О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 2:16

Шайлоо-2020: Президент өзүнө "бийликтин партиясын" түзүп жатабы?

Өлкөдөгү бүгүнкү саясий абалдын өзгөчөлүгү катары, президенттин Жогорку Кеңеште өз партиясынын жок болуп жаткандыгы эсептелүүдө. 2020-жылы боло турган шайлоо мындай абалды өзгөртө алабы? Эксперттер жакынкы убакта Кыргызстанда 2020-жылдагы шайлоого карата Жогорку Кеңеште депутаттардын тобун аныктоочу жаңы партиялар пайда болот деп эсептешүүдө. Саясат таануучу Игорь Шестаков азыркы партиялардын шайлоочулардын добушун топтоо жана жетинчи чакырылышта орун алуу мүмкүнчүлүгү аз деп эсептейт. -Бүгүн Жогорку Кеңеште иштеп жаткан партиялар элдин колдоосун жоготуп алышты. Өзүн-өзү таркатуу темасынын активдүү талкууланышынын да жөнү бар. Мунун өзү эле өткөн шайлоодо жеңип Жогорку Кеңешке келген баардык саясий бирикмелердин кадыры кетип калгандыгын билдирет. Ушул жылдар ичинде партиялар жана депутаттар натыйжасыз иштешти. Бүгүн коомчулук Жогорку Кеңештен жана партиялардан кандай пайда чыгаарын түшүнбөй турат. Соцтармактарда партиялык системадан баш тартып жана бир мандаттуу шайлоого өтүүгө чакырышууда, - деген пикирин Игорь Шестаков VB.KG редакциясына билдирди. Ал белгилегендей, жергиликтүү бир да партия бийликтин институту катары өзүн көрсөтө алган жок. Бүгүн Кыргызстанда "партия" деп, иш жүзүндө убактылуу кызыкчылыкты көздөгөн партиялык биригүүнү гана атап калышты. Лидер кетери менен, партия да тарап жок болууда. -Алмазбек Атамбаев кызматтан кеткенден кийин КСДП кичине партизандык отряддарга бөлүнүп кулады. Бүгүн ал партия катары өзүн көрсөтө албай тургандыгы ачык болуп, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова сыяктуу Алмазбек Атамбаведин тарапташтары жана башка топтор гана калды. Алар кандайдыр бир саясий билдирүү жасаганы менен, олуттуу колдоо таба албайт болуш керек, - деп сөзүн улады Шестаков. Саясат таануучунун пикири боюнча, Жогорку Кеңештин башка партияларында деле иштери жакшы жүргөн жок. Алардын эч бири шайлоочулардын олуттуу колдоосуна ээ боло албайт. -"Кыргызстан" партиясы жакшы съезд өткөрүп, келерки шайлоого катыша тургандыгын билдиргени менен, дароо эле шайлоочулардын жемесине кабылды. Коомдук пикир аларды баш көтөргүс кылып салды. Бирок, эксперимент катары, алдыда дагы эмне болорун карап көрүү керек. Балким "акча мешоктору" өздөрүнө жол ачып кетиши да мүмкүн, - деди Шестаков. Эксперттин пикиринде, Жогорку Кеңеште бүгүн жок, бирок, жер-жерлерде шайлоочулар менен иштеп жаткан партиялардын жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар. -"Өнүгүү-Кыргызстан" партиясы жергиликтүү шайлоонун партиясы катары түзүлүп, эл менен сапаттуу иш алып барып, колдоого ээ болуп жана жыйынтыгында Жогорку Кеңешке өтүп үлгү көрсөтө алды. Бирок, кийин ал партиянын иши эмне болду, бул башка иш, - деди сөзүн улантып Шестаков. Чоң саясатта жаңылардан "Мекеним Кыргызстан" жана "Биримдик" партияларын белгилеп айтсак болот. "Мекеним Кыргызстан" өзүн айрым региондордогу жергиликтүү шайлоолордо жакшы көрсөтө алды, бирок, андан ашыкчага күчү жетпеди. Бул партия жөнүндө маалымат аз. Бирок анын тизмесинин катарында курулуш бизнесинин өкүлдөрү көп болгондуктан, партиянын айрым мүчөлөрү Матраимовдордун үй бүлөсү менен байланышы бардыгын белгилешүүдө. Дагы бир партия – "Биримдик". Жакынкы убактан бери аны КСДПнын депутаты Марат Аманкулов менен байланыштыра башташты. Бул партияга КСДП бөлүнгөндөн калган ксдпчылардын, анын ичинен президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун кошулаары айтылууда. -Азыр алдын-ала жоромолорду айтуу кыйын, алар мындай иштерди өтө жашыруун жүргүзүшөт. Бирок мен өлкөдөгү бүгүнкү саясий абалдын өзгөчөлүгүнө көңүлдү бургум келет. Президент Сооронбай Жээнбековдун өз партиясы жок, эч бир партиянын мүчөсү эмес. Кыргызстанда мурда мындай көрүнүш эч болгон эмес, - деп сөзүн аяктады Игорь Шестаков. Ал президенттин колдоосуна ээ болгондугу жөнүндө бир эмес, дароо эле бир нече партия билдирет, бирок, анын кайсынысын "бийликтин партиясы" деп атаса боло тургандыгы азырынча белгисиз, деген ишеничте.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:16

Депутат Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтүн кыскартууну сунуштады

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтүн беш жылдан үч же төрт жылга чейин кыскартуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда депутат Бакыт Төрөбаев "Марал" радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, мындай чечимди 2020-жылы Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтү боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен кабыл алууга болот. -Парламент сапаттуу иштеген күндө да, эл 2-3 жылда депутаттардан тажап калууда - деп белгиледи Төрөбаев. Андан тышкары 2020-жылда боло турган шайлоо жөнүндө журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңешке төрт партия кайрадан өтө тургандыгын жоромолдоду. Келерки чакырылыштын азыркыдан жакшы болушу үчүн, партиялар биригип жана чыныгы профессионалдарды тандоосу керек, деп эсептейт ал. Эске салсак, БШК бекиткен графигине ылайык, парламентке кезектеги шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өткөрүлөт.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 16:07

“ОРДО” саясий партиясы:

“ОРДО” саясий партиясы: “Өзгөрүүгө мезгил келди! Учур бизди тандады!” "ОРДО" менин, сиздин, балдарыбыздын келечеги!

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:16

Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Насыр Мусаевдин ордуна жаңы депутат болуп Бектен Сыдыгалиев келди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн, 6-сентябрдагы кезексиз отурумунда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы башчысы Бектен Сыдыгалиевге күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Эске салсак, 6-сентябрда берген арызынын негизинде Насыр Мусаевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич 1966-жылы Чүй облусундагы Токмок шаарында төрөлгөн. Билими жогорку, Фрунзе шаарындагы К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун "агроном" адистиги боюнча бүтүргөн (1988-ж.). Ташкент шаарындагы СССР КГБ жогорку окуу жайын (1992-д.) жана Москва шаарындагы Ю. Андропов атындагы Кызыл туулуу КГБ институтун аяктаган (1994-ж.).

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:16

Д. Верхотуров: Сооронбай Жээнбековго "президенттик партиянын" кереги жок

Кыргызстанда парламенттик шайлоолор эмдиги 2020-жылы өтө турганы менен, ал жөнүндө эмитеден эле талкуулай башташты. Бул шайлоолор кандай өтүшү мүмкүн жана кайсы партиялар Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына өтөт? Бул тууралуу жазуучу Дмитрий Верхотуров kginfo.ru басылмасына атайын маек куруп, өзүнүн пикирин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы келерки парламенттик шайлоолор тынч жана коомдук тартип бузуулары жок өтөт. "Мындай көз карашта болууга төмөндөгүдөй негиздер бар: Республикадагы баардык саясий чатак кандай себеп менен жүрсө да, Алмазбек Атамбаевдин азыркы темир тордун артынан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн кескин жогорулатат. Бул саясий шылуун ага берилген мүмкүнчүлүктү толугу менен колдонуп жана өзүнө ылайык ар кандай ыкмалар менен бийликти басып алууга аракет кылаарынан шек санабай деле койсо болот. Мында дагы бир жолу шайтанды бөтөлкөдөн чыгарып жиберүүнү каалагандар барбы? - деген суроо туулат. Эгер каалоочулар жок болсо, анда шайлоолорду тынч жана тартиптүү өткөрүп алган оң. Мына ушундай эле себеп менен, президент Сооронбай Жээнбеков да ар кандай окуялар менен коштолуп кетүүчү коркунучтардын күчөшүнө жол бербеш үчүн баардык керектүү чараларды көрөт. Бул үчүн ийгиликтүү тажрыйбага да ээ болуп алды. "Президенттик партия" болбойт Өткөн парламенттик шайлоолордо президенттин КСДП партиясы бар эле, эми андай партия болбойт. Анын себеби жөнөкөй эле. Кече жакында кабыл алынган экс-президенттин статусу жөнүндөгү мыйзам, Жээнбековду республиканын президенти кызматын калтыргандан кийин саясий ишмердик менен алектенүү укугунан ажыратат. Анын кайсы-бир саясий партияны жетектөө укугу жок болгондуктан, ага партиянын да кереги жок. Жалпысынан алганда, бул туура. Атамбаевдин аткаруусундагы "президенттик партия" бийликти жеке басып алып, анын жардамы менен президенттик мөөнөт аяктагандан кийин, парламентке өтүү же премьер-министрдин креслосуна отуруш үчүн керек болгон. Андан тышкары "президенттик партия" – шайлоочуларга басым, жеңил болсо да, басым жасоого багытталган. Өткөн шайлоолордо анча чоң эмес партиялардын ийгиликке жетпей калышынын себеби, аларга карата "президенттик партиянын" күчтүү ресурсунун иштегендигине байланышкан. Мындай жагдайды жойуу шайлоону бир топ эркинирээк жана демократтык түрдө өткөрүүгө мүмкүндүк берет, ошондй эле кичине партияларга парламентке өтүп жана толук укуктуу парламенттик партия болуу мүмкүндүгүн берет. Азырынча эки жүздөн ашык партиянын алтоосу гана Жогорку Кеңеште өтүп отурат. КСДПнын оор тагдыры Чынында КСДП Жогорку Кеңештеги азыркы абалынан ажырайт, анткени, анын негизги уюштуруучулары, биринчи кезекте Алмазбек Атамбаев катардан чыгарылды, ошондой эле партиянын лидеринин кассаларына камак салынышы менен, акча каражаттарынан, ошону менен бирге Атамбаевдин таянычы болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Партия юридикалык жактан мыйзамдык күчүнө ээ боло элек болсо да, экиге бөлүнүп калды. Бул бөлүнүү партияны орто заар абалда калтыргандыктан, келерки шайлоого эки окшош партия аттанышы да мүмкүн. Бул күчтүү фактор болгондуктан, шайлоого чейинки бир жыл убакыттын ичинде бир нерсени жасап жетишүү кыйын. Албетте, мурдагы президенттин тигил же бул уулун, мисалы, Кадырбек Атамбаевдин талапкерлигин көрсөтүүгө аракет кылса болот дечи, бирок, бул начар вариант, анын таасири, харизмасы, күчү баары бир жетишпейт. Ошондуктан эгер бир аз депутаттардын саны менен азчылыктын партиясы катары Жогорку Кеңешке өтүп алса жакшы болот. Текебаев менен Бабановдун өсүшү Бизге эмне жөнүндө гана айтышпасын, бирок Жогорку Кеңешке шайлоолор – бул фотосүрөтү тартылган плакат боюнча, талапкерлер менен да, партиянын лидери менен да жеке дээрлик тааныш эмес болуп туруп өткөрүлгөн шайлоо. Орточо шайлоочу, алар менен эч качан көрүшкөн жана жеке байланышкан эмес. Мындай шарттарда артыкчылыкты бренд катары, тактап айтканда, көптөн бери саясатта жүргөн, баарына жана жеке ар бирине тааныш жана "саясий соодалашуу" аркылуу шайлоочулардын тилин таба алган партиялар алат. Анткени Кыргызстандын БШКсы керектүү убакта ачкан "саясий соодалашуунун" текчесинде товарлардын көп түрү болгону менен, шайлоочулар алардын ичинен тааныганын гана алат. Ошондуктан Жогорку Кеңештеги партиялардын тизмесиндеги курамы олуттуу өзгөрүүгө учурайт деп ойлобойм ("Бүтүн Кыргызстан" менен "Замандаш" партияларынын парламентке өтүү мүмкүндүгү болушу мүмкүн), менин божомолумда бул тизме мурдагыдай эле калат. Бирок, алардын өз ара катышы көп өзгөрүүгө учурайт. Башка партиялардын мурдагы КСДПга тиешелүү креслолорду бөлүштүрүүсү сөзсүз күтүлөт. Мында Текебаевдин "Ата Мекени" жана Өмүрбек Бабановдун "Республика - Ата Журту" бир топ артыкчылыктарга ээ болот. Алар саясий толкунда мурда эле болушкан жана азырынча ал жерде калышууда, оор сыноолордон да өтүштү: Текебаев саясий туткун катары камалып да чыкты. Ошондуктан алар Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышында ири фракцияларга айланышы мүмкүн. Булар азыркы убактагы көрүнүштөр. Шайлоолорго чейин дагы жетиштүү убакыт бар, бирок, Кыргызстанга окшогон саясий жактан туруксуз өлкөдө, дагы көп нерселер өзгөрүп кетүүсү мүмкүн. Окуялар кандай жагына өнүгөт, көз салып турабыз".

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:16

Саясат таануучу: Текебаев менен Бабанов конструктивдүү оппозиция болушат

Текебаев буюрса камактан чыгат жана акталат, анткени, бул чынында эле саясий заказ болгон. Мындай пикирди VB.KG редакциясына саясат таануучу Марс Сариев билдирди. Ал учурдагы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин акталышы жана "Республика" партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келиши капысынан болгон жок деп эсептейт. Алмазбек Атамбаевдин камакка алынышы менен, азыркы бийликтин саясат талаасында оппоненттери калган жок. Ошондой болгону менен белгилүү бир күчтөр түндүк-түштүк вектору менен абалды копшутууда жана күзүндө бул бөлүнүү ачык эле көрүнө баштайт. Анын үстүнө элдин бийликке карата социалдык-саясий абалга байланышкан нааразылыгы күчөп жатат. - Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтүнүн эки жылы Ататмбаев менен каршылашуу, коррупцияга каршы күрөшүү менен өтүп кетти, ал эми экономикалык жактан өнүгүү жүргөн жок, тескерисинче иши оңунан чыкпай жатат. Азыр экономикалык жактан секирик жасоо мүмкүн эмес, бул үчүн Зеленский (Украинанын президенти – ред.) жасагандай системанын баарын алмаштырып, бийлик вертикалын сындыруу керек. Бирок, бизде Украинадан айырмаланып кландар бар, аларды кантип сындырасың. Ошондуктан Бабанов менен Текебаевдин алдында конструктивдүү оппозиция болуп, Атамбаевди колдогон элди өздөрүнө тартуу маселеси турат, - деп эсептейт Сариев. Азыркы абал, Бабановдун суракка алынышы, автоунаасына камак салынуусу, Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүсү мүмкүн жана буга бийлик каршы эмес деген сыяктуу жүрүп жаткан сөздөрдүн баардыгы – күн тартибин өзгөртүп, эл экономика көйгөйүн эмес, саясатты талкуулап жаткандыгы бийлик үчүн ыңгайлуу дейт эксперт. Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов Алмазбек Атамбаевдей катуу кетпей, конструктивдүү оппозиция болушу керек. Ошондуктан алардын парламенттик шайлоого катышуусу боюнча бийликтегилер менен кандайдыр-бир келишим түзүп алышса керек деген ишеничте саясат таануучу. -Ошентип туруктуулук орномокчу. Бабанов – түндүк, Текебаев – "саясий туткун" катары түндүктөн да, түштүктөн да колдоо табат. Жакында Бабановдун таза экендиги аныкталат (кылмыш иши козголгон беренелер боюнча айыптоолор алынат – ред.), анан ал өзүнүн экономикалык идеяларын баштап, эл өзү анын премьер-министр кызматына же анын кишисин, ошол эле Канат Исаевди сунуштайт. Текебаев бийлик үчүн баш оору болсо да, ал өз алдынча саясатчы, анын өз электораты бар, бирок, ал да тобокелдикке барбайт. Бул анын акыркы шансы. Азыр алар үчүн парламенттик шайлоо, өздөрүнүн күчтүү партиясы менен Жогорку Кеңешке өтүү маанилүү, - деп сөзүн жыйынтыктады Марс Сариев.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:16

Бабановдун күбө катары статусу айыпталуучуга өзгөрүшү мүмкүнбү?

Президенттикке экс-талапкер Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келгенинен он бир күн тынч өткөндөн кийин, өлкөнүн бийлигиндегилер өздөрү жөнүндө эске салып жана ага болгон талабын билдирүүнү чечишти окшойт. Ошентип кече күнү "Республика" партиясынын мурдагы лидери "Кыргызстан" банкынын иши боюнча Финполицияда бир нече саат суракка алынды. Бүгүн ал УКМКга 2017-жылдагы президенттик шайлоо учурунда Он-Адырда сүйлөгөн сөздөрү боюнча, азырынча күбө катары суракка чакырылды. Бабанов өзү Финполициянын сурагынан чыккандан кийин журналисттерге, эч күнөөсү жок экендигин, ошондуктан "отургузбайт" деген ишеничте болоорун билдирди. Андан тышкары ал анын камалышынын аркасы менен, саясий абалды курчутуунун жана экономиканын начарлашынын эч кимге пайдасы жок экендигин белгиледи. Саясат таануучу Марат Казакпаев анын мындай оюна менен макул эмес. Ал 7-8-августтагы Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын нааразылыгы басылгандан кийин, эгер Бабанов камакка алынган шартта да өлкөдө эч кандай жаңы саясий толкундоолордун болушу күтүлбөйт. Айтмакчы, камакка алуу жөнүндө айтсак, ал бүгүн болбосо да, эртең күтүлө турган иш, деген ишеничте эксперт. -Ал фигурант катары өтүп жаткан Жазык кодексинин беренелери өтө олутуу, анын үстүнө ал жөн эле кетип калган жок, качып кетпедиби. Эми болсо уруксаты жок кайтып келип отурат. Албетте ал бийлик менен, президенттин өзү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылды, бирок, кийин билингендей эч натыйжа берген жок. Бабановду кезеги менен суракка чакыруулар күтүп жаткандыгы шексиз, бирок, жыйынтыгында ага айып тагышат жана кармашат, - деп VB.KG редакциясына өз оюн билдирди Марат Казакпаев. Мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперт Шерадил Бактыгуловдун ою боюнча, ал Өмүрбек Бабанов фигурант катары өүп жаткан беренелер өтө олуттуу экендиги менен макул болот. Ага кошулуп, "Республика" партиясынын мурдагы лидерине НТС телекнаалы жана башкалар боюнча да суроолор бар, буларды президенттикке талапкер кезинде Сооронбай Жээнбеков да айткан. Айта кетсек, ал коррупция менен күрөшүүнү так ушул Бабановдон баштай тургандыгын да билдирген. Бирок ушуну менен бирге Бактыгулов "республикачылдын" пайдасына да аргументтерди келтирди. -Ал өз ыктыяры менен Кыргызстанга келди, азырынча тергөөдөн жашынуу да оюнда жок, мыйзамдуулукту сактаган жаран катары суракка барууда. Дагы бир нюанс – Бабанов өлкөдөн Москвага, өзү айткандай дарылануу үчүн кеткен, ал эми кылмыш иштери ошондон кийин гана козголуп жатат. Тактап айтканда, ал тергөөдөн жашынган жери жоктой көрүнгөнсүйт, суракка алуу боюнча билдирүүлөрдү да алган эмес. Эгер Бабанов апрель айында кайтып келгенинде, аны кармашмак, азыр болсо Кой-Таштагы абалды эске алуу менен, укук коргоо органдары тобокелге салбай, мыйзам чегинде иш алып барып, кармаш үчүн жетиштүү негиздерди чогултууну чечишти көрүнөт. Антпегенде УКМК профессионалдуугу боюнча суроо жаралып, абал бийликтин пайдасына эмес жакка өзгөрүлмөк, - деп ой бөлүштү Бактыгулов. Бабановдун күбө катары статусу айыпталуучуга өзгөрөбү, бул анын өзүнө байланыштуу – тергөөнүн баардык суроолоруна жооп бере алабы, мына ошондон билинет, деп эсептейт саясат таануучу. Эгер ал камакка алуудан кутулса, өз аброюн сактап калуу үчүн жаз айына чейин өзүн жакшы жагынан көрсөтүүсү зарыл. -Андан кийин гана кезектеги шайлоолорго даярдануу керек. Мында маселе Бабановдун президенттик шайлоодо чынында эле азыркы президентке караганда көп добуш алганында. Бирок ага бул добуштун жарымын алууга "Өнүгүү-прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төөрөбаев жана "Кыргызстан" партиясынын лидери Канат Исаевдер жардам беришкен. Ал эми азыр Бабанов парламенттик шайлоодо болгону 10 -14 мандат ала турган болсо, бул анын стратегиялык жактан кыйроого учурашы катары бааланат, анткени ал баары бир президент болгусу келип жатпайбы, - деп сөзүн аяктады Бактыгулов.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:23

ЦИК потратит на очередные выборы 8.3 млн сомов

Economist - Центральная комиссия Кыргызстана по выборам и проведению референдумов потратит 8.3 млн сомов на выборы депутатов местных кенешей в семи айыльных округах, а также в городах Кара-Балте и Таш-Кумыре. Выборы в местные кенеши назначены на 28 января 2018 года.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:24

Адахан Мадумаров президенттике ат салышмай болду

БШКга президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти Нусрет Мамедов жана Адахан Мадумаровду көрсөткөн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын чечими келип түштү. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 13-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: — 21 жарандан Кыргыз Республикасынын пПрезиденти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов,Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов). — 4 жаран Кыргыз Республикасынын президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев — «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаровд — “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы).

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:30

КОРОНАВИРУС ИНФЕКЦИЯСЫН ХИЖАМА МЕНЕН ДАРЫЛОО ТУУРАБЫ?

Коомчулукта "коронавирусту хижама (денеден кан алдыруу) менен айыктырууга болот" деген маалымат талаш жаратып турган маал. Хижаманын таасирине ишенгендер, ишенбей, бул процедура өмүргө коркунуч жаратат дегендер да бар. Заманбап медицина, элдик дарылоо ыкмасы менен алектенген адистер бул боюнча кандай пикирде? Талаш жараткан суроого жооптор макалада. “ООРУНУ ХИЖАМА ЭМЕС, АДАМДЫН ИММУНИТЕТИ ЖЕҢЕТ” Шербет Жусупова, Онкология жана гематология улуттук борборунун врач гематологу, медицина илимдеринин кандидаты: – Учурда хижама жасап айыктырам деген жарнамалар көп. Элди алдап акча тапкысы келгендер коронавирус инфекциясынын жайылышы, медициналык ыкмалардын, персоналдардын жетишсиздиги, элдин дүрбөлөңгө түшүшү, кырдаалдын курчушунан пайдаланып калууну көздөшүүдө. Чынында инфекция жукса өнөкөт оорусу барлар оор көтөрүүдө. Ал эми элдин 80 пайызынын табигый иммунитети коронавируска туруштук берүүдө. Дүйнөлүк илим таасирдүү дарылоо жолдорун издеп, вакцина даярдап чыгаруунун үстүнөн иштеп жатат. Хижама жасоочулар элдин иммунитети коронавируска каршы туруштук бере аларын билип туруп ушул ыкманы сунушташууда. Анткени алар кан алымыш болуп коёт да, "мына биз айыктырдык" деп төш кагып, акча тапкылары келишүүдө. Чынында адамдар хижамадан эмес, организминдеги иммунитетинин күчү менен айыгарын билип коюшса. “ Хижаманы мынча ирет жасаткандан бери жакшымын” дегендерге ошол аралыкта, мисалы, 7-8 күндө организм өзүн коргоп, айыктырып жатканын айткым келет. Хижама жасоочулар болгону териге жаракат келтирүү менен жалган дарылык-процедуралык таасир көрсөтүп коюшат. Хижама жасаткан адам канынын канча бир өлчөмүн жоготуу менен зыян табышат. Кан алдыруу менен организмдеги табигый процесстер бузулат. Мен андай "дарыгерлерге" барбоого, ар кимдин сөзүнө, жарнамаларына ишенбөөгө, өзүңүзгө зыян келтирбөөгө чакырам. “ХИЖАМА КАНДЫ СУЮЛТУП, КАН АЙЛАНУУ СИСТЕМИН ЖАКШЫРТАТ” Шайлоо бек Үркүнбаев, фармацевтика илиминин кандидаты, “СеннаМед” клиникасынын негиздөөчүсү: – Бүгүнкү күнү коронавирус илдети элдин үшүн алып, дүрбөлөңгө салууда. Каза болгондордун саны күн санап өсүп жатканынын себеби – бул илдетти дарылаганга медициналык тажрыйба жок жана өкмөт бул кырдаалга жетиштүү даярданган эмес. Тажрыйбанын жок экенине далил – Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо протоколун 3 жолу өзгөрттү. Коронавируста кан жакшы айланбай, коюуланып кетет. Ошол себептен медицинада антикоагулянттар колдонулуп жатат. Ал эми хижама канды суюлтуп, кан айлануу системин жакшыртат, иммунитетти көтөрөт. Хижаманы тескери таасир бербейт деп айта алам. Болгону медициналык стандартка жооп берүүчү шартта, тажрыйбалуу, сертификаты бар адистерге жасатуу керек. Хижаманы 3 учурда жасатууга болбойт: пневмония өөрчүп турган убакта, дене тап көтөрүлүп турган кезде, канды суюлтуучу дары каражаттарын (гепарин, клексан, фленокс ж.б.) колдонгондо. Башка учурда хижама жасатууга уруксат. Биздин клиникада коронавирус аныкталган бейтаптарга хижама жасалбайт. Негизинен хижама көп ооруга шыпаа. Бирок кант диабети, гемофилия (кандын уюшунун бузулушу) менен ооругандарга, анемиянын оор учурунда, оор тромбоздо жана өнөкөт оорулар кармап турган убакта болбойт. Хижама – кичи операция. Андыктан хижама жасаган адам ишине кылдат болуусу шарт. Кан аркылуу ВИЧ, гепатит жана башка жугуштуу оорулар жугары маалым. Ошол себептен адистин медициналык китепчесин талап кылууга ар бир адам укуктуу. Врачтардын арасында хижама тууралуу эки ача пикир бар. Алар өздөрү да хижама жасаган учурлар көп. “Хижама пайдасыз” дегендердин сөзү негизсиз жана далилсиз. Менин чоң далилим – бул пайгамбарыбыздан келген сүннөт. Кимде-ким буга каршы чыкса, ал Куранга каршы чыккан болот. Керек болсо спортчулар дагы хижаманы байма-бай жасатып турушат. Мисалы, Олимпиада чемпиону Майкл Фелпс, UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов, бокс боюнча Дүйнө чемпиону Андрей Курнявка жана башка атактуу спортчулар хижаманы пайдаланышат. Бул ыкмада теринин алдынан гана (капиллярдык кан тамырдан) туруп калган кандар алынат. Канча кан кемисе, анын ордуна ошончо плазма заматта толот. Ал эми лейкоцит, эритроцит, тромбоцит сөөк чучуктун иштеши менен кан 3 күндүн ичинде толукталат. Бейтаптарга ошол үч күндө оор жумуш кылуудан, үшүп калуудан сактанууга, туура тамактанууга кеңеш айтабыз. “КОРОНАВИРУСТУН ДАРЫСЫ ТАБЫЛА ЭЛЕК. ДАРЫГЕРДИ ГАНА УГУУ КЕРЕК” Замир Ракиев, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары: – Адегенде мен хижама тууралуу түшүнүк берейин. Ар бир доордо оору түрлөрү болот жана анын дабасы табылат. Хижама – бул Мухаммед пайгамбарыбыздын дарылануу жаатындагы көрсөткөн жолу. Пайгамбарыбызга бейтаптар келгенде "хижама жасаткыла" деген. Хижама – кан алуу деген түшүнүк. Денедеги жаман канды алдырса, аны менен кошо кандагы башка жаман нерселер да чыгат делет. Исламда кан алдырууга уруксат. Ашыкча канды алдырууга боло тургандыгына расмий медицинада жол берилет. Хижаманы дин илими менен кошо медицина илимин да окуп, билгендерге гана жасатуу оң. Диний жана медициналык билими барлар оору түрлөрү, адам анатомиясы жана башкалар тууралуу билет. Ал эми бирөөдөн үйрөнүп алып, санитардык талапка жооп бербеген бөлмөдө отуруп алып хижама жасап жаткандардан жаа бою качыңыздар. Андай адамдарга кан алдырам деп кан аркылуу гепатит, ВИЧ сыяктуу ооруларды жугузуп алуу коркунучу чоң. Эми коронавируста хижаманы колдонууга болобу деген суроого келсек. Азыр Жер шарында, анын ичинде өлкөбүздө коронавирус пандемиясы жүрүп, эл дүрбөлөңгө түшкөн учур. Коронавирустан айыктырууга ар түрдүү дарылар колдонулууда. Аны айыктырууга өзүнүн дарысы да, вакцинасы да табыла элек. Мындай кезде адам өзүм билемдик кылып же бирөөнүн айтканы боюнча дарыланып, өз өмүрүн тобокелдикке салбашы керек. Көптөгөн адамдардын өмүрүн алып жаткан бул ооруда врачтар менен кеңешип, алардын айтканын кылуу зарыл. Эгер врач хижама жасатууга уруксат берсе гана жасатуу туура деп эсептейм. “МЫНДАЙ ООР ДАРТТЫ ХИЖАМА АЙЫКТЫРАТ ДЕГЕН БОЛБОГОН СӨЗ” Мукаш Бейшембаев, Онкология жана гематология улуттук борборунун торакалдык бөлүмүнүн жетекчиси: – Коронавируста өпкөнүн кан тамырлары менен альвеолдорунун (аба алмаштыруучу баштыкчалар) ортосундагы жука катмар шишип кеткенде альвеолдордо кычкылтек менен көмүр кычкыл газынын алмашышы бузулат. Коронавирус кандагы кызыл кан денечелеринин (эритроцит) ичине кирип, көбөйөт. Ушундан улам эритроциттер өлө баштайт. Гемоглобин да бузулуп, гем жана сидериндер болуп экиге бөлүнүп калат. Аталган өзгөрүүлөр капиллярларда кандын уюп, тромбоз болушуна алып келет. Мындайда капиллярдык кан тамырларда кан жүгүрбөй калат. Айтылгандардын баары биригип келип, организмде кычкылтек жетишсиздигин жаратат. Органдардын, мисалы, жүрөк, мээ, бөйрөк, боор жана башкалардын иштөөсү бузулат. Вирус бөлүп чыгарган уулар бүт организмди уулантат. Рентгенге тартканда өпкөнүн тромб (эритроциттердин калдыктары пайда кылган) көбөйүп кеткен бөлүгү пневмония болуп табылат. Хижама мына ушундай өнүгө турган ооруну айыктырат деген болбогон сөз. Оорунун белгилери билинер замат врачка көрүнүп, дарылануу менен гана ооруну өтүштүрбөй токтотуп калууга болот. “КАНДЫ КААЛАГАН МЕЗГИЛДЕ ЭЛЕ АЛА БЕРБЕШ КЕРЕК” Дүйшөн Чомо уулу, табып: – Канды кайсы мезгил болсо деле ала бербейт. Анын атайын мезгили бар. Жазында алма гүлдөп, топурак жерден ылдый 15 сантиметрге чейин жылыгандан тартып бир топ убакытка дейре, анан кышкы чилде түшүп, тоң жерден ылдый 15 сантиметрге жеткен кезден бир топ убакытка чейин алынат. Башка учурларда кан алса адам оорукчан болуп калат. Анын оорусу эч качан айыкпайт, өнөкөт болуп жүрө берет. Белде, муундарда, териде бузук кан болсо, кан басым жогору болсо гана кан алууга болот. Негизи канды кыл тамырчылардан алдырса жакшы. Ал адамдын тамырын кармап, кайсы мүчөсүндө бузук кан бар экенин билип, ошол жерден гана кан алынат. Канчалык кан алган сайын адамдын иммунитети төмөндөйт. Кан алуу жолу менен жүрөктүн кан тамырындагы уюган канды (тромб) чыгарып салуу, пневмонияда кычкылтектин жетишсиздигин камсыз кылуу мүмкүн эмес. Мен 30 жылдан бери кан алуу менен иштеген табып катары айтарым, коронавирустан кан алуу менен дарыланып айыгууга мүмкүн эмес. Врачтардын кеңеши жана көрсөтмөсү менен дарыланыңыздар. Коронавирус чегилип кан алынган тиликтер аркылуу кирип, канга өтпөйт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:24

Президенттик шайлоого 671,5 миллион сом жумшалат

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун чыгымын бекитти. Расмий маалыматка ылайык, шайлоо өткөрүү каражаты 671 миллион 502 миң сом болот. Акча республикалык бюджеттен бөлүнөт. Жогорку Кеңештин токтому менен президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. 15-июндан тарта мамлекет башчылыкка талапкерлерди көрсөтүү башталды.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:25

Сарпашев: Президенттик шайлоодо кошумча видеокамераларды орнотсо болот

11-декабрда өткөн жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик добуш берүү жүрүшүндө айрым саясий партиялардын өкүлдөрү тарабынан мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине кысым көрсөтүү аракеттери болгон. Бул тууралуу мамкаттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Жогорку Кеӊештеги «жай отуруп баарлашуу» иш-чарасынын алкагында журналисттер менен жолугушканда билдирди. «Айрым партиялардын өкүлдөрү түшкө чейин эле биометрикалык далдаштыруудан өтпөгөн жарандарга чек жана бюллетень берип туруп, акт түзүп коюу менен эле чектелүү талабын койо баштады. Биз алардын жетегинде калбаганыбызга кубанам. Болбосо, аларды актыга киргизип коюп отуруп калмак экенбиз. Ырас, добуш бералбай калган айрым бир адамдар болду, албетте, алардан кечирим сурайбыз. Кыскасы, шайлоо тынч жана таза өттү», — деди ал. Андан сырткары, 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоодо участкаларда адамдын өӊүн биометрикалык жактан далдаштыруучу видеокамералар орнотула турганы белгилүү болду. «Өткөн шайлоодо техникалык жабдуулар 3 миӊден ашуун адамдын бармак изи боюнча биометрикалык маалыматын тааный алган жок. Ошондон улам, президенттик шайлоодо адамды өӊүнөн тааный турган кошумча аппаратураларды орнотсокпу деп турабыз. Эгер адамдын бармак изи таанылбаса, алар өз өӊүн далдаштыра алмак», — дейт Тайырбек Сарпашев.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:25

КТРК шайлоодон канча киреше тапты?

Жакында өткөн жергиликтүү кеңеш шайлоосунан КТРКга 15 109 489 (он беш миллион жүз тогуз миң төрт жүз сексен тогуз) сом каражат түшкөн. Бул тууралуу корпорациянын башкы директору Илим Карыпбеков фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. КСДП — 3 326 400 сом; «Өнүгүү-Прогресс» — 4 356 384 сом; «Кыргызстан» Бишкек — 2 375 412 сом; «Республика-Ата-Журт» Бишкек — 2 624 687 сом; «Кыргызстан» Кант — 682 776 сом; «Кыргызстан коммунисттер партиясы» — 162 494 сом; «Мекеним Кыргызстан» — 89 813 сом; «Республика-Ата-Журт» Шопоков — 1 265 328 сом; «Аалам партия» — 56 549 сом; «Улуу Кыргызстан» — 169 646 сом.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:25

«Аалам» партиясынын мүчөлөрү өткөн шайлоону жараксыз деп эсептейт

Алар кайрадан шайлоо уюштурууну талап кылууда. Бул тууралуу маалымат жыйында партиянын лидери Жылдызкан Жолдошова билдирди.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:25

Иса Өмүркулов: Шайлоочулар референдумду колдогону өлкө туура өнүгүү жолунда баратканын көрсөтөт

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы добуш берүүнүн жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы туурасында өз ою менен бөлүштү. Эл өкүлү эл да, коомчулук да адатта ызы-чуу, митинг, нааразылык акциялары менен өтчү шайлоо тынч, ачык-айкын, калыс өткөнүнө канааттанып турушканын белгиледи. «Өлкөбүз дагы бир ирет демократия жана сөз эркидигин өнүктүрүүнүн этабын басып өттү. Шайлоолор Кыргызстан туура жолдо баратканын көрсөттү. Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жана референдум үчүн добуш берүү уюштуруу иштери жогорку деңгээлде өткөнүн айгинеледи, нааразычылыктар, тирешүүлөр болгон жок, муну эл аралык байкоочулар да белгилешти», — деди Өмүркулов. Мындан сырткары, шайлоонун жүрүшүндө бардык добуш берүүчүлөрдү өздөрүнүн жарандык укуктарын пайдаланууга шарттар түзүлдү. «Шайлоочулардын 80 %ы референдумду колдошту – бул өлкө туура өнүгүү жолунда баратканын көрсөтөт. Өзгөртүү жана толуктоолорго ылайык, бир катар конституциялык мыйзамдар кабыл алынып, ал күч түзүмдөрүн, сот системасын реформалоого түрткү берип, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын бекемделүүсүн шарттайт. Белгилей кетчү нерсе, шайлоодо колдогондор үчүн да, каршы болгондор үчүн да шарттар түзүлдү, эч кимдин добуш берүү укугу бузулган жок. Бул чыныгы демократия, бул биздин стабилдүүлүктү камсыз кыла алгандыгыбыздын көрсөткүчү», — деди фракция лидери. Ошондой эле ал ачык-айкын шайлоо системасынын аркасы менен жарандар өздөрү каалаган партияларга добуштарын бере алганын белгиледи. «Өлкөнүн бардык аймагында шайлоолор таза өтүү. Жаңы шайланган депутаттар өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошот деп ишенели, аймактардын күчтүүлүгү өлкөнүн күчтүү болуусунун кепилдиги эмеспи», — деди.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники