О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 17:17

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Биримдик" партиясы менен аттанып жаткан талапкерлер Памирбек Жолболдуев жана Жалил Худайбердиев шайлоочулар менен жолугушууну улантышууда.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Биримдик" партиясы менен аттанып жаткан талапкерлер Памирбек Жолболдуев жана Жалил Худайбердиев шайлоочулар менен жолугушууну улантышууда. 7-сентябрда аталган талапкерлер Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугшуу өткөрүп, партиянын программасы, идеологиясы менен тааныштырышты. Жолугушууга келген шаар тургундары талапкерлерге ак жол каалап, өз батасын беришти.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 23:29

Биз тренддебиз 💪

Биз тренддебиз 💪 #БирБол #шайлоо2020 #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #тазалан

Подробнее
7 сентября 2020 г. 18:51

Бийликке жаштар келсин деп көп жылдар бою айтылып келди

Бийликке жаштар келсин деп көп жылдар бою айтылып келди. Бирок жаштык менен бирге тажрыйба жана жоопкерчиликти ала билүүнүн да маанилүүлүгүн унутпайлы. Ысык-Көл облусундагы жолугушууларда парламентке келип эмнени өзгөртөсүңөр деп көп сурашты. Биз кландык башкарууну жок кылып, мамлекеттик башкарууда демократиялык принциптерге басым жасап, элдин кызыкчылыгын коргосок дейбиз! *** Много лет нам говорили, что во власти нужны молодые. Мы согласны, но кроме молодости необходим опыт, знания и сила воли, чтобы принимать ответственность за решения. На встречах в Иссык Кульской области нас спрашивают, что мы хотим изменить, придя в парламент? Мы отвечаем: устранить клановую структру правления, внедрять и дальше демократические принципы в государственное управление и защищать интересы людей, которые в нас верят!

Подробнее
7 сентября 2020 г. 23:30

Эмне үчүн "Бир Бол"?

Эмне үчүн "Бир Бол"? #БирБол #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 18:56

“Бир Бол” партиясынын максаты - жаштарды колдоо, заманбап жашоо куруу.

“Бир Бол” партиясынын максаты - жаштарды колдоо, заманбап жашоо куруу. Бир максатты көздөгөндөрдүн бири, Ош облусунан чыккан талапкер Айгүл Салиева үгүт иштеринин алкагында, партия мүчөлөрү менен бирге туулуп өскөн Уркуя Салиева айылына барды. Айгүл Салиева колдоп келген жердештерине ыраазычылык билдирип, партия лидери Алтынбек Сулаймановдун коомдогу ордун, көз карашын баалагандыктан, партияга мүчө болуп киргенин айтты. Ошондой эле билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Айтымында, көпчүлүк жаштар дипломун колго алгандан кийин чет жакка жумуш издеп кетишүүдө. “Билимге өтө олуттуу басым жасашыбыз керек. Албетте, Кыргызстанда заманбап билим алуу азыр мүмкүн эмес. Ага 3-4 жылдай убакыт кетет, биз билим берүү системасын өзгөртүүгө аракет жасайбыз. Индия 1930-1940-жылдары өнүгө элек мамлекеттердин катарында болгон. Алар жаштарын сыртка тил үйрөтүп, иштеп келүүгө жиберишкен, өнүгүүнү билимден башташкан. Азыр Индия медицина жаатында эң алдыңкы мамлекеттердин катарын толуктайт. Демек, биз да жаштарга татыктуу билим берип, аны кайра талап кылып, өлкөгө кереги тие турган иштерди жасашыбыз керек”, -деди А. Салиева.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 19:11

Азамат Араевдин жашоосунан ҮZҮМ-ФАКТ:

Азамат Араевдин жашоосунан ҮZҮМ-ФАКТ: Факт #1: «Дипломат» Кыргызстан эл аралык университетинин эл аралык укук адистиги боюнча бүтүрүүчүсү. Э. Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин Академиясын кызыл диплом менен аяктаган. Факт #2: «20 жыл күч структурасында иштеген» А. Араев 20 жашынан бери мамлекеттик кызматтарды аркалап келет. Буга чейин Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, Өкмөт аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн жетектеген. Факт #3: «Көп кылмыштардын бетин ачкан» РИИБде иштеп жүргөндө талапка ылайык, ай сайын 4 кылмыштын бетин ачып турган. Профессионалдык ишинде резонанстуу, эл аралык деңгээлдеги 10 кылмышты ачыктаган. Алардын ичинен жетөө Россия жана Казакстандын ИИМ менен бирге ишке ашырылган. Факт #4: «Спорттун бир нече түрү менен машыгат» Спорттун теннис, футбол, шахмат, дзюдо түрлөрү менен машыгат, эркин күрөш боюнча спорт чеберлигине кандидат. Факт #5: «20 жашында балалуу болгон» Үй-бүлөлүү. Бир уул, эки кыздын атасы.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 23:25

"Ата Мекен" саясий партиясы шайлоочулары менен жолугушууларын улантууда

"Ата Мекен" саясий партиясы шайлоочулары менен жолугушууларын улантууда Талас облусунан башталган жолугушууларыбыз бул апта соңу Ысык-Көл облусунун түштүк жээгиндеги айылдарында өттү. Жергиликтүү тургундар "Ата Мекен" партиясынын жаңы жүздөрү менен таанышып, суроолорун берип кеп курушту. Өзгөчө экономикалык маселелерге көңүл бурулду. Жергиликтүү тургундар үчүн кышка даярдык болгон туристтик сезондун начар болгондугун белгилеп өтүштү. Жолугушууларыбыз эми Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде улантабыз.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 21:38

“Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер аймактардагы шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатышат.

“Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер аймактардагы шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатышат.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 23:36

Абдумитал Абдуллахатов бүгүн, 7-сентябрда Ноокат шаарында эл менен жолугушуу өткөрдү.

Абдумитал Абдуллахатов бүгүн, 7-сентябрда Ноокат шаарында эл менен жолугушуу өткөрдү. Пандемиялык шартка байланыштуу ар бир кварталда талапка ылайык гана адамдар жыйналды. Талапкер өз сөзүндө "Биримдик" партиясынын платформасы, келечекке жасаган кадамдары бийик экенин белгиледи. "Биримдик" партиясынын аты атап тургандай эле бул ынтымактуулук. Улутуна, социалдык абалына, кай жерде экенине карабастан элдердин биримдикте болуусу" - деп, белгиледи талапкер. Партиянын негизги максаттарынын бири, демократиялык социализм - бул адамдардын социалдык теңдүүүлүгүнө алып келүүчү жол экенин баса белгиледи. "Партиянын дагы бир келечектеги жаштарга пайдалуу максаттарынын бири бул орто кесипке ээ кылуучу кесиптик лицейлерди көбөйтүү, жаштарды өнөр ээси кылып чыгаруу. Мындан сырткары элге, келечекке, өлкө үчүн андагы ар бир жаран үчүн пайдалуу программа түзүлгөн"- деди талапкер. Жолугушууда шайдоочулар суроо, көйгөйлөрү менен кайрылышты. Көпчүлүк таза суу, социалдык объекттер, жана инфракструктура, жарыктандыруу маселелери боюнча кайрылышты. Талапкердин буга чейинки жасаган иштери үчүн ыраазычылык билдиришип, ак баталарын беришти.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 23:38

"Биримдик" саясий партиясынын талапкерлерлери Араван районун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн эли менен жолугушту.

"Биримдик" саясий партиясынын талапкерлерлери Араван районун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн эли менен жолугушту. Араван районунан "Биримдик" саясий партиясындагы талапкерлер Өмүрбек Бакиров, Шукирилло Файзуллаев, Жалолидин Нурбаев элге партиянын программаларын таныштыруу менен Араван жергесининин дагы да өнүгүү стратегиясын айтып өтүштү. Мында Араван районуна шаар статусун берүү, чек ара, таза суу, жолдор жана медицина, билим берүү тармактарында өнүгүү болорун айтышты. Жыйында кандидаттар элди түйшөлткөн суроолоруна да жооп берүүгө жетишишти. Жыйында бардык санитардык эрежелер жана үгүт иштериндеги мыйзамдар толук сакталды. #КүчБиримдикте #СилавЕдинстве #Ош #Араван

Подробнее
8 сентября 2020 г. 11:11

“Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана партия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Шайырбек Маматокторов, Эсенбек Арзиев баштаган башка талапкерлер Ноокат районунда

“Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана партия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Шайырбек Маматокторов, Эсенбек Арзиев баштаган башка талапкерлер Ноокат районунда #БирБол #Ноокат #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:29

Депутаттыкка талапкер Талант Сарбагышев: Уурдаба, алдаба, айттыңбы — аткар!

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыка талапкер Талант Сарбагышев өзүнүн туулуп өскөн жери, Мекенибиз Кыргызстан жөнүндө айтып, 5 жылдагы өзгөрүү менен 30 жылдагы башкарууну айтты. —Мекен деген сөз адам үчүн эмнени туюндурарын бир сөз менен түшүндүрүү кыйын. Мекен — бул сен туулуп өскөн жер, ата-энең, эне тилиң. Менин мекеним — Кыргызстаным, өзүбүздүн эгемен мамлекетибиз бар экендиги менен өтө сыймыктанам. Жыйырма жылдан ашык ички иштер органдарында иштедим. Аздыр-көптүр ийгиликтерге жетиштим. Полковник наамында ардактуу эс алууга чыккан соң өзүмдүн кичи мекениме кайтып келип, регионалдык «Табылга» партиясына мүчө болуп киргем. Шаардык кеңеште жеңип чыгып, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагалыгына, кийинчерээк шаардын мэрлигине шайландым. Элге жакын болсоң, эл да муну баалайт. Шаардын мэри кызматын аркалап жүрүп көп көйгөйлөргө туш болдум. Бир суткада чечип койчу маселелер бир айлап чечилет экен. Калаа үчүн бир нерсе жасайын десең көмүскө жолдорун издеп, кимдир бирөөлөр менен жең ичинен сүйлөшүш керек. Эмне үчүн мындай? Талант Сарбагышев. Ооба, парламенттеги 5 жылдык мөөнөт көз ачып-жумганча өтүп кетет. Өлкөдө 30 жылда эмне өзгөрүү болгонун да көрүп жатабыз. Эгер Жогорку Кеңешке чындап эле элди, өлкөнү ойлогон, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө алган кишилер келсе өлкө азыркыдай абалдан чыгып, бат эле бутка туруп кетерине ишенем. Биздин өлкө чакан. Аны оңой эле башкарса болот. Эң башкысы — уурдаба, алдаба, айттыңбы — аткар деген үч принципти карманыш керек. —Буга чейин башка партиялар менен кызматташуу болгонбу? Эмнеге «Мекеним Кыргызстан» партиясын тандап алдыңыз? —Биз көп эле партияларды көрдүк. Мен өзүм регионалдык деңгээлде «Табылга» партиясынын тең уюштуруучусу болгом. Азыркы шайлоода ал «Мекеним Кыргызстан» менен бирикти. Бул партия мага өзүнүн жаңычылдыгы, өз алдынчалыгы жана стандарттуу эмес идеялары менен жагат. —Коомчулук, партиялар убада берет аткарбайт" дешет, Сизчи сөзүңүзгө турасызбы? — Партияга алдыга коюлган максаттарын аткарууга жетишип, өлкөнү реалдуу түрдө өзгөртө алган чечкиндүү, амбициялуу адамдардын чогулганы өтө маанилүү. Албетте, бардык эле партиялар убада берет, арасында «асмандагы айды алып берем» дегендери да бар. Бирок биздикилер андай эмес, биз айткандын өтөсүнө чыгып, өзүн реалдуу иш менен көрсөткөн кишилербиз. Эгер мен депутат болуп калсам, мыйзам чыгаргандан башка Ысык-Көл регионун өзгөртүүгө, жакшыртууга аракет кылам. Биз туризмди өнүктүрүү керек деп көп айтабыз, бирок бул үчүн мыйзам чыгаруучулук деңгээлдеги реалдуу иштер керек. Кеп экотуризм жана этнотуризм тууралуу болуп жатат. Талант Сарбагышев. Анан, албетте, жолдорду жаңылоо зарыл. Эгер мен өз шаарыма, районума, облусума жардам бере алсам, жалпы ысык-көлдүктөрдүн жашоосун жакшыртууга салым кошкон болом. Мен парламентке жумуш орундары түзүлүп, айыл чарбасы өнүгүшү үчүн мыйзамдарды жазып, демилгелеп, талап кылганы, көзөмөлдөгөнү баратам. Жалпы Кыргызстандын эли азыркы кырдаалдан аман-эсен чыгып, бакубат, бардар турмушта жашоосун каалайм. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:30

БШК: Ош шаарында эки жарым айда шайлоочулардын саны 12 миңге көбөйдү

Ош шаарындагы шайлоо участогу. Сүрөт: Элдияр Бакиров / Клооп Ош шаарында акыркы 2,5 жарым айдын ичинде 12 миңден ашуун жаран форма №2 боюнча каттоого турду. Бул тууралуу «Клоопко» Борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу өкүлү Расул Кадыров билдирди. Кадыров билдиргендей, 26-июнда жарыяланган шайлоочулардын алдын ала тизмесинде Ош шаарында 143 764 шайлоочу катталган. Ал эми 8-сентябрга карата маалымат боюнча шайлоочулардын саны 155 миңден ашты. «Ош шаардык мэриясынын сунушу боюнча жана каттоого турууну каалагандарга шарт түзүп берүү үчүн Оштун аймактык шайлоо комиссиясы кошумча 10 участок ачуу чечимин кабыл алган. [...] Бул шайлоо участоктору форма №2 арызын берген жарандар менен гана иштейт, демек ал жерде Ош шаарында добуш берүүнү каалаган [башка аймактардан келген] шайлоочулар болот», — деди Кадыров. *№2 форма — бул шайлоочунун шайлоо дарегин өзгөртүү үчүн бериле турган арыз. Аталган арыз аркылуу шайлоочу катталган жеринен эмес, башка жерден добуш берсе болот. Добуш берүүчү жаран ал тандаган участокто биометрикалык каттоодон да өтүшү керек болот. Мындан кийин шайлоочу тизмеге киргизилип, катталган участокто добуш бере алат. Мындан сырткары БШКнын Оштогу өкүлү ар бир шайлоо участогунда 2 500гө чейин киши гана катталууга болоорун кошумчалады. Анын айтымында, 10дой участокто шайлоочулардын саны бул ченемден ашыкча болгон. Ошондой эле, 20дан ашуун участокто шайлоочулардын саны 2 400дөн ашкан. Ош шаарындагы кошумча участоктор төмөнкү мекемелердин имараттарында жайгашат: Түштүк кыргыз геология экспедициясы; «Айданек» балдар бакчасы; Киров атындагы гимназия мектеби; «Асан-Үсөн» жеке ишканасы; «Каныкей» балдар бакчасы; Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин Черёмушки кичи районундагы филиалы; Манас-Ата аймактык кеңешиндеги юридикалык институттун корпусу; ОшМУнун медициналык колледжинин 1-корпусу; Шевченко атындагы орто мектеби; Курманжан Датка аймактык башкармалыгындагы Кесиптик лицейи. Шайлоого катышуу үчүн №2 форма боюнча жарандар 19-сентябрга чейин каттоого тура алат. Демек Ош шаарында убактылуу каттоого туруп шайлагандардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Көбүнчөсү шайлоочуларды №2 форма аркылуу башка аймактарга каттоого шайлоого катышкан партиялар кызыктар. Мыйзамга ылайык , саясий партиялар Жогорку Кеңешке өтүү үчүн 7 пайыздык чек коюлган. Ошол эле учурда партиялар ар бир облустан, Бишкек жана Ош шаарларынан 0,7 пайыздан кем эмес добуш алышы керек. Эгер партия кайсы бир аймакта же шаарда анчейин белгилүү эмес болсо, шайлоо участогун алмаштыруу ага аталган аймак же шаардан 0,7% босогодон өтүү үчүн керектүү санда добуш алууга мүмкүндүк берет. Партия аймактардан колдоочуларын таап, аларды колдоосу жок болуп жаткан аймакка которот. Ал эми шайлоо участогун алмаштырган жарандардын добушун партиялар сатып алууга аракеттенет. Социалдык тармактарда «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын өкүлдөрү шайлоочулардын добуш берүүчү участокторун алмаштыруу үчүн акча сунуштаганы тууралуу бир нече сүрөт, видео жана маалымат тараган. Массалык каттоо Шайлоо астында шаарларда шайлоочулардын саны кескин көбөйө баштайт. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде өлкөбүздүн бир нече шаарларында — алардын ичинде Ош дагы бар — жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүшү керек эле. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, жылдын башынан тарта 13-февралга чейин Ош шаарында 35 895 адам жаңыдан каттоого турган. Ал учурда Ошто шайлоочулардын саны 139 117 адамды түзүп, жаңыдан катталган «потенциалдуу шайлоочулар» жалпы шайлоочулардын санын 25 пайызга көбөйткөн. Мекеме бул факты боюнча текшерүү жүргүзүп баштаганда, аймактардан Ош шаарына жаңыдан катталган жарандардын көбү бир үйдө же батирде каттоого турганы белгилүү болгон. Орто эсеп менен бир үйгө 400-500дөн шайлоочу катталган, ал эми айрым турак жайга 1300 катталганы ашкереленген. Ошол эле маалда БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев мыйзамда бир жерге канча киши катталышы боюнча нормалар жазылган эмес деп билдирген. Ал эми Башкы прокуратура бул фактылар боюнча иликтөөнү баштап, Ош жана Каракол шаарларынын Паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүштү баштаган . Тергөө учурунда аталган кызматкерлер жаңы катталган жарандарды үй ээлеринин уруксаты жок каттоого коюшканы аныкталган. Ал эми жергиликтүү кеңештерге шайлоо коронавирустан улам белгисиз убакытка жылдырылды . ТЕМА БОЮНЧА: №2 форма, добуш сатып алуу. Партиялар парламентке келиш үчүн кандай амалдарга барышууда? Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шаарга тиешеси жок жарандар шайлай алышат. Түшүндүрөбүз

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:30

Ош: Шайлоо участогу жайгашкан мектепте «Биримдиктин» баннери илинип турат

«Биримдик» партиясы Ош шаарындагы №21 Пушкин атындагы мектепке үгүттөөчү баннерин илген. Жеринен тартылган тасманы «Реформа» партиясынын мүчөсү Мирбек Маматкасымов 8-сентябрда фейсбукта жарыялады. Posted by Mirbek Mamatkasym on Monday, September 7, 2020 Видеодон мектептин айланасында окуучулар ойноп жүргөнүн, ал эми анын дарбазасында №5247 шайлоо участогу деп жазылып, «Биримдик» партиясынын баннери илингенин көрүүгө болот. Маматкасымов бул мыйзамга туура келбесин айтып, эгер тыюу салынбаса анда башка партиялар да баннерин илип койсо болобу деп суроо салган. «Бул жерде шайлоо участогу жана “Биримдик” саясий партиясы жайгашыптыр. Бул штаб бекен же жөн эле жарнамасы илинип турабы, ал түшүнүксүз. Кайсы мыйзам уруксат берет буга? Менин билишимче мамлекеттик объекттерге партиялардын рекламаларын илүүгө тыюу салынса керек эле», — деген ал. Ал эми мектеп директору Манзура Асланова «Клоопко» аталган партия баннерин мектеп дарбазасына илгенинен кабары жоктугун айтты. «Мен чогулушта элем. Чыгып карайынчы, дарбазанын сыртында шайлоо участогу экени гана жазылып турган. Баннер болсо алып коёбуз», — деди ал. Эмне үчүн бул туура эмес? Үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого ылайык, партияларга үгүт материалдарын шайлоо комиссияларынын орун жайларына, алардын кире бериш жерлерине жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат . Ошондой эле, баннерлерди эстеликтерге, тарыхый, маданий жана архитектуралык баалуулугу бар имараттарга жабыштырууга болбойт. Маселе боюнча «Биримдик» партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиевге байланышканыбызда ал баннер Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында илингенин, учурда алынганын айтты. «Пушкин мектебинде эмес, Төлөйкөн айылында илинген экен. Азыр алынды. Ким тарабынан илингени аныкталып жатат», — деп жооп берди ал. Басма сөз катчы кайсыл баннерди айтканы белгисиз — кеп болуп жактан баннер Ош шаарындагы Пушкин мектебинде илинген, ошондой эле аталган мектеп жетекчиси баннер тартылган тасма дал ошол мектепте тартылганын тастыктады. Кийинчерээк Султаналиев баннер алынган сүрөттү жиберди — ал да аты аталып жаткан мектепте тартылган. «Биримдик» коомчулукта бийликчил партия деп аталып, аны ага-ини Жээнбековдор менен байланыштырышат — президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек бул партия менен шайлоого аттанган. Ошондой эле, аталган партиянын катарында учурдагы бир нече депутаттар бар.

Подробнее
9 сентября 2020 г. 0:33

Шайлоо: Партиялар премьерликке кимди сүрөйт?

Кыргызстанда шайлоодон кийин премьер-министрди жана өкмөт курамын парламентке өтүп келген партиялар аныктайт. Партиялар жер-жерлерде, Интернет айдыңында үгүт иштерин кызуу жүргүзүп, кат-кат убадаларды бергени менен саналуу партиялардан башкасы премьер-министрлик кызмат жөнүндө ооз ача элек. Мыйзамга ылайык, өкмөт башчыны жана өкмөттү 50 пайыздан көп добуш алган партия же коалициялык көпчүлүккө кирген партиялар сунуштап, курайт. Саясат талдоочулар Кыргызстан парламенттик башкарууга багыт алган өлкө катары партиялардын шайлоо жарышында өкмөт башчы, өкмөт курамы үгүт өнөктүгүнүн негизи болушу керек эле дешет. Экономист Азамат Аттокуров партиялар премьер-министр эле эмес, реформа жасоочу өкмөттөгү негизги кызматтарга аты белгилүү, кесипкөй талапкерлерди аныктап, элге жарыялашы керек болчу деген пикирде. Бул ириде партиянын өзүнө да упай алып келүүгө жардам бермек. «Партиялар «бизде премьер-министр бул болот» деп айтыш керек. Программаны берип, аны аткарууга бараткан өкмөт мүчөлөрү да белгилүү болушу зарыл. «Бул ИИМди башкарат» деген сыяктуу негизги орундар белгилүү болсо, эл да «булардын планы бар экен» дейт. Коалицияга ким менен биригет? Кимдер менен бирикпейт? Баарын ачык айтышы керек болчу. Партиянын беш жылдык убаданы аткаруучу программасы болушу керек», - деди Аттакуров. Ал азыркы партиялар программасында өкмөт жөнүндө сөз кылбай жатканынын себептерин атады. Аттокуровдун пикиринде, Кыргызстанда партиялык түзүлүш калыптанбай жатат жана өкмөт башчы ким болору президенттен көз каранды. Көпчүлүк демократиялык өлкөлөрдө шайлоодо партияны жетектеген лидер өкмөт башчы кызматына барат. Бирок Кыргызстанда алтынчы чакырылыштын учурундагы премьер-министрлердин бири да өз программасын шайлоодо эл сынына койгон эмес. Мурдагы өкмөт башчылар Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов партиянын мүчөсү катары парламенттик шайлоого катышпаганы белгилүү. Аларды премьер-министрликке дайындоодо президенттик аппараттын таасири болгону айтылып келет. Саясий серепчи Эмилбек Жороев мындай көрүнүштөр парламенттик башкаруунун өнүгүүсүнө бут тосуп келатканын айтты: «Бул парламенттик башкарууну өнүктүрүүгө жолтоо болот. Шайлоо бүткөндөн кийин кадрдык башаламандык болот. Ушундан улам кайра-кайра өкмөт башчы алмашат. Тилекке каршы, бул система уланып келатат». Кыргызстанда быйыл шайлоого расмий катталган «Ата Мекен» партиясын Жанарбек Акаев, «Бир Бол» партиясын Алмамбет Шыкмаматов, «Биримдик» партиясын Акылбек Жамангулов, «Кыргызстан» партиясын Канатбек Исаев, «Мекен Ынтымагы» партиясын Темирбек Асанбеков, «Мекенчил» партиясын Камчыбек Ташиев, «Мекеним Кыргызстан» партиясын Мирлан Бакиров, «Ордо» саясий партиясын Мирбек Мияров, «Республика» партиясын Мирлан Жээнчороев, «Социал-демократтар» партиясын Сеидбек Атамбаев, «Реформа» партиясын Клара Сооронкулова, «Чоң Казат» партиясын Максат Мамытканов, «Ыйман Нуру» партиясын Чыңгыз Макешов, «Замандаш» партиясын Жеңиш Молдокматов жетектеп баратат. Саясатчы Феликс Кулов бул жолу партиялардын көпчүлүгү лидерликке жаштарды чыгарууга аракет кылып жатканын белгиледи. Ал талапкерлер арасынан өкмөт башчылыкка татыктуу кадрды көрө албай жатканынын себебин Кулов мындайча түшүндүрдү: «Биринчиден, тизме акча менен түзүлдү. Билими, тажрыйбасы жок ишкерлер болсо өкмөт башчы болуп ийгиликке жете албайт. Экинчиден, жаштар көп болду. Мекенчил жаштар. Бирок тажрыйба, билим да керек». Жогорудагы эки серепчинин пикирине таянсак, бул жолку шайлоодон кийин деле премьер-министрликке сырттан келген адам дайындалышы мүмкүн. Мындай көрүнүштүн эмнеси жаман? Укук коргоочу Динара Ошурахунованын баамында, премьер-министр жана өкмөт курамы парламенттеги партиянын чыныгы мүчөлөрүнөн түзүлсө жоопкерчилик партияга жүктөлмөк. Азыркы система менен өкмөттүн кемчилиги үчүн бир да саясий партия шайлоочулар алдында жооптуу эмес. «Азыр жаңы премьер-министр келди. Кайсы партиянын программасын аткарат? Баарыныкынбы? Парламенттик башкарууну куруп жаткандан кийин партиялар программасы менен айырмаланышы керек. Азыр алтынчы чакырылыштан сурайлы, Абылгазиевден баштап канча өкмөт башчы, кимдин программасын аткарды? Эч кимден сурай албайсың. Алар партиядан келген эмес. Азыр партиялар да программасын айтып жатат. Биз өкмөт башчы ким болорун сурайлы», - деди Ошурахунова. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники