О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
19 сентября 2020 г. 14:46

Шайлоочу кимге добуш бергенин партиялар текшере алабы?

Шайлоочу кайсы саясий партия же талапкер үчүн добуш бергенин билүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине БШКнын башчысынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Эске салсак, 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Социалдык тармактын колдонуучулары партиялар кимге добуш берилгенин текшере аларын сурап жатышат. “Партиялар добуш кимге берилгенин эч биле алышпайт. Мындай мүмкүнчүлүк шайлоо комиссияларында да жок. Шайлоочу кабинага өзү жалгыз кирип добуш берет. Муну эч ким көзөмөлдөй да, текшере да албайт. Мындан сырткары, автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөр добуш берүүнүн купуялуулугун толук камсыздай алат”, — деди Бекматов. Ошол эле учурда шайлоочуларды сатып алгандарга, добушун саткандарга жаза каралган.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:47

“Мекенчил” Ноокатта. Ж. Жолдошова: "Бажыдан уурдалып, бир адамдын чөнтөгүнө кетип жаткан акчаларды мамлекетке кайтарабыз"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ноокат районуна барды. Бажыдагы уурдалып жаткан акчалардын мамлекеттин казынасына кайтаруу керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын талапкери Жылдыз Жолдошова Ноокат районунун Майдан айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Биз бажыдан уурдалып, бир кишинин чөнтөгүнө кетип жаткан акчаларды мамлекеттин казынасына кайтарабыз. Ал жактан бир айда 15 миллион доллар уурдалат экен. Сомго айлантканда 936 миллиард сом экен. Бул акчага ай сайын заманбап, 320 орундуу 15 мектеп курса болот. 15 чоң оорукана курууга мүмкүн. Ошондуктан, бажыдагы башаламандыкты токтотуу керек. “Мекенчил” партиясынын өзгөчөлүгү – элдин үнүн тиешелүү тарапка жеткирип гана койбостон, мамлекеттик деңгээлде реформа жүргүзөт”, - деди Жылдыз Жолдошова. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:48

(Фото) “Мекенчил” Кызыл-Кыяда. Ж. Жолдошова: "Терс иштерди жасоодон оолак болуп, келечегибизди татыктуулардын колуна тапшыралы"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кызыл-Кыя шаарында. Адамзат жашоосуна келип жаткан сыноолор кайсы бир туура эмес кылыгыбыздын кайтарымы. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын талапкери Жылдыз Жолдошова Кызыл-Кыя шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Адам баласы же Кудайдан коркушу керек же мыйзамды сыйлашы керек. Жашоодо кызыл чийин деген болот, ошондон ашып кеткенде Кудайдан эскертүү келет. Мына, коронавирус. Европада эмнелер болуп жатканынан кабардарбыз, адамзаттын баалуулугу башкага алмашты. Жараткан кичинекей бактерияны жиберди, сыноо катары. Кечээ эле кандай алааматка кез келдик, жаныбыз менен алышып, илдетти жеңүү эси-дартыбыз болду. Бирок бүгүн анын баарын унуттук, кайра эле добуш сатуу, сатып алуу аракетине чөмүлүп баратабыз. Добуш сатуу жана сатып алуу мыйзамга да, Кудайдын жолуна да каршы келет. Терс иштерди жасоодон оолак болуп, келечегибизди татыктуулардын колуна тапшыралы”, - деди Жылдыз Жолдошова.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:48

(Фото) “Мекенчил” Кызыл-Кыяда. Равшан Сабиров: “Мекенчил” – элдик партия. Ал эл үчүн иштейт!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кызыл-Кыя шаарында. Кыргызстанда чечилүүгө муктаж маселелер көп. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын талапкери Равшан Сабиров Кызыл-Кыя шаарынын шайлоочулары менен жолушууда билдирди. “Биз, “Мекенчил” партиясы парламентке барып калсак, “Кумтөрдү” элге алып, Кыргызстандын экономикасын көтөрөбүз. 4 миллиард долларга чамалаш болуп кеткен сырткы карыздан кутулуу зарыл. Ансыз мамлекет толук кандуу көз карандысыз өлкө болбойт. Пандемия ооруканаларды жаңылоо, санын көбөйтүү зарылдыгын көрсөттү. Буйруса, бул маселени да чечүүнү колго алабыз. “Мекенчил” – элдик партия. Ал эл үчүн иштейт!” – деди Равшан Сабиров. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:48

БШК спикердин шайлануу укугун алган жок

18-сентябрда бул сунуш БШКнын жыйынында каралып, колдоо тапкан жок. Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) караштуу маалымдоо жана үгүт иштерин көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун парламенттик шайлоого «талапкер» деген макамын жокко чыгарууну сунуш кылган. 18-сентябрда бул сунуш БШКнын жыйынында каралып, колдоо тапкан жок. БШК «Кыргызстан» партиясына шайлоо эрежесин сактоону эскертти. Булак: Элгезит

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:48

“Мекенчил” Айдаркенде. К. Ташиев: "Баарыбыз чындык үчүн бек турсак, эч ким сатып ала албайт"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Айдаркен шаарына барды. Эртеңки парламент – элдин бүгүнкү тандоосунан көз каранды. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Айдаркен шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Баарыбыз чындык үчүн бек турсак, эч ким сатып ала албайт. Бүгүнкү тандооңор- эртеңки парламентти түзөт. Акча сунуштагандар алдыңыздарга келип, жолугуша албайт. Анткени аткарган иши, айта турган сөзү жок. Коррупционер болбосо акча сунуштагандын ордуна эл алдына келмек. Мен жүрөгүндө жалы, акылы жана туура тандоосу бар кыргыздар көптүгүнө ишенем. Коом кандай болсо, жетекчи да ошондой болот. Андыктан, добуш сатпай, татыктууларды тандап алыңыздар”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:48

“Мекенчил” Кадамжайда. К. Ташиев: "Алдына эки жакшы талапкерди салып, арасына коррупционерлерди кошуп парламентке жетелеген партиялык системаны өзгөртүү зарыл!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Кадамжай районуна барды. Партиялык система мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштегендердин парламентке келүүсүнө жол ачты. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кадамжай шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Мамлекетибизге 120 депутат көптүк кылат. Ашып кетсе 75 депутат болсо жетиштүү. Балким 50 депутат кылабызбы же 35ке жеткиребизби, аны талкууда чечебиз. Бирок эң көп дегенде 75 болушу керек. Партиялык система менен депутат шайлоо туура эместигин убакыт көрсөттү. Айрым партиялар алдына бир-эки жакшы инсанды коюп алып, арасына коррупционерлерди кошуп парламентке өткөрүп кетип жатат. Ошондуктан бир мандаттуу системага кайра кайрылып, эл өз депутатын так билип шайлагыдай кылышыбыз керек. Биз муну ишке ашырабыз”, - деди Камчыбек Ташиев. Мамлекетибизде 10 депутат коп деп атабыз ашып кетсе 75 депутат болот. 50бу же 35би аны талкууда тктайбыз. Экинчиден бугун мына парлаент партиялык тизме менен туулуп атат. Бул мафиоздук система, анткени арасына кор салп алып партия тузум менен оиуп етип атышат. Ошонуктан ир мандаттуу системаны киргиебизю алдына койгон бир эки баланы жакшы деп добуш бергени менен арасында чыккынчы да отуп кетип атат. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:48

БШКнын жумушчу тобу Жумабековду шайлоого катыштырбоону сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду шайлоого катыштырбоону сунуштады. Анын талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу сунушу БШКнын жыйынында каралат. Жыйын бүгүн 18.00гө белгиленген. Жогорку Кеңештин төрагасы, шайлоого талапкер катары аттанган Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн аялга 50 миң сом сүйүнчү бергени административдик ресурс катары кабыл алынып, коомчулукта талкууга түшкөн. Көпчүлүк буга чара көрүүнү талап кылган. Жумабеков 14-сентябрда Таласка иш сапары менен барганда жаңы төрөгөн аялга 50 миң сом сүйүнчү берген. Бул акча алгач спикердин фондунан берилгени айтылган. Кийин парламенттин басма сөз кызматы Жумабеков сүйүнчүнү үй-бүлөсүнүн атынан бергенин кабарлады. Андан кийин 17-сентябрда сүйүнчү акча төраганын фондунан бөлүнгөнү белгилүү болду. “Ошондуктан бул окуя парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнө тийиштиги жок”, — деп айтылган билдирүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы жагдай иликтенерин билдирген. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Булак: Маралфм

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:48

4-октябрда өлкөнү кыйраткыч күчтөрдөн сактап калуу төңкөрүшү болсун!

Революция деген сөз өлкө жарандарынын көкөйүнө көк таштай тийип, үшүн ала турган сөзгө айланды. Мага жолуккандар, кайрылгандар "Сиз кайрадан революция болушун каалап, элди үндөп жатыпсыз. Революциянын кандай экенин, анын жемишин кимдер пайдаланарын көрдүк. Эми тынч эле жашабайлыбы", - деген пикирлерин айтышууда. Андыктан революцияны эмнеге каалап жатканымдын жөн-жайын түшүндүрүп коюуну туура көрдүм. Революция деген сөз өлкө жарандарынын көкөйүнө көк таштай тийип, үшүн ала турган сөзгө айланды. Бирок алдыдагы шайлоодо мен 3-революция болушун каалар элем. Бул революция ызы-чуу кылып көчөгө чыгуу менен эмес, кан төгүү менен эмес, маредорлук кылып дүкөндөрдү талкалап, банк кутучуларын талап-тоноо менен эмес, бийликти бир ууч топ гана өз кызыкчылыгын көздөп басып алуу жолу менен эмес, акчага сатылбай, куру убадаларга алданбай, арамдык аркылуу эмес, акыл, жан дүйнө, мекенчил, мамлекетчил намысты туу тутуп, туура добуш берип, өлкөнү кыйраткыч күчтөрдөн сактап калуу төңкөрүшү болсо деп тилейм! Биздин өлкө аталышы жагынан Парламенттик башкаруудагы мамлекет. Башкы мыйзамыбызда да ушинтип жазылган. Бирок азырынча аты менен заты дал келе элек. Маселени ушул өңүттөн алып караганда алдыдагы шайлоо өлкөнүн тагдырын чечүүчү шайлоо болууда. Бирок аттанган партиялардын программаларын, тизмедеги талапкерлердин тизмесин талдоого алганда пессимистик маанай жаралат. Алдуу-күчтүү эсептелген партиялардын тизмесин карасак буга чейин өзүн жакшы жагынан көргөзө албаган, шайлоо учурунда гана элге жалган убадаларды берип, акчасын чачып, бийликке келгенде бет кабы сыйрылып, таптакыр башка адамга айланып кеткендер түзүптүр. Эми алар кайрадан эле жаңы бет кап тагынып, ар кайсыл партияга өтө качышып, популисттик чакырыктар менен кайрадан шайлоого аттанышты. Аларды кайрадан тизмеден көргөндө келечектен түңүлгөндөй болосуң. Ошол эле учурда көпчүлүк партиялардын тизмесинен өлкөдөгү аттуу-баштуу жазуучу-акындардын, өнөр адамдардын, окумуштуулардын, ал гана эмес пандемия кезинде ажал менен алышкан өмүр сакчылардын, келечек муунду билим менен сугарган мугалимдердин тизмеси дээрлик жок. Интеллектер бул шайлоодо иттен чыгарылган сыяктуу. Бирок эң кызыгы айрым партиялар тизмеге киргизилбеген дарыгерлер менен мугалимдерди өкүм зордукка салышып, добуш менен камсыз кыласың деп айдактап жатканы жийиркентет. Айрым партия жетекчилери көз жаздым кылуунун далаалатын жасап, алдыга жаштарды тизип, артынан шылдыңдуу карап, акмалап турганы да ачык байкалат. Баштагы убадаларын аткарбаганы аз келгенсип, эми жалганга ширелген, өтө примитивдүү убадаларды башкы программасы катары алып чыгышты. Аларды талдап, “болгон акылы ушуга жеттиби? - деп таң каласың. Президенттин улам-улам “Шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылгыла, форма 2ни токтоткула, акча тараткандарды жазалагыла!”, – деген эскертүүсүн чымын чаккандай көрбөгөн партияларды көрүп, “мыйзамдуулукту сактабаган партияларга кантип анан мыйзам жазган, аны көзөмөлдөгөн эң жооптуу тизгинди ишенип берүүгө болот?”, – деген олуттуу суроо туулат. Эми өлкө тагдырын чечүүчү шоркелдей элибиз тууралуу да айтпай кетүүгө болбостур. Башмыйзамда мамлекеттин ээси – эл экени кашкайта жазылып турат. Бирок биздин эл эчак ээликтен шыпырылып калганын сезишпейт. Алар эчак андай укуктарынан ажыратылган. Анткени өлкө жарандарынын дээрлик 90 пайызы эч кандай партияга мүчө эмес. Ал эми Батыштын акчасына жазылган мыйзамдарыбызда Парламент партиялык тизме аркылуу куралары кашкайта жазылып, андан ары акчаң болбосо арыңа карап аракет кыл деген түшүнүктөр менен бышыкталган. Өлкө калкынын 10 пайызын түзгөн олигархтар үй-бүлөлүк, кландык, аты бар заты жок карлик партияларын түзүп алышып, акчанын күчү менен шайлоонун тагдырын чечип келишет. Акчасыз жарандар шайлоого катышуу укугунан ажыратылганы мыйзам жолу менен бышыкталган. Аларга шайлоо учурунда гана жакын боло калган партиялар алдоо, сатып алуу жолу менен добушун уурдап алышканын шоркелдей элибиз да түшүнгүсү келбейт. Өз добушун сатуу арам экенин аңдап билүүгө алардын акылы, ыйманы, намысы жетпей келгени эң өкүнүчтүү. Бүгүнкү күндүн эң башкы коркунучу да дал ушул кайдыгерлик! Кайдыгерлик менен кулчулуктун, болгондо да башка мамлекетке көз каранды, кул болуп калуунун аралыгы бир кадам эмес, бир карыш! Мына ушуларды ойлогондо, азыркы шайлоо өнөктүгүн талдоого алганда дене боюм дүркүрөп, бизге 3-революция өтө зарыл экенин баса белгилегим келет. Ал революция аң сезимдин, арамдык эмес адалдыктын, жан дүйнөнүн, ыймандын, намыстын революциясы болушун тилейм! Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ, тарыхчы Булак: media-center.kg

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:49

(Фото) “Мекенчил” Баткенде. К.Ташиев: “Татынакай турмушуңарды акчага сатылып, алмаштырбагыла!”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Баткен шаарына барды. Парламент - билимдүүлөргө, эли-жерин чын жүрөгүнөн сүйгөн мекенчил инсандарга муктаж. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Баткен шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Депутат болом деген адам илимдүү-билимдүү, эли-жерин жүрөгү, акылы менен сүйгөн мекенчил болуусу шарт. Парламентке барып алып эки ооз сөздү туура сүйлөй албай калып, аны шайлаган элди уятка калтырбашы керек. Биз, кыргыздар ата-бабалардын жолун улантып, мусулман болуп төрөлдүк. Улуу аалым Чубак ажы дүйнөдөн кайтаарына аз калганда, өмүр менен кош айтышаарын жүрөгү сезгенсип мусулман бир туугандарга осуят калтырды. Ал кыргыздын намысына тийчүдөй кылып айтты: “Саткан добушуңар үчүн алган акчаңар - арам. Ал акчага балаңарга тамак-аш алып бербегиле. Ал акча силердин келечегиңердин соодасы болуп калат. Татынакай турмушуңарды акчага алмаштырбагыла!” – деген. Ушул сөз бизге жетиши керек. Коррупционерлердин арам максатын ишке ашыруусуна өбөлгө болуп бербейли”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:49

Камчыбек Ташиев: “Жоопкерчиликсиз аткаминерлердин айынан мамлекеттин аймагы тарып баратат”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Баткен районунун Көк-Таш айылында. Чек ара маселеси Кыргызстанда эң орчундуу маселе катары кабыл алынышы керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. “Чек ара маселеси Баткен району үчүн өтө курч көйгөй. Чек ара маселеси - Кыргызстанда эң орчундуу орунда турууга тийиш. Чек ара чегинде жашаган элдин социалдык маселесине олуттуу көңүл бурулуп, чек араны делимитациялоо, демаркациялоо иштери соңуна чыгуусу зарыл. Чек ара чегин тактоо кечеңдегенинин айынан канча жаңжал орун алды, канча адам өмүрү менен кош айтышты. Мунун баары жоопкерчиликсиз аткаминерлердин айынан болууда. Алардын кесепетинен мамлекеттин аймагы тарып баратат. Жерди жоготконуң – мамлекетти жоготконуң. Биз бир метр жерибизди да башкага бербейбиз”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:49

(Фото) “Мекенчил” Баткен районунда. К.Ташиев: Кыргыз мамлекетине бирдиктүү башкаруу керек. Президент шайландыбы – бардык милдетти жана жоопкерчиликти өзүнө алсын

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Баткен районуна барды. Мамлекеттик башкаруу бирдиктүү болушу керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Баткен районунун Көк-Таш айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Пандемия дүйнөдөгү бардык мамлекеттерди кыйноого салды. Анын арасында Кыргызстан да бул илдет менен бет келишти. Дээрлик бардык жарандарга кесепетин тийгизип, ооругандар көбөйүп, эл алапайын таппай калды. Бири тамак-ашка, бири дары-дармекке, бири ооруканадан орунга муктаж болуп, кыйналып турган чакта өкмөт башчы отставкага кетип калды. Эл бийликти карап турган кез болчу, бул алааматтан бизди сактап калат деп. Бирок премер-министр арызын жазды да, кетип калды. Бул эмне деген жоопкерчиликсиздик?! Анын жоопкерчиликсиздиги ушул убакка чейин суралган жок. Ошондуктан Кыргыз мамлекетине бирдиктүү башкаруу керек. Президент шайландыбы – бардык милдетти жана жоопкерчиликти өзүнө алсын. Экономикага, элдин жашоо-турмушуна, коопсуздугуна өзү жооп берсин. Премьер-министр деген болбошу керек. Бийлик бирдиктүү башкарууга баш ийсин, эл ага ишенсин. Парламентке барып калсак, Конституцияга мына ушундай өзгөртүү киргизебиз”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:50

Баш прокуратура: “Форма-2” боюнча шайлоочуларды жапырт каттоо фактылары текшерилип жатат

Баш прокуратура “Форма-2” боюнча шайлоочуларды жапырт каттоо фактылары текшерилип жаткандыгын билдирди. Кийинки кезде социалдык тармактарда жана ЖМКда алдыдагы парламенттик шайлоого карата шайлоочуларды “Форма-2” деген арыз менен катталган шайлоо участогунан башка жакка каттоо фактылары текшерилет. Башкы прокуратуранын билдирүүсү боюнча, ички иштер органдарында кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине шайлоочуларды массалык каттоо боюнча сотко чейинки 21 иш катталды. Жапырт каттоо тууралуу материал менен бул шилтемеден тааныша аласыз.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:49

Шайлоо-2020: БШК Дастан Жумабековдун каттоосун жокко чыгаруу маселесин карап жатат

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду шайлоого катыштырбоону сунуштады. Учурда БШК жумушчу топтун аны каттоодон алуу боюнча сунушун жыйында карап жатат. Жогорку Кеңештин төрагасы, шайлоого талапкер катары аттанган Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн аялга 50 миң сом сүйүнчү бергени административдик ресурс катары кабыл алынып, коомчулукта талкууга түшкөн. Эске салсак, Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени кабарланган. 17-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы кайра маалымат таратып, акча фонддон бөлүнгөнүн айткан.БШК Дастан Жумабековдун сүйүнчү маселесин карайт

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:49

Көчөрбаев: Эгерде «баарына каршы» биринчи орунду алып, жеңип чыкса, анда шайлоо башынан өтөт

Эгерде «баарына каршы» биринчи орунду алып, жеңип чыкса, анда шайлоо башынан өтөт. Бул тууралуу “Кырк Чоро” коомдук уюмунун жетекчиси Замирбек Көчөрбаев “Майдан” теледебаты учурунда билдирди.“Эгерде «баарына каршы» биринчи орунду алып, жеңип чыкса, анда шайлоо башынан өтөт. Кайра шайлоо учурунда биринчисинен өтпөй калган партиялар экинчи жолу катышууга моралдык укугу жок”,-деди Көчөрбаев.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники