О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
8 сентября 2020 г. 14:08

Административдик соттун жанында “Бүтүн Кыргызстан” партиясын колдогон митинг өтүп жатат – сүрөттөр

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын доо арызы бүгүн, 7-сентябрда, саат 16.30да Бишкек шаардык сотунда каралып баштады. Ал эми административдик сотунун жанында аталган партияны колдогон митинг да өтүп жатат. Бул жерде 300гө жакын адам бар. Милиция кызматкерлери тартипти сактап жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн 17 партиянын ичинен 15 партияны талапкер катары каттап, «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыраткан. Кыргызстанда парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган.

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:08

Жарым миллиондой жарандын «жараксыз» добушу

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо жарым миллионго жакын адам добуш бере албай турганы белгилүү болду. Буга алардын биометрикалык каттоого турбаганы себеп болууда. Кыргызстанда 2015-жылдан баштап жарандарга биометрикалык маалыматтар менен гана шайлоого катышууга уруксат бериле баштаган. Эмне себептен жарым миллионго жакын адам добуш берүүгө тартылбай калды? Мамлекеттик каттоо кызматы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 437 384 жаран биометрикалык каттоого турбастан, эски үлгүдөгү ID-паспорт менен жүрөт. Демек, алар алдыга шайлоодо добуш берүүгө катыша албайт. Мамкаттоо 2014-жылдан бери, айрыкча шайлоого жакын жарандарды биометрикалык маалымат тапшырууга чакырган кызуу өнөктүк жүргүзгөнүн билдирди. Бирок алты жылдан бери эмнеге 1,5 миллионго жакын адам биометрикалык маалымат тапшырбай жүргөнүнүн так себеби белгисиз. Мекеменин адиси Дамира Азимбаева бул суроого мындай жооп берди: «Өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу болуш керек. Балким алар чет өлкөдө жашап жүрөт. Айрымдарында жаңы паспорт алууга муктаждык боло элек. Негизи 2014-жылдан бери эле Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын бирдиктүү реестрин түзүш үчүн биометрикалык маалыматтарды чогултуу менен алектенип жатат». Мамкаттоо 2015-2017-жылдардагы шайлоодо биометрикалык маалымат тапшырбаган канча адам добуш бере албай калганы жөнүндө маалыматты кийинчерээк берерин билдирди. Жогорку Кеңешке өтүш үчүн бир партия орто эсеп менен кеминде 130 миңдей добуш алышы керек. Демек, жарым миллионго жакын шайлоочу эки-үч партиянын тагдырын чече алмак. «Жарандык платформа» уюмунун жетекчиси Айнура Усупбекова биометрикалык маалымат тапшырып, шайлоого катышуу укугуна ээ болуу ириде ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги менен байланыштуу экенин белгилейт. Ошол эле кезде Усупбекова бийлик өлкө тагдырын аныктоочу саясий окуяларга жарандардын активдүү катышуусуна үндөшү керек деген ойдо. Усупбекова бул жолку шайлоодо Мамкаттоонун мындай аракетин байкаган жок. «Айрымдар коопсуздукка, кээ бири мыйзам менен маселеси барлар тапшырбай жүрүшөт. Мындан сырткары да адамдар бар. Алар жаңы паспорт алгандар. Билбей жүрүшөт. Бул жолу Мамлекеттик каттоо кызматы мурдагыга салыштырмалуу начар иштеди», - деди ал. Жалпы шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүп жаткан жарандык активист Максат Чакиев мамлекет үчүн парламенттик шайлоо эң маанилүү жараян экенин белгиледи. Ал эл өлкөнүн беш жылдык тагдырын чечүүчү депутаттарды тандашына шарт түзүлүшү керек болчу деген ойдо турат. Чакиев шайлоо өнөктүгүндөгү жогоруда кеп болгон көрүнүштөргө нааразы болду. «Парламент бийликтин негизги бутагы болуп жатат. Аны тандоого бийлик мыкты даярдык көрүшү керек. Жарым жыл калганда эмнеге биометрика тапшырбагандар көп болуп жатканын аныктап, иштеши керек эле. Экинчиден, №2 форма деген нерсе менен жарым миллион эл катталып койду. Бул түшүнүксүз, күмөндүү тизме. Ал эми чет өлкөдө жүргөн көпчүлүк жарандардын шайлоого катышуу укугу жок калды. Муну шайлоо деп айта алабызбы?» Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бул жолку шайлоого чет мамлекеттерден добуш берүүгө 32 миңден ашуун кыргызстандык каттоого турганын маалымдады. Башка мамлекеттерде жүргөндөр үчүн атайын 45 добушкана ачылды. Алардын көпчүлүгү Орусиянын аймактарында. Ар кандай маалыматка ылайык, Орусияда миллионго жакын кыргыз мигранты бар экени айтылат. 2015-жылы парлементтик жарышта тизмеге 2 млн. 700 миң киши катталып, бир млн. 600 миң киши (59%) добуш берүүгө келген. БШКнын жетекчисинин мурдагы орун басары Жаркын Бапанованын божомолунда бул сапар парламенттик жарышка шайлоочулар кызуу катышат. Бапанова бийлик пандемиянын шартында талапкерге да, шайлоочуга да мүмкүн болгон шарттарды түзүп берип жатканын айтты: «Партияларда жаштар көп экен. Андыктан жаштар да бул жолу добуш берүүгө катышууга кызыгып жатышат. Ал эми өкмөт, БШК мыйзамдын чегинде гана иш алып барууда. Президент болсо чынында кийлигишкен жок». БШКнын акыркы эсебинде Кыргызстанда шайлоочулардын саны үч млн. 523 миң адам болду. Бул көрсөткүч 2015-жылдагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна салыштырмалуу 700 миң адамга көбөйдү. Ал эми 2017-жылы президенттик жарышта шайлоочулардын саны 3 миллиондон бир аз ашкан болчу. 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоонун добуш берүү күнү болот. Учурда 16 партия парламентке келип, мандат алууну көздөп турат.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:08

Бек Борбиев: “Мекеним Кыргызстан” ыры бүтө электе уурдалып, фейк баракчага жүктөлүптүр

Белгилүү ырчы Бек Борбиев өзүнүн Instagram баракчасында “Мекеним Кыргызстан” аттуу ырына жана клибине салынган айып пул тууралуу комментарий берди. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын үгүт иштерин мөөнөтүнөн эрте баштаганын аныкташкан. Ырчы депутат болбойм деп эки жылдан бери айтып келе жатканын билдирди. «БШК мага салган 7500 сом айып пул тууралуу интернет булактарынан билдим. Унчукпай барып төлөп койсом деле болот, бирок… «Мекеним Кыргызстан» деген ырды үгүт иштери башталгыча интернет баракчасына чыгарыптыр деген айып. Кудайды карасаңар боло, менин баракчамдан ырды көрдүңөрбү, мен дагы мыйзам сыйлаган адаммын, албетте чыгармак эмесмин жана чыгарган жокмун. Ал интернеттеги вариант ырдын бүтө элек кезинде уурдалып, моя Родина деген фейк аккаунтка жүктөлүп, эң кызыгы реклама деп акчасы төлөнүп , жайылтууга коюлуптур. Бул саясий оппоненттер тарабынан уюштурулса керек. Кандай гана фейк аккаунт болбосун, алгачкы жүктөлүү булагын тапса болот, изилденет жана соттук тергөөдө акыйкат иш алып барылат деп ишенебиз», – деп жазган Борбиев. Посмотреть эту публикацию в Instagram Жазат десе эле…)) Мен эки жылдан бери эле депутаттыкка барбайм деп келем, баракчамды туруп окусаныздар болот. Мен 30 жылдан бери эле депутаттай жашоо откором жана депутатмын, Кыргыздын кайсы жерине барбайын кучак жайып тосуп алаар куйормандарым бар. Ыр куйормандардын мындай сыйына Аллах раазы болсун деп, ушул кундорго чейин сыямды кургатпай эмгектенип келем. Бул пикиримде бугун дагы турам Албетте кийинки кундордогу болгон окуялар боюнча дагы токтолуп кетпесем болбойт. БШКа мага 7500 сомго айып тагыптыр, мен дагы аны интернеттен окудум. Унчукпай барып толоп койсом деле болот, бирок… Мекеним Кыргызстан деген ырды шайлоо башталгыча интернет баракчасына чыгарыптыр деген айып?! Кудайды карасанар боло, менин баракчамдан ырды кордунорбу, мен дагы мыйзам сыйлаган адаммын, албетте чыгармак эмесмин жана чыгарган жокмун. Ал интернеттеги вариант ырдын буто элек кезинде уурдалып, моя Родина деген фейк аккаунтка жуктолуп, эн кызыгы реклама деп акчасы толонуп , раскруткага коюлат. Альетте саясий оппоненттер тарабынан уюштурулсв керек. Албетте кандай гана фейк аккаунт болбосун, алгачкы жуктолуу булагын тапса созсуз болот, албетте изилденет жана сот тергоо тараптан акыйкат иш алып барылат деп ишенебиз. Бул создорду мен азыр трайбалист- саясий серепкерлер же фейк аккаунттардын алдында актанайын деп эмес,озумдун санаалаштарыма , пикирлештериме маалымат учун жазып коюну туура кордум Ооба маалымат учун дагы айтып койчу бир эки соз бар. Кийинки учурда баракчамдагы комменттер арасында саясат аралашкан создор коп, Бакиевчил, Райымдын ырчысы деген мааниде Ооба Бакиевчил болгом.. Мен башкаларга окшоп бир жээктен экинчи Аша жээгине ото качкан жокмун. Кан кечип 90 жаш омурду кыйып, кыргызга мин жылдык кырсык болгон адамдын командасына ото качканга мункунчулугум коп эле. Эки жакын досум анын жанындагы ото жакын кишилери болчу. Анте албадым, кокурок катып туруп алды, 10 жыл аны менен ФБ аркылуу куроштум, акыры эмне болгонун баарыныздар билесиздер. ТВ, Радиону тыю салып , (озу гитара менен ырдап туруп алды)) Кимдин ким экенин убакыт корсотту, мага сахна бербей турганда кулуп табасы кангандар коп болгон, азыр темир тордун артында же качып журот. Эч кимге капачылыгым деле жок, бул 📩 Публикация от Беk Борбиев (@bek_borbiev) 4 Сен 2020 в 2:13 PDT

Подробнее
1 октября 2020 г. 0:08

Трамп менен Байден кайым айтышты

29-сентябрда АКШнын президенттигине талапкерлер Дональд Трамп менен Жо Байден алгачкы телетаймашта беттешти. Дональд Трамп менен Жо Байден бир жарым сааттык дебатта кызыл чеке болуп талашып-тартышып, АКШнын президенттигине башкы талапкерлердин беттешүүсү эки тараптуу айыптоолор менен коштолду. Демократиячыл Жо Байден «Американы кайрадан улуу өлкө кылабыз!» деген убада менен келген республикачыл Трамптын маалында өлкө тескерисинче «алсырап, жакырланып, чаржайыт бөлүнүп» турганын айтты. Коронавирус пандемиясында көрүлгөн чаралар боюнча сынга Трамп анын администрациясы «мыкты иштегенин» белгилеп, Байден президент болгондо «жоготуулар менен өлкөдөгү кырдаал мындан оор болмок» деди. АКШда коронавирус 7 миллиондон ашуун адамда аныкталып, илдеттен каза болгондор 200 миңден ашты. Бул үчүн Трамп америкалыктардын катуу сынына калып, рейтинги төмөндөп турат. Байден Трамптын тышкы саясаттагы чабалдыгын айтып, аны «Путиндин күчүгү» деп атады. «Мен Путин менен жолуккам. Мен анын айла-амалдарына алданбасымды ачык көрсөткөм. Бул болсо, Путиндин күчүгү. Бул Ооганстандагы америкалык аскерлердин баштары үчүн жарыяланган байге тууралуу ага эч нерсе дей алган жок», - деди Байден. Трамп өз кезегинде Байден вице-президент болуп турганда уулу Хантер Украина, Орусия менен Кытайдагы анын кызматтык байланыштарын колдонуп, байыганын айтып чыкты. Ал кезде Хантер Байдендин компаниясы Москванын мурдагы мэри Юрий Лужковдун аялынан 3,5 миллион доллар алганын кошумчалай кетти. Буга Байден уулу «мыйзам чегинде иш алып барганын» айтты. Бул ирет мурдагы вице-президент Трамптын адамды укпай, сөзүн бөлүп, жеке сапаттарына асылып сүйлөгөн стилин колдонуп, эки талапкер тең бирдей ашып кыйкырып сүйлөөгө аракеттенгени байкалды. 77 жана 74 жаштагы талапкерлер эмоциага алдырып, бири-бирин «жалганчы», «маскарапоз» деп айыптоого чейин жетишти. Дебаттын алып баруучусу Крис Уоллес бир нече ирет кызыл чеке болуп талашка түшкөн оппоненттердин токтотуп, «экөө бир маалда сүйлөп жатканын» эскертти. Ал эми телетаймашка байкоо салган серепчилер бир жарым сааттын ичинде эки талапкердин бири да өзү сунуштары менен программасынан кеп козгобогонун сынга алышты. Дебатта мындан тышкары АКШ Жогорку сотунун судьясын шайлоо, шайлоо мыйзамдарынын сакталышы, пандемиядагы кабыл алынган чечимдер, экономикадагы абал боюнча талкуу жүрүшү керек болчу. Көптөгөн маалымат каражаттары талапкерлердин дебатын «башаламан» өткөн кайым айтыш катары сүрөттөштү. Трамп республикачылар менен демократиячылардын талашына түшкөн Жогорку соттун судьясын шайлоого чейин дайындоо анын конституциялык укугу экенин белгилеп, почта аркылуу алдын ала добуш берген америкалыктардын добуштары бурмалана турган болсо, шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын баса белгиледи. «Мен шайлоо ачык-айкын өтөт деп үмүттөнөм. Шайлоо таза болсо, мен аны 100 пайыз колдойм. Бирок, он миңдеген бюллетендер бурмаланса, мен аны менен макул болбойм», - деген Трамп келерки шайлоо жыйынтыгы акыры Жогорку сотто каралышы ыктымалдыгын жашырбады. CNN телеканалы жүргүзгөн сурамжылоодо он адамдын алтоо дебатта Байден өзүн жакшы көрсөткөнүн белгилешкен. Үчтөн экиси Байден ачык-айкын жооп бергенин баалашкан, калгандары Трампты туура көрүшкөн. Анткен менен «Голос Америки» менен «Рейтер» агенттиги бул дебатка чейинки сурамжылоолордо америкалыктардын 90 пайызы өздөрүнүн талапкерин ишенимдүү тандашканын, 1,4 миллион адам алдын ала добуш беришкенин кабарлап жатышат. Телетаймаштын алдында «New York Times» гезити Трамптын соңку 20 жылдагы салык декларацияларындагы маалыматты ачыктап, анда Трамп 2001-2015-жылдары такыр федералдык киреше салыгын төлөбөгөнүн жазып чыккан. Басылма жарыялаган иликтөөгө ылайык, Трамп 2016-жылы жаңыдан президент болгондо 750 доллар өлчөмүндө гана федералдык киреше салыгын төлөгөн. Кийинки жылы деле ушунча суммадагы акча төккөн. Трамп 27-сентябрдагы басма сөз жыйынында бул маалыматты «фейк, жалган» деп атап, салык декларациясы тууралуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тарткан болчу. Дебаттын алдында Жо Байден жана аялы Жилл былтыркы декларацияларын жарыялап, казынага 300 миң доллардай салык төлөшкөнүн ачыкташкан. АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:08

Сот “Бүтүн Кыргызстандын” ишин кароону 9-сентябрга жылдырды

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаарынын административдик сотунд а «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы берген доо арызы каралды. Бирок ишти кароо 9-сентябрга жылдырылды. Буга партия өкүлдөрүнүн БШКнын айрым мүчөлөрүн сотко чакыруу тууралуу жүйөсү себеп болду. Ал эми партия лидери Адахан Мадумаров бул создуктурууну аларды убакыттан утуп, буту колун тушоо аракети деп баалады. Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” талапкерлердин тизмесин берүүдө эреже бузган деп партияны шайлоодон четтеткен. Ага нааразы болгон партия өкүлдөрү БШКнын үстүнөн сотко кайрылган.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:08

Шайлоо-2020: БШК акысыз эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чучукулак өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардын ортосунда акысыз эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чучукулак өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет. “Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чучукулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускамага (КР БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы № 119 токтомунун редакциясында) ылайык, БШК мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чучукулакты өткөрүү датасын, убактысын жана ордун өз алдынча аныктайт. Чучукулак талапкерлерди каттоо аяктаганда, бирок добуш берүү күнүнѳ чейин 35 календардык күндѳн кеч эмес ѳткѳрүлѳт. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары, ээлери) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга караштуу мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет-басылмалар, ошондой эле башка медиага салыштырганда салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерге ээ болгон ЖМКлар саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга милдеттүү. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар өздөрүнө мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысы жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянты берилишине укуктуу. Көрсөтүлгөн эфир убактысы теле жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан мезгилге – 20.00дөн 24-00 саатка чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш. Чучукулактын жыйынтыгы боюнча акысыз эфир убактысы жана басма аянты төмөнкүчө бөлүштүрүлдү: КТРК телеканалы (саясий партиялардын лидерлеринин катышуусунда теледебаттар) 1. “Мекеним Кыргызстан”с/п, 2. “Социал-демократтар”с/п, 3. “Ата Мекен” социалисттик с/п, 4. “Ордо”с/п, 5. “Реформа”с/п, 6. “Мекен Ынтымагы”с/п, 7. “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“с/п, 8. “Ыйман Нуру”с/п, 9. “Кыргызстан”с/п, 10. “Республика”с/п, 11. “Мекенчил”с/п, 12. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”с/п, 13. “Чоң Казат”с/п, 14. “Замандаш”с/п, 15. “ “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы с/п. КТРК телеканалы (аял талапкерлердин катышуусунда теледебаттар) “Мекен Ынтымагы” с/п, “Кыргызстан” с/п, “Социал-демократтар” с/п, “Биримдик” (Единство)” демократиялык партиясы с/п, “Республика” с/п, “Мекенчил” с/п, “Ата Мекен” социалисттик с/п, “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“с/п, “Замандаш” с/п, “Ордо” с/п, “Чоң Казат” с/п, “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, “Мекеним Кыргызстан” с/п, “Ыйман Нуру” с/п, “Реформа” с/п. КТРК телеканалы (саясий партиялардын жекече чыгып сүйлөөлөрү) 1. «Мекен Ынтымагы” с/п, 2. «Реформа” с/п, 3. «Республика” с/п, 4. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 5. «Социал-демократтар” с/п, 6. “Биримдик” (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 7. «Ордо” с/п, 8. «Кыргызстан” с/п, 9. «Замандаш” с/п, 10. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 11. «Чоң Казат”с/п, 12. «Мекенчил” с/п, 13. “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 14. “Ыйман Нуру” с/п, 15. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, КТРК телеканалы (саясий партиялардын жаштар канаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда теледебаттар) 1. «Реформа” с/п, 2. «Кыргызстан” с/п, 3. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 4. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 5. «Мекен Ынтымагы” с/п, 6. «Социал-демократтар” с/п, 7. «Мекенчил” с/п, 8. “Ыйман Нуру” с/п, 9. «Республика” с/п, 10. «Ордо” с/п, 11. «Чоң Казат”с/п, 12. «Замандаш” с/п, 13. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 14. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 15. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, КТРК (түз байланыш) 1. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 2. «Замандаш” с/п, 3. «Социал-демократтар” с/п, 4. «Мекен Ынтымагы” с/п, 5. «Ордо” с/п, 6. «Реформа” с/п, 7. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 8. “Ыйман Нуру” с/п, 9. «Кыргызстан” с/п, 10. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 11. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 12. «Республика” с/п, 13. «Мекенчил” с/п, 14. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 15. п/п “Чоң казат”. “ЭлТР” МТРК телеканалы (саясий партиялардын лидерлеринин катышуусунда теледебаттар) 1. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 2. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 3. «Ордо” с/п, 4. «Мекен Ынтымагы” с/п, 5. «Республика” с/п, 6. «Замандаш” с/п, 7. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 8. «Чоң Казат”с/п, 9. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 10. “Ыйман Нуру” с/п, 11. «Мекенчил” с/п, 12. «Реформа” с/п, 13. «Социал-демократтар” с/п, 14. «Кыргызстан” с/п, 15. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п. “ЭлТР” МТРК телеканалы (саясий партиялардан талапкерлер менен теледебаттар) 1. «Мекен Ынтымагы” с/п, 2. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 3. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 4. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 5. «Кыргызстан” с/п, 6. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 7. «Республика” с/п, 8. «Замандаш” с/п, 9. «Чоң Казат”с/п, 10. «Ордо” с/п, 11. «Реформа” с/п, 12. «Социал-демократтар” с/п, 13. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 14. “Ыйман Нуру” с/п, 15. «Мекенчил” с/п. “ЭлТР” МТРК телеканалы (саясий партиялардын жекече чыгып сүйлөөлөрү) 1. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 2. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 3. «Реформа” с/п, 4. «Замандаш” с/п, 5. «Социал-демократтар” с/п, 6. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 7. “Ыйман Нуру” с/п, 8. «Кыргызстан” с/п, 9. «Мекенчил” с/п, 10. «Ордо” с/п, 11. «Мекен Ынтымагы” с/п, 12. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 13. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 14. «Республика” с/п, 15. п/п “Чоң казат”. “ЭлТР” МТРК телеканалы (Элге эмне дейсиз?) 1. «Республика” с/п, 2. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 3. «Реформа” с/п, 4. «Кыргызстан” с/п, 5. “Ыйман Нуру” с/п, 6. «Социал-демократтар” с/п, 7. «Чоң Казат”с/п, 8. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 9. 11. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 10. «Мекен Ынтымагы” с/п, 11. «Мекенчил” с/п, 12. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 13. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 14. «Замандаш” с/п, 15. п/п “Ордо”. КУ “Кабар” МА 1. «Республика” с/п, 2. «Мекен Ынтымагы” с/п, 3. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 4. “Ыйман Нуру” с/п, 5. «Мекенчил” с/п, 6. «Реформа” с/п, 7. «Замандаш” с/п, 8. «Кыргызстан” с/п, 9. «Ордо” с/п, 10. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 11. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 12. «Социал-демократтар” с/п, 13. «Чоң Казат”с/п, 14. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 15. «Ата Мекен” социалисттик с/п. “Кыргыз Туусу” газетасы 1. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 2. «Реформа” с/п, 3. «Кыргызстан” с/п, 4. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 5. «Замандаш” с/п, 6. “Ыйман Нуру” с/п, 7. «Мекен Ынтымагы” с/п, 8. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 9. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 10. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 11. «Ордо” с/п, 12. «Чоң Казат”с/п, 13. «Республика” с/п, 14. «Социал-демократтар” с/п, 15. “Мекенчил” с/п. “Эркин Тоо” газетасы 1. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 2. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 3. “Ыйман Нуру” с/п, 4. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 5. «Мекен Ынтымагы” с/п, 6. «Реформа” с/п, 7. «Кыргызстан” с/п, 8. «Замандаш” с/п, 9. «Чоң Казат”с/п, 10. «Ордо” с/п, 11. «Республика” с/п, 12. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 13. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 14. «Мекенчил” с/п, 15. “Социал-демократтар” с/п. Облустук медиаборборлор 1. «Ордо” с/п, 2. “Ыйман Нуру” с/п, 3. «Замандаш” с/п, 4. «Реформа” с/п, 5. «Ата Мекен” социалисттик с/п, 6. «Республика” с/п, 7. «Мекенчил” с/п, 8. «Мекен Ынтымагы” с/п, 9. «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 10. «Чоң Казат”с/п, 11. «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 12. «Мекеним Кыргызстан” с/п, 13. «Кыргызстан” с/п, 14. «Социал-демократтар” с/п, 15. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:09

Грузин оппозициясы шайлоодо жеңсе Саакашвилини премьерликке көрсөтөт

Грузияда оппозициядагы «Бирдиктүү улуттук кыймыл» менен «Күч - биримдикте» биримдиги мурдагы президент Михаил Саакашвилиге аталган саясий күчтөрдүн атынан премьер-министр кызматына талапкер болууга чакырды. «Михаил Саакашвили бозгунда жүрөт. Грузиянын үчүнчү президентин куугунтуктоо токтотулушу керек. Саясий куугунтук биротоло жана түп-тамырынан бери жоюлушу зарыл. Михаил Саакашвили өлкөгө кайтып келиши керек», деди «Бирдиктүү улуттук кыймылдын» лидери Григол Вашадзе. Грузияда парламенттик шайлоо 31-октябрда өтөт жана учурда үгүт өнөктүгү расмий түрдө башталды. Парламентте 150 мандат бар. Алардын 120сы партиялык тизме менен шайланат, калгандары бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Өткөн айдын аягында Саакашвили Грузияга, саясатка кайтып келүү ниети бар экенин билдирип, 7-сентябрда мекенине кайтуу планын жарыялаган. Грузиянын юстиция министри ал чек арадан өтөөрү менен камакка алынарын эскерткен. Грузин бийлиги Саакашвилиге бир катар айыптарды коюп, ага издөө жарыялаган. Саакашвили 2015-жылы украин жарандыгын алган жана ошол кездеги президент Петр Порошенко аны Одесса облусунун башчысы кылып дайындаган. Бирок эки жылга жетпей эки саясатчынын мимилеси сууп кеткен жана анын украин жарандыгы жокко чыгарылган. Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленский ага бул өлкөнүн жарандыгын кайра берип, Реформа боюнча аткаруу комитетинин башчысы кылып дайындаган. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:09

Турсунбек Акун, “Келечекке жол” Элдик Кеңешинин төрагасы: "Бүтүн Кыргызстандын" сотто утуп, шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү бар

NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-акыйкатчы “Келечекке жол” Элдик Кеңешинин төрагасы, белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун менен БШК шайлоодон четтеткен “Бүтүн Кыргызстан” боюнча пикир алыштык. -Турсунбек мырза, “Бүтүн Кыргызстан” партиясын БШК каттоодон өткөрбөй коюп, сотко кайрылууга аргасыз болду. Сот адилеттүү чечим чыгарат деп үмүт кылсак болобу? - Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясын да шайлоодон четтеткен. Алар райондор аралык сотко жана Жогорку сотко кайрылып БШКны утуп, шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. БШК бу жолу “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттабай койду. Бирок, “Бүтүн Кыргызстандын” юристтери, адвокаттары күчтүү болсо, булардын да сотто утуп ала турган мүмкүнчүлүк бар. -Бул жерде БШК катачылыкка жол бергенби же күнөө партиядан кеткенби? -БШК күнөөлүү же күнөөлүү эмес дегенден алысмын. Бул талаш маселеге сот гана чекит коёт. -Эгер сот БШКга ыктаган чечим чыгарса, эл арасында сот бийликчил “Кыргызстан” партиясын шайлоого катыштырып, оппозициялык партияны кодулап жатат дегендер нааразы тараптар чыкпайбы? -Албетте, андайлар чыгат. Анткени, “Кыргызстан” партиясы бийликке ыктаган партия деген коомдук пикир түзүлүп калган. Ал эми Адахан Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясын оппозициялык партия деп билишет. Эгер оппозициялык партиялар шайлоодон четтеп калса, анда Кыргызстандын эл аралык аброюна да шек келет. Анткени, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы кечээ түзүлө калган жок. 10 жылдан бери тынбай шайлоого катышып, болушунча аракеттенип келатышат. Ошон үчүн алардын да аракеттерин баалаш керек. Антпесек “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоочулары жана тарапташтары да бийликке доомат коё турган жагдай жаралат. -“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери саясий чечимдин негизинде шайлоодон четтеп калдык деди эле. Жогору жакта Мадумаровду кыртышы сүйбөгөндөр барбы? -Мен антип ойлобос элем. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы өкмөт башчы же мамлекет башчы кийлигишип, шайлоодон четтетип салган жок. Анткени, шайлоого байланышкан маселенин баарын БШК өзү чечип жатат. Бул жерде “Бүтүн Кыргызстандын” шайлоого катышуусун каалабаган партиялар да болушу мүмкүн. Ошондой эле саясатчыларды жолдон чыгарган карт саясатчылар да буларды шайлоодон четтетүүгө аракет кылышы да ыктымал. -Неге антип ойлоп жатасыз? -Эгер партиялардын көбү “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоого катышуусуна тилектеш болсо, бир ооз болсо да пикирин билдирет эле. Бир гана “Реформа” партиясы менен “Чоң казат гана шайлоодон четтебеши керек деген оюн айтты. Оппозициябыз деген “Ата Мекен” менен “Бир Бол” талкан сугунуп алгансып унчукпай отурушат. Булардын унчукпай олтурушунда сыр бар. Ошон үчүн бул иш бийликтин эмес, ошондой оюнчулардын колунан келиши мүмкүн деген ойдомун. -Мадумаров башында укуктук талаада күрөшөөрүн айтты эле. Эмнегедир акыркы мезгилде эмоцияга алдырып, башка мааниде сүйлөй баштады го? -Мадумаров “укуктук талаада күрөштү улантабыз” деп айткан. Мен ачууга алдырбай арканды алыс таштаса экен деген тилекте болгом. Тилекке каршы, элдер чогулуп келе баштаганда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери да “эл эмнени айтса, мен ошого барам. Укуктук талаа менен күрөшүү болбой калды. Романтикалык жашоо бүттү” деген маектерди бере баштады. “Бүтүн Кыргызстандын” башка талапкерлери да андан катуу маектерди берип, колдорун кесеп сүйлөй баштады. Соттор жаман деген күндө дагы маселени соттор чечет. Буюрса, бүгүнкү сот да калыс чечим чыгарат. Эгер бул сот чечпесе, алдыда Жогорку сот адилеттүү чечим чыгарат деп ойлойм. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:09

ШЫБЫРТ: “Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоого катышат

Борбордук шайлоо комиссиясын “Бүтүн Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоого каттабай койгону үчүн сотко берген. Учурда соту жүрүп жатат. Ишенимдүү булактардын айтымына караганда сот БШКнын эмес, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын пайдасына чечим чыгарат. Сот башталганга чейин "Бүтүн Кыргызстан" партиясын колдоп келген активисттер, партиянын тарапкерлери соттон акыйкат чечим чыгаруусун талап кылып, Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында жүздөгөн адамдар топтолууда. Алар "Бүтүн Кыргызстан" шайлоого катышсын!-деген ураан менен турат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:09

Соттун алдында жүздөгөн адамдар "Бүтүн Кыргызстан" шайлоого катышсын!-деген ураан менен турат

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын доо арызы бүгүн 7-сентябрда, саат 16.30да Бишкек шаардык сотунда каралат. Сот башталганга чейин "Бүтүн Кыргызстан" партиясын колдоп келген активисттер, партиянын тарапкерлери соттон акыйкат чечим чыгаруусун күтүп Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында жүздөгөн адамдар "Бүтүн Кыргызстан" шайлоого катышсын!-деген ураан менен турат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:09

Республикалык штаб: Пандемия учурунда шайлоо процессин өткөрүү партиялардан жана шайлоочулардан социалдык жактан дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат

Шайлоо процессин өткөрүү коронавирус инфекциясы пандемиясы мезгилине туш келди. Бул процесстин бардык катышуучуларынан социалдык жактан дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. «Үгүт кампаниясы маалында партиялар жана шайлоочулар белгиленген санитардык нормаларды жана талаптарды сактоосу керек. Тийиштүү көзөмөл болушу зарыл. Мындан тышкары шайлоо күнү республиканын аймагындагы эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу шарт», - деди Өкмөт башчы. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, добуш берүү күнү шайлоо участкаларына барган Кыргыз Республикасынын жарандарына, шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине жана процесске тартылгандарга коронавирус инфекциясынын жугушун жана өпкөнүн сезгенишин алдын алуу боюнча жакынкы аралыкта план бекитилерин белгиледи. Штабдын жыйынында саламаттык сактоо объектилеринин курулушу жана жабдылышы боюнча маселелер каралды. Премьер-министр бул маселелерди сапатуу жана өз учурунда иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Мындан тышкары санитардык эрежелерди сактоо боюнча эл арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
18 сентября 2020 г. 10:53

Адилет Асаналиев

Биздин талапкер Адилет Асаналиевдин катышуусу менен КТРК телерадиокомпаниясынын түз эфирде болуп өткөн теледебат.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:13

Бишкекте 233 шайлоо тилкеси даярдалды

Бишкек шаарында 233 шайлоо тилкеси даярдалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Ленин районунда 65 шайлоо тилкеси, Октябрь районунда 59, Свердлов районунда 51 жана Биринчи май районунда 58 шайлоо тилкеси ачылган. Учурда шайлоо тилкелерине интернет тартуу жана генератор менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:14

(Фото) Мекенчил бол, “Мекенчилди” колдо! “Мекенчил” үгүт ишин Садыр Жапаровдун кичи мекенинен баштады!

Бишкек, "Саясат. kg". Биз шайлоону беш жылда бир келчү, мамлекеттин багытын тандоочу мүмкүнчүлүгүбүз катары карашыбыз керек. “Мекенчилдин” лидери Камчыбек Ташиев 4-сентябрда абактагы саясий туткун Садыр Жапаровдун кичи мекени Ысык-Көл районуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылынын тургундары менен жолугушту. “Мурда мынчалык эмес эле, шайлоолордо катарына беш-алты ууруларды кошуп алган бийликтин бир партиясы чыкчу. Ал партияга бюджеттин көзүн караган кызматкерлерди мажбурлап добуш бердиртип, өтүп кетишчү. Бүгүнкү күндө андан да оор кырдаал жаралды. Себеби, катарында мамлекеттик кызматтарда иштеп, топтолуп коррупцияга жол берген үч-төрт партия чыгып, элдин башын айлантууда. Мурда эл бир партия менен күрөшсө, азыр үч-төрт партия менен күрөшкөнгө аргасыз. Элдин айласы калбай калды”, - деди Камчыбек Ташиев. Лидер элди мындай партиялардын куру убадаларына алданып, добушун акчага алмаштыруудан баш тартууга жана мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү орду бар партияларга басым жасоого чакырды. “Акча сунуштагандарга элдин, журттун, мамлекеттин кереги жок. Тапканын чет өлкөгө алып чыгышат, ал жактан үй алышат, башка кылышат. Же Кыргызстандын кен байлыгын сатып алып, тоону чукуйт. Ошентип дагы бир беш жыл жыргайт дагы, бир айлык маянасын элге тарката коюп кайрадан парламентке барып алат. Муну эл-журтка жеткириш керек”, - деди Камчыбек Ташиев. Ал коррупциялык иштерге таза саясатчыларды тартуу аракеттери жүрөөрүн, муну менен чындыкты айткандардын катарын азайтууну каалашарын белгиледи. “Кээде мени да сазга тартып кеткилери келет. Мени жана башка мага окшогон чындыкты айтуучуларды тартып кетишсе, баарыбыз унчукпай калсак эмне болот? Эгер мени тартып кетишсе, минтип коррупция тууралуу айта алмак эмесмин. Чындыктан качып, сылап-сыйпап сүйлөр, силердин көңүлүңөрдү көтөрүп коюп, “мени шайлагыла”, -деп кете бермекмин”, - деди “Мекенчил” партиясынын лидери. Камчыбек Ташиев ак жерден айыпталып абакта жаткан Садыр Жапаров маселесине датоктолду. “Ниети, колу таза уулдарыңардын бири – Садыр Жапаров. Садырдын Кең-Суу айылынан чыкканына сыймыктанышыңар керек. Садыр үчүн жалпы Кыргызстан тынчсызданат. Баткендин Кулунду айылына барып калсам, жергиликтүү тургундар: “Садыр Жапаров качан чыгат? Аны кантип чыгарышыбыз керек? Эмнеге аны мынчалык кыйнап жатышат? Эмне күнөөсү бар? Бийлик андан коркуп жаткандай, бир билгени бар го, абактан чыгарса кайсы бир иштерине тоскоолдук жаратат го”, - деп жашы-карысы дебей кабатырланып сурашты. Мына, балаңардын кадыр-баркы”, - деди Камчыбек Ташиев. Ал “Мекенчил” партиясынын парламенттик шайлоого баруудагы башкы максаттарынын бири - Садыр Жапаровду мыйзам чегинде эркиндикке чыгарып, соттуулугун жоюп, мамлекеттик кызматка алып келүү экенин белгиледи. “Садыр Жапаровду чыгарып алабыз деген карапайым эл көп кыйналды. Кандай жолдон басып өткөнүңөр белгилүү. Ошондуктан, Садырды абактан чыгарып алуунун бир жолу калды. Парламентке көпчүлүк болуп барып, өкмөттү түзүп, чириген саясий системаны алмаштыруу зарыл”, - деди ал. Андан ары Камчыбек Ташиев Нарын жана Ысык-Көл областтарынын шайлоочулары менен жолугушту. “Мекенчилдин” лидери эмне деди? Кемин районунун Кызыл-Суу айылында: -Электр энергиясын өндүрүүдөгү, сатуудагы жана колдонуудагы чоң уурулукту токтотуу керек. Бүгүнкү күндө электр энергиясын 2 сом 16 тыйындан алып жатабыз. Анын Токтогул ГЭСиндеги өндүрүлгөн баасы 10 тыйын. 10 тыйын! Өткөргүчтөр менен ташып келгендеги чыгашалары биригип дагы он тыйынга жетет. Салыкты кошсок дагы он тыйын. 20 тыйынды мамлекеттин пайдасына түшө тургандай кылса, жалпы баасы 50 тыйынга жетет. Кайдагы 2 сом 16 тыйын?! Ким жеп жатат?! Электр энергиясындагы отчеттордо 30-35 пайызы “жоготуу” деп турат. Анын баары аткаминерлердин чөнтөгүнө түшөт. Же нак өндүрүлгөн бааны төлөйлү же биз берген 2 сом 16 тыйындын баары мамлекеттин казынасына түшө тургандай кылалы. Электр энергиясындагы чоң мафия, коррупция тыйылмайын айыл чарба өнүкпөйт, экономика алдыга жылбайт, пенсия, жөлөкпулдар көбөйбөйт. Кочкор районунда: - Биз шайлоону беш жылда бир келчү, мамлекеттин багытын тандоочу мүмкүнчүлүгүбүз катары карашыбыз керек. Ал мүмкүнчүлүктү туура пайдаландыкпы же туура эмес кадам таштап алдыкпы – кийинки беш жыл далилдейт. Ар бир шайлоочу менин бир гана добушум бар, ал балдарымдын келечеги деген ойду бекем карманып, терең ойлонуу менен тандоо жасашы керек. Баарыбыз таза шайлоо үчүн аракет жасашыбыз зарыл. Биздин катарыбызда коррупционерлер, мамлекеттин байлыгына кол салып байыгандар, эл-журтка зыянын тийгизгендер жок. Биз талапкерлерибизден акча жыйнап, элдин добушун сатып алалы деген ойдон алыспыз . Нарында: - Коргоо министрлигин кайрадан түзүшүбүз керек, ден-соолугу таза балдарды армияга милдеттүү жөнөтүшүбүз шарт. Мындан тышкары мамлекеттик кызматка кирип, ант берген ар бир жогорку кызматкердин балдарын сөзсүз түрдө армияда кызмат өтөөсүнө милдеттендиришибиз керек. Булар кимдер? Алар соттор, депутаттар, министрлер, президент, премьер-министрлер. Өкмөт башчынын бааласы жөнөкөй жарандардын балдарындай аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөсүн. Премьер ал жерге барып, эмнеге мурункулар жаңы келгендерге үстөмдүк көрсөтөөрүн, бей күнөө аскерлердин бөөдө өлүмгө дуушар болуп жаткандарын көрсүн. Мыйзам менен аларды ушуга мажбурлашыбыз керек. Кээ бир аткаминерлер бала-чакасынын кызмат өтөп жүргөнүн айтышат, бирок алардын балдары үйлөрүндө эле жаткан болот. Бул эч кимге жашыруун эмес. Ат-Башыда: -2020-жылга чейин Конституция өзгөртүлбөйт деп бекитилген. 2020-жыл да келди. Он жыл аралыгында 2010-жылы кабыл алган, учурда иштеп жаткан Конституция туура эместиги далилденди. Бири парламенттин, бири өкмөттүн, бири президенттин оозун караган жоопкерчиликсиз органдар пайда болду. Ошондуктан, Баш мыйзамды өзгөртүүгө барып, бир жактуу башкарууну киргизүү керек. Бир гана мамлекет деген орган болушу шарт. Ал орган жарандардын жашоо-турмушун жакшыртып, өлкөнү өнүктүрүүнү гана жолго койбостон, коррупционерлерди, мамлекеттин байлыгын талап-жегендерди бүгүнкүдөй тайраңдатпай, жоопкерчиликке тартууну да колго алуусу зарыл. Коррупцияга баткан адамдар токтобойт, алар өмүр бою тоношот, көздөрү топуракка толмойун, көкүрөктөрү тойбойт. Эмнеге элим-жерим, акыйкаттык деген адамдар түрмөдө отуруп, а мамлекетти тоногондор бийликте жүрүшү керек? Ак-Талаада: - Улуу аалымыбыз, маркум Чубак ажы да айткан, катуу айткан, ачуу айткан, бирок кыргызга жетсин деп айткан. “Добуш сатып алган акча - арам”, - деген. Ал акчага балдарыңарга алып берген тамак-ашыңар, кийим-кечегиңер арам деген. “Мекенчил” партиясы добуш сатып албайт. Бир добуш берсеңер да таза, адал добуш беришиңерди суранабыз. Парламентке барсак, ар бириңердин чын жүрөгүңөр менен берген таза добушуңар менен барууну каалайбыз. Балыкчыда - 2020-жылдын 1-январынан баштап жаңы Кылмыш-жаза Кодекси кабыл алынды. Анын негизинде көптөгөн адамдар, буга чейин камалган саясатчылардын баары камактан чыкты. Бир гана Садыр Жапаров абакта азап чегип олтурат. Ага жаңы Кодекс да, амнистия да колдонулбады. Эмнеге? Анткени анын эрки күчтүү. Бир аз эркин сындырып, “мейли, мен саясатка аралашпайм, чындыкты айтпайм, силерге кошулуп калп сүйлөйм”, - деп макул болгондо, эчак чыкмак. Мындай уулу менен кыргыз эли сыймыктанышы керек. Садырдын башына түшкөн оор күндү эч кимдин башына салбасын. Кыйынчылыкка майышпай, чындыктан кайтпаган мындай жигит Кыргызстанда бирөө гана!

Подробнее
8 сентября 2020 г. 14:14

БШК: Добуш сатып алуу аракеттери жөнүндө даттануулар түшүп жатат

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, шайлоочулардын паспортторун жапырт чогултуп алып, алардын шайлоо дарегин мажбурлап которуу аракетине чара көрүлөт. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө добуштарды сатып алуу жана алардын шайлоо дарегин өзгөртүү максатында паспортторун чогултуу фактылары боюнча даттануулар түшүп жатканын Борбордук шайлоо комиссиясы ырастады. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, шайлоочулардын паспортторун жапырт чогултуп алып, алардын шайлоо дарегин мажбурлап которуу аракетине чара көрүлөт. "Азыркы кезде жер-жерлерден жарандардын паспортторун чогултуп, "Форма2" толтурткан маалыматтар түшүп жатат. Эч бир жарандын паспортун башка бирөө алып, колдонуусуна жана чогултуп алуусуна уруксат жок. Андай учурларда аймактык шайлоо комиссиясына же укук коргоо органдарына кайрылсаңыздар болот". Шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоочулардын кошумча тизмелерин түзүүгө тыюу салынган. Кошумча шайлоо тилкелерин ачууга андагы шайлоочулардын саны 2,5 миң адамдан ашып кетсе гана уруксат берилет деген ченем киргизилген. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 15 саясий партия ат салышууда. Булак: Азаттык

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники