О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 2:00

Мирлан Амантуров, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер: "Жакшы жолдор, мыкты инфраструктура – биздин жүзүбүз, мамлекеттин баалуу ресурсу"

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Амантуров Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Оттук айылынын тургуну. Негизги максаттарынын бири - учурда 20-40 жыл мурун курулган жолдор капиталдык оңдоп-түзөөнү же түп тамыры менен жаңылоону айтат. - Мирлан мырза, парламенттик шайлоого болгон кадамыңыз илгери болсун, келечектеги пландарга токтололу. - Мамлекеттин ичиндеги жалпы кыймыл-аракетти камсыз кылган экономиканын кан тамыры болгон жолдор өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги инструменттеринин бири. Анткени жолдордун ыңгайлуулугу экспорт, импорт, транзиттик каттамдардын көбөйүшүн шарттайт. Жакшы жолдор, мыкты инфраструктура – биздин жүзүбүз, мамлекеттин баалуу ресурсу. Тилекке каршы, учурдагы жолдордун абалы Кыргызстандагы чоң көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Бүгүн жолдорду жаңылоо мезгил талабы. Күн сайын жол тыгыны, авариялык абал жана башка ыңгайсыз жагдайга туш болобуз. Өлкөдө 6 миллион калк жашаса, катталган автоунаалардын саны миллиондон ашат. Бул автоунаа жолдорунда маселе оор экенинен кабар берет. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча учурда 96,6% жүк ташуучу унаалар, 98% жеңил унаалар жол менен камсыз болгон. Ошол эле учурда 20-40 жыл мурун курулган жолдор капиталдык оңдоп-түзөөнү же түп тамыры менен жаңылоону талап кылат. - "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер катары кайсы программаны сунуштайсыз? - Мен “Мекеним Кыргызстан” партиясынын депутаттыкка талапкери катары Кыргызстандын жолдорун өнүктүрүүнүн улуттук программасын сунуштайм. Анын ичинде Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол шаарына чейинки аралыкка 224 чарчы метрди түзгөн 6 тилкелүү жол куруу планы сунушталат. Бөлүүчү тосмо жана туристтерди кызыктыра турган веложолдун болушу абдан маанилүү. Бул Кыргызстандагы жана Орто Азиядагы эң узун веложол болмокчу. Бул веложолго 1 млн турист келсе, биздин өлкөбүзгө 500 млн доллар киреше алып келет. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 184 миллион доллардан ашык каражат талап кылынат. Курулуш учурунда жол иштери менен алектенген жергиликтүү чоң компанияларды ишке тартууну талап кылышыбыз керек. Анткени: Биринчиден, бул кошумча жумуш орундары жана өлкөнүн казынасына миллиард сомдон ашык салык кирешесин алып келет. Экинчиден, чет элдик адистер курган жолдордун сапаты деле жергиликтүү ишканалардан мыкты болбой турганын практика көрсөттү жана жергиликтүү калк дагы иш орундары менен камсыздалат. Албетте, куруучуларды тандоодо компаниянын тажрыйбасы жана иштин натыйжасы негизги критерий болушу керек. Жол курууда эң башкысы – бул сапат, куруу убактысы жана реалдуу баа. - Чоң рахмат, тилегиңиз ишке ашсын. "Мекеним Кыргызстан" партиясы – ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 12:23 09-09-2020

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:49

Балбак Түлөбаев: Шайлоо убадалары космос. Ар бир шайлоочу 18421 сом болот экен

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев өзүнүн Фейсбук баракчасынан төмөнкү пикирин билдирди: "Калайык! Элди кыдырып бүтүп калдым. Тоң району калды. Буйурса жакында баарыңарга пландарды айтам. Ага чейин кызыктар көп, тамаша да көп. Шайлоо убадалары космос. 380 шайлоочусу бар айылга бир кандидат комбайн алып берем дептир. Баасы 7 млн сом. Эсептесем ар бир шайлоочу 18421 сом болот экен. Бул бери жагы эле. Фап, бала бакча, мектеп ой койчу, салып берем дегендерчи. Бир бала бакча бери дегенде эле 31 млн сом. Кудайды карагыла. Бул алдоо, алданбагыла. Мунун баарын өкмөт кана сала алат. Калайык соц тармак, экономика, жол буга өкмөттүн кана күчү жетет. Ишенбегиле. 1км асфальт жол, 5 млн сомдун айланасы. Бул да ички жолдор. Жолду такыр эч ким сала албайт, өкмөттөн башка. Анан мени шайлабасаң Кыргызстан жоголот, бүтөт дегенде жакаңы кармайсың да. "Так что", ушундай. Чыдабай кеттим, кечиргиле"- деген ал өз сөзүндө. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
9 сентября 2020 г. 14:13

“Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кербенин Ош облусуна караштуу Ноокат районунда улантышты.

“Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кербенин Ош облусуна караштуу Ноокат районунда улантышты. Жергиликтүү эл партия өкүлдөрүн жылуу маанайда тосуп алды. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, калктын көйгөйлөрү талкууланды.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:50

"Ордо" партиясынын лидеринин башка партиянын талапкерлерине берген суроолору

"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияровдун "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакировго берген суроосу: "Сиз 2010-жылы "Республикадан", 2015-жылы "Өнүгүү-Прогресстен", азыр "Мекеним Кыргызстан" партиясынан келе жатасыз. Сизде принцип барбы?" Жооп: "Биринчиден, сөздөрүңүздү далилдеп сүйлөңүз. Экинчиден, бизде 260 саясий партия бар. Партиялардын ортосундагы диалог, пикир алышуу, сүйлөшүү, келишүү - бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Сиз айтып жаткан дооматтар туура келбейт. Мен жаштардын демилгеси менен түзүлгөн партияга мыкты жигиттердин сунушу менен, конкреттүү команда менен келип жатам". Суроо: Сиздердин программада коррупция жөнүндө айтылбаптыр. Эмнеге? Жооп: "Биз конституциялык реформага макулбуз деп айтып кеттик. Ага ошол эле коррупция, сот системи, парламенттик структуранын кыскарышы болуп, бардыгы камтылат. Коррупция жок болушу үчүн ачык-айкындуулук, экономика көтөрүлүшү керек. Арзыбаган эмгек акы алган салык кызматкери жана башкалар айла жоктон коррупцияга барып жатат. Ошондуктан биздин негизги максат - бул экономика". " Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияровдун "Ата Мекен", "Ордо" , "Социал-Демократтар" партиясына берген суроосу: "488 миңден жогору шайлоочу форма-2 боюнча шайлоо тизмесине кирди. Ушунун негизинде шайлоону легитимдүү деп тааный алабызбы?" "Социал-Демократтар" жооп: "Биз муну менен 400 миңден ашык кишиге акча берилди, алар сатып алынды деп айтсак болот". "Ата-Мекен" жооп: "Мыйзам боюнча алып карасак, биз эч нерсе дей албайбыз. Анткени алардын добуш берүүгө укугу бар. Форма-2 менен бир шаардан экинчи шаарга ташылган жарандарга ишеним бар. Анткени алар ойгонуш керек. Аларды ташып, кордоп, мажбурлап жаткан адамдарга карыш кабинага киргенде силерге, бизге окшогон жаш команданы өзү билип туруп тандашы керек. Кабинага киргенде аларды эч ким көрбөйт. Алар өз тандоолорун жасашы керек". "Реформа" жооп: "Форма-2 боюнча айта турган болсок, "кыянаттык менен пайдалануу" деген берене жатат. Бул акчалуу партияларга жылчык болуп калды. Ошол жылчыкты өз пайдасына колдонуп кетишти. Шайлоочуларга терс пикиримди айткым келбейт. Анткени эл кыйналып турат. Элдин абалын пайдаланып, акча менен азгырып, көчүрүп жатышат. Форма-2 боюнча катталгандардын саны жарым миллионго жакындап калыптыр. Мындай эч качан болгон эмес". 00:13 29-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:49

Турсунбек Акун, Парламенттик шайлоодогу мониторинг борборунун жетекчиси: “Чет элден каржыланган уюмдар шектүү изилдөөлөрдү каржылап, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратууда”

NazarNews.kg маалымат агенттиги Парламенттик шайлоодогу мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун менен чет өлкөлөрдүн каржылоосу менен уюштурулган сурамжылоолордун күңгөй-тескейи тууралуу баарлаштык. -Турсунбек агай, парламенттик шайлоону утурлай чет өлкөлөрдүн, Эл аралык институттардын Кыргыз Республикасынын ички ишине кийлигишип жатат деген маалыматтар күч алды. Бул боюнча кандай ойдосуз? - Бул маалыматтын да чындыгы бар. Бул маселе мени да санаркатат. Айтайын дегеним, Жакында USAIDдин колдоосунун аркасы менен Cenfer forInsights in Survey Research Эл аралык республикалык институттун көрсөтмөсү боюнча SIAR Research and Consulting компаниясынын изилдөөсү чыгып, анда алар Парламенттик шайлоонун алдында элдин пикирин сурамжылоону жарыялашты. Ушуга окшогон эле башка изилдөөнү “Общее дело” деген коомдук фонд аркылуу 2 ай мурун заказ бердирип жарыялашкан. Аталган институт тарабынан уюштурулган сурамжылоодо Кыргыз Республикасынын Президентин жана депутаттарын шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамынын 40-статьясы одоно бузулууда. Айтайын дегеним, 40-беренеде беренеде чет өлкөлөр, эл аралык уюмдар, юридикалык жактар тарабынан шайлоо ишин каржылоого жол берилбей тургандыгы айтылат. Аталган институт бул шектүү изилдөөлөрдү каржылап бир жактуу, такталбаган, чындыкка дал келбеген субъективдүү маалыматтарды таратып, элдин шайлоо алдындагы көз карашын бурууга аракет кылды деп эсептейбиз. Анткени, алар ошондой аракети менен коомдук пикирди өзгөртүүгө аракет кылып жатканы ачык байкалып калды. Өкүнүчтүүсү, алар сурамжылоо уюштурумуш болушуп, тымызын Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатышат. Азыр элибизди пандемия каптап, экономикалык абал оор болуп турган чакта абалды курчутуп жиберүүгө түрткү болчу мындай коомдук сурамжылоолорду уюштуруу өтө кылдаттыкты жана аяр мамиле кылууну талап кылат. Мындай учурда сурамжылоолор айрыкча чет өлкөлүк уюмдардын каржылоосу менен өтпөшү керек. -Чет элдик уюмдардын каржылоосу менен уюшулган сурамжылоолор башка максатта уюштурулабы? -Шайлоонун жүрүшүндө мындай коомдук сурамжылоону саясий партиялар түрдүү максатта пайдаланып, өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыктарына жана максаттарына жетүү үчүн колдоно башташат. Алар коомдук пикирди өзүлөрүнө буруу үчүн бардык методдорду жана маалыматтарды пайдаланышат. Чет өлкөлүк уюмдардын каржылоосу менен уюшулган бир жактуу, үстүртөдөн болгон изилдөөлөр мына ушундайларга курал болуп жатат. Бул биринчиси. Экинчиси, сурамжылоого катышкандардын өздөрү менен бетме-бет жолукпастан, сурамжылоону телефондон уюштурушуп жатат. Телефондон алган сурамжылоо менен жыйынтык чыгаруу илимий же башка терең изилдөөлөрдүн категориясына кирбейт жана күмөн туудурат. -Бирок, сиз алардын аракетинен шек санап жаткан эл аралык институттур демократияны өнүктүрүүгө салым кошот деп айтышат го? -Сурамжылоолорду уюштуртуп жаткан Эл аралык республикалык институт Кыргызстандагы демократиялык институттарды өнүктүрүү, адам укугун коргоо, сөз эркиндигин камсыз кылуу, бейөкмөт уюмдарды колдоо багытында көп аракеттерди жасап жатканы чын. Алардын эмгегин билебиз. Бирок, мындай учурда бир жактуу сурамжылоолорду уюштурууда этият мамиле кылышса жакшы болот эле. Анткени, массалык маалымат каражаттарына чыккан ар-кандай маалыматтарга, макалаларга, түрдүү изилдөөлөргө элибиз ишенип, анан ошого жараша жыйынтык чыгарышат. Айрыкча шайлоонун алдында элибиздин саясий активдүүлүгү ого бетер күчөп, ММКга чыккан маалыматтар катуу талкууланып, алар тууралуу коомдук пикир чагылгандай тездик менен түзүлүп турган мезгил. Ошон үчүн коомчулук жана шайлоочулар тарабынан көп колдоо таппаган, элдин арасында көп кадыр-баркка ээ эмес партиялар алдыңкы орундарга жылдырылып, тескерисинче, элдин ишенимине татыган, элдин калың катмарынын колдоосуна ээ партиялар арткы орунга жылдырылганы орунсуз болуп калды. Ошон үчүн жогорудагы аталган сурамжылоолор чындыкка жана реалдуулукка түк дал келбей, шайлоочулардын башын айлантуунун гана амалы болуп жаткансыйт. Чет элдик партиялардын, түрдүү компаниялардын эл аралык уюмдардын көрсөтмөсүнүн жана каржылоосунун негизинде шайлоолордун алдында сурамжылоо жүргүзүүсү алардын көз каранды эмес, эгемен мамлекеттин ички саясий ишине кийлигишүү катары карап, коомдук пикирди башка жакка бурууга карата жасалган аракет деп бааласак болот. Бул кандайдыр бир деңгээлде улуттук коопсуздукка да өзүнүн тескери таасирин тийгизиши толук мүмкүн. Ошондуктан алар сурамжылаган адамдардын пикирин “бүткүл өлкөнүн пикири” деп эсептөөгө болбойт. Биз эл аралык уюмдарды жана башка чет өлкөлөрдү мамлекеттин ички ишине кийлигишпей, өздөрү каалаган коомдук пикирди түзүш Кыргызстандын жарандарынын өз кызыкчылыктарына пайдаланбоосуна чакырабыз. Белгилеп кетүүчү жагдай, мындай изилдөөлөрдү өлкөнүн азыркы иштеп жаткан мыйзамдары менен жүргүзсө болот. Ал эми бул ишке чет элдик каржылоону колдонуу, өлкөнүн мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат. Ошон үчүн бул сурамжылоолордун жокко чыгарышын жана артка чакыртылып алышын талап кылабыз. Ошондой эле бул өтүнүчтү түшүнүү менен кабыл алат деген ишенимибиз зор. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
18 сентября 2020 г. 21:41

Не дают встретиться с избирателями❗️

Не дают встретиться с избирателями❗️ Постоянная слежка со стороны спецслужб❗️❗️❗️

Подробнее
10 сентября 2020 г. 16:05

Замандаш

Бүгүн мамлекеттик каналдын эфиринде саат 20:05 те "Ой ордо" телеберүүсүндө "Замандаш" саясий партиясынын талапкерлери "Келерки шайлоо келечекти өзгөртөбү?", - деген суроого жооп

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:53

Шайлоо-2020: Партиялардын бюллетендеги ордун аныктоо мөөнөтү белгисиз

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги катар номерлерин аныкташ үчүн чүчүкулак кармоо мөөнөтүн кайра өзгөрттү. Комиссиянын басма сөз кызматынын өкүлү Асел Акунова «Азаттык» радиосуна билдиргендей, буга «Бүтүн Кыргызстан» партиясы боюнча соттук териштирүү аягына чыга элек экендиги себеп болду. «Чүчүкулак кармоо маселеси соттун жыйынтыгына жараша чечилет. Күтүп жатабыз», - деди ал. Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын бюллетендеги орду 4-сентябрда аныкталмак. Кийин бул күн 9-сентябрга которулган болчу. Шайлоо бюллетенине жазылчу партиялардын катары чүчүкулак аркылуу аныкталат, алардан тышкары «Баарына каршы» деген графа болот. Боршайком шайлоого талапкер катары 15 саясий партияны каттаган. Шайлоого катышуу укугунан ажыратылган «Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКны сотко берген. Сот жараяны уланууда. Биринчи сот отуруму 7-сентябрда болгон. 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлооо 4-октябрда өтөт. Азаттык

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:53

“Республика” реформаны эмес, мамлекеттик төңкөрүштү убада кылууда!

Популизм деле биротоло Мюнхаузендин баяндарынын бирине окшоп кетпеши керек. КАРАНДАЙ КАЛПТАР Парламенттик шайлоолорго катышкан талапкерлердин ооздоруна баткыча убадаларды берип, апыртуусу жагынан кээде жазуучу фантасттардан да өтүп кетишери мурдатан келаткан көрүнүш. Эгерде көз карандысыздыктан бери депутаттыкка талапкерлер убада кылгандардын жүздөн бири эле ишке ашса, Кыргызстан алда качан эле кой үстүндө торгой жумурткалаган заманда жашап калмак. “Республика” партиясынын 4-сентябрда бет ачарын өткөргөн шайлоо алдындагы программасы фантасттардыкынан өтүп, анархисттердин идеяларына окшошуп кеткендигин ачык айталы. Партиянын лидери Мирлан Жээнчороевдин бет ачардагы сүйлөгөн сөзү ошондой таасир калтырды. “Республика” сөздөрү менен эмес, иштери жана идеялары менен айырмаланат!”, ”Республика”- кардинальных реформалардын партиясы!”, “Биз 2010-жылы 7 пайыздык агрокредиттерди киргизип, 2015- жылы депутаттардын привилегияларын жок кылганбыз!” - дегендей жогорку пафостогу ураандарды жарыялады ал. Эгерде жогоруда айтылгандар жалган болбосо, биз эч нерсе демек эмеспиз. Шайлоо алдындагы дүжүр патетикалардан деп коймокпуз. Бирок, “7 пайыздык агрокредиттерди киргизип, депутаттардын привилегияларын жойдук” деп Өкмөттүн, парламенттин аткаргандарын өздөрүнүкү кылып жатышкандары ыймансыздык. Өзүңүздөр билесиздер, акыркы эки мөөнөттөн бери “Республика” парламентке өткөн 5-6 партиянын бири гана болуп келди. Парламенттин жарымын же көпчүлүгүн түзгөн абалга жетише элек. Мындай шартта башка фракцияларга кошулуп, добуш берип койгондорун деле “биздин партия аткарган” дей берүү карандай калпычылык болуп саналат. “РЕСПУБЛИКА” АНАРХИСТТЕРДИН УРААНДАРЫН ЖАРНАМАЛАП ЖАТАТ Партиянын программасы; президенттик институтту жоюп, министрликтердин санын 7ге, депутаттардын санын 75ке түшүрүп, аймактык-административдик реформаны ишке ашыруу, мамлекеттик аппараттарда иштегендерди, салыкты азайтуу, коррупционерлерди, ууруларды люстрациялоо, УКМК, АКСты, прокуратураны жоюу экен. Бизде эмнегедир мамлекеттик аппараттарда иштегендер аябагандай көп, бюджеттик акчанын көбүн ошолор жеп жатат деген түшүнүк бар. Тагын айтсак, 7 облустагы, 2 облустук деңгээлдеги шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны фискалдык органдарда иштегендерди кошкондо 50 миңге жетпейт. Бул 6,5 миллион калкы бар Кыргызстан үчүн. Бардыгы салыштыруудан билинет. Салыштырып айтсак, калкы 5 миллион, аймагы Бишкектикинен бир аз чоңураак Сингапурда 60 миңден ашык мамлекеттик кызматкер бар. Калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн сапатка кошо оптималдуу сандык көрсөткүч да болуш керек. Бизде көз карандысыздыктан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыскартылып эле келе жатат. Мындан ары да кыскартылса, эл менен ким иштешет, ал өзүнчө маселеге айланышы мүмкүн. Ансыз деле муниципалдык органдарда такай 1 миңге жакын кызматтык орун бош турат. Реалдуу кырдаалды эске албастан популисттик чакырыктарды жасай бергендин зыяндын башка пайдасы жок. Башмыйзамга ылайык, Кыргызстан социалдык өлкө. Адатта социалдык өлкө деп аталгандарда (мас. Скандинавия өлкөлөрү) алык-салыктар 75 пайызга чейин жетет. Ансыз социалдык милдеттенмелерди аткарууга мүмкүн эмес. Ал эми биз Борбордук Азиядагы гана эмес, дүйнөдөгү (нефти, газ өлкөлөрүнөн сырткары) алык-салыктары эң төмөн өлкөлөрдүн катарына киребиз. “Республикачылар” убада кылышкандай, салыктардын көпчүлүк түрлөрү жоюлуп, бир гана түрү калтырылса, бюджеттик негизги тармактар, туризм салыктардан биротоло бошотулса, анда бюджет эмненин эсебинен толтурулат? Киреше кайдан көбөйөт? Алардын ордун курсактары гана эмес, беттери да салаңдап жүргөндөр толтурушабы? Туризм ансыз деле көмүскө экономикадагы тармак. Милдеттүү алык-салыктардын 20дан бири да өндүрүлбөйт. Дээрлик бардыгы көмүскөдө. Өзүңүздөр эсептеңиздер, 2018-2019-жылдары Кыргызстанга 4-5 миллиондон турист келгени жөнүндө отчеттор берилгени менен алардан түшкөн алык-салыктардын көлөмү таптакыр өскөн эмес. Анча туристтерден түшкөн кирешелердин алык-салыктарга тийиштүү бөлүктөрү кайда кетип жатат? Популизм деле биротоло Мюнхаузендин баяндарынын бирине окшоп кетпеши керек. Албетте, ири ишкерлер үчүн алык-салыктардын азайтылганы жакшы. Бирок, алар өз бизнестерин гана ойлой беришпестен элди да эске алышса, ашыкча болмок эмес. Прокуратураны, УКМКны, АКСты жоёбуз дегендери криминалдык элементтердин максаттарына окшош экен. Бизде эки төңкөрүш болду, экөөсүндө тең кримэлементер Башпрокуратураны өрттөп салышты. Абактарда отурган “уркалар”, рецидивисттер да өздөрүнүн эң башкы душманы катары укук коргоо органдарын эсептешет эмеспи. “Республика” партиясынын кожоюну Ө.Бабановго карата 4 кылмыш иши козголсо, бири да аягына чыгарыла элек. Ал “Азия Молл” эс алуучу жайы турган жайды, аны куруу үчүн Кыргыз-Орус славян фондусунан 17 миллион долларды мыйзамсыз алган. Аталган фонддун Уставына ылайык, анын акчасы эс алуучу жайларды курууга берилбейт. Өнөр жай ишканаларын курууга берилсе да үстөгү 12 пайызды түзөт. Ал эми Ө. Бабанов өзүнүн биринчи- вице-премьер-министр болуп тургандыгынан пайдаланып, фонддун Уставын бузуп, 4 пайыздык үстөк менен алган. Эмне үчүн ал андай мыйзамсыз иштери үчүн алиге чейин жооп бербей келатат? Убагында Тажикстанга тынбай контрабандалык күйүүчү майларды жөнөтүп турган ким эле? Люстрацияны так ошол коррупциялык иштерге аралашкан Өмүрбек Бабанов деген адамдын өзүнөн баштоо керек. “Республикачылар” президенттик институтту жоюп, анын укуктарынын баарын премьерминистрге өткөрүп берүүнү, министрликтерди, ведомстволорду үч эсе азайтууну убада кылышыптыр. Же алардын программасы мазмуну жагынан анархисттердин мамлекеттик төңкөрүшүнүн өзү экен. Ө.Бабанов президенттик шайлоодо ишке ашпай калган планын (Оштун Он-Адырында сүйлөгөнү эсиңиздердеби?) парламенттик шайлоодо ишке ашырганы жаткандай көрүнөт. ТӨҢКӨРҮШЧҮЛ ПРОГРАММАНЫН АРТЫНДА БАБАНОВ ТУРАТ “Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев делгени менен анын чыныгы кожоюну - ызы-чуулардан башы арылбаган, бир убакта жакын агасы К.Байболов “эн тамга басканга да таза жери калган эмес” деп айткан Өмүрбек Бабанов деген адам. Анын макулдугу, түрткүсү болмоюнча тигүүчүлөрдүн анабашчысы Мирлан Жээнчороев агабыз программаны жарнама кылмак түгүл бир сөзүн оңдой да албайт. “Акчасын ким төлөсө, музыканы ошол заказ кылат” дегендей, партияны, анын тизмесиндеги ар кыл порумдардагы айымдарды каржылаган ошол. Ал өзүнүн чүргөмөчүлөрү менен жогорудагыдай мазмуну мамлекеттик төңкөрүш жасоого багытталган программа атпайды жазып, алабарман М.Жээнчороевдин колуна карматып койгондугун, эгерде ага нааразылар көбөйүп кетсе, бардыгын тигүүчүлөрдүн анабашчысына шылтай саларын ким деле болсо билип турат. Антип жүзүн жашырган Гүлчөтайдай болбой, Өмүрбек Бабанов өзү эле ачыкка чыкса болмок. Же чыныгы жүзүнүн бир четин эле ачса, өтө эле коркунучтуу болуп көрүнөрүн билип, Гүлчөтайдай жүзүн жашырып жатабы? Анан шайлоого катышып жаткан партия атпайлар убада кылганда этият болушса. Босоголук чектен өткөндөрү деле бир жетим фракцияны түзөт. Көпчүлүк же басымдуу көпчүлүк орунга ээ болгонго “Республиканын” даремети жетпейт, шансы жок. Анан парламентке барышса эле аны башынан аягына чейин ээлеп алып, өтүктөрүн төргө илип коюп, өздөрү каалагандарды жасай бере тургандай ашкере радикалдуу убадаларды бергендин өзү уят. Жетим фракциянын колунан коалицияга кошулса, бир-эки министрди сунуштап, комитеттердин бирине төрагалык кылгандан башка эч нерсе деле келбейт. Кокус, коалицияга кирбей калышса, дүжүр жарамазанчылардан гана болушат. Ошон үчүн “жылкыларына жараша ышкырып, мурундарына жараша бышкырып” эле жүрүшсө дейбиз. “Айдаганы төрт эчки, ышкырыгы таш жарат” деген бечарадай болбоо керек. Ооздун желин, кызыл тилди коё берсе, асманга деле оболоп кете берет, бирок антип ар кимге шылдың болбостон ал-акыбалга, чама-чаркка жараша эле сүйлөп, иштеп жүргөн жакшы. Канча оболосоң деле, 4-октябрдагы жыйынтык желиңди чыгарып, ордуңду көрсөтүп коёт. Автандил БЕЛЕКОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:53

Башкы прокуратура шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөйт

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын, шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жоктор үгүт жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт.Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө: улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды басмырлоого, кастыкка чакырган үгүттөө; же бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарга тыюу салынгандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз.Шайлоочулардын добушун кандай түрдө болбосун сатып алууга тыюу салынат.Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 1-сентябрындагы чечимин аткаруу максатында, Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө менен айрым талапкерлердин же саясий партиялардын кызыкчылыктарын көздөө максатында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин, тең укуктуулукту бузуу менен административдик ресурстарды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна жана алардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусун, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет-булактарына мониторинг жүргүзүп келүүдө.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу мезгилинде 21 жарыя-макала изилденип, ички иштер органдарынын кароосуна жиберилген.Жалпысынан республика боюнча КЖБРге 22 материал катталып, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык караштуулугу боюнча ички иштер органдары тарабынан каралууда.Жалпыга маалымдоо каражаттарына жүргүзүлүп жаткан мониторинг көрсөткөндөй көпчүлүк учурда, шайлоо документтерин бурмалоого (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 195-бер.), административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 87-1-бер.), шайлоочуларды сатып алуу (Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-бер.) жана шайлоочунун акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 42-3-бер.) жөнүндө мыйзам бузуулар көрсөтүлүүдө.Кыргыз Республиканын Башкы прокуратурасы шайлоо процессинин катышуучуларына, прокуратура органдары жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө максатында жана мыйзам бузуучулуктарга жол бергендерди мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрө тургандыгын маалымдайт.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:13

Өлкөбүз үчүн маанилүү күн келе жатат. Ушундай оор кырдаалда, эл үчүн чын жүрөктөн иштеп бере турган уул-кыздар керек.

Өлкөбүз үчүн маанилүү күн келе жатат. Ушундай оор кырдаалда, эл үчүн чын жүрөктөн иштеп бере турган уул-кыздар керек. Соттордогу башаламандыктарды токтотуп, адилеттүүлүктү орноткон, элге иш бере турган, эл үчүн күйгөн, ар бир жаранга тегиз мамиле кылган, сөз эркиндигин туу туткан, чындыкты коркпой бетке айткан, эскирген системаны талкалаш үчүн эрки жана духу күчтүү адамдар керек. БИЗ ДАЯРБЫЗ!

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Сот «Бүтүн Кыргызстандын» шайлоого катышуусуна уруксат берди

Бишкек шаардык административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган чечимге карата жазган арызын канааттандырды. Мындай чечимди бүгүн 9-сентябрда судья Анар Эгембердиева кабыл алды. Аталган партияга мамлекетке 700 сом чегерүү милдеттендирилди. Бишкек шаардык административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясына шайлоого катышууга уруксат берди. Соттун жүйөөсү боюнча, аталган партиянын курултайда жашыруун талапкерлерди көрсөтүү боюнча добуш берүүсүндө мыйзам бузуу катталган жок Бишкек административдик соту 7-сентябрда арызды карап, БШКнын юристтери күбө катары Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев жана Тагай Абдысатаровду чакырууну судьядан суранган. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы буга каршы эместигин билдирип, соттук отурум 9-сентябрга күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен кароо үчүн жылдырылган. Бүгүнкү отурумга БШКнын мүчөсү Атыр Абрахматова жана Тагай Абдысатаров күбө катары катышып, сурак берди. Ал эми дагы бир күбө болуп берүүгө чакырылган Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев сотко келген жок. Сот отуруму учурунда партиянын тарапташтары имараттын сыртына чогулуп, соттун акыйкат чечим чыгаруусун талап кылышты. «Бүтүн Кыргызстандын» тарапташтары чогулду (сүрөт)

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

БАЭде жашаган кыргызстандыктар үчүн эки шайлоо участогу ачылды

Кыргызстанда өтө турчу парламенттик шайлоого байланыштуу Бириккен Араб Эмирлигинде эки шайлоо участкасы ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Дубайдагы Башкы консулдугу билдирет. Учурда Бириккен Араб Эмирлигинде жашап жаткан кыргызстандыктар www.tizme.gov.kg онлайн порталы аркылуу өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип алса болот. «Эгерде издөө учурунда өзүңүздү башка шайлоо тилкесинен тапсаңыз, ушул жылдын 19-сентябрына чейин (арыз берүүнүн акыркы күнү) Башкы консулдукка кайрылып, консулдук каттого туруп (акысыз) жана форма №2 толтуруп кетүүңүздү суранабыз», — деп айтылат маалыматта. Бириккен Араб Эмирлигинде эки шайлоо участкасы ачылган, алар: -Абу-Даби шаарында — Кыргызстандын элчилигинин имаратында жайгашкан, -Дубай шаарында — Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун имаратында. Консулдук каттоого жараша Абу-Даби эмиратында жашаган жарандар элчиликте, ал эми Дубай жана түндүк эмираттарда жашаган жарандар Башкы консулдуктун имаратына келип, шайлоого катышса болот. Шайлоого катышуу үчүн жарандар жогоруда белгиленген шайлоо участокторунда катталып, консулдук жана биометрикалык каттоосу болушу зарыл.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:54

Шайлоо-2020: Партиялардын бюллетендеги ордун аныктоо мөөнөтү белгисиз

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги катар номерлерин аныкташ үчүн чүчүкулак кармоо мөөнөтүн кайра өзгөрттү. Комиссиянын басма сөз кызматынын өкүлү Асел Акунова «Азаттык» радиосуна билдиргендей, буга «Бүтүн Кыргызстан» партиясы боюнча соттук териштирүү аягына чыга элек экендиги себеп болду. «Чүчүкулак кармоо маселеси соттун жыйынтыгына жараша чечилет. Күтүп жатабыз», – деди ал. Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын бюллетендеги орду 4-сентябрда аныкталмак. Кийин бул күн 9-сентябрга которулган болчу. Шайлоо бюллетенине жазылчу партиялардын катары чүчүкулак аркылуу аныкталат, алардан тышкары «Баарына каршы» деген графа болот. Боршайком шайлоого талапкер катары 15 саясий партияны каттаган. Шайлоого катышуу укугунан ажыратылган «Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКны сотко берген. Сот жараяны уланууда. Биринчи сот отуруму 7-сентябрда болгон. 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлооо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 21:30

Кыргызстанда 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет.

Кыргызстанда 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет. Кыргыз элинин салттуу музыкасын комузсуз элестетүү кыйын. Баардыгыңыздарды бүгүнкү Комуз күнүңүздөр менен куттуктайбыз! Урматтоо менен, "Замандаш" саясий партиясы

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники