О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
11 сентября 2020 г. 1:39

4-октябрда 4-номерди тандаңыз! "Мекеним Кыргызстан" партиясы – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Тандоо такталды!

“Мекеним Кыргызстан” партиясы 2015-жылдын 2-ноябрында түзүлүп, кыска аралыктын ичинде өзүн саясий аренада тааныта алды. Тактап айтканда, 2016-жылы бир канча шаардык кеңештердин шайлоосуна катышып, алардын ичинен Ош жана Бишкек шаарларында ийгиликке жеткен. Шаардык кеңештерден мандатка ээ болгон депутаттар өз милдеттерин үзүрлүү аткарып, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүү сыяктуу ар кандай тармактарда жакшы жыйынтык көрсөтө алышты. 2020-жылдын 2-июнунда өткөн кезектеги съездде “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери болуп Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров шайланды. Төраганын орун басарлык кызматына Канатбек Азиздин талапкерлиги жактырылды. Баса, "Мекеним Кыргызстан" партиясы 4-октябрда – 4-номерде! 4 саны жапондордун айтымында, 1 менен 9 аралыгындагы сандардын бири сиздин маңдайыңызга жазылган тагдыр саны болуп эсептелинет. Бул сан сиздин кулк-мүнөзүңүздү, өзгөчөлүктөрүңүздү, касиетиңиз менен жөндөмдүүлүгүңүздү аныктап берет. Албетте, ким эле болбосун өзүнүн кандай экенин билгиси келет... ...Шайлоо деген жайлоодо жүргөн талапкерлер да түндөн бери сандарды санап, "салмагы сайдын ташындай" деп саймедиреп жатышат. Ошентип "Кудайдын буйругусуз кумурсканын буту сынбайт" демекчи, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын маңдайына 4 саны буюрду. ...Акча мыйзамында 4 саны - бул туруктуулук. Бул сан толуктугу, эс-тутум, эмгек акы, аманат, пенсия дегенди түшүндүрөт. 4 саны нумерологияда чынчыл тапкан акчаны билдирет. Бул сан үнөмдөөнү токтотуп, кирешени көбөйтпөйт же азайтпайт. ...4 саны сиздин эмгекте тапкан кирешеңиз бир гана өзүңүздүн маңдай териңиз менен келет. Айланаңыздагылар сизге качан болсо да ишеним артышат. Бирок досторуңуздун көбү ишеничсиз болушат. ...4 саны - таланттуу уюштуруучунун тагдыры. Мындай адам өз тагдырын өзү жасайт, өзү курат, өзүн өзү ийгиликтерге жетелейт. Анын өмүрдөгү орду бош же жөн эле кыялы эмес. Каалаган, кыялданган нерселердин баары ишке ашат. Анын тагдыры каныккан болот жана алар эмне болбосун баарын уюштура алышат. Өтө чебер, калыс, тартиптүү, ишеничтүү. Алар ар бир ишке өтө жоопкерчиликтүү карайт. Жардам сурагандардан жардам аябайт, сунуштарды угат, маңыздуусун сурап калат. Ар бир маселеде ашыкпайт, шашылбайт, кыйынчылыктардан качпайт. Ак ниеттүүлүк, сабырдуулук, чечкиндүүлүк алардын башкы принциптери. Алар менен чогуу жүрүү жаркын жашооңуз үчүн ишенимдүү, ар бириңиз үчүн ийгиликтүү болот. Андыктан, 4-октябрда 4-номерди тандаңыз! "Мекеним Кыргызстан" партиясы – жаркын келечек, жакшы жашоо! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 15:25 10-09-2020 Автор: Азат Бейшенбеков

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

Шайлоо 2020: Саясий партиялардын теледебаттары кандай тартипте өтөт?

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуучу саясий партиялардын ортосунда акысыз эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак өткөргөн. Ага ылайык, КТРК каналындагы теледебаттар төмөндөгү тартип менен өтөт: Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер партиялардын кайрылуусу - 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин; Талапкер партиялар менен түз байланыш - 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин; Лидерлер теледебаты - 28-сентябрдан 2-октябрга чейин; Айым талапкерлердин теледебаты - 21-23-25-сентябрь; Жаштар теледебаты - 14-16-18-сентябрь; ЭлТР каналындагы теледебаттар төмөндөгү тартип менен өтөт: Талапкер партиялар менен түз байланыш - 14-сентябрдан 18-сентябрга чейин; "Элге эмне дейсиз?" программасы - 28-сентябрдан 2-октябрга чейин; Лидерлер теледебаты - 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин; Партиялар теледебаты түз эфир - 21-сентябрдан 25-сентябрга чейин; (Теледебаттардын күнү, убактысы сүрөттө көрсөтүлгөн). Саясий партиялардын ортосунда акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак кармоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясы катышпай калган. Буга байланыштуу бул партия ар бир графикте 16-сентябрга кошулганын, ал эми убактысын телеканалдар өздөрү чечишерин БШКдан билдиришти. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. 14:36 10-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы программасындагы маданият тармагындагы системасы

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасында маданият тармагы унутта калган жок. “Мекеним Кыргызстан” партиясы маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо зарылдыгына көңүл бурду. Маданият – жан дүйнө азыгы. Маданият менен искусство бюджеттик саясатта приоритеттүү багыттардын катарында турууга тийиш. Аларды эң акырында калган-каткан акча менен финансылоону токтотуу керек. Маданият жана искусство, алардын деңгээли адам капиталынын сапатына түздөн-түз таасир этет жана экономикалык-социалдык өнүгүү үчүн таасирдүү ресурс болуп саналат. Биздин сунуш: – Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо; – Иштебей жабылып калган маданият үйлөрү менен китепканалардын имараттарын жаңы маданий жайларга айлантуу боюнча программа иштеп чыгуу; – Меценаттыкты коомдогу жаңы салт катары жайылтууну мамлекеттик деңгээлде колго алуу; – Архив, китепкана жана музейдеги материалдардын фото, аудио, видеофонддорунан бирдиктүү электрондук фонд түзүп, бирдиктүү маалымат системасы аркылуу маданий мурастардын абалын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө. Каалоочулардын аларды онлайн форматта көрүүсүн камсыздоо; – Кыргыздын айнаамасын жана Орхон-Енисей жазууларын – Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын байыркы түрк рун жазуулары эстелигин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу. "Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 13:07 10-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы

Подробнее
10 сентября 2020 г. 15:46

"Ата Мекен" шайлоочулары менен жолугушууларын улантууда. ⠀

"Ата Мекен" шайлоочулары менен жолугушууларын улантууда. ⠀ Талас жана Ысык-Көл жергесиндеги жолугушуулардан соң, кийинки кезек Чүй облусунда. ⠀ Бизге ишеним көрсөткөн ар бир тарапташыбызгп терең ыраазычылык билдиребиз! Жеңишке бирге жетебиз! ⠀ ** ⠀ "Ата Мекен" продолжает встречи с избирателями. ⠀ Таласская область, Иссык - Кульская область, а сегодня и в последующие дни — Чуйская область. ⠀ Мы выражаем благодарность каждому, кто верит в нас и наши идеи. Вместе мы придем к победе!

Подробнее
10 сентября 2020 г. 16:07

Замандаш: «Партия продолжит также защищать интересы народа!»

Замандаш: «Партия продолжит также защищать интересы народа!»

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

"Кыргызстан" партиясы: Европага жол – ВСП+

"Кыргызстан" партиясы: Европага жол – ВСП+ 2016-жылдын башында Европа биримдиги Кыргызстанга жалпы жеңилдиктер системасын колдонуучу - ВСП+ макамын берип, өндүргөн товарларын Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмдөрү жок алып кирүүгө уруксат берген. 2019-жылдын аягында Кыргызстандын Европа өлкөлөрү менен болгон тышкы соодасында кыргыз товарларынын экспорту (894 миллион доллар) Европанын импортуна караганда (341,3 миллион доллар) басымдуулук кылат. Баарынан көп Улуу Британияга - 833,2 миллион доллар, Литвага - 17,1 миллион доллар жана Германияга - 8,6 миллион долларга бааланган товар экспорттогон. Негизинен Кыргызстандан ЕБ өлкөлөрүнө айыл чарба продукциялары экспорттолот: бал, буурчак, козу карындар, жаңгактар, жашылча-жемиштер, кургатылган жемиштер, ошондой эле жүндөн, булгаарыдан жасалган буюмдар, кездемелер, тамеки жана пахта. Бирок кыргыз бийлиги Европа Бирлиги тарабынан Кыргызстанга берилген ВСП + мүмкүнчүлүгүн толук кандуу колдоно албай келет. Берилген мүмкүнчүлүктү 5-7%га гана пайдаланып, 3 жылдын ичинде биз укмуштуудай ийгиликтерге жетише элекпиз. Кыргызстан өндүргөн товарларын Европага рыногуна жеткирүүдө чыгымдардын көптүгү, товарлардын сапатынын европалык стандарттарга шайкеш эместиги, эл аралык сертификатты алуудагы кыйынчылыктар экспорттоо мүмкүндүгүн толук кандуу пайдаланууга бут тосуп келет. Буга улай эле аралыктын алыстыгы, логистикалык борборлор жана инфраструктуранын начардыгы себеп. ВСП+ тутуму Кыргызстанга берген бардык мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу колдосок, киреше эле эмес, өлкөнүн беделин жогорулатуу сыяктуу бир катар артыкчылыктарга ээ болмокпуз. Ошол эле учурда ЕБ Кыргызстанга инвестиция салган негизги эл аралык донорлордун бири бойдон калууда. Ошондуктан өлкө бул өнөктөштүктү сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүшү керек. “Кыргызстан” партиясы максатка жетүү үчүн төмөнкүлөр зарыл деп эсептейт: - Кыргызстандын экспорттук продукциялары жөнүндө маалыматты ЕБ аймагындагы импорттоочулардын каталогдоруна жана маалымат базаларына киргизүүнү камсыз кылуу; - ЕАЭБ жана ЕБ алкагындагы талаптарга жана улуттук талаптарга ылайык "Бирдиктүү терезе" маалымат тутумун модернизациялоо; -Экспорттоо үчүн артыкчылыгы жогору өлкөлөрдө жана уюмдарда соода өкүлчүлүктөрүн түзүү боюнча ишти уюштуруу; - Кыргыз Республикасынын тышкы өкүлчүлүктөрү ачылган ЕБ өлкөлөрүндө, инвестицияларды жана эл аралык өнөктөштөрдү тартууга багытталган иш-чараларды (бизнес форумдар, жарманкелер, көргөзмөлөр, бет ачарлар) уюштуруу боюнча ишти күчөтүү. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а. 11:09 10-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

Шайлоо-2020: "Бийликти басып алууга болбойт", "18 жашка чыга электер үгүт ишине катышпайт". Башкы прокуратура жарандарга эскертүү берди

Башкы прокуратура шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөйт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, Башкы прокуратура төмөндөгү категориядагы жарандардын үгүт иштерин жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт. мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер; мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар; атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар; шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү; байкоочулар, эл аралык байкоочулар; диний ишмерлер; кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү; 18 жашка чыга элек адамдар; чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар; жарандыгы жоктор; Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө тыюу салынат: улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты; гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды басмырлоого; кастыкка чакырган үгүттөө; бийликти басып алууга; конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө; мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарга; Шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга. "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 1-сентябрындагы чечимин аткаруу максатында Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө менен айрым талапкерлердин же саясий партиялардын кызыкчылыктарын көздөө максатында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин, тең укуктуулукту бузуу менен административдик ресурстарды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жана алардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусун, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-булактарына мониторинг жүргүзүп келүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу мезгилинде 21 жарыя-макала изилденип, ички иштер органдарынын кароосуна жиберилген" , - деп айтылат маалыматта. Жалпысынан республика боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 материал катталып, ички иштер органдары тарабынан каралып жатканы маалымдалат. 09:43 10-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

“Мекеним Кыргызстан” партиясы мектептеги окуучулар үчүн «Мектеп автобусу» улуттук программасын иштеп чыгат

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасында билим тармагы унутта калган жок. “Мекеним Кыргызстан” партиясы заманбап мектептерди куруп, сапаттуу билим берүү системасын түзөт. Билим берүү – жакырчылыкты кыскартуу менен экономикалык өсүшкө түрткү берүүчү эң таасирдүү инструменттердин бири. Мамлекеттин милдети – заманбап талаптарга жооп берген, сапаттуу жана бардыгы үчүн жеткиликтүү билим берүү системасын түзүү. Мектептеги билим берүү боюнча биздин сунуштар: – Жаңы мектептерди куруу, авариялык абалдагы мектептерди сапаттуу оңдоп-түзөө үчүн бизнес менен өнөктөштүк боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу. Өнөктөштүк эки тарапка тең пайдалуу болгудай шартта түзүлүшү керек. Ишкер мектеп курууга же оңдоп-түзөөгө салган каражатынын ордуна салыктык жеңилдиктерди алууга тийиш; – Окуучулары аз жана мугалим жетишпеген айыл жерлерине чакан мектептерди куруу саясатынан окуучуларды жакын жердеги башка чоңураак мектептерге ташуу саясатына өтүү керек. Бул үчүн «Мектеп автобусу» деген улуттук программа иштеп чыгуу зарыл. Мындай программа аймактарда жолдорду куруу жана реабилитациялоо долбоорунун өнүгүүсүнө түрткү берүүчү катализаторго айланат; – Мугалимдердин социалдык абалын өзгөртүү жолдорунун бир чечими катары аларга айлык акы чегерүүдө бирдиктүү тарифтик торчо системасына кайтуу; – Жалпы билим берүүчү негизги предметтер: математика, физика, химия, биология, география, тарых, орус жана кыргыз тили сабактарынын саатын көбөйтүү үчүн мектептик билим берүүнүн мазмунун кайрадан карап чыгуу. 2012-жылы бул сабактардын сааты негизсиз кыскарып калган. Жогорку билим берүү багытында биздин сунуштар: – Өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларды көз карандысыз эл аралык комиссиялар аркылуу аккредитациядан өткөрүү. Анын жыйынтыгы менен билим берүүнүн жогорку талаптарына жооп бербеген окуу жайлар жабылышы керек; – Эмгек рыногу талап кылган ар кайсы кесиптерге кадрларды даярдоо боюнча улуттук программа иштеп чыгуу; – Жеңилдетилген шартта окутуу программасын киргизип, анын натыйжасында жаш адистерди мамлекеттик тапшырма менен аймактарда ишке орноштуруу; – Жогорку окуу жайлар менен бизнестин ортосунда эки тарапка тең пайдалуу шартта кызматташуу боюнча байланыштарды түзүү. Мамлекет профессионалдык-техникалык жана атайын орто билим берүү системасына көңүл бурушу керек. Эмгек рыногунда азыр жумушчу кесиптеги адистерге муктаждык күч. А бизде атайын даярдыктагы техникалык адистер жетишсиз жана гуманитардык багыттагы кадрлар, маселен, юрист, экономист же эл аралык байланыштар боюнча адистер ашыкча даярдалууда. “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиздер! Максатыбыз бир, жолубуз шыдыр элибиз аман болсун! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 09:00 10-09-2020

Подробнее
10 сентября 2020 г. 16:06

Чогуу өзгөрөбүз

Чогуу өзгөрөбүз "Замандаш" партиясын бекеринен элдик партия деп аташпайт. Себеби, биз бир гана шайлоо алдында иштебейбиз. Биздин штабдар шайлоодон кийин да жабылган эмес. Шайлоодон тышкаркы убакытта да эл менен иштеп келгенбиз.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 21:19

Жаштык менен тажрыйбанын айкалышы

Жаштык менен тажрыйбанын айкалышы

Подробнее
10 сентября 2020 г. 21:22

«Биримдик»

По результатам жеребьевки, партия «Биримдик» получила в избирательном бюллетене номер 1

Подробнее
10 сентября 2020 г. 16:08

Замандаш»

Замандаш» Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер "Замандаш" саясий партиясынын кайрылуусу

Подробнее
10 сентября 2020 г. 16:10

Биз биргебиз жана жеңебиз!

Биз биргебиз жана жеңебиз! Кудай буйруса, сиздердин колдооңуздар менен Бүтүн Кыргызстан саясий партиясы алдыдагы чоң жарышта эң биринчи болуп келет!

Подробнее
25 сентября 2020 г. 19:43

Развитая страна – развитое сельское хозяйство

Развитая страна – развитое сельское хозяйство. Партия "Республика" планирует снизить агрокредиты до пяти процентов.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 15:52

Талас Бегалиев

@talas__begaliev : Дүйнөнү эмес өзүңдү өзгөрт! Эч качан баарын билем деп бир орунда токтоп калбайлы. Башкалар канчалык сизди барктаса да, дайыма өзүңүздү өстүрүүнүн, өзгөртүүнүн үстүндө иштеңиз! ⠀ Меняйте себя, а не мир что окружает вас! Никогда не думайте, что вы всё уже знаете. И как бы высоко не оценивали вас, всегда имейте мужество говорить себе: я невежда и стремитесь усовершенствоваться во всех направлениях. Развивайтесь!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники