О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
8 сентября 2020 г. 14:15

«Социал-демократтар»: «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоодон четтетүү мыйзамсыз

“Социал-демократтар” саясий партиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоодон четтетилишин сындаган билдирүү таратты. Партиянын кайрылуусунда олуттуу электораты бар, абройлуу оппозициялык партиянын шайлоо жарышынан четтелиши — келечектеги парламенттин легитимдүүлүгүнө жана анын сапатына терс таасирин тийгизери айтылат. “Бийликтин аракеттерине сын айткан саясий күчтөрдүн жана алардын электоратынын үнүнүн парламентте угулбай калышы — жалпы бийлик бутактарына болгон элдин ишенимин азайтат. Андыктан “Социал-демократтар” бардык бийлик бутактарына шайлоонун адилеттүү өтүшүнө өз салымдарын кошууга чакырат”, -деп айтылат билдирүүдө. Партия ошондой эле адилеттүү шайлоону камсыз кылуу үчүн оппозиция-позиция деген кош стандарттуулукту токтотуу керектигин айтып, “Бүтүн Кыргызстан” партиясына карата адилеттүү чечим чыгаруу талабы менен тиешелүү органдарга кайрылышарын билдирет. Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Боршайкомдун чечимине каршы арызы каралат. 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого 15 саясий партияны каттаган. Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездде мыйзам бузулганы жүйөө келтирилген. Сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын арызын карайт

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Өмүрбек Суваналиев: «Таза шайлоо болсо Алмазбек Атамбаев азыркы тапта түрмөдө отурбайт болчу»

Кечээ 7 октябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Өмүрбек Суваналиев билдирди: Таза шайлоо болмоюнча өлкө оңолбойт. Азыркы тапта таза эмес шайлоону өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербөө керек. Бир эле мисал Атамбаев да убагында таза шайлоо өткөрсөм болмок деп өкүнүп жатат. Тартипти сактап, провакацияларга алдырбай колдоп туруңуздар», — деди Суваналиев.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Шайлоо-2020: БШК акысыз эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чучукулак өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардын ортосунда акысыз эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чучукулак өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет. “Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чучукулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускамага (КР БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы № 119 токтомунун редакциясында) ылайык, БШК мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чучукулакты өткөрүү датасын, убактысын жана ордун өз алдынча аныктайт. Чучукулак талапкерлерди каттоо аяктаганда, бирок добуш берүү күнүнѳ чейин 35 календардык күндѳн кеч эмес ѳткѳрүлѳт. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары, ээлери) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга караштуу мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет-басылмалар, ошондой эле башка медиага салыштырганда салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерге ээ болгон ЖМКлар саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга милдеттүү. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар өздөрүнө мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысы жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянты берилишине укуктуу. Көрсөтүлгөн эфир убактысы теле жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан мезгилге – 20.00дөн 24-00 саатка чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш. Чучукулактын жыйынтыгы боюнча акысыз эфир убактысы жана басма аянты төмөнкүчө бөлүштүрүлдү: КТРК телеканалы (саясий партиялардын лидерлеринин катышуусунда теледебаттар) 1. “Мекеним Кыргызстан”с/п, 2. “Социал-демократтар”с/п, 3. “Ата Мекен” социалисттик с/п, 4. “Ордо”с/п, 5. “Реформа”с/п, 6. “Мекен Ынтымагы”с/п, 7. “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“с/п, 8. “Ыйман Нуру”с/п, 9. “Кыргызстан”с/п, 10. “Республика”с/п, 11. “Мекенчил”с/п, 12. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”с/п, 13. “Чоң Казат”с/п, 14. “Замандаш”с/п, 15. “ “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы с/п. КТРК телеканалы (аял талапкерлердин катышуусунда теледебаттар) “Мекен Ынтымагы” с/п, “Кыргызстан” с/п, “Социал-демократтар” с/п, “Биримдик” (Единство)” демократиялык партиясы с/п, “Республика” с/п, “Мекенчил” с/п, “Ата Мекен” социалисттик с/п, “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“с/п, “Замандаш” с/п, “Ордо” с/п, “Чоң Казат” с/п, “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, “Мекеним Кыргызстан” с/п, “Ыйман Нуру” с/п, “Реформа” с/п. КТРК телеканалы (саясий партиялардын жекече чыгып сүйлөөлөрү) 1. «Мекен Ынтымагы” с/п, 2. «Реформа” с/п, 3. «Республика” с/п, 4. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 5. «Социал-демократтар” с/п, 6. “Биримдик” (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 7. «Ордо” с/п, 8. «Кыргызстан” с/п, 9. «Замандаш” с/п, 10. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 11. «Чоң Казат”с/п, 12. «Мекенчил” с/п, 13. “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 14. “Ыйман Нуру” с/п, 15. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, КТРК телеканалы (саясий партиялардын жаштар канаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда теледебаттар) 1. «Реформа” с/п, 2. «Кыргызстан” с/п, 3. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 4. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 5. «Мекен Ынтымагы” с/п, 6. «Социал-демократтар” с/п, 7. «Мекенчил” с/п, 8. “Ыйман Нуру” с/п, 9. «Республика” с/п, 10. «Ордо” с/п, 11. «Чоң Казат”с/п, 12. «Замандаш” с/п, 13. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 14. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 15. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, КТРК (түз байланыш) 1. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 2. «Замандаш” с/п, 3. «Социал-демократтар” с/п, 4. «Мекен Ынтымагы” с/п, 5. «Ордо” с/п, 6. «Реформа” с/п, 7. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 8. “Ыйман Нуру” с/п, 9. «Кыргызстан” с/п, 10. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 11. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 12. «Республика” с/п, 13. «Мекенчил” с/п, 14. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 15. п/п “Чоң казат”. “ЭлТР” МТРК телеканалы (саясий партиялардын лидерлеринин катышуусунда теледебаттар) 1. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 2. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 3. «Ордо” с/п, 4. «Мекен Ынтымагы” с/п, 5. «Республика” с/п, 6. «Замандаш” с/п, 7. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 8. «Чоң Казат”с/п, 9. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 10. “Ыйман Нуру” с/п, 11. «Мекенчил” с/п, 12. «Реформа” с/п, 13. «Социал-демократтар” с/п, 14. «Кыргызстан” с/п, 15. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п. “ЭлТР” МТРК телеканалы (саясий партиялардан талапкерлер менен теледебаттар) 1. «Мекен Ынтымагы” с/п, 2. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 3. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 4. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 5. «Кыргызстан” с/п, 6. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 7. «Республика” с/п, 8. «Замандаш” с/п, 9. «Чоң Казат”с/п, 10. «Ордо” с/п, 11. «Реформа” с/п, 12. «Социал-демократтар” с/п, 13. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 14. “Ыйман Нуру” с/п, 15. «Мекенчил” с/п. “ЭлТР” МТРК телеканалы (саясий партиялардын жекече чыгып сүйлөөлөрү) 1. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 2. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 3. «Реформа” с/п, 4. «Замандаш” с/п, 5. «Социал-демократтар” с/п, 6. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 7. “Ыйман Нуру” с/п, 8. «Кыргызстан” с/п, 9. «Мекенчил” с/п, 10. «Ордо” с/п, 11. «Мекен Ынтымагы” с/п, 12. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 13. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 14. «Республика” с/п, 15. п/п “Чоң казат”. “ЭлТР” МТРК телеканалы (Элге эмне дейсиз?) 1. «Республика” с/п, 2. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 3. «Реформа” с/п, 4. «Кыргызстан” с/п, 5. “Ыйман Нуру” с/п, 6. «Социал-демократтар” с/п, 7. «Чоң Казат”с/п, 8. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 9. 11. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 10. «Мекен Ынтымагы” с/п, 11. «Мекенчил” с/п, 12. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 13. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 14. «Замандаш” с/п, 15. п/п “Ордо”. КУ “Кабар” МА 1. «Республика” с/п, 2. «Мекен Ынтымагы” с/п, 3. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 4. “Ыйман Нуру” с/п, 5. «Мекенчил” с/п, 6. «Реформа” с/п, 7. «Замандаш” с/п, 8. «Кыргызстан” с/п, 9. «Ордо” с/п, 10. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 11. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 12. «Социал-демократтар” с/п, 13. «Чоң Казат”с/п, 14. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 15. «Ата Мекен” социалисттик с/п. “Кыргыз Туусу” газетасы 1. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 2. «Реформа” с/п, 3. «Кыргызстан” с/п, 4. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 5. «Замандаш” с/п, 6. “Ыйман Нуру” с/п, 7. «Мекен Ынтымагы” с/п, 8. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 9. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 10. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 11. «Ордо” с/п, 12. «Чоң Казат”с/п, 13. «Республика” с/п, 14. «Социал-демократтар” с/п, 15. “Мекенчил” с/п. “Эркин Тоо” газетасы 1. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 2. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 3. “Ыйман Нуру” с/п, 4. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 5. «Мекен Ынтымагы” с/п, 6. «Реформа” с/п, 7. «Кыргызстан” с/п, 8. «Замандаш” с/п, 9. «Чоң Казат”с/п, 10. «Ордо” с/п, 11. «Республика” с/п, 12. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 13. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 14. «Мекенчил” с/п, 15. “Социал-демократтар” с/п. Облустук медиаборборлор 1. «Ордо” с/п, 2. “Ыйман Нуру” с/п, 3. «Замандаш” с/п, 4. «Реформа” с/п, 5. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 6. «Республика” с/п, 7. «Мекенчил” с/п, 8. «Мекен Ынтымагы” с/п, 9. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 10. «Чоң Казат”с/п, 11. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 12. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 13. «Кыргызстан” с/п, 14. «Социал-демократтар” с/п, 15. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Өмүрбек Суваналиев: «Таза шайлоо болсо Алмазбек Атамбаев азыркы тапта түрмөдө отурбайт болчу»

Кечээ 7 октябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Өмүрбек Суваналиев билдирди: Таза шайлоо болмоюнча өлкө оңолбойт. Азыркы тапта таза эмес шайлоону өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербөө керек. Бир эле мисал Атамбаев да убагында таза шайлоо өткөрсөм болмок деп өкүнүп жатат. Тартипти сактап, провакацияларга алдырбай колдоп туруңуздар», — деди Суваналиев.

Подробнее
23 сентября 2020 г. 12:20

22-сентябрь

22-сентябрь Ош шаарындагы элдин келечегине көңүлкош карабаган мекендештердин форумунан көз ирмемдер.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Осмонбек Артыкбаев шайлоо дегенде чуркап кеткенби?

ТЭЦ чуусунан улам атагы таш жарып, ал чырдан кургак чыккан Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди коомчулук жакшы таанып калбадыбы. Жакын тааныгандардын айтуусунда министр учурунда мамлекетти миллиарддаган сомго сызга отургузган дешет. ТЭЦ чуусунда Башкы прокуратура ТЭЦти оңдоо үчүн Кытайдан 385 миллион доллар карыз алынып, анын 111 миллион долларын жеп кеткени аныкталган. Миллиондор сол чөнтөккө солонуп кеткен долбоордун жетекчи катары Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев башында турган. Эми өткөн иш өттү, соту да жабылды. Болгону ал жерде жегендер эбип таап кутулуп, кагазда колу жоктор буйрук берди деген жалаа менен абакта отурушат. Ал кезде Артыкбаев ден соолугу начарлап, майыптык коляскада отуруп, сотко келгени баарынын эсинде болсо керек. Абалы оор экен деп аны аягандар да бар эле. Ал кылыктары унутула түшкөнбү айтор шайлоого тызылдап чуркап жүргөнү тууралуу кабарлар коомчулукта шамалдай тез тарап турган чагы. «Неман» фирмасынын дарыканаларында иштеген кызматкерлерди ачык эле жумуш керек болсо мен айткан партияны шайлайсыңар, жакындарыңарды да шайлагыла деп опузалап жатканы айтылууда. Алардын даректерин чогултуп партияга канча добуш чогулганын санап, саанасы менен байып жаткан учуру. Бул тууралуу анын кызматкерлери айтышууда. Балким пандемия учурунда кыйналган элдин аркасы менен камчыгын толтуруп алганын актап жатабы деген да ой келбей койбойт. Аргумент.кж

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

БШК соцтүйүндөгү саясий жарнама боюнча Facebook менен кызматташа баштады

Бардык саясий жарнама жана коомдук мааниге ээ маселелерге, шайлоого же саясатка байланышкан жарнама Facebook китепканасына топтолот. Бул тууралуу БШК жана Facebook өкүлдөрүнүн 7-августтагы жолугушуусунда белгилүү болду. Facebook өкүлдөрү колдонуучуларды идентификациялоого байланыштуу саясаты тууралуу маалымдап, мында кайсы аккаунтта кандай адам катталгандыгы так белгилүү боло тургандыгын айтышты. Бардык саясий жарнама www.facebook.com/ads/library/report дарегинде жайгашкан жана коомдук мааниге ээ маселелерге, шайлоого же саясатка байланышкан жарнама китепканасына топтолот. Азыркы тапта Кыргызстан боюнча китепканада 879 жарыя бар, аларга жалпысынан $3 737 каражат жумшалган. Китепканада ошондой эле жарнамага акы төлөгөн жеке инсандар менен партиялар жөнүндө маалымат да чагылдырылат. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Facebook менен кызматташуунун маанилүү экендигин белгиледи: -Facebook тарабынан саясий жарнамалар жайгаштырылып жаткан аккаунттарды верификациялоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар Фейсбуктун шайлоонун таза өтүшүнө кошуп жаткан салымы деп эсептейбиз, -деди ал. -Бул тигил же бул партиянын же талапкердин саясий жарнамасын каржылоонун ачык-айкындуулугуна көз салууга мүмкүнчүлүк берет.Партиялар, өз кезегинде, верификация жол-жоболорунан өтөт, бул болсо алардын фейк аккаунттарга каршы күрөшүнө жардам берет». «Социалдык түйүндөр шайлоо кампаниясын өткөрүүдө маанилүү роль ойноодо. Ушул маселени жөнгө салган эл аралык стандарттардын жок экендигине байланыштуу Facebook социалдык түйүнү акы төлөнүүчү саясий жарнаманы каржылоонун ачык-айкындуулугун камсыздоо жана шайлоочуга мындай жарнаманы каржылоо булактары тууралуу толук маалымат берүү боюнча өз саясатын ишке киргизүүдө. Бул, албетте, шайлоочунун аң-сезимдүү тандоо жасашына көмөкчү болот, - деп белгиледи БУУӨПтүн шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова. КР БШК төрайымынын “тынч күнү” (“день тишины”) АКШ Президентин шайлоодо колдонула турган саясаттын мисалы боюнча Facebook платформасында саясий жарнаманы жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу мүмкүндүгү тууралуу суроосуна Facebook өкүлдөрү бул жаңы саясат экендигин жана азырынча АКШ аймагында гана колдонула тургандыгын, бирок Кыргызстан расмий түрдө суроо-талап менен кайрыла турган болсо, бул маселени карап көрүүгө даяр экендиктерин маалымдашты. Бул тууралуу БШК маалымат кызматы билдирди. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан. Сүрөт: БШК маалымат кызматы.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Жээнбеков: “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоого катыштырбай коюу кырдаалдын курчушуна шарт түзүүдө”

Камактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков бийлик “Бүтүн Кыргызстан” партиясына шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бериши керек деп билдирүү жасады. - Борбордук шайлоо комиссиясынын партиянын тизмесиндеги каталарга жасаган шилтемеси орунсуз деп эсептейм. Мындай кемчиликтер башка көптөгөн, өзгөчө бийликчил, партияларда бар. “Бүтүн Кыргызстан” партиясын Жогорку Кеңешке шайлоого катыштырбай коюу менен, Ак Үй протесттик потенциалды көчөгө багыттап жатат жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна шарт түзүүдө, деп билдирүү жасады Равшан Жээнбеков. 12 –декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камакка алынган. Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турган болгон. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШК чечимине каршы сотко кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы «Б ү т ү н Кыргызстан» саясий партиясынын доо арызы 7- сентябрда , саат 16.30 да Бишкек шаардык сотунда каралат . Бул тууралуу партиянын лидери Адахан Мадумаров 6- сентябрда Бишкекте онлайн басма с ө з жыйынында бил дирди. «Биз үч күндөн бери Кыргызстандагы эң мыкты деген адистер, адвокаттар менен талкуулап отуруп, бир да жерден «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттабай коюуга мүмкүнчүлүк тапкан жокпуз. Конституция боюнча да, Шайлоо кодексинде да эч кандай сөз жок. Эч кандай себеп жок. Партиянын тегерегинде түзүлгөн кырдаалга БШК гана күнөөлүү» деди Мадумаров. БШК Адахан Мадумаровдун мындай билдирүүсүнө комментарий бере элек. Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турган болгон. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Ошто шайлоого карата каттоосун өзгөрткөндөр көбөйдү

Катталган жеринен эмес өзүнө ыңгайлуу шайлоо тилкесинен добуш бергиси келген 12 миңге жакын адам Ош шаарына «Форма-2ни» тапшырды. Бул тууралуу «Т-Медиага» БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров билдирди. Анын айтымында, шайлоо маалында ички мигранттар алдын ала 16-сентябрга чейин арыз бериши керек. 19-сентябрда арыз кабыл алуу токтойт. « Форма-2ни» толтургандар калаада кошумча ачылган 10 шайлоо участогунда добуш беришет. Кошумча добушканалар шайлоочуларга ыңгайлуу болуш үчүн бала бакчаларда, мектептерде жана жогорку окуу жайларында ачылууда. Туран аймактык башкармалыгындагы Түштүк кыргыз геология экспедициясынын имараты; Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгындагы «Айданек» балдар бакчасы; Киров атындагы гимназия мектеби; «Асан-Үсөн» жеке ишканасынын имараты; Керме-Тоодогу «Каныкей» балдар бакчасы; Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин Черёмушкадагы филиалы; Манас-Ата аймактык кеңешиндеги юридикалык институттун корпусу; ОшМУнун медициналык колледжинин 1-корпусу; Амир-Темурдагы Шевченко орто мектеби; Курманжан Датка аймактык башкармалыгындагы Кесиптик лицей. Ош шаарында жалпы 86 шайлоо участогу бар. Шайлоочулардын тизмеси бүгүнкү күнгө карата 151 миң 969ду түздү. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
3 октября 2020 г. 0:28

Өзгөн: өлүм менен бүткөн чырдын саясий изи

«Республика» партиясы анын Өзгөндөгү тарапкери өлтүрүлгөнүн айтып чыкты. Милиция адам өлүмү болгонун ырастаганы менен анын саясий өңүтү жоктугун билдирүүдө. Айрым сайттар кылмышка шектүү «Мекеним Кыргызстан» партиясында иштегенин, өлүмгө жеткирген чатактын башталышына акча себеп болгонун жазып чыгышты. 30-сентябрда Өзгөндө бачыкталып, каза болгон Замирбек Ормон уулунун жакындары анын «Республика» партиясына үгүт жүргүзүп иштегенин ырасташты. Маркумдун тууганы (атасынын агасы) Чолпонбай Жумалиевдин «Азаттыкка» билдиришинче, ал үгүтчү болуп бир күн иштеген. «Биз өзүбүз Орусиядагы кыздардан уктук. «Инибизди өлтүрүп кетиптир» дешти. Ага чейин бейкапар эле отурганбыз. Анын атасы беш жылдан бери төшөктө жатат. Кечээтен бери сөөктү жерге берүү менен алек болдук, эртеңден тартып кайсы бала, эмне болгон, кандай экенин териштирип мыйзам чегинде чара көрөбүз. Бул жеке чатак болдубу, башка нерсе болдубу же саясий иш болдубу - азырынча кабарыбыз жок», - деди ал. Ормон уулунун ата-энеси интервью берүүдөн баш тартты. Жакындары тергөөнүн жыйынтыгын күтөрүн, акыйкат тергелишин талап кылышарын айтышты. Мырза-Аке айылындагы «Республиканын» штаб кызматкерлери Замирбек өзүнүн автоунаасы менен бир күн кызмат көрсөткөнүн ырастап, бирок ал такай үгүтчү болуп иштебегенин билдиришти. Бычактоого жеткирген сөз талаш Ош облустук милициясы чыр шайлоонун айынан чыкпаганына ынандырууда. Ош ОИИБнын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин айтымында, айылда чогуу өсүп, жоро-жолдош болуп жүргөн эки жигит сөз талаштан улам келишпей калган. «Сыра ичип отуруп эле, сөз талашып уруша кетишкен. Токмок жеп калган жаран (кылмышка шектүү) капа болуп, үйүнөн бычак алып келген. Жекеме-жеке үйүнөн чакырып чыгып, бычак менен бир нече жолу артынан сайган». Маркумдун жакындары Замирбек Ормон уулу жети-сегиз жеринен бычакталганын байкашкан. 25 жаштагы Замирбектин артында бир уулу, жубайы калды. Кандуу окуянын эртеси милиция сурак берип жаткан кылмышка шектүүнүн жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн видеосун таратты. Алар дагы ортодогу чырга партиялардын тиешеси жоктугун айтышкан. «Замир менен Акылдын (шектүүнүн) ортосунда кастык болгон эмес. Бир мектепте окуганбыз. Бири-бирибизди мурдатан тааныйбыз. Үстөмдүк кылып гана, бир класс жогору окугандыгы үчүн сен менин инимсиң, сени урсам болбойбу деген. Шайлоого эч тиешеси жок», — деди күбөлөрдүн бири. Буга чейин «Политклиника» басылмасы маркумдун достору менен маектешип, Замирбек Ормон уулу мурда «Мекеним Кыргызстан» партиясынан үгүт өнөктүгүнө катышып, кийин «Республикага» өтүп кеткенин, эки жигиттин ортосундагы чырга 5 миң сом себеп болгонун жазган. Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясы кандуу окуяга тиешеси жок экенин билдирди. Партиянын өкүлү Элнура Алканова «Азаттык» радиосуна бул окуяга партиянын атын аралаштырууну «чагым» катары сыпаттады. «Жергиликтүү штаб менен бийланышып, текшерүү жүргүздүк. Бул окуяга байланышкан кишинин «Мекеним Кыргызстан» партиясына тиешеси жок. Бул провокациядай көрүнүп жатат. Биз өзүбүздүн агитаторлор менен келишим түзгөнбүз, расмий түрдө иштешет. Алардын тизмесинен жогорудагы кишини тапкан жокпуз». «Республика» партиясы 1-октябрда кайрылуу таратып, «үгүт иши башталгандан бери өлкөнүн айрым аймактарында партиянын тарапташтарын моралдык жана физикалык кысымга алуу, сабоо, өлтүрүү фактылары аныкталды» деп билдирген. Ал арада облустук милиция «Республика» партиясынын өкүлүнүн тараткан маалыматын «Адам өлүмүн жеке кызыкчылыгына пайдаланган» деп эскертүү берип, БШКга материалдарды жөнөтүү алдында турат. 2-октябрь Кыргызстанда үгүт өнөктүгүнүн акыркы күнү. Жогорку Кеңешке ат салышкан партиялардын бир айга созулган жолугушууларында чыр-чатактар, мыйзамсыз аракеттер байма-бай катталууда.

Подробнее
3 октября 2020 г. 1:19

“Мекенчил” №2. Камчыбек Ташиев: “Бул сапар мекенчил, мамлекеттин тагдырын өз баласынын тагдырындай кабыл алгандарга добуш берип көргүлөчү. Ошондо, өлкө сөзсүз жакшы жагына өзгөрөт!”

Бишкек, "Саясат. kg". “Миң уккандан бир көргөн” дейт, өз көздөрү менен көрүп, элдин оозунан чындыкты угушса, өнүгүүгө, өсүүгө өбөлгө болбойт беле". Кыргызстанда чек ара көйгөйү эң приоритеттүү маселеге айланууга тийиш. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалындагы түз эфирде көрүүчүлөрдүн суроосуна жооп берип жатып билдирди. “Биздин программада чек ара маселеси башкы орунда турат. Бул мамлекеттеги эң приоритеттүү маселеге айланууга тийиш. Демаркация, делимитация маселелерин тезинен бүткөрүп, элдин коопсуздугун камсыздашыбыз керек. Чек арага жакын аймактарда жашаган элдин социалдык маселелерин чечүү өкмөттүн иши. Бирок ал көйгөйлөрдү билүү үчүн өкмөт башчы жок дегенде бир жолу ал аймакка барып, кыдырып чыгыш керек. Бир чакан шаардын мэри менен сүйлөшүп калдым. Иштеп жатканына үч жыл болуптур. “Өкмөт башчы менен үч жылдан бери канча жолу жолуктуңуз? Шаарга тийиштүү маселелерди, аны чечүү жолдорун талкууладыңызбы?”- деп сурасам, ал айтат: “Бир да жолу жолукпадым. Ал турмак вице-премьерлерге дагы”,- деп. Демек, аймактардын өнүгүшү, алдыга жылышы, көйгөйү премьер-министрге да, вице-премьер-министрлерге да кереги жок экен. Айына эки-үчтөн районго барышканда деле бүт Кыргызстанды кыдырып чыгышмак. “Миң уккандан бир көргөн” дейт, өз көздөрү менен көрүп, элдин оозунан чындыкты угушса, өнүгүүгө, өсүүгө өбөлгө болбойт беле. Чек ара аймагындагы элдин абалы да өкмөткө бейтааныш. Маселелерин көрбөсө билишпейт, билишпесе чечишпейт, эл болсо кыйнала берет. Жооптуу кызматта иштегендердин, эл тагдырын моюнуна жүктөгөндөрдүн эртең менен 9да ишке барып, кечинде 6да кайтып, ак көйнөк кийип, галстук тагынганынан мамлекетке пайда жок. Эгер ал эл үчүн жүрөгүнөн күйүп-жана албаса. Мына ушундайлардын айынан элдин маселеси көбөйдү. Чынында азыркы бюджет менен эле көп социалдык көйгөйлөрдү чечип салса болот. Булардын баары беш жыл мурунку шайлоодогу туура эмес тандоонун жыйынтыгы экенин моюнубузга алышыбыз керек. Бул сапар мекенчил, мамлекеттин тагдырын өз баласынын тагдырындай кабыл алгандарга добуш берип көргүлөчү. Ошондо, өлкө сөзсүз жакшы жагына өзгөрөт!” – деди Камчыбек Ташиев.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:19

БШКга документтерди үч партия гана кынтыксыз тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого катышуу укугун алыш үчүн үч партия гана документтерди кынтыксыз тапшырганын билдирди. Алар — «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Мекенчил» партиялары, деп жазат «Азаттык». Калган партиялардын талапкерлери тууралуу маалыматтар жетишсиз, айрымдарынын тизмеси толук эмес. Аларда эки күн аралыгында (25-26-август) кемчиликтерин оңдоого мүмкүнчүлүк бар. 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алуу жыйынтыкталып, 17 партия эрежелерди аткарганы айтылган. Бирок «Кыргызстан» партиясы документ тапшыруу шарттарын бузганы кабарланып, 25-августта документтери артка кайтарылды. 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары партиялык тизме аркылуу беш жыл сайын шайланат. Кезектеги шайлоо 4-октябрда өтөт.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:19

Пандемия учурунда шайлоо процессин өткөрүү партиялардан жана шайлоочулардан чоң жоопкерчиликти талап кылат

Шайлоо процессин өткөрүү коронавирус инфекциясы пандемиясы мезгилине туш келди. Бул процесстин бардык катышуучуларынан социалдык жактан дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мындай пикирин премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. «Үгүт кампаниясы маалында партиялар жана шайлоочулар белгиленген санитардык нормаларды жана талаптарды сактоосу керек. Тийиштүү көзөмөл болушу зарыл. Мындан тышкары шайлоо күнү республиканын аймагындагы эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу шарт», – деди Өкмөт башчы. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, добуш берүү күнү шайлоо участкаларына барган Кыргыз Республикасынын жарандарына, шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине жана процесске тартылгандарга коронавирус инфекциясынын жугушун жана өпкөнүн сезгенишин алдын алуу боюнча жакынкы аралыкта план бекитилерин белгиледи. Штабдын жыйынында саламаттык сактоо объектилеринин курулушу жана жабдылышы боюнча маселелер каралды. Премьер-министр бул маселелерди сапатуу жана өз учурунда иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Мындан тышкары санитардык эрежелерди сактоо боюнча эл арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:23

Шайлоо 2020. Адахан Мадумаров митингдерди убада кылды

Бишкек административдик соту БШКнын каттоодон баш тартуу боюнча чечимине «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын арызын карап жатат.Анын лидери Адахан Мадумаров журналисттерге БШК өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап кетти деп билдирди. «Бул ачыктан-ачык сабатсыздык. Эгер сот биздин пайдабызга чечпесе, анда митингдер болот. Эл мыйзамсыздыктан тажап, эч кимге ишенбей калды. Алар конституциялык укуктарын коргоого укуктуу ”, — деди Адахан Мадумаров. Буга чейин ал партия митингдерди уюштурууну көздөбөйт деп билдирген. Эскерте кетсек, БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүгү “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоого каршы добуш беришкен.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники