О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
13 сентября 2020 г. 21:51

"Бир Бол" саясий партиясынын өкүлдөрү Кадамжай районундагы

"Бир Бол" саясий партиясынын өкүлдөрү Кадамжай районундагы Чечме айылынын тургундары менен жолугушту

Подробнее
13 сентября 2020 г. 21:52

«Я сам из Нооката.

«Я сам из Нооката. Как я люблю Ноокат, так же люблю и Нарын, Иссык-Куль, и все другие части нашего Кыргызстана❗Самое главное – это любовь ❤ к родине. Если нет любви к родине, то и невозможно будет работать во благо ее развития. В наших рядах есть много умной, креативной, богатой на идеи молодежи, доказавшей свою службу народу и стране не словом, а делом». ▶️ #Биримдик #КүчБиримдикте #1

Подробнее
13 сентября 2020 г. 21:53

2020-жылдын 4-октябрында өлкөбүздүн жакынкы жылдардагы тагдыры чечилет.

1️⃣✅ 2020-жылдын 4-октябрында өлкөбүздүн жакынкы жылдардагы тагдыры чечилет. Эгер сиз мекенибиздин гүлдөп-өсүшүн жана биримдигин чын жүрөктөн кааласаңыз, добушуңузду Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жолун билген, татыктуу партиялардан аттанган талапкерлерге бериңиз. Биз бирге жеңебиз!

Подробнее
13 сентября 2020 г. 13:15

«Ыйман нуру»

«Ыйман нуру» партиясынын кадамдарды көпчүлүктү ынандырууда Акылбек Келдибеков, “Ыйман Нуру саясий партиясынан депутаттыка талапкер: “Түзүлгөнүнө аз убакыт болсо да “Ыйман нуру” партиясынын дүбүртү чыгып, катары көбөйуудө. Партияны жалаң өз мээнеттери менен иш кылып, ийгилик жараткан ишкерлер, руханий байлыгы мол, сырттан окуп келген, улуттук, диний баалуулуктарды бирдей карманган жаштар түптөп, таза, булганбаган жана саясий амбицияларга жетелетпеген жаңы саясий муундун өлкө саясатын колго алуусуна аракеттенип жатабыз. Биздин максат-баштан өткөргөн кыйынчылыктардан, коррупциядан, бюррократиялык тосмолордон коомду арылтып, заманбап жана акыйкат мамлекеттик башкарууну мамлекетке киргизүү”. . Акылбек Келдибеков, кандидат от политической партии “Ыйман Нуру»: Мы собрали в партии новое поколение чистых, амбициозных молодых людей, помыслы которых основаны на трудолюбии и справедливости. В рядах партии есть успешные предприниматели, богатые духом люди, получившие образование за рубежом, разделяющие национальные ценности страны. Наша цель - избавить общество от трудностей, с которыми мы сталкиваемся, коррупции и бюрократических барьеров, а также внедрить современное и справедливое управление в государстве».

Подробнее
13 сентября 2020 г. 20:16

“Ыйман Нуру” саясий партиясы коррупцияга каршы!

“Ыйман Нуру” саясий партиясы коррупцияга каршы! Сюита Эрмаматова, “Ыйман Нуру” саясий партиясынан депутаттыка талапкер: “Ишкерлер-нечендеген коррупциялык көрүнүштөргө туш болуп, ишкерлик кылууда салык, уруксаттарды алуу, каржылык операцияларды жүргүзүүдө пара талап кылуу, бийликтин басымы менен атаандаштарга артыкчылык берүү, атайылап каржылык катаал көзөмөлдөргө алып, мыйзамсыз жоопкерчиликке тартуу сыяктуу ар кандай акыйкатсыз, адилетсиз басым-кысымдарды башынан өткөргөн. Ошондуктан, ыйманы менен Кудай алдында, иши менен эл алдында, салыгы менен Өкмөттүн алдында ак, таза жүрүүнү негизги принцип кылып алган партия мүчөлөрүнө элдин ишеними жаралып жатат. Негизи, коом дагы ушундай күчтөрдү талап кылып, пандемияда көзгө ачык көрүнгөн мамлекеттин ички-тышкы маселелерин таза жана эрктүү күчтөр гана чечээрине көзү жетип калды”. . Политическая партия «Иман Нуру» против коррупции! Сюита Эрмаматова, кандидат в депутаты от политической партии “Ыйман Нуру”: «Предприниматели столкнулись с рядом коррупционных скандалов, включая налогообложение, лицензирование, взяточничество при финансовых операциях, предпочтение конкурентов под давлением правительства, намеренно жесткий финансовый контроль и незаконное преследование. Следовательно, доверие народа к членам партии, которые сделали своим основным принципом быть честными и чистыми в глазах Бога, в глазах людей, растет с каждым днем. По сути, общество требует того, что только чистые и волевые силы могут решить внутренние и внешние проблемы государства, которые очевидными стали во время пандемии. Это и проблемы образования, здравоохранения и др».

Подробнее
13 сентября 2020 г. 13:17

Салам достор!

Салам достор! ⠀ 📣📣Бүгүн "Жеңиш" паркында "Ыйман Нуру" партиянын талапкерлери жана лидери Нуржигит Кадырбековтун Бишкек шаарынын тургундары менен жолугушуусу болот. ⠀ 🕟🕟 Убактысы:17:30 ⠀ 💙💙Келип, программабыз менен жакындан таанышып кетиңиздер ⠀ 📣 📣 📣 ⠀ Приветсвуем друзья! ⠀ 📣📣Сегодня состоится встреча лидера и кандидатов партии « Ыйман Нуру» с горожанами Бишкека! Место: парк « Победы» южные ворота. ⠀ 🕟🕧Время: 17:30 ⠀ 💙💙Приходите и ознакомьтесь с нашей программой.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:20

Мирлан Назарбеков: Жергиликтүү башкаруу жана банктар мыйзамын колго алмакмын

Назарбеков Мирлан Рысбекович Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында 1977-жылы 11-октябрда төрөлгөн. Мектепти Кемин шаарында «Даанышман» лицейинде алтын медаль менен аяктаган. Кесиби — юрист, КМУнун юриспендиция бөлүмүн бүтүргөн. Бишкек шаарындагы Финполицияда эмгектенген. 2004-жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Үй-бүлөлүү. Үч уул, эки кыздын атасы. Мирлан Рысбекович кечээ, 13-сентябрда Кара Буура районунун Чоң Кара Буура айылынын жашоочулары менен жолукту. Алгачкы эле сурообуз элет элинин көтөргөн маселеси болду. — Мирлан Рысбекович эл менен жолугушууда кандай маселелерди көтөрүп жатышат? — Кудайга шүгүр, кайсы жерге барбайлы эл жакшы кабыл алып, жолугушуу ийгиликтүү аяктоодо. Мен алгач эл менен жолугушууну Үч-Булактан баштадым. Экинчи жолугушуум Чоӊ-Карабуура айылында болду. Элдин көтөргөннегизги маселелери бул — таза суу, бала бакча, газдаштыруу, жол. Башка дагы жеке маселе менен кайрылгандар да болду. — Талапкерлерге, дегеле «Мекеним Кыргызстан» партиясына элдин ишеними канчалык экен? — Ортодон жогору көрсөткүчтө деп ойлойм, ишенимдүү булактар дагы ошентип айтышууда. Жалпысынан жаман эмес. Иштеш гана керек! Кесибим юрист болгону менен айыл, эл турмушун жакындан жакшы билем. Элдин суроо-талабын кантип женилдетсем деген ой-максатта көп ойлондум да, анан ушул жолду тандадым. — Кайсы маселеден баштайын деп атасыз? — Эӊ биринчи эле маселе — аймактарды өнүктүрүү. Кантип жумуш орундарын түзүү керек деп көп ойлоном. Кудай жалгап, парламентке депутат болуп барып калсам ушул маселелерди чечмекмин, жергиликтүү башкаруу мыйзамын жана банктар боюнча мыйзам жазууну колго алмакмын. — Соӊку суроо. «Мекеним Кыргызстан» партиясын кандай критерий менен тандадыӊыз: лидерин карадыӊызбы же партиянын программасынбы? — Экөөнү теӊ карадым. Программасы да, лидери да купулума толду. Ошондон улам, ушул партия менен бирге барууну туура көрдүм. Маектешкен Кызгалдак ЖАКЫПОВА *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее
26 сентября 2020 г. 11:52

Социалдык көйгөйлөрдү кантип чечебиз?

Социалдык көйгөйлөрдү кантип чечебиз? ⠀ Ыйман Нуру партиясынан депутаттыка талапкер Динара Ашимова КТРК каналында теледебатта

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:20

Канатбек Азиз: Укукту жана мыйзамдуулукту урматтайлы

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Канатбек Азиз 1984-жылы Жалал-Абадда туулган. Саясий жана юридикалык илимдердин доктору, профессор, «Юстициянын отличниги» наамы менен сыйланган. КРнын ИИМ Академиясын юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Кийинчерээк Дипломатиялык академияда билим алып, «Эл аралык мамилелер магистри» даражасын алган. Андан соң РФнын ИИМинин Санкт-Петербургдагы университетинин Педагогика жогорку мектебинде адъюнктурада (аспирантура) окуган. Санкт-Петербургда окуп жүргөндө окуудан сырткары Орусия ИИМинин Санкт-Петербург университетинин конституциялык жана эл аралык укук кафедрасында сабак берген. Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБинде оперативдик кызматкер болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде алдыңкы илимий кызматкер болуп эмгектенген, мамлекеттик тарых жана теория, эл аралык укук кафедраларын жетектеген жана эл аралык укук факультетинде декан болгон. 2011-2016-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп, бир нече жолу шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумуштуr топту жетектеген. 2015-2016-жылдары Мамлекеттик миграция кызматында статс-катчынын милдетин аткаруучу жана аталган кызматтын төрагасынын кеңешчиси болгон. 2017-2018-жылдары Жогорку Кеңеште «АтаМекен» фракциясынын катчылыгында сектор жетекчиси, 2019-2020-жылдары КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2018-жылы акыйкатчы кызматына талапкер болуп, коомдук добуш берүүнүн жыйынтыгы менен биринчиликке татыган. Азыркы убакта «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасынын орун басары, Илимдер академиясынын Политология жана философия институтунун илимий адиси. Ошондой эле «Заманбап илим» илимий-практикалык журналынын башкы редактору, «Право и политика» илимий-методикалык журналынын жооптуу редактору жана эл аралык илимий-практикалык «Мамлекет жана укук — Государство и право» журналынын негиздөөчүсү. Президенттик жана парламентаризм институтуна арналган көптөгөн монографиялардын, жүздөн ашык илимий макалалардын автору. 2017-жылдагы президенттик шайлоонун датасын өзгөртүү боюнча негизги элдик демилгечилердин бири. 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын конституциясын даярдоо боюнча конституциялык жыйындын мүчөсү. Бир нече конституциялык мыйзамдардын авторлошу. Кыргыз Республикасынын соттук-укуктук реформа жүргүзүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү. «Мекеним Кыргызстан» партиясы сөз эркиндигин жана жарандык коомдун өнүгүүсүн колдойт. Интернет эрежени улуттук деңгээлде кабыл алыш керек. Парламентке барсак, биринчиден, интернет-конституциянын долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу каралат. Мамлекеттик башкаруу органдары менен жарандардын карым-катыш механизмин аныктамайынча реалдуу сөз эркиндиги тууралуу айтууга болбойт. Сөз эркиндигинин чеги болорун түшүнүү керек. Анын чеги башка бир адамдын эркиндиги чектелген учурда бүтөт. Бирөөнү каралоо жана кемсинтүү сөз эркиндиги эмес. Ооба, сен эмнени кааласаң ошону сүйлөй аласың, бирок ал үчүн жоопкерчиликти да ала билүү керек. Жаркын келечек, мыкты жаштар үчүн № 4 тизмедеги «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиздер. *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/,. 510-кабинет.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:20

Канатбек Мамытов: Эл үнүн аткаруу бийлигине жеткирүү үчүн депутаттыкка аттандым

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери, Футбол союзунун президенти Канатбек Маматов Өзгөн аймагын кыдырууда. Мырза-Аке айыл аймагынын эли жылуу маанайда, ак бата менен тосуп алды. Эл менен жолугушууда аталган аймактагы эң башкы көйгөйү — электр чубалгыларын кармаган карагайлардын чирип, алмашылбай тургандыгы, таза суу менен камсыздалбагандыгы жана жумуш ордуларынын түзүлбөгөндүгү тууралуу көйгөйлүү маселелер айтылды. Канатбек Маматов элдин суроо-талаптарынын бардыгын чечүү жергиликтүү бийликтин колунда экендигин баса белгиледи. Жеке каражаттан кайрымдуулук иштерин байма-бай жасап туруу жетишсиз экендигин жана аймактар маселеси мамлекеттик деңгээлде, өлкө казынасынын максаттуу бөлүштүрүлүшүнө байланыштуу экендигин эске салды. «Мамлекет башчысы бекеринен соңку эки жылды аймактарды өнүктүрүү жана санариптешүүгө арнаган жок. Бул багыт «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында да бар. Мисалы, санарип мамлекеттик кызматтарды алууну ыкчамдатат жана жеңилдетет. Айылдаштарымдын тамакты оңдуу бышыра албаган үлбүрөгөн жарыктары, кенен кесир тиричилик кылууда суу жетишсиздиги мени дагы түйшөлтөт. 21-кылымда жашап жатып, Көлдүк айылыбызда өмүрү бала бакча болбогондугу өкүндүрөт. Мен сиздер менен биргеликте эл жашоосун жакшыртуу, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө багытын алайын деп, саясий аламанга аттандым. Эл менен аткаруу бийлигинин ортосундагы көпүрө болуп, сиздердин үнүңүздөрдү жеткирейин деп депутаттыкка аттандым», — деди ал өз сөзүндө. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин башаты. Төгөрөгү төп келишкен № 4 санын тандаңыз! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: КыргызРеспубликасы, Бишкек шаары , Турусбеков көчөсү, 109/1 , 510-кабинет.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:20

Мигранттын шайлоо укугуна байланыштуу суроолорго БШК жооп берет

Жогорку Кеңешке шайлоого чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен биринчи жолу Россиянын Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск, Якутск шаарларында, ошондой эле Италия менен Францияда да ачылган. БШК мигранттардын шайлоо укугуна байланыштуу суроолоруна жооп берет. 1 Шайлоочулардын тизмесине кантип кирсем болот? — Кыргыз жараны биометрикалык каттоодон өтүп жана жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүктө же консулдук мекемеде консулдук каттоого турган адам автоматтык түрдө шайлоочулардын тизмесине киргизилет. 2 Кантип консулдук каттоого тура алам? — Консулдук каттоого туруу үчүн документтердин топтомун жыйнап алып чет өлкөдөгү мекемеге ар ким жеке өзү келиш керек же КРдин чет өлкөдөгү мекемесинин расмий электрондук сайтына сканирленген документтерди же Тышкы иштер министрлигинин порталына — https://mfa.gov.kg «Консулдук каттоо» маалыматтык системасы менен жөнөтүү керек. Жарандардын шайлоочулардын тизмесине киргендиги тууралуу маалыматты «Тизме» http://www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу шайлоо учурунун убактысында КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин аймактарындагы шайлоо участокторунан билүүгө болот. 3 Консулдук каттоого туруу үчүн акы алынабы? — Консулдук төлөмдөр консулдук каттоого тургандыгы үчүн алынбайт. Консулдук каттоо жана биометрикалык каттоодон өтүү процедуралары боюнча толук маалыматты https://shailoo.gov.kg/ru/golosovanie-za-rubezhom/materialy/ шилтемеси аркылуу кирип билсе болот. 4 Мобилдүү топ эмне иш аткарат? — Чет мамлекеттерде жашаган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга жардам берүү үчүн мобилдүү топтор ишин баштады. Мобилдүү топтор алдыда турган парламенттик шайлоолорду уюштуруу иштери, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдө жайгашкан даректер жана шайлоо участокторунун саны, жарандарды консулдук каттоого коюу, биометрикалык каттоо боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштерин аткарат. 5 Алар кайсы өлкөдө жана шаарларда иш алып барат? — Мобилдик топтор шайлоо участкалары түзүлгөн шаарларда иш алып барат. Чет өлкөдөгү шайлоо тилкелери «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүндө Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана аккредиттелген мамлекеттер менен макулдашуу боюнча түзүлөт. 6 Мобилдүү топтор качан ишин баштайт? — Алардын ишин эрте баштоосу пландалган, бирок пандемия шартында авиакаттамдардын жабыктыгынан улам, топтун чыгуусу рейстердин ачылышына жараша уюштурулат. Биринчи мобилдүү топ ушул жылдын 22-августунан 28-августка чейин Түркиянын Бурса, Измир, Бодрум, Анталья, Анкара жана Стамбул шаарларында мекендештер менен жолугушуп, биометрикалык каттоо жүргүзгөн. Ал эми 4-7-сентябрда АКШнын Чикаго жана Сан-Франциско шаарларында, 5-10-сентябрда Италиянын Неаполь, Болонья жана Кальяри шаарларында биометрикалык каттоо өткөрдү. 12-сентябрдан тарта мобилдүү топтор Россияда иштей башташты. Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Челябинск шаарларында жолугушуулар болуп өттү. 7 Мобилдүү топтордун кезектеги жолугушуусу кайсы шаарда өтөт? — Россиянын шаарларында пландалган кезектеги жолугушуулар: 14 -сентябрда Курган шаарында 14-сентябрда Хабаровск шаарында 14-же 15-сентябрда Москва шаарында 15-сентябрда Казань шаарында 15-сентябрда Тюмень шаарында 15-сентябрда Южно-Сахалинск шаарында 16-сентябрда Сургут шаарында 16-сентябрда Владивосток шаарында 17-сентября Якутск шаарында өтөт.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:27

Үгүт материалдарындагы сабатсыздык

Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын үгүт материалдарында каталар байма-бай кездеше баштады. Саясат талдоочулар мындай көрүнүштөр партиялардын сабатсыздыгынан кабар бере турганын айтып жатышат. Катасы көп «Кыргызстан» Парламенттик шайлоого катыша турган «Кыргызстан» партиясынын штабы соңку бир жуманын ичинде эле эки курдай жаза басты. Партия өкүлдөрү биринчи жолкусунда жылнаамадан ката кетирип, декабрь айын 30унан жаңыртып коюшкан. «Кыргызстан» партиясы бир күндүн кемип кетишин техникалык ката деп түшүндүргөн эле. Баннердеги кемчиликти видеого тартып алган жаран «Жаңы жылды 30-декабрда тособузбу?» деп суроо салган. Партиянын кийинки катасы да баннерлерге байланыштуу. Бул жолкусунда «Кыргызстан» менен шайлоого бара жаткан «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын жетекчиси Айтмамат Назаровдун сүрөтүнө партиянын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун аты жазылып калган. Мындан тышкары партиянын «Жүрөгүмдө Кыргызстан» деген ураанында да ката бар. Ал жердеги биринчи сөздөгү «Г» тамгасынын ордуна «F» тамгасы жазылып турганын көрүүгө болот. «Кыргызстан» партиясы үгүт материалдарындагы каталар боюнча комментарий бере элек. Бул партия менен шайлоого аттанып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов да кеңири жооп бергиси келген жок: «Каталарды мен деле социалдык тармактардан көрдүм. Мен аны түшүнгөн деле жокмун. Маалыматым жок болгондуктан бир нерсе деп айта албайм». Үгүт иштеринин алкагында ката кетиргендердин катарында «Биримдик» партиясы да бар. Интернет колдонуучулары партиянын birimdik.org сайтында Орусиянын мыйзамдарына шилтеме келтирилгенин байкашкан. Ал жерде «Чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар, сот тарабынан жөндөмсүз деп табылган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Орусия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык партиянын мүчөсү боло алышпайт», деп жазылган. «Биримдик» партиясынын расмий өкүлү Адилет Султаналиев ката боюнча мындай түшүндүрмө берген: «Сайтты сынап жаткан учурда ката кетип калган. Ал иштей элек кезинде мунун баары кандай көрүнөрүн билиш үчүн толтурулган жана тилекке каршы сайт иштей баштагандан кийин да ошол ката калып кеткен». Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков партиялардын ураандары менен программаларында түшүнүксүз сүйлөмдөр көп кездешерин айтып жатат. Анын пикиринде, үгүт материалдарындагы каталар партиялардын элди сыйлабаганын жана алардын сабатсыздыгын көрсөтүп турат. «Партиялардын саясий технологдору - кыргыз тилин билбеген, Орусиядан же башка өлкөлөрдөн келген адистер. Алар негизги идеяны бергени менен жанагыдай каталарды карай алышпайт. Мындан тышкары талапкерлер да сабатсыз. Анткени талапкерлер, партия лидерлери үгүт материалдары коомго чыкканга чейин бир нече жолу карашат. Демек катаны тапканга алардын дарамети жеткен эмес да». Үгүт материалдары үчүн «Замандаш» партиясы да сынга кабылды. Буга уюмдун атынан илинген баннердеги маркум, 2011-жылы каза болгон партиянын негиздөөчүсү Мухтар Өмүракуновдун сүрөтү себеп болууда. Интернет колдонуучулары Мухтар Өмүракуновдун көз карашы, карманган багыты «Замандаштын» азыркы курамы менен шайлоого бара жаткан кээ бир саясатчылар менен дал келбей турганын жазып жатышат. Партиянын басма сөз катчысы Эрлан Бекчоро уулу төмөндөгүдөй түшүндүрмө берүүдө: «Ат-Башы районунда илинип турган Мухтар Сүйүналиевичтин баннерине «Замандаш» партиясынын тиешеси жок. Болгону ошол айылдын активисттери өзүнүн агасынын сүрөтү түшүрүлгөн баннерди илип койгон. Бул маалымат социалдык тармактарга тарап кеткенден кийин «Замандаш» партиясы ал баннерди алдырды». «Социал-демократтар» менен «Мекенчил» партиялары үгүт иштеринде негизги басымды түрмөдө отурган Алмазбек Атамбаев менен Садыр Жапаровго жасап жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясы көзү өтүп кеткен же соттолгон адамдарды үгүт иштерине колдонгонго тыюу салган мыйзам жок экенин билдирди. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев беренелерге өзгөртүү киргизүү керек деп эсептейт. «Шайлоо боюнча мыйзамдын мүчүлүштүктөрү көп эле экен, - деди Молдалиев. – Соттолуп кеткен адамдардын сүрөтүн бакыйтып көчөгө илип койгон жакшы көрүнүш эмес. Жогорку Кеңеш тиешелүү беренеге өзгөртүү киргизиши керек. Адам соттолгондон кийин кылмышкер болуп эсептелет. Бул маселенин моралдык жагы да бар. Азыр өзгөртүп албасак кийинки шайлоодо кримавторитеттин сүрөттөрү илине башташы толук мүмкүн да». Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешин шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышат.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:27

ИИМ: Беларуста жекшембидеги акцияларда 774 адам кармалды

Беларус Ички иштер министрлиги (ИИМ) жекшембидеги каршылык акциялары тууралуу маалымат берди. Министрликтин эсебинде, ага 22 миңдей адам катышып, 774ү кармалды. Алардын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда, 500дөн көбү Минск шаарынын тургундары. «13-сентябрда бир катар калк жашаган аймактарда 28 каршылык акциясы өттү. Ага катышкандардын жалпы саны 22 миңден ашкан жок», - деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө. «Азаттыктын» беларус кызматы кармалгандардын арасында журналисттер Александр, Васюкович, Влад Гридин жана Егор Калягин да бар экенин билдирди. Милиция алардын жабдууларын тартып алган жана журналисттер түнү менен тергөө абагында болушкан. Аларга «мыйзамсыз митингге катышкан» деген айып коюлду жана соттук териштирүү качан болору азырынча белгисиз. Ар кандай эсептөөлөргө ылайык, 13-сентябрда Минскидеги «Баатырлар жүрүшүнө» 100 миңден 150 миңге чейин адам катышты. Беларуста жаңы шайлоо өткөрүлүп, азыркы президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган каршылык акциялары бир айдан ашык убактан бери токтой элек. Күч органдары тынч жыйынга чыккандарга ашкере күч колдонуп, зордук-зомбулукка барганы сынга кабылган. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде Беларустагы тоз-тополоңдо бери дегенде төрт адам мерт болду, дагы сегиз адамдын дайыны белгисиз.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:27

Тажикстанда президенттик шайлоого беш талапкер катталды

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке беш талапкерди каттады. Ага ылайык, президенттикке Агрардык партия Рустам Латифзоданы, Социалисттик партия Абдухалим Гаффорзоданы, бийликтеги Элдик-демократиялык партия, Эркин кесиптик кошуундар менен Жаштар биримдиги азыркы президент Эмомали Рахмонду, Экономикалык реформалар партиясы Рустам Рахматзоданы жана Коммунисттик партия Мирож Абдуллоевди көрсөттү. Өзүн өзү көрсөткөн жалгыз талапкер Фаромуз Иргашев боюнча кандай чечим чыгары азырынча белгисиз. БШКнын катчысы Навруз Самадзода «Азаттыктын» тажик кызматына ушул тушта Демократиялык партиянын төрагасы Саидджафар Усмонзоданын штабы тапшырган документтер иликтенип жатканын, ал өзү БШКга чакырылганын, чечим жакында чыгарын билдирди. Тажик оппозициясы бул шайооого катышуудан баш тарткан. Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт жана бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алтынчы шайлоо болуп калат. Бул шайлоолордун баарында азыркы президент Эмомали Рахмон жеңген. Ал өлкөнү соңку 28 жылдан бери башкарып жатат. Эл аралык коомчулук, Батыш мамлекеттери Тажикстандагы бир да шайлоого «эркин, ачык атаандаштык шартында, демократиялык принциптерге жараша өттү» деп баа берген эмес. Тажикстанда президент жети жылга шайланат.

Подробнее
15 сентября 2020 г. 0:31

"Шайлоо-2020". Жаштар теледебаты - ТҮЗ ЭФИР

Жаштар теледебатына "Реформа", "Кыргызстан", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын" саясий партиясы, "Мекеним Кыргызстан" жана "Мекен Ынтымагы" партиялары катышууда.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники