О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 0:59

С.Жээнбеков: "Бардык саясатчыларды жоопкерчиликке, мекендештеримди саясий зиректикке чакырам"

«Бардык саясатчыларды жоопкерчиликке, мекендештеримди саясий зиректикке чакырам», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде. Мамлекет башчысы шайлоо өтүшү керекпи же жокпу деп саясий чөйрөдө абдан катуу талкуу болгонун айтып, болушу керек деп чечим кабыл алынганын баса белгиледи. «Туруктуу иштеген мыйзам чыгаруу органы, аткаруу бийлиги болушу керек. Ал иштеши керек. Кандай иштейт, ал башка маселе, өзүнчө талкуулай турган тема. Бирок, мамлекеттин өнүгүүсү, алдыга жылуусу, элибиздин күнүмдүк социалдык, экономикалык талаптарын аткаруубуз үчүн бардык бийлик бутактары туруктуу иштеши керек. Бул мамлекеттин туруктуулугу жана келечеги. Азыр шайлоо өткөрүү боюнча бул процесстер өлкөдө жүрүп жатат. Негизги максатыбыз — бул шайлоону таза, ачык-айкын өткөзүп, эң негизгиси элибиздин келип, эркин, каалаган партиясына добуш беришин камсыз кылуу», — деп баса белгиледи Президент. Азыр өлкө шайлоо процессинин активдүү фазасына киргенин, буга байланыштуу шайлоого катышам деген саясатчылардын да жоопкерчилиги артканын белгиледи. «Мына ушуну саясатчыларыбыз эстен чыгарбай, жоопкерчилигин терең түшүнсө деген ойду айткым келет. Туура, менден — Президенттен, коомчулук, жарандарыбыз, элибиз ошол эле саясатчыларыбыз таза, ачык шайлоону талап кылып жатышат. Талап кылганды билгендер, өз милдетин да билиши керек. Болбосо, бизде өз укугун абдан жакшы билип, бирок коом алдындагы милдетин унутуп койгон, же билгиси келбегендер да бар», — деп өзгөчө токтолду Сооронбай Жээнбеков. Президент белгилегендей, мыйзамдуулукту талап кылып, өз укугун таңуулап, бирок, башканын укугун тааныгысы келбегендер да бар. «Демократия эмнеси менен күчтүү? Демократия — бул көпчүлүккө азчылык баш ийүүсү менен күчтүү. Бизде болсо кээде азчылык көпчүлүк чечип жатса дагы, жок андай эмес деп, анын башка, радикалдуу жолун издеп, көпчүлүккө өзүнүн оюн таңуулагандар болуп жатат. Демократиянын эң негизги принциби — азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Ошонусу менен демократия», — деп белгилеген Мамлекет башчысы, шайлоонун таза, ачык өтүшү Президенттен же Борбордук шайлоо комиссиянынан гана көз каранды эмес экенин кошумчалады. «Баарыбыз ынтымакта, бул олуттуу саясий сыноодон тынч, ызы-чуусу жок, дүйнө элине уят болбогондой өтүшүбүз керек. Ал эми мен, Президент катары, менден мыйзам алкагында шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө эмне талап кылынса, аларды аткарып жатам жана аткарам. Менин негизги милдетим ушул», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:59

С.Жээнбеков: "Баардык саясий партияларга бирдей шарттар түзүлдү"

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди. Азыртан эле айрым саясий тараптар шайлоо таза өтпөйт деген божомолун билдире калып жатышат. Жакында эле Коопсуздук кеңешинин жыйыны да мына ушул маселеге арналды. Кооптоонуга негиз барбы? — Таза шайлоо — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн негизги шарттардын бири деп буга чейин да айтылган. Азыр да кайталап кетем. Бул өлкөнүн өнүгүшүндөгү, келечектин негизги шарты. Шайлоонун таза, чыр-чатаксыз өтүүсү үчүн мен, Кыргыз Республикасынын Президенти катары өз милдетимди толук аткарып жатам жана аткарам. Биринчиден, мыйзам талаасын кечиктирбей өз убагында оңдоп, түзөдүк. Мен эки жыл мурун айткам, көп кемчиликтер бар, оңдош керек, шайлоого бир жыл калганда мыйзам талаасын баары билиши керек. Шайлоо кандай өтөт, кандай мыйзам менен өтөт — ошонун баарын тең билиш керек. Атайын жумушчу топ түзүп, ал жумушчу топко Президенттин Аппаратынан, Өкмөттөн, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, Аппаратынан, эң негизгиси коомчулуктан, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн кирип, бул боюнча бир жылдай иштеп, Жогорку Кеңеш ошол өзгөрүүлөрдүн баарын кийин кабыл алып берди. Биз шайлоого катышам дегендер үчүн мыйзамды тактап бердик. Алар үчүн мыйзамдык негизде эч кандай күтүүсүз жагдайлар чыккан жок. Мурдагы 9 пайызды (*босого) 7 пайызга өзгөртүп, парламент кабыл алды, мен туура деп кол коюп бердим. Эмне үчүн дегенде, бул — парламентке көбүрөөк партиялар келгенге, көбүрөөк саясий күчтөр болуп, парламентте ачык талаш-тартыш менен мамлекеттин өсүшүнө салым кошсун деп, кабыл алдык. Кыскача айтканда, азыр бардыгы тең шайлоо эрежелери менен тааныш. Саясий күчтөр, саясий партиялар, шайлоого катышам деген ар бир Кыргызстандын жараны ошол мыйзам боюнча кабардар. Биз бул багытта бардыгын жасап бердик. Экинчиден, баардык саясий партияларга бирдей шарттар түзүлдү. Кайсы партиялар жеңип келсе, өлкөнү өнүктүрүү багытында иштешүүгө даярдыгымды 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында расмий билдирдим. Үчүнчүдөн, кечээки Коопсуздук кеңешинде укук коргоо органдарына дагы бир ирет катуу айттым. Мыйзам алдында баардыгы бирдей болушу керек. Шайлоо мыйзамын бузгандарга бирдей мамилени камсыздоо талабы коюлду. Мен туура түшүнөм. Аны угуп-окуп атам, Аппаратым кайсы жерде эмне кемчилик болсо чыгаары менен мага билдирип турушат. Кыргызстанда болуп, айтылып жаткан бардык кемчиликтер боюнча кабардармын. Мен, албетте, коомчулуктун, айрым бир саясий күчтөрдүн кооптонуусун түшүнүп турам. Муну баштан өткөргөнбүз. Биздин өлкө эки ирет элдик толкундоону көргөн өлкө. Айрыкча, 2010-жылы абдан трагедиялуу окуялар болду. Апрелдеги, Оштогу июнь окуясы. Анын баарын өз көзүм менен көрдүм. Баары көз алдымда турат. Ошол эки революциянын себеби — ушул шайлоонун кесепетинен чыккан толкундоо болду. Ошондуктан, элде кооптонуу да бар, имиш-имиш кептер да бар. Шайлоо туура эмес өтөт деп шек санагандар дагы бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элдин оюна сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп, элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген да күчтөр бар. Анын баарын көрүп турабыз. Дагы айтып коюшум керек — Президент катары мен тараптан, Президенттин Аппараты тарабынан бардыгына бирдей мамиле болот. Бардык мамлекеттик органдарга бирдей талап болот. Келип бюллетень таштайм, шайлайм деген ар бир адамга тоскоолдуксуз оюн билдиргенге шарт түзүп беребиз. Бирок, ачык айтып коюушум керек, ошол эски адат менен, ушул шайлоонун эпкини менен тынчтыкты буза албаса да, учурдан пайдаланып, кырдаалды чайпап жибергиси келгендер да бар. Андайларга алдын ала чаралар көрүлө турганын кечээ Коопсуздук кеңеште да так кесе айттым. Чечим кабыл алып, анда да так, даана жазылды. Мен да катуу талап койдум. Шайлоо процессине катыша турган бардык тараптар үчүн бул алдын ала кагылган коңгуроо деп түшүнсө болот. Анткени, дагы айтам, өлкөдөгү тынчтыкты, элдин тынчтыгын, коопсуздугун сактоо — менин негизги милдетим. Бул милдетти аткарып келатам, аткарам. Ошондуктан, мен дагы бир ирет эскертип кетем. Шайлоону пайдаланып, ызы-чуу кылгысы келгендер, өзүнө упай топтогусу келгендер баары көз жаздымда калбайт. Мен терең ишенем, биздин кеменгер элибиз, биздин жарандык коомдон да чоң колдоо болот деп. Шайлоонун тынч өтүшү — бул бир эле мага эмес, жалпы элибизге, коомчулук үчүн керек маселе. Ал эми шайлоо тазалыгын айтсам, Президент, Борбордук шайлоо комиссиясынан тышкары, саясий партиялар, саясатчылар, коомдук активисттер, шайлоочулар — баарыбыз жооптуубуз. Муну терең түшүнүү керек. Азыр мына, добуштарды сатып алуу тууралуу ар кандай сөздөр чыгып жатат. Добушту сатпай коюу ар кимибиздин жеке эркибиз. Эч ким мажбурлабайт. Билип-көрүп туруп, анан кичинекей болбогон каражатка алданып жатпайбы. Ошон үчүн күнөөнү бир эле мамлекеттик бийлик, органдар карабайт дебестен, ар ким өзүнөн баштап, анан жанындагы адамдарга ошондой талапты кое-билсек, шайлоо таза, жакшы өтөт деп ишенем. Мен президенттик милдетимди, БШК өз милдетин, партия, шайлоочулар өздөрүнүн укугу менен кошо милдетин так аткарса эле, шайлоо таза өтөт. Бул ар бирибизге байланышкан нерсе. Ошондуктан, байкоочу же сынчы эмес, баарыбыз катышуучу болушубуз керек. Бул — өлкө үчүн, баарыбыз үчүн чоң сыноо. Бул сыноодон да татыктуу өтүшүбүз керек. Ошондуктан, мен бардык мекендештеримди дагы бир ирет жоопкерчиликке чакырам. Бул — жалпы улуттук милдет деп баарыбыз тең сезишибиз керек.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:02

Алмазбек Атамбаевдин Брюсселдеги билдирүүсүнө эски элита эмнеге чычалады?

Алмазбек Атамбаевдин Брюсселдеги билдирүүсү коомчулукта чоң резонанс жаратты. Негизи Кыргызстандын Президенти мурда айтып жүргөндөрүн кайталап айтты. Бирок, Атамбаев элдин көңүлүндөгү актуалдуу маселелер боюнча өз позициясын Евробиримдиктин жогорку өкүлдөрүнүн көзүнчө айтканы менен кызыгууну жаратты. Баарынан мурда кыргызстандыктарды кийинки президент ким болот, 2017-жылдын күзүндө шайлоо кандай өтөт деген суроолор кызыктырууда. Алтургай президенттик кызматка талапкерлер А.Атамбаевдин мураскоруна каршы биргелешип күрөшүү тууралуу да кеп кылып жиберишти. Ал эми президент мураскер калтырбасын айта берип чарчагандай деле болду окшойт. Аталган меселе Евробиримдиктин жетекчилигин да кызыктырууда. Бул тема А.Атамбаевдин Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушуусунда да негизги маселелерден болду. “Сиз кийинки президент жана сиздин мураскоруңуз ким экенин билет чыгарсыз?”, - деп сурады Дональд Туск. Алмазбек Атамбаев билбестигин айтты. “Шайлоо быйыл ноябрдын үчүнчү жекшембисинде болот. Бирок, жаңы президент ким болорун билбейм”,-деди А.Атамбаев. Эмне үчүн бул маселе мынчалык актуалдуу? Анткени, бул тема Кыргызстандын азыркы саясый элитасынын аң-сезимин ээлеп алган, анан ал чет элдик элчиликтердин кеңселеринде кеп болду да. Мурдагы режимде калыптанган саясый күчтөр, саясатчылар башкача ойлоно алышпайт. Алар Атамбаев кызматынан жөн эле кетип, ордун жаңы шайланган президентке татыктуу өткөрүп берерин элестете алышпайт. Бул азыркы саясатчылардын оюн эрежелерине кирбейт. Бул мырзалардын эчак эле көздөрүн май басып калган, алар өлкөдө болуп өткөн жана болуп жаткан процесстерди көрбөйт. Ал эми өлкөдө коомдук ой-пикирде тектоникалык алга жылуулар болуп, ал элдин ой-пикирин да өзгөрттү. Жарандар мурдагы саясый стереотипти кабыл албайт, ал эми белгилүү бир топтор мамлекетти эскиче башкарууга дагы деле жанталашып жатышат. Алар популизм, алдамчылык менен гана алектенишип, мамказынаны өз кызыкчылыктарына колдонуп калууга жан үрөшүүдө. Мисалы, апрель революциясынан соң бакиевдик жаналгычтардын колунан каза тапкандарды жерге берип, эл кан жутуп жатса, айрым Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өлкөнүн каржы ресурстарын гана эмес, качкын бакиевдердин да мүлкүн ээлеп калуу аракетин көрүшүп мародерлук кылышкан. Мына ушундай саясатчылар өлкөнү өнүктүрө алышабы? Алар жеке амбициясын, өзүмчүлдүгүн таштай алышабы? Анте алышпайт. Кеп “бүкүрдү мүрзө гана түзөйт” дегенде эмес, бул саясатчылар өздөрүнө ушунчалык вирустарды топтошкон дейсиң – 20 жыл бою Акаев, Бакиев өңдүү монстр болуп бүтүшкөн. Атамбаев ал саясатчыларды жакшы билет жана алар өлкөгө канчалык коркунучтуу экенин түшүнүп турат, ошон үчүн Евробиримдикке сапарында алар тууралуу айтты. “Кыргызстандын элитасы тезирээк жаңырышын тилейбиз. Бир топ ич күйдү саясатчыларды жыл аягында өзүм менен кошо ала кетем деп ойлойм”, -деди А.Атамбаев. Президент А.Атамбаев кимдер тууралуу айтып жатса, так ошолордун буга куйкасы курушту. Алар президенттин сөзүн бурмалоого киришти. Бир сөз менен айтканда, ызы-чуу түшүп жатып калышты. Шварцтын белгилүү “Дракон” пьесасында “Биз бардыгыбыз өзүбүздүн желебизге өзүбүз чырмалып калдык” дейт Бургомистр оор улутунуп. Анын сыңарындай, биздин саясатчылар өздөрүнүн желесине өздөрү чырмалышып калышты. Ага карабай башкаларды да тартууга аракет кылышууда. Бул алиги атактуу пьесада так айтылган: “Булар эл эмес. Булар элден чыккандар. Шаардын мыктылары ушуларбы...” Автор Айбек Султанов

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:02

Выборы 2020. В сравнении с 2015 годом число избирателей увеличилось на 667 тыс.

Бишкек, 03.09.20. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. В 2020 году избирателей на выборах в депутаты Жогорку Кенеша больше на 667 тыс., чем в 2015 году. Об этом на брифинге сообщил вице-премьер-министр КР Акрам Мадумаров. Он рассказал, что на сегодня число избирателей составляет 3 млн 451 тыс. 846 человек. Это на 667 тыс. 746 больше, чем на выборах в ЖК в 2015 году. Кроме того, вице-премьер рассказал, что в связи с пандемией на выборах будут приняты дополнительные меры безопасности. В частности, все избиратели в день голосования будут обеспечены масками и перчатками. «Ведется работа по подключению участков к интернету, бесперебойного обеспечения электроэнергией», - добавил он.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:02

Абдыжапар Бекматов: “Таза шайлоо өткөрүүдө бийликтин саясий эрки негизги ролду ойноду”

Кыргызстан аймакта биринчилерден болуп шайлоолорду биометрикалык өздүк менен өткөрө баштады. Өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен өлкө ичиндеги бардык саясий күчтөр жана эл аралык эксперттер анын таза жана ачык-айкын өткөнүн таанышты. Ал арада Кыргызстан президенттик шайлоону күтүп жаткан учуру, президенттик шайлоого кандай даярдыктар болуп жатканы жана борбордук шайлоо комиссиясындагы өткөрүлүп жаткан иштер тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары Абдыжапар Гапырович Бекматов эксклюзивдуу маек куруп берди. - Абдыжапар Гапырович Конституцияга толуктоолорду киргизүү боюнча бүткүл элдик добуш бетүү өттү. Өлкөнүн президенти бул референдумду тагдыр чечүүчү деп атады. Аталган референдумдун өзгөчөлүгүн айтып берсеңиз. - Өткөн референдум мурдагылардай эле өлкө үчүн тагдыр чечүүчү болуп саналат. Анткени, Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу маселелер чечилбедиби. Өзгөчөлүктөрү тууралуу айта турган болсок, бул референдум өзүнүн калыс, ачык-айкын-өткөндүгү менен айырмаланып турат. Ага катталган шайлоочулардын жалпы санынын 42 пайызынан ашыгы катышты. Бул референдумга келгендердин реалдуу көрсөткүчү. Эгер мурдагы референдумдардын жыйынтыгын карай турган болсок, анда референдумга расмий келгендер 85-90%ды түзгөнү баарыбыздын эсибизде. Башкача айтканда, мурдагы бийликтегилерге жаккан жыйынтыкты көрүп келгенбиз. Азыр биз элдин шайлоого карата анык мамилесин билдик. Бул Кыргызстанда шайлоо чындыгында эле таза жана ачык-айкын өтө баштаганынан кабар берип турат. Мурдагыдай бюллетендерди массалык таштоо жана башка туура эмес амалкөйлүктөр жок. - Өткөн шайлоонун ачык-айкындуулугун азыркы бийликтин саясий эрки деп айтса болобу же анда жаңы технологиялар жана биометрикалык өздүк чоң роль ойнодубу? - Азыркы бийликтин саясий эрки өткөн шайлоолордун ачык-айкын өтүшүндө негизги ролду ойноду. Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылы коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдө алдыдагы шайлоолорду биометрикалык өздүкту колдонуу менен өткөрүү боюнча айкын тапшырмаларды берген. Муну менен катар биз техникалык жактан жакшы жабдылбагандыгыбыз жана көрсөтүлгөн мөөнөттө жетише албай тургандыгыбыз айтылган. Ошондо Президент сөзмө-сөз айта турган болсом: “Андай болсо Кыргызстанга мындай өкмөттүн кереги жок” деп айткан. Ал учурда мен парламенттин депутаты болчумун. Мына бийликтин саясий эрки жана бир катар ведомство жана кызматтардын уюшкан иштеринин аркасында биометрикалык өздүктү пайдаланып, таза шайлоо өткөрө алдык. Өз кезегинде таза шайлоо – туруктуулук жана алдыга жылууну камсыздайт. - Парламенттик шайлоо, референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо биометрикалык өздүк менен өттү, бул жаатта тажрыйбалуу болуп калдык. Аталган шайлоолордун жыйынтыгы боюнча БШК өзү үчүн кандай корутунду чыгарды, жаңы методдун кемчиликтери жана артыкчылыктары тууралуу айтып берсеңиз? - Эң башкысы – биз ачык-айкын шайлоо процессине жете алдык жана жаман ыкмалардан арылдык. Бул эң башкысы. Албетте айрым кемчиликтери дагы бар. Өткөн шайлоонун жыйынтыгында бир катар катачылыктарды аныктадык, азыр ошолордун үстүндө иштеп жатабыз. Тагыраак айта турган болсом, шайлоодо шайлоочулардын тизмесин түзүүдө бир катар кемчиликтер болду, бул жерде ички жана тышкы миграциянын активдүүлүгү роль ойноду. Тизме ID кардда көрсөтүлгөн каттоо (прописка) боюнча түзүлгөн, ал эми чындыгында таптакыр башка жакта жашагандар көп болду. Мындан тышкары, көпчүлүгү биометрикалык өздүгүн тапшырышпай, тизмеге кирбей калган. Бул багытта биз Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте дагы бир топ иштерди жүргүзүшүбүз керек. Андан ары шайлоо учакстокторунда шайлоочуларды идентификациялоодо катачылыктар аныкталды. Система шайлоочунун паспортун же манжасынын тагын тааныбай калган фактылар да катталды. Ар түрдүү маалыматтар боюнча акыркы шайлоодо мындай шайлоочулар 3-4 миң адамды түзгөн. Шайлоого дагы канчасы келген жок. Бул биз үстүнөн күчтөнүп иштей турган экинчи багыт. Акыркы токтоосуз жоюуга муктаж болуп турган - үчүнчү артыкчылыктуу багыт – автоматтык эсептөөчу урналардагы каталык. Андагы көйгөй биз сканерлер үчүн эң катаал талаптарды койгонубузда болууда, жыйынтыгында система бюллетендеги ар бир чекитке чейин эсептеп, аны жараксыз деп аныктап жатты. Ушул 3 маселени чечишибиз керек. - Ошондой эле, парламенттик шайлоодон кийин чет өлкөлөрдө шайлоо начар деңгээлде өткөнү тууралуу көп сөздөр айтылды. Бул боюнча эмне айта аласыз? - Мыйзамга ылайык, биз шайлоону Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде гана уюштура алабыз. Өткөн шайлоодо бардык дипмиссияларда биздин шайлоочулар үчүн зарыл шарттар түзүлду. Маселе жарандарыбыздын шайлоого жигерсиз катышкандыгында болду. Россияны мисалга ала турган болсок, ал жакта биздин жарандардын көпчүлүгү жашашат, Кыргызстандын Россияда 5 гана шайлоо участогу бар. Ошол эле учурда Россиянын бардык аймактарында биздин жарандар жашап, иштеп жүрүшөт. Ушуга байланыштуу шайлоого жакын жашагандар гана келишти. Москвада деле шаардын бир бурчунан экинчи бурчуна баргысы келбегендер шайлоого келген жок. - Парламенттик шайлоого мурда өзүнүн фамилиясын өзгөрткөн талапкерлер дагы катышты. Эксперттер ушундай жол менен кылмыш чөйрөсүндө жүргөндөр парламентке депутат болуп өтүп кетишти деп ырасташууда. Сиз мындай билдирүүлөргө кандай комментарий бересиз? - Мыйзам жана БШКнын талаптары талапкерлердин атын жана фамилисын өзгөртүүгө тыюу сала албайт – бул ар бир адамдын укугу. Фамилиясын өзгөрткөн талапкерлер тууралуу айта турган болсом, алардын баары бизден текшерүүдөн өтүшкөн. ИИМдин маалымат борборунда маалымат базасы бар, алар бизге ар бир талапкер тууралуу маалымат беришет. Эгер талапкер мурда соттолгон же кандайдыр бир кылмыш чөйрөсү менен байланышы болсо, анда ал көрсөтүлөт. Эгер адам фамилиясын өзгөрткөн болсо, анда анын өтмүшү эски фамилиясы менен бирге тазаланып калбайт. Ал маалымат базасында баары сакталып турат. Ушуга байланыштуу парламентке кылмыш элементтер өттү деп айтууга болбойт. Мындан тышкары, саясий партиялардын өздөрү дагы катарында кылмыш чөйрөсүндөгү адамдардын болушуна кызыкдар эмес. - Бул жылы президенттик шайлоо өтөт. БШК кандай даярдыктарды көрүп жатат? Сиз бардык зарылчылыктар менен камсыз болгонбуз деп айта аласызбы? - Биз алдыдагы президенттик шайлоого даярбыз. Өткөн шайлоодо кошумча дагы 2 миң автоматтык эсептөөчү урна сатып алганбыз, азыркы учурда бизде 5 миң 700 урна бар. Жалпысынан өлкө боюнча 2 миң 300 шайлоо участогу бар. Анын ар бирине 2 ден урна орното алабыз. Мындан тышкары, президенттик шайлоого чейин башта белгилегендей, кетирилген катачылыктардын, атап айтканда, шайлоочулардын тизмесин так түзүү, автоматтык эсептөөчү урналардын сапаттуу иштөөсүн камсыздоо жана биометрикалык өздүктү жыйноо иштеринин үстүндө иштейбиз. Бүгүнкү күнгө карата 400 миң өздүктү жыйноо иши турат. Ошондой эле, мыйзам базасында дагы айрым оңдоп-түзөй турган учурлар бар. - Жаңы технология боюнча шайлоо өткөрүү экономикалык көз караштан алып караганда пайдалуубу? - Учурда бардык зарыл жабдуулар сатылып алынды. Бул жерде белгилей кетүүчү жагдай техника көпкө чейин кызмат кылат. Ооба, биз көп эмес акча короттук, бирок бизде көпкө кызмат кыла турган шайлоо системасы бар. Анын үстүнө шайлоо өлкөнүн тагдырын чечет эмеспи. Мен жогоруда белгилегендей, жаңы технологияларды жайылтуу менен шайлоодогу кемчиликтерди ооздуктай алдык. Ал эми шайлоо таза өтпөсө, эсиңиздерде болсо элдин бир катар нааразычылыктарынын себепчиси болуп, дайыма толкундоолор менен коштолуп келген. Азыр шайлоонун жыйынтыгын өлкөнүн эли жана саясий күчтөр таза жана ачык-айкын өткөнүн таанышты – бул элибиздин өтө чоң жетишкендиги. Шайлоо дайыма өлкөнүн жана анын андан ары өнүгүүсүн чечет, мындан үнөмдөөнүн кереги жок. - Кыргызстандагы шайлоого коңшу өлкөлөр жана эл аралык уюмдар байкоо салып турушту. Алардан кандай корутунду алдыңыздар жана кимиси менен тыкыс кызматташып жатасыздар? - Биометрикалык маалыматты жана жаңы технологияны колдонуу менен шайлоо бизде биринчи жолу өттү. Бизге чейин мындай шайлоо Монголияда өткөн. Бардык шайлоолордо түрдүү өлкөлөрдөн байкоочулар жана өкүлдөр катышып жатышты. Жыйынтыгында алардын баары биз натыйжалуу жана калыс шайлоо системасын тапканыбызды таанышууда. Азыркы учурда мындай системага Казакстан, Беларусь, Түркия жана башка өлкөлөр кызыгып атышат. Ошондой эле, биз Дүйнөлүк жана Азия шайлоо өткөрүү ассоциациялары менен тыкыс кызматташуудабыз. Өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча биз аларга бет ачар өткөрдүк, жыйынтыгында алар жаңы модель боюнча шайлоонун натыйжалуулугун таанышты. Мындан тышкары, биз Кыргызстанда иштеген бардык эл аралык уюмдар менен кызматташабыз. - БШКнын кызматкерлери тууралуу айтып берсеңиз. Алардын адистик кесипкөйлүгү талапка жооп береби, аларды чет өлкөлөрдө окутуу планы барбы? - Бардык шайлоо техникалары Түштүк Кореядан сатылып алынды. Кызматкерлердин адистик кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана иштин натыйжалуулугун арттыруу максатында биз аларды окутуп, IT-адистерди Түштүк Кореяга жөнөтүп турабыз. Андан тышкары, Кыргызстанга адистер келип, окутуу семинарларды өткөрүп турушат. Ошондой семинарлар Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда өткөрүлду. Биз кызматкерлердин ишинин сапаттуулугуна өзгөчө көңүл бурабыз. Маектешкен Аман Алымбеков

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:02

МККнын башчысы Т.Сарпашев анын кызматтан кетиши кимдерге пайдалуу экендигин айтты

Бишкек, 13- февраль /Кабар/. Мамлкеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Тайырбек Сарпашевдин пикиринде, анын МККнын башчылыгынан кетишин шайлоолорду “эски” схема менен өткөрүүнү көздөгөн айрым президенттик кызматка талапкерлер каалап жатышат. Т.Сарпашев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында өлкөдөгү шайлоо системасынын реформасынан улам КРда шайлоолор ачык-айкын өтүп калгандыгын белгиледи. “Азыр шайлоолор “бир адам – бир добуш” принцибинде өтүүдө. Бул айрым саясатчыларга, айрыкча президенттикке талапкерлерге жакпай жатат. Шайлоонун ачыктыгы, шайлоого таасир эте албастыгы алардын тынчын алууда. Алар шайлоолорду “эски” схема менен өткөрүүнү каалашат”,-деди Т.Сарпашев. МККнын башчысы муну уюштургандардын чыныгы жүзү акыры ачыкка чыгаарына ишене турганыдыгын билдирди. Ошону менен бирге ал МККнын маалымат базасы бекем корголгондугун белгиледи. “Базаны бузуу мүмкүн эмес. Ошондой эле, шайлоонун жыйынтыктарына таасир этүү да мүмкүн эмес. Мени иштен кетирүүнү каалагандар шайлоолорго таптакыр таасир этүүгө болбостугун түшүнбөй жатышат”,-деп айтты МККнын башчысы.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:02

Сапар Исаков: «Мени президенттикке талапкерликке көрсөтүү тууралуу маселе күн тартибинде жок»

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. “Мени президенттикке талапкер катары көрсөтүү тууралуу маселе бүгүнкү күндүн күн тартибинде жок”,-деди бүгүн журналисттерге Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Сапар Исаков. Журналисттин эгер КСДП фракциясы президенттик шайлоого сиздин талапкерлигиңизди көрсөтсө барат белеңиз деген суроосуна Сапар Исаков: “Бул маселе күн тартибинде таптакыр жок”,-деп жооп берди.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:02

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жаңы курамын шайлоо боюнча сынак жарыяланды

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Мыйзамына ылайык, коомдук кеңештерди тандоо боюнча комиссия төмөндө көрсөтүлгөн графикке ылайык, Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жаңы курамын шайлоо үчүн коомчулук өкүлдөрүн, коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрө, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык союздардын, министрлик жана административдик ведомстволордун ишине тийиштиги бар тармактардын эксперттик коомчулугун шайлоо боюнча сынак жарыялайт: № Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин аталышы Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жаңы курамын шайлоо үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү 1. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин КК 2017-жылдын 19-февралына дейре узартылган 2017-жылдын 19-февралына дейре узартылган 2. Мамлекеттик миграция кызматынын КК 3. КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын КК 2017-жылдын 19-февралына дейре узартылган 4. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин КК 2017-жылдын 19-февралына дейре узартылган 5. КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын КК 2017-жылдын 19-февралына дейре узартылган 6. Айыл чарба, тамак аш-өнөр жай жана мелиорация министрлигинин КК 7. КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын КК 8 КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун КК 2017-жылдын 19-февралына дейре узартылган 9 Тышкы иштер министрлигинин КК 2017-жылдын 19-февралына дейре узартылган 10 КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин КК 11 Юстиция министрлигинин КК 02.01.2017 – 02.03.2017 12 КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамагенттигинин КК 03.01.2017 – 03.03.2017 13 КР Өкмөтүнө караштууЖазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын КК 14 КР Өкмөтүнө караштууАнтимонополдук жөнгө салуу мамагенттигинин КК 04.01.2017 – 04.03.2017 15 Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун КК 16 КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жанафитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекциянын КК 17 Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин КК 14.02.2017 – 14.03.2017 18 КР Өкмөтүнө караштууКурчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин КК 19 КР Өкмөтүнө караштууФинансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамкызматынын КК 20 КР Өкмөтүнө караштууФинансылык чалгындоо мамкызматынын КК 21 Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин КК 29.04.2017 – 29.05.2017 22 Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамкомитетинин КК 23 Мамлекеттик матрезервдер фондунун КК 24 Транспорт жана жолдор министрлигинин КК 21.07.2017 – 21.08.2017 25 Саламаттык сактооминистрлигинин КК 26 КР Өкмөтүнө караштууМамлекеттик салык кызматынын КК 27 КР Өкмөтүнө караштууЖаштар, дене-тарбия жана спорт мамагенттигинин КК 16.09.2017 – 16.10.2017 28 КР Өкмөтүнө караштууМамлекеттик бажы кызматынын КК 17.06.2018 – 17.07.2018 Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир мекемеден тигил, же бул коомдук кеңешке бир гана адам шайлана алат. Бир жак бир гана коомдук кеңештин мүчөсү болуп шайлана алат. Коомдук кеңештин курамына киргизилчү талапкерлер жарандар жана уюмдар тарабынан сунушталуусу, ошондой эле жарандардын өзүнүн талапкерлигин көрсөтүү жолу аркылуу көрсөтүлүшү мүмкүн. Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө талапкер катары Кыргыз Республикасынын ишке жөндөмдүү, мурда соттолбогон жараны чыга алат жана төмөнкү талаптарга: 1) Коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин, же административдик ведомство жетекчисине жакын туугандык байланышта болбошу керек; 2) Коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин, же административдик ведомстводон түз көзкарандылыкта болбошу (лицензия алуучу, контракт негизинде товар ташуучу жана тейлөө көрсөтүүчү болбошу); 3) Мамлекеттик, же муниципалдык кызматкер болбошу; 4) Таза ишкер репутациясына ээ болушу; 5) Тийиштүү министрликтин, же административдик ведомствонун ишин жакшыртуу боюнча пикири, идеясы болуусу; 6) Активдүү коомдук ишмердүүлүк жүргүзүүсү, жарандык демилгелер боюнча тажрыйбага ээ болуусу кажет. Сынакка катышуу үчүн талапкер Комиссияга төмөнкү документтерди көрсөтүүсү керек: 1) жарандын өзүн-өзү талапкерликке көрсөтүүсү тууралуу арызы, же юридикалык жактын, же жарандар бирикмесинин талапкерди тийиштүү коомдук кеңеш курамына кошуу сунушу менен негиздемелери тиркелген Комиссияга даректелген арызы; 2) билими, иш тажрыйбасы жана коомдук ишмердүүлүгү, туулган жери, жылы (күнү/айы/жылы, айылы/шаары, району, областы), байланышуу (адрес,тел. номери, электрондук почта), автобиографиялык маалыматы (резюме) сынакка документ берүүгө чейинки 6 айдан берки фотосу көрсөтүлгөн маалыматтар; 3) талапкердин коомдук кеңешке катышуусун сүрөттөп берүүсү. Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: 1) почта индекси 720003, Бишкек ш., Абдымомунов көч. 207 («КР Өкмөт Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү») Же электрондук почта аркылуу: 2) comissionOSKG@yandex.com «коомдук кеңеш сынагына» конкреттүү мамлекттик органды көрсөтүү менен (PDF форматында 5 МB ашык эмес көлөмдө). “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери тууралуу” Мыйзамынын талаптарына жооп бербеген документтерди сунуштаган талапкерлер сынакка киргизилбейт. Сурап-билүү телефондору: (0312) 66-29-11, (0312) 96-02-38.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:02

ЖӨБИЭАМнын Коомдук кеңешинин жаңы курамынын алгачкы жыйыны болду

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Жакында Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери жана этникалар аралык мамилелер (ЖӨБИЭАМ) боюнча Мамагенттиктин Коомдук кеңешинин жаңы курамынын алгачкы жыйыны болду. Мамагенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында Коомдук кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын жана секретариатты шайлоо маселеси каралды. Талкуунун жыйынтыгында Коомдук кеңештин төрагалыгына бир добуштан Нурлан Жолдошев, төраганын орун басарлыгына Азамат Жунусов менен Мээрим Осмоналиева шайланышты. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери жана этникалар аралык мамилелер боюнча Мамагенттиктин директору Жумагүл Эгембердиева Коомдук кеңештин жаңы мүчөлөрүн куттуктап, бул институттун маморган үчүн манилүүлүгүн жана Агенттик менен Коомдук кеңештин тыгыз байланышта иштөөсү керектигин белгиледи.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:02

Жогорку соттун судьясы Гүлбара Калиева: “Жаңы кодекстер иштердин эффективдүү, сапаттуу каралуусуна жол ачат”

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти өлкөдөгү сот адилеттигин жакшыртуу боюнча жарлыкка кол койгон. Ошондон кийин жаңы мыйзамдар жана кодекстерди иштеп чыгууга бир нече жумушчу топ түзүлүп, иштей баштаган. Кыргызстандын сот системасын реформалоо бир нече жылдарга созулуп келе жатат. Жакында эле Жогорку Кеңеш кабыл алган жаңы кодекстерге, мыйзамдарга Президент тарабынан кол коюлду. Жогорку соттун судьясы Гүлбара Үтүровна КАЛИЕВА жарандык иштер боюнча жаңы кабыл алынган кодекстерге кандай жаңылыктар, өзгөрүүлөр киргендиги тууралуу айтып берди. Кыргызстандын сот системасын реформалоосу бир нече жылдарга созулганын себеби-масштабы өтө чоң. Соттук реформа үч негизги багытта жүрүп жатат. Биринчи - мыйзамдык базаны өнүктүрүү (совершенствование), ушул багытта жаңы мыйзамдар жана кодекстер мыйзам чыгаруучу орган тарабынан кабыл алынып, өлкөнүн Президенти аларга кол койду. Экинчи багыты – кадрлардытаңдоо маселеси, бул багытта конституциялык орган - Судьяларды тандоо кеңешинин иши аяктап, республика боюнча95% судьялар тандалды. Үчүнчү багыт – сот системасынын инфраструктурасын жетиштүү деңгээлге жеткирүү –жаңы имаратттарды салуу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу, бардык зарыл болгон технологиялар менен камсыздоо да ишке ашырылып жатат. Гүлбара айым, кайсы кодекстер жаңы иштелип чыкты? Көп эле кодекстер жаңы иштелип чыкты. Жазык кодекси, Жазык – процесстик кодекси, Административдик процесстик кодекси, Жазык-аткаруу кодекси жана башка мыйзамдар жаңырды.Алардын үстүндө үч жыл бою жумушчу топтор иштеп, ар бир беренеси каралып, анализденип чыкты. Мен өзүм катышкан Жарандык процесстик кодекс боюнча айтып берейин.Жаңы кодекс 2017- жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет. Ага чейин кодекстерди ишке киргизүү процесси жүрүп, райондук, облустук жана Жогорку соттун судьяларына жаңы кодекстер боюнча кайра окутуу иштери жүргүзүлөт. Эми жаңы кодекстеги өзгөрүүлөрдү, жаңылыктарды карапайым адам да түшүнө тургандай кылып айтып берсеңиз? Инстанциялар боюнча өзгөрүүлөр жаңы кодекстердеги маанилүү жаңылык болуп калды. Азыркы иштеп жаткан Жарандык процесстик кодекстер боюнча, доо арыз үч инстанциядан, биринчи инстанциядагы (райондук жана райондор аралык) соттордон, экинчи инстанциядагы- облустук соттор жана Бишкек шаардык соту жана үчүнчүсү - Жогорку соттон өтөт. Облустук соттор аппеляциялык жана кассациялык инстанцияларга бөлүнүшөт. Мындай жагдайда күчүнө кирген сот актылары эки жолу каралат, экинчи инстанциядагы соттордо жана Жогорку сотто.Ошондуктан бири-бирининфункцияларын кайталабашы үчүн жаңы кодексте экинчи инстанциядагы соттордон кассациялык тартипте кароосу алып салынып, Жогорку сот эле мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларды текшерет. Алдын-ала соттук отурум деген жаңы институт кирип жатат . Азыр деле сот процесси башталардан мурда тараптарды сотко чакырып, жоопкерге доо арыздын көчүрмөсү берилип, ортолорунда пикир алмашуу бар. Бирок ал процессуалдык иш-аракет эмес жана ошол маектин протоколу дагыпроцессуалдык документ болуп саналбайт. Жаңы кодекс боюнча алдын-ала соттук отурумдарга тараптар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте чакырылат жана өздөрүнүн өтүнүчтөрүн, далилдерин келтирүүгө укуктары бар. Бул соттук отурумда протокол жазылып, ал процессуалдык документ болуп саналат. Мамлекеттик алымдарды төлөө тартиби дагы өзгөртүлдү . Учурда иштеп жаткан кодекс боюнча, мамлекеттик алымдар соттук иштер каралып бүткөндөн кийин өндүрүлөт. Жаңы кодекс боюнча,жаран доо арызы менен кошо мамлекеттик алымды да төлөйт. Эгер доогер соттон утса, сот анынчыгымдарын утулган тараптан өндүрүп берет. Мамлекеттик алымдын суммасы ар кайсы иштерде ар башка да? Ооба, мисалы, ажырашууларда мурда мамлекеттик алым 20 сом болчу, жакында эле ал 1000 миң сомго чыкты. Беш сомдук, он сомдук алымдар да бир аз көбөйдү. Ал эми экономикалык, соода-сатык, мүлк талаш боюнча иштерде мамлекеттик алым пайыз менен эсептелет. Беш пайыздык, он пайыздык мамлекеттик алымдар бар. Иштеп жаткан кодекс боюнча, Жогорку сотко даттанган жаран мамлекеттик алым төлөбөйт. Ал эми жаңы кодекс боюнча мындан ары Жогорку сотко даттанганы үчүн да мамлекеттик алымды төлөй турган болушту. Чечимдерге даттануу келтирүү мөөнөттөрү кыскартылды. Жаңы кодекс боюнча, райондук соттун чечимине бир ай, облустук соттун чечимине болсо үч ай берилди. Азыркы иштеп жаткан кодекс боюнча Жогорку соткодаттанууга бир жыл убакыт берилет. Мындай узак убакыт берүү өзүн актабайт. Бирок, кокус бир тарап жүйөөлүү себеп менен мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттү өткөрүп жиберсе, ал сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн. Жаңы кодекске кошулган беш бөлүм, алынган төрт бөлүм тууралуу айтып берсеңиз? Жаңы Жарандык процесстик кодекс беш бөлүм менен толукталды . Үч бөлүм жашы жетелек балдарды асырап алууга, камкорчулукту белгилөө, балдарды интернаттык мекемелерге жөнөтүүгө арналган. Анткени, 2012-жылы Балдар жөнүндө кодекстин жаңы редакциясы кабыл алынып, анда жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароо сотторго жүктөлгөн. Ошондуктан, бул категориядагы иштерди кароонун тартиби иштелип чыккан. Төртүнчү бөлүм - ар кандай себептер менен жоголгон иштерди калыбына келтирүү тартибине арналган. Бешинчи бөлүм - сот аткаруучулардын иш-аракеттерине келтирилген даттануулардын кароо тартибин жөнгө салат. Азыр мындай даттанууларды райондор аралык соттор карайт, жаңы кодекс боюнча райондук соттор карай турган болду. Чечимдерди аткаруу учурунда сот өндүрүшүндө кеңири тараган мисал келтирейин. Айталы, үйдөн чыгаруу боюнча соттук чечими чыкты. Үйдөн чыгарыла турган жарандар муну болушунча созууга үч инстанциядан тең аракет кылышат. Андан чечим чыгып жана күчүнө киргенден кийин, сот аткаруучу аны ишке ашырууга аракет кылат. Утулган тарап болсо, сот аткаруучу минтип койду, антип койду деп арызданып, ал иш райондор аралык сотто, андан ары дагы эки инстанцияда каралгыча дагы көп убакыт өтөт. Бул процесс ичиндеги процесс болуп атат. Эми утулган тарап сот аткаруучунуниш-аракеттерине даттанса, аны ошол эле райондук сотто кыска мөөнөттүн аралыгында карап коюуга болот. Ошондой эле, азыркы иштеп жаткан Жарандык процесстик кодекстен төрт бөлүм алынып жатат . Алар Административдик процесстик кодекске кирди. Айтсак, административдик иштерди кароо тартиби жана нотариус, ЗАГС, Борбордук шайлоо комиссиясынын иш-аракеттерине келтирилген арыз-даттанууларды кароо ошол жакка кетти. Жалпысынан жаңы кодекстер бардык тараптардын, жана соттордун ишин эффективдүү, сапаттуу жүргүзүүгө багытталган. Дагы кандай жаңылыктар бар? Иштеп жаткан кодекс боюнча, жаран Жогорку сотко даттануу келтиргенде, кайра чакыртып алууга укугу бар эле. Бирок мыйзамда анын кесепеттери көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан тарап бир жылдык мөөнөттүн ичинде бир нече жолу өзүнүн укугунан кыянаттык менен пайдаланып жүргөн. Эми жаңы кодекс боюнча, эгер жаран Жогорку сотко бир жолу даттануукелтирип, бирок анысын кайра чакыртып алса, анда ал экинчи жолу даттана албай турган болду. Дагы бир көрүнүш, айрымдар биринчи, экинчи инстанцияда далилин көрсөтпөй, аны акыркы инстанцияда гана көрсөтүшөт. Өз укуктарын кыянатчылык менен пайдалануунун мындай жолдору да жабылды. Жаңы кодекстерде диспозитивдүүлүккө, атаандаштыкка басым жасалды. Жарандык иштерде эки тараптын укугу да, милдети да тең. Мындай иштерде судья өз демилгеси менен эч нерсе жасабайт. Эки тараптын кимиси процессте активдүүлүгүн, ишке тиешелүү бардык документ, далилдерин көрсөтсө, ошол тарап утат. Атаандаштык деген ушу. Ал эми Административдик кодексте атаандаштык жок. Бир жаран кайсы бир мамлекеттик мекеменин токтому туура эмес деп сотко арыз жазса, ал токтомдун туура экендигин далилдөө, ошо мамлекеттик мекемеге жүктөлөт. Судья жаранга жардам берет. Белгилей турган дагы бир көрүнүш, жаңы кодекстерде судьянын кандай аныктамалары даттанууга жатаары так көрсөтүлдү. Дагы бир нерсе, азыр экономикалык жана административдик иштер боюнча гана заказдык каттар жиберилсе, жаңы кодекс боюнча жарандык иштерге да заказдык каттар жибериле турган болду. Гүлбара айым, маек соңунда судьяларга болгон эл ишеними тууралуу сиздин оюңузду уккум келет... Бир жылда республика боюнча 60 миңге жакын жарандык иш каралат. Ушунун 10 пайызы эле экинчи инстанцияга даттанылат, Жогорку сотко бул сандын жарымынан азыраагы гана даттанылып жатат. Көрдүңүзбү, 60 миң иштин 54 миңи биринчи инстанцияда эле күчүнө кирет. Алардын арасынан доо арыздардын 90 пайызы канааттандырылып жатат. Экинчи инстанцияга даттанылган иштердин 50 пайызынын биринчи инстанциядагы чечими күчүндө калтырылат. Жогорку сотко жеткен 3 миңдей иштердин көпчүлүгүнүн биринчи,экинчи инстанциядагы чечимдери күчүндө калат. Албетте, айрымдары бузулат. Бирок жалпы алганда бардык арыздардын 95 пайызга жакыны канааттандырылып, күчүндө калууда. Иш жүзүндө ушундай болуп жатса, элдин 80 пайызы сотторго ишенбей жаткандыгы тууралуу кантип айтууга болот?! Доо арыздары канааттанбай калган 5 пайыз жарандар арызданып, кайра - кайра теле-радио, гезиттерден айта берсе, сот менен иши жок адамдар деле булар ушундай коррупцияга баткан немелер турбайбы деп ойлоп калат да. А билбеген адам сот тууралуу маалыматты кайдан алат? Массалык маалымат каражаттарынан, же бир жакын адамынын сотко иши түшүп калган болсо ошондон алат да. Ушундан кийин сотторго болгон ишенимдин кандай экенин өзүңүз баалап алыңыз... Булак: “Кыргыз Туусу” гезити

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:02

Евробиримдик Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоону кеңейтүүсү мүмкүн - Эрлан Абдылдаев

Брюссель, 16-февраль /Кабар /. Европа биримдиги Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоосун кеңейтүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Бельгияга иш сапарынын алгачкы күнүнүн жыйынтыгы боюнча журналисттерге билдирди. ТИМ башчысы бүгүн Кыргызстандын Президенти Европа биримдиги институтунун жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөргөнүн белгиледи. “Алмазбек Атамбаев Евробиримдиктин тышкы иштер, саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлу Федерика Могерини, Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий өз ара аракеттер, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерине токтолушту. Бул сүйлөшүүлөр жакшы маанайда өттү. Бардык жолугушууларда Евробиримдиктин өкүлдөрү Кыргызстандын демократия жолундагы жыйынтыктарын жана алдыга жылууларын жогору баалашты. Ошондой эле, Кыргызстанда өткөн шайлоолорго жана референдумга жогорку баа берилди. Биз өзүбүз тараптан тиешелүү түшүндүрмөлөрдү бердик жана алар дагы позитивдүү баага арзыды. Д.Туск: “Президент Алмазбек Атамбаев Борбор Азиядагы уникалдуу демократиянын архитектору болуп саналат. Президент – демократиянын кепилдиги”,- деп белгиледи. Ага Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда демократиянын гаранты болуп эл эсептелет деп жооп берди”,-деди Эрлан Абдылдаев. ТИМ башчысы Ж.К.Юнкер менен жолугушууда ЕБ менен КРнын ортосундагы өз ара мамилелер мындан дагы күчөтүлөрү белгиленгенин билдирди. “Саясий колдоо көрсөтүлөт жана инвестиция тартуу жолу менен соода-экономикалык өз ара аракеттер кеңейтилет. Ошондой эле, ал көп жылдык долбоордун алкагында Кыргызстанга гранттык колдоо көрсөтүлөрү тууралуу дагы айтты. Ар түрдүү долбоорлорго 2014-жылдан 2020-жылга чейин Евробиримдик тарабынан 184 млн евро бөлүнөт. Бүгүнкү жолугушууда ушундай колдоолор көбөйтүлөрү тууралуу белгиленди”,-деди ал. Э.Абдылдаев бүгүн 2 документке кол коюлду, биринчиси сот реформасын улантууга байланыштуу,ага 13 млн евро бөлүнөт деп белгиледи. “Экинчиси, 10 млн евро суммасында өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталат. Сынамык катары Жалал-Абад облусу тандалып алынды. Негизги каражат элди таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга кетет. Президент бул долбоорду бардык аймактарда ишке ашырууну сунуштады, европа тарап буга макул болду”,-деди ТИМ башчысы.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:02

Марс Сариев: “Кыргызстанда саясый элита сөзсүз жаңыланышы керек”

Бишкек, 17 - феврал ь /Кабар/. Кыргызстанда саясый элита сөзсүз жаңыланышы керек. Мындай пикирин саясат таануучу Марс Сариев Президенттин жыл аягында кызматынан кетип жатып өзү менен кошо бир топ ич күйдү саясатчыларды ала кетерин айтканы боюнча “Кабар” агенттигине комментарий берип жатып билдирди. “Бүгүнкү күндө муун алмашуу жүрүүдө, бул боло турган процесс. Эски гвардия баары бир кетет, анткени элдин маанайы азыр башка. Эл саясатты түшүнүп калды. Эскилердин эч кандай шансы жок”,-деди Сариев. Эксперттин айтымында, эгерде саясатчылар жек-жаатка же жердешчиликке таянууга аракет кылышса деле, шайлоочулар аларга добуш беришпейт. “Алыскы аймактарда деле калктын аң-сезими таптакыр өзгөрүп калган, алар да саясатты жакшы түшүнүшөт. Андыктан азыр жаңы кадрларга талап объекттивдүү”,-деп кошумчалады М.Сариев.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:04

Алтынбек Сулайманов: «Бир Бол» шайлоого кесипкөй, билимдүү жана таза жаштар менен бара жатат

Кыргызстан тазаланууга жана таза инсандарга муктаж. Биз алдыдагы парламенттик шайлоого кесипкөй, заманбап билимге ээ болгон таза жаштар менен аттанып жатабыз. Бул туурасында “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Тазалан!” экологиялык акциясында билдирди. “Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Биз иштин көзүн билген, жаратман жаңы жүздөрдү бириктире алдык. Биз өзгөрүүгө жана өзгөртүүгө даярбыз!” – деди А. Сулайманов. Аталган акция партиянын шайлоо алдындагы үгүт иштеринин бащталышына арналган. Экологиялык саамалык Бишкектин четиндеги Боз-Бөлтөк тоосундагы желексаптын аймагында өттү. Иш-чарага талапкерлер, партиянын мүчөлөрү жана тарапташтары катышты. “Биздин команда “Бир Бол” саясий партиянын жаңыланган жаңы командасы. Биздин максатыбыз жана ниетибиз мамлекеттик башкарууда, сот системасында, жалпы элибизге тиешелүү ар бир тармактарды ириген-чириген , коррупционер, уурулардан тазаланып, өлкөбүздүн жаркын келечегине аттанып жатабыз” – деп билдирди “Бир Бол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жоомарт Жолдошев. “Кыргызстаныбыз үчүн эң маанилүүсү – бул тазалык! Өлкөбүз таза болсо туризм, экология жана экономика өнүгөт. Биз туура жолду баштап, балдарга үлгү көрсөтүшүбүз керек. Биздин жакшы иштерибиз балдарыбызга таалим-тарбия болот. Бүткүл кыргызстандыктарды жаратман иштердин башында турууга чакырат элем” – деди “Бир Бол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айжан Чыныбаева. “Тазалан!” акциясынын жыйынтыгында 300 кг таштанды чогултулду. Иргелген калдыктар кайра иштетүүгө жиберилип, калганы таштанды полигонуна төгүлдү. Эске салсак, бүгүн, 2020-жылдын 4-сентябрында парламенттик шайлоого үгүт кампаниясы расмий түрдө башталды. Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү 4-октябрда өтөт. Ага 15 партия ат салышууда. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 4-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:04

«Биримдик» шайлоонун үгүт ишин салтанаттуу баштады!

Бүгүн 4-сентябрда алдыдагы парламенттик шайлоонун расмий үгүт кампаниясы башталганына байланыштуу «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы үгүт иштерин салтанаттуу түрдѳ баштады. Иш-чара Бишкектин Жеңиш аянтында ѳтүп, ага партиянын лидерлери, партиянын аймактардагы мүчѳлѳрү, тарапташтары, партиянын жаштар канатынын ѳкүлдѳрү катышты. default Иш-чара алгач партиянын лидерлеринин келечек муундар үчүн ѳмүрлѳрүн беришкен аталардын элестерине таазим кылышып, ѳчпѳс отко гүлчамбарларды коюусу менен башталды. Андан соң «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын гимни ырчы Ильяз Абдразаковдун аткаруусунда жаңырды. Иш-чараны «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын лидери Марат Аманкулов ачты. Ал ѳз сѳзүндѳ партия демократиялык социализм идеологиясын сунуштап атканын белгилеп, ѳлкѳбүздүн келечеги евразиялык интеграцияда экенине токтолду. Алдыдагы шайлоодо «Биримдик» партиясын колдоого алууга чакырып ѳттү. Андан кийин сѳз алып сүйлѳгѳн партиянын лидеринин орун басары, ЖК депутаты Тѳрѳбай Зулпукаров партиянын максаттарына, эл үчүн кыла турган иштерине токтолуп ѳттү. Евразиялык тандоо идеясы келечекте Кыргызстанды ѳсүп-ѳнүгүүгѳ алып бара турганын айтты. «Биримдик» менен бирге болобуз! Келечек, туруктуулук – бул «Биримдик» – деп сѳзүн жыйынтыктады. Ошондой эле партиянын тизмесин баштап баратышкан талапкерлер Акылбек Жаманкулов, Улукбек Кочкоров, Галина Кетовалар сѳз сүйлѳп, партиянын максатына, алдыдагы кыла турган иштерине токтолушту. Иш-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов менен легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев ѳздѳрүнүн баталарын беришип, алдыдагы шайлоодо «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясына жеңиш каалашты. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:04

Шайлоо-2020: БШК 4 саясий партиянын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин каттады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-сентябрдагы жыйынында 4 саясий партиянын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин каттоо тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Алар: «Замандаш», «Ата-Мекен”, “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” жана “Бир Бол” саясий партиялары.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники