О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 1:13

«Күйөөгө тийгени жатасыңбы?»: Орокто кармалган депутат үй камагына чыкты

Кечээ, 5-июнда Сокулук районунун Орок айылында болгон баш аламандыктан кийин кармалган жергиликтүү кеңештин депутаты Кылычбек Бокоев үй камагына чыгып, эл чогулган жерге келди. Аны буга чейин өзүн депутаттын чоң апасы деп тааныштырган аял бошотпой жатышканын айткан. Депутатты эл чогулган жерге алып келишкен адамдар апасы менен жолуктурушту. Апасымын деген аял: «Ушунча эл турса, эмнеге үйгө барып жуунасың? Жуунбай ушул эле жерден токтобойт белең. Булар үйүнө жуунганы кетти деп айтты. Эмне, күйөөгө тийгени жатасыңбы?», - деди. Ага жооп берген депутат: «Жок...», - деп басып кетти. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов АКИpress агенттигине билдиргендей, бүгүн, 6-июнь күнү Сокулук райондук соту камакка алынган жергиликтүү кеңештин депутаты К.Бокоевдин баш коргоо чарасын тандады. Сот аны үй камагына чыгарды. К.Бокоев биринчи жолу Орок айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Ал 27 жашта, эки баланын атасы. 2017-жылы 28-майда өткөн шайлоодо Бокоев шайлоочулардын 190 добушун алып, жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган. Окуянын хронологиясы Саат 08:00 — окуя ушул жылдын 5-июнунда Айт намаздан кийин Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айылында болгон. Саат 08:30 — Сокулук РИИБге Орок айылында жаш балдардын арасында мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге дароо РИИБдин кызматкерлери жөнөтүлүп, 3 өспүрүм бала мушташканы аныкталган. Алар кайым айтышып, эки бала 2003-жылы туулган А.Т.нын денесине жаракат келтиришкен. Мушташ учурунда ушул айылда жашаган дагы бир өспүрүм бала жаракат алып, кийинчерээк алар Бишкектеги ооруканага жаткырылган. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Милиция кызматкерлерине маалым болгондой, жабырлануучу А.Т. ушул жылдын 4-июнунда Орок айылында жашаган туугандарынын үйүнө конокко келген. Болжол менен саат 12:00 — Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 23 жаштагы А.К. жана 15 жаштагы А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылып жатат. Саат 15:30 — Жабырлануучунун жакындары чогулушкан, бирок Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин жетекчилиги жергиликтүү органдар менен бирге элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ушул маалда жабырлануучунун жакындарынын бири чагымчыл иш-аракеттерди жүргүзүүгө аракет жасаган. Кийинчерээк алар кайрадан чогулуп, айрымдар чөптү өрттөп, болжол менен 12 үйдүн терезелерин жана унаалардын айнегин талкалашкан. 31 адам РИИБге жеткирилди. Бул факт да Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда милиция кызматкерлери жергиликтүү органдар менен бирге нөөмөттө турат. Учурда абал туруктуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, мушташтын кесепетинен денесине ар кандай жаракат алган өспүрүмдөр шаардагы балдар клиникалык ооруканасында жатат. Бири интенсивдүү терапия бөлмөсүндө, экинчиси нейрохирургияда дарыланууда. Учурда алардын абалы туруктуу. Кармалган 31 адам бошотулду. Булак: turmush.kg

Подробнее
4 сентября 2020 г. 17:25

«Биримдик» стартка чыкты: Эгерде биздин партия жеңишке жетсе, анда бүт өлкө жеңет.

«Биримдик» стартка чыкты: Эгерде биздин партия жеңишке жетсе, анда бүт өлкө жеңет. Кыргызстандагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясы расмий башталды! ⠀ Евразиялык тандоо «Биримдик» – Демократиялык социализм партиясы бүгүн, 4-сентябрда борбордук Жеңиш аянтында партиялаштар жана активисттер менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага партиянын лидерлери, анын жактоочулары, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан партиялаштары жана партиянын жаштар канатынын өкүлдөрү катышты. ⠀ Келечек муундардын жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн бергендерди эске салып, расмий салтанат Түбөлүк оттун жанына гүл коюу менен башталды. Кыргызстандын гимни жаңырды, андан кийин партиянын гимнин ырчы Ильяз Абдразаков аткарды. ⠀ Иш-чараны демократиялык социализм партиясынын лидери – Евразиялык тандоо «Биримдик» Марат Аманкулов ачты. Өз сөзүндө ал партиянын жактоочулары менен жылуу саламдашты жана партиянын идеологиясы менен башкы максаттары тууралуу айтып берди. Салтанаттуу сөздөр менен партиянын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров, кандидаттар Акылбек Жамангулов, Улугбек Кочкоров жана Галина Кетова чыгышты. ⠀ Бул жолугушууда «Биримдик» партиясынын лидерлери, жаштар, ишенимдүү жактоочулары сүйлөшкөн негизги темалар – партиянын баалуулуктары жана максаттары болду. Ошондой эле партиянын программасы да козголду. ⠀ Жолугушуу учурунда партиянын негизги приоритеттери аныкталды. Негизги маанилүү жагдай демократиялык баалуулуктар болуп саналган, өлкөдөгү терең өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу – бул өтө маанилүү багыт. ⠀ Мындан тышкары, евразиялык вектор – партиянын концепциясынын маанилүү бөлүгү. Жолугушууда Марат Аманкулов айткандай, «ички дүйнөбүздүн ичинде евразиялыктын руху терең отургандыгын, биз баарыбыз байкабай, сезбей койбойбуз. 1945-жылдагы Жеңиш – мына евразиялыктын квинтэссенциясы. Биздин чоң аталар этносторго, конфессияларга бөлүнүшкөн эмес, алар бизге келечек берүү үчүн биригишкен. Биз Кыргызстанга жаңы импульс берүү үчүн шайлоого, өлкөнүн парламентине барабыз. Биздин келечегибиздин образы – евразиялык тандоо. Жолу – демократиялык социализм». ⠀ Жолугушуу салтанаттуу, майрам атмосферасында өттү. Сүйлөп чыккандарды чын жүрөктөн кол чабуулар менен тосуп алып жана узатып жатышты. ⠀ Шайлоочуларды үгүттөө бир ай уланат жана добуш берүү күнүнө чейин бир сутка калганда аяктайт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:13

Көк бөрү федерациясынын жаңы жетекчиси болуп Искендер Кадыркулов дайындалды

Көк бөрү федерациясынын жаңы жетекчиси болуп Искендер Кадыркулов дайындалды. Көк бөрү федерациясынын президентин шайлоо ачык түрд ө өттү. Жаңы жетекчи болуп Искендер Кадыркулов бир добуштан жетекчи болуп дайындалды. Ал эми Жыргалбек Саматов жаңы жетекчиликтин дайындалышы мыйзамсыз болгондугун билдирип, жыйындан чыгып кетти.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:13

Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоого катышат

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылкы шайлоодо КСДПнын тизмесинин көч башында болот. Бул тууралуу маалымат жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, тизме бай эмес, карапайым калктан түзүлөт. Маалымат жыйынында “КСДП Атамбаевсыз” кыймылы жөнүндө да кеп козголду. Ал кыймыл мыйзамсыз экенин билдиришти. Бул кыймылдын артында Асылбек Жээнбеков турарын белгилешти. Ошондой эле кыймылды Иса Өмүркулов колдорун кошумчалашты.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:13

Футбол федерациясынын президенттигине Аскар Салымбеков талапкерлигин койду

Футбол федерациясынын президенттигине алты адам ат салышып жатат. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти. Футбол федерациясынын президенттигин шайлоо 9-февралда өтөт. Белгилей кетсек, федерацияны жетектеш үчүн “Дордой” футбол клубунун президенти Аскар Салымбеков, федерациянын башкы катчысы Медер Сыдыков, футбол федерациясынын вице-президенттери Дастан Конокбаев, Канат Маматов, “Алга" командасынын ардагери Алмаз Чокморов, эл аралык калыс Бахадыр Кочкаров бар. Буга чейин федерацияны Семетей Султанов жетектеп келген.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:13

Депутат облус жана район башчыларын таркатууну сунуштады

Кыргызстандагы облус жана район деңгээлиндеги акимчиликтерди жоюу керек Бу тууралуу бүгүн ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин жыйынында билдирди. Айтымында, башкармалар лента кесип, жогорку кызматтагы аткаминерлерди тосуп алып, кайра узатып, шайлоолордо бийликтин саясатын жүргүзөт. Кыргызстанда ар бир облуста өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана 44 район акими бар. Алтынбек Сулайманов аларда маселелерди өз алдынча чечүү рычагы жок экенин айтып, “андан көрө жоюп, айыл өкмөттөрүн күчтөндүрүш керек” деген сунушун айтты.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:13

Прокуратура депутат Бахадыр Сулеймановдун кош жарандыгын текшерүүдө

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун жарандыгы тууралуу маалыматты текшере баштады. Бул тууралуу « Азаттык » радиосуна мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Наргиза Куватова билдирди: — Материалдар бизге 25-сентябрда келип түшкөн. Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы териштирип жатат. 26-сентябрда парламентте акыйкатчыны шайлоо жүрүп жатканда Сулейманов «мени чет өлкөнүн жараны деген жалган маалымат таратып жатасыз” деп бул кызматка талапкер болуп жаткан Токон Мамытовду айыптаган. Мамытов өз кезегинде «Сиз чет өлкөнүн жараны экендигиңиз тууралуу материалдар менде бар» деп айткан. Сулейманов 55 жашта. Ал парламентке “Ата Мекен” партиясы аркылуу шайланып келген. Казакстандын Жамбул облусунда туулган. 2013-жылдан тартып “Кыргызстан дунгандар ассоциациясы” коомдук бирикмесинин төрагасы

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:13

Караколдун мэри 12-октябрда шайланат

Каракол шаарынын жаңы мэрин шайлоо 12-октябрда болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими чыгып, расмий сайтка жарыяланды. Шайлоону уюштуруп, өткөрүү Каракол жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды. Азырынча калаа башчылыгына кимдер ат салышары белгисиз. Шаардык кеңештин депутаттары бул маселе эми караларын билдиришти. Каракол шаарынын мурдагы мэри Данияр Арпачиев өзү жазган арызынын негизинде 19-сентябрда кызматтан бошотулган. 31-июлда шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүк добуш менен калаа башчыга ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алган. Эл өкүлдөрү мындай кадамды мэрдин шаарды өнүктүрүү боюнча иши канааттандырарлык болбогону менен түшүндүрүшкөн

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:13

БШКнын жаңы шайланган 29 жаштагы төрагасы кызматтык маянасынан баш тартты

Бишкек шаардык кеңеши бүгүн төрага шайлады. Добуш берүүгө катышкан 41 депутаттын 40ы шайлоого көрсөтүлгөн жалгыз талапкер - КСДП фракциясынын 29 жаштагы өкүлү Жаныбек Абировго макул болушту. Жаны шайланган Абиров БШКнын төрагасы катары айлык акы албай турганын белгиледи. Анын айтымында БШКнын депутаты болуп турган мезгилде ал бекер эле иштечү, бул жолу дагы ал коомдук башталыштын негизинде иштеп берээрин айтып, ал эми маянасын кайрымдуулукка жумшайт экендигин белгиледи. Абиров Кыргыз-Орус (Славян) университетин жана Башкаруу академиясын юриспруденция жана менеджмент багыттары боюнча аяктаган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү. Ага ​КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” кирди. Ал эми “Кыргызстан” азчылыкта калды. 19-сентябрда КСДП, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары көпчүлүк коалициянын курамынан чыгуу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин ал тараган. Жакында борбор калаада мэр алмашып, кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына кеткен. Абиров Кыргыз-Орус (Славян) университетин жана Башкаруу академиясын юриспруденция жана менеджмент багыттары боюнча аяктаган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:14

Президен Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушту

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда өлкөнүн Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушту. Жолугушуу Кыргызстандын парламентинин кезектеги сессиясынын башталышына байланыштуу болуп өттү. Мыйзам чыгарууну жакшыртуу, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүнүн маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин кароосунда биринчи кезекте карай турчу мыйзамдардын пакети бар экенин белгиледи. Алардын ичинде республикалык бюджеттин кийинки жылга карата долбоору. Ошондой эле 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык маселелери боюнча Өкмөттү мыйзам жагынан колдоо зарыл экендиги белгиленди. Мындан тышкары Президент алдыдагы парламенттик шайлоодо эрежелердин туруктуулугун камсыздоонун маанисин белгиледи. «Бардык өзгөртүүлөр шайлоо дайындалган мөөнөткө бир жыл калгандан кеч эмес такталып киргизилиши керек жана кийин „оюндун шарттары“ өзгөрбөшү керек», — деп эске салды Мамлекет башчысы жана парламентти шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү карап чыгып, өз учурунда кабыл алууга чакырды. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин өнүгүүсү жана кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртуу үчүн бийликтин бардык бутактары биргелешип иштеши зарыл экендигин белгиледи. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин профилдик комитеттери жана депутаттык комиссиялары өз ишин баштады деп белгиледи. Бул жумада парламенттин отурумдары башталат. «Кыргызстандын парламенти Жогорку Кеңештин алдыдагы сессиясына толугу менен даяр», - деп белгиледи Дастанбек Жумабеков.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:14

Депутат Гүлшат Асылбаева Кыргызстандагы казак диаспорасынын төрайымы болуп шайланды

19-августта Бишкек шаарында Кыргызстандагы казактардын Ассоциациясынын кезексиз съезди өттү. Жыйында Ассоциациянын жаңы жетекчисин шайлоо, ошондой бирикменин уставы жана башка уюштуруу маселелери каралды. Съездин чечими менен казак диаспорасынын төрайымы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлшат Асылбаева шайланды. Өз сөзүндө диаспоранын жаңы төрайымы көрсөткөн ишеними үчүн бардык съезддин катышуучуларына ыраазычылык билдирип,Кыргызстандагы элдердин биримдигин бекемдөөгө байланышкан бийлик бутактарындагы өз ара алаканы чыңдоодо жана өлкөдөгү коомдук-саясий турмушта аталган Ассоциациянын маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле,Гүлшат Асылбаева жыйын катышуучуларын ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, өлкөбүздүн ынтымакта, бакубатчылыкта өнүгүшүн тиледи. Андан тышкары,Ассоциациянын ишин жакшыртууга багытталган пландары менен да бөлүштү.

Подробнее
5 сентября 2020 г. 13:36

"Бир Бол" саясий партиясынын "Тазалан" экологиялык акциясы Ош шаарында да өттү.

"Бир Бол" саясий партиясынын "Тазалан" экологиялык акциясы Ош шаарында да өттү. "Биз айлана-чөйрөнү эле эмес, саясатты да тазалайбыз."

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:16

Выборы в Жогорку Кенеш назначены на 4 октября 2020 года

Президент Сооронбай Жээнбеков подписал указ о назначении выборов депутатов Жогорку Кенеша. Об этом сообщили в отделе информационной политики аппарата главы государства. По его данным, президент назначил выборы Жогорку Кенеша нового созыва на воскресенье, 4 октября 2020 года. Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов поручено организовать проведение выборов в соответствии с законодательством Кыргызстана. Правительству поручено: — выделить необходимые финансы для проведения выборов согласно смете расходов, утвержденной ЦИК; — в период подготовки и проведения выборов принять необходимые меры по обеспечению законности, прав и свобод граждан, санитарно-эпидемиологической безопасности и защите здоровья граждан, правопорядка и общественной безопасности, в том числе охране помещений избирательных комиссий и помещений для голосования, их пожарной безопасности, сопровождению и охране транспортных средств, перевозящих избирательные документы; — оказать содействие ЦИК в обеспечении кибербезопасности информационных электронных систем, применяемых в выборном процессе, обмена данными посредством системы электронного межведомственного взаимодействия, а также в обеспечении бесперебойными и безопасными каналами связи для проведения установленных законодательством процессов передачи данных, формировании списка избирателей и его актуализации на основе Единого государственного реестра населения. Генеральная прокуратура при подготовке и проведении выборов должна обеспечить соблюдение Конституции и законов Кыргызстана. Главы местных государственных администраций, мэры городов Бишкека и Оша, руководители исполнительных органов местного самоуправления должны оказать содействие в работе соответствующих органов и избирательных комиссий по формированию, уточнению списка избирателей, решению организационно-технических вопросов при подготовке и проведении выборов. Указ вступает в силу со дня официального опубликования.

Подробнее
5 сентября 2020 г. 18:30

Жаштыкты жана тажрыйбаны айкалыштыра турган мезгил келди.

Жаштыкты жана тажрыйбаны айкалыштыра турган мезгил келди. Биз даярбыз! Сенчи?

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:17

Выборы в Жогорку Кенеш назначены на 4 октября 2020 года

Президент Сооронбай Жээнбеков подписал указ о назначении выборов депутатов Жогорку Кенеша. Об этом сообщили в отделе информационной политики аппарата главы государства. По его данным, президент назначил выборы Жогорку Кенеша нового созыва на воскресенье, 4 октября 2020 года. Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов поручено организовать проведение выборов в соответствии с законодательством Кыргызстана. Правительству поручено: — выделить необходимые финансы для проведения выборов согласно смете расходов, утвержденной ЦИК; — в период подготовки и проведения выборов принять необходимые меры по обеспечению законности, прав и свобод граждан, санитарно-эпидемиологической безопасности и защите здоровья граждан, правопорядка и общественной безопасности, в том числе охране помещений избирательных комиссий и помещений для голосования, их пожарной безопасности, сопровождению и охране транспортных средств, перевозящих избирательные документы; — оказать содействие ЦИК в обеспечении кибербезопасности информационных электронных систем, применяемых в выборном процессе, обмена данными посредством системы электронного межведомственного взаимодействия, а также в обеспечении бесперебойными и безопасными каналами связи для проведения установленных законодательством процессов передачи данных, формировании списка избирателей и его актуализации на основе Единого государственного реестра населения. Генеральная прокуратура при подготовке и проведении выборов должна обеспечить соблюдение Конституции и законов Кыргызстана. Главы местных государственных администраций, мэры городов Бишкека и Оша, руководители исполнительных органов местного самоуправления должны оказать содействие в работе соответствующих органов и избирательных комиссий по формированию, уточнению списка избирателей, решению организационно-технических вопросов при подготовке и проведении выборов. Указ вступает в силу со дня официального опубликования.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники