О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
17 сентября 2020 г. 1:17

"Шайлоо-2020". Жаштар теледебаты - ТҮЗ ЭФИР (16.09.2020)

Жаштар теледебатына "Социал-демократтар", "Мекенчил", "Ыйман Нуру", "Республика" жана "Ордо" партиялары катышууда.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:15

Иса Өмүркуловдун мугалимдер менен жолугушуусу тууралуу аудиотасма тарады

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесиндеги шайлоого талапкер Иса Өмүркуловдун Кант шаарынын мектептеринин бириндеги мугалимдер менен жолугушуусунан жазылган аудиотасма фотосүрөтү менен кошо тарады. 19 мүнөттүк бул аудиотасма социалдык тармактарда талкуу жаратууда. Анда үнү Өмүркуловго окшош адам «силердей мугалимдер менен жолукканыма аябай кубанычтамын» деп, парламенттик шайлоонун жүрүшү тууралуу айтып, өзүнө добуш берүүгө үгүттөп жатканын угууга болот: «Азыр «Биримдик» биз менен талашып-тартышып жатат. Анткени, ар бир депутат көбүрөөк добуш алгысы келет. Себеби кимиси аз алса, ал кетет деген милденттенме алышкан... Биз да аракет кылып жатабыз. Үчүнчүсү, төртүнчүсү, бешинчиси... алар көп, мен жалгызмын. Андыктан, мага гана... макулбу!?» Мындай жолугушуу болгонун Иса Өмүркулов 16-сентябрда «Азаттыкка» тастыктап, шайлоо мыйзамдарын бузбаганын билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов мугалим сабагын таштап коюп, талапкерлер менен жолугушууга кете албай турганын, мектеп иштеринен тышкаркы убакта жаран катары шайлоо процессинен кабардар боло аларын билдирди. Ошондой эле Бекматов диний мекемелерде гана шайлоочулар менен жолугушууга уруксат жок экенин, калган жайларга тыюу салынбаганын белгиледи. БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева Өмүркуловдун мугалимдер менен жолугушуусунда административдик ресурсту колдонуунун белгилери бар деп эсептей турганын айтты. Анын пикиринде, «эгер бир нече партиянын талапкерлери менен жолугушуу болсо башка кеп, бир эле партиянын өкүлү чакырылса ошондой шек жаралат». Билим берүү министрлигинин өкүлү Марат Үсөналиев мугалимдерге үгүт ишине катышууга тыюу салынганын билдирди: «Биздин өзүбүздүн жумушубуз, көйгөйлөрүбүз, сабактарыбыз көп. Онлайн режимде окутуп жатабыз. Ошондуктан мугалимдерге үгүт иштерине аралашууга тыюу салынган, билим берүү мекемесинин жетекчисинен баштап мугалимге чейин. Эгер алар үгүт иштерине кызмат кылса, катуу чара көрөбүз. Эгер үгүт иштерин жүргүзүүнү катуу кааласа жумуштан арыз жазып чыгып, анан катышууга тийиш». Буга чейин Араванда «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин жыйынына мугалимдердин катышканы талкууга түшкөн. 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. 120 мандаттуу Жогорку Кеңешке 16 партиядан эки миңдей талапкер ат салышууда. (RK)

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:15

Шайлоо-2020: Ошто кошумча 10 шайлоо тилкесин ачуу муктаждыгы бар

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн 2474 шайлоо тилкеси даярдалууда. Анын 44ү чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн башка өлкөлөрдө болот. Ош шаарында кошумча 10 шайлоо участкасы ачылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов муну ички миграциянын күчөгөнү менен байланыштырды. Бишкек шаарында мындай муктаждык жок. Мурда баш калаада кошумча 32 шайлоо тилкеси ачылган. Ал участкалар 2020-жылдын январь-февраль айларында негизги тизмеге киргизилген. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Кошумча участкаларга жарандар №2 форма деген документ менен катталат. Оппозициячыл саясатчылар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бул жол менен бийликчил партиялар адамдардын дарегин алмаштырып, добуш топтоонун амалын көрүп жатканын билдирип келатышат. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. БШК добуш берүүгө укуктуу 3 465 415 жарандын тизмесин тактаган. №2 форма деп аталган документ 2011-жылдагы президенттик шайлоодон баштап колдонула баштаган. (SE)

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:15

Партиялар алгачкы кайрылуусун жасашты

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялар өлкөнүн башкы телеканалында биринчи кайрылуусун жасашты. Саясий топтор анда программасын жана көз караштарын учкай жарыялады. Бул билдирүүлөр менен партиялардын бийликчил же оппозициячыл экендиги аныкталгандай болду. Реформа, башкаруу жана башка маселелерге карата туруму да көрүндү. Позициялардын такталышы Алгачкы кайрылууларда «Социал-демократтар» партиясы бийликке кескин сын-пикирлери менен айырмаланды. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мураскери катары кабылданып жаткан бул топтун башында мурдагы президент, камактагы саясатчы Алмазбек Атамбаевдин уулдары турат. Партиянын талапкери Кадыр Атамбаев азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун атын атабаганы эле болбосо, КТРКдагы сөзүн толугу менен анын саясатын сындоого арнады. «Акыркы үч жылдан бери мамлекетибиз бардык тараптан артка кетип жатканын көрүп да, билип да жатабыз. Ири масштабдагы, перспективалуу мамлекеттик долбоорлордун дээрлик бардыгы токтоду. «Таза коом» сыяктуу мамлекетибиз үчүн өтө маанилүү долбоорлордун быт-чытын чыгарып салышты. Бийлик миллиарддаган келишимдерди түздүк дегени менен, бир дагы жаңы долбоорлор ишке кирген жок. Президент мамлекеттик радиолордон ар нерсени айтып, элди жубатканы менен баары куру сөз бойдон калууда. Мындан эки-үч жыл мурда айткан убадаларын кайра-кайра кайталап жатат. Коррупция менен күрөш да жасалма болуп жатканын баарыбыз көрүп турабыз. Кыргызстандын эли билген чыныгы коррупционер каалашынча тайраңдап, коррупциялык жол менен тапкан байлыгынын күчү менен өз адамдарын парламентке алып келип, көп мандатты алам деп чамынып жүрөт». Мурдагы президенттин уулу «Социал-демократтар» «жападан жалгыз оппозициялык партия экенин» белгилеп, башка партияларда «принципсиздер, коррупция беренеси менен соттолгондор, кошоматчылар» баратат деп сыпаттады. Дагы бир партия – «Ата Мекен» да алгачкы билдирүүсүндө ушуга окшош позиция менен чыкты. Партиянын башкы талапкери Жанарбек Акаев да бир топ тармактар артка кеткенин белгилеп, бирок президент жөнүндө түз сөз айткан жок. «Кыргызстан азыр өтө оор абалда, экономикалык, кадрдык кризисте. Өлкөнүн карызы 5 мдрд. АКШ долларынан ашты, сырткы карыздын көпчүлүк бөлүгү Кытай Эл Республикасынан. 2023-жылдын башынан тартып тышкы карызды төлөө мөөнөтү күчөйт. Учурда Кыргызстанда бюджеттин тартыштыгы 30 млрд. сомдон ашты. Азыркы өкмөт, азыркы парламент Кыргызстанды кризистен чыгарып, тышкы карызды төлөөгө жөндөмдүүбү? Албетте, жок. Биз, «Ата Мекен» партиясы мындай кризистен чыгара турган, жаңы элдик, чыгаан, кесипкөй жаштарды бир командага чогулта алдык. «Ата Мекен» азыркы системага туугандашкан, кландашкан системага каршы тура турган жападан-жалгыз оппозициялык партия». Бул парламенттик шайлоодо азыркы бийлике карата кескин сын менен чыгат деп боолголонуп жаткан «Бүтүн Кыргызстан» партиясы өз кайрылуусунда жалпы сөздөр менен чектелди. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен өнөктүктү кеч баштаганын «атайын тушап коюу» деп атаган партиянын лидери, талапкер Адахан Мадумаров ыймандуулук, мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук жөнүндө кеп кылды. Ал көбүнчө шайлоочуларды добушун сатпоого, капчыктууларга алданбоого чакырды. «Республиканын» лидери Мирлан Жээнчороев, «Реформанын» лидери Клара Сооронкулова жана «Чоң казаттын» лидери Максат Мамытканов жалпы мамлекеттик системаны жана укук коргоо органдарын айыптап, бийликти коррупционерлер ээлеп алганын билдирип жатышты. Бирок жогорку бийликке түз акарат келтирүүдөн карманганы байкалды. «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» лидери Акбокон Таштанбеков, «Мекенчил» партиясынын талапкери Алымкадыр Бейшеналиев, «Бир бол» партиясынын талапкери Жоомарт Жолдошев, «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров, «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков жана «Ыйман нуру» партиясынын талапкери Чыңгыз Макешов да кыска кайрылуусунда саясий темада абстракттуу сөз менен чыгышты. Экс-депутат, саясатчы Бакыт Калмаматов азыркы саясий жарышта ачык оппозициялык партия жок экенин билдирүүдө. «Бүгүн президенттен башка бийлик жок. Жогорку Кеңеш президенттин юридикалык бөлүмү, өкмөт президенттин уюштуучу бөлүмү болуп калган. Бир адам чечим кабыл алып жатат мамлекетте. Узурпацияланган бийлик эч качан коррупция менен күрөшпөйт. Өкмөт башчы менен парламент «артымды көрбөсөм, бөрү жесин» деп олтурат. Ал эми биздин президент менен башкасынын баарын сого бергиле деген позицияга өтүп алды. Оппозицияга да, көчөгө да, баарына уруксат берип койду. Бирок менмин деген оппозициялар да, партиялар да президенттин атын айта албайт. Коррупция-коррупция дейт, коррупциянын артында ким турарын айта албайт». «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкулов бүтүндөй кайрылуусун «Евразиялык интеграция» темасын түшүндүрүүгө жумшады. Президенттин иниси, депутат Асылбек Жээнбеков да талапкер катары тизмесинде катталган бул партиянын төрагасы бийликти сындаган же жактаган позиция айткан жок. «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев саясатка караганда мугалимдердин айлыгын көтөрүү жөнүндө көбүрөөк кеп кылса, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров жалпы көйгөйлөрдү чечүү ыкмасына басым жасады. Коомчулукта так ушул соңку үч партияны бийликчил деген пикирлер үстөмдүк кылууда. Реформа кылуу дымагы Арийне, Жогорку Кеңештин VII чакырылышына карата шайлоодо мамлекеттик түзүмдү өзгөртүүгө, реформалоого байланыштуу ураан-чакырыктар көп экени байкалууда. Катышып жаткан партиялардын бардыгы болбосо да, дээрлик көпчүлүгү кыскартуу, жоюу, жаңы чараларды киргизүү сыяктуу убадаларды камтыган программасы бар экенин кабарлоодо. Андан да бир тобу парламентке келсе Конституцияны өзгөртөрүн жарыялашты. Ал тургай ушул тенденциянын ишке ашуусун талап кылган активисттер тобу партиясынын аталышын да «Реформа» деп алып чыкканын көрүп турабыз. «Реформанын» лидери Клара Сооронкулова иш-чаралар планынын масштабы тууралуу мындайча билдирди. «Биздин экинчи кадамыбыз жаңы Конституцияны кабыл алуу болот. Анткени ушуга чейин Конституциялардын бардыгы, бийликтин өз кызыкчылыгында, жогору жактан жазылып, элге күч менен таңууланган баш мыйзамдар болуп келди. Биздин максат анык иштей турган, улуттук баалуулуктарды камтыган, элибиздин менталитетине жана түшүнүгүнө дал келген, коомдук келишимдеги Баш мыйзамды референдум аркылуу кабыл алабыз. Шайлоо мыйзамдарын өзгөртөбүз. УКМКны «улуттук» эмес, мамлекеттик коопсуздук органына, башкача айтканда атайын кызматка айлантабыз. Прокуратуранын жалпы көзөмөлдөө функциясынан ажыратуу зарыл, прокуратуранын жалгыз милдети соттогу айыптоону колдоо болушу талап. Милицияны жазалоочу жана аскерлештирилген тутумдан, жарандарын укуктарын жана коомдун кызыкчылыктарын коргоо багыттан ишенимдүү түзүмгө айландыруу керек. Ал үчүн Ички иштер министрлигин жарандык коомдун өкүлү башкарат». «Социал-демократтар» санариптик жана соттук укуктук реформаларды ишке ашырарын убада кылса, «Чоң казат» менен «Ата Мекен» да Конституциялык реформа жасай турганын айтууда. Мындай идеяга кошулган «Республика» да бир катар органдарды, анын ичинде өлкөдөгү башкы кызмат – президенттикти жоюуну демилге кылды. «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев КТРКдагы кайрылуусунда да ушул темага токтолду. «Эки революциянын себеби бул президенттик кызмат. Мурунку эки президент кылмыштуу, криминалдуу үй-бүлөлүк кландарды түзүп, үч бийлик бутагын узурпациялап, өздөрүнүн кызыкчылыктарына иштеген. Сот, парламент, өкмөт, бардыгы президенттерге көз каранды болуп калган. Ошондуктан биз президенттин кызматын жоёбуз. Бул кызматты жойгондон кийин алты жылда 5 млрд. сом каражат үнөмдөлөт. Жоопкерчиликтин бардыгы премьер-министрге өткөрүлөт. 120 депутаттын ордуна 75 депутат болот, өкмөттүн мүчөлөрүнүн санын 16дан жетиге кыскартабыз. УКМК менен Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жоёбуз. Алар өздөрүнүн багытынан, маңызынан башка жакка кетип калышты. Элди, дарыгерлерди, мугалимдерди чындыкты сүйлөгөнү үчүн кечирим суратып жүрөт. УКМКнын ордуна чалгындоо кызматы түзүлөт. Көз карандысыз сотту түзөбүз, соттук олтурумдар толук онлайн берилет. Мамлекеттик массалык маалымат каражаттары да жоюлат». «Кыргызстан» партиясы саламаттык сактоо жана билим берүү системасын, «Мекеним Кыргызстан» жана «Ордо» партиялары парламенттин аппаратын жана салык тутумун, «Мекенчил» партиясы медицина тармагын, «Ыйман нуру» партиясы кен тармагын, «Бир Бол» партиясы сотту жана укук коргоо органын реформалоого көз саларын ачыкка чыгарды. Активист Афтандил Жоробеков реформа боюнча коомчулукта талап күч экенин, партиялар ошону пайдаланып жатканын кеп салды. Бирок ал президентте каалоо болбосо, партиялардын дымагы бекер экенин кошумчалады. «Ар кайсы изилдөөлөргө ылайык көп партияларга элдин ишеничи аз, рейтингдери төмөн. Ошол себептен көбү Жогорку Кеңеште депутаттардын санын кыскартабыз деп чыгып жатышат. Бирок маселен 60-70ке кыскартышса, анда депутаттарды коркутуу жана сатып алуу жолу менен башкаруу оңой болуп калат. Мурдагы шайлоодо да ушундай демилге менен чыгып, кыскартуулар болуп парламентти алсыз кылып койгонун билебиз. Азыр эми «прокуратураны жоёбуз», «УКМКны жоёбуз» деп чыгышты. Дагы бири «Финансы полициясын жоёбуз» дептир. Бири-бирине атаандашып жатып, эми булар ИИМди, чек ара кызматын, армияны, соңунда мамлекетти деле жоёбуз деп чыксын. Булар популисттик идея, куру кыйкырык. Ишке ашырышы кыйын, анткени баары президентке көз каранды. Чыныгы реформа бул чыгашаларды кыскартууга негизделет». Бийликти тазалоо – аткаминерлерди люстрациялоо убадасы да бул жарышта эң чоң чакырыктардан болуп калды. Мындай идеяны «Ата Мекен», «Реформа», «Республика», «Чоң казат», «Бир Бол», «Мекен Ынтымагы» жана башка партиялар карманууда. Партиялардын талапкерлеринин 10 мүнөттүк жеке кайрылуулары өлкөнүн башкы телеканалы КТРКда 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин берилди. Бул каналда мындан сырткары ар бир саясий топтун үчтөн кишиси түз эфирге чыгып, өздөрүн тааныштырды. Азыр жаш талапкерлердин дебаты жүрүүдө. Сентябрдын соңку күндөрү аял талапкерлер жана партиялардын лидерлери сөз жарышка чыгышат. Шайлоого катышып жаткан партиялар мындан сырткары ЭлТР жана башка телеканалдарда да дебаттарды өткөрүүдө.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:16

Админресурс колдонгондор кандай жазаланат? Мамкызматкерлер үчүн маалымдама

Учурда "админресурс" деген сөз көп айтыла баштады. Бул эмне? Аны ким кантип колдонот? Ошондой эле административдик ресурсту пайдалангандар үчүн кандай жаза каралганын айтып беребиз.БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Административдик ресурстун түшүндүрмөсү жана анын кесепети тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги маалымат чогултту. Материал "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын жобосуна таянуу менен даярдалды. Текстти жөнөкөйлөтүү үчүн мамлекеттик, муниципалдык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу деген сөздөрдүн баары "мамлекеттик" деп жазылат. Админресурсту кыянаттык менен пайдалануу деген эмне? Аткаминер же мамлекеттик уюмдардын жана мамлекеттин үлүшү бар (30 пайыздан жогору) компаниянын кызматкерлеринин көзөмөлү астында адамдык, каржылык, медиа жана башка ресурстардын шайлоодо мыйзамсыз пайдаланышы. Бул талапкерлерге, кызмат адамдарына, мамлекеттик уюмдардын жетекчилерине жана ЖМКнын негиздөөчүлөрү менен мүчөлөрүнө тиешелүү. Бизде административдик ресурсту колдонуу мүмкүн эмес. Жээнбеков шайлоо тууралуу Кыянаттык менен пайдалануунун түрлөрү Талапкерди көрсөтүүгө же шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн кол алдындагы мамлекеттик кызматчыларды, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматчыларын тартуу; Үгүт өнөктүгү маалында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин имараттарын башка партиялардын колдонушуна уруксат берилбей, бир гана партия пайдаланып жатса админресурска кирет; Мамлекеттик мекемелердин телефонун, факсимиле жана башка байланыш түрлөрүн, маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу техникасын пайдалануу; Мамлекеттин менчигинде турган транспорттук каражаттарды акысыз же жеңилдетилген шартта пайдалануу; Прокуратура добушту кыйнап, мажбурлап чогулткандарга чара көрүүнү баштады Кызматтык иш сапарлардын алкагында мамлекеттик кызматкерлердин кол чогултуусу, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүсү; Кол чогултуу же үгүт иштерин жүргүзүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын артыкчылыктуу пайдалануу (башка талапкерлерге салыштырганда); Мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулган массалык иш-чараларда кайсы бир партияга үгүттөө; Мамлекеттик кызматта иштеген талапкер шайлоо өнөктүгү мезгилинде ЖМКга, үгүттөөчү басылма материалдарга аткарган иштери жөнүндө отчётторду жарыялоо, талапкердин атынан шайлоо фондунан төлөнбөгөн куттуктоолорду жана башка материалдарды таркатуу. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилерине, негиздөөчүлөрүнө жана башкаруу мүчөлөрүнө, журналисттерге өзүнчө талап коюлат. Эгер алар партиянын ишенимдүү жана ыйгарым укуктуу өкүлү болсо, ЖМК аркылуу шайлоо кампаниясын чагылдырышына тыюу салынат. Кыянаттык менен пайдаланууга берилген жаза "Белгиленген талаптарды бузган тараптар мыйзамда каралган кылмыш же башка жоопкерчиликке тартылат", — деп айтылат мыйзамда. Жоруктар кодексинде жазанын түрлөрү жазылган Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда, добуш берүү күнү административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланып мамлекеттик ЖМКларды жана интернет-басылмаларын кайсы бир талапкерди шайлоо максатында колдонгондорго II категориядагы айып салынат. Шайлоодо добушун саткандар да жазаланат! Мыйзамда жазылган эрежелер Ушундай эле иштер үчүн мамлекеттик кызматкер, мамлекеттик уюмдун жетекчиси жана мамлекеттин үлүшү бар компаниянын жетекчилерине II категориядагы айып салынып, белгилүү бир мөөнөткө чейин мамлекеттик кызматта иштөө же кайсы бир тармакта эмгектенүү укугунан ажыратылат. II категориядагы айып пулдун көлөмү 18 жашка чыга элек балдар үчүн 15 миңден 25 миң сомго чейин. Чоң адамдар үчүн 30 миңден 60 миң сомго чейин. Кимге кайрылуу керек? Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы админресурс колдонуу фактысы боюнча БШКнын Ыкчам аракетке келүүчү координациялык тобуна кайрылса болорун айтты. Телефон номерлери: 620184, 620829. Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы мындай учурда 102 кызматына чалып же жакын жердеги милиция бөлүмдөрүнө барып кабарласа болорун билдирди.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:16

Талас Бегалиев, Дарья Маслова... Депутат болууга бел байлаган спортчулар

Жогорку Кеңештин трибунасы ар кыл тармактагы адамдардын башын кошору маалым. Быйылкы талапкерлердин арасынан спорт чөйрөсүндө жүргөндөрдү да учуратууга болот.Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги шайлоого катышууга бел байлаган таанымал спортчуларды топтоду. Белгилей кетсек, материалда спорттук федерацияларды, уюмдарды жетектеп, бирок өзү бул тармактан алыс адамдарга, спорт жаатындагы жолун көп жыл мурда жыйынтыктагандарга жана элге анча белгилүү эместерге басым жасалган жок. Канат Аманкулов Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов "Мекеним Кыргызстан" партиясында 13-катарда парламентке бара жатат. Шайлоого аттанганына байланыштуу милдетин убактылуу Мирлан Парханов аткарууда . © Sputnik / Табылды Кадырбеков Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов Канат Аманкулов Спорт агенттигинен тышкары КРдин Жеңил атлетика федерациясын жетектейт. Өзү дагы чуркоо боюнча мелдештерге катышып, Эмгек сиңирген машыктыруучу наамын алып, бир катар макалаларды жазган. Юрист кесибине ээ. 1966-жылы 25-ноябрда Чүйдүн Алмалуу айылында туулган. Дарья Маслова Ушул эле "Мекеним Кыргызстан" партиясынын 56-катарында өлкөнүн алдыңкы жөө күлүгү Дарья Маслова шайлоого аттанды. © REUTERS / Issei Kato Өлкөнүн алдыңкы жөө күлүгү Дарья Маслова 25 жаштагы спортчу быйыл болбой калган Токио Олимпиадасына жолдомо алган беш атлеттин бири . Ошондой эле жеңил атлетика боюнча Азиянын жана Азия оюндарынын чемпиону жана бир катар эл аралык марафондордун алтын байге ээси. Спортчу кыз былтыр турмушка чыккан . Куудул, ырчы, тамада. Депутат болом деген маданияттын 10 өкүлү Талас Бегалиев Убагында көк бөрү ойноп, 2018-жылга чейин улуттук курама команданы жетектеген Талас Бегалиев "Биримдик" партиясынын алдыңкы делген бешинчи орунуна жайгашып, депутаттыкка камынууда. Ал ат үстүндө ойногондон тышкары самбо боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болгон. © Sputnik / Алия Самидин Көк бөрү оюнунун улуттук курама командасын мурда жетектеген Талас Бегалиев Талас Бегалиев 1977-жылы 28-сентябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Ички иштер органдарында бир топ жыл эмгектенип, милициянын полковниги наамын алган. Белгилей кетсек, ал белгилүү балбан, 2008-жылдагы Олимпиада оюндарынын чемпиону Канат Бегалиевдин бир тууган агасы. Абдурахманхаджи Муртазалиев Спортчу былтыр Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге уткан. Ошондой эле жиу-житсу боюнча Азия чемпиону, жабык имараттагы Азия оюндарынын алтын байге ээси жана ачык имараттагы Азия оюндарынан коло медаль алган. Мындан тышкары, Жиу-житсу улуттук федерациясынын президенти. © Фото / Таалайгуль Усенбаева Грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону Абдурахманхаджи Муртазалиев 26 жаштагы Муртазалиев "Республика" партиясы менен парламенттик шайлоого барат. Катар номери — 54. Кайсы учурда депутат мандат ала албай калат. Маалымдама Канатбек Маматов Кыргыз футбол союзунун (мурдагы Футбол федерациясынын — ред.) президенти "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинде 31-сапты ээлеген. © Фото / пресс-служба ФФКР Кыргыз футбол союзунун (мурдагы Футбол федерациясынын — ред.) президенти Канатбек Маматов Канатбек Маматов 1974-жылы Ош облусунда туулган. Убагында "Алай" (Ош), "HAL Бангалор" (Индия), "ITI Бангалор" (Индия) футбол командаларында жана "Топ-Юнайтед", "Абдыш-Ата" ардагерлер командасында ойногон. Ал 2014-жылдан ушул күнгө чейин КРдин Футзал федерациясынын президенти. 2016-2019-жылдары КРдин Футбол федерациясынын вице-президенти. 2019-жылдын 9-февралында КРдин Футбол федерациясынын (азыркы Кыргыз футбол союзунун) президенти болуп шайланган . Нургазы Амиракулов Ал бир нече жылдан бери Россияда мигрант балдарды машыктырып, "Айкөл-Манас" клубун жетектейт. Ошондой эле КРдин Самбо федерациясынын президенти. © Фото / из личного архива Нургазы Амиракулова КРдин Самбо федерациясынын президенти Нургазы Амиракулов 39 жаштагы Нургазы Амиракулов "Бир Бол" партиясынын катарында депутат болууну чечкен. Катар номери — 62. Адилет Камчыбеков Спортчу былтыр Япониядан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасындагы пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунан коло медаль алган . Мелдештер менен биргеликте ишти дагы айкалыштырат. Учурда Спорт агенттигинин алдындагы Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекциянын паралимпиадалык, сурдолимпиадалык жана атайын оюндар боюнча координатору. © Sputnik / Максат Кудайбердиев Пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунан коло медаль алган Адилет Камчыбеков 28 жаштагы Адилет Камчыбеков "Бир Бол" партиясы менен Жогорку Кеңешке барууда. Партия тизмесинде 70-орунда жайгашкан. Руслан Ниязакунов Убагында аралаш мушташ боюнча беттештерге катышып, кийинчерээк машыктыруучулукту аркалап спорттук клубду жетектеп калган. Белгилүү окуучуларынын бири — элге "Тайсон" каймана аты менен таанымал Канат Келдибеков. Ошондой эле 34 жаштагы Руслан Ниязакунов социалдык тармактагы баракчасына Бишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгында иштей турганын жазган. Кайсы партияда жогорку билимдүү талапкерлер көбүрөөк? Рейтинг Ниязакунов "Республика" партиясынын тизмесинде 66-катарда парламентке бара жатат.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:16

Шайлоо бюллетендерин кайсы ишкана басып чыгарары белгилүү болду

Өлкөдө 3 миллион 407 миң 895 шайлоочу бар, алардын саны 2015-жылдагы шайлоого салыштырмалуу 624 миң 240 адамга көбөйгөн.БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Парламенттик шайлоонун бюллетендерин "Учкун" мамлекеттик ишканасы басып чыгарат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады. БШК мүчөлөрү 15-сентябрда өткөн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн бюллетендерди даярдоону аталган ишканага тапшыруу чечимин кабыл алганы айтылат. Боршайкормдун маалыматы боюнча, өлкөдө 3 миллион 407 миң 895 шайлоочу бар. 2015-жылдагы Жогорку Кеңешти шайлоого салыштырмалуу добуш берүүчүлөрдүн саны 624 миң 240 адамга көбөйгөн. Партиялардын бюллетендеги катар номерлери бекиди. Ким канчанчы болуп жазылат? Шайлоочулардын арасында бар экениңизди www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу же шайлоо участкасынан текшере аласыз . Эгер жаран шайлоо участкасын өзгөртүүнү кааласа, 20-сентябрга чейин аталган жерге же www.tizme.gov.kg порталынан шайлоочунун кабинети аркылуу кайрылса болот. 28-сентябрга чейин шайлоочулардын акыркы тизмеси илинет.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 22:57

Партия «Ыйман Нуру» борется за справедливость и развитие Кыргызстана.

Партия «Ыйман Нуру» борется за справедливость и развитие Кыргызстана. Партия «Ыйман Нуру» - команда, где собрались специалисты из разных областей для реализации одной общей цели – благоприятные условия для каждого гражданина Кыргызской Республики.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:17

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков шайлоочуларына Кайрылуу жасады

Урматтуу, агайын туугандар, шайлоочулар! Жогорку Кеңешке шайлоо баарыбызга эң жоопкерчиликтуу милдет. Мен дагы Кыргызстандын атуулу катары, шайлоочу катары катышып өз тандоомду, добушумду берип келем. Анткени ар бирибиздин тандообуз, добушубуз чечүүчү болот! Менин билимим, мүмкүнчүлүгүм жана иш тажрыйбам партиянын астына койгон максатын ишке ашырууга жана өлкөбүздө бизнес сферанын, соцблоктун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кандай реформаларды жүзөгө ашыруу жетет. Бул максатты ишенимди – элим кабыл алат жана бекемдейт деген ишенимдемин. “Мекеним-Кыргызстан” партиясы мекенибиз үчүн ийгиликтин башаты, – деди депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков. Эске сала кетсек, «Мекеним Кыргызстан» өлкөбүздөгү эң жаш, перспективдүү партиялардын бири. Аны менен бирге эле саясий аренада тажрыйбасы аз экенине карабай катарына ар тармакта өзүнүн билими, тажрыйбасы менен айырмаланган, мамлекетибизге кызмат кылган жана ал кызматын сөз менен эмес иш менен көрсөткөн инсандарды камтыган партия. Алардын катарында жалпыга маалым Таластын кулуну, белгилүү болгон бизнесмен, меценат Мирлан Назарбеков бар. Үлгүлүү үй бүлөдө татыктуу тарбия алган Мирлан Назарбековдун ар тараптуулугу, таланттуулугу, тырышчаактыгы жаш кезинен эле байкалган. Мектеп курагында эле ата-эне темасына, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналып жазылган ырлары райондук гезиттерге, өзү окуган мектептин дубал газеталарына жарыяланган. Жогорку билимди татыктуу алган Мирлан юрист кесибине ээ болуп алгачкы кадамын фискалдык органдарда тергөөчүлүктү аркалоо менен баштаган. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармачылыгында жетектөөчү адис болуп тажрыйбасын арттырган эл уулу кийинчерээк өз дареметин бизнес тармагында сынап бул жерде да ийгиликтерди жаратты. Эгемендике жаңы ээ болгон Кыргызстандын экономикалык, социалдык оорчулуктан чыгуусуна иш орундарын түзүү, миллиондогон салыктарды төгүү, кыйналган мекендештерине жардам колун сунуу, өзүнөн кийин өсүп келе жаткан муунга акылы, кеңеши аркылуу багыт берүү менен өзүнүн салымын кошуп келет. “Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:17

Саясий партиялардын шайлоо фондуна канча акча түшкөн жана анын канчасы чыгымдалды?

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 11-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. № Саясий партиялардын аталышы Келип түштү (сом) Чыгымдалды (сом) 1 “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы 97 399 900 86 753 491 2 «Мекенчил» 86 753 491 10 785 669 3 “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы 6 500 300 6 395 750 4 «Мекеним Кыргызстан» 94 180 238 90 445 319 5 «Реформа» 7 072 542 6 508 830 6 “Ата Мекен” социалисттик партиясы 41 400 620 36 950 610 7 «Замандаш» 36 510 000 35 414 723 8 “Бүтүн Кыргызстан” 5 858 400 5 745 266 9 “Социал-Демократтар” 8 642 760 8 535 966 10 «Мекен Ынтымагы» 6 676 838 6 603 620 11 “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” 9 319 500 9 303 665 12 «Ордо» 6 243 000 6 121 401 13 “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ 34 189 156 33 865 396 14 «Республика» 21 821 655 20 639 151 15 «Кыргызстан» 71 579 622 71 461 368 16 “Чоң Казат” 6 172 914 6 038 446

Подробнее
16 сентября 2020 г. 14:00

“Бир Бол” саясий партиясынын үгүт кербени Ысык-Көл облусунда уланды

“Бир Бол” саясий партиясынын үгүт кербени Ысык-Көл облусунда уланды Депутаттыкка талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Мирбек Асангариев, Руслан Акматбек жана Екатерина Филаретова Жети-Өгүз, Ак-Дөбө, Аң-Өстөн айылдарынын жана Каракол шаарынын эли менен жолугушту. Депутаттыкка талапкерлер элдин суроо-талаптарын угуп, партиянын программасы менен тааныштырышты. Анда туризм, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарындагы реформалар тууралуу кеп болду.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:18

МАИ кызматкерлери үгүттөп жатабы? Таласта Жол кайгуул кызматынын имаратына "Кыргызстан" партиясынын туусу илинди (сүрөт)

Мыйзам боюнча, баннерлер административдик имаратка жана ага чектеш аймакка илинбеши керек. Маселен, БШКнын мүчөсү Гүлнара Джурабаева “Кыргызстан” саясий партиясынын туусу илинип турган Таластагы жергиликтүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн чагылдырган сүрөт боюнча комментарий берди. "Административдик органдар жүктөлгөн функцияларды аткарышы керек деген талап бар" деди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Үгүт материалдарын өз имаратына жана ага жанаша жайгашкан аймакка илип коюуга уруксат берүү менен, алар ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кетишет. Прокуратура аларга эскертүү бериши керек. Бул органдарга байланыштуу прокуратурага кайрылабыз деп ойлойм. Кантип уруксат алынгандыгын партиянын өзүнөн сурасак болот. Ким төлөгөндүгүн билиш керекпи? Аны шайлоо фонду төлөйбү? Медина Купсулдаева Фото www

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:18

Жаныбек Алымов: Жашыл экономика - күчтүү региондор - өлкөнүн туруктуу өнүгүшү!

Жаныбек Алымов №4 “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер: “Жашыл экономикага өтүү мезгилдин талабы". Эл аралык тажрыйбанын негизинде, бул бир топ натыйжалуу чечим деп айтууга болот. Кантсе да, бул келечектеги муундарды олуттуу экологиялык тобокелчиликтерге же экологиялык тартыштыктарга дуушар кылбастан, узак мезгилдерде адамдардын жыргалчылыгынын өсүшүнө алып келген товарларды жана кызматтарды өндүрүү, бөлүштүрүү жана керектөө менен байланышкан экономикалык иштин бир түрү. Жүргүзүлүп жаткан реформаларда жашыл экономиканын принциптери өзгөчө ролду ойношу керек деп эсептейм. Баарына белгилүү болгондой, жашыл экономика дегенибиз жаратылыш ресурстарынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана аларды сарамжалдуу пайдалануу. Ал эми жаратылышты урматтоо, эреже боюнча, айлана-чөйрөнүн жакшырышына алып келет жана бул өз кезегинде калктын ден-соолугун чыңдоого жардам берет. Ушундан улам, энергетика, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба тармактарын камтыган инвестициялар керек. Мисалы, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу, энергиянын альтернативдүү булактарына өтүү жана парник газдарынын чыгышын азайтуу керек. Жашыл экономикага өтүү инновациялык активдүүлүктү стимулдаштырарын белгилей кетүү керек. Бул үчүн жумушчу стандарттары менен жагымдуу атаандаштык чөйрөсүн түзүү керек. "Жашыл экономика" түшүнүгү туруктуу өнүгүү парадигмасынын алкагында экономика, коом жана жаратылыш компоненттеринин гармониялуу айкалышын камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Азыркы учурда, бул дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жана региондорунда кризиске каршы инновациялык формациянын глобалдык курсу болуп баратат. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, "жашыл экономика" региондорду өнүктүрүүгө түрткү берет, социалдык туруктуулукка көмөктөшөт жана "жашыл экономиканын" тармактарында жаңы жумушчу орундарын түзүү аркылуу экономикалык потенциалды жогорулатат. Түштүк Корея жашыл экономиканы киргизүү боюнча лидерлердин бири. Бул өлкө жашыл өсүү концепциясын улуттук стратегия катары кабыл алган жана өнөр жай, энергетика жана инвестиция, транспорттун жашыл түрлөрү, таза суунун альтернативдүү булактары, таштандыларды кайра иштетүү технологиялары, парктарды өнүктүрүү, шаар ичиндеги дарыяларды иреттөө маселелерине чоң көңүл бурат. Түштүк Кореянын мисалында экономиканын ушул түрүнө эффективдүү өтүү боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын жетиштүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Биринчи кезекте, жашыл экономика жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, калктын кеңири катмарына иштин ушул түрүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүү керек. Мен бул жааттагы эксперттердин, биринчи кезекте, жашыл экономиканын негизги шарттарын жана аныктамаларын, критерийлерин жана индикаторлорун, анын ичинде жашыл технологиялардын же тармактардын аныктамаларын макулдашуу керек деген пикирине кошулам. Мындай аныктамалар жана критерийлер мамлекеттик каржылоо, изилдөө, жашыл сатып алуулар, эл аралык каржылык жана техникалык колдоо издөө, жашыл технологияларды тартуу, прогрессти баалоо жана жашыл экономикага өтүүнүн башка милдеттеринин артыкчылыктуу багыттарын тандоодо маанилүү. Жашыл экономика салттуу экономикалык системага караганда көбүрөөк пайда алып келет. " "Мекеним Кыргызстан" №4 - бул ар бир кыргызстандыктын партиясы! " Мекеним Кыргызстан" партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна тарабынан "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнөт. 15.09.2020 чыккан

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:18

Шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү кантип текшерсе болот?

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоочулардын тизмесин түзүүнү улантууда. Аларга өзгөртүүлөр 19-сентябрды кошо алганда киргизилиши мүмкүн. Жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен бир нече жол менен текшере алышат: - шайлоо участогунда; - Тизме порталында www.tizme.gov.kg шилтемесинде; - GRS call-борборунун 119 номерине чалып (акысыз чалуу); - 119 номерине жеке идентификациялык номериңизди (ПИН) көрсөтүү менен SMS жөнөтүү аркылуу. SRS Services мобилдик тиркемесин колдонуп, шайлоочулардын тизмесинен дагы тактап алсаңыз болот. Аны Android платформасындагы смартфондордун колдонуучулары көрө алышат. Play Marketке "SRS Services" тиркемесин жүктөп, "УШКнын дарегин текшерүү" бөлүмүнө кирүү жетиштүү. IOS операциялык тутуму бар телефондордун колдонуучулары үчүн тиркеме кийинчерээк жеткиликтүү болот. Тизме порталында өзүн тизмеден табуу боюнча толук нускамалар бар экендигин эске алыңыз. Эскерте кетсек, шайлоо 4-октябрда болот. Шайлоо процессине 15 партия катышат. Сүрөт www

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:28

«БИРИМДИК» №1: Cоциалдык адилеттүүлүккѳ жетебиз

Бүгүн, шайлоо ѳнѳктүгүнүн алкагында «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын лидерлери менен талапкерлери катышкан үгүт кербени Өзгөн эли менен жолугушту. Тарых барактарында бараандуу аты бар Өзгөн шаары “Биримдик” партиясынын талапкерлерине эшигин ачты. Жолугушууда, Өзгөн элинин атынан Жогорку Кеңешке аттанып жаткан Аида Касымалиева киндик каны тамган кичи мекенинде эли-журтуна ыраазычылыгын билдирди. “Өзгөн эли көп улуттуу эл. Өзгөн эли биримдиктин, ынтымактын маанисин абдан жакшы билет” , - деди ал. А.Касымалиева партиянын курамы тууралуу айтып жатып аялзатынын укугун, алардын коомдук, саясий турмушка аралашуусун жакшыртуу үчүн кѳп эмгек кылган, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, “Биримдик” партиясынын тизмесинде алдыдагы шайлоого бараткан талапкер Айнуру Алтыбаева мындай деп кошумчалай кетти. “Эл үчүн эмгегин аябаган А.Алтыбаева эжебиздей талапкерлер биздин катарыбызда. Эжебиз иштеп чыгып, Жогорку Кеңеште кабыл алынган мыйзамга ылайык учурда жергиликтүү кеңештердин депутаттык курамынын 30 пайызын аялдар түзмѳкчү”, - деди А.Касымалиева. “Мындан тышкары, социалдык адилеттүүлүк, балдардын, аялдардын укугу, үй-бүлө баалуулугу сыяктуу талылуу көйгөлөр көп. Мамлекеттин экономикасы канчалык жакшырбасын, биз коомубузда социалдык адилеттүүлүк ѳкүм сүрмѳюн ийгиликке жетише албайбыз”, - деп кошумчалады Аида Касымалиева. ***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники