О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
9 сентября 2020 г. 0:33

«Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси

Мамлекеттик «Эркин Тоо» гезитине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси жарыяланды. «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 102 талапкер катталды. Тизме төмөнкүдөй иретте түзүлгөн: № Аты-жөнү Туулган күнү, жылы Иштеген жери Ээлеген кызматы 1 Исаев Канатбек Кедейканович 07.02.1975 Жогорку Кеңеш Депутат 2 Мамытов Талант Турдумаматович 14.03.1976 Жогорку Кеңеш Депутат 3 Алимбеков Нурбек Каарыевич 13.03.1975 Жогорку Кеңеш Депутат 4 Кулматова Наталья Анатольевна 22.08.1965 «Независимый центр экспертизы и оценки» ЖЧК Директор 5 Турсунбаев Азизбек Атакозуевич 03.05.1966 Жогорку Кеңеш Депутат 6 Чойбеков Руслан Нуркалиевич 31.07.1979 Жумушсуз 7 Жумабеков Дастанбек Артисбекович 02.11.1976 Жогорку Кеңеш Төрага 8 Султанбекова Чолпон Аалыевна 19.08.1969 Жумушсуз 9 Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович 19.05.1970 Жогорку Кеңеш Депутат 10 Төлөнов Данияр Эрмекович 25.04.1972 Жогорку Кеңеш Депутат 11 Иминов Ахрор Хикматиллаевич 14.07.1987 «Кыргызтандагы чет элдик студенттер бирикмеси» Директор 12 Байтерекова Майрамкүл Анарбековна 05.11.1967 Жеке ишкер 13 Айдаров Салайдин Абдираевич 17.07.1969 Жогорку Кеңеш Депутат 14 Исмаилов Алтынбек Бердибекович 25.06.1971 «Бийик курулуш» ЖЧК Директор 15 Масабиров Таалайбек Айтмаматович 26.07.1966 Жогорку Кеңеш Депутат 16 Дөлөталиева Дамира Темирбековна 05.11.1962 «Дордой» ишкерлердин кесиптик бирлиги Бириккен профсоюздун төрагасы 17 Асанов Макен Тойчубекович 17.03.1987 Жумушсуз 18 Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич 17.12.1958 «Кыргыз-Чех суу компаниясы» ЖЧКсы Башкы директордун кеңешчиси 19 Малабаев Аргынбек Жумабекович 04.08.1966 Жумушсуз 20 Ибраимова Атыркүл Сыйдалиевна 27.07.1962 Жеке ишкер 21 Нурматов Кубанычбек Советович 27.11.1966 Жогорку Кеңеш Депутат 22 Байбакпаев Экмат Журукпаевич 03.11.1959 Жогорку Кеңеш Депутат 23 Виндиза Якуб Рамзаевич 25.05.1983 «Ним Компани» ЖЧК Коммерциялык директор 24 Кемелбекова Зухра Ахматжановна 07.08.1969 25 Сарыбаев Алмаз Айылчиевич 29.09.1973 26 Төрөмаматов Жусубали Кыргызбаевич 20.02.1967 Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Директор 27 Икрамов Тазабек Икрамович 16.10.1974 Жогорку Кеңеш Депутат 28 Атабекова Асель Мамышовна 09.05.1976 «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фонду Директор 29 Исаев Жаныбек Базаркулович 03.06.1983 Жумушсуз 30 Эргешов Алмазбек Манасбекович 13.12.1968 Жумушсуз 31 Кенекеев Дайыр Атакулович 24.05.1974 «Учкун» ААК Директор 32 Ниязалиева Дамира Абаскановна 20.01.1960 Жумушсуз 33 Маркабаев Эрмек Карасаевич 17.08.1979 «Рынок Сары Өзөн» ЖЧК Директор 34 Абдылдаев Кадырбек Жалалович 13.07.1974 «Авто-Миг» ЖЧК Башкы директор 35 Саматов Жыргалбек Алимбаевич 11.03.1973 Жумушсуз 36 Молдоева Жибек Эдилбековна 12.10.1992 37 Досалиев Акуналы Атамырзаевич 12.03.1959 Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти Директордун орун басары 38 Жаманаков Талант Жаманакович 03.11.1988 «Глобал строй» ЖЧК Башкы Директор 39 Иманкулов Эркин Токтаалиевич 29.09.1972 Кайыңды шаарынын мэриясы Мэр 40 Казакбаева Асель Саматбековна 15.07.1981 Мугалим 41 Жунусалиев Рамис Майрамбекович 06.06.1984 «Көк бөрү» федерациясы «Көк бөрү» федерациясынын башкармалыгынын мүчөсү 42 Исмаилов Каныбек Арзибекович 13.04.1978 Сүлүктү шаарынын шаардык кеңеши Депутат 43 Токторов Алмазбек Сатиевич 05.07.1966 Жогорку Кеңеш Депутат 44 Маратова Наргиза Маратовна 15.11.1990 «Лига трейд» ЖЧК Кассир 45 Жунушев Жолдошбек Маликович 22.06.1972 «Газторг» ЖЧК Башкы директордун кеңешчиси 46 Жакыпов Мирлан Мустафаевич 02.10.1969 «Берекет-Кен» ЖЧК Директор 47 Аматбеков Мирлан Төлөнбаевич 16.04.1987 Жумушсуз 48 Уметова Элмира Мухамедиловна 01.01.1969 Агротехникалык колледж Бөлүм башчы 49 Нургазиев Эрмек Белекович 28.02.1977 «Эмма Строй» ЖЧК Директор 50 Молдошев Руслан Алдашевич 26.10.1973 «Ассоциация АЮ Холдинг» ОЮЛ Вице-президент 51 Махмануров Абдухолик Абдулхаевич 13.12.1969 Жумушсуз 52 Матибраимова Венера Райымкуловна 17.09.1965 «Альфа ширсфилл аудит» ЖЧК Директордун орун басары 53 Таштемиров Садыр Таштемирович 07.09.1971 «Мой дом» ЖЧК Жетекчи 54 Токтогулов Алмаз Анварбекович 03.03.1980 Жеке ишкер 55 Кудайбергенов Бактыбек Жапарович 08.12.1962 Улуттук статистика комитетинин Чүй облустук мамлекеттик статистика башкармалыгы Жетекчи 56 Адылова Сабина Набиевна 14.11.1995 Жумушсуз 57 Раимбеков Алмаз Болотбекович 27.12.1987 Жумушсуз 58 Назаров Айтмамат Кошоевич 05.02.1972 «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК Башкарманын төрагасы 59 Мырзаканов Кубан Нуржанович 08.11.1971 Жумушсуз 60 Качкынбаева Касиет Болотовна 31.01.1996 «ЛС Вайкики Ритейл Джи» ЖЧК Коммерциялык адис 61 Сартбаев Канатбек Рыскелдиевич 28.10.1968 Балыкчы шаардык кеңеши Шаардык кеңештин төрагасы 62 Бошкоев Жусуп Бейшекадырович 01.01.1962 Жумушсуз 63 Эдигеев Жеңишбек Кубанычбекович 09.05.1986 Крупская атындагы айыл өкмөтү Айыл өкмөтүнүн башчысы 64 Абдыкеримова Айзада Базаркуловна 05.05.1982 «Аю Холдинг» ассоциациясы Адам ресурстарын башкаруу башкармалыгынын жетекчиси 65 Кубанычбек уулу Илимбек 09.09.1995 Жумушсуз 66 Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич 29.07.1966 Жогорку Кеңеш Депутат 67 Орозбаев Мирлан Кубатбекович 05.11.1981 Жумушсуз 68 Мирлан кызы Элайым 28.04.1999 Жумушсуз 69 Абдырахманов Марс Рысбекович 11.03.1988 Жумушсуз 70 Суеркулов Жээнбек Эсенбекович 12.03.1967 Жумушсуз 71 Алымжанов Айбек Орозбекович 16.08.1970 «Жандос» ЖЧК Башкы директор 72 Исаева Жамиля Кубанычбековна 19.07.1977 Жумушсуз 73 Нааматбеков Тилек Нааматбекович 30.06.1982 Жеке ишкер 75 Идрисов Сталбек Мажинович 15.03.1969 Жумушсуз 76 Султаналиева Айзада Темирбековна 28.02.1985 «АЮ» ЖЧК Финансист 77 Каныбеков Кубанычбек Каныбекович 19.04.1983 Бекмолдо айыл өкмөтү Айыл өкмөтүнүн башчысы 78 Иманкулов Талай Маданбекович 16.11.1967 Жумушсуз 79 Матишов Туратбек Чолпонбаевич 11.11.1985 Өзгөн шаардык кеңеши Депутат 80 Алияскарова Сыпаткан 01.04.1957 Пенсионер 81 Изабаев Умар Даирович 11.09.1965 «Зеленстрой» муниципиалдык ишканасы Башкы адис 82 Кумаш уулу Кылычбек 29.08.1990 Жогорку Кеңеш Төраганын кеңешчиси 83 Мамыралиев Айбек Абасканович 20.01.1981 Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Статс-катчы 84 Бейшенбекова Гүлмира Абдырашитовна 10.01.1982 «АЮ» ЖЧК Ашкананын башчысы 85 Абдразаков Баястан Кыдыкович 18.03.1972 Балыкчы шаардык ооруканасы Хирург-дарыгер 86 Сапаров Улан Бектурович 04.06.1985 «Восток Электро» ААК Башкы директордун соода иштери боюнча орун басары 88 Исаева Асылбүбү Абдыкеримовна 28.10.1955 Жумушсуз 89 Харьковская Ольга Владимировна 27.01.1974 Жумушсуз 90 Барсукова Юлия Анатольевна 02.10.1985 «Интергласс» ЖЧК Лаборант 91 Асанбеков Кубан Орунбекович 09.08.1976 «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Башкы директордун орун басары 92 Исаева Чынаркүл Бейшенбековна 27.08.1968 «ТалденДринкс» ЖАК Башкы бухгалтер 93 Лысенко Лариса Николаевна 05.04.1965 «Артезиан» ЖЧК Кадрлар боюнча бөлүмдүн адиси 94 Парпиева Дилноз Шүкүровна 02.10.1982 Жумушсуз 95 Домаев Виктор Владимирович 13.03.1960 Ысык-Көл токой чарбасы Долбоордун консультанты 96 Исаева Салтанат Мурзабековна 23.07.1992 Жумушсуз 97 Тургунбекова Арина Канатбековна 04.01.1999 Пазмани атындагы Будапешт университети Магистрант 98 Сануева Гүлясар Исаевна 03.02.1976 «Винодел» ЖЧК Бригадир 99 Кубанычбеков Алишер Кубанычбекович 21.02.1985 «РН Кыргызнефтепродукт» ЖАК Башкы адис 100 Иманкулова Асылкан Сааматовна 18.12.1965 Пенсионер 101 Садовникова Валерия Викторовна 05.10.1982 Экономика министрлиги Жетектөөчү адис 102 Енгалычева Асель Альфредовна 07.11.1969 Жеке ишкер Шайлоо мыйзамдарына ылайык саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 75тен аз эмес, 200дөн ашпаган талапкердин документин тапшырышы керек. Талапкерлеринин документтери талаптарга шайкеш келген партиялар парламенттик шайлоого катышуу укугуна ээ болот. БШК мындай укукту 15 партияга берди. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат. (BTo)

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:36

БШК: эл аралык уюмдардын 25 өкүлүн байкоочу катары аккредитациядан өткөрүү токтому кабыл алынды

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 4-октябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын 25 өкүлүн эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрүү токтомун кабыл алды. БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, алар ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Миссиясынын байкоочулары жана Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:31

“Бир Болдун” алдыңкы саптагы талапкерлери жөнүндө кызыктуу фактылар

“Бир Болдун” алдыңкы саптагы талапкерлери жөнүндө кызыктуу фактылар #БирКандидатБирФакт #БирБол #Тазалан #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:36

Шайлоо - 2020: Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого үгүт иштери башталды

4-сентябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого үгүт иштери башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттады. Комиссиянын кечээки жыйынында жумушчу топтун чечимдери окулуп, добушка коюлду. Алардын катарында “Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу сунуш болду. Жыйынтыгында “Бүтүн Кыргызстан” менен “Актив” партиясы шайлоодон четтетилди. “Актив” партиясын шайлоодон четтетүүгө күрөөгө акча каражатын койбогондугу негиз болду, ал эми “Бүтүн Кыргызстанды” съездде мыйзам бузулган деген жүйөө менен БШК каттоодон баш тартты.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:36

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы парламенттик шайлоодон четтеди

БШК "Бүтүн Кыргызстан" партиясын парламенттик шайлоодон четтетти. Б орбордук шайлоо комиссиясынын көпчүлүк мүчөсү жогорудагы чечимди колдоп добуш беришти. Мындай чечим БШКнын жыйынында кабыл алынды. Кошумчалай кетсек, БШКнын 9 мүчөсү "Бүтүн Кыргызстан" партиясын шайлоодон четтетүү сунушун колдосо, 2 мүчөсү каршы болду.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 21:43

Биздин кандидат.

Биздин кандидат. Мыкты, таза саясатчы кылып өстүрөбүз.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 16:44

Ыйман Нуру - 3

Ыйман Нуру - 3 Жүрөктөн чыккан сөз жүрөктөн орун табат! ⠀ Берекелүү жашоо - сиздин тандооңуздан көз каранды. ⠀ Добушту сатуу, жашоону, келечек муундун өмүрүн сатканга барабар!!! ⠀ Акыл калчап туура тандоо жасайлы! ⠀ @nurzhigit_kadyrbekov_official @ashymovadinarakg

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:36

Ачык жана таза шайлоону өткөрүүгө аракет

Шайлоо өнөктүгүндөгү үгүт иштерине уруксат берилгенине төрт эле күн болгонуна карабай саясий жарыш активдүү фазага келди. Бул жолку үгүт иштери өзгөчө кырдаал шартында өтүүдө. Жарышка катышкан саясий партиялардын барына бирдей шарттар түзүлдү. Мыйзамдык укуктук база мурда айтылгандай бир жыл мурда бекитилди. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн алдыдагы тандоо маанилүү, бирок бүгүнкүдөй абалда калк саламаттыгы да биринчи орунда турат. Теманы Амантур Шергазиев улантат...

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:36

Баткен облусунда шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү

Баткен облусундагы КРнын ЖКнин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү. КРнын БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова жана КРнын вице-премьер-министри А. Мадумаров Баткен облусундагы шайлоо участкаларынын даярдык процессин облустук жетекчилик, жергиликтүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен талкуулашты. Штабдын башчылары шайлоо участкаларында болушуп, Баткен, Кызыл-Кыя, Кадамжай шаарларында, Баткен облусунун бир катар айыл өкмөттөрүндө УШКлардын материалдык-техникалык жабдылышын текшеришти. Учурда Баткен облусунда 215 шайлоо участкасы иштеп, анда жалпы саны 289518 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын контролдук тизмеси шайлоо участкаларында илинген. Баткен районунун шаарларында жана айыл өкмөттөрүндө биометрикалык каттоодон өтүүчү 26 пункт бар. Шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактоо жана биометрикалык каттоодон өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтык плакаттар жана баннерлер илинген. КРнын БШКсы менен УШКнын ортосунда ыкчам маалымат алмашууну жакшыртуу максатында, шайлоо участкаларына планшеттер жана телекөрсөтүү мониторлору таратылды. Жабдуулар Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан берилген. Гаджеттер билим берүү максатында, участкалык комиссиянын мүчөлөрү жана шайлоочулар үчүн дагы бирдей колдонулат, бул үчүн БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен видеотасмалар тартылган. УШКларды пандустар жана чакыруу баскычтары менен жабдуу иштери динамикалуу жүрүп жатат, ДМЧА муктаждыктарынын карталары түзүлүп, алардын негизинде алардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга жардам көрсөтүлөт. Комиссиянын мүчөсүн чакыруу баскычтары майыптарга, кичинекей балдары бар ата-энелерге жана улгайган адамдарга арналган. Шайлоо участкаларында маалыматтык жана үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн атайын орундар бөлүнгөн. Ушул этапта комиссиялардын мүчөлөрүнүн (3 шаардык жана 3 округдук шайлоо комиссиясынын 72 мүчөсү, участкалык шайлоо комиссиясынын 2675 мүчөсү) ден соолугун коргоо максатында 4400 медициналык бет кап, кол кап жана 440 литр дезинфекциялоочу каражаттар (антисептиктер) таратылды. Шайлоо күнү УШК мүчөлөрү үчүн респираторлор, бардык шайлоочулар үчүн бет каптар жана кол каптар берилет. Облустук жана шаардык штабдын отурумунда Н. Шайлдабекова мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынып, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти, атап айтканда, административдик ресурсту партиялардын шайланышына жана талапкерлердин кызыкчылыгына пайдалануусу боюнча эске салды. Ошондой эле ал шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүдөн алыс болуп, мыйзамдарда көрсөтүлгөн чектерде комиссияларга жардам берүүгө чакырды. Бул түзөтүүлөр добуш сатып алуу үчүн жооп бере турган субъекттердин чөйрөсүн дагы кеңейтти. Шайлоочулардын добушун сатып алуу – кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу иш-аракет болуп саналат, ал үчүн талапкердин өзү гана эмес, анын жакын туугандары, талапкердин өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдар, мурда болгондой, ошондой эле добуш сатып алууда катышкан ар бир жаран жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Талапкерлердин жана партиялардын добушун сатып алуу 220000 сомдон 260000 сомго чейин айып пул салынат же 2 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат. Шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын катышуусунда түзүлгөн Ыкчам жооп кайтаруучу координациялык топтор добуш сатып алуу жана башка мыйзам бузууларга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүшү керек, ошондой эле көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө коомчулукка маалымат берип турушу керек. Өз кезегинде, А.Мадумаров жергиликтүү бийликке УШКларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону, шайлоодо технологиялык жабдууларды коргоону, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле, мамлекеттик органдарга региондогу эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдө кармоо жана объектилердеги санитардык нормаларды жана талаптарды, жарандардын ден соолугун коргоо чараларын камсыз кылууга чоң көңүл буруу тапшырылды.

Подробнее
10 сентября 2020 г. 17:45

Өлкөнү өнүктүрүүгө багыт алган "Мекеним Кыргызстан"

Өлкөнү өнүктүрүүгө багыт алган "Мекеним Кыргызстан" саясый партиясы өзүнүн программасын мамлекетте болуп жаткан башкы көйгөйлөрдү эске алуу менен иштеп чыкты. Тагыраагы, аталган партия башка партиялардан айрымаланып, популизмден алыс болуп, конкреттүү жана натыйжалуулукка багытталган.

Подробнее
30 сентября 2020 г. 13:50

Суроо жокто ийгилик каалап жатышты. Шайлоого аттанган беш партиянын дебаты өттү

28-сентябрда партия лидерлеринин теледебаты өттү. Дебатка беш партиянын лидерлери катышты. Алар: "Мекеним Кыргызстан" - Мирлан Бакиров, "Социал Демократтар" - Темирлан Султанбеков, "Реформа" - Клара Сооронкулова, "Ата Мекен" - Жанар Акаев, "Ордо" - Мирбек Мияров. Суроо: Биз акыркы эки чакырылыштын депутаттарына кайрыла турган болсок, 5-6 чакырылышты карай турган болуп турабыз. Экөөндө тең айтылган убадалар эмне үчүн аткарылган жок десек шылтоолор окшош. Биз азчылык болуп калдык, коалицияга кирбей калдык, ага кирген күндө дагы бизди эч ким уккан жок. Опозицияны эч ким тоготпойт экен же болбосо айрым учурларда биз өкмөткө сунушталгандардын эки колун бош койдук, дагы ошол киши баарына жооп берсин дейбиз. Өкмөт башчысын дайындоо милдети өкмөттү түзүү, аткаруу бийлигинин ишинин сапатына көзөмөл кылуу жана арттыруу. Жогорку Кеңеште тургандан кийин мындай сөздөр бардыгы кандай кабыл алынышы керек жана сиздер бүгүн бара жаткан шайлоо алдында айткан убадаңарды так аягына чейин аткарылыш үчүн кандай кадамдарга барасыздар? Мирлан Бакиров: “Биз бүгүн парламенттик, президенттик башкаруу системасында жашап жатабыз. Мындай системада жоопкерчиликти парламент алышы керек. Парламент ичиндеги коалиция же көпчүлүктү түзгөн фракциялар калышы зарыл. Мына ошондо толук жоопкерчиликти алат. Эмне үчүн бешинчи жана алтынчы чакырылышта мындай шылтоолор болуп келди? 4 партия 3 фракция түзгөн учурларда жоопкерчилик, тилекке каршы, бир фракцияда гана калган жок. Муну азыркы мүчүлүштүк катары айтсам болот. Албетте, биз парламентке келечекте жоопкерчиликти алууга даяр болуп бара жатабыз”. Темирлан Султанбеков: "Бүгүнкү күндө мамлекеттик башкаруу системинде башаламандык болуп турат. Чынында президент парламенттин, өкмөттүн, соттун да ыйгарым укуктарын өзүнө алып алгандай. Андыктан өлкө башчылыкка кандай жакшы адам келсе дагы ортосуна эки-үч адам туруп алып, башкача кылганга аракет кылышат. Биз парламенттик системди сунуштайбыз. Бирок ал систем азыркы парламенттей болбойт. Биз 120 депутаттын санын 40ка түшүрөбүз. Ал кырк депутат сапаттуу иштеши үчүн партиялык системди жоюп, аты-жөнү аркылуу тандашыбыз зарыл. Улуттук лидерлерди өзүбүз тандашыбыз керек деген планды коюп жатабыз. Андан тышкары шайлоо учурунда эле кайсы талапкер кайсы министрликке барарын ачык айтышыбыз керек". Жанар Акаев: "Буга чейинки депутаттар кантип иштегенин көрдүк. Бүт президентке кошомат кылып, элге кызмат кылгандын ордуна жүгүнүп, президентке жагалданып отурушат. Ушундай системаны жоюунун бир эле жолу бар. Күчтүү, билимдүү, саясий эрки бекем, духу күчтүү партиялар парламентке өтүшү керек. Олигархтар, уурулар, коррупционерлер эч качан президентке каршы чыга албайт. Биздин программада так жазылып турат. Жоопкерчиликти премьер-министр алышы кажет. Президент бүгүнкү күндө жөн гана орбитр болуп отурушу керек. Биз ушуну коё турган команданы түптөй алдык". Мирбек Мияров : "Өзүбүзгө белгилүү болгондой, 6-чакырылыштагы парламенттин депутаттары абдан алсыз. Ошого байланыштуу бийлик дагы алсыз. Анын кесепетинен башыбыздан өткөн пандемияда 1 жарым миңге чукул элди жоготтук. Мындай нерсе болбошу үчүн бизге эмне керек? Биздин программада жазылгандай, 2 палаталуу парламентти киргизүү керек. Анткени элдин үнү бүгүн көчөдө. Парламенттин ичинде оппозиция жок. Ылдыйкы палатада депутаттын санын 60ка кыскартып, ал эми жогорку палатага жергиликтүү кеңештерден шайланган спикерлерди дайындоо керек. Элдин үнү, оппозиция парламенттин ичинде болушу керек". Клара Сооронкулова: "Биз эл катары калпычы, куру убада берген депутаттардан тажадык. Ошондуктан 11-сентябрда элге кайрылып, программабыздын негизги беш багытын 500 күндө аткарбасак, биз мандатыбызды тапшырып кетебиз деп убада бердик. Ошондой эле кадамдарга башка партияларды чакырдык, тилекке каршы, бир дагы партия биздин демилгени колдогон жок. Биз ошол убадабызга бекем турабыз". 2-суроо: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда, чындыгында инвестицияларды көбөйтүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Ошентсе да инвестиция тартуу рейтингинде баарыңар билесиңер, биз 80-орунда турабыз. Айтыңыздарчы, сиздердин оюңуздар боюнча бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү үчүн чет элдик инвестициялардын көлөмү канча болушу керек деп ойлойсуздар? Мирлан Бакиров: “Жалпысынан ишкерлик жана инвестиция тынчтыкты жана туруктуулукту сүйөт. Биринчиден, туруктуу экономика болуш керек, аны менен бирге өкмөт, парламент, баары туруктуу болгону талапка ылайык. Албетте, буга бизде чоң потенциал, мүмкүнчүлүктөр бар. Айрыкча экономиканы көтөрүүгө агрардык, тоо-кен өнөр жайы жана энергетикалык сектор чоң жардам бере алат. Биздин программабызда бул тармактарды кантип көтөрүү керек экени конкреттүү жазылган. Убагында Кыргыз өлкөсү агрардык жактан алдыда болгон. Учурунда казынага бул тармак 32 пайыз киреше алып келип турган, азыркы тапта 13 пайызга чейин түшүп кетти. Биз бул жоготууларды кайра кайтаргыбыз келет”. Темирлан Султанбеков: "Биз бул жакта инвестиция жөнүндө талкуулап жатканда. Кыргыз өлкөсүнүн инвестициялык агенттигинин жетекчиси кайсы бир бийликчил партиянын атынан шайлоого бара жатат. Мен андан жакында эле инвестиция боюнча жооп берген мамлекеттик органдын жетекчиси катары өкмөттүн макулдашуусунун кайсы пунктунда инвестиция боюнча программа турат сурадым. Ал билбейт экен. Албетте, мындай адамдар турганда инвестицияны кантип өнүктүрөбүз? Мен азыр аймактардан келдим, ал жерде кичинекей шаарда эле 6 ресторан бар экен. Ал ресторандардын ээлери ошол шаарлардын мэрлерине жер, суу сурап кирери бышык. Андыктан мен мэрлерден: "Эмнеге сиздерде ошол маалда инвестициялык сунуштар болгон жок?" деп сурадым. Мисалы, ресторандын ээлери келгенде бул көчөгө мындай тигүүчү цех ачса болот. Бул жакта мынча жумушсуз отурган айымдар бар. Алар тиккенди билет деген папка болушу керек да. Кыргыз өлкөсүнө каражат деңиздей агып келет. Акыркы көчмөндөр оюндарына эле 100дөн ашык мамлекеттен келишти. Кыргыз өлкөсүнүн өздөрүнүн жарандары деле азыр абдан көп каражат табышат". Жанар Акаев: "Ишкерлер капиталды чыгарып кетип жатат. Мына 2 миллиард доллардай акча чыгып кетти. Анткени Кыргызстандын сотуна, укук коргоо органдарына ишенбейт. Бизнес кылам деген адамга эч кандай шарттар түзүлгөн жок. Миллиондогон каражаттар менен келген инвесторлор бар. Бирок соттон, укук коргоо органдарынан утулат. Каралары дагы, агы дагы инвесторлорду кыйнайт. Керек болсо өзүбүздүн ишкерлер Кыргызстандан келечегин көрбөй чет өлкөгө акчаларын алып чыгып кетип жатышат. Ошондуктан мунун өзөгүн чечиш үчүн биз соттук-укуктук реформа жасашыбыз керек. Инвесторлорго таптакыр тийбей, жакшы шарт түзө тургандай системаны калыбына келтиришибиз керек" . Мирбек Мияров: "Ар бир инвестор алгач Конституцияны карайт. Ага ылайык, биз эмгек кодексин толугу менен карап чыгышыбыз керек. Аны өзгөртүү менен инвестицияны тарта алабыз. Экинчиден, Кыргыз өлкөсү кызыл зона болуп саналат. Анткени биздин чек арада дайыма конфликттер болуп турат. Биз эгемен болгон жылдар аралыгында 33 өкмөт башчы алмаштырдык. Мындай шартта кайсы инвестиция жөнүндө кеп кыла алабыз. Инвестиция кылардан мурда алгач стабилдүү мамлекет тургузушубуз керек. Кыргыз өлкөсү кедей мамлекет эмес, тонолгон мамлекет". Клара Сооронкулова: "Биз жеке ишкерлерге шарт түзүп бере албай жатабыз. Ал эле эмес, өзүбүздүн ички инвесторлорго дагы шарт түзүлө элек. Мен жөн гана Кытай инвесторун мисал кылгым келет. Ал турак жай курган. Ал курган объект рейдерлик жол менен тартып алынган. Буга элдин да чоң тобу катышкан. Анын ичинде мурунку аткаминерлер болгон, азыр бул боюнча иликтөө жүрүп жатат. Мындан улам биз инвесторго мыйзамдуулук, адилеттүүлүк боюнча кантип кепилдик бере алабыз?”. 3-суроо: Президент жакында өткөн Коопсуздук кеңешинде дагы бир жолу айтты. Коррупция менен күрөшө турган органдар бүгүнкү күндө өздөрү коррупцияга малынып отурат деп. Биз бул кызматтарда орундардын соодалашуусу, 500, 200 миң долларлап кеткен паралар жөнүндө угуп жүрөбүз. Мамлекеттик кызмат адамынын айлыгын алып, бирок эң алдыңкы бизнесмендердин жашоосунан жакшы жашаган өкүлдөрүн билебиз деп айтып жүрөбүз. Мына ушул кырдаалдан биз канткенде тазалана алабыз? Эгер сиздердин партия парламентке келсе ушул кырдаалды кантип өзгөртөт? Мирлан Бакиров: “АКСти жоюуга мен кошулам. Коопсуздук кеңеши бул мамлекеттик коопсуздук кызматы катары чек ара маселесин дагы бүт өзүнүн ыйгарым укугун так атакаршы керек. Каржы жана экономикалык кылмыштуулук боюнча бизде орган бар . Бүгүн ишкерлерге тоскоолдук кылып жаткан эки орган - бул АКС жана өкмөттүн алдындагы экотехинспекция. Мына ушул органдар майда-барат иштерге аралашып, булганып, ала турганын алып жүргөнү эл арасында да айтылып жүрөт”. Темирлан Султанбеков: "Экономикалык сотторду түзүү керек. Анткени бүгүнкү күндө адам өлтүрүү же башка кылмыштар боюнча иштерди караган соттор экономикалык иштерди, кылмыштарды карай албайт. Мен кээ бир соттук отурумдарга катышкам. Ал жакта соттор насыялык макулдашуу эмне экенин да билишпейт. Бир сөз менен айтканда, экономикалык терминдерди түшүнүшпөйт. Экономикалык чырлуу иштерди кароо үчүн арбитраждык сот керек. Бизде ал жок. Инвемтор тигил же бул органга кайрылышы керек да. А бүгүнкү күндө инвестордун кайрыла турчу органы жок. Экинчиден, эл аралык аянтчаларда көп түзүү керек". Жанар Акаев: "Кыргыз чиновнигинин бүгүнкү күндө айлыгы менен байлыгы туура келбейт. Ошону туура келгидей кылышыбыз керек. Мына биз билебиз да бажыда, прокуратурада, Финполдо, Салык кызматында иштегендин баары Жиптерди минип, хансарайларда жашаганын угуп эле жүрөбүз. Президенттин дагы сөзү менен иши дал келиши керек. Ал улам Коопсуздук кеңешин өткөрүп, "коррупция менен күрөшпөй жатасыңар" деп уруша бергени менен, андан конкреттүү натыйжа чыгарышы керек да. 500 миң доллар менен министрдин орун басары кармалды. Аны президент Коопсуздук кеңешинде урушуп кызматтан алды, бүгүн бийликтин партиясы менен уялбай эле шайлоого бара жатат. Коррупцияга каршы кызматын УКМКдан бөлүп чыгышыбыз керек жана УКМКны түздөн-түз парламентке баш ийдиришибиз зарыл". Мирбек Мияров: "Биздин партия ар бир аймак үчүн ири долбоорлорду белгилеп койду. Алсак, Баткен облусуна жалпы баасы 5 миллиард долларга жакын болгон логистикалык борбор курууну каалап жатабыз. Мисалы, биздин өлкөдөн дүйнөнүн булуң-бурчуна авиаташууларды уюштурсак болот. Эгер биз Баткенге логистикалык борбор курсак, биз миллиарддаган салык алып келип, жарандарыбызды жумуш орду менен камсыз кыла алабыз". Клара Сооронкулова: “Бул маселе биздин программада абдан кенен каралган. Анткени мен өзүм ушул тармакта көп иликтөөлөрдү алып барып жүрөм. Баштаганда эле УКМКдан баштасак деп турабыз. Биздин программада УКМКны мамлекеттик коопсуздук комитетине айланталы деп жатабыз. Буга чейин дебаттарда да айтылып кетти. Анткени бул мекеме өзүнө тиешелүү эмес көп иштерди аткарат. Өзүнүн табияты боюнча алар чалгындоого жооп бериши керек. Анткени алар купуя сыр дегенге жамынып алып билгенин кылып жатышат” . Партия лидерлеринин бири-бирине берген суроолору: “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Мирлан Бакировдун партия лидерлерине берген суроосу: “Бүгүнкү кырдаал эгемендүүлүк учурубузда экономика, социалдык маселе азык-түлүк коопсуздугу маанилүү. Мына ушундай учурда менин атаандаштарым парламентке келип калса консализация болуп, бир пикирге келип, эгерде конституциялык реформа болсо, көбүрөөк басымды кайсы багытка жасайын деп турасыңар? “Ата Мекен” партиясынын лидери Жанар Акаевдин жообу: “Мен жанагы эле жообумду берем. Өлкөдө бир эле кожоюн болуп, жоопкерчиликке тарта турган парламент жана премьер министри болуш керек. Азыркы баш мыйзамды күчөтөбүз, бирок депутаттарды кыскартуу боюнча жогоруда кесиптештерим айтып өттү. Эгерде андай болсо биз бул маселени кароого даярбыз”. “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулованын жообу: “Парламентте сөзсүз оппозиция болуш кажет. Кайсы тармак болбосун коррупцияга каршы бийликти тазалоого өзгөчө мүлктүк иллюстрация керек. Мыйзамсыз байыгандар менен күрөшөбүз. Эң биринчи кадамыбыз ушул болот” . "Социал-Демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун "Ата-Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаевге берген суроосу: "Силер тазабыз деп жатасыңар. Анда эмнеге шайлоо фондундагы каражат боюнча 4-чү орунда бара жатасыңар. Каражат боюнча алдыңкы тизмедеги партиялар менен бирдей акча коротуп жатасыңар? Жооп: "Бирдей деген туура эмес болуп калат. Башка партияларга окшоп жашырган жокпуз. Баарын ачык көрсөттүк. Анткени биздин катарда таза ишкерлик менен алек болгон адамдар бар. Алар шайлоо фондуна салымдарын кошту. Эмил Токтошев, Эльвира Сурабалдиева сыяктуу жаратман ишкерлерибиз бар. Алдыдагы үч партияга жарымынан дагы тең келген жокпуз" . Жанар Акаевдин "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакировго берген суроосу: Раматылык Чубак Жалилов өлөрүнүн алдында кайра-кайра какшап атты. Добуш саткан дагы арам, сатып алган дагы арам деп айткан. Урматтуу Мирлан мырза, сиз Кудайдын алдында ушул сөздү кайталап коё аласызбы? Жооп : "Биз укуктуу мамлекетте жашайбыз. Биз мусулман калкпыз. Чубак ажы аалымдын жайы жаннаттан болсун. Добуш саткан дагы арам, сатып алган дагы арам. Аны тастыктай турган мыйзам. Аны ишке ашыра турган, кармай турган тийиштүү органдар бар. Ошондуктан бүгүн биз башынан ушул шайлоону таза, татыктуу өткөрөлү деп айтып келе жатабыз жана ошол пикирибизге турабыз". "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияровдун "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакировго берген суроосу: "Сиз 2010-жылы "Республикадан", 2015-жылы "Өнүгүү-Прогресстен", азыр "Мекеним Кыргызстан" партиясынан келе жатасыз. Сизде принцип барбы?" Жооп : "Биринчиден, сөздөрүңүздү далилдеп сүйлөңүз. Экинчиден, бизде 260 саясий партия бар. Партиялардын ортосундагы диалог, пикир алышуу, сүйлөшүү, келишүү - бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Сиз айтып жаткан дооматтар туура келбейт. Мен жаштардын демилгеси менен түзүлгөн партияга мыкты жигиттердин сунушу менен, конкреттүү команда менен келип жатам". Суроо: Сиздердин программада коррупция жөнүндө айтылбаптыр. Эмнеге? Жооп: "Биз конституциялык реформага макулбуз деп айтып кеттик. Ага ошол эле коррупция, сот системи, парламенттик структуранын кыскарышы болуп бардыгы камтылат. Коррупция жок болушу үчүн ачык-айкындуулук, экономика көтөрүлүшү керек. Арзыбаган эмгек акы алган салык кызматкери жана башкалар айла жоктон коррупцияга барып жатат. Ошондуктан биздин негизги максат - бул экономика". "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияровдун "Ата Мекен", "Ордо" , "Социал-Демократтар" партиясына берген суроосу: "488 миңден жогору шайлоочу форма-2 боюнча шайлоо тизмесине кирди. Ушунун негизинде шайлоону легитимдүү деп тааный алабызбы? "Социал-Демократтар" жооп: "Биз муну менен 400 миңден ашык кишиге акча берилди, алар сатып алынды деп айтсак болот". "Ата-Мекен" жооп: "Мыйзам боюнча алып карасак, биз эч нерсе дей албайбыз. Анткени алардын добуш берүүгө укугу бар. Форма-2 менен бир шаардан экинчи шаарга ташылган жарандарга ишеним бар. Анткени алар ойгонуш керек. Аларды ташып, кордоп, мажбурлап жаткан адамдарга карыш кабинага киргенде силерге, бизге окшогон жаш команданы өзү билип туруп тандашы керек. Кабинага киргенде аларды эч ким көрбөйт. Алар өз тандоолорун жасашы керек". "Реформа" жооп: "Форма-2 боюнча айта турган болсок, "кыянаттык менен пайдалануу" деген берене жатат. Бул акчалуу партияларга жылчык болуп калды. Ошол жылчыкты өз пайдасына колдонуп кетишти. Шайлоочуларга терс пикиримди айткым келбейт. Анткени эл кыйналып турат. Элдин абалын пайдаланып, акча менен азгырып, көчүрүп жатышат. Форма-2 боюнча катталгандардын саны жарым миллионго жакындап калыптыр. Мындай эч качан болгон эмес". 00:23 29-09-2020 Автор: Азат Бейшенбеков, Гүлшат Ысамамат кызы, Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:42

А.Шыкмаматов: “Коррупционерлер мамлекетти башкарууну көздөөдө”

“Жемкорлор жазаланмак турсун, мамлекетти башкаруу дымагы менен шайлоого келе жатышат. Алар бүтүндөй шайлоочуларды, ал эле эмес партия, партия лидерлерин сатып алууда”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Ат-Башы эли менен жолугушуу учурунда билдирди. “Мен билем, калк арасында анализдүү ойлонуп, көз карандысыз чечим чыгарган жарандар көппүз. Уурулардын бийликке келе турган жолдорун бууп, жакын да жолотпойбуз!” -деди Шыкмаматов. Анын айтымында, добушту сатып алгандар 5 жылда миллионерге айланса, аз акчага алдангандар эки эсе жарды болушат. “ Реформа катуу жүргөн Сингапур, Түштүк Корея, Малайзия өлкөлөрүндө мыйзам жана темирдей тартип күч болгон. Мисалы, Грузияда эки жылдын ичинде мыйзамдагы уурулар, 300дөн ашык сот, 250дөй прокурор, жүздөгөн бажычылар камалып, темирдей тартип орноп, мыйзамдын жогорку күчү камсыз болгон. Мына ошондой мамлекетте гана реформа жүрүп, экономика өнүгүп, мамлекет байыйт. Эл бакубат жашайт!” “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 8-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:42

Кубанычбек Нурматов: Аймактарда жер аз, биз көп кабаттуу үйлөрдү курууну сунуштайбыз

«Кыргызстан» партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кубанычбек Нурматов Ош облусунун Араван районунун шайлоочулары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө райондун жашоочуларынын негизги көйгөйлөрү ичүүчү жана сугат суунун жетишсиздиги экенин айтышты. Шайлоочулар ошондой эле аталган аймакка футболдук стадион курууну суранышты. Өз кезегинде Кубанычбек Нурматов партиянын «Эл үчүн» деген программасында көптөгөн маселелерди чечүү жолдору бар экенин баса белгилеп, «Кыргызстан” партиясынын Араванга жасай турган иштери көп экенине токтолду. «Аймакта жер аз болгондуктан, биз ушул жерге 5-9 кабаттуу үйлөрдү курууну сунуштайбыз. Долбоорду 2 жылдын ичинде бүтүрсө болот. Жергиликтүү банктар 10 жылга ипотекалык насыя берүүгө даяр. Ошол эле учурда, баасы мугалимдерге дагы, дарыгерлерге дагы жеткиликтүү болот», – деп белгиледи К.Нурматов. Ошондой эле талапкер шайлоочуларга кайрылып, эгер өлкөдө өнүгүп-өсүү болсун десеңиздер жана жаркын жашоону кааласа «Кыргызстан» партиясын тандоолору керектигин белгиледи. Шайлоочулар партиянын программасын колдоп, анын Жогорку Кеңеште өтөөрүнө ишеним ин билдиришти. Белгилей кетсек, «Кыргызстан» саясий партиясы «Эл үчүн» программаны сунуш кылат. Ал программада турмуштун эң маанилүү тармактары камтылган жана өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча орто жана узак мөөнөттүү стратегияларды камсыздай алат. Бул программаны аткарууда партия төмөнкүдөй максаттарды алдыга коюп жатат: Экономика саясатка караганда маанилүү Социалдык чөйрө – ар бир үй-бүлөдөгү жыргалчылык Маданият жана билим – бул элдин баалуулугу Натыйжалуу эл аралык саясат Коопсуздук жана мыйзамдын үстөмдүгү. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 08.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:43

Соңку жаңылыктар: Шайлоого көз салууга 25 эл аралык байкоочу катталды. Коронавирус жуктурган адамдардын саны 44 526га жетти

ШАЙЛООГО ЭЛ АРАЛЫК БАЙКООЧУЛАР КАТТАЛДЫБорбордук шайлоо комиссиясы  парламенттик шайлоого карата эл аралык байкоочуларды каттоону баштады. Боршайкомдун маалыматына караганда, 7-сентябрдагы отурумда эл аралык уюмдардын 25 байкоочусу расмий каттоого алынды.Алардын 18и Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан, бешөө Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинен (КМШ), экөө Молдованын Боршайкомунан.Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Азыр бир айлык үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.ЖОЛ КЫРСЫГЫНДА 1 АДАМ КАЗА БОЛДУКубакы ашуусунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.Маалыматка ылайык, 7-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында (Кубакы ашуусу) “Volkswagen Polo” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.Кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы адам каза болгон.ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.КОРОНАВИРУС АКЫРКЫ АБАЛКыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 198 бейтап айыгып чыкты, бирок ошол эле убакта дагы 68 киши илдет жуктуруп алганы катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.Ушуну менен жалпысынан өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 44 526га жетти. Анын ичинен 40 158 бейтап ооруну жеңип чыкты.Учурда өлкөдөгү ооруканаларда 551 киши жатат, ал эми амбулатордук дарыланууда 2 627 бейтап бар. Коронавирустун кесепетинен кечээ Бишкек шаарында бир адам каза болду. Аталган оорудан ажал тапкан кыргызстандыктардын жалпы саны 1 062ге жетти.Ал эми Ош облусунда бир медик COVID-19 жуктуруп алганы аныкталды. Ошол эле маалда бир суткада төрт медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининде дарыланып жаткан 17 ак халатчандын сакайганы маалым болду.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:43

Оштун тургуну шайлоо алдында паспорт чогултуу чуу менен коштолуп жатканын айтып чыкты. Видео

Ош шаарынын тургуну парламенттик шайлоого жакын паспорт чогултуу чуу менен коштолуп жатканын айтып чыкты. Анын билдиришинче, үгүт иштери расмий башталган 4-сентябрдан тарта ар бир партиянын үгүтчүлөрү арасында паспорт чогултуу ызы-чуу менен коштолуп жатат. Жусуп Кошмат уулунун «Т-Медиага» билдиришинче ал жашаган аймактагы Анар кичи районунда үгүт иштерин жүргүзүүгө официалдуу уруксат берилгенден тартып жашоочуларга тынчтык жок. Түн жарымга чейин ар кайсы партиянын үгүтчүлөрү келип, үймө-үй кыдырып паспорт сурап жашоочулардын тынчын алып жатышат. « Түндөсү 12-1 де келишет. Келип паспорт сурашат. Жада калса, түшүнүк кат да жаздырып алышууда. Бизде 4 подъезд болсо ар биринде бирден агитатор бар. Алар тынчтык бербей жатышат. Өз ара шайлоочуларды талашып, урушуп да кетип тынчыбызды алып жатышат. Тынчтык жок. Кээ бирлери “балдар аянтчасын куруп беребиз”, дагы бири “чатырыңарды жаап беребиз” деп келе берип чарчатты », — дейт Жусуп Кошмат уулу. Үгүт иштери башталар замат социалдык тармактарда түрдүү видеолор тарады. Анда партиялардын добуш сатып алууга кылган аракеттерин көрүүгө болот. Мына добуш сатып алып жатышат, уялбай сатып жатышат. Алар 5миң берсе биз 5миң 500 беребиз дейт Жээнбековдун адамдары окшойт! Уят балдарыңардын Мамлекеттин келечегин сатып жатасыңар! #Ойлон #Ойгон #Добушсатпа #сатылба #тууратанда! Опубликовано Жоодаром Шүкүралиевым Понедельник, 7 сентября 2020 г. Бирок бул көрүнүштөргө Боршайокомдун аймактык өкүлчүлүгү расмий кайрылуу болгондо гана чара көрө ала тургандыктарын билдирет. « Жашоочулар бизге расмий кайрылыш керек. Анткени бир партия башка бир атаандаш партиясын каралап коюушу да мүмкүн да. Бизге так маалыматтар менен кайрылса гана анан карап чыгабыз », —дейт БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров. 4- сентябрдан тартып өлкөдө үгүт иштери башталды. Шайлоого 15 партия катышууда. Талапкерлер аймактарда шайлоочулар менен жолугуп, болуп көрбөгөндөй убадаларды беришүүдө. Алардын арасында буга чейинки чакырылыштарда да мандат алып, бирок эл үчүн көзгө көрүнөрлүк кызмат кылбагандары да бар. Саясий серепчилер бул ирет деле мындай көрүнүш кайталанарын божомолдоп жатышат. Анткени бийликке ашыккандардын баары өз кызыкчылыгын, ишкердигин коргоону көздөшөт.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники