О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
24 сентября 2020 г. 13:15

ЧОН КАЗАТ ЭЛДИКИ!!

ЧОН КАЗАТ ЭЛДИКИ!! ЭЛ АГИТАТОР ЭЛ БАННЕР!

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:22

Талапкердин талпынганы, дебаттын деңгээли

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт иштери ортолоп калган кезде мамлекеттик телеканалдарда депутаттыкка талапкерлердин дебаттары башталды. Коомдук телерадио корпорациясындагы (КТРК) таймашка биринчилерден болуп жаш талапкерлер катышты. Бул дебат коомчулукта тескери реакция пайда кылып, сындын бутасында калды. КТРКда 14-сентябрда «Реформа», «Кыргызстан», «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы», «Мекеним Кыргызстан», «Мекен Ынтымагы» партияларынын жаш талапкерлери дебатка чыкты. Эки сааттан ашык программа бүтүп-бүтө электе эле социалдык тармактарда аны сындаган билдирүүлөр жайнады. Көпчүлүк дебаттын форматына, журналисттер берген суроолорго, талапкерлер өздөрү көтөргөн маселелерге ичи чыккан жок. Дебат үч бөлүккө бөлүнүп, адегенде алып баруучулар суроо беришти. Андан соң шайлоочулардын соболу окулуп, кийин дебатка катышкандар бири-бирине суроо узатышты. Анда негизинен «Экономиканы кантип жакшыртыш керек? Кыргызстандын тышкы саясаты кандай багытта болушу зарыл? Депутат болуп шайлансаңыз биринчи иш-аракетиңиз кайсы багытта болот? «Жаштар кайдыгер болуп калды» деген пикирлерге эмне себеп?» деген сыяктуу суроолор берилди. Укук коргоочу Динара Ошурахунова «партиялардын программасы ачылган жок» деп, буга дебатты уюштурган КТРКны күнөөлөдү: «Шайлоочу партиялардын үгүт баракчаларын, баннерлерин көргөнү жетишсиз. Алардын позициясын, идеясын, программасы кандай экенин дебаттардан байкашы керек. Эгерде дебаттарда ушул суроолорго жооп табылбаса, анын кереги жок. Дебат деген жөн эле суроо-жооп эмес да. КТРК болсо цензура кылып, мектеп программасындагы суроолорду берип дебаттын форматын бузду. Кыргызстандын элинин саны жана ушуга окшогон суроолор мага шайлоочу катары тандоомо пайдасы жок. Программага эксперттерди чакырып, алар да суроо берип дебаттардын сапатын арттырышы керек. Анан аялдар үчүн, жаштар үчүн деп да дебаттарды бөлүп салыптыр. Анын эмне кереги бар? Мен аялдарды же жаштарды шайлаган жокмун да. Партияны шайлаганы жатам». КТРК: суроо биздики эмес Кыргызстанда президенттик, парламенттик шайлоолордо дебаттар негизи мамлекеттик телеканалдарда, анын ичинде көбү КТРКда өтөт. Быйылкы шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн жалпысынан 224 жалпыга маалымдоо каражаты катталган. Партиянын өкүлдөрү аларда дебатка чыгып жатышат. «Азаттык» коммерциялык мекеме болбогондуктан Боршайкомдон каттоодон өткөн эмес. Ушундан улам БШК талапкерлер арасында дебат өткөрүүгө уруксат берген жок. Быйыл Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун үгүт өнөктүгү коронавируска байланыштуу бир катар чектөөлөр менен өтүүдө. Партиялар стадион толо эл чогулта албайт. Концерттерди, театрлаштырылган оюн-зоокторду, спорттук мелдештерди өткөрүүгө да тыюу салынган. Ушундан улам дебаттарга коюлган талап күчөдү. КТРКнын «Маалымат» бирикмесинин жана теледебаттардын жооптуу редактору Бактияр Тукеев быйыл дебаттарга көбүрөөк убакыт бөлүнгөнүн айтып, анын мазмунуна байланыштуу сынга жооп берди: «Дебаттын форматын редакциянын жумушчу тобу иштеп чыккан. Биз шайлоодогу эрежелерди, сунуш-пикирлерди эске алып БШКнын жумушчу тобу менен да кеңешкенбиз. Бир талапкерге 20 мүнөт берилсе, анын жарымын эркин талкууга, бири-бирине суроо берүүгө бөлдүк. Ошондуктан теледебаттардын форматында эч кандай кемчилик жок. Суроолор болсо шайлоочулардан топтолду. Аларды КТРКнын социалдык тармактардагы баракчаларынан эки жума мурун чогултканбыз. Суроолорду иргеп алып дебаттарга колдонуп жатабыз. Бул дебатта КТРКнын атынан бир да суроо берилген жок». Анын сөзү боюнча, эми партиянын лидерлеринин дебаттары 28-30-сентябрь күндөрү жана 2-октябрда өтөт. Ал аял талапкерлер менен лидерлердин таймашы жаш талапкерлердикинен айырмаланат деп эсептей турганын айтып жатат. Талапкерлер сынга калды Социалдык тармактардын колдонуучулары дебатка катышкан талапкер партиянын позициясын коргоо ыкмасын, көтөргөн маселелерин да жактырышкан жок. Алар «бул программа алардын саясатка быша элек экенин, мамлекеттин багытын аныктаган маселелерде пикири жоктугун билдирет» деп жазышууда. «Кыргызстан жаштар федерациясы» кыймылынын лидери Айбек Теңизбаев муну партиялардын катачылыгынан көрөт. «Партия саясий кадрларды да даярдаш керек, - деди ал. - Анын бирден-бир милдети ушул. Партиянын катарындагы жаштар партиянын ичиндеги праймериз, ички күрөш аркылуу алдыңкы катарга чыгышы керек. Кыргызстанда партияларда мындай шарт жок экенин дебатта көрдүк. Ушул эле программада жаштардын билими да төмөн экени билинди. Берилген суроолорго популисттик, жалпыланган жоопторду айтышты. Муну ар бир партиядагы маселе деп эсептейм. «Жаштар, жаштар» деп эле айтып жатабыз, бирок ушул дебаттан кийин «Эми Жогорку Кеңешке ушулар келеби?» деген суроо пайда болду». 14-сентябрда КТРКда жаш талапкерлердин дебаты бүткөндөн кийин көп өтпөй ЭлТР телеканалында «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, «Биримдиктен» депутаттыкка талапкер Улукбек Кочкоров, «Мекеним Кыргызстан» менен шайлоого бараткан Ибрагим Жунусов дебатка чыгышты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев алардын дебаты деле жаштардыкынан ашып түшпөгөнүн, мамлекеттик башкаруу, тышкы саясат, чек ара, экономика, айыл чарба маселелери чөп башылап эле талкууланганын билдирди. Ал шайлоо алдында талапкерлердин оозунан түшпөй калган коррупция темасы деле үстүртөн сөз болуп, аны менен күрөшүү, жемкорлор тууралуу ачык, курч пикирлер айтылбаганын сындады: «Дебатка катышкандардын болгон деңгээли ошол да. Көз карашы, ой жүгүртүүсү кенен адамдардын дебатын көрсөң такыр башкача. Партиялар жок дегенде программаларын элге жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берсе жакшы болмок. Кээ бир партиялардын программасы бир жарым эле барак. Белгилүү эле партиялар саламаттык сактоо, экономика, маданият жана башка тармактар боюнча программасын эки эле сүйлөмгө батырып коюптур. Программасын, аны кантип ишке ашыруунун жолун айтып бере алышпаса дебатка чыгыштын кажети жок». Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия ат салышып жатат. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:22

Беларус: Орусия жардамды, Батыш кысымды күчөттү

Беларуска Орусия ири насыя убада кылса, Эл аралык валюта фонду жардам берүүдөн баш тартты. Европанын санкция салуу аракетине америкалык сенаторлор кошулду. Эл аралык коомчулуктун Беларус маселесине байланыштуу кадамдары жаңы баскычка чыкты. Президенттик шайлоонун алдында Минскиде отуздан ашуун орус жалданма аскери кармалганын билдирип, Александр Лукашенко Кремлди да Беларустун "ички ишине кийлигишүүдө" деп айыптаган. Шайлоодон кийин позициясын өзгөртүп, Орусияга кескин ыктады. Ошондон соң орус президенти Владимир Путин “Лукашенконун күч кызматкерлеринен атайын резерв куроо суранычы” канааттандырылганын ырастаган. Эми 14-сентябрда Лукашенко Сочиге барып, Кремлдин дагы убадасын алып кайтты. "Бул катаал учурда Орусия Беларуска 1,5 миллиард доллар мамлекеттик насыя берерин макулдаштык. Биз муну аткарабыз. Азыр мага белгилүү болгондой, биздин финансы министрлерибиз бул багытта профессионалдык деңгээлде иштеп атышат", - деди Путин жолугушуу учурунда. Бирок карыздын бир бөлүгү кайра эле Беларус Орусиядан мурда алган насыяны төлөөгө жумшаларын Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков тактады. Калган бөлүгү өлкөдө акча жүгүртүүгө зарыл болуп турганын беларус журналисти Франак Вячорка “Настоящее время” телеканалына маегинде айтты: "Чынында чоң кризис келатат. Мамлекеттик ишканаларда айлык акы төлөө эки аптага кечеңдеши мүмкүн деген декрет кабыл алынды. Адамдар банк эсептеринен ала алчу акчанын өлчөмү чектелди. Мунун баары кризис бар экенинен, системаны өлтүрбөй кармап туруу үчүн Лукашенкого нак акча зарыл болуп турганын көрсөтөт". Ошол эле учурда пандемиянын каарын тартып турган Орусиянын мындай берешендигине Лукашенко кандай жооп кылганы коомчулукка белгисиз. Жолугушуунун купуя өткөнүн, "алгандын бермейи" белгисиз калганын беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская да баса белгиледи: "Жабык режимде өтүп, демейдегидей эле элден баарын жашырып атышат. Мен атайын билдирүү жасадым, ал жолугушууда жетишилген кандай гана келишим болбосун баары келечекте мыйзамдуу шайланган президент тарабынан кайра каралып чыгат. Анткени азыр эл алдында Лукашенконун легитимдүүлүгү жок" - деди беларус оппозиция лидери. Батыш басымды күчөтүүдө Ал тапта Эл аралык валюта фонду пандемиядан жабыркаган беларус экономикасына жардам иретинде быйыл мартта сураган 940 миллион долларды берүүдөн баш тартты. Буга чейин Евробиримдик тынч маанайдагы демонстранттарга зомбулук көрсөткөн беларус аткаминерлерине санкция салууну макулдашкан. Билдирүүлөр менен чектелип келген Америка Кошмо Штаттары да жаза чарасын көрө баштады. Дүйшөмбүдө 13 сенатор санкция салууга чакырган резолюцияны сунушташты. Документти коштогон билдирүүдө сенатор Жим Риш “Беларус бийлиги катаал репрессияны токтотуп, августтагы шайлоодон кийин адилетсиз кармалгандарды бошотушу керек” деп белгилейт. Ал эми сенатор Боб Менендез “Лукашенко мырзада кымындай да легитимдүүлүк калган жок. Ал отставкага кетиши керек” деди. Резолюцияда жети миңден ашуун адам митингге катышканы үчүн кармалганы, көбү токмок жеп, кыйноого кабылганы, ондогон журналист кармалып, элүүдөн ашуун маалымат сайттарына бөгөт коюлганы да белгиленген. Улуттар Уюмунун Адам укуктары Кеңеши жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму зомбулук фактыларын “кечиктирбестен иликтөөсү” зарылдыгын эл аралык Хьюман Райтс Вотч (HRW) укук коргоо уюму да талап кылды. 15-сентябрдагы билдирүүсүндө укук коргоочулар камалып чыккан демонстранттар менен маектешкенин, алар “ур-тепки, токко урдуруу фактыларын, кеминде бир жолу зордуктоого кабылышканын” айтып беришкен. Уюм белгилегендей, алардын арасында олуттуу жаракат алгандар, сөөгү сынгандар, ички органдары жабыркагандар бар. "Чубактын кунундай чубалган" шайлоо Беларуста президенттик шайлоо 9-августта өткөрүлгөн. Ага чейин эле бийлик оппозициянын үч белдүү саясатчысын шайлоодон четтетип, алардын экөөнү камаган. Шайлоого катыша албай калган Сергей Тихановскийдин аялы Светлана Тихановская президенттикке талапкерлигин коюп, өзгөрүүнү каалаган элдин символуна айланган. Беларус Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко кайра жеңип чыкканын жарыялаган. Шайлоо жыйынтыгы бурмаланганын, Лукашенко бийликтен кетип, өлкөдө өзгөрүү болушун талап кылып толкуган эл ошондон бери тынчый элек. Акыркы маалда ар жекшемби сайын 100 миңден кем эмес адам Минск көчөлөрүнө чыгып, аларды тобу менен кармап, камоо уланууда.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:22

Жогорку Кеңештин "кирди-чыкты" депутаттары

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар. Бирок алтынчы чакырылышта Борбордук шайлоо комиссиясы 175 адамга депутаттык мандат бергенин билесизби? Толугураак "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосунан көрүңүз.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:22

Спикердин келинге сүйүнчү бергени тууралуу маселе БШКда каралат

4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын катарында талапкер болуп аттанган Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» спикердин басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков билдирди. Анын айтымында, Жумабеков келинге акчаны 14-сентябрда Таластагы жумушчу сапарынын алкагында тартуулаган. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого аттанган талапкерлер үгүт учурда кайрымдуулук иштер менен алектенбеши, жарандарга акчалай жардам бербеши керек экенин эскерткен. Шайлоо эрежесине ылайык, үгүт маалында адамдарга берилген материалдык жардамдын баары добуш сатып алуу болуп саналат. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов спикердин келинге акча бергени тууралуу маселе караларын билдирди. Ал эми БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Жумабеков өз макамын пайдалануу менен үгүт маалында берген сүйүнчү пул административдик ресурсту колдонуу болуп эсептелерин айтты. Спикердин басма сөз катчысы окуяга мындай түшүндүрмө берди: «Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аркалай берет. Уулдуу болгон келин баласына спикердин атын койгон экен. Ошого акчалай жардам көрсөттү. Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөлү». Анын артынан Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрага акчаны үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары бергенин билдирди. 14-сентябрда Интернеттеги социалдык түйүндөргө «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр жарыяланып, эртеси өчүрүлгөн. Анын алдында БШК «Кыргызстан» саясий партиясына балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн эскертүү берген. Дастанбек Жумабеков парламенттин алтынчы чакырылышын спикеринин кызматын 2017-жылдан бери аркалайт. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. 4-сентябрда бир айлык үгүт башталган. (SE)

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:22

Шайлоодо күчөгөн «сооп иш»

Соцтармактарда «Ала-Букада "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер добуш сатып алууда» деген видео тарады. «Вотсап» аркылуу «Ала-Букада «Биримдик» партиясынан талапкер Ферузахон Исмайилова добуш сатып алууда» деген аталыштагы видео тасма тарап, анда ага түспөлдөш адам бир үйдүн короосунда, бир топ адамдын катышуусунда башка бир белгисиз адамга акча берип жатканы тартылган. Тасмада оорукчан адамды дарылоого жөнөтүү үчүн күбөлөрдүн көзүнчө талапкер акчалай жардам берип жатканы көрсөтүлгөн. «Биримдик» партиясынан талапкер Ферузахон Исмайиловага окшош адам берилген 40 миң сомдун шайлоого эч кандай тиешеси жоктугун айтып, акчаны садага катары сыпаттаган: «Бул акчанын берилиши кайыр-садага. Анын шайлоого эч кандай байланышы жок. Өзүңүз күбө, анан бул жердеги балдар күбө болушат. Дарыланууга 40 миң сом кетет экен. Ошонун азыр биринчисин баштадык. Келечекте да жардам беребиз. Бишкекке эртең кете бересиз. Сиздер ишене бериңиздер. Бизге ал каякка барса дагы боло берет. Ошто Түштүк аймагы боюнча боор ооруларын караган эң мыкты кесипкөй гепатолог бар. Ошого барсаңыз да болот берет. Сиз өзүңүз кимге баргыңыз келсе, ошого барыңыз». No media source currently available Тасмадагы адам «Биримдик» партиясынан талапкер Ферузахон Исмайилова экенин ал өзү «Азаттыкка» ырастады. Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен талапкерлердин партиялык тизмелерин караганда, Ферузахон Исмайилова «Биримдик» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөтүлгөн тизмеде №56 талапкер экени көрсөтүлгөн. Ферузахон Исмайилова Ала-Букадагы «Носыралы» жеке медициналык борборунун башкы дарыгери. Ал 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Бир Бол» партиясынан №110 талапкер катары катталып, аталган партиянын тизмесинде №9 болуп, бул аймактан ат салышып, кийин депутат болгон Исхак Пирматовду алдыга сүрөп, «дублер-талапкер» катары таанылган. Депутаттыкка талапкер Ферузахон Исмайилова бул иш өлүм менен өмүрдүн ортосундагы маселе болгондуктан оор абалдагы жердешине акчалай жардам берүүгө аргасыз болгонун айтты: «Ал жигит менин пациентим. Буга чейин аны дайыма өзүм карап жүргөм. Бирок кийин менин күчүм жетпей калды. Анткени анын организми биздеги дарыны тоготпой, баш тарта баштады. Ал буга чейин бир топ дарыланып жүрүп, бирок бул жолу шарты болбой калганынан туугандары “акчабыз жок, эч жакка барып дарылата албай калдык, соопчулук үчүн” деп бизден жардам сурап келишкен. Анын үй шартын карап, керек болсо тамак-ашы начар, аябай жакыр үй-бүлө экенин көрүп туруп, андан баш тарта алган эмесмин. Мен аны өзүбүздүн борбордо бир курс дарылап, бирок жыйынтык бербеди. Кийин анын абалы оорлошуп кеткен экен. Ошондуктан мен ага борбордогу же Оштогу кайсы ооруканага, кайсы врачка барышына чейин сунуштадым. Ошону видеого тартып, чыгарып жиберишиптир». Ал эми "Вотсап" аркылуу тараган экинчи тасмада «Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер Ферузахон Исмайилова окуучу кызга смартфон белек кылып, онлайн сабактарга үзбөй катышып, «окууга жакшы даярдан» деген каалоосун узаткан. Талапкер Исмайилова өспүрүм кыз ата-энесинен эрте ажырап, оор турмушту башынан өткөрүп, сабактарга катыша албай келгенин жана ага шайлоо өнөктүгүнөн мурун эле жардам берилгенин кошумчалады. Анын айтымында, тасмага тартылган бул эки окуя тең Ала-Буканын Достук айылында болгон. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Тургуналы Боромбаев тасмадагы бул эки иш тең кылдат териштирилип, тиешелүү чечим чыга турганын билдирди: «Бул тууралуу жаңы эле маалымат алдым. Мен азыр прокуратурага чалам. Биздин комиссияда ыкчам чара көрүү боюнча атайын жумушчу топ бар. Ошол жумушчу топтун мүчөлөрү менен биргеликте бул иштерди териштирип чыгабыз. Ошол видеону кимдер тартканын көрүп туруп анан ага баа бербесек, азырынча эч нерсе айта албайбыз. Мүмкүн кимдир-бирөөлөр бул видеону шантаж үчүн тартып алып, жөнөтүп, таратып жатабы, ал жагын азырынча түшүнө албай турабыз. Бирок мыйзамга ылайык, саясий партиялар шайлоого катышуу ниетин билдирген күндөн тартып талапкерлер соопчулук иштерин жүргүзүүгө укугу жок».​ Талапкердин кайрымдуулук фондунан дарыланууга каржылык жардам сураган оорукчан жигиттин туугандарынын бири Фарход Атабаев бул иш шайлоо өнөктүгүнө чейин болгонун айтты: «Ал жигиттин боору катуу ооруйт. Үч баласы бар. Эч кандай иш кыла албайт. Шарты абдан оор. Кан кусуп жибергенде, тууган-уруктар менен келишип, ошого жардам сураганбыз. Биз деле акча топтодук. Бирок, анда деле болбоду. Акыры Феруза эжеге кайрылууга туура келди. Аны мурда ал өзү дарылап жүргөн эле. Анын кайрымдуулук фондунан жардам беришин суранып, биз өзүбүз бардык эле. Бул окуя шайлоого чейин эле болгон. Ал видеону оорукчан жигиттин келинчеги «ушундай жардам берилип жатат» деп жакшы ниетте эле тарткан экен. Анын телефонунан тасма башкаларга таркап кетиптир».​ Талапкер менен партиянын жоопкерчилиги Талапкердин кайрымдуулук ишине байланышкан чуулгандуу тасма боюнча ишти алгач аймактык шайлоо комиссиясы карап чыгып, тиешелүү чечим кабыл алат. Андан соң бул боюнча маселе БШКда да көтөрүлүшү мүмкүн. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова муну одоно мыйзам бузуу катары карап, бул үчүн талапкердин жана тиешелүү партиянын жоопкерчилигин кароо керек деп эсептейт: «Мында талапкер катталган күндөн эмес, талапкер катары көрсөтүлгөн убакыттан баштап, ар кандай соопчулук иштерин жана кайрымдуулук кылганга акысы жок. Ошондуктан укук коргоо органдары бул окуя кайсы күнү болгонун аныктап чыгышы зарыл. 19-августтан баштап талапкерлерди көрсөтүү болду. Мыйзамда «талапкерлер жана саясий партиялар кайрымдуулук иштерин жасаганга болбойт» деп так жазылган. Албетте, кайсы гана учур болбосун, бардыгыбыздын боорубуз ооруп, муктаж адамдарга жардам бергибиз келип турат. Бирок шайлоо деген өзгөчө жараян. Мыйзамдуулукту сактоого тийишпиз. Ошондуктан мыйзам чегинде иш алып баралы десек, мындай талапкердин каттоосун жокко чыгарып, тиешелүү партиянын да жоопкерчилигин карашыбыз абзел». Мыйзамдарга ылайык, шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын шайлоо штабдарына, тизмедеги Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге, алардын ишенимдүү өкүлдөрүнө жана талапкерлердин жакындарына кайрымдуулук иштерин жүргүзгөнгө тыюу салынат. Мыйзамда шайлоо алдын саясий өнөктүк маалындагы кайрымдуулук иштери шайлоочулардын добуштарын сатып алууга барабар жоосун катары каралып, бул үчүн иштин оордугуна жараша, административдик жаза чарасы жана кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:23

Шайлоодон кийин депутаттар кантип "жыргашат". Келечек үчүн элде эки тандоо бар

Саясий жарышка аттанган 16 партиядан 1 952 талапкер депутаттыкты арзып турган чагы. Эмне үчүн мандатты мелжегендер көп? Кыргызстанда парламенттин укуругу канчалык узун да, депутаттын таасири кандай? Учурда эл эки тандоонун ортосунда калды.Журналист Эламан Карымшаков шайлоонун шарапаты кызып турган маалда эл эске алчу эки нерсени айткысы келген. Аз күндөн кийин парламенттик шайлоо өтөт. Бул күнү биз жөн гана добуш бербейбиз, келечегибизди тандайбыз, колубуздагы бийликти бирөөгө ишенип тапшырабыз. Буга өзүбүзгө жар тандап жаткандай эле мамиле кылуу зарыл деп эсептейм. Себеби шайлоодон кийин депутаттарга беш жыл, алар түзгөн системага бери жагы 10 жыл чыдашыбыз керек. Бизди эр кылган да, кара жер кылган да ушулар болот. Парламент кандай укукка ээ? Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам чыгарып эле отурат деп ойлогон жоксузбу? Эгер андай десеңиз мандат мынчалык талаш болмок эмес. Мандаттын жыргалчылыгы башкада... Шайлоодон уткан депутаттар жаңы өкмөттү бекитет. Ал үчүн ар бир партияга квота берилет, мисалы, менин партиям сунуштаган адам айыл чарба министри кызматына, сиздин партияңыздыкы Бажынын башчылыгына дайындалат. Ошентип өкмөттүн курамын түзүп, премьер-министрди дайындашат. Ошол өкмөт анан өлкөнүн тагдырын чечет. Ниети түз болсо өргө тартат, болбосо "өгүз өлбө, араба сынба" принциби менен эптеп иштейт. Карыз жөнүндө көп кеп кылабыз. Өкмөт чет өлкөдөн насыя алып жатканда бир тыйынына чейин парламент менен макулдашат. Депутаттар карыз кандай максатта алынып, качан төлөнөрүн билген соң ратификациялайт. Мындан сырткары, партиялар Борбордук шайлоо комиссиясы, Жогорку сот, Конституциялык палата сыяктуу органдарга өзүнүн адамдарын коё алат. Байыркы бабам кандай эле?.. Эл энчисиндеги эгемендик тууралуу эки ооз сөз Парламенттин күчүн ушундан байкасаңыз болот, жада калса бир дагы министр депутаттардын макулдугусуз кызматка отура албайт. Жыл сайын өкмөт аткарган иши тууралуу отчёт берет. Эгер аны парламент жактырбай койсо отставкага кетет. Сапар Исаковду дал ушундай жол менен ээрден алып түшүшкөн. Эсеп палатасы менен Улуттук банк дагы парламентке баш иет. Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшү — парламенттик-президенттик башкаруу. Демек, сиз шайлаган депутаттардын ичинен бирөөсү төрагалыкка шайланат да, президенттен кийинки эле өлкөнүн экинчи адамы болуп калат. Кыскасын айтканда, бизде парламенттин ролу абдан чоң, кыбыр эткендин баары депутаттар аркылуу чечилет. Азыр сиздин колуңузда опол тоодой бийлик турганын түшүнүп жатасызбы? Ал каалайсызбы-каалабайсызбы 4-октябрдан кийин күчүн жоготот. Мен сизди максаттуу пайдаланууга чакырам. Сизде эки тандоо бар Биринчи тандоо: VI чакырылыштын 100дөн ашуун депутаты кайра мандат алууга ашыгып жатат. Арасында буга чейин эки-үч жолу депутат болгондору бар. Кээ бирлери канча жыл иштесе да жыйынтык көрсөтүүгө жарабаган, галстугу бар, бирок калыстыгы жок оомо депутат катары эсте калды. "Башкасына баш оорутпайм, бизнесимди гүлдөтсөм болду" деп келе жаткандар да бар. Болбосо бир мандат үчүн 500 миң долларды (39,4 миллион сом) ким эле садага чапсын. Талапкерлердин ооз көптүрүп айткан убадаларын угуп жатканда баскан жолуна да көз чаптырып коюңуз. Баарына көз жумуп, кайра эле ушулар бийликке келишин каалап турсаңыз, биринчи тандоо сиздики болот. Ошол учурда сизге бир нерсени эскерте кетейин... Кайсы партияда жогорку билимдүү талапкерлер көбүрөөк? Рейтинг Парламент өлкө тагдырын ишенип тапшырган өкмөттүн дараметин пандемия башталганда көрдүк. Бюджетте кошумча акча жок, карыз менен жан баккан мамлекет экенибизди түшүндүк. Июлдагы апаатта саламаттык сактоо системасынын таш-талканы чыкканын жоон терибиз менен сездик. Чекеден кырылып калабызбы деген коркунуч жаралбады беле. Миңден ашуун үй-бүлө жер кучактап отуруп калганын унуткан жоксузбу? Адистер өз убагында медицина тармагына көңүл бурулбаганын айтышууда. Мунун кесепетинен учурда замандаштарыбыз мээрим төккөн энесинен, таянар тоо болчу атасынан, боор тарткан бир тууганынан, чырактай уул-кызынан жана бир жаздыкка башын жөлөгөн жубайынан ажырап, кан жутуп отурушат. Экинчи тандоо: Өлкөгө азыр тайманбас, курч, реформатор, сабаттуу жана саясий эрки бар адамдар керек. Агымга каршы сүзө алгандарды тандоо да сиздин эркиңиз. Жаңыланууга карай кадам таштасак, жаркын жашоону кура алабыз. Мени күйдүргөнү, элдин жашоосун жакшыртууга жарабагандар, калктын жакырчылыгынан пайдаланып колундагы бийлигин 2000 сом менен сатып алууга аракет кылууда. Муну элди шылдыңдоо катары сыпаттайт элем. Кээ бирлери карантин маалында тараткан жардамын бетине кармап, үгүт ишин аткарууда. Анысына рахмат, бирок билип коюңуздар, биз кайрымдуулук фондунун директорун эмес, мамлекеттин тагдырын чече турган адамдарды шайлап жатабыз. "Өзүбүздүн бала" деген түшүнүктөн арылып, айылга эки машина шагыл төгүп бергендерге алданбай, "тууганым суранды эле" дегенди жыйыштырып, өз эркибиз менен тандоо жасайлы. Кайсы партия жаштарды көбүрөөк чогултту? Жаш курак боюнча инфографика Эч качан кайдыгер болбоңуз, шайлоого барып, колуңуздагы бийликти ишенимдүү адамга тапшырып бериңиз. Ошондо андан талап кыла аласыз. Азыр эч кимге добуш бербей койсоңуз, кийин бийликке нааразы болууга моралдык укугуңуз жок. Адам сатып алган буюмун каалагандай колдонорун билесиз. Ошол сыңары эле добушуңузду сатып алгандан кийин өз билгениндей бийлик жүргүзөт. Андыктан ойгонуп, активдүүлүктү көрсөтүүгө убакыт келди. "Элине жараша бийлиги" дейт, мен сиздерге аябай ишенип, үмүт артып турам. Бир күндүк оокат менен эмес, келечек үчүн күйөлүчү! P.S: Мен эч бир партиянын курамында жокмун. Жөнөкөй жаран жана журналист катары пикиримди жазууну чечтим. Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн.

Подробнее
24 сентября 2020 г. 15:17

Чубак ажы

Чубак ажы батасын берген "Улуу Кыргызстан" партиясы "Чоң Казат" менен шайлоого аттанды!

Подробнее
19 сентября 2020 г. 19:54

Молодёжный форум #МекенимКыргызстан в Бишкеке

Молодёжный форум #МекенимКыргызстан в Бишкеке Молодёжный форум #МекенимКыргызстан в Бишкеке. Спикеры: Эльнура Алканова (@elnuralkanova) и Майсалбек Курбаналиев (@kmaisalbek). Мекеним Кыргызстан #4 ✅

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:25

Шайлоого добуш берүү кандайча жүргүзүлөт, ал канчалык деңгээлде купуялуу

Мыйзамга ылайык, кайсы жаран кандай добуш бергенин эгерде өзү эле көрсөтпөсө, эч ким биле албайт. Шайлоо учурунда колдонулуп келген эсептөөчү урналар ким кандай добуш бергенин аныктай албайт. Ошондуктан жарандар эч нерседен коркпой эле добуш беришсе болот. Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын паспортторун жапырт түрдө чогултуу тууралуу фактылар же кандайдыр бир административдик басым жана добуш сатып алууга байланыштуу көрүнүштөр аныкталса, ага карата чара көрүлө турганын эскертүүдө. Идентификациялай турган жабдыкка паспорт салынаары менен, жарандын өздүгү тууралуу маалымат толугу менен экранга чыгат. Бирок добуш берүү үчүн бул дагы толук эмес. Эң башкысы манжалардын изи дал келиши керек. Шайлоо учурундагы эң маанилүү нерсе бул-добуштун купуялуулугу. Тагыраагы шайлоочу кайсы партияга добуш берсе да анын баары жашыруун бойдон калат. Паспортторду алдын ала кайдадыр жазып белгилеп коюуга же мурдатан базага киргизип коюп, добуш бердирүү мүмкүн эмес.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:25

Шайлоого бюллетендерди «Учкун» ачык акционердик коому даярдайт

4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоого бюллетендерди «Учкун» ачык акционердик коому даярдайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. Мындай чечимди БШК кечээ, 14-сентябрдагы жыйналышында кабыл алган.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:26

Шайлоо бюллетендерин ким даярдай турганы белгилүү болду

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 14-сентябрындагы өз жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендерин даярдоону аныктоо жөнүндө токтом кабыл алды. Ага ылайык, шайлоо бюллетендерин “Учкун” ААКсы даярдайт. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-январындагы №13 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоолорунда жана референдумдарында шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:27

Кыргызстандык рэперлер шайлоодо добуш берүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө ыр жаздырышты (видео)

Кыргызстандык рэперлер Фейжи жана Баястан Ботоканов 1.1 студиясы менен биргеликте,"добуштун күчү" маалымат кампаниясын колдоп ыр жаздырышты. Музыканттар жаш шайлоочуларды добуш берүүгө барбай, добуштарын сатпоого үндөшөт. Шайлоочуларга билим берүү кампаниясы #MediaK Internews in USAID Kyrgyz Republic in Kyrgyzstan долбоору тарабынан колдоого алынган. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Сүрөт www

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:27

Шайлоодо Кыргыз Республикасынын жарактуулук мөөнөтү өткөн паспортторунун ээлери добуш бере алышат

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн паспорттун жарактуулук мөөнөтү узартылып, анын мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 30-декабрына чейин аяктаган. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы Мамлекеттик каттоо кызматына шилтеме берүү менен билдирди. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, Өкмөттүн 2020-жылдын 19-майындагы No 256 "Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга өздүгүн тастыктоочу документтерди берүү маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасына ылайык. , ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жүргөн же жүргөн жарандар үчүн 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID), мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 30-декабрына чейин, мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартылган, паспорттон тышкары 16 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жараны. Ушул токтомдун 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жүргөн же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, эгерде зарыл болсо, 2020-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрыла алышат. 2020-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 30-декабрына чейин аяктаган 2006-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун колдонулушун узартуу жөнүндө тиешелүү белгини коюу . Ушуга байланыштуу, жогоруда аталган паспортторго Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту деген статус берилет. Белгиленген мөөнөттө аяктаган паспорттору бар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш бере алышат. Сүрөт www

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:27

"Партиялар жаштардын жөндөмдүүлүктөрүн билбестен өз катарларына кабыл алышты"

Кыргызстанда үгүт өнөктүгү күндөн-күнгө күч алууда, алардын программалары менен тааныштыруудан тышкары, тараптар теледебаттарга катыша башташты. КТРКнын түз эфиринин алдында "Реформа", "Кыргызстан", "Афганистандагы согуштун ардагерлеринин саясий партиясы ", "Мекеним Кыргызстан" жана "Мекен Ынтымагы" партияларынын жаш талапкерлеринин катышуусунда дебат болуп өттү. Социалдык тармактарда көптөгөн колдонуучулар талкууну терс кабыл алышты. Жарандар көңүлү калгандыгын жана жаш талапкерлерден олуттуу даярдыкты күткөндүгүн жазышты. Дебат коомчулуктун аз катмарына гана жакты. View the embedded image gallery online at: https://vesti.kg/kg/politika-kg/item/75152-partiyalar-zhashtardy-ozulorunun-zhondomduuluktorun-terendetpesten-oz-katarlaryna-kabyl-alyshty.html#sigProId40d64c2027 Ал ортодо, профессор, саясат таануучу Айнура Арзыматова шайлоочулардын мындай реакциясы алдын ала болот деп эсептейт. "Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүү баскычында дагы, биз өлкө үчүн өлүүгө даяр жаштарды көрө албай турганыбыз белгилүү болду", - деди ал Vesti.kg сайтына. - Партиялардын жаш мүчөлөрүнүн көпчүлүгү берилгендикти сакташат. Алардын артында "эски карышкырлар", баягы эле парламентте отуруп, эч нерсе кылбаган саясатчылар турат. Эгерде талапкер чындыгында өлкө үчүн бир нерсе жасагысы келсе, анда ал жүрөгү менен жооп бермек, бирок бул дебаттарда байкалган жок. Жана парламенттин жаңы чакырылышы азыркыдан жакшыраак болбой турганы эмитен эле белгилүү болуп калды. Дагы бир саясат таануучу Кубат Султанбеков Vesti.kg менен болгон маегинде иш жүзүндө Кыргызстанда Жогорку Кеңешке келе турган татыктуу саясатчылардын жаңы мууну жок экендигин белгиледи. "Партияларга кошулган жаштар парламентке өз пиарлары үчүн гана кирүүгө ниеттенишет", - деп ишенет ал. - Бул тараптар үчүн пайдалуу. Ошентип, курактык квоталар жабылат жана саясий ассоциациялар алардан ким өтөөрүн тандашкан жок. Кыскача айтканда, саясий уюмдар адамдарды өзүлөрүнүн жөндөмүнө жана кандай тажрыйбага ээ экендигине тереңирээк киришпестен тартып алышкан. Анын үстүнө, алар менен азырынча эч ким алектене элек. Албетте, мындай жаштар дебаттарда баалуу эч нерсе айта алышпайт. Бул талапкерлер элге эмне керек экендигин да билишпейт. Вероника Малышева Фото www

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники