О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
7 сентября 2020 г. 0:56

Жогорку Кеңешти шайлоодо канча партия ат салышары белгилүү болду. Тизме

4-сентябрь 00:00дөн баштап шайлоо алдындагы үгүттөө иштери башталат. Ал туура бир айга созулмакчы.БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 15 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Парламенттик шайлоого катыша турчу саясий партиялардын тизмеси: "Ата Мекен"; Афганистан согушунун ардагерлеринин жана башка согуштук конфликттердин катышуучуларынын саясий партиясы "Бир Бол"; "Замандаш"; "Мекен Ынтымагы"; "Мекенчил"; "Ыйман Нуру"; "Республика"; "Реформа"; "Ордо"; "Мекеним Кыргызстан"; "Социал-Демократтар"; "Биримдик"; "Кыргызстан"; "Чоң казат". Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын талапкерлерин каттоодон баш тарткан. Себеби БШКга түшкөн тизме партиянын съездинде кабыл алынган тизмеге дал келбей калган. Мындан сырткары, "Актив" партиясынын талапкерлери да катталган эмес. Билдирмеге ылайык, алар съезд өтө турчу күн тууралуу кабар беришкен эмес. Мындан улам БШК мүчөлөрү ага катыша албай калышкан. Шайлоо: Россиядагы мекендештер 11 жерден добуш бере алат. Тизме 4-сентябрь 00:00дөн баштап шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. Ал туура бир айга созулмакчы. Шайлоо башталарына бир сутка калганда партиялар үгүт иштерин токтотушу зарыл. Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:56

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы парламенттик шайлоого катышуудан четтетилди

БШКга түшкөн тизме партиянын съездинде кабыл алынган тизмеге дал келбей калган. Ошол себептен аларды каттоодон баш тартышкан.БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын талапкерлерин каттоодон баш тартты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, БШКга түшкөн тизме партиянын съездинде кабыл алынган тизмеге дал келбей калган. "Ошол себептен аларды каттоодон баш тартышкан. Мындан сырткары, талапкерлерди тандоодогу добуш берүүдө мыйзам бузуу фактылары катталган", — деп айтылат маалыматта. Борбордук шайлоо комиссиясынын тогуз мүчөсү каттоодон баш тартууга добуш берсе, экөө ага каршы болгон. Мындан сырткары, "Актив" партиясынын талапкерлери да катталган эмес. Билдирмеге ылайык, алар съезд өтө турчу күн тууралуу кабар беришкен эмес. Мындан улам БШК мүчөлөрү ага катыша албай калышкан. Аталган партия шайлоо күрөөсүнүн акысын да төлөгөн эмес. Жогорку Кеңешке шайлоого катышууга уруксат алган партиялар. БШКнын тизмеси Акыркы маалыматтар боюнча, 14 саясий партиянын талапкерлери катталды. Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өлкөдө 4-октябрда өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:56

Шайлоо: Россиядагы мекендештер 11 жерден добуш бере алат. Тизме

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо бир айдан кийин өтөт. Россиядагы мекендештер ошол жактагы шайлоо кеңселеринен добуш бере алат.БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Россиянын аймагында Кыргызстандын жарандары үчүн 11 шайлоо участкасы бекитилди. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү КРдин элчилиги билдирди. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Россиядагы мекендештер ошол жактагы шайлоо кеңселеринен добуш бере алат. Парламенттик шайлоого даярдык: Римде, Парижде да добуш беришмекчи Алгачкы эки шайлоо участогу (№ 9001 жана № 9005) КРдин Москва шаарындагы элчилигинде жайгашкан; № 9002 — элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы кеңсесинде; № 9003 — элчиликтин Красноярск шаарындагы кеңсесинде; № 9004 — элчиликтин Владивосток шаарындагы кеңсесинде; № 9006 — элчиликтин Якутск шаарындагы кеңсесинде; № 9007 — элчиликтин Иркутск шаарындагы кеңсесинде; № 9009 — Екатеринбург шаарындагы башкы консулдукта;. № 9010 — Новосибирск шаарындагы башкы консулдукта; № 9013 — элчиликтин Южно-Сахалинск шаарындагы кеңсесинде; № 9014 — элчиликтин Сургут шаарындагы кеңсесинде.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:56

Коопсуздук кеңеши сот менен күч түзүмдөргө бир нече милдет жүктөдү. Тизме

Жогорку сотко келген арыздарды кечиктирбей кароо сунушталса, Башкы прокуратурага шайлоого байланышкан мыйзамсыз көрүнүштөргө өз убагында чара көрүү тапшырмасы берилди.БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. 1-сентябрь күнү өткөн Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар каралып, сот менен күч түзүмдөргө бир катар милдеттер жүктөлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган. Жогорку сотко төмөнкүлөр сунушталды: шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча келип түшкөн доо арыздар, даттануулар жана кайрылуулар өз убагында каралсын жана процесстик чечимдер кабыл алынсын; 1-октябрдан 10-октябрга чейинки мезгилде судьялардын жана сот органдарынын кызматкерлеринин нөөмөтү уюштурулсун. Бизде административдик ресурсту колдонуу мүмкүн эмес. Жээнбеков шайлоо тууралуу Башкы прокуратурага төмөнкүлөр сунушталды: мыйзамдар шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан так жана бирдей аткарылышын талаптагыдай көзөмөлдөөнү камсыз кылуу; арыздарды жана даттанууларды, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда жарыяланган билдирүүлөрдү кароону уюштуруу; ИИМ жана УКМК менен биргеликте тийиштүү маалымат алмашууну камсыз кылуу жана прокуратуранын иши тууралуу элге маалымдоо менен шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, укук коргоо, фискалдык органдардын жана аскер кызматкерлери тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга, саясий партиялардын ишине катышууга же көмөк көрсөтүүгө тыюу салуу. Белгиленген чектөөлөрдү сактабаган фактыларды болтурбоо, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишти активдештирүү; мыйзам талабына ылайык даттанууларды жана кайрылуулардын өз убагында каралышына жана чечимдердин кабыл алынышына көзөмөлдү күчөтүү; жогоруда көрсөтүлгөн сунуштамаларды ыкчам жана өз убагында чечүү үчүн 1-октябрдан 10-октябрга чейинки мезгилде прокуратура органдарынын кызматкерлерин күнү-түнү нөөмөткө коюу; Коопсуздук кеңеши: партиянын пайдасына иштеген аткаминер жазаланат ИИМ менен УКМКга төмөнкүлөр сунушталды: 10-сентябрга чейин Башкы прокуратура менен биргеликте шайлоонун бардык мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча оперативдүү штаб түзүү; шайлоо участкаларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугуна кам көрүү; терс жана деструктивдүү тышкы жана ички таасир этүүнү, өлкөдө көз карандысыз жана демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө кызыкдар болбогон жактардын кийлигишүүсүн болтурбоо; трансулуттук, диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын аракеттерине ыкчам чара көрүү; шайлоо бюллетендерди шайлоо участкаларына жеткирүүнү жана аларды кайтарууну камсыз кылуу.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:56

Коопсуздук кеңеши: партиянын пайдасына иштеген аткаминер жазаланат

Президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган жыйындын соңунда бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилген.БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны өтүп, парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселени карады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылып, анын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынган. Бизде административдик ресурсту колдонуу мүмкүн эмес. Жээнбеков шайлоо тууралуу Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин башчыларына жана кызматкерлерине төмөндөгүдөй тапшырма берилди: шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө тыюу салуу; Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин же саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга жана алардын пайдасына кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга бөгөт коюу; жогорудагы талаптарды сактабагандарга ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жазага жана башка жоопкерчиликке тартуу; талапкерлердин, саясий партиялардын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн жана ишенимдүү адамдардын үгүт иштерин эркин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу; шайлоону ачык-айкын жана демократия принциптеринде, укуктук мейкиндикте талаптагыдай уюштурууга толук чараларды көрүү; энергетика системасынын жана телекоммуникация системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, зарыл болгон учурда генератор менен жабдуу; чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жайгашкан шайлоо участкаларынын ишин туруктуу негизде координациялоо. Эл эмитеден нааразы! Жээнбековдун шайлоону өткөрүү боюнча жыйыны аяктады Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкүлөр сунушталды: өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бардык даярдоо, шайлоо жана шайлоодон кийинки процесстердин ачык-айкындуулугун камсыздоо; шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо же алардын эркине каршы таасир этүүнү болтурбоо; партия лидерлери, саясий кеңештери жана өкүлдөрүнө техникалык жана башка шайлоо жол-жоболору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Мындан сырткары, Коопсуздук кеңеши 25-сентябрга чейин шайлоо участкаларында дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүгө жана санитардык эрежелердин так сакталышына шарт түзүүгө милдеттендирди. Саламаттык сактоо министрлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте шайлоону өткөрүүгө катышып жаткан бардык адамдарды жеке коргонуу каражаттары менен камсыздамай болду.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:56

Эл эмитеден нааразы! Жээнбековдун шайлоону өткөрүү боюнча жыйыны аяктады

Жээнбеков бардык саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди үгүт иш-чараларында мыйзамды так сактоого чакырган.БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков депутаттык шайлоону өткөрүү боюнча Коопсуздук кеңештин жыйынын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады. Чогулушка мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустагы өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери катышты. Жээнбеков коомчулукта айрым партиялар менен талапкерлер өз электоратын көбөйтүш үчүн амалкөйлүккө барып жатканын айткан. "Бул тууралуу басма сөздө, социалдык тармактарда жазып жатышат. Бирок мамлекеттик жана укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик буга каршы эч кандай чара көрбөй жатат. Силер азыртан эле шайлоого карата элдин нааразычылыгын жаратып жатасыңар. Биринчиден, мыйзам бузуулар тастыкталса жоопкерчиликке тартуу зарыл. Экинчиден, участкалык комиссиялар шайлоо жүрүшүн ачык-айкындуулугун толук кандуу камсыз кылуу үчүн сааттай болуп так иштөөсү керек", — деген Жээнбеков. Ошондой эле президент бардык саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди үгүт иш-чараларында мыйзамды тыкыр сактоого чакырган. Бизде административдик ресурсту колдонуу мүмкүн эмес. Жээнбеков шайлоо тууралуу Мындан сырткары, пандемия шартында шайлоо иштеринин жүрүшү тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат берген. Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев шайлоонун астындагы жана шайлоодон кийинки мезгилдерде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу айтып бергени айтылды. Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:19

Орусияда жүргөн кыргызстандыктар үчүн 11 шайлоо участкасы ачылат

БШКнын чечими менен Орусия аймагында жүргөн кыргызстандыктар үчүн 11 шайлоо участкалары ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалым болду. Белгилүү болгондой, № 9001 жана 9005 шайлоо участкалары Москва шаарында ачылат. Калган участкалар Орусиянын төмөнкү шаарларында ачылат: № 9009 Екатеринбург шаарында КРнын Башкы консулдугунун алдында № 9010 Новосибирск шаарынагы КРнын Башкы консулдугунун алдында № 9002 Санкт-Петербург шаарындагы КРнын Орусиядагы элчилигинин канцеляриясынын алдында № 9003 Красноярск шаарындагы КРнын Орусиядагы элчилигинин канцеляриясынын алдында № 9004 Владивосток шаарындагы КРнын Орусиядагы элчилигинин канцеляриясынын алдында № 9006 Якутсктагы КРнын Орусиядагы элчилигинин канцеляриясынын алдында № 9007 Иркутск шаарындагы КРнын Орусиядагы элчилигинин канцеляриясынын алдында № 9013 Түштүк-Сахалиндеги КРнын Орусиядагы элчилигинин канцеляриясынын алдында № 9014 Сүргүттөгү КРнын Орусиядагы элчилигинин канцеляриясынын алдында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрь күнү өтөт.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 1:48

Мадумаров, раз, Мадумаров, два, же шайлоо марафону баштала электе, “шайтан оюндары” башталды

Коронавирустан элибиз кор болуп турганына карабай шайлоо марафону башталды. Айылдарга, жаңы конуштарга интернет жабдыктарын киргизип жатат, бирок ар бир үйгө кошуу үчүн 5000, 6000 ден төлөө керек болуп жатат. Негизи булар ар бир үйгө киргизип интернетти товарын сунуш кылыш керек эле, тилекке каршы андай болбой 5000, 6000 ден төлөмөйүн кошпой жатышат. Булар элдин канын соруп жатат. Шайлоо өткөзө турган вице-премьер -министр Акрам Мадумаров башында турган комиссия бул тууралуу териштирип, шайлоо алдында ар бир үйгө бекер киргизүүнү, бир ай боюу бекер интернет пайдалануунун, ай сайын көрсөткөн кызматына ылайык акы алууну тартипке салуу керек. Ансыз айыл эли интернет кызматын пайдалана алышпайт. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүгө жана шайлоону өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бир нече күн мурда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны болгон, анда парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселеси каралган. Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында шайлоо процессин өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамалар топтомун камтыган чечимге кол коюлган. Айтылган пункттар сапаттуу, өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 2020-жылдын 10-сентябрына чейин ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү маанилүү пункттардын бири болуп саналат. 2020-жылдын 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо комиссияларынын кызматкерлери, процесске тартылган жана башка адамдардын, добуш берүүчүлөрдүн коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине кабылышын алдын алуу боюнча план иштеп чыгып, бекитүү керектигин айтып, шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылуунун зарылдыгын кошумчалады. Мына коронавирус менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасы: 1-Шайлдабекова Нуржан Кармабековна төрайымы. 2-Бегматов Абдыжапар Гапырович –орун басары; 3-Эшимов Акылбек Жусупович 4-Тынчтыкбек Шайназаров 5-Асаналиев Алмаз Турдакунович 6-Баатырова Гулнара Маришовна 7-Джилкичиева Елена Джусупова 8-Джурабаева Гульнар Курашбековна 9-Сатыгулов Адилет Сатыгулович (Чет мамлекетке качкан СДПКнын бухгалтери Надира Сатыгул кызынын уулу). Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:59

Жогорку Сот адилеттүү чечим чыгарарына ишеним жок, бирок үмүт кылабыз - Адахан Мадумаров

Кечээ, БШКнын жыйынында парламенттик шайлоодон четтетилген “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы бүгүн маалымат жыйынын өткөрүүдө. Партиянын лидери Адахан Мадумаров БШК т ехникалык каталардын негизинде гана мындай чечим чыгарганына нааразы. Башка эч кандай одоно мыйзам бузуу болгон эмес. БШКдан партияга тийиштүү бардык документтерди алгандан кийин, Жогорку Сотко кайрыла турганын билдирди. "Жогорку Сотко деле ишеним жок, бирок үмүт кылабыз", дейт партия лидери. Ал эми, маалымат жыйындын дагы бир катышуучусу Өмүрбек Суваналиев бул саясий тапшырык болгонун айтып кетти. " Бизди каттоонун алдында эле тыныгууга чыгышып, жыйын кайра башталганда шайлоодон четтеттүү чечими кабыл алынганын билдиришти. Мындай чечим баарыбыз үчүн күтүлбөгөн окуя болду

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:59

Өкмөттө Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлдү

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Өкмөттө Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлгөнүн аны өзү жетектей турганын билдирди. Айтымында Өкмөт, жергиликтүү бийлик органдары менен Борбордук шайлоо комиссиясы учурда биргеликте иштиктүү иш алып барууда. Парламенттик шайлоону өткөрүүгө бюджеттен каражаттар толук бөлүндү. 4-октябрь шайлоо күнү өлкө боюнча 2464, ал эми чет мамлекеттерде 44 шайлоо участкасы ачылат. Ал эми шайлоочулардын саны 3 миллион 451 миң 486 жаранды түзгөнүн айткан Акрам Мадумаров шайлоочулардын тизмесит tizme.gov.kg порталына жайгаштырылып, шайлоо тилкелерине илингенин белгиледи. Бул порталга кирип жарандар тизмеден өзүн тактап алса болот. Пандемияга байланыштуу Өкмөт, БШК жана Саламаттык сактоо министрлиги санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо максатында атайын алгоритм иштеп чыкканын да айтты.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:59

БШК "Кыргызстан" партиясын шайлоого катышуусуна уруксат береби?

Учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму өтүүдө. Аталган мекеменин Маалымат бөлүмүнүн берген билдирүүсүнө ылайык, бир нече партия каттоодон өтүштү. БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын бүгүн аякташы керек. Ал эми, эртең 4-сентябрда үгүт иштери башталат. Кечээ күнү төрт партиянын саясий жарышка катышуусуна уруксат берилген. Алар "Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", “Бир Бол”, "Замандаш", “Ата Мекен” партиялары. Шайлоого катышууга жалпы 17 партия 24-августта документ тапшырган. Документ ташыруунун эрежесин бузган деген негизде документтери артка кайтарылган «Кыргызстан» партиясы райондук деңгээлдеги жана Жогорку сотто БШКны утуп алган. Бүгүн аталган партия шайлоого катышууга уруксат ала алабы, ал отурумдагы чечимге байланыштуу болот.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:36

Гүлмира Шакирова: Саламаттыкты сактоо тармагын көтөрүү зарыл

Фото Гүлмира Шакирова — Гүлмира айым, алгач өзүңүздүн алгачкы кызмат жолдоруңуз тууралуу айтып берсеңиз... —Мен буга чейин көп эле жооптуу кызматтарда иштедим. Жогорку окуу жайда сабак бердим, ар кандай эл аралык долбоорлордо жетекчи болдум. Негизинен аткаруу бийлигинде көбүрөөк иштедим. Бир жолу да эскертүү же дарегиме жогору жактан сын уккан жокмун. Кайсы тармакка жөнөтсө кыйылбастан кызмат кылдым. — Эмне үчүн «Мекеним Кыргызстан» партиясы н тандап алдыңыз? — «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого эле эмес, буюрса, чоң саясатка багыт койдум десем болот. Анткени элдин ишенимине ээ болуп, эл өкүлү болуу чоң жоопкерчилик. Мен абдан ойлонуп, анан ушул партияны тандадым. Биринчиден, бул партиянын элге жакындыгы, элдин көйгөйүн чечүүнү колго алганы, жакындан жардам берип, кыйын мезгилде кылчактабастан кол сунган, калктын кызыкчылыгын биринчи орунга койгон программасы жакты. Экинчиден, ушул партияга кызыккандар колдогондор арбын экенин сездим. Үчүнчүдөн, мен сыяктуу эле «Мекеним Кыргызстан» партиясы дагы алгачкы жолу парламентке ат салышып элдин элегинен өтүп жатат. Кээ бир партияларга окшоп айтканы менен жасаганы дал келбей, элди тажатып, көңүлүн калтыра элек. Бир сөз менен айтканда, жыдый элек. Ошондуктан мен да саясий кадамды жаңы партия менен баштайын деген чечимге келдим. — Кудай колдоп парламентке келип калсаңыз кандай долбоорлорду ишке ашырасыз? — Кудайым буйруп, парламентке келип калсам, ар кандай тоскоолдуктардын негизинде ишке ашпай жүргөн эки эл аралык долбоорумду ишке ашыруунун аракетин көрөм. Биринчиси, калкты сапаттуу дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча бирдиктүү электрондук база түзүү. Экинчиси, түрктөрдүн дары-дармектер боюнча агентствосу 5 миллион долларлык медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди бизге бекер берүүгө макул болгон. Буюрса, жакында алып келип, калктын саламаттыгын чыңдоого салым кошом. — Элдин элегинен өтүп, депутат болуп калса ңыз шайлоочуларыңызга кандай пландар бар? Элдин элегинен өтүп, депутат болуп калсам, республика боюнча ооруканаларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздап, калкты жылына эки жолудан милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүүнү пландап жатам. Гүлмира Шакирова. Антпесек ааламды каптаган апаатта көйгөйдүн баары алаканга салгандай ачыкка чыгып калды. Мындан ары медицинага мындай мамиле кылууга жол жок экени сокурга дагы көрүндү. Чынында медицина көз жаздымда калганына баарыбыз күбө болдук. — Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус илдетинен кийин кандай ойлор сизди туңгуюкка жетеледи? — Пандемиядан Кудайым колдоп аман-эсен чыгып алалы. Бирок пандемия ушундай айттырбай келген кырсыкка даяр болуу керектигин, жашоодо өмүрдөн, ден соолуктан кымбат эч нерсе жок экенин айгинеледи. Байлыгың да, бийлигиң да жаныңа аралжы боло албастыгын, адамдар бири-бирине кымбат экенин, жоготуу оор болорун билип, бири-бирибизге аяр мамиле кылып, сак болууну үйрөндүк. Буюрса, элди түйшөлткөн бардык маселени чогуу-чаран чечип, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошобуз деген ниеттемин. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы кагаз бетинде эмес, иш жүзүнө ашат деген ишеничтемин. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:59

БШК партияларды каттоону бүгүн аяктайт. 4-сентябрда үгүт иштери башталат

БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын бүгүн, 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт иштери башталат. Кечээ күнү төрт партиянын саясий жарышка катышуусуна уруксат берилди. Алар "Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", “Бир Бол”, "Замандаш", “Ата Мекен” партиялары. Шайлоого катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган. Документ ташыруунун эрежесин бузган деген негизде документтери артка кайтарылган «Кыргызстан» партиясы райондук деңгээлдеги жана Жогорку сотто БШКны утуп алган.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:59

БШК: Бүгүн партияларды каттоонун акыркы күнү

Борбордук шайлоо комиссиясы документтерин кабыл алган 16 партиянын ичинен төртөөнү расмий каттады. Жумушчу топ комиссияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Замандаш» жана Афган согушунун катышуучуларынан турган партияны катоодон өткөрүүнү сунуш кылды. Аны БШКнын мүчөлөрү бир добуштан колдоп, каттого алды. Бүгүн, 3-сентябрда партияларды каттоонун акыркы күнү.

Подробнее
7 сентября 2020 г. 0:59

Президент партияларды тартипке чакырып, элди көчөгө алып чыккан эски адатты таштоого үндөдү

Мамлекет башчысы коомдун тынчтыгын бузууга, жарандардын тандоосуна каршы аракеттер болуусуна жол берилбеш керектигин өзгөчө белгиледи. «Шайлоону элдин жашоосуна бүлүк салбай, мамлекеттеги тынчтыкка кедерги тийгизбей өткөрүүгө милдеттүбүз. Саясий күчтөрдүн элди бөлүүгө, коомдогу тынчтыкты, жарандардын укугун бузууга жол берилбестигин дагы бир жолу эскертем», — деп баса белгиледи Президент. Ал кандай гана күрөш, таймашуу болбосун, жеңилген тарап болорун, шайлоого аттанган саясатчылар амбицияны ары таштап, утулуп калса элди толкутуп, туура эмес жолдорго түртпөстөн, өз аброюн жоготпой, татыктуу жеңилгенди да билиши керектигин кошумчалады. «Жеңилүү ызасына алдырып, тарапташтарды көтөрүп, көчөгө алып чыккан эски көрүнүштөрдү таштайлы. Жарандарды ыплас саясий оюндарга тартпайлы. Анткени, дал ушундай тескери аракеттер кандай гана өлкө болбосун, артка тартат. Биздин өлкөнү да аксатат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Ал саясий партиялар элдин келечегин, балдардын келечегин ойлоп, туура жыйынтык чыгарганды үйрөнүшү керектигин дагы бир ирет белгиледи. «Мекендештериме дагы бир жолу, „өлкөдөн өткөн дөөлөт жок“ экендигин эске салып, баарыңыздарды жоопкерчиликке чакырам», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники