О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 2:12

"Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка кимдер аттанды? Тизме

"Ата Мекен" партиясынан тизмеге 150 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады. "Ата Мекен" партиясынан тизмеге 150 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз. "Ата Мекен" партиясынын талапкерлери: Акаев Жанарбек Кубанычович , 1986, ЖК депутаты; Токтогазиев Тилек Мурсалиевич, 1990, "ЛАВИСТА" компаниясынын башкы директору; Момбеков Рыскелди Чыныбекович , 1968, ЖК депутаты; Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна , 1978, ЖК депутаты; Абакиров Элдар Курманбекович, 1981, жумушсуз; Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич, 1972, Эсеп палатасында аудитор; Осмонов Евраз Арысланбекович, 1980, жумушсуз; Никитенко Наталья Владимировна , 1979, ЖК депутаты; Шерниязов Абылкасым Эсентаевич, 1971, жумушсуз; Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович , 1970, ЖК депутаты; Токтошев Эмиль Токтакунович , 1974, ЖК депутаты; Чотонова Турсунбүбү Дүйшөнкуловна, 1992, КРдин Италиядагы элчилигинде атташе; Эркебаев Азат Абдыганиевич, 1979, жумушсуз; Ким Ин Сен, 1978, жумушсуз; Сулейманов Бахадыр Искакович , 1963, ЖК депутаты; Кырбашева Кундус Бергеншаевна, 1984, "Кыргыз винд систем" компаниясында каржы боюнча жетекчи; Макеев Керимберди Жакыпович, 1976, "АККА" компаниясынын башкаруу жетекчисинин орун басары; Жураев Уланбек Муратович, 1980, "Спец Проект Монтаж" компаниясында каржы жетекчиси; Турдубеков Бактыбек Курманбекович, 1977, "Бишкек Штамп Завод" мамлекеттик компаниясынын жетекчиси; Шарапова Жибек Закировна, 1990, "Сезимтал" инклюзивдик мектебинин башкы директору; Рыспаев Бакыт Келгенбаевич, 1980, жумушсуз; Качкынбаев Сейтек Садырбекович, 1977, жумушсуз; Сатыбалдыев Абдимиталип Баатырбекович, 1972, ОшТУнун Физика жана энергомашина куруу кафедрасынын башчысы; Кулумбаева Гүлмира Шамшиевна, 1971, жеке ишкер; Аскаров Эрлан Алсеитович, 1987, жумушсуз; Курванбаев Сүйүнбек Бурканидинович, 1980, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты; Туленбаев Эмиль Советбекович, 1984, Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн начальниги; Турдалиева Чынар Алымкуловна, 1973, жумушсуз; Жунусов Улан Сманович, 1976, жумушсуз; Айнабаев Бектур Аскарович, 1978, "Нарын" бажысында бажы коштоп жүрүү бөлүмүнүн инспектору; Долдоев Таалайбек Анарбаевич, 1964, Ичүүчү суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү департаментинде башкы адис; Кутманбаева Гүлжан Орозобековна, 1979, УСП АХЧ; Нариев Жаныбек Абдивалиевич, 1984, Ош шаардык кеңешинин депутаты; Нурматов Азизбек Нарынбаевич, 1989, жумушсуз; Кошалиев Мелисбек Ысманалиевич, 1985, жумушсуз; Тентимишева Замира Шарапидиновна, 1968, Бишкек шаардык мэриясынын экономика жана инвестиция департаментинде бөлүм башчы; Ботобаев Айбек Курманович, 1980, ИИМдин алдындагы Чүй ЖКККББ жана Кайгуул кызматынын начальниги; Исманов Талант Касымович, 1984, "Эркуфлай" ЖЧКсынын жетекчиси; Добулбеков Айдарбек Камалбекович, 1972, "Ак Жол Аксы" кооперативинин башчысы; Асаналиева Жийдегүл Абылкасымовна, 1988, жумушсуз; Айкынов Хаит Исраилович, 1952, жумушсуз; Курманкулов Алмазбек Комбердиевич, 1973, Экотехинспекциянын Аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси; Салибаев Ильичбек Паратович, 1970, жумушсуз; Наватова Айгуль Джаныбаевна, 1960, "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы, эксперт-лингвист; Орумбеков Эрик Көлбаевич, 1981, "Имрана-Али" ЖЧКсы, директор; Тарыкбаев Алмаз Нарынбекович, 1983, жумушсуз; Эгембердиев Кубанычбек Мырзамамытович, 1970, Кочкор-Ата аймактык колледжи, коммерциялык директор; Ивахник Наталья Владимировна, 1982, Республикалык психикалык ден соолук борбору, психиатр; Калилов Нурсултан Абдраимович, 1992, "Лидер Медикал" ЖЧКсы, финансы директору; Боронбаев Калысбек Олжобаевич, 1986, Жогорку Кеңеш, сектор башчысы; Төлөгөн уулу Аман, 1990, жумушсуз; Аблакеева Чынара Аскарбековна, 1982, жумушсуз; Романов Бакыт Асылбекович, 1980, жумушсуз; Сыдыков Бакытбек Дамирбекович, 1981, жумушсуз; Абдрахманов Нурбек Борисович, 1977, жумушсуз; Ташибекова Замира Мазеловна, 1970, Талас мамлекеттик университетинде кафедра башчысы; Мамбеткулов Максатбек Абдуманапович, 1986, ММБ ЖЧКсынын башкы директору; Ниязбеков Рыспек Жайлообекович, 1966, "Айше Трейдинг" ЖЧКсынын коммерциялык директору; Акынбеков Нургазы Эшенкулович, 1979, жумушсуз; Антипова Антонина Михайловна, 1964, жумушсуз; Балтабаев Сардорбек Абдумуталибович, 1985, "Юрконсул" юридикалык компаниясынын директору; Усупбаев Абдурахман Тажимырзаевич, 1974, "Техник" ЖЧКсынын директору; Молдосалиев Авдандил Жыргалбаевич, 1970, жумушсуз; Жолдошова Элнура Иматиллаевна, 1987, жумушсуз; Карымов Айбек Усенович, 1969, жумушсуз.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын арызы сотто каралууда

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен парламенттик шайлоодон четтетилген "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы Бишкек шаардык административдик сотуна арыз менен кайрылган. Эске салсак, биринчи сот отуруму 7-сентябрда болуп, 9-сентябрга кайрадан карап чыгууга жылдырылган. Учурда, арызды кароо иштери уланып жатат. Ал эми, имараттын сыртында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапташтары чогулуп, наарызычылыктарын билдирүүдө.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Парламенттик шайлоого аттанган айрым партиялардын талапкерлери тизмеден четтетилди

« Ыйман Нуру » адилеттик жана өнүгүү саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болууга талапкерлердин тизмесинен 6 талапкер чыгарылды. Борбордук шайлоо комиссиясы мындай чечимди Ильичбек Эргешов, Нияз Сарыев, Молдожаш Турдукулов, Шумкар Пазылов, Жаныбек Заирбеков, Алтынай Уранбековага карата 7-сентябрда кабыл алган. Комиссиянын маалыматы боюнча, буга «Ыйман Нуру»партиясынын жазуу түрүндөгү каты, Алтынай Уранбекованын арызы жана саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечими негиз болгон. Ошондой эле «Социал-демократтар» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинен Эрмек Окенов чыгарылды. БШК мындай чечимди партиянын жазуу түрүндөгү катынын негизинде жана саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алган. 7-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы берген арызынын негизинде « Ата Мекен » социалисттик саясый партиясынан Жогорку Кеңешике депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен Дастан Алымбековду чыгарды.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстанда революцияларга чекит коюлду”

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Кыргызстанда революцияларга чекит коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Мамлекет башчысы өлкөдө туруктуулук болуш керек. “Революцияларга чекит коюп, иштөө керек. Юиздин өлкө өнүгүп келе жаткан өлкө болуп саналат. Биз өзүбүздүн жолубузду таптык, ошол боюнча өнүгүүгө ишенимдүү бара жатабыз”,-деди А.Атамбаев. Ошондой эле, ал эгер кимдир бирөө бийликти кааласа шайлоого катышсын деп белгиледи. Өз кезегинде РФ Президенти В.Путин Россия эч качан башка өлкөлөрдүн, өзгөчө өнөктөш өлкөлөрдүн ички саясий иштерине кийлигишпейт деди. “Бирок, Кыргызстандын Президентинин сөзүнө кошулуп кетким келет. Мурдагы постсоветтик мейкиндиктин барында туруктуулук болушу керек”,-деди ал.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Япония өкмөтү Кыргызстанга 3 долбоорду ишке ашырууга 11,9 млн доллар бөлдү

Бишкек, 8-март /Кабар/. Япония өкмөтү 3 долбоорду – “электрондук өкмөт” түзүү үчүн Калкты билдиктүү мамлекеттик каттоону колдоо, КРдагы тобокелчиликтерди комплекстүү башкаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө жана Борбордук Азияда аймактык кызматташтык жана “Коопсуз мектеп” программасын колдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга Кыргызстанга 11,9 млн доллар бөлдү. 3 документке расмий кол коюу Кыргызстандын өкмөтүндө премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өттү. Премьер-министрдин айтымында, кол коюу пландалып жаткан долбоорлор Кыргызстанга көп багыттар боюнча алдыга жылууга жол ачат, атап айтканда электрондук өкмөт чөйрөсүндө, шайлоолордун таза жана ачык-айкын өтүшүн көтөрүүгө, андан тышкары мектеп жана мектепке чейинки балдар мекемелеринин коопсуздугу жаатында. “Бул багыттар дайыма өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыты болуп келген жана ошол бойдон кала берет. Өз кезегинде өкмөт бул каражаттардын өз максатында натыйжалуу колдонулушуна зарыл жардамдарды көрсөтөт. ПРООН жана ЮНИСЕФ тарабынан аткарыла турган долбоорлордун алкагында Япония өкмөтү тарабынан гранттын негизде берилип жаткан масштабдуу колдоо биздин өлкөнүн улуттук артыкчылыгы болуп саналат. Япония өкмөтү, Япониянын КРдагы элчилиги, ПРООН жана ЮНИСЕФ тарабынан Кыргызстандын министрлик жана ведомстволору менен биргеликте аткарылган жаңы долбоорлорду даярдоо жана кароо боюнча чоң иштер бизге белгилүү”,-деди ал. Ал арада Япониянын КРдагы элчиси Ёсихиро Ямомур долбоор ПРООН жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке аша турганын белгиледи. “Япония менен Кыргызстанды демократиянын жалпы баалуулуктары бириктирип турат. Чейрек кылымдан бери биздин өкмөт Кыргызстанга демократиялык түзүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берип келет. Мен көрсөтүлгөн кайтарымсыз жардам өлкөдө мындан ары дагы демократияны өнүктүрүүгө жана элдин бакубатчылыкта жашоосуна шарт түзөт деп ишенем”,-деди элчи.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Кыйраган Боингдеги жүктүн Президентке таандык экендигин айткандар далилдеп берүүгө же жоопкерчиликке тартылууга тийиш - депутат

Би шкек, 9 - март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Сокулук районунун Дача-СУ айылында кулаган “Боинг-747” учагындагы жүк Президент Алмазбек Атамбаевге таандык экендигин айткандар далилдерди көрсөтүүгө же жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында КСДп фракциясынын депутаты Марат Аманкулов билдирди. Анын айтымында, акыркы учурда кыйраган учактын бортундагы жүк А.Атамбаевге таандык деп айтуу менен мамлекет башчынын аброюна шек келтирүү аракети жүрүп жатканына күбө болуп жатабыз. “Бул адамдар төгүнсүз далилдерди көрсөтүп же жалган жалаа үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Бул президенттик шайлоолордун алдындагы оюндар экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Бирок, адамдардын кайгысынан оюн кылган туура эмес ”, - деди М.Аманкулов. Ошондой эле депутат көз карандысыздыктын 25 жылы бою өлкөбүз кыйла оор мезгилдерди кечиргенин эске салды. Ошондуктан өлкөдө орногон туруктуулукту бузуу эч нерсеге татыбайт.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин билдирүүсү

Бишкек, 11-март /Кабар/. КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, к ийинки кезде Кыргыз Республикасында эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын бир ууч тобу басма сөз эркиндигине жамынып алышып, иш жүзүндө өздөрүнө жакпаган адамдарды, биринчи кезекте, бүткүл эл шайлаган эгемендүү Кыргызстандын Президентин ашкере ушактоого жана ага көө жабууга өтүштү. "Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында, а түгүл социалдык тармактарда да бул кампания акыркы бир нече жылдардан бери максаттуу жүрүп жатат жана өткөн жылдын жай мезгилинен тартып өзгөчө күч алды. Бул жалганчылыктын, ушакчылыктын жана бет тырмалыктын кампаниясы. Элибиз ыйык көргөн сөз эркиндиги принциптерин бетсиздик жана ушакчылык менен чаташтырган уятсыздардын жана ыймансыздардын иши. Журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эң башкы милдети жана укугу – бул адамдарга жалган маалыматтарды жана ушактарды эмес, калыс маалыматтарды, чындыкты жеткирүү экенин эске салгым келет. Кыргызстандын жарандары бул эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын чыныгы көздөгөн максаты чындык эмес, жалган жалаа жана ушактоо менен бүткүл эл тарабынан шайланган Мамлекет башчысынын жана бүт өлкөнүн дүйнөлүк коомчулуктагы беделин түшүрүү, өлкөнүн жаңы Президентин шайлоо алдында Кыргызстандагы кырдаалды курчутуу экенин билиши керек. Кийинки жылдары Кыргызстандын бутуна туруп бара жатканын түшүнүп, бул адамдар митаам жана булганыч оюн башташып, жалганчылыкты жана ушакчылыкты өздөрүнүн куралы кылып алышты. Тийиштүү мамлекеттик органдар бул өздөрүн калп эле эркиндик үчүн күрөшүүчү кылып көрсөтүп жатышкандарга мыйзам бүткүл эл шайлаган Президент үчүн эле эмес, бардык жарандар үчүн бирдей экенин эскерте турган мезгил келди. Азыр өлкөбүзгө жана Кыргызстан элине тынчтык жана туруктуулук, биримдик жана бекем баш кошкондук керек. Көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу жетишилген жарандардын укуктары жана эркиндиктери менен бир ууч жалганчылар жана ушакчылар чайкоочулук кылышына жол бербейбиз”,-деп айтылат Президенттин билдирүүсүндө.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

А.Жээнбеков: Ө.Текебаевдин билдирүүлөрү жоопкерчиликсиздик жана ал туура эмес ыкмаларды колдонуп жатат

Бишкек, 13-март /Эрмек Абдрисаев - Кабар/. Өмүрбек Текебаевдин билдирүүлөрү жоопкерчиликсиздик жана ал тыюу салынган, туура эмес ыкмаларды колдонуп жатат. Мындай пикирин парламенттин V жана VI чакырылыштарынын мурдагы төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков оор кылмыштарга айыпталып жаткан “Ата-Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаевдин КР Президентинин акыл-эсин текшертүүсү боюнча сунушуна байланыштуу билдирди. “КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев – бул мамлекетти жана элди туюндурган мамлекет башчысы. Ошондуктан жеке таарынычтарына жана бүгүнкү күнү Өмүрбек Чиркешевич мындай жагымсыз жагдайда калгандыгынан улам ушундай билдирүүлөрдү жасап жатканы – өтө жоопкерчиликсиздик”, - деп эсептейт КР ЖК депутаты. А.Жээнбеков белгилегендей, түзүлгөн кырдаалда кастык сезимдерге жана жеке жаман көрүүлөргө алдырбаш керек. “Биринчиден, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын ойлош керек. Биздин көпчүлүк саясатчыларыбыздын кемчилиги - мамлекет менен элдин кызыкчылыктарын жеке амбицияларынан жана максаттарынан жогору кое алышпагандыгында болуп саналат. Ал эми адамдын кооз сөздөрүнө эмес, анын ишине жараша баа беришет эмеспи”, - деп эсептейт ал. Депутат А.Жээнбеков мамлекет башчысы менен көп жылдардан бери бирге иштеп, аны жакындан билээрин белгилеп өттү. “Мен КР парламентинин 2 чакырылышынын төрагасы болуп иштедим. Алмазбек Шаршеновичтин ишке болгон жөндөмдүүлүгүнө Кыргызстан көз карандысыздыгын алгандан тартып, мындай таасирдүү мамлекет башчыбыз болгон жок деп баа берем. Ал президенттердин жана премьер-министрлердин ичинен эң мыктысы. Өзүнүн билим деңгээли, жөндөмдүүлүгү жана кудай берген сапаттары менен ал буга чейинки өлкө жетекчилеринен өзгөчөлөнүп турат”, - деп белгилейт ЖК КР депутаты. А.Жээнбеков А.Атамбаевдин президенттиги учурунда Кыргызстанда абдан олуттуу жетишкендиктерди байкоого мүмкүн болгону чындык экендигин эскертти. “Буга карабастан, Президентке таарынычы бар оппозиция өкүлдөрү кырдаалды күчөтүп, экономикалык, саясий жана башка жетишкендиктердин жоктугун айтып жатышат”, - деп кошумчалады А.Жээнбеков. Парламентарийдин айтымында, карапайым эл 2010-жылы өлкөдө түзүлгөн жагдайды бүгүнкү абал менен салыштырса болот. “Өлкөнүн туруктуулугу элибиздин даанышмандыгы менен курулуп, Президенттин мүнөзү жана жеке сапаттары бул туруктуулукту сактап калууга жана андан ары өнүктүрүүгө шарт түздү. 2010-жылга чейинки жана андан кийинки айырма чоң. Алар көп сандаган жолдордун, мектептердин, ооруканалардын курулушу, “Датка-Кемин” линиясынын ишке киргизилиши менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү, газ маселеси боюнча кабыл алынган чечим десек болот. Бул иштер өлкө 2010-жылдан кийин кабылган кыйынчылыктарга карабастан ишке ашты. 2011-жылы жана учурда шайлоолор кандай өткөрүлгөнүн салыштырып көргүлө. Диний саясат жөнгө салынып, иштей баштады. Булардан башка көптөгөн өнүгүү мисалдарын келтирүүгө болот”, - деп кошумчалады эл өкүлү. Парламенттин мурдагы төрагасы белгилегендей, буларга Ө.Текебаев өзү сындап жаткан альтернативалык жолдордун курулушун кошууга болот. “Буга чейин ал бул маселеге байланыштуу сын көз карашын билдирген эмес, бирок А.Атамбаев менен мамилеси өзгөргөн учурдан тартып, бул боюнча да сын айта баштады. Демек, ал буга чейин өзү да мактап, өзүнүн партиясы куруп жатат деп келген кадамдарды сындап жатат”, - деди ал. Ошондой эле, депутат А.Атамбаевдин башкаруусу учурунда өлкө көз карандысыз жана эгемен мамлекеттин түсүн алгандыгына көңүл бурду. “Өлкөдөгү кемчиликтерге жана кыйынчылыктарга карабастан, биз Кыргызстанды башка, кыйла сапаттуу деңгээлде көрүп турабыз. Бирок, таарынычы барлар жана өлкө душмандары гана буларды көрүүнү каалашпайт. Ал эми эл жана туура ой жүгүрткөн адамдар бул жетишкендиктерди күнүмдүк жашоосунда сезип жатышат. Атамбаевдин учурунда көз менен гана көрө ала турган эмес, кармап да көрүүгө боло турган ийгиликтер ишке ашырылды”, - деп кошумчалады парламентарий. КР ЖК депутатынын пикиринде, буларга кошумча катары Президенттин ой-жүгүртүү деңгээли жана ыкчам чечим кабыл алуусу абдан жогору. Бул аны башка саясатчылардан өзгөчөлөнтүп турат. “Ошонун натыйжасында биз мамлекетибиздин ийгилигине айланган маселелер боюнча туура чечимдерди кабыл алдык. Ал эми биз жетише албай калган багыттар, мурдагы Конституциянын кемчилдиктерине байланыштуу. Ачык мисал катары, өкмөттүн тез-тез алмашып турушун, парламентте 5-6 фракциянын болушун жана фракция лидерлеринин ыйгарым укуктарынын көптүгүн айтсак болот. Классикалык парламенттик башкаруунун таптакыр жоктугу. Мындай башаламандык жана жөнсүздүктөр болбогондо, биз дагы көп нерселерге жетише алмакпыз”, - деп түшүндүрдү КР ЖК депутаты. А.Жээнбеков КРнын Конституциясына түзөтүүлөрдү киргизүү Алмазбек Атамбаевдин стратегиялык жана эң туура кабыл алынган чечими экендигин белгилеп кетти. “Президентке мамлекетте тартип жана жоопкерчиликтүүлүктү орното турган оңдоолорду киргизүүгө мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Кайра эле, мында дагы Текебаев башында турган, учурда да мамлекет башчысына каршы чыгып жаткан адамдар жолтоо болушкан”, - деди А.Жээнбеков. Асылбек Жээнбеков “Ата-Мекендин” лидеринин А.Атамбаев атайылап парламентти таратып, премьер-министрлик кызматты ээлеп калууну көздөп жатканы тууралуу билдирүүлөрүн бул кадимки спекуляция деп эсептейт. “Президент жасагысы келбеген аракеттерин анын оппоненттери өз мүдөөсү үчүн пайдалана тургандыктарын алдын ала сезген. Тактап айтканда, оппоненттер эч качан айтылбаган нерселерди элге таңуулашат. Ошондуктан, А.Атамбаевдин президенттигинин алгачкы күндөрүнөн бери, ал иш мөөнөтү аяктаганга канчадыр күн калганын, андан соң ал кызматын өткөрүп берип, премьер-министр да, ЖК төрагасы да болбой турганын айтып келет. Бул Алмазбек Шаршеновичтин тактыгын дагы бир ирет көрсөтүп, Ө.Текебаев сыяктуу адамдар шайлоолордун алдында мындай окуяларды айтышын алдын ала билгендигинен кабар берет. Ал алдын ала бул нерселер тууралуу айтып келген, бул анын акылмандыгынан кабар берет. Мына ошондуктан, А.Атамбаев башынан эле башка нукта белгилеп келгендиктен, Текебаевдин билдирүүлөрү боюнча кандайдыр бир сөздөр болушу мүмкүн эмес”, - деп кошумчалады А.Жээнбеков. Эл өкүлүнүн пикиринде, болуп жаткан окуялардын максаты - жалган маалыматтын эсебинен Президенттин атын каралап, мамлекет башчы тууралуу элге терс пикирди таңуулоо болуп саналат. Асылбек Жээнбеков мындан тышкары, каралоо, жалаа жабуу менен алектенген айрым ЖМКлар жана саясатчылар тарабынан мыйзамдар, моралдык-этикалык принциптер сакталбай жатканына көңүл бурду. “Биз бүгүнкү күнү коомдо мыйзамдар сакталбаган Кыргызстанда жашайбыз. Кайсы гана адептүү коом болбосун, курулай каралоо жана жалган жалаа жабуу менен алектенбеши керек. Ошондуктан, мыйзамда ар-намысына жана аброюна шек келтирилгнн адам сотко кайрыла алат деп жазылган. Тилекке каршы, ар кайсы коомдо адепсиз адамдар жана журналисттер бар”, - деп билдирди эл өкүлү. Коомдун адептүү бөлүгүн сыйлоого кантип жетишүүгө болот деген маселеде А.Жээнбеков мыйзам жолу менен гана деп эсептейт. “Жогоруда көрсөтүлгөн маселелер сотто азыркыдай жыл бою эмес, 5-10 күн каралган шартта тартип болот”, - дейт КР ЖК депутаты. Анын айтымында, ошондо гана жоопкерчилик жалпы эл үчүн милдеттүү ченемге айланат. “Биз адамдардын намысы, аброю сыйланбаган, анархия өкүм сүргөн мамлекетке айланып бара жатабыз. Мындай болбошу шарт. Себеби, анархиялык эмес, демократиялык, укуктук мамлекетти курушубуз керек. Ошондуктан, мен Президентти намысын, аброюн коргоо боюнча иш алып барган органдар тиешелүү деңгээлде иштешкен жок деп эсептейм. Ошондой эле «Zanoza» жана «Азаттык» маалымат каражаттарына карата доо арыздары туура деп эсептейм. Анын үстүнө “Азаттык” 100% тыштан каржыланган ЖМК. Ал эми мындай маалымат каражаттарында өз форматы болуш керек. Мисалы, Би-би-си сыяктуу. Тыштан каржыланган ЖМК ички мамлекеттик чечимдердин кабыл алынышына таасир берип, коомго жана мамлекетке өз чечимдерин таңуулоого таасир бербеши керек. Мындай ЖМКлар фактыларды гана көрсөтүшү керек. “Азаттык” өз форматын жоготуп, тыштан каржыланган маалымат каражаты экендигин унутуп койду”, - дейт парламентарий. А.Жээнбеков ЖМКлардын шектүү ой-пикирлерди жана айыптоолорду механикалык түрдө кайталап басуулары да туура эмес деп эсептейт. “Батыштын мисалындагы укуктук өлкөлөрдө, ЖМКлар жарыяланган материалдарына, айрыкча айыптоолоруна жооп берет. Бул аларда мыйзамдарды жана коом алдындагы жоопкерчиликти аткаруунун кыйла сапаттуулугу менен жетишилет. Тилекке каршы, бизде бүгүн мындай жок”, - деп жыйынтыктады Асылбек Жээнбеков.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар чет мамлекеттердин элчилеринен Ишеним баракчаларын кабыл алды

Бишкек, 15-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-мартта Афганстан Ислам Республикасынын, Индиянын, Кот-д'Ивуар Республикасынын, Латвия Республикасынын, Эфиопиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен Ишеним баракчаларын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Алмазбек Атамбаев кыргыз жеринде дипломаттык миссиялардын жетекчилерин жылуу кабыл алып, аларды ардактуу жана жооптуу миссиясынын расмий башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти: “Саламатсыздарбы, урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары! Добрый день, уважаемые главы дипломатических представительств! Сердечно поздравляю вас с официальным началом важной и ответственной миссии! Убежден, что ваша деятельность позволит активизировать весь спектр сотрудничества между Кыргызской Республикой и странами, которые вы представляете. Как вы хорошо знаете, в прошлом году Кыргызстан отметил 25-летие независимости. За четверть века страна пережила две революции, кыргызский народ тяжелой ценой добился возможности построения открытого и свободного общества и демократического государства. Добился мира и стабильности, добился устойчивого развития экономики. Сегодня страна переживает исторический этап национального и культурного возрождения. Мы предложили миру уникальный проект - Всемирные игры кочевников. Мировое сообщество признало важность этого проекта и в декабре 2016 года Генеральная ассамблея ООН приняла резолюцию «Поощрение межрелигиозного и межкультурного диалога, взаимопонимания и сотрудничества на благо мира», в которой приветствуется вклад Всемирных игр кочевников в продвижение межкультурного диалога, укрепление социальной сплоченности, мира и развития. Несмотря на влияние мирового экономического и финансового кризиса, падение цен на энергоносители, ВВП Кыргызстана последние несколько лет показывает стабильный рост. Средний показатель роста за период с 2013 по 2016 гг. составил 5,4%. Страна также достигла энергетической независимости и стабильности энергосектора. Проводится сбалансированная внешняя политика, нацеленная на защиту национальных интересов и созданию внешних условий, благоприятствующих устойчивому развитию государства. Уважаемые главы дипломатических представительств! По долгу службы вы пристально отслеживаете ситуацию в странах аккредитации. И вы хорошо знаете, что в нашей стране нет запретных тем, которые не освещались бы в средствах массовой информации. Общественность через прессу влияет на принятие решений государственными органами. По уровню свободы слова Кыргызстан занимает ведущее место среди стран региона. Одним из фундаментальных наших достижений после апрельской народной революции стало то, чтоКыргызстан стал страной свободных людей, страной, где есть реальная свобода слова. Однако, к моему большому сожалению, совсем недавно я вынужден был выступить с заявлением по поводу ситуации, сложившейся в последнее время в информационном поле страны. Люди обеспокоены тем, как в соцсетях и СМИ целенаправленно распространяется лживая информация, откровенная клевета. Как всенародно избранный Глава государства, я не могу спокойно наблюдать за тем, как народ становится заложником домыслов и слухов, различных манипуляций. Во всем цивилизованном мире за клевету применяется достаточно суровое наказание. Так делается в США и Франции, где за клевету можно поплатиться не только крупным штрафом, но и угодить в тюрьму сроком до пяти лет. В Германии, например, существует понятие, как клевета против действующей власти, ее оскорбление или призывы к нарушению целостности республики. Наказать за это могут крупным штрафом или лишением свободы до пяти лет. Строгие наказания за клевету применяются в Швеции, Бельгии, Норвегии, Италии, Великобритании. Уголовная ответственность за клевету предусмотрена также в Австрии, Болгарии, Греции, Дании, Исландии, Испании, Латвии, Литве, Индии, Норвегии, Польше, Финляндии, Хорватии, Черногории, Чехии, Швейцарии. Я уже не говорю про соседние государства от Казахстана до Туркмении. Уважаемые главы дипломатических представительств! Уважаемые журналисты! Я против того, чтобы у нас была уголовная ответственность за клевету, но клеветники тоже должны как-то отвечать. Хотя бы финансово, ибо надеяться на их моральную ответственность невозможно. Клеветник – это моральный урод. И наш пророк Мухаммед их сравнивал с каннибалами, поедающими трупы своих родных. Уважаемые журналисты! За регулярным и целенаправленным огульным шельмованием всенародно избранного Главы государства и всей страны, за фейковыми новостями и откровенной демагогией отчетливо видны попытки дестабилизировать ситуацию перед намеченными на 19 ноября выборами нового Президента страны. Поэтому я убедительно призываю вас строго придерживаться журналистской этики и доводить до сведения общественности только правдивую и объективную информацию. Этого требует закон. И именно этим настоящий журналист отличается от сплетника и клеветника. Свобода – это прежде всего ответственность. Любая свобода заканчивается там, где нарушается свобода другого. Именно так и надо рассматривать свободу слова. Хочу также особо подчеркнуть, что иски о защите чести и достоинства Президента поданы только на два средства массовой информации, «Азаттык» и «Заноза», которые целенаправленно, уже несколько лет ведут работу по дискредитации Президента Кыргызской Республики и всей нашей страны в целом. А всего в стране на сегодня зарегистрировано 2561 средств массовой информации. Для тех, кто не знает, напомню: «Азаттык» - это филиал радио «Свободы», который финансируется конгрессом США и бюджет радио «Свобода» определяется сотнями миллионов долларов. «Заноза» тоже регулярно получает щедрые гранты от своих зарубежных покровителей. Поэтому их защитникам не надо лицемерно плакать о якобы несоразмерных исках. Урматтуу мекендештер! Урматтуу кыргыз журналисттери! “Жамандын үйүн коногу бийлейт” деген сөз бар кыргызда. Ою жаман конокторго, эл бузарларга өзүбүздүн үйүбүздү, Мекенибизди тебелетпесек. Элдин намысын, өлкөнүн намысын ойлосок, коргосок! Радио “Свободага” иштесек да, Мекенди ойлоп, кыргыздын намысын коргоп, Шайлообек Дүйшеевдей иштесек! Акча үчүн Ата-Журтту сатпасак. Бабакулов, Карабеков, Маслова, Идиновдордун ою башка! Карабеков өзү бир жолу телевизордон айтты эле: “Я что, - баткенский, что-ли?” – деп. Булар “баткенский” да эмес, “киргизский” да эмес. Булардын чөнтөгүнөн экинчи паспорт же “вид на жительство” чыкса да таӊ калбайм. Булар Кыргызстанда айла жок жашап жатышат, анткени башка жерде булардын кереги жок. Өз жерин жамандап жан багышат! Булар үчүн биздин каректей болгон Ата-Мекенибиз “тьма киргизская”. Кыргыз элим дегендер “баткенский” Исхак Раззаков, “баткенский” Апсамат Масалиев, “баткенский” Эгемберди Эрматов менен сыймыктанат! Биз үчүн ошол “тьма киргизская” жаркыраган Москва менен Нью-Йорк, Прагадан артык! Кисловдор, Широковдор Кыргызстандагы демократияга күйөт имиш. Эй, анча эле демократияга күйсөңөр, өзүңөрдүн мекениңерден, Россиядан баштабайсыӊарбы? Кыргыз Президенти радио “Свободаны” басмырдап жатат, сот аркылуу пул доолап жатат деп бакылдабай, андай эле радио “Свободага” ичиңер күйсө, анда биринчи орус мамлекет башчыларына кайрылбайсыңарбы, талап койбойсуңарбы: “Радио Свобода” орус каналдарында орун алсын, “Радио Свобода” орус радиосунан бакылдасын” деп! Кыргызстанда ошондой экен деп! Эй, өзүңөр күзгүдөн өзүңөрдү көрүп, анан бизге акыл үйрөтпөйсүңөрбү? Ал жерде балык болуп тымпыйып, бул жерде тайраңдабай. Биз өз үйүбүздү өзүбүз иретке келтиребиз, Кудайга шүгүр! Урматтуу мекендештер! Айрым сасык саясатчылар, журналист сөрөйлөр – Замира Сыдыкова, Бегалы Наргозуев, Нарынбек Идинов – сөз эркиндигин коргойбуз, кыргыз журналисттерин коргойбуз деп, чуу салып, атайын уюм түзүп, өлкөбүздү бүт дүйнөгө мазактап жатышат. Булар өздөрү ким? Журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүп жатканда, журналист Сыргак Абдылдаевдин колу-бутун сындырып, бычак менен кескилеп жатканда, Медет Садыркуловду тирүүлөй өрттөп жатканда кайда эле булар? Жумшак креслого отуруп, казы-карта чайнап, Максим менен Жанышты мактап отурушпады беле? Жаңыдан эгемендүү болуп, алсырап жаткан өлкөбүздү Акаич менен кошо тоногон Равшан Жээнбеков коргойт экен да кыргыздарды? Ушул сасык саятсатчыларга кантип ишенесиңер, урматтуу журналисттер? Албетте, булар да эртең мени бир сасыган партиянын өкүлдөрүнө окшоп сотко берет, бизди “вонючий” деп айтты деп. Эне тилин билбеген маңкураттарга түшүндүрүп коёюн: саясатчы “Шанель” менен “Диорду” себинип, француз духи жыттанса да, эгер ыплас иштерге булганса, андайды кыргыздар “сасык саясатчы” деп коёт. Албетте, сасык саясатчы башкарган партияны да сасыган партия дебей эмне деп айтабыз? Эми булар “круглый стол” өткөрөт имиш. Мындайлар менен абийирдүү адам бир столго отурмак түгүл, алысырак басып кетет, теңелбейин деп, ичинен башын чайкап тим болот. Бул маңкурттар “ичинен башын чайкап” дегенди да “покачал головой в животе” деп бизди айтты деп сотко берет эми мени. Эне тилин билбеген – элин сүйүп жарытпайт! Урматтуу мекендештер! Урматтуу кыргыз журналисттери! Азыркы күндөрдө элибиздин, жерибиздин тагдыры, келечеги чечилип жатат. Алдыда президенттик шайлоо турат. Болгону 8 ай калды. Тырмактай Кыргызстан эмес, дүйнөнү башкарган Америка кантип президент шайлаганын дагы эле түшүнбөй, териштирип жатат! Биз да анан декабрда алаканыбызды чаап “аттиӊ ай!..” деп олтуруп калбайлы! Азыр бүт дүйнөдө согуш жүрүп жатат. Информациялык согуш. Маалымат согушу. Бул шылуундарга алданып, маңкурт, эл бузарларды ээрчип, булар тараткан ушактарга ишенип, кайрадан карегибиздей Мекенибизди уурулардын, мародерлордун колуна салып бербейлик! Кайрадан куркулдаган кузгундарга жем болбосун Кыргызстан! Ата-Мекенибиз, Ата-Журтубуз – Кыргызстан! Көздү ача турган мезгил келди. Ойлоно турган мезгил келди. Жараткан элибизди сасык саясатчылардан, ушакчылардан сактасын! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин! Уважаемые главы дипломатических представительств! Пользуясь случаем, хотел бы отметить готовность кыргызской стороны к активному сотрудничеству со странами, которые вы представляете. Кыргызстан придает важное значение развитию дружественных отношений и взаимовыгодного сотрудничества с Исламской Республикой Афганистан. Мы всецело поддерживаем усилия мирового сообщества, направленные на стабилизацию ситуации в Афганистане и его интеграцию в мировые и региональные процессы. Сотрудничество с Индией является одним из приоритетных направлений внешней политики Кыргызской Республики. За последние годы существенно укрепился политический диалог, активизированы торгово-экономическое и культурно-гуманитарное сотрудничество. С чувством особой теплоты вспоминаю свой государственный визит в Индию, который состоялся в декабре прошлого года. Отмечаю важность скорейшей реализации всех договоренностей, достигнутых с руководством Индии в ходе данного визита. Кыргызско-латвийское сотрудничество имеет большой нереализованный потенциал. Нам необходимо приложить усилия для налаживания практического взаимодействия в торгово-экономической области, сфере образования и культуры. Несмотря на географическую отдаленность, африканский континент является для нас весьма важным регионом. В этом плане выражаю готовность к более активному сотрудничеству между Кыргызстаном и Кот-д'Ивуаром как на двусторонней основе, так и в рамках международных организаций. Кыргызская Республика заинтересована в налаживании тесных связей с Эфиопией по всем сферам, представляющим взаимный интерес. Мы отдаем дань уважения народу Эфиопии, сохранившему свою древнюю культуру и традиции. Уважаемые главы дипломатических представительств! В заключение хотел бы пожелать вам успехов в вашей дипломатической деятельности. Рассчитываю, что Ваша деятельность будет способствовать поступательному развитию отношений между нашими странами. Можете быть уверены в том, что Правительство и Аппарат Президента Кыргызстана будут оказывать вам необходимую поддержку и содействие. Благодарю за внимание!”. Маалымат иретинде: Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Ишеним грамоталарын төмөнкү чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары тапшырышты: Кот-д’Ивуар Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тано-Бучуе; Латвия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Юрийс Погребнякс; Эфиопиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ауалеу Гобезие Воркенех; Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лакшманан Сависри; Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммад Исса Месбах.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:12

Биз тандоонун алдында турабыз: же сөз эркиндиги, же негизсиз ушак - Президенттин кеңешчиси Ф.Ниязов (интервью)

Бишкек (АКИpress) – Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган жалаа үчүн Башкы прокуратуранын бир нече доо арыздарынан кийин маалымат мейкиндигинде түзүлгөн кырдаалга өз баасын берди. Учурда маалымат мейкиндигиндеги абал кандай? Чынын айтканда, мындагы жагдай ар түрдүү. ЖМКлар менен соттошууга болбойт деген ойдун калдыгы менде да бар. Бизге муну көп жылдардан бери айтып келишкен жана бул ошол кезде туура болгондугун мисалдар аркылуу көрүп жүрөбүз. Бир жагынан алганда, дүйнө өзгөрүп, маалымат доору келди. Америкада өткөн шайлоолор маалымат менен кандай иштерди ишке ашырууга болорун көрсөттү. Учурда “жалган маалыматтар” катастрофалык таасирге ээ болуп бара жатат. Бүтүндөй дүйнө жүзүндө! Бизде дагы. Азыркы тапта маалымат негизги каражатка, башкы куралга, жада калса башкы товарга айланды. Айрым адамдарды гана эмес, бүтүндөй мамлекеттерди жок кылган кооптуу товар, олуттуу курал болуп калды. Эми муну баалабай коюуга болобу? Коомчулукта көп сөз жүрүп жаткан доо арыздарын, жеке көз карашымда, Кыргызстанда сөз эркиндигинин өнүгүү жана калыптануу баскычтарынын бири катары карайм. Ырасында, биз тандоонун алдында турабыз: же сөз эркиндиги, же негизсиз ушак. Бүт дүйнөдө маалыматтын сапаты үчүн жоопкерчилик бар. Батышта ушак үчүн чоң жоопкерчилик каралган. Алсак, АКШда жалган жалаа үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратып, же 250 миң долларга чейин айып пул салышат. Германия жана Францияда 5 жылга, Норвегияда 1 жыл, Италияда 2 жыл камакка алынат. Кошумча, бул өлкөлөрдүн ар биринде ири айыптар жана моралдык зыян үчүн компенсациялар каралган. Журналисттерден маалыматты дыкат текшерүүнү талап кылгандын эмне жамандыгы бар? Чындыкты жайылтуу керек. Демократиясы өнүккөн өлкөлөрдө сын материалдар автор редакторго анын чындыгын далилдеген соң гана гезит беттерине же ТВ эфирине чыгарылат. Маалыматты жарыялоо үчүн документтердин топтомун жыйнашат. Ошондуктан, кандай күтүүсүз жана парадоксалдуу угулса да, дал Алмазбек Атамбаев сөз эркиндигинин принциптерин коргоо үчүн чыгып жатат. Тескерисинче, ЖМКларга карата бийликтин негизсиз мамилеси тууралуу кыйкырып чыккандар, кандай болсо да чынчыл журналистиканы бүлүндүрүү үчүн иштеп, маалыматтык террор, шантаж кылуу жана опузалап алуунун ыплас тажрыйбасын колдоп жатышат. Эсиңиздерде чыгаар, А.Атамбаев беш жыл мурда “аарылар менен чымындар” тууралуу тасмилди айтып берген. Анда аары-журналисттер бакчада позитив ширесин издесе, чымын-журналисттер ыпластыкты табышат. Ошол кезде президент тамсилди ЖМКдагы кырдаалга келтирип айткан. Тамсил кыргыз журналистикасынын мазмунуна жакшы жагынан таасир бере алгандыгын айта алам. Доо арыздары боюнча жагдайды жеке өзүм журналистиканы тазалоо, чындык жана адилеттүүлүк, ЖМКларга коомдун ишеними үчүн күрөшүүнүн уландысы катары көрөм. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, цивилизациялуу коомдо сот аркылуудан тышкары башка жол менен мындай маселелер чечилбейт. Жогоруда айтып кеткенимдей, узак мезгилден бери биз сөз эркиндигинин принциптерин түшүнүүдө стереотиптердин таасири алдында болуп келебиз. Бул көз караштар ЖМК мурда дайыма коомдук процесстердин алсыз катышуучулары катары саналып келгендиктен чыккан. Бирок, бүгүн биз маалыматтык коомдо жашап жатабыз. Бардыгы өзгөрдү. - Президент сөз эркиндигин коргоо үчүн доо арыз менен кайрылып жатканына коомчулукту ынандыруу оор болбойбу? - Албетте, оор болот. Бирок, жалган үчүн жоопкерчиликтин болушу адилеттүүлүк эмеспи. Менимче, аракеттенебиз. Ошондуктан көп иштөөгө, түшүндүрүүгө туура келет. Бирок, жалган жалаа – бул аны тамырын кыркуудан да жаман аракет экендиги чындык. Жада калса, жалаа үчүн бийлик каршы чыгып жатса да. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө сыяктуу мыйзамдуу ыкма, цивилизациялуу жол бар. Сот аркылуу. Менимче, эл түшүнөт. Адамдарга айтып, түшүндүрөбүз жана эртедир-кечтир чындык ким тарапта экендигин коомчулук ыкчам талдап калат. Учурда баарынан мурда ким каршы чыгып жатат? Кооз аталыштагы сөз эркиндигин коргоо боюнча комитет бар, анын негиздөөчүлөрү - Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Бегалы Наргозуев. Алар ким болушкан? Алар өздөрүн журналист катары атай алышат, бирок, менимче, сөз эркиндигин коргоо үчүн чыгуу укугунан эбак эле ажырашкан. Ошол эле Бакиевдин режимине кол куушуруп жүргөндө жоготушкан. Садыркуловду өлтүрүп, Сыргак Абдылдаевди бычактап, Павлюкту алдап колго түшүрүп, өлтүрүп жатканда, алар үндөбөй отурушкан. Сөз эркиндиги тууралуу кеп козголгон эмес. Сыдыкова Америкада элчи, Нарын Айып “Кабар” агенттигинин директору болгон. Наргозуев Максим Бакиевди Курманбек Бакиевден кийинки президенттикке жалгыз жана эң мыкты талапкер деп атаган. Башка медиа өкүлдөр ойлорун айтып жатканда, биз дагы алар менен талкуулоого, талашууга, сүйлөшүүгө даярбыз. Бирок жогоруда аталган адамдарды олуттуу кабыл ала албайм. - Сөз эркиндигин коргоо дайыма коомду мобилизациялоонун кыймылдаткыч күчү болуп келген. Бул жолу да ушундай болушу мүмкүнбү? Анткени 18-мартка активисттердин жөө жүрүшү белгиленген? - Эгерде кеп чындыгында сөз экриндиги тууралуу болсо бир жөн. Бул окуяда доо арыздар кимдерге карата экендигинин карасак. Узак мезгилден бери эч ким доо арыз менен кайрылган эмес. Башкы прокуратура айрыкча деле доо арыз берген эмес. Дайыр Орунбековдун жалган макаласы менен байланыштуу окуя гана орун алган. Бирок, акыркы кездердеги айрым саясатчылар жана кээ бир ЖМКлар максаттуу түрдө чыгарып жаткан негизсиз ушактар Башкы прокуратураны доо арыз менен кайрылууга мажбур кылды. Алар прокуратура органдарына бардыгыбыз үчүн бирдей мыйзамдар бар экендигин эске салды. Тактап айтканда, бул адамдар жана ЖМКлар доо арыздарын өздөрү көкүтүп алышты. АКШ Конгресси каржылаган “Азаттык” радиосунун бюджети аз деп эсептебейм. Ал жакта тажрыйбасыз журналисттер, бейкүнөө жаш адистер отурат деп ким айта алат? Алар эмненин үстүндө иштеп жаткандарын жакшы билишет. Ал жерде чоң жана олуттуу кызмат бар. Алар максаттуу түрдө кандайдыр бир ишти жүргүзүп жатышкан, “Азаттык” радиосунун белгилүү бир жетекчилери тууралуу айткым келбейт. Мен Бишкекте отуруп алып “Азаттыктын” маалыматтык саясатын түзгөн адамдар жөнүндө айтып жатам. Ошентип ал жакта жамаат максаттуу түрдө иштеп келген. Өзүңүздөр калыс болсоңуздар, ошол эле “Боинг” учагындагы жүк тууралуу маалымат расмий түрдө четке кагылды. “Ата Мекен” партиясынын юристтеринин маалыматын толук текшербестен, алар аны жарыялап жиберишкен. Юристтер жасалма кагаздарды көрсөтүп жатканы анык эле. Расмий төгүндөөлөр болгондугун билишсе да, бул жалганды текшербестен чыгарышкан. Ошол эле учурда буга чейин бул маалыматтар четке кагылгандыгын жазбай коюшкан. Мында бир максат бар. Экинчи ресурс – чет жактан гранттарды алган “Заноза” сайты. Анда кыйла тажрыйбалуу журналисттер иштешет. Алар бул текшерилбеген жана такталбаган маалымат экендигин билип турушуп, жаңылыктар түрмөгүнө чыгарышкан. Ошондуктан, “Азаттык” радиосундагы жана “Заноза” сайтындагы А.Атамбаевге каршы келген бул макалаларды атайылап окурмандарды алдоо, жалган маалымат катары атоого болот. Ал эми сөз эркиндигине байланыштуу эч нерсе жок. - “Азаттык” радиосу ЖМК жөнүндө мыйзамда коомдук билдирүүлөрдү цитата келтирүүгө боло тургандыгы тууралуу шилтеме бар экендигин билдиришти. - Коомдук билдирүүлөрдү сөзмө-сөз берүүгө болот. Бирок, мыйзамда алар маалыматты текшерүүсү керек деген дагы бир жобо бар. Бул жагдайда маалымат текшерилген эмес. “Азаттык” радиосуна бул сөздөрдү жеткирүүгө эч ким тоскоолдук кылган эмес, буга чейин расмий түрдө төгүндөлгөнүн белгилөө менен жарыялоо керек эле. Биринчи чыккан жалган маалыматты канча адам, ал эми 3 сааттан кийин чыккан биздин четке кагууну канчасы окуй турганын билесиздер. Экинчисинде көп эсе аз окулат. Ошондуктан жалган маалымат таасирдүү болуп кетет. Маалыматтын өнүгүшүнүн бул баскысында жалган маалымат натыйжалуу иштейт. Бирок ал кыйратуучу таасирге ээ. Буга байланыштуу, жалган маалымат экендигин аныктоонун эң туура жолу - бардыгын цивизациялуу жол менен сот аркылуу жөнгө салуу болуп саналат. Башта саясатчы ЖМК менен соттошпоого тийиш деп эсептелип, бул аксиома, нормалдуу көрүнүш катары саналган. Ал кездерде маалымат айдыңындагы кырдаалды расмий ЖМКлар: гезит, телеберүү жана радио жөнгө салып турган. Азыркы тапта интернеттин доорунда жашап жатабыз. Интернет сайттар – бул башка, айрымдары ЖМКга кирбейт. Интернет көптөгөн башка ыкмаларды колдонууга шарт түзөт. АКШда өткөн шайлоолор, чындыгында, аба ырайын расмий ЖМКлар эмес, социалдык тармактар түзүп койгонун көрсөттү. Эми маалыматтын өнүгүшүнүн жаңы баскычында ар бир саясатчы жана мамлекеттик кызматкер үчүн тигил же бул маалымат жалган экендиги боюнча соттун чечимин алуу маанилүү болуп калат. Себеби, ушундан соң коомчулук бул калп экендигин билет. А эгерде унчукпай койсо, коомчулук ушакчылардын айтканы туура экен деп ойлоп калат. Ал эми төгүндөөгө көпчүлүк ЖМКлар жөн гана маани бербей коюшат. Интернет адам тууралуу маалыматтарды өмүр бою сактоону шарттайт. 2014-жылы Акаев Атамбаев байлык топтогон 50 млн рубль тууралуу интервью берген. Бул тууралуу “7-канал” жана “Жаңы Ордо” гезити жарыялаган. Бирок эч ким сотко берген эмес, четке кагуу гана болгон. Болгондо да, Нарын Айып өзү телеберүү аркылуу төгүндөгөн. Ал эми бир жарым жыл өткөн соң ошол эле Нарын Айып бул тууралуу кайрадан, бирок эми ТВда даярдалган сюжетине 180 градуска каршы келген, башка позицияда жазып чыкты. Биз кайрадан доо арызсыз ЖМК аркылуу четке кактык. Бирок бир жыл өткөндөн кийин Чолпон Жакыпова кайсы бир интервьюсунда Акаевдин эски жалганын кайталады. Бул жагдайда, маалыматтын жалган экендиги тууралуу соттун чечимине жетишүүгө мажбурбуз. Алар бизди доо арыз менен кайрылууга өздөрү түртүп жатышат. Бизге башка айла калтырышкан жок. Өзүнүн атын каралоодон сактоону каалагандардын баарына бул кадамга барууга туура келет. Интернет маалыматтарды сактайт. Анда бул жалган маалыматтар, сот жалган же ушак катары тааныгыча ар дайым чыга берет. - Атамбаев саясий оппоненттерин соттук доо арыздары же коркутуу аркылуу жазалап жатат дегендерге эмне айтасыз? - Өмүрбек Текебаевди саясий оппонент деп атоого эми болбойт. Себеби, президент А.Атамбаевге кийинки президенттик мөөнөткө шайлануу зарылдыгы жок. Ал эми Ө.Текебаевдин мындай мүмкүнчүлүгү болгон эмес жана жок. Коркутуулар тууралуу айтсак, Алмазбек Шаршенович 9 айдан кийин мамлекет башчысы кызматынан кетээрин баарыбыз билебиз. Ал кандайдыр бир мамлекеттик кызматты ээлөөнү каалабастыгын билдирген. Ошондуктан коркутуулар тууралуу бардык сөздөр негизсиз. Президент бардык нерсени өз аты менен атаганы башка иш. Ал кырдаалдын бардык катышуучуларын: саясатчыларды, жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттарын мыйзам менен жашоого үйрөтүүгө аракеттенип жатат. Кайталап кетсем, менимче: “Доо арыздары боюнча маселеде жеке кызыкчылык мамлекеттикинен басым кылган жокпу?” деген суроо туулушу мүмкүн. Мисалы, бир жыл мурун мындай доо арыздарда жеке мүнөз болушу мүмкүн эле. Бирок анда доо арыздар болгон эмес. Эми маалыматтын ролу күчөп, президенттик шайлоолор тууралуу сөз козголгон жагдайда баары өзгөрдү. Анын үстүнө маалыматтын жана жалган жаңылыктардын АКШда өткөн шайлоолорго тийгизген таасири боюнча токтобогон талаш-тартыштар бизге ачык мисал боло алат. Эми мунун баары жеке маселеден мамлекеттик маанилүүлүккө өтүп бара жатат. - Акыркы суроо. Соттук доо арыздар жалган маалыматтарды жогото албаган жагдай түзүлөбү? Себеби, бул үчүн соцтармактарды көзөмөлдөө керек. Чыныгы сөз эркиндигин орнотуунун кийинки баскычы интернет-мейкиндигин көзөмөлдөө аракети болуп калбайбы? - Суроонун маңызы толук түшүнүктүү, бирок сөз эркиндигинин тагдыры чындыгында коомдун маалымат чөйрөсүндөгү кооптуу тенденцияларды жеңип чыгышынан көз каранды экендигине ынанам. Маалымат агымында кесипкөйлүк менен иштеген журналист катары, Сиз, жалган маалыматтардын терс жактарын бизге караганда жакшы сезесиз. Бул маселеде биз кыйла алсызбыз. Бийлик Кыргызстандагы кырдаалга жооптуу, сиздер, бийликтин төртүнчү бутагынын өкүлдөрү ар бир кемчилик үчүн бизден мыйзам ченемдүү жана адилеттүү түрдө сурайсыздар. Ал эми жалган маалыматтар өлкөнүн маанайын бузуп, адамдардын каарын жана нааразычылыгын ойготууга багытталат. Ошол эле учурда адилеттүүлүк үчүн эмес, белгилүү бир, көбүнэсе чет элдик саясий оюнчулардын керт башынын пайдасын ойлогон кызыкчылыктарын көздөйт. Анын үстүнө бизде ноябрда президенттик шайлоолор өтөт эмеспи. Биз бардык ЖМКлар менен мамилебизди курчутпай, калган айларда тынч иштей берсек болмок. Бирок, бул ишти кимдир бирөө башташы керек болду. Жергиликтүү же чет элдик адамдардын Кыргызстанга өз оюнун таңуулагандыгы чынчыл жарандардын жана журналисттердин кызыкчылыгында эмес экенине ишенем. Себеби, дүйнөдө жалган маалыматтардын согушунун “ийгиликтүү” тажрыйбасы болгон. Бул таасирдүү курал жана аны колдонуу тажрыйбасы бар. Бүгүнкү күнү биз ТВ, радио, гезиттерде жана ири интернет сайттарда такталган маалыматтарды жайылтуу маданиятын үйрөтүшүбүз маанилүү. Анткени алар элдин маанайына жана тандоосуна зор таасирин тийгизет. Социалдык тармактар салмакка ээ болуп келе жатканы менен, алар саясий маалыматтар жаатында ири ЖМКлар жарыялангандарды гана жайылтышат. Ал эми интернет көзөмөл боюнча алсак, Кыргызстан бул багытта кандайдыр бир чараларды көрөт деп ойлобойм. Интернет биздин жашообузга кирип кетти. Эсиңерде болсо, мурда үйлөрдө жарык өчкөндө, жашоо токтоп калгандай сезилчү. Ал эми азыр интернет жок болуп калса, үйдө эмне болот?... Адамдар аны абдан терең кабыл алышты. Бүгүнкү күнү интернетти көзөмөлдөөнүн кереги жок жана мүмкүн эмес деп ойлойм. Адамдарды интернетсиз калтыруу – маанилүү бир нерседен ажыратуу дегендик. Абасыз калтырган сыяктуу. Андан көрө цивизациялуу мамилелерди өнүктүрүү керек. Булак: kg.akipress.org (маек АКИрress маалымат агенттигине орусча чыккан).

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:13

ЖМКлар аркылуу чет мамлекеттер башка өлкөнүн ички иштерине кийлигише алышат – Фарид Ниязов

Бишкек, 17-март /Кабар/. Маалыматтык ресурстар аркылуу чет мамлекеттер башка бир өлкөнүн ички иштерине аралаша алышат. Бул тууралуу КТРКнын “Ой ордо” берүүсүндө КР Президентинин кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди. Анын айтымында, учурда маалымат кубаттуу куралга айланды. “Бүгүн дүйнө өзгөрдү. Биз маалымат кылымында жашап жатабыз, ал товар дагы, курал дагы, эсептерди берүү үчүн каражат катары дагы колдонулууда. Ошондуктан мунун бары ички саясий ишке дагы, бизнеске дагы, тышкы саясий жашоого дагы өтүп кетти. Ушуга байланыштуу чет мамлекеттер ЖМКлар аркылуу башка бир өлкөнүн ички иштерине кийлигише алат деп айтууга болот. Биз муну АКШдагы президенттик шайлоодон кийин башка өлкөнүн шайлоо процессине кийлигишкендиги боюнча айыптоолордон соң көрдүк. Шайлоодон бери жарым жылга чукул убакыт өткөнүнө карабай дискуссиялар токтобой келет. Мындай окуя Кошмо Штаттар дүйнөдөгү жалгыз чоң держава болуп саналганына карабастан болууда. Ал жакта элдер дүйнөдөгү абал өзгөрүптүр деген чечимге келишти”,-деди ал. Ошондой эле, Ф.Ниязов Кыргызстанда сөз эркиндиги барбы деген суроого жооп берди. “Сөз эркиндиги – оюңду эркин айтуу. Бүгүнкү күндө маалымат ресурстарына, журналисттерге, жарандарга өз оюн эркин айтуусуна ким тоскоолдук кылууда? Экинчиден, өлкөдө реакция кылуу жана ЖМКлар менен коомчулуктун ортосунда кайра байланыштын механизмдери ирээттелген эмес. Биз саясатчылар журналисттер менен соттошбоосун коргоп турдук, бул система биздин жашообузга интернет келгенге чейин көп убакыт иштеди. Мен газетада дагы, башка маалымат каражаттарында дагы иштегем. Мурда газета бир күн эле жашайт, ал эми интернеттеги маалымат түбөлүккө сакталып калат деп айтышчу. Эгер азыр 5 жыл мурда бир адам тууралуу жалган маалымат жазылган макаланы табыш керек болсо, анда издөөгө жөн гана тиешелүү команданы терип коюу жетиштүү болот. Ошондуктан көз карандысыз органдын, керек болсо соттун бул жалган, ушак болгондугу тууралуу чечими керек. Мен азырынча мындай акт жок экенине ишенем, ушак адамды өмүр бою коштоп жүрөт. Ушундай мисалдар бар”,-деп кошумчалады ал.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:13

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Бишкек, 21-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо текстин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы иш-чарада окуду. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: Урматтуу мекендештерим! Сиздерди байыркы Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Нооруз – күн менен түндүн жазгы теңелүү күнү, жаңы күн. Жер жарылып чөп чыккан, желин айрылып сүт чыккан мезгил. Ата-бабаларыбыз илгертен эле жаздын келишин, чөптүн чыгышын, булак көзүнүн ачылышын жакшылыкка жорушкан. Ошондуктан Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамы катары белгиленген. Бул күнү эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары болушун тилеп, Жаратканга сыйынышкан. Соко чегип, жер бетин алгач жолу тилишчү. Сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу майрамдашчу. Бабалардын ошол улуу салтын, жашоонун улуу көчүн, жаркын көчүн улоо менен кыргыздар азыр да көпчүлүк Чыгыш элдери сыяктуу эле Ноорузду чоң салтанат менен белгилейт. “Ноорузду” биздин элибиз дайыма чоң үмүт, жакшы тилек менен тосуп, жаздын, эмгектин, чыныгы биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары майрамдашат. Өлкө быйылкы Ноорузду жакшы жетишкендиктер, жаңы жөрөлгөлөр менен тосуп жатат. Элибиз улуттук жана руханий кайра жаралуу доорун сүрүүдө. Дүйнөлүк экономикалык жана финансылык каатчылыктын тескери таасирине карабастан, 2013-2016-жылдары Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү орточо 5,4 пайызды түзүп, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң алдыңкы орунга чыктык. Өлкөбүз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Азыркы кезде күжүрмөн элибиз жаз камын көрүп, Кудайдан мол түшүмдү, тынчтыкты, ынтымакты, жакшылыкты тилеп турган учуру. Анткени бул жыл өлкөбүздүн өнүгүүсүндөгү өтө маанилүү жыл. Алдыда президенттик шайлоо турат. Элибиздин, жерибиздин тагдыры, келечеги чечиле турган күн келатат. Мына ушундай жооптуу мезгилде Кыргызстан элине ынтымак жана биримдик гана керек. Өлкөнүн жана балдарыбыздын келечеги кандай болоору өзүбүзгө гана байланыштуу. Ошондуктан ойлоно турган, Мекенибизди гүлдөтүү үчүн жеңди түрүп, жапырт иштей турган учур келди. Кудайдын колдоосу менен, тилегибиз ишке ашсын, Нооруз, келе жаткан жылыбыз ырыс-кешиктүү болсун! Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:16

Райымбек Матраимов "Ата Мекен" партиясын каржылайбы?

Кыргызстанда парламенттик шайлоолорду өткөрүү датасы аныкталды. Жогорку Кеңештин талапкерлерине добуш берүү 2020-жылы 4-октябрда өткөрүлөт. Республикада шайлоолордун кандай өтөөрүн алдын ала айтуу жеңил болчу эмес эле, бирок, бул жолкуда келерки кампаниянын жүрүшү мурдагыларга караганда да кыйынга турат окшоп калды. Кыргызстандын парламенти аз убакыттын ичинде эле өз кадырын жоготуп алды. Анын саясый маалыматсыздыгы жана алсыздыгы жөнүндө баардыгы сөз кылышып, жада калса депутаттар өздөрү да айтышууда. Мунун өзү эми айтпаса деле түшүнүктүү эмеспи, барган сайын Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыштарында харизмативдүү адамдар азайууда. Ал эми акыркы чакырылыш өзүнүн дарегине көп сын-пикирлердин айтылгандыгы боюнча рекорд койгонго да жетишкенсиди. Бул азыркы курамдагы депутаттардын парламентке кайрадан өтүшүн кыйындатат, анын үстүнө 9 пайыздык босого чеги баардык партиялар үчүн тоскоолдук жаратпай койбойт. Мындай абалда депутаттар башкалар менен биригип, партияларды ирилештирүү маселесин талкуулашууда. Жакынкы убакта алар бизди күтүлбөгөн альянстарды түзүшүп, бизди таң калтырышы да мүмкүн. Мындай абалда Кыргызстандын партиялык мейкиндиги кандай болушу мүмкүн? Бул суроого жооп бериш үчүн, адегенде өлкөдөгү партиялык система – бул өнөктөштүк, көп учурда бизнестик кызыкчылыкты көздөгөн өнөктөштөрдүн клубу экендигин моюнга алуу керек. Мындай клубдардын стратегиясы негизинен бийлик менен мамиле түзүүгө багытталган. Кыргызстандын ар бир президенти жеке жана жеңил башкарылуучу партияга ээ болуу зарыл деп эсептеп келген. Бирок, лидер экс-статусунда калаары менен, партия таасирдүүлүгүн жоготуп же такыр эле жоюлуп кетип турган. Ушуга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков эч бир партияга мүчө эмес экендигин эске алсак, кайсы партия бийликке ыкташы мүмкүн? Эксперттер айтышкандай, мындай абал Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбековдун планына жараша болмокчу, анын фамилиясына карасак эле азыркы президенттин жакын тууганы экендиги билинет. Ошондуктан ал кайсы партиянын тизмесине алынса, натыйжада ошол партия бийликке келиши ыктымал. Бирок, бул болжолдоп гана айтуулар катары саналат. Дагы кимдер оюнга катышмакчы? 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Асылбек Жээнбеков менен бирге бекем жана күчтүү партияны түзүүнү жана жеңип чыгууну, Бажы кызматы жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимов бир кезде пландаштырып келген. Бирок, биз жаңы партияны көрө алганыбыз жок, анткени менен Матраимов эми "Ата Мекен" партиясын каржылап, анын шайлоодо утуп чыгышына жардам берет экен деп уктук. Буга даярдануу мурдатан эле башталыптыр. Курамына депутаттар, саясатчылар, коомдук ишмерлер, күч структураларынын мурдагы өкүлдөрү кирген мыкты саясый штаб уюуштурулган. Бирок бул саясый долбоордо Асылбек Жээнбековдун ролу түшүнүксүз бойдон калууда. Акыркы убакта Өмүрбек Бабановдун жакында саясатка кайрылып келүүсү жөнүндө да сөз кыла башташты. Анын саясат менен алектенбей тургандыгы тууралуу расмий билидрүүсүнө карабастан, парламенттик шайлоодо катышып калуусу толук ыктымал. Анын саясатка кайтып келүү божомолу саясый чөйрөдө кандай кызыкчылыкты жараткандыгы, Бабанов саясаттан четте калбай тургандыгына негиз берет. Мындан тышкары Роза Отунбаева жана Өмүрбек Текебаев (саясый таасирин сактап жана бекемдеп калуу мүмкүндүгү бар саясатчылардын бири) сыяктуу белгилүү саясатчылар да бар. Алар дагы ар кандай демилгелерди көтөрүп, өздөрүнүн унулутулуп калбашы үчүн баардыгын жасашууда. Анан албетте, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди унутпашыбыз керек. Айрым аналитиктер аны да шайлоочуладын эсебинен чыгарып салбоону сунушташууда. Бирок, бул өтө эле оптимисттик пикир деген ойду жаратат. Азыр эл арасында Атамбаевдин кадыры төмөн, ал президент кезинде эле өз аброюн жоготуп алган. Ал кол тийбестиги алынгандан, кылмыш иши козголгондон жана үйүнө күч органдары тарабынан чабуул койуу абалына жеткиргенден кийин – акыркы тарапташтарынын колдоосунан такыр ажырады. Азыр анын рейтинги 1-2% чейин араң жетиши мүмкүн. Анын тарапташтарын жана партиялаштарын камакка алуу башталып, күч органдары мурдагы президентке тиешелүү телеканалды да жаап салышты. Прокуратура анын мыйзамсыз жыйнаган байлыктарын иликтөөдө. Белгилүү болгондой, сот процессинин иши уланууда. Мында бир гана жыйынтык чыгарып – Атамбаевдин мурдагы саясый орбитага кайтып келиши мүмкүн эместигин айтууга болот. Анын үстүнө убакыт да аз калды, чынында ал чет жакта гана байкоочу катары калат го. Эгер бийлик алсыздыгын көрсөтсө, Атамбаев түрмөдөн бошотулуп, үй камагына чыгарылып же Кыргызстандын аймагынан чет жакка чыгып кетиши да мүмкүн. Жалпылап айтканда, шайлоого катышуу үчүн өз айланасына саясый күчтөрдү топтоп алууга жөндөмү бар фигуралардын негизги жана толук эмес тизмеси мына ушундай көрүнөт. Алардын курамында ар кандай адамдар бар, демек, мунун өзү Кыргызстандагы келе жаткан саясый сезон мындай атаандаштык шартында кызыктуу гана эмес, маңыздуу да башталат деп ишенсек болчудай. Бирок бул көп жагынан шайлоочулардын өзүнө байланыштуу. Бул шайлоолор катуу атаандаштык шартында жана мурда болуп көрбөгөндөй саясый күрөш аркасында өтөбү же бир аз орун алмаштыруу менен чектелеби – аны шайлоочулар чечет. Бийлик биринчи кезекте легитимдүүлүк боюнча шек туулбашы үчүн, шайлоо процессинин таза өтүшүнө кызыкдар болушу керек. Мурдагы президентке карата жүрүп жаткан сот процессине байланышкан азыркы абалды жана 2020-жылдагы шайлоого даярданууну эске алуу менен – азыркы бийлик соттук жана саясый процесстерди аралаштырбай, ушундай саясый оюндарга көзөмөлдү жоготуп койбойбу? - деген суроо туулат. Анткени мындай абалда көзөмөлдү жоготуп алуу, өлкөнүн өнүгүүсүн кайрадан артка карай тартышы мүмкүн.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:16

Шайлоо алдында: Тегерек столдогу талкуулардан...

Жакында эле борбор шаарыбызда "Депутатка добуш берүү – ар бир жарандын укугу" темасында тегерек стол өткөрүлдү. Шайлоолор жакындап келе жаткандыктан, бул талкууга кызыкдар адамдар чогулганы айтпаса да түшүнүктүү. -Жогорку Кеңешке шайлоого бир жыл убакыт калды. Бул убакыт ичинде кандай маселелерди чечүүгө үлгүрө алабыз, мына ушул туурулуу сүйлөшөлү. Эң башкысы – шайлоонун босого чегин ылдыйлатуу зарыл. Саясый партияларды чогултуп, алардын талабын перзидентке жана парламентке жеткирүү керек. Шайлоонун жыйынтыгын БШК эмес, Кыргызстандын эли тааныганы оң, - деп экс-премьер-министр Темир Сариев билдирди. "Ак Шумкар" партиясынын өкүлүнүн айтымында, шайлоо процесси тизме жана шайлоо алдындагы компания менен гана чектелбей, шайлоочулар алдында отчет берилгени да туура болот. -Биз партиянын желеги астында Жогорку Кеңешке өтүп, анан анын тартибине көнбөгөн депутаттарды да көрдүк. Биринчиден, шайлоонун босого чегин 3% же 5% чейин ылдыйлатуу керек, "Партиялар жөнүндө" мыйзамды жана үгүт иштерин жүргүзүүнү кайрадан карап чыгуу зарыл, - деп белгиледи Сариев. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев аны менен макул болду. Анын пикиринде бүгүнкү бийлик өзүнүн кадырын кетирип алды. "Эл шайлоо системасына нааразы болууда. Алар Жогорку Кеңеш байлардын парламентине айланып, партиялык коррупция жүрүүдө, депутаттар элден алыстап кетти дешүүдө. 2010-жылы биз шайлоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз, бирок, түзөтүүлөр өтпөй калган", - деп билдирди ал. Текебаев белгилегендей, жөнөкөй партиялардын талапкерлери өтпөй калып, парламентке алардын ордуна акчанын жана бийликтин партиялары келүүдө. "Ал эми бүгүнкү бийликте ким отурат? Сооронбай Жээнбеков жазында саясый коррупцияны жеңүүнү каалагандыгын айткан. Бул маселеде биз аны колдошубуз керек. Ал өз сөзүнө турат деп, мен ишенгим келет", - деди ал. Өмүрбек Чиркешович эске салгандай, Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын 70% биринчи жолу депутат болгон. Бирок, мындан эч кандай жылыш сезилген жок. Аларды "чимкирик" парламент деп атап алышты. -Биз жаңылануу тууралуу айтканыбызда, анын сапаты жөнүндө ойлошубуз керек. Эгер парламентке өтүүнүн босого чегин 3% ылдыйлатууну бекитсек, өтүп келген депутаттар унчукпай отуруп албастан, бийликке оңтойсуз суроолорду так ошолор берет, - деп эсептейт саясатчы. Ушул жерден бул иш-чарага жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешке өтүүгө ишене албаган адамдар келген окшойт дегендей таасир пайда болду. Кандай болсо да ылдыйлатуу керек болгон жогорку босого чеги, аларга тоскоолдук кылып жаткансыды. Эске салсак, парламенттин депутаттары Исхак Масалиев менен Жанар Акаев шайлоолор мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизип, партиялар үчүн гана эмес, тизмедеги талапкерлер үчүн электрондук түрдө добуш берүүнү сунуш кылышкан. Айтмакчы, тегерек столдогу талкуунун жүрүшү учурунда шайлоодо электрондук система боюнча добуш берүүнү да көрсөтүштү. Анда эсептөөчү түзүлүш ID-картты окуп жана шайлоочу добуш бергендигин же бербегендигин текшерет. Андан кийин шайлоочу атайы картаны алып, аны компьютерге салат, партияны тандагандан кийин, анын тизмеси ачылып, шайлоочу тизме боюнча каалаган талапкерин тандайт. Шайлоочу тандагандан кийин, өз добушунун жыйынтыгын билдирген чекти алып, аны операторго кайра берет. Онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгы эсептелип, андан кийин текшерүүгө жеңил болгон тизменин жыйынтыгы чыгарылат. Ошентип техникалык жактан партияга гана эмес, ар бир талапкерге добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилет. Бирок, шайлоонун кылдат ишине жогору технологиянын кийлигишүүсү саясатчыларга жакпай калды. Ошол эле Өмүрбек Текебаевдин пикири боюнча, мындай абалда шайлоого жашыруун добуш берүү принциби бузулат. Ал эми "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, бул маселеде эл шайлоонун таза жана чын өткөрүлгөндүгүн талап кылуусу керектигин белгиледи. Юрист Чолпон Жакупова көпчүлүккө кайрылып: "Биз азыркы түзүлгөн абалга реалдуу карашыбыз керек. Түзөтүүлөрдү кантип жана качан киргизебиз? – деген эки башкы суроого жооп алганыбыз жок. Бул жерде Мадумаров туура айтты: бир дагы демилге, ага көңүл бурулмайынча ишке ашпайт, анткени ага бийлик тарабынан такыр реакция жасалбай жатат. Азыр эле жыйынтык чыгарып, бул идея ишке ашпайт деп корутунду чыгарсак да жарашат", - деп билдирди ал. Анын айтымында, саясатчылардын электрондук жана тизме боюнча добуш берүү системасын киргизүү аракети түшүнүксүз. "Алар эмитеден эле колдоо табуудан үмүтү үзүлгөн түр менен отурушат. Темир Сариев мындай маселени азыр чечүү кеч болуп калды, деп туура айтты. Такыр мүмкүн эмес, анткени, шайлоо мына мына башталайын деп калды", - деди юрист.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:16

Эксперт: Шайлоонун босого чеги 9% деңгээлде калышы керек

Шайлоолор алдында саясатчылар босого чегин 5% же 3% чейин ылдыйлатуу жөнүндө талкуулай башташты. Бирок, мындай өзгөртүүлөр баардык мамлекеттик башкаруу системасы үчүн тобокелдикти жаратат. Эмне үчүн 9% босого чегин Жогорку Кеңешке шайлоолордо бир жолу сынап көрүүгө болбосун, дейт саясый жана юридикалык илимдердин доктору Азиз Канатбек. -Мен БШКга мүчөлүк кылып турган кезде, шайлоону уюштуруучлардын да жана шайлоого катышуу үчүн документтерди тапшыруучулардын позициясында да болуп көрдүм. Бирок, мен азыр бул маселелерди изилдеген илимпоз катары, 9 пайыздык босого чегин колдой турганымды билдиргим келет. Биз өзүбүздү парламенттик республика катары атап жүрөбүз, эч дегенде ошондой болууга аракет кылуудабыз. Мындай формада эң башкысы – бул партиялык куруу. Биздин өлкөдө парламент президенттен жана жана аткаруу бийлигинен айырмаланып, күчтүү жана башкы болуусу керек. Азырынча бизде көптөгөн кичине партияларды түзүү тажрыйбасы гана бар жана биз бул системанын минусу катары - туруксуз өкмөт түзүлүп калаарын гана билебиз. Өкмөттү түзүүдө көпчүлүктүн коалициясына кирген фракцияларга баары-бир бири-биринин шартын эске алууга туура келүүдө. Эгер шайлоонун жогорку босого чегин калтырсак, шайлоодо бир гана партия жеңип, 65 орунду алышы мүмкүн, бирок, бул парламентте күчтүү оппозиция болбойт дегенди билдирбейт, себеби партияларда биригүү мүмкүндүгү бар, - дейт Азиз Канатбек. Ал мисал катары парламентке өтүш үчүн партияларга 10% кем эмес добуш алуусу керек болгон Турцияны келтирди. Бул кичине оппозициялык партияларды биригип же шайлоого альянс болуп барууга мажбурлайт. Жыйынтыгында мындай модель депутаттык корпустун сапатын жогорулатат. -Эгер шайлоочулардын кызыкчылыгы тууралуу айтсак, алар үчүн мындай системада жеңил болот. Алар кийинки беш жылда саясат жүргүзө турган партияга ишенимдүү түрдө добуш беришет, - деп сөзүн улантты Азиз Канатбек. Ал босого пайызын ылдыйлатуу жөнүндө активдүү сүйлөп жаткан бүгүнкү саясатчылар келерки шайлоодо өз кызыкчылыгын гана көздөп жатышат деген ишеничте. -Бул керт башынын пайдасын көздөгөндүктү билдирип турат. Лидерлерге өз партиясынын парламентке өткөнү керек жана шайлоо босогосу канчалык ылдый болсо, аларга муну ишке ашыруу ошончолук жеңил. Босого чеги 2% болсо да, алар макул, - дейт Азиз Канатбек. Ал белгилегендей, шайлоонун босого чеги ылдый болгондо, парламентке өз райондорунда ийгиликтүү иштеп, бирок республиканын масштабында эч нерсе колунан келбеген регионалдык же райондук кичине партиялар өтүп калуу коркунучу бар. -Республиканын деңгээлинде 9% болгону туура, эч дегенде бүгүнкү күндө. Эгер биз күчтүү парламенти жана номиналдык президенти бар парламенттик өлкө болууга умтулсак – жогору босого чегин орнотуу керек. Бул менин илимпоз жана шайлоону уюштуруу менен алектенген адам катары позициям, - деп сөзүн аяктады Азиз Канатбек. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште шайлоонун босого чегин 9 пайыздан 5% ылдыйлатуу мыйзам долбоорунун демилгеси көтөрүлгөн. Түзөтүүнүн тарапташтары азыркы босого чегин калтырсак Жогорку Кеңешке акча каражаттары көп партиялар гана өтөт жана өлкө байлардын курамындагы чакырылышка туш келет деп эсептешүүдө. Бирок, бул теория гана болууда. Практикада 9 пайыздык босого чеги бир да жолу шайлоодо колдонула элек. 2015-жылдагы шайлоодо 7% босого чеги коюлуп, андан 6 партия өткөн болчу.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники