О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
16 сентября 2020 г. 18:51

Урматтуу кыргызстандыктар, "Ата Мекен" ар бириңизге кайрылат!

Ар бир добуш маанилүү! Ар бир добуш чечүүчү! Шайлоо - мамлекет үчүн эң маанилүү кадамдардын бири. Ар беш жыл сайын сиздин кызыкчылыгыңызды парламентте ким коргойт, ким жактаарын тандайсыз. Паракор, жалкоо, жоопкерчиликсиз чиновниктер - өлкөгө жакшылык алып келбейт. ⠀ Ошондуктан 4-октябрда татыктуу партияга добуш берип, шайлоого катышууга чакырабыз. 1000 сомго, 2000 сомго паспорттогу маалыматтарды эч кимге бербеңиз! Добушуңузду, келечегиңизди сатпаңыз! ⠀ *** ⠀ Уважаемые кыргызстанцы, «партия Ата Мекен» обращается к каждому из вас! ⠀ Ваш голос важен! Каждый голос важен! Выборы — это ответственность как кандидатов, так и избирателей. Раз в пять лет только вы выбираете, кто будет представлять вас в парламенте. Коррупционеры, нахлебники-чиновники, не готовые брать на себя ответственность за происходящее в стране — не смогут изменить страну и жизни граждан в лучшую сторону. ⠀ Мы призываем каждого из вас не игнорировать выборы, которые состоятся 4 октября, не продавать свои голоса, не давать свои паспорта тем, кто предлагает по 1000 или 2000 сомов. Ваш голос не имеет цены, ваш голос определит будущее страны!

Подробнее
16 сентября 2020 г. 20:06

Чоң-Алай районуну

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургундары менен жолугушууда, "Бир Бол" партиясынын таларкерлери ири өндүрүштүк ишканаларда калкты максималдуу түрдө иш менен камсыз кылуу зарыл экендигин белгилешти. Биз өз мекенибизге кайтып келүүнү каалаган жарандарга, алардын коомдук турмушка катышуусуна, ошондой эле Кыргызстанда жашоону каалаган жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгабыз. Биздин милдетибиз – калкты максималдуу түрдө жумуш менен камсыз кылуу.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 21:00

Реформа" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер

Реформа" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер ⠀ Кандидат в депутаты ЖК от партии "Реформа"

Подробнее
16 сентября 2020 г. 20:06

Социалдык чегерүүлөрдү төмөндөтүү

Социалдык чегерүүлөрдү төмөндөтүү Кыргызстандагы көмүскө экономиканын башкы себеби – социалдык чегерүүнүн жогору болушу. Ал жалпы айлык акынын 27,25%ын түзөт. Ар бир иштеп жаткан жаран тапкан айлык акысынын үчтөн бир бөлүгүн Социалдык Фондко берүүгө аргасыз. Натыйжада формалдуу эмес алектенүү пайда болуп, коррупция үчүн шарт түзүлүп, эл аралык компаниялар өлкөгө келүүдөн баш тартууда. Мамлекет бул каражатты натыйжасыз бөлүштүргөндүктөн, жарандар аз көлөмдөгү пенсия алышат. Демек, Социалдык Фонддун ишмердүүлүгү таза жана айкын эмес. “Реформа” партиясы Социалдык Фондду жоюуну жана 27,25%дык социалдык чегерүүнүн ордуна мамлекеттик бюджет үчүн 10%дык социалдык салык сунуштайт. Бул жумушчуларга өз акчасын мамлекеттен жашырбоого, бизнести көмүскө иштерден арылтууга, эмгек келишимдери аркылуу жумушчулардын укуктарын коргоого, көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартууга жана бюджеттин киреше булагын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мамлекет жарандарын белгилүү бир өлчөмдөгү пенсия менен камсыздай алат. Өз каражаттарын жеке менчик пенсиондук камсыздоо же башка инвестициялар аркылуу колдонууну мамлекет эмес, жарандар өздөрү чечет. ====================== СОЦ.ОТЧИСЛЕНИЯ Снижение социальных отчислений Главной причиной теневой экономики в Кыргызстане является высокая норма социальных отчислений, которая составляет 27,25% от общего фонда заработной платы. Каждый работающий гражданин вынужден отдавать практически треть своего заработка в Социальный Фонд. Это значительно выше чем в экономически успешных странах. В результате появляются зарплаты в конвертах, неформальная занятость, создаются условия для коррупции, крупные международные компании не приходят в страну. Государство распоряжается этими средствами неэффективно, граждане получают мизерные пенсии, деятельность Соцфонда непрозрачна. Партия Реформа предлагает ликвидацию Соцфонда, замену социальных отчислений в размере 27,25% на социальный налог - 10%, собираемый в государственный бюджет. Это позволит работникам не прятать свои доходы от государства, выйти из тени бизнесу, защитить права работников через трудовые договора, сократит размеры теневой экономики и увеличит доходы бюджета. Люди будут получать от государства гарантированный размер пенсии. Граждане, а не государство будут решать, как им использовать свои сбережения через частное пенсионное страхования или другие инвестиции

Подробнее
19 сентября 2020 г. 22:24

Сиздердин бизге берген дем күчүңүздөр, алдыга жылууга жол салат!

Жалал-Абад шаарына болгон сапарыбыз дагы ишке ашты. Ак батасын берип, колдоо көрсөтүп, жолугушууга келип жаткан ар бир жарандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз! ⠀ Сиздердин бизге берген дем күчүңүздөр, алдыга жылууга жол салат!

Подробнее
18 сентября 2020 г. 16:03

Өлкөбүздөгү тигүү тармагы жана андагы көйгөйлөр жөнүндө биздин материалдан көрүңүздөр.

Кыргызстанда тигүү индустриясы калктын басымдуу бөлүгүн жумуш менен камсыз кылып турат. Бул тармакта көбүнчө аялдар иштешет. Аларга өкмөт тарабынан өзгөчө колдоо керек. Өлкөбүздөгү тигүү тармагы жана андагы көйгөйлөр жөнүндө биздин материалдан көрүңүздөр.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 13:25

Сүлүктүү

Сүйүктүү шаарыбыз Сүлүктүүнүн тургундары "Алдыга жолду" тандап, биздин партияны колдойбуз дешти. Сиздерге чоң рахматыбызды айтабыз. Алдыга жол №14✅

Подробнее
18 сентября 2020 г. 20:17

КТРК — 20:00 (Тилек Токтогазиев) ЭЛТР – 22:05 (Эльдар Абакиров)

"Ата Мекен" партиясынын талапкерлери - Тилек Токтогазиев жана Эльдар Абакировдун катышуусу менен түз эфирде дебаттар башталып жатат. КТРК — 20:00 (Тилек Токтогазиев) ЭЛТР – 22:05 (Эльдар Абакиров) *** Прямо сейчас начинаются дебаты в прямом эфире с участием кандидатов от «Ата Мекен» - Тилеком Токтогазиевым и Эльдаром Абакировым. КТРК — 20:00 (Тилек Токтогазиев) ЭЛТР – 22:05 (Эльдар Абакиров)

Подробнее
18 сентября 2020 г. 15:33

Жоомарт Акжол уулу: Жаш ишкерлерге багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгам

Жоомарт Акжол уулу 1975-жылы туулган, Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. 2005-жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Азыр «Оомат» курулуш компаниясынын башкы директору. Учурда «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер. — Эмне үчүн саясатка барууну чечтиңиз? — Негизги максатым — эл-журтка кызмат кылуу. Өзүм акыркы жыйырма жылдан бери өндүрүш тармагында ишкерлик кылып келе жатам. Алгач кийим тигүү фабрикаларын ачып, тигилген кийим-кечелерди жакынкы чет өлкөлөргө экспорттоп келдик. 2009-жылы Кытай менен Түштүк Кореядан атайын токуучу жабдыктарды алып келип, байпак фабрикасын ачтык. Бул ишканалар азыр да ийгиликтүү иштеп, продукция негизинен экспортко чыгууда. 2013-жылы курулуш тармагына да аралашып, «Оомат» компаниясын негиздедик. Ошондон бери Бишкек шаарында бир нече көп кабаттуу үйлөрдү куруп, кардарларга тапшырдык. Курулуш иштери дагы деле уланууда. — Ишкерлик менен деле элге кызмат кылсаңыз болот го, сөзсүз эле саясатка баруу керекпи? — Албетте, болот. Бирок чоң саясатка кирип, мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн көбүрөөк салым кошсом дейм. Мен өзүмө, бала-чакама керектүү шарттардын баарын түздүм деп эсептейм. Эми саясатка баруу менен ишкерликтеги, өндүрүштөгү тажрыйбамды мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жумшасам деген ниеттемин. Азыр мамлекет тараптан ишкерлерди колдоо жетиштүү деңгээлде эмес. Эгер парламентке келсем, ишкерлерге, өзгөчө ишти жаңы баштап жаткан жаш ишкерлерге көбүрөөк көңүл буруп, ушул багыттагы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгам. Келечекте ишкерлерге жакшы шарттарды түзүп бергенге аракет кылабыз. Мындан тышкары курулуш компаниялары үчүн курулушка уруксат алуу жол-жобосу азыр аябай татаал. Ушул маселелерди да жеңилдетсек, шаарларыбыздын көркүн ачкан имараттар, үйлөр көбүрөөк курулмак. Бул маселени чечсек өлкөнүн өнүгүшү үчүн да жакшы салым кошулмак. Анткени курулуш компаниялары мамлекеттик казынага курулуп бүткөн ар бир имарат же үй үчүн ири өлчөмдөгү салык төлөйт. — Эмне үчүн «Мекеним Кыргызстанды» тандадыңыз? — Биринчиден, бул партиянын программасы жакты. Программа бардык тармактарды камтып, анда өлкөнү кантип өнүктүрүү боюнча сунуштар көп экен. Экинчиден, жаңы, жаш жүздөргө басым жасалыптыр. Алардын бир тобу ишкер чөйрөдөн экени да мени ушул партияга тартты. Бул партияда келечекти көрө билген чыгаан адистер, такшалган тажрыйбалуу инсандар көп. Кудай буюрса, биз жеңишке жетип, Мекенибиз Кыргызстанды сөзсүз өнүктүрөбүз. «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 15:34

Искендер Матраимовдун «Саясат.kg» сайтына берген маеги — фейк

Интернет айдыңында депутаттыкка талапкер Искендер Матраимовдун «Саясат.kg» сайтына «карантинде ун таратып, элди ачкачылыктан сактап калдык, болбосо кедейлер кырылып калмак» -деген сөзү тарап, көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду. Бул боюнча «Саясат.kg» маалымат агентигинин жетекчиси Нургазы Анаркулов төмөндөгүлөргө токтолду: «Биздин «Саясат.kg» маалымат аналитикалык порталына Искендер Матраимовдун бир дагы маеги чыккан эмес. Алардан маек алган эмеспиз, сүйлөшүүлөр дагы жүргөн эмес жада калса тааныбайбыз. Айта кетүүчү нерсе бул таркатылып жаткан нерсе фейк болуп эсептелинет. Айрым бир арам ойлуулар биздин сайтын жасалгалоосун алып, окшоштуруп ыплас нерселерди таркатып жатышат. Баардыгы калп, айрымдар кара пиар кылып колдонуп жатышат» — деди Анаркулов. Эске салсак, «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасады: « Урматтуу элим, урматтуу шайлоочулар! Үгүт өнөктүгү маалында белгисиз топтор интернет айдыңы аркылуу мага жана мен мүчө болгон «Мекеним Кыргызстан» партиясына карата ыплас технологияларды колдонуп, айтпаган сөздү айтты деген карандай калптарды таратуу менен кара пиар жасоодо. Маселен, акыркы күндөрдө интернеттеги социалдык тармактарда менин атымды жана сүрөтүмдү коюп, «Искендер Матраимов «Саясат.kg» сайтына карантинде ун таратып, элди ачкачылыктан сактап калдык, болбосо кедейлер кырылып калмак», — деп айтты деген сөздү таратышууда. Бул карандай калп жана жалган жалаа. Мен аты аталган сайтка жана башка бир да маалымат каражатына, же кайсы бир журналистке минтип айткан эмесмин. Коронавирус пандемиясы күчөп, элибиз кыйналып турган учурда кол сунуп, ар тараптуу жардам бергенибиз чын. Бирок биз аны эч качан колко, милдет кылган эмеспиз. Ал оюбузга да келген эмес. Жардамды чын дилибизден бергенбиз жана ага эл күбө. Азыр эми айрым ниети түз эмес топтор биздин ошол аракетибизди бурмалап, ушинтип манипуляция жасоодо. Андыктан айтпаганды айтты дедирген мындай жалган маалыматтарга ишенбеңиздер. Биз, «Мекеним Кыргызстан» партиясы парламенттик шайлоого аттанган күндөн тарта атаандаштарыбызды, бардык саясий күчтөрдү бири-бирин жок жерден жаманат кылган мындай кара пиарлардан алыс болуп, таза күрөш жүргүзүүгө чакырып келебиз жана мындан ары да чакыра беребиз. Сиздерди урматтоо менен, ЖКнын VI чакырылышынын депутаты жана ЖКнын VII чакырылышынан шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер Искендер Матраимов». *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 15:34

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын командасы тууралуу билгиңиз келеби?

• «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан баардыгы болуп 200 талапкер катталды; • Орточо жаш курагы 40-45 жаш; • Алардын ичинен 31и улуттук азчылыктын өкүлү; • Төртөө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам. Талапкерлердин арасында Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын бир нече депутаты болгону менен, бул саясий жүрүштө жаңы жүздөргө басым жасалды. Алсак, ири коррупциялык иштер боюнча иликтөөлөрү менен белгилүү болгон журналист Элнура Алканова , юрист жана илимдин доктору Канатбек Азиз , көрүнүктүү жаш ишкер Кылыч Исамамбетов өңдүү мыктылар катарыбызда. Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча Мирлан Бакиров, Эрлист Акунбеков сыяктуу талапкерлер бар. Мирлан Бакиров дыйкандарды колдоо үчүн бир нече мыйзам долбоорлорун ийгиликтүү иштеп чыкса, Эрлист Акунбеков айыл чарбага байланыштуу маселелерди айттырбай билет. Ал ийгиликтүү иштеп жаткан фермерлик бизнести көп жылдардан бери жетектеп келет. Сугат жана талааларды кайрадан иштетүү боюнча жаңы системаларды киргизип, ал натыйжалуулугун көргөзүүдө. Акунбеков жети агро-лабораториянын жана фермерлерди колдоо боюнча фонддун негиздөөчүсү. Экономика жаатын Марлен Маматалиев сыяктуу жаш бизнесмендер, ийгиликтүү ишкер жана Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Раимкулов , ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча конкреттүү пландарды түзүп, жакынкы аралыкта Нарын дарыясына курууну ниет кылган Абас уулу Кубанычбек өңдүү тажрыйбалуу адистер көзөмөлдөйт. Социалдык жактан өнүгүү жана саламаттыкты сактоо тармагы боюнча Бишкектин экс-вице-мэри Татьяна Кузнецова , саламаттыкты сактоо жана фармацевтика жаатында тажрыйбасы мол Гүлмира Шакирова бара жатат. Мамлекетти башкарууну реформалоо боюнча тажрыйбалуу юристтер жана саясатчылар — юрист Татьяна Карыжинская , юридика илиминин доктору Эрлан Базарбаев жана учурдагы парламенттин депутаты Искендер Матраимов иш жүргүзмөкчү. Мигранттарыбызды колдоо тармагында Орусиядагы жана Казакстандагы мекендештерибиздин арасында жакшы таанымал жана кадыр-баркка ээ инсан Бакытбек Адылов жана Кыргызстандын Түркия менен Өзбекстанда элчи болгон, көп жылдар бою Маданият жана туризм министрлигин жетектеген Ибрагим Жунусов бар. Партиябызда сергек жашоо образынын концепциясын алга сүрөй турган спортчулар бар. Жеңил атлетика боюнча чемпион Дарья Маслова , кикбокс боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү Улукбек Абдулазимов жана белгилүү футболчу Канатбек Маматов , ошондой эле кикбокс боюнча Дүйнөнүн чемпиону Шайлообек Атазов бар. Бул спортчулар өз карьерасында көптөгөн ийгиликтерди багынтты, эми элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөнү ниет кылышууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жарк эткен мүчөлөрүнүн бири Толкунбек Исаков . Бала чагында оорунун айынан көзү такыр көрбөй калган, буга карабастан өзүн профессионал спортчу катары калыптандырып, азыркы убакта майыптардын укугун коргоо боюнча комитеттин төрагасы. Парламенттин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков да катарыбызда. Ал төрага болуп турганда парламент элдин жашоо шартын жакшыртуу багытындагы натыйжалуу мыйзам долбоорлорду кабыл алуу менен өзгөчөлөнгөн. Ошондой эле «Мекеним Кыргызстан» партиясынын командасында жетекчилик кызматта отуруп бюджеттин өсүшүнө жана бюджеттин эсебинен айлык алуучулардын маянасын көтөрүүгө чоң салымын кошкон мыкты башкаруучулар да бар. Муниципалдык кызматта Бакытбек Дюшембиев, Жапар Ормонов жана Мирлан Амантуровдун тажрыйбасы чоң. «Мекеним Кыргызстан» партиясы — ар бир кыргызстандыктын партиясы! Өз партиялаштары менен сыймыктанган: Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаттыгына талапкер. «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
18 сентября 2020 г. 15:34

Бишкектиктердин 27 пайызы шайлоодо баарына каршы добуш бермекчи

Ордо калаабыздын тургундарынын 27 пайызы парламенттик шайлоодо баарына каршы добуш бермекчи. Бул тууралуу «Жалпыбыздын иши» Коомдук фондунун серепчилери жүргүзгөн сурамжылоодон кийин белгилүү болду. Сурамжылоого катышкандардын айтымына караганда, алар шайлоодо ат салышып жаткан 16 партиянын бирине да ишенбейт. 24.kg маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып, саясатчы Эмиль Жураев, баарына каршы добуш бергендердин саны жети пайыздан ашып түшсө, ал эми партиялар добуштардын керектүү санын топтой албаса, шайлоо өткөн жок деп эсептелинээрин билдирди. «Мында аймактык квота эсепке алынбайт. Добуштардын көбүн ордо калаабызда гана топтоо жетиштүү болот», — деди ал. Ал эми жарандардын 58 пайызы добушун кимге берээрин алигиче билбейт. Чүй облусунда шайлоодо добушун баарына каршы жарандардын 23 пайызы бермекчи, Ош жана Ысык-Көл облустарында — 17 пайыз.

Подробнее
20 сентября 2020 г. 0:12

Форма №2 шайлоочунун укугун коргогон менен түпкүлүгүндө кызыктар тарап колдонот

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Шайлоодо биометрикалык маалыматтардын негизинде гана добуш берүүгө болот. Ошол себептен биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек жарандарга жана шайлоо дарегин өзгөртүү үчүн арыз берүүчүлөргө 19-сентябрга чейин убакыт берилген. Форма №2 алуу үчүн кайрылгандардын саны 16- сентябрга карата алынган маалымат боюнча 264 миң 270ке жетти. Ошол эле учурда көпчүлүк жарандар Бишкек шаарында бир канча шайлоо участкалары толуп, арыздарын кабыл албай жатканын билдиришүүдө. Бишкектеги шайлоо участкалары чын эле толуп, форма №2 кабыл албай жатабы? Же арыздарды кабыл албоонун башка бир себеби барбы? Муну билүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында көрсөтүлгөн телефон номерлери менен Бишкектеги айрым шайлоо участкаларында чалып көрдүк. Көк-Жар кичи районундагы №1156 шайлоо участкасынын катчысы Назик Нурболотовага чалганыбызда ал жумуштан бир ай мурун кеткенгигин, бирок аталган участкада учурда форма №2 кабыл алынбай, толуп калгандыгын айтты. — Форма №2 азыр албай калышкан, мурда эле толуп калган. Ошондой эле форма №2 кабыл алганга аз эле орун калгандыктан кабыл алынбай тургандыгын Туңгуч кичи районундагы №1159 участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Миргүл Ибраимова билдирди. — Бизде аз эле место калды, Туңгучтун элине жана комиссия мүчөлөрүнө эле калды. Биз өзүбүз ошол жакка катталышыбыз керек, бүгүн акыркы күн. Ал эми Гоголь көчөсүндөгү № 1332 шайлоо участкасынын төрайымы Дильбар Худайбердиевага чалганыбызда, ал жерде азырынча орун бар экендигин айтты. — Компьютер кабыл алганга чейин келген арыздарды кабыл ала беребиз, толгондо компьютер өзү кабыл албай калат. Ошентип, форма №2лерди кабыл алып-албай жаткандыгы боюнча шайлоо участкаларынан ар түрдүү жооп уктук. Ар бир шайлоо участкалары кошумча форма №2лер үчүн бөлүнгөн орундардын толуп- толбогондугун билүү кыйын экендигин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, форма №2 боюнча келген арыздарды заматта кабыл алуу мүмкүн эмес. » Участкалык шайлоо комиссияларындагы орундардын толгон-толбогондугун заматта билиш кыйын. Себеби, берилген форма №2 үлгүсүндөгү арыздар ошол эле заматта каралбайт. Бул техникалык да, физикалык да жактан мүмкүүн эмес. Ал 1-2 күндү талап кылат», — деди Бекматов. Ошондой эле ал участкалар толуп калган болсо, толо элек участкаларга барууну ар бир шайлоо участкасындагы тиешелүү кызматкерлер сунушташа тургандыгын кошумчалады. Мындан сырткары, Бекматов ар бир шайлоо участкаларындагы комиссиялар дагы 19- сентябрга чейин кайрылышы керектигине токтолду. «Мисалы, бир УШКда 2400 орун болсо, бүгүн дагы 50 арыз кабыл алсак, болжолдуу түрдө толуп калганын билебиз. Ошондуктан шайлоо участкаларындагылар толду деп айтат» ,- деди Бекматов. Ошол эле учурда шайлоого аттанып жаткан айрым саясий партиялар форма №2 үлгүсүндөгү арыз менен кээ бир шайлоо участкаларына өздөрү унаа менен топтоп алып барып, катталууга жардам бере тургандарын сунуштап жатканы эл арасында айтылып жүрөт. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов андай мүмкүнчүлүк эч кимде жок экендигин жана мүмкүн эместигин билдирди. — «Бизде ар бир шайлоо комиссиясындагы операторлор, комиссия мүчөлөрүнөн башка эч ким ишеничтүү айта албайт. Биз күн сайын келип түшкөн арыздарды, алардын каралуусун, ар бир УШК боюнча кыймылды тиешелүү бөлүм көзөмөлдөп турат» , — деди Бекматов. Мына ошол форма №2ни жоюш керектигин БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев билдирди. Анын айтымында, мыйзамдагы шайлоо адрести шайоочунун укугун сактагандыгын көрсөтүп, бирок түпкүлүгү мыйзамды кызыктар тараптар колдонот. «Бирок мыйзам чыгаруучулар муну жойбой жатат. Демек бул аларга керек нерсе. Шайлоочуар аз эле колдонот. Түпкүлүгү кызыктар тараптар колдонот», — деди. Кыргызстанда жарандар форма №2 үлгүсүндөгү арыз жазуу менен шайлоого катышуусу боюнча мыйзам 2011-жылы президенттик шайоонун алдында кирип, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатат. Буг чейин шаардык кеңештерге болуучу шайлоого карата Ошто массалык каттоо болуп, эч ким жашабаган үйгө 900 адам катталган мыйзам бузууларды аныкталган болчу.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:04

Выборы-2020. Бывший кандидат партии «Мекеним Кыргызстан» теперь в «Биримдике»

Бывший кандидат от партии «Мекеним Кыргызстан» Данир Иманалиев вступил в «Биримдик». Об этом на своей странице в Facebook написал депутат Бактыбек Турусбеков. Сам Данир Иманалиев подтвердил, что вышел из списка «Мекеним Кыргызстана», но причину вступления в ряды другой политорганизации не уточнил. Президент Сооронбай Жээнбеков подписал указ о назначении выборов в парламент . Они пройдут 4 октября. В выборах примут участие 16 партий.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 14:06

Ахматбек Келдибеков: Жаңылануунун улуттук өзгөчөлүгү-келечектин кубатын жаратуу

— Ахматбек Келдибекович, алгач учурдагы өлкөнүн тагдыры тууралуу кеп кылалы... — Азыр дүйнѳ чукул ѳзгѳрүүлѳрдү ѳз башынан ѳткѳрүп жатат. Дүйнѳлүк карама-каршылыктардын мазмуну, формасы ѳзгѳрдү. Ушундай оор кырдаалда ѳлкѳбүздүн тагдыры жана келечеги ар бир адамды, ар бир саясатчыны терең ойлонтот деген кѳз караштамын. — Буга чейин маектериңиздин биринде элибиздин алдында кыйшаюусуз чечүүнү талап кылган жети ѳзѳктүү маселени айттып өттүңүз эле, демек ѳзүбүздүн руханий байлыгыбызга, каада-салттарыбызга бай, түп башатыбызга кайрылууга мезгил жеттиби? — Ооба, кыргыз эли Азиядагы эң байыркы калк. Бизде мамлекетти куруунун, аны коргоонун жана башкаруунун улуу салттары болгон. Демек, жаңы тарыхый шартта социалдык, улуттук эс-тутумубузду жаңылап, түпкүрүбүздү аңдап, ѳзүбүздүн руханий байлыгыбызга, каада-салттарыбызга бай, түп башатыбызга кайрылууга мезгил жетти. Менин оюмча, азыр элибиздин алдында кыйшаюусуз чечүүнү талап кылган жети ѳзѳктүү маселе бар. Алар: Адилеттүүлүк: Адилеттүүлүк азыркы күндө ѳлкѳбүздѳгү, коомубуздагы башкы саясий постулат болушу керек. Ал эми адилеттүүлүктүн түркүгү — эркин жана кара кылды как жарган калыс сот. Ошондуктан адилет сот системасын түзмѳйүн, биздин демократиялык дѳѳлѳттѳр тууралуу сѳз кылууга саясий да, моралдык да акыбыз жок. Ал эми мамлекеттеги бардык реформалар, жаңы чечимдер жана долбоорлор биринчи кезекте социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга, карапайым калкты коргоого жана колдоого багытталышы керек. Акыйкаттык: Улуттук айкѳлдүк сапатты сактоо — ал кыргызды сактоо. Ал эми элибиздин салттуу дѳѳлѳттѳрүнѳ ар кандай саясий эксперименттерди жасоо саясаттын да, саясатчылардын да нравалык принциптерин аныктабайт! Айкѳлдүк: Бул элибиздин эзелтеден келе жаткан улуу сапаты, улуу наркы. Бул асыл сапаттар мамлекетүүлүгүбүздү чыңдоодогу орду жана ролу эбегейсиз зор. Мекенчилдик: Уюткулуу журт мекенчил болот. Ѳз улутун сүйүү — улутчулдук эмес, ал тарыхын урматтоо, элин сыйлоо. Ал Мекендин ыйыктыгын урматтоо. Мекенге болгон сүйүү бүтүндөй ааламга болгон сүйүү менен киндиктеш. Ал эми Ата Журтка болгон сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим деп ойлойм. Ыймандуулук: Ыймандуу жана ынтымактуу коом гана келечектүү мамлекет кура алат. Биз саясий ыйман маселесин башкаруу системасына киргизүүбүз зарыл. Ал эмне? Ал — тазалык, чынчылдык , абийирдүүлүк жана таза кѳкүрѳк. Ыймандын кылы кыйшайган жерден абийирсиздик, жоопкерсиздик, менменсинүү, саясий оппонентер менен күрѳшүүнүн булганыч жолдору башталат. Ошондуктан улуттук ыйман улутту сактап калуунун негизги нравалык чордону болушу керек. Ырайымдуулук: Эл аралык саясаттагы адам укугу деген маселе, кыргыздын кѳѳнѳ түшүнүгүндѳ адамга адам ырайымдуу болушу зарыл деген маани менен түшүндүрүлүп келген. Адам укугу — бул улуу түшүнүк, биз ѳлкѳбүздү адам укугун бийик сактаган ѳлкѳгѳ айландырышыбыз керек. Ынсапкорлук жана сарамжалдуулук: Кыргыз эли эзелтеден ушул эки сапатты жогору баалап келген. Кыргыз улуттук коррупциясынын ѳзгѳчѳлүгү, тамыры, ѳзѳгү биздин сарамжалсыз мамилебизде, ынсапкорлугубузда жатат. Мен жаңылануунун улуттук ѳзгѳчѳлүгүн ѳткѳндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан кѳрѳм. — Чоң рахмат! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники