О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
8 сентября 2020 г. 13:36

Кылыч Исамамбетов: Алдыбызда азыраак уктап, көбүрөөк иштей турган күндөр турат

— Саламатсызбы Кылыч мырза. Алдыда чоң саясий маарага аттанып жатасыз, сиздин пландарыңыз өзгөргөндөй болуп кетти. Чечимдердин өзгөрүлүшүнө өзүңүз себеп болдуңузбу? — «Бирик» партиясы алдыдагы шайлоого өз алдынча катышууга ниеттенген. Бирок бардык оң жана терс тараптарын салмактап чыгып, башка партия менен альянста шайлоого баруусу туура болот деген бирдиктүү чечимге келген. «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин биз Жогорку Кеңештин шайлоосуна «Мекеним Кыргызстан» партиясынын туусунун алдында баралы деген чечим кабыл алдык. — « Биз — чоң окуялардын жана майда кишилердин доорунда жашап жатабыз », — дегендей кылдыңыз, кандайча? — Ооба, биз — чоң окуялардын жана майда кишилердин доорунда жашап жатабыз. Дүйнөдөгү элдерден айырмалап турган жалгыз нерсебиз — КЫРГЫЗ экендигибиз. Кыргыз экендигибиздин далилдөөчүсү эң башкысы тил, анан каада-салттарыбыз. Байыркы улуу элдин урпагы катары мен эмнеден уялам? Туш тараптан агылып кирген түркүн агымдар, чоочун идеологиялар кичинекей бейиштей жерибизди, анын ичинде жашаган улуу элибизди каалашынча пайдаланып, кул мүнөз кылып, элдик уулдарды бири-бирине тукуруп жатканына уялам. Кыргызда «кечээкиге караганда жакшымын» деген жакшы сөз бар. Биз өзүбүздү өзүбүз сооротуп отуруп эгемендүүлүк алган 30 жылды өткөрдүк. — «Азия арстандары» аталып келген Азия мамлекеттерге көзөмөл салып, тажрыйба алып келдиңиз. Биз менен айрымачылыгы кандай экен же алар менен бизди «кыялкеч» кыргыздар менен салыштырса болобу? — Мен дагы, индустриалдашкан жана азыркы учурда «Азия арстандары» аталып келген Азия мамлекеттеринин тажырыйбалары тууралуу көп окуп, көрүп жана изилдеп келдим. Гонконг, Сингапур, Түштүк Корея, Тайвань өз жолунун башында биздеги сыяктуу эле көрүнүштөргө кириптер болуп турушкан. Бирок алар алдыга чыга алышты. Биз болсо бир орунда айланчыктап жүрөбүз. Биз абдан көп кыялданабыз, бирок аракетибиз чабал. Уктап турсак эле өлкөбүз Сингапур болуп калбайт. Алдыбызда азыраак уктап, көбүрөөк иштей турган күндөр турат. Кылыч Исамамбетов. Эгерде өлкө ичинде кимдир бирөө кыйналып жашап жатса, анда калганыбыз кантип жакшы жашап жатабыз деп айта алабыз. — Негизи Кыргызстанда мыйзамдардан баш айланып, тактыктын таразы сынып калгандай. Дегеле мыйзамдарды өзгөртүүнүн зарылчылыгы барбы? — Мен чечкиндүү, координалдуу реформалар үчүн умтулам, өзгөчө экономика, санарип технологиялар тармагында. Мыйзамдарды түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл. Өнөктөш өлкөнүн президенти Путин мырза «СССРди ойлобогон кишинин жүрөгү жок, СССР кайра болсун деген кишинин мээси жок» деп таасын айткан. Андыктан элибизди коммунизм, социализм өңдүү куру кыялдарга эмес, жаңыланууга үндөгөнүбүз туура болот. Таажы вирусунун пандемиясы, тагыраак айтканда, карантин учуру санариптештирүү — бул келечек эмес, азыркы учурдун талабы экенин айгинелеп койду. Бул багытта «Мекеним Кыргызстан» партиясы өзүнүн шайлоо алдындагы программасында басым жасап жаткан либералдуу мамиле кылуу — ал мамлекет үчүн заманбап жана зарыл нерсе болууда. — Алдыдагы жарышта сиз тандаган «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоочуларына берген убадасын убагында аткара алабы? — Шайлоо кампаниясына күчтүү командалар катышат. Демек, биз тандаган «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоо жарышында алдыга озуп чыккан партиялардын бири болууга толук кубаты жетет деп эсептейм. Мен бардык партияларды бири-бирибизге душман болбоого чакырат элем. «Сокурдун тилегени эки көз» дегендей, баарыбыздын ой-тилегибиз бир — бул Кыргыз өлкөсүн өстүрүп, өнүктүрүү. Кылыч Исамамбетов. Бирок кантип? Салижан Жигитов агабыз айткандай, «кыргызга, чукуганга чыбыктын кереги жок, сөөмөйү жетиштүү», сөөмөйүбүздү жумуп, ичибизден бузулуп, ыркырашып, бирибиз позиция, бирибиз оппозиция деп элдин башын айлантпайлы, кыргыздын улуу, эркиндикти туу туткан эл экенин эсибизден чыгарбайлы. Бүгүн, азыр, ушул жерден таза баракка тарых жазып, өсүп-өнүгүүнүн жолуна түшөлү. Эртең кеч болуп калат. Бизде бир гана менен бар — ал Кыргыз өлкөсү. Биз качан гана гүлдөгөн өлкө курганда урпактарыбызга талыкпай эмгектенгенибиз тууралуу айтып беребиз. — «Мекеним Кыргызстан» партиясы « чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улай » алабы? — Туура, кыргыз буту баспаган жер калбады. Дүйнө жүзүнө чачылдык. Демек, биз бул шайлоодо күчтүү адамдар менен күчтүү парламентти курабыз. Күчтүү парламент күчтүү өлкө болот. Чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улайбыз. Мына ошондо ар бирибиз менин МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН, мен Кыргыз өлкөсүнүн жаранымын деп сыймыктанабыз! Сөзүмдү мекенин сүйгөн кытайлык кыргыздын төрт сап ыры менен аяктасам. Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз, Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз. Чөп болдук жер тандабай өсө берген, Булуттай аалам кездик, чачылдык биз. Кырылып бара жатып тирилдик биз, Бөлүнүп бара жатып бириктик биз. Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:36

«Мекеним Кыргызстан» — ар бир кыргызстандыктын партиясы

«Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн Бишкектин чок ортосундагы Нөлүнчү чакырым белгисинен баштады. Нөлүнчү чакырым — «Мекеним Кыргызстан» партиясы чоң саясатка жетелеген жолду дал ушул жерден баштап, ак ниет, аруу тилек менен саясий майданга аттанды. Ордо калаанын чок ортосундагы Нөлүнчү чакырым символикалык белгисинин жанына партиянын Бишкек, Ош шаарларынан жана жети облустан келген талапкерлери таң эртелеп чогулду. Бул тек гана геодезикалык белги эмес, ал өлкөдөгү жолдордун башталышын аныктаган белги. «Мекеним Кыргызстан» партиясы да чоң бийиктикке алып барчу жолду символикалуу түрдө дал ушул жерден баштады. Демек бул улуу сапардын башталышы. Партиянын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн талпынган талапкерлердин энергиясы ашып-ташып, эл үчүн иштөөгө даяр. Чоң саясий жолго аттангандар алдыда далай кыйынчылыктар күтүп турганын сезип турушат. Анткени «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт өнөктүгү башталганга чейин эле ар кандай каралоолорго дуушар болуп келди. Партия төрагасы Мирлан Бакиров алдыда оңой эмес жол күтүп турганын белгиледи. Биздин жолубуз татаал жана кыйын болорун сезип турабыз. «Мекеним Кыргызстан» буга чейин эле кара пиарга, ыплас технологияларга кабылып келди. Мындай ыплас чабуулдар партияга да, айрым талапкерлерге карата да жасалды. Бирок биз көсөм элибиз жалган менен чындыкты ажырата алат деген ишеничтебиз. Мирлан Бакиров. «Мекеним Кыргызстандын» талапкерлери үгүт өнөктүгүн боз үй тигүү менен баштады. Боз үй — өткөн чак менен учур чактын айкалышы байкалып турган өзгөчө жай. Бул мамлекеттик масштабдагы биригүүнүн символу. Партия мүчөлөрү биргеликте боз үй тигүү менен жарандарыбызды түндүк-түштүк, батыш-чыгыш, кокту-колот болуп бөлүнбөй, бир муштумга түйүлүүгө чакырууда. Боз үйдүн ичинен ак сакалын жайкалткан Кыдыр ата менен ак элечек оронгон Умай эне "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлерин тосуп алды. Ак бата алган талапкерлер андан ары улуу сапарга жол тартышты. Талапкерлер партия парламентке өтүп калса чоң жоопкерчилик жүктөлөрүн, элдин ишенимин актоо үчүн билек түрүнө белсенип иштөө керектигин айтууда. Ошентип «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүт өнөктүгү символикалуу түрдө Бишкектин чок ортосундагы нөлүнчү чакырым белгисинен башталды. Салтанаттуу иш-чарадан кийин талапкерлер өлкө аймактарына, жер-жерлерге жөнөп кетишти. Аларды республиканын ар бир булуң-бурчунда шайлоочулар менен жолугушуулар күтүп турат. Өлкөнү алга сүрөй турган, тажрыйбалуу жана жаш профессионалдардан куралган «Мекеним Кыргызстан» — жумушсуздукту жоюп, депутаттардын санын кыскартат жана өлкө экономикасын көтөрөт! «Мекеним Кыргызстан» — ар бир кыргызстандыктын партиясы! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:36

Бишкек мэри пандемия шартында шайлоого даярдык көрүү тууралуу айтып берди

Бишкек мэриясында 7-сентябрда мэр Азиз Суракматовдун төрагалыгы астында апталык жыйналыштар кайрадан өтүлө баштады. Калаанын аткаминерлери шаардын 4-октябрда өтө турган шайлоого карата санитардык-эпидемиологиялык даярдыгынын этаптарын талкуулашты. Суракматов шайлоо күнү ар бир участоктун алдында физикалык аралыкты сактоо үчүн коридор орнотууну сунуштады. «Ал жерге добуш берем деп 300 адам келсе кезек чоң болот. Ошондуктан колонна түзүп, ажыратып туруш керек. Балким ар бир адам бир жарым, эки метр аралыкта тургудай жана УШКга кирүүдө кандайдыр бир коридор болуусу керектир. Бүгүн акимиаттар менен бул маселени ойлонуш керек. Бул отургучтар, лента тартылган штативдер болушу мүмкүн, кандай нормаларды сунуштайсыңар?» — деп сурады ал жыйналыштагы аткаминерлерден. Вице-мэр Азиз Алымкулов бардык шайлоо участкаларында кирүү чыпкалары болоорун, ал жакта шаардыктардын дене табы текшерилип, колдоруна санитайзер чачылаарын кабарлады. «Биз добуш берүү боюнча убакытты токтотпостон дезинфекция жүргүүүнү ойлонуп жатабыз. Бул керектүү норма деп эсептейбиз, анткени 3-4 сааттын ичинде 200-300 адам бир имараттын ичинде болушат», — деп кошумчалады Алымкулов. Андан кийин Суракматов шаардык коомдук транспоттун ишине көңүл бурду. Анын айтымында, жүргүнчүлөр аралыкты сактабай, маршрутка менен автобустарда беткапсыз жүрүшкөндүктөн коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну башталып кетиши мүмкүн. «Буга көңүл буруу керек. Антпесе 4-октябрда биз [коронавирустун] кайра тутанып кетишине, шайлоого эч ким келбей калган учурга кабылабыз. Жуктуруп алуудан же башкаларга жуктуруудан коркуп келбей калышат. Шайлоого чейин шаарды катаал санитардык коопсуздукта кармашыбыз керек», — деди мэр. Суракматовдун пикири боюнча, коомдук транспорттон тышкары санитардык эрежелерди коомдук тамактануу жайлары да бузушууда. «Рейд өткөрүшүңөрдү, көз жумбагыла деп суранам. Бир кызмат келип башка кызмат менен чечишип алдык дешет. Дагы башкасы келип акимиат менен чечишип алдык дешет. 15 миң рейддин ичинен болгону 627 протокол [түзүлгөн], анткен менен күн сайын бузуулар катталып атат. Ошондуктан дал ошол коомдук тамактануу жайларынын ишине көңүл бурууну суранам», — деп айтты мэр шаардык санитардык көзөмөл кызматтарына. Мэр ишмердигине уруксат бериле элек түнкү клуб, ресторан жана тойканалар иштеп атканын көргөнүн айтты. «Эгер акимиаттар менен штаб уруксат бере элек болсо кимдин уруксаты менен [иштеп атышат]? Эгер бул жагдайды бүгүн көзөмөлгө албасак, анда 4-октябрда бүгүн бардыгы айтып жаткан экинчи толкунга учурайбыз», — деп дагы бир жолу эскертти Суракматов. Мэриянын маалыматына ылайык, 7-сентябрга карата Бишкекте 233 шайлоо участогу ачылган. Учурда шаар бийлиги шаардыктар коопсуз добуш берип кетиши үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иштердин жасашууда: Участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) интернетке туташтырылууда, майып шайлоочулар үчүн пандустар орнотулуп, генераторлор коюулууда. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустун 44 521 учуру катталды. Алардын ичинен 17 714 учуру, тагыраагы дээрлик 40%ы Бишкек шаарына туура келет. 4-сентябрдан тарта парламенттик шайлоого карата үгүт иштери башталды. Ал 3-октябрга чейин уланып, эртеси күнү шайлоонун өзү өтөт.

Подробнее
14 сентября 2020 г. 19:12

ПереZагрузка

Айсулуу Мамашова рассказала о законопроектах, против которых выступала в парламенте. А также поделилась планами, которые хочет осуществить в новом созыве.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:52

«Республика» партиясынан депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси

Мамлекеттик «Эркин Тоо» гезитине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси жарыяланды. «Республика» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 166 талапкер катталды. Тизме төмөнкүдөй иретте түзүлгөн: № Аты-жөнү Туулган күнү, жылы Иштеген жери Ээлеген кызматы 1. Жээнчороев Мирлан Канатбекович 10.03.80 Жогорку Кеңеш Депутат 2. Жылкыбаев Узарбек Казиевич 17.02.74 Убактылуу иштебейт 3. Арипов Назарали Турдалиевич 28.04.70 Убактылуу иштебейт 4. Өмүрбекова Алтынай Сейтбековна 10.09.73 Убактылуу иштебейт 5. Жунус уулу Алтынбек 18.09.81 Убактылуу иштебейт 6. Бокоев Кенжебек Сатымкулович 27.11.67 Жогорку Кеңеш Депутат 7. Абдраимов Туйгунаалы Дүйшеналиевич 07.10.58 ЖАК «Кайнар» Директорлор кеңешинин төрагасы 8. Молдобаева Гүльнара Аскарбековна 29.10.71 ААК «Бишкек курулуш» Инвестиция жана каржы саясаты боюнча башкы директордун орун басары 9. Бердиев Аккулу Тагаевич 02.03.66 ЖЧК «Север-Югойл» Директор 10. Таалайбек уулу Чыңгыз 10.10.80 Убактылуу иштебейт 11. Казакбаев Руслан Айтбаевич 18.05.67 Жогорку Кеңеш Депутат 12. Лурова Лейла Хияновна 28.10.68 ЖЧК «LBS MILK Production» Директор 13. Сабиров Максат Эсенович 17.10.67 Жогорку Кеңеш Депутат 14. Карыбеков Арзыбек Кенжекулович 23.07.59 Убактылуу иштебейт 15. Карашев Аалы Азимович 30.10.68 Жогорку Кеңеш Депутат 16. Кулинова Лола Абдурахмановна 22.01.78 ЖЧК «Новый Проект» радио «Волна-ИК» Директор 17. Нусувалиев Орозбек Токталиевич 23.03.59 Жеке ишкер 18. Калматов Токторали Калдарович 29.05.76 Убактылуу иштебейт 19. Коёналиев Жоошбек Кармышович 17.12.64 Убактылуу иштебейт 20. Курманалиева Койсун Аблабековна 01.04.62 Убактылуу иштебейт 21. Турсункулов Кутман Нурланович 17.12.91 Жогорку Кеңеш Консультант 22. Баймуратов Калдарбек Шакирович 19.09.58 Жогорку Кеңеш Депутат 23. Жолдошалиев Эркин Жолдошалиевич 27.07.82 Убактылуу иштебейт 24. Саяк кызы Элзат 24.05.81 Убактылуу иштебейт 25. Кожобеков Жолдошбек Асанович 04.11.86 ЖЧК «Инженер Строй Сервис» Директордун орун басары 26. Алымбаев Алайбек Анаркулович 05.04.80 Жогорку Кеңеш Эксперт 27. Мидин уулу Канатбек 05.02.90 Убактылуу иштебейт 28. Каламбекова Бактыгүл Рысбаевна 18.10.61 Убактылуу иштебейт 29. Сарылдык уулу Илгиз 11.02.94 ЖЧК «Тянь-Шань Форель» Башкы директор 30. Алымкулов Темир Карыпбекович 11.10.72 ЖАК «Электротехника» Башкы директор 31. Болотканов Кубатбек Болотканович 22.09.75 ЖЧК «Альянс Алтын» Профсоюз комитетинин төрагасы 32. Ивакова Аида Иманакуновна 27.01.78 ТРК «НТС» Башкы директордун орун басары 33. Акматбеков Манас Сулкарнаевич 11.02.68 ЖЧК «Фрунзегаз» Дыйкан чарбанын директору 34. Мукеев Уланбек Шабырбекович 07.05.78 Убактылуу иштебейт 35. Шатманов Канатбек Асылбекович 20.09.70 Убактылуу иштебейт 36. Собурова Жылдыз Канчырбековна 04.04.75 Жогорку Кеңеш Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин эксперти 37. Баетов Аяз Батыркулович 20.12.84 Эл аралык университет Кафедранын башчысы 38. Бактыбаев Рыскүл Гыламидинович 29.09.64 Адвокат 39. Исанов Алмаз Насирдинович 22.07.74 Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту Директор 40. Урумкалиева Чинара Чалагызовна 13.10.73 Жогорку Кеңеш Эксперт 41. Кудайберген уулу Тилекмат 14.05.86 Убактылуу иштебейт 42. Таалайбек уулу Жоомарт 22.01.83 Сары-Булак айыл өкмөтү Айыл өкмөтүнүн башчысы 43. Тынысов Урматбек Аалканович 05.12.69 Акназар айыл өкмөтү Айыл өкмөтүнүн башчысы 44. Шейшекеева Гүлнара Санташевна 14.11.67 «Укук борбору» коомдук фонду Директор 45. Иманалиев Чолпонбек Муратбекович 11.08.85 Убактылуу иштебейт 46. Исаков Жумадыл Ырысбаевич 09.09.60 Убактылуу иштебейт 47. Дамир уулу Максатбек 20.12.85 Убактылуу иштебейт 48. Кынадбекова Нургүл Кынадбековна 22.04.90 Жогорку Кеңеш Башкы консультант 49. Исаков Эсенгул Байдалиевич 20.07.55 ГУ «Кадастр» Башкы адис 50. Карабаев Самат Эшполотович 10.08.90 Ош шаарындагы №3 орто мектеби Мугалим 51. Жакыпов Алмаз Назармаматович 16.10.85 Өзгөн районунун адвокатурасы Адвокаттын жардамчысы 52. Нурматова Анара Шакарбековна 13.12.77 Кыргыз-өзбек биргелешкен ЖЧК «Лайн-Стиль» Директор 53. Калыков Мийзамидин Абдырахманович 08.09.69 Бишкек шаардык кеңеши Депутат 54. Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич 30.07.94 Улуттук джиу-джитсу федерациясы Президент 55. Толкумбаева Атыркүл Бердугуловна 22.10.62 Убактылуу иштебейт 56. Талайбек уулу Анарбек 16.06.93 Райондук суу чарба башкармалыгы Инженер 57. Чертанов Эркинбек Канжарбекович 04.11.93 Убактылуу иштебейт 58. Аскербек уулу Автандил 10.03.78 Убактылуу иштебейт 59. Эралиева Мира Сулаймановна 21.02.79 Убактылуу иштебейт 60. Энназаров Мирлан Арзыкулович 16.05.66 Убактылуу иштебейт 61. Мамбетов Жамаке Жанышович 04.05.59 ЖЧК «Эрбак» Төрага 62. Ульмасов Анвар Абдуталипович 03.04.61 Убактылуу иштебейт 63. Рысбаева Жамал Рысбаевна 16.09.79 Убактылуу иштебейт 64. Нематжонов Расулжон Ахматжонович 22.10.84 Убактылуу иштебейт 65. Алтымышев Тынчтыкбек Жусупбекович 04.12.83 Убактылуу иштебейт 66. Ниязакунов Руслан Жекшенович 01.02.86 Убактылуу иштебейт 67. Белек Дайан 01.06.90 Жогорку Кеңеш Консультант 68. Асаналиев Самат Асаналиевич 11.06.87 Убактылуу иштебейт 69. Токторов Бактыяр Абдинабиевич 25.03.70 Убактылуу иштебейт 70. Аргинбаев Артвай Гапирович 13.08.55 Убактылуу иштебейт 71. Усупова Жазгүл Кубатбековна 28.05.80 Убактылуу иштебейт 72. Турусбеков Айдар Темирбекович 11.03.87 Убактылуу иштебейт 73. Токторбаев Адилет Уланович 30.01.90 ЖЧК «Рейба» Бажы операциялары боюнча адис 74. Кенжетаев Эрбол Үзүрович 08.12.91 Убактылуу иштебейт 75. Алибаева Айгүл Үсөновна 12.12.80 ЖЧК «Круг ЛТД» Директор 76. Молдокулов Марлесбек Токтомбетович 23.03.66 Убактылуу иштебейт 77. Жарасул уулу Элдияр 29.06.86 Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту Директордун орун басары 78. Сатымкулов Майорбек Асанканович 24.11.67 Убактылуу иштебейт 79. Усеналиева Уулкан Нургазиевна 14.03.97 Убактылуу иштебейт 80. Стамбеков Султан Амангелдиевич 11.03.80 Улуттук онкология борбору Дарыгер 81. Примкулов Сулайман Жолдошбекович 15.02.63 Убактылуу иштебейт 82. Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевич 22.02.71 Убактылуу иштебейт 83. Исакжанова Элиза Каримжановна 20.07.85 Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти Башкы адис 84. Кожомкулов Баатырбек Токтоевич 06.12.60 Убактылуу иштебейт 85. Чаланов Эсенбек Бейшенбекович 03.06.91 Убактылуу иштебейт 86. Чотоев Таалайбек Коёнович 28.07.67 Убактылуу иштебейт 87. Тыналиева Ыргал Бектургановна 15.01.59 Убактылуу иштебейт 88. Абдырахманов Бектеналы Кутманалыевич 16.08.95 Убактылуу иштебейт 89. Осмоналиев Жаныбек Муктарканович 25.12.85 «Кут-Билим» Мугалим 90. Абышев Кылычбек Асаналиевич 27.11.79 Убактылуу иштебейт 91. Муратова Жанара Эркинбековна 08.11.87 Убактылуу иштебейт 92. Хамзеев Алтынбек Болотбекович 05.11.84 Мугалим 93. Мамбеталиев Арсланбек Мамасадыкович 01.11.62 Убактылуу иштебейт 94. Станбеков Дүйшенбек Жолчубекович 07.01.73 Убактылуу иштебейт 95. Паизова Гүлзада Турдубаевна 18.03.72 «Ынтымак бир» бала бакча Директор 96. Турсунбаев Таалайбек Калмурзаевич 21.02.66 Убактылуу иштебейт 97. Койчумбаев Таалайбек Маралович 05.07.67 Убактылуу иштебейт 98. Аманатов Канат Садырбекович 24.04.91 Убактылуу иштебейт 99. Имарова Нургүл Асланбековна 29.09.92 Убактылуу иштебейт 100. Абаев Суеркул Мейманкулович 07.10.67 Убактылуу иштебейт 101. Нурумбетов Батырбек Жанышович 05.03.72 Убактылуу иштебейт 102. Мыктыбекова Айнур Майрамбековна 07.01.93 Талас үй-бүлөлүк медицина борбору Дерматовенеролог 103. Дубанаев Жигитали Курсанович 22.09.70 Убактылуу иштебейт 104. Алиев Акылбек Мукамбекович 16.02.82 Салык кызматы башкы инспектор 04.2009 105. Жолдошев Алмаз Жамгырбаевич 16.03.77 Жеке ишкер 106. Бейшенкул кызы Жаркынай 02.11.92 Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы Башкы адис 107. Жакшылыков Жайлообек Аззамкулович 04.07.82 Убактылуу иштебейт 108. Сатымбаев Абдибек 01.02.59 Убактылуу иштебейт 109. Касымбекова Лира Байысбековна 04.11.83 Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Тышкы байланыштар жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы 110. Акматбеков Майрамбек Жолдошбекович 30.12.89 Убактылуу иштебейт 111. Миңжашаров Кеңешбек Атагазиевич 09.07.63 Убактылуу иштебейт 112. Арзыбаев Бексултан Эргешбаевич 20.11.96 Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Жетектөөчү адис 113. Туйгунбек кызы Нуризат 16.03.96 ЖЧК «Север-Югойл» Юрист 114. Нурали уулу Алманбет 28.07.95 Өзгөн районундагы Көлдүк айыл кеңеши Айылдык кеңештин төрагасы 115. Лаяшукурова Рахат Акматалиевна 31.05.84 Убактылуу иштебейт 116. Абдыбеков Байыш Майрекович 28.09.77 Боогачы орто мектеби Директордун орун басары 117. Курманова Токтокан Бейшенбековна 29.07.80 Убактылуу иштебейт 118. Мазер Юлия Андреевна 09.02.87 №3 мектеп-гимназиясы Мугалим 119. Тойматов Бердибай Токебаевич 17.11.73 ЖЧК «Улар-Транс» Директор 120. Байызбеков Узакбек Асымбекович 01.08.63 Убактылуу иштебейт 121. Солтонбаев Кенжебек Аскерканович 06.05.83 Убактылуу иштебейт 122. Аалы кызы Назира 04.11.76 КТРК «Маданият Тарых Тил» каналынын продюсери 123. Яушев Назар Викторович 14.04.92 Убактылуу иштебейт 124. Токсонбаев Каныбек Токторалиевич 25.01.63 ЖЧК «Крокус секьюрити» «Түштүк» мобилдик тобунун башчысы 125. Шимарова Рузали Ильясовна 25.03.85 Убактылуу иштебейт 126. Мурзали уулу Замирбек 17.12.89 ЖЧК «К.Раимбердиев» Директор 127. Болгомбаев Бакытбек Туратбекович 11.11.93 Убактылуу иштебейт 128. Эсенова Гүлнара Турсунбаевна 21.01.64 Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын Жайыт комитети Менеджер 129. Шаршеналиев Чолпоналы Усеналыевич 18.11.80 Убактылуу иштебейт 130. Аюханов Радик Дамирович 16.06.86 КПП ААК «Бишкеккурулуш» Башкы инженер 131. Касымова Эркинай Исраилжановна 20.11.80 Тигүү фабрикасы Тигүүчү 132. Бараканов Таштанбек Ырсалиевич 20.03.69 Убактылуу иштебейт 133. Киркиева Айнура Кадырбековна 14.01.81 Убактылуу иштебейт 134. Алиев Самат Шайырбекович 19.12.71 «Борполой» жоопкерчилиги чектелген шериктештиги Жарнама боюнча менеджер 135. Сколков Алексей Николаевич 19.11.91 Убактылуу иштебейт 136. Алымкулова Айтбүбү Райымбековна 14.01.73 Убактылуу иштебейт 137. Байгазиев Багыш Муратбекович 10.04.75 Нурманбет айыл өкмөтү Айыл өкмөт башчысы 138. Бакай уулу Эрманбет 18.05.88 Убактылуу иштебейт 139. Анарбекова Диана Анарбековна 11.11.96 Убактылуу иштебейт 140. Зулпукаров Азамат Замирович 24.02.80 Убактылуу иштебейт 141. Закиров Садыкжан Шаукатович 02.06.83 Убактылуу иштебейт 142. Суранчиева Роза Жекшеновна 12.09.77 Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү долбоору Координатор 143. Лебедев Глеб Викторович 04.10.80 Убактылуу иштебейт 144. Нусир Рамазан Думарович 21.10.88 Убактылуу иштебейт 145. Кадырбекова Айсулуу Кадырбековна 16.05.91 Убактылуу иштебейт 146. Сеитов Акмал Рустамович 06.10.92 Убактылуу иштебейт 147. Шекеков Эмил Кемелбекович 22.11.79 Убактылуу иштебейт 148. Бектурова Индира Урушбековна 12.03.70 ЖЧК «Саян Фарм» Фарминспектор 149. Теңизбаев Камбарбек Асипбаевич 20.10.60 Убактылуу иштебейт 150. Кожоналиев Канат Болотбекович 20.03.72 Чүй суу чарба башкы башкармалыгы Участканын башчысы 151. Жанаралиева Румани Ярагиевна 13.04.70 Жеке ишкер 152. Хандышанов Магомед Люлюнович 28.06.74 153. Нурмаматов Рахманберди 01.02.58 Убактылуу иштебейт 154. Микотина Ольга Викторовна 12.12.65 Убактылуу иштебейт 155. Юн Ольга Викторовна 05.07.85 Убактылуу иштебейт 156. Филиппова Лина Александровна 18.05.79 Убактылуу иштебейт 157. Абылдаев Советбек Сааткулович 12.12.59 Убактылуу иштебейт 158. Папанов Павел Николаевич 05.03.90 Убактылуу иштебейт 159. Козырева Светлана Владимировна 01.11.66 Убактылуу иштебейт 160. Голопуро Артём Игоревич 17.11.82 Убактылуу иштебейт 161. Толоев Памирбек Сардарбекович 17.02.71 Токмок шаарынын Мамлекеттик салык кызматы Башчынын орун басары 162. Каракотов Самит Борисович 06.09.80 Убактылуу иштебейт 163. Жуманова Самара Эсиркеповна 31.05.76 Убактылуу иштебейт 164. Петров Кирилл Александрович 17.07.86 Убактылуу иштебейт 165. Ибраимова Динара Курманбековна 26.05.63 Убактылуу иштебейт 166. Назарбекова Анаркүл Султановна 18.06.58 Убактылуу иштебейт Шайлоо мыйзамдарына ылайык саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 75тен аз эмес, 200дөн ашпаган талапкердин документин тапшырышы керек. Талапкерлеринин документтери талаптарга шайкеш келген партиялар парламенттик шайлоого катышуу укугуна ээ болот. БШК мындай укукту 15 партияга берди. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат. (BTo)

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:52

Үгүт маалында «Бүтүн Кыргызстандын» соту создукту

Бишкектин административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКга каршы арызын кароо 9-сентябрга калды. Парламенттик шайлоого байланыштуу Бишкектин административдик сотуна дагы бир жолу коомчулуктун көңүлү бурулду. Бул ирет аталган сотто “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКнын чечимине каршы арызы каралды. Оппозициячыл партия БШКнын партияны шайлоого катыштырбоо тууралуу чечими мыйзамсыз экенин жүйө келтирип, аны жокко чыгарууну суранган. Иш каралып жаткан учурда Административдик соттун имаратынын алдында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын 500дөн ашуун тарапкери чогулду. Алар соттон акыйкат чечим кабыл алууну талап кылып, "Бүтүн Кыргызстан!", "Сот акыйкат чечим кабыл ал!" деп кыйкырып турушту. Алардын арасында мурдагы президент, азыр камакта жаткан Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери түзгөн Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү да жүрдү. Ишти Бишкектин административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева карады. Жараяндын жүрүшүндө судья Эгембердиева "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү суранган өтүнүчтөрдү канааттандырып жатты. Тагыраагы, оппозициячыл партиянын юристтери сотко БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев, Акылбек Эшимов баштаган бир нече аппараттын кызматкерин күбө катары чакырууну суранды. Буга жооп кылып БШКнын юристтери Боршайкомдун калган мүчөлөрүн чакырууну сунуштады. Ишти караган судья эки өтүнүчтү тең канааттандырды. Соттун мындай ийкемдүүлүгү оппозициячыл партиянын мүчөлөрү арасында маселе алардын пайдасына чечилет деген ишенимди пайда кылгандай болду. Муну жараяндан соң “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров да белгилеп, судьяга эч кандай дооматы жок экенин билдирди. Сотто эмне жөнүндө сөз болду? Соттук териштирүүдө “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын 19-августта өткөн курултайында эреженин бузулганы же бузулбаганына көбүрөөк басым жасалды. 3-сентябрда Боршайком дал ушул курултайдын жүрүшүндө партия делегаттар арасында добуш берүүнүн купуялуулугун сактай алган эмес, курултай бекиткен тизме менен “Бүтүн Кыргызстан” расмий органга тапшырган тизмеде айырма болгон деген негизде каттоодон баш тарткан. Жараяндын жүрүшүндө “Бүтүн Кыргызстандын” юристтери өз линиясын дал ушул партия тизмени өзгөрткөн деген маалыматты толугу менен жокко чыгарууга арнаган. Партиянын юристи Юлия Богданова партия өз тизмесин БШКга тапшырганга чейин өзгөртүүгө укугу бар экенин белгилеп, муну мыйзам бузуу катары кароо туура эмес экенин билдирди: “БШК “Кыргыз Республикасынын президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоо боюнча” мыйзамдын 60-беренесинин чегинен чыгып кеткен. Бул беренеде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүнүн жол-жобосу дапдаана жазылган. Анда партияга карата жалгыз талап катары талапкерлерди көрсөтүү боюнча чечимди курултайда купуя добуш берүү аркылуу кабыл алуу керектиги көрсөтүлгөн. Ал эми ушул эле мыйзамдын 60-беренесинин 5-бөлүмүндө саясий партия сунуштаган тизмеде мөөр жана лидердин колу менен бекемделип, БШКга жөнөтүлүшү керектиги гана айтылган. Бул тизме БШКга берилген соң гана ал өзгөртүлбөшү керек. Тактап айтканда, БШКга бергенге чейин бул тизмени өзгөртүүгө мыйзам тыюу салбайт”. Ошондой эле партия өкүлдөрү "Бүтүн Кыргызстан" курултай өткөрүүдө эч кандай эреже бузбаганын билдирди. Партия лидери Адахан Мадумаров сотто сүйлөп жатып, курултай өткөрүүдө башка партиялар да купуялуулук сактабагандыгын, бирок мыйзам “Бүтүн Кыргызстанга” гана иштеп жатканына нааразы болду. БШКнын өкүлү Медина Кутбердиева буга чейин шайлоо комиссиясы келтирген жүйөлөрдү кайталап, "Бүтүн Кыргызстан" курултай өткөрүүдө эреже бузуп, анын жүрүшүндөгү тизмени бурмалап алып келгенин билдирди. “БШК коллегиалдуу орган жана бардык чечимдер добуш берүү аркылуу гана кабыл алынат. “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоого каттоодон баш тартуу боюнча чечим БШКнын көпчүлүк мүчөлөрүнүн добушунун негизинде кабыл алынган. Алар жумушчу топтун маалыматын угуп, андагы мыйзам бузуулардын баары эске алынды. Ошондуктан, БШК 3-сентябрда кабыл алган чечим мыйзамдуу жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттабоонун себептерин түшүндүргөн фактылар камтылган”. Ошентип “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоого катышуусу боюнча соттук жараян 9-сентябрда каралмай болду. Партия лидери Адахан Мадумаров сот атайлап создуктурулуп жатканын айтып, нааразы болду. “Жүйөсүз себептер менен 9-сентябрга калтырганы кызыктуу. Бул жерде бардык маселелер каралып бүттү, тездетип эле чечим чыгарса болмок. Биз канча жолу сурандык. Себеп, азыр үгүт иштери жүрүп жатканда биз үчүн ар бир саат маанилүү. Ушундай кырдаалда күлүктөрдүн баарын кое берип, бирөөнү гана эки бутун тушап, эки күндөн кийин кое беребиз деген сыяктуу болуп жатат. Тилекке каршы, ушундай чечим кабыл алынды”. Чынында эле өлкөдө үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан мезгилде "Бүтүн Кыргызстандын" шайлоого катышып же катышпаганы боюнча соттук жараян башкы маселеге айланды. Эксперттер өлкөдөгү учурдагы бийликке каршы оппозициялык партиянын шайлоого катышпай калышы жалпы шайлоонун жүрүшүнө таасир тийгизет деп айтып жатышкан. БШК 3-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоодон баш тарткан. Буга чейин аталган партия курултай өткөрүүдө эреже бузду деген негиз себеп болгон. Боршайком чечим кабыл алганга чейин “Бүтүн Кыргызстандын” курултайында бекитилген тизме өзгөртүлүп калганы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу айтып чыккан. Ал 19-августта өткөн курултай бекиткен тизмеде бул партиянын катарында талапкер катары көрсөтүлгөнүн, бирок кийинчерээк таптакыр эле тизмеден чийилип калганын билдирген. 2-сентябрда БШК Турсунбай Бакир уулунун арызын карап, “Бүтүн Кыргызстанды” шайлоодон четтетүү боюнча чечимге бир добуш жетпей калган. Бирок кийинки күнү жыйын жүрүшүндө БШКнын мүчөлөрү Турсунбай Бакир уулу айткан маалыматтарды да негиз кылып, оппозициячыл партияны каттабоо боюнча чечим кабыл алган. “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров мындай чечим бийликтин кийлигишүүсү менен кабыл алынганын айтып келет. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Учурда 15 партия талапкер катары каттоодон өтүп, үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө. No media source currently available

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:52

«Реформа» партиясынан депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси

«Эркин Тоо» мамлекеттик гезитине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси жарыяланды. «Реформа» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 84 талапкер катталды. Тизме төмөнкүдөй иретте түзүлгөн: № Аты-жөнү Туулган күнү, жылы Иштеген жери Ээлеген кызматы 1 Сооронкулова Клара Сыргакбековна 18.03.1969 «Укук мектеби» коомдук бирикмеси Төрага 2 Маматкасым уулу Мирбек 24.12.1979 Жеке ишкер 3 Жаныбаев Урмат Тимурович 18.06.1984 Жеке ишкер 4 Саматов Манас Парманович 09.03.1954 Дыйкан 5 Карасартова Рита Рахмановна 25.12.1975 Жумушсуз 6 Рысбеков Эсен Уланбекович 03.02.1990 ЖЧК «АйТи Ран» Негиздөөчү 7 Ахматов Тилек Кылычевич 01.09.1978 «BTS Digital» Продукталык экосистемасынын башкы архитектору 8 Көкүлов Эрулан Калчороевич 07.03.1986 Жеке ишкер 9 Шекекова Назгүл Аскербековна 23.03.1977 «STRATTON DUSINESS CONSULT» ЖЧК Директор 10 Мамасалиева Гүлгакы Эшмаматовна 09.05.1971 КФ «Интербилим» Менеджер 11 Нурбаев Эркинбек Русланович 14.01.1992 Жеке ишкер 12 Жекшеев Азият Жыпарович 22.09.1987 Журналист 13 Воронина Елена Александровна 25.01.1973 Мугалим 14 Абдиева Банур 28.04.1967 Жеке ишкер 15 Сыдыков Эмил Эсенгулович 23.10.1980 «Ника КГ» ЖЧК Директор 09.2014 - 07.2020 16 Сариев Акылбек Аблабекович 16.03.1962 КФ «Электорат» Директор 17 Абдырахманова Чолпон 22.06.1993 Оракл Маркетинг менеджери 18 Тукунов Акжолтой Шакирбекович 29.03.1981 «Балыкчы ак жол ынтымагы» коомдук бирикмеси Төрага 19 Салимов Сарвар Шарабидинович 10.03.1991 Жеке ишкер 20 Чакиев Азамат Асылбекович 10.06.1973 «Сары-Дөбө» дыйкан чарбасы Дыйкан 21 Абдыраимова Мира Мидиновна 05.02.1976 Каракол шаарынын Турак-жайларды тейлөө департаменти Юрист 22 Шамшиев Адылжан Токтосунович 01.04.1983 «Бинго» коомдук бирикмеси Башкарманын төрагасы 23 Асаналиев Эркинбек Эсенович 19.12.1977 «Пир-Саламон» Жетекчи 24 Келдибекова Лейла Пархатовна 24.10.1978 «Дино» балдардын окуу борбору Директор 25 Авазов Курванбек Рахманович 06.10.1970 Жумушсуз 26 Аксёнова Инна Сергеевна 30.11.1978 Cabar.asia Эркин журналист 27 Сурап уулу Бекмамат 17.04.1995 Кемин аймактык ооруканасы Жандандыруу бөлүмүнүн башчысы 28 Аракеев Дастан Медербекович 10.12.1985 Билим берүү, транспорт, курулуш жана социалдык иш-аракеттердеги стартаптар Визуалдык дизайнер 29 Гуронов Саматбек Осмоналиевич 11.12.1982 ТОО «BTS Digital» Өнүмдү башкаруу бөлүмүнүн башчысы 30 Султанбекова Алтынай Ильинична 09.04.1978 «Саман Групп» ЖЧК Директор 31 Саткеев Адилет Осмонович 28.02.1982 «Индиго Тажикстан» коомдук бирикмеси Коммерциялык директор 11.2019 - 04.2020 32 Камалов Мирбек Нурбекович 22.03.1994 «YouthofOsh» коомдук бирикмеси Долбоордун адиси 03.2020 - 08.2020 33 Казакбаев Урматбек Абдыбекович 19.04.1986 «Гражданский союз» коомдук бирикмеси Төрөганын орун басары 34 Алымбаева Аида Бирликовна 30.09.1974 Мугалим 35 Мүсүралиев Марат Туратбекович 01.01.1973 Дыйкан 36 Маметов Асаналы Салиевич 16.02.1970 «Агро Финанс» микрокредиттик компаниясы Башкы директор 01.2011 - 01.2020 37 Арипов Атабек Моминжанович 03.06.1992 Кызыл-Кыя шаарынын техникалык лицейи Мугалим 09.2016 - 04.2017 38 Ибраева Мээрим Кеңешбековна 08.08.1987 AIM PartnersLawFirm Башкаруучу өнөктөш 39 Сулайманбеков Тилек Сагыналиевич 05.12.1987 «Юрта Тек» ЖЧК Директор 40 Сапаев Эдик Рахимжанович 11.10.1985 Түндүк-чыгыш бажысы Инженер 09.2014 - 10.2019 41 Ко Сергей Климентьевич 07.09.1984 Жеке ишкер 42 Доган Любовь Алексеевна 26.07.1966 «Космопарк» ЖЧК Администратор 43 Жаныкулов Каныбек Шабданович 27.08.1980 «Северэлектро» ААК Улук инспектор 44 Сыдыков Бакыт Сыдыкович 14.04.1987 «Air Fresh» ЖЧК Башкы директор 45 Кайназаров Бийназар Алтынбекович 16.03.1978 Эл аралык Өзгөн институту Мугалим 46 Айтахунова Чолпон Алмазбековна 23.12.1990 Борбор Азиядагы Америка Университети Европа таануу факультетинин мугалими 47 Дүйшабаев Заирбек Садырбекович 19.11.1975 «Сакура трансформер» ЖЧК Директор 48 Урманов Эсенбек Аскарбекович 28.10.1979 «Дахма» ЖЧК Башкы директор 05.2019 - 05.2020 49 Эшимбеков Нуркан Кадыржанович 09.05.1971 «Бона сенс-здравый смысл» коомдук бирикмеси Төрага 50 Качиева Жибек Анаркуловна 06.02.1982 «Диалог культур и цивилизаций» коомдук бирикмеси Аткаруучу директор 51 Дөлөтбаев Нургазы Дөлөтбаевич 11.03.1995 «ND Trade and Consulting» ЖЧК Жетекчи 52 Жакипов Айбек Рысбекович 10.09.1994 Жеке ишкер 53 Усманалиева Бурулкан Матиевна 08.03.1977 Жеке ишкер 54 Шонкоров Матин Вячеславович 01.06.1981 «Арония фарм» Фармацевт 55 Сыргакбеков Нургазы Сооронкулович 15.03.1965 Жеке ишкер 56 Сыдыкова Лира Эсенгуловна 16.04.1971 «Вега Тур» ЖЧК Башкы директор 57 Сабиров Азамат Таалайбекович 26.07.1993 Жумушсуз 58 Абылкасым уулу Алманбет 12.01.1990 59 Зубенко Анна Сергеевна 01.07.1992 ОО «Гражданский союз» Төраганын орун басары 60 Абадбек уулу Сагындык 27.02.1992 61 Мамалатипов Эрлан Акжолович 04.08.1998 Жумушсуз 62 Төрөкелди кызы Азиза 27.06.1990 ОшМУ Мугалим 63 Насирдинов Таалай 01.01.1981 «Кыргыз Концепт» ЖЧК Аткаруучу директор 02.2018 - 07.2020 64 Карыпов Мурат Курманбекович 30.01.1988 Жумушсуз 65 Бирюкова Виктория Александровна 09.05.1995 Жумушсуз 66 Болотбек Темир 29.05.1979 67 Арстанбекова Уулбүбү Кутчубаевна 23.12.1997 Жеке ишкер 68 Абыкеев Муратбек Мыктыбекович 17.02.1961 Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети Мугалим 69 Эдилбек уулу Улукбек 12.10.1989 «ЕвразиялыкУниверситети» коммерциялык эмес билим берүү мекемеси Мугалим 70 Назарова Камила Мурзахметовна 26.05.1987 Жеке ишкер 71 Жаныбек кызы Аида 19.07.1980 «Мото» ББ Коомчулук менен байланыш боюнча менеджер 72 Сайранбаев Марат Жолонбаевич 22.11.1980 Жумушсуз 73 Касымалиев Болот Абдыбекович 21.03.1982 Жеке ишкер 74 Насырова Карина Тимурхановна 18.01.1986 «Мир здоровья» ЖЧК Жетекчи 75 Рахманбердиев Самат Кубанычбекович 21.01.1984 «PremiumOil» ЖЧК Башкы директор 76 Касымов Ядгар Мухтарович 04.07.1988 «ПФ Горпроект» ЖЧК Архитектор 77 Тен Андрей Валерьевич 15.05.1982 Доцент 78 Алабачаева Нарынгүл Кубанычбековна 23.01.1971 «Биздин ашкана» ашканасы Бухгалтер 79 Калыков Бектур Бактыбекович 25.07.1989 80 Молдожанов Бакыт Сабырович 30.12.1975 «Мол Булак» микрокредиттик компаниясы Менеджер 04.2013 - 02.2015 81 Фегеле Марина Евгеньевна 07.11.1975 «Интеграция» МЧА колдоо КФ Директор 82 Жээнтаев Эрнис Аскарович 24.01.1985 «Леди.KG» гезити Дизайнер 83 Мухамедова Луиза Рустамовна 18.10.1989 Жумушсуз 84 Труханова Ольга Юрьевна 19.02.1990 «Биринчи балдар Хоспис» коомдук кайрымдуулук фонду Аткаруучу директор Шайлоо мыйзамдарына ылайык саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 75тен аз эмес, 200дөн ашпаган талапкердин документин тапшырышы керек. Талапкерлеринин документтери талаптарга шайкеш келген партиялар парламенттик шайлоого катышуу укугуна ээ болот. БШК мындай укукту 15 партияга берди. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат. (BTo)

Подробнее
16 сентября 2020 г. 18:00

Биз Европа менен Азиядан узак мөөнөткө берилген каражаттарды тартып келебиз!

Экономиканы өнүктүрүү максатында кичи жана орто бизнеске 3% кредиттер берилет. Биз Европа менен Азиядан узак мөөнөткө берилген каражаттарды тартып келебиз!

Подробнее
23 сентября 2020 г. 22:17

«Республика» № 14: Кыргызстану срочно нужны кардинальные реформы!

«Республика» № 14: Кыргызстану срочно нужны кардинальные реформы!

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:52

«Чоң Казат» партиясынан депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси

«Эркин Тоо» мамлекеттик гезитине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси жарыяланды. «Чоң Казат» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 81 талапкер катталды. Тизме төмөнкүдөй иретте түзүлгөн: № Ф.А.А. Туулган күнү, жылы Иштеген жери Ээлеген кызматы 1 Мамытканов Максат Сүйүналиевич 12.01.1971 «Чоң Казат» партиясы Төрага 2 Бекова Алмакан 21.03.1956 «Аруузат-Эл-Куту» партиясы Төрайым 3 Эсенкожоев Улан Шүкүрбекович 04.07.1977 4 Эрмекбаев Шамырбек Бегинбаевич 01.03.1960 ЖЧК «Тейит Ысак» Директор 5 Жапыкеев Сыймык Асылбекович 10.09.1977 «Федерация шахмат КР» коомдук бирикмеси Вице-президент 6 Султангазиева Анаркүл Аскарбековна 23.11.1971 «Зеленая Энергетика» коомдук фонду Жетекчи 7 Шаршеналиев Өмүрбек Досубакович 02.10.1963 «Досубак» ЖЧК Башкы директор 8 Акимов Турат Кудайбергенович 04.09.1962 «Деньги и Власть» гезити Башкы редактор 9 Касымбеков Жаркынбек Орозбекович 19.09.1973 Кыргыз-Түрк «Манас» университети Ага окутуучу 10 Махмудова Наргиза Абдилазизовна 25.02.1982 Ош мамлекеттик юридикалык институту Окутуучу 11 Рысмендеев Бекжан Базарбаевич 28.10.1990 «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы 12 Мусакеев Азамат Аскарбекович 28.04.1977 Дыйкан 13 Токтогазиев Темирбек Шүкүрбекович 03.03.1957 «Эхо Манас» телерадио компаниясы Башкы директор 14 Собирова Саида Иброхимовна 31.05.1969 Ош облустук адвокатурасы Адвокат 15 Осмонов Асхат Арысланбекович 28.06.1983 Жумушсуз 16 Касенов Максат Апышович 20.10.1981 17 Бөрүбашев Бекбосун Ишенбекович 22.04.1955 Кыргыз-орус славян университети Кафедра башчы 18 Абдивалиева Райкан Абдижамиловна 21.04.1962 Мамлекеттик телерадио агенттиги Радионун үн режиссеру 19 Азыкбаев Курмангазы Айылчиевич 26.03.1962 «Агым» эстрадалык-фольклордук ансамбли Директор 20 Абдуллаев Музаффар Ташпулатович 02.05.1971 Этникалык кыргыздардын ассоциациясы Төрага 21 Кудайбердиев Абдималик 05.03.1950 Мамлекеттик спорт комитети Директордун кеңешчиси 22 Дубанаева Назгүл Курбанбековна 01.01.1984 Жеке ишкер 23 Кошоев Ахунбай 01.04.1951 ЖЧК «Озкент» Башкы директор 24 Турсунов Фазилжон Рузибоевич 12.04.1985 Жеке ишкер 25 Макеев Эмил Чойимбекович 28.03.1981 «Региональные платежные системы» ЖЧК Башкы директор 26 Шакирова Гүлжамила 28.12.1955 Кыргыз Радиосу Алып баруучу 27 Жолчиев Алмаз Алибекович 06.01.1976 ЖЧК «Альянс Алтын» Геолог 28 Итибаев Кайрат Жаныбекович 15.01.1982 Авиакомпания «Аэростат» Директордун орун басары 29 Карбеков Алимбай Таштанович 05.01.1967 Оператор-монтажер 30 Володина Марьяна Юрьевна 27.01.1986 «Добрый доктор» клиникасы Волонтер 31 Жоошбаев Майрамбек Болотманбетович 01.05.1983 Жеке ишкер 32 Кулукеев Нурлан Медербекович 13.12.1975 Жеке ишкер 33 Рыспеков Эркин Аманович 23.01.1987 Жеке ишкер 34 Айдаралиева Таалайкүл Муратовна 24.05.1988 Мугалим 35 Алымбеков Бекмамат Алмазович 01.06.1995 Жеке ишкер 36 Мураталиев Акылбек Кыдырович 20.08.1957 «Эхо Манаса» телерадио корпорациясы Алып баруучу 37 Сайдаков Айбек Женышпекович 15.01.1987 «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Бригадир 38 Апылаева Гүлифа Кожоевна 13.05.1961 №1 орто мектеби Мектеп директору 08.1979 - 02.2019 39 Сурапов Белек Ысагалиевич 10.03.1985 Жеке ишкер 40 Тохтурбаев Убайдула Фатуллаевич 13.08.1983 Мугалим 41 Ажымамбетов Актан Айылчиевич 24.05.1979 №33 орто мектеп Өзүн-өзү коргоо ийриминин жетекчиси 42 Орозбек кызы Гүлиза 15.10.1990 Жеке ишкер 43 Кубатов Арген Кубатович 03.10.1995 Жеке ишкер 44 Осомбаев Жаныбек Шаршембиевич 12.11.1964 «Venus Invset» ЖЧК Башкы директор 45 Орозобеков Бакытбек Чынарбекович 18.05.1977 «Орозобеков Сапарбек» фермердик чарба Фермер 46 Жусупова Нурзада Аскарбековна 21.05.1979 «Аманбанк» ЖЧК Котормо бөлүмүнүн адиси 12.2009 - 07.2012 47 Өмүров Айбек Эркинбекович 19.05.1983 «Studio 35» продакшн студиясы Жетекчи 48 Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович 01.03.1974 «Победа» адвокаттар коллегиясы Төраганын орун басары 49 Токтомбаев Азат Турусбекович 10.01.1992 Жеке ишкер 50 Мавлянова Сайкал Уезбековна 03.03.1985 ЖАК «Банк Компаньон» Насыя боюнча адис 11.2017 - 09.2018 51 Апиев Улукбек Ишенович 23.09.1988 Жеке ишкер 52 Асаналиев Ганы Бекбоевич 22.09.1962 Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өнүктүрүү институту Илимий кызматкер 53 Суеркулов Нурис Жумабекович 22.07.1984 Жумушсуз 54 Тюменбаева Чолпон Дүйшеевна 22.01.1968 Жумушсуз 55 Закирияев Алишер Бакытович 30.05.1996 Жеке ишкер 56 Ахметчин Артур Рашидович 01.11.1991 «Илим» билим берүү комплекси Музыка мугалими 57 Касымов Бауржан Балтабаевич 20.10.1986 Мамлекеттик нотариус Программист 58 Эрматова Алтынай Маматеминовна 14.03.1966 Жумушсуз 59 Кыдыров Сыймык Тилекбаевич 24.08.1987 Эл аралык «Манас» аэропорту Атайын көзөмөл бөлүмүнүн инспектору 60 Доктурбек уулу Бердибек 15.06.1991 «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн адиси 61 Орзахунов Юлдаш Жумагулович 10.11.1965 Жеке ишкер 62 Маманова Жазгүл Абдимаматовна 08.01.1987 «Росинбанк» ААК Кассир-бухгалтер 63 Токтогулов Ербол Бекинович 11.02.1983 Жумушсуз 64 Ибрагимов Сардор Маликович 23.04.1990 Sputnik.kg Кабарчы 65 Салимов Дилмурод Махамадтажиевич 16.11.1983 «СЭМ Строй» ЖЧК Башкы директор 66 Кожобекова Гүлшаир Кадырбековна 21.04.1977 67 Рысалиев Кылычбек Сатарович 02.12.1975 «Доминант Альянс» ЖЧК Соода боюнча Вице-президент 68 Койчубек уулу Бактыбек 04.03.1984 «Кара-Балта жол Курулуш» ЖЧК Мастер 69 Алыбаев Нурлан Аттокурович 08.10.1980 ТОО «Али Нур 2» Директор 70 Иманкулова Бактыгүл Кожокматовна 19.09.1966 ЖЧК «Useful» Директор 71 Орчунов Асхат Даниярович 16.05.1991 Жумушсуз 72 Жумамидин уулу Алибек 18.11.1991 №15 үй-бүлөлүк медициналык борбору Медициналык кызматкер 73 Турапова Дамира Нурматовна 22.01.1976 Жумушсуз 74 Кошматова Наргиза Тургунбаевна 17.09.1987 «Хамза» орто мектеби Мугалим 75 Ниязов Фарход Султанжанович 10.11.1989 «Био Гранд Плюс» ЖЧК Менеджер-аналитик 76 Кривкова Алена Николаевна 29.07.1978 Жумушсуз 77 Акматалиева Нуржамал Шамшидиновна 14.04.1985 Жумушсуз 78 Набиева Канзада Абдирасуловна 30.10.1996 Жумушсуз 79 Ильяев Александр Павлович 28.11.1956 Жумушсуз 80 Халитов Яркин Масгутович 06.04.1942 Жумушсуз 81 Юлдашева Анарбү Турсуновна 26.02.1975 Чыгармачылыкты жана маданиятты өнүктүрүү борбору Координатор Шайлоо мыйзамдарына ылайык саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 75тен аз эмес, 200дөн ашпаган талапкердин документин тапшырышы керек. Талапкерлеринин документтери талаптарга шайкеш келген партиялар парламенттик шайлоого катышуу укугуна ээ болот. БШК мындай укукту 15 партияга берди. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат. (BTo)

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:52

Томас Бозеруп: Миссия бардык тараптар менен жолугууга даяр

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзө турган миссиясы өз ишин баштады. Эл аралык миссиянын башчысы Томас Бозеруп "Азаттык" менен болгон маегинде пандемия шартында өтүп жаткан шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүгүнө токтолду. "Азаттык": Томас мырза, Кыргызстанда бул жолу парламенттик шайлоо өнөктүгү өзгөчө кырдаалда өтүп жатат. Эл аралык байкоочулар чектелген тартипте Бишкекке келип, ишти эмнеден баштап жатасыңар? Томас Бозеруп: Эл аралык миссия башында Еропадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдөн 350дөй байкоочу Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшүнө көз салат деп пландаган. Пандемия башталгандан бери бул биздин биринчи миссия эмес. Буга чейин бир катар өлкөлөрдөгү шайлоого көз салдык. Сербияда, Хорватияда, Польшада, Монтенегродо жана Түндүк Македонияда шайлоо өттү. Мен өзүм июнь-июль айларында Польшадагы шайлоонун жүрүшүнө күбө болдум. Кыргызстанга кыска мөөнөткө да байкоочуларды алып келсекпи деп ойлогонбуз. COVID-19 пандемиясынан улам түзүлгөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу ЕККУнун аймагында ары-бери каттоого чектөөлөр толук алына элек. Андыктан мурдагы пландан баш тартып, азыр Бишкекке 12 эксперт менен аналитик келди. Алдыдагы күндөрү 18 байкоочу узак мөөнөткө келет. Алар өлкө боюнча шайлоо өнөктүгүнө көз салышат. Жалпысынан ЕККУга мүчө мамлекеттердин 16нан өкүлдөр Кыргызстанга келишмекчи. Кыргызстанда коронавирустан улам өзгөчө кырдаалда иштеп жатабыз. Азыркы жагдайда шайлоону өткөрүү менен катар эле ал жараянга көз салуу дагы бир топ татаал болуп турат. Биз жер-жерлерге барып, эл менен такай карым-катнашта болобуз. Узак мөөнөткө келген 18 байкоочу жети облуска бөлүнүп, өнөктүктүн жүрүшүнө күбө болушат. Шайлоо бул добуш берүү эле эмес. Өнөктүктүн өзү маанилүү жана анын жүрүшүндөгү мыйзамдын сакталышы менен катар медианын да ишмердиги. Бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын иши. Биз жергиликтүү медиа шайлоону кандай чагылдырып жатканына да абай салып, ага сандык жана сапаттык жактан өз баабызды беребиз. Шайлоо алдында жана шайлоонун эртеси күнү баяндамабызды жарыялайбыз. “Азаттык”: Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери беш-алты күн өттү. Ошондой болсо да айрым партиялар менен талапкерлер №2 форма деген каттоо кагазы менен бурмалоо жасаганга аракеттенип жатканы тууралуу кабарлар бай-бай чыгып жатат. Бул тууралуу сиздерде маалымат барбы? Томас Бозеруп: Биз дүйшөмбүдөн тарта расмий ишти баштадык. Оболу Тышкы иштер министрлиги жана Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугуп, анан ишке киришебиз. Биз ошондой эле саясий партиялар, анын ичинде каттоодон өтпөй калган партиянын өкүлдөрү менен да жолугууга дилгирбиз. Ар кайсы деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, жарандык коом жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен да кезигебиз. Ошондой эле жергиликтүү байкоочулар менен да кызматташып, пикир алмашууга кызыкдарбыз. Мен жана айтып өткөндөй, адеп пландалгандай 350 киши шайлоого мониторинг жасай албай калгандыктан, жергиликтүү байкоочулардын көргөн-билгени өтө маанилүү. Андыктан азырынча сиздин суроого так жооп бере албайм. Биз адегенде шайлоочуларды каттоо системасына көз салып, анан байкагандарыбызды баяндамабызда жазабыз. Албетте, бул шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө бардык жагынан жакындан көз салып, ЕККУнун методологиясына ылайык карап, 57 мүчө мамлекет жактырып, кол койгон стандарттарга канчалык төп келгенин баалайбыз. Ошондой эле шайлоонун эл аралык стандарттары сакталдыбы же жокпу ошого көңүл бурабыз. “Азаттык”: Шайлоо өнөктүгү дароо эле кызуу башталды. Бийликке жакын жана акчалуулар менен таасирдүүлөр артында турат делген партиялар "административдик ресурсту колдонуп, шайлоодогу тең атаандаштык эрежеси бузулууда” деген маалымат келип жатат. Буга көңүл бура алдыңыздарбы? Томас Бозеруп: Биздин миссия өз ишин эми гана баштап жатат. Бул тууралуу кандайдыр бир комментарий берүүгө азырынча эрте. Албетте, биз шайлоо процессинин бардык катышуучулары менен жолугуп, алардын пикирин угууга даярбыз. Алардан алынган маалымат биздин байкоолорубузга да камтылмакчы. Биз кеткен кемчиликтерди анализдеп, өз сунуштамабызга да жазабыз. Анын баары Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүүгө көмөк болмокчу. “Азаттык”: Ушул тапта “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тегерегинде ызы-чуу күчөдү. Борбордук шайлоо комиссиясы бул партияны каттоодон өткөрбөй койду, партия болсо сотко арызданды. Ал сотко барып, алардын арыз-муңун угасыздарбы? Томас Бозеруп: Миссия бардык саясий тараптар менен жолугууга даяр. Биз ошондой эле саясий партияларга байланыштуу иштерди караган сот процесстерине да көңүл бурабыз. Бул жерде юристтердин тобу бар, алар мындай иштерге баштан-аяк көз салат. Бул биздин миссиянын бирден бир аткара турган милдети. Дүйшөмбү күнү сотко биздин өкүлдөр бара алган жок. Албетте, мындан ары бул ишти көз жаздымда калтырбайбыз. “Азаттык”: Кыргыз бийлиги бул жолу шайлоодо жаңы технологияга негизделген системаны колдонобуз деп камынып турат. Буга чейинки эки шайлоодо да электрондук система аркылуу жарандар добуш берген. Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө жаңы технология ачык жана таза шайлоо өткөрүүгө канчалык кепилдик берет? Томас Бозеруп: Мен азыр бул тууралуу жыйынтык чыгаруудан алыс болуп турайын. Биз жараянга көз салып, жаңы система кандай иштегенин карап туруп, анан баалайлы. Келечекте шайлоо системасын жакшыртуу үчүн кеп-кеңешибизди беребиз. Жакын арада шайлоо комиссиясынын бардык тепкичинде иштегендер менен жолугуп, добуш берүүгө даярдыктар, анын ичинде техникалык жактан камсыздалышы менен жакындан таанышабыз. “Азаттык”: Кыргызстан өзүн тышкы дүйнөгө парламенттик системаны куруп жаткан мамлекет катары көрсөтүп келет. Сырттан туруп караганда, кыргыз парламентаризми чындап чыйралып жатканы сезилеби? Томас Бозеруп: Мен эл аралык байкоочулар миссиясын баштап келдим жана бул менин Кыргызстанга биринчи сапарым. Биз тигил же бул өлкөдө болгон шайлоолорду же шайлоо өткөргөн мамлеттерди бири-бирине салыштырбайбыз. Биз өлкө эл аралык стандарттарды кандай сактарын жана ЕККУнун мүчө мамлекеттери кабыл алган милдеттемелерди кандай аткарып жатканын салыштырабыз. Бул жерге эл аралык адистердин тобу менен ошол миссияны аркалаганы келдик. Андыктан өз байкоолорубузга негизделген баяндама, корутунду жана сунуштама даяр болмоюнча менин комментарий бергеним орунсуз.

Подробнее
25 сентября 2020 г. 18:08

Ыйман Нуру

Ыйман Нуру Желегибиз жерге түшпөсүн Өлкөбүз өнүгүп өссүн ⠀

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:54

"Бүтүн Кыргызстандын" доо арызы боюнча сот кийинкиге жылдырылды. Себеби

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы аталган саясий бирикменин талапкерлерин каттоодон баш тарткан. Мындан соң партия сотко кайрылган.БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын доо арызы боюнча соттук процесс 9-сентябрга жылдырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен маалымдады. 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы аталган саясий бирикменин талапкерлерин каттоодон баш тарткан. Ага БШКга түшкөн тизме партиянын съездинде кабыл алынган тизмеге дал келбей калышы себеп болгон. Шайлоо комиссиясы аларды каттоодон баш тарткандыгын жана талапкерлерди тандоодогу добуш берүүдө мыйзам бузуу фактылары катталгандыгын айткан. Партиялар кайсы күнү ким менен теледебатка чыгат? Убакыт-сааты Соттук отурум 9-сентябрь күнү саат 11:00дө болот. Буга партия мүчөлөрү БШКнын мүчөлөрү Кайрат Осмоналиев менен Атыр Абдрахматованы күбө катары чакыртуу өтүнүчү себеп болду. Алар бул партиянын шайлоодон четтетилиши боюнча каршы пикир айтып келишкен. Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өлкөдө 4-октябрда өтөт.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:54

Саясий партиялар бюллетендеги катар номерин качан тандайт? БШКнын жообу

Мыйзам боюнча партиялардын бюллетендеги номери шайлоого 25 күн калганга чейин, башкача айтканда, 9-сентябрга чейин бекитилиши керек.БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жакынкы күндөрү партиялардын бюллетендеги номерин бекитүү үчүн чүчү кулак кармоо өтөт. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Ал календарлык планды көрсөтүп, номерлер шайлоого 25 күн калганга чейин, башкача айтканда, 9-сентябрга чейин бекитилиши керектигин белгиледи. "Чүчү кулак кармоо эртеңден болот. Азыр "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын даттануусу боюнча соттун чечимин күтүп жатабыз. Партия соттон утуп чыгышы толук ыктымал, анда аны да каттап, чүчү кулак кармоого киргизүүгө туура келет. Мен дагы деле ал партияны жарыштан четтетүүгө жетиштүү негиз болгон эмес деп эсептейм. Ошондуктан Атыр Абдрахматовага окшоп каршы добуш бердим", — деди Осмоналиев. Партиялар кайсы күнү ким менен теледебатка чыгат? Убакыт-сааты Белгилей кетсек, Боршайком 3-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясын талапкер катары каттоодон баш тарткан. Буга партиянын курултайда түзгөн талапкерлердин тизмеси менен БШКга жиберген тизме дал келбей турганын жүйө келтирген. Мындан сырткары, талапкерлерди көрсөтүү үчүн добуш берүүдө эреже бузуулар катталганын айткан. Буга байланыштуу партия Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган.

Подробнее
8 сентября 2020 г. 13:54

ИИМ шайлоого байланыштуу элдин колундагы курал-жарактарды текшерет

Билдирмеде аталган иш-чара өлкөдөгү коомдук тартипти сактоо багытында жасалып жатканы айтылат.БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Парламенттик шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандардын колундагы бардык курал-жарактардын түрлөрүн текшерүүгө алат. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеде мындай иш-чара коомдук тартипти сактоо багытында жасалып жатканы айтылат. Анда куралдын сакталышы жана тиешелүү документтер каралат. Коопсуздук кеңеши сот менен күч түзүмдөргө бир нече милдет жүктөдү. Тизме "Бул куралдарды колдонууну көзөмөлдөөгө жана курал ээсинин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. Анын алкагында бардык жеке менчик кайтаруу агенттиктери жана анда иштеген кызматкерлер, сый, белекке берилген, травматикалык жана өзүн-өзү коргоого ала турган курал-жарактар толугу менен текшерүүгө алынат. Ошондой эле мергенчилерге аңчылык кылууга берилген куралдар да кароодон өтөт", — деп айтылат маалыматта. Мындан сырткары, жеке жана юридикалык жактарга курал сатууга жана сатып алууга документ берүү да токтотулат. Аны менен катар курал-жарактарды саткан ишкана, дүкөндөр убактылуу жабылат.

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники