О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 1:25

Революциянын бульдозери башка жакты көздөй бурулду

Азимбек Бекназаровдун карьерасында укмуштуудай бурулуш жасалды. Эми саясатчынын Кыргызстандын Малайзиядагы дипломатиялык миссиясын башкаруусуна бир кадамды таштоосу гана калды окшоду. Эки жүз сөз жетиштүү болот! 63 жаштагы Бекназаров өзүн ар кандай ролдордо байкап көрдү. Ал Курманбек Бакиевди бийликтен кулаткан оппозициянын лидерлеринин катарында да жүрдү. Жогорку Кеңеште депутат, башкы прокурор, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп, жеке юридикалык компанияны жетектеп көрдү. Ал эми үсүтүбүздөгү жылдын сентябрь айында, Бекназаров "Жаңы Ордо" гезитине журналист катары жумушка орношуп, өлкөдөгү саясый абалды чагылдырып жана аларга юридикалык баа берет экен деген кабарды да жарыялап жиберишти. Бирок кийин билингендей, бул анын жөндөмдүүлүгүндөгү акыркы чек эмес экен. Өткөн жуманын шейшемби күнү Жогорку Кеңештин эл аралык, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Азимбек Бекназаровдун Малайзиядагы элчилик кызматына талапкерлигин жактырды. Комитеттин жыйынында анын талапкерлигин кароо прессанын катышуусу жок өткөрүлдү. Комитеттин төрагасы Исхак Пирматов жыйындын ачык өтүшүн жарыялагыны менен, журналисттерди ал жакка киргизишкен жок. Бекназаровдун Малайзиядагы дипломатиялык мамилени өнүктүрүү боюнча кандай пландары бар экендигин аныктоо үчүн депутаттар ага кандай суроолорду бергени белгисиз. Катышып отурган 13 депутаттын 12си анын талапкерлигин жактырып, Ирина Карамушкина каршы добуш бергенин билүүгө мүмкүн болду. Журналисттерге белгилүү болгондой, Карамушкина Бекназаров менен англис тилинде сүйлөшүүгө аракет кылып: "How old are you?" (Сиз канча жаштасыз?) деп суроо берсе, Бекназаров ага кийин жооп бере тургандыгын билдириптир. Жыйындан кийин Азимбек Бекназаров журналисттер менен маектешүүгө убакыт таап, Малайзия менен дипломатиялык байланышты жакшыртууну пландаштырып жана Кыргызстанга иннвестиция тартууну пландаштырып жаткандыгы тууралуу айткан. Ушуну менен бирге саясатчы бул кызматта тил билүү башкы маселе эмес деген пикирин билдирген. -Тил билүү маанилүү эмес, кеп өз эне тилиңди жана Кыргызстанды канчалык сүйгөндүгүңдө. Элчиликте иштеш үчүн бир ай ичинде малай тилиндеги 200 сөздү жаттап алыш жетиштүү болот, - деген оюн айткан келечектеги дипломат. Эми Жогорку Кеңештин комитети Бекназаровдун талапкерлигин жактыргандан кийин, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндө президент указга кол кюушу керек. Кызматты соодалашып атып алдыбы? Пресса менен байланышып жатып, Азимбек Бекназаров өзүнүн кызматка дайындалышы боюнча бийлик менен эч кандай соодалашуу жүргүзбөгөндүгүн билдирди. Ошондой болгону менен үстүбүздөгү жылдын октябрь айында эле ЖМКда анын кызматка дайындалышы боюнча маалымат пайда болгонунда, саясатчы башкача жоромолду айтып, бул кызматты аны "тынчытуу" үчүн сунуш кылып жатышкандыгын ырастаган эле. -Ооба, президенттин айрым кеңешчилери мени кайсы-бир жакка жөнөтүп жибербесе, тынчыбайт деп айтышы мүмкүн. Мен өзүм да президентке эгер ал мага Кыргызстанда жумуш сунуштагысы келсе, менин кесибимдин эске алынышын айткам. Мага кандай кызмат сунуштай тургандыгы жөнүндө сураган эмесмин, - деп ошол кезде айткан Бекназаров. Ошол эле октябрь айындагы маалымат жыйынында Азимбек Бекназаров бийлик менен кызматка дайындоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн деталдарын кенен айтып берип, бийлик тарап ага Азербайжан, Турция жана Малайзиядагы элчилик кызматын сунуш кылып жаткандыгын билдирген. -Ушул жумада президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушам, ошол жерде чечилет... Бийлик партиясына мени алышпайт, ал эми оппозицияда калууга акча каражаты жок, - деп ачыгын айткан Бекназаров. Ошону менен бирге ал сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаса, аянтка чыгып "Жерүй" макулдашуусун кайрадан карап чыгуу талабы менен курултай өткөрө тургандыгын кыйыткан болчу. Эми Азимбек Бекназаровго толук жана ыйгарымдуу элчи кызматынын кепилдиги берилгендиги айкын болгондон кийин, ал " өзүнүн оппозициялык ишмердигиндеги айрым көндүм адаттарынан арылууга аракет кыла тургандыгын" убада кылып отурат. Эсиңерден чыкпаса, Азимбек Бекназаровду "март революциясынын бульдозери" деп бекеринен аташпаса керек. Ал саясат менен активдүү алектешүүнү 1996-жылы, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган кезде баштаган. 2001-жылы президент Аскар Акаевди Кыргызстандын 125 миң гектар жерин Кытайга өткөрүп бергендиги үчүн активдүү сындагандан кийин, 2002-жылы Бекназаровду массалык каршылык көрсөтүү акциясын уюштургандыгы үчүн камакка алышкан. Бекназаровду коргоо үчүн уюштурулган Аксыдагы демонстрацияны таркатуу учурунда, 6 адам окко учуп, 90дон ашык жаран жаракат алган. Анын өзү эч жакка чыкпоого милдеттендирилген, бирок, ага карата козголгон кылмыш ишин жабышкан эмес. 2005-жылы парламентке шайлоолор өткөрүлгөндө, Бекназаров Жогорку Кеңешке өткөн айрым оппозиционерлердин арасында болгон. Бирок, оппозиция шайлоонун жыйынтыгын кабыл албай, Акаев өлкөдөн качып кеткен. Азимбек Бекназаров республикадагы оппозициялык кыймылды бириктирген элдик биримдиктин Координациялык кеңешинин төрагалыгына шайланган. Мына ошол кезден бери аны "март революциясынын бульдозери" деп атап калышкан. Бакиев бийликке келгенинде Бекназаровду башкы прокурорлук кызматка дайындаган. Азимбек Анаркулович кызматын Акаевге карата кылмыш ишин козгоп, аны үй бүлөсү менен бирге, мурдагы өкмөттүн аткаминерлерин куугунтуктагандан баштаган. Ал коррупция фактысы боюнча жүздөн ашык кылмыш ишин козгогону менен, алардын эч кимиси түрмөгө отургузулган эмес. Ошондой болсо да Бекназаровго бийлик менен бир тарапта болуу жакпай, ал бат эле оппозицияга өтүп кеткен. Ушуну менен бирге аны "мыйзамды одоно бузууларга жол бергендиги үчүн" деген формулировка менен отставкага кетиришкен. Андан кийин 2010-жылдагы революция болуп, ал Убактылуу өкмөттүн вице-премьерлигине дайындалып, сот системасын тазалоого киришүү менен, Конституциялык сотту жоюп салган. Андан кийин парламенттик шайлоолорго катышуу үчүн, өкмөттүн курамынан чыккан. Бирок, анын партиясы Жогорку Кеңешке өтпөй калып, Бекназаров кайрадан оппозицияга өтүп кетет. 2013-жыл ичинде ал "Кумтөр" макулдашуусун денонсация кылуу маселесин көтөрүп, митинг уюштурууну жана парламентти таркатууну талап кылып келди. Айтмакчы, Бекназаров ошол кезде президенттин аппараты (ал кезде Алмазбек Атамбаев президент болчу) ал унчукпай отуруусу үчүн каалаган кызматты сунуш кылгандыгын да билдирген жайы бар. Былтыркы жылы Азимбек Бекназаров курултайды уюштуруп жана президент Сооронбай Жээнбековго бир катар талаптарды койгон. Бекназаров башында турган элдик курултайдын мүчөлөрү акыркы жылдары бийликти конституциялык реформаларды жүргүзүүгө чакырып, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүп жана кен байлыктарды иштетүү тармагына көзөмөл жүргүзүүнү сунуш кылышууда. Мындай кызматка дайындалгандардын биринчиси эмес Элчилик кызматка Кыргызстандагы эки революцияда алдыңкы катарда болуп келген Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин сунуштоо, бир катар талкууларды жаратууда. Эксперттик коомчулук кадрлык мындай чечимдер ТИМ ишинде жагымсыз пикирди жаратат деп эсептейт. Бийлик мындай саясатчыларды элчилик кызматка дайындап, өлкөдөгү социалдык чыңалууну жумшартууга аракет кылып жаткандыгы түшүнүктүү. Ошондой болгону менен, элчилер – чет жерде өлкөнүн экономикалык жана саясый максаттарына жетүү инструменти болуп саналат. Саясый себеп менен дипломатиялык кызматка дайындалгандар мындай ишти жэтишерлик деңгээлде алып кете албай тургандыгы да анык. Бекназаровдун дипломатиялык тажрыйбасы кандай экендигин төмөнкү фактылар аркылуу бааласа болот. 2010-жылдагы революциядан кийин "бульдозер" Казакстандын жана президент Нурсултан Назарбаевдин дарегине басым жасап сүйлөп, "жаңы бийлик орногондон баштап Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга карата ачык жана түз көз карашын билдирген жок. Курманбек Бакиевдин чет жакка чыгып кетүүсүнө жардам берип, ошол боюнча үн катпай отурат". Бекназаров АКШга да "кыр көрсөткөн". Ал эгер Улуу Британия Максим Бакиевди өткөрүп бербесе, республикадан Транзиттик жүк ташуу борборун чыгарып жибере тургандыгы менен коркутуп, бирок, Штаттар англиялык бийликке кантип таасир тийгизе ала тургандыгын тактаган эмес. Андан кийин КМШ, ШОС жан ОБСЕнин дарегине да ушуга окшогон коркутуп-үркүтүүлөр айтылган. Биринчилерге – түштүктөгү башаламандыктар учурунда жардам берген жоксуңар, ал эми ОБСЕге, тескерисинче, жардам бергенге аракет кылгандыгы үчүн. Жалпылап айтканда, Бекназаров адептүүлүк жана сыпайылык жагынан жада калса обу жок сүйлөп белгилүү болгон Алмазбек Атамбаевди да артка калтырып салат. Ошондой болсо да, Бекназаров эл аралык аренада биздин өлкөдөн мындай элчилик кызматка дайындалгандардын биринчиси эмес. Мындай практика мурдагы президенттер тарабынан да колдонулуп келген. Кыргызстанда элчилик кызматка дайындоону бийликке каршы чыккан оппозициялык ишмерлерди "шиберге айдап," алардан "кутулуу" инструменти катары колдонуп келишкен. Мисалы, Акаев оппозицияда жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Мирослав Ниязовду Тажикстанга элчи кылып дайындаган. СССР убагында жана Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин жогорку кызматтарды ээлеп жүргөн Апас Жумагуловду бир нече жылга Россияга элчи кылып жиберген. Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Жаныш Рустембеков дагы коомчулукка депутат, губернатор жана министр катары белгилүү. Ошондой эле элчилик кызматка президенттердин тарапташтары да дайындалышкан. 2005-жылы Курманбек Бакиев бийликке келгенден кийин, революцияга эмгеги сиңген бир катар саясатчылар элчилик кызматка дайындалышкан. Мамбетжунус Абылов Турциядагы димиссияны жетектеп, ал эми Акаевге активдүү каршы чыккан "Республика" гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова Кыргызстандын АКШдагы элчилигине жиберилген. Дагы бир оппозициялык журналист Рина Приживойт Кыргызстандын Австрия, Венгрия, Словакия жана Чехиядагы элчилик кызматына жана Венадагы эл аралык уюмдарга өкүл болуп дайындалган. Журналисттер союзунун башчысы Кубан Мамбеталиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болгон. Журналисттерди элчилик кызматка даярдоо көндүмүн Алмазбек Атамбаве да уланткан. "Супер-Инфо" гезитинин мурдагы кожоюну Кылычбек Султанов Малайзиядагы элчилик кызматын аткарса, президенттин мурдагы пресс-катчысы Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы элчилигине дайындалган. Ал эми башка элчилер жөнүндө сөз кыла турган болсок, Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору Абдулатиф Жумабаев Сауд Арабиясы, Египет жана Түштүк Африкада, ырчы Ибрагим Жунусов Турцияда элчилик кызматка дайындалышкан. Азыркы президент учурунда дипломатиялык иш тажрыйбасы жок туруп, капысынан эле Эдил Байсалов Улуу Британия жана Түндүк Ирландияга элчи болуп дайындалып калды. Эдил Байсалов бир кездерде Улуттук олимпиадалык комитетте, НПО жана швейцариялык компаниялардын биринде иштеген. Апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеген. 2012-жылы социалдык өнүктүрүү министринин милдетин убактылуу аткарган. Башка убактыларында коомдук ишмердүүлүк менен алектенген. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бийликти активдүү сынга алган. Мындай дайындоолордун жакшы жактары да болушу мүмкүн. Мисалы, алар жөнөкөй жарандарга айрым оппозиционерлердин бийликке каршы болушунун чыныгы себептерин түшүнүүгө жардам беришет. Айрым оппозиционерлер саясый коррурция менен көптөгөн жылдар бою күрөшүп келет, анан ага кандайдыр-бир кызмат берип коюшса эле – бийлик тарапка койгон талабын унутуп салышат. Мындай болгондо саясатчынын кызматка макулдугун берип, элдин ишенимин актабагай калганы анык болот – анткени, өз идеяларын креслого алмаштыргандарга эл ишенбей калат. Тышкы иштер министрлигинин мындай кадрлык саясатынын башкы минусу – дипломатиялык кызматка тажрыйбасы жокторду дайындоо, жылдан жылга дипмиссиянын ишинин сапатын жоготууда. Кыргызстандын Азимбек Бекназаровдун деңгээлиндеги элчилери өлкөгө кандай пайда алып келе алышмак эле? Андан жетишерлик дипломатиялык иштерди күтүп болбойт, өлкөнү шылдың кылганды токтотсоңор боло деп гана айткың келет. Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө чыккан чыр-чатактар ансыз деле жетиштүү. Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчилери Кыргызстан менен Малайзиянын дипломатиялык мамилелери 1992-жылы башталган, ал эми 1997-жылы ал жакта Кыргызстандын элчилиги ачылган. Бул жылдар ичинде Азиядагы тез өнүгүп келе жаткан бул өлкө менен соода-экономикалык мамилелерди күчөтүү зарылдыгы жөнүндө бир нече жолу айтылган. Бул өлкөгө элчи болуп көпчүлүк учурда саясатчылар дайындалып келген. Биринчи жолу Мамбетжунус Абылов, андан кийин Равшан Жээнбеков, Турсунбай Бакир уулу, Кылычбек Султанов дайындалышкан. Дипломаттардын арасынан элчилик кызматтын милдетин Жээнбек Кулубаев менен Аскар Бешимов гана аткарыптыр. Жогоруда ысымдары аталган саясатчылардын көпчүлүгү өз мөөнөтүн аягына чейин иштешкен эмес жана өз каалоолору менен кызматын калтырышкан. Акыркы элчи, "Супер-Инфо" гезитинин мурдагы кожоюну Кылычбек Султанов кызматынан 2017-жылы кеткен. Ошол убактан бери элчилик кызматынын орду бош турган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:25

"Республика" партиясынын съездинде жаңы лидер шайланат

"Республика" партиясынын жаңы лидери эртең, 20-декабрда, саат 11.00дө өтүүчү съездде шайланат. Бул тууралуу VB.KG редакциясына саясый уюмдагы булактан билдиришти. -Съездге партиянын азыркы лидери Өмүрбек Бабановдун эң жакын адамдары гана катышат. Катышуучулардын тизмесине жадагалса парламенттеги фракциянын айрым өкүлдөрү да киргизилген жок. Күн тартибинде бир гана маселе – жаңы лидерди шайлоо каралат. Ушуну менен бирге съезддин эртеңки күнгө дайындалган датасы расмий түрдө жарыяланган эмес. Процесс жабык түрдө өтөт. Лидерликке эки депутаттын – Мирлан Жээнчороев менен Кенжебек Бокоевдин талапкерлиги каралууда. Бирок, көпчүлүктүн пикири боюнча, добуштун көбү биринчи талапкерге - Өмүрбек Токтогуловичтин досуна берилет, - деп айтылат партиядагы булактын билдирүүсүндө.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:25

ЖК төрагасын отставкага кетирүү бийликтин алаксытуу ыкмасыбы?

Жума күнү, 13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев "Өнүгүү-Прогресс" фракциясына парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековду кызматынан чакыртып алуу сунушун киргизген. Баардык жагын эске алганда, мындай маселе мурдатан бери эле бышып жетилсе керек, бирок, бул сунушту ким киргизе турганы негизги суроо болуп жаткан. Саясат таануучу Марс Сариев депутат Масалиевдин демилге көтөрүп жатканы жөн жерден болбосо керек деген ишеничте. Ал жөн эле сүйлөй бербейт, көпчүлүгү текшерилген маалыматты чыгарат дейт эксперт. -Албетте, төраганын мектеп окуучулары да билген шаардын аталышын туура эмес айтып алышы жакшы эмес жана уят нерсе катары саналат. Эгер азыр өлкөдө ылайыктуу саясый абал болгонунда, төраганы алмаштыруунун мааниси жок эле. Бирок жүрүп жаткан камакка алуулар, ЖМКларды сотко берүү жана башкалары бийлик үчүн жагымдуу эмес көрүнүштү жаратууда. Биз эгер төрага сабатсыз болсо, бийликтин баары сабатсыз деген салыштыруу жасаган жокпуз да, бирок, Жумабеков президентти орунсуз абалда калтырууда. Анын кызматтан алынышы, Сооронбай Жээнбеков үчүн алаксытуу ыкма болушу мүмкүн, - деген оюн айтты Марс Сариев. Саясат таануучу төраганы "колбала" деп эсептегенине карабастан, аны алмаштыруу маселеси бышып жетилди жана бул үчүн азыр ыңгайлуу учур келди деп эсептейт. Ал эми Марат Казакпаев өз кесиптеши менен макул эмес жана депутаттар Дастан Жумабековго бул чакырылыштын аягына чейин иштөө мүмкүндүгүн бериши керек деген ойдо калууда. -Ооба, төрага кээде "Франкфурт жана Маянеге" окшогон жаңылыштыкты кетирүүдө же Нур-Султан шаарындагы саммит учурунда сүйлөгөн сөзү эске түшөт. Төрага орус тилинде начар сүйлөйт экен, бирок, бул үчүн аны жазалоо жарабайт, бул аны кызматтан алуу үчүн алсыз аргумент болуп саналат. Жумабековго дагы иштөөгө мүмкүндүк берүү керек, катачылыктарын көрсөтсө, ал оңолуп иштеп кетээрине ишенем. Менин оюмча, Масалиев эмнелерди айтып жатканына карабастан, төраганы алмаштыруу – азыр Жогорку Кеңеш үчүн башкы маселе эмес, - деди Казакпаев. Ошондой болгону менен парламенттеги саясый сменаны алмаштыруу ишке ашырылат окшоп калды Дастан Жумабековго карата акыркы убакта коомчулук тарабынан гана эмес, "салмактуу" депутаттар арасынан да көп сын бекеринен айтылбаса керек. Мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов эске салгандай, өз убагында төрагага нааразылыгын "Бир Бол" жана "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын лидерлери Алтынбек Сулайманов менен Бакыт Төрөбаев да айтып келишкен. -Өз убагында депутаттардын көпчүлүгү Жумабековго добуштарын, аны абройлуу, күчтүү саясатчы катары эмес, Алмазбек Атамбаев президенттик кызматта тургандагы өтүнүчүнө карап беришкен. "Кыргызстан" фракциясынын депутаты жогору жактан уруксат берилгенден кийин гана төрага боло алмак. Ал бул кызматка дайындалган убактан бери эле, депутаттардын көбүнүн ага карата ишеними жок болгон. Алар мурдагы төрагалар күчтүү эле, бул саясатта жетиле элек деп айтышчу, - деп эсине түшүрдү Бактыгулов. Төраганы ээлеген кызматынан чакыртып алуунун башкы себеби парламентарийлердин өз ара ички оюндарды жүргүзүүсүнөн келип чыгууда, деп эсептейт эксперт. Бирок Жумабековдун профессионалдык сапаты да роль ойноодо. -Эгер депутаттар өз ара макулдашса, анда төраганы алмаштырууну чечишет. Бул маанилүү кызмат эмеспи. Төрага мындай кекеч болбой, кыргыз жана орус тилдеринде гана так сүйлөбөй, бир нече чет тилдерин да билүүсү шарт. Жогорку Кеңештин отурумдарында төрагалык кылган катары, ал абройлуу болуп, өлкөнүн тагдырын жана кабыл алынган мыйзамдар жарандардын жашоосуна кандай таасирин тийгизип жаткандыгын да ойлой билиши керек, - деди маектешүүчү. Мына ушундай талапкерлер барбы – бул башка маселе. Саясат таануучу жаңы төраганы шайлоо создугуп кетет деп божомолдойт. Анын үстүнө азыркы чакырылыштын мөөнөтү жарым жылдан кийин аяктап жаткандыгы маанилүү деле эмес. Биздин тарыхыбызда парламентти эки ай жетектеген төрагалар да болгон, - деп белгиледи Шерадил Бактыгулов. -Талапкерди өкмөттү алмаштыруу менен байланыштырып тандап алуу ылайыктуу болмокчу. Депутаттар анын жаш курагына, тилдерди билүүсүнө, кайсы аймактан келгенине карап жыйынтык чыгарышат. Жаңы шайлоолор болоор алдында кимдин төрагалыкка дайындалышы өтө маанилүү, парламентарийлер ар дайым ири бизнестин кызыкчылыгын көздөгөн эң бир талаш мыйзамдарды май жана июнь айларында кабыл алышаарын да биз билебиз, - деп сөзүн аяктады эксперт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:25

Исхак Масалиев ЖК төрагасы Жумабековго ишеним көрсөтпөө сунушун киргизүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын кароосуна, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго ишеним көрсөтпөө сунушун киргизди. Бул тууралуу парламентарий Facebookтагы өз баракчасына жазды. -Жаңы жылдын алдында коом жана ар бир адам жаңыланууну, жакшы окуяларды, жашоонун оңолуусун күтөт. Жогорку Кеңеш да шайлоочулар партиянын тизмеси боюнча өз укугун беш жылга ишенип шайлаган жарандардын уюму болуп саналат. Биз кантип иштеп жана алардын ишенимин актап жатабызбы же жокпу – аны эл таразалайт. Бирок, элибиз бизди чынында эле көпчүлүк убакта катуу сынга алып жаткандыгы – бул факт. Бизде коллегаларыбыз менен бирге чечимди ӨЗҮБҮЗ кабыл алган чөйрө бар – бул өз жетекчилерибизди шайлоо жана бошотуу. Жогорку мамалекеттик органдын кадыр-баркы көпчүлүк учурда анын жетекчисине көз каранды болот. Биздин ишибиз да көп жагынан Төраганын ишмердүүлүгүнө байланышкан . Азыркы Төрага – Дастан Артисбекович бул кызматка даярдыксыз келгени ачык эле көрүнүп турат. Ал жаштык кылып жатат, мүмкүн келечекте дагы үйрөнүп кетээр. Мен фракциянын кароосуна аны кызматынан чакырып алуу сунушун киргизгем, азыр бул маселе талкууланууда. Бул сунуш колдоого алынат деп ишенем, биз мындай кадамга барып, дагы көзгө көрүнөр иштерди аткарышыбыз керек...", - деп жазган Исхак Масалиев. Белгилей кетсек, акыркы убакта Дастан Жумабеков эл алдында жаңылыш сүйлөп алып, келеке болуп жана көптөгөн сын айтууларга кабылууда.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:25

Исхак Масалиев ЖК төрагасы Жумабековду кызматынан алууну сунуш кылууда

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Мсалаиев "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын кароосуна, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду ээлеген кызматынан алуу сунушун киргизди. Бул тууралуу парламентарий Facebookтагы өз баракчасына жазды. -Жаңы жылдын алдында коом жана ар бир адам жаңыланууну, жакшы окуяларды, жашоонун оңолуусун күтөт. Жогорку Кеңеш да шайлоочулар партиянын тизмеси боюнча өз укугун беш жылга ишенип шайлаган жарандардын уюму болуп саналат. Биз кантип иштеп жана алардын ишенимин актап жатабызбы же жокпу – аны эл таразалайт. Бирок, элибиз бизди чынында эле көпчүлүк убакта катуу сынга алып жаткандыгы – бул факт. Бизде коллегаларыбыз менен бирге чечимди ӨЗҮБҮЗ кабыл алган чөйрө бар – бул өз жетекчилерибизди шайлоо жана бошотуу. Жогорку мамалекеттик органдын кадыр-баркы көпчүлүк учурда анын жетекчисине көз каранды болот. Биздин ишибиз да көп жагынан Төраганын ишмердүүлүгүнө байланышкан . Азыркы Төрага – Дастан Артисбекович бул кызматка даярдыксыз келгени ачык эле көрүнүп турат. Ал жаштык кылып жатат, мүмкүн келечекте дагы үйрөнүп кетээр. Мен фракциянын кароосуна аны кызматынан чакырып алуу сунушун киргизгем, азыр бул маселе талкууланууда. Бул сунуш колдоого алынат деп ишенем, биз мындай кадамга барып, дагы көзгө көрүнөр иштерди аткарышыбыз керек...", - деп жазган Исхак Масалиев. Белгилей кетсек, акыркы убакта Дастан Жумабеков эл алдында жаңылыш сүйлөп алып, келеке болуп жана көптөгөн сын айтууларга кабылууда.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:25

Ташиев жана Бабанов: Элге берген убаданы айкын иш менен далилдөө керек

Ак үйдүн темир дарбазасынан секирип өтөм деп, шымын айрып алганы менен элге белгилүү болгон Камчыбек Ташиев кайрадан Өмүрбек Бабанов менен биригип, парламенттик шайлоого бирге барууну пландаштырууда. Бул тууралуу ал "Азия Ньюс" басылмасына берген маегинде билдирди. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башталышында, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты "Республика – Ата Журт" саясый тобу мындан ары бирге боло албайт, ал эми "Ата Журт" партиясы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого өзүнчө аттанат деп айткан болчу. Бирок ал бат эле өз оюнан кайтып, эми эки партия кайрадан Жогорку Кеңештин шайлоосуна кол кармашып бирге катышуусу мүмкүндүгүн айтууда. Саясый амбициялар бир иш, бирок, аны ким каржылай ала турганы башка кеп. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов кандай ойдо экендиги азырынча белгисиз. Ал өзү мындан ары саясат менен алектенбей тургандыгын билдиргени бар. Балким ал гүлдөргө суу куюп, Шпенглердин чыгармаларын окуп, эркин жүргөндүн өзү кандай бакыт экендигин ойлоп жаткандыр. Бирок Камчыбек Ташиевдин өз айткандарына жана чечкиндүү аракетине караганда, философия менен убара болуп отурбай, парламентке кантип өтүү жөнүндө көп ойлонуп жүрсө керек. -2015-жылы биз "Республика" партиясы менен бириккенбиз, бул бизге шайлоо жарышында экинчи орунду камсыз кылган эле. 2020-жылдагы шайлоого биз "Ата Журт" партиясы менен барабыз. Шайлоого жалгыздап катышуу биз үчүн кыйынга турат, муну моюнга алуу керек. Ошондуктан "Республика" партиясы менен биригишибиз мүмкүн, азыр ушул маселени талкуулап жатабыз. Ооба, Өмүрбек Бабанов саясатка кайтып келбейм деп айтканы бар, бирок, адам божомолдоп айтат, ал эми жашоодо башкача чыгып калат экен", - деп бир нерсенин четин чыгарды Камчыбек Ташиев. Бул эки саясатчынын Халк менен Тор, Супермен менен Бэтмен, Глеб Жеглов менен Володя Шарапов, Майкл Дули менен Джерри Ли сыяктуу жарашып турганын айта кеткенибиз абзел. Алардын кар менен бири-биринин бетине шыбашып, жылмайып турганы элге жагымдуу көрүнгөн. Бирок, бул экөө биригип жана кайрадан шайлоочулардын колдоосуна ээ боло алышаар бекен? Анткени элге алардын куру жылмайуусу эмес, берген убаданы айкын иш менен далилдегени керек.

Подробнее
5 сентября 2020 г. 20:48

Мен "Замандаш” командасы менен биргеликте

Мен "Замандаш” командасы менен биргеликте Нарын облусунун Ак-Талаа районунда болдук. Шайлоочулар менен жолугушуу ийгиликтүү өттү. Я с командой “Замандаш” побывал в Ак-Талинском районе Нарынской области. Встреча с избирателями прошла успешно.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 0:58

Глава МВД проверил готовность милиции Нарынской области к обеспечению порядка на выборах

Бишкек (АКИpress) – Министр внутренних дел Кашкар Джунушалиев 11 сентября с рабочей поездкой прибыл в Нарынскую область. Как сообщила пресс-служба МВД, он ознакомился с организацией деятельности областного управления милиции, работой Нарынского ГОВД, Нарынского районного отдела внутренних дел, побывал в ОВД Кочкорского района, обсудил с руководителями подразделений вопросы обеспечения правопорядка, готовности личного состава к несению службы, обеспечения безопасности избирательного процесса, защиты избирательных прав граждан. В городе Нарын Кашкар Джунушалиев провел совещание с личным составом УВД Нарынской области. В ходе совещания было отмечено, что МВД примет меры для обеспечения законности, прав и свобод граждан, соблюдения общественного порядка, охраны избирательных участков во время подготовки и проведения выборов, безопасности перевозки и доставки избирательных бюллетеней на избирательные участки, безопасного хранения оборудования для голосования. Далее глава правоохранительного ведомства ознакомился с ходом строительства дома для сотрудников милиции в городе Нарын, где работы почти на стадии завершения. Здесь состоялась встреча с ветеранами милиции. В Нарынском ГОВД министр обошел служебные кабинеты следователей и дознавателей, проверил условия несения службы, указал на некоторые недостатки. В Нарынском районном отделе милиции обратил внимание на работу следственно-оперативной группы, поинтересовался вопросами обучения сотрудников ОВД, знаниями в области законодательства. «Необходимо организовать эффективную работу, направленную на защиту прав и свобод граждан, обеспечение законности общественной безопасности в период чрезвычайно важного мероприятия государственного значения», - сказал он. Руководителям подразделений поручено провести дополнительные занятия и инструктажи с личным составом по изучению избирательного законодательства, нормативно-правовых актов, отработке навыков предупреждения и пресечения правонарушений в период подготовки и проведения выборов, оперативно реагировать при получении сообщений о нарушениях. В Кочкорском районе министр внутренних дел ознакомился с организацией работы и материально-техническим состоянием районного отдела милиции, встретился с личным составом, обсудил вопросы правопорядка, соблюдения служебной дисциплины и законности, особое внимание было уделено обеспечению правопорядка в период избирательной кампании, защите прав граждан. Он также поинтересовался ходом строительства нового здания РОВД. В ходе поездки в Нарынскую область Кашкар Джунушалиев проверил готовность всех задействованных подразделений милиции УВД Нарынской области к обеспечению правопорядка и безопасности в ходе подготовки и проведения выборов депутатов Жогорку Кенеша. ⇳

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

ИИМ министри: «Ар бир милиция кызматкери шайлоодогу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген мыйзамдарды билүүлөрү шарт»

Министр Кашкар Джунушалиев Жалал-Абад облусуна барып, өздүк курамдын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн текшерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барып кайтты, — деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы. Иш-чаранынын жүрүшүндө Жалал-Абад ОИИБдин бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүм башчылары менен жолугуп, Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунда, ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 704 аскер бөлүгүндө болду. Министр Кашкар Джунушалиев Жалал-Абад облусунун ИИБдин борбордук аппараты үчүн курулуп жаткан имаратка жана Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын имаратына барды. Ал жерден имараттардын курулушунун жүрүшү менен таанышып, кабар алды. Курулуш иштеринин созулуп жаткандыгына сын айтып, тездетүү керектигин эскертти. Курулуш иштери ошол эле учурда сапаттуу болушу керектигин айтып өттү. Мындан тышкары, ИИМ башчысы Кашкар Джунушалиев Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту, мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан даярдыктарына байланышкан уюштуруучулук иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Ошондой эле, шайлоого карата өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген мыйзамдарды сурады. Бул багытта дагы таанышып чыгууларын тапшырма берди. Өздук курамга дагы окутуулар жүргүзүлсүн деп тапшырма койду. “Ар бир милиция кызматкери шайлоого байланышкан өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген мыйзамдарды билүүлөрү шарт. Жетекчилери бул багытта окутууларды өткөрүп, өз көзөмөлдөрүнө алышсын”,-деп талаптарды койду министр. Андан соң, министр Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өзүнчө батальонунун өздүк курамы менен жолугушту. Анда өздүк курамдын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү даярдыктары, жабдыктары менен таанышып чыкты. Кызматкерлерге ийгиликтерди каалап, алдыда өтө турган шайлоодо коомдук коопсуздукту камсыздоодо чоң жоопкерчилик милицияга жүктөлгөнүн билдирди. Ошондой эле, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өздук курамына арналып курулуп жаткан спорт залдын курулуш иштерине кызыгып, тез арада аяктоону буюрду. Кезектеги жумуш күнүн улантып, Жалал-Абад шаарынын Көгарт кичи шаарчасында жайгашкан ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 704 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасында болду. Анда алардын имаратынын курулуш иштеринин жүрүшүнө, атайын жабдыктарына кызыгып кыдырып чыкты. ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 704 аскер бөлүгүнүн өздук курамы менен дагы жолугуп, ишмердүүлүгү, ыкчам-кызматтык даярдыктарын текшерди. “Сиздер милдетиңерди жогорку деңгээлде аткарып жатасыздар, өзгөчө абал учурунда аткарган кызматыңар үчүн көптөгөн жоокерлер Кыргыз Республикасынын Президентинин сыйлыктарына ээ болушту. Эми алдыда урматтуу жоокерлер шайлоо турат. Бүгүн 4-сентябрдан баштап үгүт иштери башталды. Биз болсо өзүбүздүн кызматтык иштерибизди аткарууга милдеттүүбүз. Шайлоо мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен аларды башкалар дагы бузбашына жол бербешибиз керек”,-деп өз сөзүн жыйынтыктады. Иш сапардын жүрүшүндө министр К.Джунушалиев Жалал-Абад шаардык ИИБде болуп, өздүк курамы менен жолукту. Коомдук тартипти бекем чындоо, жарандардын кайрылууларына аяр мамиле кылуу, алардын ар бирине коомдук тартиптин бузулушу жана кылмыштар тууралуу арыздарына мыйзам чегинде чара көрүүнү жана жеке ички тартиптин бекем сактоо боюнча кошумча тапшырмаларды койду. Андын сырткары бул багытта тиешелүү бир топ тапшырмаларды берип, ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгүнүн негизинде коомдук коопсуздукту камсыздоо өзгөчө көзөмөлдө экендигине токтолду. Айрыкча кызматтык тартипти бекемдөө, профессионалдуулук деңгээлин жогорулатуу, жүрүм-турум маданиятын жана элдер менен сылык мамиледе кызмат өтөөнү эскертти. Күндүн экинчи жарымында Кашкар Джунушалиев Сузак РИИБнин өздүк курамы менен Сузак районундагы Атабеков айылында жаңы курулуп ишке берилген “Атабеков” айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын алдында жолугушту. Ага Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин убактылуу милдетин аткаруучу милициянын полковниги Н. Сыдыков, Сузак РИИБдин начальниги милициянын подполковниги Э.Аскарбеков, Атабеков айыл аймагынын айыл башчысы жана курулуп бүткөн имаратка жакындан көмөк көрсөткөн атуулдар, ички иштер органдарынын ардагерлери жана аталган милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы катышты. Министр бул милиция бөлүмчөсүн курууга салым кошкон жарандарга ыраазычылыгын билдирип, өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылды аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо деп жарыялаган демилгесин колдоого алып, ички иштер министрлиги да аймактарда жайгашкан түзүмдөрдө кызматкерлерге шарт түзүү багытында бир топ алгылыктуу иштерди аткарып келе жаткандыгына жана чек аралаш жайгашкан аймактарга жеткиликтүү деңгээлде көнүл бурулуп жаткандыгына токтолуп өттү. Жолугушууда министр кызматта өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге жана имаратты курууда салым кошкон инсандарга ИИМдин бир топ сыйлыктарын тапшырды. Аталган айылдык милиция бөлүмчөсү Атабеков айыл аймагындагы 17 айылды жана андагы 28 миӊ 386 (жыйырма сегиз миң үч жүз сексен алты) калк, 5252 кожолук жашаган жерлерде коомдук тартипти көзөмөлдөп, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иш жүргүзүшүп келишет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

ЕККУ Кыргызстандагы шайлоого тыкыр көз салат

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандагы парламенттик шайлоого көз салуу үчүн байкоочуларын жиберет. Бул маалыматты кечээ, 4-сентябрда уюмдун адам укуктары жана демократиялык институт бюросунун башчысы Томас Безеруп Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында ЕККУнун миссиясы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүш үчүн Кыргызстанга келди. Жалпысынан шайлоого ЕККУнун 24 узак мөөнөттүү жана 350 кыска мөөнөттүү байкоочулары көз салышат. Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров ЕККУ өкүлүнө ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстандагы парламенттик шайлоого эл аралык байкоочулар чакырылганын айтты. ЕККУ Кыргызстандагы демократиялык жараяндарга колдоо көрсөтүп келет. Уюм ушуну менен 12-шайлоого байкоо жүргүзүүгө даярданууда. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрь күнү шайлоого 15 саясий партияны талапкер кылып каттады.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

Партиялар эмне сунушташы керек? Шайлоочулар эмне талап кылуусу керек?

Урматтуу окурман! Келе жаткан парламенттик шайлоо алдында, эл арасында көптөгөн суроолор да, күмөндөр да, үмүттөр да байкалууда. Катардагы шайлоочуга бул шайлоонун маанисин так түшүнүүгө жана өз добушун туура колдонууга өбөлгө болсун деп, саясат таануучу Эмилбек Джураев тарабынан жакынкы убакта беш суроого жооп берген макалалар сериясы сиздерге сунушталат. Макалалар «Общее дело»/ «Жалпы иш» коомдук уюму тарабынан демилгеленип, Elgezit.kg гезитинде жарыкка чыгат. Бул макалаларда айтылган ойлор, албетте, авторго гана таандык. Сериянын экинчи макаласын назарыңызга сунуштайбыз: Бүгүн, 4-сентябрдан баштап, шайлоого катышуучулардын тизмеси дайын болуп, 15 партия коом алдына өздөрүн тааныштырып, өлкөбүз кайсы багытта өнүгүүсү керектигин тартуулап, шайлоочулардын добуштарын сурап чыгышты. Тилекке каршы, буга чейинки болуп өткөн шайлоолордо, үгүт убактысы көбүнесе ар кандай шаан-шөкөттөргө, куру убадаларга, тууган-урук издөөгө бай болчу. Бул жолу, канткенде ушул шайлоо алдындагы 30 күндү пайдалуураак, маанилүүрөөк колдонсо болоорун кеп кылалы. Бул маселе элге кайрылган партияларга да, партияларга кулак түргөн шайлоочуларга да тиешелүү. “Идеологияңар эмне?” Партияларды сындап, шайлоого жакындаганда ар жыл сайын көптөгөн жарандарыбыз, “бир-бирине эгиздей окшош партияларда эч кандай идеологиясы жок, кимиси кандай идеологиялык багытты карманаары белгисиз” деп дооматтанышат. Бул доомат албетте орундуу, ушундай принципиалдуу маселеде көптөгөн партияларыбыздын дайыны жоктугу тандоого келгенде өксүк жаратканы бар. Бирок, бүгүнкү күндө идеология талап кылуунун пайдасы дээрлик жок. Кыргызстандагы партиялардын басымдуу көпчүлүгү шайлоо алдында гана жан алган, шайлоого баруу үчүн колдонулуучу унаа сыяктуу. Идеология партия үчүн чыныгы мааниге ээ болуусу үчүн, ал партия көп жылдар бою, туруктуу мүчөлөрү менен иштеп, ошол идеология үчүн байма-бай күрөшүүсү зарыл. Шайлоо алдында жаңы эле түптөлгөн партия же эски болсо да ичине толтура жаңы мүчөлөрдү кабыл алган партия өзүн консерватизм, либерализм же евразиячылык идеологиясы менен таанытканына ким ишенсин. Баланын атын Манас койсо эле ал баатыр коло калбайт. Чыныгы идеологиялык иш-аракетке бышкан, жар салган атын иши менен далилдеген партияларыбыз жокко эсе болгондуктан, шайлоого бир ай калганда “силердин идеологияңар эмне?” деп суроо салуунун кызыгы эле болбосо, кажети жок. Бирок, өз кезегинде, элден добуш издеген партиялар үчүн шайлоочулар алдында өздөрүнүн идеологиялык багыты, идеялык мазмуну, баалуулуктары жөнүндө айтып берүүсү, ошол чоң сөздөрүн жеткиликтуу жана конкреттүү пландары менен тизмектеп, чечмелеп берүүсү пайдалуу болмок. “Бизге эмне бересиңер?” Идеология талабы өтө эле абстракттуу болсо, анын тескериси да бар: “Бизге партияңар эмне куруп берет? Биздин айылга эмне чечип бересиңер?” деген сыяктуу талаптар ар шайлоодо орун алат, арийне. Кичинекей айыл-көчө деңгээлинде пайдасы болгону менен, мындай талаптардын үстөмдүк кылуусу акыр-түбүндө эл ирээнжип калган, өз функцияларын түшүнүп да койбогон депутаттардын кайра келүүсүнө жол ачат. Шайлоого катышкан партиялар үчүн, капчыгы толо болсо, мындай жол менен добуш топтоо жеңил, бирок түпкүрүндө мындай ыкмаларды коррупция, добуш сатып алуу деп билишибиз керек. Саясий партия – бизнес эмес, куруучу ишкана эмес, соодагер эмес. Кайрымдуулук фонду да эмес. Бир жердин дарбазасын куруп берүү, бир жерге спорт аянтчасын белек кылуу, бир жерде электр трансформаторун орнотуу сыяктуу иштер таптакыр саясий партия кылчу иштер эмес. Андай нерселерди белек кылган партиялар ошол элге беш жыл бою мындай берешендик кылуу үчүн эмес, тескерисинче, беш жыл бою ошол элдин оозун жабууга болгон ыкмасы. Саясий партия бийлик үчүн аракеттенчү, ошол бийликти шайлоо аркылуу колго алып, бүтүндөй өлкөнүн өнүгүү багытын, башкаруу сапатын, приоритеттүү долбоорлорун чечүүчү күч. Андыктан, партияларга жогорудагыдай талаптарды койуудан арылуу, мындай кызматтарды сунуштаган партияларды четке кагуу – бул алысты ойлогон, бүгүнкү күндү эмес, кеминде алдынкы беш жылды ойлогон шайлоочу коом болуунун жолу. Саясий идеология менен айылдык стадиондун арасында калган чоң суроолор Демек, шайлоочу катары да, партия катары да, шайлоо өнөктүгүндө көбүнесе маани берилбей калган чоңураак, орундуураак суроолорго басым жасоо зарыл. Кыргызстандын азыркы турумун эске алып, эгемен өлкө жарандары катары, эки тарап тең маанилүү маек куруусу керек. Бул маанилүү маекке көмөк катары, төмөнкү суроолорду ортого салууга болот. Партиянын көз карашынча, азыркы күндө өлкөнүн акыбалында кайсы тармактарда өзгөчө оор кырдаал орун алган? Ал кырдаалдын себептерин партия анализдеп чыкканбы? Жалпылап, “экономикада өнүгүү жок, коррупция ээлеп алган, карыз көбөйүп кетти” деген сыяктуу жооптор жарабайт, буларды орто меткептин окуучусу да айтып берет. Өлкөдөгү финансылык системадагы, салык саясатындагы, же жогорку окуу системасындагы, куруучулук өнөр жайындагы маселелерди көтөрүп, шайлоочуларга мындай маселелер кантип келип ар бир жарандын жашоо сапатына таасир берээрин тизмектеп берүү – маанилүү маек болмок. Партиянын кайсы кемчиликтүү тармактарды кантип оңдоо сунуштары бар? Маяналарды беш эсе көбөйтөбүз, коррупцияны жок кылабыз, мигранттарды кайра алып келебиз, кредит пайыздарын 5%га түшүрөбүз деген сыяктуу бир бүркүм убадалар жарабас. Жөндүүрөөк сөз үчүн тагыраак сунуштар керек. Мисалы, салык же бажы тармагында кандай өзгөрүүлөр канча убакытта канчалык өлчөмдөгү киреше алып келет? Же, коомдогу түрдүү кылмыштуулук көрсөткүчтөрүн канткенде канчалык деңгээлде басаңдатуу мүмкүн, ал чараларды ишке ашырууда кандай аша чабуулар болушу мүмкүн, жана кантип алардын алдын алса болот? Акырында, ар бир сунуштун эң маанилүү бир маселеси – каржылоо: айтылган реформа сунуштарын ишке ашырууга канча акча керектелет, ал акча кайдан алынат, деген суроону кабыргасынан койууну унутпоо керек. Партиянын буга чейинки тажрыйбасы кандай? Бир нерсени билет же аткарат деп, шайлоочулар кайсы негизде партияга ишенсе болот? Шайлоо алдында сөз жүзүндө айтылган программалардын артында реалдуу күч, жөндөмдүүлүк, билим бар экенини мүмкүн болушунча тактоо зарыл. Көптөгөн партиялар эми эле түптөлгөн, же тизмесинде көптөгөн жаңы кишилер бар. Албетте, буларга партия катары 20-30 жыл бою топтогон тажрыйбасын суроо орунсуз. Анын ордуна, партиянын катарында көрсөтүлгөн кандидаттардын жеке же орток тажрыйбаларын, жетишкендиктерин, өзгөчө жиликтеп билген тармактарын, жана мамлекетти башкарууда кандай жаңычыл ойлору, билгени бар экенин суроо, алар аны айтып берүүсү абзел. Партия кайсы башка партиялар менен иштешүүгө даяр, кимдер менен иштеше албайт? Кыргызстанда бир партия өзү жалгыз көпчүлүктү түзүп, башкаруу бийлигин өзү дайындоосу дээрлик мүмкүн эмес. Жок дегенде 2 же 3 партия коалиция түзүүсү керектелет. “Кыргызстандын өнүгүүсүн ким кааласа ошолор менен иштешебиз” деген, чынын айтканда “бизге баары бир, соода бүтүмү бычылса ким менен болсо да бириге беребиз” деген сөз. Мындай омурткасыз партиялардан кооптонуу зарыл. Шайлоодон өтүп алганча купуя кармабай, мындай маселелерди ачык талкуулоону Кыргызстандын шайлоо маданиятына киргизүү керек. Эл алдын ала билүүгө укугу бар. Жадагалса, эгер партия жеңишке жетсе, кимдерди кандай министрлик орундарга сунуштаарын да айтуу орундуу болмок. Анан да, албетте, кайсы бир партиялар көпчүлүк коалициясына кошулбай, оппозиция болуп калат. Эгер ошондой мүдөө буйуруп калса, анда оппозициячыл партия катары эмне аракеттерди жасаарын, берген убадаларын аткарууга кандай стратегиясы бар экенин суроо жөндүү болмок. Партия кандай өлкө курууга умтулат? Партия келечекте Кыргызстан кандай өлкө, кандай коом болуусун каалайт? Бул суроо, түпкүрүндө, жогоруда айтылган идеология маселесине тете. Кыргызстан бай, өнүккөн, адилеттүү өлкө болуусун баарыбыз каалайбыз, мындай жалпы жооптор канааттандыраарлык эмес. Кыргызстан башка бир белгилүү өлкө менен кошулуп кетүүсүн каалашабы? Жалпы эле тышкы саясатында кандай жолдо өнүгүүсү керек? Кыргызстан сырткы дүйнөгө кучак жайып, өзүнө тарткан өлкө болобу, же сырткы таасирден оолак болгон, коноктун койдон жоош болгонун тилеп, узатып турган өлкө болобу? Коомдогу теңсиздиктер канчалык деңгээлде болушу керек, кантип аша чапкан теңсиздиктерди болтурбоо жолдору бар? Өлкөдө диндин, улуттук ар түрдүүлүктүн, ар кайсы адам укуктарынын орду кандай болушу керек, алар сакталуусу керекпи? Партиянын демократияга болгон көз карашы кандай? Эң акырында, шайлоочу менен шайлануучуну байланыштырган, шайлоо күнүнө алып келген бирден-бир саясий түшүнүккө да көңүл буруу жөндүү болоор. Анткени, акыркы жылдары, бийликтин туруктуу мүчүлүштүктөрүнүн айынан, жана ар кандай пропаганда, бурмалоолордун кесепети менен, көптөгөн жарандар демократияга каршы маанай карманганы байкалат. Демократиянын бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн эмне ыңгайы, эмне мандеми бар экенин, демократия жакшы иштөөсү үчүн эмне шарттар керектигин аныктоо керек. Демократия менен мыйзамдын, тартиптин, таза башкаруунун, эркиндиктин, жана башка негизги максаттардын байланышы кандай экенин талкуулоо, жана аталган партиянын бул маселелер боюнча көз карашын, сунуштарын тастыктоо пайдалуу болмок. Жогорудагы сунушталган суроолор, албетте, мүмкүн болгон, шайлоочу жооп алуусу зарыл болгон суроолордун бир бөлүгү эле. Ар бир шайлоочу тыңдап караса, дагы көптөгөн суроолор партиялардын жеке мүчөлөрүнө карата, мурда орун алган окуялары, демилгелери, өлкөдөгү маанилүү маселелер, жадагалса, Ковид пандемиясы жөнүндө болушу мүмкүн. Пандемия кезинде өтчү үгүт мөөнөтү өзгөчө көбүрөөк интернетте, ар кандай виртуалдуу социалдык аянтчаларда, жана дебат, пикир алышуу нугунда өткөнү тургандыктан, мындай суроолорду узатып, маанилүү маек курууга дагы да жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Демилгечил, ийри отуруп түз сүйлөшүүгө ынтызар партиялар болсо, жогорудагы суроолорду колуна алып, суратпай эле жоопторун элге сунушташса, андан да алгылыктуу шайлоо процесси орун алмак. Мындай мазмундуу баарлашууга умтулган партиялар саясий ачыктыкты, тазалыкты ортого коюп, андай сөздөн качкан, көлөкө издеген партияларды да ачыкка тартуусу мүмкүн. Ошондо элде чыныгы тандоо мүмкүнчүлүгү болмок. Р едакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

Шайлоого 15 партия катыша алат

Боршайком 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоого алды. Алар — «Мекен Ынтымагы», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Замандаш», «Ата Мекен» партиялары жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы». Ал эми «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына саясий жарышка катышууга уруксат берилген жок. Партиялар 24-августта документтерин тапшырып, БШК бир жума бою талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерди. Эреже бузган деген негизде «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган, бирок бул партия сотто БШКны утуп алган. БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү боюнча жыйындарын 2-3-сентябрда өткөрдү. 4-сентябрда партиялардын үгүт иштери башталат.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:58

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын жамааты - Популизм жок, чыныгы иштер гана

Эч кандай популизм жок, чыныгы иштер гана. Мындай мүнөздөмөлөрдү Мекеним Кыргызстан партиясынын программасына берсе болот. Анда коомдун актуалдуу көйгөйлөрү эске алынып, аларды чечүү жолдору көрсөтүлгөн. "Ооба!" Программасы "Мекеним Кыргызстан" партиясы - бул өлкөнүн турмушунун көптөгөн тармактарындагы чыныгы долбоорлордун топтому. Биз бардыгыбыз Кыргызстандын өзгөрүлө баштаганын каалайбыз. Биз өзгөрүүнү жана келечекти каалайбыз. Бул үчүн эмне керек? Анча деле көп эмес - шайлоого келип, күчтүү менеджерлер, кесипкөйлөр, патриоттор командасына добуш берүү. "Мекеним Кыргызстан" командасы үчүн. Кылыч Исамамбетов, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Тандоо ар дайым кыйын. Бирок учурда эмес. Себеби, жарышка катышуучулардын таасирдүү тизмеси болгону менен, Мекеним Кыргызстанга альтернатива жок. Бүгүн эл бийликтен, саясатчылардан эмнени каалайт? Ошентип, алар кандайдыр бир деңгээлде, компетенттүү болуш үчүн, алардан уялбашы үчүн, эмне кылышты жана кантип жасаш керектигин билишсин. Адамдар партия жалаң гана шайлоо үчүн партиянын желегинин астында жасалма жол менен куралган жалаң команда эмес болушун каалашат. Эгерде биз анализдеп көрсөк, анда бул талаптардын бардыгына объективдүү түрдө “Мекеним Кыргызстан” партиясы гана жооп берет. Ибрагим Жунусов, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Азыр Кыргызстан экзистенциалдык кризисти башынан өткөрүп жатат. Биз кимбиз, кандайбыз, ким менен баратабыз жолдо. Бул маанилүү суроолор. "Мекеним Кыргызстан" партиясы - ой жүгүрткөн адамдардын партиясы. Бүгүнкү күндө өлкө дал ушуга муктаж болуп турат. Ошондуктан, мен Мекеним Кыргызстан менен чогуумун. Канатбек Азиз, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Убакыт өзү бизди тандап алды деп эсептейм. Дүйнө тездик менен өзгөрүп жатат. Үндүн ылдамдыгы менен эле. Үлгүрбөбөгөндөр түбөлүккө артта калышы мүмкүн. Кыргызстан азыр өтө тездик менен жылышы керек. Мындай темпти адистер гана камсыз кыла алат. Парламент эң маанилүү мамлекеттик органдардын бири. Билими начар чимкириктер эмес, кесипкөй адамдар, иш билги адамдар болуш керек. Эгерде сиз заманга жараша жүрсөңүз, анда башка альтернатива жок - бир гана "Мекеним Кыргызстан" партиясы. Элнура Алканова, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Өлкө күчтүү саясатчыларга муктаж. "Мекеним Кыргызстан" партиясы күчтүү адамдардын партиясы. Мекеним Кыргызстан - жаратуучулардын партиясы, бул мени абдан өзүнө тартып турат. "Мекеним Кыргызстан" партиясы жоопкерчиликке гана даяр эмес, партия эмнени жана кантип курууну жакшы билет. Улан Садалиев, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Чыныгы эркек жашоосунда үч нерсени жасашы керек: үй куруу, бак тигүү жана уул тарбиялоо. Чыныгы эркек дагы деле болсо мекенди чогуу кызмат кылуу үчүн керектүү команданы (күлүп, жылмайып) табышы керек деп кошумчалайт элем. Мен мындай буйрукту таптым! Чыныгы патриоттордун тобу - "Мекеним Кыргызстан" партиясы. Мирлан Бакиров, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Ааламдын мыйзамдарынын бири - энергия алмашуу мыйзамы. Бул мыйзамдын негизги принциптеринин бири - бардык нерседе тең салмактуулук сакталышы керек. "Мекеним Кыргызстан" партиясы - бул жетилгендик менен жаштыктын, жаңы билим менен тажрыйбанын оптималдуу тең салмагы. Бул Аалам өзү биз үчүн жана биз менен дегенди билдирет (жылмайды). Мекеним Кыргызстан - ар бир Кыргызстандыктын партиясы. Жаңы Кыргызстанга ооба деп айтыңыз! Ооба дей бер! " Мекеним Кыргызстан партиясынын командасына! ________________________________________________________________________________________ "Мекеним Кыргызстан" партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна тарабынан "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнөт. 07. 09 .2020 чыккан

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

Тынчтыкбек Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп дайындалды

Жогорку Кеңештин 3-сентябрдагы сессиясында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү болуп дайындалды. Анын талапкерлиги жыйында көпчүлүк добуш менен колдоого алынды. Шайназаров БШКнын мүчөсү болуп шайланганына байланыштуу бүгүндөн тартып мандатын тапшырганын билдирди. Тынчтыкбек Шайназаровдун талапкерлигин парламенттеги коалициялык көпчүлүк көрсөткөн. Ал БШКнын мурдагы мүчөсү Назарали Ариповдун ордуна барат. Арипов парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан, Боршайкомдогу мүчөлүк ыйгарым укуктарын токтоткон. Мыйзам боюнча, БШК 12 мүчөдөн куралат. Анын төртөөнү президент, калгандарын фракциялар сунуш кылып, парламенттин жалпы жыйынында шайланат. Кыргызстанда 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Жогорку Кеңештин 3-сентябрдагы сессиясында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү болуп дайындалды. Анын талапкерлиги жыйында көпчүлүк добуш менен колдоого алынды. Тынчтыкбек Шайназаров БШКнын мүчөсү болуп шайланганына байланыштуу бүгүндөн тартып мандатын тапшырганын билдирди. Тынчтыкбек Шайназаровдун талапкерлигин парламенттеги коалициялык көпчүлүк көрсөткөн. Ал БШКнын мурдагы мүчөсү Назарали Ариповдун ордуна барат. Арипов парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан, Боршайкомдогу мүчөлүк ыйгарым укуктарын токтоткон. Мыйзам боюнча, БШК 12 мүчөдөн куралат. Анын төртөөнү президент, калгандарын фракциялар сунуш кылып, парламенттин жалпы жыйынында шайланат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:30

«Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого катышпай калышы ыктымал

Турсунбай Бакир уулунун арызын караган Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу сунуш киргизди. Жумушчу топтун сунушун 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жалпы жыйында карап баштады. Ага «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана партияга каршы арызданган Турсунбай Бакир уулу да катышып жатат. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанганын айткан Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирүүдө. Ал партиянын эң жогорку органы болгон жыйындын чечимин өз алдынча бурмалоого жол берген деген негиз менен партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү эч кандай эреже бузулбаганын айтып, конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 10-бөлүкчөсүндө тизмени өзгөртүү шарттары каралганын жүйө келтиришүүдө. Эске салсак, саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган. Сүрөт интернеттен алынды

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники