О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
12 сентября 2020 г. 0:58

Зайнидин Курманов, профессор: “Ата Мекен” партиясынын “Жаңы дем” программасы актуалдуу, чындыкка жакын"

- “Ата Мекен” партиясы шайлоо алдындагы “Жаңы дем” программасынын үстүнөн өтө олуттуу иштеген. Реформалык багыты - заманбап, актуалдуу, эң негизгиси чындыкка жакын. Мындай пикирин саясат талдоочу, профессор Зайнидин Курманов аналитикалык макаласында жазды. Ал жарышка аттанган партиялардын программаларын талдаган. Курмановдун айтымында, “Ата Мекендин” программасындагы дароо көңүлдү бурган жери – өкмөттүн алдында реформаларды башкарган органды – өлкөнүн “мээсин” түзүү сунушу. “Бүгүнкү күнгө чейин жарандык коомдон сырткары эч ким реформалар менен алгылыктуу алектене элек. Реформаларды жүргүзүү тиешелүү мекемелерге жүктөлүп, алар коррупцияны, бюрократизмди күчөткөн, иш натыйжасыз болгон. Реформаларды ишке ашырган түр көрсөтүп жүрүшүп, эми баарын кайра башынан баштоого туура келип жатат. “Ата Мекен” ушул идеясын ишке ашырса, Кыргызстанда эл үчүн революциялык реформаларды жасоого чыныгы мүмкүнчүлүк пайда болот», - дейт профессор. Курманов кошумчалагандай, “Ата Мекен” “реформаларды башкаруу органын президенттик аппаратта же парламентте эмес, өкмөттүн алдында түзөбүз” деп туура белгилеген. Анткени өлкөнүн бүт чарбасына жооптуу болгон өкмөт жарандык коом, бизнес жана эксперттик топтор менен түздөн-түз иштейт. Зайнидин Курманов “Республика” партиясынын президенттик институтту жоебуз деген сунушун сынга алган. “Өздөрүн жаратман деп көрсөтүп келген “Республиканын” лозунгдары таң калтырды. Аны жоёбуз, муну жоёбуз. Өлкө бузуучулардан тажады. Партия “президенттик кызматты” жойгусу келип жатабы? А ким мыйзамдарга кол коет, өлкөнүн атынан ким чыгат? Спикер – парламенттин башчысы, премьер – өкмөт башчысы. А мамлекеттин башчысы ким болот? Бүткүл дүйнөдө суверендүү өлкөлөрдүн атынан же монархтар, же президенттер чыгышат. Президент бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эң туруктуу саясий фигура. Аны алып таштаса, өлкөдө башаламандык башталат”, - дейт Курманов. “Ата Мекен” партиясы болсо президентти өз ордуна коюп, ыйгарым укуктарынан ашпай турган кылабыз деген сунуш менен чыгууда. “Премьер-министрге жеке жоопкерчилик, өкмөткө бийлик, ал эми президент болсо соттун ишине аралашпаган калыс арбитр болот”, - деп айтылат “Ата Мекендин” программасында.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:54

Чет өлкөдөгү шайлоочуларга шарт түзүү маселеси талкууланды

Алдыдагы парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү алкагында чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров шайлоо маселелерин уюштуруу боюнча штабдын жыйынында айтты. Тышкы иштер министрлиги жана Мамлекеттик миграция кызматы чет өлкөдөгү мекендештердин добуш берүүсү үчүн тийиштүү шарттарды камсыздашы керек, ошондой эле биометрикалык маалыматтарды чогултуу тапшырмасы коюлду. Чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар үчүн 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Штабдын жыйынында шайлоо учурунда коомдук тартипти камсыздоого тийиштүү маселелер да талкууланып, бул багытта иш-чаралар планы иштелип чыкканы айтылды. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Анын алдындагы үгүттөө иштери 4-сентябрда башталган. Шайлоого катышуу үчүн 16 партия каттоодон өткөн.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:54

Кимди шайлоо керек? Кимди шайлабоо керек?

Парламент чарбалык орган эмес! «Биздин бала»… Аны курду, муну кылды, шайлап койгула, тигиндей иштерди жасап берет!»… Ушундай маанидеги постторду, пикирлерди окуп отуруп, мурунку бир шайлоолордогу окуялар эске түштү. Ал окуялардын маани-маңызы бүгүн деле актуалдуу бойдон. 1995-жылдын февралына эки палаталуу парламентке шайлоо белгиленген. Аксы районунда 12 кандидат (тогузу эл өкүлдөрүнө, үчөө мыйзам чыгаруу палатасына) чогуу айылма-айыл түрө кыдырышып (район жетекчилиги элди алагды кыла бербесин деп, ушундай график түзүп коюптур), аны кылдым-муну кылдым, эми тегирмен салып берем, телевышка орнотом, трактор алып берем, жериңди айдатып берем, жолуңарга шагыл төктүрөм, көпүрө салабыз, автобус каттатабыз сыяктуу чарбалык-тиричилик маанидеги убадаларды беришип, кандидаттардын өкүлдөрү кант-канделек, чай-чамек таркатып жүрүштү. Айрымдары өздөрүнүн чоң-чоң бизнес долбоорлорун сунуштап, жер бөлүп берсеңер плодокомбинат, кыш завод салам, асфальт завод курам деп да чыгышты. Мындай иштер депутаттын функционалдык (конституциялык) милдети эмес экенине, союздан калган формалдуу «депутаттык наказ» доору өтүп кеткенине эч ким деле маани берген жок, ураалап кол чаап жатышты. Ошол чакта СССР урап, союздар аралык экономикалык байланыштар ыдырап, анын капшабы менен эгемендик болдук деп өз киндигин өзү кесип, суверен мамлекет катары түтүн булата баштаган Кыргыз Республикасы үчүн мындай чарбалык көйгөйлөр актуалдуу болгон (пролемалар азыр да бар, кийин деле боло берет). Бирок, ошо чакта КР өзүнүн Конституциясын кабыл алдык дегени менен мамлекеттик түзүлүштүн ички-тышкы жол-жоболорунун көбү мурунку Кыргыз ССРинин закондору менен жашап жаткан. Шайланып келчү ошо Парламенттин алдында мыйзамдарды суверен мамлекеттин Конституциясына ылайыктап дал келтирүүнү улантуу, конституциялык жаңы закондорду кабыл алуу милдети турган. Бул багытта бир да кандидат программасында ооз ачышкан жок!. Антүүгө чамасы жетчүлөрү деле жок болчу, көбү жогор жактын айтканын гана аткарып көнгөн, мамлекеттик масштабда өз алдынча ой калчай албас «красный башкармалар, робот директорлор» эле. Кезектеги жолугушуу Касымбековдун «Туулган жери» Ак-Жолдогу мектепте өтүп жаткан. Сөз кезегин бергенде Төкө трибунага чыкты. (Ал киши «легендардуу парламенттин» депутаты, социалдык блок боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болгон). – Конституциянын долбоорун даярдап, кабыл алдык, Мамлекеттик Туу жөнүндө, Гимн жөнүндө, Герб жөнүндө, Бишкек шаары жөнүндө, массалык маалымат ж-ө, Жер ж-ө, Билим берүү ж-ө, Мамлекеттик тил ж-ө ж.б. мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алдык,- деп, өлкө үчүн бул мыйзамдардын маани-маңызы ж-ө айтып келатканда эле биринчи катарда отурган мурунку партиялык кызматкер бир аксакал ордунан туруп трибунанын тушуна барды да таягы менен Төкөнү сайгылап: -Өөй Төлөгөн, өөй Төлөгөн!. Сен аларды айтканыңы коё тур, сен эл үчүн эмне иш кылдың, биринчи ошону айтчы!!!. — Баланча аке, мен айткандын баары эл үчүн, мамлекет үчүн болуп жатпайбы!. Дагы көп-көп мыйзамдарды иштеп чыгышыбыз керек. -Сен, Төлөгөн, кое тур!. Сен биздин айыл үчүн эмне иш кылып бердиң, ошону айтчы!. Ошондон кийин Төкө көпкө чейин ындыны өчүп,көңүлү чөгүп жүрдү. Бул сөздү башкадан укса, балким, маани деле бербейт беле, убагында А.Масалиевдин колунда заворготдел болуп жүргөн тиги аксакалдын сөзү, сөзүнөн мурда учурга көз карашы катуу тийди. Ал кишиге (башкаларга деле) мамлекеттүүлүктүн пайдубалы болуп берчү заң-закондорду иштеп чыгууга караганда он машина шагыл төгүп берүү же бир каптан ун таркатуу өйдө тураарына жаны кейип жүрдү. Депутаттын милдетине кирбесе да тигиндей тирилик иштерин жасатып койгонго тили өтөт эле, өзү деле кылып коймок, бирок антип элге жагынуу Төкөнүн кылаары эмес эле, анын адебине, дүйнөтаанымына, социалдык статусуна ылайык иш эмес болчу. Антип элдин көңүлүн алуу оюна да келбеген, анткенге караганда мамлекеттик маанилүү чечимдерди иштеп чыгууну артык көрчү. Ушундай маанидеги суроолор башка айылдарда деле кайталанып жатты. Көрсө, элдин пейил-кую ошондо эле бузула баштаган экен, мамлекеттик деңгээлде маселе көтөргөндөр шайланбай калышты, көчөлөргө шагыл төктүрүп, жериңи айдап берем деген берендер өттү… Кайсы бир жылы Аксынын бир айлына барып калсам, отургандар депутат Бекназаровду сөз кылып жатышыптыр. — Талааны чегиртке басып кетти, күн сайын чыгып жатабыз, Азимбек кабар албай койду!. -Келгенде эмне кылмак, Азимбек силерге кошулуп алып чегиртке чабышы керек беле?. -Эми чабышпаса да поленин башында туруп алып, «аа дегиле, жигиттер» деп турса болот эле да!!!… Жердештеримдин дооматында чындыктын үлүшү да бар: ушундай маселелерди чече турган жергилик бийлик, агрохимия, защита растений деген кызматтар чечпесе, алардын көйгөйүн укпаса, депутатына кайрылууга аргасыз болушат да. Бекназаров келип алар менен чегиртке чабышып берсе деле болмок, бирок ЖКда мыйзам долбоорлору менен иш алып барганы андан маанилүү эмеспи!. Мындан тыянак: жергилик органдар көп маселелерди чечкенге чамасы келбейт, мындай иштерди кылчу жогорку аткаруу органдардын эл менен байланышы жок, ушундан улам иш кылып бербесе да «поленин башына туруп алып аа дегиле, азаматтарым» деп дем берип турчу, огожо болчу бир моралдык фигуранын орду өксүк экен… Жаналы Нурманбетов

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:54

Өкмөт: чет өлкөдө 44 шайлоо участогу түзүлдү

Чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы керек. Бул тууралуу республикалык штабдын парламенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча жыйынында вице-премьер-министри Акрам Мадумаров билдирди. Жыйында мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөдөгү мекендештердин добуш берүүсү үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоо жана биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жүрүшү боюнча да сөз болду. Маалыматка караганда, чет өлкөдө 44 шайлоо участогу түзүлгөндүгү кабарланды. Аларды тийиштүү материалдык-техникалык база жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен камсыздоо маселелери иштелип жатат. Мындан тышкары парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда коомдук укуктук тартипти камсыздоого тийиштүү маалымат угулуп, тышкы иштер министрлиги тийиштүү иш-чаралар иштелип чыкканын билдирди. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Учурда үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 21:28

Абдурахман Муртазалиев

Ни для кого не секрет, что на сегодняшний день в Кыргызстане спорт находится в плачевном состоянии и нуждается в поддержке. Чемпион мира по грэпплингу, кыргызстанец Абдурахман Муртазалиев @abdurahman_murtazaliev вместе с политической партией "Республика" продвигает программу по развитию спорта в Кыргызстане.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 22:43

Достор, эртең

Достор, эртең Каракол жана Жети-Өгүздө партия лидери Нуржигит Кадырбеков жана талапкерлер жолугушуу өткөрөт. Келип, программабыз менен таанышып, кызыккан суроолор болсо берип кетиңиздер

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:55

Выборы президента Украины: Зеленский лидирует в первом туре выборов (видео)

Фонд “Демократические инициативы” имени Илька Кучерива совместно с Киевским международным институтом социологии и Центром Александра Разумкова провели национальный экзитпол. По его результатам, на выборах президента Украины лидирует шоумен и комик Владимир Зеленский. Об этом заявили представители социологических служб на пресс-конференции. По окончательным данным Национального экзит-пола, Зеленский набирает 30,6% голосов, Порошенко – 17,8%, Тимошенко – 14,2%. В целом, как отмечают наблюдатели, такой расклад сил соответствует соцопросам, проводившимся в преддверии голосования. Шоумен и актер Владимир Зеленский, никогда не занимавшийся политической деятельностью, почти сразу после выдвижения своей кандидатуры превратился в фаворита предвыборной гонки. В предвыборном штабе Юлии Тимошенко уже заявили, что предварительные результаты голосования не соответствуют действительности, и что именно она, а не Порошенко встретится с Зеленским во втором туре, который намечен на 21 апреля. Явка в первом туре, по данным ЦИК, превысила 63%. Официальные результаты первого тура должны быть обнародованы до 10 апреля.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 13:32

БИЗ ДАЯРБЫЗ! СЕНЧИ?

Жаштыкты жана тажрыйбаны айкалыштыра турган мезгил келди БИЗ ДАЯРБЫЗ! СЕНЧИ?

Подробнее
11 сентября 2020 г. 13:33

Биз жаш, билимдүү

Биз жаш, билимдүү, күчтүү, жаратман лидерлерден түзүлгөн командабыз! БИЗ ДАЯРБЫЗ! СЕНЧИ?

Подробнее
25 сентября 2020 г. 17:58

"Кыргызстан" партиясы: "Кен байлыктардан түшкөн киреше - элге!"

"Кыргызстан" партиясы: "Кен байлыктардан түшкөн киреше - элге!"

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

Сабатсыз, текебер адам эл көйгөйүн чече алабы?

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын жетекчиси Мирлан Бакировго оӊтойсуз суроолор… - Мирлан Искакбекович, сиз учурда «Мекеним Кыргызстан» партиясын жетектеп шайлоого бара жатасыз. Сиз вице-спикер болуп турганда дарегиңизге карата кескин сын-пикир арбы­н айтылды. «Жаман атка жал бүтсө жанына торсук байлатпайт» болуп, жөнөкөй аткаминерге «Ту­руңуз ордуңуздан, эмнеге ак көйнөк кийип келбейсиз, Жогорку Кеңеш ба­зарбы?» - деп опурулуп абийриңиз төгүлдү. Натыйжада кечирим сурап кутулдуңуз чынбы? Андан көп өтпөй, «Кыргызстанда жашоосуна нааразы болгондорду Памирге айдаш керек», - деп элге акаарат келтирдиңиз, ыраспы? Эмне мынча текеберсиз? Парламентке келип калсаңыз кыргыздарды Афганистанга көчүрөм деп чыкпайсызбы? Ал аз келгенсип, коронавирус илдетинин учурунда элди кетмен, күрөк берип канал каздырыш керек деп чыктыңыз, чынбы? Элде ала албаган өчүңүз барбы? Соцтармакка акылдуу болуп пост жазсаңыз эле катасынан баш айланат. Же калппы? Сабатсыз, текебер адам партия жетектеп, парламентке жулунуп жатканы Кудайга жагабы? Деги өзүңүз тууралуу кандай «бийик» ойдосуз? Жөн эле эс алсаңыз кантет?

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

"Кыргызстан" партиясынан талапкер Эрмек Нургазиевдин расмий билдирүүсү

"Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эрмек Нургазиев адвокатка кол көтөрдү делген маалымат боюнча түшүндүрмө берди. Эрмек Нургазиевдин айтымында, “Альянс Курулуш” компаниясынын коомунун үлүш ээлеринин кызыкчылыгын коргойт делген адвокат жаңжалды атайын уюштурган. “Бул окуя 2019-жылдын 7-сентябрында болгон. Мен кооперативдин төрагасы болуп шайланган Бишкектин 8-кичи районундагы объекттин жер төлөсүн "Капитал Плюс" микрокредиттик компаниясы камакка алмакчы болгон. Ошол күнү үлүш ээлери менен болгон жолугушууга ал адвокат эч ким чакырбаса дагы келген. Бирок ал чагымчылдыкты алдын-ала пландаштырып, окуяны видеого тартууга адамдарды даярдап койгон. Сүйлөшүү учурунда ал кырдаалды козутуп, биринчи мени жаакка чаап жиберди, мен дагы эмне кылышты билбей аны чаап жибердим. Белгилей кетейин, ал атайлап күтүлбөгөн жерден ачык чагымчылдыкка барган. Бул окуядан кийин ал милицияга арыз жазган. Мен дагы арыз жаздым. Ошол эле күнү милицияга күбөлөр менин сөздөрүмдү тастыкташты. Ошентип чыр-чатак жөнгө салынган. Бул окуядан бир жыл өткөн соң адвокат менин парламенттик шайлоого аттангандыгымды билип, бул окуянын видеосун жарыялап жатат. Ал видеодон мени жаакка чапкан бөлүктү кесип салып, окуяны башка өңүткө буруп, шайлоо өнөктүгүмө тоскоолдук кылууну көздөөдө. Насыя алган адамдар төлөмдөрдү кечиктирген үчүн «Капитал плюс» микрокредиттик компаниясы насыя алуучуларды сотко берип, күрөөгө коюлган мүлктү камакка алышкан. Ошентип алар “Альянс Курулуш” курулуш компаниянын мүлкүн камакка алышып, натыйжада 600 үй-бүлө жабыркаган. Жабыр тарткандар аны адвокат кылып жалдашат. Ал үлүшчүлөрдүн укугун коргогону менен «Капитал плюс» микрокредиттик компаниясы менен кызматташкан. 2018-жылы "Альянс Курулуш" курулуш компаниясынын директору камалган соң үлүш ээлери мен баштаган турак-жай курулуш кооперативин каттоодон өткөрүп, имаратты бүтүрүп берүүмдү суранышты. Бирок «Капитал Плюс» компаниясы, анын ичинде адвокат буга бут тосушту. Алар үчүн үйдүн курулушу бүтпөй, сот аркылуу аларга өтсө пайдалуу болмок”, – дейт Эрмек Нургазиев. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а. 20:03 11-09-2020

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

Кара-Суу №4 – тизмедеги "Мекеним Кыргызстан" партиясын тандайт!

Кара-Суу районунун тургундары “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерлерди жакшы маанайда тосуп алышты. “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов менен жолуккан жергиликтүү калк, пандемия учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын айтып, ак сакалдуу аталар, ак жоолукчан апалар баталарын беришти. Бул жөн гана сөздөр эмес, чыныгы колдоо. Жолугушуу учурунда “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов: - “Бүгүн республикада жалпы системалык кризис башталды. Коронавирус пандемиясы 2020-жылдын башынан бери көптөгөн жарандарыбыздын өмүрүн алып кетти. Өлкөдө жумушсуздуктун саны көбөйдү, медицина тармагынын деңгээли алсыз болуп импортко көз каранды экономика мамлекеттик башкарууга жана аткаруу бийлигинин көз карандысыз чечим кабыл ала албагандыгын көрсөттү. Азыр калк психологиялык кысымды баштан өткөрүп жатат, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал баарыбызды ойлонтту. Тилекке каршы, саясий уюмдун көптөгөн мүчөлөрү дагы бул илдетке кабылып, айрымдары узак убакытка чейин күрөшүп, ал эми кээ бирлери жакындарынан айрылды. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү, бардык адамдардай эле, чоң соккуларды башынан өткөрүштү. Тилекке каршы, адамдар буга чейин көп нерсенин баркын билчү эмес. Өлкөнү өнүктүрүү, өстүрүү биздин милдет экенин түшүндүк", - деди. "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Алишер Козуев: - "Ар бирибиз өзүбүздүн көз карашыбызды, өзүн-өзү башкара билүүдө көп кыйынчылыктарды кезиктирдик. Биздин максатыбыз өнүккөн базар экономикасы бар социалдык багыттагы мамлекетти куруу жана ар бир мекендештин жыргалчылыгын жогорулатуу", - деди талапкер. “Мекеним Кыргызстан” партиясы - ар бир жарандын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет 18:57 11-09-2020

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

"Мекеним Кыргызстан” партиясы: Үйсүз үй-бүлө – үнсүз булбул

"Мекеним Кыргызстан" партиясы шайлоо алдындагы программасында улуттун уңгусун улаган үй-бүлөнү унутта калтырган жок! “Мекеним Кыргызстан” партиясы ар бир кыргызстандыктардын үй-бүлөсүно көңүл буруп, мугалим жана дарыгерлер үчүн эки жыл аралыгында экиден көп кабаттуу үйлөрдү куруу демилгесин колдойт. Үйсүз үй-бүлө – үнсүз булбул Бюджеттик кызматкерлер, жакыр катмардагы жарандар жана аймактардагы жашоочулар үчүн үй-жайга ээ болуу оңой эмес маселе бойдон калууда. Мамлекеттик ипотекалык компания бул багыттагы жагдайды жакшыртууга аракеттенип жатканы менен, турак жай менен камсыздоо программасы туруктуу каржылоого муктаж болгондуктан үзгүлтүк менен ишке ашууда. Биздин сунуш: – Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердигин оптимизациялоо; – Өлкө бюджетине оорчулукту азайтуу максатында арзан турак жай сатып алууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган компаниянын программаларын каржылоонун кошумча булактарын табуу жана тартуу; – Бара-бара сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен социалдык турак жайды ижарага алуу программасын иштеп чыгуу; – Аймактарда ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан жергиликтүү ишкерлер менен инвесторлорду өздөрүнүн социалдык программаларынын алкагында жергиликтүү тургундар үчүн үй салып берүүсүнө стимулдаштыруу; – Аймактарда жеке турак жай курулушун өнүктүрүү механизмин карап чыгуу. Мындай механизмдин алкагында мамлекет иш берүүчүнүн каражаты менен турак жай курулушун биргелешип каржылоо үчүн субсидия бере алат. Жумуш берүүчү мындай турак жайды өз кызматкерлерине ижарага берсе болот. Беш жыл иштегенден кийин ижарачы бул турак жайды курулуштун болжолдуу наркынын 15 пайыздан ашпаган баасы менен менчикке өткөрүп алуу укугуна ээ болот. Мындай механизм региондорго жаш адистерди тартуу менен гана чектелбестен, жер-жерлерде ушул тармакка тиешелүү инфраструктураны баскыч-баскыч менен өнүктүрүүгө түрткү берет; – Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында мугалим жана дарыгерлер үчүн эки жыл аралыгында экиден көп кабаттуу үйлөрдү куруу. “Мекеним Кыргызстан” партиясы – мамлекеттин өнүгүшүнө чоң багыт берет! “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиздер! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 18:15 11-09-2020

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:58

Жылдыз Мусабекова "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Жылдыз Мусабекова учурдагы шайлоодогу саясий кырдаалга токтолуп, албармандарга ток этер сөзүн айтып, айрым такталбаган маалыматтарга чекит койду. - Саламатсызбы Жылдыз Аманбековна, акыркы учурдагы саясий кырдаалдар кандай болуп жатат? - Мекенчилдик эмнеден башталат? Мамлекеттүүлүк символдорун сыйлап, урматтоодон. Азганакай элиңдин барына топук кылуудан. Башаламан, эки жүздүүлүк, кылмыштуулук күч алса кыйналбай, кысталбай, мамлекетке жүгүн артпай, кадыр-колко кылбай белдерин бекем бууп, бешенесине жазган тагдырларына моюн сунуп жашап аткан кыйын элибиздин бары кандай сонун. “Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч”, “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген улуу философия менен жашаган кыргыз телибай тентектерин, уул, кыздарынын каталарын кечирип, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло алат. Кыйын кырдаалда бири-бирине калкан, кылыч, белине кырчоо эл биз кыргыз эле болсок керек. Мекенчилдигибизди баса белгилегендин дагы бири - биздин туубуз. Кайсы өлкөгө барбайын ар кандай иш-чараларда имарат ичинде башка калкынын саны бизден миң, миллион эсе көп улуттардын жанында тууң желбиреп турса көкүрөктөгү сыймык көөдөнүңдү козгоп, көзгө жаш алдырат. Дүйнөдө 20-30-40 миллион эли бар, бирок мамлекети жок улуттар толтура. Мамлекет кура албай зар какшап жүрүшөт. Азганакай болсок да Кыргызстан деген күнөстүү өлкөбүз бар экенине сыймыктанам. - Жакынкы аралыкта эле “Мекеним Кыргызстан” партиясы тууну боз үйдүн түндүгүнөн чыгарды” деген талкуу кетти. Ага сиздин көз карашыңыз кандай? - Өткөндө “Мекеним Кыргызстан” партиясы тууну боз үйдүн түндүгүнөн чыгарды” деп, Американы ачкандар эмгиче айтып бүтө албай ыңгайы келе калганда ала жатканды адат кылышты. Анда эмесе өткөнгө кайрылайын. Эсиңерде болсо керек былтыр Орто Азиянын тарыхында биринчи жолу Кыргызстанда гей парад өткөн. Болгондо да борбордук аянтта. Курманжан датка энебиздин эстелигинин алдында топтошкон маңкурттар бетибизге көө жапкан. Албетте, билбегенге бир эле митинг өттү, гейлердин желегин көтөргөн. “Анын эмнеси бар экен?” деп ырсактап, тыңсынгандар да кекиртектен болду. Ооба, билгенге улуттун уңгусуна сокку согулду. Кыргыз элинин келечегине балта урулду, кылычы кыя чабылды... Мамлекетибиздин борбордук аянтында гейлердин парады өткөнү - бул маскарачылык, маңкурттуктун жеткен чеги. Кыйын күндө өз баласынын башынан кечип, өрөөндүн элин сактап калган Датка энебизди мазакташты. Кыргыз элинин энелеринин көөдөндөрүнө түкүрүштү. Алайлык бир эл өкүлү үн каттыбы? Борбордук аянтта Манас турат, “Манастын атына шек келтирдиңер” деп бир таластык эл өкүлү бакырдыбы? Жок! Айрым бейөкмөт уюмдардын бейжайынан, бет тырмаганынан чочуп коомайланышты. Улут, нарк, насил маселесине келгенде дудук, дүлөй, сокур...Кыргыз элинин кылымдан-кылымга сакталып келаткан тарыхына, үрп-адатына, салтына, бүтүндөй баалуулуктарыбызга, ата-бабалар мурасына сасыктарды сайраңдатып, тебелеп, тепсеттирдик! Өтө өкүнүчтүүсү энебиздин, Манастын эстелигин мазактагандар кыргыз жөнүндө эмне деп гана жазган, айткан жок. Өңчөй “киргиздер” чогулуп алып кыргыздын кымыз, айыл, кыргыз жыттанган уул, кыздарын "мырк, тупоголовые, колхоз, мрач, срач, необразованные тупые" деп ооздорунун отуз эки тишин көргөзө каткырышты. Ошондо эч ким бакырып чыккан жок! - Жылдыз Аманбековна, “С аясат сапырылган жерде улут да өлөт. Кыргыздын мыкты уулдары ойгонгондо гана улуттук кызыкчылык, баалуулук улуттун уңгусу деген ыйык нерселер көздүн карегиндей аздектелет ” деп жүрөсүз. Ошондой чыгаандар арабызда барбы? - Мамлекет жалгыз. Жападан жалгыз. Кызыкчылыктар болсо миң сан, керек болсо миллиард. “Кыйын кезде кыргыздын кырына кырчоо, белине белбоо болом” деген интеллигенция өтө аз экенине ынандым. Акыны да, жазуучусу да жым болуп жымырап гана жатышты. Алыска кепти созбойун, Акаев доорунда бир канча жыл жумуртка басып, түндүк көтөргөн аял борбордук аянтта турду. Оозуна талкан сугунуп алгансып эч ким лам дешпеди. Дээрлик өзүн интеллигенция эсептеген көбүнөн ошо кезде ушу аял боюнча, дегеле мамлекеттүүлүк маселесине келгенде пикир сурасаң “айланайын, Ала-Арчага көмүлбөй калам” деп артын карабай качышчу. Мен жетектеген “Айат” гезити 2010-жылдан кийин сандан-санга саймедиреп отуруп, араң эки жылдан соң каражолтой аялды алып тындык. Ага чейинки Убактылуу Өкмөт да “лам” деген эмес! Туура, саясат сапырылган жерде улут да өлөт. Кыргыздын мыкты уулдары ойгонгондо гана улуттук кызыкчылык, баалуулук улуттун уңгусу деген ыйык нерселер көздүн карегиндей аздектелет. Айтор, биз нан тебеледик, казанга түштүк, эркегибиз катын болгонуна сыймыктанып, кыздар чай куйганды чанды...Улутка сокку урулуп атканда айрым урматтуу уулдарыбыз, кымбаттуу кыздарыбыз баштарын коңулга катып, катарыбыздан качты эле, кадимки кыргыздын эле карапайым уулдары боз үйдөн туу желбиретишсе жинигип кала сакташты. Алардын ою боюнча гейлердин желеги желбиресе желбиресин, кыргыздын желеги кара жерге кирсинби?... Ар бир кыргыздын үйүнүн түндүгүнөн Кыргызстан деген мекенибиздин желеги желбиресин. Биз, кыргыздар тээ Манас доорунан бери эркиндикти эңсеп келгенбиз, эркиндик деп Алтайдан Ала-Тоого көчтүк. Баасы бир ушунча кымбат болду. Далай кан төгүлдү. Кыргыз баспаган жер, суу, тоо, токой, зоо, аска, кыргыздын балтасы чаппаган кайың, тал, терек, арча калган жок. Канча кан менен эңсеген эркиндикке ээлик кылган ата-бабаларыбызга таазим! Миңдеген жылдарды карыткан тарыхыбызга Кудайга миң мертебе шүгүр...Бир кезде "ээнсирейт эркиндиктин аралы!" деп жаздым эле, элибиз эч качан ээнсиребесин! Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган жүрөгү Кудайдан корккон мыкты уул, кыздарыбыз көп, ууч кур эмес... Анткени азыр Кыргызстан деген мамлекетибиз бар! Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактайлы, эркелетели, ардактайлы, барктайлы, мактаналы! Ырыскыбызды теппейли. Жаманбы, жакшыбы эгемен элбиз, ушунубуз кут болсун! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 17:11 11-09-2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники