О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
13 сентября 2020 г. 1:12

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы программасы

Биз, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштарбыз. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди. Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризис байкалууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз жана каалайбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. Кыргызстандын элин кандай негизги проблемалар түйшөлтүп жатканына биз дайыма абай салып турабыз. «Мекеним Кыргызстандын» командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар. Биздин максат: Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу; Ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу. Биздин приоритеттер: Жеке эркиндик; Экономикалык эркиндик; Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу; Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик; Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк. Биздин принциптер: Улуттук кызыкчылыктарга приоритет; Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык; Либералдык-плюралисттик башкаруу; Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик; Рационализм жана прагматизм; Бардар эл жана бакубат өлкө. Элибиз – эң башкы байлыгыбыз! Мамлекет эл үчүн – бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет. «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу; – Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү; – Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу; – Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү; – Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат – мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди. Депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан «Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого киришет. Биринчи байлык – ден соолук Советтер Союзу урап, Кыргызстан эгемендик алгандан көп өтпөй бир катар эл аралык донор уюмдардын катышуусу менен өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо башталган. Бирок андан бери 30 жылдай өтсө да ал реформалардан жакшы майнап чыкканы байкалган жок. Өзгөчө коронавируска байланышкан соңку жагдай бул тармактагы абал кандай экенин ачык-айкын көрсөтүп койду. Демек, тармак жаңыча мамилеге, жаңы реформаларга муктаж. Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасындагы негизги проблемалар: – мамлекеттик медицина системасында айлык акынын аздыгы; – эскирген инфраструктура; – тейлөө сапатынын начардыгы; – атаандаштыктын төмөндүгү; – башкаруунун жана жөнгө салуунун алсыздыгы; – расмий эмес төлөмдөрдүн көптүгү. Бул тармактагы улуттук жана башка программалардын көпчүлүгү негизинен эл аралык уюмдардын финансылык колдоосу менен ишке ашкан же ишке ашууда. Анда эч кандай мамлекеттик каржылык салым жок. Азыр бул тармак финансылоодо чоң кыйынчылыктарды баштан кечирип жатканын ачык моюнга алуубуз керек. Натыйжада мыйзамда жазылган баарына бекер жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтөбүз деген сөздөр кагазда гана калууда. Демек, бөлүп-бөлүп реформалоо бул тармакты оңдой албасын моюнга алуу зарыл. Баскыч-баскыч менен реформалоо парадигмасы өзүн актаган жок. «Мекеним Кыргызстан» саламаттыкты сактоо тармагын кардиналдуу өзгөртүү концепциясын иштеп чыкты. Анын өзөгү бул системага тезинен рыноктук механизмдерди киргизүүдө жатат. Эгер биз өлкөнүн бардык аймактарында заманбап ооруканалар болушун жана баарыбыздын колубуз жеткидей реалдуу, ыкчам медициналык тейлөөнү кааласак, анда ушундай кескин чараларга барышыбыз зарыл. Грузиянын тажрыйбасы реформа башталгандан тарта эки жыл ичинде эле бүт өлкө боюнча көп профилдүү заманбап ондогон оорукана салып койсо болорун көрсөттү. Алар буга саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик функционалдын бир тобун жеке секторго которуу менен жетишти. Ар кандай изилдөөлөр Кыргызстандын жакыр катмардагы жарандары ооруканага түшүп калса жылдык кирешесинин 70 пайыздан ашыгын короторун аныктаган. Көптөр дары-дармек жана дарылануу акысын жабуу үчүн болгон мүлкүн сатууга же ири карыз алууга аргасыз. Мунун айынан салттуу эмес, далилсиз медицинага, тактап айтканда, эмчи-домчуларга кайрылгандардын катары калыңдап баратат. Биздин сунуш: – Ооруканалар тармагын өнүктүрүү, рыноктук принциптер менен ооруканалардын инфраструктурасын толугу менен кайра куруу боюнча мамлекеттик программа кабыл алуу. Ал үчүн кызматташтык принциби менен инвесторлорду тартуу керек: жер, имарат, адамдык ресурстар – мамлекет тарабынан, имаратты модернизациялоо, дарылоо технологиясы – инвестордон; – Медициналык камсыздоо системасын өзгөртүүнү – жеке, анын ичинде чет элдик камсыздоо компанияларынын кызмат көрсөтүүсүн мамлекеттик медициналык камсыздоо менен бирдей шартка ылайыктап жөнгө салуу. Ар бир адам камсыздоонун кайсы түрү ыңгайлуу экенин өзү тандашы керек; – Жакыр катмардагы жарандар жана пенсионерлер үчүн кайсы жакта катталганына карабай өлкө ичиндеги өзү каалаган дарылоо мекемесинде (менчигинин түрүнө карабай) колдонууга мүмкүн болгон медициналык сертификатты же ваучер системасын киргизүү. Бул бейтапка өз алдынча оорукана тандаганга эле жардам бербей, медициналык мекемелер арасында атаандаштыкты да күчөтөт. Бул үчүн менчик клиникаларды кардарларынын 5 пайызын бекер дарылоого милдеттендирүү зарыл; – Бүт өлкө боюнча социалдык дарыканалар түйүнүн ачуу. Бул түйүн үчүн эң зарыл дары-дармектерди өз баасында сатуу жолдорун иштеп чыгууну жана ал үчүн салыктык жеңилдиктерди, укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөргө иммунитет берүүнү сунуштайбыз; – Онлайн медициналык кызмат көрсөтүү өнүгүүсүн стимулдаштыруу. Бардык врачтар компьютер жана үзгүлтүксүз байланыш каражаттары менен камсыздалбаган шартта, албетте, бул идея утопиядай сезилет. Андыктан биз президенттин мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү программасынын алкагында эл аралык банктардан беш жыл аралыгында кайтаруу шарты менен медициналык тейлөөнү санариптештирүү программасын колдоого жеңилдетилген насыя алуунун механизмдерин иштеп чыгууну сунуштайбыз; – Саламаттыкты сактоо тармагын модернизациялоо программасынын бир бөлүгү катары сергек жашоону жана оорулардын алдын алуу боюнча өзүнчө программа иштеп чыгуу; – Медицина кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо системасын жакшыртуу. Ал айлык акылардын үзгүлтүксүз индексациялоосун да камтыйт. Билими күчтүү миңди жыгат Билим берүү – жакырчылыкты кыскартуу менен экономикалык өсүшкө түрткү берүүчү эң таасирдүү инструменттердин бири. Мамлекеттин милдети – заманбап талаптарга жооп берген, сапаттуу жана бардыгы үчүн жеткиликтүү билим берүү системасын түзүү. Мектептеги билим берүү боюнча биздин сунуштар: – Жаңы мектептерди куруу, авариялык абалдагы мектептерди сапаттуу оңдоп-түзөө үчүн бизнес менен өнөктөштүк боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу. Өнөктөштүк эки тарапка тең пайдалуу болгудай шартта түзүлүшү керек. Ишкер мектеп курууга же оңдоп-түзөөгө салган каражатынын ордуна салыктык жеңилдиктерди алууга тийиш; – Окуучулары аз жана мугалим жетишпеген айыл жерлерине чакан мектептерди куруу саясатынан окуучуларды жакын жердеги башка чоңураак мектептерге ташуу саясатына өтүү керек. Бул үчүн «Мектеп автобусу» деген улуттук программа иштеп чыгуу зарыл. Мындай программа аймактарда жолдорду куруу жана реабилитациялоо долбоорунун өнүгүүсүнө түрткү берүүчү катализаторго айланат; – Мугалимдердин социалдык абалын өзгөртүү жолдорунун бир чечими катары аларга айлык акы чегерүүдө бирдиктүү тарифтик торчо системасына кайтуу; – Жалпы билим берүүчү негизги предметтер: математика, физика, химия, биология, география, тарых, орус жана кыргыз тили сабактарынын саатын көбөйтүү үчүн мектептик билим берүүнүн мазмунун кайрадан карап чыгуу. 2012-жылы бул сабактардын сааты негизсиз кыскарып калган. Жогорку билим берүү багытында биздин сунуштар: – Өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларды көз карандысыз эл аралык комиссиялар аркылуу аккредитациядан өткөрүү. Анын жыйынтыгы менен билим берүүнүн жогорку талаптарына жооп бербеген окуу жайлар жабылышы керек; – Эмгек рыногу талап кылган ар кайсы кесиптерге кадрларды даярдоо боюнча улуттук программа иштеп чыгуу; – Жеңилдетилген шартта окутуу программасын киргизип, анын натыйжасында жаш адистерди мамлекеттик тапшырма менен аймактарда ишке орноштуруу; – Жогорку окуу жайлар менен бизнестин ортосунда эки тарапка тең пайдалуу шартта кызматташуу боюнча байланыштарды түзүү. Мамлекет профессионалдык-техникалык жана атайын орто билим берүү системасына көңүл бурушу керек. Эмгек рыногунда азыр жумушчу кесиптеги адистерге муктаждык күч. А бизде атайын даярдыктагы техникалык адистер жетишсиз жана гуманитардык багыттагы кадрлар, маселен, юрист, экономист же эл аралык байланыштар боюнча адистер ашыкча даярдалууда. Маданият – жан дүйнө азыгы Маданият менен искусство бюджеттик саясатта приоритеттүү багыттардын катарында турууга тийиш. Аларды эң акырында, калган-каткан акча менен финансылоону токтотуу керек. Маданият жана искусство, алардын деңгээли адам капиталынын сапатына түздөн-түз таасир этет жана экономикалык-социалдык өнүгүү үчүн таасирдүү ресурс болуп саналат. Биздин сунуш: – Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо; – Иштебей жабылып калган маданият үйлөрү менен китепканалардын имараттарын жаңы маданий жайларга айлантуу боюнча программа иштеп чыгуу; – Меценаттыкты коомдогу жаңы салт катары жайылтууну мамлекеттик деңгээлде колго алуу; – Архив, китепкана жана музейдеги материалдардын фото, аудио, видеофонддорунан бирдиктүү электрондук фонд түзүп, бирдиктүү маалымат системасы аркылуу маданий мурастардын абалын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө. Каалоочулардын аларды онлайн форматта көрүүсүн камсыздоо; – Кыргыздын айнаамасын жана Орхон-Енисей жазууларын – Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын байыркы түрк рун жазуулары эстелигин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу. Үйсүз үй-бүлө – үнсүз булбул Бюджеттик кызматкерлер, жакыр катмардагы жарандар жана аймактардагы жашоочулар үчүн үй-жайга ээ болуу оңой эмес маселе бойдон калууда. Мамлекеттик ипотекалык компания бул багыттагы жагдайды жакшыртууга аракеттенип жатканы менен, турак жай менен камсыздоо программасы туруктуу каржылоого муктаж болгондуктан үзгүлтүк менен ишке ашууда. Биздин сунуш: – Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердигин оптимизациялоо; – Өлкө бюджетине оорчулукту азайтуу максатында арзан турак жай сатып алууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган компаниянын программаларын каржылоонун кошумча булактарын табуу жана тартуу; – Бара-бара сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен социалдык турак жайды ижарага алуу программасын иштеп чыгуу; – Аймактарда ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан жергиликтүү ишкерлер менен инвесторлорду өздөрүнүн социалдык программаларынын алкагында жергиликтүү тургундар үчүн үй салып берүүсүнө стимулдаштыруу; – Аймактарда жеке турак жай курулушун өнүктүрүү механизмин карап чыгуу. Мындай механизмдин алкагында мамлекет иш берүүчүнүн каражаты менен турак жай курулушун биргелешип каржылоо үчүн субсидия бере алат. Жумуш берүүчү мындай турак жайды өз кызматкерлерине ижарага берсе болот. Беш жыл иштегенден кийин ижарачы бул турак жайды курулуштун болжолдуу наркынын 15 пайыздан ашпаган баасы менен менчикке өткөрүп алуу укугуна ээ болот. Мындай механизм региондорго жаш адистерди тартуу менен гана чектелбестен, жер-жерлерде ушул тармакка тиешелүү инфраструктураны баскыч-баскыч менен өнүктүрүүгө түрткү берет; – Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында мугалим жана дарыгерлер үчүн эки жыл аралыгында экиден көп кабаттуу үйлөрдү куруу. Күчтүү коом – күчтүү эл Кыргыз Республикасы – коомдук турмушка активдүү аралашкан бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын саны, таасири боюнча Борбор Азиядагы лидер өлкөлөрдүн бири. Демократиялык баалуулуктар биздин маданият менен жуурулушуп, активдүү жарандык позиция менен сөз эркиндиги айкалышкан уникалдуу моделди жаратты. 2020-жылы Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде 82-орунду ээледи. Салыштырып караганда, ушул эле рейтингде Казакстан 157, Өзбекстан 156, Тажикстан 161-орунда турат. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдө сөз эркиндигин чыңдоого жана жарандык коомду өнүктүрүүгө багытталган бардык мыйзамдык демилгелерди колдоо ниетинде. Бүгүнкү күндө ар кайсы өлкөлөрдө, анын ичинде бизде да интернетти түрдүү жолдор менен чектөө чаралары жана мыйзамдар менен тескөө аракеттери болууда. Эл аралык коомчулук бир канча убакыттан бери интернеттин жалпы конституциясын (кодекс) кабыл алуу маселесин талкуулоодо. Мындай конституцияны кабыл алуу, маселен БУУнун алкагында улуттук деңгээлде интернет-эрежелерин киргизүүгө байланышкан көптөгөн проблемаларга бөгөт коюуга, же алдын алууга шарт түзмөк. Жогорку Кеңеште «Маалыматты манипуляциялоо боюнча» мыйзам долбоору кабыл алынышы кыргыз коомчулугунда кеңири талкууланды. Демек, бул маселеге эл да тынчсызданат. «Мекеним Кыргызстан» партиясы мындан ары интернет-конституция (кодекс) маселеси улуттук деңгээлде чечилишин күтүп тура албайт. Биздин сунуш: – Өзүбүздүн кыргыз интернет-конституцияны (кодексин) иштеп чыгуу керек. Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин дароо долбоорду даярдоо боюнча жумуш тобун уюштуруу. Ага жарандык коомдун кадыр-барктуу өкүлдөрү, журналисттер, бийлик өкүлдөрү жана депутаттар милдеттүү түрдө кириши керек. Кыргыз интернет-конституциясынын долбоору кеңири коомдук талкуудан өтүүгө тийиш. Иштин башы – ишкерлик Жакынкы он жылдыкта чакан жана орто бизнес экономикалык өнүгүүнүн локомотивине айланат. Кризис шартында көптөгөн ири компаниялардын кайра өзүнө келип, чыгашаларын жабуу менен киреше табууга өтүүсү бир үй-бүлөнүн масштабындагы кичи ишканаларга салыштырмалуу кыйыныраак. Бизнес менен ишкерликти өнүктүрүүнү стимулдаштыруу боюнча биздин сунуш: – Бизнести каттоодогу жана жүргүзүүдөгү бардык процедураларды кардиналдуу түрдө кыскартуу жана жөнөкөйлөтүү. Анын ичинде уруксат берүү, башкача айтканда, ишкана ачуудан тарта аны электр жана суу менен камсыздоо тутумуна туташтырууга чейинки жол-жоболорду да; – Уставдык капиталды кыскартып, кийин биротоло жоюп салуу; – Лицензиялоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү; – Лицензиялык ишмердик тизмесин кыскартуу; – Кризистик шартта бир жылга көчө соодасына эч кандай документтерсиз уруксат берүү, базарлардагы соодагерлерден патент үчүн төлөм алууну токтотуу. Doing Business-2020 рейтингинде Кыргызстан 80-орунду ээлеп, бир жылда он позицияны жоготту. «Мекеним Кыргызстан» 2025-жылы бул рейтингде алгачкы «жыйырмалыкка» түшүүнү максат кылууда. Санарип каганат Акыркы эки жылда Кыргызстан санариптешүү жана IT-технологияны өнүктүрүү жолунда байкаларлык алдыга жылды. Коронавирус пандемиясы менен карантин шарты ар бир үйгө жана бизнеске санарип технологияларды киргизүү жараянын болушунча тездетти. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын бул процессти мындан да тездетип, Кыргызстанды Борбор Азия менен Европаны, Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган IT-хабга батыраак айлантуу үчүн жаңы идеялары бар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик деңгээлде, анын ичинде электрондук өкмөттө санариптештирүү чөйрөсүндөгү амбициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, бардык мамлекеттик органдардын жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин арасында санариптик технологиялар боюнча маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу. Мамлекеттик сектордо иштегендер жана иштөөнү каалагандар үчүн жаңы стандарттарды иштеп чыгуу керек. Азыркы реалдуулукта колдонуучу катары компьютер кучактап отуруу жетишсиз. – Өлкөнү бүтүндөй интернеттештирүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу. Интернет арзан жана ар бир адамдын колу жеткидей болушу керек; – Санарип трансформация боюнча инновациялык билим берүү программаларын иштеп чыгуу; – IT тармагындагы бизнестин бардык түрлөрү үчүн максималдуу либералдашууну камсыз кылуу. – Жалпы IT-инфраструктурасын пайдаланууну, ачык маалыматтарды жана маалымат алмашууну, электрондук төлөөлөрдү жөнгө салуучу эрежелердин жана жол-жоболордун кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу; – IT чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды карап чыгып, болгон кемчиликтерди жоюу жана зарыл болгон учурда жаңы мыйзамдарды кабыл алуу; – Интернет-маркетингинен тарта QA-инженерлерине чейинки IT тармагындагы кесипкөй адистерди көбөйтүү боюнча мамлекеттик тапшырма коюу. Ар кайсы деңгээлдеги билим берүү мекемелериндеги бул адистиктер мамлекеттик деңгээлде колдоого алынышы керек; – ЕАЭБ линиясы менен Бишкекте санариптешүүнүн глобалдык тенденциялары жана анын негизги чакырыктары боюнча форум өткөрүү. Мындай форум жыл сайын өтүп, бара-бара ал санарип жаатында кыргыз Давосуна айланышы мүмкүн. Жашыл экономика – жаркын келечек Акыркы он жыл ичинде Кыргызстанда стационардык булактардан чыккан заттар 50%га көбөйгөн. Айыл чарбасында гербициддерди колдонуу 85 пайызга чейин өстү. Жайыттар жабыркап баратат. Токой фондусунун аянты 20 пайыздай кыскарган. Азыркыга чейин бир катар айылдардын калкы ичүүчү таза сууга жетпей келет. Адамдардын иш-аракеттеринин натыйжасында мөңгүлөрдүн аянты азайып баратат. Бирок региондогу коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда экологиялык абал жакшыраак. Алардан айырмаланып бизде ири химиялык жана башка зыяндуу ишканалар жок жана электр энергиясынын дээрлик 90 пайызы ГЭСтерден алынат. Ушул негизде биз региондо «жашыл экономиканын» өнүгүү аянтчасына, анын технологияларын өткөрүүчүсүнө айлана алабыз. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү эл алдындагы, кийинки муун алдындагы жоопкерчилигин, Кыргызстан келечекте кандай болорун, андагы экосистемалар кандай сакталарын жана биздин балдарыбыз канчалык таза аба менен дем аларын толук түшүнүп, сезип турабыз. Биздин сунуш: – Транспорттун жогорку сапаттагы бензинге, газга же электр энергиясына өтүшүнө, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майларды сертификациялаган лабораториялардын ишине байланыштуу ЕАЭБ эрежелеринин аткарылышына катуу көзөмөлдү камсыз кылуу; – Транспортуна экологиялык таза күйүүчү майларды пайдаланган бизнес-ишканаларга салык жеңилдиктерин берүү; – Бишкек жана Ош шаарларында коомдук транспорт системасын баскыч-баскычы менен масштабдуу реконструкциялоо программасын иштеп чыгуу; – Көмүр колдонгон жылуулук электр станцияларын жана от казандарын куруудан баш тартуу; – Жеке сектордо жылытууну энергия үнөмдөөчү газ мештерине тезинен которуу; – Суук мезгилде электр энергиясына дифференциалдуу тариф киргизүү; – Күндөн жана шамалдан электр энергиясын алууну өнүктүрүү; – Бардык мамлекеттик мекемелерди энергия үнөмдөөчү чырактарга өткөрүү; – Көчөлөрдү жарыктандырууну энергия үнөмдөгөн чырактарга которуу; – Био жер семирткич өндүрүүнү стимулдаштыруу; – Мал чарбасында зыяндуу дары-дармектерди, анын ичинде антибиотик менен анаболиктерди колдонууга катуу көзөмөл киргизүү; – Экологиялык таза айыл чарба продукциясын өндүрүүнү мамлекеттик деңгээлде колдоо; – «Жашыл» ишкерликти колдоо. Мекен айылдан башталат Кыргызстан – агрардык өлкө. Калктын 60 пайыздан ашууну экономиканын дал ушул тармагында мээнет кылат. Биздин айыл чарбанын, анын ичинде экспорттун потенциалын көтөрүү үчүн багбанчылыкты өнүктүрүүгө кунт коюу зарыл. Көп жылдык бак өсүмдүктөрүнүн түшүмүн сатуу рентабелдүү бизнес жана ушул багытты өркүндөтүү абзел. Маселен, Молдова мурда бизден грек жаңгагын сатып алчу. Кийинчерээк өздөрү 15 миң гектар жерге жаңгак өстүрүп, азыр анын түшүмүн сатуудан эле жылына 100 миллион евродой пайда табат. Кыргызстан үчүн алма, өрүк, гилас, шабдалы жана башка интенсивдүү бак өсүмдүктөрүнө ылайыкташкан айыл чарба бирикмелерин түзүү абзел. Алар мол түшүм бергендиктен көбүрөөк рентабелдүү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам «Кыргызстан бактары» улуттук программасын ишке ашырууну сунуштайт. Жер реформасынын натыйжасында Кыргызстан майдаланган, чакан айыл чарба өндүрүшүнө ээ болду. Бирок биз азыр күч-аракетибизди чарбаларды формалдуу кеңейтүүгө багыттабашыбыз керек. Азыр негизинен кооперация же кызматташтыкты чыңдоого көңүл буруу зарыл. Бизге азыр фермерлер өз продукцияларын сата турган соода-логистикалык борборлор тармагы, ошондой эле айыл чарба техникаларын лизинг же ижарага алуу мүмкүнчүлүгү бар тейлөө станциялары керек. Ар бир аймакта фермерлер үчүн өз бизнесине тиешелүү бардык суроолорго жооп жана сунуш ала турган консультативдик борборлорду түзүү зарыл. Элет өнүксө – эл өнүгөт Соңку жылдары мамлекеттин саясаты аймактарга жүз бурду. Муну биз кош колдоп колдойбуз. Дал ошол күчтүү аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн өзөгү. «Мекеним Кыргызстан» партиясы азыр аймактарга бизнести тартуу, жер-жерлерде өндүрүштү жана ишкерликти өнүктүрүүгө дем берүү үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек деп эсептейт. Бул багытта алдыга жылуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз: – Региондордо энергетикалык, транспорттук, маалыматтык-коммуникациялык жана социалдык-маданий инфраструктураларды түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун аныктоо. Ар бир аймак үчүн сунушталган долбоорлордун каталогун түзүү; – Табигый ресурстарды казуудан түшкөн пайданы мамлекет, жер казынасын пайдалануучулар жана жергиликтүү жамааттар ортосунда адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылуу. Бул аймактардын кирешесинин өсүшүнө оң таасирин тийгизет. – Кен байлыктарды казуудан жана иштетүүдөн тышкары “жашыл” экономиканы өнүктүрүүнүн алкагында курулушка, өндүрүшкө, IT-долбоорлорго кызыкдар инвесторлор үчүн фискалдык жана административдик жеңилдиктерди берүү жолу менен региондордогу инвестициялык климатты жакшыртуу. – Өз шаарларын жана айылдарын өнүктүрүүнүн стратегияларын жана долбоорлорун пландаштырууга жергиликтүү тургундарды тартуу менен стратегиялык сессияларды өткөрүүнүн методологиясын киргизүү. Акырындап аймактардын финансылык көз карандысыздыгын чыңдоо. Экономиканы өнүктүрүү менен региондордо жашаган калктын турмуш шарты жакшырышын камсыз кылуу. – Туризмди активдүү өнүктүрүү. Кыргызстан – жаратылышы кооз өлкө. Ар бир аймак туризмдин кайсы багытын өнүктүрө аларын аныктоого тийиш. А мамлекеттин милдети – ошол багытты колдоону камсыз кылуу. Облустар үчүн өнүгүү долбоорлору Баткен облусунда күрүч, рапс, соя, ошондой эле мөмө-жемиштерди өстүрүүгө багытталган тамак-аш жана кайра иштетүү тармактарын, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү демилгелөө керек. Аты алыска кеткен айтылуу Баткен өрүгү аймактын визиттик карточкаларынын бири жана экспорттун эн белгиси болуп калышы керек. Жалал-Абад облусунда электр энергиясын, электрониканы, көмүр казып алуу жана башка пайдалуу кендерди өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү зарыл. Баарынан мурда пахта өндүрүүгө жана уникалдуу жапайы жаңгак токойлорунун түшүмүн кайра иштетүүгө адистешкен айыл чарба тармагын өнүктүрүү керек. Мындай географиялык жайгашууда рекреациялык инфраструктураны өнүктүрүү да абдан маанилүү. Ысык-Көл облусунда эс алуучу туристтик инфраструктураны интенсивдүү өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле транспорттук жана коммуникациялык инфраструктураны да. Органикалык жашылчалар менен жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү өтө кирешелүү болот. Мындан тышкары Ысык-Көлдө спорттук медицина тармагында кызмат көрсөтүү структурасын иштеп чыгуу керек. Ошондо бизге өздөрүн калыбына келтирүү жана реабилитациялоо үчүн КМШнын бардык өлкөлөрүнөн спортчулар келмек. Нарын облусу өзүнүн географиялык жайгашуусун колдонуп, соода-логистикалык потенциалын өнүктүрсө болот. Нарында ошондой эле жогорку өнүмдүү мал чарбачылыгы үчүн да бардык шарттар бар. Аймак акыркы жылдары этно туризмдин сүйүүчүлөрү үчүн да жагымдуу жайга айланууда. Экологиялык жана медициналык туризмдин багыттары да перспективдүү болушу мүмкүн. Ошондой эле «Нарын» ЭЭАсынын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү керек. Ош облусунун экономикасы үчүн жеңил, кайра иштетүү өнөр жайын, ар тараптуу айыл чарба тармагын, биринчи кезекте бакча өсүмдүктөрүн жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү локомотив болушу мүмкүн. Тоо-кен тармагы да алардын катарында. Экологиялык, этно, ошондой эле “зыярат” туризмин өнүктүрүү да маанилүү, анткени аймакта көптөгөн мазарлар, ыйык жайлар, мечиттер бар. Заманбап байланышты, мунай өнөр жайын, түштүк регионунун чет мамлекеттер менен соода жүргүзүүсүн, ошондой эле эки тараптуу сооданы камсыз кылган инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Суу түтүктөрүнүн жана ирригациялык системанын курулушун улантуу да маанилүү маселе. Талас облусунда кайра иштетүү өнөр жайын түзүү, айыл чарба продукцияларын, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана аларды экспорттоо, байланышты өнүктүрүү маанилүү. Мындан тышкары бул аймакта маданий жана тарыхый туризмди да өнүктүрсө болот. Чүй облусу үчүн логистикалык борборлорду өнүктүрүү, IT-паркка инвестицияларды тартуу, инфраструктура, тоо-кен байлыктарын казуу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана билим берүү мекемелеринин деңгээлин жогорулатуу приоритеттүү багыт болуп саналат. Мекендин кадыры алыстан билинет Активдүү эмгек миграция акыркы он жылдыкта постсоветтик аймакта трендге айланып калды. Бул биринчи кезекте мигрант өз мекенинин социалдык-экономикалык абалына байланыштуу татыктуу айлык төлөгөн жумуш таппай жатканынан келип чыкты. Кыргызстан болсо негизинен Орусия менен Казакстанга жумуш күчүн жиберчү өлкөгө айланып калды. Мамлекет эмгек мигранттарынын агымынын өсүшүн өлкөнүн нормалдуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары карашы керек. «Мекеним Кыргызстан» өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзгөн жаңы стратегия зарыл деп эсептейт. Жаңы стратегия эмгек мигранттарын коргоо жана ар тараптуу колдоонун так механизмдерин аныкташы керек. Аны иштеп чыгуу үчүн мигранттар коомчулугунун жана ушул багытта тажрыйбасы бар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумуш тобун түзүү зарыл. Ошол эле учурда биз башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мигранттар жана мекендештер үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз: – Чет өлкөлөрдө таанылган диаспора лидерлерине ардактуу консул макамын ыйгаруу; – Башка өлкө жарандыгын алган мекендештерибизге Кыргызстанда өз жарандары менен бирдей, тоскоолдуксуз экономикалык ишмердик жүргүзүү укугун берген атайын карта – «Мекен Карт» берүү; – Мекенинде бизнес ачууну каалаган мекендештерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алуу жол-жоболорун жеңилдетип берүү; – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарына эмгек мигранттарынын – мекендештердин укуктарын коргоо маселесин киргизүү. Бир сап менен Тышкы саясат: «Мекеним Кыргызстан» евразиялык жана терең региондук интеграцияга багытталган стратегиялык курсту колдойт. Коррупцияга каршы күрөш: мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагын 2025-жылга чейин толук санариптештирүү. Бажы көзөмөлү менен салык кызматындагы процесстердин ачыктыгы жана автоматташтырылышы. Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган соттук-укуктук системаны реформалоо. Чек ара: мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссия туруктуу негизде иштөөгө тийиш. Ыктыярчылар: ыктыярчылар күнүн негиздеп, алардын аракетин мамлекет ар тараптан колдоого алуусу керек. Инфраструктураны өнүктүрүү: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүнү колдоо. Нарында жергиликтүү элдин макулдугу менен ири логистикалык борбор ачуу, эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте «Манас» аэропортунда жүк ташуучу борборду куруу. Республикадагы аэропортторду калыбына келтирүү боюнча инвестициялык программа. Салык: «Бир өлкө – бир салык» принцибин киргизүү. Башкача айтканда, бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтыруу. Административдик-аймактык реформа: беш жыл аралыгында облустарды жоюп, райондорду ирилештирүү жана үч баскычтуу башкарууга өтүү: республика – аймак – айыл. Соңку сөз «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы – өлкө турмушунун ар кайсы багыттары боюнча реалдуу долбоорлор топтому. Программа популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай. Анда коомдогу актуалдуу маселелер эске алынып, аларды чечүүнүн жолдору келтирилди. Албетте, баарын бир программага камтуу мүмкүн эмес. Биз өзүбүзгө андай максат да койгон жокпуз. Биз партиянын программасы баарыбызга жана ар бирибизге түшүнүктүү, элдик программа болушун каалайбыз. Ошондон улам ал жөнөкөй, жупуну тилде жазылды. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү ушул программада зарылдыгы көрсөтүлгөн көптөгөн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга даяр. Биз Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөнү кезектеги көчө революциясы эмес, интеллектуалдуу революция, инновация жана жаңы идеялардын революциясы менен таң калтырарына ишенебиз. Кыргызстан региондогу ийгиликтүү модернизациянын үлгүсү боло алат жана ошондой болууга тийиш. Чыгыш Азияда азыр төрт «жолборс» бар. Эми Борбор Азия «барстарынын» мезгили келди. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 14:25 12-09-2020

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:12

"Ыйман Нуру" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен бир талапкер чыгарылды

"Ыйман Нуру" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен бир талапкер чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган комиссиянын жыйынында Мухаммед Абдрасулов Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынды. Бул чечим анын арызынын негизинде кабыл алынган. Буга чейин "Ыйман Нуру" партиясынан Кубанычбек Турдукожоев жана Руслан Кожобаев чыгарылган. 11:56 12-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:27

Ат жалында шамал менен жарышкан

Ат жалында шамал менен жарышкан, Акыл эстуу, уят ардуу намысчан, Мекенимдин уулумун деп аттанган, Исаев сиз мененбиз ар качан!

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:29

Мен - кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!

Мен - кыргызмын, сатылбаган, сатпаган! Мен - кыргызмын, баба наркын сактаган! Элиме деген жанымды аябайм, Жүрөгүм согот партия «Кыргызстан».

Подробнее
12 сентября 2020 г. 19:56

Кара-Балта, Александровка, колдоо үчүн чоң ырахмат!

Кара-Балта, Александровка, колдоо үчүн чоң ырахмат! ⠀ "Ата Мекендин" үгүт кербени шайлоочулар менен жолугушууларын улантууда. ⠀ Биздин айылга да келип кеткиле деген ондогон каттар келүүдө. Ошондуктан Кара-Балтага бара жатып жолдон Беловодск жана Александровка айылдарына да кирдик. ⠀ "Ата Мекендин" өкүлдөрүнүн ар биринин өз айылы, шаары бар. Бирок өлкөнү антип бөлүү туура эмес деп ойлойбуз. Биз баарыбыз кыргызстандыкбыз, бир мамлекеттин жарандарыбыз. Ошондуктан добуш берип жатып, депутат өз айылы же округуна эле эмес бүтүндөй өлкөгө жоопкерчилик алаарын унутпайлы! ⠀ Кара-Балта өзгөчө шаар, анткени Кара-Балта аркылуу Казакстан жана Кыргызстан, Ош жана Ысык-Көл, Талас жана Бишкек шаарларын бириктирген маанилүү жолдор өтөт. Ошондуктан шаарды өнүктүрүү, инфраструктурасын жакшыртуу, тургундарына бардык шарттарды түзүп берүү өтө маанилүү. ⠀ Тургундардын сунуштарын жана ой-пикирлерин сөзсүз эске алабыз. Бирге жеңишке жетебиз! ⠀ "Ата Мекен" #6! Добушуңду сатпа, Мекениңди сакта! ⠀ ** ⠀ Кара-Балта, Александровка спасибо за поддержку! ⠀ Караван "Ата Мекен" продолжает свои встречи с избирателями из каждого села, округа, города. ⠀ Как вы знаете, очень многие партии планируют свой маршрут, точно зная куда поедут. Мы тоже все запланировали, каждый день расписан по минутам, например, собираясь в Кара-Балту, мы заезжали в село Александровка и Беловодское. Нам звонят и пишут избиратели, просят встречи, чтобы рассказать о своих чаяних, проблемах и надеждах. ⠀ Каждый кандидат от "Ата Мекен" представляет свой район, село, город или область, но мы считаем, что нельзя делить страну на разные участки. Мы все - кыргызстанцы. Выбирая депутата, важно помнить, что он несет ответственность не только за свой участок, но и за всю страну! ⠀ г. Кара-Балта особенный город для страны, через него лежат все транспортные пути, которые связывают Казахстан и Кыргызстан, Талас и Бишкек, Ош и Иссык-Куль. Очень важно, чтобы город не стоял на месте, а становился самостоятельным и развитым городом с инфраструктурой и людьми, которые любят и хотят жить в своем городе. Все требования и пожелания были выслушаны и взяты на заметку. Вместе мы придем к победе и будем представлять интересы всей страны в Жогорку Кенеше. ⠀ "Ата Мекен"! №6! Не продавай свой голос, не продавай свою страну!

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:29

Турмуштун кыры менен алышкан

Турмуштун кыры менен алышкан, Жанырсын унун, Атын чыксын алыстан. Журогумдун тупкурундо орун ээлеген партия «Кыргызстан»!

Подробнее
12 сентября 2020 г. 18:43

Азыр бизде, жаштарда эң чоң тандоо турат.

Азыр бизде, жаштарда эң чоң тандоо турат. Келечекке туура кадам жасайлы! Ордо-жаштардын партиясы!

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:00

Урматтуу кыргызстандыктар, ⠀

Урматтуу кыргызстандыктар, ⠀ 2020-жыл Кыргызстанга эле эмес, бүтүндөй дүйнөгө олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келди. Экономика, социалдык тармак, күнүмдүк турмуш, ар бир адамдын кийинки тагдыры – баары орчундуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Кирешенин азайышы, ишканалардын банкротко учурап жабылышы, өсүп жаткан мамлекеттик карыз, алынган насыялар кыргызстандыктардын жашоосун өзгөртөт. ⠀ Мындай учурда мамлекеттин, лидерлердин жана аткаминерлердин негизги милдети – жоопкерчиликти моюнга алуу: кыйынчылыктардан качып, элге тескери бурулбаш керек, эффективдүү чечимдерди издеп, билимдүү жана күчтүү кадрларды командага бириктирүү зарыл. ⠀ “Ата Мекен” партиясында да олуттуу өзгөрүүлөр болду. Лидерлерибиз Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева жана Дүйшөнкул Чотонов партиянын башкаруу жоопкерчилигин бизге, жаш лидерлерге өткөрүп берүү чечимин кабыл алышты. ⠀ Бул күндөрү ар бир жаранга кайрылат элек: маанисиз талаш-тартыштарга убакыт коротпойлу, “ким кыйын, ким жаман” деген керексиз талкууларга күчүбүздү кетирбейли. Азыр кризистен чыгуунун амалын издеп, Кыргызстанды гүлдөгөн, өзгөрүүлөргө даяр өлкөгө айлантуу үчүн күчүбүздү бириктирүү мезгили келди. ⠀ *** ⠀ Уважаемые кыргызстанцы, 2020 год ознаменовал собой глобальные изменения не только в Кыргызстане, но и во всем мире. ⠀ Экономика, социальная сфера, ежедневный быт и дальнейшая судьба каждого человека претерпели большие изменения. Падение доходов, закрытие и банкротство предприятий, растущий государственный долг и взятые кредиты навсегда изменят жизнь кыргызстанцев. ⠀ Задача государства, ее лидеров и чиновников брать на себя ответственность за происходящее: не бежать от трудностей и не отворачиваться от народа, а также искать эффективные решения и объединять умных и сильных профессионалов в команду. ⠀ Партию "Ата Мекен" также затронули большие изменения, лидеры в лице Текебаева Омурбека Чиркешовича, Асии Сасыкбаевой, Дуйшөнкула Чотонова на официальном съезде решили возложить ответственность за фракцию "Ата Мекен" в ЖК КР нам, молодым лидерам, которым есть что сказать и сделать не только в ближайшие пять лет, но и в будущем! ⠀ Мы обращаемся к каждому из вас: сейчас не время тратить силы на споры и доказательства кто лучше, а кто нет, сейчас время объединить силы, чтобы сообща найти способы выйти из кризиса и сделать Кыргызстан эффективным, процветающим и готовым к изменениям страной.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:30

«Кыргызстан» деп соккон журогунон!

Чон тоскоолдуктарды женип откон, Жаман созго чокпой баш которгон! Элдин маселесин чечем деп, «Кыргызстан» деп соккон журогунон!

Подробнее
12 сентября 2020 г. 11:58

Кадам менен гана мүдүрүлбөстөн бийиктикке жетсе болот!

Кадам менен гана мүдүрүлбөстөн бийиктикке жетсе болот! ⠀ Биз башкалардай аттанган жокпуз! Биз кадам таштадык!

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:12

Бир Бол

«Жаңы форматтагы лидерлер» аттуу форуму

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:33

Кара-Балта

Следующая встреча кандидатов в депутаты от партии "Замандаш" с избирателями прошла в городе Кара-Балта

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:14

“Биримдик” партиясы нарындыктардын колдоосуна ээ болду

“Биримдик” партиясы нарындыктардын колдоосуна ээ болду Шайлоо ѳнѳктүгүнүн алкагындагы «Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын лидерлери менен талапкерлери катышкан үгүт кербени бүгүн Нарын жергесинде шайлоочулар менен жолугушту. Партиянын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров жолугушууну ачып жатып төмөнкүлөрдү айтты: “Өлкөдө ар кандай сырткы күчтөрдүн кызыкчылыгына иштеген топтор бар. Максаты Кыргызстанда баш аламандык жаратып, көз карандысыздыгыбызга доо кетирүү. Өкүнүчтүүсү, алардын айрымдары учурунда жогорку кызматта иштеп, элдин эсебинен байышкандар. Ошолор азыр туруп алып мамлекетибиздин азыркы абалына сын айтышууда. Алар бийликте турганда, Акылбек Жамангулов, Улан Бакасов, Улукбек Кочкоров, Аида Касымалиевалар мектеп курагындагы балдар элек. Бүгүн мекендин жүгүн кѳтѳрүү милдети бүгүн биздин мойнубузга жүктөлдү. Биз алардын катасын кайталабай, кетирген кемчиликтерин оңдоп жатабыз. Бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды бириктирип, бийликке болгон элдин ишенимин кайтарууга далалат кылып жатабыз. Биз алардын жүзүн ачып, ким экенин аныктап бердик. Мекенди сүйүү ыймандан. Мен Ноокаттыкмын. Бирок, мен Ноокатты кандай сүйсөм, Нарынды, Ысык-Кѳлдү ошондой сүйөм. Мен өлкөмдү бирдей сүйөм. Сен кандай жакшы иштерди жасаба, бирок мекенди сүйбөсөң жасаган жакшы иштериңдин пайдасы жок. Биздин катарыбызды мекенди сүйгөн, сөз эмес иш жүзүндө ак кызмат кылган, патриот, таза, идеяга бай жаштар толуктады. Биздин күчүбүз ушунда. Биздин күчүбүз биримдикте” Андан соң талапкерлердин тизмесин баштап бара жаткан Акылбек Жамангулов сөз алып, Нарын элинде эл баккан инсандар аз эмес экенине, Турдакун Усубалиевдин жолун улаган инсандар азыр да алгылыктуу эмгектенип жатканына токтолду. Мамлекеттик башкарууга өзгөрүүлөрдү алып келип, кызматта иштегендердин сапаттык курамын жакшыртуу партиянын башкы максаттарынын бири экенине токтолду. “Саясатта, экономикада, бизнесте ийгилик жараткан жаштарыбыздын күчү менен Нарын жергесин туризм жана айыл чарбачылыгы боюнча алдыңкы аймакка айландырууну максат кылдык”, – деген Акылбек Жамангулов шайлоочуларды 4-октябрда партиянын курамына, программасына, идеологиясына карап баа берүүгө чакырып, биримдикте, ынтымакта гана бардык кыйынчылыктарды жеңебиз” – деп сөзүн жыйынтыктады. Партиянын дагы талапкери, ЖКнын вице-спикери Аида Касымалиева шайлоочуларга кайрылып, “Урматтуу мекендештер, талапкерлердин үгүт кербени бүгүн Нарын жергесинде. Элге сөз менен эмес, жасаган иши менен көрүнгөн, ак эмгеги менен бутка туруп, кара жанын эмес калкын баккан азаматтар көп. Алар бүгүн биздин катарыбызга кошулду. Саясий чөйрөдө да муундардын алмашуусу башталды. Демек, бийлик эл менен эсептеше баштады. Бирок, ичи тар, жаман тилек менен жашаган айрым көрө албас, бузукулар ошол таза жаштарды да каралоого өтүштү. Шайлоо маалында айтылган ушак сөздөргө ишенбестен, ар бир талапкердин аткарган ишине маани бериңиздер. Мисалы, пандемиияда эл үчүн жан үрөгөн уулуңуздар Улан Бакасовду да каралоо башталды. Кыргызстан пандемияны башынан өткөрүп жатканда ошолор каякта эле? Алар эмнеге ошондо эл алдына келишкен жок? Алар бул суроого жооп бере алышпайт. Себеби, аларда башка кызыкчылык бар. Көмүскөдө отуруп адамды каралоо алсыздардын иши”, – деди. Улукбек Кочкоров Биримдик партиясынын программасында камтылган социалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун түшүндүрүп берди. “Ѳлкѳнүн социалдык чѳйрѳдѳгү эң маанилүү улуттук кызыкчылыгы — калктын жашоосунун жогорку деңгээлин жана сапатын камсыз кылуу. Биз бул жаатта реалдуу, жүзөгө ашырууга мүмкүн болгон программаны иштеп чыктык жана аны силерге сунуштап жатабыз. Биздин максат – ар бир жарандын турмушшартын жакшыртуу жана анын келечегине кам көрүү”. Ошону менен бирге ал социалдык ѳнүктүрүү министри болуп турганда аткарган иштери боюнча маалымат берди. Бүгүн калктын аярлуу катмарын социалдык жактан коргоо саясатында кемчиликтер бардыгын белгилеген У. Кочкоров “Биримдик” партиясынын программасынын ѳзѳгүн ѳлкѳдѳгү жарандардын социалдык теңдигин камсыз кылуу, адилеттүү социалдык саясатты жүзѳгѳ ашыруу түзѳрүн баса белгиледи. “Теӊир – Тоодо карапайым үй-бүлөдө чоӊойдум. Атам жер адиси, апам болсо дарыгер болуп элге ак кызматын кылышты. Менин изги максатым: элге зыянымды тийгизбей, ак эмгегим менен өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошуп, элдин мекенчил, үлгүлүү уулу болуу. Мен бул аруу тилек – максатыма жетүү үчүн кадам таштаганыма көп болду. Буга чейин элибизге аздыр-көптүр жардам берип, коомчулуктагы ар кыл көйгөлөрдү чечкенге аракет кылдым. Бирокбул жасаган иштерим жетишсиз. Мени бул шайлоодо көптөгөн партиялар чакырышты. Бирок мен бир гана “Биримдик” партиясын тандадым! Себеби, бул партиянын программасы, күчтүүлөр топтолгон курамы мени өзүнө тартты. Биздин партиянын программасы реалдуу гана иштерге негизделген. Кудай буйруп, сиздер колдоп, шайлап берсеӊиздер мен дагы Жогорку Кеӊештин депутаты катары өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган мыкты мыйзамдарды жазып, көкөй кестиге айланган көптөгөн көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылам. Бул үчүн билимим да, тажрыйбам да жетиштүү! Биздин коомдогу жаман бир өнөкөттү айтпасам болбос. Тилекке каршы, эл үчүн жасаган ар бир ишиңди саясатка айлантып, кыйкым издегендер да четтен чыгат экен. Менин буга чейин жасаган кайрымдуулук иштеримдин баарысы саясат же, кандайдыр бир упай топтоо үчүн эмес, бир гана Жараткандын жана элимдин ыраазычылыгы үчүн болду. Андыктан биздин жасаган кайрымдуулук иштерибизди шайлоого же башка дагы бир жеке кызыкчылыктарга байлоо – бул жеткен акылсыздык. Биз кайрымдуулук иштерибизди шайлоого чейин эле, жеке эле Нарын элине эмес жалпы Кыргызстандыктарга жасап келгенбиз жана мындан ары да улантабыз. Бул менин Ата-Журтумдун алдындагы атуулдук милдетим! Ар бирибиздин жүрөгүбүздө, аӊ-сезимибизде: “Мамлекет мага эмне кылып койду?” – дебестен, “Мен мамлекетке эмне иш кыла алдым?” – деген таамай айтылган суроо ар дайым жашашы керек. Ал канаттуу сөздү акылыбызга жөн гана уютуп койбостон, адал эмгегибиз менен ишке ашырып, мамлекетибиздин өнүгүшүнө ар бирибиз салым кошолу. Ошондо гана өлкөбүздүн өсүшү бийик, чабыты кенен болот, – деди Улан Бакасов. Жолугушууга Нарын элинин атынан “Биримдик” партиясы менен шайлоого аттанып жаткан Калыкбек Султанов, Абтандил Кулбараков, Ишенбек Медетовдор да катышты. Нарын районунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Алтымыш Мамбетисаев шайлоо алдында карапайым элге келип, “Биримдик” партиясынын программасы, идеологиясы менен кеңири тааныштырып, көзмө-көз пикир алышып жаткандыгы үчүн талапкерлерге ыраазылык билдирип, теңиртоолуктрды “Биримдик” партиясына добуш берүүгө үндөдү. Нарын жаштарынын атынан Нурай Шамшыбекова сөз алып, Нарын жаштарынын тандоосу “Биримдик” партиясы экендигин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында Теңир-Тоо жергесинин ардактуу аксакалы, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Баймоңолов Жеңиш ата ак батасын берип, катышуучулардын коштоосунда “Биримдик” партиясынын гимни жаңырды.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 20:15

Мекеним Кыргызстан

Мекеним Кыргызстан" партиясынын төрагасы Мирлан Бакировдун Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуусу.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 19:59

Момбеков Рыскелди Чыныбекович

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Момбеков Рыскелди Чыныбековичти өз приницптерине бекем турган, парламенттин трибунасындан дайыма орчундуу маселелерди көтөргөн, курч депутат катары тааныйбыз. ⠀ Дипломатиялык жана юридикалык адистиктер боюнча жогорку билимдүү Рыскелди Чыныбековичтин “Ата Мекендин” катарына келип кошулуусу бизди абдан сүйүндүрөт. ⠀ КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясын жетектеп, Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинде жана Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация жана архитектура боюнча Комитетинде да иштеп келген. ⠀ Дипломатиядагы жана мамлекеттик органдардагы иш тажыйырбасы алдыдагы иштерибизде чоң жөлөк болот деп ишенебиз. ⠀ "Ата Мекен", №6! Добушуңду сатпа, Мекениңди сакта! ⠀ *** Все знают Момбекова Рыскелди Чыныбековича — депутата VI созыва ЖК КР, который всегда поднимал острые вопросы в парламента и оставался верным своим принципам. ⠀ Команда "Ата Мекен" горячо приветствует Рыскелди Чыныбековича, который имеет за плечами образование в области юрипруденции и дипломатии. ⠀ На государственной службе он возглавлял отделы по развитию государственного языка при Президенте КР, занимался вопросами Государственного агентства культуры, а также был в составе комиссии Комитета по транспорту, коммуникациям, архитектуре и строительству. ⠀ Мы верим, что дипломатический опыт и опыт управления государственными проектами поможет нашей команде изменить текущее положение страны через трибуну ЖК в лучшую сторону. ⠀ "Ата Мекен", №6! Не продавай свой голос, не продавай свою страну!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники