О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
15 сентября 2020 г. 0:49

Сурамжылоо: Кайсы партиялар шайлоого баратат? Эл билеби…

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого туура 20 күн калды. Парламенке аттанып жаткан 16 партиянын кээ бирлери жаңы түзүлүп шайлоого аттанып жатса, кээ бирлери 10-15 жылдан бери иштеп келген. Мындан улам, шайлоого аттанган кайсыл партияларды билесиз? деген суроо менен шаар тургундарына кайрылдык. Эске салсак, саясий партиялардын номурлары иреттик бюллетенде төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:49

Тажикстанда президенттик шайлоого беш талапкер катталды

Тажикстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоого беш талапкер расмий катталгандыгын Азия-Плюс жазды. Алар − аталган өлкөнүн учурдагы президенти, Элдик Демократиялык партиянын лидери Эмомали Рахмон, Агрардык партиянын лидери Рустам Латифзода, Социалисттик партиянын лидери Абдухалим Гаффоров, Коммунисттик партиянын лидери Миродж Абдуллоев жана Экономикалык реформалар партиясынан Рустам Рахматзода. Ал эми Демократиялык партиянын лидери Саиджафар Усмонзоданы Тажикстандын президенттигине талапкер катары расмий каттоо маселеси Борбордук шайлоо комиссиясында бүгүн, 14-сентябрда каралат. Тажикстандын учурдагы президенти Эмомали Рахмон 2015-жылдын 25-декабрынан бери «Пешвуи Миллат» наамын, башкача айтканда, «Улуттун лидери» деген наамды алып жүрөт. Төрт жолу (1994, 1999, 2006 жана 2013-жылдардагы шайлоолордо) президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен, андан тышкары 1999 жана 2003-жылдардагы жалпы элдик конституциялык референдумдардын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктарын узартып, реформалаган. 2016-жылдын 22-майында өткөн бүткүл элдик конституциялык референдумдун жыйынтыгынан кийин, Тажикстандын президенттигине кайрадан шайлоонун санына коюлган чектөөлөр алынып салынган жана президенттикке талапкер болгондордун жаш курагы 35 жаштан 30 жашка чейин төмөндөтүлгөн. Эмомали Рахмон быйыл 67 жашта, ал Борбор Азиядагы кесиптештерине караганда бир кыйла жаш көрүнөт. Былтыр Казакстандын Президенти кызматынан кеткен Нурсултан Назарбаев июль айында 80 жашка толду, ал эми Ислам Каримов 78 жашында көз жумду. Рахмон Лукашенкодон (26), Владимир Путинден (20) жана Ильхом Алиевден (дээрлик 17 жаш) узак убакыт башкарган. Тажикстанда оппозиция дээрлик жок, нааразы болгондор өлкөдөн чыгып кетүүнү туура көрүшөт.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:49

Кыргызстандын сыртындагы шайлоочулардын саны 20 миңге жакындады

Кыргызстандын сыртындагы өлкөлөрдө шайлоочулардын саны 20 миңге жакындады. Бул тууралуу маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди. 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде 44 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. Учурда биометрикалык маалыматтарды чогултуу, каттоого алуу иштери жүргүзүлүүдө. Имангазиевдин айтымында, шайлоочулардын тизмесин түзүү 19-сентябрга чейин уланат. “Чет жердеги жарандарыбыз шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоого турушу керек», — деди Имангазиев. Жарандар өзүн шайлоочулардын тизмесинен tizme.gov.kg порталы аркылуу текшере алат.

Подробнее
19 сентября 2020 г. 22:20

Республика №14

Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата биздин жаш талапкер Эркин Чертанов баштаган жаштар шаарыбызда тазалык иш чарасын өткөрүштү. Шаарыбызды таза кармоо - ар бирибиздин колубузда. Биздин жол - Алдыга жол! Республика №14✅

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

Шайлоо 2020. Чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны 20 миң адамды түзөт

Тышкы иштер министрлиги БШК менен биргеликте чет өлкөлөрдө 44 шайлоо комиссиясын түздү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев маалымат жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, Россиянын аймагында 11 шайлоо участкасы ачылган, анткени ал жерде көптөгөн мекендештер жашашат. «Мындан тышкары, биз тигил же бул дипломатиялык мекеменин же консулдуктун атынан саякаттап жүргөн мобилдик топторду түзүп, жарандарды чет мамлекеттердеги шайлоочулардын тизмесине киргизүү боюнча маалыматтык кампанияларды жүргүзүп жатабыз», — деди ал. Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын саны 20 миң адамды түзөт. Көрсөткүч дайыма жаңыланып турат. Чиновник шайлоочулардын тизмесин каттоонун акыркы мөөнөтү 19-сентябрда аяктай тургандыгын белгиледи. Чет өлкөлөрдөгү өздөрүн тизмеден таппай калган кыргызстандыктар дипломатиялык мекемелерге кайрылышы керек. Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

Тѳрѳбай Зулпукаров: Шайлоонун босоголук чегин жогорулатып, күчтүү, жоопкерчиликтүү ѳкмѳт түзүшүбүз керек

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы шайлоо ѳнѳктүгүнүн алкагындагы үгүт ишин Таластын Кара-Буура районунда улантты. Аталган райондун эли менен жолугушуу бүгүн, 14-сентябрда болуп ѳттү.Жолугушууга партиянын лидерлери менен талапкерлери, атап айтканда, Тѳрѳбай Зулпукаров, Акылбек Жамангулов, Аида Касымалиева, Кѳкүмбек Таштаналиев, Талас Бегалиев, Бактыбек Чойбеков катышты.«Биримдик» партиясынын тѳрагасынын орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров ѳз сѳзүндѳ келечекте шайлоонун босоголук чегин 7 %дан 11%га жогорулатуу зарылдыгын айтты. Анын айтымында, ушундай жол менен ѳкмѳттүн күчтүү, туруктуу, жоопкерчиликтүү болуусуна жетишүүгѳ мүмкүн болот.«Кээ бир партиялар босоголук чекти 3 %га түшүрүүгѳ аракет кылышты. Элестетип кѳрүңүздѳр, 100 миң шайлоочусу бар райондон партия 51 миң добуш алса, ал райондун партиясына айланмак. Жогорку Кеңеште 30дай фракция болмок. Кѳптѳгѳн фракциялар түзгѳн коалициялык ѳкмѳт эч качан күчтүү, туруктуу болбойт. Биз келечекте шайлоонун босоголук чегин 11 % кылышыбыз керек. Мейли, оппозиция утуп алсын, мейли, бийлик утсун, бирок жоопкерчилик бир саясий күчтѳ болот. Ошондо татыктуу ѳкмѳт түзүлѳт», — деп партиянын саясий кѳз карашын билдирди.Мындан сырткары, Тѳрѳбай Зулпукаров аймактык-административдик реформаны жүргүзүп, чиновниктердин армиясын кыскартуу керектигин айтты. Эл колдоого алып, ишеним кѳрсѳтсѳ, мындай реформаны ишке ашыруу «Биримдик» партиясынын колунан келерин баса белгиледи.«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

Шайлоо 2020. БШК эскертет: концерттерге жана спорттук иш-чараларга тыюу салынат

БШК 2020-жылдагы шайлоого катышуучу партияларга спорттук иш-чараларга жана концерттерге тыюу салынгандыгын эскертет. БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча жумушчу тобуна саясий уюмдардын бири өткөргөн концерттен видео келип түшкөн. Топтун мүчөсү Гүлнара Джурабаева материал изилденип, партияга эскертүү берилээрин маалымдады. Саясий ассоциациянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү концерт болбогонун белгилешет, видеотасмада Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер өлкөнүн гимнин ырдап жатышат. Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Алар 4-октябрда болот. Шайлоого 16 партия катышат.

Подробнее
29 сентября 2020 г. 14:50

Энелер

Энелердин берекелүү колдорун өөп, ак батасын алуу - кандай бакыт? Рахмат, Бужум (Баткен).

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

АДАХАН МАДУМАРОВДУН ПАРТИЯСЫ ШАЙЛООДОН ЧЕТТЕТИЛДИ

Оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 2020-жылкы парламенттик шайлоо го катышуудан четтетилди. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда аталган партияны “талапкерлердин тизмесин түзүүдө катачылык кетирген” деп тапты. Тагыраагы, БШКнын жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстанды” каттоодон баш тартуу сунушун берип, комиссия мүчөлөрү сунушту көпчүлүк добуш менен колдоого алышты. Аталган партиянын төрагасы Адахан Мадумаров БШКнын бул чечимин мыйзамсыз деп билдирди. Партия БШКнын үстүнөн сотко кайрылып, чечимди жокко чыгартууга аракет кылууда. 9-сентябрда Бишкектин административдик соту БШКнын чечими боюнча “Бүтүн Кыргызстандын” доо арызын карады. Бул күнү сот имаратынын алдына чогулган аталган партиянын жана тилектеш айрым партиялардын өкүлдөрү адилеттүү чечим талап кылып турушту. Аталган партиянын лидери жана тарапташтары "Бүтүн Кыргызстандын” шайлоо го катышуу укугунан ажыратылышын атайын жасалган иш деп баалашууда. Буга чейин 24-августта БШК “документ тапшырууда катачылык кетирди ” деп “Кыргызстан” партиясынын документтерин кабыл албай, артка кайтарган. Партия БШКны сотко берип, эки инстанцияда тең утуп алды. Мындан кийин БШК аталган партиянын документтерин кабыл алып, каттады. Гезит басууга кетерде сот "Бүтүн Кыргызстан" партиясы боюнча чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кеткен.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

СПОРТТОН САЯСАТКА КИМДЕР АТТАНДЫ?

Алдыда парламенттик шайлоо . Талапкерлер түрдүү – элге таанымалы, жаңы жүздөрү бар. Бул жолу спорттон чоң саясатка аттангандар тууралуу маалымат берели дедик. Өлкөнү, анын ичинде спортту өнүктүрүүгө салым кошчулар кимдер? Канатбек Маматов – Кыргыз футбол союзунун президенти Кыргыз футбол союзунун президенти Канат Маматов депутаттыкка аттанды. Коомчулук Маматовду Кыргыз футболун жаңы деңгээлге чыгарган инсан катары тааныйт. 46 жаштагы талапкердин эмгек жолу көпчүлүккө тааныш: спорттук карьерасын Оштун «Алай» футболдук клубунан баштап, кийин Индиянын алдыңкы клубдарында оюн көрсөтүп, ийгилик жараткан. Спорттук карьерасы менен бирге мамлекеттик кызматты ала жүргөндөрдүн бири. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин Дене тарбия кафедрасын жетектөөдөн башталган кызматтык тепкич 2019-жылы мамлекеттин эл аралык аренада жүзү болгон Кыргыз футбол союзунун президенти кызматына чейин жетти. Бул арада Канатбек Маматов эл аралык долбоорлордо эксперт, аймактык директор, бизнес долбоорлордун негиздөөчүсү жана жетекчиси, Жогорку Кеңеште фракция лидеринин жардамчысы сыяктуу түрдүү кызматтарды аркалаган. Ал Футбол федерациясынын президенти болуп дайындалгандан кийин Кыргыз футболу жаңы деңгээлге чыкканына Улуттук курамдын соңку оюндары далил. Мисалы, Улуттук курам Мьянма командасын 7:0 эсебинде утту. Бул курама команданын тарыхындагы эң ири жеңиш. Канатбек Маматов Кыргыз өлкөсүнө футбол борборун, заманбап стадион куруу демилгесин көтөрүп чыгып, анын үстүндө иштеп жатканы менен да коомчулукка белгилүү. Парламентке барса, Кыргыз спортун өнүктүрүүгө салым кошот деп ишеним арткандар көп. Канат Аманкулов – Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин экс-жетекчиси Канат Аманкулов 1966-жылы Чүйдүн Кемин районуна караштуу Алмалуу айылында туулган. Кесиби – юрист. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, эмгек жолун Юстиция министрлигинде адис болуп иштөөдөн баштаган. 1995-2000-жылдары Чүй облустук прокуратурасында тергөөчү, прокурор, бөлүм башчы, 2000-2006-жылдары Башкы прокуратурада бөлүм башчы, башкармалык жетекчиси, башкы прокурордун орун басары кызматтарын аркалаган. Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы кызматын 2006-2010 жана 2011-2016-жылдары аркалап турган. Канат Аманкулов 2016-жылдан 2020-жылга чейин өлкөнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигин жетектеди. Ал жеңил атлетика боюнча көптөгөн турнирлерге катышып, СССРдин спорт чеберине талапкер болгон. Бир топ ийгиликтүү жөө күлүктөрдү таптаган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, өлкөдө Жеңил атлетика федерациясынын президенти. Талас Бегалиев – Көк бөрү боюнча Улуттук курамдын мурдагы жетекчиси Спортто ийгилик жаратып, быйылкы шайлоо до Жогорку Кеңешке аттангандардын бири – Талас Бегалиев. Талапкер 1977-жылы Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган. Эмгек жолу милицияда иштөө менен башталган. 1998-жылы ИИМдин алдындагы академияны бүтүргөн. Өмүрүнүн 23 жылын күч органдарында иштөөгө арнап, бул тармакта тажрыйба топтогон. Көпчүлүк Талас Бегалиевди спорт тармагындагы иш-аракеттеринен улам жакшы тааныйт. Ал кыргыз күрөшү боюнча өлкөбүздүн 4 жолку чемпиону, Самбо боюнча ардагерлер арасында Дүйнө чемпиону, Көк бөрү боюнча Улуттук курамдын мурдагы жетекчиси, көк бөрү боюнча Президенттин кубогунун 3 жолку ээси. Самбо жана кыргыз күрөшү боюнча спорт чебери. Абдурахман Муртазалиев – Жиу-житсу федерациясынын президенти Белгилүү балбан Абдурахман Муртазалиев да депутаттыкка талапкерлигин койду. Учурда 26 жаштагы спортчу Бишкек шаарында төрөлгөн. Бишкек гуманитардык университетин, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган. Спортто ийгилик жаратып, Кыргыз өлкөсүнүн желегин чет өлкөлөрдө желбиретип жүргөндөрдүн бири. Өлкөнүн Жиу-житсу федерациясын жетектеп келет. Муртазалиев 2019-жылы Нур-Султанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда грэпплинг боюнча Кыргыз өлкөсүнүн алгачкы чемпиону болду. Абдурахман Муртазалиев деген ысым өлкөдө коронавирус эпидемиясы учурунда көп айтылды. Коомчулук аны оор кырдаалда элге жардам колун сунган ыктыярчы катары да тааныды. "Супердин" сурак бурчу СПОРТ ӨКҮЛДӨРҮНҮН ПАРЛАМЕНТТЕ ДЕПУТАТ БОЛУШУН КОЛДОЙСУЗБУ? Турусбек Маразыков, профессор: – Спорт өкүлдөрүн мен сыйлайм. Ар бир жаран өмүрүн спортко байлашы зарыл. Менин оюмча, саясатка коомдун бардык өкүлдөрү аралашуусу керек. Ошондо саясат толук кандуу болот. Спортчунун активдүү фазасы жана аяктаган фазасы болот. Өлкөгө эмгеги сиңген спортчулар эмне үчүн саясатка аралашпашы керек? Путин деле спортчу. Кесиби кандай болсо да, саясатка аралашуу адамдын өзүнүн тандоосу. Спортчулардын парламентке барышына көз карашым түз. Максат Кулуев, акын: – Албетте, колдойм. Негизи Жогорку Кеңешке бардык тармактан өкүлдөр барышы керек. Кандай адамдар барат, ал башка сөз. Бирок спорт тармагынан саясатка сөзсүз барышы абзел. Себеби спорт жаатында көптөгөн көйгөйлөр көмүскө калып жатат. Спорт жаатында мыйзамдарды жазууда спортту түшүнгөн, билген адам гана маселе көтөрө алат. Өлкөдө спортту өнүктүрүш керек. Улуттун жүзү – спорт менен маданият да. Курманбек Карабалаев, ишкер: – Мен колдойм. Мисалы, Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канат Маматов да депутаттыка аттаныптыр. Футболду көтөрүү өлкө үчүн кандай экономикалык пайда алып келерин билет. Жер-жерлерде футбол ийримдери жок. Канат аганын ошонун баарын көрүп, билип жүргөнүнөн күмөн санабайм. Коңшулар болсо бизден ат чабым алдыга кетти. Качанга чейин чемпиондуктарда Орусияга жан тартып жүрө беребиз? Айылдарда таланттуу балдар көп. Канчалаган Роналду, Неймарлар уй кайтарып, кой жайып жүрөт. Үмөталы Кебекбаев, ишкер: – Колдойм, спортчулардын арасында билимдүүлөр, татыктуулар көп. Мисалы, Кыргызстанда көк бөрү, футбол жакшы өнүгүп келе жатат. Спорт тармагын билген, патриот адамдар парламентке барып керектүү мыйзамдарды жазып, спортчуларды колдосо жакшы болмок. Өлкөбүз спорт менен гана дүйнөгө таанылып жатканда аларга жакшы колдоо керек. Болгону жогорку билими бар спортчуларды шайлашыбыз керек.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

ШАЙЛОО: КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН КАНТИП САКТОО КЕРЕК?

Жалпыга маалым болгондой 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо болуп өтөт. Анда бардык коопсуздук маселелери менен бир катарда өрт коопсуздугунун маселеси да орчундуу орунду ээлейт. Бул боюнча Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБнүн башчысы, подполковник Чынарбек Шекенов ой бөлүшмөкчү. -Шайлоо учурунда өрт кокустуктарына жол бербөө үчүн кандай иш-чараларды аткаруу керек? -Эң оболу, добуш берүү бөлмөлөрүн жайгаштырууда, экиден кем эмес сыртка алып чыгуучу эшиги бар бөлмөлөр тандап алынуусу жана эки даана баштапкы өрт өчүргүч (огнетущител) болуусу талапка ылайык. Добуш берүүчү бөлмөлөр баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандар жана байланыш каражаттары менен камсыз кылынуусу зарыл. Шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү мезгилинде сутка боюу нөөмөтчүлүк уюштуруу максатка ылайык. Добуш берүү бөлмөлөрүнүн электр жабдуулары адис аркылуу кароодон өткөрүлүп, зарылчылык жаралса оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл. Добуш берүү бөлмөлөрүндө тамак даярдоо же болбосо чай кайнатуу ж.б. чарбалык керектөөлөр үчүн электр жылыткыч приборлорун, газ жана ошондой эле ачык жалынды колдонууга тыюу салынат. Добуш берүү бөлмөлөрүндө тамактануу, эс алуу жана тамеки тартууга болбойт. Дагы бир айта кетчү орчундуу маселе – эгерде кокусунан электр жарыгы өчүп кала турган болсо, добуш берүү бөлмөлөрүн жарык кылуу үчүн шам, керосин жана солярка менен иштөөчү лампаларды колдонууга мүмкүн эмес. Мындай учурда аккумулятордук батареялардын жардамы менен иштөөчү фонарларды гана колдонууга уруксат берилет.Добуш берүү бөлмөлөрү тез күйүп кеттүү касиеттерге ээ заттардан таза болуусу керек. Урматтуу мекендештер, алдыбызда турган маанилүү шайлоону ийгиликтүү өткөрөлү. Бул үчүн, башка коопсуздук маселелери катары өрт коопсуздугуна да орчундуу көңүл бөлүп, кайдыгерлике жол бербейли. Эскерте кетебиз, райондук өрткө каршы кызматынын телефону «101 же 112» “Аймак”

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

«Замандаш» партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери Кеминге барды

«Замандаштын» кезектеги үгүт кербени Кеминде уланды. Кеминдиктер менен жолугушууга Чынара Шейшекеева , Искендер Гаипкулов , Айсулуу Мамашова жана Жакшылык Матанов катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө партиянын максаттары айтылып, «Замандаш» партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери эмне үчүн бул партияны тандап алгандыктарын билдиришти. Искендер Гаипкулов: «Элдин арасында VI чакырылыштын депутаттарына карата ар кандай нааразычылыктар болуп жатты. Бул нерсенин баары эмнеден келип чыкты? Убагында ар кайсы партиялар көпөстөрдү, акчалуу адамдарды катарына мүчө кылып, алардын кесипкөйлүгүнө карабай кошуп алгандыктан нааразычылыктарга дуушар болушту. «Замандаш» партиясы андай партияларга кирбейт! «Замандаш» кесипкөй адамдарга мол, айтылган программасын так аткара турган партия болуп эсептелинет». Ошондой эле Искендер Гаипкулов «Замандаш» партиясы башкалардан айырмаланып, талапкерлердин тизмеси дыкат текшерилип, ар бир талапкердин кесипкөйлүгүнө жараша тандалгандыгын, илимге салымын кошкон инсандар партиянын тизмесине кошулгандыгын билдирди. Чынара Шейшекеева Кеминдин тургундарынан «Замандаш» элдик партия экендигин, партия түзүлгөндөн бери эл менен чогуу болуп келгендигин кошумчалады. Чынара Шейшекеева: «Биз силердин үнүңөрдү жеткизели деген үмүт менен шайлоого аттандык, «Замандаш» партиясы таза партия деп мен ачык айта алам, анткени жүзүбүз жарык. Кыргызстандыктардын чет жерде жүрүп кыйналгандарын көрүп, буга чейинки кылып келген аракеттерден да масштабдуу иштерди чечүү үчүн бара жатабыз». Айсулуу Мамашова: «Элиме кызмат кылам деген адам кооз сөздөрдү, куру убадаларды бербей, айтканын аткарышы абзел. Мен «Замандашты» ушул сапатка төп келгендиги үчүн тандап алдым», - деди. Жакшылык Матанов мактанган партияны тандабаганын, пандемия учурунда ар бир ишин элге жарыялабаган партия «Замандаш» партиясы экендигин , партиянын лидери жолдо калган мекендештерди өз унаасын сатып, боордошторун өз мекенине кайтарганы башкаларга үлгү болушу керектигин белгиледи. Жергиликтүү тургундар партиянын мигранттарга көрсөткөн колдоосу үчүн «Замандашты» колдой турганын билдиришти. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., мкр. Джал 23, Чыгарылган күнү «14» сентябрь 2020-ж. 18:50 14-09-2020

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого карата коомдук байкоочуларды каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого карата коомдук байкоочуларды каттады. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти. “Эгль” коомдук фондунан 2020-жылдын 17-августундагы №77 чечими менен катталган коомдук байкоочуну каттоону жокко чыгаруу жана ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып анын №5 күбөлүгүн жараксыз деп таануу чечимин кабыл алды. БШК 4-октябрда дайындалган Жогорку Кеңешке шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине “Эгль” коомдук фондунан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү менен төмөнкү коомдук байкоочуларды каттоону чечти: Чолпон Өмүрканова; Мирлан Медетов. 18:10 14-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

Жогорку Сот "Актив" партиясы боюнча Бишкек административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды

Жогорку Сот "Актив" партиясы боюнча Бишкек административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. 7-сентябрда Бишкек шаарынын административдик соту "Актив" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп таануу жөнүндөгү арызын канааттандыруудан баш тарткан. БШК 3-сентябрда өзүнүн чечими менен "Актив" саясий партиясын каттоого берилген документтерди текшерүү учурунда төмөнкү мыйзам бузууларды аныктаган: 1) талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия өкүлчүлүктү эске алышы керек болгон талаптарга ылайык, "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 60-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын талаптары аткарылбаса: - бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайызынан ашпоосу керек, мында саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн аялдар менен эркектердин талапкерлердин тизмесиндеги ырааттуулук үч позициядан ашпоосу керек. 2) "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун талаптары аткарылбаса, анда Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документти берүү талаптары белгиленген. 18:04 14-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:54

“Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын дагы бир талапкери тизмеден чыгарылды

Бүгүн, 14-сентябрда “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан Айпери Муратбек кызы Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, чечим Айпери Муратбек кызынын жеке арызынын негизинде кабыл алынган. 17:11 14-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники