О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
13 сентября 2020 г. 1:02

Сооронбай Жээнбеков: Шайлоо катуу саясий атаандаштыкта өтөт

«Өлкөдөгү саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруу жоопкерчилиги, биринчи кезекте, партиялардын өзүндө», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде алдыдагы парламенттик шайлоо жөнүндө суроого жооп берип жатып. Мамлекет башчысы алдыдагы парламенттик шайлоо катуу саясий атаандаштыкта өтөрүн белгиледи. «Аны баарыбыз көрүп жатабыз. Атаандаштыкка туруштук бере ала турган партиялар бар, бере албай турган партиялар бар. Ушу партиялардын ичинде партиянын идеясын, программасын элге жеткизгенге аракет кылган адамдардын арасында да айырмалар бар. Бул эми бийлик үчүн болгон күрөш да. Бийликке келүү күрөшү», — деди Сооронбай Жээнбеков. Буга байланыштуу, Президент коомчулук шайлоо процессине сөзсүз көңүл бурарын, күрөш абдан катуу атаандаштык менен өтөрүн белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле саясий партиялар саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруучу эң негизги күч экенин баса белгиледи

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:03

Зайнидин Курманов: “Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасы мени таң калтырды”

Тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Зайнидин Курманов социалдык тармактагы баракчасына партиялардын программалары боюнча көз карашын жарыялады. Профессор башка партиялардын арасынан “Мекеним Кыргызстанды” өзгөчө белгилеп, парламенттик жарыштын фаворити катары сыпаттады. --“Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасы мени таң калтырды. Аталган партияны социалдык тармактарда тепкилебеген адам калган жок. Эринбей окуп чыгыңыздар. Бул социалдык-либералдык идеологияны камтыган максаты анык программа. Партиянын планы алдыдагы 5 жылдыкты гана эмес, андан аркы мезгилди да камтыган. “Мекеним Кыргызстан” партиясы өзүнүн убадаларын гана эмес, жаңы саясий багытты элге сунуштады. Эң башкысы чар жайыт, бири-бирине байланышы жок башкалардан уурдалган идеяларды алып чыккан жок. “Мекеним Кыргызстан” партиясы КМШ мамлекеттер арасында миңдеп саналган катардагы саны бар сапаты жок партия эмес, заманбап идеологиясы бар, жарандарга камкордук көргөн, алардын укугу, эркиндиги маанилүү болгон партия боло алды. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасында көз караштардын системасы орун алган, “жапайы капитализмдин” ордуна “социалдык капитализмди” курууга умтулган идеологиялык партия. Мындай идеология эркиндиги чектелип башкаруунун олигархтык формасы орун алып жаткан Кыргызстанда азыр абдан актуалдуу. Ушундан улам сөз эркиндигин чектөөгө аракет кылган мыйзам долбоорлору жазылып жатат. Мындай системада жарандар мамлекеттин жардамынан үмүт кылбай өз алдынча күн көрүүгө мажбур болот. Буга короновирус пандемиясындагы абал далил. Партиянын программасындагы адам укуктары, жарандык коомдун, бизнестин өнүгүүсү, калкты социалдык колдоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, башкаруу, аймактардын өнүгүүсү, экономикалык саясат жана башка адамзаттын маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жолдору дал ушул социалдык либерализм идеологиясынан келип чыккан. ЕАЭСтин алкагында Евразиялык интеграция маселесине чоң маани берилген. Анткени бизде башка цивилизациялык альтернатива жок. Европа биримдиги да НАФТА да бизди күтпөйт. Албетте Кытай, Иран, Афганистан, Пакистан же Индия менен интеграциялашуу маселесин карап көрсө болот. Бирок кантип? Программа жөнөкөй тилде жазылып, “Кыргызстан аймактагы ийгиликтүү модернизацияланган мамлекет катары башкаларга үлгү боло алат” деген чакырык менен аяктаган. Бул партиянын талапкерлери Жогорку Кеңешке келип калса программасын ишке ашырууга киришүүсүн абдан каалайт элем. Ушундай жагдайда Кыргызстан таптакыр башкача, өнүккөн мамлекетке айлана алат. Зайнидин Курманов, тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.м

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:03

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасы

Биз, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштарбыз. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди. Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризис байкалууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүгө даярбыз жана каалайбыз. Себеби «Мекеним Кыргызстан» – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. Кыргызстандын элин кандай негизги проблемалар түйшөлтүп жатканына биз дайыма абай салып турабыз. «Мекеним Кыргызстандын» командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар. Биздин максат: Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу; Ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу. Биздин приоритеттер: Жеке эркиндик; Экономикалык эркиндик; Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу; Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик; Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк. Биздин принциптер: Улуттук кызыкчылыктарга приоритет; Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык; Либералдык-плюралисттик башкаруу; Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик; Рационализм жана прагматизм; Бардар эл жана бакубат өлкө. Элибиз – эң башкы байлыгыбыз! Мамлекет эл үчүн – бул коомчулуктун суроо-талабына ыкчам жооп берген заманбап мамлекет. Өз жарандарына сапаттуу жана өз учурунда кызмат көрсөткөн мамлекет. Күчтүү жана эффективдүү, ошол эле учурда болушунча ийкем, максатка ылайыктуу жана жөндүү принциптерди активдүү колдонгон мамлекет. «Мекеним Кыргызстан» партиясы мамлекеттик башкарууга эффективдүү механизмди киргизүүгө ынтызар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу; – Оптимизация жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү; – Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктирүү. Ушул эле жол аркылуу министрлер менен башкармалыктардын жетекчилеринин функцияларын айкалыштыруу; – Мамлекеттик кызмат системасына кадр тандоодо компетенттүүлүк стандарттарына жана коомчулук ишенимине дал келген жаңы механизмдерди киргизүү; – Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу. Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү, же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу (ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү), өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам парламентте депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат – мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди. Депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынгандыктан «Мекеним Кыргызстан» шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүү демилгесин козгоп, кол топтоого киришет. Биринчи байлык – ден соолук Советтер Союзу урап, Кыргызстан эгемендик алгандан көп өтпөй бир катар эл аралык донор уюмдардын катышуусу менен өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо башталган. Бирок андан бери 30 жылдай өтсө да ал реформалардан жакшы майнап чыкканы байкалган жок. Өзгөчө коронавируска байланышкан соңку жагдай бул тармактагы абал кандай экенин ачык-айкын көрсөтүп койду. Демек, тармак жаңыча мамилеге, жаңы реформаларга муктаж. Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасындагы негизги проблемалар: – мамлекеттик медицина системасында айлык акынын аздыгы; – эскирген инфраструктура; – тейлөө сапатынын начардыгы; – атаандаштыктын төмөндүгү; – башкаруунун жана жөнгө салуунун алсыздыгы; – расмий эмес төлөмдөрдүн көптүгү. Бул тармактагы улуттук жана башка программалардын көпчүлүгү негизинен эл аралык уюмдардын финансылык колдоосу менен ишке ашкан, же ишке ашууда. Анда эч кандай мамлекеттик каржылык салым жок. Азыр бул тармак финансылоодо чоң кыйынчылыктарды баштан кечирип жатканын ачык моюнга алуубуз керек. Натыйжада мыйзамда жазылган баарына бекер жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтөбүз деген сөздөр кагазда гана калууда. Демек, бөлүп-бөлүп реформалоо бул тармакты оңдой албасын моюнга алуу зарыл. Баскыч-баскыч менен реформалоо парадигмасы өзүн актаган жок. «Мекеним Кыргызстан» саламаттыкты сактоо тармагын кардиналдуу өзгөртүү концепциясын иштеп чыкты. Анын өзөгү бул системага тезинен рыноктук механизмдерди киргизүүдө жатат. Эгер биз өлкөнүн бардык аймактарында заманбап ооруканалар болушун жана баарыбыздын колубуз жеткидей реалдуу, ыкчам медициналык тейлөөнү кааласак, анда ушундай кескин чараларга барышыбыз зарыл. Грузиянын тажрыйбасы реформа башталгандан тарта эки жыл ичинде эле бүт өлкө боюнча көп профилдүү заманбап ондогон оорукана салып койсо болорун көрсөттү. Алар буга саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик функционалдын бир тобун жеке секторго которуу менен жетишти. Ар кандай изилдөөлөр Кыргызстандын жакыр катмардагы жарандары ооруканага түшүп калса жылдык кирешесинин 70 пайыздан ашыгын короторун аныктаган. Көптөр дары-дармек жана дарылануу акысын жабуу үчүн болгон мүлкүн сатууга же ири карыз алууга аргасыз. Мунун айынан салттуу эмес, далилсиз медицинага, тактап айтканда, эмчи-домчуларга кайрылгандардын катары калыңдап баратат. Биздин сунуш: – Ооруканалар тармагын өнүктүрүү, рыноктук принциптер менен ооруканалардын инфраструктурасын толугу менен кайра куруу боюнча мамлекеттик программа кабыл алуу. Ал үчүн кызматташтык принциби менен инвесторлорду тартуу керек: жер, имарат, адамдык ресурстар – мамлекет тарабынан, имаратты модернизациялоо, дарылоо технологиясы – инвестордон; – Медициналык камсыздоо системасын өзгөртүүнү – жеке, анын ичинде чет элдик камсыздоо компанияларынын кызмат көрсөтүүсүн мамлекеттик медициналык камсыздоо менен бирдей шартка ылайыктап, жөнгө салуу. Ар бир адам камсыздоонун кайсы түрү ыңгайлуу экенин өзү тандашы керек; – Жакыр катмардагы жарандар жана пенсионерлер үчүн кайсы жакта катталганына карабай өлкө ичиндеги өзү каалаган дарылоо мекемесинде (менчигинин түрүнө карабай) колдонууга мүмкүн болгон медициналык сертификатты же ваучер системасын киргизүү. Бул бейтапка өз алдынча оорукана тандаганга эле жардам бербей, медициналык мекемелер арасында атаандаштыкты да күчөтөт. Бул үчүн менчик клиникаларды кардарларынын 5 пайызын бекер дарылоого милдеттендирүү зарыл; – Бүт өлкө боюнча социалдык дарыканалар түйүнүн ачуу. Бул түйүн үчүн эң зарыл дары-дармектерди өз баасында сатуу жолдорун иштеп чыгууну жана ал үчүн салыктык жеңилдиктерди, укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөргө иммунитет берүүнү сунуштайбыз; – Онлайн медициналык кызмат көрсөтүү өнүгүүсүн стимулдаштыруу. Бардык врачтар компьютер жана үзгүлтүксүз байланыш каражаттары менен камсыздалбаган шартта, албетте, бул идея утопиядай сезилет. Андыктан биз президенттин мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү программасынын алкагында эл аралык банктардан беш жыл аралыгында кайтаруу шарты менен медициналык тейлөөнү санариптештирүү программасын колдоого жеңилдетилген насыя алуунун механизмдерин иштеп чыгууну сунуштайбыз; – Саламаттыкты сактоо тармагын модернизациялоо программасынын бир бөлүгү катары сергек жашоону жана оорулардын алдын алуу боюнча өзүнчө программа иштеп чыгуу; – Медицина кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо системасын жакшыртуу. Ал айлык акылардын үзгүлтүксүз индексациялоосун да камтыйт. Билими күчтүү миңди жыгат Билим берүү – жакырчылыкты кыскартуу менен экономикалык өсүшкө түрткү берүүчү эң таасирдүү инструменттердин бири. Мамлекеттин милдети – заманбап талаптарга жооп берген, сапаттуу жана бардыгы үчүн жеткиликтүү билим берүү системасын түзүү. Мектептеги билим берүү боюнча биздин сунуштар: – Жаңы мектептерди куруу, авариялык абалдагы мектептерди сапаттуу оңдоп-түзөө үчүн бизнес менен өнөктөштүк боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу. Өнөктөштүк эки тарапка тең пайдалуу болгудай шартта түзүлүшү керек. Ишкер мектеп курууга, же оңдоп-түзөөгө салган каражатынын ордуна салыктык жеңилдиктерди алууга тийиш; – Окуучулары аз жана мугалим жетишпеген айыл жерлерине чакан мектептерди куруу саясатынан окуучуларды жакын жердеги башка чоңураак мектептерге ташуу саясатына өтүү керек. Бул үчүн «Мектеп автобусу» деген улуттук программа иштеп чыгуу зарыл. Мындай программа аймактарда жолдорду куруу жана реабилитациялоо долбоорунун өнүгүүсүнө түрткү берүүчү катализаторго айланат; – Мугалимдердин социалдык абалын өзгөртүү жолдорунун бир чечими катары аларга айлык акы чегерүүдө бирдиктүү тарифтик торчо системасына кайтуу; – Жалпы билим берүүчү негизги предметтер: математика, физика, химия, биология, география, тарых, орус жана кыргыз тили сабактарынын саатын көбөйтүү үчүн мектептик билим берүүнүн мазмунун кайрадан карап чыгуу. 2012-жылы бул сабактардын сааты негизсиз кыскарып калган. Жогорку билим берүү багытында биздин сунуштар: – Өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларды көз карандысыз эл аралык комиссиялар аркылуу аккредитациядан өткөрүү. Анын жыйынтыгы менен билим берүүнүн жогорку талаптарына жооп бербеген окуу жайлар жабылышы керек; – Эмгек рыногу талап кылган ар кайсы кесиптерге кадрларды даярдоо боюнча улуттук программа иштеп чыгуу; – Жеңилдетилген шартта окутуу программасын киргизип, анын натыйжасында жаш адистерди мамлекеттик тапшырма менен аймактарда ишке орноштуруу; – Жогорку окуу жайлар менен бизнестин ортосунда эки тарапка тең пайдалуу шартта кызматташуу боюнча байланыштарды түзүү. Мамлекет профессионалдык-техникалык жана атайын орто билим берүү системасына көңүл бурушу керек. Эмгек рыногунда азыр жумушчу кесиптеги адистерге муктаждык күч. А бизде атайын даярдыктагы техникалык адистер жетишсиз жана гуманитардык багыттагы кадрлар, маселен, юрист, экономист, же эл аралык байланыштар боюнча адистер ашыкча даярдалууда. Маданият – жан дүйнө азыгы Маданият менен искусство бюджеттик саясатта приоритеттүү багыттардын катарында турууга тийиш. Аларды эң акырында, калган-каткан акча менен финансылоону токтотуу керек. Маданият жана искусство, алардын деңгээли адам капиталынын сапатына түздөн-түз таасир этет жана экономикалык-социалдык өнүгүү үчүн таасирдүү ресурс болуп саналат. Биздин сунуш: – Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо; – Иштебей жабылып калган маданият үйлөрү менен китепканалардын имараттарын жаңы маданий жайларга айлантуу боюнча программа иштеп чыгуу; – Меценаттыкты коомдогу жаңы салт катары жайылтууну мамлекеттик деңгээлде колго алуу; – Архив, китепкана жана музейдеги материалдардын фото, аудио, видеофонддорунан бирдиктүү электрондук фонд түзүп, бирдиктүү маалымат системасы аркылуу маданий мурастардын абалын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө. Каалоочулардын аларды онлайн форматта көрүүсүн камсыздоо; – Кыргыздын айнаамасын жана Орхон-Енисей жазууларын – Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын байыркы түрк рун жазуулары эстелигин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу. Үйсүз үй-бүлө – үнсүз булбул Бюджеттик кызматкерлер, жакыр катмардагы жарандар жана аймактардагы жашоочулар үчүн үй-жайга ээ болуу оңой эмес маселе бойдон калууда. Мамлекеттик ипотекалык компания бул багыттагы жагдайды жакшыртууга аракеттенип жатканы менен, турак жай менен камсыздоо программасы туруктуу каржылоого муктаж болгондуктан үзгүлтүк менен ишке ашууда. Биздин сунуш: – Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердигин оптимизациялоо; – Өлкө бюджетине оорчулукту азайтуу максатында арзан турак жай сатып алууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган компаниянын программаларын каржылоонун кошумча булактарын табуу жана тартуу; – Бара-бара сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен социалдык турак жайды ижарага алуу программасын иштеп чыгуу; – Аймактарда ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан жергиликтүү ишкерлер менен инвесторлорду өздөрүнүн социалдык программаларынын алкагында жергиликтүү тургундар үчүн үй салып берүүсүнө стимулдаштыруу; – Аймактарда жеке турак жай курулушун өнүктүрүү механизмин карап чыгуу. Мындай механизмдин алкагында мамлекет иш берүүчүнүн каражаты менен турак жай курулушун биргелешип каржылоо үчүн субсидия бере алат. Жумуш берүүчү мындай турак жайды өз кызматкерлерине ижарага берсе болот. Беш жыл иштегенден кийин ижарачы бул турак жайды курулуштун болжолдуу наркынын 15 пайыздан ашпаган баасы менен менчикке өткөрүп алуу укугуна ээ болот. Мындай механизм региондорго жаш адистерди тартуу менен гана чектелбестен, жер-жерлерде ушул тармакка тиешелүү инфраструктураны баскыч-баскыч менен өнүктүрүүгө түрткү берет; – Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында мугалим жана дарыгерлер үчүн эки жыл аралыгында экиден көп кабаттуу үйлөрдү куруу. Күчтүү коом – күчтүү эл Кыргыз Республикасы – коомдук турмушка активдүү аралашкан бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын саны, таасири боюнча Борбор Азиядагы лидер өлкөлөрдүн бири. Демократиялык баалуулуктар биздин маданият менен жуурулушуп, активдүү жарандык позиция менен сөз эркиндиги айкалышкан уникалдуу моделди жаратты. 2020-жылы Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде 82-орунду ээледи. Салыштырып караганда, ушул эле рейтингде Казакстан 157, Өзбекстан 156, Тажикстан 161-орунда турат. «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдө сөз эркиндигин чыңдоого жана жарандык коомду өнүктүрүүгө багытталган бардык мыйзамдык демилгелерди колдоо ниетинде. Бүгүнкү күндө ар кайсы өлкөлөрдө, анын ичинде бизде да интернетти түрдүү жолдор менен чектөө чаралары жана мыйзамдар менен тескөө аракеттери болууда. Эл аралык коомчулук бир канча убакыттан бери интернеттин жалпы конституциясын (кодекс) кабыл алуу маселесин талкуулоодо. Мындай конституцияны кабыл алуу, маселен БУУнун алкагында улуттук деңгээлде интернет-эрежелерин киргизүүгө байланышкан көптөгөн проблемаларга бөгөт коюуга, же алдын алууга шарт түзмөк. Жогорку Кеңеште «Маалыматты манипуляциялоо боюнча» мыйзам долбоору кабыл алынышы кыргыз коомчулугунда кеңири талкууланды. Демек, бул маселеге эл да тынчсызданат. «Мекеним Кыргызстан» партиясы мындан ары интернет-конституция (кодекс) маселеси улуттук деңгээлде чечилишин күтүп тура албайт. Биздин сунуш: – Өзүбүздүн кыргыз интернет-конституцияны (кодексин) иштеп чыгуу керек. Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин дароо долбоорду даярдоо боюнча жумуш тобун уюштуруу. Ага жарандык коомдун кадыр-барктуу өкүлдөрү, журналисттер, бийлик өкүлдөрү жана депутаттар милдеттүү түрдө кириши керек. Кыргыз интернет-конституциясынын долбоору кеңири коомдук талкуудан өтүүгө тийиш. Иштин башы – ишкерлик Жакынкы он жылдыкта чакан жана орто бизнес экономикалык өнүгүүнүн локомотивине айланат. Кризис шартында көптөгөн ири компаниялардын кайра өзүнө келип, чыгашаларын жабуу менен киреше табууга өтүүсү бир үй-бүлөнүн масштабындагы кичи ишканаларга салыштырмалуу кыйыныраак. Бизнес менен ишкерликти өнүктүрүүнү стимулдаштыруу боюнча биздин сунуш: – Бизнести каттоодогу жана жүргүзүүдөгү бардык процедураларды кардиналдуу түрдө кыскартуу жана жөнөкөйлөтүү. Анын ичинде уруксат берүү, башкача айтканда, ишкана ачуудан тарта аны электр жана суу менен камсыздоо тутумуна туташтырууга чейинки жол-жоболорду да; – Уставдык капиталды кыскартып, кийин биротоло жоюп салуу; – Лицензиялоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү; – Лицензиялык ишмердик тизмесин кыскартуу; – Кризистик шартта бир жылга көчө соодасына эч кандай документтерсиз уруксат берүү, базарлардагы соодагерлерден патент үчүн төлөм алууну токтотуу. Doing Business-2020 рейтингинде Кыргызстан 80-орунду ээлеп, бир жылда он позицияны жоготту. «Мекеним Кыргызстан» 2025-жылы бул рейтингде алгачкы «жыйырмалыкка» түшүүнү максат кылууда. Санарип каганат Акыркы эки жылда Кыргызстан санариптешүү жана IT-технологияны өнүктүрүү жолунда байкаларлык алдыга жылды. Коронавирус пандемиясы менен карантин шарты ар бир үйгө жана бизнеске санарип технологияларды киргизүү жараянын болушунча тездетти. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын бул процессти мындан да тездетип, Кыргызстанды Борбор Азия менен Европаны, Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган IT-хабга батыраак айлантуу үчүн жаңы идеялары бар. Биздин сунуш: – Мамлекеттик деңгээлде, анын ичинде электрондук өкмөттө санариптештирүү чөйрөсүндөгү амбициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, бардык мамлекеттик органдардын жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин арасында санариптик технологиялар боюнча маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу. Мамлекеттик сектордо иштегендер жана иштөөнү каалагандар үчүн жаңы стандарттарды иштеп чыгуу керек. Азыркы реалдуулукта колдонуучу катары компьютер кучактап отуруу жетишсиз. – Өлкөнү бүтүндөй интернеттештирүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу. Интернет арзан жана ар бир адамдын колу жеткидей болушу керек; – Санарип трансформация боюнча инновациялык билим берүү программаларын иштеп чыгуу; – IT тармагындагы бизнестин бардык түрлөрү үчүн максималдуу либералдашууну камсыз кылуу. – Жалпы IT-инфраструктурасын пайдаланууну, ачык маалыматтарды жана маалымат алмашууну, электрондук төлөөлөрдү жөнгө салуучу эрежелердин жана жол-жоболордун кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу; – IT чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды карап чыгып, болгон кемчиликтерди жоюу жана зарыл болгон учурда жаңы мыйзамдарды кабыл алуу; – Интернет-маркетингинен тарта QA-инженерлерине чейинки IT тармагындагы кесипкөй адистерди көбөйтүү боюнча мамлекеттик тапшырма коюу. Ар кайсы деңгээлдеги билим берүү мекемелериндеги бул адистиктер мамлекеттик деңгээлде колдоого алынышы керек; – ЕАЭБ линиясы менен Бишкекте санариптешүүнүн глобалдык тенденциялары жана анын негизги чакырыктары боюнча форум өткөрүү. Мындай форум жыл сайын өтүп, бара-бара ал санарип жаатында кыргыз Давосуна айланышы мүмкүн. Жашыл экономика – жаркын келечек Акыркы он жыл ичинде Кыргызстанда стационардык булактардан чыккан заттар 50%га көбөйгөн. Айыл чарбасында гербициддерди колдонуу 85 пайызга чейин өстү. Жайыттар жабыркап баратат. Токой фондусунун аянты 20 пайыздай кыскарган. Азыркыга чейин бир катар айылдардын калкы ичүүчү таза сууга жетпей келет. Адамдардын иш-аракеттеринин натыйжасында мөңгүлөрдүн аянты азайып баратат. Бирок региондогу коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда экологиялык абал жакшыраак. Алардан айырмаланып бизде ири химиялык жана башка зыяндуу ишканалар жок жана электр энергиясынын дээрлик 90 пайызы ГЭСтерден алынат. Ушул негизде биз региондо «жашыл экономиканын» өнүгүү аянтчасына, анын технологияларын өткөрүүчүсүнө айлана алабыз. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү эл алдындагы, кийинки муун алдындагы жоопкерчилигин, Кыргызстан келечекте кандай болорун, андагы экосистемалар кандай сакталарын жана биздин балдарыбыз канчалык таза аба менен дем аларын толук түшүнүп, сезип турабыз. Биздин сунуш: – Транспорттун жогорку сапаттагы бензинге, газга же электр энергиясына өтүшүнө, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майларды сертификациялаган лабораториялардын ишине байланыштуу ЕАЭБ эрежелеринин аткарылышына катуу көзөмөлдү камсыз кылуу; – Транспортуна экологиялык таза күйүүчү майларды пайдаланган бизнес-ишканаларга салык жеңилдиктерин берүү; – Бишкек жана Ош шаарларында коомдук транспорт системасын баскыч-баскычы менен масштабдуу реконструкциялоо программасын иштеп чыгуу; – Көмүр колдонгон жылуулук электр станцияларын жана от казандарын куруудан баш тартуу; – Жеке сектордо жылытууну энергия үнөмдөөчү газ мештерине тезинен которуу; – Суук мезгилде электр энергиясына дифференциалдуу тариф киргизүү; – Күндөн жана шамалдан электр энергиясын алууну өнүктүрүү; – Бардык мамлекеттик мекемелерди энергия үнөмдөөчү чырактарга өткөрүү; – Көчөлөрдү жарыктандырууну энергия үнөмдөгөн чырактарга которуу; – Био жер семирткич өндүрүүнү стимулдаштыруу; – Мал чарбасында зыяндуу дары-дармектерди, анын ичинде антибиотик менен анаболиктерди колдонууга катуу көзөмөл киргизүү; – Экологиялык таза айыл чарба продукциясын өндүрүүнү мамлекеттик деңгээлде колдоо; – «Жашыл» ишкерликти колдоо. Мекен айылдан башталат Кыргызстан – агрардык өлкө. Калктын 60 пайыздан ашууну экономиканын дал ушул тармагында мээнет кылат. Биздин айыл чарбанын, анын ичинде экспорттун потенциалын көтөрүү үчүн багбанчылыкты өнүктүрүүгө кунт коюу зарыл. Көп жылдык бак өсүмдүктөрүнүн түшүмүн сатуу рентабелдүү бизнес жана ушул багытты өркүндөтүү абзел. Маселен, Молдова мурда бизден грек жаңгагын сатып алчу. Кийинчерээк өздөрү 15 миң гектар жерге жаңгак өстүрүп, азыр анын түшүмүн сатуудан эле жылына 100 миллион евродой пайда табат. Кыргызстан үчүн алма, өрүк, гилас, шабдалы жана башка интенсивдүү бак өсүмдүктөрүнө ылайыкташкан айыл чарба бирикмелерин түзүү абзел. Алар мол түшүм бергендиктен көбүрөөк рентабелдүү. «Мекеним Кыргызстан» ушундан улам «Кыргызстан бактары» улуттук программасын ишке ашырууну сунуштайт. Жер реформасынын натыйжасында Кыргызстан майдаланган, чакан айыл чарба өндүрүшүнө ээ болду. Бирок биз азыр күч-аракетибизди чарбаларды формалдуу кеңейтүүгө багыттабашыбыз керек. Азыр негизинен кооперация же кызматташтыкты чыңдоого көңүл буруу зарыл. Бизге азыр фермерлер өз продукцияларын сата турган соода-логистикалык борборлор тармагы, ошондой эле айыл чарба техникаларын лизинг же ижарага алуу мүмкүнчүлүгү бар тейлөө станциялары керек. Ар бир аймакта фермерлер үчүн өз бизнесине тиешелүү бардык суроолорго жооп жана сунуш ала турган консультативдик борборлорду түзүү зарыл. Элет өнүксө – эл өнүгөт Соңку жылдары мамлекеттин саясаты аймактарга жүз бурду. Муну биз кош колдоп колдойбуз. Дал ошол күчтүү аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн өзөгү. «Мекеним Кыргызстан» партиясы азыр аймактарга бизнести тартуу, жер-жерлерде өндүрүштү жана ишкерликти өнүктүрүүгө дем берүү үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек деп эсептейт. Бул багытта алдыга жылуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз: – Региондордо энергетикалык, транспорттук, маалыматтык-коммуникациялык жана социалдык-маданий инфраструктураларды түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун аныктоо. Ар бир аймак үчүн сунушталган долбоорлордун каталогун түзүү; – Табигый ресурстарды казуудан түшкөн пайданы мамлекет, жер казынасын пайдалануучулар жана жергиликтүү жамааттар ортосунда адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылуу. Бул аймактардын кирешесинин өсүшүнө оң таасирин тийгизет. – Кен байлыктарды казуудан жана иштетүүдөн тышкары “жашыл” экономиканы өнүктүрүүнүн алкагында курулушка, өндүрүшкө, IT-долбоорлорго кызыкдар инвесторлор үчүн фискалдык жана административдик жеңилдиктерди берүү жолу менен региондордогу инвестициялык климатты жакшыртуу. – Өз шаарларын жана айылдарын өнүктүрүүнүн стратегияларын жана долбоорлорун пландаштырууга жергиликтүү тургундарды тартуу менен стратегиялык сессияларды өткөрүүнүн методологиясын киргизүү. Акырындап аймактардын финансылык көз карандысыздыгын чыңдоо. Экономиканы өнүктүрүү менен региондордо жашаган калктын турмуш шарты жакшырышын камсыз кылуу. – Туризмди активдүү өнүктүрүү. Кыргызстан – жаратылышы кооз өлкө. Ар бир аймак туризмдин кайсы багытын өнүктүрө аларын аныктоого тийиш. А мамлекеттин милдети – ошол багытты колдоону камсыз кылуу. Облустар үчүн өнүгүү долбоорлору Баткен облусунда күрүч, рапс, соя, ошондой эле мөмө-жемиштерди өстүрүүгө багытталган тамак-аш жана кайра иштетүү тармактарын, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү демилгелөө керек. Аты алыска кеткен айтылуу Баткен өрүгү аймактын визиттик карточкаларынын бири жана экспорттун эн белгиси болуп калышы керек. Жалал-Абад облусунда электр энергиясын, электрониканы, көмүр казып алуу жана башка пайдалуу кендерди өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү зарыл. Баарынан мурда пахта өндүрүүгө жана уникалдуу жапайы жаңгак токойлорунун түшүмүн кайра иштетүүгө адистешкен айыл чарба тармагын өнүктүрүү керек. Мындай географиялык жайгашууда рекреациялык инфраструктураны өнүктүрүү да абдан маанилүү. Ысык-Көл облусунда эс алуучу туристтик инфраструктураны интенсивдүү өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле транспорттук жана коммуникациялык инфраструктураны да. Органикалык жашылчалар менен жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү өтө кирешелүү болот. Мындан тышкары Ысык-Көлдө спорттук медицина тармагында кызмат көрсөтүү структурасын иштеп чыгуу керек. Ошондо бизге өздөрүн калыбына келтирүү жана реабилитациялоо үчүн КМШнын бардык өлкөлөрүнөн спортчулар келмек. Нарын облусу өзүнүн географиялык жайгашуусун колдонуп, соода-логистикалык потенциалын өнүктүрсө болот. Нарында ошондой эле жогорку өнүмдүү мал чарбачылыгы үчүн да бардык шарттар бар. Аймак акыркы жылдары этно туризмдин сүйүүчүлөрү үчүн да жагымдуу жайга айланууда. Экологиялык жана медициналык туризмдин багыттары да перспективдүү болушу мүмкүн. Ошондой эле «Нарын» ЭЭАсынын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү керек. Ош облусунун экономикасы үчүн жеңил, кайра иштетүү өнөр жайын, ар тараптуу айыл чарба тармагын, биринчи кезекте бакча өсүмдүктөрүн жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү локомотив болушу мүмкүн. Тоо-кен тармагы да алардын катарында. Экологиялык, этно, ошондой эле “зыярат” туризмин өнүктүрүү да маанилүү, анткени аймакта көптөгөн мазарлар, ыйык жайлар, мечиттер бар. Заманбап байланышты, мунай өнөр жайын, түштүк регионунун чет мамлекеттер менен соода жүргүзүүсүн, ошондой эле эки тараптуу сооданы камсыз кылган инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Суу түтүктөрүнүн жана ирригациялык системанын курулушун улантуу да маанилүү маселе. Талас облусунда кайра иштетүү өнөр жайын түзүү, айыл чарба продукцияларын, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана аларды экспорттоо, байланышты өнүктүрүү маанилүү. Мындан тышкары бул аймакта маданий жана тарыхый туризмди да өнүктүрсө болот. Чүй облусу үчүн логистикалык борборлорду өнүктүрүү, IT-паркка инвестицияларды тартуу, инфраструктура, тоо-кен байлыктарын казуу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана билим берүү мекемелеринин деңгээлин жогорулатуу приоритеттүү багыт болуп саналат. Мекендин кадыры алыстан билинет Активдүү эмгек миграция акыркы он жылдыкта постсоветтик аймакта трендге айланып калды. Бул биринчи кезекте мигрант өз мекенинин социалдык-экономикалык абалына байланыштуу татыктуу айлык төлөгөн жумуш таппай жатканынан келип чыкты. Кыргызстан болсо негизинен Орусия менен Казакстанга жумуш күчүн жиберчү өлкөгө айланып калды. Мамлекет эмгек мигранттарынын агымынын өсүшүн өлкөнүн нормалдуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары карашы керек. «Мекеним Кыргызстан» өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзгөн жаңы стратегия зарыл деп эсептейт. Жаңы стратегия эмгек мигранттарын коргоо жана ар тараптуу колдоонун так механизмдерин аныкташы керек. Аны иштеп чыгуу үчүн мигранттар коомчулугунун жана ушул багытта тажрыйбасы бар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумуш тобун түзүү зарыл. Ошол эле учурда биз башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мигранттар жана мекендештер үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз: – Чет өлкөлөрдө таанылган диаспора лидерлерине ардактуу консул макамын ыйгаруу; – Башка өлкө жарандыгын алган мекендештерибизге Кыргызстанда өз жарандары менен бирдей, тоскоолдуксуз экономикалык ишмердик жүргүзүү укугун берген атайын карта – «Мекен Карт» берүү; – Мекенинде бизнес ачууну каалаган мекендештерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алуу жол-жоболорун жеңилдетип берүү; – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарына эмгек мигранттарынын – мекендештердин укуктарын коргоо маселесин киргизүү. Бир сап менен Тышкы саясат: «Мекеним Кыргызстан» евразиялык жана терең региондук интеграцияга багытталган стратегиялык курсту колдойт. Коррупцияга каршы күрөш: мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагын 2025-жылга чейин толук санариптештирүү. Бажы көзөмөлү менен салык кызматындагы процесстердин ачыктыгы жана автоматташтырылышы. Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган соттук-укуктук системаны реформалоо. Чек ара: мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссия туруктуу негизде иштөөгө тийиш. Ыктыярчылар: ыктыярчылар күнүн негиздеп, алардын аракетин мамлекет ар тараптан колдоого алуусу керек. Инфраструктураны өнүктүрүү: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүнү колдоо. Нарында жергиликтүү элдин макулдугу менен ири логистикалык борбор ачуу, эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте «Манас» аэропортунда жүк ташуучу борборду куруу. Республикадагы аэропортторду калыбына келтирүү боюнча инвестициялык программа. Салык: «Бир өлкө – бир салык» принцибин киргизүү. Башкача айтканда, бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтыруу. Административдик-аймактык реформа: беш жыл аралыгында облустарды жоюп, райондорду ирилештирүү жана үч баскычтуу башкарууга өтүү: республика – аймак – айыл. Соңку сөз «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы – өлкө турмушунун ар кайсы багыттары боюнча реалдуу долбоорлор топтому. Программа популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай. Анда коомдогу актуалдуу маселелер эске алынып, аларды чечүүнүн жолдору келтирилди. Албетте, баарын бир программага камтуу мүмкүн эмес. Биз өзүбүзгө андай максат да койгон жокпуз. Биз партиянын программасы баарыбызга жана ар бирибизге түшүнүктүү, элдик программа болушун каалайбыз. Ошондон улам ал жөнөкөй, жупуну тилде жазылды. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү ушул программада зарылдыгы көрсөтүлгөн көптөгөн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга даяр. Биз Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөнү кезектеги көчө революциясы эмес, интеллектуалдуу революция, инновация жана жаңы идеялардын революциясы менен таң калтырарына ишенебиз. Кыргызстан региондогу ийгиликтүү модернизациянын үлгүсү боло алат жана ошондой болууга тийиш. Чыгыш Азияда азыр төрт «жолборс» бар. Эми Борбор Азия «барстарынын» мезгили келди. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:03

Видео - Балбак Түлөбаев элди шайлоодо алданбоого чакырды

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев элди шайлоодо алданбоого чакырды. Булак:Nazarnews.kg

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:04

Президеттин кан кудасы Абжалиев Матраимов менен бирге шайлоого аттанды.

Боршайком парламенттик шайлоого катышуучу «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 200 талапкерин каттады. Партиянын талапкерлер тизмесинде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев да бар — эл өкүлү шайлоого 27-орун менен баратат. *Эл арасында «Мекеним Кыргызстан» өлкөдөгү таасирдүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылат. Аталган үй-бүлөнүн эң белгилүү мүчөсү бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты болуп саналат. Абжалиев парламенттин алтынчы чакырылышына «Республика — Ата-Журт» партиясы менен келген. Абжалиев коомчулукта иши менен эмес президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы катары белгилүү — анын уулу Атабек Абжалиев президенттин кызы Бактыгүл Шарипованын өмүрлүк жары. Бактыгүл Шарипова жана Атабек Абжалиев Ал эми Алиярбек Абжалиевдин башка уулу — Темирлан Токобеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты — өткөн жылдын июль айында ал жол кырсыкка учураган. Токобековго катталган BMW X7 үлгүсүндөгү унаа Lexus ES менен кагылышып, анын натыйжасында төрт киши каза тапкан. Кийинчерээк укук коргоо органдары жол кырсыгы Токобековдун унаасы жогорку ылдамдыкта бараткандыктан орун алганын аныктаган. Ошол эле учурда унааны Токобеков эмес, анын досу Элдияр Халмурзаев башкарганы айтылган — Каракол шаардык соту аны үй камагына киргизген. Абжалиевдин үй-бүлөсүнө тийиштүү компаниялар «Фактчек» жана «Кактус» басылмалары апрель айында Алиярбек Абжалиевге тийиштүү компаниялар жана анын мүлкү тууралуу иликтөө жарыялаган. Ага ылайык, Абжалиевдин өзүнө бир гана унаа катталганы белгилүү болгон. Анткен менен Абжалиевдин мурдагы жубайы Гүлсара Сулайманова жана уулу Темирлан Токобековго 30 компания катталганы ашкереленген. Компаниялардын көпчүлүгү курулуш, туристтик жана тоо-кен өнөр жайы менен алектенишет. Клоп.кж

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:04

Турсунбек Акун эл аралык уюмдарды шайлоого кийлигишип жатат деп айыптады

“Келечекке жол” парламенттик шайлоолорго мониторинг жүргүзүү борборунун башчысы Турсунбек Акун Эл аралык республикалык институт (ЭРИ) эл аралык уюмунун Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатканын айтып, алардын ишмердүүлүгүн айыптап чыкты. Бул эл аралык институт деген ат менен жүргөн кадимки эле чет элдик НПОнун Center for insights in survey research илимий борбору USAIDдин SIAR Research and Consulting каржылык колдоосу менен калкка сурамжылоону заказ кылган. 2020-жылдын 6-14-август күндөрүндө 1223 респондентке сурамжылоо жүргүзүлгөн. Турсунбек Акундун айтымында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 40-беренесине ылайык, эл аралык уюмдардын өлкөдөгү шайлоолорду каржылоосуна тыюу салынат. Мындан сырткары, ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы макулдашууга ылайык, шайлоолорду каржылоого тыюу салынганын дагы эскертип өттү. SIAR Research and Consulting илимий борбору жүргүзгөн сурамжылоодо 75% респонденттер алардын маалымат базасынан алынган жана 1223 респонденттин 47%ы суроолорго жооп берген. Турсунбек Акун мындан сурамжылоонун жыйынтыгынын калыстыгында да күмөн бар экенин баса белгилеген. “Белгилүү партиялар жөнүндө суроо боюнча биринчи орунда КСДП партиясы аныкталган. Ал эми экинчи орунга болсо “Ата Журт” партиясы чыккан. Бул партия болсо августтун башында шайлоого катышам деген 44 партиянын тизмесинде жок болчу. Андан кийинки орунга 10 жылдан бери дайын-оту жок “Ак жол” чыккан. Ал эми азыр белгилүү болуп жаткан партияларга респонденттердин 0-0,3%ы гана добуш беришкен”,- деп күмөн саноосун чечмелеп берди Турсунбек Акун. “Биз сурамжылоо жүргүзүүсүнө каршы деле эмиеспиз, бирок баары таза, калыс болуш керек да”,- дейт ал. Турсунбек Акун ошону менен катар эле “Общее дело” коомдук фонду парламенттик шайлоо тууралуу июнь айында өткөргөн дал ушундай эле сурамжылоого токтолду. Анын айтымында, бул сурамжылоонун жыйынтыктары дагы жогорку сурамжылоого окшош. “Алар биздин ички иштерибизге кийлигишүүгө акылары жок. Эгерде сурамжылоолорду 4-5 ай мурун өткөрсө мындай күмөн маселелер жаралмак эмес… Андыктан биз жүргүзүлгөн сурамжылоолордун шек жараткан жыйынтыктарын чакыртып алууну талап кылабыз. Эгер андай болбосо биз БШКга жана башка тиешелүү органдарга кайрылабыз”,- дейт ал.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 21:14

Канатбек Исаев

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев: “Туура тандоо жасоого мезгил келди!”

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:12

Шайлоочулардын пара алганы тууралуу Фейсбуктагы билдирүү боюнча милиция тергөө ишин баштады

Жайыл районунун Ички иштер башкармалыгы Фейсбук колдонуучусунан шайлоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө билдирүүнү маалымат журналына каттады. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 11-сентябрда Азат Аманов аттуу колдонуучу Кара-Балта шаарындагы №3 мектептин жанында белгисиз адамдар саясий партиянын атынан шайлоочуларга 1 миң сом бергенине күбө болгонун жарыялаган билдирүү жарыялаган. Добуш берүү күнү ошол эле шайлоочулар кошумча 1 миң сом алышат деп болжолдонууда. «Посттун автору 1988-жылы туулган А.А., каттоосу боюнча ал Кара-Балта шаарынын тургуну. Ошондуктан, милиция кызматкерлери анын жагдайларын тактоо үчүн анын үйүнө барышкан. Туугандары ал чындыгында Бишкекте жашайт дешти. Алар А.А.га кайрылышканда, ал байланышка чыккан эмес », — деп билдиришти ШИИБден. Учурда бул факт боюнча бардык зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда. Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы жарандардан ушул сыяктуу кырдаалдарга же башка мыйзам бузуу фактыларына күбө болушкан болсо, 102 номерине билдирүүнү же жакынкы РИИБге кайрылууну өтүнөт.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:12

Шайлоо 2020. БШК «баарына каршы» добуш берсе эмне болорун айтты

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Тынчтык Шайназаров шайлоочулардын 7 пайыздан ашыгы бардык талапкерлерге каршы добуш берсе эмне болорун айтты. Маалыматка ылайык, бул иш боюнча мыйзамдарда атайын ченем жок. «Бирок мындай болуп калса, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылбайт. Катышкан партиялардын эч кимиси Бишкек жана Ош шаарларын кошкондо, 7 пайыздык тоскоолдукту жана аймактык квотанын 0,7 пайызын ашпаган шартта гана шайлоо өткөн жок деп табылат. Ошондой эле «баарына каршы» көпчүлүктү, региондордо дагы, эки борборду тең ээлейт «, — деди Тынчтык Шайназаров. Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Алар 4-октябрда өткөрүлөт. Шайлоого 16 саясий уюм катышат.

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:12

Канатбек Исаев: "Биз кыска мөөнөттүн ичинде Кыргызстанды кризистен чыгаруу жолун көрүп турабыз"

Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев, Аргынбек Малабаев, Дамира Дөлөталиева баштаган талапкерлер Чүй облусунун Сокулук районунун Асыл Баш айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө айылдын жашоочуларынын негизги көйгөйлөрү жол, ичүүчү таза суу жана сугат суунун жетишсиздиги экенин айтышты. Шайлоочулар ошондой эле аталган аймакта бала бакча маселесин да чечип берүүлөрүн суранышты. Өз кезегинде Канатбек Исаев партиянын «Эл үчүн» деген программасында экономиканы, билим берүү жана медицина тармагын өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууда чечкиндүү реформа, жемиштүү эл аралык саясат, адилеттүү сот жана натыйжалуу укук коргоо органдары жана башка тармактар боюнча бир катар сунуш-пикирлер камтылганын айтты. Ошондой эле партия лидери “Кыргызстан” партиясы куру убадалардан алыс болуп, алдыдагы 5 жылга амбициялуу, бирок аткарыла турган милдеттерди койгонун белгиледи. “Биз “Кыргызстан” партиясы сөз кылып жаткан иш-чараларды ишке ашырууга толук потенциалы жана мүмкүнчүлүгү бар. Кантип кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык кризистен чыгуу жолун көрүп турабыз”, - деди Исаев. Ошондой эле партия лидери “Кыргызстан” партиясынын командасы эл арасынан суурулуп чыккан, духу күчтүү, тажрыйбалуу, жаратман лидерлерден куралганын айтты. Анын айтымында, партиянын шайлоого бара жатканынын максаты - бул өлкө экономикасын өнүктүрүп, элдин жашоо деңгээлин жакшыртуу. “Быйыл, 4-октябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгы менен мамлекеттин эртеңки тагдыры, багыты кандай болот? Өкмөттү ким башкарат жана курамы кандай болот? Элдин жашоо-турмушу оңолобу? Экономика кризистен чыгабы? Мунун баары алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы менен аныкталат”, - деди Исаев. Жолугушуунун соңунда айыл тургундары партиянын программасын жактырып, чын ниеттери менен колдой тургандыгын айтышып, партия лидерине ак калпак кийгизип, астына ат мингизип, баталарын беришти. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а. 20:57 12-09-2020

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:12

Атабек Талибаев, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер: "Ыктыярчыларды колдой турган мыйзам сунуштап, коомдук талкууга чыгарам"

Атабек Талибаев 1982-жылдын 25-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда карапайым адамдардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1989-жылдан баштап аталган райондогу орус жана кыргыз тилдүү А.С.Макаренко атындагы орто мектепте окуп, 1999-жылы артыкчылык аттестаты менен бүтүргөн. 2000-жылдан 2005-жылга чейин Бишкектеги Кыргыз-Орус-Славян университетинин юридикалык факультетинен билим алган. Ушул эле окуу жайдан 2005-жылдан 2008-жылга чейин экономика факультетинен билим алып, илимий иш жактаган. Атабек Талибаев үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Эмгек жолун 2005-жылы “Кахраман” ЖЧКсынын юристи болуп баштаган. 2008-жылдан 2010-жылга чейин “Кыргыз полиграфиясы” ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген. 2013-жылдан 2020-жылга чейин “ЭкоИсламикБанк”-“Центр” ЖАКунун филиалында башкы юрист болгон. “Саясатка элимдин бакубат, бай жашоосу үчүн кызмат кылууга аттанып жатам” – Мен парламентке жеке кызыкчылыгымды ишке ашыруу же тар чөйрөнүн саясий кызыкчылыгын коргоо үчүн эмес, элимдин бакубат, бай жашоосу үчүн кызмат кылууга аттанып жатам. Ата-энемдин тилегин орундатып, элдин эмгегин жебеген эл уулу болгум келет. Буга чейин өзүбүздүн районго дареметиме жараша бир канча пайдалуу жумуштарды жасагам. Андай иштерди бүтүндөй Кыргызстан үчүн жасоого ниет кылып жатам. “Мандатымды эл үчүн пайдаланам” – Кыргызстандагы иштелип чыккан кээ бир мыйзамдардын чийки экени буга чейин деле белгилүү болчу. Бирок Кыргызстандын бардык аймактарына карантин режими кирип, өлкөдө өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жарыяланганда мамлекетти сыздан сууруп чыга турган системанын жоктугу айдан ачык көрүнүп калды. Экономика, медицина жана бир катар министрликтер илдетке каршы турууда бир топ алсырай түштү. Буюрса, элдин ишенимине арзып, мандат берилип калса өлкөгө карантин режими киргенде тикеден тик туруп эл үчүн кызмат кылган ыктыярчы топтордун бийлик менен алакасын мыйзамдаштырууну пландап жатам. Алдыма ыктыярчыларды ар тараптан колдой турган мыйзам сунуштап, коомдук талкууга чыгарам деген максат койдум. Анткени жугуштуу илдет каптаган учурда кимдин ким экени баарыбызга ачык билинди. Ошондуктан алардын иш-аракеттерине бийлик кол кабыш кылып, ар тараптуу жардам көрсөтүүсү үчүн татыктуу мыйзам иштеп чыгам. Бул менин Жогорку Кеңешке барганда көтөрө турган эң алгачкы орчундуу демилгем болот. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 17:55 12-09-2020

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:12

Зайнидин Курманов, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери: "Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы программасы мени таң калтырды"

Тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Зайнидин Курманов социалдык тармактагы баракчасына партиялардын программалары боюнча көз карашын жарыялады. Профессор башка партиялардын арасынан “Мекеним Кыргызстанды” өзгөчө белгилеп, парламенттик жарыштын фаворити катары сыпаттады. - “Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасы мени таң калтырды. Аталган партияны социалдык тармактарда тепкилебеген адам калган жок. Эринбей окуп чыгыңыздар. Бул социалдык-либералдык идеологияны камтыган максаты анык программа. Партиянын планы алдыдагы 5 жылдыкты гана эмес, андан аркы мезгилди да камтыган. “Мекеним Кыргызстан” партиясы өзүнүн убадаларын гана эмес, жаңы саясий багытты элге сунуштады. Эң башкысы чар жайыт, бири-бирине байланышы жок башкалардан уурдалган идеяларды алып чыккан жок. “Мекеним Кыргызстан” партиясы КМШ мамлекеттер арасында миңдеп саналган катардагы саны бар, сапаты жок партия эмес, заманбап идеологиясы бар, жарандарга камкордук көргөн, алардын укугу, эркиндиги маанилүү болгон партия боло алды. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасында көз караштардын системасы орун алган, “жапайы капитализмдин” ордуна “социалдык капитализмди” курууга умтулган идеологиялык партия. Мындай идеология эркиндиги чектелип башкаруунун олигархтык формасы орун алып жаткан Кыргызстанда азыр абдан актуалдуу. Ушундан улам сөз эркиндигин чектөөгө аракет кылган мыйзам долбоорлору жазылып жатат. Мындай системада жарандар мамлекеттин жардамынан үмүт кылбай өз алдынча күн көрүүгө мажбур болот. Буга коронавирус пандемиясындагы абал далил. Партиянын программасындагы адам укуктары, жарандык коомдун, бизнестин өнүгүүсү, калкты социалдык колдоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, башкаруу, аймактардын өнүгүүсү, экономикалык саясат жана башка адамзаттын маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жолдору дал ушул социалдык либерализм идеологиясынан келип чыккан. ЕАЭСтин алкагында Евразиялык интеграция маселесине чоң маани берилген. Анткени бизде башка цивилизациялык альтернатива жок. Европа биримдиги да, НАФТА да бизди күтпөйт. Албетте, Кытай, Иран, Афганистан, Пакистан же Индия менен интеграциялашуу маселесин карап көрсө болот. Бирок кантип? Программа жөнөкөй тилде жазылып, “Кыргызстан аймактагы ийгиликтүү модернизацияланган мамлекет катары башкаларга үлгү боло алат” деген чакырык менен аяктаган. Бул партиянын талапкерлери Жогорку Кеңешке келип калса программасын ишке ашырууга киришүүсүн абдан каалайт элем. Ушундай жагдайда Кыргызстан таптакыр башкача, өнүккөн мамлекетке айлана алат. Зайнидин Курманов, тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 15:25 12-09-2020

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:12

Бакай-Атанын эли "Кыргызстан" партиясынын талапкерлерин ак бата менен чоң жарышка узатты

"Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоого аттанган талапкерлери бул ирет Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылынын тургундары менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө депутаттыкка талапкер Даир Кенекеев партия өзүнүн программасы аркылуу бардык тармакта реформаларды сунуштап жатканын айтты. Бул өзгөрүүлөр кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртып, өлкөдө туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кыларын белгиледи. «Биздин партия «Эл үчүн» деген программасын сунуштап жатабыз. Ал программада турмуштун эң маанилүү тармактары камтылган жана өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча орто жана узак мөөнөттүү стратегияларды камсыз кылат. Биз чиновниктердин санын кескин кыскартабыз, мамлекеттик текшерүүлөрдү кыскартууга шарт түзөбүз. Ошондой эле дыйкандарыбызды, фермерлерибизди кооперативдерге бириктирип, айыл чарба продукцияларын көп көлөмдө экспорттоого басым кылабыз. Андан сырткары, салыктарды максималдуу кыскартуу программасын иштеп чыгабыз жана башка бир топ багыттар боюнча иш алып барабыз», - деди ал. Ошондой эле талапкер шайлоочуларга кайрылып, добуштарын сатпоого чакырды. «Өнүгүп-өсөлү десек туура тандоо кылуубуз керек. Бардык тармакта активдүү реформа жасап, өлкөнү кризистен алып чыгам, эгемендикти чыңдоого, өлкөнүн тынчтыгын камсыздоого жана демократияны өнүктүрүүгө салым кошом” деп бардык жоопкерчиликти алууга даяр адамдардын келишин кааласаңыз, анда «Кыргызстан» партиясын тандаңыздар!» - деп баса белгиледи Кенекеев. Көк-Таш айылынын эли ар убак элге ак кызматтарын өтөп келген “Кыргызстан” партиясынын командасын чын дилден колдой тургандыгын айтышты. Ошондой эле алар Даир Кенекеевдин эл үчүн жасаган ак эмгектери үчүн ыраазычылыктарын билдирип, ак батасын беришти. «Кыргызстан» саясий партиясынын үгүт иштери уланып жатат. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а. 15:09 12-09-2020

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:12

"Бир Бол" партиясы "Инновациялык реформалардын мезгили" программасын презентация кылды

“Бир Бол” партиясы “Инновациялык реформалардын мезгили” деп аталган стратегиялык программасынын бет ачарын “Жаңы форматтагы лидерлер” форумунда сунуштады. Ага белгилүү эксперттер, саясат таануучулар, өлкөнүн илимий жана маданий интеллигенциясынын өкүлдөрү катышты. Программанын кыскача мазмуну: ЭКОНОМИКА ҮЧИЛТИГИ: ИШКЕРЛИК, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА ТУРИЗМ Жылдык айлануусу 8 млн сомго чейинки чакан ишканалар салыктан жана патенттен бошотулат Салык жана бажы иштери санариптештирилип, кызмат 90 секундда көрсөтүлөт БИЙЛИК ЖАНА БЮДЖЕТТИ БАШКАРУУ АЙМАКТАРГА БЕРИЛЕТ Облустарды жоюп, райондор ирилештирилип, жергиликтүү бийлик айылдык кеңеш шайлаган аймак башчысына берилет Аймактар салыкты өздөрү чогултуп, жергиликтүү бюджет 12%дан 50%га чейин жогорулайт Шайлоочу партияны эле эмес, андагы талапкерлердин бирин тандоого укуктуу Мамлекеттик кызматтардын 70%ы онлайн жүргүзүлөт БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ЖАҢЫ ЫКМАЛАР Ваучердик система: ар бир окуучу же студент билим алууга керек акчаны ваучер түрүндө алып, каалаган мектепти жана университетти тандайт. Окуу жайлар ваучер топтоо үчүн билим берүү сапатын жакшыртууга мажбур болушат. 1-класстан баштап программалоо жана англис тили сабактары киргизилет Мектеп директорлорун ата-энелер жана мугалимдер тандашат Өлкөдөгү бардык мектептер интернет, канализация жана ысык суу менен камсыздалат САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО Дарыгерлердин айлыгы жана социалдык пакети 2 эсеге көбөйтүлүп, коррупция жоюлат Ой келди дары жазуу жоюлуп, электрондук рецепт киргизилет Теория менен практиканы айкалыштыруу үчүн университтердин алдында клиникалар түзүлөт ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ АРКЫЛУУ ЭКОЛОГИЯНЫ САКТОО Желим баштыктарды сатууга тыюу салынып, желим буюмдарды тапшырууга стимул берүүчү механизмдер иштелип чыгат. Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк жолу менен таштандыларды кайра иштетүүчү заводдор курулат БИР БОЛ! №13 – ЖАРАТМАН КҮЧ! “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 12-сентябрь, 2020-жыл. 14:59 12-09-2020

Подробнее
13 сентября 2020 г. 1:12

Ильяс Суванов: "Парламентке келсек билим берүү системасында чоң реформаларды кылганга даярбыз!"

Бүгүн «Замандаш» партиясынын талапкерлери Чүй облусуна караштуу Москва районунун Беловодск айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууга Искендер Гаипкулов, Гүлнара Мамбетсеитова, Увазарбек Адылбеков, Жакшылык Матанов жана Ильяс Суванов келди. Биринчилерден болуп Искендер Гайпкулов партиянын түптөлүшү жөнүндө айтып берди. Искендер Гаипкулов өлкөгө эффективдүү мыйзамдар кабыл алынышы, чоң реформаларды жасоонун убактысы келгендигин белгиледи. “Партия буга чейин шайлоодо утулуп келгенине карабастан шайлоодон кийин да өзүнүн иш-аракеттерин жүргүзүп келет. Пандемия учурунда эл менен бирге болдук, 6-чакырылышты эл жактырган жок, мен да элдин оюна толук кошулам, эмне үчүн «Замандаш» партиясын тандадым, анткени мен Мамашева, Ормонов, Умбеталы Кыдыралиев, Мелис Турганбаев, Эльмурза Сатыбалдиев менен лидерибиз Жеңиш Молдокматовго шайлоого чогуу баралы деген сунуш кылдык. «Замандаш» партиясында өзүнүн кесибин мыкты билген кесипкөй адамдар бара жатат. Азыркы учурда шайлоого аттанган партиялар элге көптөгөн мектептерди, бала бакчаларды куруп беребиз, жолдорду салабыз деген куру убадаларды беришүүдө. Биздин партия куру убадаларды бербестен, айтканын аткарат. Пандемияда биздин өлкө мигранттардын, карапайым элдин жардамы менен бул кыйынчылыктан чыктык. Ата мекендик өндүрүш экспорттоо учурунда зыян тартып жатат, биз ири логистикалык борборлорду курушубуз абзел. Өлкөбүздө мыйзам жакшы иштебегендиктен коопсуздук жагы жакшы каралган эмес, эффективдүү мыйзамдарды кабыл алуу убактысы келди!” Гүлнара Мамбетсеитова саламаттыкты сактоо жаатында көптөгөн көйгөйлөр турганын, мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн «Замандашта» кесипкөй адамдар бар экенин билдирди. - “Мен Саламаттыкты сактоо министрлигинде 27 жылдан бери эмгектенип келем, менин оюмча, биздин партиядагы адамдар өзүнүн коомдогу салмактуу орду бар, оор кырдаалдан чыгара турган инсандар «Замандаш» менен аттанышты. Парламентке биздин талапкерлер өлкөнү өзгөртүш үчүн бара жатат. Пандемия өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин системасы алсыз экенин көрсөттү. «Замандаш» партиясы өзгөчө жаштар менен бирге иштешип, мигранттарга жардам берип келет. Эл 5 жылда бир өлкөнүн тагдырына добушун берет, урматтуу элим, бардыгыңыздар кайдыгер карабастан, шайлоого катышканга аракет кылыңыздар”. Ильяс Суванов айлана-чөйрөнү коргоо «Замандаш» партиясынын программасынын маанилүү компоненттеринин бири экенин белгилеп, билим берүү системасында чоң реформаларды жасоо керектигин айтып өттү. "Замандаш" партиясы экологияны сактоого салымын кошот. Көмүрдү керектөөнүн көлөмүн азайтуу үчүн бардык заводдорду, айрыкча өлкөнү газдаштырууну жөнгө салгыбыз келет. Мындан тышкары, жаңылануучу энергия булактарын колдонууга өтүп, райондук деңгээлде күн батареяларын орнотуу керек. Албетте, алар аз энергия өндүрүшөт, бирок бул дагы алдыга кадам. Билим берүү жааты, дагы деле Советтик Союздун модели менен иштеп келе жатат, так илимдерден тышкары, окуучуларды креативдүү кылууга да предметтерди киргизишибиз абзел. Финляндияда көптөн бери дифференциалдык система ишке ашып келет, албетте, Билим берүү министрлиги реформаларды кылып жатат, бирок абдан жай, биз парламентке келсек билим берүү системасында чоң реформаларды кылганга даярбыз". "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү «12» сентябрь 2020-ж. 14:36 12-09-2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники