О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
17 сентября 2020 г. 1:28

«Кыргызстан» партиясы “жашыл экономика” үчүн!

«Кыргызстан» саясий партиясы өлкөдө “жашыл экономиканы” өнүктүрүүнү, заманбап, жогорку технологиялуу жана экологиялык таза ресурстарды колдонууну жактайт. “Жашыл экономика” – бул адамдардын жыргалчылыгынын өсүшүнө жана социалдык адилеттүүлүктүн бекемделишине, экологиялык тобокелдиктердин азайышына, табигый капиталды сактоого жана көбөйтүүгө, ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана өлкөнүн табигый экосистемаларын сактоого түрткү берген тармак. Партия белгилегендей, Кыргызстанда “жашыл экономиканы” өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп энергетика, айыл-чарба, өнөр-жай, экотуризм саналат. Жаратылыш ресурстарын интенсивдүү, тутумдаштырылбаган, сарамжалсыз пайдалануу кыска мөөнөттө экономикалык өсүшкө олуттуу салым кошот, бирок узак мөөнөттүү келечекте бул олуттуу терс натыйжаларга алып келет. Мисалы: жакырчылыкка, булганган абанын жана сапатсыз ичүүчү суунун кесепетинен калктын саламаттыгынын начарлашына, азык-түлүктүн жана энергиянын жетишсиздигине таасир тийгизет. Азыртан эле Кыргызстанда кооптуу тенденциялар байкалууда. Деградацияланган же жок болуу процесстерине дуушар болгон айыл-чарба жерлеринин аянты өсүүдө. Кыргызстанда жерлердин деградациясынын көпчүлүгү айыл-чарба багытындагы жерлерди туура эмес пайдалануунун, жайыттарды ашыкча пайдалануунун жана сугат жана суу чарба тутумдарынын начар иштешинен пайда болот. Жалпысынан алганда, ушул факторлор калкты азык-түлүк менен камсыз кылууда көйгөйлөрдүн көбөйүшүнө алып келет. Мындан тышкары, абанын булгануусу адамдардын ден соолугуна жана экосистеманын туруктуулугуна терс таасирин тийгизет, ошондой эле техникалык инфраструктура элементтеринин дат басышын күчөтөт. Абанын булгануу көйгөйү өлкөнүн ири шаарларында өзгөчө курч турат. Эксперттердин эсеби боюнча, негизги булгоочу заттардын 87%дан ашыгы абага жыл сайын көбөйүп жаткан автоунаалардан кирет. Бул саламаттыкты сактоого чыгымдардын көбөйүшүнө, экосистемалардын жоголушуна жана инфраструктураны кармоого кошумча экономикалык чыгымдардын көбөйүшүнө алып келет. «Кыргызстан» партиясы белгилегендей, ушул факторлордун бардыгы өлкөдөгү “жашыл экономикага” өтүү зарылдыгын жана актуалдуулугун көрсөтүп турат. Өлкөдө “жашыл экономиканы” өнүктүрүү үчүн энергияны натыйжалуу колдонуу жана үнөмдөө, энергиянын кайра жаралуучу булактардан өндүрүү, шаардык жана айылдык аймактарда суу жана жер ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, климаттын өзгөрүшүнө адаптация болууга, экосистеманы көзөмөлдөө жана эсепке алуу боюнча экосистемалык мамиле кылуу тарапка мамлекеттик саясатты өзгөртүү керек. Акыр-аягы, бардык өзгөртүүлөр адамдын жашоосунун сапатына жана айлана-чөйрөгө оң таасирин тийгизиши керек. Өлкөдө “жашыл экономиканы” өнүктүрүү үчүн “Кыргызстан” партиясы төмөнкүлөрдү сунуш кылат: отун-энергетикалык комплексинин ачыктыгын жогорулатуу жана энергетикалык компаниялардын чыгашасыз иштөөсүн камсыз кылуу; заманбап энергияны үнөмдөөчү технологиялык чараларды киргизүү, энергетикалык секторду башкаруу тутумун өркүндөтүү, ошондой эле кошумча генерациялык кубаттуулуктарды (ГЭСтер жана кайра жаралуучу энергия булактары) киргизүүнү тездетүү; имараттарды жаңыртууга ылайыктуу заманбап технологиялык чечимдерди ишке ашыруу, бул жерде эң жөнөкөй долбоорлор да 40%га чейин энергияны үнөмдөөнү камсыз кылат; жеке ишкерлердин көмүртеги аз отунга же электр энергиясына өтүүсүн стимулдаштыруу; Кыргыз Республикасында электр кубаттоочу инфраструктураны түзүү; газ жана электр энергиясын колдонгон коомдук транспорттун үлүшүн көбөйтүү; жер жана суу ресурстарын ачык-айкын, сарамжалдуу башкарууну киргизүү; органикалык айыл чарба рыногун өнүктүрүү; дыйкан чарбаларынын, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн заманбап технологияларды киргизүү; алдыңкы агрардык чет мамлекеттердин тажрыйбасын үйрөнүү; дыйкандарды жашыл айыл чарба ыкмаларына үйрөтүү; дыйкандарга жеткиликтүү заманбап, көз карандысыз лабораторияларды, ошондой эле органикалык продукцияны өндүрүү жана экспорттоо үчүн шарттарды түзүү; органикалык жер семирткичтердин импортуна салык ставкаларын кайра карап чыгуу жана биологиялык продуктуларды жана органикалык жер семирткичтерди өндүрүүчүлөргө алардын өндүрүшүн стимулдаштыруу үчүн салык жеңилдиктерин берүү; органикалык жер семирткичтерди өндүрүүчү заводду жана соода-логистикалык борборлорду куруу үчүн инвестицияларды тартууга шарттарды түзүү; кооперацияларды түзүү жана айыл чарба продукциясынын майда болуп кетүүсүнө жол бербеш үчүн заманбап технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк берүү аркылуу стимулдаштыруу; сугат суусун жеткирүү боюнча тарифтик саясатты реформалоо жана айыл чарба кызматкерлерине карата салык саясатын өзгөртүү; “жашыл экономикага” өтүү үчүн жеңилдиктерди же субсидияларды стимулдаштыруу үчүн салык мыйзамдарын талдоо; дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды, лизингдик шаймандарды берүү. “Жашыл экономика” – бул экономикалык көз карандысыздыктын негизи! “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 16-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:28

Шайлоо бюллетендерин “Учкун” ачык акционердик коому даярдайт

Шайлоо бюллетендерин “Учкун” ачык акционердик коому даярдайт. Бул тууралуу КР БШКнын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, мындай чечим бүгүн БШКнын жыйынында кабыл алынган. Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. - Advertisement -

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:28

“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Эрлист Акунбеков Акман айылында шайлоочулар менен жолугушту

“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Эрлист Акунбеков бүгүн, 16-сентябрда өзүнүн кичи мекени Акман айылында миңдеген шайлоочулары менен жолугушту. --Бизнестеги жетишкендиктерим, аз убакыттын ичинде көптөгөн ийгиликтерди багындырганым, ишкерликтеги тажрыйбамды, чет өлкөлөрдө алган билимимди эл үчүн пайдаланууга убакыт келди окшойт деген ишенимде «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттандым. Парламентке баруудагы негизги максатым – элге пайдалуу мыйзамдарды жазуу, тар чөйрөнүн кызыкчылыгына пайда келген иштер менен эмес, элеттеги карапайым элдин турмушун жакшыртуу. Айрыкча дыйкандарды ар тараптан колдоого алган программаларды иштеп чыгып, ишке ашыруу. Эгерде мага эл ишеним артып, мандатка ээ болсом, жаза турган мыйзамдар, трибунада көтөрө турган орчундуу маселелердин баары эл үчүн болот. Буюрса, дыйканчылыкка пайда алып келе турган чечкиндүү мыйзамдарды иштеп чыгып, дыйкандардын укугун коргоп, ишине дем-күч берем. Дыйкандар өндүргөн продукцияларын кымбат баада сатууга жол ачууга бардык аракеттерди жасайбыз, - деди депутаттыкка талапкер Эрлист Акунбеков. Жолугушуудан кийин Эрлист Акунбековго акмандыктар, ак боз ат мингизип ак баттасын берди. Эске сала кетсек Эрлист Акунбеков, 36 жашта. Ош мамлекеттик университетинен жана Москвадагы Михаил Ломоносов атындагы ММУнун экономика факультетинен билим алган. Учурда “Бай дыйкан” долбоорунун жетекчиси. Сугат жана талааларды кайрадан иштетип чыгуу боюнча жаңы системаларды киргизип, ал натыйжалуулугун көргөзүүдө. Жети агролабораториянын жана фермерлерди колдоо боюнча фонддун негиздөөчүсү. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:28

Шайлоо бүткүчө жалынып турган талапкерлер, шайлоо бүткөн соң кандай болушат?

Парламенттик шайлоого аттанышкан депутаттыкка талапкерлер болгон күч дараметин,акча каражатын депутат болуу үчүн чамынышат. Ошондуктан, депутаттын шайланышы –ар бир депутаттык үй-бүлөдө өзүнчө чоң майрам. Бирок, бул кубаныч кайгыга дуушар болбош үчүн, ар бир депутат парламенттик «памятканы» мыкты билип, эл менен кандай мамиле кылууну терең өздөштүрүү керек, себеби азыркы учурда депутаттыктан кол жууп калышы да оңой. Депутаттыкка шайланаар замат көптөгөн камкордуктар келип чыгат. Албетте, бул учурда бийликтин, партия лидерлеринин тажырыйбасына ишенсе болот,бирок депутат ишти баштаар алдында, кандай саясий көз карашын калыптандырууну өзү күн мурунтан билип алганы дурус эмеспи. Жаңы депутатты кандай отургузуу керек? Депутаттын колдору бош болууга тийиш.Бул бөтөнчө добуш берүүдө керек. Көпчүлүк депутатка талапкердин колун таңып, же колуна жип байлап «кукловод» сыяктуу каалаган нерселерин аткартып коюшат. Ошондуктан, депутатка талапкердин колдорун, буттарын таңып байлоого болбойт. Мунун өзү зыяндуу, маданиятсыз адат. Ал эми оозун болсо көрсөтпөй таңып койсо болот. Көп сүйлөгөн депутаттын партиялык лидерлерге пайдасы деле жок. Албетте, шайланууга чейин көп сүйлөй берсин.Бирок шайланган соң, көп сүйлөгөндүн деле кереги жок. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:28

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков шайлоочуларына Кайрылуу жасады

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков шайлоочуларына Кайрылуу жасады. Урматтуу агайын туугандар, шайлоочулар! Жогорку Кеңешке шайлоо баарыбызга эң жоопкерчиликтуу милдет. Мен дагы Кыргызстандын атуулу катары, шайлоочу катары катышып өз тандоомду, добушумду берип келем. Анткени ар бирибиздин тандообуз, добушубуз чечүүчү болот! Менин билимим, мүмкүнчүлүгүм жана иш тажрыйбам партиянын астына койгон максатын ишке ашырууга жана өлкөбүздө бизнес сферанын, соцблоктун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кандай реформаларды жүзөгө ашыруу жетет. Бул максатты ишенимди - элим кабыл алат жана бекемдейт деген ишенимдемин. “Мекеним-Кыргызстан” партиясы мекенибиз үчүн ийгиликтин башаты, - деди депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков. Эске сала кетсек, «Мекеним Кыргызстан» өлкөбүздөгү эң жаш, перспективдүү партиялардын бири. Аны менен бирге эле саясий аренада тажрыйбасы аз экенине карабай катарына ар тармакта өзүнүн билими, тажрыйбасы менен айырмаланган, мамлекетибизге кызмат кылган жана ал кызматын сөз менен эмес иш менен көрсөткөн инсандарды камтыган партия. Алардын катарында жалпыга маалым Таластын кулуну, белгилүү болгон бизнесмен, меценат Мирлан Назарбеков бар. Үлгүлүү үй бүлөдө татыктуу тарбия алган Мирлан Назарбековдун ар тараптуулугу, таланттуулугу, тырышчаактыгы жаш кезинен эле байкалган. Мектеп курагында эле ата-эне темасына, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналып жазылган ырлары райондук гезиттерге, өзү окуган мектептин дубал газеталарына жарыяланган. Жогорку билимди татыктуу алган Мирлан юрист кесибине ээ болуп алгачкы кадамын фискалдык органдарда тергөөчүлүктү аркалоо менен баштаган. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармачылыгында жетектөөчү адис болуп тажрыйбасын арттырган эл уулу кийинчерээк өз дареметин бизнес тармагында сынап бул жерде да ийгиликтерди жаратты. Эгемендике жаңы ээ болгон Кыргызстандын экономикалык, социалдык оорчулуктан чыгуусуна иш орундарын түзүү, миллиондогон салыктарды төгүү, кыйналган мекендештерине жардам колун сунуу, өзүнөн кийин өсүп келе жаткан муунга акылы, кеңеши аркылуу багыт берүү менен өзүнүн салымын кошуп келет. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 17:28

Алтынбек Сулайманов

Алтынбек Сулаймановдун соц.тармактарга, заманбап тренддерге көз карашы

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:29

Ошто дагы 10 шайлоо участкасы ачылат

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн 2474 шайлоо тилкеси даярдалууда. Анын 44ү чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн башка өлкөлөрдө болот. Ош шаарында кошумча 10 шайлоо участкасы ачылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов муну ички миграциянын күчөгөнү менен байланыштырды. Бишкек шаарында мындай муктаждык жок. Мурда баш калаада кошумча 32 шайлоо тилкеси ачылган. Ал участкалар 2020-жылдын январь-февраль айларында негизги тизмеге киргизилген. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:29

БШК: Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 млн 465 миң 415ке жетти

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесиндеги саны: 3 465 415, бул: – шайлоочулардын алдын ала түзүлгөн тизмесине салыштырганда (шайлоочулардын саны 3 429 043) 36 372ге өскөн (1,1%); – 2015-жылдын 4-октябрындагы КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого салыштырмалуу (шайлоочулардын саны 2 761 297) 704 118ге өскөн (25,5%); – 2017-жылдын 15-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого салыштырмалуу (шайлоочулардын саны 3 025 770) 439 645ке өскөн (14,5%); 12/09/2020-жылга карата шайлоочулардан (форма 1 жана 2) түшкөн арыздардын саны: Форма 2 боюнча – – “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу электрондук форматта 11 264: 237 арыз шайлоочулар тарабынан жокко чыгарылган; 389 арыз системдүү администраторлор тарабынан жокко чыгарылган; 8 365 арыз иштелип чыккан; 2 247 арыз иштелүүдө. – ШКУга атайын 253 006 арыз: 192 519 арыз иштелип чыккан; Дагы иштелүүдө 60 487 арыз бар. Жалпы суммасы 264 270 арыз шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети тууралуу (шайлоочулардын жалпы санынан 7,63% пайызы) түшкөн. Форма 1 боюнча – – “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу электрондук форматта- 12; – ШКУга атайын 3 835 арыз; 3 847 арыз өзүнүн шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматын тактоо боюнча түшкөн. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
24 сентября 2020 г. 9:22

Республика №14

Ат-Башынын айкөл эли олуттуу реформаларды колдоп берди.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 14:19

Темирбек Ажыкулов "Сыр Сандык"

"Бир Бол" саясий партиясынын талапкери Темирбек Ажыкулов "Сыр Сандык" берүүсүндө. Толугу менен "Бир Бол" YouTube каналында көрсөңүздөр болот.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:42

Мекенчил жигит Нургазы Анаркулов жөнүндө алгы кеп

"Мекенчил" партиясына кошулган мекенчил жигит. Мекенчил жигиттин мурдагы “Ата-Журт” партиясынын жетекчиси экс- депутат Камчыбек Ташиевдин бул жолку шайлоого “ Мекенчил” партиясын түзүп келүүсүнө “Майдан” гезитинин баш редактору, газет ээси Нургазы Анаркулов инимдин партиянын катарына кошулгандыгын угуп чыныгы мекен, эл-жер үчүн күйүп бышкан, мекенчил жигит келди деп кубанычым койнума батпай сүйүндүм. Бир эле мен акеси катары жерге сууга батпай сүйүнбөгөндүрмүн. Апта сайын чыкчу “Майдан” гезитинин бүтүндөй окурмандары мен кубанган сүйүнүчтү айтып, каалоо- тилектерин билдирип сүйлөп жатышкандыр, “Мекенчил” партияга мекенчил жигит Нургазы Анаркулов келди",- деп. Кантсе да таланттуу, иш билги инсан, саясаттын оң, терс жактарын “Майдан” гезити аркылуу чагылдырып гезит окурмандарынын алкоосуна ээ болуп, гезит тиражы жыл өткөн сайын арбып, “Майдан” гезитинин чыгышын чыдамсыздык менен күткөндөр канча. Баш редактордун таланттуу журналист экендигин анын “Майдан” гезитинин жарык көрүшүнө дейре “Кыргыз Руху”, “Аалам”, “Слово Кыргызстан” гезиттеринде, “Кабар” агенттигинде такшалып, тажырыйбасын арттырып отуруп анан өз алдынча иштөөгө белсенип, көптөн бери көкүрөгүндө баккан оюн “Майдан” гезитин түзүү менен иш жүзүнө ашырганынан билүүгө болот. Мына эми дээринде бар, мекени үчүн, анда жашаган кыргыз эли үчүн көп жылдык таланттуу журналисттик иши аркылуу саясаттын терс көрүнүштөрүн жашырып- жаппай айтып, оң жактарын купулга толоорлук кыла жарыялаган жигит депутаттыкка аттанды. “Башка гезиттер айталбаганды “Майдан” айтат. Редакторлордун мырза жигити Нургазы Анаркулов. Жигиттин дээринде тайманбаган кайраттуулук анын коркуп, үркпөгөн материалдарынан көрүнүп турат”,- дешет. Чынында деле айтаарга татыктуу, кеп кыларга арзылык иштерди “Майдан” гезити аркалуу эл-журтунун көйгөйлүү маселелерин айтып турууга жигиттик дараметин жумшап келди, мындан ары да аткарар иштеринен көптү үмүттөндүрөт. Бул жолку парламенттик шайлоого ар кандай партиялардын катарына жаштарыбыздын катышып, ат салыша өздөрүнүн кимдигин, жөндөм -аракеттерин көрсөтүп жатышкандыгы дагы кубандырат. Мына ошолордун бири айтаарга, сөз кылганга арзылык мекенчил иним - Нургазы Анаркулов. Демек, мекен келечегине шагдам кадам таштап, өзүнүн эртеңкисине, келечегине такшалып, элдин жүгүн аркалоого, аткарууга даяр экендигин “Мекенчил” партиясына өтүү менен далилдей алды. Демек, жаштарыбыздын талыкпаган эмгек жолунда бышып жетилгендиктерин көрсөтүп жатышат. Жумурай кыргыз журтчулугу колдоого гана алышыбыз керек. Мен Нургазы инимди 1999- 2000- жылдардагы Баткен коогалаңына катышып, барымтага кетишкен, райондук аким баш болгон геологиялык чалгындоодо жүрүшкөн жапан геологдорунун туткундалышынан кабар алган кезинен жакшы билем. Ал өзз өмүрүн тобокелге салган жолугушууга барып, Баткендин башына түшкөн коогалаңдуу мүшкүлдү кошо тартып, журналисттин ой толгоолорун, кабарларын гезит беттерине байма бай жарыялап, коркуп- үрккөн карапайым Баткен элине колуна курал кармабаса да, сөзү менен, өзүнүн элге аралашып жүргөнү менен дем күч берди. Баткендин социалдык абалына, элдин жашоо турмушуна мекенчил уул катары дайыма көз сала, журналистик сөзү менен жардамга барып келет. Баткен эли: “Нургазы уулубуз маселебизди жогору жакка калеми менен жеткирет”, - дешет. “Мына мобул иштерибизди бүткөрүүгө жардам берди”, - деп ооздорунан түшүрүшпөйт. Мен деле Нургазынын “Майдан” гезитинин окурманы катары, анын ар бир чыккан гезитин окуп, андагы элдин тагдыр- таалайынын жакшы- жаман жактарынын чагылдырылып турушунан кабардар боло, “Азамат Нургазы, биздин Нургазы”, - деп турчу элем, эми бул сөздөр менен бирге “Мекенчил иним Нургазы”, - деп атай баштадым. “Болоор жигит жүрүм -турумунан, аткарган ишинен, кабагым- кашым дебеген мүнөзүнөн дайын” дегендей, баштагандан кийин таштап койбой Нургазы инимдин элдин шамчырагы болгон “Майдан” гезити көп жылдардан бери окурман адамдардын колунда. Нургазы иним жөнүндө дагы да сөз кыла саймедиресем болот. Айтаарым, инимдин багы ачылсын, Нургазынын кимдигин “Майдан” гезити аркылуу билген окурман журтчулугуна айтаарым, келиңиздер ушу жүрөгүн гезити аркылуу мекенин гүлдөшүнө арнаган мекенчил жигит Нургазы Анаркуловду колдоп берели. Ишеним менен айтаарым, “Мекенчил” партиясына ар кандай ишке жөндөмдүү мекенчил жигит келди, колдоп берели. Мурзапар Үсөн алб Мервани, жазуучу Булак: "Майдан. kg" гезити

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:42

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков шайлоочуларына Кайрылуу жасады

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков шайлоочуларына Кайрылуу жасады.Урматтуу агайын туугандар, шайлоочулар! Жогорку Кеңешке шайлоо баарыбызга эң жоопкерчиликтуу милдет. Мен дагы Кыргызстандын атуулу катары, шайлоочу катары катышып өз тандоомду, добушумду берип келем. Анткени ар бирибиздин тандообуз, добушубуз чечүүчү болот! Менин билимим, мүмкүнчүлүгүм жана иш тажрыйбам партиянын астына койгон максатын ишке ашырууга жана өлкөбүздө бизнес сферанын, соцблоктун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кандай реформаларды жүзөгө ашыруу жетет.  Бул  максатты ишенимди – элим кабыл алат жана бекемдейт деген ишенимдемин. “Мекеним-Кыргызстан” партиясы мекенибиз үчүн ийгиликтин башаты, – деди депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков. Эске сала кетсек, «Мекеним Кыргызстан» өлкөбүздөгү эң жаш, перспективдүү партиялардын бири. Аны менен бирге эле саясий аренада тажрыйбасы аз экенине карабай катарына ар тармакта өзүнүн билими, тажрыйбасы менен айырмаланган, мамлекетибизге кызмат кылган жана ал кызматын сөз менен эмес иш менен көрсөткөн инсандарды камтыган партия. Алардын катарында жалпыга маалым Таластын кулуну, белгилүү болгон бизнесмен, меценат Мирлан Назарбеков бар.Үлгүлүү үй бүлөдө татыктуу тарбия алган Мирлан Назарбековдун ар тараптуулугу, таланттуулугу, тырышчаактыгы жаш кезинен эле байкалган. Мектеп курагында эле ата-эне темасына, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналып жазылган ырлары  райондук гезиттерге, өзү окуган мектептин дубал газеталарына жарыяланган. Жогорку билимди татыктуу алган Мирлан юрист кесибине ээ болуп алгачкы кадамын фискалдык органдарда тергөөчүлүктү аркалоо менен баштаган. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармачылыгында жетектөөчү адис болуп тажрыйбасын арттырган эл уулу кийинчерээк өз дареметин бизнес тармагында сынап бул жерде да ийгиликтерди жаратты. Эгемендике жаңы ээ болгон Кыргызстандын экономикалык, социалдык оорчулуктан чыгуусуна иш орундарын түзүү, миллиондогон салыктарды төгүү, кыйналган мекендештерине жардам колун сунуу, өзүнөн кийин өсүп келе жаткан муунга акылы, кеңеши аркылуу багыт берүү менен өзүнүн салымын кошуп келет. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде!Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:42

Партиялар шайлоо фондунан канча акча коротту?

Шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Аны жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен БШК расмий сайтына жайгаштырышы керек. 11-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат: № Саясий партиялардын аталышы Келип түштү (сом) Чыгымдалды (сом) 1 “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы 97 399 900 86 753 491 2 «Мекенчил» 86 753 491 10 785 669 3 “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы 6 500 300 6 395 750 4 «Мекеним Кыргызстан» 94 180 238 90 445 319 5 «Реформа» 7 072 542 6 508 830 6 “Ата Мекен” социалисттик партиясы 41 400 620 36 950 610 7 «Замандаш» 36 510 000 35 414 723 8 “Бүтүн Кыргызстан” 5 858 400 5 745 266 9 “Социал-Демократтар” 8 642 760 8 535 966 10 «Мекен Ынтымагы» 6 676 838 6 603 620 11 “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” 9 319 500 9 303 665 12 «Ордо» 6 243 000 6 121 401 13 “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ 34 189 156 33 865 396 14 «Республика» 21 821 655 20 639 151 15 «Кыргызстан» 71 579 622 71 461 368 16 “Чоң Казат” 6 172 914 6 038 446

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:42

Шайлоочулар өздөрүн тизмеден кантип тактай алат?

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда боло турчу шайлоого катышуучу жарандар жөнүндө маалыматтарды түзүүнү улантууда. Шайлоочулардын тизмесине өзгөртүү киргизүүнүн акыркы мөөнөтү — 19-сентябрь. Жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен бир канча жол менен текшере алышат: -шайлоо участогуна барып текшерүүгө болот; — www.tizme.gov.kg сайты аркылуу; -Каттоо кызматынын 119 номуруна чалуу аркылуу. Мындан тышкары, шайлоочулар өздөрүн тизмеден текшерүүсү үчүн уюлдук тиркеме иштелип чыкты. Ал Android платформасын колдонгондор үчүн жеткиликтүү. «Услуги ГРС» деп аталган тиркемени көчүрүп, аймактык шайлоо участкаларынын дарегин издөө бөлүмүнө кирүү керек. Ал эми iOS системасын колдонгон телефон ээлери үчүн бул тиркеме жакында иштелип чыгат. Учурда Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 3 млн 465 миң. Форма №2 алуу үчүн кайрылгандардын саны 264 миң 270ке жетти. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Шайлоодо биометрикалык маалыматтардын негизинде гана добуш берүүгө болот. Ошол себептен биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек жарандарга 19-сентябрга чейин убакыт берилген.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:42

Шайлоо-2020: КТРКдагы теледебаттар графиги

Парламенттик шайлоого карата Борбордук шайлоо комиссиясы партиялардын өкүлдөрүнүн теледебаттарынын графигин жарыялады. КТРКдагы теледебаттардын келерки графигин жарыялайбыз. Буга чейин КТРКда 14-сентябрда " Реформа", "Мекен ынтымагы", "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан", "Афганистан согушунун ардагерлеринин жана ушул сыяктуу кагылыштарга катышкандардын саясий партиясы " саясий партияларынын өкүлдөрүнүн теледебаттары болду. Парламенттик шайлоо шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Баш сүрөт: Интернет булактарынан. Сүрөттөр: shailoo.gov.kg

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники