О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
8 сентября 2020 г. 14:23

Сотто "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын "тагдыры" каралууда. Ага Турсунбай Бакир уулу, Сыймык Жапыкеевдин келгендеги видеосу

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин Административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын арызы каралууда. Партия Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен макул эместигин билдирип, сотко кайрылган. Учурда сот отуруму өтүп жатат. Бул арада сыртта партияны колдогондор топтолду. БШК "партия тизме түзүүдө катачылык кетирген" деген жүйөө менен партияны каттоодон өткөрбөө чечимин чыгарган болчу. Ага чейин саясатчы Турсунбай Бакир уулу бул партиянын курултайына катышып, тизмеге киргенмин, бирок БШКга берилген тизмеден алынып калдым деп кайрылган. Бүгүнкү соттук отурумга Турсунбай Бакир уулу да келди. Сырттагы адамдар аны "ызы-чуу жаратуу үчүн келди" деген сөздөр менен тосуп алышкан. Мындан тышкары "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Жапыкеев да келип, "Бүтүн Кыргызстанды" колдой турганын айтты. 17:54 07-09-2020 Автор: Марс Мухтаров

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Ахматбек Келдибеков, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер: "Мен жаңылануунун улуттук өзгөчөлүгүн – өткөндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан көрөм"

- Ахматбек Келдибекович, алгач учурдагы өлкөнүн тагдыры тууралуу кеп кылалы... -Азыр дүйнѳ чукул ѳзгѳрүүлѳрдү ѳз башынан ѳткѳрүп жатат. Дүйнѳлүк карама-каршылыктардын мазмуну, формасы ѳзгѳрдү. Ушундай оор кырдаалда ѳлкѳбүздүн тагдыры жана келечеги ар бир адамды, ар бир саясатчыны терең ойлонтот деген кѳз караштамын. -Буга чейин маектериңиздин биринде элибиздин алдында кыйшаюусуз чечүүнү талап кылган жети ѳзѳктүү маселени айтып өттүңүз эле, демек ѳзүбүздүн руханий байлыгыбызга, каада-салттарыбызга бай, түп башатыбызга кайрылууга мезгил жеттиби? - Ооба, кыргыз эли Азиядагы эң байыркы калк. Бизде мамлекетти куруунун, аны коргоонун жана башкаруунун улуу салттары болгон. Демек, жаңы тарыхый шартта социалдык, улуттук эс-тутумубузду жаңылап, түпкүрүбүздү аңдап, ѳзүбүздүн руханий байлыгыбызга, каада-салттарыбызга бай, түп башатыбызга кайрылууга мезгил жетти. Менин оюмча, азыр элибиздин алдында кыйшаюусуз чечүүнү талап кылган жети ѳзѳктүү маселе бар. Алар: Адилеттүүлүк: Адилеттүүлүк азыркы күндѳ ѳлкѳбүздѳгү, коомубуздагы башкы саясий постулат болушу керек. Ал эми адилеттүүлүктүн түркүгү – эркин жана кара кылды как жарган калыс сот. Ошондуктан адилет сот системасын түзмѳйүн, биздин демократиялык дѳѳлѳттѳр тууралуу сѳз кылууга саясий да, моралдык да акыбыз жок. Ал эми мамлекеттеги бардык реформалар, жаңы чечимдер жана долбоорлор биринчи кезекте социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга, карапайым калкты коргоого жана колдоого багытталышы керек. Акыйкаттык: Улуттук айкѳлдүк сапатты сактоо – ал кыргызды сактоо. Ал эми элибиздин салттуу дѳѳлѳттѳрүнѳ ар кандай саясий эксперименттерди жасоо саясаттын да, саясатчылардын да нравалык принциптерин аныктабайт! Айкѳлдүк: Бул элибиздин эзелтеден келе жаткан улуу сапаты, улуу наркы. Бул асыл сапаттар мамлекетүүлүгүбүздү чыңдоодогу орду жана ролу эбегейсиз зор. Мекенчилдик: Уюткулуу журт мекенчил болот. Ѳз улутун сүйүү – улутчулдук эмес, ал тарыхын урматтоо, элин сыйлоо. Ал Мекендин ыйыктыгын урматтоо. Мекенге болгон сүйүү бүтүндөй ааламга болгон сүйүү менен киндиктеш. Ал эми Ата Журтка болгон сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим деп ойлойм. Ыймандуулук: Ыймандуу жана ынтымактуу коом гана келечектүү мамлекет кура алат. Биз саясий ыйман маселесин башкаруу системасына киргизүүбүз зарыл. Ал эмне? Ал – тазалык, чынчылдык , абийирдүүлүк жана таза кѳкүрѳк. Ыймандын кылы кыйшайган жерден абийирсиздик, жоопкерсиздик, менменсинүү, саясий оппоненттер менен күрѳшүүнүн булганыч жолдору башталат. Ошондуктан улуттук ыйман улутту сактап калуунун негизги нравалык чордону болушу керек. Ырайымдуулук: Эл аралык саясаттагы адам укугу деген маселе, кыргыздын кѳѳнѳ түшүнүгүндѳ адамга адам ырайымдуу болушу зарыл деген маани менен түшүндүрүлүп келген. Адам укугу – бул улуу түшүнүк, биз ѳлкѳбүздү адам укугун бийик сактаган ѳлкѳгѳ айландырышыбыз керек. Ынсапкорлук жана сарамжалдуулук: Кыргыз эли эзелтеден ушул эки сапатты жогору баалап келген. Кыргыз улуттук коррупциясынын ѳзгѳчѳлүгү, тамыры, ѳзѳгү биздин сарамжалсыз мамилебизде, ынсапкорлугубузда жатат. Мен жаңылануунун улуттук ѳзгѳчѳлүгүн ѳткѳндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан кѳрѳм. -Чоң рахмат! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 17:12 07-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы жазган арызы боюнча сот отуруму башталды

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин Административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын арызы каралууда. Партия арызды Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы болгондугунан жазган. Сот отуруму саат 16:30да белгиленген, саат 16:50дө отурум башталды. Ага журналисттер киргизилгендиги менен видеокамерага тартууга тыюу салынып, операторлор сыртта калтырылды. Отурумга судья Анар Эгембердиева төрайымдык кылууда. БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. 17:01 07-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Кабагы салыңкы. Адахан Мадумаров райондук сотко кирип кетти (фото)

Бүгүн, 7-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы "Бүтүн Кыргызстандын" доо арызы каралат. Сотко партиянын лидери Адахан Мадумаров келип, кирип кетти. Учурда сот отуруму баштала элек. Сот имаратынын алдына партиянын тарапташтары чогулууда. БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. 16:38 07-09-2020 Автор: Марс Мухтаров

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

"Кыргызстан" партиясы шайлоо алдында "ЭЛ ҮЧҮН" программасын сунуш кылат

Кыргызстандын өнүгүшүндө эң маанилүү ресурс – адамды өнүктүрүүгө негизделген! Бул максатка жетүү үчүн, өлкөнүн тарыхында "Элдик мыйзамдар" деген ат менен кала турган демилгелер иштелип чыкты! Алар эл үчүн жана Кыргызстандын ар бир жараны үчүн иштелип чыккан! Партия республиканын жарандарын угат жана ар бир жарандын жыргалчылыгы үчүн чечимдерди кабыл алат! Партия төмөнкү багыттар боюнча жигердүү реформаларды жүргүзүү үчүн түпкү кадамдарды сунуш кылат: экономика, социалдык чөйрө, мамлекеттик башкаруу, эл аралык саясат жана коопсуздук. Ар бир жаран жана бардык адамдар үчүн кризиске каршы 20 мыйзам! Фундаменталдык реформалар үчүн, ири, реалдуу жана алдыңкы долбоорлор үчүн 20 мыйзам! "ЭЛ ҮЧҮН" программасы турмуштун эң маанилүү чөйрөлөрүн камтыйт ошондой эле орто жана узак мөөнөттүү мезгилге республиканын негизги багыттары боюнча өнүгүү стратегиясын сунуштай алат жана программаны жүзөгө ашыруу боюнча төмөнкүдөй максаттарды белгилейт (артыкчылыктуу, бирок өз ара көз карандылыкта), алар биринчи кезектеги партиялык мыйзам долбоорлорунун, демилгелеринин 5 пакетинде таризделген: • Экономика саясатка караганда маанилүү • Социалдык чөйрө - ар бир үй-бүлөдөгү жыргалчылык • Маданият жана билим - бул элдин баалуулугу • Натыйжалуу эл аралык саясат • Коопсуздук жана мыйзамдын үстөмдүгү Партиянын максаты – ар бир жарандын жыргалчылыгына негизделген күчтүү жана туруктуу мамлекет! Элдин жыргалчылыгы - бул бүтүндөй мамлекеттин жыргалчылыгы! “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 7-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 16:29 07-09-2020 Автор: Айсалкын Качкынбекова

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Марлен Маматалиев, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер: "Бири-бирин кайталаган министрликтер менен ведомстволордун жана көп сандаган аткаминерлердин санын кыскартуу керек"

Бири-бирин кайталаган министрликтер менен ведомстволордун жана көп сандаган аткаминерлердин санын кыскартуу керек. Мындай чечкиндүү сунуш "Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы программасында камтылган. Аталган партиядан Жогорку Кеңешке шайлоого аттанып жаткан талапкерлер бардык мамлекеттик башкаруу органдарында кардиналдык реформа зарыл деп эсептейт. Мамлекеттик кызматкерлердин саны кеминде 9000 адамга кыскарышы керек. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын парламентке бараткан талапкерлердин пикиринде, мамлекеттик башкарууда бири-биринин функцияларын кайталаган органдар көп. Талапкерлердин бири Марлен Маматалиев коронавирус пандемиясы бул тармакта орчундуу маселелер бар экенин ачык-айкын көрсөтүп койгонун айтат: " Биз чоң кызматта отурган аткаминерлердин кызматын башка министрликтер да кайталап аткарып жатканын көрүп жатабыз. Буга байланыштуу биз өкмөттүн аткарган иштерине ким жоопкерчиликти аларын билбей калдык" , - дейт Марлен Маматалиев. Эксперттердин айтымында, бүгүнкү күндө мамлекеттик башкаруу системасы эффективдүү эмес жана баш аламан иштеп жатат. Тилекке каршы бул системаны эгемендүүлүктү алган жылдардан бери жакшыртууга мүмкүнчүлүк болгон жок. “ Мамлекет каражаттарды абдан туура эмес колдонуп жатат. Бюджеттеги акчалар билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарына эмес, түшүнүксүз жактарга кетип жатат. Бул мамлекеттик башкарууга бөлүнгөн чыгымдар ”, - деди экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев . Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлДжайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «МекенимКыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебиненкаржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет. 15:18 07-09-2020 Автор: Жылдыз Джускембаева

Подробнее
7 сентября 2020 г. 23:34

Кыргыздын чыгаан, элим-жерим деп жүрөгү соккон Талас Бегалиев

Кыргыздын чыгаан, элим-жерим деп жүрөгү соккон Талас Бегалиев #ТаласБегалиев #Биримдик #КүчБиримдикте

Подробнее
7 сентября 2020 г. 23:54

«Ыйман Нуру»ооматың келет эми.

«Ыйман Нуру»ооматың келет эми. Таза балдар буюрса жеңет эми. Бир муштумга биригип утуп чыккын, Сынай турган убакыт келет эми. Топту жарып биринчи келесиңби? Жемкорлор бүт келеби же кечеги? Намыс үчүн,эл үчүн утуш керек, Таза балдар келсе деп үмүт кылып, Күтүп турат кыргыздын келечеги! Муратали МАТИСАКОВ

Подробнее
7 сентября 2020 г. 16:36

Биз УКМКнын ордуна Чалгындоо кызматын түзөбүз.

Биз УКМКнын ордуна Чалгындоо кызматын түзөбүз. Бул өлкөнүн тышкы коопсуздугун камсыз кылат. Тергөө органдарын кыскартабыз. Тергөө менен бир гана орган алектенген — Улуттук Тергөө Бюросу түзүлөт. Прокуратураны жоюп, анын кызматын Юстиция министрлигине өткөрүп беребиз. Бизге Грузиядагы жана башка өлкөлөрдөгүдөй реформа керек. УКМК террорчулар менен күрөшүп, дарыгерлердин артынан чуркабай, аларды кечирим суроого мажбурлабашы керек. Тергөөнүн функцияларын дагы алып чыгыш керек.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 14:03

"Ыйман нуру" партиясынын лидери жана төрагасы Кадырбеков Нуржигит коомдук ишмер жана алып баруучу Максат Тулеев менен биргеликте маек куруп, саясий суроолорду талкуулашты.

"Ыйман нуру" партиясынын лидери жана төрагасы Кадырбеков Нуржигит коомдук ишмер жана алып баруучу Максат Тулеев менен биргеликте маек куруп, саясий суроолорду талкуулашты. Маектин жүрүшүндө лидер өзүнүн тандоосу жана өлкөнү өнүктүрүүнүн бир нече жолдору менен бөлүшүп, кызыктуу суроолордун жообун берди. Маекти толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу көрүңүз.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 15:20

Каракол шаарында штаб ачылды!

Каракол шаарында штаб ачылды! ⠀ Командага кошулуп кыялыбыздагы Кыргызстанды курууга салым кошом дегендер кайрылсаңыздар болот! Биздин партия турасында сурооңор болсо дагы кайрылыңыздар! ⠀ Дареги: Токтогул көчөсү, 259 ⠀ Каракол WhatsApp группага кошулам десеңер, комментарийге "+" жазгыла ⠀ Открылся штаб в Караколе! Присоединяйтесь все, кому небезразлично будущее страны 🇰🇬 ⠀ Адрес: Токтогула, 259 ⠀ Кто хочется добавиться к Каракольской WhatsApp группе, оставьте плюсы "+" в комментариях ⠀ #БизгеяРеформаКерек

Подробнее
7 сентября 2020 г. 13:57

Биз жаш, билимдүү, күчтүү, жаратман лидерлерден түзүлгөн командабыз.

Биз жаш, билимдүү, күчтүү, жаратман лидерлерден түзүлгөн командабыз. Бизде реалдуу өзгөрүүлөрдү жасоого бардык мүмкүнчүлүк бар. Биз сөз менен эмес, иш менен далилдейбиз! БИЗ ДАЯРБЫЗ! СЕНЧИ? #БирБол #Тазалан #БизДаярбызСенчи #БиздинТалапкерлер #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 15:21

Ордо саясий партиясы мандат үчүн эмес, жаркын келечек үчүн күрөшкө аттанды!

Ордо саясий партиясы мандат үчүн эмес, жаркын келечек үчүн күрөшкө аттанды!

Подробнее
7 сентября 2020 г. 16:37

"Замандаш" партиясынын лидеринин ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуусу.

"Замандаш" партиясынын лидеринин ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуусу. ⠀ Встреча лидера партии «Замандаш» с представителями СМИ. ⠀ #замандаш #выборы2020 #шайлоо2020

Подробнее
7 сентября 2020 г. 13:57

Урпактарга улуу жол, улаш үчүн БИР БОЛ!

Урпактарга улуу жол, улаш үчүн БИР БОЛ! #БирБол #Тазалан #БизДаярбызСенчи #Шайлоо2020 #Выборы2020

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники