О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 15:54

4-октябрда

4-октябрда – 4-номерди тандаңыз! "Мекеним Кыргызстан" партиясы – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Тандоо такталды! *** 4 октября - номер 4! Партия «Мекеним Кыргызстан» - партия каждого кыргызстанца! Выбор очевиден!

Подробнее
10 сентября 2020 г. 15:58

Беш алдык!

Беш алдык! Пятерку получили!

Подробнее
10 сентября 2020 г. 15:59

Алдыга жол

Алдыга жол __ Өмүрлөрүн тобокелге салган ыктыярчылар "Республика" партиясын тандашты #14 ✅

Подробнее
10 сентября 2020 г. 16:20

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Коомдук каналдын эфиринде

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Коомдук каналдын эфиринде саат 20:05 те "Ой ордо" телеберүүсүндө "Замандаш" саясий партиясынын талапкерлери "Келерки шайлоо келечекти өзгөртөбү?", - деген суроого жооп берет.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 15:54

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери катары Кыргызстандагы жолдорду өнүктүрүү боюнча улуттук программаны сунуштайм

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкери катары Кыргызстандагы жолдорду өнүктүрүү боюнча улуттук программаны сунуштайм. Анын ичинде Балыкчы-Бөкөнбай-Каракол жолундагы 224 чарчы метрге созулган 6 тилкелик жол салуу планы турат. Жол четиндеги тосмолор, веложолдор менен да туристтердин көңүлүн бура алабыз. Бул Борбор Азиядагы жана Кыргызстандагы эң узун веложол болмокчу. Эгерде бул веложолго 1 миллион турист келсе, өлкөбүзгө 500 миллион долларга чейин түз инвестиция түшөт. *** Как кандидат от партии "Мекеним Кыргызстан" предлагаю национальную программу развития дорог в Кыргызстане. В частности, предлагается план строительства 6-полосной дороги протяженностью 224 квадратных метра маршруту Балыкчи-Боконбай-Каракол. Для привлечения туристов очень важно иметь разделительный забор и велосипедную дорожку. Это будет самая длинная велодорожка в Кыргызстане и Средней Азии. Если на эту велодорожку приедет 1 миллион туристов, то наша страна может получить до 500 млн. долларов прямых инвестиций.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 16:01

Өмүрлөрүн тобокелге салган ыктыярчылар "Республика" партиясын тандашты

Өмүрлөрүн тобокелге салган ыктыярчылар "Республика" партиясын тандашты "Республика" партиясы өзүнүн тарапташтары болуп эсептелинген ыктыярчыларга пандемия учурунда кыргыз элине жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык грамоталарын тапшырды. Ыктыярчылардын сап башында жүргөн Абдурахман Муртазалиев менен Тынчтык Алтымышев "Республика" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанышууда. Экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова "Республика" партиясы "Ыктыярчылык" жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелей турганын билдирди. Мындан тышкары Алтынай Өмүрбекова, 2021-жылды "Ыктыярчылар жылы"-деп жарыялоону сунуштай турганын кошумчалады. Пандемия күчөп турган маалда, эл үчүн жан үрөп кызмат кылгандардын бири - белгилүү ырчы, бизнесвумен Анжелика Кайратова "Республика" партиясы менен элдин ортосунда ыктыярчы болуп, "Алдыга жол" программасын тандап, "Республика" партиясын колдой тургандыгын билдирди.

Подробнее
22 сентября 2020 г. 21:01

Алтынай Өмүрбекова

Алтынай Өмүрбекова: “Республика” Мамлекет турак- жайларды укук органдары үчүн эмес, дарыгерлер менен мугалимдерге курушу зарыл!

Подробнее
10 сентября 2020 г. 18:14

Айдана: Кылымдарды карыткан кыргыз эли - татыктуу жашоону каалайт!

Айдана: Кылымдарды карыткан кыргыз эли - татыктуу жашоону каалайт!

Подробнее
10 сентября 2020 г. 13:45

Ар бир жаран,

Ар бир жаран, анын түйшүктөрү, кубанычтары, максаттары жана көйгөйлөрү менен – мамлекеттик саясаттын башкы тапшырык ээси. Демократиялык баалуулуктар жана башкаруу ыкмалар менен социалдык багытталыш – катардагы жаранга багытталган вектор.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 21:16

"Ата Мекен" шайлоочулары менен жолугушууларын улантууда.

"Ата Мекен" шайлоочулары менен жолугушууларын улантууда. ⠀ Талас жана Ысык-Көл жергесиндеги жолугушуулардан соң, кийинки кезек Чүй облусунда. ⠀ Бизге ишеним көрсөткөн ар бир тарапташыбызгп терең ыраазычылык билдиребиз! Жеңишке бирге жетебиз! ⠀ ** ⠀ "Ата Мекен" продолжает встречи с избирателями. ⠀ Таласская область, Иссык - Кульская область, а сегодня и в последующие дни — Чуйская область. ⠀ Мы выражаем благодарность каждому, кто верит в нас и наши идеи. Вместе мы придем к победе! Добушуңду сатпа, Мекениңди сакта!

Подробнее
10 сентября 2020 г. 21:18

“Бүгүнкү күндө ишкерлик менен алектенем дегендер көптөгөн тоскоолдуктарга дуушар болот.

“Бүгүнкү күндө ишкерлик менен алектенем дегендер көптөгөн тоскоолдуктарга дуушар болот. Анткени, буга чейин кабыл алынып калган татаал мыйзамдар, бизнести өнүктүрүүгө жол ачпай, тескерисинче аны басып турат”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Абдисаит Каримбеков Баткен шаарындагы үгүт кербени маалында билдирди. Айтымында, тоскоолдуктар көп болгондуктан, жаңы ачылган фирмалардын көпчүлүгү жабылып калат. “Статистика боюнча 1 жылда 100 фирма ачылса, 3 жылдын ичинде 10го жакыны иштеп, 90у жабылат. Бул кошумча чыгымга алып келип, убакытты алууда. Эгер бизнес жаатында ишкерлер үчүн өнүгө турган шарт түзөбүз десек, биринчи кезекте мамлекет тараптан бизнести жүргүзүү эрежелери ачык-айкын жана жеңил болушу керек. Мамлекет ишкерликти текшерүүчү орган эмес, ал бизнес үчүн өнөктөш органга айланып, кызматташуу керек”, -деди Абдисаит Каримбеков. Ал каржы маселесине да токтолуп, коммерциялык банктардагы пайыздык чендердин өтө жогору экенин айтты. “Жогорку пайыздык чен менен бизнес куруп, андан пайда табуу өтө оор. Ошолордун баары жолго коюлган эмес. Бизнес - бул кошумча иш орду деген сөз. Кыргызстандагы жумушсуздукту чакан жана орто ишкерлик аркылуу чече алабыз”, -деди А.Каримбеков.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 21:19

“Айыл турмушу, өзгөчө аялдардын жана балдардын укуктары мени кайдыгер калтырбайт.

“Айыл турмушу, өзгөчө аялдардын жана балдардын укуктары мени кайдыгер калтырбайт. Алардын укуктарын коргоо максатында, мен дагы талапкерлигимди коюп, шайлоого аттандым”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Бактыгүл Момбекова Баткен шаарындагы үгүт кербени маалында айтты. “Негизи менин саясатка баруу тууралуу оюм жок болчу. Кыргызстанда ата-эне мээриминен ажыраган балдарды окутуп, алардын жашоосуна шарт түзүп, белгилүү инсандар аркылуу келечегине багыт берүү менен жүрө берсем деле болмок. Бирок, четте карап тура албай, бир максатты көздөгөн команда менен шайлоого аттандым”, - деди Б.Момбекова. Ал шайлоого популисттик сезим, популисттик идеялар менен баруунун кереги жок экенин айтты. “Өлкөбүз 30 жылдан бери өнүкпөй, экономикасы бечел бойдон калып келет. Буга кайдыгер карап турбашыбыз керек. Максатыбыз - эскирген системаны жок кылып, Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөдүн катарына кошуу”, - деди Б.Момбекова.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 21:23

"Мекеним Кыргызстан"

Өлкөнү өнүктүрүүгө багыт алган "Мекеним Кыргызстан" саясый партиясы өзүнүн программасын мамлекетте болуп жаткан башкы көйгөйлөрдү эске алуу менен иштеп чыкты. Тагыраагы, аталган партия башка партиялардан айрымаланып, популизмден алыс болуп, конкреттүү жана натыйжалуулукка багытталган. *** Скажи «Да» - под таким названием партия «Мекеним Кыргызстан» презентовала свою программу. Программа разработана с учетом вызовов и реального положения дел. Программа лишена популизма и пронизана конкретикой и нацелена на результативность

Подробнее
11 сентября 2020 г. 13:45

Реформа" партиясы

Реформа" партиясы жогорку көрсөткүчтөгү туруктуу жана жазаланбаган коррупция бар өлкө эч качан өнүгө албайт деп эсептейт. Биз иликтөөнү жана адилеттүүлүктү талап кылабыз! ⠀ Партия Реформа считает, что невозможно никакое развитие в стране, где существует устойчивая безнакаказанная коррупция на самом высоком уровне. Мы требуем расследования и справедливости!

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:17

Жылдыз Мусабекова — «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Жылдыз Мусабекова учурдагы шайлоодогу саясий кырдаалга токтолуп, албармандарга ток этээр сөзүн айтып, айрым такталбаган маалыматтарга чекит койду. — Саламатсызбы Жылдыз Аманбековна, акыркы учурдагы саясый кырдаалдар кандай болуп жатат? — Мекенчилдик эмнеден башталат? Мамлекеттүүлүк символдорун сыйлап, урматтоодон. Азганакай элиңдин барына топук кылуудан. Башаламан, эки жүздүүлүк, кылмыштуулук күч алса кыйналбай, кысталбай, мамлекетке жүгүн артпай, кадыр-колко кылбай, белдерин бекем бууп, бешенесине жазган тагдырларына моюн сунуп жашап аткан кыйын элибиздин бары кандай сонун. «Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч», «атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген улуу философия менен жашаган кыргыз телибай тентектерин, уул, кыздарынын каталарын кечирип, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло алат. Кыйын кырдаалда бир-бирине калкан, кылыч, белине кырчоо эл биз кыргыз эле болсок керек. Мекенчилдигибизди баса белгилегендин дагы бири биздин туубуз. Кай өлкөгө барбайын, ар кандай иш чараларда имарат ичинде башка калкынын саны бизден миң, миллион эсе көп улуттардын жанында тууң желбиреп турса, көкүрөктөгү сыймык көөдөнүңдү козгоп, көзгө жаш алдырат. Дүйнөдө 20-30-40 миллион эли бар бирок, мамлекети жок улуттар толтура. Мамлекет кура албай зар какшап жүрүшөт. Азганакай болсок да Кыргызстан деген күнөстүү өлкөбүз бар экенине сыймыктанамын. Жылдыз Мусабекова. — Жакынкы аралыкта эле ««Мекеним Кыргызстан» партиясы тууну боз үйдүн түндүгүнөн чыгарды» деген талкуу кетти ага сиздин көз караш кандай? — Өткөндө ««Мекеним Кыргызстан» партиясы тууну боз үйдүн түндүгүнөн чыгарды» деп, Американы ачкандар эмгиче айтып деп бүтө албай, ыңгайы келе калганда ала жатканды адат кылышты. Анда эмесе өткөнгө кайрылайын. Эсиңерде болсо керек, былтыры Орто Азиянын тарыхында биринчи жолу Кыргызстанда гей-парад өткөн. Болгондо да борбордук аянтта. Курманжан датка энебиздин эстелигинин алдында топтошкон маңкурттар бетибизге көө жапкан. Албетте, билбегенге бир эле митинг өттү, гейлердин желегин көтөргөн. «Анын эмнеси бар экен?» деп ырсактап, тыңсынгандар да кекиртектен болду. Ооба, билгенге улуттун уңгусуна сокку согулду. Кыргыз элинин келечегине балта урулду, кылычы кыя чабылды... Мамлекетибиздин борбордук аянтында гейлердин парады өткөнү бул маскарачылык, маңкурттуктун жеткен чеги. Кыйын күндө өз баласынын башынан кечип, өрөөндүн элин сактап калган Датка энебизди мазакташты. Кыргыз элинин энелеринин көөдөндөрүнө түкүрүштү. Алайлык бир эл өкүлү үн каттыбы? Борбордук аянтта Манас турат, «Манастын атына шек келтирдиңер» деп бир таластык эл өкүлү бакырдыбы? Жок! Айрым бейөкмөт уюмдардын бейжайынан, бет тырмаганынан чочуп коомайланышты. Улут, нарк, насил маселесине келгенде дудук, дүлөй, сокур...Кыргыз элинин кылымдан-кылымга сакталып келаткан тарыхына, үрп, адатына, салтына, бүтүндөй баалуулуктарыбызга, ата, бабалар мурасына сасыктарды сайрандатып, тебелеп, тепсеттирдик! Өтө өкүнүчтүүсү, энебиздин, Манастын эстелигин мазактагандар кыргыз жөнүндө эмне деп гана жазган, айткан жок. Өңчөй «киргиздер» чогулуп алып кыргыздын кымыз, айыл, кыргыз жыттанган уул, кыздарын «мырк, тупоголовые, колхоз, мрач, срач, необразованные тупые» деп ооздорунун отуз эки тишин көргөзө каткырышты. Ошондо эч ким бакырып чыккан жок! — Жылдыз Аманбековна, « Саясат сапырылган жерде улут да өлөт. Кыргыздын мыкты уулдары ойгонгондо гана улуттук кызыкчылык, баалуулук улуттун уңгусу деген ыйык нерселер көз карегиндей аздектелет», деп жүрөсүз. Ошондой чыгаандар арабызда барбы? — Мамлекет жалгыз. Жападан жалгыз. Кызыкчылыктар болсо миң сан, керек болсо миллиард. «Кыйын кезде кыргыздын кырына кырчоо, белине белбоо болом» деген интеллигенция өтө аз экенине ынандым. Акыны да, жазуучусу да жым болуп жымырап гана жатышты. Алыска кепти созбойун, Акаев доорунда бир канча жыл жумуртка басып, түндүк көтөргөн аял борбордук аянтта турду. Оозуна талкан сугунуп алгансып эч ким лам дешпеди. Дээрлик өзүн интеллигенция эсептеген көбүнөн ошо кезде ушу аял боюнча, дегиле эле мамлекеттүүлүк маселесине келгенде пикир сурасаң «айланайын, Ала-Арчага көмүлбөй калам» деп артын карабай качышчу. Мен жетектеген «Айат» гезити 2010-жылдан кийин сандан-санга саймедиреп отуруп, араң эки жылдан соң каражолтой аялды алып тындык. Ага чейинки Убактылуу өкмөт да «лам» деген эмес! Туура, саясат сапырылган жерде улут да өлөт. Кыргыздын мыкты уулдары ойгонгондо гана улуттук кызыкчылык, баалуулук улуттун уңгусу деген ыйык нерселер көз карегиндей аздектелет. Жылдыз Мусабекова. Айтор, биз нан тебеледик казанга түштүк, эркегибиз катын болгонуна сыймыктанып, кыздар чай куйганды чанды...Улутка сокку урулуп атканда айрым урматтуу уулдарыбыз, кымбаттуу кыздарыбыз баштарын коңулга катып, катарыбыздан качты эле, кадимки кыргыздын эле карапайым уулдары боз үйдөн туу желбиретишсе жинигип кала сакташты. Алардын ою боюнча гейлердин желеги желбиресе желбиресин, кыргыздын желеги кара жерге кирсинби?... Ар бир кыргыздын үйүнүн түндүгүнөн Кыргызстан деген мекенибиздин желеги желбиресин. Биз, кыргыздар тээ Манас доорунан бери эркиндикти эңсеп келгенбиз, эркиндик деп Алтайдан Ала-Тоого көчтүк. Баасы бир ушунча кымбат болду. Далай кан төгүлдү. Кыргыз баспаган жер, суу, тоо, токой, зоо, аска, кыргыздын балтасы чаппаган кайың, тал, терек, арча калган жок. Канча кан менен эңсеген эркиндикке ээлик кылган ата-бабаларыбызга таазим! Миңдеген жылдарды карыткан тарыхыбызга кудайга миң мертебе шүгүр... Бир кезде «ээнсирейт эркиндиктин аралы!» деп жаздым эле, элибиз эч качан ээнсиребесин! Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган жүрөгү кудайдан корккон мыкты уул, кыздарыбыз көп, ууч кур эмес... Анткени азыр Кыргызстан деген мамлекетибиз бар! Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактайлы, эркелетели, ардактайлы, барктайлы, мактаналы! Ырыскыбызды теппейли. Жаманбы, жакшыбы эгемен элбиз, ушунубуз кут болсун! *** Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл ү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники