О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
12 сентября 2020 г. 0:17

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы 7 облуска түзгөн программасы

Облустар үчүн өнүгүү долбоорлору Баткен облусунда күрүч, рапс, соя, ошондой эле мөмө-жемиштерди өстүрүүгө багытталган тамак-аш жана кайра иштетүү тармактарын, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү демилгелөө керек. Аты алыска кеткен айтылуу Баткен өрүгү аймактын визиттик карточкаларынын бири жана экспорттун эн белгиси болуп калышы керек. Жалал-Абад облусунда электр энергиясын, электрониканы, көмүр казып алуу жана башка пайдалуу кендерди өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү зарыл. Баарынан мурда пахта өндүрүүгө жана уникалдуу жапайы жаңгак токойлорунун түшүмүн кайра иштетүүгө адистешкен айыл чарба тармагын өнүктүрүү керек. Мындай географиялык жайгашууда рекреациялык инфраструктураны өнүктүрүү да абдан маанилүү. Ысык-Көл облусунда эс алуучу туристтик инфраструктураны интенсивдүү өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле транспорттук жана коммуникациялык инфраструктураны да. Органикалык жашылчалар менен жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү өтө кирешелүү болот. Мындан тышкары Ысык-Көлдө спорттук медицина тармагында кызмат көрсөтүү структурасын иштеп чыгуу керек. Ошондо бизге өздөрүн калыбына келтирүү жана реабилитациялоо үчүн КМШнын бардык өлкөлөрүнөн спортчулар келмек. Нарын облусу өзүнүн географиялык жайгашуусун колдонуп, соода-логистикалык потенциалын өнүктүрсө болот. Нарында ошондой эле жогорку өнүмдүү мал чарбачылыгы үчүн да бардык шарттар бар. Аймак акыркы жылдары этно туризмдин сүйүүчүлөрү үчүн да жагымдуу жайга айланууда. Экологиялык жана медициналык туризмдин багыттары да перспективдүү болушу мүмкүн. Ошондой эле «Нарын» ЭЭАсынын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү керек. Ош облусунун экономикасы үчүн жеңил, кайра иштетүү өнөр жайын, ар тараптуу айыл чарба тармагын, биринчи кезекте бакча өсүмдүктөрүн жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү локомотив болушу мүмкүн. Тоо-кен тармагы да алардын катарында. Экологиялык, этно, ошондой эле «зыярат» туризмин өнүктүрүү да маанилүү, анткени аймакта көптөгөн мазарлар, ыйык жайлар, мечиттер бар. Заманбап байланышты, мунай өнөр жайын, түштүк регионунун чет мамлекеттер менен соода жүргүзүүсүн, ошондой эле эки тараптуу сооданы камсыз кылган инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Суу түтүктөрүнүн жана ирригациялык системанын курулушун улантуу да маанилүү маселе. Талас облусунда кайра иштетүү өнөр жайын түзүү, айыл чарба продукцияларын, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана аларды экспорттоо, байланышты өнүктүрүү маанилүү. Мындан тышкары бул аймакта маданий жана тарыхый туризмди да өнүктүрсө болот. Чүй облусу үчүн логистикалык борборлорду өнүктүрүү, IT-паркка инвестицияларды тартуу, инфраструктура, тоо-кен байлыктарын казуу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана билим берүү мекемелеринин деңгээлин жогорулатуу приоритеттүү багыт болуп саналат. «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиздер! Максатыбыз бир, жолубуз шыдыр элибиз аман болсун! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:17

Башкы прокуратура шайлоо алдында 22 бузуу фактысын аныктады

Башкы прокуратура парламенттик шайлоонун алдында 22 бузуу фактысын каттады. Мекеменин маалымат кызматынан билдиришкендей, башкы көзөмөл орган шайлоо мыйзамын бузууга жол бербөө үчүн ЖМК менен интернет ресурстарга мониторинг жүргүзүүдө. Жалпысынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 материал катталып, сотко чейинки өнүдүрүш башталган. Алардын 21и каралып, ички иштер органдарына тапшырылган. Жарыяланган материалдардын көбү шайлоо документтерин жасалмалоо, кыянаттык менен административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу. Башкы прокуратура ошондой эле, аткаминерлер, муниципалдык кызматкерлер, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, байкоочулар, дин ишмерлери, кайрымдуулук уюмдарынын негиздөөчүлөрү менен өкүлдөрү, жашы жете электер, чет элдик жарандар үгүт иштерин жүргүзө албай турганын эскертет. Ал эми БШКга 6-августтан 10-сентябрга чейин шайлоо тартиптерин бузуу боюнча 33 арыз билдирүү түшкөн. Алардын 18и добуш сатып алууга байланыштуу, административдик ресурсту пайдалануу боюнча 10 арыз келген. Ошондой эле, шайлоо документтерин жасалмалоо боюнча 4 факты тууралуу маалымат түшкөн. Арыздардын эң көбү Бишкектен жазылган — 20. Жалал-Абадда — 5, Ош шаарында — 4, Чүйдө — 2 жана Нарын менен Ысык-Көлдө бирден арыз түшкөн. Бирок БШКнын мүчөсү Атыр Абрахматова укук коргоо органдарында мыйзам бузуу фактылары көп экенин айтты. Бирок азырынча ИИМ ал тууралуу толук маалымат бере элек. «Ордо» партиясы ИИМдин аракеттерине нааразы Анткен менен 8-сентябрда «Ордо» партиясынын өкүлдөрү Панфилов райондук ички иштер бөлүмү шайлоого жана партиянын үгүт иштерине байланыштуу документтерди талап кылып жатканын айтып, РИИБден келген катты социалдык тармакка жарыялашкан. Партиядагылар алардын Бишкектеги жана аймактардагы штабына ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери келип, үгүтчүлөр тууралуу маалыматтарды, имараттын ижарасы боюнча келишим сыяктуу документтерди талап кылышканын билдиришкен. Партия кийинчерээк БШК бул боюнча арыз берген. Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматова РИИБдин бул аракетин Конституцияны жана шайлоо учурунда бардык партияларга жана талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү кепилдигин бузуу деп сыпаттаган болчу. Андан сырткары социалдык тармактарда тигил же бул партиянын шайлоочуларды сатып алууга аракет кылып жатканы, же админресурсту колдонуп дарыгерлерге, мугалимдерге «ушул партияны» шайлайсың деген басым болуп жатканы тууралуу видео, аудиолор тарап жатат.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:27

Эл президенттен эмне уккусу келет?

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы эки айдын ичинде мамлекеттик радио менен сегиз жолу маектешти. Президент апта сайын ишемби күндөрү КТРКнын «Биринчи радиосунун» суроолоруна жооп берүү тажрыйбасын 18-июлда баштаган. Ошол учурда өлкөдө пандемиядан жүздөгөн адам көз жуумп, коомчулукта бийликке нааразылык көп эле. Ага чейин айрым жарандык активисттер мамлекет башчыны «маанилүү маселелер боюнча үн катпайт» деп сындап жүрүшкөн. Кээ бир пиар адистери радиого туруктуу маек кура баштаганын президенттин беделин көтөрүү аракети катары баалап жатышат. Алардын бири PR адис Азим Азимов: «Бул президенттин басма сөз кызматынын аракети. Алгач президенттин «Youtube» каналындагы видео кайрылууларына терс пикирлер көп келди. Президент эл алдына чыгып билдирүү кылганды жактырбайт. Радио ал үчүн коопсуз формат. Радиого даярданып келип, окуп койсо болот. Ошол эле учурда өзү каалаган ойлорду айта алат. Бирок терс реакцияга туш болбойт», - деп жазды. Президенттин радио маектеринин маанисине токтолсок, мамлекет башчы апта ичинде коомчулукта кеп болуп, талкуу жараткан суроолорго жооп берет. Маселен, 18-июлда пандемияда шайлоону өткөрүү же өткөрбөө маселеси коомчулукта талкууланып жаткан учурда, саясий өнөктүк убагында өтөрүн так кесе айткан. Ошондой эле кийинки маектеринде Интернет мыйзамы, түрмөдө көз жумган укук коргоочу Азимжан Аскаров, социалдык тармактарда сын айткандардын суракка чакырылышы жөнүндө пикирлерин билдирди. Ал эми акыркы интервьюсунда шайлоо оюндарын пайдаланып өлкөдөгү туруктуулукка доо кетиргиси келип жаткан күчтөр бар экенин айтып, аларга чара көрүлөрүн эскертти. Антсе да, саясий айдыңда айрымдар президентти «кайсы бир окуялар боюнча пикирлерин туюк билдирип, ачык айтпайт» деп сындашат. Журналист Алмаз Темирбековдун баамында, президенттин маектеринен өкмөт деңгээлиндеги гана маселелер көтөрүлүп жатат. «Президенттин маектеринен улуттук ири долбоорлор тууралуу сөздөрдү же элге дем берген маанини байкай алган жокмун, - деди ал. - Катардагы эле өлкөдөгү күнүмдүк окуялар жөнүндө кеп болот. Эмне долбоор ишке ашты, келечекте кандай иштер бар - ал жөнүндө сөз болбойт. Маек жума сайын чыкса да натыйжасын көрө алган жокмун. Муну менен президенттин кадыр-баркы көтөрүлгөн жок. Президент элге чыгып сүйлөп жатат дейли. Бирок курулай сөздүн кимге кереги бар? Эми элге кайрылуу форматын талкуулаганда эмне? Президент айткан сөздөн жыйынтык чыкпай, натыйжасы болбосо анын билдирүүлөрүнөн пайда жок». Медиа эксперт Султан Каназаров президент Сооронбай Жээнбековдун жума сайын радио менен маектешип жатканын кубаттайт. Ал мындай тактиканы күн тартибинде топтолуп калган маселелер боюнча жооп берүү зарылчылыгы менен түшүндүрдү: «Бул «президенттин өз оозунан чыккан маалыматтар аз болуп жатат» деген пикирлерге жакшы жооп болду. Радиого чыккан маектин текстин коомчулук бардык сайттардан окуп жатат. Бул менимче абдан жакшы технология. Жума сайын күн тартибинде чогулуп калган маселелерге жооп берип жатат. Мурда жылына бир жолу басма сөз жыйынын өткөрчү. Анда айрым маселелер унутулуп калчу. Азыр суроолорго тез жооп берип, маселе күн тартибинен алынып салынат». Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын аягында журналисттерге басма сөз жыйынын өткөргөн. Андан бери эркин медианын журналисттерине президентке суроо берүү мүмкүнчүлүгү түзүлө элек. Ар кандай жыйындарда же аймактардагы иш-сапарларындагы айткандары президенттин басма сөз кызматы тарткан видеолордо гана жарыяланат. Анын үстүнө мурунку президентке салыштырмалуу Жээнбековдун көпчүлүк билдирүүлөрү коомчулукта кызуу талкууга алына бербейт. Социолог Самар Сыргабаевдин пикиринде, мамлекет башчынын ар кандай билдирүүлөрү калктын калың катмарына жетпей жатат. Өлкөдө Жээнбековдун сөздөрүн фактылар менен төгүндөп, талдап, сындаган системалуу оппозиция да жок. «Жума сайын президенттин үнү чыгып жатат, - деди ал. - Бирок кандай ыкма менен? Бул бейтарап, жумшак ыкма. Президент эл алдына чыгып, айрымдардын кыжырына тийбейт. Болгону үнү чыгат. Эми президенттин билдирүүлөрү эмнеге талкууланбайт? Оппозиция талкуулашы керек болчу. Азыр оппозиянын өзү, үнү жок болуп кетти. Ошондой эле анын билдирүүлөрүн талдаган эркин эксперттер да жок». Медиа айдыңында «президенттик аппараттын басма сөз кызматы жабык» деген да сын-пикирлер айтылып келет. Кызматта турганда экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев мамлекеттик телеканалдын радиосу аркылуу жума сайын коомчулукка кайрылуу ыкмасын колдончу. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жылына эки жолу журналисттер менен басма сөз жыйынын өткөргөндөн тышкары, айрым учурда чет элдик телеканалдардын да суроолоруна жооп бергени маалым.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:27

Кыргыз өкмөтү чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринде уюштуруу иштерин талкуулады

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында чет өлкөдөгү шайлоо участокторун жабдуулар жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен камсыздоо маселеси талкууланды. Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйында чет өлкөдөгү мекендештердин добуш берүүсүнө шарт түзүү, биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча Тышкы иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы угулганын кабарлады. Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байланыштуу чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу ачылган. Чет жакта ачылган шайлоо тилкелеринин көпчүлүгү - Орусияда. Быйыл Италиядагы жана Франциядагы кыргызстандыктар алгачкы жолу добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Буга чейин БШК кыргызстандык шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылыш үчүн Рим жана Париж шаарларында добуш берүү участокторун ачуу макулдашылганын билдирген. Миңдеген мигранттар ар кандай себептерден улам Кыргызстандагы шайлоого катыша албай калган учурлар бар. Ушундан улам Орусиядагы мекендештер кыргыз бийлигине Интернет аркылуу добуш берүүнү сунуш кылышкан. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 саясий партия катышып жатат. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган. Кыргызстанда бул жолку парламенттик шайлоо коронавирус пандемиясы учурунда өткөнү жатат. Саламаттык сактоо министрлиги буга байланыштуу шайлоо тилкелеринде санитардык-гигиеналык талаптар сактылышы зарыл экенин эскертүүдө. (BTo)

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:27

АКШ: «Microsoft» компаниясы шайлоого кийлигишүү аракети болгонун ырастады

Америкадагы шайлоолорго чет жактан активдүү кийлигишүү аракети болгонун «Microsoft» компаниясынын ырастаганы АКШ администрациясынын эскертүүлөрүн тастыктады. Мындай маалыматты АКШнын Коопсуздук кеңеши таратты. Мурдараак «Microsoft» АКШдагы келерки шайлоого кийлигишүүгө Орусия, Кытай жана Ирандын хакерлери аракет кылышканы тууралуу маалымдаган. Компания адистеринин маалыматына караганда, орусиялык хакерлер 200дөн ашуун уюмдан чабуул коюшкан. Алардын көпчүлүгү АКШдагы шайлоого түз тиешеси бар жана Европадагы саясий уюмдарга байланыштуу. Маалыматка ылайык, хакерлер демократтар менен бирдей эле республикачыларга да чабуул коюп жатышат. «Майкрософт» чабуулдардын көпчүлүгү ишке ашпай калганын билдирди. Компания Кытай менен Ирандан да Америкадагы шайлоону бутага алган хакердик чабуул болгонун маалымдады. Бирок булардын кайсынысы 2020-жылдагы президенттик шайлоо үчүн коркунуч келтире алары айтылган эмес. АКШнын Коопсуздук кеңеши Орусия хакерлер аркылуу АКШда 2016-жылы болгон шайлоого кийлигишкенин маалымдаган. Расмий Москва бул дооматты четке кагып келет.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 13:51

#БиздинТалапкерлер рубрикасынын алкагында "Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү тууралуу кызыктуу фактылар менен тааныштырууну улантабыз.

#БиздинТалапкерлер рубрикасынын алкагында "Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү тууралуу кызыктуу фактылар менен тааныштырууну улантабыз. 1.Биринчи класска чейин чоң энеси тарбиялаган; 2. Мектепти алтын медаль менен бүткөн; 3. Студенттик жылдарында гандбол командасынын капитаны болгон; 4. “Boundless Love” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири; 5. Йога менен машыгат; 6. Бош убактыларын жаңы жана экзотикалык тамактарды жасап өткөрөт; 7. Эгерде сыйкырдуу күчкө ээ болгондо, бардык ооруларды сакайтууга жумшамак; 8. Дүйнөнүн 16 өлкөсүн кыдырган; 9. Жакшы көргөн китептери: “Бай ата, кедей ата”, “Кичинекей ханзаада”, “Бардык эшиктин ачкычы”; 10. Беш нерсеге ээ болуу мүмкүнчүлүгү болгондо, алар: үй бүлө, карьера, өзүн өнүктүрүү, достору жана ден соолук болмок; 11. Бизнесте 25 жылдан бери жүрөт, туризм, каржылык консалтинг, курулуш иштери менен алектенет; 12. Активдүү коомдук жашоону алып барат; 13. Спорт машиналарын айдоого кызыгат, Маранеллодогу Феррари заводун көрүп, тест-драйвга катышкан; 14. Аюрведа медициналык системасын колдонот; 15. Парфюм – аялзатынын негизги жасалгасы деп ойлойт. __________ В рамках рубрики #НашиКандидаты продолжаем знакомить вас с интересными фактами о членах партии «Кыргызстан». 1. До 1-го класса воспитывалась у бабушки; 2. Окончила школу с золотой медалью; 3. В студенческие годы была капитаном команды по гандболу; 4. Является соучредительницей благотворительного фонда Boundless Love; 5. Занимается йогой; 6. Все свободное время проводит за приготовлением новых и экзотических блюд; 7. Если бы она обладала суперсилой, это была бы способность лечить все болезни; 8. Объездила более 16 стран мира; 9. Любимые книги: «Богатый папа Бедный папа», «Маленький принц», «Ключ ко всем дверям»; 10. Если бы она могла иметь только пять вещей, это были бы семья, карьера, саморазвитие, друзья и здоровье. 11. В бизнесе больше 25 лет: занимается туризмом, финансовым консалтингом и строительством 12. Ведет активную общественную жизнь. 13. Любитель спортивного вождения, посетила завод Феррари в Маранелло и участвовала в тест-драйве. 14. Придерживается медицинской системы Аюрведы 15. Считатет что парфюм – главное украшение женщины.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 21:34

Кара-Буура

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабековдун колдоосу менен Кара-Буура айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктаган. _______________ В июне текущего года при поддержке Торага Жогорку Кенеша Дастанбека Джумабекова в селе Кара-Буура закончилось строительство средней школы на 225 мест.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:29

Прокуратура добушту кыйнап, мажбурлап чогулткандарга чара көрүүнү баштады

Көзөмөл органы Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрдагы чечимине ылайык, интернеттеги басылмаларга мониторинг кылып турат. Прокуратура бир нече ишти карап чыкканын билдирди.БИШКЕК, 11-cен. — Sputnik. Прокуратура органдары шайлоо процессинин бузулушу боюнча жарандардын сегиз кайрылуусун жана 30дан ашык маалыматты карап чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, көзөмөл органы Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрдагы чечимине ылайык, интернеттеги басылмаларга мониторинг кылып турушат. Прокуратура бир нече ишти карап чыкканын билдирди. Добуштарды сатып алышууда Facebook тармагында 7-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган белгисиз адамдардын сүйлөшүүсү жазылып калган факты пайда болгон. Прокуратуранын билдиришинче, анда шайлоочуларга беш миң сомдон жүз долларга чейинки акча сунушталып, добуштарды сатып алуу максаты көздөлгөн. Шаршеналы уулу: эреже бузган партия 300 миң сомго чейин айып тартышы мүмкүн Материалдар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жөнөтүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочуларды сатып алуу") боюнча иш козголгон. Тергөө маектешүү кайда болгонун аныктап, дагы башка жагдайларын иликтеп жатат. Паспорт сурагандар ЖМКлар жазгандай, бир аялга Жал кичи районундагы (Бишкек) ооруканада иштеген таанышы чалып, партиялардын бирине "добушун берүү" үчүн паспортун медициналык мекеменин директоруна тапшырууну суранган. Учурда Ленин райондук ички иштер башкармалыгы фактыны каттап, текшерип жатат. Мектеп шайлоочулардын маалыматын чогулткан 5-сентябрда Октябрь райондук прокуратурасына коомдук фонддордун бири кайрылып, №64 мектеп-гимназиясынын директоруна чара көрүүнү суранган. Фонд мектеп башчысы мугалимдерди окуучуларынын ата-энесинин номерин жана жеке маалыматтарын чогултуп, жакынкы аймактагы участкалык шайлоо комиссиясынын (УШК) катчысына өткөрүп берүүнү талап кылып жатканын билдирген. ЖК депутаттыгына талапкер кандай критерийлерге жооп бериши керек. Тизме Текшерүү учурунда мектеп директору Бишкек шаарындагы №1112 УШКнын төрагасы экендиги аныкталган. Арыз Кылмыш-жаза кодексинин 81-1-беренеси боюнча ("Административдик ресурстарды туура эмес пайдалануу") менен каттоого алынган. Ошондой эле айтылган маалыматтардын арасында тастыкталбаган учурлар болгон.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:29

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңешке аттангандар. Тизме

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.Акыркы болуп катталган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан тизмеге 120 талапкер кирген. Алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана ээлеген кызматын сунуштайбыз. Талапкерлердин кызмат орундары БШКда көрсөтүлгөндөй жазылды. Бир эле телеканалга 3 млн. сом берип... Партиялар акчасын кайда чачып жатат "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын талапкерлери: Мадумаров Адахан Кимсанбаевич, 1965, жумушсуз; Суваналиев Өмүрбек Исакович, 1960, Коопсуздук кеңеши, катчынын орун басары; Масалиев Исхак Абсаматович, 1960, жумушсуз; Саттарова Айгүл Эркебаевна, 1985, жумушсуз; Сманбеков Темирлан Камашович, Б. Кыдыкеева атындагы театр, директор; Тилектешов Улукбек Тилектешович, 1993, жумушсуз; Асанов Курсан Сатарович, 1966, жумушсуз; Нарматова Орозайым Кочконбаевна, 1994, жумушсуз; Ибраев Саматбек Кулукеевич, 1965, ЖК, депутат; Малабаев Медербек Муратбекович, 1991, Байланыш жана технология мамлекеттик комитети, адис; Жамалдинов Зиядин Исламович, ЖК, депутат; Шеркулова Чыныгүл Абдукахаровна, 1979, "Интерчейндж Кочкор-Ата" ЖЧКсы, директор; Домшенко Олег Леонидович, 1970, жумушсуз; Момунов Акат Акынович, 1969, жумушсуз; Акматов Айданбек Акматович, 1967, жумушсуз; Өмүшова Замира Анарбаевна, 1977, жумушсуз; Сапарбаев Эрлан Турдакунович, 1975, Россиядагы улуттук изилдөө университети, аспирант; Айтбаев Акыл Казакович, 1965, Ш. Мусакожоев атындагы инновациялык академия, доцент; Мусаев Люшер Лажапович, 1986, жумушсуз; Айдарова Айгүл Абдисаламовна, 1989, Чүй ОИИБ, тергөөчү; Кадырбеков Ишенбай Дүйшенбиевич, 1949, жумушсуз; Разыков Рахманжан, 1955, жумушсуз; Жайчиев Эмиль Аканбекович, 1976, жумушсуз; Акматова Венера Сайпидиновна, И.Арабаев атындагы педагогикалык окуу жайы, доцент; Болуш Уран, 1983, Кыргы-Канада соода палатасы, директор; Матмусаев Жанышбек Мырзабекович, 1975, ИИМ, пенсионер; Осмонов Малик Калылович, 1957, жумушсуз; Кожокулова Айнагүл Акматкуловна, 1963, "Бишкексвет" ишканасы, экономист; Темиров Абыдин Салайдинович, 1968, "Агро Ала-Тоо" ЖЧКсы, директор; Берикбаев Санжарбек Турдукулович, 1969, Барпы атындагы Жалал-Абад театры, директор; Мирбек Мунарбек уулу, 1994, "Ала-Тоо инженеринг", башкы директор; Эшеналиева Назгуль Арстановна, 1974, жумушсуз; Арапбаев Руслан Арапбаевич, 1988, "Кызыл-Кыя Сууканал" ишканасы, юрист; Алиев Ибрагимбек Махмадшоевич, Улуттук онкология борбору, дарыгер-онколог; Токсобаев Жолдошбек Осмонбекович, 1960, жумушсуз; Токоева Канчайым Канатбековна, 1962, Балдардын көркөм өнөр мектеби, директор; Калмурзаев Азаматбек Тиллабалдыевич, 1979, жумушсуз; Сатаркулов Бакыт Советбекович, 1964, "Ботаб" ЖЧКсы, башкы директор; Довлотов Сейитбек, 1958, "Юринформ" адвокаттар коллегиясы, жактоочу; Бараканова Салтанат Нурудиновна, 1959, ЖК, социалдык маселелер боюнча комитети, эксперт; Бейшенбеков Турсунбек Бейшенбекович, 1990, жумушсуз; Болушов Жеңиш Акматалиевич, "Болуш-Ахмадали" кайрымдуулук фонду, директор; Осмоналиев Марс Мукашевич, 1960, жеке ишкер; Кожоева Ибадат Абдыразаковна, 1962, "Жаачылар" коомдук бирикмеси, жетекчи; Шерматов Батырали Ташбаевич, № 9 үй-бүлөлүк медициналык борбору, укалоочу; Сабырбеков Темирбек Сабыржанович, 1962, жумушсуз; Абдувалиев Алишер Муктаралиевич, 1986, ЖК, депутат; Алибаева Айгерим Абдижалиловна, 1994, жумушсуз; Булашбаев Жолдошбек Осмоналиевич, 1982, жумушсуз; Муратбек уулу Азамат, 1993, "Кош-Дөбө" коомдук бирикмеси, жетекчи; Наргозуев Бегалы Молдогозуевич, 1961, "Авиакомпания Аман эйр" ЖЧКсы, президенттин кеңешчиси; Айтбаева Жылдыз Сагымбаевна, 1979, ОшМУ, юридикалык факультет, доцент; Маматаев Улукбек Калмаматович, 1974, жумушсуз; Шарапов Турсунбай Рахматиллаевич, 1986, жумушсуз; Осмонов Илгиз Сапарбаевич, 1990, "Осмонов жана Ко" ЖЧКсы, башкы директор; Мишина Ирина Витальевна, 1977, жумушсуз; Закиров Жолу Абдуллаевич, 1965, жумушсуз; Ражапов Неъматилло Абдурахманович, 1966, жумушсуз; Тиркешов Медетбек Суеркулович, 1975, жумушсуз; Маматова Динора Турдиалиевна, 1980, жумушсуз; Таиров Шайырбек Азимжанович, 1980, жумушсуз; Хамраева Гулжамал Елемесовна, 1970, жумушсуз; Касымалиев Досубек Кожобекович, 1958, жумушсуз; Измайлова Рамиля Халитовна, 1975, жумушсуз; Мырзакматов Улан Кенжебекович, 1992, жумушсуз.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:29

Шайлоо күнү Чүй облусундагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо чаралары талкууланды

4-октябрь күнү өтүүчү Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан даярдык иштери боюнча Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Чүй облусуна иш сапарынын алкагында жыйын өткөрдү. Чүй облусунун ИИББнын борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн башчылары, Чүй ОИИББнын ардагерлери катышкан жыйында м инистр мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча кызматкерлердин даярдыктарын сурап, ар бир кызматкер шайлоо мыйзамдарына байланышкан өзгөртүүлөр жана толуктоолорду билүүлөрү шарт экенин эскертип, жетекчилер тарабынан окутууларды өткөрүү талаптарын койду. Иш сапары учурунда министр Кашкар Джунушалиев Чүй ОИИББнин имаратында жайгашкан ИИМдин “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун иштеринен кабар алды. Андан кийин Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата райондору, ошондой эле Токмок шаарынын ички иштер бөлүмдөрүндө болуп, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттары жана оңдоп-түзөө жумуштары менен таанышып, милиция бөлүмдөрүнүн өздүк курамдары менен жолугуп, кызматкерлердин ички тартибин бекемдөө, кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле жарандарга сылык мамиле жасоо зарылдыгын эскертти.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 19:31

Республика" партиясы

Республика" партиясы беш салыктын ордуна бир гана салыкты сунуштайт! Чакан бизнести колдойбуз!

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:31

Кворум жоктугуна байланыштуу Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөн жок

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 28-августундагы отурумунда Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо үчүн мурда катталган талапкерлерге кайрадан шайлоону 2020-жылдын 11-сентябрына белгилөө жөнүндө чечим кабыл алган. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, анда, Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, КРнын БШКнын 2020-жылдын 12-августундагы № 163 токтому менен 2020-жылдын 28-августуна дайындалып, ал шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калгандыгынан, кайрадан дайындалган. 2020-жылдын 11-сентябрындагы шайлоодо жалпы 21 депутаттын ичинен 6 депутат катышкан, 15 депутат катышкан эмес. Шайлоо кворум жоктугуна байланыштуу кайра өткөн жок.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:31

Кылмыш иши козголгон мурунку транспорт министри “Кыргызстан” партиясы менен шайлоого баратат

Мурда кызмат абалынан кыянаттык пайдаланды деп иш козголгон мурунку Транспорт министри Нурлан Сулайманов “Кыргызстан” партиясынын катарында шайлоого аттанганы белгилүү болду. Нурлан Сулайманов мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда Тарнспорт министри болуп турган. 2010-жылдан кийин ал “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Аз өтпөй ага жол курууда 250 миллион сомдук тендерди өз кызыкчылыгында өткөргөн деген негизде кылмыш иши козголгон. Ошол кездеги ИИМ Сулайманов суракка барбай чет жакка чыгып кеткенин маалымдап, аны алып келүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгилеген. Бирок, Сулайманов өлкөдөн из суутуп, ага издөө жарыяланган. Бир нече жыл анын кайда жүргөнү белгисиз болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоонун үгүт убагында Өмүрбек Бабанов кылмыш иши козголуп, издөөгө алынып келген Нурлан Сулайманов Сооронбай Жээнбековго үгүттөп Ош шаарында жүргөнүн айткан. Белгилей кетсек, Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу токтотулган.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:31

Чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн

Алдыдагы парламенттик щайлоолорго даярдык көрүү алкагында чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыздоодо көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын жыйынында айтты деп өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөдөгү мекендештердин добуш берүүсү үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоо жана биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жүрүшү тууралуу маалыматы угулду. Белгиленгендей, чет өлкөдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Аларды тийиштүү материалдык-техникалык база жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен камсыздоо маселелери иштелип жатат. Мындан тышкары, парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда коомдук укуктук тартипти камсыздоого тийиштүү маалымат угулду. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тийиштүү иш-чаралар планы иштелип чыккан. «Чет өлкөдөгү мекендештердин парламенттик шайлоого катышуусу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү керек. Бардык уюштуруу маселелерин өз учурунда аткаруу зарыл», – деди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:33

Башкы прокуратура шайлоодогу мыйзам бузуулар жөнүндө Интернеттеги кайсы жарыялар чын болуп чыкканын айтты

Башкы прокуратура шайлоо өнөктүгүндө шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы жөнүндө интернет булактарында жарыяланган басылмаларга байкоо жүргүзүүнү жана карап чыгууну улантууда. Конституциялык мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен, айрым басылмалар чечим кабыл алуу үчүн ички иштер органдарына жана аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилет. Тактап айтканда, Жукуралиев Ж.нын Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында жарыяланган маалыматты изилдөөнүн натыйжаларына ылайык, 09.07.2020-ж., Анда Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган белгисиз адамдардын 5000- добушка пара алуу жөнүндө сүйлөшүүсү жүрүп жатат. 5500 миң сом, ошондой эле 100 АКШ доллары, материалдар Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгына жөнөтүлүп, алар КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү (шайлоочуларга пара берүү) менен КЖЖБР каттоосунан өткөн. Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, белгисиз адамдар менен сүйлөшүү Ош шаарынын У.Салиева көчөсүнүн 20 \ А дарегинде жайгашкан Мээрим дүкөнүнүн жанында болгондугу аныкталды. Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. 8-сентябрда “Азаттык” маалымат порталы Жал кичирайонунда жайгашкан ооруканадан таанышы чалып, белгилүү бир саясий партияга добуш берүү үчүн паспортун медициналык мекеменин директоруна өткөрүп берүүнү суранган Т.Шайдуллаева жөнүндө маалымат жарыялады. Ленин райондук ички иштер башкармалыгы басылманы изилдөө учурунда бул фактыны Маалымат журналына каттап, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. 8-сентябрда Базар-Коргон районунун прокуратурасы мессенджерлердеги басылмалардан 2020-жылдын 5-сентябрынан 6-сентябрына караган түнү, саат 03:00 чамасында, белгисиз себептерден улам Ата-Мекен партиясынын үгүттөө баннерине доо кеткендиги боюнча материалдарды топтогон. Моголь айыл өкмөтүнүн Ооган-Талаа айылы, чечим кабыл алуу үчүн облустун Ички иштер башкармалыгына жиберилген. Бул иш Кылмыш кодексинин 94-беренеси (бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн катталган. Шайлоо процессинде жарандардын келип түшкөн арыздары менен кайрылууларын талдоо жүрүп жатат. Ошентип, 5-сентябрда "Жалпы бизнес" коомдук фонду Октябрь райондук прокуратурасына No64 гимназиянын мүдүрү Ч.Бга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. жогоруда аталган мектептин аймагында жайгашкан участкалык шайлоо комиссиясы. Текшерүү учурунда Б, Б. Бишкек шаарындагы No1112 УШКнын төрагасы. Бул билдирүү материалдар менен бирге ERPP каттоосунда Кылмыш кодексинин 87-1-беренеси (административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Белгилей кетүүчү нерсе, жалпысынан республиканын прокуратурасы тарабынан 30дан ашуун басылмалар жана шайлоо жараянынын мыйзам бузуулары боюнча жарандардан түшкөн 8 арыз каралды. Башкы прокуратуранын пресс-борбору Сүрөт www

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники