О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
17 сентября 2020 г. 1:42

«Мага 10дон шайлоочу тактап койгула». Кара-Сууда whatsAppта тараган үн боюнча мугалимдер сурак берүүдө

WhatsApp аркылуу мындан эки күн мурун мектеп мугалимдерине, алардын август айындагы айлык акысы, шайлоого 10дон адам табышы керектиги айтылган үн билдирүүлөр тараган. Учурда милиция бул боюнча тергөө иштерин баштады. Тараган аудиолордо аял кишинин, мугалимдерге кайрылып жатканын угууга болот. http://t-media.kg/wp-content/uploads/2020/09/Ekinchi.mp3 http://t-media.kg/wp-content/uploads/2020/09/ch-nch-.mp3 « Эгер, азыркы мен атаган мугалимдерден 10 шайлоочу чыкпаса мектепке келбей эле кой. Августтун айлыгын жазбаймын. Урматттуу эжекелер, Каймуратова, Батырова, Абдуллаева Алтынай, Чынасылова Тахмина, Бекешова Гүлзира, Гүлгаакы, Атыргүл, Сабиралиева Чынара, Зарина, Бурма, Күмүш эже, Тамара эмнеге штабка келбедин? Мен айткан сөзүм силерге таасир этпей жатабы? Түндөсү болсо да барасын? Штабка. Нурлан менен байланышасын. Азыр Нурлан жок болсо, эртең барып 10 шайлоочуну тактап койгун мага » http://t-media.kg/wp-content/uploads/2020/09/Birinchi.mp3 « Башка суроо жокпу? Бактыяр уктунбу? Ар бир мектеп директору штабка барат. Мугалимдерге эжең буйрук берип жатат дебе. Мен буйрук берген жокмун, мүнөзүм ушундай. Мугалимдер конкреттүү иш кылат. Агитаторлорду коюп. Ишти баштагыла » Учурда бул боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин баштаган. Аудиодо аты аталгандар Кара-Суу районундагы мектептерде иштеген мугалимдер экени аныкталган. « Бул боюнча топтолгон материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 14-сентябарда катталган. Жоруктар кодексинин 87-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда аудиодогу жана башка мугалимдер чакырылып тергөө иштери жүрүп жатат. Мадыдагы Сыдык Алайчы мектеби экен. Аларга кайрылган аялдын ким экендиги тактала элек. Тергөө иштери эми гана башталды », —дейт Ош облустук ИИБнын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев. Жеке булактар, мугалимдерге кайрылган аял болжолдуу «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка аттанган Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн (убактылуу кызматын тапшырган) башчысы Гүлайым Машрапова болушу мүмкүндүгүн айтышты. Биздин редакция талапкер менен байланышып көрдү. Ал шайлоочулар менен жолукканын, Мады айыл өкмөтүндөгү мектептердин бирине барганын, бирок эч кандай мугалимдерди мажбурлабагынан айтууда. « Мен эч качан өзүм мугалим болуп туруп, «Сен 10дон адам таап кел» деген аял эмесмин. Мен элдин добушун сатып, өзүмдүн мугалимимди мажбурлап депутат болбой эле койдум. Мунун баары жалган. Сыдык Алайчы мектебине мен өзүмүн программам менен тааныштырайын деп эле баргам. Бир эле мугалимдер эмес, ата-энелер, жаштар да болгон » —деди Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси. http://t-media.kg/wp-content/uploads/2020/09/mashirapova-taza.mp3 Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октярда өтөт. Ага 15 партия катышууда. Учурда пандемия шартына карабай жер-жерлерде үгүт иштери кызуу жүрүүдө. «Биримдик» партиясы Аксыдагы үгүт иш-чарасына миңдеген адамдарды топтоду. Сүрөт

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

Жыргалбек Саматов: "Кыргызстан" партиясын тандап, экономиканы өнүктүрүү максатыбызга салым кошуңуздар"

«Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматов Өзгөн районунун "Ийри-Суу", "Жийде" жана башка бир катар айылдарынын жашоочулары менен жолугушту. Талапкер элге партиянын "Эл үчүн" программасы менен тааныштырып, программанын максаты республикабыздын бардык жарандарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталгандыгына токтолду. “Биздин партия өндүрүштөрдү көбөйтүү, ишкерлерге жеңилдиктерди түзүп берүү, калкты жумуш менен камсыз кылуу сыяктуу көптөгөн чоң максаттарды алдыга коюуда. «Кыргызстан» партиясы буга чейин дагы миңдеген адамдарга жумуш орун түзүп берип, экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп келген партия”, – деди Саматов. Жолугушууда айыл тургундары чечилбей келе жаткан көйгөйлүү маселелери тууралуу бир топ суроо узатышты. Алар негизинен таза суу, айдоо жерлерине арык казуу, балдарга жөлөк пул чегерүүдөгү көйгөйлөр жана уюлдук байланыш түйүндөрүнүн сапатын жакшыртуу тууралуу маселелерди көтөрүштү. Жыргалбек Саматов айыл тургундарынын көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүү жолдору партиянын программасында камтылганын баса белгиледи. Андан соң элди «Кыргызстан» партиясына добуш берүүгө чакырып өттү. “Урматтуу мекендештерим, сиздер биздин партияга добуш берүү менен жаңы ишканаларды түзүү, натыйжасыз чиновниктерди кыскартуу, коррупцияны жок кылуу, арзан турак жай куруу, туризмди өнүктүрүү жаатындагы максаттарыбызды ишке ашырууга салым кошосуздар”, – деди Жыргалбек Саматов. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 16-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 17:10 16-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

Ат-башылыктар "Замандашка" үмүт артарын айтышты

"Замандаш" партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери үгүт кампаниясынын алкагында Нарын облусунун Ат-Башы районунунда болушту. Ага талапкерлер Чынара Шейшекеева , генерал-майор Мелис Турганбаев, Алмаз Акматов, Айбек Жайлообаев келишкен. Талапкерлер шайлоочуларды "Замандаш" партиянын программасы менен тааныштырып, таза шайлоого үгүттөштү. Элеттиктер айыл көйгөйлөрүн көтөрүшүп, районго картошка иштетүүчү кичи цех куруу зарылдыгын, жол салуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, байланыш, футбол аянтчасын куруу маселелерин айтышты жана аларды чечүүгө көмөктөшүүнү суранышты. Ошондой эле тургундар Ак-Сайга өтүү үчүн паспорт столдон уруксат кагаз алышарын, ошол кызматты чек арачыларга берсе деген ойлорун ортого салышты. Эл менен жолугушууда "Замандаш" партиясын түптөгөн Муктар Өмүракуновдун уулу Аскар Өмүракунов да сүйлөп, атасынын көп максаттары аткарыла электигин айтып, бирок ал иштердин өтөсүнө чыгат деген ишеними бар экенин билдирди. "Атам ар дайым элге кызмат кылды. Өмүрүнүн акырына чейин эл деп жашады. Анын көп максаттары бар эле. Өкүнүчтүүсү, алар аткарылбай калды. Бирок, Кудайым буюрса, ошол ой-тилектерин ишке ашырабыз деп ойлойм. Себеби, учурда "Замандашта" изги максаттарды алдыга койгон, тажрыйбалуу, билимдүү талапкерлер бар", - деди Аскар Өмүракунов. Ак-Муз айылынын тургуну Бакыт Алияскаров мигрант болуп Орусиянын 7 шаарында 7 жыл эмгектенгенин айтып, ошол жылдары Муктар Өмүракуновдун депутат болбой туруп эле мигранттарга кылган кызматын өз көзү менен көргөнүн, анын жөнөкөйлүгүн жана адамкерчилигин эскерди. Ошондой эле ат-башылыктар Мелис Турганбаевге карата жакшы пикирлерин билдиришип, чоң үмүт артарын айтышты. Ал өз кезегинде: "Замандаш" партиясы - 13 жылдан бери өз жүзү, тарыхы бар элдик партия. Партия ар дайым эл үчүн кызмат кылган. Эч убакта убада берген эмес, убада бербей эле элдин мүдөөсүн аткарып келген. Мен да мамлекеттик кызматтарда эмгектенип, бир катар иштерди жасап келдим. Калк мүдөөсүн угуп, эл аралап иштедик. Эми алган тажрыйбамдын аркасында "Замандаш" партиясы менен элибизге кызмат кыла турган мыйзамдарды жазалы, көйгөйлөрдү чечели деген тилегим бар", - деп билдирди. Талапкерлер райондун борборунан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан Өзгөрүш айылына келишкенде тургундар аларды жылуу тосуп алышып, көп жылдан бери бүтпөй келген спорт зал салуу маселесин көтөрүштү жана бир катар суроолорду беришип, тийиштүү жоопторду алышты. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., мкр. Джал 23, 28. Чыгарылган күнү: 16-сентябрь 2020-ж. 14:11 16-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

Мелис Турганбаев: "Биз бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдарды жөнгө салабыз"

Бүгүн "Замандаш" партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери шайлоочулар менен Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы облустук академиялык, музыкалык драма театрында жолугушту. Жолугушууга талапкерлер Мелис Турганбаев , Алмазбек Акматов , Жолдошбек Мамбеталиев , Асылбек уулу Бакай катышты. Алар "Замандаш" партиясынын тарыхы, программасы менен тааныштырышты жана алдыга койгон максаттарын айтып беришти. Андан кийин жолугушуу суроо-жооп түрүндө өтүп, тургундар ар түрдүү көйгөйлөрдү көтөрүштү. Нарын шаарынын тургуну, Чек ара кызматынын ардагерлеринин Нарын шаары боюнча төрагасы Темирболот Орозоев чек ара кызматынын ардагерлери ден соолугуна байланыштуу же үй-бүлөлүк себептер менен башка регионго барып жашоого мүмкүн эместигин, анткени бул учурда алардын пенсиясы кыркылып каларын айтты. Анын айтуусунда, кай бир ардагерлерге дал ушул мамиле боюнча кылмыш иши козголгонго чейин барган. Алмазбек Акматов бул маселе Жогорку Кеңештин трибунасында көтөрүлгөнүн жана ал чечилиши керектигин билдирди. Иш-чарада медицина кызматкерлеринин айлык маянасы төмөндүгү айтылып, ал боюнча пикирин Мелис Турганбаев билдирди. " Бул маселе биздин программада бар жана "Замандаш" менен шайлоого эки дарыгер бара жатат. Албетте, сиздердин айлык маянаны көтөрүү керек. Муну жакында эле болгон пандемия далилдеп койду. Биздин программада дарыгерлер, мугалимдердин жана маданият кызматкерлеринин айлык маяналары жана алардын иштөөсүнө шарт түзүү маселеси каралган" , - деп өзү жетектеген ЖАМКда медицина кызматкерлеринин айлык маяналары кандайча көтөрүлгөнү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле талапкер "Замандаш" партиясы менен шайлоого үч генерал бара жатканын жана алардын бир катар мыйзамдарды жазуу мерчемдери бар экенин айтты. "Биз 2010-жылдан кийин кылмыштуулукка каршы атайын мыйзам долбоорун жазганбыз. Ошол мыйзам долбоорунун куйрук-жалы кыркылбай кабыл алынганда, азыр бир топ өзгөрүүлөр болмок. Тилекке каршы, долбоор аябай чоң өзгөрүүлөр менен араң дегенде 2013-жылы кабыл алынды. Казактар биздин мыйзам долбоорун жазганыбызды угуп, атайын келип аны алып кетишти да, ошондой боюнча кабыл алышты. Аларда ошол мыйзам жакшы иштеп жатат. Учурда мыйзамдар бири-бирине каршы келген учурлар көп. Биз ушул маселелерди карап, бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, мамлекетибизди алдыга сүрөгөн жаңы мыйзамдарды жазалы деп жатабыз", - деди Турганбаев. Тургундар шайлоо өнөктүгүндө форма экини жоюу, 5 жылга чейин эл үчүн пайдасы тийбеген партиялар кайра шайлоого катышпагыдай мыйзам жазуу сунуштарын айтышып, соц пакетти карап чыгуу, жеке ишкерлердин жумуш берген адамга карата жасаган мамилесин жөнгө салуучуну кароо керектигин айтышты жана аталган талапкерлер Жогорку Кеңешке барып калса, чек ара маселесин чечип берүүсүн суранышты. Жолугушуунун акырында нарындыктар "Замандаш" партиясына ак жол каалап, ак сакалдар ак батасын беришти. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., мкр. Джал 23, 28. Чыгарылган күнү: 16-сентябрь 2020-ж. 14:02 16-09-2020

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

"Кыргызстан" партиясы "жашыл экономика" үчүн!

“Кыргызстанда "жашыл экономиканы" өнүктүрүү үчүн өтө чоң, реалдуу, келечектүү мүмкүнчүлүктөр бар” деп билдирди «Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Экмат Байпакбаев. Анын айтымында, ал демилгелеген VI чакырылыштагы парламент тарабынан кабыл алынган “жаңылануучу энергия булактары жөнүндө” мыйзам өлкөнүн экономикалык турмушун жакшыртат. «Мурда кабыл алынган “энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзам 10 жылдан ашык иштеген жок, тилекке каршы, бир кездерде аны ишке ашыруу механизми иштелип чыккан эмес. Болгону 2-3 чакан ГЭСтер курулган. Жүздөгөн чакан ГЭСтерди куруу керек. Тоолуу Кыргызстандын шартында бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Жылына 300 күн тийиши да чоң мүмкүнчүлүк! Эгемендүүлүк жылдарындагы көптөгөн башкаруучулардын кетирген кемчиликтеринен улам биз экспортчулар өлкөсүнөн импортчуларга айландык”, - деп белгиледи Байпакбаев. Жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн альтернативдүү энергияны киргизүүдөн тышкары атмосферага зыяндуу заттарды бөлбөгөн жана күйүүчү май куюуну талап кылбаган электромобилдерди жана коомдук транспортторго басым жасоо керек, ал биздин республикага дагы импорттолот. “Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү – ишкерлердин, өндүрүш кызматкерлеринин бул багытта конкреттүү долбоорлору бар. Өнөр жай ишканаларынын абаны тазалоо тутумун орнотуу боюнча милдеттенмеси айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын көлөмүн минималдаштырууга жардам берет. Ошондой эле өнүккөн, экологиялык таза мамлекеттердин тажрыйбасын изилдөөгө түрткү болот. Мындан тышкары, биз коопсуз тармакты өнүктүрүп, биздин эле калкты органикалык азык-түлүк менен камсыздабастан башка өлкөлөргө да экспорттошубуз керек. Байпакбаев Жогорку Кеңеш иштеп чыккан жашыл экономиканы өнүктүрүү концепциясын колдогонун, андан кийин өкмөт программа кабыл алгандыгын эскерди. Эми аны ишке ашыруу үчүн жигердүү аракеттер көрүлүшү керек. “Бүгүнкү күндө Кыргызстан пайдалана албай калган мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып жатышат. Биз жашыл экономиканы өнүктүрүү жолуна түштүк. “Кыргызстан” партиясы мындан ары дагы ушул багытта иш алып барат”, - деп белгиледи талапкер. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 16-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 10:51 16-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
16 сентября 2020 г. 8:14

Ата Мекен - #6!

Бүгүн биздин кербен Баткен облусу боюнча сапарын улантат. ⠀ Партиянын программасы, алдыга койгон максаттары, партиянын жүздөрү жана аброю - добуш берүүдө эң негизги шарттардын бири. Ал эми шайлоо күнү эч ким добушун сатпай, татыктуу партияга өз добушун берет деп ишенебиз. ⠀ Ата Мекен - #6! ⠀ * ⠀ Сегодня наш караван продолжит встречи в Баткенской области. ⠀ Программа, идеи, люди и умение вести диалог — именно эти пункты в итоге сыграют свою роль в день выборов. Мы верим, что никто не будет продавать голоса за тысячу сомов, а каждый из вас сделает ответственный выбор. ⠀ Ата Мекен — №6!

Подробнее
24 сентября 2020 г. 12:23

Республика №14✅

Кулундунун тургундары «Алдыга жолду» тандап, «Республика» партиясын колдоого алышты.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 15:15

“Бир Бол” партиясынын талапкерлери Баткен облусунун

“Бир Бол” партиясынын талапкерлери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын эли менен жолугушуп, анда аймактагы чоң көйгөйлөр көтөрүлдү. Дүйшөн Төрөкулов : “Эми заман өзгөрдү. Жаңы команда, жаштар менен бирге мыйзамсыздыктарга каршы турабыз”

Подробнее
16 сентября 2020 г. 21:23

Урматтуу кыргызстандыктар, "Ата Мекен" ар бириңизге кайрылат! ⠀

рматтуу кыргызстандыктар, "Ата Мекен" ар бириңизге кайрылат! ⠀ Ар бир добуш маанилүү! Ар бир добуш чечүүчү! Шайлоо - мамлекет үчүн эң маанилүү кадамдардын бири. Ар беш жыл сайын сиздин кызыкчылыгыңызды парламентте ким коргойт, ким жактаарын тандайсыз. Паракор, жалкоо, жоопкерчиликсиз чиновниктер - өлкөгө жакшылык алып келбейт. ⠀ Ошондуктан 4-октябрда татыктуу партияга добуш берип, шайлоого катышууга чакырабыз. 1000 сомго, 2000 сомго паспорттогу маалыматтарды эч кимге бербеңиз! Добушуңузду, келечегиңизди сатпаңыз! ⠀ *** ⠀ Уважаемые кыргызстанцы, «партия Ата Мекен» обращается к каждому из вас! ⠀ Ваш голос важен! Каждый голос важен! Выборы — это ответственность как кандидатов, так и избирателей. Раз в пять лет только вы выбираете, кто будет представлять вас в парламенте. Коррупционеры, нахлебники-чиновники, не готовые брать на себя ответственность за происходящее в стране — не смогут изменить страну и жизни граждан в лучшую сторону. ⠀ Мы призываем каждого из вас не игнорировать выборы, которые состоятся 4 октября, не продавать свои голоса, не давать свои паспорта тем, кто предлагает по 1000 или 2000 сомов. Ваш голос не имеет цены, ваш голос определит будущее страны!

Подробнее
16 сентября 2020 г. 13:23

“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Кызыл-Кыя, Кадамжай шаарларында уланды.

“Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Кызыл-Кыя, Кадамжай шаарларында уланды. Анда партия лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Дүйшөн Төрөкулов, Бактыгүл Момбекова, Абдиалим Исманов жана башка партия мүчөлөрү эл менен жолугушуп, “Бир Бол” партиясынын платформасы менен тааныштырды.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 12:24

Ишкер Фарходбек Алимжанов пандемия убагында “Шарк” колхозунун тургундарына “Тез жардам” унаасын өз каражатына сатып берди.

“Бакай Стоун Групп” ЖЧКнын экономикалык жана каржылык иштер, эл аралык байланыш боюнча координатору, коомдук ишмер, билим берүү, маданият жана медицина тармагындагы долбоорлорду каржылаган “Айбек Алимжанов” атындагы кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү. Аталган фонд тарабынан ишке ашырылган долбоорлор циклдуу мүнөз камтыйт. Бул программалар өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө, жаштарга билим берүүгө багытталган. Ишкер Фарходбек Алимжанов пандемия убагында “Шарк” колхозунун тургундарына “Тез жардам” унаасын өз каражатына сатып берди.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 13:24

Исфана

Исфананын акылман эли олуттуу реформаларды, "Алдыга жолду" тандап, "Республика" партиясын колдоого алышты. Республика №14

Подробнее
16 сентября 2020 г. 11:30

Толугу менен "Бир Бол" YouTube каналында көрсөңүздөр болот

"Бир Бол" саясий партиясынын талапкери Чынара Капарова "Сыр Сандык" берүүсүндө. Толугу менен "Бир Бол" YouTube каналында көрсөңүздөр болот.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 15:29

Ибрагим Жунусов

Ибрагим Жунусов 1961-жылы 13-майда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айылында төрөлгөн. "Мекеним Кыргызстан" партиясынан чыккан белгилүү талапкерлердин бири. Кыргыз Республикасынын Эл артисти. 2010-жылы социалдык маселелер боюнча КРнын вице-премьер-министри болуп дайындалган. 2014-жылдан тартып Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болгон. 2018-жылдын ноябрь айында Эл аралык иштер боюнча Жогорку Кеңештин Комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине талапкерлигин жактырган. *** Ибрагим Жунусов родился 13 мая 1961 года в селе Сарай Кара-Сууйского района Ошской области. Один из самых ярких кандидатов в депутаты от партии «Мекеним Кыргызстан». Народный артист. В 2010 году назначен вице-премьер-министром КР по социальным вопросам; С 2014 года работал послом Кыргызстана в Турции. В ноябре 2018-го Комитет Жогорку Кенеша по международным делам одобрил его кандидатуру на пост посла Кыргызстана в Узбекистане.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 23:36

Улан Сырдыбаев

Талас элинин уулу, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкери Улан Сырдыбаевдын эл менен жолугушуусу Бакай-Ата районунун Ынтымак айылында старт алды. Элдин иши эрдин мойнунда, эрдин иши элдин мойнунда дегендей жалпыга тиешелүү маселелер, бир катар көйгөйлөр, келечектеги пландар ортого салынды.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники