О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
15 сентября 2020 г. 0:30

Кайсы учурда депутат мандат ала албай калат. Маалымдама

4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Бирок белгилүү бир шартта айрым талапкер мандат ала албай калышы мүмкүн. Кайсы учурлар экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги териштирип көрдү.БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Талапкерлерге айрым учурда Жогорку Кеңештин мандаты берилбей калышы да ыктымал. Sputnik редакциясы "Президентти жана Жогорку кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзамдын негизинде мындай учурларга көз чаптырып көрдү. Кайсы партияда жогорку билимдүү талапкерлер көбүрөөк? Рейтинг Алгач талапкерлерге коюлган талаптарды карап көрөлү: шайлоо күнү эң жаш талапкер 21 жашка толушу керек; КР жараны болушу шарт; башка мамлекеттин жараны болбошу керек; бир талапкер бир гана тизмеге кире алат; соттун өкүмү күчүнө кирип, абакка киргизилгендер же сот тарабынан акыл-эси кем деп табылгандар талапкер боло албайт; эгер соттолгон болсо, тиешелүү мезгил өтүшү керек. Мында кылмыштын оор-жеңилине, беренесине карап убактысы белгиленет. Прокуратура добушту кыйнап, мажбурлап чогулткандарга чара көрүүнү баштады Бирок талапкер тизмеден шайлоого чейин эле чийилип калышы мүмкүн. Мында өзү арыз берсе же партия чечим кабыл алса (шайлоого чейин кеминде 5 күн калганда), болбосо айыптоочу өкүм күчүнө кирсе депутаттыкка талапкер боло албайт. Эмне үчүн мандат ала албай калышы мүмкүн? Эң эле жөнөкөйү — партия шайлоо босогосунан өтө албай калса. Мыйзам боюнча партия жалпы добуштун 7, ар бир облус менен Бишкек, Ош шаарларында 0,7 пайыздан кем эмес көрсөткүчкө ээ болушу шарт. Экинчи себеби — эгер көпчүлүк добуш партияларга эмес, "баарына каршы" деп берилген учурда. Бул учурда кайра шайлоо жарыяланат. Үчүнчү себеби — эл өкүлү болуп шайланган талапкер үч күндүн ичинде БШКга буга чейинки кызматынан кеткени тууралуу арыздын бир нускасын алып келип бериши керек. Эгер мурунку жумушунан кетпесе, мандат тизме боюнча кийинки орунда турган талапкерге берилет. Дагы бир себеби — талапкерге жөн гана кезек жетпей калышы мүмкүн. Эгер талапкер өз арызы менен тизмеден чыга турган болсо да мандат берилбейт. Кайсы партия жаштарды көбүрөөк чогултту? Жаш курак боюнча инфографика Бирок мандат алгандан кийин да депутат андан ажырап калышы ыктымал. Төмөндө ошондой учурлар тизмектелди: ыйгарым укуктарын токтотуу же фракциядан чыгуу боюнча жазылган арызы; эгер сот тарабынан акыл-эси жайында эмес деп табылса; көз жумса; соттун депутаттын өлгөнү же дайынсыз жоголгону тууралуу чечими күчүнө кирсе; соттун айып таккан өкүмү күчүнө кирсе; депутаттык ишмердүүлүгүнө шайкеш келбеген ишке өтсө; Кыргызстандын аймагынан тыш жашоо үчүн кетсе; Кыргызстандын жарандыгынан баш тартса, башка мамлекеттин жараны экени аныкталса; Жогорку Кеңештин жыйындарына бир сессияда 30 күн же андан ашып себепсиз келбесе; шайлоо мыйзамсыз деп табылса.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:30

Азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатат. Тизме

Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болгондордун төрттөн үч бөлүгү кайрадан парламентке келүүгө ниет кылууда.БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышмакчы. Тизменин жарымынан көбүн мыйзам чыгаруу ишмердигинен арылгысы келбеген азыркы эл өкүлдөрү түзөт. Sputnik Кыргызстан редакциясы партиялардагы тизмеден талапкер болгон учурдагы депутаттарды санап чыкты. Материалга жакында эле мандатын тапшырып, эл өкүлүнүн креслосуна кол сунгандар да киргизилди. Партиялар тизмедеги депутаттар боюнча тизмектелди. "Биримдик" "Биримдик" менен 29 парламентарий бара жатат. Алардын 14ү алтынчы чакырылышка КСДПдан депутат болуп келген. Алар: Төрөбай Зулпукаров (№3) — парламентте бешинчи чакырылыштан бери келе жатат; Евгения Строкова (№ 4); Аида Касымалиева (№ 8) — ЖКнын вице-спикери; Марат Аманкулов (№ 11); Улан Примов (№ 17); Азамат Арапбаев (№ 19) — 2008-2010-жылдары төртүнчү чакырылыштын депутаты; Асылбек Жээнбеков (№ 27) — 2007-жылы төртүнчү, ал эми 2010-жылы бешинчи чакырылыштын депутаты жана кийин ЖКнын төрагасы болгон ; Өмүрбек Бакиров (№ 30) — "Республика — Ата-Журт" партиясынан бешинчи чакырылыштын депутаты; Бакытбек Жетигенов (№ 35) — бешинчи чакырылыштын депутаты, "Ар-Намыс" менен келген; Абтандил Кулбараков (№ 39); Айнура Осмонова (№ 44); Сайдолимжон Жураев (№ 46); Айнуру Алтыбаева (№ 52) — "Ар-Намыстан" бешинчи чакрылыштын депутаты болгон; Нодирбек Каримов (№ 55). Дагы жети депутат "Республика — Ата-Журт" партиясынын фракциясынан кошулган: Айбек Алтынбек (№ 13); Пархат Тулендыбаев (№ 22) — 2007- 2010-жылдары "Ак Жол"партиясынан келип, төртүнчү чакырылышка мандат алган; Махабат Мавлянова (№ 28); Сагындык Келдибаев (№ 29); Динара Исаева (№ 40) — 2007- 2010-жылдары "Ак-Жол"партиясынан төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон; Нурбек Тотонов (№ 43); Абдыбек Дүйшалиев (№ 57). Төрт депутат "Бир Бол" партиясынан келген: Бакирдин Субанбеков (№ 15); Жаныбек Бакчиев (№ 26); Исхак Пирматов (№ 31) — "Республика" партиясынан бешинчи чакырылыштын депутаты болгон; Бактыбек Турусбеков (№ 71). Үч депутат "Өнүгүү — Прогресс" партиясынан кошулган: Гүлшат Асылбаева (№ 32); Абдумажит Юсуров (№ 67) — төртүнчү чакырылыштын депутаты; Абылкайыр Узакбаев (№ 170); Партияга "Кыргызстан" фракциясынан Айнура Аскарова кирген (№ 89). "Мекеним Кыргызстан" Тизмеге 15 азыркы депутат кирген. Алардын жетөө "Республика — Ата-Журт" фракциясынан: Марлен Маматалиев (№ 7); Жыргалбек Турускулов (№ 9); Таабалды Тиллаев (№ 11); Бактыбек Сыдыков (№ 22); Бактыбек Райымкулов (№ 25); Алиярбек Абжалиев (№ 27) — 2005-2007-жылдары депутат болгон; Тариел Жоробеков (№ 79). Беш депутат "Мекеним Кыргызстанга" КСДПдан келген: Искендер Матраимов (№ 10); Гүлкан Молдобекова (№ 12); Иса Өмүркулов (№ 26) — ал биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон; Ильхом Маннанов (№ 33); Жылдыз Мусабекова (№ 44). Эки депутат "Өнүгүү —Прогресс" партиясынан, алтынчы чакырылыштан келген: Мирлан Бакиров (№ 1) — "Республика" партиясынан бешинчи чакырылышта мандат алган, 2017-жылы вице-спикер болуп шайланган; Осмон Турдумамбетов (№ 54) — парламентке 2020-жылдын 28-августунда келген. "Мекеним Кыргызстанга" ЖКдагы "Кыргызстан" фракциясынан Урматбек Самаев депутат болуу ниетинде (№ 21). "Кыргызстан" Аталган партиянын бүгүнкү тизмесинен 11 эл өкүлүн окууга болот. Алардын көбү алтынчы чакырылыштын депутаттары: Канат Исаев (№ 1) — бешинчи чакырылышка "Республиканын" тизмеси менен келген; Нурбек Алимбеков (№ 3) — бешинчи чакырылышка "Республиканын" тизмеси менен келген; Азизбек Турсунбаев (№ 5) — үчүнчү, төртүнчү чакырылыштын депутаты; Дастанбек Жумабеков (№ 7) — бешинчи чакырылышта "Ата-Журттун" тизмеси менен келген, ЖК спикери; Шаршенбек Абдыкеримов (№ 9) — 2011-жылы "Республика" менен парламентке келген; Салайдин Айдаров (№ 13); Алмазбек Токторов (№ 43); Бектен Сыдыгалиев (№ 66). "Кыргызстандын" катарына "Республика — Ата-Журттан" өткөндөр: Талант Мамытов (№ 2) "Республика —Ата-Журттан" шайланып, бешинчи чакырылыштын депутаты болгон; Экмат Байбакпаев (№ 22). Тизмеден Тазабек Икрамовду табууга болот (№ 27), "Өнүгүү — Прогресстен" алтынчы чакырылышка депутат болуп келген. "Кыргызстандын" жети талапкери шайлоого чейин мандатын тапшырган. Алар: Таалайбек Масабиров (№ 15) сентябрдын башында, Данияр Төлөнөв (№ 10) жана Кубанычбек Нурматов (№ 21) — августта, Руслан Чойбеков (№ 6) — июнда, Жаныбек Исаев (№ 29) менен Алмазбек Эргешов (№ 30) майда кетти. "Ата Мекен" Бул партияга жети депутат кирип, кайрадан эл өкүлү болууга аттанды. Алардын төртөө — алтынчы чакырылышка Социал-демократтардын тизмеси менен келгендер: Жанар Акаев (№ 1) — эки жыл мурда КСДПнын катарынан чыгарылган; Рыскелди Момбеков (№ 3); Эльвира Сурабалдиева (№ 4); Абдывахап Нурбаев (№ 10); Үчөө мурда эле "Ата Мекенде" болчу: Наталья Никитенко (№ 8); Эмил Токтошев (№ 11) Бахадыр Сулейманов (№ 15) — бешинчи чакырылышта "Ата-Журттан" келген. "Республика" Бул партия менен алты депутат талапкер болуп бара жатат. Алардын басымдуу бөлүгү "Республика — Ата-Журт" фракциясы менен ЖКга келгендер: Мирлан Жээнчороев (№ 1); Кенжебек Бокоев (№ 6) — "Республика" тизмеси менен бешинчи чакырылышта депутат болгон; Руслан Казакбаев (№ 11); Максат Сабиров (№ 13) — "Республика" тизмеси менен бешинчи чакырылышта депутат болгон; Калдарбек Баймуратов (№ 22). "Республиканын" 14-тизмесинде КСДПдан келген Аалы Карашев жүрөт. Мандат үчүн Алтынбек Жунус уулу да жарышка түшөрүн айта кетели (№ 5). Депутаттык мандатынан ал үгүт иштери башталар алдында баш тарткан. Баары 21де. Жогорку Кеңешке аттанган эң жаш 10 талапкердин билими, иштеген жери "Социал-демократтар" КСДП фракциясынын бардык алты депутаты Жогорку Кеңешке депутат болуп келүү мүмкүнчүлүгүн сынаганы турат. Ирина Карамушкина (№ 2) төртүнчү чакырылыштан бери депутат; Анвар Артыков (№ 3) — парламенттеги ишмердүүлүгүн 1990-жылдары Кыргыз ССРинин Жогору Советинин депутаты болуудан баштаган. 2000-жылы ЖКга он жылдык тыныгуудан кийин "Ар-Намыс" партиясы менен кайра шайланган; Карамат Орозова (№ 5) — төртүнчү жана бешинчи чакырылыштын да депутаты болгон; Асел Кодуранова (№ 15) — КСДП фракциясынан төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон; Альфия Самигуллина (№ 25); Мухтарбек Айнакулов (№ 35). "Замандаш" Бул партиянын тизмесинен Жогорку Кеңештин беш депутатын кезиктирдик. Алардын экөө "Замандашка" саясий "Ата Мекен" биримдигинен келген: Айсулуу Мамашова (№ 8); Искандер Гайпкулов (№ 33) — кезегинде үчүнчү чакырылыштын депутаты болгон. Тизмеде биринин артынан экинчиси турган башка эки депутат алтынчы чакырылышта "Бир Бол" фракциясынан келген: Алмазбек Акматов (№ 13); Улугбек Ормонов (№ 14) — үчүнчү жана төртүнчү чакырылыштын депутаты жана "Ак-Жол" фракциясынын лидери болгон. "Замандаштын" бешинчи тизмесинде Умбеталы Кыдыралиев бар. Ал "Республика — Ата-Журт" партиясынан алтынчы чакырылышта мандат алган. "Бир Бол" Алтынбек Сулайманов (№ 10); Дүйшөн Төрөкулов (№ 13) Партиялык тизмени баштап бара жаткан Алмамбет Шыкмаматов алтынчы чакырылышка "Ата Мекен" менен депутат болуп келген. Бир учурда фракцияны жетектеп турган. Былтыр партия лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктен улам мандатынан баш тарткан. "Мекенчил" Бул партиянын катарында ЖКнын азыркы эки депутаты бар. Курманкул Зулушев (№ 7) "Республика — Ата-Журт" фракциясынын алтынчы чакырылышында депутат болгон, андан кийинки тизмедеги Гүлнара Клара-Самат (№ 8) "Ата Мекенден" жаңы "Мекенчилге" өткөн. "Бүтүн Кыргызстан" Бул партиянын тизмесинде азыркы депутаттардын бирөө бар, ал — Саматбек Ибраев (№ 9). КСДП фракциясы менен ЖКга апрель айында келип мандатка ээ болгон. Ушул эле мезгилде "Бүтүн Кыргызстандын" тизмесинин өйдө жагынан мурдагы эки депутат орун алган. Исхак Масалиев (№ 3) мандатын май айында, Зиядин Жамалдинов (№ 11) августтун аягында тапшырып берген. Афганистан жана башка локалдык чатактардын катышуучуларынын партиясында, "Ордо", "Реформа", "Чоң Казат", "Ыйман нурунун" тизмесинде ЖКнын азыркы депутаттары жок. Ошентип, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына келип, мандат алуу үчүн азыркы 84 депутат талапкер аттанды. Мандаттарын анча көп эмес убакыт мурда тапшырган бир катар парламентарийлерди эсепке алганда бул сан 94кө чейин көбөйүшү мүмкүн.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:31

Кыргызстан менен Швейцариянын дипломатиялык кызматташтыгына 25 жыл болду

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Швейцария Конфедерациясынын Президенти Дорис Лойтхард эки өлкө ортосунда дипломаттык байланыштардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык юбилейине байланыштуу бири-бирине куттуктоо телеграммасын жиберишти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо телеграммасында чейрек кылым мурда Швейцария Конфедерациясы Кыргызстан менен дипломаттык мамилелерди түзгөн дүйнөдөгү алгачкы өлкөлөрдөн болгону айтылат. «25 жыл аралыгында Кыргыз Республикасы менен Швейцария Конфедерациясынын кызматташтыгы бир калыпта бекемделип келатканы, бардык чөйрөлөрдө эки мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп берген өз ара тыгыз аракеттерди жолго сала алганыбыз кубандырат. Саясый диалогдун жогорку деӊгээли мындай кызматташтыктын маанилүү элементи болуп калды. Бул диалог Кыргыз Республикасынын демократиялык өнүгүшүнүн кайталангыс жолуна Сиздин өлкөнүн көӊүл бурушу аркылуу кеӊейип жана байып жатат. Буга байланыштуу 2015-жылы Сиздин ажайып өлкөңүзгө болгон сапарымды өзгөчө жылуу сезим менен эстейм, анда эки тарап өз ара мамилелерди ишибиз менен андан ары тереӊдетүүнү макулдашкан элек», - деп белгиленет Мамлекет башчысынын катында. Президент Алмазбек Атамбаев Президенту Дорис Лойтхардга бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Швейцария элине тынчтык менен бакыбаттыкты каалады. Өз кезегинде Швейцария Конфедерациясынын Президенти Дорис Лойтхард куттуктоо телеграммасында Кыргызстан менен Швейцария ортосундагы жылуу мамилелер жолго коюлганын белгиледи. «Биздин өлкөлөрдүн географиялык жана топографиялык шарттары боюнча көп окшоштугу бар, бирок ички руху жагынан жакындыктын мааниси андан бийик. Швейцария Кыргызстандын соӊку 25 жылдагы демократия жолундагы күч-аракеттерин баалайт. Бул эки тараптуу өз ара аракеттерди өнүктүрүүдөн тарта Бреттон-Вуд институттарынын алкагында өнөктөштүк сыяктуу көп чөйрөлөрдөгү тыгыз кызматташтыгыбыздын негизи болуп саналат. Сиздин жетекчилигиӊиз алдында быйыл өтө турган шайлоолор тынчтык, плюралисттик жана бакыбаттык келечекке негиз түзүү менен биримдикке жана демократияны бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем. Соңку жыйырма беш жылда көп жетишкендиктер болсо да, Кыргызстан менен Швейцария ортосундагы кызматташтыктын потенциалы бүтө элек. Мындан ары биздин өз ара тыгыз аракеттерди улантууга үмүттөнөм», - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында. Президент Дорис Лойтхард Президент Алмазбек Атамбаевге жана кыргыз элине бардык жакшылыктарды каалады.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:31

Кыргызстанда президенттин шайлоо 2017-жылы 19-ноябрда өтөт

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-февралда Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда Мамлекет башчысы БШК иши жана өлкөнүн шайлоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды. Н.Шайлдабекованын сөзү боюнча, мурда болгон шайлоолорду жана добуш берүүлөрдү терең талдоо менен БШК кемчиликтерди четтетип, шайлоо процессин дагы жакшыртуу үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Мамлекет башчысы конституциялык мыйзамга ылайык ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде, так айтканда, быйыл 19-ноябрда боло турган жаңы Президентти шайлоонун мааниси зор экенин белгиледи. «Шайлоого чейинки тогуз айдын ичинде иштеги бардык кетирилген катачылыктарды жана кемчиликтерди четтетип, жаңы Мамлекет башчысын ачык жана адилеттүү шайлоону камсыз кылуу керек, - деп баса белгиледи Президент А.Атамбаев. – Адилеттүү жана эркин шайлоолор гана бийликтин легитимдүүлүгүнүн жана өлкөнүн туруктуулугунун кепили боло алат».

Подробнее
26 сентября 2020 г. 11:53

Ыймандуу бийлик- Берекелүү жашоо!

Ыймандуу бийлик- Берекелүү жашоо! “Ыйман Нуру” №3✅

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:31

Ташкентте пенсионерлер метродо акысыз катташат

Ташкент 10-март /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. Өзбекстанда пенсионерлер 15-марттан баштап эртең мененки саат 10:00дон 16:00го чейин метрополитендер аркылуу акысыз жүрүү укугуна ээ болушат. Бул тууралуу кечээ жергиликтүү ЖМКлар билдиришти. Тиешелүү токтомду Өзбекстандын өкмөтү 9-мартта кабыл алган. Өзбекстандын Президенти Шевкат Мирзиеев президенттик шайлоонун алдында шайлоочулар менен жолугушууда пенсионерлер үчүн метродо жүрүүнү акысыз кылууну убада кылган эле.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 8:54

"Ыйман Нуру" чек ара маселеси...

"Ыйман Нуру" чек ара маселеси... Конфликты на границе Баткена, как их решить? Решение от партии Ыйман Нуру

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:32

Орусиядагы мекендештерге мобилдүү топтор шайлоо укуктарын ишке ашырууга жардам берет

Чет мамлекеттерде жашаган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга жардам берүү үчүн мобилдүү топтор ишин баштады. Бул тууралуу БШКнын маалыматтык бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, мобилдүү топтор КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КР Тышкы иштер министрлиги, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргелешип, 2020-жылдын 4-октябрында боло турган КР ЖК депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү алкагында уюшулган. Бул демилге ПРООНдун, Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МОМ) жана Германиянын өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашууда. Мобилдүү топтор алдыда турган парламенттик шайлоолорду уюштуруу иштери, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдө жайгашкан даректер жана шайлоо участокторунун саны, жарандарды консулдук каттоого коюу, биометрикалык каттоо боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштерин аткарып жатышат. “КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана мамлекеттик органдардын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана аккредиттелген мамлекеттер менен макулдашуу боюнча түзүлөт. Чет мамлекеттерде жашаган Кыргызстандын жарандарынын шайлоо мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн, анын ичинен биринчи жолу Россиянын Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск, Якутск шаарларында, ошондой эле Италия менен Францияда да ачылган. Мобилдүү топтордун ишти эрте баштоосу пландалган, бирок пандемия шартында авиакаттамдардын жабыктыгынан улам, топтун чыгуусу рейстердин ачылышына жараша уюштурулат. Биринчи мобилдүү топ ушул жылдын 22-августунан 28-августка чейин Түркиянын Бурса, Измир, Бодрум, Анталья, Анкара жана Стамбул шаарларында мекендештер менен жолугушуп, биометрикалык каттоо жүргүзгөн. Ал эми 4-7-сентябрда АКШнын Чикаго жана Сан-Франциско шаарларында, 5-10-сентябрда Италиянын Неаполь, Болонья жана Кальяри шаарларында биометрикалык каттоо жүргүзүлгөн. 12-сентябрдан тарта мобилдүү топтор Россияда иштей башташты. Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Челябинск шаарларында жолугушуулар болуп өттү. Россиянын шаарларында пландалган кезектеги жолугушуулар: 14 -сентябрда Курган шаарында 14-сентябрда Хабаровск шаарында 14-же 15-сентябрда Москва шаарында 15-сентябрда Казань шаарында 15-сентябрда Тюмень шаарында 15-сентябрда Южно-Сахалинск шаарында 16-сентябрда Сургут шаарында 16-сентябрда Владивосток шаарында 17-сентября Якутск шаарында өтөт. Кыргыз Республикасынын жараны болуп, биометрикалык каттоодон өтүп жана жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүктө же консулдук мекемеде консулдук каттоого турган адам автоматтык түрдө https://shailoo.gov.kg/ru/konstitucionnye-zakony-kr/konstitucionnye-zakony-kr/O_vyborah_Pr-1913/ шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Консулдук каттоого туруу үчүн документтердин топтомун жыйнап алып чет өлкөдөгү мекемеге ар ким жеке өзү келиш керек же КРдин чет өлкөдөгү мекемесинин расмий электрондук сайтына сканирленген документтерди же КР ТИМ порталына – https://mfa.gov.kg “Консулдук каттоо” маалыматтык системасы менен жөнөтүү керек. Консулдук төлөмдөр консулдук каттоого тургандыгы үчүн алынбайт. Жарандардын шайлоочулардын тизмесине киргендиги тууралуу маалыматты «Тизме» http://www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу шайлоо учурунун убактысында КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин аймактарындагы шайлоо участокторунан билүүгө болот. Консулдук каттоо жана биометрикалык каттоодон өтүү процедуралары боюнча толук маалыматты https://shailoo.gov.kg/ru/golosovanie-za-rubezhom/materialy/ шилтемеси аркылуу кирип билсе болот.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:33

# автордук бурч. "Снежана Денисовна" саясатка кетти

Басым куралы. Интернеттеги Бишкек шаарындагы №4 мектептин директору Илита Пак жергиликтүү каттоосу окуучулардын ата-энелерин 4-октябрда "Биримдик" партиясына добуш берүүгө мажбурлаганы тууралуу маалымат пайда болду. Партия өзү бардык айыптоолор негизсиз деп, агитаторду четке какты. Чын эле ошондойбу, эми Борбордук шайлоо комиссиясы жана укук коргоо органдары текшеришет. Башка нерселердин катарында, мажбурлоо фактысынын өзү болгонбу же жокпу, билишибиз керек. Белгилүү болгондой, жергиликтүү форматтагы саясий атаандаштар шайлоо кампаниясын өткөрүүнүн ар кандай, анын ичинде чагымчыл ыкмаларын колдонушу мүмкүн. Бирок, биз азыр директордун актысы жөнүндө эмес, шайлоо учурундагы билим берүү мекемелеринин ойногон ролу жөнүндө сөз кылабыз. Партия керек деди, мектеп ооба деди! Совет доорунда, эгемендүүлүктүн бүткүл мезгили,акыркы жылдары шайлоо участкалары мектептерде жайгаштырылат. Чечим туура. Ар бир конушта боло турган билим берүү тармагында кеңири жайылган инфраструктура жок. Ички иштер министрлиги, ооруканалар жана жергиликтүү бийлик эсептебейт. Шайлоо участкалык инспектордун үйүндө же айылдык дарыгердин кабыл алуу бөлүмүндө өткөрүлбөйт. Айылдык кеңеште же айылдык кеңеште муну жасоо сунушталбайт, анткени бул факт айрым талапкерлердин, айрыкча бийликтин кызыкчылыгы үчүн курал катары кабыл алынышы мүмкүн. Мектеп толугу менен туура келет. Дал ушул себептен мугалим жөн гана мугалим болбой калды. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын дээрлик жергиликтүү агенти, анын негизги милдети - добуш берүүнү сапаттуу өткөрүү. Мектептер тандалма логистиканын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Дагы бир жолу саясатчылар бул ресурстарды чеберчилик менен колдонушат. Жеке эч нерсе жок. Саясат гана. Айлык акыларды көтөрүп, статусуңду көтөрүп, татыктуу пенсия менен камсыз кылабыз. Мугалимдер Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 29 жылдык тарыхында ар кандай убадаларды укту. Тилекке каршы, айрым мугалимдер тирүү эмес, бирок алар эч качан жаркын келечек көрө алышкан жок. Ал үчүн алар өз милдеттерин так аткарып, президентти, парламенттин депутаттарын же жергиликтүү кеңештерди шайлоо, алар айткандай, эч тоскоолдуксуз өтүшү үчүн бардык аракеттерди көрүштү. Андан тышкары, кандай тапшырма коюлгандыгына жараша, саясий артыкчылыктар да өзгөрдү. Бул учурда, мектептер ошол белгилүү административдик ресурстун бир бөлүгү болуп калган, анда мугалимдер жөн эле бара турган жери жок болчу, бирок тапшырманы аткаруу керек болчу. Ал эми мугалимдер өз иштерин абийирдүүлүк менен аткарышты. Алар студенттерге ата-энелерине кимге добуш бериши керектигин билдирүүнү айтышты. Албетте, фанатизм жок, бирок класс жетекчисинин кандайдыр бир кечеден улам баланын мектеп жашоосун бузушун ким каалайт? партия көп, бирок мугалим бирөө Бул жолу бийликти колдогон партия жок. Ошондой эле кимге үгүт жүргүзүү керектиги боюнча так көрсөтмөлөр жана көрсөтмөлөр жок. Ким "биздин", ким "келгин" деген түшүнүк жок. Мугалимдер саясий тагдырдын ырайымына берилип, байланыштар пайда болду. Туугандар, мекендештер, материалдык нерсе, башкысы көбүрөөк добуш алуу. Кайсы тарап менен билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин ортосунда бир пикирге келе алды - ата-энелердин тандоосуна таасир этүү мүмкүнчүлүктөрү бар. No4 мектептин директоруна байланыштуу окуя, чагым болсо дагы, биздин өлкө үчүн сейрек эмес. Жана кайсы бир мектептин мугалимдери депутаттык мандатка тигил же бул талапкерди кантип сурагандыгы жөнүндө окуяларды бир эмес, бир нече жолу укканбыз. Педагогдор ушунчалык боорукер. Алар ар дайым талапкерлерге жардам берүүнү каалашат, андан кийин депутат болгондон кийин эмнегедир биринчи кезекте мугалимдерди унутуп калышат. Бакыт Аман Сүрөт www

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:33

Мария Исанова: Парламентке келгенден кийин социалдык көйгөйлөрдү чечүүдөн баштайбыз

Кыргызстандын биринчи премьер-министринин кызы, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Мария Исанова эмне үчүн шайлоого катышууну чечкенин айтып берди."Узак убакыт бою мамлекеттик органдарда, эл аралык уюмдарда иштеп жүрдүм" деди ал. - Менин иш тажрыйбам аябай көп. Мен БУУнун системасында, Жогорку Кеңешти колдоо программасында иштеп IV чакырылыштын депутаты болуп шайландым. Бүгүнкү күндө мен Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бөлүм башчысы болуп иштейм. Мыйзам чыгаруу ишин ар тараптан билем деп айта алам. Менин ишимдин көпчүлүгү социалдык саясат тармагына кетти. Мен буга акыркы жылдары маанилүү мыйзам долбоорлору иштелип жатканда алектенип, алардын бардыгы биздин экспертизадан өткөн. Бул маселеде менин тажрыйбам мага чоң жардам берет. Бир нече убакытка чейин аймактарда иштедим. Исанова ар бир адам өзүнүн жакшы билгенин жасашы керек деп эсептейт. "Мен депутат катары бул өтө оор жана жооптуу жумуш экенине ынандым" деди ал. - Эгерде адам өзүнүн жетиштүү тажрыйбасы, ден-соолукка жакын саясий дымагы бар деп эсептесе, анда, албетте, мансап тепкичинен чыгышы керек. Мен сындын жактоочусу эмесмин. Албетте, башка өлкөлөрдөгүдөй эле, бизде да көптөгөн кемчиликтер бар. Бирок биз аларды көчүрүп барышыбыз керек. Себеби, бирөө биз үчүн баарын жасайт деп ойлоп отура албайсың. Мен өмүр бою иштедим. Менин үч балам бар, алардын эч бири менен декреттик өргүүдө көп отурган жокмун - мен ар дайым жумушка чыкчумун. Депутат болуу үчүн менин тажрыйбам жана кадимки адамдык амбициям бар деп эсептейм. Биринчи премьердин кызы эмне үчүн "Мекеним Кыргызстан" партиясын тандап алгандыгын айтты. "Мекеним Кыргызстан" партиясында мен өзүмдү аябай сыйлаган адамдарга суктандым ", - деп түшүндүрдү Мария Исанова. - Бул жерге тажрыйбалуу, ийгиликтүү ишкер адамдар чогулушту. Алар болгон көйгөйлөрдү чечип, өлкөбүзгө жардам беришет деп ишенем. Парламентке келсек, биринчи кезекте социалдык көйгөйлөрдөн баштайбыз. Бүткөрүлө элек тонналаган бизнес бар. Жогорку Кеңеште иштеп жатып, менин ыйгарым укуктарым чоңураак болсо, анда мен конкреттүү ойлорду ишке ашырсам болот деп ойлогом. Акыркы айлар саламаттыкты сактоо жаатында кандай кемчиликтер бар экендигин, пандемияга канчалык даяр эместигибизди көрсөттү жана, албетте, аларды оңдоодон баштайбыз. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна тарабынан "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнөт. 14 09 2020 чыгарылган

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:33

Кыргызстандыктар толугу менен өкмөттү колдогон парламентти алуу коркунучу барбы?

Көпчүлүк бийликти жактайт деп эсептеген партиялардын лидерлик позицияларына карабастан - "Мекеним Кыргызстан" жана "Биримдик" - Жогорку Кеңештен "көңүл бурууга арзый турган оппозиционерлерге" орун табылат. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын мурунку премьер-министри Феликс Кулов Vesti.kg менен бөлүштү. "VI чакырылыштын жыйынтыгы боюнча, калк бир катар депутаттарга ишенбөөчүлүк менен карашат", - деп түшүндүрдү ал. - Бирок алардын 80 пайызы кайрадан шайлоого барышат. Каршылык маанайы жарандарды учурдагы парламентарийлерге каршы добуш берүүгө аргасыз кылышы мүмкүн: кимдир бирөө үчүн, эгер алар үчүн болбосо. Ошентип, жаңыларынын бири да келет. Ошого карабастан, бул эки партиянын арифметикалык мүмкүнчүлүгү жогору, алар көп сандагы мандатка ээ болушат, деди экс-премьер-министр. Бирок, аны алуу мүмкүнчүлүгү, алар буга чейин сүйлөшүп башташкандыгы жөнүндө тынчсыздандырат. Ошондуктан Кулов БШКга бурмалоодон алыс болууга жардам бере турган бир нече чараларды сунуштады. - Биринчиден, участкалык шайлоо участкалары саат 20: 00дө жабылар замат, добуш берген адамдардын саны боюнча өзүнчө протокол түзүп (берилген чектердин саны боюнча) байкоочуларга таркатыңыз деди ал. - Андан кийин гана урналарды ачыңыз. Мындай шартта бюллетендерди урнага толтуруу мүмкүн болбой калат. Экинчиден, "No 2 форма боюнча" массалык добуш берүүнүн алдын алуу керек - башка конуштардан келген жарандар добуш берүүгө катталып жатканда, министрлер кабинетинин мурдагы башчысы сөзүн улады. "Эгерде кайсы бир участокто добуш бергендердин 40 пайызы No 2 форма боюнча шайлоочулар болуп чыкса, жана бул участоктогу 40 пайыздайы бир партияга добуш бергендиги аныкталса, анда шайлоо ушул участокто жараксыз деп табылат" дейт ал. «Бирок БШК эч кимди укпайт, андыктан түшүнбөстүктөр келип чыгышы мүмкүн. Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, Ж.К.нын экс-депутаты Курманбек Осмонов парламентте оппозиция болушу мүмкүн эмес дегенге кошулат - бул парламент үчүн керек. "Эгер радикалдуу болбосо, жок дегенде орточо деңгээлде", - дейт ал Vesti.kg сайтына. Ал өз өкүлдөрүн Жогорку Кеңешке көтөрүүнү каалаган саясий бирикмелердин сапаттык курамын мандат бөлүштүрүүдөн да чоң көйгөй деп эсептейт. "Менин оюмча, жаштар жөн эле жашынып жатышат, ал эми келгендердин көпчүлүгү келет", - деп сунуштады эксперт. - Ооба, эгер чындык жаштык болсо - андан эмне пайда? Анын мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйбасы болсо кана ... Жана жаштар, билимдүү болсо дагы, бул жаатта билими жана тажрыйбасы жок. Бирок парламенттин негизги конституциялык функциясы - бул мыйзам чыгаруу. Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашов парламентте оппозиция жөнүндө сөз болбогондугуна ишенет. Албетте, Жогорку Кеңеште өзүн оппозициямын деп атаган бир нече партиялар болот, бирок чын эле ошондойбу, деп сурады ал Vesti.k g менен болгон маегинде. - Мисалы, VI чакырылышта оппозиция жок, - деп түшүндүрдү эксперт. - Айрым саясатчылар өздөрүн оппозиция деп аташат, бирок муну иш, программалар менен көрсөтүү керек. Бирок азыркы коррупциялык тутумдун автору ушул партия өзүнүн лидери башында турган болсо, ошол эле Ата Мекен кантип оппозиция боло алат? Алмамбет Шыкмаматов, Жанар Акаев алардын позициясы жөнүндө кыйкырышат, бирок менимче бул калп Парламенттин учурдагы талапкерлеринин арасында чыныгы оппозицияга айлана тургандар бар, деп белгиледи Бөрүбашов. Алардын катарында ал Реформа жана Чоң Казат партияларын атады. Бирок алар аягына чейин бара алышабы же жокпу, азырынча белгисиз. "Болбосо, көпчүлүк партиялардын программаларында" Ыйман, абийирдүү бололу "деп айтылат. - Мындай оппозицияны кантип кароого болот? Бул олуттуу эмес. Сүрөт www

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:33

Ысык-Көлгө эс алууга жиберилген Баткендик дарыгерлер жаман шарттарга нааразы болушту

Ысык-Көлгө реабилитациялоого жиберилген Баткен облусунун дарыгерлери жашоо шарттын начардыгына нааразы болушту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министринин мурунку кеңешчиси Елена Баялинова билдирди. "Дарыгерлер мага телефон чалып, баткендик дарыгерлер жашоо шарты начар пансионатка жайгаштырылганын айтышты" деди ал. - Баткендиктер тамак-аш өтө коркунучтуу, алар өздөрү капчыгайдан өтпөйт, тамак-аш сатып алчу жер жок деп билдиришти. Пансионаттын аймагында бир гана күркө бар, бирок анда баары кымбат турат. Дарыгерлер жашаган жерин тасмага түшүрүүнү каалашкан, бирок кийин куугунтуктоодон коркушкандыктан, алар оюн өзгөртүштү. Адаттагыдай эле, дарыгерлер ачык айтуудан коркушат. Баялинова эс алуу жаккан дарыгерлер дагы болгонун кошумчалады. "Бишкектен келген дарыгерлер ыраазы болушту" деди ал мисал келтирип. - Бирок мен Баткендиктер кымбатчылыкка көнө электигин билем жана алардын жашоо шарты канчалык начар болуп калгандыгын, алардын ачуусун келтиргенин элестетүү мен үчүн кыйын. Бирок Баткенден адамдар Ысык-Көлгө 10 жылда бир келишет. Алар жөн гана аларга акчаны үнөмдөөнү чечишкен окшойт. Элдер кандай кыска эс тутумга ээ. Дарыгерлердин өмүрүн сактап калган учурдан бери бир ай гана өттү. Жакында коронавирустун жаңы толкуну күтүлүүдө. Дарыгерлердин кадимкидей эсине келип, тажрыйбадан айыгып кетишине шарт түзүлдү. Пандемиядан баштап бардыгы шайлоого өтүп, карапайым элди унутуп калышты. Эскерте кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска кабылган дарыгерлер министрликтин эсебинен реабилитациядан өтө тургандыгын билдирген. Вероника Малышева Фото www

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:33

Кашкар Джунушалиев: Милиция кызматкерлери коомчулукка ачык болуш керек

Министр Кашкар Джунушалиев иш сапар менен Ысык-Көл облусуна барып милициянын ишмердүүлүгүн текшерип, тапшырмаларды берип кайтты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев, 12-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунда иш сапар менен болуп, шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн ыкчам – кызматтык ишмердүүлүгү, ошондой эле аткарып жаткан кызматтык милдеттери менен кеӊири танышып чыкты. Иш сапарынын алкагында, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен танышып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине шайлоо алдында жана шайлоо күнү мыйзамдуулуктун жана коомдук коопсуздуктун сакталышы боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттеринен маалымат алды. Андан кийин, шаардык милициянын тергөө жана жоруктар боюнча иштер кызматтарынын сотко чейинки өндүрүшүндө тергелип жаткан айрым материалдары менен танышып чыкты. Текшерүү учурунда аныкталган кемчиликтерди баса көрсөтүп, кыска мөөнөттүн ичинде сотко чейинки өндүрүштө орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмаларды берип кетти. Ошондой эле, Ысык-Көл ОИИБдин жетекчисинен сотко чейинки өндүрүштөгү материалдар боюнча ар дайым тийиштүү көзөмөлдү жүргүзүүнү талап кылды. Андан соӊ, Кашкар Джунушалиев Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жергиликтүү милициянын жаӊы административдик имаратынын ачуу аземине катышты. Ишке берилген жаӊы имаратта райондук милициянын жетекчилиги, ыкчам-жетекчилик курам жана коомдук коопсуздук кызматынын, эксперттик-криминалдык бөлүмчөсүнүн өздүк курамы иш алып бармакчы. Андан тышкары, жыйындар жана милиция кызматкерлерине спорт менен машыгууга ылайыкташкан залдары да орун алган. Жаӊы имараттын ишке берилишине чейин, райондун милициясынын кызматкерлери 1975-жылы курулган эски имаратта кызмат жүргүзүп келишкен. Ачуу аземинде сөз алган Кашкар Джунушалиев, акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин ишине мамлекетибиздин Президенти жана Өкмөт тарабынан заманбап шарттар түзүү үчүн кечиктирилгис чаралар көрүлүп келе жаткандыгын баса белгилеп, бүгүнкү жаӊы имаратынын ачылышы буга ачык күбө экендигин белгиледи. Кадыр эсе, мындай курулуштар, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун «2020-жыл - Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жарлыгынын алкагында республикабыздын бардык региондорунда жүрүп жаткандыгын маалымдады. «Жаӊы курулган имарат, учурдун бардык шарттарына толук жооп берет экен. Эми, жергиликтүү милициянын алдында криминалдык көрүнүштөрдү минималдаштыруу, жарандарыбыздын өз коопсуздугуна ишеничин артуу өӊдү милдеттери турат. Ошондуктан, өзүӊөрдүн милдеттериӊерди так аткаруу менен, мекендештерибиздин коопсуздугун сактоо боюнча өзүӊөрдүн салымыӊарды кошуп жатканыӊарды, ар дайым эсиӊерден чыгарбашыӊар керек, - деп белгиледи Кашкар Джунушалиев. Ошол эле күнү, Ысык-Көл ОИИБдин борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо учурунда жана ага даярдык көрүү мезгилинде коомдук коопсуздукту, мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан даярдыктары боюнча кеӊири маалымат алды. Ошондой эле, шайлоого карата өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген мыйзамдардын талаптарын сурап, бул багытта кошумча сабактарды жеке эле өздүк курамга эмес, жетекчилик курамга да өтүү боюнча тапшырма берди. Кашкар Джунушалиев белгилегендей, укук коргоо органдарынын негизги приоритеттүү багыттарынын бири - мурдагыдай эле, коомчулуктун милицияга болгон ишеничин көтөрүү болуп саналат. «Милициянын кызматы ар дайым коомчулуктун тынымсыз көзөмөлүндө. Биздин кызмат жарандардын кызыкчылыгы жана анын коопсуздугу менен түздөн-түз байланышта болот. Ошондуктан ишибиз так жана ынандуу уюштурулушу керек да, коомчулука ачык болууга тийишпиз. Бул үчүн коомчулук менен тыгыз диалог курууга жетишүү керек. Анын негизги ачкычы - биздин жарандарыбыздын укугун кынтыксыз камсыздоо болуп саналат», - деп белгиледи Кашкар Джунушалиев. Андан соң, министр жумуш сапарын улантып, Түп, Ысык-Көл райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө болуп, өздүк курам менен жолукту. Коомдук тартипти бекем чындоо, жарандардын кайрылууларына аяр мамиле кылуу, алардын ар бирине коомдук тартиптин бузулушу жжана кылмыштар тууралуу арыздарына мыйзам чегинде чара көрүүнү жана жеке ички тартиптин бекем сактоо боюнча кошумча тапшырмаларды койду. Андан сырткары бул багытта тиешелүү бир топ тапшырмаларды берип, ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгүнүн негизинде коомдук коопсуздукту камсыздоо өзгөчө көзөмөлдө экендигине токтолду. Айрыкча кызматтык тартипти бекемдөө, профессионалдуулук деңгээлин жогорулатуу, жүрүм-турум маданиятын жана элдер менен сылык мамиледе кызмат өтөөнү эскертти. Кезигүү учурунда, алардын ишмердүүлүгүн жана ыкчам-кызматтык даярдыктарын текшерди. Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:33

Кыргызстандыктар шайлоо жөнүндө: Биз мурунку депутаттарга каршыбыз (видео)

Кыргызстанда парламенттик шайлоо бир айга жетпеген убакытта өтөт. Жогорку Кеңештен орун алууну көздөгөн партиялар буга чейин активдүү үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Vesti.kg көчөдө өтүп бара жаткандардан шайлоо участкаларына барасыңарбы, кайсы партияларга добуш берүүнү пландаштырып жатасыңар, учурдагы талапкерлердин кайсы сапаттары элге жакпайт, талапкерлердин билими маанилүүбү деген суроого жооп алды. Респонденттердин көпчүлүгү жарандык милдетин аткарууну көздөп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Алардын айрымдары гана мунун маанисин түшүнбөйт, анткени азыркы депутаттыкка талапкер болгон мурунку депутаттар ал жерге “жергиликтүү” болуп алышкан. «Мен чындыгында иштегендерге добуш бергим келет. Добуш берсең да, шайлабасаң дагы, бул эч нерсеге таасир этпейт ”, - деди бишкектик аял. Кыргыз эли баса белгилегендей, аткаминерлер убада берип, андан кийин аткарылбай калса, бул аларга жакпайт. Алардын ою боюнча, алардын мүмкүнчүлүктөрүн аябагандай баалоо керек. Башкалары парламент депутаттарынын карантин учурунда эс алууга кетүү чечимине нааразы болушту. «Эми алар отуруп алып акча таратып жатышат. Адамдар жаман акыбалга түшкөн убакта бардыгы отурушту. Элге жардам берген жок. Биз мурунку депутаттарга каршыбыз », - деп эскертишти жарандар чиновниктерге. Өз кезегинде улуу муундун өкүлдөрү карапайым элди ойлой турган жаш талапкерлерге добуш берүүнү каалай тургандыктарын билдиришти. Бишкек шаарынын тургундары билим берүү парламентарийлер үчүн чоң мааниге ээ деп эсептешет. «Билим берүү бул билим, бирок алар өз чөнтөктөрүн гана ойлошот. Өткөн шайлоодо кандай убадалар берилген болсо дагы: биз пенсияны көтөрөбүз, мугалимдердин жана дарыгерлердин айлык акыларын көтөрөбүз. Алар эмнени көтөрүштү?Тигине дагы, “Кыргызстандын” лидери уялбай “балага сүйүнчүнү” 4 миңден 50 миң сомго чейин көтөрөм деп убада берип жатат ”, - деп нааразы болду ал. Медина Купсулдаева Гулиза Чудубаева​ Фото, видео Vesti.kg​

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:33

Феликс Кулов: Сабатсыз адамдар гана президенттиктен толугу менен кете алышат

Сабатсыз адамдар гана президенттиктен толугу менен кете алышат. Экс-премьер-министр Феликс Кулов бир нече партиянын программасында орун алган президенттик шайлоону жоюу боюнча шайлоо алдындагы убадасына ушундайча комментарий берди. "Цивилизациялуу өлкөлөрдө бийлик үч бутакка бөлүнөт: мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот" деп эстеди ал Vesti.kg менен болгон маегинде. - Бирок мамлекет башчысынын кызматы дагы эле кала берүүдө. Же АКШдагыдай эле - президент бийликтин аткаруу бийлигин жетектейт, же Европадагыдай эле - ал жеке өкүлчүлүк функцияларды аткарат жана мыйзамдарды бекитет. Демек, мамлекет башчы керек болуп жатат. Феликс Шаршенбаевич президент кандай ыйгарым укуктарга ээ болушу керектиги жөнүндө ой бөлүштү. "Парламенттик башкаруу формасындагы президентти эл шайлабашы керек, анткени бул учурда ал депутаттар шайлаган премьер-министрге караганда көбүрөөк легитимдүүлүккө ээ", - деди ал. - Мына ошондуктан мамлекет башчы көптөгөн иштерге аралашууга аргасыз болуп, андан кийин аны узурпатор деп аташат. Менин оюмча, парламенттик башкаруу формасында президент бир жагынан аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруучу бийлик бутактарынын, экинчи жагынан сот бийлигинин ортосунда тоскоолдук болушу керек. Ал сот бийлигин кысымдан коргошу керек. Ошол эле учурда, мамлекет башчы региондордун өкүлдөрү катышкан парламентти - курултай аркылуу тандашы керек. Мурунку премьер-министр белгилегендей, тигил же бул партиянын пайдасына тандоо жасоодон мурун, жарандар өзүлөрүн өкмөт башчысынын ордуна коюп, сунушталган программалардын кайсынысын ишке ашырса болору жөнүндө ойлонушу керек. "Мен кээде өзүмдү министрлер кабинетинин башчысынын ордуна коём жана сунушталган программалардын бири дагы аткарылбай тургандыгын түшүнөм", - деп кошумчалады Феликс Кулов. - Дээрлик баардык саясий бирикмелер булут каптап, чындыкка дал келбеген убадаларды беришүүдө. Эске салсак, Vesti.kg буга чейин шайлоого катышкан бардык партиялардын программаларын салыштырган. Алардын айрымдары же президенттик бийликти жок кылабыз, же анын ыйгарым укуктарын кыскартабыз деп убада беришкен. Вероника Малышева Сүрөт www

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники