О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
11 сентября 2020 г. 1:34

“Мекенчил” Кара-Буурада. К.Ташиев: “Биздин ураан – “Бийлик - элге, уурулар - түрмөгө!”

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кара-Буура районуна барды. Бүгүнкү партиялык система, партиялык курулуш туура эместигин убакыт далилдеди. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 10-сентябрда Кара-Буура районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Кайрадан бир мандаттуу системаны киргизүү керек. Партиялык тизмени эл шайлоо алдында гана көрөт. Арасынан кылган ишин жактырган бир талапкер үчүн добуш берет, бирок анын артынан эл байлыгын жеген, мамлекетке зыян алып келген бир канчасы өтөт. Дүйнөдөгү мамлекеттер бул системанын туура эместигине көзү жетип, кайтып башташты. Мисалы, Россияда 100 пайыз партиялык система эле, азыр анын 50 пайызы можаритардык системага өттү. Бир мандаттуу болгондо эл чыныгы талапкерди тандай алат, өзүнүн аймагындагы мыкты, эл көйгөйүн билген жана чече алган инсанды чыгарат. Биз бийлик элге деп жатабыз, а уурулардын орду түрмөдө болуш керек. Уурулар азыркыдай партиялык тизмеге жашынып алып, бийликке келбеши керек. Сиздерге” жыргатып жиберебиз, асмандагы айды алып беребиз”- деп куру убада бербейбиз, биздин ураан – “Бийлик - элге, уурулар - түрмөгө!”,- деди Камчыбек Ташиев. Макала "Мекенчил" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:34

Ар бир добуш - бакубат мамлекет үчүн

Парламенттик шайлоого карата үгүт иштерине расмий старт берилгенине бүгүн туура жетинчи күн. Ушул жети күндөн бери маалымат каражаттарында, интернет-сайттарда, социалдык түйүндөрдө кычыраган, тим эле мээримдүү жылмайган сүрөттөр жайнады. Жалындуу, патриоттук духту көтөргөн ураандар жазылды. Алар менен катар эле таттуу убадалардын «парады» жүрө баштады. 2010-жылдан бери шайлоолорго үзгүлтүксүз катышып, жеңишке ээ болуп келаткан партиялардын айрымдары мурдагы эле убадаларын кайра дагы кайталашууда. Болгону анча-мынча оңдоп-түзөп, учурга ылайыкташтырып алышкан. Баягы эле арзан пайыздагы ипотекалык, айыл чарбалык кредиттер, баягы эле административдик-аймактык реформалар, баягы эле сот реформасы, баягы эле чек ара маселелерин «дароо» эле чечип салуу убадалары үстөккө-босток берилди. Айлык акыларды, пенсия, жөлөк пулдарды 2-3 эсе, алтургай жаңы төрөлгөн наристеге сүйүнчү пулду 10 эселеп көбөйтүп беребиз деген «жалындуу» убадалар. Мына ушул сыяктуу толгон-токой убадаларды берип жаткан саясий партияларга «Мурда кайда жүрдүңөр эле?» деген суроону узаткың келет. Мурда деле саясатта эмес белеңер? Мурда деле парламентте отурбадыңарбы? Өкмөттү курабадыңарбы? Ошондо ушул убадаларды аткаруу үчүн колу-бутуңар тушалуу беле? Эл убададан жалкып калды. Көңүлдү көккө көтөрүп туруп кайра жерге чаап салгандай эле болгон буга чейинки айтылган, аткарылбай калган убадалар. Андыктан эми убаданын артында анын кантип аткарыла турганы боюнча чечмелөөсү да болушу керек. Эгер аткара албай калышса, анда кандай жоопкерчилик тартууга даяр. Мына ушундан өйдө өз программаларына ачык жана так жазуулары зарыл. Ошондо гана азыраак болсо да ишеним пайда болот. Эгер берилген убадалар аткарылса, анда ишеним улам өсөт. Партияларга, саясатчыларга болгон ишеним өчүп калганына байланыштуу коомчулукта «Шайлоо күнү бюллетенде «Баарына каршы» добуш берели» деген чакырыктар да болууда. Бул чакырык деле мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбейт. Мамлекет мыйзам талаасынан чыкпашы үчүн мыйзамдуу парламенти, мыйзамдуу өкмөтү болушу шарт. Эгер биз баарына каршы добуш берсек, анда бүгүнкү катышып жаткан партиялардын бири дагы кийинки өтө турган шайлоого катыша албай калат. Анан биз кимдерди шайлайбыз? Же дагы шашылышынан жаңы партияларды түзө калабызбы? Аламанга аттанган 16 партиянын ичинде бычакка сап боло ала тургандары да бар. «Кой аксагы менен миң» демекчи, баардык эле партияларда кемчилиги да, артыкчылыгы да бар. Биз шайлоочулар ошону терең калчообуз зарыл. Кайсыл партиянын артыкчылыгы көбүрөөк? Кайсыл партияда билимдүү, маданияттуу, тажрыйбалуу кадрдар бар? Тандообуздун өзөгүн ушул суроолордун түзгөнү абзел. «Биздин айылга жол салып берген», «Суу чыгарып берген», «Трансформатор койдуруп берген» деген сыяктуу себептер менен добушубузду бербейли. Ал сатылган добуш болуп калат. Бизге шайлоо алдында акча таратып же жол салып, суу чыгарып калган талапкерлер эмес, дээрлик беш жыл бою мамлекеттин өнүгүүсүн камсыздоого бел чечпей иштей турган депутаттар керек. Булак: media-center.kg

Подробнее
10 сентября 2020 г. 16:11

Бүтүн Кыргызстан - элдик партия!

Бүтүн Кыргызстан - элдик партия! Элдин колдоосу менен БШКны соттон утуп, шайлоого мыйзам жолу менен аттандык! Жеңиш сөзсүз биз тарапта болот, кудай буйруса! Биз биргебиз жана жеңебиз!

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:35

Соңку жаңылыктар: Шайлоого кайсы партия кандай номер менен катышат? Чүчүкулактын жыйынтыгы чыкты

COVID-19: АКЫРКЫ АБАЛКыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Ошол эле учурда вирустун 71 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн бирифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталгандан бери илдет 44 684 адамга жукту, алардын ичинен 40 487 бейтап айыкты, 1063 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө COVID-19 илдетине чалдыккан 532 бейтап ооруканада жатат, 2260 адам үйүндө дарыланууда.ПАРТИЯЛАРДЫН БЮЛЛЕТЕНДЕГИ НОМЕРИ БЕКИДИСаясий партиялардын шайлоо тизмесиндеги орду Борбордук шайлоо комиссиясынын түн жарымында өткөн жыйынында чүчү кулак кармоо аркылуу аныкталды. Чүчү кулакты шайлоого бараткан 16 саясий партиянын ар биринин ыйгарым укуктуу өкүлү кармады. Саясий партиялардын номурлары иреттик бюллетенде 1- “Биримдик” ,2- “Мекенчил”, 3-“Ыйман Нуру”, 4- “Мекеним Кыргызстан”, 5-“Реформа”, 6. “Ата Мекен” , 7- “Замандаш”, 8-“Бүтүн Кыргызстан”, 9- “Социал-Демократтар”, 10- “Мекен Ынтымагы”, 11-“Афганистан согушунун ардагерлери, 12- “Ордо”, 13- “Бир Бол”, 14- “Республика”, 15-“Кыргызстан”, 16-“Чоң Казат” болмой болду. БШКнын маалыматына караганда бюллетенде 16 партиянын тизмесинен тышкары “баарына каршы” графасы да болот.БШК ЖОГОРКУ СОТКО КАЙРЫЛБАЙТБШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясы боюнча Жогорку сотко кайрылбайт. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Govori.TVга” билдирди. Анын айтымында мындай чечим кабыл алынганы кечээ белгилүү болгон. Ал эми бул тууралуу БШК да тастыктады. Маалымат боюнча, Бишкек административдик соттун чечимине каршы Жогорку сотко кайрылышпайт жана партиянын талапкерлеринин тизмеси расмий катоого алынган. Эске салсак, 9-сентябрда Бишкек административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызын карады. Анда сот “Бүтүн Кыргызстандын” пайдасына чечим чыгарган.БИШКЕКТЕ 4 УНАА КАГЫШТЫБишкек шаарында 4 автоунаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык 9-сентябрь күнү саат 18:00дө Киев жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кагышкан унаалардын арасында инкассатордун машинасы дагы бар. Окуянын видеосу “Короче” Telegram каналына жарыяланды. “Газель” маркасындагы инкассатордук унаа Калык Акиев көчөсүнө жеткенде Honda Fit менен кагылышкан. Окуяда “Газель” каптал жагына оодарылып кетип, жол четине токтоп турган Mercedes Benz жана Toyota Ipsum унааларына тийген. Кырсыктан инкассатордук унаанын айдоочусу жабыркаган. Унаалар айып короого токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:35

Коомчулук шайлоодо добуш сатып алууга каршыбы?

Шайлоо үгүтү күчөп баратат.Андан да шайлоочуну сатып алуу маселеси андан да күчөп бараткандай.Утат деген партиялар дагы азыртадан эле шайлоочуну сатып алуу аракеттерин баштап жаткандыктарын коомчулуктун өкүлдөрү билдирип жатат.Айрым активдүү жарандар өздөрүнө акча сунуш кылгандарды милиция кызматкерлерине билдирип жаткандыктары тууралуу да маалыматтар кетүүдө.Бир топ партиялар адегенде добуштун баасын миң сомго баалап,шайлоо жакындаган сайын анын баасын көтөрүп жаткандыктары тууралуу да айтышууда.Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоону таза өткөрүү боюнча Коопсуздук Кеңешинде катуу талаптарды койду.Өлкөнүн башкы прокуратурасы дагы добуштарды сатып алуу боюнча укук коргоо органдары тарабынан 20 дан ашык факты катталып,териштирүү жүрп жаткандыгын билдирди. Деги эле шайлоону таза өткөрүү боюнча коомчулукта проблемалуу суроолор арбын болууда. ARGUMENT.KG

Подробнее
10 сентября 2020 г. 16:13

Акылбек Жамангулов

Акылбек Жамангулов: "Кесипти туура тандоо- ийгиликтин башаты, жаркын келечектин пайдубалы!"

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:35

“Медиа диалог” долбоору шайлоону чагылдыруу боюнча ЖМКлар арасында жыйынтыгын чыгарды

“Медиа диалог” долбоору алдыдагы парламенттик шайлоону чагылдыруу боюнча редакциялык материалдарды басып чыгаруу жана медиа каражаттар менен социалдык тармактарды мониторинг жасоо боюнча конкурстун жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу аталган долбоордон билдиришти. Анда маалымдалгандай, гранттык программанын негизги максаты -сөз эркиндиги, дебаттарга ачык аянтча бөлүп берген жана мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзгөн медиаларды жана жарандык коомду колдоо. Коомду агартуучулукту, шайлоо процессинин демократиялуулугун камсыз кылмакчы. Биринчи конкурста төрт медиа уюм тандалып алынган, анда маалыматты илгерилетүү, ой-пикир эркиндиги, мамлекеттик органдардын маалыматтык ачык-айкындуулугун камсыздаган иштер ийгиликтүү ишке ашырылгандан кийин гранттык экинчи жана үчүнчү конкурс жарыяланды. Экинчи конкурс июль айында жарыяланган, ал социалдык түйүндөрдө шайлоо процессинин негизги катышуучулары боюнча кастыкты козутуу, шыкактоо сыяктуу ыкмалардын пайдаланылышына мониторинг жасоого багытталган. Үчүнчү конкурс август айында жарыяланган. Ал ЖМК өкүлдөрүн алдыдагы парламенттик шайлоону чагылдыруу боюнча редакциялык материалдарды уюштурууга жана талапкерлер ортосунда дебаттарды алып көрсөтүүгө чакыруу болду. Эки конкурс жарыялангандан кийин эки медиа уюм 30 000 евро турган грантты алууга тандалып алынган, алар медианы жана социалдык тармактарды мониторинг жасашат. Ал эми 9 медиа уюм 5 000 евродон 10 000 еврого чейин жеке гранттарды алат, булар редакциялык долбоорлордун сериясын уюштурат жана долбоор 2 айдан 6 айга чейин созулат. Гранттык программаны ALDA Europe – жергиликтүү демократиянын Европа ассоциациясы башкарат. Маалымат үчүн: “Медиа диалог” долбоору Европа бирлигинин “Стабилдүүлүккө жана тынчтыкка түрткү болгон аспапдолбоору ” боюнча каржыланат жана ал 2021-жылдын ортосуна чейин созулат. Долбоордун максаты-жалпыга маалымдоо каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана эркин, жаңжалсыз шайлоону колдоо болуп саналат.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:35

Депутаттыкка талапкер журналисттер. Алар шайлоого аттанганын окурмандарына эскерттиби?

​Алдыдагы парламенттик шайлоого онго жакын журналист талапкер катары катышарын расмий жарыялашты. Айрымдары саясий, экономикалык, социалдык багытты чагылдырып коомчулукта салмактуу аброй топтогондор болсо, арасында алып баруучу катары таанылгандар да бар. Журналисттик чөйрөдө таанылган уул-кыздардын жоон тобу жетинчи чакырылыштагы парламенттик шайлоого аттанууда. Алардын катарында Чынара Капарова, Тынчтыкбек Алтымышев, Элнура Алканова, Улукбек Карыбек уулу, Руслан Калматов, Рамиз Каимов, Азият Жекшеев, Эркин Нурбаев, Нурзат Токтосунова жана башкалар. Эки талапкер бийликчил партияны тандаса, калганы капчыктууларды, оппозицияны жана көп жылдык тарыхы бар партиялар менен баратат. «Азаттыктын» мурдагы кабарчысы Руслан Калматов коомчулукта бийликтин партиясы деп аталып келаткан «Биримдик» партиясы менен шайлоого аттанды. Жаш журналист талапкерлердин тизмесинде 75 катарды ээлеген. Ал өнөктүккө катышып жатканын окурмандарына эскертип, батасын алганын айтат. «Башында шайлоого баратканымы эч кимге деле айткан эмесмин. Бирок үгүт иштери башталган күнү өзүмдүн окурмандарыма, тааныштарыма башка санаалаш досторго соцтармактар аркылуу кайрылып, ыраазычылыгымды билдирдим. Аларга «Биримдик» партиясы менен Жогорку Кеңештин депутатыгына аттанганымды айттым, эскерттим. Дээрлик баары ак жол каалашты, ийгилик айтышты. Журналист менен депутаттын иши окшош эле. Эл менен иштейсиң, маселелерин угасың, алардын чечилишине жардам бересиң», -дейт Руслан Калматов. «Бир Болдун» алдыңкы тизмесинде бараткан журналист Чынар Капарова болсо бул чечимди шайлоого жакын калганда кабыл алган. Бирок ал талапкер катары парламентке аттанганын коомчулукка жарыялаган деле жок. Болгону жакын сааналаштары гана билишкен. «Көрөрмандарым, угармандарым мени «саясатка барат же барбайт» деп ойлонбогон чыгар. Республика абдан чоң. Канча күйөрманым, канча көрөрманым бар экенин так билбейм. Бирок мени колдогон адамдар жакшы пикирлерин айтып жатышат. Тааныштарым менин шайлоого кетип жатканымы соцтармактар аркылуу маалыматтардан билишти», -дейт Капарова. Кыргыз журналистикасынын этикалык кодексине ылайык, ушул кесипте иштеп жүргөндөр кайсы бир партия менен шайлоого баратса, милдеттүү түрдө коомчулукка эскертип коюуга тийиш. Эгер, окурман же көрүүчүлөрүнө расмий кабарлабаса, журналисттик этиканы бузуу болуп эсептелерин «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов эскертет. «Журналисттердин саясатка аралашуусу өздөрүнөн көз каранды. Демократия болгондон кийин ар бир адамдын өзүнүн укугу бар. Ага эч ким тоскоолдук жаратпайт. Бирок журналисттик этикалык кодекстин негизинде эгер, журналист мурда ушул кесипте иштеп жүрүп саясатка аралашып, кайсы бир партияга мүчө боло турган болсо, анда сөзсүз түрдө коомчулукка, окурмандарына, көрөрмандарына жана угармандарына шайлоого кетип атканын, кайсы партиянын курамына киргенин эскертиш керек. Анткени алар анын саясатка аралашып жатканынан кабардар болушу абзел. Себеби журналист мурдатан кандайдыр бир сын-пикир камтылган макалаларды даярдап жүргөн болсо, эми партиянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу иш-аракеттерди жүргүзүп калат да», -деди Тулегенов. Мөөнөтү аяктап бараткан азыркы алтынчы чакырылыштагы парламентке 2015-жылы Каныбек Иманалиев, Аида Касымалиева, Рыскелди Момбеков, Жылдыз Мусабекова жана Жанар Акаев баштаган журналисттер депутат болуп барган. Булардын ичинен алдыдагы парламенттик шайлоого Жанар Акаев, Аида Касымалиева, Рыскелди Момбеков кайрадан кетип жатат. Медиа эксперт Азамат Тынаев журналисттердин депутаттыкка аттанышы салтка айланып калды деп сыпаттайт. Анткени шайлоо учурунда журналисттер саясий партияларга мыкты картина болуп бере алат. Буга журналисттин аброю жана ага коомдун ишеним артканы себеп. Ошол себептүү партия кожоюндары аларга көз артып, артынан кадимкидей аңчылык жүргүзөт. «Журналисттердин депутаттыкка аттанышы салтка айланып калды. Бул акыркы шайлоолордун эле көрүнүшү эмес. Убагында бул жолду маркум Мелис Эшимканов агабыз деле ачып берген. Албетте, ал кишинин саясий жолу олку-солку болгон. Бирок бул жагынан саясатчылардын баары эле бир партиядан экинчисине секирип жүрүшпөйбү. Демек мындай көрүнүш бир эле журналисттердин көйгөйү эмес. Биздин чөйрөбүздөн шайлоого катышып, күрөшүп, утуп, депутат болуп калган кесиптештерибизди эле карайлы. Ооба, баары тең эмес. Арасында катуу сын-пикирге калгандары бар. Мисалы, интернетти көзөмөлдөгөн чуулу мыйзам долбоорун мурунку журналист болуп иштеген кесиптештерибиз колдоп чыкпадыбы. Бул саясат. Биздин кесиптештерибиз экенине карабастан аларга мамилебизди саясатчы катары буруп, туура эмес кылган иштерин сындап, талкууга алышыбыз керек». Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Учурда үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Шайлоо-2020: Партиялардын бюллетендеги орду аныкталды

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:38

Шайлоо-2020: Улан Примов: «Биримдик» партиясы аймактардын социалдык маселелерин чечүүнү көздөйт

“Биримдик” Демократиялык социализм — Евразиялык тандоо саясий партиясынан аттанган талапкер Улан Примов Алай районунун Будалык айыл аймагынын Октябрь, Кум-Шоро, Кара-Суу жана Оро-Добо айылдарынын тургундары менен жолугушту. Примов үгүт иштерин ата-журтунан баштоону туура көргөнүн айылдыктар менен болгон маегинде айтты. “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей, кичи мекенинин тургундарынын батасын алгандан кийин үгүт иштерин баштоону туура кордум, — дейт Улан Примов. Талапкер “Биримдик” партиясынын платформасы тууралуу тааныштырып, анын максаттары тууралуу кенен айтып берди. Айылдыктар негизги маселелерден пенсия пособия албагандар да бар экенин айтышты. Мындан сырткары Примов жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн социалдык көйгөйлөрү тууралуу угуп, буюрса Парламенттен бийликке ар бир маселени жеткирерин убадалады. Примов ошондой эле партиянын социалдык саясаты тууралуу айтып: «Бул жерде эң башкысы, мамлекет тарабынан калктын акчалай кирешесинин өсүшүнө багытталган, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн баарынан жогору турган мамлекет тарабынан так саясат жүргүзүлүүдө. Бул чөйрөдө биздин негизги милдеттерибиз социалдык адилеттүүлүктүн принциптерин камсыз кылуу; калкты толук жумуш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү; убактылуу жумушсуз калган жарандарга жөлөкпулдарды мыйзамга ылайык, бирок минималдуу керектөө себетинен төмөн эмес өлчөмдө төлөө; жарандардын адилеттүү эмгек акыга болгон укугун ишке ашыруу; адамдардын тамак-ашка, турак-жайга, кийим-кечеге жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон биринчи муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндүк берген деңгээлде минималдуу эмгек акыларды жана жөлөкпулдарды белгилөө», — деди. Мындан тышкары тургундар акыркы убакытта элди түйшүккө салган медицина тармагын жана жаштардын ден-соолугун чындоо борборлорун өкмөткө жеткирип, берүүнү өтүнүштү. “Чоң-кичине ар бир кызмат очогунун куруучусу ал очоктун эмне максатта курулгандыгын улам эстеп турса, иш өз нугу менен жүрүп, жемиштүү болот”, — дейт Улан Примов. Алай эли “Биримдик” Демократиялык социализм — Евразиялык тандоо саясий партиясынын талапкери Улан Примовду чын дилден колдоо ниетин билдиришти. Будалыктар Улан Примовду узатып жатып, ыраазычылыктарын айтып, ак баталарын беришти.«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:38

Шектүү болсоң секирик жасайсыңбы?

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында өкүртө тилдеген мурдагы Транспорт министри Жамшитбек Калилов «Биримдик» партиясы менен шайлоого аттанды. Ал кызматынан орун басары 500 миң доллар пара сурап кармалып, камакка алынгандан кийин президенттен сөгүү угуп анан кеткен. Тилекке каршы, күбө катары суралып, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетти. Орун басары өзү билип 500 миң долларды сурап, сиңирип кеткидей башы экөө эмес болчу. Бул жерде акыйкат тергөө жүргөндө балким Калиловдун кулагы көрүнмөк. Коррупция менен күрөш тандоо жолу менен жүрүп жатканы ушундан билинип жатпайбы?

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:38

Тизме. «Чимкириктердин» 100дөн ашык депутаты кайрадан шайлоого баратышат….

Жогорку Кеңештин тарыхында «Ак жол» партиясы үстмөдүк кылган 4-чакырылыштын депутаттарынынан кийин, 6-чакырылыштын депутаттары эң көп сынга кабылды. Ал түгүл «чимкириктер» деген каймана атка ээ болушту. Элдин назарынан калгандар өтө көп болду. Тилекке каршы, өткөндөн сабак албаган эл өкүлдөрүнүн 80%тен ашыгы кайрадан 7-чакырылышка талапкер катары шайлоого шаңыраңдап бара жатышат. Бийликчил «Биримдик» партиясынан бараткандар: 1. Жээнбеков Асылбек Шарипович (Президенттин иниси баштап) 2. Зулпукаров Төрөбай Закирович 3. Пирматов Исхак Айтбаевич 4. Бакчиев Жаныбек Абдукапарович 5. Арапбаев Азамат Абдуллажанович 6. Субанбеков Бакирдин Жамалович 7. Алтыбаева Айнуру Тойчиевна 8. Алтынбеков Айбек 9. Асылбаева Гүлшат Кадыровна 10. Аскарова Айнура Алмасбековна 11. Бакиров Өмүрбек Мирзараимович 12. Дюйшалиев Абдыбек Кашымбекович 13. Тотонов Нурбек Темирбекович 14. Турусбеков Бактыбек Сагындыкович 15. Тулендыбаев Пархат Розумович 16. Исаева Динара Шертаевна 17. Жетигенов Бакытбек Жеўишбекович 18. Касымалиева Аида Камчыбековна 19. Каримов Нодирбек Токтасинович 20. Келдибаев Сагындык Аширалиевич 21. Кулбараков Абтандил Илдузович 22. Мавлянова Махабат Эргешовна 23. Осмонова Айнура Шермаматовна 24. Строкова Евгения Григорьевна 25. Примов Улан Бердибаевич 26. Жамангулов Акылбек Жекшенович 27. Аманкулов Марат Аскерович 28. Исмаилова Аида Жекшенбаевна 29. Кадыркулов Искендер Анарбекович 30. Джураев Сайдолимжан Маруфович 31. Юсуров Абдумажит Лелезович 32. Сарсейитов Исламбек Зайырбекович 33. Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович Бийликчил «Мекеним Кыргызстан» партиясынан: 1. Абжалиев Алиярбек Токобекович (Президенттин кан кудасы) 2. Өмүркулов Иса Шейшенкулович 3. Бакиров Мирлан Исакбекович 4. Матраимов Искендер Исмаилович 5. Зулушев Курманкул Токторалыевич 6. Маматалиев Марлен Абдырахманович 7. Молдобекова Гүлкан Сакиновна 8. Маннанов Ильхом Абдукахарович 9. Мусабекова Жылдыз Аманбековна 10. Самаев Урматбек Обозбекович 11. Тиллаев Таабалды Гапырович Бийликчил «Кыргызстан» партиясынан бараткандар: 1. Жумабеков Дастан Артисбекович 2. Исаев Канат Кедейканович 3. Икрамов Тазабек Икрамович 4. Эргешов Алмаз Манасбекович 5. Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович 6. Алимбеков Нурбек Каарыевич 7. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич 8. Мамытов Талант Турдумаматович 9. Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович 10. Масабиров Таалайбек Айтмаматович 11. Султанбекова Чолпон Аалыевна «Бир Бол» партиясынан: 1. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич 2. Торокулов Дүйшөн Гуламкадырович 3. Шыкмаматов Алмамбет Насырканович «Ата Мекен» партиясынан: 1. Акаев Жанарбек Кубанычович 2. Момбеков Рыскелди Чыныбекович 3. Никитенко Наталья Владимировна 4. Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович 5. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна 6. Токтошев Эмиль Токтакунович «Республика» партиясынан: 1. Бокоев Кенжебек Сатымкулович 2. Жээнчороев Мирлан Канатбекович 3. Жунус уулу Алтынбек 4. Карашев Аалы Азимович 5. Казакбаев Руслан Айтибаевич 6. Баймуратов Калдарбек Шакирович 7. Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна 8. Жылкыбаев Узарбек Казиевич «Социал демократтар» партиясынан: 1. Карамушкина Ирина Юрьевна 2. Орозова Карамат Бабашевна 3. Кодуранова Асел Союзбековна 4. Артыков Анвар Артыкович «Замандаш» партиясынан: 1. Мамашова Айсулуу Турусбековна 2. Гайпкулов Искандер Төрөбаевич 3. Ормонов Улугбек Зулпукарович 4. Кыдыралиев Умбеталы Токторалыевич «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси чыкканда дагы толукталат...

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

"Замандаш" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан алдыңкы талапкерлер

«Замандаш» партиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин сунуштады. Жалпысынан 156 талапкер катталган, алардын көпчүлүгү калың элге таанылган инсандар. Партиянын курамына саясатты, экономиканы терең билгендер, генералдар, ийгиликтүү ишкерлер, дарыгерлер, мугалимдер, бир канча тилди өздөштүргөн жаштар, дегеле өз ишин мыкты билген инсандар топтолгон. Сатыбалдиев Эльмурза 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Юридикалык илимдердин кандидаты. 1992-жылдан бери прокуратура органдарында ар кандай жооптуу кызматтарда иштеп келген. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары. Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу төрагасы болгон. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу. Башкы прокурор. Генерал-майор. 2009-жылы 29-майда Кыргыз Республикасынын классикалык жана пляж волейболу федерациясынын президенти болуп шайланган. 2009-жылы 19-ноябрда Жогорку Кеңештин фондунун 70 жылдыгына арналган юбилейлик медаль менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. Ормонов Улугбек 2007-жылы Жогорку Кеңеште миграция комитетин жетектеп турганда миграция боюнча мыйзам жазып, Урал, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Екатеринбург өңдүү көп шаарларда миграциянын өкмөттүк өкүлчүлүгүн түзгөн. 1997-жылы “Дастан” заводунда директордун орун басары болуп турганда, жумушчуларга 700 сомдон айлык таратып, өзү 70 сом маянага иштеген. Алардын ичинде Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгына, достугуна чоң салым кошкондугу үчүн Петр Великий Ордени менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Жайлообаев Айбек Чет өлкөдө билим алган, Түркиядагы полиция академиясын бүтүргөн. Кыргыз, орус, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. “Ат-Башы” коомдук фондунун негиздөөчүсү. 12 жылдан бери билим берүү, спорт, маданият, теология жана жашылдандыруу багытында коомдук иштерди алып барып келет. Көптөгөн кылмыш иштердин бетин ачкан. Өз ишинин мыкты адиси. Аймактардагы окуучуларга жетишсиз китептерди сатып берип, мугалимдердин квалификациясын көтөрүүгө жардам берип келет. Футбол, волейбол, шахмат, күрөш жана көк бөрү боюнча турнирлерди уюштуруп, дени сак муунду тарбиялоого кызыкдар экенин далилдеп келет. Шамиев Рыскелди Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылынан чыккан Кыдыр акенин чөбөрөсү. Бабасынын “Калыстыктан тайбай, калп сөздү айтпай, элге жарык жүзүм менен кызмат кылам” деген сөзүн туу тутуп жашайт. Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине каттатуу демилгесин көтөрүп чыккан. 2019-жылы алгачкы жолу кыргыз күрөшү боюнча Азиянын ачык чемпионатын өткөргөн. III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөштөн биринчиликти алгандарга кадимки курдун ордуна кымбат баалуу таштардан жасалган, калкан берүү идеясын ишке ашырган. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт отличниги. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Мамбетсеитова Гүлнара Гүлнара Мамбетсеитова 1969-жылы 28-мартта Нарын шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. 1995-жылдан ушул кезге чейин Улуттук хирургиялык борбордун анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы. Саламаттыкты сактоонун отличниги. Саламаттыкты сактоонун жана шаардык кеңештин ардак грамоталарынын ээси. Адылбеков Увазарбек Увазарбек Адылбеков 1968-жылы 8-июлда Фрунзе шаарында туулган. Ж.Алкснис атындагы Рига жогорку аскер авиациялык инженердик мектебинин учактарды башкаруу факультетин аяктаган. 2012-2016-жылы Бишкек шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын депутаты; БГКнын муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; 2016 -ж. Бишкек шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын депутаты. Карабаева Мухаббат Мухаббат Карабаева 1959-жылы 28-сентябрда Ош шаарында төрөлгөн. Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетин физика мугалими адистиги боюнча аяктаган. 1996-2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жардамчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын эксперти. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы кеңсесинде бөлүм башчысы. Акыйкатчынын кеңсесинин башчысы. Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү. Саралаев Тимур Университетте саясат таануу боюнча сабак берип, 12 жыл иштеген. Айлык маянасынын аздыгынан, негизги жумушунан тышкары таксист болуп иштеген. 5-класста бир нече ай "Аламүдүн" базарына чыгып, күн сайын 1 каптан нан саткан. Чоң Чүй каналынан кичинекей кызды жана бир кишини сууга чөгүп бараткан жеринен куткарып чыккан. Бир нече китеп жана илимий макалаларды жазган. Алар: “Этнополитология”, "Теория элит и власти”, "Парадигмальные аспекты культурной политики. Мигранттарды колдоо фондунун директору (бул уюм кыргызстандыктарга укуктук жактан көмөк көрсөтөт). Пандемия учурунда 24 саат миңдеген замандаштардын мекенине кайтып келүүсүнө тынымсыз иштеген. Денисенко Галина Галина Денисенко 1961-жылы 23-мартта туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган. 2005-2006-жылдары Чүй районунун Юрьевка айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун үй-бүлөлүк дарыгери. Галина Денисенко жогорку категориядагы дарыгер. Жаманкулов Сагынбек 19 жашында СССРде спорттун эркин күрөш түрү боюнча чебер аталган. Кыргызстан, Молдавия жана Украинанын чемпиону болгон. Республикалык Кыргыз күрөш федерациясынын вице-президенти. Кыргыз спортун өнүктүрүүгө чоң салым кошкон, белгилүү спортчулардын машыктыруучусу, устаты. Одесса шаарындагы М.Ломоносов атындагы технология институтунда билим алган. Кечки саат сегизден таңкы сегизге чейин портто иштеп, күнүмдүк жашоосуна акча тапкан. Үй-бүлөлүү, 5 бала, 3 небереси бар. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 10-сентябрь 2020-жыл. 19:13 10-09-2020 Автор: Гүлшат Ысамамат кызы

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы 7 облуска түзгөн программасы

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо алдындагы бардык облустарга өнүгүү долбоорун иштеп чыкты. Облустар үчүн өнүгүү долбоорлору Баткен облусунда күрүч, рапс, соя, ошондой эле мөмө-жемиштерди өстүрүүгө багытталган тамак-аш жана кайра иштетүү тармактарын, айыл-чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү демилгелөө керек. Аты алыска кеткен айтылуу Баткен өрүгү аймактын визиттик карточкаларынын бири жана экспорттун эн белгиси болуп калышы керек. Жалал-Абад облусунда электр энергиясын, электрониканы, көмүр казып алуу жана башка пайдалуу кендерди өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү зарыл. Баарынан мурда пахта өндүрүүгө жана уникалдуу жапайы жаңгак токойлорунун түшүмүн кайра иштетүүгө адистешкен айыл-чарба тармагын өнүктүрүү керек. Мындай географиялык жайгашууда рекреациялык инфраструктураны өнүктүрүү да абдан маанилүү. Ысык-Көл облусунда эс алуучу туристтик инфраструктураны интенсивдүү өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле транспорттук жана коммуникациялык инфраструктураны да. Органикалык жашылчалар менен жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү өтө кирешелүү болот. Мындан тышкары Ысык-Көлдө спорттук медицина тармагында кызмат көрсөтүү структурасын иштеп чыгуу керек. Ошондо бизге өздөрүн калыбына келтирүү жана реабилитациялоо үчүн КМШнын бардык өлкөлөрүнөн спортчулар келмек. Нарын облусу өзүнүн географиялык жайгашуусун колдонуп, соода-логистикалык потенциалын өнүктүрсө болот. Нарында ошондой эле жогорку өнүмдүү мал чарбачылыгы үчүн да бардык шарттар бар. Аймак акыркы жылдары этно туризмдин сүйүүчүлөрү үчүн да жагымдуу жайга айланууда. Экологиялык жана медициналык туризмдин багыттары да перспективдүү болушу мүмкүн. Ошондой эле «Нарын» ЭЭАсынын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү керек. Ош облусунун экономикасы үчүн жеңил, кайра иштетүү өнөр жайын, ар тараптуу айыл-чарба тармагын, биринчи кезекте бакча өсүмдүктөрүн жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү локомотив болушу мүмкүн. Тоо-кен тармагы да алардын катарында. Экологиялык, этно, ошондой эле “зыярат” туризмин өнүктүрүү да маанилүү, анткени аймакта көптөгөн мазарлар, ыйык жайлар, мечиттер бар. Заманбап байланышты, мунай өнөр жайын, түштүк регионунун чет мамлекеттер менен соода жүргүзүүсүн, ошондой эле эки тараптуу сооданы камсыз кылган инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Суу түтүктөрүнүн жана ирригациялык системанын курулушун улантуу да маанилүү маселе. Талас облусунда кайра иштетүү өнөр жайын түзүү, айыл чарба продукцияларын, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана аларды экспорттоо, байланышты өнүктүрүү маанилүү. Мындан тышкары бул аймакта маданий жана тарыхый туризмди да өнүктүрсө болот. Чүй облусу үчүн логистикалык борборлорду өнүктүрүү, IT-паркка инвестицияларды тартуу, инфраструктура, тоо-кен байлыктарын казуу, айыл-чарба продукциясын кайра иштетүү жана билим берүү мекемелеринин деңгээлин жогорулатуу приоритеттүү багыт болуп саналат. “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиздер! Максатыбыз бир, жолубуз шыдыр, элибиз аман болсун! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 18:00 10-09-2020

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

Ибрагим Жунусов, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер: "Депутаттар актёрлорго, министрлер суфлёрлорго, эл көрүүчүгө айланып калды"

- Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор Ибрагим Жунусов “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанды. Ибрагим мырза, саламатсызбы, сиз бир чоң мамлекетте бакыйган элчи элеңиз. Эмне үчүн андай жакшы кызматты таштап, депутаттыкка аттанып жатасыз? - Чынында элчилик кызмат бир чети абдан кызыктуу, бир чети абдан жооптуу пост. Андыктан мөөнөтүм бүткөнчө иштей берсем деле болмок. Бирок акыркы жылдары социалдык тармактар, анан түздөн-түз кайрылган адамдар аркылуу “жакшы кызмат берип койсо эле отура бересиңби? Кыргызстанга келип иштебейсиңби” деген кайрылуулар көп болду. Менин мурдагы депутаттык ишмердүүлүгүмдү баалаган адамдардан да ошондой сунуштарды көп уктум. Өзүм дагы ал-күчүм барында дагы бир жолу саясаттын эшигин ачайын, элдин оюн, элдин сөзүн жогору жакка жеткирип жүргөм, эми да жеткире алам деген чечимге келдим. Түркияда, Өзбекстанда элчи болуп турганда көп нерселерди үйрөндүм. Ошол тажрыйбамды мекенимде пайдаланса болот деген ойдо депутаттыкка аттанып жатам. - Эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандап алдыңыз? - Чындыгында мага үч-төрт партиядан сунуштар болду. Шайлоого барарымды угуп калган партиянын лидерлери мага чалып сүйлөштүк. Баарынын эле ойлору жакшы, эч ким концепциясын же программасын элге жаман кызмат кылайын деген ойдо түзбөйт. Баарынын эле элдин көйгөйлөрүн чечип бере алабыз деген пландары бар экен. Бирок “китептин тамгалары бирдей, жазылганда эле башкача болуп калат” дегендей, партиялардын баарынын пландары окшош, бирок аткарууга келгенде окшобой калат. “Мекеним Кыргызстандын” алдына койгон максатын, элге кылган кызматтарын, айрыкча коронавирус дарты келгенде Кыргызстан үчүн жасаган иштерин көрүп ушул партияга токтолдум. - Жогоруда айтылгандай, буга чейин вице-премьер-министр, министр, элчи кызматтарын аркаладыңыз. Ушул кызматтарда элге кандай пайда келтире алдым деп ойлойсуз? - Вице-премьер кезимде бир жылдын ичинде көп ишти кыйратып салдым дегенден алысмын. Мен иштеген жыл өтө оор учурга туш келди, Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатты. Бүт облустарда митингдер токтобой, губернаторлор улам алмашып жаткан кез эле. Бир айда бир аким, бир жылда эки-үч губернатор алмашкан учурлар болду. Эсиңерде болсо керек, мурда персоналдык пенсия деген бар эле. Жанагы бир ай, үч ай иштеген аким, губернатор, министр, алардын орун басарлары, депутаттар кийин жаш курагы келгенде бүт персоналдык пенсияга чыгат эле. Биз ушул нерсени абдан жакшы жолго коюп, аким, губернатор, министр, депутат дегендердин баарын персоналдык пенсияга чыкчулардын катарынан алып салдык. Мамлекеттик наамы барларды, эки жолу шайланган депутаттарды гана калтырып, алардын ар бирин өз-өзүнчө категорияга бөлдүк. Бул абдан жакшы натыйжасын берди. Анткени алардын баарына персоналдык пенсия төлөнө берсе бюджетти чоң тартыштыкка алып келмек. Мен жаңыдан Түркияга элчи болуп барганда эмгек мигранттары “биздин айлыктардан төлөнгөн салыктар Түркияда калып жатат, кийин пенсияга чыкканда кандай болот?” деген суроону коюшту. Биз алардын суроосу боюнча сунуш даярдап, Жогорку Кеңеш аркылуу мыйзам долбоору кабыл алынышына жетиштик. Азыр Түркияда иштеп жүргөн мигранттар Кыргызстанга кайтып келсе, төлөгөн салыктары пенсияга чегерилет. Кыргызстанда иштеп кеткен түрк жарандарыныкы да ошондой. Бул мыйзам азырынча Кыргызстан менен Түркияда гана иштейт. Учурда Россия, Казакстан, Түштүк Корея боюнча да иштер жүрүп жатат. Өзбекстанда болсо акыркы эки жыл иштедим. Өзүңөр билесиңер, чек аралар ачылып, бири-бири менен карым-катнаш болуп көрбөгөндөй бийиктикке чыкты. Акыркы 6 айдын ичинде Өзбекстандан Кыргызстанга өтө көп гуманитардык жардамдар, медициналык жабдуулар, дары-дармектер келди. Азыр да келип жатат. Өзбекстан дары-дармектерди чет өлкөлөргө чыгарбоо чечимин кабыл алган. Ошого карабастан биздин фирмалар алып жатат. Ошол эле учурда Кыргызстан да аларга гуманитардык жардамдарды жөнөтүп жатты. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда азыр 15 эле пайыз чечилбеген чек ара тилкеси калды. Анын да 7 пайызы оозеки бүткөн, азыр делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссия анын үстүндө иштеп жатат. - Кайра депутат болуп шайлансам кандай иштерди жасасам деген максат-пландарыңыз бар? - Бир гана максат - элге кызмат кылуу. Чындыгын айтыш керек, көп депутаттар жакшы иштей алышкан жок. Жакшы иштеген жыйырма, балким, отуз депутат бардыр. Менин максатым – жаңы чакырылышта жакшы иштеген, кыргыз элине күйгөн депутаттар көп болсо, ошолордун катарын толтуруп, ошолор менен чогуу иштесем дейм. Алтынчы чакырылыштагы депутаттар тууралуу ар кандай сөздөр айтылды, ар түрдүү аттар, лакаптар коюлду. Жакшы иштерди жасоо менен парламентти ошондой жаман аттардан кутултсам деген аруу тилек. Жогорку Кеңеш – бул чоң саясий сахна. Бирок аны театралдык сахнага айландырып алышты. Депутаттар актёрлорго айланды. Министрлер суфлёрлорго, эл көрүүчүгө айланды. Ал эми журналисттер театралдык сынчыга айланып калды. Мына ушул нерселерди өз-өз ордуна коюш керек. Мен мурда депутат болгом, бул жагынан тажрыйбам жетишерлик деп ойлойм. - Азыр саясатка, дегеле бардык чөйрөлөргө жаштар келиши керек деген ураандар көп айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? - Туура, биз “келечек жаштардыкы” деген ураан менен чоңойгонбуз. Бирок бүгүнкү турмуш, шарт ага кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Келечек илимдүү, билимдүү, мекенчил жаштарга таандык. Кеп жашта эмес, башта болуш керек. Жаштан башка жеткенге чейин өтө көп убакыт, түйшүк талап кылынат. Ошондуктан ортолукту табыш керек. - Шайлоочуларга каалооңуз? - Биринчиси, шайлоочуларбыз жакшы, алдыңкы партияга чын жүрөгү менен добуш беришин каалайм. Экинчиси, бир гана шайлоочулар эмес, жалпы элибиз тынччылык-аманчылыкта, токчулукта жашасын. Элибизде эч кандай жамандык болбосун. Ар кандай апааттардан сактасын. Азыркы кыйынчылыктардан чыгып, мурункудай бактылуу турмушта жашашын каалайм. Жүрөгү таза, пейили ток болсун. Эл эч жамандык көрбөй, дайыма эл аман болсун! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 17:11 10-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

"Кыргызстан" саясий партиясы КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү менен жолугушту

8-сентябрда КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү “Кыргызстан” партиясынын борбордук штабына барышты. Бул тууралуу саясий партиядан билдиришти. КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын демократиянын өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институтунун аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Роман Амбурцев жана институттун эксперти, юридика илимдеринин доктору Роман Ромашов «Кыргызстан» саясий партиясынын иши менен таанышты. Партиянын штаб башчысы Канатбек Тургунбеков конокторду штабдын түзүмү жана ишмердүүлүгү менен тааныштырып, үгүт иштеринин жүрүшү, программанын тезистери, ошондой эле партияны каттоого байланыштуу сот процесстери жөнүндө айтып берди. Байкоочулар штабдын ишинин жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешти. Мындан тышкары тараптар парламенттик шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү боюнча биометрикалык технологияларды колдонуу маселесин талкуулашты. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а. 16:35 10-09-2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники