О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
8 сентября 2020 г. 14:14

(Фото) “Мекенчил” Караколдо. К. Ташиев: Коррупцияга аралашкан, мамлекетке каршы иш жасаган депутат болгондон көрө, болбой койгон жакшы

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Караколго барды. Элдин добушун сатып алууга аракеттенгендер акча эмес, зулумдук, зыян таратып жатышат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 7-сентябрда Каракол шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “Биз чынчыл, түз сүйлөгөн депутат болобуз. Коррупцияга аралашкан, мамлекетке каршы иш жасаган депутат болгондон көрө болбой калган жакшы. Азыр элге акча таратып жаткандар акча эмес, зулумдук, зыян таратышууда. Добуш саткан адамдын кылган ишинин кесепети өзүнө гана эмес, башкаларга да тиет. Себеби, бул саясий добуш. Мени да катарына тарткандар көп болду. “Биздин партияга кошул, аты-жөнүңдү гана жазып кой да, барып эс ала бер. Депутат болосуң”, - дегендер болду. Бирок мага Алла Таалам күч берип аларга азгырылбадым. Мен үчүн эл-жериме ак дилден кызмат кылуу, Садыр Жапаровду абактан чыгарып алуу маанилүү. Айрым талапкерлер “Мен силердин көчөгө асфальт төшөп бергем, мечит куруп бергем, эми мени шайлагыла”, - деши мүмкүн. Биз бир айылдын, көчөнүн маселесин мамлекеттин маселесине теңебешибиз керек. Силер шайлаган депутат Кыргызстандын ар бир аймагынын маселесин билген, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн жана аны көзгө сайып көрсөтө алган адам болууга тийиш", - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:14

(Видео) «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапкерлери соттун алдына чыгышты

Буга чейин Бишкек административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы доо арызын караган. Бишкектин Административдик сотунун алдында «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапкерлери чогулууда. Алар соттон акыйкат чечим кабыл алууга чакырган жазууларды кармап алышкан. Ушу тапта сот партиянын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы берген арызын караганы жатат. БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко арыз жазган. Буга чейин Бишкек административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы доо арызын караган. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Булак: Элгезит

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Соңку жаңылыктар: Шайлоого байланыштуу ИИМ крал-жарактарды текшерет. “Ак кула” майданы шаардын карамагына өттү

КОРОНАВИРУС АКЫРКЫ АБАЛКыргызстанда бүгүн коронавирус 55 адамдан табылды, бул илдеттен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу 7-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Штабдын маалыматына караганда, жаңы катталган 55 адамдын эң көбү Баткен облусунда – 13 адам. Бир сутка ичинде катталгандардын бешөө медицина кызматкерлери, алардын үчөө Баткен облусунда, экөө Ысык-Көл облусунда. Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 601 бейтап ооруканаларда, үч миңдей бейтап үйүндө дарыланууда. Кечээтен бери бул илдеттен айыккан 134 адам ооруканадан чыкты.ЫСЫК-КӨЛДӨ ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН БИР АДАМ КАЗА БОЛДУ7-сентябрь күнү саат 04:47де Бишкек-Ананьево-Каракол унаа жолунун 65-чакырымында (Сары-Ой айылы) “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бетон тосмону сүзгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыкка 29 жаштагы эки эркек киши кабылып, анын бирөө каза болгон. Жабыркаган жаранды тез жардам кызматкерлери Чолпон-Ата шаардык ооруканасына алып барышкан. Ал эми каза болгон адамдын сөөгүн куткаруучулар унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.ШАЙЛООГО БАЙЛАНЫШТУУ ИИМ КУРАЛ-ЖАРАКТАРДЫ ТЕКШЕРЕТ Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү башталганына байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти сактоо багытында жарандардын колундагы бардык курал-жарактардын түрлөрүн текшерүүгө алат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандар сактап жана колдонуп жүргөн курал-жарактарды, аларды сактоо эрежелерин жана тиешелүү документтерин текшеришет. Жеке күзөт агенттиктери, алардын филиалдары жана ал жакта иштеген кызматкерлер, мамлекет тарабынан белекке берилген курал-жарактар, жарандардагы травматикалык жана өзүн өзү коргой турган курал-жарактар, ошондой эле мергенчилердин аңчылык кылган куралдары текшерилет. Жеке жана юридикалык жактарга курал-жарактарды сатууга жана сатып алууга байланыштуу уруксат документтерди берүү да убактылуу токтотулат. Жакынкы арада республиканын аймагында курал-жарактарды сатуу менен алектенген ишканалар жана дүкөндөрдүн ишмердүүлүгү да убактылуу токтотулат.“АК КУЛА” АТ МАЙДАНЫ ШААРДЫН КАРАМАГЫНА ӨТТҮБишкек шаарындагы “Ак кула” ат майданы толук бойдон мэриянын карамагына өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, вице-мэр Азиз Алымкуловдун тапшырмасы боюнча Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев ипподромдун талаш участкаларын мэрияга өткөрүү боюнча көчмө жыйын өткөргөн.  “Биз “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелеринин чек араларын аныктоо жана имаратты техникалык инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүздүк. Өлчөөнүн жыйынтыгы боюнча, кыймылсыз мүлк объектисине мамлекеттик акт жана техникалык паспорт алынат”, – деген Тынаев. “Ак-Кула” ат майданы биринчи ирет 1995-жылы менчиктештирилген, анда ат майдандын 57 гектар жери сатылган. Экинчи ирет 2003-жылы 100 миң сомго сатылган. 2017-жылы Бишкек мэриясы ат майдандын жерин муниципалитетке кайтаруу боюнча сотко кайрылган.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:26

Кенжебек Бокоев: Паспорт чогултуп, акча таркаткан партиялар кылмышкерлер!

Кенжебек Бокоев: Паспорт чогултуп, акча таркаткан партиялар кылмышкерлер! Алар биздин келечегибизди талкалап жатат!!!

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:14

(Видео) Сатып алуу башталдыбы? Партиянын пайдасына добуш бергендиги үчүн акча убада кылынган жарандар Бишкектеги мектептин жанына тартылды

Борбордук шайлоо комиссиясы бул факт боюнча текшерүү жүргүзөбүз деп жооп берди Бишкектеги №59 мектепте жайгашкан No224 шайлоо участогуна бир адамдардын тобу келишти, алар партиялардын биринин пайдасына добуш берүү үчүн эки миң сом төлөп беребиз деп жатышат. Тийиштүү видео @Bezpredelkgz Instagram аккаунтунда пайда болду. Кадрларда 7-10 шайлоочу бланктарды өз маалыматтары менен толтурганын көрүүгө болот. Алардын айрымдары авторго видеого тартканды токтотууну суранышат. - Кайсы партияга добуш бересиңер? Алар мекенин миң сомго сатышат дейт видеонун автору. Ошол эле учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына текшерүү жүргүзүүнү убада кылып, андан соң кеңири маалымат берилет. Ал арада №59 мектептин администрациясы Vesti.kg сайтына видео алардын мектебинин дарбазасынын сыртында тартылгандыгын билдирди. - Ооба, чындыгында бул биздин участокко караштуу, - деп мойнуна алышты алар. - Биз баардыгын мыйзам чегинде жасайбыз. Буга БШК жооп берет. Булак: vesti.kg

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:14

“Мекенчил” Балыкчыда. К. Ташиев: Садыр Жапаров чындыктан кайтпаганы үчүн абактан чыгарылган жок

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Балыкчы шаарында. Садыр Жапаровдой чындыкты сүйлөгөн саясатчылар Кыргызстанда саналуу гана. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 7-сентябрда Балыкчы шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. “2020-жылдын 1-январынан баштап жаңы кылмыш жаза Кодекси кабыл алынды. Анын негизинде көптөгөн адамдар, буга чейин камалган саясатчылардын баары камактан чыкты. бир гана Садыр Жапаров чыгарылган жок. Ага жаңы Кодекс да, амнистия да колдонулбады. Эмнеге? Анткени анын эрки күчтүү. Бир аз эркин сындырып, “мейли, мен саясатка аралашпайм, чындыкты айтпайм, силерге кошулуп калп сүйлөйм”, - деп макул болгондо, эчак чыкмак. Мындай уулу менен кыргыз эли сыймыктанышы керек. Садырдын башына түшкөн оор күндү эч кимдин башына салбасын. Кыйынчылыкка майышпай, чындыктан кайтпаган мындай жигит Кыргызстанда бирөө гана”, - деди Камчыбек Ташиев. "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:14

Президент: Шайлоо таза эмес өтөт деп, элди көчөгө чыкканга үндөгөндөр бар

Шайлоо туура эмес өтөт деп шек санагандар да бар. Президент Сооронбай Жээнбеков 5-сентябрда «Биринчи радиого» берген маегинде парламенттик шайлоого катышуу үчүн бардык саясий партияларга бирдей шарттар түзүлгөнүн, парламентке кайсы партия жеңип келсе да, иштешүүгө даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда, шайлоо таза эмес өтөт деген ойду элге сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар экенин, алар элди көчөгө чыкканга үндөп жатканын айтты. Эски адат менен шайлоону шылтоо кылып тынчтыкты буза албаса да, кырдаалды чайпап жибергиси келгендерди сындады. «Шайлоо туура эмес өтөт деп шек санагандар да бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элдин оюна сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп, элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген да күчтөр бар. Анын баарын көрүп турабыз. Президент катары мен тараптан, президенттин Аппараты тарабынан бардыгына бирдей мамиле болот. Бардык мамлекеттик органдарга бирдей талап болот. Келип бюллетень таштайм, шайлайм деген ар бир адамга тоскоолдуксуз оюн билдиргенге шарт түзүп беребиз», — дейт мамлекет башчы. Президент жарандарды добушун сатууга эч ким мажбурлабай турганын, таза шайлоо өткөрүү милдети бир гана мамлекеттик бийликтин колунда эмес, ар бир шайлоочунун колунда экенин айтты. Ал шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн президент катары өз милдетин толук аткарып жатканын белгилеп, буга мисал катары, шайлоо мыйзамдары өз убагында оңдолуп, кемчиликтери жоюлганын айтты. «Биз шайлоого катышам дегендер үчүн мыйзамды тактап бердик. Алар үчүн мыйзамдык негизде эч кандай күтүүсүз жагдайлар чыккан жок», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Булак: маралфм

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:14

Бишкекте 233 шайлоо тилкеси даярдалды

Бишкек шаарында 233 шайлоо тилкеси даярдалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.Маалым болгондой, Бишкек шаарынын Октябрь районунда – 59, Свердлов районунда – 51 жана Биринчи май районунда 58, Ленин районунда 65 шайлоо тилкеси ачылган.Бүгүнкү күндө шайлоо тилкелерине интернет тартуу жана генератор менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:14

Күндүн ыргагы: “Бүтүн Кыргызстандын” тарапташтары митингге чыгышты. Вирус менен жарыша шайлоо өнөкөтү өтүүдө (Түз эфир)

Күндүн ыргагы: "Бүтүн Кыргызстандын" тарапташтары митингге чыгышты. Вирус менен жарыша шайлоо өнөкөтү өтүүдө“БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН” ТЕГЕРЕГИНДЕГИ ЧЫРБүгүн «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына арызы Бишкек шаардык административдик сотунда сотунда каралып жатат. Ал арада партия өкүлдөрү, тапарташтары соттун имаратынын алдына чогулуп колдоо сөздөрүн айтышууда. Партия өкүлдөрү 3-сентябрда БШКнын “Бүтүн Кыргызстан” партиясы техникалык ката кетиргени үчүн шайлоодон четтетүү боюнча чечимине каршы экенин билдиришүүдө.ПАРТИЯЛАР ТАЛАПТАРДЫ АТКАРУУ КЕРЕКШайлоо процессин өткөрүү коронавирус инфекциясы пандемиясы мезгилине туш келди. Бул процесстин бардык катышуучуларынан социалдык жактан дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мындай пикирин премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.СООДА БОРБОРДОГУ ИЖАРАЧЫЛАР ӨКМӨТКӨ КАЙРЫЛДЫБүгүн 7-сентябрда борбор калаада жайгашкан эки ири соода борбордун ижарачылары маалымат жыйын уюштуруп, өкмөт тарабынан алардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилибей жатканын айтып нааразы болушту. Алар бийликтен эмнени талап кылып жатышат толугураак алдыдагы материалда….КОРОНАВИРУС АКЫРКЫ АБАЛКыргызстанда бүгүн коронавирус 55 адамдан табылды, бул илдеттен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу бүгун Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, жаңы катталган 55 адамдын эң көбү Баткен облусунда – 13 адам.ТОКТОГУЛ СУУ САКТАГЫЧЫНДА СУУ КӨБӨЙДҮ7-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 24 млн куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.ЭЛ АРАЛЫК ТАЗА АБА КҮНҮ«МувГрин» коомдук бирикмеси Бишкек шаарында Эл аралык таза аба жана ачык асман күнүнө карата акция өткөрдү. БУУ ушул жылдын 7-сентябрын таза аба жана көк асман күнү деп белгилеген. Акциянын катышуучулардын айтымында булганган аба азыркы учурда көпчүлүк өлкөлөрдүн көйгөйлүү маселеси болуп жатат. Активисттер акциянын максаты абанын булгануусуна дуушар болгон жагдайлар тууралуу маалымат жеткирүү экенин айтышууда.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:14

“Кыргызстан” партиясы шайлоо алдында “ЭЛ ҮЧҮН” программасын сунуш кылат

Кыргызстандын өнүгүшү эң маанилүү ресурс – адамды өнүктүрүүгө негизделген!Бул максатка жетүү үчүн, өлкөнүн тарыхында “Элдик мыйзамдар” деген ат менен кала турган демилгелер иштелип чыкты! Алар эл үчүн жана Кыргызстандын ар бир жараны үчүн иштелип чыккан! Партия республиканын жарандарын угат жана ар бир жарандын жыргалчылыгы үчүн чечимдерди кабыл алат!Партия төмөнкү багыттар боюнча жигердүү реформаларды жүргүзүү үчүн түпкү кадамдарды сунуш кылат: экономика, социалдык чөйрө, мамлекеттик башкаруу, эл аралык саясат жана коопсуздук.Ар бир жаран жана бардык адамдар үчүн кризиске каршы 20 мыйзам!Фундаменталдык реформалар үчүн, ири, реалдуу жана алдыңкы долбоорлор үчүн 20 мыйзам!“ЭЛ ҮЧҮН” программасы турмуштун эң маанилүү чөйрөлөрүн камтыйт жана орто жана узак мөөнөттүү мезгилге республиканын негизги багыттары боюнча өнүгүү стратегиясын сунуштай алат жана Программаны жүзөгө ашыруу боюнча төмөнкүдөй максаттарды белгилейт (артыкчылыктуу, бирок өз ара көзкарандылыкта), алар биринчи кезектеги партиялык мыйзам долбоорлорунун / демилгелеринин 5 пакетинде таризделген:Партиянын максаты – ар бир жарандын жыргалчылыгына негизделген күчтүү жана туруктуу мамлекет! Элдин жыргалчылыгы – бул бүтүндөй мамлекеттин жыргалчылыгы!“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 7-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Боронов: Үгүт маалында партиялар жана шайлоочулар санитардык талаптарды сактоосу керек

Шайлоо процессин өткөрүү коронавирус инфекциясы пандемиясы мезгилине туш келди. Бул процесстин бардык катышуучуларынан социалдык жактан дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мындай пикирин премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.«Үгүт кампаниясы маалында партиялар жана шайлоочулар белгиленген санитардык нормаларды жана талаптарды сактоосу керек. Тийиштүү көзөмөл болушу зарыл. Мындан тышкары шайлоо күнү республиканын аймагындагы эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу шарт», – деди Өкмөт башчы.Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, добуш берүү күнү шайлоо участкаларына барган Кыргыз Республикасынын жарандарына, шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине жана процесске тартылгандарга коронавирус инфекциясынын жугушун жана өпкөнүн сезгенишин алдын алуу боюнча жакынкы аралыкта план бекитилерин белгиледи.Штабдын жыйынында саламаттык сактоо объектилеринин курулушу жана жабдылышы боюнча маселелер каралды.Премьер-министр бул маселелерди сапатуу жана өз учурунда иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду.Мындан тышкары санитардык эрежелерди сактоо боюнча эл арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Шайлоого аттанган айрым талапкерлер тизмеден чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясы 3 партиянын айрым талапкерлерин берген арызынын негизинде каттаган жок. “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Дастан Алымбеков тизмеден чыгарылды. Ошондой эле “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен алты талапкер чыгарылды. Алар — Ильичбек Эргешов, Нияз Сарыев, Молдожаш Турдукулов, Шумкар Пазылов, Жаныбек Заирбеков, Алтынай Уранбекова. БШК мындан тышкары, “Социал-демократтар” саясий партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен Эрмек Океновду да чыгарды. Парламенттик шайлоого катышууга уруксат берилген 15 саясий партия 1 миң 957 талапкерди көрсөтүшкөн, анын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылган. Жалпысынан 1 миң 912 талапкер катталган. Анын ичинен 618и же 32,32% аялдар. Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Шайлоо-2020: БШК 25 эл аралык байкоочуну каттоодон өткөрдү

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын 25 өкүлүн эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрдү. Аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулардын тизмеси № п/п Байкоочу өкүл болгон эл аралык уюм Аты-жөнү

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Бишкекте 233 шайлоо тилкеси даярдалды

Бишкек шаарында 233 шайлоо тилкеси даярдалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Ленин районунда 65 шайлоо тилкеси, Октябрь районунда 59, Свердлов районунда 51 жана Биринчи май районунда 58 шайлоо тилкеси ачылган. Учурда шайлоо тилкелерине интернет тартуу жана генератор менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:15

Шайлоо-2020: «Баарына каршы» добуш берүүнү көздөгөн белгилүүлөр

Учурда Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү башталып, партиялар биринен-бири өтүп, өздөрүн таанытуу аракетин кылууда. Айрыкча бул жолку шайлоодо массалык чогулууларга тыюу салынгандыктан, талапкерлердин көпчүлүгү социалдык тармактар аркылуу үгүт иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле, социалдык тармактар аркылуу көпчүлүккө белгилүү маданият өкүлдөрү да шайлоо тууралуу пикирлерин билдирүүдө. Анын ичинен төкмө акын Аалы Туткучев бул жолку шайлоодо «Баарына каршы» добуш бере турганын жазды. «Бир партия жагып жатат. Добушумду ага берип, башкаларга да сунуш кылам. Аны шайласак азыркынын баары жоголуп, жаңы жүздөр депутат болмок. Ал «ПРОТИВ ВСЕХ» партиясы деп жазган. Акын Аалы Туткучевден сырткары, ырчы, КРнын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев да алдыда боло турган шайлоо тууралуу оюн Инстаграм баракчасынан билдирди. “Кесмелер армиясы айтылып, калп токуучу комбинаттар дүрүлдөп ишке кирди, эгер жалдырап дагы деле алардын оозун карап башыбызды ийкей берсек анда иштин бүткөнү, шорго малынганыбыз болоор. Ойлон кыргыз, ойгон эми, мен болсо бюллетендеги “баарына каршы” деген жерин тандадым. “Келечекке кедергим тийбесин,”- деген ырчы шайлоо тууралуу ыр саптарын дагы жазып калтырган. «Шайлоо, шайлоо шардана шайлоо болоор, Шапар тепкен, ооз мурунду майлоо болоор. Сунушталган долбоорлорун угуп турсаң, Суусамырдай уч кыйырсыз жайлоо болоор. Бүгүн туура чечим кылып ойлонбосок, Бүктөп кайрып, колу- бутун байлоо болоор». Буга чейин дагы бир төкмө акын Азамат Болгонбаев да социалдык тармакта билдирүү калтырып, шайлоодо «Баарына каршы» добуш берерин айткан. «Бир ай ичинде жүздөгөн балабакча, мектеп курулат, ондогон завод ишке кирет. Баардык айылдарга көпүрө, асфальт, таза суу түтүктөрү салынат. Пенсия, пособие жогорулап, айлык-акы көбөйөт. АЛДАНБАЙЛЫ!!! БААРЫНА КАРШЫ ✔️»-деген билдирүү калтырган. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ага учурда 15 партия катышууда. Атаандаштар анык. Кайсы партияга добуш бересиз? (Сурамжылоо)

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники