О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
19 сентября 2020 г. 14:41

Мамыржан Рахимов призвал баткенцев поддержать программу БИРИМДИК №1

Сегодня, 18 сентября, агитационный караван с лидерами и кандидатами от партии демократического социализма – евразийский выбор "Биримдик" прибыл в Баткенскую область. "Человеческий и социальный капитал – это основные факторы развития экономики. В этой связи необходима разработка политики, направленной на сокращение бедности посредством выстраивания системы по ее постепенному смягчению и полному устранению, предполагающей комплексное рассмотрение проблем бедности. Это приоритетная задача партии Биримдик", - отметил кандидат в депутаты от партии "Биримдик" Мамыржан Рахимов. По его словам, партия "Биримдик" предлагает продуманную социальную политику, направленную на развитие человеческого капитала, которая бы содействовала обеспечению занятости, регулированию доходов граждан, оказывала помощь наиболее незащищенным слоям населения. Главные задачи партии в этом контексте: • обеспечение принципов социальной справедливости; • создание условий для полной занятости населения; • выплата пособий гражданам, ставшим временно безработными по независящим от них причинам, в размерах согласно закону, но не ниже минимальной потребительской корзины; • развитие адресной системы социальной защиты в первую очередь детей-сирот, инвалидов, одиноких престарелых граждан, многодетных семей, лиц, пострадавших в результате выполнения служебного долга; • реализация программы социального жилья. Мамыржан Рахимов выразил надежду на то, что жители Баткена примут активное участие в выборах и поддержат партию "Биримдик". Оплачено из избирательного фонда политической партии "Демократическая партия "Биримдик" (Единство)" уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:42

"Биримдик" №1:Образование и здравоохранение - это обязательство государств

Состоялась очередная встреча лидера и кандидатов партии демократического социализма – евразийский выбор "Биримдик" с жителями Свердловского района города Бишкек. Много теплых слов поддержки от жителей, много вопросов, доброжелательность и конструктивные дискуссии – такой формат стал традиционным для встреч партии "Биримдик". В своем обращении к жителям лидер партии Марат Аманкулов сказал, что "Биримдик" - это молодая, новаторская партия, которая несет новую политическую культуру. "Мы предлагаем для Кыргызстана новую идею - демократический социализм и евразийство", - сказал он. В двух словах евразийство можно выразить тем, говорит он, что проживавшие на территории Советского Союза народы чувствуют друг друга и понимают. Причина, по словам лидера "Биримдик", в том, что "мы все - дети одной цивилизации". "Мы все с вами на протяжении многих веков совместной жизни, совместной истории создали свою цивилизацию – Евразийскую. Поэтому мы друг друга понимаем на ментальном и культурном уровнях", - сказал он. Рассказывая о демократическом социализме Аманкулов остановился на том, что партия "Биримдик" базируется на патриотической платформе. Демократическая часть - это та, в которой мы говорим о всех завоеваниях, приобретенных Кыргызстаном за период независимости, - это свобода, суверенность, независимость, самостоятельность, территория государства, ее границы, гимн, герб, конституция, свобода выбора, свобода слова, выборность и так далее. "Все это нужно сохранить. Это для нас ценно", - подчеркнул лидер партии "Биримдик". – "Социализм в платформе партии – это общество социальной справедливости. Мы идем в законодательный орган, чтобы сформировать новую власть, в работе которой основой станет принцип социальной справедливости", - сказал Аманкулов. "Государство, в принципе, создается только с одной целью – чтобы развивался человек. Для этого нужно два базовых понятия - те, что ставит в приоритет партия "Биримдик", – образование и здравоохранение. И мы хотим изменить отношение к ним. Это не услуга, это обязательство государства. И справедливость его в том, чтобы дать каждому человеку возможность равного доступа к высокого уровня образованию и высокого уровня здравоохранению. Потому что здравоохранение – это дух нации, а образование – это то, что формирует наше сознание. То, каким будет наше общество завтра, зависит от образования, а здравоохранение - это тело нации", - сказал Аманкулов, отметив, что с такой идеей идет партия "Биримдик" на выборы в Жогорку Кенеш КР. "Партия демократического социализма – евразийский выбор "Биримдик" хочет начать новый этап в истории Кыргызстана. Это новаторская партия, которая несет новую идею. За нами будущее", - подчеркнул Аманкулов. На встречах об идеях партии не всегда есть возможность рассказать их полностью. Но во время узких встреч на разных площадках, рассказывая о той идее, с которой партия идет на выборы, абсолютно все люди понимают и поддерживают "Биримдик". "Предлагаемая нами идея демократического социализма и евразийства – это то, что мы есть сами. Мы начали с осознания того, кто мы есть и что для нас есть картина мира, как мы ее видим. Евразийство и демократический социализм – это образ нашего будущего, это судьба. То, что не изменить. Поэтому прошу поддержать нас. Поддерживая нас, вы поддерживаете будущее!" - сказал в завершении своей речи Марат Аманкулов на встрече с жителями Свердловского района города Бишкек. Оплачено из избирательного фонда политической партии "Демократическая партия "Биримдик" (Единство)" уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 13:14

Шайлоочулар менен болгон жолугушуулар уланууда.

Шайлоочулар менен болгон жолугушуулар уланууда. 🔺Мекеним Кыргызстан саясий партиясы.✅ 🔸Встречи с избирателями продолжаются. 🔺Политическая партия Мекеним Кыргызстан✅ 🔸Чуйская область, Ысык-Атинский район, село Карагай-Булак

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:43

Шайлоочулардын массалык түрдө дарегин которуусу боюнча 21 кылмыш иши козголду

Шайлоочулардын массалык түрдө дарегин которуусу боюнча билдирүүлөргө ылайык 21 материал каттоого алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. Көзөмөл органынан маалымдашкандай, парламенттик шайлоо алдында социалдык тармактарда жана коомчулукта №2 форма боюнча массалык түрдө дарек алмаштыруу фактылары айтылып жатат. "Айрым учурларда мындай көрүнүштөрдүн артында шайлоочуларды башка участокко ташып алып баруу, добуштарды сатып алуу, документтерди жасалгалоо аракеттери болушу мүмкүн. Бул жаатта Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 21 материал катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө. Башкы прокуратура эске салгандай, “КР президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, ар бир шайлоочу алдын ала тизмеден маалыматты тактап алышы керек. Тизмеден өзүн таппай калган учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациялоодон өтөт. Белгиленген формадагы арызды шайлоочудан кабыл алганда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү анын толтурулушунун тууралыгын жана арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын паспорттук маалыматтарга туура келерин текшергенден кийин, ошондой эле идентификациядан өткөн шартта шайлоочуга арызды иштеп чыгуунун статусун тактоо боюнча маалыматы бар, арыздын төмөн жагында жайгаштырылган айрыма талон берет. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:43

Эртең шайлоочулар үчүн биометрикалык маалыматтарды тапшыруунун акыркы күнү

Кыргызстандын жарандарын шайлоочулардын тизмесине киргизүүнүн негизги шарты биометрикалык каттоодон милдеттүү түрдө өтүү болуп саналат. Бул тууралуу Мамлекеттикк каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө ылайык, калкка биометрикалык каттоону тапшыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, республика боюнча калкты тейлөө борборлорунун иш убактысы узартылган. 14-сентябрдан 19-сентябрга чейин калкты тейлөө борборлору жарандардын биометрикалык маалыматтарын саат 20:00гө чейин кабыл алат. Калган кызматтар мурунку иш графиги боюнча – 9:00дөн 18:00гө чейин көрсөтүлөт. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн калкты тейлөө борборлорунун даректери: Бишкек шаары: Бишкек ш., Нуркамал к. 29., Чолпон-Ата к., 2б, Жаш Гвардия 4, Ауэзов к. 1/5, “Фрунзе” Садырбаев көчөсү 107 (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет), Т.Молдо 21 (Фрунзе көчөсү менен кесилишет). Чүй облусу: Шопоков ш., Машиностроительная к. 1 Ысык-Көл облусу: Каракол ш. Гебзе к. 124 Нарын облусу: Нарын ш. Токтосунов к. 24. Талас облусу: Талас ш. Дзержинский к. 28, Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад ш. Барпы Сейил 220, Базар-Коргон ш. Курбанов к. 1 Ош облусу: Ош ш. Ленин к 318, Ош ш. Раззаков к. 2, Өзгөн р. Ленин к. 115 Баткен облусу: Баткен ш. Мурат Салихов к 41, Кызыл-Кыя ш. Маяковский к. 3. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:43

Дастан Бекешев: "Биз тозокту өзүбүз курабыз, бирок аны көпчүлүк шайлоочуларга оодарып жатабыз"

Кыргызстанда шайлоодо жашыруун добуш бербестен, аны ачык өткөрүү керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты. “Көпчүлүк учурда жарандар депутаттардын жүрүм-турумуна, сөздөрүнө же аракетсиздигине нааразы болушат. Бирок парламентте ким болорун чечүү кезеги келгенде, амнезия болгон сыяктуу. Коркунучтуу июль айынан кийин да, сентябрь айында амнезия келди. Алар тигилерди да, аларды да макташат, бирок кимдир бирөө үнүн сатуудан тартынбайт. Бирок ошол эле үнүн саткан адам ШИИБдеги коруупция жана эң жогорку деңгээлдеги паракорчулукка ачууланат. Добуш берүүнү ачык өткөрүп, “коркунучтуу партияларга” добуш берген бардык шайлоочуларды кийинки окуялардын баарына тиешелүү кылса кандай сонун болмок? Адилеттүү да? Ачык добуш берүү биздин ким экенибизди көрсөтмөк. Өзгөртүүлөрдү каалаган жарандар, же бир күн менен жашагандар жана коркконунан добуш берген жарандар же 2000-3000 сомдун айынан. Бирок мен 4-октябрдан кийин жарандар кайрадан өз парламентин жана өкмөтүнө нааразы болушарын так билем. Биз тозокту өзүбүз курабыз, бирок аны көпчүлүк шайлоочуларга оодарып жатабыз …", – деп жазган Бекешев. Часто граждане возмущаются поведением, словами или бездействием депутатов. Но когда наступает их черёд определить, кто... Posted by Дастан Бекешев on 2020-ж., 17-сентябрь, бейшемби Булак: NazarNews.kg

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:43

Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү Банк ячейкасынан алган акчаларын шайлоого чачып жатабы?

Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү бийликке келери менен Банк ячейкасына суук колдорун матырышып, элдин акчасын КАМАЗ менен ташып келип бөлүп алышкан. Эми ошол Банктан алган акчаларын парламенттик шайлоого сарпташкан жокпу? БЭКтин башчылары камалып, качып, тозуп жүргөн убакта, сыйкырчы “Сүф” дей койгондой эле бийликте пайда болушкан. 2010-жылы 7-апрелде БЭКке катуу таарынып жүргөн Темир Сариев Москвадан учуп келип, Ак үйгө барып премьер –министр Данияр Үсөнов менен элден жашынып сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштайт. Элге барып тайгаланып жыгылып КАМАЗдын үстүнө чыгып пикирин айтайын дегенде, Ак үй алдында чогулгандар кубалап түшөт. Темир Сариев учакта жүрүп бийликти алмаштыргансып, ошол күнү кечинде Бекназаров, Атамбаев, Булекбаев, Жекшенкулов сыяктуу БЭКтин лөктөрүн катыштырбай, өз алдынча Убактылуу Өкмөттү түзүп, өзүнө финансы, экономика министрин ыйгарып алат. Андан соң колу туткак Темир Сариев өчү бардай мамлекеттик акча каражатын ашаганга өтөт. Ушул жерде бир гана фактыга кайрылалы. Банк ячейкасынан Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү ким канча акча алган? Банк ячейкасындагы 21 миллион 500 миң долларды КАМАЗ толтура жүктөп келишет. Бул акчадан “ооз тийсин” деп Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Атамбаевди күтүшөт. Чындык үчүн айтыш керек Атамбаев Элмира Ибраимова менен келет да, “ооз тийишип” 100 доллардан гана алышат. Убактылуу Өкмөттүн Финансы министри Темир Сариев ары-бери чуркап жанын кейитпей эле долларларды өзү каалагандай бөлүштүрө баштайт. Мурунку бийликке козголгон кылмыш иштерге байланыштырып, элдин мүлкүн бекер аштай көрүп эле мамилелештерин май-талканга бөлөгөн. Ушунун ичинен 7 миллион долларын мамлекеттик кырдаалды жөнгө салууга деп чыгышталууга тийиш болсо, анын 3 миллион 327 миң 95 доллары гана мамлекет органдарына жана атка минерлерге жеткен. Бирок каражат кайда сарпталып жатканы көзөмөлдүккө алынган эмес. Темир Сариевди Бишкектин экс - мэри Иса Өмүркулов ресторанга алып барып сый көрсөткөнү бар. Финансы министрлеринин өзү тойсо да көзү тойбойт эмеспи. Темир Сариев аны жөн калтырган эмес. Алгач эле Иса Өмүркуловго 100 миң доллар, Бишкектин Ленин районунун элдик кошуунуна 15 миң долларды банк ячейкасынан алып берет. Бишкек мэри Өмүркулов жеке буйругу менен өң тааныш 21 жеке адамга бакстарды бөлүп берет. «Журт алган куруттан, жуда мени куруткан»-деп Убактылуу Өкмөттүн төрайым орунбасары Өмүрбек Чиркешович 2010-жылдын 13-июнунда буйрук менен 20 миң доллар алган. Эмнеге көзүнө жакшы көрүнүп кеткени белгисиз Базар-Коргондук жердештери, «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрү Олжобай Боронбаев, Сайдулла Нышанов дегендерге 5 миң доллардан берсе, Базар-Коргондун акимине калганын кармата берген. Андан тышкары бирде митингчи, бирде антимитингчи, Убактылуу Өкмөт мүчөсү, ошол мезгилде Башкы токойчу болуп турган Топчубек Тургуналиев «Манастан Чубак кем бекен» - деп банк ячейкасынан 5 миң доллар алып, «Эркиндик» партиясынын 4 мүчөсүнө берген. Мамлекеттик каттоо кызматы банк ячейкасынан 120 миң доллар алат. Бул доллардын 20 миңин ошол мезгилдеги Мамкаттоонун жетекчиси, убагында Нарындын «Ата-Мекенин» жетектеген Алмамбет Шыкмаматов шык чөнтөккө салып, Нарынга алып кеткен. Жалал-Абаддын ошол мезгилдеги айбаттуу губернатору, Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиевди топуракка оонаткан Бектур Асанов 100 миң доллар менен жүзүн аарчыган. Канчасы «магырычка» кеткени белгисиз. Темир Сариев Кеңешбек Дүйшөбаев башында турган Коопсуздук кызматына 900 миң доллар уячадан алуусуна уруксат берет. Коопсуздук Кеңешинин ошол мезгилдеги катчысы Алик Орозовго уячадан атайын операция үчүн 100 миң доллар берилет. Орозовдун оозу Ошту карабай эле, папкеси Пакистанды көздөй учуп, операция ишке ашпай калат. Анын 43 миң доллары Башпрокуратурага кайтарылганы менен, 57 миң доллары бир спецназды жана күжүрмөн даярдыктагы белгисиз, аты-заты жок үч топту түзүүгө жумшалды деп «омийн» болгон. Коргоо министри Исмаил Исаков банк ячейкасынан 250 миң доллар алган. Анын 100 миң доллары Коргоо министрлигине берилип,150 миң доллар министрдин жардамчысына берилген. Бул каражаттар Коргоо министринин буйругу менен түштүк аймактагы аскер бөлүктөрүнүн командирлерине, күч органдарынын жетекчилерине, үч облустагы ооруканалардын башкы врачтарына жана губернаторлорго бөлүнүп берилген. ИИМге 1 миллион 300 миң доллар берилип, анын 177 миң доллары жана 274 миң сому кайтарылып берилген. Байтемир Ибраев жетектеген Баш прокуратура деле банк ячейкасынан кур калбай 50 миң доллар алып пайдаланылбаган каражаттын кайтарылганы белгисиз. Өзүнө -өзү кайтармак беле. Убактылуу Өкмөттүн тобокелдиктер менен иштөө тобунун жетекчиси Чолпон Ногойбаева банк ячейкасынан 25 миң 555 доллар алса, банк ячейкасынан Жалал-Абад мэриясы 100 миң доллар алган. УӨнүн маалыматтык-координация борборунун жетекчисинин орун басары Роза Даудова 8 миң 500 доллар алып, Ош менен Жалал-Абадда пресс-борборлорду ачууга жумшадым деген. Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 13-майындагы буйругу менен аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев 53 миң доллар банк ячейкасынан алган. Бул каражатты ал жардамчысына берген. Ал 42 миң 95 долларды элдик кошуундардын лидерлерине жана өзгөчө кырдаалдарды турукташтырууга жардам берген адамдарды каржылаган. Жана да аппарат жетекчисинин жардамчысы 20 миң доллар алып, каражатты сомго айырбаштап, тамак-ашка, унаага, желекче, колго байланган оромолдор үчүн кездеме, түтүкчө алганга жумшаганмын деп актанган. Акча каражатынын арткан 10 миң 905 доллары Башпрокуратурага кайтарылып берилген. Талкаланган Улуттук телерадиокорпорациясын калыбына келтирүү максатында Убактылуу Өкмөт тарабынан 20 миң доллар бөлүнүп берилген. «Артык дөөлөт баш жарат» - деп, артып калган 2 миң 960 долларды КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев кайра кайтарып берген. ЭлТР телеканалына 10 миң доллар банк ячейкасынан алынып берилген. Убактылуу Өкмөттүн Республикалык штабы 500 миң доллар алып, долларды жыттап-жыттап кайра кайтарып берген. Банк ячейкасына бардыгы 21,5 миллион доллар салынган. Убактылуу Өкмөт бөлгөн 7 миллион доллардын 3 миллион 327 миң 95 доллары пайдаланууга бөлүнгөн. Анын тиешеси барбы, тиешеси жокбу 2 миллион 587 миң 174 «жашылбайы» «омийн» болуп, кайрадан кайтарылып берилгени 733 миң 965 доллар жана сомго айланган 5 миң 900 доллар (274 миң сом). Банк ячейкасында 12 миллион 384 миң доллар гана калган. Калганы кайда кеткени тууралуу аттуу-баштуу, айла-амалдуу Темир Сариев менен калыс болуп берген прокуратуранын гана башы жетпесе, карапайым адамдын тиши өтпөйт экен. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:44

БШК шайлоонун таза өтүүсү үчүн шайлоо тутумуна санариптик технологияларды киргизди

Борбордук шайлоо комиссиясы - алдыдагы парламенттик шайлоонун ачык, таза, калыс өтүүсү үчүн шайлоо тутумуна санариптик технологияларды киргизди. Шайлоого катышуу жана шайлоочулардын тизмесин түзүү биометрикалык каттоонун негизинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу tizme.gov.kg порталынан да маалымат алса болот. Шайлоо системасына киргизилген санарип технологиялар жана шайлоо моделдериндеги жетишкендиктер тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында айтып берди. Айтымында шайлоого байкоочулук кылуу үчүн жарандык көзөмөлдөгү 66 коомдук уюмдардан өкүлдөр катталган. "Акыркы күндөрү БШКнын тобу көбүнчө калктын маалымдуулугун жана аларга жеткирилип жаткан маалыматтардын ачыктыгын камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат .Бул максатта көптөгөн веб-ресурстар иштелип чыкты.Алар аркылуу жарандар жана шайлоочулар шайлоого даярдыктар, добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу ачык маалымат алса болот",- деди БШКнын эксперти Улан Мурзаев. "Бул жылы өтө турган шайлдоонун өзгөчөлүгү пандемия шартына туура келип калгандыгы. Кыргызстан өлкөсүнүн шайлоо тилкелери планшеттер менен камсыздалгандыгы мени кубандырды",- деди КМШ миссиясынын штабынын жетекчиси Олег Кулеба. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
19 сентября 2020 г. 16:15

Колдооңуздарга рахмат!

Колдооңуздарга рахмат! “Элдин уулу бол! Аллахтын кулу бол! (с) Кара-Суу районубузга караштуу Отуз-Адыр, Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Мады, Катта-Талдык айылдарынын тургундары менен. ☑️ - 4-октябрь ☑️ - №4 “Мекеним Кыргызстан” партиясы. 🙏

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:44

Сарыбашов: Шаардагы шайлоо тилкелеринде санитардык абал жана коопсуздук көзөмөлгө алынат

17-сентябрда Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Коопсуздукту жана укук тартипти камсыздоо боюнча Координациялык Кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, координациялык кеңештин мүчөлөрү, шаардагы укук коргоо тармагындагы жетекчилер жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты. Күн тартибинде Ош шаарындагы коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугун бекемдөө жана Жогорку Кеңештин шайлоосуна байланыштуу маселелер каралды. Шаар мэри ар бир партияга калыс мамиле жасалышы керектигин, коомдук абалды сактоого өзгөчө көңүл бурулушу керектигин билдирди. “Ар бир кызмат өзүнүн милдетин так аткарышы керек. Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринде санитардык абал, коопсуздук толук сакталсын. Көзөмөлгө алабыз. Шайлоого катышып жаткан ар бир саясий партияга калыс, бирдей мамиле жасалат”,-деди шаар мэри. Жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу вице-мэр, прокурор, шаардык милициянын башчысы маалымат берип, тиешелүү тапшырмалар берилди. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:44

Москвада 5 миңге жакын шайлоочу алдын-ала каттоодон өттү

3-сентябрдан 17-сентябрга чейин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги биометрикалык маалыматтарын тапшырган, консулдук органдарда каттоодон өткөн жана №2 формасы боюнча Москва шаарында добуш берүү ниетин билдирген 3300 жаранды кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Росииядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Ошентип, 16-сентябрга карата Москва шаарында 5 миңге жакын шайлоочу алдын-ала каттоодон өткөн. Россиянын аймагында 11 шайлоо участкалары түзүлгөн. Ошол эле учурда, элчиликтин маалыматы боюнча, биринчи жолу элчиликте эки шайлоо участкасы ачылат. Россиянын Элчилиги жана Ички иштер министрлиги Россиянын аймактарында түзүлгөн бардык УШКларда шайлоо алдында жана добуш берүү күнү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып барышат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:44

Шайлоо бүткөн соң электрге баа көтөрүлөбү?

Электр тармагын тейлеген биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков жыйындарда былтыйып отуруп бергенден башканы билбей калды. Токтогул суу сактагычыны көлөмү 19 млрд/кубдан 17 млрд/кубга түштү. Июндан тарта Үч-Коргон суу сактагычы аркылуу Казакстандын сугаты үчүн суу койо берилди. Июнь-августта Кыргызстан Казакстанга 300 млн кВт саат электр энергиясын жана 330 млн куб суу берди. Албетте, мунун кайтарымы күзүндө болмок. Кыргызстан менен Казакстандын тиешелүү тараптары кол коюшкан электр энергиясын алмашуу боюнча келишимдин токтомуна ылайык Кыргызстан Казакстанга электр энергиясын 0,0000001 (болжол менен 0, 001 тыйын) доллардан сатып, ал эми Казакстандан 21 тыйындан сатып алат. Мурунку электр боюнча алакага карайлы, 2018-жылы Казакстанга 6 сом 76 тыйындан, Өзбекстанга 1 сом 47 тыйындан сатылыптыр. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 20-ноябрында «Электрэнергиясынын 2014-2017-жылдардагы тарифи жөнүндө» № 660 Токтомго кол койот. Бул Токтомдун негизинде Жылуулук –энергетика комплексинде Мамлекеттик агентчилик (ГАРТЭК) түзүлөт. Казакстандан 1 квт/ саат электрэнергияны 5 сом 61 тыйындан импорттоп алып жатабыз дешип, электрге болгон тарифти көтөрүшүп, 700 квт/ сааттан өткөн ар бир квт/ саат электрэнергиясынын наркын 300 пайызка көтөрөт, электрэнергиянын баасы 2 сом 16 тыйын болуп калат.Ушунун айынан 2014-2015-жылы гана калк 2 млрд. 200 млн сом ашыкча акча төлөшкөн, андан кийинки жылдарды эсептебей эле койолу. 2016-жылдын январынан баштап Казакстандан 1 квт/саат да электрэнергияны алышкан эмес, бирок электрэнергияга болгон баа төмөндөгөн эмес. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Подробнее
19 сентября 2020 г. 19:05

Токтогул район

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын жашоочулары менен жолугушту.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:46

Опрос: «Высокой» и «очень высокой» вероятность подкупа на выборах назвали 65% избирателей

90% опрошенных избирателей заявили о том, что им известно, что подкуп голосов является преступлением согласно новым изменениям в законе. Из них 38% оценили вероятность подкупа голосов на предстоящих выборах в Жогорку Кенеш как «высокую», еще 27% — как «очень высокую» (совокупно 65%). Об этом рассказали в Общественном фонде «Общее дело» по итогам проведенного среди избирателей опроса «Взгляды граждан на предстоящие парламентские выборы 4 октября». «Более половины опрошенных знают, что использование административного ресурса является преступлением по новому законодательству. 33% и 14% оценили вероятность использования админресурса как «высокую» и «очень высокую» соответственно», — прокомментировали в ОФ «Общее дело» итоги опроса. Вне зависимости от эпидемиологической ситуации участвовать в голосовании намерены 60% граждан. Только 11% ответили, что опасаются за свое здоровье и воздержатся от голосования, если ситуация с COVID-19 обострится. При этом только 15% опрошенных точно знают, за кого собираются отдать голоса, а 58% заявили, что пока не знают, за кого проголосовать. Еще 14% респондентов ответили, что проголосуют «против всех». Наибольшее количество желающих проголосовать «против всех» — в Бишкеке. Среди партий наибольшее количество симпатий распределилось между «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» и «Ата Мекен» в разном соотношении по всем семи областям, включая столицу. Обеспокоенность вызывает тот факт, что порядка 55% опрошенных сообщили, что не информированы о процессе уточнения себя в списках избирателей, а 51% вообще не были проинформированы о процедурах в день голосования. Опрос проводился специалистами Фонда с 21 августа по 4 сентября. В исследовании приняли участие 1 202 гражданина из всех областей КР. Справка Проект независимого наблюдения за предстоящими выборами в Жогорку Кенеш реализует Общественный фонд «Общее дело» . Проект независимого наблюдения включает такие компоненты, как: Проведение анализа избирательного законодательства КР; Подготовка долгосрочных наблюдателей; Подготовка краткосрочных наблюдателей; Организация долгосрочного и краткосрочного наблюдений за выборами в ЖК КР; Проведение количественных и качественных исследований, касающихся как выборов, так и других политических процессов в КР, связанных с подготовкой и проведением выборов; Реализация кампаний гражданского образования об избирательных правах граждан и повышение правосознания граждан. Проект независимого наблюдения за подготовкой и проведением парламентских выборов в Кыргызстане нацелен на обеспечение прозрачности предвыборного процесса и своевременное информирование, чтобы предстоящие выборы были по-настоящему честными и свободными. ОФ «Общее дело» — некоммерческая организация, созданная для проведения мониторинга выборов в Кыргызской Республике, реализации проектов гражданского образования, содействия более активному участию граждан в процессах управления.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:46

Шайлоо-2020: «Чоң казаттын» тизмесинен 4 талапкер чыкты

«Чоң казат» партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинен 4 адам чыгарылды. Мындай чечимди кечээ, 18-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды. Партиянын талапкерлеринин тизмесинен чыгарылгандар: – Султангазиева Анаркүл Аскарбековна; – Собирова Саида Иброхимовна; – Ажымамбетов Актан Айылчиевич; – Асаналиев Ганы Бекбоевич. Мындай чечимге «Чоң казат» партиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсү негиз болду.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники