О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
19 сентября 2020 г. 14:06

Абас уулу Кубанычбек: «Мекеним Кыргызстандын» программасы популизмден алыс

Абас уулу Кубанычбек буга чейин ирригация, комсомол тармактарында иштеген, анан Бажыда эмгектенди. Учурдагы иши — ГЭС куруу боюнча «Нарын өндүрүштүк бирикмеси». 35 жылдык тажрыйбасы бар. Эми өзүн эл өкүлдүгүнөн сынайын деп турган талапкер, депутат болуп калса Мамлекеттин гидро-энергетикалык тармагын өнүктүрүү боюнча маселелерди көтөрөөрүн, көбүрөөк электр энергиясын өндүрүүнүн жолдорун сунуштаарын билдирди. Ошондой эле ал «Мекеним Кыргызстан» партиясын эмне үчүн тандаганын айтты. — Тандоомдун орундуу себептери бар. Биринчиден, «Мекеним Кыргызстан» жаңы партия. Бирок, ошого карабай парламентке келгенче эле үлгүлүү иштери менен элдин калың катмарына таанылып, эл оозуна алынып калган. Экинчиси, саясий партиянын программасы жана платформасы купулума толду. — Мисалы, кайсы жери купулуңузга толду? — Программада ар бир тармак боюнча жазылып, аны өнүктүрүүнүн, абалдан чыгуунун жолдору сунушталыптыр. Талапкерлердин тизмесинде жаңы жүздөргө, эмгегинен баар тапкандарга басым коюлуптур. Ушул жагы да ичимди жылытты. «Мекеним Кыргызстан» партиясында билимдүү, тажрыйбалуу талапкерлердин көптүгү жана команданын күчтүүлүгү партияга мүчө болушума негиз болду десем да болот. — Мактап жаткан программаӊар ишке ашабы жана эл алдындагы убада аткарылабы? — Буйруса, биздин партия айткан убадаларын аткарып, программада жазылган тармактардын баарын өнүктүрүүгө аракет кылат. Элдин турмушун жакшыртууга салым кошот. Мамлекеттин өнүгүүсүнө кол кабыш кылат. Элдин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт. Анткени, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай программа. Андыктан, биздин партия ийгиликке жетелейт. Саясий жарышта ийгиликке жетебиз. Анткени, 4-сан 4-октябрга туш келип отурат. Бул дагы жакшы жышаан. Учурдан пайдаланып, шайлоочуларга кайрылып кетет элем, 4-катарда турган «Мекеним Кыргызстан» партиясын белгилеп, бизге добуш бериңиздер. Анткени, биздин утушка жеткенибиз, элдин жеңишке жеткенине барабар. Буюрса, биз партиянын программасын ишке ашырып, мамлекетибизди өнүгүү жолуна бурабыз. Бизге ишениңиздер, бизге добуш бериңиздер! Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. «Мекеним Кыргызстан» — ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:07

Спикер Жумабеков шайлоодон четтетилген жок. «Кыргызстанга» эскертүү берилди

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Жогорку Кеңештин спикери, «Кыргыстан» партиясынан парламенттик шайлоого аттанып жаткан Дастан Жумабековду шайлоодон четтетүү боюнча жумушчу топтун сунушу колдоо тапкан жок. БШКнын мүчөлөрү шайлоо жөнүндөгү мыйзам бузулганы үчүн партияга эскертүү гана берүү чечимин кабыл алышты. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова жыйын учурунда бул сунушту БШКнын он мүчөсү колдогонун айтты. Учурдагы парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков 14-сентябрда Таласка болгон сапары учурунда жаңы төрөгөн келин уулуна Дастан деп ат койгону үчүн сүйүнчү иретинде 50 миң сом берген. Анын акча берип жаткан учуру тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланып , кийин өчүрүлгөн. Алгач бул каражат төрагынын фондунан берилгени маалымдалып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени айтылган. Ал эми 17-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кайрадан маалымат таратып, сүйүнчү катары берилген акча фонддон бөлүнгөнүн кабарлады. Ошентип, Жумабековдун сүйүнчү катары берген акчасы кайдан берилгени боюнча үч ирет ар кандай маалыматтар таратылды. Жыйын маалында Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов талапкер Дастан Жумабековду шайлоодон чететтүүнү кажети жок экенин белгилеп, шайлоо жөнүндөгү мыйзам бузулганы үчүн партияга эскертүү берүү керектигин көтөргөн. Анын бул сунушун БШКнын башка мүчөсү Кайрат Осмоналиев дагы колдоого алган болчу. *«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына ылайык , шайлоо дайындалган учурдан тартып анын натыйжалары жарыяланганга чейин талапкерлер же алардын жакын туугандары кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укугу жок. Спикер жана «Кыргызстан» партиясы Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы Дастан Жумабеков келе жаткан парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынан талапкер катары аттанууда. Партия шайлоого Жогорку соттун чечиминен кийин гана катталган. Анда сот партияны колдоп, Боршайкомду «Кыргызстандын» документтерин кабыл алууга жана аны шайлоого катышууга уруксат берүүгө милдеттендирген. Мурдараак БШК партиянын документтерин кабыл алуудан баш тарткан болчу, ага документтерди «тийиштүү адам» тапшырбаганы себеп болгону айтылган. Башка партиялардагы талапкерлер менен активисттер да «Кыргызстанды» шайлоого катыштырбоо керектигин, анткени БШКга документ тапшырууда кечиккенин айтышкан.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:15

Данир Иманалиев вышел из списка кандидатов в депутаты от "Мекеним Кыргызстан"

Сегодня, 18 сентября, члены Центризбиркома одобрили исключение кандидата в депутаты от партии "Мекеним Кыргызстан" Данира Иманалиева. Ранее он сложил с себя полномочия акима Иссык-Кульского района ради участия в выборах. Kaktus.media он сообщил, что просто принял такое решение и не хочет его комментировать. Первоначально планировалось, что он будет идти в списке под номером 17. Но в итоговом списке он оказался под номером 188. Ему 43 года. Родился в селе Кара-Ой. В 1995 году окончил Бишкекский гуманитарный университет по специальности "Преподаватель английского языка и литературы", в 2007-м - отделение "Менеджмент организаций" Кыргызского национального университета, а в 2012-м - Академию государственного управления при президенте КР по специальности "Менеджер госуправления". За время карьеры проработал в различных ведомствах областного и районного уровней. Был главой Кара-Ойского айыл окмоту. С августа 2016 года занимал пост главы Иссык-Кульской районной администрации.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:26

Партиялар сунуштаган «экономикалык кереметтер»

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын программасы бир сыйра жарыяланып бүттү. Адистер жана шайлоочулар андагы багыттарды колу жетишинче талдап жатышат. Бул жолу «Азаттык» саясий жарышка түшкөн топтордун экономиканы өнүктүрүүгө байланыштуу сунуштары жана убадалары тууралуу сөз кылмакчы. Жаңы секириктер парады Биз темабызга Борбордук шайлоо комиссиясынын talapker.shailoo.gov.kg сайтында жарыяланган партиялардын программаларын негиз кылып алдык. Буга кошумча партия өкүлдөрүнүн КТРК телеканалы аркылуу жасалган кайрылууларын мисалга тартмакчыбыз. Демек, алгач эң көп резонанс жараткан экономикалык идеялардан баштайлы. Бул жагынан алганда «Республика» партиясы менен «Кыргызстан» партиясы алдына ат салдырган жок. Маселен, «Республика» өлкөнүн ички дүң өнүмүндө (ИДӨ) жылына 15 пайыздан өсүүнү камсыз кыларын, жарандардын айлыгына жылына 4 миң сомдон кошуп турарын, 200дөн ашуун жаңы ишкана ачарын, насыянын үстөгүн 5-6% түшүрө турганын билдирүүдө. «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев муну өз кайрылуусунда да айтты: «Бизге жаңы технологиялар керек. Айыл чарба насыяларын биз 5% чейин төмөндөтөбүз. Мамлекеттик ипотекалык насыя 6 пайыздан көп болбойт. Дарыгерлер менен мугалимдерге ипотеканын баштапкы төлөмдөрүн жоёбуз», - деди. Маалымат үчүн айта кетсек, акыркы он жылдан бери Кыргызстандын ИДӨсүнүн өсүү темпи 4-5 пайыздын тегерегинде гана кармалып келди. Экономисттер бул жагдай жөн гана инерция экенин айтып, жагдай өнүгүүнүн белгиси эмес дешет. Быйыл коронавируска байланыштуу бул көрсөткүч тескерисинче 10% артка кетери болжолдонгон. Ошол себептүү жылына «15% өсүш» деген убадага ишенүү кыйынга турат. Мамлекеттик ипотекалык компанияда азыр 4-5 миңдей адам кезекте турары, бюджеттин каражаты жетишпей, сырттан алынган акча да көбүнө жетпей жатканы маалым. Ал эми маянага акча кошуу жылына дефицит менен кабыл алынып жаткан кыргыз бюджети үчүн канчалык реалдуу деген суроо жаралат. «Кыргызстан» партиясында "жаңы секириктер" мындан да арбын. Бул партия жашыл экономиканы жолго коёрун, фермерлерди кооперативдерге бириктирерин, мигранттарды инвестор катары пайдаланарын, туристтерди көбөйтөрүн билдирүүдө. Мындай караганда алдыңкы аталган эки ишти айрым ишкерлер парламентке барбай эле аткарып жатышат. Мигрантты инвестор деп атаганын көбү түшүнбөй калышты. Анткени сыртта иштеген миллиондой кыргызстандыктын кайсы бир бөлүгү эле жетиштүү киреше таппаса, калганы айылда үй-бүлөсүн араң багып жатканы белгилүү. Туристтердин көбөйүшү болсо таптакыр башка нерселер менен байланыштуу. «Республика» партиясы да, «Кыргызстан» партиясы да «жылына жүздөгөн ишканаларды ачабыз» деген ураандары менен белгилүү. Бул партиялар мурдагы шайлоолордо да ушундай убада кылган, бирок анын жыйынтыгын кыргызстандыктар байкаган жок. Анүстүнө ишкана ачууга мүмкүнчүлүк болсо, аны депутат болбой деле ачууга эмнеге болбосун? Ансыз да мыйзам боюнча депутаттар эч бир ишканада кожоюн болбошу шарт эмеспи. «Кыргызстан» партиясы салыктарды максималдуу кыскартарын, «Республика» партиясы бир эле жүгүртүүгө гана салыкты (налог на оборот) калтырарын айтууда. Бул жер казынасын пайдалануу тармагынан сырткары бардык тармактарга тиешелүү болот экен. Баса, ушундай эле «бир өлкө, бир салык» идеясы менен «Мекеним Кыргызстан» партиясы да чыккан жана алар да жүгүртүүдөн гана салык алууну колдоп жатат. Экономика министринин мурдагы орун басары Дастан Кадыров муну реалдуу эмес деп эсептейт: «Бул ишке ашпаган демилге. Дүйнө жүзүндө андай практика жок. Ооба, жүгүртүүгө салык АКШ, Сингапур, Гонконг, Жапония сыяктуу мамлекеттерде бар. Бирок аларда аны менен кошо башка салыктар деле жоюлган эмес. Европа, КМШ мамлекеттеринде кошумча нарк салыгы (КНС - НДС) иштетилет. Маселен, Грузия салыгын азайткандардын ичинен эң алдыда турган мамлекет деп саналат, бирок аларда да алты салык бар. Бизде азыр сегиз салык бар. Мунун ичинен акцизди алып салганга болбойт, КНСти жоё албайсың, жер салыгы жана башка салыктар бар. КНС бул салыштырмалуу калыс салык, товарыңа канча баа кошсоң ошончо төлөйсүң. Эгер бизде жүгүртүүгө салык коюлса, коррупцияга жана калыссыздыкка алып келет. Анткени ишкерлери биринчиден, жүгүртүүнү жашырганга өтүшөт. Экинчиден, чекене сатыкта 25-100% чейин кошот, аларга төлөш жеңилирээк болот. Дүң саткандар 5-10% кошот, алардын жүгүртүүсүнө 5-10% салык коюп койсоң, алар төлөй албай калат. Негизи салыкты пайда түшкөндөн кийин төлөш керек». «Мекеним Кыргызстан» партиясы жогорудагы идеясынан сырткары алдыңкы он жылдыкта орто жана чакан бизнести өнүктүрө турганын, бизнести каттоону таптакыр жеңилдетерин, жашыл ишкерликке басым жасарын, туризм, айыл чарба жана кайра иштетүүнү колдоого аларын, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарарын убада кылууда. «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары өз программаларында «кен байлыктары - элге», «кендерди жамааттарда адилеттүү бөлүштүрүү» деген сыяктуу чакырыктарды таштады. Бул жагынан «Ыйман нуру» партиясы чоң билдирүү менен чыгып, кендерден түшкөн акчаны ар бир жарандын банктык эсебине түшө тургандай шарт түзүүнү демилгелөөдө. «Ыйман нуру» партиясынын талапкери Чыңгыз Макешовду угалы. «Кыргызстандын кен байлыктары жана жер казынасы элге таандык! Биз иштетилген жерлерден каражаттарды бөлүштүрүүнүн жана алуунун деталдуу механизмин мыйзамдуу түрдө өзгөртүп, оңдойбуз. Кыргызстанда төрөлгөн ар бир адамдын өзүнүн жеке эсебине кен иштетүүдөн акча түшүп турушу керек! Кен байлыктардан кирешени олигархтар эмес, ар бир жаран алышы керек. Кыргызстанда 2700 алтын чыгаруучу жер бар. Эки миң тоннадан ашык алтын. Ага ылайык, ар бир жаранга 1500 миллион сомдон туура келет». Кыргызстанда жалпы кен тармагынан жылына 10-12 млрд. сомдой киреше түшөрү белгилүү жана ал бюджетке кетет. Биринчиден, аны кескин көбөйтүп жиберүү азыр анчалык реалдуу эместей, экинчиден, бул акчаны жеке колго берсе кайра эле бюджет эңшерилип калбайбы. «Ыйман нуру» муну менен кошо жаңы инвестициялык долбоорлор аркылуу жүз миңдеген жумуш орундарды түзөрүн, натыйжада ИДӨнү эки эсеге өстүрөрүн, банк системасын реформа кыларына ишендиргиси келет. ЕАЭБ, айыл чарба жана IT Партиялар арасында бир уюмдагы өнөктөш өлкөлөр менен экономикалык кызматташууга байланыштуу убадалар көп экени байкалат. Маселен, «Кыргызстан» партиясы Евразия Экономикалык Биримдикке мүчөлүктүн мүмкүнчүлүктөрүн 100% пайдалануу жана Евробиримдик берген «ВСП+» - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууну жакшыртуу жөнүндө да убада берүүдө. Бишкек ЕАЭБге 2015-жылы кирсе, Евробиримдиктин жеңилдигин 2016-жылы алган. Бирок өлкө бул жеңилдиктерди ушул алты жылда деле жыргатып пайдаланган жок. Ага карабай бул жагынан «Экономикалык эркиндик» деген ураанды карманган «Замандаш» партиясы да алар бийликке келсе, Кыргызстан ЕАЭБдин ичинде татыктуу орунга ээ болоруна ишарат кылат. Бул партия башка өлкөрлөрдүн рыногун «экологиялык таза азык-түлүк жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү» менен багынтса болорун, «венчурдук» же «илимий тобокелчи» бизнести өнүктүрөрүн да билдирет. Серепчи Марат Мүсүралиев экономиканы бир эле ЕАЭБге байлап алуу орунсуз деп эсептейт: «Реалдуулукта Кыргызстан күчсүз болуп жатабыз. Бир нерсе болсо эле чек араны жаап салышат. Эмне кылып жатышат ошол мезгилде? Орусияга, Казакстанга эч кандай рычагыбыз жок. Теңата биримдик эмеспиз. Ошондуктан жакын арада бул уюмда 100% укугубузду пайдалануу жана тең укуктуу болорубуз реалдуу эмес го. Мунун баары ошол өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлеринин маанайынан көз каранды. Ошол себептүү биз бир эле ЕАЭБ менен эмес, башка өлкөлөр менен да соода-сатыгыбызды, экономикалык катышыбызды күчөтө беришибиз керек». Ооба, адатта ЕАЭБдеги чектөөлөргө карата Кыргызстанда нааразылыктар көп. Уюмдагы Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения менен соода кыскарып баратканы белгилүү. 2020-жылдын январь-июль айларында эле Кыргызстандын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 17,9 пайызга азайды. «Жаңы дем» аттуу ураан менен чыккан «Ата Мекен» партиясы шайлоодо алар утуп чыкса, «экономика да жаңы дем аларын» маалымдайт. Бул топ сарамжал экономикага өтөрүн, өнөр жайды артыкчылык кылып аларын, сырткы экономикалык ишмердүүлүктү либералдаштырарын, башка өлкөлөр менен кош салыкты жоёрун убада кылат. Партия ошондой эле ишкерлерге колдоо жасачу Өнүгүү банкын түзөрүн, Импорттун ордун алмаштыруу программасын ишке саларын, Инвестициялык кодексти иштеп чыгарын, үй-бүлөлүк жана улуттук өнөрлөргө арналган мамлекеттик программаны баштай турганын жана айыл чарбасына басым жасай турганын программасында көрсөткөн. «Ата Мекен» мындан сырткары электрондук валюталарга уруксат берерин, Google, Amazon сыяктуу ири компаниялардын дата-борборлорун өлкөгө тартарын жана IT технологияны өнүктүрөрүн кошумчалайт. Бул партия да «жашыл экономиканы өнүктүрүү» позициясын карманууда. «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» өнөр жай жана агрардык секторду өнүктүрүүгө күч жумшап, багбандардын жана дыйкандардын өндүрүмүн калыс баада сатылуусуна шарт түзүп берерин айтууда. Анын ичинде жашылча жана мөмө-жемиштер, эт, сүт, жүн, тери жана башка нерселер кеп болуп жатат. Партиянын лидери Акбөкөн Таштанбеков өз кайрылуусунда буларга токтолгон: «1990-жылдарга чейинки айыл чарбаны толугу менен жок кылышты. Асыл тукум мал чарбалары жана үрөн чарбалары жоюлду. Ушунун баарын калыбына келтирүү керек. Сүт суудан да арзан, жөн эле агып жаткан суу 24 сомдон болсо, сүттү 12 сомдон 15 сомго чейин сатып алышат. Коронавирус учурунда ал тургай көлдө сүт 8 сомго чейин түштү. Бул калыс эмес баа, талап-тоноочулук. Сүттүн наркы кеминде 25 сом туруш керек, биз программабызда ушул нерсеге жетишебиз. Муну үчүн кайра иштетүүчү комбинаттарды курабыз жана ал комбинаттарга элге караштуу болушу шарт. Ошондо сүт да, эт да, башка айыл чарба азыктарына да калыс баа коюлат. Биз муну менен кошо экономиканы жеп жаткан «ортомчулар армиясын» түп-тамырынан жок кылабыз». «Реформа» партиясы Экономиканы мамлекеттин ашыкча кийлигишүүсүнөн бошотууну жана бардык социалдык чегерүүлөрдү 10% социалдык салык менен алмаштырууну убада кылат. Алар салыктык башкарууну түп-тамырынан жөнөкөйлөтүүнү, бирдиктүү салык киргизүүнү, кыйыр салыктарды азайтууну, бизнеске карата бюрократияны жоюуну сунуштайт. Партия ошондо эле дүйнөдөгү эң эркин жана ачык виза режимин киргизүү, эл аралык аэропортторду дүйнөнүн алдыңкы операторлоруна - башкаруучу компанияларга өткөрүп берүүнү, электр энергиясын сатууда монополияны жок кылуу жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү багытында иш алып барууга ниет кылат. «Бир Бол» партиясы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн натыйжалуу программаларын иштеп чыгарын жана бул жааттагы иштерин ошонун негизинде аткарарын билдирүүдө. Иш катары – ИДӨнү эки эсе көбөйтүү жана өлкөнүн бюджетинин тартыштыгын 3% чейин кыскартуу, экономикада чакан жана орто бизнестин үлүшүн 70% чейин жеткирүүнү атайт. Муну менен катар фискалдык реформа жүргүзөрүн, салыкты кирешеге эмес, чыгашага карата аларын, инвесторлорду беш жылга салыктан бошоторун, туризм тармагында кошумча нарк салыгын жоёрун жана тейлөө тармактарына мүлк салыгын кыскартарын убада кылууда. Бирок бул жерде логика кайрадан эле «эгер салыктар азайса анда, бюджет кантип толтурулат?» деген айланкөчөк суроого келип такалат. Абстракция жана жалпы кеп «Евразиялык тандоо» жана «Демократиялык социализм» деген ураандарды карманып жаткан «Биримдик» партиясынын программасында экономикага байланыштуу так көз караштар конкреттүү берилген эмес. Бул саясий топтун платформасындагы «экономика» деген пунктта партия «өнөр жай, энергетика, айыл чарба, курулуш, транспорт тармактарын модернизациялоону жөнгө сала турган, экономиканын чийки зат мүнөзүн жоюуга, ишкердикти жана жеке бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү экономикалык программаны иштеп чыгууну өтө маанилүү деп эсептей турганы» гана жазылган. Бул партия экономикада санариптешүүнү колго алып, «электрондук мамлекетти өнүктүрүүнү максат кылат. Ушул жерден бизге экономист Эркин Абдразаков кепке кошулду. «Бийликтин партиясы деп айтылып жаткан «Биримдик» «Кыргызстан Евразиянын жүрөгү» деп чыгып алыптыр. Каяктагы жүрөгү? Евразияда эң артында калды го. «Бир бол» партиясы болсо мурда «Илбирстин секириги» деген программасынан кайтыптыр. Анысын аткарган деле жок, эми кайра жаңы программа менен чыгып жатат. Жалпы алганда эски чакырылыштан жүздөй депутат, партияларга бөлүнүп алып, кайра эле келатышат. Парламенттик башкаруу деген менен бизде партиялык түзүлүш жок, өнүккөн эмес. Программаларынын бардыгы эптеп депутат болууну гана көздөгөн программалар. Мени эч кимисинин программасы канааттандырган жок». «Ордо» партиясынын программасы «керек, зарыл, кажет» деген сөз айкаштары менен берилген. Кыскасы «каржы, насыя саясатында көз карандысыздыкка», «экономикада катуу көзөмөлгө», «кенди иштетүү жырткычтык менен эксплуатациялоого жол бербөөгө», «насыяларды түшүрүүгө», «чет элдик биргелешкен долбоорлорду түзүүгө», «ички инвестициялардын үлүшүн көбөйтүүгө», «пландалган экономикага» жана башка нерселерге «жетишүүбүз керек» экен. «Мекен Ынтымагы» партиясы «Кыргызстанды саясий- экономикалык туңгуюктан алып чыгарын», «жаңы экономикалык багытты ишке ашырарын», «көмүскө экономиканы ачыкка чыгарарын», «жогорку багыттагы экономикалык долбоорлорду ишке ашырарын», «жаңы жумуш орундарын камсыздап, мигранттарды мекенине кайтарарын», «айыл чарба азыктарын эл аралык базарга алып чыгарын», «жеңил өнөр жайын колдоого аларын» билдирет. Бул партия «кошумча нарк салыгын кыскартууну» жана «экономикалык жеңилдиктер аймагын түзүүнү» да демилгелейт. Бул жерден биз Кыргызстанда азыр беш экономикалык аймак бар экенин жана ал жерде азыр инвесторлор «нааразы болуп, качып» жатканын эскертип койгубуз келет. «Чоң казат» партиясы «Улуттун өнүгүү стратегиясы» аттуу программанын алкагында «Улуттук экономика» деген түшүнүктү сунуштайт. Анда «коомдук менчиктин формаларын кеңири жайылтып, жарандардын жеке менчикке болгон укугун чечип, материалдык өндүрүш тармагын өнүктүрүү зарылдыгы» көрсөтүлгөнү менен эмне иштер аткарылары жазылган эмес. «Чоң казаттын» лидери Максат Мамыткановдун кайрылуусунан кыска угуп алалы: «Биздин экономикабыз чоң кризиске такалды. Пандемиядан андан бешбетер катуу соккуга кабылды. Ушуну менен буга чейин иштеп келген базар экономикасы кыйрады. Ошону үчүн биз жаңы экономикалык стратегияны сунуштайбыз. «Чоң казатта» ошондой стратегиялар бар». «Мекенчил» партиясынын программасында «кен байлыктарды, суу ресурстарды жана энергетиканы системалык башкарууну» жолго коюп, бул тармактарда уурулукту токтоторун, «банктык-насыялык саясатты элдин пайдасына бурарын», «бажы төлөмүн көбөйтөрүн» келтирет. Бирок аны кантип ишке ашырары көрсөтүлгөн эмес. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы «чийки заттарды эмес, даяр продукцияларды экспорттоого», «ишканаларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана криминалдан коргоого», «фермерлерди колдоого» жана башка нерселерге көңүл бурарын белгилейт. Бул партиянын лидери Адахан Мадумаров КТРКдагы кайрылуусунда да «экономикадан мурда ыйман жана маданият» биринчи кезекте экенин айткан эле. «Социал-демократтар» партиясы «жүргүнчү жана жүк ташуу чөйрөсүндө эл аралык транспорттук борбор болуу үчүн шарттарды түзүү», «алыскы аймактарга жеңилдетилген салык киргизүү», «электрондук салык киргизүүнү», «ишкерлерге жардам берүүнү», «инвесторлорго кепилдиктерди берүүнү», «бажыга электрондук көзөмөл орнотууну» убада кылат. Кайра Эркин Абдразаковго сөз берели. «Кеп болгон программалардын чети да ишке ашпайт. Себеби биринчиден, бул партиялардын көбү өтөбү же жокпу белгисиз. Экинчиден, мамлекеттик карыз 5 млрд. доллардан ашып кетти, ички бюджеттик дефицитибиз 20-30 млрд. сом болуп жатат. Ушундай кыйын мезгилде кайсы программаларды, кантип аткарышат? Бир жагынан «сүйүнчү беребиз» дейт, экинчи жагынан «салыкты кыскартабыз» дейт, бири «салыкты кыскартам» дейт, кайра «айлык көбөйөт» дейт. Бюджетте акча жок болсо эмнени беришет? «Пенсияны, жөлөкпулду көбөйтөм» деп оозуна батышынча айтып жатышат, президентибиз баш болуп ошенткен, кайсы акча менен бересиңер аны? Билбейм, түшүнбөйм, ойду-тоону сүйлөп жатышат, кайсы экономист, кайсы адистер менен кеңешип, ушундай убадаларды берип жатышат». 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 16 партиянын программаларында экономикадан башка багыттар да өзүнчө жазылган. Бирок ал айрымдарында ал бөлүктөр деле абстракциялуу берилип калган учурлар арбын.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:26

Матраимовдун аты аталган телетаймаш

Мамлекеттик телеканалдарда депутаттыкка талапкерлердин телетаймаштары уланууда. Медиа айдыңда бул жолку дебаттар мазмуну супсак жана талапкерлердин курч, кайчы пикирлери аз телетаймаштар катары бааланып жатат. Талапкерлердин телетаймаштары эки мамлекеттик канал - КТРК менен ЭлТРде өткөрүлүүдө. Көрөрман талапкердин жаттап алган жалындуу сөздөрүнөн, кооз жазылган программасынан сырткары бийликке сын айта алабы, жемкорлордун атын атайбы дегендей позициясына карап баа берип жаткан кези. Журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган мурдагы бажы аткаминери Райымбек Матраимовдун ишмердиги да буга чейинки өткөн дебаттарда талашка жем таштаган темалардын бири болду. Алгач 14-сентябрда КТРКда жаш талапкерлердин телетаймашында «Реформа» партиясынан талапкер болгон Эркин Нурбаев мурдагы бажычынын атын атады. Ал «Мекен Ынтымагы» партиясынын өкүлү Мухаммед Агибаевге: «Райымбек Матраимов боюнча позицияңыз кандай?», - деп суроо салган. «Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт демекчи, көп сөздөр айтылып жүрөт. Кайсынысы чын, кайсынысы калп экенин эл өзү талдап, көрүп билип турат. Биздин көз карашыбыз терс экенин билесиз», - деп жооп берди «Мекен Ынтымагы» партиясынын талапкери Мухаммед Агибаев. Ушул эле телеканалдын 16-сентябрда өткөн жаштар арасындагы дебатында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары талапкер болуп бараткан «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков бийликти кескин сындап, президентти «мурдагы бажы аткаминери Райымбек Матраимовду калкалап жатат» деп айыптады. Ал эми «Республика» партиясынан жаштардын өкүлү катары келген Аяз Баетов өз сөзүндө шайлоого коррупционерлер менен аткезчилердин партиясы да ат салышып жатканын белгиледи. «Социал-демократтардын» өкүлү Султанбеков Баетовду арасында коррупционерлер бар партиянын атын ачык айтууга чакырды. Бул суроо эки талапкердин талашына себеп болду. Баетов: - «Партиянын атын атаңыз» деп жатасыз. Шайлоо мыйзамында жазылып турат. Соттун чечими жок сөз айтса, шайлоодон четтетүүгө себеп болот. Сиз юридикалык мүмкүн болбогон нерсеге түртүп жатасыз. Султанбеков: - Шайлоо мыйзамдарында жазылып турат. Талапкер өз пикирин айтууга укуктуу. «Социал-демократтардын» талапкери Темирлан Султанбеков азыркы бийликке жана мурдагы бажы кызматкерине каршы дооматын 17-ноябрда ЭлТР каналындагы телетаймашта да кайталады: «Кыргыз Республикасынын легитимсиз президенти Сооронбай Жээнбеков Райымбек Матраимовдун тилине кирип алып, кыргыз элин эмес, үй-бүлөсүн ойлоп калды». Анткен менен ушул эле таймашта «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова бажы тармагындагы коррупциянын гүлдөшүнө «Социал-демократтардын» түптөөчүсү болгон мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин таасирин да эске салды: «Сиз бардык жоопкерчиликти азыркы президентке жүктөп жатасыз. Райымдын схемасы Атамбаевдин учурунда да болгон. Болгону сиздин кумир кызматтан кеткенден кийин ал иштер ачылып калгандыр. Эмнеге силер буларды азыркы президентке чаптап жатасыңар? Райымбек Матраимов сиздин кумириңиз бийликте турганда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген». Кызыгы, бийликке кескин сын айтылган дебаттардын бири катары саналып жаткан ЭлТРдин 17-ноябрдагы түз эфирдеги видеосу телеканалдын «Фейсбуктагы» баракчасынан өчүп калганы белгилүү болду. Муну телеканалдын жетекчилиги техникалык ката деп түшүндүрдү. Жогорудагы телетаймаштарда талкуу жараткан темалардын бирине айланган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов бажы тармагындагы коррупция жөнүндөгү журналисттик иликтөөлөрдө аты аталып жүрөт. Бирок Матраимовдор коррупциялык иштерге аралашпаганын айтып, иликтөөнү чыгарган басылмалар менен соттошууда. Райымбек Матраимовдун агасы, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого бараткан депутат Искендер Матраимов жогорудагы сынды курулай каралоо катары баалады: «Эмнеге биз менен эле өздөрүн пиар кылып жатышат, билбейм. Райымбек Матраимов үч жылдан бери мамлекеттик кызматта иштебейт. Жумуштан туура эмес алынганын соттон тастыктап, бирок кызматта кайтып келген эмес. Бардык нерсени жабыштыра берген туурабы? Кудайды караш керек». «Социал-демократтардын» талапкери Темирлан Султанбековдун бийликке карата айткан сынына президенттик аппарат да жооп бере элек. Шайлоого катышууга катталган 16 партиянын талапкерлери ЭлТР каналындагы телетаймаштарда эл сынынан өтүүдө. Алардын көпчүлүгү азыркы бийликтин саясатына каршы чыгарын же колдой турганын ачык айткан жок. Ошондой эле телетаймаштагы талапкерлердин билдирүүлөрү деле коомчулуктун кызуу талкуусуна алынбады. Журналист Кайыргүл Урумканова телетаймаштардын коррупцияга байланышкан бир-эки темага гана байланып, жалпы жолунан маңызсыз, супсак өтүп жатканын талапкерлердин деңгээли менен байланыштырды: «Чынында ар бир талапкер өзүнүн каршылашына даярданып барышы керек. Азыркы дебаттар - алып баруучу менен талапкердин эле суроо-жообу. Кайым айтышуу деле болбошу керек. Бири-бирине курч суроолорду берип, идеяны талашып, талкуулашы керек. Парламентке барса элдин талабын кантип жеткирет?» Таймаштарды уюштуруу форматы, алып баруучулардын суроолору боюнча сын-пикир дебаттар башталганда эле айтылган. Телетаймаштын алып баруучулары элден келген суроо катары миграция, дин, экономика сыяктуу темаларды жалпылаштырып берип жатышат. Азырынча КТРКдагы негизги дебаттардын датасы билине элек. Медиа айдыңындагылар айрыкча бийликчил менен оппозиячыл көз караштагы партиялардын таймашын күтүп жатышкан кези. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия ат салышууда. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:27

БУУ Беларустагы кырдаалга байланыштуу резолюция кабыл алды

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши Беларустагы демонстрациялар маалында адам укуктары бузулган жагдайларды кылдат иликтөө боюнча Евробиримдик сунуштаган резолюцияны 18-сентябрда кабыл алды. Женевада өткөн жыйынга 47 мамлекет катышып, алардын 23ү документти колдоп, экөө каршы чыкты. 22 мамлекет добуш берген жок. Орусия добуш берүү укугуна ээ болбогондуктан, резолюцияга 17 өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Алардын бири да колдоо таппады. БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишель Бачелетке Беларустагы кырдаалга кылдат көз салып, жыл соңуна чейин өз сунуштарын берүү боюнча ыйгарым укуктары тапшырылды. Жыйындагыларга видеобайланыш аркылуу кайрылган беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Беларус бийлигин демонстранттарга зомбулук көрсөтүүнү токтотууга, жаңы эркин жана адилеттүү президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды. «Мен дагы бир ирет биз бийлик менен сүйлөшүүгө жана өлкөбүздөгү кризисти чечүүнүн тынчтык жолун издөөгө даяр экенибизди баса белгилегим келет», - деди Тихановская. Беларуста 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенконун жеңгени расмий жарыяланган. Добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тарткан оппозициянын тарапташтары ошондон бери каршылык акцияларына чыгып келет. Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жүздөгөн демонстранттарды камап, аларды кыйноого алганы маалым болгон.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:27

Боршайком спикер Жумабековго "боор тартты"

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) караштуу маалымдоо жана үгүт иштерин көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун парламенттик шайлоого "талапкер" деген макамын жокко чыгарууну сунуш кылган. 18-сентябрда бул сунуш БШКнын жыйынында каралып, колдоо тапкан жок. Боршайком «Кыргызстан» партиясына шайлоо эрежесин сактоону эскертти.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:27

АКШ карасуулук Камит Савайдын көзү менен

Камит Савай - кесиби боюнча электрондук инженер, техника илимдеринин кандидаты. Сегиз жылдан бери АКШнын Вашингтон штатындагы Сиэтл шаарында үй-бүлөсү менен жашайт. Убагында Бишкектеги Политехникалык институтта мурдагы президент Аскар Акаев менен бир кафедрада иштеген. - Сиздин өнөрүңүз, талантыңыз көп экен, «Кыргызым» деген китебиңизди окуп калдык. Сиз анда кыргыздардын кулк-мүнөзү, каада-салты, жүрүм-туруму, баскан-турганы жөнүндө баарын жиликтеп, ар бир облуста жашаган элди эле эмес, райондордо жашаган элдерге чейин баарын таасын сүрөттөптүрсүз. Бир жагынан сатиралык да талантыңыз бар экен, окуп атып күлөсүң. Бул этнографиялык же социологиялык темаларга кандайча кызыгып калдыңыз? - Китеп жазууга кызыгуум, менимче, алыс жакта жашап жүргөндө мекенге болгон сагынычтан улам пайда болду деп ойлойм. Анткени, Кыргызстанда жашап жүргөндө мен эч нерсе жазган эмесмин, күндөлүк жумуш менен алек болуп андайды этибар деле алган эмесмин. Анан алыс жерде жүргөндө өзүбүздүн элибизге, улутубузга, маданиятыбызга, тарыхыбызга болгон кызыгуу пайда болду деп ойлойм. Ошол себептен Америкага келгенден баштап жаза баштадым. - Америкада жашап жатканда тегерегиңиздеги эл менен салыштырып, алардын каада-салтын, жашоо-турмушун үйрөнүп, анан кыргыздардын жакшы-жаман да жактары оркоюп көрүнө баштаса керек? Ошондо америкалыктарга кыргыздар жөнүндө айтып берсеңиз, кээде алар таң калып, кээде биздин элдин да жакшы жактарын үйрөнө турган сапаттары бар бекен? - Кээде мен жумуштагылар же достор менен сүйлөшүп калганда таң калышат. Алар биздин достукка бекемдигибизге, үй-бүлөдөгү ынтымакка, тууганчылдыкка жакын келерибизди аябай баалашат. Анткени Америкада ар бир киши өзүнүн жеке жашоосу менен чектелип, индивидуалдуулукка басым жасалат. Достукта, туугандар менен мамиледе көп жазылбаган чектөөлөр бар, катуу кийлигише бербейт, баарына. Биздеги дос, тууган десе жанын бере тургандай нерсе буларда жок. - Ал эми биз алардан үйрөнө турган кандай жактарын байкадыңыз? - Албетте, үйрөнчү көп нерсе бар. Мисалы, мыйзамдуулук. Бардыгы мыйзамдын чегинде гана аткарылат. Биздикилердей болуп бийликке акарат келтирип, тартип бузуп, «боло берет да» деген сыяктуу көрүнүштөр бул жерде жок. Бизде мыйзам менен иши жок, же аны буйтап өтүп башка жолун табалы деген адат бар эмеспи, бул жакта андай жок, мыйзамдарды сыйлашат. Анан дагы бир айта кетчү нерсе - бул тазалык. Жаратылышка чыгасыңбы же шаарда болосуңбу, ар кайсы жерде чачылып жаткан желим баштык, шише, башка таштандыны көрбөйсүң. Тазалыкка жакшы көңүл бурулат. - Билл Клинтон президент болуп турганда Моника Левински менен көңүлдөш мамилесине байланыштуу чатак чыкканда америкалыктар ошол маселени, президенттин жеке мамилесин Конгресске чыгарып импичментке чейин барышпадыбы. А биздин мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөр - Орусия, Кыргызстан жана башкалар таң калып, «ушул америкалыктардын президенттин жеке турмушу менен эмне иши бар, кызык экен» деп атышты. Андан башка дагы салык декларациясын тапшыруу убагы келгенде, жылына бир жолу 18 жаштан тартып улгайган пенсионерлерге чейин баары жыл ичинде тапкан кирешеси, короткон акчасы, төлөнчү салыгы тууралуу өкмөткө отчёт беришет. Ал баары үчүн өзгөрүлгүс эреже болуп калган. - Бул ачык-айкын маалымат. Мамлекеттин жараны өзүнүн милдетин, вазыйпасын так аткарбаса ал жазага тартылат, ошондуктан алар мындайга жоопкерчиликтүү мамиле жасашат. Айрыкча мамлекеттик, коомдук ишмерлердин баскан-турганы, айткан-дегени элдин катуу көзөмөлүндө, алар мыйзамдарды башкалардан катуу сакташы керек. - Америкада да, Кыргызстандагыдай азыр саясат кайнап атпайбы. Силерде шайлоо ноябрда болсо бизде октябрда, элдин баарынын сүйлөгөнү саясат. Анан мен да жакында кыдырып келип таң калып калдым. Портленд шаарында, бир эле көчөдө расизмге каршы митинг болуп, эл чогулуп алып бийликти сындап кыйкырып жатса, 200 метрдей ары жакта дарыяда яхталарын шуулдатып «Trump, Keep America Great» деп, «Американы азыркыдай улуу өлкө бойдон сактап кал» деген сөздөрдү жазып алып ары-бери айдап жүрүшөт. Эмне үчүн ал жакта саясат аябай кайнап кетти? Же дайыма эле шайлоо учурунда ушундай бекен? - Менимче, өткөн шайлоодо мынчалык болгон эмес. Быйыл ошол афроамерикалык жаран Жорж Флойддун өлүмү, мамлекеттик полициянын катаал чара колдонгонуна каршы болгон акциялар көп болуп кетти. Кээ бирлери айтат, «мындай нерсе болуп келген, боло берет» деп. Афроамерикалыктарга карата мамиледе кайсы бир деңгээлде ушул маселе бар экени ачык-айкын болуп калды. Негизи шайлоо Кыргызстанга салыштырмалуу тынч өтөт. Кыргызстанда эл абдан саясатташып кеткен, эки кишинин башы кошулса саясатты талкуулашат. Менин Кыргызстандагы абамдын мектеп жашындагы кичинекей баласы телефондон: «Кандайсыз, быйыл силерде ким президент болот, Трамп утабы же Байденби?», - деп сураса таң калам. Алыскы айылда жашаган кичинекей бала да АКШнын саясатына кызыгат. Америкалыктар адатта эс алганы, туулган күн, майрам, же дагы башка себептерден улам чогулуп калса, ич ара саясатты сүйлөшө бербейт. Талкуулагандары көбүнчө жашоо-турмушка байланыштуу маселелер, спорт, экономика, кино же дагы башка нерселер. Спортко абдан кызыгышат. - Америкадагы кыргыз мигранттардан расалык басмырлоого туш болгон-болбогонун сурасам, андай учур жок экенин айтышты. Ошентсе да азиялыктарга карата кандайдыр бир стереотиптер бар да, айта кетсеңиз? - Вашингтон штатында Азия элдери аябай көп. Расмий маалыматтар боюнча 12-13% деп айтылат. Мисалы, мен көчөгө чыксам кадимкидей эле жүрө берем. Сегиз жылдан бери жөнөкөй жаран же полиция тарабынан деле эч кандай басмырлоого туш болбодум. Мени көбүнчө жапон деп ойлошот, аялымды кытай экен деп ойлоп калгандар көп учурайт. Үч балам бир да жолу туура эмес мамилеге туш болуп, кандайдыр жагымсыз окуяга учураганы болгон жок, ушунча жылдан бери. - Бизге бир жолу Колумбия университетинде окуган бир кыргыз жигиттен кат келген. «Мен таң калып калдым. Мен окуган жерде азиялыктар сабактарды калтырбай берилип окушат, мыкты болушат деген стереотип бар экен. Мен эми алардын репутациясын бузбайын деп, түнү менен жанталашып окуганга мажбур болуп атам» деп жазган эле. Чын эле ошондой стереотип бар бекен? - Ооба, бизде деле бар эмеспи андай. Жашоо-турмушубуз кандай болгон күндө да, балдарыбызды «оку, билимдүү бол» деп тарбиялап, акыркы малыбызга чейин сатып, контракт төлөп окуткандай эле, бул жактагы азиялыктардын көбүндө да ошондой нерсе бар. Мисалы, латын америкалыктарга салыштырмалуу азиялыктар илим-билимге көбүрөөк умтулушат. Кандай болсо да бир кесиптин ээси болуп, ошол тармакта көп иштеп ийгиликке жетишүүгө аракеттенгендер арбын. Бирок мунун баары салыштырмалуу, жылдар өткөн сайын диаспоралар да өзгөрүп, ар кандай жаңы көрүнүштөр боло берет. Америкадагы кыргыз мигранттары 10-20 жыл мурун таптакыр башка болсо, азыркы жаңы мигранттардын жашоосу, максаттары, пландары такыр башка дегендей. - Америкалыктар жөнүндө дагы «Кыргызым» деген сыяктуу китеп жазайын деген оюңуз барбы? - Ооба. Мен «Америка кыргыздын көзү менен» деген аталышта китеп жаза баштагам. Өзүм канааттанмайынча дагы да толуктайын, бир нерсе жетишсиз болуп атат деп чыгара элекмин. Даяр эле болуп калган ал китеп, бирок «тузу, калемпири жетпей атат» деп эле дагы толуктап жазып анан чыгарайын деп жүрөм. Албетте, Америка абдан чоң, көп улуттуу, көп тараптуу өлкө. Турмуштагы бардык өңүттөр боюнча, саясат, спорт, алардын жеген тамак-ашы, турмуш куруу салты, үйлөнүү тойлору, балага берген тарбиясы жөнүндө кыргыздар да билсин деп жазып жүрөм. Буюрса, 1-2 жылда бүтүп калат. - 1990-жылдары биз жактагы бир сурамжылоодо «Америка дегенде эмнени элестетесиз?» деген суроого Голивуддун кинолоруна сугарылып калган жаштар «секс, курал-жарак, согуш» деп жооп беришкен экен. Сиз Америкага баргыча кандай стереотиптер бар эле, кандай элестеттиңиз эле? Алар жоголдубу же бекемделдиби? - Мен бул жакка келгиче Америка десе эле жалаң асман тиреген имараттар, кечинде көчөгө чыкканга болбойт, атып кетишет, куралдуу бандалар көчөлөрдө басып жүрөт деп кинолорду көрүп алып элестеткен күндөр болгон. Бирок иш жүзүндө андай эмес экен. Асман тиреген имараттар чоң шаарлардын бир бөлүгүндө эле болот экен, калган үйлөр биздегидей эле. Көчөлөрү тынч, ар ким өз жашоосу менен алек. Албетте, кээде психикалык жактан жабыр тарткан адамдар куралды колдонуп, тегерегиндегилер жапа чеккен учурлар болот. Эң башкысы - Америкада кандай окуялар, көрүнүштөр болуп атканын маалымат каражаттары, телеканалдар тынбай баарын ачык көргөзүп турушат. Бийликтегилер эч нерсени жаап жашыра алышпайт, сөз эркиндигине эч кандай чектөө жок. Коронавирус кризиси тууралуу күн сайын президент Трамп өзү элге Ак үйдөн кайрылып, бардык маалыматты айтып, суроолорго жооп берип жатты. Бийликтегилердин эл астындагы жоопкерчилиги ушундан эле билинет. Коомдук мамилелер калыстык, жоопкерчиликке негизделген. Ушуларды көрүп туруп, ачык-айкындуулук, жоопкерчиликке негизделген коомго 50дөн ашканда келсем да көнүшүп, кабылдап кеттим окшойт. Биз сегиз жыл мурда лотерея сыяктуу ойнотулган Грин карта системасынан утуп алып, үй бүлөбүз менен көчүп келгенбиз. Балдарым мени тартып инженердик кесипке жакын экен, баары жогорку технология, же IT тармагында окуп, иштеп жатышат. - Бир белгилүү мигрант журналисттин жазганын окуганым бар эле. «Мигрант күзгүсүн жоготуп койгон кишидей. Жашоо өтүп улгайып, өзгөрүп баратканын сезбейт, анткени жакындары, кичинекейинен чогуу өскөн достору алыста, убакыт менен байланышын жоготуп койот» дептир. Сиз ушуга кандай карайсыз? Кусалык сезими ар бир мигрантта бар деп айтууга болобу? - Албетте! Ар бир мигрант кайсы жакта болбосун өз мекенин сагынат. Өзү алыста болсо да, Кыргызстан менен жашайт! Биз Кыргызстан тууралуу пикир, сунушубузду жазсак, кээде интернетте "алыста жашап атып эмне кыласыңар" деп сындагандар да болуп калат. Биз эртеден кечке Кыргызстан менен жашайбыз, мекенибизде болуп аткан окуяларга кубанабыз, капаланабыз, биздин жашообуз ошол. Мен далай эле орус тилдүү мигранттар менен сүйлөшүп калам Америкада, армян-азербайжан, орус жана башка мурдагы советтик өлкөлөрдөн келгендер менен. Алар эмнегедир "болду, кетпейм, ушул жактын жараны болом, артка кайтпайм" дешет. Кыргыз мигранттар болсо "иштеп акча таап алып, кайра Кыргызстанга барып жашайм" дей беришет. Мага жолуккандардын баары эле ошентет. Убактылуу жашап аткандай эле маанайда көп жыл жашап койгондор көп. Азыр эми мигранттардын мууну да алмашып атат. Эмкилер тезирээк интеграция болуп жуурулушуп, өз ордун, жолун таап кетип атышат. - Азыркы учурда «кандай жол менен болсо да Америкага барат элем» деп, мигрант сезими менен жашап жаткан кыргызстандыктарга эмне деп айтат элеңиз? - Көпчүлүгү бул жакта жыргал жашоо деп ойлойт. Мен муну туура көрбөйм, себеби бул жакка келип жашаш үчүн даярдык керек, тил билсең, кесиптик даярдыгың туура келсе жакшы жумушка кире аласың дегендей. Ага чейин башында көбү эле жөнөкөй жумуштардан баштаганга мажбур. - Тилден тышкары да ошол мамлекеттин маданиятын, тарыхын, менталитетин кабыл алууга даяр болуш керекпи? - Көпчүлүгү келип, 2-3 жыл иштеп кайра эле кайтам деп ойлойт да. Бирок азыр келгендер бул жактын маданиятын, элинин кулк-мүнөзүн үйрөнгөнү аракеттенип калышты. Бул жакка келем дегендер көп нерсени үйрөнүп, билип келсе, тезирээк өз жолун таап кетиши оңой болот. - Биз сизге амандык, ийгиликтерди каалайбыз, балдарыңыздын келечеги кең болсун! Маегиңизге чоң рахмат! - Силерге да рахмат! Ден-соолук, иштериңерге ийгилик! Ар дайым азаттыктын жарчысы болуп жүрө бергиле!

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:28

БШК Жумабековду «депутаттыкка талапкер» макамынан ажыраткан жок (видео)

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) караштуу маалымдоо жана үгүт иштерин көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун парламенттик шайлоого "талапкер" деген макамын жокко чыгарууну сунуш кылган. 18-сентябрда бул сунуш БШКнын жыйынында каралып, колдоо тапкан жок. Боршайком «Кыргызстан» партиясына шайлоо эрежесин сактоону эскертти. No media source currently available Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин Жумабековдун үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган. 17-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы кайра маалымат таратып, акча фонддон бөлүнгөнүн билдирген. Ошентип, төраганын сүйүнчү бергени тууралуу расмий маалымат үч жолу өзгөртүлгөн. Төраганын фонду - мамлекеттик каражат. Шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо, административдик ресурсту пайдаланган болот. Чөнтөгүнөн акча берсе - шайлоочуну сатып алуу катары бааланат. Спикердин жаңы төрөгөн келинге акча бергенине байланыштуу маселени БШКнын карамагындагы жумушчу топ карап чыкмай болгон. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрага үгүткө катышпай эле аймактарда иш сапарында жүргөнүн билдирди. Кыргызстанда 120 орундуу парламентке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:28

Талапкер мечиттеги минбарга качан чыккан?

«Биримдик» саясий партиясынан парламентке талапкер болгон Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Жураев Баткенде «диний жайда үгүт жасап жатат» деген видео Интернетке тарады. Ал эми талапкер Сайдолимжон Жураев мечитте шайлоо жараянынан мурда сүйлөгөнүн айтты. Интернетте тараган видеодо Жогорку Кеңештин депутаты, «Биримдик» саясий партиясынан парламентке талапкер болгон Сайдолимжон Жураев мечиттин ичинде имамдын ордунда туруп алып жамаатка карап сүйлөп жатканын көрүүгө болот. Кээ бир жеринде сөздөрү түшүнүксүз болуп калган видеодо талапкердин пандемия учурунда бир топ пландар аткарылбай, мечит жамааты жума намазына чогула албай калганын айтып, калктын ден соолугу мындан ары жакшы болушун тилеп сүйлөп жатканы даана тартылган. Чөнтөк телефонго тартылган видео Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын мечитинде 11-сентябрда тартылганы кабарланды. «Азаттык» Жураевдин өзү менен байланышканда ал Интернетте тарап жаткан тасма болжол менен жарым жыл мурда тартылганын, мечитке барып турарын, бирок үгүт башталганы бир да жолу мечиттен сүйлөбөгөнүн айтты: «Бул мурда тартылган видео болсо керек. Мен үгүт иштери башталгандан бери мечитте бир да жолу чыгып, саясатты сүйлөгөн эмесмин. Мечитте тартылган ал тасмада шайлоо тууралуу сөз жок. Мен мечитке барып турам. «Жума намазыңыздар кабыл болсун» деп жакшы сөзүмдү, каалоомду айтып койчу элем. Булар эски тасманы таркатып жатышат. Видео алты ай мурда тартылса керек». Депутат, талапкер Сайдолимжон Жураев мечиттин минбарына чыгып сүйлөп жаткан учурда анын жанында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын борбордук эски мечитинин имамы Мамуржон Рахимбобоев да турганын көрүүгө болот. Мечиттин имамы да телефонго тартылган тасма мурда тартылганын айтууда: «Кайсы күнү тартылганын так билбейт экенмин. Айт күндөрү элди куттуктап жаткан учуру тартылган окшойт. Бизге казыяттан келип жыйын өтүп, үгүт иштерин жүргүзүүгө, саясат боюнча айтууга болбой турганын эскертишкен. Биз андайга жол бербейбиз. Жума намазындагыдай сөз айтылган эмес. Айт намазы болсо керек, менимче». Булардан башка тасмага түшүп калган эки каарман да мындай иштер жакын арада болбогонун айтып, «эски видео» деп жатышат. Анткен менен тасма пандемиялык чектөөлөр алынып, жума намазына уруксат берилгенден кийин тартылганы айтылууда. Анткени быйылкы Орозо айтта да, Курман айтта да айт намаздары мечитте окулган эмес. Муфтият жума намазын мечитте окууга сентябрь айынын башында гана уруксат берген. Буга чейин диний мекемелерде үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган. Дин кызматкерлерине саясатка аралашканга болбой турганы, үгүт иштерине катышпаш керек экенин эскерткен Дин комиссиясынын, муфтияттын жыйындары өткөн. Баткен облустук казыяты бул боюнча мечиттердин имамдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Облус казысынын орун басары Нуридин ажы Мамасабыров мечиттин ичинде талапкерге сөз берип, мыйзамдык талапты бузган имамга чара көрүлөрүн, жумушчу топ иликтөө жүргүзө турганын билдирди: «Биз ушул маселе боюнча облусту кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз. Бул окуя тууралуу эми эле билдик. Казыяттын жумушчу комиссиясы бул имамдын аракетине баа берүү боюнча иш жүргүзөт. Эгер чын эле ушундай болсо өзүнчө чара көрүлөт да». Кыргызстанда дин кызматкерлеринин саясатка аралашуусуна, ал эми диний мекемелерде саясий иш-чараларды жүргүзүүгө тыюу салынган. Шайлоо өткөрүү эрежелеринде да диний мекемелер ичинде үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилбейт. Жергиликтүү талдоочу Базарбай Масеитов мыйзамдык талапты сактабай, эрежелерди көзгө илбей, саясат үчүн динди жамынган талапкерлердин аракетине чара көрүлбөсө, кесепети оор болорун эскертти: «Бизде мыйзамды сыйлап, талаптарды аткарууга дагы деле жетише албай келебиз да. «Биримдик» партиясы бийликке таянып, өзүм билемдик жасап жатканын көрүүгө болот. Бул эми мечиттин ичинде ушундай аракет жасап жатканы такыр акылга сыйбаган мыйзамсыз иш. Партия өкүлдөрү жолугушууларына мамлекеттик кызматкерлерди, мугалимдерди топтоп жатканы аз келгенсип эми дин ишмерлерин да тартып жатышат. Мунун кесепети жакшылыкка алып келбейт». Буга чейин да Интернетке айрым партиялардын эл менен жолугушууларында молдолор катышканы тартылган видеолор чыккан. Борбордук шайлоо комиссиясы диний мекемелерде гана шайлоочулар менен жолугушууга уруксат жок экенин, калган жайларга тыюу салынбаганын буга чейин билдирген. Муфтият диний ишмерлерди үгүт иштерине аралашпоого чакырган, ал эми шайлоочуларды добушун сатпоого үндөгөн билдирүүлөрдү тараткан.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:28

Экс-министр эки айга камалды

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев эки айга камакка алынды. Башкы прокуратура ага «мамлекетке 65 миллион сом зыян келтирген» деген айып коюуда. Космосбек Чолпонбаев - Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшкө байланыштуу камалган биринчи аткаминер. Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен 15-ноябрга чейин камалды. Соттун 17-сентябрдагы чечимине ылайык, Чолпонбаев бул аралыкта Бишкектеги №1 тергөө абагында болот. Ал сотко алынып келгенде журналисттердин суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, «комментарий бере албай» турганын айтты. Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн адиси Эрмек Асанов Чолпонбаев Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен каралган кылмыш иши боюнча шек саналып жатканын маалымдады: «Космосбек Чолпонбаев кызмат абалынан пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы туруп, консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзгөн. Натыйжада мамлекеттик бюджет 65 млн. сомдук зыян тарткан». Коронавируска каршы даярдыгы чабал деген сындан кийин саламаттык сактоо министринин кызматынан 1-апрелде бошотулган Космосбек Чолпонбаев 15-сентябрда кармалган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) ал «Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын маалымдаган. Чолпонбаевдин жакындары бул иш боюнча «эл аралык эксперттердин иликтөөсү зарыл» деген жүйөнү карманып турушат. Ал эми анын жактоочусу Марат Эшперов кардары менен макулдашмайынча журналисттерге комментарий бере албай турганын билдирди. Космосбек Чолпонбаев саламаттык сактоо министри болуп 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. Эки жыл иштегенден кийин быйыл 1-апрелде ээлеген кызматынан бошотулган. Финполдун Тергөө башкармалыгы март айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында экс-министр Чолпонбаевди 6-июлда суракка чакырган. Азырынча күч түзүмдөрү Чолпонбаев шек саналып жаткан иштин чоо-жайы, кайсы компаниянын кызыкчылыгын сүрөгөнү боюнча кенен маалымат бере элек. Юстиция министрлигинин сайтында Чолпонбаев Космосбек Сариевичтин ысымына саламаттык сактоо жаатында иш алып барган «Кыргызфармимпэкс» ишканасы катталганы тууралуу маалымат турат. Чолпонбаев министрлик кызматка келгенге чейин Кыргызстандагы фармакологдор бирикмесинин төрөгасы болуп турган. Медицина тармагы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова саламаттык сактоо тармагы коррупциялык иштерге аралашып жатканына кейиди: «Чолпонбаев фармакология тармагында ийгиликтүү ишкер катары таанымал болчу. Бирок ал кандай жол менен министрликке келип калганын билбейм. Ушундан улам далилдөөчү медицина тармагында Чолпонбаев менен көз карашым бирдей эмес болчу. Мен далилдөөчү медицинанын эксперти катары эмнелерди сатып алыш керек экенин, кайсы жерде коррупциялык коркунуч көп экенин айтып турчумун. Эми мен айткан сөздөр туура чыкты. Бирок Чолпонбаевди так кайсы иш үчүн айыптап жатышканын айта албайм. Менин демилгем - коррупциялык иштерге каршы туруу. Медицина тармагы коррупциядан алыс болуп, элдин саламаттыгы менен алек болушу керек болчу. Мындай иштер болуп жатканы мени өкүндүрөт». Укук коргоо органдары териштирип жаткан иштер буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча иликтенип жатканы кабарланган. Ушул эле иштин алкагында Финпол мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 10-июлда суракка чакырган. Өмүрбекова «мен кызматта турган учурда катачылык болгон эмес» деп билдирген жайы бар: «Февраль менен март айына мен жооп берем. Менде бардык далилдер бар. Ал эми Чолпонбаевдин камалышы тууралуу укук коргоо органдары кеңири маалымат бере элек. Аны коронавирус пандемиясынын убагында кылган иши үчүн камадыбы же ага чейинки иштери тууралуу суралып жатабы? Буларды так билбей туруп комментарий берүү оор болуп турат. Эгер коронавирус убагында болсо - биз андайга жол берген эмеспиз. Бирок бул Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам жумушу да. Ошондуктан өкмөт алардын мындай ишине кийлигишчү эмес. Биздин жумуш - алардын саясатын аныктап берүү болчу. Чолпонбаевдин камалышы балким Коопсуздук кеңешинин астында көрсөткүч катары керек болдубу деп ойлойм». Саясий айдыңда Чолпонбаевдин кармалышынан улам бул бийликтин пандемиядагы алешемдиктерди териштирүү аракетиби же шайлоо алдындагы кожо көрсүн кадамыбы деген суроо жаралды. Мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиев бул боюнча өз оюн ортого салды: «Бул маселеде бир эле киши фигурант болбойт. Себеби эмне сатып алса да тендер деген жарыяланат. Аны бир министр өзү жалгыз чече албайт. Ал жерде комиссия бар. Мен өзүм баш-аягы 11 жыл министрликте иштедим. Бул тармакты жакшы билем. Чечим чыгарар алдында аларды карап турган өкмөт бар, министрликте жоопкерчиликтүү кызматкерлер бар. Вице-премьер-министрдин, өкмөт башчынын макулдугу менен ишке ашат. Мына ушуларды эске алыш керек. Эгер Чолпонбаевди айыбы такталып, далилденсе - албетте, ал жооп бериши керек. Бирок дагы бир жолу айтайын. Бул жалгыз кишинин колунан келе турган иш эмес». Коомчулукта пандемияда каза болгондордун айрым жакындары бийликти эпидемиологиялык абалдын алдын албаганы үчүн айыптап, жогорку кызмат адамдарын жоопко тартууну талап кылып жүрүшөт. Азырынча бийлик алардын талабы боюнча үн ката элек. Адвокат Канат Хасанов Башкы прокуратурага быйыл июль айынын башында кайрылып, Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда сырттан келген каржылык жардамды бөлүштүрүү кандай жүргөнүн текшерүүнү жана аны жоопко тартууну суранган. Башкы прокуратура анын арызын Жазык кодексинин «Шалаакылык» беренесинин негизинде козголгон сотко чейинки териштирүүнүн алкагында сентябрь айынын башында карай баштаганы белгилүү болгон. Хасанов Чолпонбаевдин камалышын пандемия учурунда Кыргызстандагы аткаминерлер сырттан келген акчаны сол чөнтөккө салганынын далили катары көрүп турат. «Шалаакылык болгон үчүн 1500дөй киши жөн жерден өлгөн жок да, - деди ал. - Ооруканалардын даяр эместиги, орундардын жоктугу, дем алдыруучу аппараттардын жетишсиздиги байкалып турду. Муну тиешелүү министрликтер күн мурунтан даярдап коюшу керек эле да». Кыргызстанда коронавирус илдети алгач 18-мартта катталган. 17-сентябрга карата бул илдетке чалдыккан адамдардын саны 45 миңден, ал эми оорудан көз жумган адамдардын саны миңден ашты. Коронавирустан жана пневмониядан көз жумгандардын көбү июнь-июль айларына туура келет. Кыргыз коомчулугунун бир бөлүгү пандемиянын Кыргызстанга алып келген мындай оор кесепети үчүн Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген мурдагы өкмөттү да күнөөлөп келет. No media source currently available

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:28

Паспортуңуз партияларга эмне үчүн керек?

Азыркы учурда шайлоого аттанган партиянын үгүтчүлөрү элдин добушун алууга аракет кылып, шайлоочуларды №2 форма деп аталган документ менен өздөрүнө ыңгайлуу шайлоо тилкелерине каттаганга аракет кылып жатат. Бирок бул добуш сатып алуу катары да бааланууда. Алар паспортуңузду сурап сизге да келсе керек? Жарандын жеке документи партияларга эмне үчүн керек?

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:29

Башкы прокуратура: массалык түрдө дарек алмаштыруу боюнча 21 кылмыш иши козголду

Көзөмөл органынан маалымдашкандай, парламенттик шайлоо алдында социалдык тармактарда жана коомчулукта №2 форма боюнча массалык түрдө дарек алмаштыруу фактылары айтылып жатат.БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Шайлоочулардын массалык түрдө дарегин которуусу боюнча билдирүүлөргө ылайык 21 материал каттоого алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. Көзөмөл органынан маалымдашкандай, парламенттик шайлоо алдында социалдык тармактарда жана коомчулукта №2 форма боюнча массалык түрдө дарек алмаштыруу фактылары айтылып жатат. "Айрым учурларда мындай көрүнүштөрдүн артында шайлоочуларды башка участокко ташып алып баруу, добуштарды сатып алуу, документтерди жасалгалоо аракеттери болушу мүмкүн. Бул жаатта Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 21 материал катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө. БШК Жумабековду талапкер катары калтырып, “Кыргызстан” партиясына эскертүү берди Башкы прокуратура эске салгандай, “КР президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, ар бир шайлоочу алдын ала тизмеден маалыматты тактап алышы керек. Тизмеден өзүн таппай калган учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациялоодон өтөт. Белгиленген формадагы арызды шайлоочудан кабыл алганда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү анын толтурулушунун тууралыгын жана арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын паспорттук маалыматтарга туура келерин текшергенден кийин, ошондой эле идентификациядан өткөн шартта шайлоочуга арызды иштеп чыгуунун статусун тактоо боюнча маалыматы бар, арыздын төмөн жагында жайгаштырылган айрыма талон берет.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:29

БШК Жумабековду талапкер катары калтырып, “Кыргызстан” партиясына эскертүү берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Дастан Жумабеков "административдик ресурс колдонгон" деген корутунду чыгарып, БШКнын кароосуна киргизген.БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, учурдагы спикер Дастан Жумабеков шайлоодон четтетилген жок. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Жумабековдун өзүнө дагы эмес, ал талапкер катары аттанып жаткан “Кыргызстан” партиясына эскертүү берүү чечимин кабыл алды. Белгилей кетсек, 15-сентябрда Дастан Жумабековдун өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин коштоосунда Кара-Буура райондук ооруканасына барган сүрөттөрү чыккан. Анда көз жарган келинге өзүнүн үй-бүлөсүнүн атынан сүйүнчү катары 50 миң сом бергени айтылып, жакынкы жылдары мамлекет наристелүү болгон ар бир үй-бүлөгө ушундай каражат төлөп берерин убадалаганы жазылган. Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме Буга байланыштуу БШКнын айрым мүчөлөрү шайлоо мыйзамдарын бузду деп Жумабековду же ал курамына кирген "Кыргызстан" партиясын шайлоого катышуудан четтетүүнү сунуштаган . Ошондой эле алар Жумабеков спикер кызматын пайдаланып, үгүт иштерин административдик ресурс, сүйүнчү пул бергенин добуш сатып алуу катары баалаган. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Дастан Жумабеков "административдик ресурс колдонгон" деген корутунду чыгарып, БШКнын кароосуна киргизген.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 17:33

Мы в «Биримдик» не делим людей по этническому признаку, полу, расе или состоянию здоровья. Наша забота – все граждане Кыргызстана.

Мы в «Биримдик» не делим людей по этническому признаку, полу, расе или состоянию здоровья. Наша забота – все граждане Кыргызстана. И люди с инвалидностью – люди с огромным потенциалом и потребностями, которые не может игнорировать здоровое общество.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники