О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
12 сентября 2020 г. 20:23

РЕСПУБЛИКА САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ШАЙЛОО ПЛАТФОРМАСЫ РЕСПУБЛИКА ОЛУТТУУ өзгөрүүлөрдү сунуштайт!

РЕСПУБЛИКА САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ШАЙЛОО ПЛАТФОРМАСЫ РЕСПУБЛИКА ОЛУТТУУ өзгөрүүлөрдү сунуштайт! Айылчарба насыялары 5% чейин! Мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин! Ипотека өлкөдөгү дарыгерлер менен мугалимдерге кирүү төгүмдөрдү жоебуз! Пенсиялар үчүн топтолмо системасы! Беш салыктын ордуна БИР САЛЫК! Тоо кен тармагынан башка бүт бизнеске бир 3% салык киргизилет. Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн 3 эсе кыскартабыз – алар 10% гана түзөт! Көмүскө капиталга амнистия берүү! 20 мүнөттүн ичинде бизнести каттоо! Мамлекеттик компанияларды жоебуз! Кичи жана орто бизнеске 3% кредиттер! Технологиялар өнүгүүгө жардам берет! Ар бир дарыяга ГЭС куруу! Бизнеске каршы мыйзамсыз козголгон иштер боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн өмүр бою кара тизме киргизебиз. Президенттин кызматын жоебуз! Депутаттардын чыгашаларын кыскартабыз! 120нын ордуна 75 чейин кыскартабыз! УКМК менен Коррупция менен күрөшүү кызматын жоебуз! Чалгындоо органдарын кыскартабыз! Прокуратураны жоебуз! Бийлик менен башаламандыктын эмес, көз карандысыз сотту дайындайбыз! Биз оппозицияны күчөтөбүз! Оппозиция күчсүз болсо бийлик иштебейт! Күчтүү оппозиция – күчтүү реформа! Мамлекеттик ЖМКларды жоебуз! Биз сөз эркиндигин, чогулууларды, абийирди, динге ишенүү эркиндигин, жеке жашоо укугун чектөөгө каршыбыз! Республика кыргызстандыктардын эркиндигин коргойт! Уюшкан кылмыштуу топторго каршы мыйзам кабыл алабыз! Криминалдык статусу барлардын баары түрмөгө отурат! Бажыны коррупциядан тазалайбыз!

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:31

Бүгүн #БиздинТалапкерлер рубрикасынын алкагында Ахрор Иминов тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз

Бүгүн #БиздинТалапкерлер рубрикасынын алкагында Ахрор Иминов тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз 1.Беш жашында мектепке барган; 2. Англиядан билим алган; 3. Жаш кезинде карате менен машыккан; 4. Отуздан ашык өлкөнү кыдырган; 5. Төрт тилде эркин сүйлөйт; 6. Нигерия калкына таза суу чыгарууга көмөктөшүп келет; 7. Умра менен Меккеге кичи ажылыкка барып келген; 8. Уулун жаш кезинен эле спортко кызыктырат; 9. Грек-рим күрөшү боюнча федерациясынынын вице-президенти; 10. Бала чагында жакшы көргөн саатын жоготуп алганына азыркыга чейин өкүнөт; 11. Төрт жашында атысынын машинасынын ылдамдыгы менен ойной калам деп машина жүрүп кеткенде секиргенге үлгүрүп калган; 12. Рэй Далионун “Принциптер. Жашоо жана жумуш” аттуу китебин жакшы көрөт; 13. Кыргызстандангы IT компаниянын негиздөөчүсү; 14. Эттен жасалган тамактарды баалап жейт; 15. Жакында эле экинчи жолу ата болду. ______________________ Сегодня в рубрике #НашиКандидаты представляем вашему вниманию интересные факты об Ахроре Иминове 1.В школу пошел в возрасте 5 лет; 2. Получил образование в Англии; 3. В юности занимался карате; 4. Посетил более 30 стран; 5. Свободно владеет 4 языками; 6. Помог обеспечить жителей Республики Нигерия чистой питьевой водой; 7. Совершил малый хадж в Умру и Мекку; 8. С ранних лет прививает сына к спорту; 9. Является вице-президентом Федерации по греко-римской борьбе; 10. В юности потерял первые любимые часы, очем до сих пор жалеет; 11. Когда ему было 4 года он игрался со скоростью передач в машине отца, машина поехала, сам он успел выпрыгнуть; 12. Любимая книга «Принципы. Жизнь и работа» Рэя Далио; 13. Основатель IT компании в Кыргызстане; 14. Большой любитель мясных блюд; 15. Недавно стал отцом во второй раз;

Подробнее
12 сентября 2020 г. 21:10

Мирбек Асангариев:

Мирбек Асангариев: “Бизге билимдүү, илимдүү лидерлер керек” “Өлкөнү өзгөртүш үчүн үч адам керек. Биринчиси реформа жасайт, экинчиси жемкорлор менен күрөшөт ал эми үчүнчүсү биринчисин да экинчисин да колдоп, коргоп өзүнүн саясий эрки менен кепилдик берип туруш керек”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Мирбек Асангариев Жети-Өгүз районунун эли менен болгон жолугушууда билдирди. “Биринчиси билим-илим жана жаркын келечектин көрөгөчтүгү, экинчиси чечкиндүүлүк жана эрктүүлүк. Экөө бири-бирине шайкеш болгондо, реформа жасалат жана адамдардын жашоо тиричилиги жакшырат. Ошондуктан бизге билимдүү, илимдүү жана алдыга койгон көрөгөчтүгү бар жаңы лидерлер керек”, -деди Мирбек Асангариев.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 19:21

Бүгүн саат 20:00до

Бүгүн саат 20:00до биздин расмий барактардан Реформа партиясынын программасын Акжолтой Тукунов менен түз эфирде талкуулайбыз Сегодня обсудим основные тезисы нашей программы в 20:00, в прямом эфире с Акжолтоем Тукуновым. Поставьте напоминание и присоединяйтесь!

Подробнее
12 сентября 2020 г. 18:39

Мирбек Мияров

Мирбек Мияров "ОРДО" саясий партиясынын лидери: “Келечек үчүн жаңы саясий системаны курабыз” Саясий туруксуздук Адам баласы бир нерсеге толук кандуу баш ийиши кыйын. Саясатта, мейли партия мучөлөрү, депутат дегеле чиновниктердин башын бириктирип, бир казанда кайнатып турган туруктуу идеология болушу шарт. Тилекке каршы бизде бул нерсе жок. Ар бир саясий ишкердин жеке кызыкчылыгы алгачкы орунда. Анан кийин гана мамлекеттик маселелер. Саясий туруксуздуктун эң чоң душманы ушул жеке кызыкчылык, бир түптүү идеологиянын жолунда бир команда болуп иш алып барбаганында. Эгемендүүлүктү алгандан бери бизде ушул туруксуздук мамлекетти чачырандыга алып келди. Азыркы болуп жаткан маселе, көйгөйлөр ошонун кесепети. Эгер саясий турктуулук күч алып, бирдиктүү иш болгондо биз алда качан өнүкмөкпүз. Ал үчүн элдибизде, жерибизде ресурстар жетиштүү. Принцип жана позиция Бул жакта мен айтаар элем бизде жеке принциптер эч качан каражат идеологиясына байланып дагы муктаж дагы эмес. Биздин эң оболку позиция улуттук баалуулуктарды өзөгү менен өзгөрүүсүз сактап калуу жана урпактарга өткөрүп берүү. Баарыбызга маалым акыркы убакта батыштын кандайдыр бир саясаты кыргыз баалуулуктарына балта чаап келе жатат. Такыр эле чабылып кала электе токтотуу керек. Биз активист, мекенчилдер катары күрөшүп келе жатабыз бирок мамлекеттик деңгээлге бул көйгөйлөр чыгып кеткен соң мамлекеттик денгээлде дагы күрөшүү керек экен. Командабызда мыкты илим-билим алган балдар-кыздар чогулганбыз. Партияда талапкерлерди, мүчөлөрдү тандоодо репутациясынын тазалыгына, жасаган иштерине көңүл бөлүп тандоо принцибин койгонбуз. Анан дагы, бизде кадрлар эч кандай тууганчылык, досчулукка баш ийбет деген бекем принципти карманабыз. Жигит өлсө да, сөзү өлбөсүн демекчи, сөзү менен ишти айкалыштыра билген жаш муун бар.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 0:46

Канатбек Исаев: “Биз кыска мөөнөттүн ичинде Кыргызстанды кризистен чыгаруу жолун көрүп турабыз”

Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев, Аргынбек Малабаев, Дамира Дөлөталиева баштаган талапкерлер Чүй облусунун Сокулук районунун Асыл Баш айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө айылдын жашоочуларынын негизги көйгөйлөрү жол, ичүүчү таза суу жана сугат суунун жетишсиздиги экенин айтышты. Шайлоочулар ошондой эле аталган аймакта бала бакча маселесин да чечип берүүлөрүн суранышты. Өз кезегинде Канатбек Исаев партиянын «Эл үчүн» деген программасында экономиканы, билим берүү жана медицина тармагын өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууда чечкиндүү реформа, жемиштүү эл аралык саясат, адилеттүү сот жана натыйжалуу укук коргоо органдары ж.б. тармактар боюнча бир катар сунуш-пикирлер камтылганын айтты. Ошондой эле партия лидери “Кыргызстан” партиясы куру убадалардан алыс болуп, алдыдагы 5 жылга амбициялуу, бирок аткарыла турган милдеттерди койгонун белгиледи. “ Биз “Кыргызстан” партиясы сөз кылып жаткан иш чараларды ишке ашырууга толук потенциалы жана мүмкүнчүлүгү бар. Кантип кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык кризистен чыгуу жолун көрүп турабыз”, – деди Исаев. Ошондой эле партия лидери “Кыргызстан” партиясынын командасы эл арасынан сурулуп чыккан, духу күчтүү, тажрыйбалуу, жаратман лидерлерден куралганын айтты. Анын айтымында, партиянын шайлоого бара жатканынын максаты бул өлкө экономикасын өнүктүрүп, элдин жашоо деңгээлин жакшыртуу. “ Быйыл, 4-окятбрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгы менен мамлекеттин эртеңки тагдыры, багыты кандай болот? Өкмөттү ким башкарат жана курамы кандай болот? Элдин жашоо турмушу оңолобу? Экономика кризистен чыгабы? Мунун баары алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы менен аныкталат”, – деди Исаев. Жолугушуунун соңунда айыл тургундары партиянын программасын жактырып, чын ниеттери менен колдой тургандыгын айтышып, партия лидерине ак калпак кийгизип, астына ат мингизип, баталарын беришти. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а. 13-сентябрь 2020-жыл.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 22:34

Создано молодежное крыло Бишкекской городской организации Партии демократического социализма и евразийский выбор "Биримдик - Единство".

ой городской организации Партии демократического социализма и евразийский выбор "Биримдик - Единство". Участники конференции выбрали председателя молодежного крыла – им стал Амантур Манапбаев, и членов Совета Бишкекской городской организации политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» - Ислама Султанбекова и Дмитрия Лю.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 14:46

"КУМТӨР" кенинин чындыгы элге тараган күн. 2012жыл. С.Н.Жапаров

"КУМТӨР" кенинин чындыгы элге тараган күн. 2012жыл. С.Н.Жапаров Садыр Жапаров башында турган 2012жылкы жалпы 20миңге чукул элдик тынчтык митинги чындык үчүн болгон. Чындыкты элге кенен жеткизүү үчүн болгон. Дал ошол 2012ж митингте С.Жапаровдун айткан сөздөрү бүгүн так далил болууда, "2020жыл дүйнөлүк кризис болот". Мына бүгүн баарына тарых тараза. Бул чындыкты жашырып катып жашасак болот беле???

Подробнее
12 сентября 2020 г. 12:00

Кыргызстандын байлыгы - жаштар.

Кыргызстандын байлыгы - жаштар. Мисалы, алыскы айылда мыкты математик төрөлгөн. Бүгүнкү күндө ал өзүнүн дараметин ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү барбы? Жооп- жок! Ал жакыр үй-бүлөдө төрөлгөнүнө күнөөлүү эмес да. Мамлекет ар бир каалаган адамга билим алууга мүмкүнчүлүк берип, өлкөнүн жана дүйнөнүн эң мыкты университеттеринде билим алуу үчүн 15 жылга үстөгү жана күрөөсү жок насыяларды бериши абзел. Айрыкча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн. Билим алгандан кийин, ал акчаны кайтарып берет жана мамлекетке пайда алып келет. ⠀

Подробнее
14 сентября 2020 г. 0:43

Орусияда жергиликтүү бийликке шайлоо өтүп жатат

Орусиянын 41 аймагында ар кайсы деңгээлдеги жергиликтүү шайлоолор өтүп жатат. Серепчилердин эсебинде бул шайлоо ансыз да өз популярдуулугун жоготуп бараткан бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясы үчүн сыноо болуп калышы мүмкүн. 13-сентябрда орусиялыктар 18 аймакта губернаторлорду, 11 аймакта жергиликтүү парламент мүчөлөрүн шайлашат. Ал эми 22 административдик борбордо шаардык парламент мүчөлөрүн шайлоо өтөт. Андан тышкары төрт бир мандаттуу аймакта Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлашат. Шайлоо жараянына көз салып келген «Добуш» көз каранды эмес тобу июлда жарыялаган баяндамасында белгилегендей, депутаттар пандемиянын шылтоосу менен «шайлоону таза эмес» өткөрүүгө аракет кылышканы белгиленет. Документте бул жолку добуш берүү «соңку 25 жылдагы эң адилетсиз шайлоо» болору жазылган. Көп аймактарда «Бирдиктүү Орусиянын» талапкерлеринен башкалары кандайдыр бир себептер менен шайлоого катыштырылбай, оппозициянын өкүлдөрүнө же алардын штабдарына кол салуулар уюштурулган. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү шайлоого байкоо салуу үчүн чакырылган эмес.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 0:43

Курамы өзгөрбөгөн парламент, энелерди кыйнаган вирус

Кыргызстандын эски жүздүү жаңы парламенти кандай болот? Коронавирустун зыянын өлкөлөр жапа тырмак жоюшу керек. COVID-19 вирусу өзгөчө энелерге зыян тийгизүүдө. Дүйнөлүк басма сөзгө баяндаманы сунуш кылабыз. «Eurasinet» онлайн басылмасынын баяндамачылары Крис Риклтон менен Айзирек Иманалиева Кыргызстандагы парламенттик шайлоого талапкер болгон партияларды, шайлоону талдаган, шайлоодон кийин окуялар кандай нукта өнүгөрүн болжолдогон макала жарыялашты. Авторлор бир нече эксперттин пикирине таянып, саясий партиялардын багыты менен сапатын анализдешкен. «Расмий жараяндын өзү - парламенттеги 120 орунга ат салышуу. Ал эми бейрасмий - шайлоону бийликке келчү кландардын таймашы менен биригүүсү десе болот. ЕККУнун Бишкектеги академиясынын профессору Эмил Жороев коронавирус өлкөнү болушунча кыйнаган маалдагы шайлоого карата сын көз карашта. Анын ою боюнча, эгер шайлоодон кийин чечим чыгаруу бийлигинде өзгөрүү болбосо Кыргызстан туңгуюкка кептелет. Ошондой эле бул шайлоо 2023-жылдагы президенттик шайлоонун да тагдырын чечет». Авторлор «Бүтүн Кыргызстан», «Кыргызстан» партияларынын айланасында болгон талаш-тартыштуу учурларды тизмектеп, шайлоодо 5-6 партия алдыга озуп чыгарын божомолдошот. «Президент Сооронбай Жээнбеков болушунча бейтарап болуу аракетинде. Бирок «Биримдик» партиясынан анын иниси Асылбек Жээнбеков да шайлоого баратат. Эл арасында «Матраимовдордуку» делген «Мекеним Кыргызстанды» да айрымдар Жээнбековго байланыштырышат. Бирок бул эки партия тең азыркы парламентте жок. Кыргызстанда саясий партиялар шайлоо үчүн гана, кайсы бир саясий максатты көздөп, убактылуу түзүлөрү айтылып эле жүрөт. Буга мисал 2010-жылкы шайлоодо эң чоң добуш алып, ийгиликке жетишкен Кыргызстан социал-демократтар партиясы бул ирет шайлоого катышпай да калды. Анткен менен августтагы сурамжылоодо КСДПны элдин көбү эң таанымал партия катары аташкан. Партиялардын программасында жакырчылык, жумушсуздук менен күрөшүү барбы? Эл аралык саясатка карата көз караштары кандай?» - деген суроого «Реформа», «Мекеним Кыргызстан», «Ата Мекен» партияларынын программаларынан мисал издешкен. Шайлоо жараяны коронавирус пандемиясына дал келгендиктен аны өткөрүү, үгүт иштеринде элди чогултуу сыяктуу иш-чараларга чектөөлөр киргенин, бирок шайлоо маалында аралыкты сактоо, беткап тагынуу өңдүү тазалык нормалары сакталары күмөн экенин жазышты. Дарыгер Эрмек Исмаилов «Бийлик вирустун экинчи толкуну октябрь же ноябрда болот деп жатат. Андыктан ага чейинки үгүт иштери салттуу түрдө болсо талапкерлер менен активисттер аймактарга вирусту өтө тез ылдамдыкта таратышы мүмкүн», - деген божомолду айткан. Басылма "Кыргыз саясатчылары жашарып баратабы?" деген суроого жооп издеп, «Бир Бол» жана «Ата Мекен» партиялары салыштырмалуу жаш экенин, анткен менен талапкерлердин орточо жашы 56-57 болгонун жазды. Коронавирус менен күрөшүү үчүн дүйнө биригиши керек «Foreign Policy» журналына Эл аралык валюта фондунун директору Кристалина Георгиевна менен уюмдун экономисти Гита Гопинаттын «Улуу карантинден күч топтоп чыгуу» деген аталыштагы макаласы жарык көрдү. Анда авторлор пандемиянын экономикага тийгизген кесепеттерин санап, оор кырдаалдан чыгуунун бир нече жолун сунуш кылышкан. «Глобалдык экономика 2020-жылдын экинчи кварталында урап калды. Себеби, жалпы экономиканын 85% бир нече апта бою камакта калды. Азыркы карантиндин кесепетин 1929-жылдагы «Улуу депрессияга» салыштырса болот. Анткен менен азыркы кыйынчылыктын өтө өзгөчө өңүттөрү да бар. Март, апрель айларында эле АКШдагы жумушсуздук үч эсе көбөйүп, 14,7 пайызга жетти. Мындай көрүнүш «Улуу депрессия» учурунда эки жылда араң болгон. Карантиндик чаралар жеңилдеп, эл ишке кайтканы менен көп өлкөлөрдүн абалы чеке жылытпайт. Эл аралык эмгек уюму 2020-жылдын алгачкы алты айында 400 миллион адам ишсиз калганын аныктады. 71 миллион адам жакырчылыктын чегинде жашап жатат. Бул абалдан чыгуу үчүн үч багытта иш алып баруу керек. Биринчиси - адамзатты вирустан куткаруу үчүн вакцина чыгарууну тездетүү, экинчиси - адамдар баары бир жумуш табууга аргасыз. Банкрот болуп калган ири фирмалар жумушчуларынын камын кандай болгон күндө да көрүшү керек. Анан эң эле маанилүүсү - биздин келечек мурдагыга караганда туруктуу жана инклюзивдүү болгону дурус. Ал үчүн климаттын өзгөрүүсү, теңсиздикти жок кылуучу аракеттер зарыл. Вакцина чыгарууда азыр ири өлкөлөр ат салышууда. Байгер мамлекеттер вакцинаны өзүнө гана чыгарбай, жалпы адамзатка таратмайынча ооруну ооздуктоо мүмкүн эмес. Бул мурда да болуп келген тажрыйба. Вирустук оорулардын вакцинасын орток колдонуу үчүн эл аралык COVAX уюму түзүлгөн. Туруктуу келечек туруктуу каражатты талап кылат. Азыркы кризис фискалдык ресурстарга абдан чоң талапты койду. Көптөгөн өлкөлөр карызга батты. Карыздардын санын кыскартуу үчүн бийлик болушунча үнөмдөгөнү дурус». Авторлор өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө берилип жаткан узак мөөнөттүк насыялар тууралуу маалымдады. Эл аралык валюта фонду пандемия башталганы 75 өлкөгө каржылык колдоо көрсөткөн, алардын 47си кирешеси эң аз мамлекеттер. Пандемияда дайынын таппай калган лидерлер Беларуста болуп жаткан каршылык акцияларын «New York Times» гезитинин блогери Иван Кратсев 1980-жылдары Чыгыш Европада болгон саясий жараяндарга салыштырат. «Жазында дүйнө вирустан коркуп, карантинге жабылса, Александр Лукашенко аны тоготпой, глобалдык дүрбөлөңдөн оолак болуп, беларустар көчөдө ээн-эркин жүрүп, канчасы вирус жуктурганын, канчасы кайтыш болгонун эми билүү кыйын. Кызыгы, беларустар азыр COVID-19дан улам көчөгө чыкпаганы менен, бийликтин пандемияга карата саясаты алардын кыжырын кайнаткан себептердин бири болушу мүмкүн. Беларустагы каршылык акцияларынан улам авторитаризм менен пандемиянын ортосундагы байланышты байкасак болот. Вирус авторитардык башкаруудагы өлкөлөргө көп тарап, демократиянын иммунитетин арттырабы? Айрымдар ден соолукка байланышкан апааттар бийликтин темир чеңгелин курчутуп, ага ыйгарым укукту чексиз береринен чочулашат. Пандемия чектөөлөргө чыдамкайлыкты арттырганы менен АКШ, Германияда карантинге каршы демонстрацияларды да шарттады. Ошол эле маалда пандемия авторитардык бийликтин кубатын арттырды. Александр Лукашенко, Владимир Путин, Жейр Болсанаро, Дональд Трамп сыяктуу лидерлер өзгөчө абалдын олуттуулугун бийликти чыңдоого жумшады. Бирок эмнеге өзүн күчтүү авторитардык лидер катары калыптандырган лидерлер кризистик маалда башкаруучу мыкты сапатын көрсөтө алышкан жок? Себеби автократтар болгону өзү жараткан гана кыйынчылыкты чече алышат. Алар проблеманы чечпей эле душманды талкалаганды жакшы билишет. Дал ушул өзгөчөлүгү менен алар бийлигин чыңдашат. Мисалы, коронавируска чейин Путин бир көйгөйдү чечүүдө экинчисин жок кылып отурчу. 2011-2012-жылдары кадыр-баркы түшүп баратканда Крымды аннексиялап, рейтингин кайра көтөрүп алган. Дональд Трамп Мексикадан келген эмгек мигранттары эң чоң көйгөй деп, климаттын өзгөрүүсүнө көз жумган. Бирок пандемияда мындай кылуу мүмкүн эмес. Себеби бир гана көйгөй - пандемия. Ар бир бийлик аны менен күрөшүү жолдоруна жараша сыналды. Авторитардык лидерлер эми кайсы бир саясий оюнду ойлоп табуу менен вирусту жеңе албай калды», - деп жазат автор. Вирустан энелер өзгөчө кыйналууда «The Guardian» гезити пандемия бала баккан энелердин психологиясына оор таасир тийгизгенин жазды. Британияда жүргүзүлгөн изилдөөгө катышкандардын 20% депрессия болгонун айткан. Начар психологиялык саламаттык, бактысыздык сезими иштермандыкка зыянын тийгизет. 16 жаштан 39 жашка чейинки адамдар арасында депрессиянын белгилери 30 пайызга арткан. Германиялык илимпоздор балалуу адамдар менен баласы жокторго пандемиянын психикалык таасирин иликтеп, натыйжада балалуу энелер бул карантинде депрессияга көбүрөк кабылганын аныкташканын баяндайт гезит.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 0:43

Апта: БШК менен партиянын тиреши, алты айга аяк баскан пандемия

Узап бараткан аптанын (7-13-сентябрь) урунттуу окуяларына сереп. Узап бараткан аптада «Бүтүн Кыргызстан» партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) сотто утуп алды. Бишкектин административдик соту 9-сентябрда партиянын аларды шайлоодон четтетүү тууралуу Боршайкомдун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырды. Мекеменин төрайымы Нуржан Шайлдабекова мындан ары соттун жогорку инстанциясына кайрылышпай турганын айтты: «Шайлоо процесси кызуу фазасында экенин жана бардык саясий партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүүнүн зарылчылыгын эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көбү Жогорку сотко арыздануудан баш тартып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоону чечти». Бул парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» Боршайкомду сотто утуп алган экинчи партия болуп калды. Буга чейин «Кыргызстан» партиясын да каттоодо талаш чыккан жана ал соттошууга чейин жеткен. Шайлоо мекемеси бул партияны документ тапшырууда мыйзам бузган деген негизде каттабай койгон. Жогорку сот бул иште «Кыргызстандын» пайдасына чечим чыгарган. Шайлоого байлыныштуу соттошуулар бир катар талаш-талкууга жем таштады. БШКнын төрайымынын мурдагы орун басары Жаркын Бапанованын пикиринде, мындай окуялар шайлоо мекемесине карата дооматты дагы күчөттү: «Мындан БШКнын аброю кетип жатат. Чырдашкан жаман көрүнүш, азыркы көрүнүш дагы уланат. Шайлоодон кийин өтпөй калгандар «БШК туура эмес кылды» деп соттошо башташат. Ошондой көрүнүшкө баратабыз», - деди Бапанова. Деген менен БШК менен соттошууларды саясат менен байланыштыргандар да жок эмес. Жарандык активист Гүлжигит Исаков шайлоо калыс, атаандаштык шартта өтөөрүнө ишенбейт жана «бул саясий жараянды бийлик көзөмөлдөп жатат» деген ойдо: «Бийликтин бардык бутактары өз милдетин аткарбай калганы сыр эмес. БШКнын чечимдеринде саясат бар экени белгилүү. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 2010-2015-жылдары деле де-факто өткөн. Бул сапар бийлик жарышка жеткирбей өткөрбөө планын карап көрдү. Бирок коомчулукта нааразылык күчөп кетпеши үчүн артка чегинди». Айтор бул жагдай БШК өз алдынча мекеме боло алдыбы деген суроону да козгоду. Саясий серепчи Алмаз Тажибай соңку окуялардан улам БШКнын курамын, шайлоо өткөрүү формасын өзгөртүү зарылдыгы тууралуу айтты: «Элдин ишеними жок болуп жатат. Алар атайылап кылып жатабы же партиялар, президент басым жасап жатабы деген шек жаралууда. Мындай күмөндү так аракеттер менен жоюш керек. Ал үчүн так жазылган шайлоо мыйзамдары зарыл. Азыр мыйзамдарда айрым учурлар так көрсөтүлбөй калгандыктан кемчилик кетип жатат». Шайлоого көз салган серепчи Айнура Усупбекова да партияны каттоо, шайлоо өткөрүү сыяктуу эреже-мыйзамдар так жазылбай калган деген пикирге кошулат. Анын оюнда, мындан тышкары партиялык түзүлүш да жакшы өнүкпөгөндүктөн, партиялар документ жана башка юридикалык маселеден аксап жатышат. Ушундан улам айрым учурда кырдаалга карап бийлик саясий чечим чыгарып жатат. «Соттун чыгарган чечими саясий кырдаалды оңдоп кеткендей болду. Мен эки маселе бар деп айтам. Биринчиси - партиялар жазылган мыйзамды туура сактабай жатышат. Экинчиси - БШКда бардык аракеттер, эрежелер так жазылган эмес. Акыркы окуялардын баары саясий чечимдер болду». Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт жана анда 16 партия жарышканы жатат. Ушул тушта үгүт өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан кези. Ал ортодо президент Сооронбай Жээнбеков партиялар үгүт иштериндеги эл менен жолугушууларда санитардык эрежелер сакталбай жатканын сынга алды. КТРКнын «Биринчи радиосундагы» соңку маегинде ал партиялар үлгү болушу керектигин белгиледи. «Партиялар азыркы кырдаалда саясий гана маданиятка эмес, социалдык да маданиятка таасир этип жатышат. Мына көрүп жатабыз, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Айрым партияларда эл менен жолугушууларда беткап тагынуу, социалдык дистанцияны сактоо деген жөнөкөй эрежелер сакталбай жатат. Майда деп, буга маани бербей койгонго болбойт. «Эл башкарам, элдин тагдырын чечем» деген азаматтарыбыз бул маселеде да элге үлгү болушу керек деп эсептейм», - деди президент. Жээнбеков ошондой эле парламенттик башкарууну өнүктүрүү үчүн партиялык система калыптанышы керектигин айтып, партия тизмелери идеялык негизде түзүлбөй жатканын белгиледи: «Партиялык тизмелер көбүнчөсү идеялык эмес, айрым учурда каржылык же болбосо тигил же бул инсандын коомдогу ордуна байланыштуу түзүлүп жатат. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Бул эми азыркы табигый көрүнүш. Кечээ же бүгүн чыгып калган жок. Мен жогоруда бекеринен айткан жокмун. Өлкөдөгү саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруу жоопкерчилиги, биринчи кезекте, партиялардын өзүндө. Мыйзамды кынтыксыз аткарыш керек», - деди президент. Вакцина сыноо түйшүгү Бул аптада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) коронавирус пандемиясы башталганын жарыялаганына туура жарым жыл болду. Өткөн жылдын этегинде Кытайда башталып, дүйнөгө тараган коронавирустан каза болгондордун саны дээрлик бир милилонго чукулдап калды. Бул илдетти 28 миллиондон ашык адам жуктуруп алды. Акыркы беш күндө эле дүйнөдө вируска кабылгандар бир миллиондон ашык адам болуп көбөйдү. Бир ай аралыгында вирус жугузуп алгандарга сегиз миллион киши кошулду. АКШ, Индия жана Бразилия дагы деле оору очогу бойдон калууда. Бир катар Европа өлкөлөрүндө да оорунун жайылышы көбөйүп жатат. Мындан улам Германия Чехиянын борбору Прага шаарын «кызыл зонага» киргизди жана өз жарандарын ал жакка барбай турууга чакырды. Мындай көрсөткүч «AstraZeneca» фармацевтикалык компаниясы COVID-19га каршы вакцинасын сыноонун акыркы баскычын убактылуу токтоткон маалга туш келди. Аталган компаниянын вакцинасын сыноонун үчүнчү баскычында дүйнө жүзү боюнча 30 миңдей адам катышып жаткан. Алардын бири, Британиядагы ыктыярчы аял неврологиялык белгилери бар, омуртканы сезгенткен илдетке чалдыккан. Мындан улам компания сыноо иштерин убактылуу токтоткон. Вакцинаны Оксфорд университети менен бирге даярдап жаткан компания жагдайды көз карандысыз комиссия текшере турганын билдирди. «AstraZeneca» вакцинаны сыноонун үчүнчү баскычына жеткен, тактап айтканда, адамдарга сайып сынап жаткан дүйнөдөгү тогуз компаниянын бири. Ал арада Бразилиянын Сан-Паулу штатынын губернатору кытайлык компаниянын вакцинасын сыноонун үчүнчү этабында «жалаң оң жыйынтыктар чыгып жатат» деп жарыялады жана мындан улам препарат ушул жылдын аягында эле элге жапырт сайыла баштарын билдирди. Бразилия оорудан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири жана илдет жуккан, ажал тапкан жарандардын санына карап дүйнөдө экинчи орунда турат. Ушул тушта өлкөнүн алты штатында Кытайдын «Sinovac Biotech» компаниясы даярдап жаткан вакцина адамдарга сыналып жатат. Сан-Паулу штатынын губернатору Жоао Дориа 9-сентябрдагы басма сөз жыйынында жашы алтымыштан өткөн, вакцина сайдырган ыктыярчылардын дээрлик 98 пайызында иммунитет пайда болгонун маалымдады. Ал өлкөнүн оор абалга кабылганы үчүн вирустун олуттуулугун ушул күнгө чейин жокко чыгарып келген президентти айыптады: «Биздин өлкөдө вирустун олуттуулугун мойнуна албаган, аны жокко чыгарган лидер бар! Ал «бул пандемия эмес, беткап тагынуунун кереги жок, колду тазалап туруу жардам бербейт» деп айтат жана аралыкты сактоо туралуу эч кандай сунуш бербейт, обочолонууну жектейт, ал тургай гидроксихлорохинди колдонгула дейт. Мунун баары Сан-Паулу штатында, дегеле бардык штаттарда губернаторлордун коронавируска каршы күрөшүн кыйындатты». Ушул тапта Мексика Орусиядан «Sputnik V» вакцинасынын 32 миллион дозасын алуу тууралуу макулдашты. Орусиянын Түз инвестициялар фонду Мексикада уруксат иштери бүткөндөн кийин препарат ноябрь айында жөнөтүлө баштарын билдирди. Муну менен катар, дүйнөдөгү айрым илимпоздор Орусияда даярдалган вакцинанын клиникалык сыноосуна байланыштуу күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып чыгышты. Белгилүү «Lancet» медициналык журналына жарыяланган ачык катта алар түрдүү эксперименттердин жыйынтыктары бирдей болуп чыкканын белгилешкен. Бул вакцинаны даярдаган Гамалея борбору мындай күмөн саноо орунсуз экенин айткан. Кыргызстанда бул ооруну жалпысынан өлкөдө 45 миңге чукул адам жуктуруп алды, 1063 бейтап көз жумду. Аталган штабдын эсебинде, өлкөдө коронавируска байланыштуу эң чоң көрсөткүч 17-18-июль күндөрү катталган. Анда бул оору 17-июлда 1654, ал эми 18-июлда 1264 кишиден аныкталган. Ал арада Бишкек шаарынын мэриясы эпидемиологиялык абал курчуп кетпеши үчүн коомдук тамактануучу жай, кафе-ресторан жана тойканаларга көзөмөлдү күчөттү. Ага ылайык, мындай жайлар эрежени бузган учурда Бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде териштирүү жүргүзүлөт. Эгер экинчи жолу кайталаса Жазык кодексине ылайык сотко чейинки териштирүү башталат. Мэрия шаардыктарды коомдук тамактануучу жайларда той, куран окутуу сыяктуу жапырт иш-чараларды өткөрбөөгө чакырды. Кабул менен «Талибан» бир үстөлгө отурду Катарда 12-сентябрда ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча көзмө-көз сүйлөшүүлөрү башталды. Сүйлөшүүлөрдү баштоо аземинде Ооганстандын Улуттук кайра биригүү кеңешинин башчысы, мурдагы башкы аткаруучу Абдулла Абдулла талибдерге ымалага келе баштаганына ыраазычылык билдирди жана тараптар өз өлкөсүнө тынчтык алып келүү ниетинде турганын айтты. Абдулланын эсебинде, февралда «Талибан» менен АКШ тынчтык келишимине кол койгондон тартып ар кандай куралдуу кагылыштарда, чабуулда 12 миңдей жайкын тургун мерт болуп, дагы 15 миңдейи жаракат алды. «Талибандын» лидерлеринин бири молдо Абдул Гани Барадар жеке кызыкчылыктар үчүн исламды садагага чаппоого чакыррды. Ал сүйлөшүүлөрдө диний абал эске алынышы керектигин белгиледи. Бул сүйлөшүүгө катышып жаткан АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео болсо кепке-сөзгө келүү оңой болбосун белгиледи жана тараптар бири-биринин шартына көнө билиши керектигин айтты. Мамкатчы тараптар коомдогу аялдардын укугу сактоого далалат кылат деген ишеничин билдирди. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг чырдашкан тараптардын бир үстөлгө отурушун «тынчтык орнотуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк» катары сыпаттады. Сүйлөшүүлөрдүн алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу 2016-жылдагы шайлоодо берген убадасын аткарарын билдирген: «Акыр аягы, мамлекеттик катчы Майк Помпео бүгүн кечинде Дохага ооган аралык сүйлөшүүлөрдү башташ үчүн тарыхый сапар менен барат деп сыймыктануу менен айта алам. Биз алар менен көптөн бери сүйлөшүү жүргүзүп келе жатабыз. Алар менен сүйлөшкөндөн кийин көп аскерлерди чыгарып кеттик. Мен бүгүн эртең менен Ооганстанда февраль айынан бери бир да жолу жоготууга учурабаганыбыз тууралуу кабар алдым. Өлүм-житим жок, маселе жок. Ооганстан үчүн чоң жылыш болду. Биз кыска убакыт аралыгында аскерлердин санын төрт миңге чейин азайтабыз», -деген эле Трамп. Ооган өкмөтү өлкөнүн баш калаасы Кабулду жана провинциялар менен көпчүлүк райондордун борборлорун көзөмөлдөйт, бул жалпысынан өлкө аймагынын 30 пайызын түзөт. Ал эми «Long War Journal» басылмасынын эсебинде, «Талибан» Ооганстандын территориясынын 20дай пайызына ээлик кылат. Тараптар калган аймактар боюнча жаатташып келет. Аталган кыймылдын алдында 20дай чет өлкөлүк ашынган радикал топ бар. Быйыл февраль айында АКШ «Талибан» менен дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол койгон. Документте Кабул менен талибдер туткундарды айырбаштагандан кийин сүйлөшүүлөр башталары айтылган. Ооган бийлиги февралдагы келишимдин шарты боюнча беш миңдей талиб туткунун бошотту. «Талибан» өз тарабынан миң туткунду, анын ичинде өкмөт кызматкерлерин жана коопсуздук аскерлерин коё бергенин билдирип келатат. Ошондой эле макулдашуудагы башкы шарттардын бири катары америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү каралган.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 0:46

“Мекенчил” Панфиловдо. К. Ташиев: "Кыргыздын бир чарчы жери да башкаларга берилбеши керек!"

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Панфилов районуна барды. Мамлекеттик чек ара жана ал жерде жашаган жарандарыбыздын коопсуздугу мамлекеттин эң приоритеттүү маселелеринин бири болушу керек. Бул тууралуу “Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Панфилов районунун шайлоочулары менен жолушууда билдирди. Жолугушуу залкар акын Алыкул Осмоновдун эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды. “Жерибиздин коопсуздугу жана мамлекетибиздин коргонуу системасы чоң маселе. Аскер кызматкери айтып коеюн, мамлекеттик чек ара жана ал жерде жашаган жарандардын коопсуздугу эң башкы орунда турууга тийиш. Чек арадагы бир метр жерди да кандай кыйынчылык, ызы-чуу, мүшкүл коштобосун башкага бербешибиз керек. Бизде он метр ал жакка, жыйырма метр бул жакка кетти, эч нерсе болбойт деген саясат жүрүп жатат. Дүйнөдө канча деген улут саны бизден көп болсо да, өз мамлекети жок жүрүшөт. Ошондуктан жерибизди көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Өкмөт чек ара маселесине анчалык көңүл бурбайт жатат. Аны көңүл бурдурууга, олуттуу кароого аргасыз кыла турган мыйзамды жазып, колуна карматышыбыз керек”, - деди Камчыбек Ташиев. Жолугушуунун соңунда Камчыбек Ташиев улуу акын Алыкул Осмоновдун үй-музейи менен таанышты. Андагы кол тамга калтыруучу китепчеге кол тамгасын калтырып: "Кыргызды кыргыз кылган баатыр болот, кыргызды кыргыз кылган акын болот", - деди. "Мекенчил" партиясынын шайлоо фондунан каржыланды

Подробнее
14 сентября 2020 г. 0:46

Грузин оппозициясы шайлоодо жеңсе Саакашвилини премьерликке көрсөтөт

Грузияда оппозициядагы «Бирдиктүү улуттук кыймыл» менен «Күч – биримдикте» биримдиги мурдагы президент Михаил Саакашвилиге аталган саясий күчтөрдүн атынан премьер-министр кызматына талапкер болууга чакырды.«Михаил Саакашвили бозгунда жүрөт. Грузиянын үчүнчү президентин куугунтуктоо токтотулушу керек. Саясий куугунтук биротоло жана түп-тамырынан бери жоюлушу зарыл. Михаил Саакашвили өлкөгө кайтып келиши керек», деди «Бирдиктүү улуттук кыймылдын» лидери Григол Вашадзе.Грузияда парламенттик шайлоо 31-октябрда өтөт жана учурда үгүт өнөктүгү расмий башталды. Парламентте 150 мандат бар. Алардын 120сы партиялык тизме менен шайланат, калгандары бир мандаттуу округдардан шайланып келет.2016-жылдагы парламенттик шайлоодо «Грузин кыялы» партиясы 115 орун алып, көпчүлүктү түзгөн. «Бирдиктүү ултуттук кыймылга» 27 мандат тийген.Өткөн айдын аягында Саакашвили Грузияга, саясатка кайтып келүү ниети бар экенин билдирген жана 7-сентябрда мекенине кайтуу планын жарыялаган. Грузиянын юстиция министри ал чек арадан өтөөрү менен камакка алынарын эскерткен. Грузин бийлиги Саакашвилиге бир катар айыптарды коюп, ага издөө жарыялаган.Саакашвили 2015-жылы украин жарандыгын алган жана ошол кездеги президент Петр Порошенко аны Одесса облусунун башчысы кылып дайындаган. Бирок эки жылга жетпей эки саясатчынын мимилеси сууп кеткен жана анын украин жарандыгы жокко чыгарылган.Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленский ага бул өлкөнүн жарандыгын кайра берип, Реформа боюнча аткаруу комитетинин башчысы кылып дайындаган.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 0:49

Жогорку Кеңешке "Замандаш" партиясынан талапкерлер жарандык активисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, аксакалдар, дарыгерлер жана башкалар менен ачык диалог курушту

"Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкерлер жарандык активисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, аксакалдар, маданият адамдары, дарыгерлер, журналисттер жана блогерлер менен ачык диалог курду. Иш-чаранын башында партиянын лидери Жеңиш Молдокматов "Замандаш" партиясы башка партиялардан өзгөчөлөнөрүн билдирди. "Биз башка партияларга окшоп өзүбүздү пиар кылбастан көптөгөн жылдар бою элибизге, мигранттарыбызга жардам берип келе жатабыз ", - деди ал. Депутаттыкка талапкер Дмитрий Конов: "Замандашты" Орусия гана эмес, Евразия экономикалык биримдигинин бардык өлкөлөрү колдой тургандыгын айтты. Ал эми партиянын программасы ЕАЭБ өлкөлөрү менен кызматташууну чыңдоого багытталганын белгиледи. " Башка партиялар шайлоо үгүт иштеринде көтөрүп жаткан көйгөйлөрдүн катарында казино, оюн автоматтары жана башка кумар оюндары жөнүндө сөз кылышкан жок. Ыплас кумардын айынан ата-энелер азап чегип, оюнга берилген адамдар акыркы мүлкүн сатышып, үй-бүлөсүнөн айрылып, балдар жетим калып жатышат. Айсулуу Мамашова бул көйгөйдү буга чейин парламентте көтөрүп келген, бул суроону Айсулуу айымга бергим келип жатат, сиз Жогорку Кеңешке өтүп калсаңыз, аталган көйгөй менен күрөшүүнү улантасызбы?" - деп сурады жолугушууга келген катышуучулардын бири. "Бул мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөн, бирок бул маселени чечүүгө убакыт жана жумшаган күчүбүз да жетиштүү болгон жок. Чынын айтканда, Жогорку Кеңеште кумар оюндарына каршы мыйзам долбоорун кабыл алууга тоскоол болгон адамдар көп болду. Кумар оюндары өтө көп акча алып келе турган бизнес болгондуктан чоң күчтөр бут тосушуп, бизге каршы чыгышты, бирок биз багынбайбыз, элибизди бул көйгөйдөн сактоого аракет кылабыз", - деп жооп берди Айсулуу Мамашова. Жолугушуунун жүрүшүндө талапкерлерге партиянын программасы жана алардын келечек пландары боюнча көптөгөн суроолор берилди. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 13-сентябрь, 2020-жыл. 22:33 13-09-2020 Автор: Айжанар Рыспек кызы

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники