О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
16 сентября 2020 г. 12:12

Биздин талапкерлер!

Биздин талапкерлер! Татыктуу муун! Кучтуу команда! Кучтуу программа!

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:15

Президенттин кудасы Абжалиев шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен баратат

Алиярбек Абжалиев Боршайком парламенттик шайлоого катышуучу «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 200 талапкерин каттады. Партиянын талапкерлер тизмесинде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев да бар — эл өкүлү шайлоого 27-орун менен баратат. *Эл арасында «Мекеним Кыргызстан» өлкөдөгү таасирдүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылат. Аталган үй-бүлөнүн эң белгилүү мүчөсү бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты болуп саналат. Абжалиев парламенттин алтынчы чакырылышына «Республика — Ата-Журт» партиясы менен келген. Абжалиев коомчулукта иши менен эмес президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы катары белгилүү — анын уулу Атабек Абжалиев президенттин кызы Бактыгүл Шарипованын өмүрлүк жары. Бактыгүл Шарипова жана Атабек Абжалиев Ал эми Алиярбек Абжалиевдин башка уулу — Темирлан Токобеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты — өткөн жылдын июль айында ал жол кырсыкка учураган. Токобековго катталган BMW X7 үлгүсүндөгү унаа Lexus ES менен кагылышып, анын натыйжасында төрт киши каза тапкан . Кийинчерээк укук коргоо органдары жол кырсыгы Токобековдун унаасы жогорку ылдамдыкта бараткандыктан орун алганын аныктаган . Ошол эле учурда унааны Токобеков эмес, анын досу Элдияр Халмурзаев башкарганы айтылган — Каракол шаардык соту аны үй камагына киргизген. Абжалиевдин үй-бүлөсүнө тийиштүү компаниялар «Фактчек» жана «Кактус» басылмалары апрель айында Алиярбек Абжалиевге тийиштүү компаниялар жана анын мүлкү тууралуу иликтөө жарыялаган. Ага ылайык, Абжалиевдин өзүнө бир гана унаа катталганы белгилүү болгон. Анткен менен Абжалиевдин мурдагы жубайы Гүлсара Сулайманова жана уулу Темирлан Токобековго 30 компания катталганы ашкереленген. Компаниялардын көпчүлүгү курулуш, туристтик жана тоо-кен өнөр жайы менен алектенишет. ТЕМА БОЮНЧА: Ажонун кудасы Алиярбек Абжалиевдин бизнес-империясы

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:20

«Биримдиктин» жыйынына келген мугалимдер

Араванда «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин жыйынына мугалимдердин катышканы талкууга түштү. 8-сентябрда «Биримдик» партиясынын талапкерлери Өмүрбек Бакиров, Шүкирилло Файзуллаев жана Жалалиддин Нурбаев Араван районуна караштуу Алля Анаров атындагы айыл өкмөтүндөгү мектеп жана бала бакча кызматкерлерин чогултуп, жыйын өткөргөн.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:20

Коркунучка кабылган кыргыз биометрикасы

Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык базасын жаңы программалык системалар менен камсыздоо кечикти. «Азаттыкка» жеткен маалыматтарга ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы каржы маселеси чечилбегенден улам ондон ашык лицензияны бир жылдан бери ала албай жатат. Мекеме бул маалыматты жарым-жартылай ырастоодо. Адистер лицензиялар жаңырбаса жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо коркунучта экенин, натыйжада биометрикага байланган шайлоо да үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.​ Лицензиялар баяны Түшүнүү жеңил болушу үчүн, биз алгач сөзүбүздү расмий билдирме менен баштайлы. Демек, биз узаткан суроого Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнө караштуу жарандардын биометрикалык базасы менен иштеген «Инфоком» мамлекеттик ишканасын жооп берүүгө милдеттендирди. «Инфокомдун» директорунун орун басары Асел Кененбаеванын тема боюнча берген жалпы маалыматы мындай болду. «Биз биометрика үчүн «Oracle» маалыматтар базасын башкаруу системасын (МББС) тандап алганбыз. 2014-жылы анын лицензиясы сатып алынып, биздин биометрикалык маалыматтардын баары ошондо жайгаштырылган. Жыл сайын алып жатып, жалпы 10 лицензия алынган. Бизге дагы төрт лицензия алынышы керек. Ал өзүнүн эрежеси боюнча жыл сайын алына турган нерсе. Анткени лицензиялар аркылуу ал программага ээлик кылган компания тараптан бизге кепилдик берилген техникалык колдоо берилет. Мындан сырткары алар маалыматтык коопсуздукка байланыштуу жаңы өндүрүм кошуп турушат, жыл сайын жаңыланган лицензия аркылуу биз ошол нерселерди алып турабыз». Ишкана өкүлү андан ары ошол эле лицензиялардын наркы жана аны алуунун кечеңдеп жаткан себебине токтолду: «Бул лицензиялардын суммасы 374 миң доллар же болбосо улуттук валютага айлантканда 26 миллион 180 миң сом. Каражат ишкананын бюджетинен эмес, Мамлекеттик каттоо кызматынын бюджетинен жана республикалык бюджеттен бөлүнүшү керек. Биз жыл сайын муну тиешелүү органдарга жазып турабыз жана акча түшсө атайын бөлүмдөрүбүз сатып алып турат. Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу акча өз учурунда бөлүнгөн жок. Бирок бул биздин базанын ишмердүүлүгүнө тоскоол болбойт жана жумушубуз мурдагыдай калыпта эле улана берет. Коопсуздук маселелери баштагыдай калыпта каралат жана ошондой эле камсыздалат». Мамлекеттик каттоо кызматы жана «Инфоком» ишканасы маселенин мындан башка жагдайларын деталдуу түшүндүрүшкөн жок. Бирок мунун алдында ушул темага байланыштуу бир нече документтердин көчүрмөсү «Азаттыкка» келип түшкөн. Анын ичинде Мамкаттоонун Финансы министрлиги, өкмөт аппараты, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызмат (Финансы полициясы) менен жазышкан каттары да бар. Иликтөө да ошондон башталган. Андагы маалыматтар мекеме расмий билдиргенден кыйла айырмаланат. Тагыраагы лицензиялардын саны жогоруда айтылгандай, төрттөн көп экени көрсөтүлгөн. Жумшалчу каражаттын суммасы да башкача. Маселен, бир документте маалыматтар базасын башкаруу системасынын (СУБД) «Oracle Database Enterprise Edition» деген конфигурациясынан төрт лицензия, «Real Application Clusters» деген конфигурациясынан сегиз лицензия суралган. 12синин наркы 26 млн. сомго бааланган. Башка өтүнмөдө болсо биринчи конфигурациядан алты лицензия, экинчисинен сегиз лицензия керек экени белгиленген. Мында алардын суммасы 471 400 доллар же 33 млн. сом деп коюлган. Мамлекеттик каттоо кызматы бул каражаттарды Финансы министрлигинен 2019-жылдан баштап сураган. Быйыл жыл башынан бери да бир нече жолу кайрылган. Ушул эле кагаздарда мекеме 2016-жылдан бери лицензия сатып ала элек экенин да маалымдалган. Финансы министрлигинин мамлекеттик сектор бөлүмүнүн башчысы Талантбек Стамалиев «Азаттыкка» бул жөнүндө мындайча комментарий берди: «Кеп болуп жаткан маалыматтар базасын башкаруу системасынын жаңы лицензиясын сатып алыш үчүн Мамкаттоодон келген суроо-талапка өзүнчө жооп бергенбиз. Биз, Финансы министрлиги муну Мамкаттоонун өзүнүн атайын эсеп-каражаттарынын эсебинен сатып алууну сунуш кылганбыз. Анткени алар биометрикалык паспортторду берүүдөн, башка кызматтарды көрсөтүүдөн акча табышат да. Бюджеттин тартыштыгын билесиңер да, андай суммаларды азыр көтөрө албайт. Мамлекет алгач базаны иштеп чыгууга акча бөлгөн, бирок «Oracle» системасы жыл сайын жаңыланып турат да. Анан жыл сайын аны жаңылоону мамлекет каржылай берсе, бюджеттен миллиондоп сумма кете бербейби! Ошон үчүн атайын тарификация түзүп, мекеменин атайын эсебинен сатып алып турууга уруксат бергенбиз». Стамалиев Мамлекеттик каттоо кызматында эки атайын эсеп-каражаттар бар экенин, 2020-жылы анын бирине 163 млн. сом, экинчисине 410 млн. сом түшөрүн кошумчалады. Башкача айтканда, бул Мамкаттоонун кызмат көрсөтүүдөн тапкан кирешеси. Же мекемеге мамлекет тараптан берилген бюджеттен сырткаркы сумма деп түшүнсөк болот. «Жеке маалыматтардын коопсуздугуна коркунуч бар» Маалыматтар базасын башкаруу системасы демекчи (аңглисче «Database Management System» – DBMS, орусча «система управления базами данных» - СУБД), бул – маалыматтар базасын түзүүчү жана аны администрациялоочу (маалымат киргизүү, толуктоо, жаңылоо, сактоо, өчүрүү, тандоо ж.б.) программалардын комплекси. Ал көп тармактарда колдонулат. Биздин мисалда «Oracle» системаcы аркылуу түзүлгөн биометрикалык базада Кыргызстандын жарандарынын персоналдык идентификациялык номери (ПИН), үй-бүлөлүк абалы, бармак изи, сүрөтү, кол тамгасы, паспорттук жана башка маалыматтары топтолуп келет. База жалпы мааниде Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизин түзөт жана ал реестрде адамдын төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки жагдайын сактоо максат кылынган. Биометрикалык маалымат базасын Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорт берүү жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонот. Базаны дагы бир нече мамлекеттик жана укук коргоо органы да пайдаланат. Азыр базада үч млн. 400 миңден ашык кыргызстандыктын биометрикалык маалыматы бар. Мамкаттоо биометрикалык системаны киргизген 2014-жылдан бери андагы персоналдык маалыматтардын коопсуздугуна коркунуч жок экенин билдирип жүрөт. Бирок жогоруда айтылгандай, базаны тейлөөчү программалар улам жаңыланып турбаса ага толук кепилдик жок. Себеби программалар жаңы вирустарга, киберчабуулдарга туруксуз болуп калат. Бул тармактагы эксперт Таалайбек Жумадылов программалык лицензиялар жаңыланбаган жагдайдагы кооптуу жагдайларды тизмектеди: «Биринчиден, МББС бул – программалык камсыздоо. Аны түзүүдө ар кандай тил болушу мүмкүн. «Oracle» программалоодогу ошол тилдердин бири. Эгер мен МББСнын лицензиясын албай туруп, маалыматтар базасын түзүп же иштетсем бул өзгөлөрдүн интеллектуалдык менчигин пайдалануу болуп калат. Автордук укукка ээ болгон тарап сотко берип, акча талап кылса болот. Анткени ал контрафакт, уурулук катары бааланат. Анда мамлекеттин аброю жабыр тартат. Экинчиден, лицензиялуу программа менен база түзгөндө да аны утуру жаңылап туруу зарыл. Ошол аркылуу программист же өндүрүүчү персоналдык маалыматтарды коргоого алат. Себеби, жыл сайын жаңы вирустар, зыяндуу программалар түзүлүп турат. Эгер лицензиясын сатып албай койсоң, сенин софтуң ыргып кетиши мүмкүн, маалыматтар базасын жоготуп алышың ыктымал. Башкача айтканда хакердик чабуулдардын жана сакталган маалыматтардын өчүп калуу коркунучу жаралат. Хакер маалыматтарды уурдап алат, балким Интернетке ачык жарыялап жиберет, же башка максаттар үчүн пайдаланат, балким таптакыр жок кылып салат». Биометрикалык маалыматтар базасы 2015-жылдан бери өлкөдөгү шайлоого да байланган. Тагыраагы шайлоочулардын тизмеси ошонун негизинде түзүлөт жана биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган шайлоочулар добуш берүүгө катыштырылбайт. Ушул жагынан алганда эгер базага сырттан чабуул коюлса, ал келерки өтө турган шайлоону да үзгүлтүккө учуратышы ыктымал. Ушуга окшош жүйөнү Финансы министрлигине жөнөткөн билдирүүсүндө Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев өзү да белгилеген. Анын 2020-жылдын март айында жазган катындагы сөзүн келтирели: «Өндүрүүчү тараптан техникалык колдоо камсыздалбаганын эске алганда, ал базанын маалыматтык коопсуздугуна кепилдик бербейт жана (МББСнын компоненттеринин иштебей калышына, техникалык каталыктарга, талуу жерлердин жаралышына, масштабдоого, системаны ыкчам калыбына келтирүүгө, резервдик көчүрүүгө, колдонуучуларды көзөмөлдөөгө жана аудитке карата) ыктымал коркунучтар үчүн өзүнөн жоопкерчиликти алып салат. 2017-жылкы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо биометрикалык маалыматтар базасын дайым пайдаланып жатканыбызга, Жогорку Кеңешти шайлоого, жалпы жарандык электрондук паспортторду берүүнү баштаганыбызга байланыштуу жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын улуттук коопсуздук жана коомдук тартипти камсыздоо тармактарында, түрдүү кылмыштарды иликтөө жана алдын алууда мекеме аралык өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруунун алкагында МББСны лицензиялоо, үзгүлтүксүз техникалык колдоо алуу өзгөчө мааниге ээ болуп чыга келет. Муну менен маалыматтык коопсуздук жана айныгыстык да (отказоустойчивость) тыгыз байланыштуу». «Oracle» маалыматтар базасын башкаруу системасына АКШдагы эл аралык «Oracle» корпорациясы ээлик кылат. Ал программалык камсыздоо тармагында кирешеси «Microsoft» компаниясынан кийинки, экинчи орунда турган ири мекеме. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы 16 саясий партияга шайлоого катышууга укук берди. Партиялардын талапкерлеринин тизмеси мамлекеттик «Эркин Тоо» гезитинин атайын санына жарыялады.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 15:17

Ахрор Иминов:

Ахрор Иминов: "Я, как кандидат от партии «Кыргызстан», уверенно могу сказать, что голосуя за №15, вы выбираете светлое будущее!"

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:20

«Твиттер» аккаунтарга чабуул коюлууда

Кыргызстанда айрым активисттер жана журналисттер «Твиттер» аккаунттарына чабуул коюлуп, жазган посттору өчүп калганын айтып чыгышты. Активисттердин социалдык тармактардагы аккаунттары бузулган учурлар буга чейин да байкалган. Социалдык медиадагы коомчулук бул көрүнүштү сөз эркиндигине болгон кысым катары баалап жатат. Журналист Махинур Ниязованын «Твиттердеги» аккаунту белгисиз себептен улам сыр сөзү өзгөрүп, чабуулга учураган. Ал социалдык желенин башкы кеңсесине кат жазып, баракчасын кайра калыбына келтиргенде 2017-жылга чейинки койгон посттору өчүп калган. Кимге, кайсы тарапка жеке маалыматтары зарыл болгонуна таң калып отурган чагы. «Мен эртең менен туруп эле баракчама кире албай калдым, - дейт ал. - Телефондон, башка девайстардан кирүүгө аракет кылсам, сыр сөзүм дал келбей койду. Анан «Твиттердин» өзүнө кат жазып, сыр сөздү жаңыртууга туура келди. Акыркы үч жылда жазган бардык постторум өчүп калыптыр. 2017-жылдан баштап эле жазгандарым сакталып калган экен. Кийин «Твиттерде» көп кишилер аккаунттары чабуулга кабылганын жазганын байкадым. Өзүмдүн башыма келгенден кийин бул маселеге көңүл буруп калдым да. Бирок, мунун баары кимге, эмнеге керек - биле албай койдум». «Аккаунтту көзөмөлдөө оңой эле» Саясатчылардын, журналисттердин жана элге таанымал адамдардын социалдык медиадагы баракчаларына чабуул коюлушун айрымдар мамлекеттик күч органдарынан жана алар менен түздөн-түз кызматташкан уюк байланыш операторлорунан көрүшөт. Атын атагысы келбеген бул IT кызматкери мамлекеттик коопсуздук органдарында соцмедиа колдонуучулардын аккаунттарына жашыруун кирип, бийликтин буйругу менен баракчалардагы маалыматты өчүрүп иштечү. «Эми бул боюнча бир топ техникалар бар, - деп түшүндүрдү ал. - Маселен, «фишинг» деп коёт, «баракчага кириш үчүн сыр сөздү өзгөрт» же «пост жазыш үчүн сыр сөз зарыл» деген сыяктуу каттарды жиберишет. Колдонуучу байкабай эле ал каттагы анкетага жеке маалыматын жазып алат. Адатта азыр бул технология «Инстаграм» менен «Твиттердин» колдонуучуларына көп колдонулуп жатат. Бийликке жакпаган посттор өчүрүлөт, кайсы бир аткаминерди сындаган сөздөрдү өчүрүп коюшат дегендей. Анан мамлекеттик күч түзүмдөрү эч кандай тоскоолдуксуз эле ар бир жарандын «WhatsApp» тиркемесинде жазышкандарын окуй алат». Буга чейин да бир нече активисттер менен саясатчылардын «Фейсбуктагы», «Твиттердеги» аккаунттарына чабуул коюлган эле. Акыркы күндөрү «Твиттерде» болуп жаткан чабуулдардын көпчүлүгү саясий багытта жазган журналисттер менен коомдо талкуу жараткан сүрөт же посттун ээлерине багытталууда. Бул көрүнүш сөз эркиндигине доо кетирбейби? Медиа эксперт Азамат Тынаев акыркы учурда өз оюн эркин билдиргендерге карата коюлган онлайн чабуулдарга кабатыр болуп жатканын билдирди:​ «Эми мындай окуялар бир нече ирет болгондон кийин мунун артында эмне жана ким турат деп ойлонуп калат экенсиң да. Кандайдыр бир уюшулган аракеттер барбы деген да шек жаралат. Ошондуктан жарандарыбыз, айрыкча маалымат тармагында иштеген журналисттер, блогерлер, жарандык активисттер онлайн дүйнөдөгү техникалык коопсуздукту өзгөчө билиши керек. Окуп, үйрөнүп, колдоно билиши зарыл. Анткени мындай учурлар боло берет жана мындан ары көбөйүп кетеби деп да чочулап жатам». «Мамлекеттик органдардын тиешеси жок» Бирок бул чабуулдарды мамлекеттик органдар коопсуздук күчтөрүнө эмес, саясий жараяндарга байланыштырууда. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Алтынбек Исмаилов алдыда шайлоо жакындап калгандыктан, ар кайсы топтор онлайн дүйнөдөгү коопсуздукка кол салууда деген ойдо турганын айтты: «Азыр эми жалпыга маалым, ушул шайлоонун алдында ар кандай күчтөр маалыматты ар башка максатта колдонуп, туура эмес маалымат таркатуу ыктымалдыгы чоң болуп жатат да. Мен ишенем, мамлекеттик органдардын мындай иштерге тиешеси жок. Саясатка катышкандар эле бири-бири тууралуу башкача кабарларды таркатып, коомдун көңүлүн өзүнө оңой эле буруп коюшу мүмкүн». «Жеке мейкиндикке тийишпейт» Санариптик коопсуздукту демократиялык жактан өнүккөн өлкөлөр өзгөчө сактай тургандыгы жалпыга белгилүү. Маселен, Германияда социалдык медианын колдонуучуларынын курагы 18 жаштан өйдө чектелип, алар жазган посттордоргу террордук, «жек көрүү» тили катуу көзөмөлгө алынат. Германиянын Бремен шаарындагы «Uzuner Consulting GmbH» фирмасынын програмисти Эркин Карымшак уулу: «Германиядагы коопсуздук кызматтары биздикиндей эле социалдык медиага чыккан маалыматтарды талдап турушат. Террордун алдын алыш үчүн атайын иш алып барышат. Бирок алар кимдир-бирөөнүн аккаунтуна кирип ичиндеги маалыматты өзгөтүп, өчүрүп же пост жазышы мүмкүн эмес. Жазылган маалыматты алар таптакыр өзгөртө алышпайт», - деди. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Байланыш агенттигинин эсебинде Кыргызстанда 10 563 605 мобилдик абонент бар. Анын 7 721 210у активдүү болсо, алты миллионго жакыны Интернетке туташкан. Кыргызстандыктар «Фейсбук», «Инстаграм», «Твиттер», «Одноклассники» сыяктуу социалдык түйүндөрдү көп колдонушат.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:20

БШК «Бүтүн Кыргызстан» боюнча Жогорку сотко арыз бербейт

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын иши боюнча Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге каршы Жогорку сотко арызданбайт. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова партиянын айланасындагы маселе тууралуу комментарий берип жатып айтты. «Шайлоо процесси кызуу фазасында экенин жана бардык саясий партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарылчылыгын эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көбү Жогорку сотко арыздануудан баш тартып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоону чечти», - деди төрайым. 9-сентябрда Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырган. Боршайком 3-сентябрдагы жыйынында партия өз талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген. БШК 25-августта да «Кыргызстан» партиясы документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен партиянын документтерин артка кайтарган. «Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, утуп алган. БШК кассациялык арыз менен Жогорку сотко арызданып, ал жакта да партиянын пайдасына чечим чыккан. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 саясий партия катышып жатат. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган. 9-сентябрда БШКда партиялардын шайлоо бюллетениндеги жайгашуу ирети аныкталды. (BTo)

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:20

Тихановская: Лукашенконун доору бүттү

Тихановская беларус оппозициясын тынчтыкка үндөдү. Лукашенконун авторитардык режимине каршы оппозициялык кыймылдын үнү менен жүзүнө айланган Светлана Тихановская Беларуста бийликтин куугунтугу күчөгөнүнө карабай нааразылык жүрүштөрүнө чыккандарды тынчтыкты сактоого чакырды. «Каршылык акциялары тынч өтүшү керек. Зомбулук менен күрөшүүдө зомбулукка барууга болбойт», - деди Тихановская шаршембиде Варшава университетиндеги кайрылуусунда. 9-августта өткөн президенттик шайлоону өзү жеңгенин айтып жүргөн Тихановская 5-ноябрда Лукашенконун бешинчи президенттик мөөнөтү соңуна чыгарын белгилеп, муну менен анын доору бүткөнүн кыйытты. «Мен бардык өлкөлөрдү ушул суроонун үстүнөн ойлонууга чакырам. Силер 5-ноябрдан кийин бул адамга кандай кайрыласыңар? Биз өзүбүз өлкөбүздө ал мындан ары биздин президент эмес экенин билебиз. Ошон үчүн мен бул суроону силерге жолдойм», - деди Тихановская. Шаршембиде таң эрте Минскиде оппозиция түзгөн Координациялык кеңештин дагы бир мүчөсү – адвокат Максим Знакты беткапчан кишилер күчтөп кармап, белгисиз жакка алып кетишкени кабарланган. Кийин «Весна» укук коргоо уюму Знакка каршы «Беларустун улуттук коопсуздугуна зыян келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакта экенин маалымдаган. Тергөө комитетинин өкүлдөрү да муну тастыкташкан. Беларуста кайрадан президенттик шайлоо өткөрүп, Лукашенконун бийликти тынчтык жолу менен тапшыруусун көздөгөн Координациялык кеңеш түзүлгөндөн бери анын мүчөлөрү саясий куугунтукка кабылып келет. Башкы прокуратура «бийликти басып алуу» беренесине ылайык кылмыш ишин козгоп, ар бир мүчөсүн суракка алган. Азыркы кезде Кеңештин бир эле мүчөсү - Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Светлана Алексиевич гана эркиндикте. Калгандары же кармалган, же чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Алексиевич 9-сентябрда эртең менен анын үйүнө беткапчан бирөөлөр кирүүгө аракеттенгенин айтып, журналисттер менен коомчулуктан аны коргоону суранган. Андан соң Европа өлкөлөрүнүн Минскидеги дипломаттары жазуучунун үйүнө чогулуп, кетпей турушат. Шаршембиде президенттикке талапкер, абакта отурган Виктор Бабариконун штабын да белгисиз адамдар тинтип, бүлдүрүшкөн. Эки күн мурда Бабариконун штабынын жетекчиси, Координациялык кеңештин мүчөсү Мария Колесникова өзүн күчтөп Украинага чыгарууга жол бербей, паспортун айрып салган. Азыр ал «бийликти басып алуу» кылмыш иши боюнча камакта. Мындан тышкары Лукашенконун режимине каршы митингдердин катышуучуларын топ-тобу менен кармоолор, аёосуз күч колдонуулар токтобой келет. Жалпысынан митингдерде кармалган жети миңдей адам камакта, Айрымдары ур-токмокко алынып, кыйноолорго кабылган. Минскидеги «Весна» укук коргоо уюму, Хельсинки комитети, Кыйноого каршы дүйнөлүк комитет менен Адам укуктары боюнча Эл аралык федерация 500дөй адам токмок жегенин, митингдердин катышуучуларына зомбулук көрсөткөн күч түзүмдөрүнүн бир да кызматкерине каршы кылмыш иши козголбогонун баяндап, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноо боюнча атайын баяндамачысына кайрылышкан. «Европадагы акыркы диктатор» аталган Лукашенко Беларуста бир айдан бери уланып жаткан элдик толкундоолорго карабай Координациялык кеңеш менен сүйлөшүүлөргө барбай, аны күч түзүмдөрү колдоп турганын, бийликтен жөн кетпей турганын айтып келет. Лукашенко коңшу Польша менен Литваны Беларустун ички иштерине кийлигишүүгө айыптап, элдик жапырт жүрүштөргө Батышты күнөөлөп келет.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:20

Добуш үчүн акча сунуштаган партиялар

Шайлоого аттанган партиялар элдин добушун алууга аракет кылып, шайлоочуларды №2 форма деп аталган документ менен өздөрүнө ыңгайлуу шайлоо тилкелерине каттаганга аракет кылып жатат. Бул үчүн алар элдин паспорт көчүрмөсүн чогултуп, акча да сунушташууда. Ошондой эле жол салып берүү сыяктуу башка да убадалар менен элдин добушун алууга аракеттер жасалууда. Мындай иштерде бийликке жакын партиялардын аттары аталып жатат. Паспорт чогултуу, элдин добушун сатып алуу аракеттери тууралуу “Азаттыктын” иликтөөсүн сунуштайбыз

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:20

Баары 21де. Жогорку Кеңешке аттанган эң жаш 10 талапкердин билими, иштеген жери

БШК парламенттик шайлоого аттанган талапкерлердин толук тизмесин берди. Эл өкүлү болом дегендердин арасында 21 жаштагы талапкерлер бар. Эң жаш 10 талапкер менен тааныштырмакчыбыз.БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңешке депутаттыкка бел байлаган партиялардын тизмесинен жок дегенде бирден 21 жаштагы талапкерди табууга болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган тизмеде жазылган. Эске салсак, депутат болчулардын жаш курагы да мааниге ээ. Аларга коюлган талаптарда жазылгандай, талапкер эң жаш дегенде 21 жашта болушу керек. Sputnik Кыргызстан БШК берген тизмени дыкат карап чыгып, эң жаш 10 талапкерди таап чыкты. Үмүт Каттообек кызы 1999-жылы 16-августта туулган. Ал шайлоого "Ата Мекен" партиясы менен аттанган. Тизмеде 120нчы болуп катталган. Орто билими бар, учурда жумушсуз. "Социал-демократтар" партиясынан депутаттыкка ат салышчулар. Тизме Нурлан Талантбек уулу 1999-жылы 15-августта туулган. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинде 196ынчы орунда. Учурда Кыргыз экономикалык университетинде студент. Бекбоева Аяна Эркинбаевна 1999-жылы 10-майда туулган. Шайлоого "Ордо" партиясы менен аттанып, тизмеге 92инчи болуп илинген. Учурда ушул эле саясий партиянын катчылыгында иштейт. Жогорку билимди толук алган эмес. 21 жаштагы талапкер "Кыргызстан" партиясында дагы бар. Ал — 1999-жылы 28-апрелде туулган Ылайым Мирлан кызы. Саясий партиянын тизмесинде 68инчи болуп турат. Орто кесиптик билими бар, учурда эч жерде иштебейт. Исаев Даирбек Даниярбекович 1999-жылы 8-мартта туулган. Шайлоого "Мекенчил" партиясы менен тизмеде 100үнчү болуп бара жатат. Орто кесиптик билим бар. Учурда жумушсуз экени айтылды. "Биримдик" партиясынын тизмесине кимдер кирди? Аты-жөнү, кызматы Токтобекова Жылдыз Токтобековна 1999-жылы 18-февралда туулган. Ал "Афганистан согушунун ардагерлери" партиясынын тизмесине 63үнчү болуп илинген. Талапкер Борбор Азиядагы эл аралык университетинде студент. Заидов Риза-Али Баширович 1999-жылы 5-февралда туулган. "Мекен ынтымагы" партиясынын тизмесинде 94үнчү болуп жазылган. Орто билимдүү, жумушсуз. Жанышбекова Аяна Нурдиновна 1999-жылы 25-январда туулган. Ал Жогорку Кеңеше "Биримдик" партиясы менен аттанган. Партиянын тизмесинде 194-орунда. Жогорку билимдүү, БГАиКО ЖЧКсында менеджер болуп иштейт. Алымбеков Дастан Алымбекович 1999-жылы 12-январда туулган. "Ата-Мекен" партиясынын тизмесинде акыркы жазылгандардын бири. Орто кесиптик билим алган. Учурда БШК жетекчисинин катчысы болуп иштейт. "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка кимдер аттанды? Тизме Тургунбекова Арина Канатбековна 1999-жылы 4-январда туулган. Жогорку Кеңешке "Кыргызстан" партиясы менен аттанып, тизмеде 97инчи болуп катталган. Венгриядагы университеттердин биринде магистрант. Белгилей кетсек, макалага "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын талапкерлери кошулган эмес. Анткени БШК алардын тизмесин расмий түрдө жарыялай элек.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:22

Сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырды

Бишкектин административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева сот чечими менен тааныштырды. «Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылсын. БШКнын чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылсын». «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы боюнча сот чечими 9-сентябрда, саат 19:48де чыгарылды. Партиянын лидери Адахан Мадумаров судьяга жана сот имаратынын сыртында адилеттикти талап кылып турган тарапкерлерине ыраазычылык билдирди. Бишкектин административдик сотунда бүгүн, 9-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы доо арызы каралды. Соттук жараянга партияны шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу Боршайкомдун жумушчу тобунун чечимине каршы добуш берген БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев чакыртылган. Бул өтүнүчтү 7-сентябрда «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлдөрү берип, судья аны канааттандырган. Жараян жүрүп жаткан убакта партиянын тарапкерлери имараттын сыртына чогулуп, соттон калыстык талап кылышты.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:39

Шайлоо-2020: Улан Примов: "Биримдик" партиясы аймактардын социалдык маселелерин чечүүнү көздөйт

“Биримдик” Демократиялык социализм - Евразиялык тандоо саясий партиясынан шайлоого аттанган талапкер Улан Примов Алай районунун Будалык айыл аймагынын Октябрь, Кум-Шоро, Кара-Суу жана Оро-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушту. Примов үгүт иштерин ата журтунан баштоону туура көргөнүн айылдыктар менен болгон маегинде айтты. “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей, кичи мекенинин тургундарынын батасын алгандан кийин Улан Примов үгүт иштерин баштоону туура көргөн. Талапкер “Биримдик” партиясынын платформасы тууралуу тааныштырып, анын максаттары тууралуу кенен айтып берди. Айылдыктар негизги маселелерден пенсия, жөлөк пул албагандар да бар экенин айтышты. Мындан сырткары Примов жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн социалдык көйгөйлөрү тууралуу угуп, буюрса парламенттен бийликке ар бир маселени жеткирерин убадалады. Примов ошондой эле партиянын социалдык саясаты тууралуу айтып: «Бул жерде эң башкысы, мамлекет тарабынан калктын акчалай кирешесинин өсүшүнө багытталган, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн баарынан жогору турган так саясат жүргүзүлүүдө. Бул чөйрөдө биздин негизги милдеттерибиз социалдык адилеттүүлүктүн принциптерин камсыз кылуу; калкты толук жумуш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү; убактылуу жумушсуз калган жарандарга жөлөк пулдарды мыйзамга ылайык, бирок минималдуу керектөө себетинен төмөн эмес өлчөмдө төлөө; жарандардын адилеттүү эмгек акыга болгон укугун ишке ашыруу; адамдардын тамак-ашка, турак жайга, кийим-кечеге жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон биринчи муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндүк берген деңгээлде минималдуу эмгек акыларды жана жөлөк пулдарды белгилөө» , - деди. Мындан тышкары тургундар акыркы убакта элди түйшүккө салган медицина тармагын жана жаштардын ден соолугун чыңдоо борборлорун өкмөткө жеткирип берүүнү өтүнүштү. “Чоң-кичине ар бир кызмат очогунун куруучусу ал очоктун эмне максатта курулгандыгын улам эстеп турса, иш өз нугу менен жүрүп, жемиштүү болот” , - дейт Улан Примов. Алай эли “Биримдик” Демократиялык социализм - Евразиялык тандоо саясий партиясынын талапкери Улан Примовду чын дилден колдоо ниетин билдиришти. Будалыктар Улан Примовду узатып жатып, ыраазычылыктарын айтып, ак баталарын беришти. Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. Дареги: Бишкек шаары, Разаков көчөсү 4. 15:52 10-09-2020

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:22

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү камакка алынды

Аксыда шайлоочуларга басым кылган “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү камакка алынды. Шектүүлөрдүн өздүгү аныкталганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев "Биринчи радиого" билдирди. Окуя 7-сентябрь күнү аталган облустун Аксы районунда катталган.

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:22

Парламенттик шайлоого аттанган партияларга суроо калтырыңыз

Коомдук биринчи каналда парламенттик шайлоого аттанган партиялардын лидерлеринин катышуусундагы теледебаттар өтөт. Орчундуу сурооңуз болсо жазып калтырыңыз. Мындан тышкары телефон аркылуу да байланышып сурооңузду калтырсаңыз болот: +996 312 39 22 38; +996778762719 Загрузка…

Подробнее
11 сентября 2020 г. 1:22

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы 7 облуска түзгөн программасы

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо алдындагы баардык облустарга өнүгүү долбоорун иштеп чыкты. Облустар үчүн өнүгүү долбоорлору Баткен облусунда күрүч, рапс, соя, ошондой эле мөмө-жемиштерди өстүрүүгө багытталган тамак-аш жана кайра иштетүү тармактарын, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү демилгелөө керек. Аты алыска кеткен айтылуу Баткен өрүгү аймактын визиттик карточкаларынын бири жана экспорттун эн белгиси болуп калышы керек. Жалал-Абад облусунда электр энергиясын, электрониканы, көмүр казып алуу жана башка пайдалуу кендерди өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү зарыл. Баарынан мурда пахта өндүрүүгө жана уникалдуу жапайы жаңгак токойлорунун түшүмүн кайра иштетүүгө адистешкен айыл чарба тармагын өнүктүрүү керек. Мындай географиялык жайгашууда рекреациялык инфраструктураны өнүктүрүү да абдан маанилүү. Ысык-Көл облусунда эс алуучу туристтик инфраструктураны интенсивдүү өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле транспорттук жана коммуникациялык инфраструктураны да. Органикалык жашылчалар менен жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү өтө кирешелүү болот. Мындан тышкары Ысык-Көлдө спорттук медицина тармагында кызмат көрсөтүү структурасын иштеп чыгуу керек. Ошондо бизге өздөрүн калыбына келтирүү жана реабилитациялоо үчүн КМШнын бардык өлкөлөрүнөн спортчулар келмек. Нарын облусу өзүнүн географиялык жайгашуусун колдонуп, соода-логистикалык потенциалын өнүктүрсө болот. Нарында ошондой эле жогорку өнүмдүү мал чарбачылыгы үчүн да бардык шарттар бар. Аймак акыркы жылдары этно туризмдин сүйүүчүлөрү үчүн да жагымдуу жайга айланууда. Экологиялык жана медициналык туризмдин багыттары да перспективдүү болушу мүмкүн. Ошондой эле «Нарын» ЭЭАсынын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү керек. Ош облусунун экономикасы үчүн жеңил, кайра иштетүү өнөр жайын, ар тараптуу айыл чарба тармагын, биринчи кезекте бакча өсүмдүктөрүн жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү локомотив болушу мүмкүн. Тоо-кен тармагы да алардын катарында. Экологиялык, этно, ошондой эле “зыярат” туризмин өнүктүрүү да маанилүү, анткени аймакта көптөгөн мазарлар, ыйык жайлар, мечиттер бар. Заманбап байланышты, мунай өнөр жайын, түштүк регионунун чет мамлекеттер менен соода жүргүзүүсүн, ошондой эле эки тараптуу сооданы камсыз кылган инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Суу түтүктөрүнүн жана ирригациялык системанын курулушун улантуу да маанилүү маселе. Талас облусунда кайра иштетүү өнөр жайын түзүү, айыл чарба продукцияларын, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана аларды экспорттоо, байланышты өнүктүрүү маанилүү. Мындан тышкары бул аймакта маданий жана тарыхый туризмди да өнүктүрсө болот. Чүй облусу үчүн логистикалык борборлорду өнүктүрүү, IT-паркка инвестицияларды тартуу, инфраструктура, тоо-кен байлыктарын казуу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана билим берүү мекемелеринин деңгээлин жогорулатуу приоритеттүү багыт болуп саналат. “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиздер! Максатыбыз бир, жолубуз шыдыр элибиз аман болсун! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники