О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
19 сентября 2020 г. 14:34

Парламентке аялдардын келиши эмне үчүн маанилүү? (видео)

Белгилүү кыргыз блогерлери жана сүрөтчүлөрү жарандардын шайлоо билимин жогорулатууга багытталган маалыматтык өнөктүккө катышты. Акциянын темаларынын бири депутаттардын гендердик тең салмактуулугу болду. Жарандар ар бир партияда бир гана жыныстагы талапкерлер болбошу керектигин унутпоого чакырылат. Шайлоо мыйзамында ар бир үчүнчү талапкер башка жыныста болушу керек деген жобо бар. Бир гана #СИЛАГОЛОСА #ДОБУШТУНКҮЧҮ хэштеги менен видеотасмалардын цикли жарандарга добуш берүүнүн маанилүүлүгү, медиа сабаттуулук, парламент өкүлдөрүнүн ар түрдүүлүгүнүн ролу жана алардын жигердүү шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө маалымат берет. Шайлоочуларга билим берүү кампаниясы #MediaK Internews in USAID Kyrgyz Republic in Kyrgyzstan долбоору тарабынан колдоого алынган. Сүрөт www

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:34

Россия поможет находящимся в ней кыргызстанцам с выборами в Жогорку Кенеш

Российская сторона готова помочь находящимся на ее территории гражданам Кыргызстана принять участие в назначенных на 4 октября в выборах в Жогорку Кенеш. Об этом заявила председатель Центральной избирательной комиссии России Элла Памфилова в входе состоявшейся в Москве встречи с Чрезвычайным и Полномочным Послом КР в РФ Аликбеком Джекшенкуловым. Основной целью встречи, как сообщили в посольстве, было углубление кыргызко-российского сотрудничества, а также обсуждение подготовки к предстоящим парламентским выборам в республике. Особое внимание было уделено реализации избирательных прав граждан КР в РФ и их участию в голосовании. Аликбек Джекшенкулов поздравил Эллу Памфилову РФ с успешным проведением 13 сентября текущего года Единого дня голосования по поправкам в Конституцию РФ. И выразил заинтересованность в усилении взаимодействия между избирательными органами обеих стран, в том, чтобы ЦИК РФ направил на парламентские выборы в Кыргызстане своих наблюдателей. Посол сообщил, что ЦИК КР учредила на территории России одиннадцать избирательных участков КР в десяти российских городах. В Москве, учитывая наибольшее количество находящихся здесь граждан КР, впервые будет открыто одновременно два отдельных таких участка при посольстве. Они, кроме того, в этом году впервые открыты в городах Сургут, Иркутск, Якутск и Южно-Сахалинск. По словам Джекшенкулова, нынешняя предвыборная подготовка отличается особой активностью соотечественников в России, которые обращаются с заявлениями о намерении участвовать в голосовании. На сегодняшний день в списке избирателей по Москве состоят уже более 6 тысяч граждан КР. Элла Памфилова отметила высокий уровень дружественных и партнерских отношений между Россией и Кыргызстаном, а также успешность взаимодействия между их избирательными органами. Председатель ЦИК РФ подчеркнула, что российская сторона готова всесторонне помочь созданию условий для проведения на территории России выборов в Жогорку Кенеш. И - оказать этому необходимое техническое содействие.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:43

Шайлоо-2020: Эл аралык дагы 14 байкоочу катталды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) 2020-жылдын 18-сентябрындагы жыйынында 4-октябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын дагы 14 өкүлүн эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрүү токтомун кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдайт. Белгилей кетсек, БШК буга чейин эл аралык 25 байкоочуну каттоодон өткөргөн. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:35

"Биримдик" N1: Пархат Тулендыбаев: "Я иду на выборы с партией будущего"

Встреча кандидатов партии демократического социализма – евразийский выбор "Биримдик" прошла в Свердловском районе Бишкека 16 сентября. Жители встретили очень тепло, задавали вопросы, активно обсуждали и наболевшие проблемы, и идеологию партии, которая большинству оказалась очень близка. В своей речи кандидат партии "Биримдик" Пархат Тулендыбаев рассказал, что был в свое время - еще до депутатства в Жогорку Кенеше - он был депутатом Бишкекского городского кенеша. За 10 лет в общественную приемную Свердловского района, по его словам, обратились 6524 избирателей. 80% обращений решены, 20%, как сказал с сожалением Тулендыбаев, не удалось решить. Причина этого в том, что это вопросы социального и жилищного характера, говорит кандидат. "И я иду с партией "Биримдик" потому, что и эти 20% вопросов должны быть решены. Именно с партией "Биримдик" мы сможем сделать это. Это партия будущего. Как сказал выступающий передо мной уважаемый аксакал, мы все хотим, чтобы было как раньше. Чтобы работали заводы и фабрики, чтобы все быстро и динамично развивалось, чтобы мы ставили амбициозные цели и достигали их. Мы не хотим пустых обещаний, нам нужны реальные действия, продуманная стратегия, нужен путь, который позволит нам прийти к процветанию и будет при этом соответствовать нашему менталитету. Это должен быть именно наш собственный путь. И партия "Биримдик" знает его! Присоединяйтесь, мы победим вместе с вами! Голосуйте за партию "Биримдик"!", - заключил Тулендыбаев Оплачено из избирательного фонда политической партии "Демократическая партия "Биримдик" (Единство)" уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:39

SIAR консалтинг агенттигинин сурамжылоосу: эл шайлоого ат салышпаган партияларды көргүсү келет

АКШнын USAID уюму тарабынан каржыланган SIAR консалтинг агенттигинин Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча кыргызстандыктардын саясий маанайы тууралуу сурамжылоосу талкуу жаратты. Чөнтөк телефон аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоодо бардык аймак боюнча алгачкы тизмеден мурдагы СДПК менен «Ата Журт» саясий партияларын көрүүгө болот. Бирок жогорудагы партиялар 2020-жылдагы шайлоого катышпайт. Себеби, ал партиялардын лидерлери учурда түрмөдө отурат же болбосо мурун сот жообуна тартылган. Бул тууралуу «Келечек жол» мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын шайлоо процессине чет элдик уюмдар тарабынан орой кийлигишүү болуп жатат деп айтууга толук негиз бар. Мыйзам боюнча эл аралык уюмдар Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпөөгө тийиш. Ал эми SIAR агенттиги 6-15 августтагы сурамжылоосу шайлоого чейин болжолдуу гана жүргүзүлгөнүн жана алдыңкы тизмеден орун алып, бирок шайлоого ат салышпаган мурдагы партияларды жарандар өздөрү каалап жатканын түшүндүрдү. Сүрөт www

Подробнее
18 сентября 2020 г. 19:52

Философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшов

Философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшов небереси Кутман Турсункуловго батасын берип, эл үчүн ак кызмат кыл деп насаатын айтты. Кутман Турсункулов “Республика” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп аттанган.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 12:13

Теледебат

Теледебат. Шайлоо убагында айткан убадалардын, так, аягына чейин аткарылышы үчүн кандай кадамдарга барасыздар?

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:39

ВИДЕО: Оштогу шайлоого карата үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу фактысы боюнча иликтөө башталды

Ош шаары, Салиева көчөсү 40 Posted by БеспределKG on Thursday, September 17, 2020 Ош шаарында парламенттик шайлоого карата үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу фактысы боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу 18-сентябрда «Азаттыкка» Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Сыдыковдун айтымында, факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренесинин («Майда бейбаштык») негизинде каттоого алынды. «Салиев көчөсүндөгү №40 үйдүн башчысынын жарандарга кылган орой мамилесин чагылдырган видеотасма жарык көргөн. Ал тасмада үй башчысы үгүт иштерин жүргүзүш үчүн барган адамдарга тоскоолдук кылып, үйгө киргизбей жатканы түшүрүлгөн», — деди ал. Кабат үйлөрдүн биринин кире беришинде тартылган видеодон өзүн үйдүн башчысы деп тааныштырган аял үйгө кирүүгө аракет кылган адамга «Үгүт кылбайсыңар! Биз «Биримдик» партиясына. Сен эмне кылып бердиң? Бул жерге келип үгүт кылганга акың жок! Бул үй «Биримдик» партиясын шайлайбыз деп сага өткөндө айткам. Колуңдан келген асманды түшүрүп ал! Бул жерде «Биримдик» партиясы болуп жатканда силердин укугуңар жок!» деп түртүп чыгарып жатканын көрүүгө болот. «Биримдик» партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев бул окуя тууралуу «Азаттыкка» комментарий берип: «Элдин колдоосуна ээ жана жеңишке ишеними бар «Биримдик» шайлоо өнөктүгү таза өтүшүнө умтулат. Видеодогу аялдын партияга эч тиешеси жок», — деп билдирди. Видео Фейсбуктан алынды

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:39

Паспорт мөөнөтү 2020-жылы аяктаган кыргызстандык жарандар шайлоого катыша алат

Чет өлкөлөрдө жүргөн, паспортунун мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин аяктаган кыргызстандык жарандарга шайлоодо добуш берүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ал үчүн жарандын паспортунун жарактуу мөөнөтүн 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартуу талап кылынат. Паспорттун жарактуу мөөнөтүн жаран өзү жашаган өлкөдөгү элчилик, консулдуктарга кайрылып узартса болот. Паспортко басылган атайын мөөр жарандын паспортуна жарактуу деген макам берет. Мындай макамдагы паспортко ээ жарандар 4-октябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү укугуна ээ болушат. Кыргызстандагы быйылкы парламенттик шайлоого байланыштуу чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу ачылган. Чет жакта ачылган шайлоо тилкелеринин көпчүлүгү — Орусияда. Быйыл Италиядагы жана Франциядагы кыргызстандыктар алгачкы жолу добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Буга чейин БШК кыргызстандык шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу үчүн Рим жана Париж шаарларында добуш берүү участокторун ачуу макулдашылганын билдирген.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:39

«БИРИМДИК» №1: Икрам Абдиев: «Лейлектин эли «Биримдик» партиясын колдойт»

« Биримдик » партиясынын талапкерлери 18-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районунун шайлоочулары менен жолугушту. Жолугушууда райондун кадырлуу аксакалы Икрам Абдиев сөз сүйлөп, « Биримдикке » 4-октябрдагы шайлоодо ийгилик каалады. « Бул партия жөнүндө эки айдан бери угуп, билип, алардын программасы менен таанышып жатабыз, программаңар так, жеткиликтүү тил менен жазылыптар. Андан тышкары талапкерлер менен тааныштык, алардын арасында чыгаан жаштар, турмуштук тажрыйбасы бар мыкты жигиттер, ар улуттун өкүлдөрү бар экен. Ошондуктан биз бул партияны колдойбуз » , - деди аксакал. Икрам аксакалдын айтымында, ушул жылы Баткендин чыгаан инсаны улуу Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы болгону турат. «Улуу жердешибиз Кыргызстандын тарыхында мамлекетке көп жакшылыктарды алып келгени маалым. «Биримдиктин » талапкерлери дагы Раззаковдун жолун жолдоп, өлкөнүн өнүп-өсүүсүнө зор салымын кошот деп ишенем, анткени буларда жетишерлик деңгээлде билими, тажрыйбасы, буга чейин мамлекет үчүн жасаган иштери бар » , - деди аксакал. Сѳзүнүн аягында « Биримдикке» – татыктуу талапкерлерге добушубузбу беребиз » , - деди И.Абдиев. ***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:40

Аргынбек Малабаев: “Кыргызстан” партиясы кескин түрдө чоң реформаларды жасайт

Быйыл, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого аттанган “Кыргызстан” саясий партиясынын курамында саясий ишмерлерден тартып, экономиканын реалдуу секторунун көрүнүктүү өкүлдөрү бар. Алардын айрымдары өкмөттөгү эң жоопту кызматтарды, министрликтерди, облустарды жетектеп жүрүшкөн. Ушундай мыкты жетекчилердин бири “Кыргызстан” партиясынын катарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Аргынбек Малабаев менен маек курдук. Саламатсызбы Аргынбек мырза, сиз парламенттик шайлоого “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер катары бара жатасыз. Бул партиянын өзгөчөлүктөрү тууралуу кыскача айтып берсеңиз? “Кыргызстан” партиясы 2015-жылкы шайлоодо чоң жеңишке жеткен, артында 200 миңден ашык колдоочулары бар партия. Ошондой эле бул партия парламентке келген күндөн тартып, шайлоочуларга берген убадаларын аткаруунун үстүндө иштеп келе жатат. Андан сырткары Жогорку Кеңештин VI чакырылышы менен парламентке келген алты партиянын ичинен “Кыргызстан” партиясы гана өзүн туруктуу партия экенин көрсөтө алды. Ал эми башка партиялардын айрымдары чачырап жок болсо, айрымдарынын мүчөлөрү көчмөн болуп, улам бир партиялар менен биригип шайлоого бара жатат. Негизи талапкерлер убагында элге берген убадаларын унутуп, беш жылдан кийин башка партияларга кирип кете берсе, анда биз кимден жоопкерчиликти сурайбыз? Ошондуктан мен ишенем, быйылкы шайлоодо биздин “Кыргызстан” партия жеңишке жетип, эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, жакшы иштерди алып барган, туруктуу жана таза партия болот. Бүгүнкү күндө өлкөдө темир жол, жол куруу тармагында кандай маселелер бар? Деги эле азыркы учурда Транспорт министрлиги реформалоого муктажбы? Бүгүнкү күндө кыргыз темир жолу, шаар, айыл аралык жол куруу тармагынын телегейи тегиз, жыргап кетти дегенден алысмын. Бир топ көйгөйлөр бар. Бул эле эмес, жарандык авиация, почта, байланыш, жүргүнчүлөрдү ташыган таксилер жана кичи автобустар боюнча да көптөн бери чечилбеген бир топ маселелер бар. Темир жолго жаңы техникаларды алыш керек жана башкаруу системасын өзгөртүүгө тийишпиз. Авиация кара тизмеден чыгыш керек. Өзүбүздүн самолётторубуз жок. Коопсуздук маселеси бар. Ошондой эле мен иштеп турганда Транспорт жана коммуникация министри эле, азыр Транспорт жана жол министри болуп калды. Бул министрликтин чачыранды болуп, жоопкерчилик жок болуп жатат. Эми баарын бир колго топтошубуз керек. Экинчиден кадр тандоодо чоң мүчүлүштүктөр болуп, эртеңки күнү министрликте чоң маселелерди жаратышы мүмкүн. Анткени, жалаң тааныш-билиш же сырттан бул тармакка тиешеси жок адамдарды кызматка орноштура берүү туура эмес. Ошондуктан бул тармакка иштин көзүн билген кадрларды кызматка дайындоо керек. Бишкек жана Ош шаарларынын ички жолдору бүгүнкү күндүн талабына жооп бербегендиктен, унаа тыгындары көп болууда. Мындан улам бул маселени түп тамырынан чечүү үчүн жаңы айланма жолдорду же метро куруу зарылбы? “Кыргызстан” партиясы жеңишке жетип, парламентке келген соң кандай программаларды жана мыйзамдарды сунуш кылат? – Сөзсүз түрдө бул маселе боюнча өзүбүздүн сунуштарды киргизебиз. Азыр шаардын калкынын саны миллиондон ашып кетти деп айтылып жатат, бирок жаңы конуштарды кошкондо эки миллиондой бар. СССР учурунда шаардын калкы миллиондон ашып кетсе метро, трамвай куруу каралчу. Биз дагы инвестор тартып, метро курушубуз керек. Азыр тыгын көп ,жеңил машина менен жүргөнчө метро менен кетсең көп ишиң бат бүтмөк. Алматыда тыгын көп болуп, көпүрөлөрдү курушкан, азыр метро куруп башташты. Метро ыңгайлуу бизге, мэрияда бул боюнча айтылып келет, бирок конкреттүү план жок болуп жатат. Бишкек жана Ош шаарларындагы жол тыгындарын азайтып, экологиялык жактан абанын тазаланышы үчүн айланма жолдорду курушубуз зарыл. Шаар ичиндеги базарларды сыртка чыгарып, сырттан кирген унааларга чектөөлөрдү киргизишибиз керек. Мисалы, Бишкектин батыш-чыгышына жаңы автобекеттерди куруп, ал жакта жүрчүлөр үчүн шарттарды түзүп берүүбүз керек. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 19-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:40

Дастан Бекешев добуш берүүнү ачык кылууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев шайлоодо ачык добуш берүүнү киргизүүнү сунуштады. Ал добуш берүүнүн жашыруундуулугу, коллективдүү жоопкерчиликсиздикке алып келерин айтып, ачык добуш берүү жоопкерчиликтүүлүккө чакырарын билдирген. “Жарандар көп учурда депутаттардын сөзүнө кылган ишине нааразылыгын билдиришет. Бирок дал ушул эле адамдар Жогорку Кеңешке ким баруусун чечүү керек болгондо эс тутумун жоготуп койгондой эле болот. Жада калса коркунучтуу июль айын сентябрда эле унутуп койдук. Тигини муну макташат, ошол эле учурда кимдир бирөө добушун сатуудан да тартынбайт. Бирок дал ушул эле добушун саткан адам кайра коррупцияга нааразы болуп чыгат. Эгер добуш берүүнү ачык кылып, коркунучтуу партияларга добуш берген баардык шайлоочуларды кийинки боло турган окуяларга да шериктеш кылып койсок кандай сонун болмок. Акыйкат да туурабы? Демократиянын бир кемчилиги – добуш берүүнүн жашыруундуулугу, анын артында коллективдүү жоопкерчиликсиздик жашырылган. Менин кантип добуш береримди эч ким билбейт, андыктан эч ким мени эч нерсеге күнөөлөй албайт. Бирок тегеректегилердин баары ууру, жаман менден башкасы. Албетте баардык жарандардын позициясы мындай эмес. Ачык добуш берүү биздин чынында ким экенибизди көрсөтмөк. Өзгөрүүнү каалаган жарандарбызбы же бир күндүк жашоо менен жашап, коркутуулардан же 2000-3000 сом үчүн добуш саткандарбызбы? Бирок, мен бир нерсени так билем, 4-октябрдан кийин парламент жана өкмөттү тозоктон бирөө келип дайындап кеткенсип, жарандар сөзсүз нааразы болушат. Тозокту биз өзүбүз тургузуп жатабыз, бирок аны көпчүлүккө түртө салабыз” , – деп жазган депутат. С 1 сентября этого года парламент вправе вносить поправки в Конституцию. Безусловно парламент 7 созыва воспользуется… Опубликовано Дастаном Бекешевым Четверг, 17 сентября 2020 г.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:40

Адахан Мадумаров шайлоочуларды “иттер” дегени үчүн кагуу жеди

Адахан Мадумаров Кара-Кулжага барып, шайлоочулар менен жолугушуп жатат. Жыйынга өзү менен чогуу келген он чакты адамдан тышкары 5-6 жергиликтүү тургундар катышты. Сөз сүйлөп жатып, элди итке салыштырып сүйлөп, жыйынга катышып жаткан аялдан кагуу жеди. “Адахан үкам, сени 6 жолу жакшы колдоп, шайлап бергенбиз. Элим деген азаматтарды колдоп келгенбиз, колдой беребиз. Бирок, сен биздин колдообузду алгандан кийин 1 жолу кайрылып келген жоксуң. Эми келип алып элди “иттер” деп айтып жатасың, элдин арасында биз дагы барбыз. Келип ушак айтпай, программаңды айт”-деди. Ага, Мадумаров “мен түшүндүм, сизди бирөө даярдап жөнөткөн окшойт, ичкениңиз аш болсун”-деп айтышып, уруша кетти. - Advertisement -

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:40

Сарыбашов: Шаардагы шайлоо тилкелеринде санитардык абал жана коопсуздук көзөмөлгө алынат

17-сентябрда Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Коопсуздукту жана укук тартипти камсыздоо боюнча Координациялык Кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, координациялык кеңештин мүчөлөрү, шаардагы укук коргоо тармагындагы жетекчилер жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты. Күн тартибинде Ош шаарындагы коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугун бекемдөө жана Жогорку Кеңештин шайлоосуна байланыштуу маселелер каралды. Шаар мэри ар бир партияга калыс мамиле жасалышы керектигин, коомдук абалды сактоого өзгөчө көңүл бурулушу керектигин билдирди. “Ар бир кызмат өзүнүн милдетин так аткарышы керек. Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринде санитардык абал, коопсуздук толук сакталсын. Көзөмөлгө алабыз. Шайлоого катышып жаткан ар бир саясий партияга калыс, бирдей мамиле жасалат”,-деди шаар мэри. Жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу вице-мэр, прокурор, шаардык милициянын башчысы маалымат берип, тиешелүү тапшырмалар берилди. - Advertisement -

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:41

Партия "Мекеним Кыргызстан" №4. Кандидаты "ушли" в народ

Продолжаются агитационные поездки кандидатов от партии "Мекеним Кыргызстан" по стране. На этот раз партийцев встречали жители сел Сарай, Савай и города Кара-Суу. Тысячи человек пришли выразить свою поддержку кандидатам от партии "Мекеним Кыргызстан" №4. Искендер Матраимов выступая перед избирателями в селе Сарай обозначил одной из главных задач партии "Мекеним Кыргызстан" построение сильного и эффективного государства. "Мне не нравится слово "реформы". За последние десятилетия оно приобрело негативный оттенок. Партия "Мекеним Кыргызстан" выступает за модернизацию и обновление системы государственного управления. В том числе и за изменение системы административно-территориального деления. В течение пяти лет мы должны перейти к трехуровневой системе управления: республика – аймак – айыл", - подчеркнул Искендер Матраимов. Избиратели Ошской области, в свою очередь, рассказали кандидатам в депутаты от партии "Мекеним Кыргызстан" о проблемах, которые их волнуют и задали вопросы о позиции партии по разным направлениям развития страны. Голос каждого будет услышан, мнение каждого будет учтено! "Мекеним Кыргызстан" №4 – партия каждого кыргызстанца! Оплачено уполномоченным представителем по финансовым вопросам партии "Мекеним Кыргызстан Джайчиевой Гульбарчин Эр Турсуновной из средств специального избирательного фонда Политической партии "Мекеним Кыргызстан".

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники