "Ата Мекен" партиясы акыркы чакырылышта 11 эле депутат менен барган. "Кумтөр" маселеси боюнча элдин тарабында турган. Мисалга алсак, мөңгүлөр талкалансын дегенде башка партиялардын өкүлдөрү макул болуп, "Ата Мекен" жана азыркы "Жаңы демдин" мүчөлөрү каршы чыккан. Азыркы дебатты өткөрүп жатканыбыздын себепкери, шайлоонун таза өтүшүнө эң чоң салым кошкон так ушул "Ата Мекен" партиясы. Демек, боткону бийликти узурпациялап алгандар жасаган. Убагы келгенде биз аларга укуктук баа беребиз". "Замандаш" партиясынын талапкери Жакшылык Матановго суроо: "Сиздер маркум Мухтар Өмүракуновдун сүрөтүн баннерлерге илип жатасыздар? Ошол эле маалда партиянын тизмесинде Элмурза Сатыбалдиев жүрөт. Ал киши убагында Өмүракуновго каршы иш козгогон. Бул нерсе силердин принциптериңерге каршы келбейби?" Жооп: "Биринчиден, баннерлерге сүрөтү илинди дегенди тактап айтсаңыз жакшы болмок. Ат-Башыга бир гана баннер илинген. Бул баннер партия тарабынан эмес, үй-бүлөсү тарабынан илинген болчу. Экинчиден, архивди карап чыксаңыз, Мухтар Өмүракуновго иш козгогондордун арасында Элмурза Сатыбалдиев жок". "Бир бол" партиясынын талапкери Нурсултан Кубановго суроо: "Мурашевдин кабинетине фермерлер келип, чириген картошканы төккөн. Мурашевди эмнеден улам шайлоого алып келдиңер? Жооп: "Нурбек Мурашевге болгон сокку бул жөн гана дискредитация болгон деп кыскача жооп берем". 23:24 18-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники