О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
15 сентября 2020 г. 14:29

Канат Келдибеков “Республика” партиясын колдойт

Эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстандын 2 жолку, Евразиянын 2 жолку чемпиону, Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын (WEF) Гран-при мелдешинин жеңүүчүсү Канат Келдибеков “Республика” партиясын колдойт. Двукратный чемпион Кыргызстана по боям без правил, двукратный чемпион Евразии, победитель гран-при Всемирной федерации национальной борьбы "Кулатуу" (WEF) Канат Келдибеков по прозвищу Тайсон поддерживает партию "Республика".

Подробнее
15 сентября 2020 г. 19:31

Прошла встреча лидера партии "Замандаш" Жениша Молдокматова с представителями ОБСЕ

Прошла встреча лидера партии "Замандаш" Жениша Молдокматова с представителями ОБСЕ

Подробнее
15 сентября 2020 г. 18:32

Активист Чынара Шейшекеева

Активист Чынара Шейшекеева өзүнүн мектептеги күндөрү жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, парламентке келип калса, жасай турган пландары менен бөлүштү. Кенен маалымат биздин видеодо. 1 час

Подробнее
15 сентября 2020 г. 17:33

Замандаш" Бегижан Ахмедов является отличником культуры

Один из кандидатов партии "Замандаш" Бегижан Ахмедов является отличником культуры и лауреатом международной премии им. Бабура. Другие интересные факты из Жизни Ахмедова смотрите в нашем видео-ролике.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 17:34

Мамашова Айсулуу

«Замандаш» партиясынын кезектеги жолугушуусу Кемин шаарында болуп өттү. Жолугушуу учурунда талапкерлер өздөрүн жана партиянын программасын элге тааныштырды.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 17:55

«Бир Бол» партиясынын шайлоо алдындагы программасы.

«Бир Бол» партиясынын шайлоо алдындагы программасы. Инновациялык реформаларга мезгил келди!

Подробнее
15 сентября 2020 г. 21:56

Эң маанилүү басып өткөн жол жана келечек.

Эң маанилүү басып өткөн жол жана келечек. Келечекти ойлоп ушул келеаткан муундарга жакшы үлгү болуп мамлекеттин тагдырын өткөрүп берели!

Подробнее
15 сентября 2020 г. 21:10

«Ыйман Нуру» - элге жакын!

«Ыйман Нуру» - элге жакын! Шайлоочулар менен жолугушуу талапкерлерди алдыга койгон максаттарына жетүүгө шыктандырды! Биз биргеликте өлкөнү өнүктүрүүгө даярбыз!

Подробнее
15 сентября 2020 г. 21:15

Чоң Казат

Чоң Казат ✊🏻 Абийир тапса баласы, Атасына бак конот. Адам болор кишинин адам менен иши бар, Адам болбос кишинин адам менен неси бар. Адамды сөзүнөн тааныбайт, Ишинен тааныйт. _____________________________________________ Слава сына - отцу отрада. Какову дружбу заведёшь, Такову и жизнь проведёшь. Человек познаётся не словами, А делами. _____________________________________________ 📞+996 705 441 313 📞+996 222 441 313 ✉️ chongkazat@gmail.com 📍Кыргызстан, г. Бишкек, ул. Новосибирского 27 🕙пн-пт 10:00-17:00

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:04

Мирлан Назарбеков шайлоочуларына кайрылуу жасады

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков шайлоочуларына кайрылуу жасады. «Урматтуу агайын-туугандар! Жогорку Кеңешке шайлоо баарыбызга эң жоопкерчиликтуу милдет. Мен дагы Кыргызстандын атуулу катары, шайлоочу катары катышып өз тандоомду, добушумду берип келем. Анткени ар бирибиздин тандообуз, добушубуз чечүүчү болот! Менин билимим, мүмкүнчүлүгүм жана иш тажрыйбам партиянын астына койгон максатын ишке ашырууга жана өлкөбүздө бизнес сферанын, соцблоктун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кандай реформаларды жүзөгө ашыруу жетет. Бул максатты ишенимди — элим кабыл алат жана бекемдейт деген ишенимдемин. «Мекеним-Кыргызстан» партиясы мекенибиз үчүн ийгиликтин башаты», — деди депутаттыкка талапкер Мирлан Назарбеков. Эске сала кетсек, «Мекеним Кыргызстан» өлкөбүздөгү эң жаш, перспективдүү партиялардын бири. Аны менен бирге эле саясий аренада тажрыйбасы аз экенине карабай катарына ар тармакта өзүнүн билими, тажрыйбасы менен айырмаланган, мамлекетибизге кызмат кылган жана ал кызматын сөз менен эмес иш менен көрсөткөн инсандарды камтыган партия. Алардын катарында жалпыга маалым Таластын кулуну, белгилүү болгон бизнесмен, меценат Мирлан Назарбеков бар. Үлгүлүү үй-бүлөдө татыктуу тарбия алган Мирлан Назарбековдун ар тараптуулугу, таланттуулугу, тырышчаактыгы жаш кезинен эле байкалган. Мектеп курагында эле ата-эне темасына, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналып жазылган ырлары райондук гезиттерге, өзү окуган мектептин дубал газеталарына жарыяланган. Жогорку билимди татыктуу алган Мирлан юрист кесибине ээ болуп алгачкы кадамын фискалдык органдарда тергөөчүлүктү аркалоо менен баштаган. Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармачылыгында жетектөөчү адис болуп тажрыйбасын арттырган эл уулу кийинчерээк өз дареметин бизнес тармагында сынап бул жерде да ийгиликтерди жаратты. Эгемендикке жаңы ээ болгон Кыргызстандын экономикалык, социалдык оорчулуктан чыгуусуна иш орундарын түзүү, миллиондогон салыктарды төгүү, кыйналган мекендештерине жардам колун сунуу, өзүнөн кийин өсүп келе жаткан муунга акылы, кеңеши аркылуу багыт берүү менен өзүнүн салымын кошуп келет. «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:04

Азиз Эсенов: Аракетибиз элибиздин жаркын келечеги үчүн! Кыргызстан—менин Мекеним

Эсенов Азиз Сыргакович Нарын облусунда 1977-жылы 22-январда жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү, жогорку билимдүү. «Аракетибиз элибиздин жаркын келечеги үчүн! Кыргызстан — менин Мекеним!» деген ураан менен жашайт. Депутат болуп калса эң биринчи айыл чарбасын өнүктүрүүгө, дыйкандардын мээнетине көңүл бураарын айтат. — Дыйкандардын мээнети кайтышы үчүн өндүргөн продукциябызды сыртка сатуунун жолун табам. Анткени көп учурда дыйкандарыбыз өндүргөн продукциясынан пайда көрмөк турсун, чыгымын жаба албай калган учурлары да арбын. Ошон үчүн жашылча-жемиштерди жана эт, сүт азыктарын сыртка сатып, элдин турмушун оңдоого аракет кылып, Кыргызстанды бардар эл жана бакубат өлкөгө айлантууга болгон аракетимди жумшайм. — Партияңыздардын программасы башка партиядан эмнеси менен айырмаланат? — Биздин партиянын программасы башка партиялардан реалдуу сунуштары менен дээрлик айырмаланат. Бардык тармак эске алынып, камтылган. Алсак, мамлекетти кризистен чыгаруу, билимди өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы катачылыктарды жоюу, маданиятты көтөрүү, үйсүз үй-бүлөлөрдү үйлүү кылуу, ишкерликти, элетти өнүктүрүү, бизнес каттоону жөнөкөйлөтүү, интернетти ар бир адамга жеткиликтүү кылуу, деги койчу мамлекеттин абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой негиздүү сунуштар жазылган. Ошондой эле мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюп, керексиз функциялардан арылуу тууралуу да сунушу бар. Кыскасы, «Мекеним Кыргызстан» реалдуу сунуштары менин ишенимимди жогорулатты. Ошон үчүн ушул партияны тандадым. Ушундай чоң максаттарды алдыга койгон партия менен парламентке барып, элимдин жаркын жашоосуна салым кошоюн, мамлекетимдин өнүгүшүнө кол кабыш кылайын деген чечимге келип шайлоого бара жатам. № 4 «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекетибизди алдыга сүрөйт. Элибиздин жаркын жашоосуна шарт түзөт. 4 деген сан ийгиликтин ачкычы, андыктан шайлоодо жеңишке жетебиз жана элибизге кызмат кылабыз! — Жеңишке жетериңиздерге көзүңүз жетеби? — Ар бир нерсе адамдын ниетинен да. Бир мисал келтире кетейин. Кочкордогу туристтик борборго достор менен былтыр барып арча отургузуп кеткенбиз. Быйыл баш көтөрүп, күн нуруна жайкалып өсүп жатыптыр. Бул менен мен эмне айткым келип жатат? Адам баласынын ниетине жараша иши уланат экен. Биз арчаларды жакшы ниет менен отургуздук элек, жыйынтыгын көрүп кубандым. Ошондуктан келиңиздер туугандар, биз ар бир ишке жакшы ниет коюп, тилек тилеп жыйынтыкка иштейлик. Ошондо мамлекетибизде бардык тармактан өнүгүү болот! «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондусунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:04

Абданбек уулу Белек: Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун курууну тездетебиз

Абданбек уулу Белек жогорку билимдүү. Кесиби — энергетик. Ал жаатта 11 жыл иштеген. «Түндүкэлектро» АКК, «Ошэлектр» АКК, Жалал-Абадэлектро» АККда эмгектенген. Алгач контролер, анан мастер, кийин Энергосбыт, РЭСтин жетекчилик кызматына чейин жеткен. Директорлор кеңешинин төрагасы болгон. Бакубат-Талас фондунун директору, «Ак- Куула» Улуттук ат оюндарынын Талас облусу боюнча төрагасы. — Абданбек мырза, депутат болуп калсаңыз кайсы маселенин алкагында иш алып барасыз? — Кудай буйруп депутат болуп калсам, биринчи энергетикада тармагы боюнча маселе көтөрөм. Өлкөбүздөгү генерациянын кубаттуулугун күчөтүү жана көбөйтүүнүн аракетин көрөм. Себеби, бизде азыркы убакытта электр энергияны өндүргөн ГЭСтердин 10-20 пайызын гана иштетип жатабыз. Тагыраагы, Токтогул ГЭСи жана башка ГЭСтер жана ЖЭБдин аз электр кубаттуулугун өндүрүп жатабыз. Бул тармак боюнча менде тажрыйба бар. Электр энергиясын көбүрөөк өндүрүүнүн жолун тапсак болот. Көбүрөөк өнгөн электр энергиясы өндүрүштү күчөтүп, экономикабызга чоң салым кошмок. Элдин турмушу жакшырмак. — «Мекеним Кыргызстан» партиясында бул ойлоруңуз камтылган бекен? — Албетте. Бул партияны тандоомо бир канча себептер бар. Биринчиси, партиянын курамы жаш, жигердүү иштеген, ишинен майнап чыгарган, ийгиликтүү инсандардан турат. Экинчиси, мындай күчтүү команда менен ийгиликке жетсе болот деген ишенимим зор жана мындай команда менен иштөөнүн өзү ырахат экенин түшүндүм. Үчүнчүдөн, программада «минтиш керек, антиш керек!» деп эмес, маселени чечүүнүн жолу көрсөтүлүп, сунуштардан бери берилген. Мына ушуну да эске алдым. Төртүнчүсү, биздин партиянын программасы ишке ашса, элибизди жаркын жашоосуна шарт түзөөрүнө көзүм жетти. Анткени, парламентке барып калсак, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүгө аракет кылабыз. Нарында жергиликтүү элдин макулдугу менен ири логистикалык борбор ачуу, эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте «Манас» аэропортунда жүк ташуучу борборду курууну жана республикадагы аэропортторду калыбына келтирүү боюнча инвестициялык программаларды ишке ашырууну колго алабыз. «Иштин башы ишкерлик» дегендей бизнес менен ишкерликти өнүктүрүүнү стимулдаштырабыз. Буйруса, элибиздин турмушун жакшыртууну жолго салабыз. — 4-орун ийгиликтин башаты деңизчи? — Албетте, бюллетендеги 4-орунду жакшылыкка жоруш керек. Анткени, төрт саны ийгиликке жетелеген жакшы сан. Буйруса, биз 4-октябрда бюллетендеги 4-номур менен бирдикте ийгиликке жетебиз. Тилектерибизди, максаттарыбызды орундатабыз деп ойлойм. — Шайлоочуларга эмне дээр элеңиз? — Урматтуу, шайлоочулар, шайлоо күнү жүрөгүңүздү тыңшап, адашпай, № 4 сандагы «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиз. Биз мамлекетибиздин жаркын жашоосу үчүн болгон күчүбүздү, мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз! Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан — ар бир кыргызстандыктын партиясы! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:05

Кара-Суу: Мугалимдерге «10 шайлоочу таап кел» делген маалымат боюнча тергөө башталды

Иллюстративдик сүрөт Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сыдык Алайчы атындагы мектебинин мугалимдерине WhatsApp тиркемесинен үн билдирүү аркылуу «ар бирине ондон шайлоочу таап келүү» боюнча буйрук берилген . Антпесе аларга август айынын маянасы берилбей турганы белгиленген. Социалдык тармактарга тараган үн билдирүүдө буйрук берген аял мугалимдер он шайлоочуну таба албаса мектепке келбесин да айткан. «Урматттуу эжекелер, Каймуратова, Батырова, Абдуллаева Алтынай, Чынасылова Тахмина, Бекешова Гүлзира, Гүлгаакы, Атыргүл, Сабиралиева Чынара, Зарина, Бурма, Күмүш эже, Тамара эмнеге штабка келбедиңер? Мен айткан сөзүм силерге таасир этпей жатабы? Түнү болсо да штабка барасыңар. Азыркы мен атаган мугалимдерден 10 шайлоочу чыкпаса мектепке келбей эле кой. Августтун айлыгын жазбайм», — деген үндү угууга болот. Ошондой эле, ушул эле аялдын экинчи үн билдирүүсүндө мугалимдер агитаторлор менен иш баштай берүүсү айтылат. «Башка суроо жокпу? Бактыяр уктуңбу? Ар бир мектеп директору штабка барат. Мугалимдерге эжең буйрук берип жатат дебегин, мен буйрук берген жокмун, мүнөзүм ушундай. Мугалимдер конкреттүү иш кылат. Агитаторлорду коюп, ишти баштагыла», — деген ал. «Т-Медиа» басылмасы жеке булактарына таянып, мугалимдерге кайрылган аял Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапова болушу мүмкүн деп божомолдоду. Машрапова парламенттик шайлоого аттанып жатат. Ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде №48 орунда турат. Машрапова өзү Сыдык Алайчы атындагы мектепке барып шайлоочулар менен жолугушканын, бирок мугалимдерге ондон шайлоочу табуу боюнча буйрук бербегенин айткан. «Мен эч качан өзүм мугалим болуп туруп, “Сен 10дон адам таап кел” деген аял эмесмин. Мен элдин добушун сатып, өзүмдүн мугалимимди мажбурлап депутат болбой эле койдум. Мунун баары жалган. Сыдык Алайчы мектебине өзүмдүн программам менен тааныштырайын деп эле баргам. Бир эле мугалимдер эмес, ата-энелер, жаштар да болгон», — деди Машрапова. Бирок соцтармактарда тараган үн менен Машрапованын үнү окшошуп кетерин байкоого болот. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» бул окуя мындан эки күн мурун орун алгандыгын билдирди. Ошондой эле, аталган факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын белгиледи. «Тергөөгө ошол үн билдирүүдөгү аталган фамилиялардагы адамдар чакырылып, суракка алынып жатат. Мындан сырткары үн кимге таандык экенин аныктоо боюнча экспертизалар да дайындалды», — деди Аширбаев. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен катталды. «Мекеним Кыргызстан» партиясы «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Кыргызстандагы таасирлүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсүнө байланышы бар экени айтылып келет. Партиянын тизмесинде депутат Искендер Матраимов, аларга таандык «Исмаил Матраимов» атындагы фонддун өкүлү Элнура Алканова жана алардын адвокаты Канатбек Азиз да бар. Кара-Суу районун Тилек Матраимов жетектейт. Ал эми анын агасы Райымбек Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Мугалимдерди «Биримдик» партиясын шайлатуу аракети 11-сентябрда «Биримдиктин» талапкери, парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева , Өзгөн районунда Кароол жана Мырза-Арык айылынын тургундары менен жолугушкан. Касымалиеванын жардамчысы Сүйөрбек Амановдун жолугушуудан сүрөттөрдү жүктөгөн. Алардын арасында мугалимдери да болгон болушу ыктымал. Анткени ага чейин «Клооптун» Оштогу бюросуна Кароол айыл өкмөтүндөгү Бөрү Асранкулов атындагы мектептин мугалимдери кайрылып, Касымалиеванын иш-чарасына чогулуп жатышканын билдиришкен. Атын атагысы келбеген мугалимдердин бири мындай тапшырманы окуу жайдын жетекчилиги бергенин айткан. Ошондой эле, ал редакцияга аудиожазма жөнөткөн. Анда мектеп жетекчилиги башка партияларга иштеп жаткан мугалимдерди «Биримдикти» шайлагыла деп айткан. «Биз мамлекеттен айлык алып, мамлекеттен акча жеп жаткандан кийин ушул мамлекеттин партиясын гана колдошубуз керек. Мына өзүңөр көрдүңөр, карантин мезгилинде эч кандай сабак болбогон учурда деле айлыгыңар токтогон жок. Өз убагында алып жаткансыңар», — деген Асранкулов мектебинин жетекчилеринин бири. Мындан сырткары 18-августта, Орто Азия боюнча күрөш федерациясынын вице-президенти Нуркан Осмоналиев Касымалиева анын аялы Рахат Камбардиновага «басым» жасаганына даттанган . Камбардинова — Ош облусунун Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы №53 мектебинин директору. Осмоналиевдин айтымында, Касымалиева анын аялы жетектеген мектептин мугалимдери «Мекеним Кыргызстан» партиясына иштеп жатканына доомат койгон. Ал эми «Биримдик» партиясынан Касымалиева басым кылганын четке кагышкан, бирок сүйлөшүү болгонун тастыкташкан. Ошондой эле «мектеп жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, эч бир партиянын атынан үгүт жүргүзүүгө укугу жоктугун туура белгилеген» деп билдиришкен. Тема боюнча: https://ky.kloop.asia/2020/09/10/oshto-mugalimderdi-birimdiktin-talapkerleri-menen-zholugushuuga-mazhburlap-zhatyshat/

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:15

Өмүркуловдун мугалимдерге жолукканы талкууга түштү

Жогорку Кеңештин депутаты, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Иса Өмүркуловдун Кант шаарындагы мектептердин бириндеги мугалимдер менен жолугушуусунан жазылган делген аудиотасма фотосүрөтү менен кошо тарады. Анда Иса Өмүркуловго үнү окшош адам «Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого баратканын жана ага добуш берүүгө үндөгөнүн угууга болот. Өмүркулов өзү мектеп жамааты менен жолукканын ырастап, бирок үгүт иштерин кылбаганын айтууда. Өмүркуловдун «Биримдик» боюнча билдирүүсү Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн лидери, депутаттыкка талапкер Иса Өмүркуловдун Кантта мугалимдер менен жолугушуусу делген аудиону, анда тартылган сүрөттү «Инстаграмдагы» «tajadymm» деген баракча чыгарды. Жыйын баштан-аяк жазылып, ал 20 мүнөткө чукулдаган. Маалыматка караганда, бул жолугушуу 15-сентябрда болгон. Чогулуштун башында аял киши сүйлөп, аралыктан окутууда кыйынчылыктар болгондо депутат Иса Өмүркулов мектепке кол сунганын, мугалимдерге тамак-аштан жардам бергенин айтып, Өмүркулов аттуу адамга сөз берет. Сөз алган адам билим берүү маселеси боюнча бир аз сүйлөп, шайлоо темасына өткөн. Ал буга чейинки саясий жарышка КСДП менен катышканын, бирок тилекке каршы ал партия чачырап кеткенин билдирген. Иса Өмүркуловдун үнүнө окшош адам азыр шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен баратканын айтып берген: «Эмне үчүн «Мекеним Кыргызстан»? Программасы реалдуу, жакшы команда чогулган. Партиянын тизмесинде мен мэр болуп турганда (ред: Бишкек шаарынын) иштеген мурдагы үч орун басарым бар. Татьяна Кузнецова тизмеде 3-же 4-орунда турат. Бакытбек Дүйшөмбиев бешинчиде. 40-орунда Амантуров (ред: Мирлан Амантуров 41-орунда) бар. Азыр «Биримдик» биз менен талашып-тартышып жатат. Анткени, ар бир депутат көбүрөөк добуш алгысы келет. Себеби кимиси аз алса, ал кетет деген милдеттенме алышкан... Биз да аракет кылып жатабыз. Үчүнчүсү, төртүнчүсү, бешинчиси... алар көп, мен жалгызмын. Андыктан, мага гана... макулбу!?» Сүйлөп жаткан адам андан ары мугалимдердин, дарыгерлердин айлык акысын, пенсияны жогорулатуу тууралуу айткан. Саламаттык сактоо тармагы талкаланганын, жакшы кадрлардын жоктугунан пандемияда бир топ адам ажал тапканын сындаган. Өзүн Ысык-Ата районунан депутаттыкка көрсөтүлүп жаткан бирден-бир талапкер катары мүнөздөгөн. «Биримдикти» баштап бараткан Акылбек Жамангулов да партиядан ушул районго жооптуу экенин, ал «Мегакомдун» жетекчиси болуп кайра кетип калса, райондо партиядан андан башка талапкер жок экенин кошумчалаган. «Башка партиялардын парламентке өтөр-өтпөсү күмөн» деген. «Ар кандай маселелер боюнча кайрылууну каалагандар үчүн» деп мугалимдерге чөнтөк телефонунун номерин да айтып жиберген. Жогорку Кеңештин депутатынын мугалимдер менен жолугушуусу бир топ адамдар тарабынан шайлоодо административдик ресурс колдонуу, аларга басым жасоо катары кабыл алынды. Иса Өмүркулов өзү Кантта мектепте мугалимдер менен жолукканын «Азаттыкка» ырастады. Анын сөзү боюнча, жыйынга 12-13 мугалим катышкан. Ал чогулушта үгүт кылбаганын, мугалимдерге басым болбогонун айтты: «Эч кимди мажбурлаган жокмун. Аларды үгүт иштерине тартканга менде административдик ресурс да жок. Мен өкмөттүн мүчөсү эмесмин. Жогорку Кеңештин депутатымын. Мектепке барганда алар «Балдарды онлайн окутууда маселе болуп жатат. Окуунун сапаты начар, компьютерди карап атып мугалимдердин көзү ооруп жатат. Көп балалуу үй-бүлөлөргө смартфон жетпейт» деген маселени айтышты. «Ушуну өкмөткө айтып койсоңуз» деп өтүнүштү. Башка эч нерсе жок. Менде бирөөнү мажбурлаганга тажрыйба жетишсиз. Аларга басым жасоого, үгүт иштерине тартууга акым жок, болгон да эмес. Ал жер менин 20 жылдан бери иштеп келаткан округум». Өмүркулов суроолорго жооп берип жатып «Биримдик» жана башка партиялар тууралуу жаман сөз айтпаганын белгиледи. «Кемигинде да, керкисинде да бар» Бул Кыргызстанда парламенттик шайлоо башталгандан бери мугалимдер партиянын үгүт иштерине тартылган биринчи окуя эмес. 8-сентябрда Оштун Араван районуна караштуу Алля Анаров атындагы айыл өкмөтүндө «Биримдик» партиясы мектеп жана бала бакча кызматкерлерин чогултуп, жыйын өткөргөн. Чогулушка катышкандар өз эрки менен келишкенин, мажбурлоо болбогонун айтышкан. Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиевдин айтымында, бийлик кандай гана шайлоо болбосун мугалимдерди саясий иш-чараларга тартып көнүп алган. Бул үчүн партияларга да, билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине да чара көрүлбөйт. «Жарандык коому күчтүү мамлекеттин экономикасы да кубаттуу болот, - деди ал. - Жарандык коомдун алдында мугалим, дарыгерлер баштаган интеллигенция турат. Кыргызстанда болсо бийлик мугалимдерди ушундай абалга атайын алып келип койгон. Мугалимдерди мүңкүрөтүп, аларга чымчылап айлык берет. Мугалимдердин өздөрүндө да күнөө бар. Ошол эле Иса Өмүркуловду колунан сүйрөп чыгарып койсо болот эле да. Биринчиден, мектептер карантинге жабылган. Биринчи класстан башкалар мектепке барып окубайт. Мугалимдер Өмүркуловго «сиз президенттин жана коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын талаптарын бузуп жатасыз» деп айтыш керек эле. Балдарды окууга киргизбеген мектепке Иса Өмүркуловду эмне үчүн киргизишет!? Кептин баары мектептин директору менен мугалимдеринде. Алар «фаворит партиялар тыйын бере коёбу» деп үмүт кылып жатышпайбы. Азыр мугалимдер, директорлор үч партиянын артынан чуркап жүрүшөт. «Кемигинде да, керкисинде да бар» дегендей... Менин оюмча бул шайлоо болбой калды. Шайлоо өткөн күндө да парламентте эки айдын ичинде чыр чыгат». Министрлик: окуя иликтенет Мугалимдерди мектептин имаратына чогултуп үгүт жүргүзүү маселеси боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү да ар кыл пикирде. Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзамда диний мекемелерде гана жолугушууларды өткөрүүгө тыюу салынганын, башка жайларда чектөө жок экенин айтып жатат. Ал мугалимдер да Кыргызстандын жараны экенин, жолугушуу иш учурунда болбосо алар деле шайлоо компаниясынан кабардар болуп турууга укуктуу деп эсептейт. БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева буга кошулбайт. «Бул окуяда административдик ресурсту колдонуунун белгилери бар. Анткени ал (ред: Иса Өмүркулов) бир гана партиянын атынан барып жатат. Эгерде мугалимдер бир нече партиянын өкүлдөрү менен жолуккан болсо анда маселе жаралмак эмес», - деди ал. Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Марат Үсөналиев «Азаттыкка» Иса Өмүркуловдун мектепте өткөргөн жыйынына катышкан мугалимдер боюнча окуяны министрлик иликтей турганын айтты. Ал аралыктан окутуу болуп, билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин ансыз да түйшүгү көп экенин, мугалимдерге үгүт иштерине катышууга тыюу салынганын билдирди: «Мугалимдерге саясатка аралашпоо тууралуу чектөө башында эле коюлган. Алар азыр сабак менен эле алектениши керек. Мугалим катары алардын бир гана укугу бар – ал 4-октябрда добуш берүү». Иса Өмүркулов – парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн лидери. Ал Жогорку Кеңештин беш жолку чакырылышында депутат болгон. 2017-2018-жылдарга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын саясатчылардын бири болгон. Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин эки саясатчынын мамилеси бузулган. Парламенттин алтынчы чакырылышына КСДП менен шайланып келип, бул жолку шайлоого «Мекеним Кыргызстан» менен 26-катарда баратат. Атамбаев президент болуп турганда аны «журт атасы» деп атаганы коомчулукта талкуу жараткан.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:15

Кыргыз жыттанган кайрыктардын ээси кетти

Кыргыз эл артисти, обончу жана композитор Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Улуу композитордун сөөгү, 18-сентябрь күнү Бишкекте «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Кыргыз эл артисти, «композиторлордун тирүү классиги» атыккан Калыйбек Тагаев быйыл 80 жашка чыккан. Обончу-композитор жараткан 120дан ашык обондун көпчүлүгү жарым кылымдан ашык убакыттан бери эл оозунан түшпөй ырдалып, элдик ырга айланган. «Азаттык» классик менен ушул жылы 21-майда сыябан-маек курган эле. Согуштагы балалык Тестиер кезим. Ал кезде айылга кара кагаз деген көп келчү. Айыл ичи ызы-чуу болуп эле жатып калчу. Менин атама да ошентип бир күнү кара кагаз келди. Мен жетим, энем жесир калды... Эмнени гана көрүп чоңойгон жокпуз. Жокчулук. Энелерибиз бир кичинекей баштык жасап берчү. Ага айдыңдагы комбайндан калган арпаны чогултабыз, машак теребиз. Аны да бригадирлер байкап калса кармап алып, планга деп кампага төктүрүп салчу. Үйгө бозала болуп, ыйлап келчүбүз. Кийимге жетчү эмеспиз, кийгенибиз жалаң жамаачы. Анан териден жасалган жаргак шым кийдик. Кудай ургандай калдырайт. Аны кийип чуркайбыз деп койлорду үркүтчүбүз. Жылаңайлак эле өстүк. Буттар тилинип-тилинип кетчү. Аны жанагы трактордун солидолу менен майлап коёбуз. Кийин чоңоюп, эс тартып калганда атам Тагайдын иниси Шыгай деген бар эле, Аксай, Арпай жайлоосунда малчы болчу. Анан ошол жакка кетип, кой кайтарып өстүм.​ Чыгармачылык шык кайдан келди? Ата-бабамда деле ырчы, өнөрпоз болбоптур. Анан жаратылыштын таасири зор болду окшойт, Аксай, Арпа деген кудай ургандай кооз эле да. Шаркырап аккан суу... Кийин обон чыгарганда ошонун бардыгы көз алдыма тартылып турчу. Токтогул мектебинде 5-класстан баштап эле тынбай ыр-хор кружогуна катыштым. Кичинекей элем, чыкылдап декламация айтчумун, спектаклдерде ролдорду аткардык, украиндердин гопак бийин көп бийледик. Ал кезде аспап жок. Сулайман деген гармошкасы бар таяке бар эле, ошону жалынып-жалбарып жарым саатка сурап чукулап калчумун. Өзгөчө шайлоо убагында кызык эле. Таң аткыча ырдачубуз. Онунчу классты бүткөндө обон чыгара баштадым. Кедейчиликтин айынан жогорку окуу жайына тапшырган жокмун. Жардам берген эч ким жок. Ал кезде Нарында педучилищенин дене тарбия бөлүмү ачылып калган. Ошол жактан окуп, андан кийин музыкалык драма театрында иштеп калдым. Кийин Караколдогу пединституттан окудум.​ Жумамүдүн Шералиевдин таасири Бала кезден Жумакем (обончу-композитор Жумамүдүн Шералиев) менен чогуу болуп калдым. Жумакемдин хор ийрими бар болчу. Ага айылдардан, райондордон келип катышкандар 200дөн ашар эле. Анын ичинде мен да бармын. Жыл сайын отчёттук концерт берчү. Аны айлап даярдачу. Абдан кызык эле. Ошолордун ичинен ынтызарлардын бири болуп калдым окшойт. Аккордеонго кызыгуум абдан артып кетти, катуу аракет кылдым. Тынымы жок, талыбай иштегенди Жумакемден үйрөндүм да. Кийин Нарын драма театрында он жыл чогуу иштедик. Кабинетине кирип кетет да, мандарини, аккордеону менен түшкө чейин тынбай иштейт. Түштөнүп алып кайра улантат. Ошентип эзилип иштейт. Тамара Жумакаева, Канымгүл Досмамбетова, Сагыйпа Чечейбаева, Гүлсүн Мамашова, Гүлмайрам Момушева деген ырчылар үчүн обон жазат. Эки күндө эле бир обон жазып келип, баарыбызды отургузуп алып сынатчу. Аны көрүп алып, ушундай иштеш керек турбайбы деп жан талашып мен да күнү-түнү иштечүмүн. Мына ошондой иштегенде натыйжа жакшы болорун турмуш көрсөттү.​ «Долондун» элдик ырга айланышынын сыры Мен анда Нарын драма театрында иштечүмүн. Бообек Ибраев Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» спектаклин коюп калды. Чыгарманын өзүндө «Таңкы саат беште шоферлордун суроосу боюнча «Долон» деген ыр берилет» деп жазылуу эмеспи. Анда Рыбачыдан (Балыкчы - авт.) Кытайга көк кашка деп койчу, ошондой жүк ташыган машине каттачу. Анан Бообек заказ берип калды, «спектакль бүтүп калды, «Долон» деген ыр керек болуп атат, жаратыш керек» деп. Текстин Жумакем (Жумамүдүн Шералиев) жазды. Театрдын кире беришинде пианино болор эле, кээде жарык да жок болуп калат, ошол жерге конуп-түнөп аракет кылып атып, эки жумада обонун чыгардым. Көркөм кеңеш кабыл алды. Аны ырчы Сагыйпа Чечейбаева ырдап чыкты. Аныкындай үн жок эле да! «Долонго» куп эле жарашып калды. Айылдарды кыдырып, машиненин үстүндө спектакль, концерт койчубуз. Үнүнүн күчтүүлүгү ушунчалык, тоо жаңырар эле, кудай ургандыкы, клубдун ичиндеги микрофонсуз жаңырыкты айтпай эле коёюн. Эл эки-үч ыр ырдатмайын кетирчү эмес. Мен да Жумакемчесинен тексттин мазмунуна карап обон чыгарам. Сөзгө маани берем да. Текстке обон аркылуу мүнөздөмө бергенге аракет кылам. «Жаныбарым Гүлсары», «Ысык-Көл» «Калыгулдун казалдары», «Таалайым сенде», «Жаштык вальсы», «Элмирам», деги бардык эле обондор ырдын мүнөзүнө жараша чыгып келди. Анын ичинен эң популярдуусу «Долон» болду. Сыягы, «Долондо» жаратылыштын кооздугунун, ашуунун бийиктигинин элеси да жакшы тартылган үчүн элге сиңип кетсе керек. Ушундай тар, серпантин, анан башына чыкканда укмуш бийик көрүнчү. Илгери автобустарда микрофон болор эле, анан ал Долон ашуусуна чыккандан ылдый түшкөнгө чейин ичиндеги кары-жаш дебей ушу «Долонду» ырдап жүрүп отурушчу. Элдик болуп кеткени ошол эмеспи. Обондун кыргыз жыттанган кайрыктары жоголду Шералиев, Власов, Малдыбаев, Фере деген чыгаандардын чыгармаларын азыркы обончу-ырчылар угуш керек. Маани беришпейт. Обондордун кыргыз жыттанган кайрыктары жоголду. Обончулар таарынбасын, ырдын салттуу эрежелерин бузуп, элди иренжитип атышат. Кымбат машинеге отуруп, маңдайына бир кызды коюп эле клип тарта берген - ал ыр эмес да. Сөзүн кыргызча кылып коюшат, акценти кыргызча эмес. Аранжировка дегенди токтотуш керек. Азыркы обончулар аранжировкаларын өзбектердикине, түрктөрдүкүнө окшоштуруп, ошолордун аспаптарын кошуп эле компьютерге байланган техникалык обондорду чыгарып калды. Кыргыздын пайдалана турган эмне деген, канча деген аспаптары турат. Көз салган киши жок. Мурда көркөм кеңеш иштеп, ал обондун сапатына катуу карачу эле. Сапатсыз болсо радиого да, телевидениеге да чыгууга уруксат берилчү эмес. Биз «жакшы жазылыптыр» деген сөздү узак күтчүбүз, укканда кудуңдап калчубуз. Азыр эки ыр жазгандар жылдыз болуп атышат. Заман ушундай болду го... Көпчүлүк обончулар азыр бири-бирин кайталап атпайбы. Ар бир ырдын мазмунунун, обонунун өзгөчөлүгү бар, бири-бирин эч качан кайталабашы керек. Обон жазып, ага туш келген текстти чаптаган обондун келечеги болбойт. Текст менен иштеш керек. Жазып, анан 10-20 күн унуткарып коюп, кайра кайрылганда кемчиликтери оркоюп чыга берет. Сексен жаш. Карантин. Мамиле. Бир жаман жерим, негизи өкмөттөн бирдеме сурап барбайм. Элчилеп чуркабайм. Өздөрү деле унутуп коёт го, эстебейт. Токтогул сыйлыгына үч жолу көрсөтүлгөм, алчулар алып атат, обончулардан ала элек мен эле калдым окшойт. Радио, телевидение деле унутуп баратат. Анан ойлонуп, капа болот экенсиң. Баягы 60 жылдыкка концерт берип, чоңдордун баарына чакыруу тараттым эле. Эч кимиси келген да жок. Депутаттары деле келген жок. Ижарасына карыз да болуп калдым эле, анда. Азыр эми карантинде үйдөн чыкпай эле отурам. Бекер отурбай 80 жылдыгымды концерт берип белгилесемби деп аракет кылып, чыгармаларымды оңдоп-түзөп, кайра иштеп, жаңысын жазып атам. Карантин бүтсө мааракени кандай белгилөө маселесин министрликке барып сүйлөшүп көрөйүн деген оюм бар. Ушу күнгө чейин өкмөттүк деңгээлде бир да концертим өтө элек экен. Калыйбек Тагаев Ат-Башы районунун Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде туулган. Обончу-композитор жараткан 120дан ашык обондун көпчүлүгү жарым кылымдан ашык убакыттан бери эл оозунан түшпөй ырдалып келет. Көпчүлүгү элдик ырга айланып кеткен. Маркумдун 60ка жакын обондору Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жазылып алынган. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1997-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары берилген.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники