О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
10 сентября 2020 г. 0:42

Мирлан Амантуров: Жакшы жолдор, мыкты инфраструктура — биздин жүзүбүз

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер, Мирлан Амантуров Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Оттук айылынын тургуну. Негизги максаттарынын бири — учурда 20-40 жыл мурун курулган жолдор капиталдык оңдоп-түзөөнү же түп тамыры менен жаңылоо. — Мирлан марзы, парламенттик шайлоого болгон кадамыңыз илгери болсун, келечектеги пландарга токтололу. — Мамлекеттин ичиндеги жалпы кыймыл аракетти камсыз кылган экономиканын кан тамыры болгон жолдор өлкөнун өнүгүүсүнүн негизги инструменттеринин бири. Анткени жолдордун ыңгайлуулугу экспорт, импорт, транзиттик каттамдардын көбөйүшүн шарттайт. Жакшы жолдор, мыкты инфраструктура — биздин жүзүбүз, мамлекеттин баалуу ресурсу. Тилеке каршы, учурдагы жолдордун абалы Кыргызстандаы чоң көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Бүгүн жолдорду жаңылоо мезгил талабы. Күн сайын жол тыгыны, авариялык абал жана башка ыңгайсыз жагдайга туш болобуз. Өлкөдө 6 миллион калк жашаса, катталган автоунаалардын саны миллиондон ашат. Бул автоунаа жолдорунда маселе оор экенинен кабар берет. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча учурда 96,6% жүк ташуучу унаалар, 98% жеңил унаалар жол менен камсыз болгон. Ошол эле учурда 20-40 жыл мурун курулган жолдор капиталдык оңдоп-түзөөнү же түп тамыры менен жаңылоону талап кылат. — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын депутаттыкка талапкер катары кайсы программаны сунуштайсыз? — Мен, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын депутаттыкка талапкери катары Кыргызстандын жолдорун өнүктүрүүнүн улуттук программасын сунуштайм. Анын ичинде Ысык-Көл областынын Балыкчы-Бөкөнбай-Каракол шаарына чейинки аралыкка 224 чарчы метрди түзгөн 6 тилкелүү жол куруу планы сунушталат. Бөлүүчү тосмо жана туристтерди кызыктыра турган веложолдун болушу абдан маанилүү. Мирлан Амантуров. Бул Кыргызстандагы жана Орто Азиядагы эң узун веложол болмокчу. Бул веложолго 1 миллион турист келсе, биздин өлкөбүзгө 500 млн доллар киреше алып келет. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 184 миллион доллардан ашык каражат талап кылынат. Курулуш учурунда жол иштери менен алектенген жергиликтүү чон компанияларды ишке тартууну талап кылышыбыз керек. Анткени: Биринчиден, бул кошумча жумуш орундары жана өлкөнүн казынасына миллиард сомдон ашык салык кирешесин алып келет. Экинчиден, чет элдик адистер курган жолдордун сапаты деле жергиликтүү ишканалардан мыкты болбой турганын практика көрсөттү жана жергиликтүү калк дагы иш орундары менен камсыздалат. Албетте, куруучуларды тандоодо компаниянын тажрыйбасы жана иштин натыйжасы негизги критерий болушу керек. Жол курууда эң башкысы — бул сапат, куруу убактысы жана реалдуу баа. —Чоң рахмат, тилегиңиз ишке ашсын. «Мекеним Кыргызстан» партиясы — ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:42

Ибрагим Жунусов: Мигранттарды кайтаруу үчүн жумуш орундарды көбөйтүү зарыл

— Саламатсызбы Ибрагим мырза, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасында эмгек мигранттарын өлкөгө кайтаруу маселеси көтөрүлдүбү? — «Мекеним Кыргызстан» партиясы эмгек мигранттарын мекенине кайтарууну көздөйт. Учурда Орусия менен кошуна Казакстанда эле миллиондон ашуун мекендештерибиз иштейт. Аларды мекенине кайтаруу үчүн албетте маянасы жакшы жумуш орундарын түзүү зарыл. Аталган партиянын шайлоо алдындагы программасында дал ушул маселени чечүү жолдору да каралган. Кыргызстанда акыркы 10-15 жылдан бери жумуш издеп сыртка агылгандардын агымы күч. Өлкөдө жумуш жоктугунан, болсо да айлык акысы аздыгынан улам жыл сайын жүздөгөн адамдар, негизинен жумушка жарамдуу жарандарыбыз бактысын башка өлкөлөрдөн издеп кетүүдө. Ибрагим Жунусов. «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер, буга чейин Түркия менен Өзбекстанда элчилик кызматтарда иштеп келдим. Эң башкысы миграция маселесинде алгач мигранттардын келечегин ойлоо зарыл. Алсак, мигранттардын киреше салыгы мамлекеттин казынасына келип түшө турган долбоор иштеп чыгып, кошуна мамлекеттер менен келишим түзүү керек. Ошондо гана кыргыз мигранттары келечекте татыктуу пенсия ала алат. Мындай келишим буга чейин Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн. Эске сала кетсек, «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоо алдындагы программасында мигранттардын маселесин көтөргөн. Мекендин кадыры алыстан билинет — Активдүү эмгек миграция акыркы он жылдыкта постсоветтик аймакта трендге айланды. Бул биринчи кезекте мигрант өз мекенинин социалдык-экономикалык абалына байланыштуу татыктуу айлык төлөгөн жумуш таппай жатканынан келип чыкты. Кыргызстан болсо негизинен Орусия менен Казакстанга жумуш күчүн жиберчү өлкөгө айланып калды. Мамлекет эмгек мигранттарынын агымынын өсүшүн өлкөнүн нормалдуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары карашы зарыл. Ибрагим Жунусов. «Мекеним Кыргызстан» өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзгөн жаңы стратегия зарыл деп эсептейт. Жаңы стратегия эмгек мигранттарын коргоо жана ар тараптуу колдоонун так механизмдерин аныкташы керек. Аны иштеп чыгуу үчүн мигранттар коомчулугунун жана ушул багытта тажрыйбасы бар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумуш тобун түзүү зарыл. Ошол эле учурда биз башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мигранттар жана мекендештер үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт: 1 Чет өлкөлөрдө таанылган диаспора лидерлерине ардактуу консул макамын ыйгаруу; 2 Башка өлкө жарандыгын алган мекендештерибизге Кыргызстанда өз жарандары менен бирдей, тоскоолдуксуз экономикалык ишмердик жүргүзүү укугун берген атайын карта — «Мекен Карт» берүү; 3 Мекенинде бизнес ачууну каалаган мекендештерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алуу жол-жоболорун жеңилдетип берүү; 4 Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарына эмгек мигранттарынын — мекендештердин укуктарын коргоо маселесин киргизүү. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:42

«Мекеним Кыргызстан» партиясы курамына мыктыларды топтоду

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы биринчилерден болуп тизмесин түзүп, жарыялады. • «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан бардыгы болуп 200 талапкер катталды. • Орточо жаш курагы 40-45 жаш. • Алардын ичинен 31и улуттук азчылыктын өкүлдөрү. • Төртөө (4) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан. Талапкерлердин арасында учурдагы парламенттин бир нече депутаты бар, бирок бул саясий жүрүштө жаңы жүздөргө басым жасады. Алсак, коррупция жаатындагы иликтөөлөрү менен белгилүү болгон журналист Элнура Алканова, юрист жана илимдин доктору Канатбек Азиз, көрүнүктүү ишкер Кылыч Исамамбетов өңдүү мыктылар алдыңкы катарда турат. Ал эми айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча Мирлан Бакиров, Эрлист Акунбеков сыяктуу талапкерлер бар. Мирлан Бакиров дыйкандарды колдоо үчүн бир нече мыйзам долбоорлорун ийгиликтүү иштеп чыкса, Эрлист Акунбеков айыл чарбага байланыштуу маселелерди айттырбай билет. Ал ийгиликтүү иштеп жаткан фермерлик бизнести көп жылдардан бери жетектеп келет. Сугат жана талааларды кайрадан иштетүү боюнча жаңы системаларды киргизип, ал натыйжалуулугун көргөзүүдө. Акунбеков жети агро-лабораториянын жана фермерлерди колдоо боюнча фонддун негиздөөчүсү. Экономика жаатын Марлен Маматалиев сыяктуу жаш бизнесмендер, ийгиликтүү ишкер жана Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Раимкулов, ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча конкреттүү пландарды түзүп, жакынкы аралыкта Нарын дарыясына курууну ниет кылган Абас уулу Кубанычбек өңдүү тажрыйбалуу адистер көзөмөлдөйт. Социалдык жактан өнүгүү жана саламаттыкты сактоо тармагы боюнча Бишкектин экс-вице-мэри Татьяна Кузнецова, саламаттыкты сактоо жана фармацевтика жаатында тажрыйбасы мол Гүлмира Шакирова бара жатат. Мамлекетти башкарууну реформалоо боюнча тажрыйбалуу юристтер жана саясатчылар — юрист Татьяна Карыжинская, юридика илиминин доктору Эрлан Базарбаев жана учурдагы парламенттин депутаты Искендер Матраимов иш жүргүзмөкчү. Мигранттарыбызды колдоо боюнча маселелерде миграция боюнча министрликтерде жетекчилик кылган, Орусиядагы жана Казакстандагы мекендештерибиздин арасында белгилүү инсан Бакытбек Адылов жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси, көп жылдар бою Маданият жана туризм министрлигин жетектеген Ибрагим Жунусов иш жүргүзмөкчү. Партиябызда сергек жашоо образынын концепциясын алга сүрөй турган спортчулар бар. Жеңил атлетика боюнча чемпион Дарья Маслова, кикбокс боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын жеңичүүсү Улукбек Абдулазимов жана белгилүү футболчу Канатбек Маматов, ошондой эле кикбокс боюнча Дүйнөнүн чемпиону Шайлообек Атазов бар. Бул спортчулар өз карьерасында көптөгөн ийгиликтерди багынтты, эми элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөнү ниет кылууда. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жарк эткен мүчөлөрүнүн бири Толкунбек Исаков. Бала чагында оорунун айынан көзү такыр көрбөй калган, буга карабастан өзүн профессионал спортчу катары калыптандырып, азыркы убакта майыптардын укугун коргоо боюнча комитеттин төрагасы кызматын аркалайт. Партиянын тизмесинде парламенттин мурунку спикери Ахматбек Келдибеков да бар. Бул кызматта отурган убакта башкы мыйзам чыгаруу органы эч кимге көз каранды болбой, элдин жашоо шартын жакшыртуу багытындагы натыйжалуу мыйзам долбоорлору кабыл алынган. Ошондой эле «Мекеним Кыргызстан» партиясынын курамында жетекчилик кызматта отуруп бюджеттин өсүшүнө жана бюджеттин эсебинен айлык алуучулардын айлыгын көтөрүүгө чоң салымын кошкон мыкты башкаруучулар да бар. Муниципалдык кызматта Бакытбек Дюшембиев, Жапар Ормонов жана Мирлан Амантуровдун тажрыйбасы чоң. «Мекеним Кыргызстан» партиясы — ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 16:03

Биздин талапкер Ахрор Иминовду кыздуу болушу менен куттуктайбыз!

Биздин талапкер Ахрор Иминовду кыздуу болушу менен куттуктайбыз! ______________ Поздравляем нашего кандидата Ахрора Иминова с рождением дочери!

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:43

Ошто №5556 шайлоо участогунан журналистти кууп чыгышты

Жусупбек Кошмат уулу. Сүрөт: Кошмат уулунун фейсбук баракчасынан алынды Ош шаарында «5-каналдын» кабарчысы жана оператору Жусупбек Кошмат уулу 8-сентябрда №5556 шайлоо участогунан камерага тартканга уруксат бербей кууп чыгышты. Кошмат уулу фейсбукта жарыялаган тасмадан белгисиз киши аны «бар чык» деп айтканын көрүүгө болот. «Эмне үчүн кооптуу жайдай шайлоого болгон даярдыкты чагылдырууга тоскоолдук кылышат? Тиешелүү кызматкерлердин аракетинен эмнени түшүнсө болот? Же алар жаап жашыра турган былык иштери барбы?» — деп суроо салган Кошмат уулу. Тасмадагы эки аял шайлоо участогу азырынча даяр эместигин айтып, башка участокту тартууну айтышкан. Бир аздан кийин спорт кийимчен эркек киши журналисттерди сыртка чыгууну талап кылган. Ошондой эле ал өзүн тааныштыруудан баш тарткан. «Мен эмнеге өзүмдү тааныштырышым керек? Сен “5-каналдын” оператору болсоң мен 6-каналдын оператору болом. Эмне болду?» — деген спорт кийимчен киши. Ошол эле учурда аталган шайлоо участогундагы кызматкерлердин бири оператордун аты-жөнүн сурап, аларга жазып калууга буйрук келгенин айткан. Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев «Клоопко» аталган тасма тууралуу кабары жок экендигин билдирди. «Учурда жаңы участкаларын түзүп жатабыз. Ушул жумуштарым бүткөндө, кечирээк видеотасманы көрүп чыгып анан жооп берем», — деди Арынбаев. Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндөгү мыйзамдын «Журналисттин укуктары» тууралуу беренеде журналисттин маалымат чогултууга, талдоого жана жайылтууга укугу бар экенидиги жазылган. Ошондой эле, журналист мамлекеттик органдардан, жарандардын өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан коомдук маанилүү маалыматты суратууга жана алууга укуктуу. Пандемияда өтө турчу парламенттик шайлоо Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган. БШК шайлоо учурунда коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн бардык санитардык талаптар сакталаарын бир нече жолу билдирген. Бийликтин күзүндө парламенттик шайлоо өткөрүү чечими коомдун нааразылыгын жараткан. Көптөгөндөр шайлоого бөлүнгөн акчаларды коронавирус менен күрөшүү үчүн врачтарга дары-дармек, жеке коргонуу каражаттарын жана меджабдыктарды алып берүүгө жумшоо керек деген оюн айтышкан. Активисттер, айрым партиялар жана депутаттар шайлоону башка убакытка жылдууну да сунуштап чыгышкан. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» курган мегинде шайлоо жылдырылбасын айткан . Шайлоого даярдануу жана аны өткөрүүгө байланыштуу чыгымдардын бардыгы мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт. Алгач шайлоону өткөрүүгө 732 млн сом бөлүп берүү пландалган эле. Бирок БШК кийинчерээк «шайлоону өткөрүү үчүн чыгымдар оптимизацияланып», чыгымдарды 446 млн 900 миң сомго чейин азайтылганын билдирген. БШК санитардык-эпидемиологиялык талаптарды камсыздоо үчүн 60 млн сом бөлүнөөрүн билдирген .

Подробнее
10 сентября 2020 г. 12:58

Беш алдык!

Беш алдык!

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:51

Сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырды (видео)

Бишкектин административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева сот чечими менен тааныштырды. «"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылсын. БШКнын чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылсын». «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы боюнча сот чечими 9-сентябрда, саат 19:48де чыгарылды. Партиянын лидери Адахан Мадумаров судьяга жана сот имаратынын сыртында адилеттикти талап кылып турган тарапкерлерине ыраазычылык билдирди. Бишкектин административдик сотунда бүгүн, 9-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы доо арызы каралды. Соттук жараянга партияны шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу Боршайкомдун жумушчу тобунун чечимине каршы добуш берген БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев чакыртылган. Бул өтүнүчтү 7-сентябрда «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлдөрү берип, судья аны канааттандырган. Жараян жүрүп жаткан убакта партиянын тарапкерлери имараттын сыртына чогулуп, соттон калыстык талап кылышты. БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» өз талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат. (TSh/ZKo)

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:03

БШК "Бүтүн Кыргызстандын" шайлоого катышуусуна уруксат берди, сот болбойт

Эми "Бүтүн Кыргызстан" добуш бере турган бюллетенге кире турган 16-партия болуп калды. БШК Жогорку сотко арызданбайт.БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы боюнча Административдик соттун чечимине нааразылыгын билдирип Жогорку сотко кайрылбайт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Жогорку сот "Кыргызстан" партиясынын пайдасына чечим чыгарды Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясын каттоодон баш тарткан. Буга партиянын курултайда түзгөн талапкерлердин тизмеси менен БШКга жиберген тизме дал келбей турганын жүйө келтирген. Мындан сырткары, талапкерлерди көрсөтүү үчүн добуш берүүдө эреже бузуулар катталганын айткан. Буга макул болбогон "Бүтүн Кыргызстан" партиясы БШКнын чечимин жокко чыгарууну суранып сотко кайрылган. Бүгүн, 9-сентябрда, Бишкек шаарынын административдик соту партиянын доо арызын карап, шайлоого катышууга уруксат берди. Эми "Бүтүн Кыргызстан" добуш бере турган бюллетенге кире турган 16-партия болуп калды. БШК Жогорку сотко арызданбайт.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:51

Тоталитаризмдин идеологиялык жоокери бул режимге каршы чыкканда

Кыргызстандын соңку тарыхын анын инсандарынын ишмердигин таразалоо аркылуу жеңилирээк аңдайбыз. Уламышка калган парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов тууралуу бир-эки ооз сөз. СССРдеги сталинизмди ашкерелеген Никита Хрущев, Кытайды базар экономикасына, дүйнөгө ачылууга багыттаган Дэн Сяопин –– тоталитардык режимдердин ичинен эле суурулуп чыгышкан жана өз режимин жумшартып-реформалоо үчүн зор салым кошо алышкан. Биз да советтик Кыргызстандын эң соңку учурларындагы, “Кайра куруулар” доорундагы бабаларыбыздын ар биринин ишмердигин кылдат иликтөөгө тийишпиз. Бизде да тоталитаризмдин камчысын чабууга милдеттүү болгон кызматта отуруп, бирок анын талуу жерлерине көзү каныгып, удулу келгенде ал системага каршы чыккан нечендеген даңазалуу инсандар болду. Ошондой инсандардын бараандуусу –– Медеткан Шеримкулов агай болду десем жаңылышпайм. Алгачкы кездешүүм 1989-жылы май айы... Жаш тарыхчылар Кыргызстанда өз уюмубузду түзөлү деп жаткан кезде, ошол мезгилде Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин идеология боюнча катчысы болгон Медеткан агай мени чакырып, “бул уюмду түзбөй эле койбойсуңарбы, жок дегенде күзгө чейин күтпөйсүңөрбү?” деп айтып, айнытууга аракет кылганы эсе. Ошол кезде ушул агайдан жаман көргөн кишим жок болду десем болот. Биз жумурияттын комсомол жаштарынын “Ленинчил жаш” аттуу кыргызча гезитине “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын уюштуруу жыйыны 1989-жылы 3-июнда болот” деп чакан жарыяны бердик да, ал жарыя гезит аркылуу элге дайын болгон соң, “бул жарыядагы мөөнөттү кыйшаюусуз аткарабыз” деп көжөлүп туруп алдык. Бул уюштуруу жыйынын эски борбордук аянттагы Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин жыйын залында өткөрдүк (бул уюмдун Маскөөдө жүргөн төрагасы Чыңгыз Айтматов уруксат берди, анын оң колу, акын Асан Жакшылыков ал түгүл синхрондук котормолору бар жабдууларды да бекер сунуштады; мурда жаза жүргөнүбүздөй, жыйынга бийликтер тоскоол түзбөсүн үчүн анын сый коногу катары кыргыз айдыңдарынын патриархы Түгөлбай Сыдыкбековду чакырдык, ал Кытайдан конокко келген даңазалуу манасчы Жусуп Мамай атабызды да өзү менен кошо ээрчитип келди). Кыргызстан КП БКнын башка оюндарын айтып отурбайын. Эң башкысы –– бул тымызын эрөөлдө жаш тарыхчылар жеңип чыккан. Бир аздан кийин “Ашар” уюму расмий түзүлгөн, ага удаа башка да өкмөттүк эмес көз карандысыз уюмдар негизделе берген. М.Шеримкулов агай "Кайра куруулар" доорунун соңку учурундагы Кыргызстандын Илимдер академиясынын жалпы отурумуна катышканын эскерет. Ал кездеги жаш илимпоз жана демократтардын бири Алмазбек Акматалиев Балтика боюндагы өзгөрүүлөр тууралуу сурап, "ошондой бейрасмий уюмдардын Кыргызстанда уюштурулушуна кандайча карайсыз?" -- деп сурап калат. "Мен ошондо ага терс карай турганымды, бизде андай нерселер орун албай турганы жөнүндө оюмду айтканымда, отурумга катышып жаткан эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун бир ийини солк эте түштү. Аксакалга сөзүм жакпай калды, туура эмес айтып алдым окшойт", -- деген ой дароо мээме кылт этти", -- деп М.Шеримкулов биз менен маегинде күлүп эскергени бар. Ошол 1989-жыл жана 1990-жылдын башы –– Медеткан агайдын далай чачын агартса керек. Себеби, бир чети, ал КПССтин ажырагыс бөлүгү болгон Кыргызстан Компартиясынын идеолог катчысы катары жаңы агымдарга каршы турууга тийиш болду; ошол эле маалда, ал өзү да горбачевдук “Кайра куруулар” доорунун реформалык агымынын таасири астында өзүн өзү реформатор катары кайра курушу керек болду. Дасыккан куракта... Медеткан Шеримкулов 1939-жылы 17-ноябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Жыламыш айылында (совет доорунда ал “Чапаев айылы” болуп жүрдү) туулган, 1967-жылы КМУнун (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетин кызыл диплом менен аяктаган, андан соң МГУнун философия факультетинде күндүзгү аспирантурада окуган. Ал "Мамлекеттик машинанын кыйрашы - социалисттик ыңкылаптын жалпы мыйзам ченемдүүлүгү" ("Слом государственной машины -- общая закономерность социалистической революции") деген темадагы кандидаттык диссертациясын марксизм-ленинизм методологиясына негизденип жазган (илимий жетекчиси - армян тектүү профессор Владимир Тигранович Калтакчян эле). 1972-жылы диссертациясын МГУда жактап, философия илимдеринин кандидаты наамын алган. 1989-жылы Медеткан агай 50 жаштын кырында, саясий ишмер катары күлгүн кезинде, тоо томкорчу учурунда эле. Бул доордо, демек, ал демократтарды, бейрасмий уюмдарды түзгөн "бейбаштарды" ичтен үйрөнүү жана аларга чечкиндүү каршы туруу үчүн КПССтин жетекчилиги ички каналдары аркылуу кеңири тарката алган тонналаган антисоветтик адабиятты деле, анын ичинде тымызын окулушу керек болгон антисоветтик чыгармаларды деле окуса керек деп ойлойм. Батыштагы бир катар антикоммунист ойчулдардын чыгармалары биздей карапайым окурман кишилерге жетпеген менен, орусча которулуп, "ички колдонуу үчүн" делген шарт менен ошол доордогу идеолог жетекчилерге дайын кылынып турган эмеспи. “Кайра куруулар” доору, 1988-жылдагы кош тилдүүлүк үчүн күрөш, 1989-жылдагы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын долбоорун ийисине жеткирүү, сталинизм доорунда жазыксыз жерден репрессияга учураган бир катар тарыхый инсандарды кайрадан актоо жүрүмү –– ушулардын бардыгы Кыргызстан Компартиясынын идеолог катчысы Медеткан Шеримкуловдун көз алдында эле эмес, түздөн-түз катышуусу астында жүрүп жатты. Компартия гана эмес, анын Кыргызстандагы идеологу да бара-бара жаңы агымга жеңилип, баш ийип жатты... Бул, албетте, бир өңүттөн карагандагы ой. Экинчи өңүт –– Медеткан Шеримкуловдун айдыңдык дилгирлиги, улам жаңы нерсени кабыл алууга даярдыгы, анын өзүнүн КПССтин эскичил агымынан реформачыл агымына өтүүгө жеке инсандык батылдыгы менен байланыштуу. Ошентип, СССРдеги жана Кыргызстандагы коом акырындап Медеткан Шеримкуловдун да көз караштарын өзгөртө берди. Ал социалисттик Куба менен ГДРде гана эмес, капиталисттик Италияда да болгон, бул саякаттар ага дүйнөнү өз алдынча салыштырып кароого кошумча азык берген. 1990-жылдын 25-26-майындагы КДКнын уюштурулушунун идеясына ал деле оболу караманча каршы каршы болду го деп ойлойм. КДКны уюштурган жигердүүлөрдүн бири, ыраматылык Токтобай Мүлкүбатов 24-май күнү аны менен жолугуп, бул блок баары бир түзүлө тургандыгын айткан экен. 25-майда эртең менен КДКнын уюштуруу жыйынына Бишкекте имарат табылбай кала жаздаганда, анда жыйынды ачык асман алдында деле өткөрөбүз деп бийликке сес кылган учурлар эсте... М.Шеримкуловдун айтымында, КДКнын уюштуруу жыйыны болбой калса чоң чатак чыгаарын сезип, Кыргыз мамлекеттик драма театрынын имаратын берүү тууралуу буйрукту ошол кездеги театр директору А.Керимбаевге өзү берген; ал оппозициялык жыйын үзгүлтүккө учурабасын үчүн өзү да ага катышып, сөз сүйлөгөнүн эскерет. М.Шеримкуловдун сөзүн КДКчылар жөн гана угушту, ал эми А.Масалиевдин чакыруусу менен Маскөөдөн келген СССР эл депутаты А.Акаев демократиялык блокту түзүүгө каршы маанайда сүйлөй баштаганда, зал кол чаап, айрымдары ышкырып, нааразылык билдирген болчу. Ошол 1990-жылдагы саясий окуялар тездик менен өнүктү. Ош окуясынан соң, Ошто эле эмес, Бишкекте да убактылуу коменданттык саат киргизилди. КДКнын 1990-жылдагы октябрда саясий ачкачылык өнөктүгүнүн кырдаалында Жогорку Кеңеште өткөн туңгуч президенттик шайлоо кызуу атаандаштык шартында жүргүзүлүп, ал кездеги Медеткан Шеримкуловдун жетекчиси –– Абсамат Масалиев (Кыргызстан КП БКнын Биринчи катчысы, бир эле учурда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы) шайлоодо өтпөй калды да, жаңы талапкерлер сунушталган акыркы айлампада академик Аскар Акаев президент болуп шайланды (ошол кездеги СССР эл депутаты болгон кыргызстандыктардын ичинен ал кыйла либерал көрүнгөн). Легендарлуу парламенттин спикери Айтылуу баатыр чабаныбыз Таштанбек Акматов “Кайра куруулардын” соңку учурларында бир аз убакытка Кыргызстан Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы болгон (мамлекеттик тил тууралуу тагдыр чечээр мыйзам анын төрагалыгы маалында кабыл алынган), ал эми жаңы конституциялык өзгөрүүлөргө ылайык, ушул эле кызмат “Кыргызстан Жогорку Кеңешинин төрагасы” деп аталып калып, аны 1990-жылдын 10-апрелинен 10-декабрына чейин Абсамат Масалиев аркалады. Ал эми ошол жылдын 10-декабрынан тартып бул кызматка Медеткан Шеримкулов шайланган. Ошол күндөн тартып ал даңазалуу (“легендарлуу”) парламенттин спикери болуп калды да, совет доорундагы акыркы чакырылыштагы бул Жогорку Кеңеш акаевдик режим тарабынан 1994-жылы күзүндө мыйзамсыз таркатылганга чейин парламентти татыктуу жетектеди. Кайсы бир деңгээлде өзү каршы турууга тийиш болгон демократиялык өзгөрүүлөр М.Шеримкуловго жумурияттагы эң башкы үч кызматтын бирин жетектөөгө – спикерликке жол ачып берди десек болот. Бирок ал өзү да, 1988–90-жылдардын ичинде, жаңы өзгөрүүлөргө үндөш кесипкөй жана байистүү реформачы саясатчы катары өсүп чыкты. Даана айтканда, ал өзү да коомдон четте калбай, инсан катары өзүн реформалоого жетишти. Барскан менен дөшүнүн ортосунда 1990-жылдын 15-декабрында Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жумурияттын эгемендиги (“суверендүүлүгү”) тууралуу тарыхый декларацияны кабыл алып, жумурият аталышынан “советтик” жана “социалистттик” сөздөрүн (Борбордук Азияда биринчи болуп!) алып салганда, бул кадамга шаттангандардын бири –– мурдагы коммунисттик идеолог, салыштырмалуу эгеменчил Медеткан Шеримкулов болуп чыкты. Анын өзү да, албетте, спикер катары, бул декларациянын долбоорун даярдоого катышкан. Салыштырмалуу атаган себебим, кийинки маектеринде деле ал 1991-жылдын башында СССРден чыгып кетүү тууралуу ою болбогондугун, бирок СССРди реформалоо аркылуу тең ата өлкөлөрдүн ынтымагын түзүүнү жактагандыгын айтып келет. Ал 1991-жылдын март айындагы референдумда Кыргызстандын калкынын 90 пайыздан ашууну реформаланган СССРди жактаган деген ойду баса айтып келет. Бирок 1995-жылдагы президенттик шайлоодо М.Шеримкуловдун тарапкерлеринин добушу акаевчилердин таламын талашкан БШК тарабынан кандайча уурдалып кетсе, демократтардын добуштары деле Кыргызстандагы референдум маалында КГБнын көзөмөлү астында одоно уурдалгандыгын эске алуу абзелдир. Медеткан агайдын 1991-жылы “Өмүр көчү” жүрүшүнүн башталышына арналган коомдук жыйындарда КДКнын лидерлеринин жанында трибунада туруп сүйлөгөн жалындуу сөздөрү, 1991-жылы ГКЧП кутуму башталган күнү Кыргызстандын жетекчилигинин ичинен биринчи болуп ГКЧПга каршы саясий билдирүү жасагандыгы тарыхта жазылып калды. Ошол маалда КТРдын (азыркы КТРКнын) сыналгы жаңылыктары кечкурун обого чыгаар эле. КТРдын ал кездеги жетекчиси, КДКчы журналист Сатыбалды Жээнбеков 19-августта түш ченде эле спикер М.Шеримкуловдун ГКЧПга каршы расмий кайрылуусун үналгы (радио) аркылуу калайыкка жар салып маалымдатты. Ал кездеги Кыргызстандын КГБсынын жетекчиси, генерал Жумабек Асанкулов КТРдын үналгы программасындагы ушул билдирүүдөн кийин спикер М.Шеримкуловго коркутуп-үркүтүп телефон чалган эле. Анысын М.Шеримкулов Сатыбалды Жээнбековго айтса, ал мындайча тамашалаган экен: “Абактагы темир тордун ары жагында өзүңүз каласыз, тордун бери жагынан биз тамак киргизип турабыз да!” Бул да символдук көрүнүш. Ошол окуядан эки жыл мурда эле М.Шеримкуловдун саясий туруму Ж.Асанкуловдукунан дээрлик кем калышчу эмес да. Ошентип, М.Шеримкулов парламент спикери катары эскичил жана кремлчил “кементайды” чечкиндүү жана тайманбастан таштагандыгын азыр баса белгилөө абзел. Эгерде ГКЧП кутумдук айкашынын натыйжасында эскичил коммунисттер жеңип чыгышкан болсо жана СССР кайрадан тоталитардык системага кайткан болсо, анда М.Шеримкулов абакка, саясий сүргүнгө кетиши же атылышы деле ажеп эмес болчу. Ж.Асанкулов бекеринен ага сес көрсөткөн эмес. Албетте, эгерде М.Шеримкулов эч бир демилгеси жок, Кремлди гана караган, узак жылдар бою эт менен челдин ортосунда жүрө бергиси келген, өзүмчүл жана мажүрөө саясатчы болуп калса (бир нече ондогон жылдар бою советтик парламенттин "тишсиз" жетекчиси болгон инсандарыбыз белгилүү), анда анын өзү эгеменчилер кыймылынын олуттуу жоосу, эскичил Кремлдин кезектеги желдеттеринин бири болмок. Бул жаатты баса белгилеп, М.Шеримкулов агайдын мамлекеттик ишмер катары эволюциясы СССРдин мамлекеттик ишмери, б.а. партократ макамынан эгемен Кыргызстандын мамлекеттик ишмери макамына көчүүсү өзүнүн керт-башын тобокелге салуусу менен да, атуулдук эрки менен да, айдыңдык даярдыгы менен да байланыштуу болгонун айта алабыз. Азыр жазганга оңой, бирок ГКЧПга каршы алгачкы күнү эле батыл кайрылуусу жана башка эгеменчил кадамдары М.Шеримкулов балка менен дөшүнүн ортосунда туруп өзү үчүн кабыл алган чечим, чынында да, жалпы улутубуздун тагдыры үчүн олуттуу кадам болгонун калыс баалашыбыз керек. Көз карандысыздыкты жана жемкорлукка каршы күрөштү колдоо 1991-жылдын 30-августунда спикер М.Шеримкулов “Ата Бейит” көрүстөнүнүн расмий ачылышында болду жана жалындуу сөз менен чыгып сүйлөдү. 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жумуриятты көз каранды эмес мамлекет катары жарыялаган тарыхый декларацияны тастыктаган кол –– Медеткан Шеримкуловдун колу болду. Анын колу коюлган парламенттик маанилүү документтердин арасында улуттук герб, улуттук желек, улуттук гимн ж.б. тууралуу мыйзамдар, пост-советтик туңгуч Башмыйзам болду. 1992-жылы 2-июлда легендарлуу парламент кабыл алган "Басма сөз жөнүндө" мыйзам КМШ боюнча өзгөчө либерал документ болуп, Кыргызстандагы басма сөз эркиндигинин кепилдиги болуп калды. Кыргызстанда "Азаттык" үналгысынын берүүлөрү орто толкунда жана ультра-кыска толкунда эркин чыга баштады. Спикер М.Шеримкулов да эркин басылмалар жана маалымат каражаттары үчүн ар дайым ачык болгондугу эсте. Спикердин медиа тармагын тейлеген бөлүмдөрүндө Эсенбай Нурушев, Надыр Момунов сыяктуу таанымал журналисттер (кийинки "Азаттыкчылар") иштешкен. Тоолуу Карабак жаатындагы Азербайжан менен Армениянын жаңжалын тынч нукка бурууда Кыргызстандын парламенти данакерлик иш-аракет жасады. Анда да М.Шеримкуловдун жеке салымы болду. Бул парламенттик чакырылышта күлкүлүү окуялар да орун албай койгон эмес. Ошол кездеги депутат жана жергиликтүү төбөл болгондордун бири кайсы бир маселе боюнча спикер М.Шеримкуловго кайрылып: "Бул маселени добушка салдырып жатасыз. Сиз бизди алдап кетпейсизби?" -- деп сураганда, жыйын залы кыраан каткыга толгон. "Добушту өзүңүз эркиңиз менен берип жатсаңыз, анан мен кимди алдамак элем", -- деп Медеткан агай күлгөнү да эсте. Даңазалуу парламент жемкорлукка каршы күрөш баштагандыгы, Жогорку Кеңеште атайын “алтын комиссиясы” түзүлгөндүгү маалым. Жемкорлукка каршы күрөш маалында бир ирет Кыргыз өкмөтүнүн курамы да жаңыртылган. Менимче, Аскар Акаевдин алгачкы президенттик жылдарында анын авторитардык ыкмага тез арада ооп кетишине жол койбогон негизги фактор –– легендарлуу Жогорку Кеңеш болду. Өзгөчө анын Көзөмөлдөө палатасы аткаруу бийлигинин былыктарын ээн-эркин чубай алган курал болгон (бул жаатта мурдагы депутат, экономист-илимпоз, профессор Кубанычбек Идиновдун эмгектери жарык көргөн). Албетте, парламенттин бул Көзөмөлдөө палатасынын ишмердигинен да, өзүнө теңата спикерден да президент А.Акаев 1994-жылга карата таптакыр жадап бүтсө керек. Анын үстүнө, 1994-жылдын күзүндө парламент Кум-Төр алтын кенин өздөштүрүү долбоору боюнча президент А.Акаевдин иш-аракетин өзгөчө катаал таразадан өткөрүүгө беленденип жаткан. Жогорку Кеңешти ичтен иритиш үчүн, албетте, президент А.Акаев бир эле учурда аткаруу бийлигинин бутактарында иштеп, депутаттык мандаттарды ала жүргөн “кол бала” төбөлдөрдү ийкемдүү пайдаланды. Алар атайылап Жогорку Кеңештин отурумуна бойкот кылып, кворумга жеткирбестен, бул тарыхый парламентти жок кылуучулардын “тактекесине” айланышты. Бир гана белгилечү нерсе –– 1994-жылы күзүндө парламентти сактап калуу күрөшүндө жеңилүү ызасын тартканына карабастан, М.Шеримкулов легендарлуу парламенттин төрагасы катары жүзү жарык кала берди. Тасма. Медеткан Шеримкулов Абдыкадыр Орозбеков тууралуу. 01.11.2019. Көп түстүү сүрөткө татыган инсан... Биз Медеткан Шеримкуловдун спикерликтен кийинки мезгилдеги көп тарамдуу ишмердиги, президенттикке атаандаш талапкер болгондугу, элчилик кызматтарда иштеши, парламент тууралуу докторлук диссертациясын Алматыда ийгиликтүү жактагандыгы, 2000- жана 2005-жылдары депутаттыкка талапкер катары катталуусу маалындагы укуктарынын бузулушу жана башкалар жөнүндө бул жолу кеңири сөз кылып отурбайбыз. Кийинки учурларда да ал кадырман аксакал катары коомдук жыйындарга жигердүү катышып, айрым саясий абактагылардын тагдыры жана таламдары тууралуу калыс сөздөрүн айтып, ошондой эле, эгемен Кыргызстандын саясат таануу илимине да үзүрдүү салым кошуп келет. Медеткан Шеримкулов агайдын ишмердиги жана инсандык бейнеси тууралуу ар тараптуу изилдөөлөр жүргүзүлөт деп ишенем. Калыс сөз да айтылаар, бир беткей мактоо же каралоо, сындоо учурлары да болуп калышы ажеп эмес. Ошондой ар кыл көз караштардын көп түстүү кубулжуган чөйрөсүнөн чыныгы сүрөт шекилдене берет эмеспи. Бир өңүт ар дайым унутта калбас –– Медеткан Шеримкулов агай тоталитардык системадан парламенттик демократияга карай жолду чапкандардын алдыңкы сабында көрүнгөн айдың жана коомдук ишмер катары өзүн далилдей алды. Эми ал бийликтен кеткен ардагер саясатчы кандай болушу керектигин да өз өрнөгү менен айгинелетүүдө.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:51

Шайлоо-2020: Партиялардын бюллетендеги ордун аныктоо мөөнөтү белгисиз

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги катар номерлерин аныкташ үчүн чүчүкулак кармоо мөөнөтүн кайра өзгөрттү. Комиссиянын басма сөз кызматынын өкүлү Асел Акунова «Азаттык» радиосуна билдиргендей, буга «Бүтүн Кыргызстан» партиясы боюнча соттук териштирүү аягына чыга элек экендиги себеп болду. «Чүчүкулак кармоо маселеси соттун жыйынтыгына жараша чечилет. Күтүп жатабыз», - деди ал. Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын бюллетендеги орду 4-сентябрда аныкталмак. Кийин бул күн 9-сентябрга которулган болчу. Шайлоо бюллетенине жазылчу партиялардын катары чүчүкулак аркылуу аныкталат, алардан тышкары «Баарына каршы» деген графа болот. Боршайком шайлоого талапкер катары 15 саясий партияны каттаган. Шайлоого катышуу укугунан ажыратылган «Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКны сотко берген. Сот жараяны уланууда. Биринчи сот отуруму 7-сентябрда болгон. 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлооо 4-октябрда өтөт. (RK)

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:51

Күлкү жана сын жараткан ураандар

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялар өз программаларын жана ураандарын четинен жарыялай башташты. Убадалар медиа каражаттарында жана жолугушууларда жаңырып, баннерлерде берилди. Бирок ошол эле кезде шайлоочулар арасында айрым убада жана чакырыктар сынга кабылды. Кайталанма, чындыктан алыс жана карама-каршы ураандар да күлкү болду. Ураандар парады Ошентип жыл башынан бери «Үйдө бол!» деген чакырык менен келе жаткан кыргызстандыктар шайлоо алдында жаңы ураандардын кучагында калды. Шайлоочулар азырынча партиялардын программаларын окуп чыгып, талдоого толук үлгүрө элек. Бирок кыска жарнамалар менен баннерлерден ураандарын жана чакырыктарды көрүп, ой-пикирлерин бөлүшө башташты. Анын ичинде биринчи кезекте «Бир Бол» партиясынын «Даярбыз!» деген, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын «Ооба», «Кыргызстан» партиясынын «Кеттик» деген ураандары талкууга түштү. Шайлоочулардын көбү талапкерлер «эмнеге даяр экенин, же эмнеге макул экенин биле албай жатышты. Албетте, партиялар өзгөрүүгө «даяр» экенин, өз программаларына «ооба» дегенин же «шайлоого кеттик» дегенин айтышты. Бирок тема баары бир шакабага түрткү болуп, коллажга айланды. Буга байланыштуу маселен, бир шайлоочу, «Фейсбук» колдонуучу Санрабия Кубанычбекова мындайча тамаша суроо койду: «Беш жылда силер даяр болбогондо Пушкин даяр болмок беле? «Даярбыз» деп дагы беш жыл жатпай, баштагыла. Өзү эмнеге даярсыңар?». «Бир Бол» партиясы мындан сырткары «Билимим - азык, билегим - казык!», «Бир Бол бир эл - бир күч!», «Биз өзгөртөбүз» деген сыяктуу ураандар менен чыкты. «Мекеним Кыргызстан» андан ары «Бир өлкө – бир салык!» «Депутаттардын санын эки эсе азайтабыз!» деген чакырыктарды таштады. Ал эми «Кыргызстан» партиясынын «Чиновниктердин санын жана текшерүүлөрдү кескин кыскартабыз», «Балага сүйүнчүнү 50 миң сомго жеткиребиз», «Жылына эки млн. турист алып келебиз», «Биздин мигрант - биздин инвестор», «Салыктарды максималдуу кыскартабыз» дегендери да коомчулукта талкуу болду. Мындагы бир карама-каршы жагдай «Салык аз жыйналса, сүйүнчү пулга кайдан акча табылат?» деген суроо болду. Көпчүлүк аталган партия мындай убадаларды мурдагы шайлоодо да бергенин белгилеп, ага күмөнсүнүү менен карап жатат. Жарандык активист жана туризм боюнча адис Максат Чакиев кепке кошулду. «"Туристтерди эки миллионго жеткиребиз" дегенин түшүнө алган жокмун. Анткени бизде өзү жылына 3-4 миллиондун тегерегинде, Көчмөндөр оюндары болгондо беш миллионго чейин жетчү. Бул эмне, туристтерди кайра азайтканы жатышабы? Бул партиянын жөлөкпул жөнүндө айтканы, мигранттарды инвестор деп айтканы боюнча да суроолор көп. Сыртта бир миллиондой мигрант жүрсө, ошонун 1% гана инвестор дегенге жооп бербесе, калгандары жанын, үй-бүлөсүң араң багып жүрөт. Баары айлыкка иштейт. Ошондуктан бул ураанды талдоого алыштын деле кереги жок, куру ураандар. Менимче булар парламентте олтуруп түшүндү, «бизге эл ишенбейт, программаларды, ураандарды деле карабайт» дешти, анан апыртып айтышты. Ал эми добушту башка жол менен алууну көздөп жатышат», - деди ал. Айтылгандарды ким аткарат? «Биримдик» партиясы болсо элдик «Күч бирдикте» сөзүн өзүнө ыңгайлаштырып, «Күч биримдикте» деп пайдаланды. Партия «Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу», «Социалдык мамлекет куруу», «Айлык акыны, пенсияны, жөлөкпулду жогорулатуу», «Мугалимдердин жана дарыгерлердин кадырлуу ордун калыбына келтирүү» деген чакырыктарды да таштады. Бирок ошентсе да биринчи кезекте «Евразиялык тандоо», «Евразиялык интеграция», «Евразиялык социализм» деген сөздөргө басым жасады. Ал тургай башкы урааны катары «Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү» деп алып чыкты. Ушундан улам да партияны айрымдар Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ), тагыраагы анын башында турган Орусияга жагалдануу аракети катары кабылдагандар болду. Журналист Мирбек Айтикеев буга мындай баа берди: «Кыргызстанда парламенттин 4-5-6-чакырылыштагы депутаттары партиялык система менен куралды. Бирок ушул аралыкта партиялардын бири да элдин купулуна толуп, иштеп берген жок. Өзгөчө алтынчы чакырылыштагы депутаттарга нааразылык көп болду. Буга биринчи кезекте элге берген убадаларын аткарбаганы себеп болду. Эми кайра эле парламентке аттанып, ар кандай ураандарды айтып, убадаларды берип жатышат. Жаңы партия дегендердин арасында деле ошол эле депутаттар баратат да. Ошол эле «Биримдик» партиясы «Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү» деп чыгыптыр. Ооба, географиялык жактан алганда Кыргызстан Евразиянын ортосунда жайгашышы мүмкүн, бирок биз ЕАЭБдин алкагында эмнеге жетише алдык? Беш-он жылдан кийин кандай болобуз деген программабыз барбы? Бул ураанды өздөрүн эл аралык масштабдагы партия катары көрсөтүш үчүн айтып жатышат. Бирок бул жыйынтык чыга турган ураан эмес, бул партия өлкөнү ЕАЭБдин алкагында чыныгы өз алдынча кылууга жеткире албайт». «Республика» партиясы «Президент институту жок болот!», «Болгону 75 депутат болот!», «16 эмес, 7 гана министр!», «УКМКны жоёбуз!» «Насыялар 5-6% чейин болот» деген девиз менен чыкты. Насыя демекчи, бул партия мурда да ушундай эле убадаларды айтып келген, бирок банктарга кайрылган ишкерлерде бул жагынан кубануу байкалбайт. «Айтылгандарды аткарчу болочок өкмөт жок» Биригүүлөрдөн кийин «Жаңы дем!» толкуну менен чыккан «Ата Мекен» партиясы башкы ураанын «Бийиктиктерди багынтабыз!» деп атады. Бул партия саясий системаны өзгөртөрүнө, коррупция менен катуу күрөшөрүнө, чек ара маселесин чечерине, экономикада, билим берүүдө жана саламаттык сактоодо жаңылыктарды киргизерине ишендиргиси келет. «Реформа» партиясы болсо «Реформа керек», «Кыргызстан – жеңүүчүлөрдүн, билимдүүлөрдүн мекени», «Коррупцияны кескин жоюу жана люстрация», «Мамлекеттик органдарды кыскартуу», «Ар бир аймакка өзүнчө бюджет» деген демилге койду. Бул партия да президенттик кызматты жоюуга, соттук-укуктук реформа жүргүзүүгө жана парламенттин түзүмүн өзгөртүүгө убада берүүдө. «Келечекти өзгөртөбүз!», «Келечекти бирге куралы», «Биз биргебиз!» деген ураандарды карманган «Замандаш» партиясы мигранттарга байланыштуу жумуштарды көп айтып жатат. Партия Орусияны башкы стратегиялык өнөктөш катары да сунуш кылууда. Негизинен чек араны бекемдөө, саламаттык сактоону чыңдоо, экономиканы жакшыртуу, турак жай менен камсыз кылуу, мыйзам үстөмдүгү, сөз эркиндиги сыяктуу идеяларды да бардык эле партиялар кошушкан. Бирок адистер партиялар куру убада айтканы менен аны ким жана кантип аткарат деген суроого жооп бербей жатышканын белгилешет. «Кыргызстан – Түркия» достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул мындай дейт: «Эч бир партияда Жогорку Кеңешке кирүүдөн башка, депутаттык креслодон башка дымактуу пландар жок өңдөнөт. Эч бири «өкмөттү биз түзөбүз, премьер-министрибиз бул болот, вицебиз бул болот» дей албай жатат. Премьер менен вице-премьердин депутаттыгы сакталат дегенден кийин эл өкүлү болуп келгендердин ичинен чыга турган болсо келечек өкмөт легитимдүүрөөк болуп, дагы жакшы иш алып бараары айдан ачык. Бирок партиялардан үн жок. Парламентке бара тургандар өкмөттү парламент түзө турганын билишеби же президенттин оозун карап отурганы барышабы? Өнүккөн өлкөлөрдө партиялар «шайлоодо утуп чыксак, бул өкмөт болот» деп айтып, анан кийин ошого жоопкерчилик артат. Ал эми биздин эл өкүлүнө талапкерлер да «парламентке бара көрөбүз» дейби, билбейм, эч бири «шайлана турган болсом ушул комитетте иш алып барам» дебейт. Баары эле өткөн тарых таржымалдарын айтып, эмнеге, кайда, кантип иш кылганы баратканын айтышпайт. Айтылган сөздөр, чакырылган ураандар «тоголок» бойдон. Майдалап айткысы жок өңдөнөт, же эл түшүнбөйт дешеби, же башка конкуренттери уурдап алышат дешеби, түшүнүксүз. «Кыйратабыз, жыргатабыз» дей бербей, кантип кыйратып, жыргатаарын майда чайнап айтып беришсе да жакшы болбойт беле. Реалдуу нерселер айтылбады». «Чоң Казат» партиясы «Коррупцияга каршы согуш жарыялайбыз!» десе, «Социал-демократтар» мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин 2009-жылкы президенттик шайлоого катышкан учурундагы «Бириксек колдон келет!» деген ураанын кайра көтөрдү. «Ордо», «Мекен Ынтымагы», «Ыйман Нуру», «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» жана «Мекенчил» партияларынын ураандары азырынча эл оозуна көп алына элек. Саясий пиар боюнча адис Азим Азимовдун оюн угалы. «Адатта саясий партиялар ураандарын бир канча этап менен чыгарат, - деди ал. - Башында айрым сөздөрүн коёт, үгүттүн экинчи толкунунда дагы бирдемелерди айтат, үчүнчү толкунунда дагы жаңы сөздөрдү айтышат. Азыр үгүт жаңы эле башталды, ошого айрым ураандар партиялардын маанайын билдирген экспозициялык гана мүнөзгө ээ. Ошондуктан программалардын көбү эми жарыяланат. Башка жагдай - айрым партиялар беш-он жыл мурдагы ураандарын, программаларын кайрадан айтып жатышат. Аны ар бир партия штабдарда талкуулады да, балким алар «муну аткардык, муну аткара албай калдык, дагы убада кылсак болот» деп, кайра эле ошол идеяларды көтөрүп чыгышкандыр. «Эми шайлап берсеңер, сөзсүз түрдө соңуна чыгарабыз» дегендей болуп жатат. Бул убадаларын ушунча жыл ичинде аткарбаса, аларга дагы ишенсе болобу-болбойбу? Алар аткарбаса деле эле аларды шайлай береби, же шайлабай коёбу? Бул стратегияны биз шайлоонун жыйынтыгы менен биле алабыз». Борбордук шайлоо комиссиясы 15 саясий партияга шайлоого катышууга укук берди. Партиялардын талапкерлеринин тизмеси мамлекеттик «Эркин Тоо» гезитинин атайын санына жарыялады. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:51

Бийликтин билеги шайлоодо көрүнүүдө

«Мамлекеттик органдар шайлоодо бийликчил партиялардын пайдасына административдик ресурс колдонууда, добуш сатып алуу боюнча мыйзамсыз аракеттерди тизгиндеген жан жок» деген коомчулукта нааразылык көбөйүүдө. Өкмөт шайлоонун мыйзамдуулугуна жетиштүү көзөмөл кылып жатабы? Эреже бузган аткаминерлер же шайлоочулар жоопкерчиликке тартылдыбы? «Арай көз чарай» талкуусуна юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу Абдисатар Досбаев катышты. «Азаттык»: - Абдисатар мырза, өлкөнүн жогорку жетекчилери шайлоонун калыс өтүшүн талап кылууда. Ошол эле учурда «аймактарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү административдик ресурс колдонуп, бийликчил партиялардын пайдасына иштеп жатышат» деген пикирлер көп. Ушундай көрүнүштөр барбы, болсо алар кандай формада болуп жатат? Абдисатар Досбаев: - Бизде шайлоо учурунда бийлик ресурстарын колдонуу адатка эле айланып калгандай. Бийликке келем деген партиялар көп болгону менен аларга нааразы шайлоочулар да ошончо көп. Партиялар элге барганда анча-мынча жылуу кеп укпаса, аларды жактырып жаткан электорат өтө аз. Алардын нааразылыгы - баягы эле эски адамдар, анча-мынча жаңырган жүздөрдү карасак көпчүлүгү баягы эле белгилүү адамдардын небере-чөбөрөсү экендиги илинип атат. Ошондой шартта бийлик өз ресурстарын иштетип жатканы да чындык. Мисалы, менин бир таанышымды мамлекеттик мекеменин жетекчиси чакырып, «5-октябрга чейин «баланча» партиянын штабына барып иштеп бериңиз, ал учурдагы айлык акыңыз сакталат» деп административдик ресурсун колдонгонуна күбө болдум. Ушундай шарт менен бийликчил партиялардын штабдарында иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлер жетиштүү. «Азаттык»: - Чолпонкул агай, «шайлоого кийлигишип жаткан аткаминерлердин жоопкерчилиги мыйзам боюнча күчөтүлгөн» деп айтылганына карабай эмне үчүн мындай көрүнүштөр уланып жатат, же жаза жеңилби? Чолпонкул Арабаев: - Кыргыз тарыхында биздин эл адат-салттык жана шарият укуктары менен жашап келген. Тилекке каршы, кыргыз мамлекети XXI кылымда жашап, кагаз жүзүндө мыйзамдуу системаларды, мамлекеттик башкаруу формаларын түзгөнү менен, иш жүзүндө «адаттар» менен жашап, алар турмушубузда басымдуулук кылып жатканы өкүндүрөт. Кыргыздар «үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» деп бекеринен айтпаган чыгар. Бизде мыйзамдык чаралар анча-мынча күчөтүлгөнү чын. 2020-жылдын 1-январынан баштап Жазык кодексине, Жазык-процессуладык кодекске шайлоого байланыштуу беш жаңы берене киргизилген. Ал мыйзамдардын талаптарын жөнөкөй шайлоочулар эмес, мамлекеттик кызматкерлер да билбеши мүмкүн. Ал эми мыйзам эрежелерин окуган саясий партиялардын жетекчилери билип туруп билмексенге салып, маани бербей жатканы өкүндүрөт. Шайлоодогу үгүт иштеринин башталганына аз убакыт болгонуна карабай эл арасында мыйзамсыздыкка нааразы болгондор көбөйүүдө. Жогоруда айтылган мыйзамдардагы талаптарды элге жеткирүү, түшүндүрүү боюнча өкмөт жетиштүү иш алып барган жок. Бул багытта укук коргоо органдары да иш алып барышы керек эле. Шайлоочулардын добуштарды сатып алууга, сатууга болгон аракеттеринин баары – кылмыш. Кылмыш философиясында «уурдап алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн жерде уурулук пайда болот» деген аныктама бар. Биздеги жаңы күчүнө кирген мыйзамдардагы талаптар шайлоого катышып жаткан партиялар үчүн эч нерсеге арзыбайт. Айыпты төлөп коюп, мыйзамсыз ишин уланта бериши мүмкүн. Ашып кетсе 14 миң сом айып байлар үчүн акча эмес. Юридика илиминде мыйзамды бузбаш үчүн жазалар да натыйжа бербегени аныкталган. Иштин эң натыйжалуу жолу – кабыл алынган мыйзамдарды коомчулукка кеңири жеткирүү, түшүндүрүү иштерин колго алууда болчу. Ошондо мыйзамсыздык аз болмок. «Азаттык»: - Абдисатар мырза, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу максатында №2 форманы толтуруу жана башка аракеттер жөнүндө маалыматтар айтылат. Ал ким аркылуу, кандай ишке ашууда? Абдисатар Досбаев: - Экинчи форманы толтуруу биз тарапта деле жүрүп жатат. «Баланча жерге барып добуш бересиң» деп алдап кол койдуруп, акчасын берип жаткандар болуп жатат. Айылдан шаарга, шаардан айылга каттатып жаткан партиялар бар экендиги айтылууда. Эл арасында добуштар үчүн бир миңден үч миң сомго чейин берип жатканы жөнүндө угуп жатам. Айрым партиялар ар кандай курулуштарды каржылып, жолдорду оңдой баштаганын билип жатабыз. «Азаттык»: - Чолпонкул агай, шайлоочунун добушун сатып алууга аракет кылгандар менен добушун сатып жаткан адамдын жоопкерчилиги мыйзамда кандай каралган? Чолпонкул Арабаев: - Мыйзамда добуш сатууга барган менен добушун сатып жаткандын – экөөнүн тең аракети тең кылмыш болуп саналат. Жогорку Кеңеш – Кыргызстандагы бийликтин эң жогорку жери. Ал жерде коомдун алдыңкы өкүлдөрү, үлгү боло ала турган, коомду ээрчите ала турган адамдар отуруш керек. Ошондой жогорку деңгээлдеги адамдар келсе мыкты, прогрессивдүү мыйзамдар жазыларын ар бир шайлоочу терең сезиши керек. Учурда партиялар жарыялап жаткан ураандарды, убадаларды аткарыш үчүн татыктуу парламентти шайлай билишибиз керек. Укуктук философияда «чабалдар гана кылмыш кылышат» деп айтылат. Демек, добуштарды сатып алам дегендерди Кыргызстандагы чабал адамдар деп билишибиз керек...

Подробнее
10 сентября 2020 г. 0:51

Сыдыкбаев: Жетинчи чакырылыштан үмүт аз

Кыргызстанда парламентаризм түшүнүгү өнүкпөй, саясатчылар аны түшүнбөй эле бийликке умтулуп атышат. Ушул өңүттө талдоочу, саясат илимдеринин кандидаты, доцент Чолпонбек Сыдыкбаев “Азаттыкка” ой бөлүштү. - Сиздин баамыңызда парламентаризм идеологиясын 4-октябрдагы шайлоого аттанган партиялар канчалык терең түшүнөт? - Түпкүлүгүндө, партиялык система аймакчылдык, уруучулук, жердешчилик сыяктуу көйгөйлөргө чекит коюп, оңолуу жолун баштайт деп, 2010-жылы парламентаризмге астейдил багыт алганбыз. Анын үстүнө парламентаризм кыргыздардын курултай системасына жакын болчу. Жакшы жагын алып кетсе, максатка жетмекпиз. Тилекке каршы, партиялар классикалык партия талаптарына жооп бербейт. Бизде партиялар корпоративдик, кландык уюмдун саясий формасы болгондуктан, парламентаризмди жамандап, “бизге можаритардык система керек” дегендер бар. Чындыгында андай эмес болчу. Бул системаны жакшы жолго коюп алсак, маселе жаралмак эмес. Буга адегенде партия лидерлери жана саясий маданият күнөөлүү. - Жогорку Кеңештин депутаттары парламентаризмди канчалык бекемдей алышты? - Парламентаризмге салым кошууга аракет кылган депутаттар саналуу эле. Көпчүлүгү тескерисинче, ашмалтайын чыгарууга салым кошушту. Идеология менен кетишибиз керек, бирок биздеги партиялардын биринде да идеология жок болуп калды. Саясатчылар бир партиядан экинчисине секире беришет. Айрымдар шайлоого старт берилгенде бир партияда, шайлоо жарыяланганда экинчисинде, башталганда үчүнчүсүндө болуп атпайбы. Ушул жагдай партиялык системадан, парламентаризмден элдин көңүлүн калтырууда. - Бул проблеманын негизги факторлоруна токтоло аласызбы? - Бизде цивилизациялуу эмес, жапайы капитализм күч алган убак. Саясатчылардын, лидерлердин саясий маданияты оңолбой атса, элдики кайдан оңолот? Саясатчылар идея үчүн башын саюуга тийиш. А бизде кандай? Идеология деп жүргөн саясатчылар жеңишке көзү жетпей калса эле партиясын алмаштырып кетип калат. Идея сөз жүзүндө кала берет, аягына чейин турушпайт. Социалисттик партия либерал-демократиялык партия унчукпай эле биригип кетпедиби. Классикалык парламентаризмдин түпкү маңызын билгендер деле бар. Билип туруп да ар кандай кадамга баргандар болуп жатышы – өкүнүчтүү. - Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын өкүлдөрү дарегине көп сын айтылган депутаттар катары тарыхка кирди. Алдыда кезектеги парламенттик шайлоо. Партиялардын тизмесиндеги талапкерлер менен таанышып чыктыңызбы? Жетинчи чакырылыштын сапатын кандай божомолдойсуз? - Тизмелер менен тааныштым. Тилекке каршы, жетинчи чакырылыштагы парламенттин сапаты да канааттандырарлык болбойт. Тизменин алдыңкы катарында ишкерлер, көпөстөр, кримчөйрөнүн өкүлдөрү... Борбордук шайлоо комиссиясы өз функциясын аткарып жатканы менен, талапкерлердин таржымалы алар депутат болуп келгенден кийин ачыкка чыгат. Бул адат болуп калбадыбы. Андыктан, прогрессивдүү парламент болоруна ишеним аз. - Парламентаризмди түптөөдө жарандык коомдун ролу кандай болушу керек? - Кыргызстандын жарандык коому коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу активдүү, бирок саны аз. Көп реформа жасашты деп Армениядагы, Грузиядагы өзгөрүүлөргө суктанабыз. Бирок ал мамлекеттерде коом - моноулуттуу жана монодиндүү. Бизде болсо диний көз караштар ар кыл, аймактык ажырым байкалат, саясий маданиятты айырмачылык ар кандай. Андан тышкары улутка тиешелүү факторлор бар, мунун баары реформанын ишке ашышына терс таасирин тийгизет. Мыйзамдарыбыз жакшы, бирок аткарылышы начар.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:03

"Республика" партиясынан депутаттыкка аттанган талапкерлер. Тизме

"Республика" саясий партиясынан тизмеге 166 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады. "Республика" саясий партиясынан тизмеге 166 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз. Жеенчороев Мирлан Канатбекович, 1980, ЖК депутаты; Жылкыбаев Узарбек Казиевич, 1974, жумушсуз; Арипов Назарали Турдалиевич, 1970, жумушсуз; Өмүрбекова Алтынай Сейтбековна, 1973, жумушсуз; Жунус уулу Алтынбек, 1981, ЖК депутаты; Бокоев Кенжебек Сатымкулович, 1967, Жогорку Кеңеш, депутат; Абдраимов Туйгунаалы Дүйшөналиевич, 1958, “Кайнар” ЖАКы, директорлор кеңешинин төрагасы; Молдобаева Гүлнара Аскарбековна, 1971, “Бишкек курулуш” ишканасы, директордун орун басары; Бердиев Аккулу Тагаевич, 1966, “Север-Югойл” ЖЧКсы, директор; Таалайбек уулу Чыңгыз, 1980, жумушсуз; Казакбаев Руслан Айтбаевич, 1967, ЖК депутаты; Лурова Лейла Хияновна, 1968, LBS MILK Production ЖЧКсы, директор; Сабиров Максат Эсенович, 1967, ЖК депутаты; Карыбеков Арзыбек Кенжекулович, 1959, жумушсуз; Карашев Аалы Азимович, 1968, ЖК депутаты; Кулинова Лола Абдурахмановна, 1978, "Новый Проект" радио "Волна-ИК" ЖЧКсы, директор; Нусувалиев Орозбек Токталиевич, 1959, жеке ишкер; Калматов Токторали Калдарович, 1976, жумушсуз; Коёналиев Жоошбек Кармышович, 1964, жумушсуз; Курманалиева Койсун Аблабековна, 1962, жумушсуз; Турсункулов Кутман Нурланович, 1991, Жогорку Кеңеш, консультант; Баймуратов Калдарбек Шакирович, 1958, ЖК депутаты; Жолдошалиев Эркин Жолдошалиевич, 1982, жумушсуз; Саяк кызы Элзат, 1981, жумушсуз; Кожобеков Жолдошбек Асанович, 1986, "Инженер Строй Сервис" ЖЧКсы, директор; Алымбаев Алайбек Анаркулович, 1980, Жогорку Кеңеш, эксперт; Мидин уулу Канатбек, 1990, жумушсуз; Каламбекова Бактыгүл Рысбаевна, 1961, жумушсуз; Сарылдык уулу Илгиз, 1994, "Тянь-Шань Форель" ЖЧКсы, башкы директор; Алымкулов Темир Карыпбекович, 1972, "Электротехника" ЖАКы, башкы директор; Болотканов Кубатбек Болотканович, 1975, "Альянс Алтын" ЖЧКсы, профсоюздук комитеттин төрагасы; Ивакова Аида Иманакуновна, 1978, ТРК “НТС”, башкы директордун орун басары; Акматбеков Манас Сулкарнаевич, 1968, “Фрунзе газ” ЖЧКсы, фермердик чарбанын директору; Мукеев Уланбек Шабырбекович, 1978, жумушсуз; Шатманов Канатбек Асылбекович, 1970, жумушсуз; Собурова Жылдыз Канчырбековна, 1975, Жогорку Кеңеш, эксперт; Баетов Аяз Батыркулович, 1984, Кыргызстандагы Эл аралык университети, кафедра башчысы; Бактыбаев Рыскул Гыламидинович, 1964, адвокат; Исанов Алмаз Насирдинович, 1974, Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институтунун директору; Урумкалиева Чынара Чалагызовна, 1973, Жогорку Кеңеш, эксперт; Кудайберген уулу Тилекмат, 1986, жумушсуз; Таалайбек уулу Жоомарт, 1983, Сары-Булак айыл аймагы, айылдык кеңештин башчысы; Тынысов Урматбек Аалканович, 1969, Акназаров айыл аймагынын башчысы; Шейшекеева Гүлнара Санташевна, 1967, “Центр права” коомдук фонду, директор; Иманалиев Чолпонбек Муратбекович, 1985, жумушсуз; Исаков Жумадыл Ырысбаевич, 1960, жумушсуз; Дамир уулу Максатбек, 1985, жумушсуз; Кынадбекова Нургул Кынадбековна, 1990, Жогорку Кеңеш, ага консультант; Исаков Эсенгул Байдалиевич, 1955, "Кадастр" мамлекеттик мекемеси, башкы адис; Карабаев Самат Эшполотович, 1990, Ош шаары, Ломоносов атындагы №3 орто мектептин мугалими; Жакыпов Алмаз Назармаматович, 1985, Өзгөн райондук адвокатурасы, адвокаттын жардамчысы; Нурматова Анара Шакарбековна, 1977, “Лайн-Стиль” кыргыз-өзбек биргелешкен ЖЧКсы, директор; Калыков Мийзамидин Абдырахманович, 1969, Бишкек шаардык кеңеши, депутат; Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич, 1994, Джиу-джитсу улуттук федерациясы, президент; Толкумбаева Атыркүл Бердугуловна, 1962, жумушсуз; Таалайбек уулу Анарбек, 1993, райондук суу чарба башкармалыгы, I категориядагы инженер; Чертанов Эркинбек Канжарбекович, 1993, жумушсуз; Аскербек уулу Автандил, 1978, жумушсуз; Эралиева Мира Сулаймановна, 1979, жумушсуз; Энназаров Мирлан Арзыкулович, 1966, жумушсуз; Мамбетов Джамаке Джанышович, 1959, "Эрбак" ЖЧКсы, төрага; Ульмасов Анвар Абдуталипович, 1961, жумушсуз; Рысбаева Жамал Рысбаевна, 1979, жумушсуз; Нематжонов Расулжон Ахматжонович, 1984, жумушсуз; Алтымышев Тынчтыкбек Жусупбекович, 1983, жумушсуз.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 1:03

"Мекенчил" саясий партиясынан шайлоого кимдер аттанды? Тизме

"Мекенчил" партиясынын тизмесине 136 талапкер кирген. Алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады. "Мекенчил" партиясынын тизмесине 136 талапкер кирген. Алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз. Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич, 1968, ЖК депутаты; Джапаров Сабыр Нуркожоевич, 1964, "Шахта Жыргалаң" ААКсынын башкы директорунун орун басары; Кумаров Болоткан Советбекович, 1963, "Десерт" ЖАКсында юридикалык маселелер боюнча кеңешчи; Джолдошова Жылдызкан Айтибаевна, 1960, "Датка Корпорэйшн" ЖЧКсынын башкы директору; Сыргабаев Абсаттар Токтогулович, 1976, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы; Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович, 1958, "Нур Строй Монтаж" ЖЧКсынын башкы директору; Зулушев Курманкул Токторалыевич, 1970, ЖК депутаты; Самат Гульнара-Клара, 1963, ЖК депутаты; Тагаев Русланбек Таштанбекович, 1977, "Суу-Башаты" ЖЧКсынын директору; Сабиров Равшанбек Азатович, 1970, Кыргызстан элдер ассамблеясы кеңешинин төрагасынын орун басары; Аманбаев Бактыбек Абдилашимович, 1969, КРдин мурдагы акыйкатчысы; Бурканова Клара Оморбековна, 1969, "ГК Ала-Тоо" ЖЧКсынын негиздөөчүсү; Артыкбаев Айбек Мухтарович, 1975, "Мундуз-Строй" ЖЧКсынын башкы директору; Ормоков Эрнисбек Абдижалилович, 1981, шаардык кеңештин депутаты; Токторбаев Жеңишбек Шермаматович, 1968, "Шермухамед" ЖЧКсынын аткаруучу директору; Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна, 1969, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуучу; Джунушбаев Алмаз Карыбаевич, 1966, жеке ишкер; Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич, 1976, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты; Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович, 1960, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жалпы хирургия кафедрасынын жетекчиси; Жээнбекова Гүлназ Камытовна, 1970, жеке ишкер; Бокоев Азизбек Абдылдабекович, 1994, Талас райондук прокуратурасында адис; Нышанов Жайлообай Данибаевич, 1968, "Дордой" ассоциациясында жеке ишкер; Шакиев Жыргалбек Тургунбекович, 1979, "Бийкомпакт" ЖЧКсынын директорунун орун басары; Асанбаева Гүлнура Жапаровна, 1973, жумушсуз; Сулайманов Кундузбек Кошалиевич, 1967, "КУБ" ЖЧКсынын директору; Кыдыкбаев Жаныбек Султанович, 1985, "Омуралиева Галина Жусуповна" жеке ишканасында жетекчинин орун басары; Калпаев Бактыяр Алиевич, 1993, жумушсуз; Камбарова Гүлмира Бекеновна, 1960, Сузак райондук китепкананын кызматкери; Ашимбаев Сабыркул Абасович, 1968, жумушсуз; Кулматов Эделбек Маматкулович,1982, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы; Абдувалиев Жолдошбай Бердикулович, 1977, "Сити Групп Компани" ЖЧКсынын башкы директору; Кадырова Сонунбу Эргешовна, 1966, КТРК журналист, редактор Букуев Медетбек Омошевич, 1956, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде профессор; Жамгырчиев Талантбек Анарбекович, 1982, Бишкек шаардык кеңешинде депутат; Сыдыков Орозбек Кадырбекович,1987, Юстиция министрлигинин Чүй – Бишкек башкармалыгынын начальнигинин орун басары; Жолдошева Лунара Чаткалбековна, 1978, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин ишмердүүлүгүн камсыздоо бөлүмүнүн сектор жетекчиси; Атажанов Кубанычбек Ысламович, 1978, жумушсуз; Жунусбеков Төрөкан Бейшенбекович, 1978, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты; Керимбаев Мураталы Топчубаевич, 1984, "Глобальные знания" коомдук бирикмесинин директорунун орун басары; Абдраева Айгүл Төлөковна, 1964, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чет тилдер кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу; Насырбеков Бакытбек Насырбекович, 1985, "Гарант плюс 2013" ЖЧКсында жумушчу; Каймазаров Таштанбек Турарович, 1966, "Мадина" ЖЧКсында администратор; Каимов Рамиз Төлөгөнович, 1987, "ТРК "АР ТВ" ЖЧКсында генералдык директор; Карабаева Канымбу Исираиловна, 1972, КРдин Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү; Ынтымаков Тимур Ынтымакович, 1991, "Залкар-Банк" ААКсында насыя бөлүмүндө адис; Нишанбай уулу Таалайбек, №18 кесиптик лицейде мугалим; Анаркулов Нургазы Сеитказыевич, 1979, "Майдан.kg" редакциялык гезитинин башкы редактору; Марипова Адинай Мариповна, 1993, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты; Бакеев Аскарбек Колхозбекович, 1956, жумушсуз; Баяманов Эркинбек Мусалиевич, 1976, Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" парламенттик фракциясынын катчылыгынын бөлүм жетекчиси; Халиков Хайдарали Холмирзаевич, 1965, жумушсуз; Кострубова Лариса Александровна, 1985, "Таатан" ЖЧКсында башкы эсепчи; Айтиев Шухрат Анварович, 1984, Жогорку Кеңеш, Депутаттык фракциянын катчылыгынын сектор жетекчиси; Аспек уулу Азамат, 1992, жумушсуз; Мамытов Бабуржан Маматкаримович, 1988, Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик насыя берүүнү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте башкы адис; Рахматуллаева Манзура Жалалидиновна, 1959, Фергана облусунун Ташлак айылындагы №14 орто мектебинде мугалим; Орозбаев Жээналы Байсалович, 1969, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мугалим; Шаякматов Ниязбек Дүйшөнбекович, 1992, жумушсуз; Тажибаев Назырбек Дүйшөбаевич, 1968, "Восток-Испекс" ЖЧКсында менеджер; Парманова Айсулуу Алламовна, 1993, "Парманова Б.К." жеке ишканасынын директорунун орун басары; Бактыбек уулу Матен, 1995, жумушсуз; Сайдуллоев Сидик Муродбаевич, 1958, Райондук санитардык-эпидемиология кызматында эпидемиологдун жардамчысы; Мамадалиев Мураджон Атамирзаевич, 1983, жумушсуз; Шермаматов Дастан Жеңишбекович, 1993, Жогорку Кеңеште бөлүмдүн эксперти; Юлдашева Авринисо Нарзидиновна, 1971, Айдаркен шаарындагы Фирдавси атындагы №7 мектепте баштапкы класстын мугалими; Толонбаев Санжарбек, 1980, айдоочу; Курманакунов Ишенбек Тилекович,1990, жумушсуз; Сыдыков Уланбек Урматович, 1988, жумушсуз; Дубанбаева Анар Сартбаевна, 1960, "КЕРЕМЕТ" ЖЧКсынын юрист-консультанты; Абитов Тариель Таштанович, 1972, жумушсуз; Апазов Адилет Усенович, 1988, Шапак айыл өкмөтүнүн башчысы; Эркебаев Шүкүрбек Мамазакирович, 1971, жумушсуз; Байганаева Нургул Шаршенбаевна, 1979, АООТ ПСФ "Бишкеккурулуш" ишканасында оператор; Акматов Рысали Султаналиевич, 1988, Ош ШИИБинин кызматкери; Дүйшөналиев Болоткан Жекшенович, 1962, Бишкек адвокаттар коллегиясында жактоочу; Отунчиев Самат Ооматбекович, 1987, "БЖ Компани" ЖЧКсынын коммерциялык директору; Исакова Жайнагүл Төлөновна, 1962, М. Мирахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун молекулярдык биология жана медицина илимий-изилдөө институтунда директор; Мамытов Талантбек Алиевич, 1986, "Милан" туристтик фирманын конструктору; Келдибаев Төлөгөн Кыязович, 1975, Жогорку Кеңеште бөлүм (сектор) башчы; Сакматова Имараткан Бөрүгуловна, 1964, №5 бала бакчада тарбиячы; Барамышев Айбек Нуркасымович, 1988, "Барамышев Айбек Нуркасымович" жеке ишканасынын директору; Дыйканбаев Азамат Абдилазизович, 1987, жумушсуз; Чуңуров Адилет Зарылбекович, "Водоканал" Бишкек муниципалдык ишканасынын юристи; Сматова Рыскул Мустапаевна, 1966, Жыргалаң санаторийинде башкы медайым; Маткеримов Айбек Тураталиевич, 1980, Айылдык кеңештин депутаты; Уларбек уулу Уланбек, 1987, жумушсуз; Койчукеев Нурлан Чокоевич, 1969, адвокат; Токтогулова Сагынбүбү, 1956, жумушсуз; Эргешов Байгазы Анаркулович, 1987, "НУР Телеком" ЖЧКсында адис; Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич, 1992 , Юстиция министрлигинде адистин, жетектөөчү адистин, башкы адистин милдетин аткаруучу; Бечелова Илмира Абилимовна, 1974, жумушсуз; Норусбаева Айзада Коргонбаевна, 1966, №1 орто мектептин мугалими; Маткаликов Абдупата Жороевич, 1964,Ош автобазада автоколоннанын башчысы, механик; Мааданов Марс Жетигенович, 1974, "Кант Курулуш" ЖЧКсынын директору; Кыдыралиев Шайлообек Алтымышович, 1989, жумушсуз; Акматова Гүлмира Нуркуловна, 1964, медайым; Ибраев Мирлан Маратович, 1985, жумушсуз; Кострубова Вероника Анатольевна, 1962, жумушсуз; Эсенбай уулу Талантбек, 1997, жумушсуз; Эсенканова Айзада Сатарбековна, 1969, "Сатар строй компани" ЖЧКсында жетекчи; Исаев Даирбек Даниярбекович, 1999 жумушсуз; Малабеков Данияр Турусбекович, 1988, Базар-Коргон райондук администрациясында жаштар комитетинин төрагасы; Таштанбекова Каныкей Таштанбековна, 1990, "Кыргыз Бетон" ЖЧКсында эсепчи-кассир; Скрыпникова Ольга Сергеевна, 1990, Бишкек шаары менен Чүй облусунун адвокаттар коллегиясында адвокаттын жардамчысы; Жээнбекова Айжан Ыбышовна, 1978, "Базико" ЖЧКсында технолог; Тоотаев Улукмырза Абдилашимович, 1993, жумушсуз; Доктурбекова Чолпон Доктурбековна, 1997, жумушсуз; Примкулов Мирланбек Исламбекович, 1989, Түштүк-кыргыз геологиялык экспедицияда инженер-геолог; Акматова Жаннат Абдрахмановна, 1967, "Кайрат Юг" банкында кассир; Усупова Аида Алтымышовна, 1975, жумушсуз; Асанбекова Айымкүл Талгатбековна, 1967, жумушсуз; Зулушов Рыскул Токторалиевич, 1977, Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгында жетекчинин милдетин аткаруучу; Сакматова Венера Бөрүгуловна, 1970, Бишкек шаарындагы №71 орто мектептин мугалими; Мамытов Бакыт Турсунбаевич, 1982, жумушсуз; Уметалиев Мирбек Сарылбекович, 1979, жумушсуз; Макаренко Татьяна Викторовна, 1990, жумушсуз; Абдуллажанов Махамаджан, 1953, жумушсуз; Иванченко Ирина Васильевна, 1982, жумушсуз; Жумалиева Римма Николаевна, 1983, жумушсуз; Сайпидинов Кабилжон Каримович, 1977, жумушсуз; Абдухакимов Алимжан Кадирович, 1954, жумушсуз; Береснева Дарья Сергеевна, 1994, жумушсуз; Матвеева Анна Александровна, 1991, жумушсуз; Халбеков Шухратбек Абдулатипович, 1973, жумушсуз; Хушназаров Абдулхак, 1948, жумушсуз; Муратова Турсунай Исраиловна, 1973, жумушсуз, Мамбеталиев Саринжи Адылович,1973, жумушсуз; Хасанхужаева Манзурахан Курвоналиевна, 1966, №15 мектептин биология мугалими; Озокеев Айбек Канаталиевич, 1986, жумушсуз; Гарипов Фарид Хасанович,1984, "Ийгилик" ЖЧКсында прораб; Тажибаев Марипжан Мамажанович, 1977, жумушсуз; Модолбаева Азиза Абдраимовна, 1998, жумушсуз; Жаанбаев Максатбек Жусупбекович, 1985, жумушсуз; Омуркулов Бакытбек Баташович, 1977, жумушсуз; Малдыбаева Салиман Жанузаковна, 1963, жумушсуз; Тейфуров Расим Захидинович, 1969, жумушсуз; Кошалиев Адилет Кундузбекович, 1992, жумушсуз; Жузубалиев Азиз Казыбекович, 1983, жумушсуз. Талапкерлердин кызмат орундары БШКда көрсөтүлгөндөй жазылды.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники