О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
15 сентября 2020 г. 0:34

Выборы-2017: явка избирателей составляет около 24%

На 13:00 на выборах президента Кыргызстана по республике проголосовали 718 тыс 588 человек или 23,75% от общего числа избирателей. Об этом сообщается на сайте ЦИК КР. Бишкек – 114 тыс 879 избирателей (26,92%) Ош – 50 тыс 86 (31,43%) Джалал-Абадская область – 115 тыс 860 (21,23%) Иссык-Кульская область – 64 тыс 194 (24,77%) Нарынская область – 42 тыс 945 (26,53%) Ошская область – 126 тыс 499 (21,46%) Талаская область – 37 тыс 608 (28,89%) Чүйская область – 108 тыс 144 (22,02%) Баткенская область – 57 тыс 666 (23,66%) МИД КР — 707 (3,81%). Kabar

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:45

Боршайком: Шайлоодо майыптарга ылайыктуу шарт түзүлөт

БШК 4-октябрдагы парламенттик шайлоо майыптардын укугун эске алуу менен уюштурулуп жатканын билдирди. 12-сентябрда БШКнын жумушчу тобунун жыйынында ушул маселе талкууланып, бир катар эрежелер айтылды: Саясий жарышка аттанган партиялар үгүт кагаздарындагы жазууларды көзүнүн көрүүсү начар кишилер үчүн чоңураак ариптерде жана брайль арибинде жазышы керек. Шайлоо тилкелеринде пандус, лупа болууга тийиш. Добуш берүүчү кабинанын бийиктиги 75 кем эмес, бюллетень толтуруучу столдун туурасы 40, узатасы 30 сантиметр болот. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 72 583 майып бар. Сүрөт www

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:46

БШК “Ыйман Нуру” партиясынын бир талапкерин тизмеден чыгарды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-сентябрдагы жыйынында “Акыйкат жана өнүгүү“ Ыйман Нуру ”саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Айпери Муратбек кызын Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Айпери Муратбек кызынын жеке арызынын негизинде талапкерлиги алынды. Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:46

Кара-Буурадагы жолугушуу: “Биримдик” аймактык реформаны жүргүзүп, чиновниктердин санын азайтат!

«Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын үгүт кербени Талас облусунун Кара-Буура районунда уланды. Партиянын лидерлери жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, партиянын программасы тууралуу кеңири маалымат беришти. “Биримдик” партиясынын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров программага кеңири токтолуп, “Биздин негизги максат – программаны элге жеткиликтүү кылып берүү” деди. Ошондой эле партия кыска убакытта өзүнүн катарына жигердүү, татыктуу инсандарды чогулта алганын баса белгиледи. Зулпукаров партиялаштары тууралуу айтып келип, “Алардын акылы, билими тажрыйбасы жетиштүү. Мамлекетти чоң ийгиликтерге жеткирүүгө күчүбүз жетет” деди. Ал эми мамлекеттин бюджетинин киреше бѳлүгү тууралуу сѳз кылып, 2005-жылга чейин бюджет 48 млрд. сом болсо, 2005-жылдан 2019-жылга карата бул кѳрсѳткүч 154 млрд. сомго жеткенин билдирди. Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, ушул кирешелердин эсебинен социалдык көйгөйлөр чечилип, пенсия, жөлөк пул, социалдык колдоолор төлөнүүдѳ. Ал ошондой эле партиянын идеологиясына токтолуп, “Евразиялык тандоо – бул биздин тарых. Демократиялык социализм – бул СССРге кайтып келүү эмес, бул малекеттик жеке өнөктѳштүктү күчөтүү. Бул – социалдык тендик деген сөз”, – деп түшүндүрмѳ берди. Жеңишке жетишкендер жоопкерчиликти моюнга алуулары керектигин айтып, партия келечекте аймактык-административдик реформаны ишке ашыруу менен чиновниктердин санын кыскартууну кѳздѳй турганын кошумчалады. Андан кийин партиянын тизмесин баштаган Акылбек Жамангулов сѳз алып, тѳмѳнкүлѳрдү айтты: “Евразиялык тандоо – бул кошуна мамлекеттер менен экономика, маданият жана башка тармактар боюнча алака-катышты бекемдөө”, – деди. Анын айтымында, негизги багыт бул экономиканы көтөрүү, социалдык көйгөйлөрдү чечүү. “Биздин партия көпчүлүк добуш алса, программада белгиленген реформаларды ишке ашырабыз. 4 жылда Кыргызстандын 4 жылдык стратегиясы эмес, 15 жылдык багыты белгиленет”, – деди А. Жамангулов. Ошондой эле «Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын талапкери Аида Касымалиева майып балдарын караган ата-энелерге жөлөк пул бериле баштаганын, баланы караган эне эмгек стажы менен пенсияга чыгуу укугуна ээ болгонун маалымдады. Кара-Бууранын кулуну, “Даңк” орденинин ээси, кѳп жылдардан бери ѳлкѳнүн суу чарбасында жетекчилик кызматтарды аркалап келаткан «Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын депутаттыкка талапкери Таштаналиев Көкүмбек сөз сүйлөп, партиянын катарына кошулгандыгынын себебин тѳмѳнкүчѳ билдирди: “Партиянын катарына кошулганымдын себеби, партиянын курамындагы саясатта жалындуу демилгелери бар, мамлекеттин өнүгүшүнө өз салымын кошкон инсандарды көрүп тандадым”, – деди. Ал добуш берүү күнү партиялардын элдин турмушун жакшыртууга багытталган максаттуу программаларын эске алып, тандоону жүрѳктүн таразасына салып кылууга чакырды. Жолугушуунун соңунда Кара-Буура районунун белгилүү инсандары, кадырман аксакалдары “Биримдик” партиясынын талапкерлерине ийгилик каалашып, “Айкөл Манас атабыз колдосун!”, – деп баталарын беришти. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 14-сентябрь 2020-жыл.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:51

Азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатат. Тизме

Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болгондордун төрттөн үч бөлүгү кайрадан парламентке келүүгө ниет кылууда. Депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышмакчы. Тизменин жарымынан көбүн мыйзам чыгаруу ишмердигинен арылгысы келбеген азыркы эл өкүлдөрү түзөт. Sputnik Кыргызстан редакциясы партиялардагы тизмеден талапкер болгон учурдагы депутаттарды санап чыкты. Материалга жакында эле мандатын тапшырып, эл өкүлүнүн креслосуна кол сунгандар да киргизилди. Партиялар тизмедеги депутаттар боюнча тизмектелди. “Биримдик” менен 29 парламентарий бара жатат. Алардын 14ү алтынчы чакырылышка КСДПдан депутат болуп келген. Алар: Төрөбай Зулпукаров (№3) — парламентте бешинчи чакырылыштан бери келе жатат; Евгения Строкова (№ 4); Аида Касымалиева (№ 8) — ЖКнын вице-спикери; Марат Аманкулов (№ 11); Улан Примов (№ 17); Азамат Арапбаев (№ 19) — 2008-2010-жылдары төртүнчү чакырылыштын депутаты; Асылбек Жээнбеков (№ 27) — 2007-жылы төртүнчү, ал эми 2010-жылы бешинчи чакырылыштын депутаты жана кийин ЖКнын төрагасы болгон ; Өмүрбек Бакиров (№ 30) — “Республика — Ата-Журт” партиясынан бешинчи чакырылыштын депутаты; Бакытбек Жетигенов (№ 35) — бешинчи чакырылыштын депутаты, “Ар-Намыс” менен келген; Абтандил Кулбараков (№ 39); Айнура Осмонова (№ 44); Сайдолимжон Жураев (№ 46); Айнуру Алтыбаева (№ 52) — “Ар-Намыстан” бешинчи чакрылыштын депутаты болгон; Нодирбек Каримов (№ 55). Дагы жети депутат “Республика — Ата-Журт” партиясынын фракциясынан кошулган: Айбек Алтынбек (№ 13); Пархат Тулендыбаев (№ 22) — 2007- 2010-жылдары “Ак Жол”партиясынан келип, төртүнчү чакырылышка мандат алган; Махабат Мавлянова (№ 28); Сагындык Келдибаев (№ 29); Динара Исаева (№ 40) — 2007- 2010-жылдары “Ак-Жол”партиясынан төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон; Нурбек Тотонов (№ 43); Абдыбек Дүйшалиев (№ 57). Төрт депутат “Бир Бол” партиясынан келген: Бакирдин Субанбеков (№ 15); Жаныбек Бакчиев (№ 26); Исхак Пирматов (№ 31) — “Республика” партиясынан бешинчи чакырылыштын депутаты болгон; Бактыбек Турусбеков (№ 71). Үч депутат “Өнүгүү — Прогресс” партиясынан кошулган: Гүлшат Асылбаева (№ 32); Абдумажит Юсуров (№ 67) — төртүнчү чакырылыштын депутаты; Абылкайыр Узакбаев (№ 170); Партияга “Кыргызстан” фракциясынан Айнура Аскарова кирген (№ 89). Тизмеге 15 азыркы депутат кирген. Алардын жетөө “Республика — Ата-Журт” фракциясынан: Марлен Маматалиев (№ 7); Жыргалбек Турускулов (№ 9); Таабалды Тиллаев (№ 11); Бактыбек Сыдыков (№ 22); Бактыбек Райымкулов (№ 25); Алиярбек Абжалиев (№ 27) — 2005-2007-жылдары депутат болгон; Тариел Жоробеков (№ 79). Беш депутат “Мекеним Кыргызстанга” КСДПдан келген: Искендер Матраимов (№ 10); Гүлкан Молдобекова (№ 12); Иса Өмүркулов (№ 26) — ал биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон; Ильхом Маннанов (№ 33); Жылдыз Мусабекова (№ 44). Эки депутат “Өнүгүү —Прогресс” партиясынан, алтынчы чакырылыштан келген: Мирлан Бакиров (№ 1) — “Республика” партиясынан бешинчи чакырылышта мандат алган, 2017-жылы вице-спикер болуп шайланган; Осмон Турдумамбетов (№ 54) — парламентке 2020-жылдын 28-августунда келген. “Мекеним Кыргызстанга” ЖКдагы “Кыргызстан” фракциясынан Урматбек Самаев депутат болуу ниетинде (№ 21). Аталган партиянын бүгүнкү тизмесинен 11 эл өкүлүн окууга болот. Алардын көбү алтынчы чакырылыштын депутаттары: Канат Исаев (№ 1) — бешинчи чакырылышка “Республиканын” тизмеси менен келген; Нурбек Алимбеков (№ 3) — бешинчи чакырылышка “Республиканын” тизмеси менен келген; Азизбек Турсунбаев (№ 5) — үчүнчү, төртүнчү чакырылыштын депутаты; Дастанбек Жумабеков (№ 7) — бешинчи чакырылышта “Ата-Журттун” тизмеси менен келген, ЖК спикери; Шаршенбек Абдыкеримов (№ 9) — 2011-жылы “Республика” менен парламентке келген; Салайдин Айдаров (№ 13); Алмазбек Токторов (№ 43); Бектен Сыдыгалиев (№ 66). “Кыргызстандын” катарына “Республика — Ата-Журттан” өткөндөр: Талант Мамытов (№ 2) “Республика —Ата-Журттан” шайланып, бешинчи чакырылыштын депутаты болгон; Экмат Байбакпаев (№ 22). Тизмеден Тазабек Икрамовду табууга болот (№ 27), “Өнүгүү — Прогресстен” алтынчы чакырылышка депутат болуп келген. “Кыргызстандын” жети талапкери шайлоого чейин мандатын тапшырган. Алар: Таалайбек Масабиров (№ 15) сентябрдын башында, Данияр Төлөнөв (№ 10) жана Кубанычбек Нурматов (№ 21) — августта, Руслан Чойбеков (№ 6) — июнда, Жаныбек Исаев (№ 29) менен Алмазбек Эргешов (№ 30) майда кетти. Бул партияга жети депутат кирип, кайрадан эл өкүлү болууга аттанды. Алардын төртөө — алтынчы чакырылышка Социал-демократтардын тизмеси менен келгендер: Жанар Акаев (№ 1) — эки жыл мурда КСДПнын катарынан чыгарылган; Рыскелди Момбеков (№ 3); Эльвира Сурабалдиева (№ 4); Абдывахап Нурбаев (№ 10); Үчөө мурда эле “Ата Мекенде” болчу: Наталья Никитенко (№ 8); Эмил Токтошев (№ 11) Бахадыр Сулейманов (№ 15) — бешинчи чакырылышта “Ата-Журттан” келген. Бул партия менен алты депутат талапкер болуп бара жатат. Алардын басымдуу бөлүгү “Республика — Ата-Журт” фракциясы менен ЖКга келгендер: Мирлан Жээнчороев (№ 1); Кенжебек Бокоев (№ 6) — “Республика” тизмеси менен бешинчи чакырылышта депутат болгон; Руслан Казакбаев (№ 11); Максат Сабиров (№ 13) — “Республика” тизмеси менен бешинчи чакырылышта депутат болгон; Калдарбек Баймуратов (№ 22). “Республиканын” 14-тизмесинде КСДПдан келген Аалы Карашев жүрөт. Мандат үчүн Алтынбек Жунус уулу да жарышка түшөрүн айта кетели (№ 5). Депутаттык мандатынан ал үгүт иштери башталар алдында баш тарткан. КСДП фракциясынын бардык алты депутаты Жогорку Кеңешке депутат болуп келүү мүмкүнчүлүгүн сынаганы турат. Ирина Карамушкина (№ 2) — ал төртүнчү чакырылыштан бери депутат; Анвар Артыков (№ 3) — парламенттеги ишмердүүлүгүн 1990-жылдары Кыргыз ССРинин Жогору Советинин депутаты болуудан баштаган. 2000-жылы ЖКга он жылдык тыныгуудан кийин “Ар-Намыс” партиясы менен кайра шайланган; Карамат Орозова (№ 5) — төртүнчү жана бешинчи чакырылыштын да депутаты болгон; Асел Кодуранова (№ 15) — КСДП фракциясынан төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон; Альфия Самигуллина (№ 25); Мухтарбек Айнакулов (№ 35). Бул партиянын тизмесинен Жогорку Кеңештин беш депутатын кезиктирдик. Алардын экөө “Замандашка” саясий “Ата Мекен” биримдигинен келген: Айсулуу Мамашова (№ 8); Искандер Гайпкулов (№ 33) — кезегинде үчүнчү чакырылыштын депутаты болгон. Тизмеде биринин артынан экинчиси турган башка эки депутат алтынчы чакырылышта “Бир Бол” фракциясынан келген: Алмазбек Акматов (№ 13); Улугбек Ормонов (№ 14) — үчүнчү жана төртүнчү чакырылыштын депутаты жана “Ак-Жол” фракциясынын лидери болгон. “Замандаштын” бешинчи тизмесинде Умбеталы Кыдыралиев бар. Ал “Республика — Ата-Журт” партиясынан алтынчы чакырылышта мандат алган. Алтынбек Сулайманов (№ 10); Дүйшөн Төрөкулов (№ 13) Партиялык тизмени баштап бара жаткан Алмамбет Шыкмаматов алтынчы чакырылышка “Ата Мекен” менен депутат болуп келген. Бир учурда фракцияны жетектеп турган. Былтыр партия лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктен улам мандатынан баш тарткан. Бул партиянын катарында ЖКнын азыркы эки депутаты бар. Курманкул Зулушев (№ 7) “Республика — Ата-Журт” фракциясынын алтынчы чакырылышында депутат болгон, андан кийинки тизмедеги Гүлнара Клара-Самат (№ 8) “Ата Мекенден” жаңы “Мекенчилге” өткөн. Бул партиянын тизмесинде азыркы депутаттардын бирөө бар, ал — Саматбек Ибраев (№ 9). КСДП фракциясы менен ЖКга апрель айында келип мандатка ээ болгон. Ушул эле мезгилде “Бүтүн Кыргызстандын” тизмесинин өйдө жагынан мурдагы эки депутат орун алган. Исхак Масалиев (№ 3) мандатын май айында, Зиядин Жамалдинов (№ 11) — августтун аягында тапшырып берген. Афганистан жана башка локалдык чатактардын катышуучуларынын партиясында, “Ордо”, “Реформа”, “Чоң Казат”, “Ыйман нурунун” тизмесинде ЖКнын азыркы депутаттары жок. Ошентип Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына келип, мандат алуу үчүн азыркы 84 депутат талапкер аттанды. Мандаттарын анча көп эмес убакыт мурда тапшырган бир катар парламентарийлерди эсепке алганда бул сан 94кө чейин көбөйүшү мүмкүн.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:51

Шайлоо-2020. Сооронбай Жээнбеков терс билдирүүлөргө ыкчам реакция кылуу керектигин айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-сентябрда, өлкө премьер-министри Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана жакшыртуу, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча чаралар талкууланды. Премьер-министр Кубатбек Боронов бул багытта Өкмөттүк түзүмдөрдүн көрүп жаткан камылгалары жөнүндө, ошондой эле бардык санитардык талаптарды эске алуу менен парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу иш-чаралары тууралуу айтып берди. Мындан сырткары, жакында Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондоруна болгон иш сапарынын жыйынтыктары жөнүндө да айтып берди. Жер-жерлерде тургундар инвесторлордун — тоо-кен компанияларынын ишмердигине түшүнүү менен мамиле кылып башташканы белгиленди. Алардын фонддорунан бир катар социалдык маселелерге багытталган долбоорлор ишке ашырылып, ал эми компаниянын ишине көп сандаган жергиликтүү тургундар тартылууда. Ошондой эле Өкмөт башчысы азыркы тапта республикалык бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн көбөйтүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда эл арасында тоо-кен иштетүү тармагына инвестиция тартуунун жана ар кандай чагымчыл чакырыктарды болтурбоонун маанисин түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошол эле маалда инвесторлордун ишмердигинде социалдык жагдайдын эске алынышы керектигин баса белгиледи. Мамлекет башчысы укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулбашына жана жер-жерлерде санитардык талаптардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду. Ар кандай терс билдирүүлөргө жана публикацияларга ыкчам реакция кылуунун, жарандардын коомдук коопсуздугун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Сооронбай Жээнбеков көптөгөн эл аралык уюмдар менен эксперттер пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүндүгү жөнүндө айтып жатышканын кошумчалап, буга байланыштуу дары-дармек каражаттарын, медициналык жабдууларды жетиштүү көлөмдө даярдап алууга, аймактардагы ооруканалардын курулушу менен ремонт иштерин тездетип бүткөрүүгө дагы бир жолу көңүл бурду. Ал экономикалык кыйын кырдаалга карабастан, мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери, медиктерге кенемте төлөмдөрү өз маалында жана толук көлөмдө камсыз болушу керектигин баса белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков күз-кыш мезгилине талаптагыдай кам көрүү, айрыкча, социалдык объектилердин даярдыгын камсыз кылуу зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:46

БШК: Айрым шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлдү

Бүгүн, 14-сентябрда шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын бир катар шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча чечим кабыл алды. Чечим Ысык-Ата жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо участкаларынын айрым даректерин өзгөртүү боюнча өтүнүчтөрүнүн негизинде кабыл алынды. Ошентип, төмөнкү шайлоо участкаларынын даректеринде өзгөрүүлөр болду: 1. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Туз айыл аймагынын №7132 участогу Осмонов көчөсүндөгү маданият үйүнөн Ысык-Ата районуна караштуу А.Айталиев атындагы Туз орто мектебинин имаратына; 2. Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл аймагындагы №7142 участогу Логвиненко айыл өкмөтүнүн имаратынан Кирпичная көчөсү 2 дарегиндеги “Алтын балалык” бала бакчасынын имаратына; 3. Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата айыл аймагынын №7136 участогу Жакишев көчөсүндөгү Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн имаратынан Тайкашкаев көчөсү 27 дарегиндеги О.Болоболаев атындагы мектептин имаратына; 4. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий айыл аймагындагы № 3100 участогу Ленин көчөсүндөгү клубдун имаратынан Ленин көчөсүндөгү Качыбек орто мектебинин имаратына; 5. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айыл аймагындагы №3112 шайлоо участогу Өмүралы көчөсүндөгү клубдун имаратынан Асанбай көчөсүндөгү Алышпаев атындагы орто мектебинин имаратына; 6. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айыл аймагынын №3106 участогу Ленин көчөсүндөгү М.Жусупов атындагы орто мектебинин имаратынан Арык-Мырза көчөсүндөгү клубдун имаратына; 7. Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айыл аймагынын №3104 участогу Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн имаратынан Туманов атындагы орто мектептин имаратына; 8. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл аймагынын №3128 участогу Рахмат көчөсүндөгү Эшимбеков атындагы орто мектептин имаратынан Рахмат көчөсүндөгү Кара-Жал айыл өкмөтүнүн имаратына которулду. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:46

Тажикстанда президенттик шайлоого беш талапкер катталганы аныкталды

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке беш талапкерди каттады. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү ЖМКлары жазып чыкты. Маалыматка караганда, президенттикке Агрардык партия Рустам Латифзоданы, Социалисттик партия Абдухалим Гаффорзоданы, бийликтеги Элдик-демократиялык партия, Эркин кесиптик кошуундар менен Жаштар биримдиги азыркы президент Эмомали Рахмонду, Экономикалык реформалар партиясы Рустам Рахматзоданы жана Коммунисттик партия Мирож Абдуллоевди көрсөттү. Ал эми өзүн өзү көрсөткөн жалгыз талапкер Фаромуз Иргашев боюнча кандай чечим чыгары азырынча белгисиз. Эске салсак, Тажик оппозициясы бул шайооого катышуудан баш тарткан. Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт жана бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алтынчы шайлоо болуп калат. Бул шайлоолордун баарында азыркы президент Эмомали Рахмон жеңген. Ал өлкөнү соңку 28 жылдан бери башкарып жатат. Белгилей кетсек, Тажикстанда президент жети жылга шайланат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:47

БШК: Үч жарым миллионго жакын шайлоочунун тизмеси такталды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 465 415 кишинин тизмесин тактады. Бул тууралуу 14-сентябрда расмий маалым болду. Эске салсак, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 2 761 297 киши болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 3 025 770 шайлоочу катталган. Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрда өтөт, ага 16 партия катышууда. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:48

Тажикстанда президенттик шайлоого беш талапкер катталды

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке беш талапкерди каттады. Ага ылайык, президенттикке Агрардык партия Рустам Латифзоданы, Социалисттик партия Абдухалим Гаффорзоданы, бийликтеги Элдик-демократиялык партия, Эркин кесиптик кошуундар менен Жаштар биримдиги азыркы президент Эмомали Рахмонду, Экономикалык реформалар партиясы Рустам Рахматзоданы жана Коммунисттик партия Мирож Абдуллоевди көрсөттү. Өзүн өзү көрсөткөн жалгыз талапкер Фаромуз Иргашев боюнча кандай чечим чыгары азырынча белгисиз. БШКнын катчысы Навруз Самадзода «Азаттыктын» тажик кызматына ушул тушта Демократиялык партиянын төрагасы Саидджафар Усмонзоданын штабы тапшырган документтер иликтенип жатканын, ал өзү БШКга чакырылганын, чечим жакында чыгарын билдирди. Тажик оппозициясы бул шайооого катышуудан баш тарткан. Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт жана бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алтынчы шайлоо болуп калат. Бул шайлоолордун баарында азыркы президент Эмомали Рахмон жеңген. Ал өлкөнү соңку 28 жылдан бери башкарып жатат. Эл аралык коомчулук, Батыш мамлекеттери Тажикстандагы бир да шайлоого «эркин, ачык атаандаштык шартында, демократиялык принциптерге жараша өттү» деп баа берген эмес. Тажикстанда президент жети жылга шайланат.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:48

Үч жарым миллионго чукул шайлоочунун тизмеси такталды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 465 415 кишинин тизмесин тактады. Бул тууралуу 14-сентябрда расмий кабарланды. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 2 761 297 киши болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 3 025 770 шайлоочу катталган. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешин шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышат.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:48

Мигранттын шайлоо укугуна байланыштуу суроолорго БШК жооп берет

Чет мамлекеттерде жашаган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга жардам берүү үчүн мобилдүү топтор ишин баштады. Жогорку Кеңешке шайлоого чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен биринчи жолу Россиянын Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск, Якутск шаарларында, ошондой эле Италия менен Францияда да ачылган. БШК мигранттардын шайлоо укугуна байланыштуу суроолоруна жооп берет. 1. Шайлоочулардын тизмесине кантип кирсем болот? — Кыргыз жараны биометрикалык каттоодон өтүп жана жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүктө же консулдук мекемеде консулдук каттоого турган адам автоматтык түрдө шайлоочулардын тизмесине киргизилет. 2. Кантип консулдук каттоого тура алам? — Консулдук каттоого туруу үчүн документтердин топтомун жыйнап алып чет өлкөдөгү мекемеге ар ким жеке өзү келиш керек же КРдин чет өлкөдөгү мекемесинин расмий электрондук сайтына сканирленген документтерди же Тышкы иштер министрлигинин порталына — https://mfa.gov.kg «Консулдук каттоо» маалыматтык системасы менен жөнөтүү керек. Жарандардын шайлоочулардын тизмесине киргендиги тууралуу маалыматты «Тизме» http://www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу шайлоо учурунун убактысында КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин аймактарындагы шайлоо участокторунан билүүгө болот. 3. Консулдук каттоого туруу үчүн акы алынабы? — Консулдук төлөмдөр консулдук каттоого тургандыгы үчүн алынбайт. Консулдук каттоо жана биометрикалык каттоодон өтүү процедуралары боюнча толук маалыматты https://shailoo.gov.kg/ru/golosovanie-za-rubezhom/materialy/ шилтемеси аркылуу кирип билсе болот. 4. Мобилдүү топ эмне иш аткарат? — Чет мамлекеттерде жашаган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга жардам берүү үчүн мобилдүү топтор ишин баштады. Мобилдүү топтор алдыда турган парламенттик шайлоолорду уюштуруу иштери, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдө жайгашкан даректер жана шайлоо участокторунун саны, жарандарды консулдук каттоого коюу, биометрикалык каттоо боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштерин аткарат. 5. Алар кайсы өлкөдө жана шаарларда иш алып барат? — Мобилдик топтор шайлоо участкалары түзүлгөн шаарларда иш алып барат. Чет өлкөдөгү шайлоо тилкелери «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүндө Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана аккредиттелген мамлекеттер менен макулдашуу боюнча түзүлөт. 6. Мобилдүү топтор качан ишин баштайт? — Алардын ишин эрте баштоосу пландалган, бирок пандемия шартында авиакаттамдардын жабыктыгынан улам, топтун чыгуусу рейстердин ачылышына жараша уюштурулат. Биринчи мобилдүү топ ушул жылдын 22-августунан 28-августка чейин Түркиянын Бурса, Измир, Бодрум, Анталья, Анкара жана Стамбул шаарларында мекендештер менен жолугушуп, биометрикалык каттоо жүргүзгөн. Ал эми 4-7-сентябрда АКШнын Чикаго жана Сан-Франциско шаарларында, 5-10-сентябрда Италиянын Неаполь, Болонья жана Кальяри шаарларында биометрикалык каттоо өткөрдү. 12-сентябрдан тарта мобилдүү топтор Россияда иштей башташты. Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Челябинск шаарларында жолугушуулар болуп өттү. 7. Мобилдүү топтордун кезектеги жолугушуусу кайсы шаарда өтөт? — Россиянын шаарларында пландалган кезектеги жолугушуулар: 14 -сентябрда Курган шаарында 14-сентябрда Хабаровск шаарында 14-же 15-сентябрда Москва шаарында 15-сентябрда Казань шаарында 15-сентябрда Тюмень шаарында 15-сентябрда Южно-Сахалинск шаарында 16-сентябрда Сургут шаарында 16-сентябрда Владивосток шаарында 17-сентября Якутск шаарында өтөт. Булак: 24.kg

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:48

Феликс Кулов: Сабатсыз адамдар гана президенттиктен толугу менен кете алышат

Сабатсыз адамдар гана президенттиктен толугу менен кете алышат. Экс-премьер-министр Феликс Кулов бир нече партиянын программасында орун алган президенттик шайлоону жоюу боюнча шайлоо алдындагы убадасына ушундайча комментарий берди. "Цивилизациялуу өлкөлөрдө бийлик үч бутакка бөлүнөт: мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот" деп эстеди ал Vesti.kg менен болгон маегинде. - Бирок мамлекет башчысынын кызматы дагы эле кала берүүдө. Же АКШдагыдай эле - президент бийликтин аткаруу бийлигин жетектейт, же Европадагыдай эле - ал жеке өкүлчүлүк функцияларды аткарат жана мыйзамдарды бекитет. Демек, мамлекет башчы керек болуп жатат. Феликс Шаршенбаевич президент кандай ыйгарым укуктарга ээ болушу керектиги жөнүндө ой бөлүштү. "Парламенттик башкаруу формасындагы президентти эл шайлабашы керек, анткени бул учурда ал депутаттар шайлаган премьер-министрге караганда көбүрөөк легитимдүүлүккө ээ", - деди ал. - Мына ошондуктан мамлекет башчы көптөгөн иштерге аралашууга аргасыз болуп, андан кийин аны узурпатор деп аташат. Менин оюмча, парламенттик башкаруу формасында президент бир жагынан аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруучу бийлик бутактарынын, экинчи жагынан сот бийлигинин ортосунда тоскоолдук болушу керек. Ал сот бийлигин кысымдан коргошу керек. Ошол эле учурда, мамлекет башчы региондордун өкүлдөрү катышкан парламентти - курултай аркылуу тандашы керек. Мурунку премьер-министр белгилегендей, тигил же бул партиянын пайдасына тандоо жасоодон мурун, жарандар өзүлөрүн өкмөт башчысынын ордуна коюп, сунушталган программалардын кайсынысын ишке ашырса болору жөнүндө ойлонушу керек. "Мен кээде өзүмдү министрлер кабинетинин башчысынын ордуна коём жана сунушталган программалардын бири дагы аткарылбай тургандыгын түшүнөм", - деп кошумчалады Феликс Кулов. - Дээрлик баардык саясий бирикмелер булут каптап, чындыкка дал келбеген убадаларды беришүүдө. Эске салсак, Vesti.kg буга чейин шайлоого катышкан бардык партиялардын программаларын салыштырган. Алардын айрымдары же президенттик бийликти жок кылабыз, же анын ыйгарым укуктарын кыскартабыз деп убада беришкен. Булак: vesti.kg

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:49

Сооронкулова: Шайлоочулар менен жолугушуубузду үзгүлтүккө учуратууга аракет кылгандар болду

“Реформа” саясий партиясы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри К.Джунушалиевге жана Башкы прокурор Ө.Джамшитовго арыз жазышты. Бул тууралуу Клара Сооронкулова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.Анын айтымында, “Реформа” партиясы эл менен жолугушуу өткөрүп жатканда, чогулушка бейтааныш адамдар келип, жыйынды үзгүлтүккө учуратуу аракети болгон.Арыздын тексти толугу менен өзгөртүүсүз сунуштайбыз:2020-жылдын 13-сентябрында Ат-Башы мал базарында Реформа партиясынын талапкерлери үгүт иштерин жүргүзүү учурунда, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүнүн кызматкерлери мыйзамсыз байкоо жүргүзүп, жалданма чагымчыларын жумшап, биздин шайлоочулар менен болгон жолугушууларды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты.Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө мыйзамына ылайык, ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандардын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдетүү, ушуга байланыштуу бизге сыртыбыздан байкоо жүргүзгөн кызматкерлер биздин мыйзамдуу талабыбызды тоготпостон, күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартышты. Бизге жеткен маалыматтар боюнча байкоо жүргүзгөн адамдар Ат-Башы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, алардын арасында ИИБнин башчысынын орун басары Эрнис аттуу жаран (сүрөттө көк спорттук кийим кийген).Андан тышкары, Жазык-процессуалдык кодексинин 213-беренесинин 6-пунктуна ылайык адамдарды байкоо атайын тергөө амалдарына кирет. Демек, ЖПКнын 212-беренесине ылайык атайын тергөө аракеттери жазык сот өндүрүшүндө далилдөөгө жаткан шарттарды билүү үчүн, кызыкчылыктары козголгон адамдар жазык сот өндүрүшүнө тартууну маалымдабай туруп, тергөө аракеттери менен муну аныктоо мүмкүн болбогон фактылар жөнүндө маалымат алуу зарыл учурларда гана жүргүзүлөт (1-пункт).Тергөөчү атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү зарыл болсо тергөө судьясынын алдында тиешелүү өтүнмөнү козгойт, бул жөнүндө прокурорду кабарландырат (2-пункт).Атайын тергөө аракеттери оор жана өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кирген жазык иштери боюнча жүргүзүлөт (3-пункт).Ушуга байланыштуу, Реформа партиясынын талапкерлери Карасартова Рита, Мусуралиев Марат, Чакиев Азамат жана Сооронкулова Кларага карата сыртынан байкоо аракети кандай негиздерде жүргүзүлгөнү жана анын мыйзамдуулугу тууралуу маалымат беришиңизди талап кылабыз. Эсиңизге салып кетчү жагдай – ЖПКнын 214-беренисинин талаптарына ылайык атайын тергөө амалдары тергөө судьясынын токтомунун негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Андыктан, бизге карата сотко чейинки өндүрүш козголгондугу тууралуу маалыматты билүүгө толук укуктуубуз.Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинин негизинде (ички иштер органынын кызматкеринин аракети менен өзүнүн укугуна, эркиндигине жана мыйзамдуу таламдарына шек келтирилди деп эсептелген адамдар бул аракеттерге ички иштер органынын жогору турган органына же кызмат адамына, прокурорго, ошондой эле сотко даттанууга укуктуу) арызга тиркелген сүрөттөрдөгү Ат-Башы ИИБнин кызматкерлеринин аты-жөнүн тактап берүүнү жана аларга карата мыйзамда каралган жоопкерликке тартуу чараларын көрүүңүздү талап кылабыз.Ушул арызга мыйзамда каралган мөөнөттө жооп күтөбүз.Реформа саясий партиясынын төрайымы Сооронкулова К.С14.09.2020

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:49

БШК: 8 шайлоо участкасынын дареги өзгөрдү

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 8 шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү. Бул тууралуу 14-сентябрда БШКнын басма сөз кызматы билдирдиМаалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоо участкаларынын төмөнкү даректерин өзгөртүү боюнча чечим кабыл алган.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники