О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
17 сентября 2020 г. 1:28

Шайлоодо добуш сатып алгандар эле эмес добушун саткандарда жазаланат

Кыргызстанда шайлоочуларды сатып алгандарга жана ошондой эле добушун саткандарга да жаза каралган. Шайлоочуга карата жаза Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 42(3)-беренеси — шайлоочунун (референдумдун катышуучусу) акчалай жана материалдык сыйлык алуусу. Мындай эреже үстүбүздөгү жылдын жай айында кабыл алынган. Эгер шайлоочу өзү же ортомчу аркылуу акча же материалдык баалуулуктарга ээ болсо, ага биринчи категориядагы айып салынат (1000 сом). Белгилей кетсек, эгер шайлоо же референдум өткөрүү алдында жаран добушу үчүн акча же материалдык баалуулук алганын өз ыктыяры менен кабарласа, ал жогорудагы берене боюнча жоопко тартылбайт. Добуш сатып алгандарга карата жаза Кылмыш-жаза кодексинде 192-берене каралган ("Шайлоочунун добушун сатып алуу"). Мында жарандын добуш сатып алуу үчүн каражат же материалдык баалуулук бергени гана эске алынбастан, кайсы бир кызмат орунга жетүүгө көмөктөшкөн деп эсептелет дагы, IV категориядагы айып салынат. Анын суммасы 180 миңден 220 миңге чейин жетет. Эгер жарандардын добушун талапкер өзү же анын жубайы же жакын тууганы, болбосо ыйгарым укуктуу өкүлү сатып ала турган болсо, аларга V категориядагы айып салынат же I категория боюнча эркинен ажырайт. Башкача айтканда, 220 миңден 260 миң сомго чейин айыпка жыгылып же 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылат. Эске салсак, 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Соцтармактын колдонуучулары "добушуңду сатып алам" дегендер чыгып жатканын жазышууда. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:29

50 миң сом пул менен АШАнын акыркы балашка-спикери Дастан Жумабеков шайлоодон четтетилеби?

Президент Атамбаев маркум Чыныбай Турсунбековду спикерликтен жыга чаап, ордуна “балашкасы” Дастан Жумабековду алып келген. Ал таскактап, элдин акчасына аалам кыдырып жүргөнү менен Франкфурт-на-Майнени туура айта албай, спикер болуп туруп эл караткан жүзүбүздү жер караткан. Учурда БШКнын жумушчу тобу Жумабековдун Таластагы ооруканага жасаган сапарынын мыйзамдуулугун талдап жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, учурдагы спикер Дастан Жумабековду жарыштан четтетүүнү сунушташты. Ал административдик ресурс колдонуп жана добуш сатып алууга негизделген иштерди жасап жатканын айтышууда. Жумабековдун өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин коштоосунда Кара-Буура райондук ооруканасына барган сүрөттөрү чыккан. Ал жерде көз жарган келинге сүйүнчү пул катары 50 миң сом бергени жазылган. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бүгүнкү жыйында Дастан Жумабековдун же ал кирген "Кыргызстан" партиясын жарыштан четтетүүнү сунуштай турганын билдирди. "Дастан Жумабеков партиялардын тең укуктуулугу сактабай жатат. Үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан маалда спикерлик кызматынан пайдаланууда. Ошондой эле парламенттин маалымат кызматын колдонуп, пиар ишин жасатып жатат. Ооруканага барганы туурасында ЖКнын сайтына маалымат чыккан. Ал эми 50 миң сом сүйүнчү пул бергенин добуш сатып алуу аракети деп эсептейм. Эки мыйзам бузуунун белгилери көрүнүп жаткандан кийин БШК муну карап же өзүн, же партиясын шайлоого катышуудан четтетиши керек. Бул боюнча бүгүн БШКнын жыйында кароосун сунуштайм", — деди Абдрахматова. БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева да ушул маселени кароону сунуштай турганын билдирди. Ал эми БШКнын маалымат кызматы Жумабековдун аракетин учурда жумушчу топ карап жатканын маалымдады. Эгер мыйзам бузуу белгилери аныкталса, БШК мүчөлөрүнүн кароосуна киргизелет. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:42

Шайлоодо добушун саткандар да жазаланат! Мыйзамда жазылган эрежелер

Кыргызстанда шайлоочуларды сатып алгандарга, ошол эле кезде добушун саткандарга да жаза каралган. Эске салсак, 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Соцтармактын колдонуучулары “добушуңду сатып алам” дегендер чыгып жатканын жазышууда. Белгилей кетчү жагдай, мыйзамда добушту сатып алгандарга жана добушун саткандарга жаза каралган. Демек, шайлоочу дагы жоопко тартылышы ыктымал. Шайлоочуга карата жаза Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 42(3)-беренеси — шайлоочунун (референдумдун катышуучусу) акчалай жана материалдык сыйлык алуусу. Мындай эреже үстүбүздөгү жылдын жай айында кабыл алынган. Эгер шайлоочу өзү же ортомчу аркылуу акча же материалдык баалуулуктарга ээ болсо, ага биринчи категориядагы айып салынат (1000 сом). Белгилей кетсек, эгер шайлоо же референдум өткөрүү алдында жаран добушу үчүн акча же материалдык баалуулук алганын өз ыктыяры менен кабарласа, ал жогорудагы берене боюнча жоопко тартылбайт. Добуш сатып алгандарга карата жаза Кылмыш-жаза кодексинде 192-берене каралган (“Шайлоочунун добушун сатып алуу”). Мында жарандын добуш сатып алуу үчүн каражат же материалдык баалуулук бергени гана эске алынбастан, кайсы бир кызмат орунга жетүүгө көмөктөшкөн деп эсептелет дагы, IV категориядагы айып салынат. Анын суммасы 180 миңден 220 миңге чейин жетет. Эгер жарандардын добушун талапкер өзү же анын жубайы же жакын тууганы, болбосо ыйгарым укуктуу өкүлү сатып ала турган болсо, аларга V категориядагы айып салынат же I категория боюнча эркинен ажырайт. Башкача айтканда, 220 миңден 260 миң сомго чейин айыпка жыгылып же 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылат. Булак: Спутник агенттиги

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:42

Олигархтарга бийликти алдырып, өзүбүздү аларга кул кылбайлы

Добуш берүү күнүнө жыйырма күндүн тегерегинде убакыт калды. Учурда үгүт иштери кызуу жүрүүдө. Баягы, июнь-июль айларында болуп өткөн пандемия апааты тез эле эсибизден чыкты. Парламентке аттанган саясий партиялардын талапкерлери өлкөнү түрө кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларды уюштуруп, ар беш жылда кайталануучу убадаларды жарыша айтып жүрүшөт. Бул бизге көндүм көрүнүш. Бул шайлоодогу жаңы бир өзгөчөлүктү белгилеп коелу – бул жалаң олигархтардан куралган саясий партиялардын пайда болушу. Албетте, буга чейинки шайлоолордо деле олигархтар айрым партияларга кошулуп, бийлик бутактарына келип жатты. Бирок, бул жолкусунда алар дүңүнөн келе жатат. Бул жакшы көрүнүшпү же кооптуубу? Кепти башынан баштайлы. Тээ 1990-жылдарда олигархтар бийликке өздөрү келүүнү каалачу эмес. Алар болгону бийлик менен тил табышуу жолун туура көрүшчү. Жылдык, же бир айлык мөөнөттө «чотур» чыгарып берип туруу менен олигархтар өз ишмердүүлүктөрүн каалагандай өнүктүрүүнү колго алышчу. Ошондон улам «Мистер 10%» деген каймана атка ээ болгондор чыккан. Бара-бара олигархтар өздөрү акырындык менен бийликтин даамын татууга өтө баштады. Себеби, бийликте өзү боло турган болсо, анда эч ким менен бөлүшүүнүн кереги жок болот. Ошол эле убакта өздөрүнө ылайыктуу дагы башка бир топ ыңгайлуулуктар болот. Эгерде бийликке жалаң олигархтар топтолуп ала турган болсо, анда өлкөдө монополизация жүрөт. Кайсыл жерде кирешелүү иш боло турган болсо, ошонун баарын олигархтар өз кучагына ала баштайт. Себеби, алар атаандаштыкты сүйбөйт. Атаандаштыкка артыкчылыктар менен ээ болуунун ордуна, жөн гана тартып алуу, күч колдонуу сыяктуу кыска жолун тандашат. Ошентип монополизация болгон жерде эч качан чакан жана орто ишмкерлик өнүкпөйт. Алардын баары суу жетпеген дарактардай соолуй баштайт. Олигархтар үчүн майда-чүйдө дагы атаандаштардын кереги жок. Олигархтар үчүн өлкөбүздүн цивилдүү болушунун, мыйзамдуу жол менен өнүгүшүнүн кереги жок. Себеби, өздөрү мыйзамды айланып өтүү менен эбегейсиз байлыктарга ээ болгон. Алар ошону менен токтоп калгылары келбейт. Дагы да болсо мыйзамды айланып өтүү менен байлыктарынын үстүнө байлык кошуу максаттары бар. Бүгүнкү күндө олигархтардан куралган партиялар элге өтө чоң убадаларды тартынбай берип жатат. Акчанын күчү менен пиар жүрүштөрдү мыкты жасоодо. Акыйкаттык, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук тууралуу «жалындуу» сүйлөп турушат. Парламентке келишсе эле Кыргызстанда бейиштей жашоону түзөбүз дешет. Өнүккөн өлкөгө айлантабыз дешет. Эгерде ошондой максаттары бар болсо, анда алар мурда кайда эле? Же суроону такташтырып бере турган болсок мындай: «Урматтуу олигарх талапкерлер, силер уучтап турган байлыкты кандай жол менен таптыңар эле? Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында мамлекеттик мүлктөрдү талап-тоноого багытталган менчиктештирүүнүн, анан завод-фабрикалардын иштеп жаткан жабдууларын темир-тезекке айлантып Кытайга сатуу мененби? Же мамлекеттик кызматтарда иштеп туруп, бюджетти айланып өтүп кеткен бажы, салык төлөмдөрүнүн эсебиненби?». Дагы бир олуттуу суроо: «Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн ушул жаңы түзүлө калган партиялар (олигархтардын) кандай иштерди буга чейин жасап келишти?». Бул суроого «Элге ун тараттык, май тараттык» деген жооптун кереги жок. Мамлекетти миллиондорго «саап» туруп, кайра эле азыраак бөлүгүн «күкүм» кылып чачып коюш эрдик эмес. Андан көрө азыр шайлоо алдында берип жаткан убадаларыңардын кайсынысынын азыраак болсо да ишке ашышына көмөк кылганыңарды айткыла. Мисалы, мугалимдердин, врачтардын айлык акыларын көтөрүү үчүн силерге окшогон олигархтардын салыкты, бажы төлөмдөрүн жаап-жашырбай, жең ичинен кылбай төлөгөндөрү маанилүү. Ушуну кыла алдыңар беле? Эгерде билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарынын оңолушун кааласаңар, анда заманбап мектеп, заманбап ооруканалардын курулушуна ушул күнгө чейин көмөк жасагансыңарбы? Силерде жетиштүү каражат бар эмеспи. Андай иштерди жасашкан жок. Тескерисинче, мамлекет оорукана, мектептерди кура турган акчаларды салык жашыруу, бажы төлөмдөрүн жашыруу (контрабанда) аркылуу өздөрүнө менчиктеп келишти. Андыктан олигархтар бийликке келсе, анда мамлекетибиз үчүн эч кандай утуш болбойт. Алар маңдай тер төкпөй, жандарын кыйнабай эле мамлекеттин бюджетине түшө турган акчаларды өздөрүнүн чөнтөгүнө бура берет. Парламентке келген олигархтардын баары өлкөдө кандай товар жүгүртүлсө, ошонун баарын өзү гана саткысы келет. Ошентип орто ишкерликти ойрон кылышат. Өлкөдөгү бардык базарларды, соода борборлорун монополдоштурат. Алардан бөлөк майда ишкерлер соода-сатык жүгүртө албай калат. Натыйжада баалар асман чапчыйт. Ал карапайым элдин чөнтөгүнө зыян алып келет. Жашоо оорлошот. Демек, кандай жашоону тандай турганыбыз өз добушубуздан көз каранды. Элдин жашоосун оңдой тургандарды, мамлекетти өнүктүрө тургандарды тандап, бакубат жашайбызбы же акчасына чиренген олигархтарга алданып, төбөбүзгө чыгарып алабызбы? Муну 4-октябрдагы жыйынтык көргөзөт. Булак: media-center.kg

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:42

Абсатар Сыргабаев, “Мекенчил” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер: “Кыргызстаныбыздын эң чоң ийгилиги – анын көз карандысыздыгы, эгемендүүлүгү”

А. Сыргабаев: "Мекенчил" саясий партиясында кыргыздын мекенчил уул-кыздары чогулган. Абсатар Сыргабаев 44 жашта. “Мекенчил” саясий партиясынын курамында парламенттик шайлоого катышканга чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүн жетектеген. Эки жогорку билимге ээ: экономист жана юрист. - “Мекенчил” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровдун айланасына кыргыз элинин мекенчил жана таза уул-кыздары кошулуп жаткандыктан, мен ушул партияны тандадым. Эрте жашымдан эле адам баласына эң биринчи терең билим алуу зарылдыгын түшүнгөм. Кыргызстанды алдыңкы өлкөлөрдүн катарынан көргүбүз келсе, мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшүн кааласак, ар бирибизде бир башкы салым – жеткиликтүү билим алуу тураарын билем. Бул жаатта максатыма жеттим, бирок ошону менен токтоп калбай дайым изденүү үстүндөмүн. Билим алган сайын кудукту тереңирээк казууну көздөп, жандүйнө илим-билимге умтулуп калаарына көзүм жетти. Жаш муундарга биринчи айтаарым – Кыргызстаныбызды сабаттуу адамдардын өлкөсүнө айлантууга ар бириңер салым кошо аласыңар. Сабаттуулар көп жерде жаңылыштыкка орун аз калат. Мен кыргыз жараны катары мамлекетте болуп жаткан окуяларга кайдыгер эмесмин. Буга чейин бир топ мамлекеттик кызматтарда иштедим, Финансы полициясында, Москвадагы Кыргызстандын элчилигинде эмгектендим. Тажрыйба топтодум, ар кайсы маселелерди чечүү ыкмаларына көзүмдү каныктырдым. Менин башкы түшүнгөнүм – Кыргызстаныбыздын эң чоң ийгилиги, анын көз карандысыздыгы, эгемендүүлүгү. Дүйнө жүзүндө канча улут өз мекени жок жүрөт. А биздин Кудай берген жерибиз, ата бабабыздан калган мамлекетибиз бар. Биз ушуга сыймыктанышыбыз керек. Кейигеним – мамлекетибизде кадр саясатына орчундуу көңүл бурулбай жатканы. Мыкты, терең билимдүү жаштарыбыз жумушсуз калып, алардын ордун тааныш-билиштик менен жетиштүү жөндөмү жоктор ээлегени өкүндүрөт. Бирок келечекте бул кемчиликти жоюуга, кадр тандоодо анын билими менен жөндөмү негизги орунга чыгаарына ишеним артам. Ал үчүн баарыбыз биргеликте аракеттенишибиз керек. Парламенттик шайлоодо добушубузду соодага салбай, татыктуу партияны тандоо менен биз бул жолго багыт алган болобуз. Айыл өкмөтү – эл менен иштеген, элдин көйгөйүнө жакын, демек мамлекеттин туурун кармап турган структура. Мен айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген жылдарда өзүм үчүн мурда баамдап-билбеген көп нерсени ачтым. Карапайым калктын маселесине сүңгүдүм. Аймактарды өнүктүрүү аркылуу мамлекетти алдыга жылдырууга болооруна ынандым. Элге кантип шарт түзүү керектигин билдим. Айыл өкмөттөрдүн экономикасы – бул мамлекеттин күзгүсү. Биринчи кезекте аймактарды бутуна тургузуу мамлекеттин башкы максаты болууга тийиш. Парламентке барууга билимим, тажрыйбам жетиштүү экенине ынангандан кийин гана шайлоого аттанууга бел байладым. Эл көйгөйү бизге тааныш, андыктан бардык күчүбүздү калкыбыздын бакыбат жашоосуна арнайбыз. Булак: “Майдан. kg” гезити

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:42

COVID-19: Шайлоого карата алгоритм иштелип чыкты

Ар бир шайлоочунун идентификациялык жабдуусун дезинфекциялоо Республикалык штаб 4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоого карата калкты COVID-19 илдетинен коргоо жана санитардык коопсуздукту сактоо боюнча алгоритм иштеп чыкты. Ага ылайык: — Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогун жана иш орундарын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, каражаттарды колдонуу менен дезинфекциялоо иштерин жасоо; — Ар бир шайлоочунун идентификациялык жабдуусун дезинфекциялоо; — Кирип келе жаткан жерге колду тазалоочу санитайзер, же башка каражат орнотууну, ошондой эле жооптуу адам тарабынан байланышсыз термометрия менен келген жарандардын дене табын текшерүүнү камсыздоо; — Бет капты, кол капты жана башка жеке коргонуучу каражаттарын шайлоо участогунун мүчөсү жана келген жарандар милдеттүү түрдө колдонуусу керек; — Адамдар арасында 1,5-2 метрден кем эмес социалдык аралыкты сактоо; — Шайлоо участогунда шайлоочулардын бет кап тагынуусу абзел; — Эмерек жана техникалык жабдуулар бири-биринен 1,5-2 метрден кем эмес аралыкта жайгашышы шарт. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 999го жетти. Андан айыккандардын саны 41 миң 103. Илдеттен 1 миң 63 адам каза болду. Булак: Маралфм

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:42

COVID-19: Шайлоого карата алгоритм иштелип чыкты

Республикалык штаб 4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоого карата калкты COVID-19 илдетинен коргоо жана санитардык коопсуздукту сактоо боюнча алгоритм иштеп чыкты. Ага ылайык: — Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогун жана иш орундарын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, каражаттарды колдонуу менен дезинфекциялоо иштерин жасоо; — Ар бир шайлоочунун идентификациялык жабдуусун дезинфекциялоо; — Кирип келе жаткан жерге колду тазалоочу санитайзер, же башка каражат орнотууну, ошондой эле жооптуу адам тарабынан байланышсыз термометрия менен келген жарандардын дене табын текшерүүнү камсыздоо; — Бет капты, кол капты жана башка жеке коргонуучу каражаттарын шайлоо участогунун мүчөсү жана келген жарандар милдеттүү түрдө колдонуусу керек; — Адамдар арасында 1,5-2 метрден кем эмес социалдык аралыкты сактоо; — Шайлоо участогунда шайлоочулардын бет кап тагынуусу абзел; — Эмерек жана техникалык жабдуулар бири-биринен 1,5-2 метрден кем эмес аралыкта жайгашышы шарт. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 999го жетти. Андан айыккандардын саны 41 миң 103. Илдеттен 1 миң 63 адам каза болду.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:42

Форма-2: Ошто шайлоого карата каттоосун өзгөрткөндөрдүн саны 23 миңге жетти

16-сентябрга карата Ош шаарында «Форма-2» документи менен добуш берүүчүлөрдүн саны 23 миңдин тегерегин түзүүдө. Дагы беш миңдей арыз кароодо турат. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Расул Кадыров «Т-Медиага» билдирди. Кадыров шайлоочулардан катталган участокторун алмаштыруу үчүн көп арыз түшөөрү күтүлүп атканын айтты. «Кайрылгандар күн сайын көп болууда. 19-сентябрда кечки саат алтыдан кийин арыздарды кабыл алуу токтойт. Азырынча Ош облусунда «Форма-2″ тапшыргандар боюнча так сандар жок. Анткени саат сайын өзгөрүүдө. Кара-Суу районунда 20 миңден ашты», -дейт Кадыров. «Форма-2» — жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу арызы. Ал үчүн шайлоочу өзүнө ыңгайлуу жердеги участкалык шайлоо комиссиясына барып арыз калтырышы керек. Кыргызстанда 14-сентябрга карата шайлоочулардын саны 4 миллиондон ашты. Бир добушканадагы шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек деген чектөө бар. Ошондуктан толуп калган шайлоо участоктору «Форма-2» тууралуу арызды кабыл албайт. Буга байланыштуу Ош шаарында кошумча 10 добушкана ачылган болчу. Алар: Туран аймактык башкармалыгындагы Түштүк кыргыз геология экспедициясынын имараты; Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгындагы «Айданек» балдар бакчасы; Киров атындагы гимназия мектеби; «Асан-Үсөн» жеке ишканасынын имараты; Керме-Тоодогу «Каныкей» балдар бакчасы; Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин Черёмушкадагы филиалы; Манас-Ата аймактык кеңешиндеги юридикалык институттун корпусу; ОшМУнун медициналык колледжинин 1-корпусу; Амир-Темурдагы Шевченко орто мектеби; Курманжан Датка аймактык башкармалыгындагы Кесиптик лицей. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия катышууда.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

Шайлоо 2020. Бишкекте кошумча шайлоо участоктору ачылбайт

Ош шаарында №2 форма боюнча шайлоочулар үчүн кошумча 10 шайлоо участкасы ачылды. Бишкек шаарында жаңы шайлоо участоктору ачылбайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Жыл башында борбор калаада 32 участок түзүлүп, алар негизги тизмеге киргизилгени такталды. Шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине ылайык, бир участокто добуш берген шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. №2 формасын толтургандар кошумча участокторго добуш беришет. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун контролдук тизмесиндеги шайлоочулардын саны 3 миллион 465 миң адамды түзөт. №2 форма менен кайрылган кыргызстандыктардын жалпы саны 264,270. 3 миң 847 шайлоочу өз маалыматтарын тактоону чечишти. Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

Бүгүн Айсулуу Мамашова Ош шаарынын ар кыл тармактарындагы алдыңкы кесипкөй айымдары менен жолукту

Бүгүн,16-сентябрда Айсулуу Мамашова Ош шаарынын ар кыл тармактарындагы алдыңкы кесипкөй айымдары менен жолукту. Жолугушуунун башында Айсулуу Турусбековна эмнеге “Замандаш” партиясын тандагандыгын айтып берди. “Замандаш” жасаган ар бир ишин башкаларга окшоп жарыялабайт. Мен дагы аткарган иштеримди мактаныч болбосун деп элге жар салбайм” деп баса белгилеп, 6-чакырылышта депутат болуп турганда калктын социалдык аярлуу катмарына колунан келишинче көңүл буруп, гемодиализдин баасын арзандатуу, алимент маселеси сындуу мыйзам долбоорлорун жазганын, андан тышкары ар кандай кризистик борборлорду курууга демилге көтөргөнүн да маалымдады. “Биз билим берүү системасын өнүктүрүүгө абдан көңүл бурушубуз зарыл. Жаш балдарыбыздын ата-энелери жетишпеген жашоонун айынан башка мамлекеттерге мигрант болуп чыгып кетип жатышат. Ошондуктан биз жаш муунга татыктуу тарбия жана билим беришибиз зарыл”, – деп эң маанилүү маселе боюнча өз оюн билдирди. Бул жолугушууга катышкандар Айсулуу Мамашовага бир топ суроолорду узатып, жеткиликтүү жоопторду алышты. “Замандаштын” талапкери айымдардан “добушуңарды сатпагыла, таза партияны тандагыла” деп чакырык таштады. Алар Айсулуу Мамашованы колдоорун билдиришип, ыраазы болуп кайтышты. "Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., мкр. Джал 23, 28. Чыгарылган күнү «16» сентябрь 2020-ж. 17:26 16-09-2020

Подробнее
17 сентября 2020 г. 1:47

Дастанбек Жумабеков боюнча маселени БШКнын алдындагы ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык топ карамай болду

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков боюнча маселе БШКнын алдындагы ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык тобуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын маалымат кызматынын жетекчиси Руслан Изреков билдирди. "Бул координациялык топ укук коргоо органдарынын компетенциясындагыдай иш алып барат. Алар Жумабековдун ишин эртең карайт. Бул боюнча атайын брифинг өткөрүлөт. Ошондо жыйынтыгы билинет" , - дейт Изреков. Эске салсак, кечээ, 15-сентябрда социалдык тармактарда партиядан депутаттыкка талапкер Дастанбек Жумабековдун жаңы көз жарган аялга 50 миң сом сүйүнчү пул берди деген маалымат тараган. Анын айланасында талкуу жаралып, маселени БШКнын жумушчу тобу карагандан кийин жалпы жыйында талкууланары кабарланган. 09:32 16-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
16 сентября 2020 г. 15:21

Пайдалуу маалымат 🟠

Пайдалуу маалымат 🟠 4-октябрда КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү. Шайлоого катышуу үчүн чет өлкөлөрдө жашаган Кыргызстандын жарандары 19-сентябрга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшыруулары керек. Ал үчүн жашаган жериндеги өлкөнүн элчилигине же консулдугуна келип, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу процедурасынан өтүү зарыл: 🔸 жүзүңүздү сүрөткө тартуу; 🔸 эки колдун манжа издерин тапшыруу; 🔸 кол менен жазылган кол тамганы коюу. Сиздин жаныңызда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (iD-card) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жарандык паспорту болушу шарт. Буларды аткаруунун жол-жобосу акысыз! Ар бир шайлоочунун добушу маанилүү!

Подробнее
16 сентября 2020 г. 20:25

“Бир Бол” партиясы программасында “сервистик өкмөт” моделин сунуштоодо.

“Бир Бол” партиясы программасында “сервистик өкмөт” моделин сунуштоодо. “Калктын ишенимине ээ болбой туруп күчтүү жана туруктуу мамлекет куруу мүмкүн эмес”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Алай районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Айтымында, муну мамлекеттик кызматтардын учурдагы абалы айгинелеп турат. “Эгерде мамлекет ар бир адамдын муктаждыктарын канааттандырууну ойлосо, анда анын жашоосу үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Азыр мамлекет жарандардын кайрылуулары боюнча сылык жана тез иштей алат деп элестетүү кыйын. Бирок өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө мамлекет коомго керектүү кызматтарды көрсөтүү менен, коомдун жыргалчылыгы үчүн кызмат кылат. Кызматташуунун бул модели сервистик мамлекет деп аталат”, - деди партия лидери. Алтынбек Сулайманов “Бир Бол” партиясы өз программасында сервистик өкмөт моделине өтүүнү сунуштаганын кошумчалады. “Ал программада бардык мамлекеттик кызматтар автоматташтырылат жана санариптештирилет, документтер электрондук форматка өткөрүлөт. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекетти кызмат көрсөтүүнү аутсорсингге берүү аркылуу бюджеттик каражаттардын 10-50%ын үнөмдөөгө мүмкүн. Ошондой эле бул коррупцияны, бюрократияны жана ашыкча көзөмөлдү кыскартат”, - деди ал. Бүгүн, 16-сентябрда “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Абдисаит Каримбеков, Куштарбек Оморов Алай районунун эли менен жолугушуу өткөрүп, партиянын программасын элге тааныштырышты.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 12:40

АБИЙИР

АБИЙИР Мен эмне үчүн шайлоого аттандым? Себеби, өлкөбүздүн жана мекендештерибиздин бүгүнкү абалы мени терең ойлондурат. 2 млрд бюджети бар өлкөнүн 5 млрд карызы бар деген бул өтө начар көрсөткүч. Бул деген сөз, жаңы эле жарык дүйнөгө келген наристенин моюнуна 900 доллар карыз илинип жатат дегенди билдирет. Бул жашоонун бир күнүн да көрө элек, эс-акыл кире элек бөбөктүн келечеги анда кандай болот? Балдарыбыз бизден кийин кантип жашайт? Биз аларга бакубат жана бай мамлекет калтырбай, олчойгон карызды мураска калтырабызбы? Качанкыга чейин, жөндөмсүз адамдар өлкөнү башкарышы керек? Качанкыга чейин, шалтурук Өкмөт, чимкирик парламент өлкөнү туңгуюкка алып кете берет? Келгиле, ушул шайлоодо татыктуу, билимдүү, а эң негизгиси - абийирдүү адамдарды тандайлы! Таза адамдардан парламент курап, жөндөмдүү адистерден Өкмөт түзөлү! Эгер мен депутат болуп шайлансам, мен өз элимди жана шайлоочуларымды уят кылбайм! Мен үчүн эч качан бетиңер кызарып, жер карабайсыңар! Бийликке кошомат кылбайм жана өлкөгө, элге зыяны тийген мыйзамдарды демилгелебейм! Эгер башка депутаттар андай мыйзам долбоорлорун сунуштаса - карамандан каршы турам! Ууруларга жана коррупционерлерге каршы аесуз күрөшө алам! Мен бир гана элиме жана ошол эл ээлик кылган Кыргыз мамлекетине ак кызмат кылам деп сөз берем!

Подробнее
16 сентября 2020 г. 12:27

Наша платформа – реализация народной воли. Всё для человека! Голосуй за «Биримдик», голосуй за грамотную социальную политику!

В наших городах должно быть удобно жить гражданам нашей страны, медицина должна быть ориентирована на народ, люди, создающие все блага на нашей родной земле, должны быть в фокусе внимания государственной политики. Социальный сектор должен работать для народа! ⠀ Наша платформа – реализация народной воли. Всё для человека! Голосуй за «Биримдик», голосуй за грамотную социальную политику! ___ ⠀ Биздин шаарларда өлкөбүздүн жарандарынын жашоо шарты ыңгайлуу болушу керек, медицина элге багытталышы керек, эне жерибизде пайда жараткан адамдар мамлекеттик саясаттын чордонунда болушу керек. Социалдык сектор эл үчүн иштеш керек! ⠀ Биздин платформа – бул элдин эркин ишке ашыруу. Баары адам үчүн! «Биримдикке» добуш бериңиз, сабаттуу социалдык саясатка добуш бериңиз!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники