О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
5 сентября 2020 г. 20:09

"Замандаш" партиясынын үгүт кампаниясынын 2-күнү

"Замандаш" партиясынын үгүт кампаниясынын 2-күнү ыйык Ош шаарында уланууда. На второй день команда партии “Замандаш”отправилась в город Ош.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:19

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Шайлоо боюнча жыйын өткөрдү

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүгө жана шайлоону өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча жыйын өткөрдү. Вице-премьер-министр белгилегендей, бир нече күн мурда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны болуп, анда парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселеси каралды. «Коопсуздук кеңештин жыйынында шайлоо процессин өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамалар топтомун камтыган чечимге кол коюлду. Айтылган пункттар сапаттуу, өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 2020-жылдын 10-сентябрына чейин ички иштер органдары менен бирдикте ЖКнын депутаттарын шайлоо процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү маанилүү пункттардын бири болуп саналат», – деди Акрам Мадумаров. Штабдын отурумунда шайлоо күнү өлкө аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылуу зарыл экендиги айтылды. Ошондой эле эл аралык байкоочулар боюнча маселе дагы каралды. Муну менен катар шектүү жана айыпталуучу катары камакта жаткан адамдарга тиешелүү документтерди берүү боюнча баяндама жасалды.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:19

“Чечимди кабыл алуу оор болду” Темир Сариев шайлоого барбай тургандыгын билдирди

Темир Сариев парламенттик шайлоого барбай турганын билдирди. Саясатчы мындай чечимин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялаган. Анда Сариев видео кайрылуу жасап, аталган чечимге келүү оор болбогондугун айткан. “Менин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен бирге шайлоого барарым аягына чыкпай калды. Мен шайлоого барбайм. Бул абдан өкүнүчтүү, аянычтуу. Бул чечим мага оңой келген жок. Эч кимди күнөөлөбөйм. Партиялаштарымдан кечирим сурайм!” , – деген Сариев. Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Бүгүн, 24-августта кечки саат 18:00дө БШК партиялардан каттоо тууралуу документтерди кабыл алуусун токтотот. Шайлоо бюллетенине кире турган партиялардын тизмесин БШК 3-сентябрга чейин жарыялоого тийиш. 4-сентябрда үгүт иштери башталат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:19

Депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленип, Жарлыкка президент кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленди. Аталган жарлыктын негизинде, депутаттарды шайлоо 4-октябрь, жекшемби күнгө белгиленди. Ошондой эле кол коюлган жарлыкта борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону КРнын мыйзамдарына ылайык уюштурууга, Өкмөт шайлоого зарыл болгон каражатты бөлүп берүүгө, ага даярданууда жана өткөрүүдө мыйзамдар, эркиндик, укуктар жана санитардык эпидемиологиялык эрежелер сакталууга тийиш экендиги ж.б шайлоо тартиптери жазылган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:19

Президент шайлоо босогосун жети пайызга чейин түшүрүү тууралуу мыйзамга кол койду

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш бул мыйзамдын долбоорун быйыл 18-июнда кабыл алган. Ал саясий партиялардын парламентке өтүүсү үчүн шайлоо босогосун тогуз пайыздан жети пайызга түшүрүүгө багытталган. Шайлоо чеги тууралуу жалпысынан эки мыйзам долбоору сунушталган. Парламентке өтүүнүн босого чегин тогуздан беш пайызга түшүрүп, шайлоо күрөөсүн бир миллион сомго азайтуу боюнча мыйзам долбоору депутаттардын колдоосуна ээ болбой калган. Жээнбеков шайлоо босогосун тогуз пайыз кылууга саясий күчтөр даяр эмес экенин 20-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып айткан. Шайлоо босогосун жети пайызга чейин түшүрүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна 7-февралда чыгарылган. Аны иштеп чыккан топтун курамында 21 депутат бар. Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз болуп өзгөртүлгөн. Кезектеги парламенттик шайлоо мыйзам боюнча быйыл 4-октябрда өтөт. Буга байланышкан жардыкты 26-июндан баштап он күн аралыгында парламенттик шайлоо боюнча президенттин жарлыгы чыгышы керек.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:19

БШК: Парламенттик шайлоону 2020-жылдын октябрында өткөрүү пландалууда

2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо пландалууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 16-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусу учурунда билдирди. Шайлдабекова жакынкы эки жылдын ичинде өтчү шайлоолор тууралуу маалымат берди. Алар: 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо, 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2021-жылы төрт жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык). Буга чейин айрым басылмалар жана депутаттар парламенттин тарашы жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2019-жылы күзүндө өтүшү ыктымал экенин билдиришкен. 20-сентябрда Дастан Бекешов Твиттердеги баракчасына: «Ак үйдө парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу тууралуу сөздөр болуп жатат, мындай долбоор бышып жетилген болсо, ал өлкөгө эч нерсе алып келбейт, бирок айрым кишилер үчүн пайдалуу болушу ыктымал», – деп жазган. Парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү тууралуу айың кептер жүрүп жатканын Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева да тастыктаган. – Шайлоо 2020-жылы жазында же күзүндө өтөбү, айырмасы жок. Бирок баары бир нече фактордон көз каранды, убакыт көрсөтөт. Азырынча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү – айрым кишилердин «каалоосу». Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү 2020-жылы күзүндө аягына чыгат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:19

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү жылдырылышы мүмкүн

Коронавирустан коргонуу максатында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 12-апрелге белгиленген шайлоо өнөктүгүн да жылдыруу зарыл. Мындай сунушун БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди. Анын айтымында, сунуш Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабековага, анын орун басарларына жана комиссиянын айрым мүчөлөрүнө да оозеки айтылган: “Бул менин жеке оюм. Учурда көрүп жатасыңар, өкмөт массалык иш-чараларды чектеп жатат. Шайлоого даярданып жаткан саясий партиялардын үгүт иштери да массалык иш-чарага кирет. Чектөөдөн улам алар эл аз бата турган имараттарда жолугушуу өткөрүп, үгүт жүргүзө беришет. Бирок муну менен элдин ден-соолугуна коркунуч жаралышы мүмкүн. Ошондуктан, үгүт иштерин да, шайлоону да жылдыруу зарыл деп эсептейм”,-деди Гүлнара Журабаева. Бул сунуш азырынча Боршайкомдун отурумуна коюла элек.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:19

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктардын жүрүшү талкууланды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-мартта, шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Жолугушууда өлкөнүн парламентинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктардын жүрүшү талкууланды. Мамлекет башчысы шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоонун жүрүшүнүн толук ачык-айкындуулугун, шайлоо кампаниясына бардык саясий партиялардын катышуусун жана аларга бирдей шарттарды түзүүнү камсыздоо зарылдыгын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун алдында айрым шаарларда жарандарды массалык каттоо боюнча жакында болгон окуяны эске салып, шайлоо процессинин айрым субъектилеринин мындай кадамдарына тынчсыздануусун билдирди. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө бардык даярдык иш-чаралары өлкө мыйзамдарына ылайык өтүп жатканын билдирди. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, 25 айылдык кеңешке аялдар үчүн 30 пайыздан кем эмес мандатты резервдөө колдонулат. Ал алдыдагы шайлоолордо жергиликтүү кеңештерде аялдардын катышуусун 38 пайызга чейин көбөйтүүгө негиз болуп бере алат. Айылдык кеңештердге бардыгы болуп 375 депутат шайланат, алардын 142 мандатына аялдар келе алат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:19

ОшМУда ректорлук шайлоо жүрүп жатат

Бүгүн, 5-ноябрда, Ош мамлекеттик университетинин ректорун шайлоо жүрүп жатат. Учурда 1000ден ашуун окутуучу добуш берип бүттү. Маалыматка ылайык, ректорлукка төрт адам ат салышууда. Талапкерлер: ОшМУнун ректорунун милдетин аткаруучу Кудайберди Кожобеков; Бишкек гуманитардык университетинин үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун социалдык, информациялык технологиялар кафедрасынын доценти Шайымбек Эгембердиев. Кыргыз-өзбек университетинин сырттан окуу боюнча проректору Алтынбек Зулпукаров; И. Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз мамлекеттик техникалык институтунун телематика кафедрасынын башчысы Бибигүл Кошоева; Шайлоо бүгүн, саат 15:30да жыйынтыкталат. Ага жалпысынан 1737 окутуучу жана структура башчылары катышып жатышат. Белгилей кетсек, ОшМУнун мурдагы ректору Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:25

Омурбек Текебаев не будет баллотироваться в Жогорку Кенеш

Лидер партии "Ата Мекен" Омурбек Текебаев не будет баллотироваться в Жогорку Кенеш. Об этом сообщает телеграмм-канал "Шайлоо 2020". По его данным, также не намерены баллотироваться бывший глава МЧС Дуйшенкул Чотонов и экс-вице-спикер Асия Сасыкбаева. Напомним, на днях стало известно, что трио - "Ак-Шумкар", "Ата Мекен" и КЛДП (Кыргызская либерал– демократическая партия) - превратилось в дуэт, поскольку Темир Сариев вместе со своей партией покинул коалицию. Кроме этого, стало изветсно, что в ряды "Ата Мекена" влилась депутат Эльвира Сурабалдиева.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:25

Миллионный грант ЮСАИД выиграла неизвестная организация - НПО

Ряд известных неправительственных организаций выразили недовольство решением ЮСАИД в Кыргызстане в связи с тем, что грант на миллион сомов получила неизвестная общественная организация "Общее дело". В связи с этим неправительственные организации сделали заявление. "К сожалению, именно из-за таких непрозрачных и предвзятых решений со стороны международных организаций идет "очернение" НПО со стороны общественности как "грантоедов", но хуже того, что благодаря подобным действиям инициируются законопроекты со стороны депутатов ЖК КР по принятию поправок в законодательство, ухудшающие положение НПО. Отмечаем, что подобные законопроекты инициировались уже не в первый раз и направлены на необходимость дополнительного контроля за деятельностью организаций, продвигающих принципы прозрачности и открытости государственных органов", - говорится в заявлении организаций. Напомним, в январе редакция VB.KG писала о предстоящем конкурсе на грант для мониторинга проходящих в Кыргызстане выборов. "Несмотря на то, что конкурс был объявлен ЮСАИД Алматы (именно поэтому многие НПО подавали на данный конкурс и рассчитывали на объективность при отборе, так как уже давно разочаровались в некоторых сотрудниках ЮСАИД в Бишкеке) пришли к выводу, что решение при отборе все же осуществлялось в Бишкеке. Поданные нами запросы на детальную оценку при отборе не убедили нас в беспристрастности этой оценки, хотя стоит отметить, что с некоторыми из них мы бы согласились. Более того, недоверие к конкурсу осталось в виду того, что 5 марта 2020 года, когда многие организации только получили официальный ответ об отклонении их заявок, в эти же дни на сайтах по найму сотрудников полным ходом шел рекрутинг специалистов "Победителя". Местные, давно несменяемые сотрудники международных организаций открывают свои НПО и пропускают их через формальные процедуры конкурса, лоббируя их, чем и порождают недоверие к деятельности как НПО, так и международных организаций в Кыргызстане. Мы также обеспокоены тем, что бюджеты проектов необоснованно укрупняются донорами, а также реализуются непосредственно международными НПО, которые рекрутируют местных консультантов самостоятельно, подменяя роль местных НПО, не давая возможности институционального роста неправительственного сектора. Таким образом решение ЮСАИД о выделении миллионного гранта, не имеющей опыта НПО, резко снизит доверие к независимому мониторингу предстоящих выборов, поскольку без компетентного, правозащитного, неправительственного подхода (для которого необходим опыт участия в подобных мероприятиях) невозможно проведение мониторинга избирательного процесса, публичного апеллирования и участия в избирательных спорах. В связи с вышеобозначенным, требуем публичного заявления и разъяснения решения ЮСАИД и предоставления четких разъяснений критериев отбора организации "Общее дело" для мониторинга выборов в Кыргызстане" НПО, подписавшие заявление: ОЮЛ "Ассоциация Таза Шайлоо" ОФ "Гражданская платформа" ОФ "Эгль" ОО "Женская демократическая сеть" ОО "Центр общественных технологи" ОО "Мутакалим" ОО "Журналисты"

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:25

БШК Алмамбет Шыкмаматовдун депутаттык ишмердүүлүгүн расмий түрдө токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясы Алмамбет Шыкмаматовдун депутаттык ыйгарым укугун расмий түрдө токтотту. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди. БШК маалыматы боюнча, мындай чечим Шыкмаматовдун арызынын негизинде кабыл алынды. -"Ата Мекен" партиясынын лидери Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичтин Жогорку Кеңештин депутаттык ыйгарым укугун токтотуу тууралуу арызынын негизинде, КР Конституциясынын 65-беренесине, "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине жана "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" КР мызамынын 2-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичтин депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотту, - деп айтылат БШКнын билдирүүсүндө.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:25

"Ата Мекендин" курамынан чыгуу тууралуу партиянын дагы 3 мүчөсү арыз жазды

Бүгүн, 27-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясына "Ата Мекен" партиясынын курамынан чыгуу тууралуу арыз дагы 3 кишиден келип түштү. Бул тууралуу БШК билдирди. БШКнын маалыматына ылайык, сөз 2015-жылы берилген тизме боюнча депутаттыкка талапкерлер: Талантбек Узакбаев, Ташполот Балтабаев жана Рысбек Мирзаматов жөнүндө болууда. Бүгүн "Ата Мекен" партиясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун депутаттык мандатын тапшыруу жана партиянын катарынан чыгуу маселеси чечилмекчи.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:25

Кыргызстанда Конституцияны "тымызын"өзгөрткөн жатышабы?

Депутат Дастан Бекешев 2020-жылы Кыргызстанда кайрадан Конституцияга өзгөртүү киргизүү же Жогорку Кеңешке кезексиз шайлоолорду дайындоо боюнча референдумду "тымызын" өткөрүүгө аракет кылып жатышат деп тынчсызданууда. Буга Жогорку Кеңеште элдик демилгени колдоого кол топтоо, коюлган колдорду текшерүү, кол коюлчу барактардын даярдалышы боюнча жумушчу тобунун түзүлүшүн талкуулоо себеп болгон. Жашырылган мыйзам долбоору -Элдин баары Жаңы жылга даярданып жаткан маалда, биздин парламентте кызыктуу иштер жүрүп жатат. Жаңы эле парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин токтому өттү, Бизге Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жарыялоо жөнүндө мыйзам долбоору түшкөн имиш. Бирок, азыркы мыйзамга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жаткандыгы белгисиз. Мына ушунун өзү мени тынчсыздандырууда, - деди Дастан Бекешев. Бекешев анын кесиптештеринен дээрлик эч ким бул эмне болгон документ экенин билишпей тургандыгын белгилеген. -Комитеттин чечимине бул мыйзам долбоорунун тексти тиркелиши керек эле, анткени, биз бул мыйзам долбоору же кайрылуу экендигин түшүнбөй жатабыз. Бирок бул документтер жок. Мен бул демилгенин текстин бергиле десем, "жок, биз кол коюларды гана текшеребиз" дешти. "Анда эмне үчүн кол коюш керек? Эмне үчүн баары жашыруун жана тымызын өткөрүлүп жатат? – деп суроо салды Дастан Бекешев. Анын кесиптеши Айнуру Алтыбаева белгилегендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш, өкмөт жана 10 миң кол топтогон жарандар демилгелейт. -Биз сөз кылып жаткан демилгенин азырынча мыйзамдык укугу жок, анткени, чынында эле кол топтолгонун биз билбейбиз. Балким анда 9 миң 900 добуш берилгендир, бул адамдар жасалма кол коюп коюшу да мүмкүн. Биз мына ушуну аныктагыбыз келет, эгер алар анык жана мыйзамдуу болсо, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна келип түшөт, - деп жооп берди Айнуру Алтыбаева. Жыйынтыгында депутаттар коюлган колдордун аныктыгын текшерүүчү комиссиянын түзүлүшүнө добуш беришти. Бирок, мындай көрүнүш баары бир Дастан Бекешевду тынчсыздандырууда, ошондуктан ал мындай пикирин соцтармактардагы өз баракчасына жарыялаган. -Бул документ эмне жөнүндө экендигин эч ким билбейт. Ошондуктан мен 2020-жылы биздин парламенттин мөөнөтсүз таркатылышы же Конституцияны өзгөртүү күтөт деп божомолдоп жатам, - деген пикирин жазган эл өкүлү. - Кандай өзгөрүүлөр болот - биз так билбейбиз, бирок, жакында баары анык болот. Бул тымызын жана Жаңы жылдын алдында жасалып жатканы өкүндүрөт, - деди депутат. Иштин чоо-жайы эмнеде? Кол топтоону жыйнаган демилгечи топтун жетекчиси Айбек Мырза VB.KG редакциясына берген түшүндүрмөсүндө, Дастан Бекешев туура эмес маалымат берип жатат, анткени, бул мыйзам долбоору жашыруун эмес жана Адилет министрлигинин сайтында ачык берилгендигин айтты. -Эгемендүүлүк жылдары аралыгында кыргызстандыктардан бир да жолу: алардын кандай жашагысы келип жаткандыктарын сурашкан эмес. Президенттер ар дайым Конституцияга өздөрү каалагандай өзгөртүүлөрдү киргизип келишкен. Биз референдум өткөрүп, жарандарга үч суроого жооп алууну сунуш кылуудабыз. Тактап айтканда, биз Конституцияга өзгөртүү киргизип, алар кандай жашоону каалагандыгын сурайлы деп жатабыз, - дейт Айбек Мырза. Демилгечи топ референдумга үч суроону алып чыгууну сунуш кылууда. Биринчиси: Элдик курултайды жыл сайын өткөрүү. Экинчиси: Башкаруунун – президенттик же парламенттик формасын тандоо. Үчүнчүсү шайлоо системасы жөнүндө: Мажоритардык, пропроционалдык же аралаш. -Чынын айтканда эмне үчүн депутаттар пленардык жыйынга кол коюну текшерүүнү алып чыгып жатышканын түшүнбөйм. Алар өздөрү мыйзамды жакшы билише тургандыгы шек туудурууда. Мыйзамда элдин демилгеси келип түшкөндөн кийин, бир ай аралыгында тыянак берилиши керек деп жазылган. Биздин мыйзам долбоорубуз 29-июнда берилген, тактап айтканда андан бери жарым жыл өттү, булар болсо ушул убакка чейин колдун коюлушун текшербей, эмне үчүндүр сессияда талкуулашууда, - деп кошумчалады демилгечи топтун жетекчиси. Белгилей кетсек, бул элдик демилгени уюштуруучулардын бири – мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров болуп саналат. Бүгүн президент аны Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматына дайындоо боюнча указына кол койду.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:25

У. Маматаев: Бекназаровсуз деле элдик Курултайды өткөрөбүз

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчи болуп дайындалышы, Кыргызстандын коомчулугунда ар кандай пикирлерди жаратты. Интернеттин айрым колдонуучулары бийлик акыркы жылы өз талаптарын коюп жүргөн саясатчы менен соодалашууга барды деп эсептешүүдө. Ошондой болсо да Бекназаров элдик Курултайдын мүчөлөрү менен бирге бийликти конституциялык реформаларды жасоого, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө жана кен байлыктарын иштетүүнү көзөмөлгө алууга чакырган. Андан тышкары үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Бекназаровго элчилик кызмат сунушталганы жатыптыр деген сөздөр чыгаары менен, ал өзүнүн "принципиалдуулугун" көрсөтүп, бийлик алардын талаптарын аткармайынча эч кандай кызматтык дайындоого макулдугун бербей тургандыгын жалпыга билдирген. Бул убакыт аралыгында кандай өзгөрүүлөр болду жана алар менен бирге бийликке талап коюп жүргөн Азимбек Бекназаровдун кызматка дайындалышы боюнча жаңылык жөнүндө анын тарапташтары кандай ойдо калды? VB.KG редакциясы бул суроону Курултайдын Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары жана саясый партиялардын биринин лидери Улукбек Маматаевге узатты. Анын айтымында, Курултай Бекназаров менен биргеби же жокпу, кандай болсо да, февраль айында өткөрүлөт. -Биз жакында эле аны менен сүйлөшкөнбүз. Ал Курултай өткөнчө президентти кызматка дайындоо жөнүндө указга кол койбой туруусун өтүнгөнүн айткан. Бирок, президент указга кол койгондон кийин, демек бул саясый чечим болгон. Кандай болсо да, биздин койгон баардык талаптарыбыз, жеке Бекназаровго тиешелүү эмес. Бул көптөгөн адамдардын жалпы эмгеги. Бизди анын Малайзияга элчи болуп кетип жаткандыгы анча деле ойго салбайт. Эгер президент ушундай деп чечсе, мейли ошондой болсун, биздин талаптарыбыз мурдагыдай эле күчүндө кала берет. Аларды бийлик кабыл албаса, анда башка иш, бирок, ошондой болсо да биз бул багытта дагы деле иштей беребиз, - деди Маматаев. Ушуну менен бирге саясатчы белгилегендей, ал жана анын жолдоштору Бекназаров Кыргызстанда салмактуу саясый фигура болуп саналарын, ошондуктан ансыз кыйын болорун түшүнүп турушат. -Ооба, алгачкы убакта Бекназаровсуз кыйын болот, бирок, биз мындай абалдан чыгуу жолун табабыз деген ойдомун. Табылбай турган адам болбойт, Бекназаровдун саясаттан эс алгысы келгенинин, балким жакшы жагы да бардыр. Ал бул кадамы менен келечектүү жаштарга жол берип жатат, - деп кошумчалады ал.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники