О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 1:54

Шайлоо: «Баарына каршы» элдик кыймылы түзүлдү

“Баарына каршы” элдик кыймылы түзүлдү. Бул тууралуу ”Кырк Чоро” коомдук бирикмесинин жетекчиси Замирбек Көчөрбаев “Элдик медиага” билдирди. Анын айтымында, аталган кыймылга буга чейин соцтармактарда өзүнүн пикирин билдирип келген жарандар, коомдук ишмерлер, ар кандай уюмдун жетекчилери кошулду. “Биздин максатыбыз 4-октябрда шайлоо күнү элге барына каршы үгүт насаат иштерин жүргүзүү. ”Кырк Чоро” коомдук бирикмеси буга чейин бардык партиялар сыяктуу эле өз аракетибизди БШКга билдиргенбиз. Ал жактан жол-жобосу мыйзамда көрсөтүлгөндүгү боюнча жооп алып, ошого жараша аракеттерди кылып жатабыз. Барына каршы чыкканыбыздын себеби, VI чакырылыштагы 120 депутаттын 62си учурда шансы бар партиялардын тизмесинде талапкерлигин коюп, кайра эле ошолор шайлоого аттанышты. 5 жыл мурун элге айткан сөздөрүн кайра эле кайталап айтып жатышат. Элди акча менен сатып алуу аракеттери болуп атат. Биз ушулардын барын көрүп туруп элге “барына каршы” үгүт иштерин жүргүзөлү деп чечтик”,- дейт Көчөрбаев.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Шайлоо-2020: Башкы прокуратура шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөйт

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы алдыдагы парламенттик шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөйт. Башкы прокуратура шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын, шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жоктор үгүт жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт. Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө: улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды басмырлоого, кастыкка чакырган үгүттөө же бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарга тыюу салынган. Шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 1-сентябрындагы чечимин аткаруу максатында Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө менен айрым талапкерлердин же саясий партиялардын кызыкчылыктарын көздөө максатында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин, тең укуктуулукту бузуу менен административдик ресурстарды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жана алардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусун, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-булактарына мониторинг жүргүзүп келүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу мезгилинде 21 жарыя-макала изилденип, ички иштер органдарынын кароосуна жиберилген. Жалпысынан республика боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 материал катталып, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык караштуулугу боюнча ички иштер органдары тарабынан каралууда. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жүргүзүлүп жаткан мониторинг көрсөткөндөй көпчүлүк учурда шайлоо документтерин бурмалоого (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 195-бер.), административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 87-1-бер.), шайлоочуларды сатып алуу (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-бер.) жана шайлоочунун акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 42-3-бер.) жөнүндө мыйзам бузуулар көрсөтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоо процессинин катышуучуларына прокуратура органдары жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө максатында жана мыйзам бузуучулуктарга жол бергендерди мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрө тургандыгын маалымдайт.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

«Бүтүн Кыргызстан» партиясына сот шайлоого катышуу укугун берди

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек административдик сотунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралды. Сот партиянын доо арызын канааттандырды. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы «талапкерлерди аныктоодо эреже бузган» деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сотко кайрылган болчу.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Шайлоо: «Баарына каршы» элдик кыймылы түзүлдү

“Баарына каршы” элдик кыймылы түзүлдү. Бул тууралуу ”Кырк Чоро” коомдук бирикмесинин жетекчиси Замирбек Көчөрбаев “Элдик медиага” билдирди. Анын айтымында, аталган кыймылга буга чейин соцтармактарда өзүнүн пикирин билдирип келген жарандар, коомдук ишмерлер, ар кандай уюмдун жетекчилери кошулду. “Биздин максатыбыз 4-октябрда шайлоо күнү элге барына каршы үгүт насаат иштерин жүргүзүү. ”Кырк Чоро” коомдук бирикмеси буга чейин бардык партиялар сыяктуу эле өз аракетибизди БШКга билдиргенбиз. Ал жактан жол-жобосу мыйзамда көрсөтүлгөндүгү боюнча жооп алып, ошого жараша аракеттерди кылып жатабыз. Барына каршы чыкканыбыздын себеби, VI чакырылыштагы 120 депутаттын 62си учурда шансы бар партиялардын тизмесинде талапкерлигин коюп, кайра эле ошолор шайлоого аттанышты. 5 жыл мурун элге айткан сөздөрүн кайра эле кайталап айтып жатышат. Элди акча менен сатып алуу аракеттери болуп атат. Биз ушулардын барын көрүп туруп элге “барына каршы” үгүт иштерин жүргүзөлү деп чечтик”,- дейт Көчөрбаев.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКга доосу сотто каралууда

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого каттабай койгондугуна байланыштуу БШКга доосу Бишкек шаардык административдик сотунда каралууда. Сотто БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова күбө катары көрсөтмө берип, БШКнын алгачкы чечимидолбоорунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын каттоо тууралуу айтылгандыгын, бирок тыныгуу учурунда ал чечим өзгөрүлүп, каттабоо чечими сунуш кылынганын билдирди. Атыр Абдрахматова БШК чыгарган чечимдин кагаз түрүндөгү вариантын эмдигиче ала электигин айтты. Партиянын талапташтары соттун эшигинин алдында митинг өткөрүп, адилеттүүлүктү талап кылууда. Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турган болгон. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан. Сүрөт: "ПолитКлиника".

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:57

Башкы прокуратура шайлоого байланыштуу 22 мыйзам бузуу фактысын каттоого жетишти

Башкы прокуратура шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын, шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жоктор үгүт жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт. Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө: улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды басмырлоого, кастыкка чакырган үгүттөө; же бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарга тыюу салынгандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз. Шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга тыюу салынат. Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 1-сентябрындагы чечимин аткаруу максатында, Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө менен айрым талапкерлердин же саясий партиялардын кызыкчылыктарын көздөө максатында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин, тең укуктуулукту бузуу менен административдик ресурстарды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жана алардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусун, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-булактарына мониторинг жүргүзүп келүүдө. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу мезгилинде 21 жарыя-макала изилденип, ички иштер органдарынын кароосуна жиберилген. Жалпысынан республика боюнча КЖБРге 22 материал катталып, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык караштуулугу боюнча ички иштер органдары тарабынан каралууда. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жүргүзүлүп жаткан мониторинг көрсөткөндөй көпчүлүк учурда, шайлоо документтерин бурмалоого (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 195-бер.), административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 87-1-бер.), шайлоочуларды сатып алуу (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-бер.) жана шайлоочунун акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 42-3-бер.) жөнүндө мыйзам бузуулар көрсөтүлүүдө. Башкы прокуратура шайлоо процессинин катышуучуларына, прокуратура органдары жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө максатында жана мыйзам бузуучулуктарга жол бергендерди мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрө тургандыгын маалымдайт.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:27

Добуш сатуунун көйгөйү көкөй кести

Башкы прокуратура шайлоо алдындагы мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу 43 материалды изилдеп чыкты. Аларды тактоо үчүн Ички иштер министрлигине жөнөттү. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, материалдардын 35и жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернетте мониторинг жүргүзүү учурунда аныкталган. Жалпысынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 материал катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Мониторингдин баштапкы жыйынтыгы көрсөткөндөй, көбүнчө шайлоо документтерин бурмалоо, административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана добуш сатуу сыяктуу мыйзам бузуу фактылары катталууда. «Мекеним Кыргызстанданбыз» деп башка үгүтчүлөрдү коркутуу боюнча шектүүлөр кармалды 7-сентябрь күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун 30 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, аны «Мекеним Кыргызстан» партиясына үгүт жүргүзүүгө мажбурлашканын билдирген. Милициянын маалыматына караганда, окуя Үч-Коргон айылында түнкү саат бирде болгон. Арыздануучу өзүн коркутуп жаткан учурду диктофонго жаздырып алган. Интернетке тарап кеткен тогуз мүнөттүк аудиодон «бул жерде жашабай каласың» деген опузаны угууга болот. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен сотко чейинки териштирүүнү баштап, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мекеменин басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев «Азаттыкка» буларды айтты: «Арыздануучу айылдашы Т.Э. телефон аркылуу үйүнөн чакырып алып, «Сен «Биримдик» саясий партиясына үгүт кылбай, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясына үгүт жүргүз» деп уят сөздөр менен сөгүп, коркутуп, зомбулук кылууга аракеттеништи» деп көрсөткөн. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Аксы районунун тургундары - 1985-жылы туулган Э.У. жана 1987-жылы туулган. Т.Э. кармалып, райондук соттун чечими менен бир айга камакка алынды». Окуя боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясы билдирүү таратып, «Ээнбаштык» беренеси менен камакка алынган эки жарандын партияга тиешеси жок экенин жарыялады. Партиянын төрагасынын орун басары Канатбек Азиз мындай дейт: «Бул окуя боюнча өзүбүз да ички иликтөө жүргүзүп, алардын «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен байланышын териштирдик. Ал балдар биздин үгүтчүлөр болуп эсептелбейт экен. Тилекке каршы, ар кандай күчтөр «Мекеним Кыргызстанга» сөз тийгизүү максатында ушундай иштерди жасап жатышат». Шайлоо маалында чуулгандуу иштерде аты аталган партиялардын расмий билдирүүлөрү бири-бирине окшош. Алар «тиешебиз жок» же «атандааштардын кара пиары» деген тариздеги бир беткей жоопторду берип жатканын байкоого болот. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчисинин мурдагы орун басары Жаркын Бапанова муну жоопкерчиликтен кутулуунун бир жолу деп эсептейт. «Добуш сатып алып жаткан адамды колунан кармап албаган соң далилдөө кыйын экен, - деди ал. - Анын үстүнө партиялар үгүтчүлөрдүн баары менен расмий иштешпейт. Шайлоо фондунан эмес, өз чөнтөгүнөн каржылап жатышат. Бир нерсе болсо «биздин тиешебиз жок» деп кутулуп кетишет. Жыл өткөн сайын добуш сатып алуунун шайлоого болгон таасири күчөп жатат. Парламентке акчасы көп адамдардын келип жатышы да ушундан. Азыркы учурда шайлоочулардын аң-сезимине гана үмүт артып жатам. Добуш сатып алууну өзүбүздөн башка эч ким токтото алчудай эмес». Добуш сатып алуу №2 формасы менен ишке ашып жатканы айтылып келет. Өзүнө бөлүнгөн аймактан көп добуш алууну көздөгөн партиялардын талапкерлери бул документтин жардамы менен өзүнө ыңгайлуу шайлоо тилкесине элди каттатып жатат. Кээ бир партиялар добуш алуу максатында жолдорду жасап, кээ бир аймактарга жарык, суу киргизүүгө убада берип жатканы байкалууда. No media source currently available Мыйзам толукталганы менен жыйынтык болгон жок Шайлоодогу добуш сатып алуу же сатуу Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча жазаланат. Бул мыйзамга 2019-жылы жана 2020-жылдын июль айында толуктоолор киргизилген. Ага ылайык добуш сатып алган адамдар 220 миң сомдон 260 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Эгерде добуштарды сатып алуу жапырт мүнөздө болсо, анда бул үчүн 2,5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев добуш сатып алуу боюнча буларга токтолду: «Мурда добуш сатып алган адамга кылмыш ишин козгош үчүн кимдир-бирөө арызданышы керек эле. Азыр андай эмес. Андыктан биздин укук коргоо органдары арыз күтүп отурбай, Интернеттеги же жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жазып чыккан фактыларга таянып кылмыш ишин козгой берсе болот. Мындан тышкары өздөрү эле ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп добуш сатып алгысы келген адамдарды кармаса болот». Мыйзамда БШК добуш сатып алууга аралашкан партияны шайлоодон четтетип коё алат. Ал үчүн укук коргоо органдары топтогон материалдарды БШК мүчөлөрү карап чыгып, чечим кабыл алышы керек. Бирок Кыргызстандын тарыхында добуш сатып алганы үчүн шайлоодон четтеген партия боло элек. Саясат талдоочу Марс Сариев шайлоочунун добушу жыл өткөн сайын кымбаттап жатканын айтып кейиди: «Президент таза шайлоо боюнча канча айтпасын, добуш сатып алуу көбөйүп жатат. Азыр бир добуштун баасы 5000 сомго чыкты. Эл партияларга, саясатчыларга ишенбейт. Алар талапкердин акчасын алганга кызыгат. Оппозициянын да салмагы жок болуп турат. Муну жакшы түшүнгөн саясий күчтөр шайлоочуларга программанын, идеологиянын оордуна акча сунуш кылып жатышат. Кыргызстанда мындай көрүнүш салтка айланды. Бул өлкөнүн негизги мүшкүлү. Добуш сатып алуу менен кантип күрөшүш керек экенин мен билбей турам». Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Азыр бир айлык үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Жогорку Кеңештеги 120 орундук мандат үчүн 15 партия ат салышууда.

Подробнее
12 сентября 2020 г. 0:27

«Пашинян реформаны аягына чыгара элек»

Арменияда «баркыт ынкылабынын» аркасы менен бийликке келген Никол Пашинян өлкөнү коррупция сазынан чыгарып, бай-манаптарды бийликке жолотпоого, реформа жүргүзүүгө убада берген. Убадасын аткарып жатабы? Никол Пашинян 2018-жылдын жазында жумалап созулган элдик толкундоолордун деми менен бийликке келген. Өлкөдөгү эң чечүүчү кызмат - премьер-министрликке киришкен саясатчы бардык тармактарда, өзгөчө сот тутумунда реформа жүргүзөрүн билдирген эле. Эки жылдан ашык убакыт ичинде өлкөдө кандай өзгөрүү болду? Армениялык саясат талдоочу Степан Григорян кабарчыбыз Али Токтакуновдун суроолоруна жооп берди. - Степан Георгович, эки жыл мурда Ереванда мени менен маектешип жатып сиз «Армениядагы бийлик жаңыланууда, жыйынтыкты күтө туралы» дегенсиз. Ошол 2018-жылдын аягында парламенттик шайлоо өтүп, Пашиняндын командасы толук бийликти ээледи. Андан бери Армения кайсы жагына өзгөрдү? - Албетте, жылыштар бар экени талашсыз. Эгер парламент жөнүндө айта турган болсок, криминал дээрлик жокко эсе. Олигархия да дээрлик жокко эсе. Башкача айтканда революциянын лидери Никол Пашиняндын фракциясы парламенттин 70% ээледи. Алардын көбү жаштар. Бирок эл партияга эмес, Пашинянга добуш берген. Демейдегидей эле ал ирет да лидерлердин жарышы болгон. Бул көрүнүш терс жыйынтыгын көрсөтүүдө. Өкмөттүн диктаты бүгүнкү күнү так көрүнүп турат. Башкача айтканда, парламент өкмөттү эмес, өкмөт парламентти көзөмөлдөөдө. Парламенттик башкаруу системасында тескерисинче эмеспи. Бир чети жаштардын көптүгү жакшы болгону менен өткөн эки жыл баарыбир саясий жана турмуштук тажрыйба абдан маанилүү экенин көрсөттү. Реформалар жай жүрүп жатат. Жаштар реформа ыкчам жүрүшү керек экенин түшүнбөй жаткандай. Анан калса жаштар өзүн ушунчалык күчтүү сезгендиктен, алар үчүн маселе жок сыяктанып атат. Бирок иш жүзүндө маселелер курчуй баштады. Мурдагы бийлик, анын ичинде ал бийликтин коррупциялашкан тобу катуу чабуул баштады. Алардын колундагы медиа керээлден кечке негизсиз да, негиздүү да сындап атат. - Сыягы Арменияда ыңгайлуу учурду күтүп турган мурдагы бийлик кайра жандана баштагандай. Экс-президент Серж Саргсян эки жылдан ашык убакыттан бери жакында алгачкы басма сөз жыйынын өткөрдү. Айрым саясат талдоочулар «Арменияны «активдүү күз» күтүп атат» деп жатышат. Бул эмнени билдирет? - «Активдүү күз» деген сөз бийликке каршы көп сандаган адамдын көчөгө чыгышы дегенди билдирет. Азыр дагы эле Никол Пашиняндын рейтинги жогору, бери дегенде 60% кем эмес. Ал үчүн коркунуч жоктой сезилет. Бирок кеп адамдын санында эмес, жигердүүлүгүндө. Мурдагы бийликтин маалымат каражаттары, чоң акчасы бар. Алар көптөгөн эксперттерди, юристтерди катарына тартып кетишкен. Аларды маалымат каражаттары менен кошо алганда чынында күз «ысык эле» болот. Алардын коомчулуктагы рейтинги 3% жогору болбошу мүмкүн. Бирок ошол колдоочулары жигердүү. Эмнеге? Анткени финансылык кызыкчылыктар бар. Жаш саясатчылар ушул тобокелчиликти түшүнбөй жатышпайбы. - Сиз «өкмөт парламентти көзөмөлдөп калды» деп айттыңыз. Эгер супер-премьерлик улана берсе эмне болот? Эртеңки күнү Пашинян өзү диктаторго айланып кетпейби? - Билесизби, бизди абдан тынчсыздандырган эмне болду? Мисалы, Пашинян Лукашенкону шайлоого байланыштуу дароо куттуктап жибергени тынчсыздандырды. Анда биз революцияны эмнеге жасадык? Эмне үчүн калыстык үчүн күрөштүк? Анткени Арменияда эле эмес, чет өлкөлөрдө да таза, айкын шайлоону колдоо үчүн күрөштүк да. Эми келип элден озунуп, Кытайдан кийин эле куттуктап жибердик. Анан Орусия, Кыргызстан, Казакстан куттуктады. - Кантсе да өнөктөш эмеспи? - Түшүнүп турам. Бирок бул Арменияга жарашпайт. Эмнеге? Куттуктаса да кечирээк куттукташы керек эле. Анткени бизде эл чоң үмүт менен революция кылды. Демек, сиз айткан коркунуч дайыма бар. Дурус кишини деле система өзгөртүп коюшу мүмкүн. Азыр система кандай иштеп атат? Баары эле Никол Пашинян чечим кабыл алса экен деп күтүп отурушат. Жаңы Конституцияны кабыл алып, буга чекит коюш керек. Азыр бир нече уюм биригип Конституциянын долбоору даярдалууда. Биз аны иштеп чыгып өкмөткө сунуш кылабыз. - Армениянын экономикалык абалы эки жыл мурда дурус эмес эле. Албетте, коронавирус кризисине байланыштуу дүйнөдөгү бардык өлкөлөр сыяктуу эле азыр да кыйынчылыкты баштан кечирүүдө деңизчи. Ошентсе да, ага чейин бир жылыш болду беле? - Жөнөкөй эле бир мисал менен жакшы жагына өзгөрдү деп айта алабыз. Бизнести тоноо токтоду. Революцияга чейин расмий эле тоноо болуп келген. Ишкер аткаминерге акча берип турушу керек экенин баары билишчү. Ушунун өзү өзгөргөнү эле канчалык экенин түшүнүп атасызбы? Чакан-орто бизнести муунтуп, моюнуна минип алышкан. Олигархтар кутуруп кетишкен. Мисалы, бир олигарх Арменияга шекер ташыган монополист эле. Андан тышкары ким болбосун жүз килобу, бир тоннабы шекер алып кирем десе өмүрүнөн айрылуу коркунучу да бар болчу. Мен сизге купуя сырды ачып аткан жокмун, муну баары эле билчү. Ал эми азыр кимдин колунан келсе импорттой берет. Демек, бизнестин кенен дем алышына шарт түзүлдү. Башка маселе - коронавирус баарын аралаштырып жиберди. Пландарды бузду. Туризм токтоду, транспорт токтоду, мейманканалар жабык. Ал эми жалпысынан экономика эркин болуп калганы талашсыз. - Коронавируска түздөн-түз көз каранды болбогон башка да маселелер бар эмеспи. Сиз айткан тоноочулук, мыйзамсыз акча жыйноо болуп келгени үчүн мурдагы президенттин жакындары кармалган эле. Миллиарддаган драм салык төлөбөй келген олигархтар аныкталып, айрымдары кармалган эле. Бирок ушул антикоррупциялык сот иштери аягына чыга элек. Бийликтин колун эмне кармап атат? - Биерде абал татаал. Украинадагы жагдайга окшошуп кетет. Олигархтар же мурдагы аткаминерлер Орусияга качып кетип же берчүсүн берип кутулуп атышат. Кайсы бир сот жараяндары болуп атканы менен бири да аягына чыга элек. Бизди тынчсыздандырганы - сот реформасы аягына чыкпай жатат. - Ошол эле мурдагы президент Роберт Кочарян соттолуп аткан 1-март ишин айталы... - Сот системасы иштебей жатат дегениме дал ушул иш классикалык үлгү. Эч кандай сот жараяны жүргөн жери жок. Ошол 1-мартта өлгөндөрдүн жакындары, жабыркагандар, бул иш менен алектенген адвокаттар сотко катышуудан баш тартышты. Ушул ишке байланыштуу саясий куугунтукка кабылып, түрмөгө отуруп чыккандар да катышпай коюшту. Тилекке каршы, сот системасы реформаланбагандыктан ушул сыяктуу иштер бүлүнүп же аягына чыкпай жатат. Прокуратура да ошол эле. Саясий көз карашы, каяша айтканы үчүн адамдарды камаган кишилер азыр ошол мурдагы жетекчилерин, Роберт Кочарянды тергеши керек болуп атат. Ошол эле адамдар, ошол эле иш ыкмалары калды. Албетте, реформага даярдык жүрүп жатат. Аны баалайбыз. Бирок эл реформанын өзүн күтүп атат.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

Шайлоо 2020. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери сот имаратынын жанында митингге чыгышты

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери кайрадан Бишкектеги административдик соттун алдына чогулушту. Бүгүн, партиянын БШКнын каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимине даттануусун кароо улантылууда. Чогулгандар соттон Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууну талап кылышууда. Митингчилер тротуарды ээлеп алышты, аларды сотко киргизбей коюшту. Имарат милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Эскерте кетсек, БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүгү “Бүтүн Кыргызстанды” каттоого каршы добуш беришкен. Экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу саясий бирикменин лидери Адахан Мадумаров тизмедеги буйрукту өзгөртүп, мурдагы эл өкүлүн өзүнөн чыгарган деген жүйө менен БШКны “Бүтүн Кыргызстан” партиясына каттоодон баш тартууну талап кылган.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

ЛУКАШЕНКОДОН БИЙЛИК ТАЛАШКАН СВЕТЛАНА ТИХАНОВСКАЯ ДЕГЕН КИМ?

Эки жумадан бери Беларусь өлкөсүндө элдин толкуусу токтой элек. Мунун аягы эмне менен бүтөрүн дүйнөлүк эксперттер да жоромолдой албай турушат. Беларусту 26 жыл бою башкарган Александр Лукашенкого каршы даап чыгып, элдик лидерге айланган Светлана Тихановская деген ким? Анын элди ээрчите алгандыгынын сыры эмнеде? Учурда дүйнө жүзүнүн назарында турган аял тууралуу сөз кылабыз. МЕКТЕПТИ АЛТЫН МЕДАЛЬ МЕНЕН БҮТКӨН Светлана Тихановская (Пилипчук) учурда 38 жашта. Беларуста быйыл 9-августта өткөн президенттик шайлоо до 2-орунду алды (Александр Лукашенкодон кийин эле). Тихановскаянын тарапташтары шайлоо до ал элдин добушуна 100 пайыз ээ болду деп жатышат. Шайлоо нун жыйынтыгы жарыя болору менен эл «жыйынтык бурмаланды» деп толкуй баштады. Ошентип бул айым эки жумадан бери дүйнөлүк ЖМКлардын каарманы болуп турган учур. Светлана жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлүп-өскөн. Ата-энеси учурда пенсия курагындагы адамдар. Бир сиңдиси бар. Бала чагы бактылуу өткөн. Өтө бардар жашабаса да, ата-энеси анын ар тараптуу өнүгүшү үчүн колунан келгенин кылышкан. Мектепти алтын медаль менен бүтүп, Мозырдагы Мамлекеттик педагогикалык университеттин чет тилдер бөлүмүндө окуган. Балдарга чет тилден сабак берген мугалим болмок, бирок өз кесиби менен иштөө буюрбаган экен. Жеке фирмаларда котормочу катары эмгектенип жүргөндө болочок жолдошу Сергей Тихановскийди кезиктирип калат. Мына ушу жерден тагдыр анын жолун таптакыр башка нукка бурган. ҮЙ КОЖОЙКЕСИНЕН САЯСАТКА «М ен үй кожойкесимин, эч качан саясат менен ишим болгон эмес. Кызыгып да көргөн эмесмин. Муну билбеген адам жок. Турмушка чыкканы эки баламды тарбиялоо менен алек болуп, үйдө отурган кадимки аял болчумун. Анткени жолдошум мени, балдарын бардык жактан камсыз кылчу. Бирок аял жанындай жакшы көргөн адамы үчүн кандай курмандыктарга барса, мен дагы ошондой нерсени кылдым» дейт Светлана Тихановская бир интервьюсунда. Эми үй кожойкесинен президенттикке талапкерликке кантип барып калды, ошондон кеп салалы. Сергей Тихановский менен Светлана Пилипчук түнкү клубдан таанышып калышат. Бири-бирин жактырып калган эки жаш тез эле үйлөнүшкөн. Учурда 10 жаштагы уулу, 4 жаштагы кызы бар. Буга чейин Сергей «Компас» аттуу жарнамалык студияны жетектеп, ал студия Орусия, Украина жана өз өлкөсүндө мыкты роликтерди тартып келген. Светлана буга чейин жолдошу Сергейдин эч качан президент болом деген ою болбогонун айтат. Бардыгы жөнөкөй эле кароосуз калган үйдү сатып алуудан башталат. Алар жанында көлмөсү бар кароосуз калган үйдү сатып алып, аны конок үйү кылабыз деген максат коюшат. Үйдү сатып алуу үчүн бир топ жыл аракет кылууга туура келет. Бир туруп документтери туура эмес болуп калат, бир туруп салык төлөө боюнча кыйынчылыктар жаралып жатып, жыйынтыгында үйдү ала албай калышат. Ошондо гана Сергей өлкөдө толук мыйзамсыздык, баш аламандыктын орун алганын жон териси менен сезет. Ушул окуядан кийин ал пикирлештерин чогултуп, «Жашоо үчүн өлкө» деген аталыштагы YouTube каналын ачып, ага мамлекет башчысы Александр Лукашенкону, бийликти, өлкөдөгү системди сынга алган видеолорун тартып, жүктөй баштайт. Бул канал аркылуу Сергей Тихановский кайсы бир элдин катмарын, тарапташтарын топтойт. Президенттикке ат салышууну көздөгөн жаш блогер Сергей Тихановский 2019-жылдын декабрь айында нааразычылык акциясына катышканы үчүн милиция тарабынан камакка алынат. Андан кийин да бир нече жолу бийликтин "жинине тиет". Камакта отургандыктан анын президенттикке талапкер болууга жазган арызын Борбордук шайлоо комитети кабыл алуудан баш тартат. Белгисиз себептерден улам анын командасындагылардын да арызы кабыл алынбайт. 2020-жылдын 15-майында Светлана Тихановская президенттикке аттануу үчүн документтерин тапшырат. Таң калычтуусу – анын арызын БШК кабыл алат. Ал абалды Тихановская «мени шылдыңдап эле документтеримди кабыл алып коюшкан. Анткени «бул үй кожойкесинин колунан эмне келет, көрөлү» дегендей кылышкан. Бирок иш жүзүндө баары башкача болду» деп эскерет. Ал эми Сергей саясатка кызыкпаган аялынын президенттикке ат салышарын укканда таң калат. « Светлана үчүн бул чечим кандай болду билбейм, мен үчүн шок болду. Отурган жеримден тура калдым. Камакта жатканымда идеямды коргоп, ишимди улантуунун бирден-бир жолу ушул деп чечкен экен. Бул менин өмүрүмдү сактоонун жана команданы жолдо калтырбай, алдыга сүрөп кетүүнүн жолу экенин билди. Башында ал үчүн корктум, бирок азыр сыймыктанам. Ал – декабристтин аялы» деген ал кийин интервьюсунда. ЭЛДИН КОЛДООСУНА ЭЭ БОЛДУ Светлана жашоосун өзгөртүүгө өзү даяр эмес болгонун айтат. Элдин алдына чыгып сүйлөө, өзүн алып жүрүү, кандайдыр бир чечимдерди чыгаруу кыйын эле. Жолдошу Сергей камактан чыгып, анын штабын жетектейт. Тез арада элдин ишенимине ээ болушкан жубайлар Лукашенконун негизги атаандашы болгонго чейин өсүп жетишет. Ошол үчүнбү, 29-май күнү кол топтоп жаткан учурда Сергей жана анын командасындагы 10 адамды «милиция кызматкерлерине баш ийбөө» деген айып менен кайрадан камакка алышат. Светлана жалгыз калганда гана канчалык коркунучтуу ишке аралашканын түшүнөт. Ага бир нече жолу күйөөсүнүн жана балдарынын өмүрү менен коркуткан телефон чалуулар болгон. «Мени коркуп, артка кайтышы мүмкүн деп ойлошту. Бирок алар Сергейди өлтүрүп коюшмак. Мен президенттикке талапкер болуп жатканда элдин көзү, ЖМКлардын көзү менин үстүмдө болуп жаткандыктан күйөөмдү өлтүрүп коё албайт эле. Канчалык оор болсо да, мен бул жолду улантууну чечтим» деп баяндайт ал бул тууралуу. Күйөөсү жана ишенген командасы камакта болсо да, ал ишин токтоткон жок. ШАЙЛОО ДОН КИЙИН 10-август күнү " шайлоо до Александр Лукашенко жеңди" деген жарыя чыкты. Светлана Тихановская бул чечим менен макул болбой, добуштарды кайрадан санап чыгуу талабын койду. Арызы менен Борбордук шайлоо комитетине кирип, ал жерден эки адам менен сүйлөшүү жүргөнү анык болгон. Андан көп өтпөй социалдык тармактар аркылуу Тихановская кайрылуу жасап, элден каршылык акциясына чыкпоону суранды. «Бир да өмүрдүн кыйылышы бул нерсеге татыктуу эмес » деди ал. Аталган видео чыккандан кийин ал эл менен байланышка чыккан эмес. Бир күн өткөндөн кийин, 11-август күнү анын Литвада, балдарынын жанында, коопсуздукта экени белгилүү болгон. 17-август күнү Европарламент Лукашенконун жеңишин тааныбай турганын жарыялады. Шайлоо нун ачык өткөнүнөн күмөн санап жатышканын жана бул абалда Беларусь элинин президенти Светлана Тихановская деп баса белгилешти. Ошол эле күнү Светлана элдик лидер болууга даяр экенин, саясатта күрөштү уланта турганын айтты. УЧУРДА Сергей Тихановскийдин өмүрү коркунучта экенине карабай Тихановская күйөөсүнүн өмүрү, идеялары үчүн күрөшүп жатат деп айтылууда. « Күйөөм күнөөсүз. Ушунча убакыттан бери карцерде кыйноодо жатат. Бирок ал сынбайт, сына турган адам эмес. Баарыңарды аны колдоого чакырам» деген ал акыркы видео кайрылуусунда. Беларуста абал курч бойдон калууда. Миңдеген жарандар Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылышууда. Үй кожойкеси жеңип чыгабы же Лукашенкобу, азырынча белгисиз.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

ЛУКАШЕНКО ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ КАБЫЛ АЛЫНГАН СОҢ ШАЙЛОО ӨТҮШҮ МҮМКҮН ЭКЕНИН АЙТТЫ

Беларустун лидери Александр Лукашенко президенттик шайлоо ө лк ө жа ң ы Конституцияны кабыл алгандан кийин ө т ү ш ү м ү мк ү н экенин билдирди. «Биз жаңы Конституция кабыл алышыбыз керек. Силер аны референдум аркылуу кабыл алгандан кийин, анын алкагында парламенттик, президенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрө аласыңар», – деди Лукашенко 17-августта. Анын билдирүүсүн «Беларус – 24» телеканалы көрсөттү. Мамлекетти 26-жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана калыс шайлоо өткөрүүнү талап кылган акциялар 9-августта өткөн шайлоодон кийин токтобой келет. Каршылык акцияларында жети миңден ашуун киши кармалып, жүздөгөн адам жарадар болуп, эки киши көз жумду. Кийин бошотулган жүздөгөн адамдар камакта полициянын ур-токмогуна кабылганын айтып беришкен. 17-августта бир катар заводдордун жумушчулары иш ташташты. www.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

Улан Сырдыбаев, "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер: "Кантип Кыргызстаныма жардам кылам, кантип элимдин түйшүгүн жеңилдетем" деген маселе түйшөлттү"

- Улан мырза, жакында болуп өткөн ар бир кыргызды ойго салган пандемиянын соккусунан кийинки мамлекетибиздин абалы сизди кандай ойго салды? - Буга чейин ишкерлик менен алек болсом, пандемиядагы айлабызды таппай калган абал мамлекет тууралуу көбүрөөк ойлоого аргасыз кылды. Анткени пандемиянын соккусунан кийинки мамлекетибиздин абалы чыны менен санааркатты. Кантип Кыргызстаныма жардам кылам, кантип элимдин түйшүгүн жеңилдетем, кантип мамлекетке салым кошом деген маселе түйшөлттү. Анткени пандемиянын кесепети оңой болгон жок. Жоготуулар менен кошо экономиканын төмөндөшүнө алып келди. Мындай учурда дагы эмне болор экен деп сырттан карап турганга түтпөйт экенсиң. Элимдин маселесин чечүүгө кол кабыш кылайын, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошоюн деген ой менен партияга мүчө болдум. - Эмне максат менен “Мекеним Кыргызстан” партиясына мүчө болдуңуз? - Себеби “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы, максаты, приоритети жана принциптери купулума толду. Партиянын программасында мени түйшөлткөн көп жагдайлар жазылып, абалдан чыгуунун жолдору да сунушталыптыр. Ошондой эле “элибиз – эң башкы байлыгыбыз” деген урааны да кайдыгер калтырган жок. Ойлонуп-толгонуп отуруп “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барайын, алдыга койгон максаттарымды ишке ашырайын деген чечимге келдим. Себеби “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасында мамлекетти саздан чыгаруу, билимди өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы катачылыктарды жоюу, маданиятты көтөрүү, үйсүз үй-бүлөлөрдү үйлүү кылуу, ишкерликти, элетти өнүктүрүү, бизнес каттоону жөнөкөйлөтүү, интернетти ар бир адамга жеткиликтүү кылуу, деги койчу мамлекеттин абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой негиздүү сунуштар жазылыптыр. Мына ушундай чоң максаттарды ишке ашыруу үчүн шайлоого аттандым. - “Мекеним Кыргызстан” партиясы мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибиздин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деген ишеним барбы? - “Мекеним Кыргызстан” партиясы мамлекетибизди алдыга сүрөп, элибиздин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деген ишенимим зор. Биздин партиянын программасы кагаз жүзүндө калбайт, ишке ашат. Биздин партия мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүн далилдейт. Биз ийгиликке жетсек, мамлекетибиз да жеңишке жетишет. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 17:48 09-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

Алмамбет Шыкмаматов: "Коррупционерлер мамлекетти башкарууну көздөөдө"

“Жемкорлор жазаланмак турсун, мамлекетти башкаруу дымагы менен шайлоого келе жатышат. Алар бүтүндөй шайлоочуларды, ал эле эмес партия, партия лидерлерин сатып алууда”. Мындай пикирин “Бир Бол” саясий партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Ат-Башы эли менен жолугушуу учурунда билдирди. “Мен билем, калк арасында анализдүү ойлонуп, көз карандысыз чечим чыгарган жарандар көп. Уурулардын бийликке келе турган жолдорун бууп, жакын да жолотпойбуз!”, - деди Шыкмаматов. Анын айтымында, добушту сатып алгандар 5 жылда миллионерге айланса, аз акчага алдангандар эки эсе жарды болушат. “Реформа катуу жүргөн Сингапур, Түштүк Корея, Малайзия өлкөлөрүндө мыйзам жана темирдей тартип күч болгон. Мисалы, Грузияда эки жылдын ичинде мыйзамдагы уурулар, 300дөн ашык сот, 250дөй прокурор, жүздөгөн бажычылар камалып, темирдей тартип орноп, мыйзамдын жогорку күчү камсыз болгон. Мына ошондой мамлекетте гана реформа жүрүп, экономика өнүгүп, мамлекет байыйт. Эл бакубат жашайт!” “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 9-сентябрь, 2020-жыл. 15:57 09-09-2020

Подробнее
10 сентября 2020 г. 2:00

Татьяна Кузнецова, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер: “Биз жеңсек – өлкөбүз да жеңишке жетишет!”

- Саламатсызбы? “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка аттанып жатасыз, учурдагы олуттуу милдетиңиздерди айтып өтсөңүз. - Өлкөбүз, берекеге мол Ата Журтубуз кыйын күндөрдү баштан өткөрүп жатат. Дүйнөлүк экономикалык кризистин таасирин биз да сезип, бүткүл адамзат менен бирге коронавирус пандемиясы пайда кылган стресстен чыгып келе жатабыз. Ар кандай шайлоо, өзгөчө республикалык масштабдагы шайлоо коом үчүн, мамлекеттик башкаруунун бардык системасы үчүн стресс болуп саналат. Бирок шайлоо болбосо да болбойт, себеби дал шайлоолор өлкөбүздүн алга умтулуусуна шарт түзөт. Республикалык масштабда “Мекеним Кыргызстан” партиясы жаш партия, бирок аймактарда, Бишкекте партиябызды эл жакшы билет, анткени жергиликтүү шайлоолордо бир топ ийгиликтерге жетишкен. Бүгүн биздин алдыбызда өтө олуттуу милдет өлкөнүн тагдырына реалдуу таасир этип, жаңы өкмөттүн түзүлүшүнө катышууга мүмкүндүк берген сандагы мандат алган парламенттик партия болуу турат. Биз бул миссияны аткара алабызбы? Мен толугу менен аткара алабыз деп эсептейм. - “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкерликке сунуш түшкөндө кандай кабыл алдыңыз? - Мен орус улутундагы аялмын, бирөөнүн жубайы, бирөөнүн энесимин. Тарых мугалими катары өмүр бою билим берүү жана социалдык саясат чөйрөсүндө иштедим. Мага мансаптык траекториямды өзгөртүп, партиялык тизмеге кирүү боюнча сунуш түшкөндө “Мекеним Кыргызстанга” “галочка” үчүн эле керекмин го, себеби милдеттүү квотага ылайык, тизмеде улуттук азчылыктын, аялдардын өкүлдөрү болушу керек да деп ойлогом. Ошентсе да рационалдуу ой жүгүрткөн адам катары социалдык маселелер боюнча адисмин, парламентке пайдамды тийгизе алам деген ой келди. Социалдык саясат өтө маанилүү тармак, бирок ага сын айткандар да көп. Бирок “Мекеним Кыргызстандын” командасы менен иштей баштаганда мени “галочка” үчүн алынган талапкер катары эмес, толук кандуу команда мүчөсү катары кабыл алышканда чындап таң калдым. Партия чынында эле интернационалдуу экенин, биздин коомдун эң чоң байлыгы болгон маданияттын көп түрдүүлүгүн сактап гана калбастан, мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү катары мындан ары да чыңдашарына ынандым. - Партиянын шайлоо алдындагы программасына купулуңуз толдубу? - Партиянын шайлоо алдындагы программасын дыкаттык менен окуп чыктым. Мага андагы саламаттыкты сактоо, билим берүү гана эмес, экономика чөйрөсүндөгү да көп новаторлук идеялар жакты. Программанын чоң бир бөлүгү айыл-чарбасына арналган, бул өтө маанилүү, анткени калкыбыздын басымдуу бөлүгү дал ушул чөйрөдө иштейт эмеспи. “Мекеним Кыргызстандын” командасы парламентке эмне максат менен бара жатканын билет. Мен бул күчтүү команданын мүчөсү экениме сыймыктанам. “Мекеним Кыргызстан” жөн гана партиянын аталышы эмес. Бул Ата Мекен, бул биздин жерибиз, биздин өлкөбүз. Толеранттуу баалуулуктарды карманган, ар бир маданиятты, ар бир тилди сыйлаган көп улуттуу коом. Балким, менин сөздөрүм бир аз пафосттуу болуп угулар, бирок мен азыр толкунданып, эргип турган чагым, бул сөздөрдү чын жүрөгүмдөн айтып жатам. Ата Мекенди сөз менен эмес, иш менен жакшы көрүш керек деп эсептейм. Сен өзүң туулуп-өскөн жериңе татыктуу экениңди конкреттүү ишиң менен далилдешиң керек. Парламентке Кыргызстандын өнүгүүсүнө жаңы маани-мазмун берген конструктивдүү күчтөр келишин каалаар элем. Мен “Мекеним Кыргызстан” жеңип чыгарына ишенем. Биз жеңсек өлкөбүз да жеңишке жетишет! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 15:46 09-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:40

Специальный репортаж

Специальный репортаж о трудовой деятельности и заслугах экс министра внутренних дел и председателя ГСИН Мелиса Турганбаева.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники