О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
14 сентября 2020 г. 20:14

Зарина Чекирбаева

"Бир Бол" саясий партиясынын талапкери Зарина Чекирбаева "Сыр Сандык" берүүсүндө. Толугу менен "Бир Бол" YouTube каналында көрсөңүздөр болот.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 20:34

Кезекте Талас шаары

Кезекте Талас шаары! Пандемия учурунда өзүнүн тартиби жана биримдиги менен бүтүндөй өлкөнү сыймыктандырган аймактабыз. Элибиздин биримдиги кийин уул-кыздарыбызга тартуулап берчү эң баалуу аманат! Бүгүн жергиликтүү калкка "Биримдик" саясий партиясынын программасын жана курамын тааныштырдык. Жылуу атмосферада баарлаштык! Урматтуу мекендештер, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле кылуу менен, татыктуу партияны тандап добуш бериңиздер!

Подробнее
14 сентября 2020 г. 12:17

Партия «Замандаш», которая баллотируется в парламент,

Партия «Замандаш», которая баллотируется в парламент, провела вчера в столице открытый диалог, в котором приняли участие журналисты, активисты и жители Бишкека, которые задавали вопросы кандидатам партии и вели открытый диалог. В ходе диалога задавались как горькие, так и сладкие вопросы, а некоторые давали рекомендации политической партии. В ходе диалога кандидаты во главе с лидером партии Женишем Молдокматовым рассказали семизначную программу партии. Есть надежда, что программа партии будет способствовать развитию страны, если будет возрождено доверие к «Замандашу» и политическая гонка будет успешной.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 22:23

Кимдин колунда? Ким жасай алат?

Кимдин колунда? Ким жасай алат? Кыялыңыздагы келечекти куруу кимдин колунда? Ким дем берип, күч берип, жүрөктөрдү жандырат? ⠀ Сиз жана сиздин ишенимиңиз! Сиздин үн, сиздин добуш! Добушуңуз кыялыбыздагы Кыргызстанды курууга берген күч жана Жаңы Дем! ⠀ *** ⠀ Кто? Кто сможет? Кто заставит нас поверить, что мы сами решаем, какое будущее мы хотим? Кто зажжет ваши сердца и вдохновит на перемены? ⠀ Только вы и ваша вера! Это смысл вашего голоса! Ваш голос — это наш общий шанс! Шанс подарить новое дыхание Кыргызстану!

Подробнее
14 сентября 2020 г. 22:29

Элден чыккан азамат — Эл деп иштеп агарат.

Элден чыккан азамат — Эл деп иштеп агарат. ⠀ Каракол шаары жана Жети-Өгүз районунун тургундары менен жолугушуп, ак жолукчан апалар, ак сакалын жайкалткан аталар менен дидарлашып дагы келдик. ⠀

Подробнее
14 сентября 2020 г. 22:30

Эл ичинде жүргөн кандай жакшы

Эл ичинде жүргөн кандай жакшы. Эл менен жолугуушу сапарыбыз дагы деле уланууда. 11- сентябрь күнү Пригородное жана Кичи-Кемин айылынын тургундары менен жолугуушу болду. ⠀ 👋👋Катышкандар барбы? Комментарий калтырыныздар. ⠀ 🙌 🙌 🙌 ⠀ Как же приятно быть среди народа. Мы продолжаем встречаться с избирателями. 11 сентрября встретились с жителями сёл Пригородное и Кичи-Кемин. ⠀ 👋👋Кто принимал участие на наших встречах? Пишите в комментариях

Подробнее
29 сентября 2020 г. 11:53

#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Дамира Долоталиева тууралуу фактыларды сунуштайбыз:

#БиздинТалапкер рубрикасынын алкагында Дамира Долоталиева тууралуу фактыларды сунуштайбыз: 1. Мектепте окуп жүргөндө адилеттүүлүктүн каарманы деп аташчу; 2. Үй-бүлө курганына отуз беш жыл болду, төрт баланын энеси, алты неберенин чоң энеси; 3. “Датка Айым” ардактуу наамынын эси; 4. Кесиби боюнча даарыгер; 5. КР ИИМдин алдындагы Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү; 6. Мектеп жылдарында волейбол оюнун активдүү ойногон; 7. Көп жылдар бою Кара-Балта шаарындагы кардиология бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектен; 8. Өлкөбүз коор кырдаалга туш болгондо, төрт баланы багуу үчүн тигүүчү болуп иштөөгө аргасыз болгон; 9. Көп жыл базарда иштеп, ишкерлердин кызыкчылыгын коргоп күрөшкөнү үчүн “Дордой” базарынын профсоюзунун төрайымы болуп шайланган; 10. Сөзүнө өтө бекем; 11. Негизки кемчилиги – бирөөнүн кайгысын өзүнүн жан-дүйнөсү аркылуу өткөрүүсү; 12. Редьярд Киплингтин “Осуяттарына” ылайык жашагоо аракет кылат; 13. Эки мөөнөттөн кийин ишкерлер тарабынан үчүнчү мөөнөткө кайра шайланган профсоюздун жалгыз төрайымы; 14. «Self made woman» (өз күчү менен ийгиликке жеткен айым) деп атоого толук мүмкүн; 15. Жакшы көргөн чыгармасы Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы. __________________ В рамках рубрики #НашКандидат представляем вашему вниманию факты о Дамире Долоталиевой: 1. В школе все называли ее борцом за справедливость; 2. В браке 35 лет, мама 4 детей, бабушка 6 внуков; 3. Удостоена почётного звания "Датка Айым"; 4. По образованию врач; 5. Член общественного наблюдательного совета МВД КР; 6. В школьные годы активно играла в волейбол; 7. Много лет проработала заведующей кардиологического отделения в г. Кара-Балта; 8. В сложное для страны время, чтобы прокормить 4 детей, была вынуждена стать "челноком"; 9. Спустя много лет работы на рынке из-за своего стремления к справедливости и защите интересов предпринимателей была избрана председателем профсоюза рынка "Дордой"; 10. Человек слова; 11. Главный минус - пропускать чужую боль через себя; 12. Старается жить по «Заповеди» Редьярда Киплинга; 13. Первый председатель профсоюза, которому предприниматели не дали уйти с должности после двух сроков и переизбрали на третий срок; 14. Женщина, которую по праву можно называть «self made woman» (женщина, сделавшая себя сама); 15. Любимое произведение «И дольше века длится день» Чынгыза Айтматова.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 17:32

ыргызстандагы 24 банк-күрөөкана банкы.

Кыргызстандагы 24 банк-күрөөкана банкы. Банктар ишкерлердин инвестициялык өнөктөштөрүнө айланышы керек, башкача айтканда кирешелерди да, тобокелдиктерди да бирге бөлүшүшү керек. ⠀ 💰💰Бизде парадоксалдуу система өнүккөн. Банктарда акча көп а ишкерлер ала албай жүрүшөт. Себеби алардын эч кандай күрөөсү жок. Банктардын жана ишкерлердин кызыкчылыктарын айкалыштыруу - бул фондулук рынок аркылуу инвестициялоонун жолу. Бул ишкерлерге дагы, банктарга дагы пайдасы тиет. Алар өнөктөш болуп, бири-бирине жардам беришет. Булар бардык кыргыз салтына, ошондой эле элибиздин динине дал келет. ⠀ Я инвестирую в Кыргызстан! Миссией проекта является объединение энергии людей для реализации выгодных проектов. У кого- то есть идеи, у кого- то есть деньги. И мы хотим объединить их с участием государства. ⠀ 💰💰Новые производства - это сотни тысяч новых рабочих мест. Мы больше не будет зависеть от одного единственного бюджетообразующего предприятия! ВВП страны возрастет в разы!

Подробнее
14 сентября 2020 г. 15:38

Встреча с избирателями

Встреча с избирателями в регионах страны дает еще больше мотивации и сил для достижения всех наших целей! . 🙏🏻Өлкөнүн аймактарындагы шайлоочулар менен жолугушуу биздин алдыга койгон бардык максаттарыбызга жетүү үчүн мындан да чоң түрткү жана күч берет! Ыймандуу бийлик - берекелүү жашоо!🤲🏻

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:11

Мелисбек Жунусов: Партиябыз парламентке келсе, Кыргызстан өнүгөт

Мелисбек Жунусов пандемия учурунда Ат-Башынын Казыбек айылын жетишсиз дары-дармектер менен камсыздаган. Коргонуучу кийимдерди алып берген. Ат-Башы айылынын жеңиш аянтын калыбына келтирген. «Ача-Кайыңды», «Терек-Сай» жана «Бирлик», «Ак-Муз» айылындарындагы каттоочу жолду тегиздетип берген. Бул эми эл билген иштери, билгизбей кайрымдуулук кылып жаткан иштери толтура. Бирок, кылганын милдет кылбайт. «Мен ар дайым элимдин кызматында болууга аракет кылам. Кандай кырдаал болбосун, элиме жардам бергенге ашыгам», — деген Мелисбек мырза депутат болуп калса кайсыл тармакты өнүктүрүүгө салым кошоорун да айтты. — Кудай буюруп, депутат болуп калсам айыл чарбасын жана экологиялык туризмди өнүктүрүүнү колго алам. Буюрса, бул тармактар мамлекетти алдыга сүрөгөн логистикалык өнүгүүнүн негизи болот деп ишенем. Ошондой эле партиянын программасындагы ар бир бөлүм ишке ашат. Биз парламентке келсек, Кыргызстан өнүгөт. Элибизге утуш болот. Мамлекетибиз жаркын жашоого багыт алат. — Жаш партиянын курамы купулуңузга толобу? — Албетте, толот. Биздин партияда тажрыйбалуу, акылы жетик, иштин көзүн тапкан күчтүү адистер көп. Ооба, сиз айткандай, биздин партия жаш. Жаш болгону менен эл ишенимине ээ болгон. Жергиликтүү кеңештин шайлоолоруна биринчи жолу катышса да, ийгиликке жеткен жаш — конструктивдүү команданын партиясы. Жигердүү иштеген жаш талапкерлер менен толукталган курамы мени кубандырат. Буюрса, биз элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн, бир муштумдай түйүлүп, чоң иштерди жасайбыз. Мамлекетибизди өнүктүрөбүз. Биздин команданын ар бир мүчөсү ийгиликке жетебиз деген ишеним жана күчтүү дем менен иштеп жатат. — 4 — ийгиликтин башаты десек болобу? — Албетте. 4 ийгиликтин, жакшылыктын белгиси. Кыргыздар төрт санын жакшы жөрөлгө катары кабыл алган. Мисалы, түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деп төрткө бөлүнөт. Кыргызда: «Төрт тарабың кыбыла» деп айтылат. Жыл да 4 мезгилден турат. Бийлик да төрт бутактан турат. Үй-бүлө мүчөлөрү да: ата-эне, уул-кыз болот. Бул жагын эске алганда, 4 санын ийгиликтин башаты, жакшы жөрөлгө катары кабыл алсак болот. Кудайдан болуп, партиябызга ийгилик жылмайсын. Тагдыр чечкен 4-октябрь күнү, 4 номер менен триумфалдуу көрсөткүч менен чыгууга толук мүмкүнчүлүк бар деп ойлойм жана шайлоочулар биздин партияга добуш берет деп тереӊ ишенем. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:11

Эрлист Акунбеков: Элеттеги элдин турмушун жакшыртабыз

Эрлист Акунбеков 36 жашта. Ош мамлекеттик университетинен жана Москвадагы Михаил Ломоносов атындагы ММУнун экономика факультетинен билим алган. Азыр «Бай дыйкан» долбоорунун жетекчиси. Сугат жана талааларды кайрадан иштетип чыгуу боюнча жаңы системаларды киргизип, натыйжалуулугун көргөзүүдө. Жети агролабораториянын жана фермерлерди колдоо боюнча фонддун негиздөөчүсү. «Аты жаман илдет дүйнөнү каптагандан бери көпчүлүк өлкөлөр экономикалык оор соккуга учурады. Медицинасы күчтүү, экономикасы бай мамлекеттер да туруштук бере албай, бир топ алсыраганын көрдүк. Албетте, ошол экономикалык каатчылыкка дуушар болгон мамлекеттердин катарында Кыргызстан да болду. Өлкөгө карантин тартиби киргизилген учурда элге жардам берүү максатында командам менен кызмат кылдым. Жер-жерлерге беткап, антисептикалык каражаттарды таратып турдук. Эң негизгиси Кыргызстанды кыдырып, аба аркылуу дезинфекция иштерин акысыз жүргүзүп бердик. Вирус чыккан үйлөргө чейин кирип, короолорду дезинфекция кылдык. Оорулуулар жаткан имараттарды, ооруканалардын бирин калтырбай дрон жана мотодельтапландын жардамы менен дезинфекция иштерин жүргүздүк. Илдет менен алпурушуп жүрсөк, парламенттик шайлоонун күнү да аныкталып калыптыр. Жакындарым, командам, досторум шайлоого катыш деген сунуш берди. Бизнестеги жетишкендиктерим, аз убакыттын ичинде көптөгөн ийгиликтерди багындырганым, ишкерликтеги тажрыйбамды, чет өлкөлөрдө алган билимимди эл үчүн пайдаланууга убакыт келди окшойт деген ишенимде «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттандым. Мен өзүмдүн напсимди тарбиялоону биринчи орунга коём. Жогорку Кеңешке барууда өзүмдүн кыпындай дагы жеке кызыкчылыгым жок. Элден жашыра турган бизнесим деле жок. Парламентке баруудагы негизги максатым — элге пайдалуу мыйзамдарды жазуу, тар чөйрөнүн кызыкчылыгына пайда келген иштер менен эмес, элеттеги карапайым элдин турмушун жакшыртуу. Айрыкча дыйкандарды ар тараптан колдоого алган программаларды иштеп чыгып, ишке ашыруу. Өзүмдүн киреше булагым дыйканчылыкка байлангандыктан, мен бул багытта командам менен мыкты иш алып бара алам деп ойлойм. Эгерде мага эл ишеним артып, мандатка ээ болсом, жаза турган мыйзамдар, трибунада көтөрө турган орчундуу маселелердин баары эл үчүн болот. Буюрса, дыйканчылыкка пайда алып келе турган чечкиндүү мыйзамдарды иштеп чыгып, дыйкандардын укугун коргоп, ишине дем-күч берем. Дыйкандар өндүргөн продукцияларын кымбат баада сатууга жол ачууга бардык аракеттерди жасайбыз». «Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:11

Аскар Шабданов: Ар бир жарандын социалдык абалын жакшыртууга салым кошобуз

Аскар Шабданов жогорку билимдүү. КМУнун экономика факультетин аяктаган. Кесиби боюнча 13 жылдан бери финансы системасында эмгектенип келе жатат. Улуттук банктан коммерциялык банктарга чейин иштеди. Жөнөкөй кызматтан жетекчиликке чейин жетип, тажрыйба топтоду. Талас облусунун губернаторунун жардамчысы болду. Шаардык кеңештин эки чакырылышынын депутаты болду. Бул жактан маселенин күрөө тамырынан кармаганды, аны чечүүнүн жолдорун үйрөнгөнүн айткан Аскар мырза, «Эл менен иштөөнү үйрөндүм, өзүмдү ар тармактан өстүрүүгө аракет кылдым», — дейт. — Иштин көзүн табууга аракет кылган, ар тараптан өзүңүздү өнүктүргөн адам экенсиз. Эмне үчүн башка партияны эмес, «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандадыңыз? — Анын себеби бар. «Мекеним Кыргызстан» партиясы башка партиялардан өзгөчөлөнүп, карапайым элдин арасынан чыккан жигердүү жаштарга басым коюп, жаңы жүздөрдүн саясатка аралашышына мүмкүнчүлүк берип, элетти көтөрүүнү колго алды. Элет өнүксө — эл өнүгөт. Эң негизгиси «Мекеним Кыргызстан» партиясы эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу Талас шаарынан 2 талапкер чыгарды. Мындай нерсе Талас шаарынын тарыхында болгон эмес. Программасы артыкчылыкка бай болгон үчүн, лидерлери жаштарга басым жасаганы үчүн парламенттик шайлоого ушул партия менен аттанууга белсендим. Элибиз саясаттан чарчап турган заманда, биздин партия ар бир жарандын социалдык абалын жакшыртуу жана экономика тармагына өнүгүшүнө салым кошот. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагы гана эмес, экономика чөйрөсүндөгү да көп новаторлук идеялар бар. Программанын чоң бир бөлүгү айыл чарбасына арналган, бул өтө маанилүү, анткени калкыбыздын басымдуу бөлүгү дал ушул чөйрөдө иштейт. Мен бул күчтүү командада экениме, партиянын мүчөсү болгонум менен сыймыктанам. — Депутат болуп калсаңыз, партиянын программасын ишке ашырууга киришесизби же башка да көздөгөн максатыңыз барбы? — Кудай буюруп, депутат болуп калсам, партиябыздын программасын партиялаштарым менен бирдикте ишке ашырууга аракет кылам. Мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартып, эффективдүү иштетүүгө аракет кылып, бири-бирин кайталаган көп ведомстолорду жоёбуз. Тагыраагы, чиновниктердин санын азайтып, аларга корогон каражатты билим берүүнү, медицинаны өнүктүрүүгө жумшайбыз. Маданиятты көтөрөбүз. Үнөмдөлгөн каражатты максаттуу пайдаланабыз. Пандемия медицинаны абалын алаканга салып көрсөтүп койгондой абал башка тармактарда болбошу керек деген максатта иш алып барабыз. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:11

Канатбек Маматов: Эл үнүн аткаруу бийлигине жеткирүү үчүн депутаттыкка аттандым

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери, Футбол союзунун президенти Канатбек Маматов Өзгөн аймагын кыдырууда. Мырза-Аке айыл аймагынын эли жылуу маанайда, ак бата менен тосуп алды. Эл менен жолугушууда аталган аймактагы эң башкы көйгөйү — электр чубалгыларын кармаган карагайлардын чиригени, таза суу жана жумуш орундардын жоктугу айтылды. Канатбек Маматов элдин суроо-талаптарынын бардыгын чечүү жергиликтүү бийликтин колунда экендигин баса белгиледи. Жеке каражаттан кайрымдуулук иштерин байма-бай жасап туруу жетишсиз экендигин жана аймактар маселеси мамлекеттик деңгээлде, өлкө казынасынын максаттуу бөлүштүрүлүшүнө байланыштуу экендигин эске салды. «Мамлекет башчысы бекеринен соңку эки жылды аймактарды өнүктүрүү жана санариптешүүгө арнаган жок. Бул багыт «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында да бар. Мисалы, санарип мамлекеттик кызматтарды алууну ыкчамдатат жана жеңилдетет. Айылдаштарымдын тамакты оңдуу бышыра албаган үлбүрөгөн жарыктары, кенен кесир тиричилик кылууда суу жетишсиздиги мени дагы түйшөлтөт. Канатбек Маматов. 21-кылымда жашап жатып, Көлдүк айылыбызда өмүрү бала бакча болбогондугу өкүндүрөт. Мен сиздер менен биргеликте эл жашоосун жакшыртуу, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө багытын алайын деп, саясий аламанга чыктым. Эл менен аткаруу бийлигинин ортосундагы көпүрө болуп, сиздердин үнүңүздөрдү жеткирейин деп депутаттыкка аттандым», — деди ал өз сөзүндө. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты. Төгөрөгү төп келишкен № 4 санын тандаңыз! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: КыргызРеспубликасы, Бишкек шаары , Турусбеков көчөсү, 109/1 , 510-кабинет.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:11

Спикерди сүйүнчү пулга байланыштуу шайлоодон четтетүү БШКда колдоо тапкан жок

Дастан Жумабеков. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова Таласта жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген төрага Дастан Жумабековду же «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү боюнча сунушун БШКнын мүчөлөрү кароодон баш тартты. Учурдагы парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков 14-сентябрда Таласка болгон сапары учурунда жаңы төрөгөн келин уулуна Дастан деп ат койгону үчүн сүйүнчү иретинде 50 миң сом берген. Анын акча берип жаткан учуру тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланып , кийин өчүрүлгөн. «Кыргызстан» партиясы 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ар бир төрөлгөн балага сүйүнчү пул катары 50 миң сомдон берилерин убадалаган. Бирок бул иш жүзүнө ашкан эмес. Разве ЭТО 👇 НЕ подкуп? 😱🤷‍♂️ Posted by Искен Афиджанов on Monday, September 14, 2020 Абдрахматова Жумабековдун аракети шайлоо жөнүндөгү мыйзамды бузуу болуп саналарын, атап айтканда Административдик ресурсту колдонуу жана үгүт иштери учурунда өз укуктарынан аша чаап колдонууга жатарын белгилеген. Ошондой эле, бул фактыны БШКнын күн тартибине киргизип кароону сунуштаган. Бирок Боршайкомдун 8 мүчөсү каршы добушун берип, маселе күн тартибине киргизилген эмес . Спикердин маалымат катчысы Жоомарт Максатбеков «Азаттыкка» төрага акчаны үй-бүлөсүнүн атынан бергенин билдирген. Эми анын юридикалык жагын юристтер менен кеңешерин айткан. *«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына ылайык , шайлоо дайындалган учурдан тартып анын натыйжалары жарыяланганга чейин талапкерлер же алардын жакын туугандары кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укугу жок. «Кыргызстан» партиясынын талапкерлери буга чейин дагы үгүт иштери учурунда кайрымдуулук менен алектенген. Мисалы аталган партиядан талапкер Нурбек Алимбеков Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баргы айылынын жолуна асфальт төшөө үчүн 1,5 млн сом бөлгөн. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иштери 4-сентябрда башталган жана 3-октябрда аяктайт.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:39

Тизме-Азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатат

Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болгондордун төрттөн үч бөлүгү кайрадан парламентке келүүгө ниет кылууда. Депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышмакчы. Тизменин жарымынан көбүн мыйзам чыгаруу ишмердигинен арылгысы келбеген азыркы эл өкүлдөрү түзөт. Sputnik Кыргызстан редакциясы партиялардагы тизмеден талапкер болгон учурдагы депутаттарды санап чыкты. Материалга жакында эле мандатын тапшырып, эл өкүлүнүн креслосуна кол сунгандар да киргизилди. Партиялар тизмедеги депутаттар боюнча тизмектелди. “БИРИМДИК” “Биримдик” менен 29 парламентарий бара жатат. Алардын 14ү алтынчы чакырылышка КСДПдан депутат болуп келген. Алар: Төрөбай Зулпукаров (№3) — парламентте бешинчи чакырылыштан бери келе жатат; Евгения Строкова (№ 4); Аида Касымалиева (№ 8) — ЖКнын вице-спикери; Марат Аманкулов (№ 11); Улан Примов (№ 17); Азамат Арапбаев (№ 19) — 2008-2010-жылдары төртүнчү чакырылыштын депутаты; Асылбек Жээнбеков (№ 27) — 2007-жылы төртүнчү, ал эми 2010-жылы бешинчи чакырылыштын депутаты жана кийин ЖКнын төрагасы болгон ; Өмүрбек Бакиров (№ 30) — “Республика — Ата-Журт” партиясынан бешинчи чакырылыштын депутаты; Бакытбек Жетигенов (№ 35) — бешинчи чакырылыштын депутаты, “Ар-Намыс” менен келген; Абтандил Кулбараков (№ 39); Айнура Осмонова (№ 44); Сайдолимжон Жураев (№ 46); Айнуру Алтыбаева (№ 52) — “Ар-Намыстан” бешинчи чакрылыштын депутаты болгон; Нодирбек Каримов (№ 55). Дагы жети депутат “Республика — Ата-Журт” партиясынын фракциясынан кошулган: Айбек Алтынбек (№ 13); Пархат Тулендыбаев (№ 22) — 2007- 2010-жылдары “Ак Жол”партиясынан келип, төртүнчү чакырылышка мандат алган; Махабат Мавлянова (№ 28); Сагындык Келдибаев (№ 29); Динара Исаева (№ 40) — 2007- 2010-жылдары “Ак-Жол”партиясынан төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон; Нурбек Тотонов (№ 43); Абдыбек Дүйшалиев (№ 57). Төрт депутат “Бир Бол” партиясынан келген: Бакирдин Субанбеков (№ 15); Жаныбек Бакчиев (№ 26); Исхак Пирматов (№ 31) — “Республика” партиясынан бешинчи чакырылыштын депутаты болгон; Бактыбек Турусбеков (№ 71). Үч депутат “Өнүгүү — Прогресс” партиясынан кошулган: Гүлшат Асылбаева (№ 32); Абдумажит Юсуров (№ 67) — төртүнчү чакырылыштын депутаты; Абылкайыр Узакбаев (№ 170); Партияга “Кыргызстан” фракциясынан Айнура Аскарова кирген (№ 89). “МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН” Тизмеге 15 азыркы депутат кирген. Алардын жетөө “Республика — Ата-Журт” фракциясынан: Марлен Маматалиев (№ 7); Жыргалбек Турускулов (№ 9); Таабалды Тиллаев (№ 11); Бактыбек Сыдыков (№ 22); Бактыбек Райымкулов (№ 25); Алиярбек Абжалиев (№ 27) — 2005-2007-жылдары депутат болгон; Тариел Жоробеков (№ 79). Беш депутат “Мекеним Кыргызстанга” КСДПдан келген: Искендер Матраимов (№ 10); Гүлкан Молдобекова (№ 12); Иса Өмүркулов (№ 26) — ал биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон; Ильхом Маннанов (№ 33); Жылдыз Мусабекова (№ 44). Эки депутат “Өнүгүү —Прогресс” партиясынан, алтынчы чакырылыштан келген: Мирлан Бакиров (№ 1) — “Республика” партиясынан бешинчи чакырылышта мандат алган, 2017-жылы вице-спикер болуп шайланган; Осмон Турдумамбетов (№ 54) — парламентке 2020-жылдын 28-августунда келген. “Мекеним Кыргызстанга” ЖКдагы “Кыргызстан” фракциясынан Урматбек Самаев депутат болуу ниетинде (№ 21). “КЫРГЫЗСТАН” Аталган партиянын бүгүнкү тизмесинен 11 эл өкүлүн окууга болот. Алардын көбү алтынчы чакырылыштын депутаттары: Канат Исаев (№ 1) — бешинчи чакырылышка “Республиканын” тизмеси менен келген; Нурбек Алимбеков (№ 3) — бешинчи чакырылышка “Республиканын” тизмеси менен келген; Азизбек Турсунбаев (№ 5) — үчүнчү, төртүнчү чакырылыштын депутаты; Дастанбек Жумабеков (№ 7) — бешинчи чакырылышта “Ата-Журттун” тизмеси менен келген, ЖК спикери; Шаршенбек Абдыкеримов (№ 9) — 2011-жылы “Республика” менен парламентке келген; Салайдин Айдаров (№ 13); Алмазбек Токторов (№ 43); Бектен Сыдыгалиев (№ 66). “Кыргызстандын” катарына “Республика — Ата-Журттан” өткөндөр: Талант Мамытов (№ 2) “Республика —Ата-Журттан” шайланып, бешинчи чакырылыштын депутаты болгон; Экмат Байбакпаев (№ 22). Тизмеден Тазабек Икрамовду табууга болот (№ 27), “Өнүгүү — Прогресстен” алтынчы чакырылышка депутат болуп келген. “Кыргызстандын” жети талапкери шайлоого чейин мандатын тапшырган. Алар: Таалайбек Масабиров (№ 15) сентябрдын башында, Данияр Төлөнөв (№ 10) жана Кубанычбек Нурматов (№ 21) — августта, Руслан Чойбеков (№ 6) — июнда, Жаныбек Исаев (№ 29) менен Алмазбек Эргешов (№ 30) майда кетти. “АТА МЕКЕН” Бул партияга жети депутат кирип, кайрадан эл өкүлү болууга аттанды. Алардын төртөө — алтынчы чакырылышка Социал-демократтардын тизмеси менен келгендер: Жанар Акаев (№ 1) — эки жыл мурда КСДПнын катарынан чыгарылган; Рыскелди Момбеков (№ 3); Эльвира Сурабалдиева (№ 4); Абдывахап Нурбаев (№ 10); Үчөө мурда эле “Ата Мекенде” болчу: Наталья Никитенко (№ 8); Эмил Токтошев (№ 11) Бахадыр Сулейманов (№ 15) — бешинчи чакырылышта “Ата-Журттан” келген. “РЕСПУБЛИКА” Бул партия менен алты депутат талапкер болуп бара жатат. Алардын басымдуу бөлүгү “Республика — Ата-Журт” фракциясы менен ЖКга келгендер: Мирлан Жээнчороев (№ 1); Кенжебек Бокоев (№ 6) — “Республика” тизмеси менен бешинчи чакырылышта депутат болгон; Руслан Казакбаев (№ 11); Максат Сабиров (№ 13) — “Республика” тизмеси менен бешинчи чакырылышта депутат болгон; Калдарбек Баймуратов (№ 22). “Республиканын” 14-тизмесинде КСДПдан келген Аалы Карашев жүрөт. Мандат үчүн Алтынбек Жунус уулу да жарышка түшөрүн айта кетели (№ 5). Депутаттык мандатынан ал үгүт иштери башталар алдында баш тарткан. “СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР” КСДП фракциясынын бардык алты депутаты Жогорку Кеңешке депутат болуп келүү мүмкүнчүлүгүн сынаганы турат. Ирина Карамушкина (№ 2) — ал төртүнчү чакырылыштан бери депутат; Анвар Артыков (№ 3) — парламенттеги ишмердүүлүгүн 1990-жылдары Кыргыз ССРинин Жогору Советинин депутаты болуудан баштаган. 2000-жылы ЖКга он жылдык тыныгуудан кийин “Ар-Намыс” партиясы менен кайра шайланган; Карамат Орозова (№ 5) — төртүнчү жана бешинчи чакырылыштын да депутаты болгон; Асел Кодуранова (№ 15) — КСДП фракциясынан төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон; Альфия Самигуллина (№ 25); Мухтарбек Айнакулов (№ 35). “ЗАМАНДАШ” Бул партиянын тизмесинен Жогорку Кеңештин беш депутатын кезиктирдик. Алардын экөө “Замандашка” саясий “Ата Мекен” биримдигинен келген: Айсулуу Мамашова (№ 8); Искандер Гайпкулов (№ 33) — кезегинде үчүнчү чакырылыштын депутаты болгон. Тизмеде биринин артынан экинчиси турган башка эки депутат алтынчы чакырылышта “Бир Бол” фракциясынан келген: Алмазбек Акматов (№ 13); Улугбек Ормонов (№ 14) — үчүнчү жана төртүнчү чакырылыштын депутаты жана “Ак-Жол” фракциясынын лидери болгон. “Замандаштын” бешинчи тизмесинде Умбеталы Кыдыралиев бар. Ал “Республика — Ата-Журт” партиясынан алтынчы чакырылышта мандат алган. “БИР БОЛ” Алтынбек Сулайманов (№ 10); Дүйшөн Төрөкулов (№ 13) Партиялык тизмени баштап бара жаткан Алмамбет Шыкмаматов алтынчы чакырылышка “Ата Мекен” менен депутат болуп келген. Бир учурда фракцияны жетектеп турган. Былтыр партия лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктен улам мандатынан баш тарткан. “МЕКЕНЧИЛ” Бул партиянын катарында ЖКнын азыркы эки депутаты бар. Курманкул Зулушев (№ 7) “Республика — Ата-Журт” фракциясынын алтынчы чакырылышында депутат болгон, андан кийинки тизмедеги Гүлнара Клара-Самат (№ 8) “Ата Мекенден” жаңы “Мекенчилге” өткөн. “БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН” Бул партиянын тизмесинде азыркы депутаттардын бирөө бар, ал — Саматбек Ибраев (№ 9). КСДП фракциясы менен ЖКга апрель айында келип мандатка ээ болгон. Ушул эле мезгилде “Бүтүн Кыргызстандын” тизмесинин өйдө жагынан мурдагы эки депутат орун алган. Исхак Масалиев (№ 3) мандатын май айында, Зиядин Жамалдинов (№ 11) — августтун аягында тапшырып берген. Афганистан жана башка локалдык чатактардын катышуучуларынын партиясында, “Ордо”, “Реформа”, “Чоң Казат”, “Ыйман нурунун” тизмесинде ЖКнын азыркы депутаттары жок. Ошентип Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына келип, мандат алуу үчүн азыркы 84 депутат талапкер аттанды. Мандаттарын анча көп эмес убакыт мурда тапшырган бир катар парламентарийлерди эсепке алганда бул сан 94кө чейин көбөйүшү мүмкүн.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники