О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
16 сентября 2020 г. 1:33

Журналисттер жана блогерлер мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын чагылдырууну окушат

Кыргызстандын бардык журналисттери жана блогерлер мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын чагылдырууну окушат. Иш-чара 19-21-сентябрь күндөрү онлайн форматта болот. Анда журналисттер менен блогерлер шайлоо участокторунда майыптыгы бар адамдар үчүн түзүлгөн шарттарды чагылдырууну, шайлоого келген майыптыгы бар адам менен маек куруунун өзгөчөлүгүн, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар тууралуу маалыматтарды даярдоону жана алардын укуктары жөнүндөгү БУУнун Конвенциясынын негизги нормаларын үйрөнүшөт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо майыптардын укугу эске алынарын кабарлаган. Ага ылайык, саясий жарышка аттанган партиялар үгүт кагаздарындагы жазууларды көзү начар көргөн кишилер үчүн чоңураак ариптерде жана Брайль арибинде жазууга милдеттендирилген. Сүрөт www

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:34

«Биримдик» Токтогулда: Партияны башкаруу бир колго берилбейт!

«Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын үгүт кербени Жалал-Абад жергесинде эл менен жолугушууларын баштады. Талапкерлердин алгачкы жолугушуусу Токтогул районунун тургундары менен болду. Партия лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров Токтогул районунун тургундары менен болгон жолугушууда добуш берүү жарандардын конституциялык укугу, жарандарыбыз ага жоопкерчилик менен мамиле кылуусу зарыл экенин айтты. Жергиликтүү бийлик бардык партияларга бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп берүүсүн, кайсы бир партияга кызмат көрсөтүп, башка партияларды кысымга албоосун кошумчалады. Андан ары сѳзүн улаган Зулпукаров : «Биримдик» партиясы кимге жакса ал ошонун партиясы. Мугалимге жакса мугалимдики, дарыгерге жакса дарыгердики, фермерге жакса фермердики. Биз партияны диктатордук башкарууга, партиянын бийлигин бир колго башкарууга бербейбиз , - деп билдирди. ***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:35

“Бир Бол” ЖМКлар тарабынан жаштардын жана билимдүүлөрдүн партиясы деп таанылды

ЖМКлар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча “Бир Бол” партиясы бир катар көрсөткүчтөр менен 1-орунга чыкты. Kaktus.media редакциясынын изилдөөсү боюнча, “Бир Бол” – жаштардын партиясы деп табылды. Партиянын курамы 95% жаңыртылып, талапкерлердин орточо жаш курагы – 37 жашты түздү. Жыйынтыкта, “Бир Бол” аталган маалымат каражатында берилген тизменин 1-сабына чыккан. Ошондой эле, Sputnik.kg сайтынын санагына караганда “Бир Бол” партиясынын тизмесинин 95%ын жогорку билимдүүлөр түзүп, башка партиялардын ичинен сап башында турат. Кошумчалай кетсек, “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлигин 108 киши койгон. Анын ичинен 63%ы эркектер, калган 37%ы аялдар. Курагы 35 жаштан ашпаган талапкерлер 44%ды түзөт. Ошондой эле башка улуттун өкүлдөрүнүн саны – 28. Мүмкүнчүлүгү чектелгендерден 4 жаран талапкерлигин койгон. Учурда Кыргызстандагы айрым ЖМКлар саясий партиялардын курамын иликтеп, аны окурмандарга сунуштап жатат. Бул өз кезегинде туура тандоого багыт берүүгө жардам берет. “Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 15-сентябрь, 2020-жыл.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:35

Улукбек Кочкоров: «Биримдик» жергиликтүү ѳндүрүшчүлѳрдү колдой турган механизмди сунуштап жатабыз

Бул тууралуу Улукбек Кочкоров «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын Токтогул районунун эли менен жолугушуу учурунда айтты. Улукбек Кочкоров «Биримдик» партиясы окумуштуу, адис, эксперттер, ѳндүрүшчүлѳр, элита, интеллигенция ѳкүлдѳрү менен ийри отуруп, түз кеңешип, анализдеп, талдап жакшы программа даярдалганын белгиледи Анын айтымында, атамекендик ѳндүрүштү колдоо менен гана экономикабызды ѳнүктүрѳ алабыз. Эгемендикке келгенден бери Кыргызстандын ички рыногунун 80 %ын чет ѳлкѳлѳрдүн товарлары каптап кетти. Бир жылда кыргыз эли турмуш тиричиликке 400 млрд. сом жумшайт. Тилекке каршы, бул акчанын 80 %ы чет элдик товар ѳндүрүүчүлѳргѳ, алардын экономикаларынын ѳнүгүүсүнѳ жумшалууда. «Биримдик» партиясы атамекендик ѳндүрүүчүлѳрдү колдоого алып, Кыргызстандын элинин акчалары ѳлкѳ ичинде калтырууну кѳздѳгѳн программаны сунуш кылууда. Бул программа партия Жогорку Кеңешке баргандан 3 айдан кийин ишке ашырыла баштайт. Ал кандай программа? Программага ылайык, элдин алган маяна, жѳлѳк пулдары ѳлкѳнүн экономикасын кѳтѳрүүгѳ багытталат. Тагыраак айтканда, жѳлѳк пул, пенсиялар аркылуу атамекендик ѳндүрүшчүлѳрдү колдой турган механизми сунушталууда. Жарандар карточкага салынган акчага улуттук ѳндүрүштѳгү товарларды сатып алып, кызмат кѳрсѳтүүлѳрдѳн пайдалана алат. Бул акчалар экономиканы кѳтѳрүп, жергиликтүү ѳндүрүшчүлѳрдүн иштеринин ѳргѳлѳѳсүнѳ ѳбѳлгѳ болот, мамлекеттик бюджеттин кирешеси кѳбѳйѳт. Социалдык, инфраструктуралык кѳйгѳйлѳрдү чечүүгѳ киреше булагы пайда болот. «Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 15-сентябрь 2020-жыл.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:36

«Республика» №14. Аттестат менен кошо программист дипломуна ээ бол!

“Республика” партиясы билим берүү тармагында чечкиндүү реформаларды жүргүзүп, кагаз бетинде эмес, чыныгы санариптештирүүнү ишке ашырат. Ар бир окуучу мектепте жана кесиптик лицейде билим алуу менен бирге заманбап кесипти өздөштүрөт! 100 миң мектеп бүтүрүүчүсү 11-класстын аттестаты менен бирге программисттин дипломун алып чыгат. Кыргызстан келечекте өзүнүн Кремний өрөөнүн же Сколково сыяктуу долбоорлорун иштетүүгө түрткү берген каржы жана технологиялык платформаларды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. » Тездик менен өнүгүп жаткан санарип коому IT-адистерине көбүрөөк муктаж болуп жатат. Бүгүнкү күндө көптөгөн электрондук кызматтар жана операциялар үчүн төлөмдөрдү блокчейнсиз элестетүү мүмкүн эмес! Программисттер — бул Джобс сыяктуу дүйнөнү өзгөртө турган жаңы муун, алар өзүнүн интуициясына жана намыскөйлүгүнө таянышы керек. Бул жогорку айлыкты камсыздаган эң жаңы кесип, биз бардык мектептерде ушул багытта билим алууну киргизебиз!», — деди “Республика” партиясынан талапкер Дайан Белек. Буга чейин «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев улан-кыздар милдеттүү түрдө 11-классты мектепте, колледжде же кесиптик лицейлерде аяктоосу керек деген демилге көтөрүп, мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бул багытта атайын изилдөөлөрдү жүргүзгөндө 200 миң кыргызстандык тогузунчу классты бүткөндөн кийин эч жерде окубай калган. Айрымдары акча табуу максатында алыскы жана жакынкы өлкөлөргө мигрант болуп кетсе, кээси көчөдө бош жүргөндүктөн кылмыштуу жана ар кандай экстремисттик топтор тартып кетүүдө. Бул мыйзам кабыл алынган жана 2021-жылдан тарта күчүнө кирет. Буга улай «Республика» партиясы эми бардык орто мектеп окуучуларына программисттен баштап ашпозчуга чейинки кесиптерге ээ болуу мүмкүнчүлүгүн сунуштап жатат. Андан тышкары, «Республика» партиясы мамлекеттик кызматтарды толугу менен санариптештирүүнү жактайт . Санариптештирүү өлкөнүн бардык тармактарын камтышы керек, бул билим берүү тармагынан жана мамлекеттик кызматтардан башталышы зарыл. «Кагаздар жоголуп кетиши мүмкүн. Ал эми санариптик блокчейн менен эч качан мындай маселе болбойт. «Республика» буга чейин керексиз маалымкаттарды азайтып, калкты тейлөө борборлорун ачкан. Эми калк учүн мамлекеттик кызматтарды алуу дагы жеңилдейт. Мамлекеттик кызматтарды телефондун көлөмүнө чейин кыскартабыз! Паспортту үйдөн чыкпай эле аласыңар! Келечекте кагаздар болбойт», — дейт «Республика» партиясынан талапкер. «Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жоюп тышкы чалгындоо кызматын түзүү, прокуратураны жоюп, аны Адилет министрлигинин курамына киргизүү суроолору турат. Партия жумуш орундарын түзүү жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. «Республика» стратегиялык маанидеги ишканалардан тышкары, бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:36

Шайлоо-2020: Бюллетендерди “Учкун” басмаканасы даярдайт

Бүгүн, 15-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында “Учкун” ААКда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн бюллетендердин даярдалышын аныктоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине жана “КР шайлоолорунда жана референдумдарында шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды. Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 4-октярбда өтөт. Ага жалпысынан 16 саясий партия катышат. Булак: NazarNews.kg

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:39

БШК: “Мекеним Кыргызстандын” талапкерине айыппул салынат

БШКнын арызды талкуулаган иш тобу партияга жазуу түрүндө эскертүү берүүнү сунуш кылып, натыйжада комиссия талапкер Исамамбетовго карата гана жаза чарасын көрүү тууралуу чечим чыгарды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын депутаттыкка талапкери Кылычбек Исамамбетовду үгүт эрежесин бузгандыгы үчүн административдик жоопко тартмай болду. Мындай чечим БШКнын 14-сентябрындагы отурумунда кабыл алынды. Боршайкомго жарандардын биринен үгүт өнөктүгү учурунда мыйзам бузулганыдыгы тууралуу арыз түшкөн. Анда “Мекеним Кыргызстан” партиясы коюлган чектөөгө карабастан концерт өткөргөнү, анда ырдаган ырчы кыздын жаш курагы да суроо жаратып жатканы айтылган. Териштирүү учурунда партиянын өкүлдөрү мындай иш-чара Баетов айылында өткөнү анык экенин, бирок бул тууралуу партия жетекчилигинин кабары болбогонун, жаза чарасын партияга эмес, талапкердин өзүнө колдонуу керектигин айтышты. БШКнын арызды талкуулаган иш тобу партияга жазуу түрүндө эскертүү берүүнү сунуш кылып, натыйжада комиссия талапкер Исамамбетовго карата гана жаза чарасын көрүү тууралуу чечим чыгарды. Талапкер шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп жаткандагы музыкалык номер жөнүндө кабары болбогонун, ырчыны өзү кийлигишип токтотконун айтып берди. Талапкер “Бузуулар жөнүндө” кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деген 44-беренесинин негизинде жазаланмай болду. Ага ылайык, жазалануучу тарапка айыппул салынат. 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. 4-сентябрда бир айлык үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоого 16 саясий партия катышууда. Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу үгүт учурунда мурдагыдай стадиондордо жана көчөлөрдө концерт, жолугушуу, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Бирок дебаттарды өткөрүүгө көбүрөөк убакыт бөлүнгөн. Булак: Азаттык

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:39

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкерине айып салынат

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-сентябрдагы жыйынында “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын талапкери Кылычбек Исмамбетовго "Тартип бузуу тууралуу” кодекстин «Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу» боюнча 44-беренесине ылайык, айып пул салуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын маалыматтык бөлүмү билдирди. БШК 14-сентябрда Д. Жусуповдун аталган саясий партиянын үгүт иштеринин талабын бузуп жаткандыгы боюнча арызын карап, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Партиянын өкүлү Канат Азиз БШК жыйынында саясий жетекчиликтин бул окуя тууралуу маалыматы жок экенин билдирген. Депутаттыкка талапкер Кылчбек Исмамбетов музыкалык номер уктурула турганын билбегенин жана байкалар менен токтотулганын айткан. Жыйында “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясына эмес, анын талапкери Исмамбетовго административдик чара көрүү, айып пул салуу жагы кабыл алынды.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

Шайлоо 2020. Саясий партиялар 441 миллион сомдон ашык каражат сарпташты

БШКнын көзөмөлдөө жана текшерүү тобу катталган саясий партиялардын түшкөн кирешеси жана чыгашасы жөнүндө маалымат берди9-июлдан 11-сентябрга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясы 94 миллион 180 миң 238 сом чогултуп, 90 миллион 445 миң 319 сарптады. 8 миллион 642 миң 760 сом «Социал-демократтар» партиясынын шайлоо эсебине которулуп, 8 миллион 535 миң 966 сарпталды. «Бир Бол” өзүнүн эсебинде 34 миллион 189 миң 156 сом, 33 миллион 865 миң 396 сарптады. «Республика» 21 миллион 821 миң 655 сом чогултуп, 20 миллион 639 миң 151 сарптады. «Биримдик» партиясында 97 399 900 сом болсо, чыгымдар 86 миллион 753 миң 491 түздү. “Чоң Казатта” 6 миллион 172 миң 914 сом бар. Саясий бирикме 6 миллион 38 миң 446 сарптады. «Мекенчил» партиясы 11 375 392 сом чогултуп, 10 785 669 сарптады. «Ата Мекен» 41 миллион 400 миң 620 сому чогултуп, 36 миллион 950 миң 610 сарптады » Реформа» 7 миллион 72 миң 542 сом чогултуп, 6 миллион 508 миң 830 сарптады. “Кыргызстан” 71 миллион 579 миң 622 сомду түзөт. Чыгымдар 71 миллион 461 миң 368 түздү. » Ордо» 6 миллион 243 миң сом чогултуп, 6 миллион 121 миң 401 сарптаган. «Мекен Ынтымагы» 6 миллион 676 миң 838 сом чогултуп, 6 миллион 603 миң 620 сарптады. «Замандаш» партиясы 36 миллион 510 миң сом чогултуп, 35 миллион 414 миң 723 сарптады. “Бүтүн Кыргызстан” өз эсебинде 5 миллион 858 миң 400 сом бар. Сарпталган — 5 миллион 745 миң 266. «Ыйман Нуру» партиясынын эсебинде 6 миллион 500 миң 300 сом болсо, 6 миллион 395 миң 750 сарпталды. «Афганистандагы согуштун ардагерлери» партиясы жана башка жергиликтүү аскердик чыр-чатактардын катышуучулары 9 миллион 319 миң 500 сом чогултушту. Сарпталган — 9 миллион 303 миң 665. Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Алар 4-октябрда болот. 3-октябрь өлкөдө жымжырттык күнү болот — шайлоонун катышуучуларынын ар кандай үгүт иштерине тыюу салынат.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

Шайлоо 2020. БШК бюллетендерди сүрөткө тартууга тыюу салынгандыгын эскертет

БШК шайлоочу жашыруун добуш берүү учурунда уюлдук телефон же камера менен бюллетендерди үчүн сүрөткө тартууга укугу жок экендигин эскертет.Шайлоочу жарандык милдетин аткаргандан кийин дагы бюллетенди сүрөткө тарта албай тургандыгын түшүндүрдү. Ошондой эле, бюллетендин графасын кызыл, жашыл же кара сыя менен толтурууга тыюу салынат. Документ бузулган деп эсептелет. Бекитилген графикке ылайык, бюллетендер 25-сентябрдан кечиктирилбестен басылып чыгышы керек. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун контролдук тизмесиндеги шайлоочулардын саны 3 465 000 адамды түзөт. 3 миң 847 шайлоочу өз маалыматтарын тактоону чечишти. Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

Шайлоо-2020: Шайлоо өнөктүгү кызып, партиялар теледебатка аттанды (график)

Өлкөдө шайлоо өнөктүгү кызып, партиялар теледебатка аттанган кез келди. Ага ылайык, кечээ, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан партиялардын талапкерлеринин алгачкы дебаты өттү. КТРК каналындагы теледебаттар төмөндөгү тартип менен өтөт: Лидерлер теледебаты - 28-сентябрдан 2-октябрга чейин; Айым талапкерлердин теледебаты - 21-23-25-сентябрь; Жаштар теледебаты - 14-16-18-сентябрь. "ЭлТР" телеканалындагы теледебаттар төмөндөгү тартип менен өтөт: Талапкер партиялар менен түз байланыш - 14-сентябрдан 18-сентябрга чейин; "Элге эмне дейсиз?" программасы - 28-сентябрдан 2-октябрга чейин; Лидерлер теледебаты - 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин; Партиялар теледебаты түз эфир - 21-сентябрдан 25-сентябрга чейин. 18:10 15-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
15 сентября 2020 г. 22:07

Мына адам зат көрүңүздөр..

Мына адам зат көрүңүздөр.. ---------------------- Чаткал райондо алтын казган фирмалар. дарактарды, арчаларды жулуп ыргытып, жаратылышты талкалап, экологияга өтө чоң зыян келтирип жатышат!!!😡😡😡☝️☝️☝️ ------------------------ Каракече жолу Тоолор кулаганда Кудайым өзүң сактай көр. Эгерде Кумтөрдө ушундай көчкү жүрсө не болорун билесизби? Кумтөрдөгү цианид калдык топтолгон жер жарылса анда цианид уулу зат түптүз Ыссык Көлгө, Нарын дариясына агылып барып куюлат. Бул катастрофа бүтүндөй орто азияны каптайт. Ойгон! Ойлон! Бул чындык!

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:45

"Дастанбек Жумабеков көз жарган аялга 50 миң сом сүйүнчү берди". БШК аны жарыштан четтетүүнү карайт

Шайлоого аттанып жаткан "Кыргызстан" партиясы кайрадан талкууга жем таштады. Социалдык тармактарда партиядан депутаттыкка талапкер Дастанбек Жумабековдун жаңы көз жарган аялга 50 миң сом сүйүнчү пул берди деген маалымат тарады. Теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева Жогорку Кеңештин төрагасынын Таласка болгон иш сапарында Дастан деген ысым коюлган ымыркайдын энесине 50 миң сом бергендиги тууралуу билдирүү жарыялаган. Көп өтпөй БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Атыр Абдрахматова дагы бул тууралуу пикирин билдирди. "Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жаш энеге 50 миң сом сүйүнчү бергени тууралуу, анын төрагалык макамы менен пайдаланып жарнама кылуусу боюнча БШКнын мүчөлөрүнө, Жумабековдун же "Кыргызстан" саясий партиясынын жоопкерчилигин карап, каттоосун жокко чыгаруу боюнча сунушумду жөнөттүм. Бирок менин сунушум өткөн жок. Маселе күн тартибине киргизилген жок" , - деген Абдрахматова. SUPER.KG порталы бул боюнча БШКга Дастан Жумабековдун маселеси жыйында каралабы жана качан деген суроо менен кайрылды. "Бүгүнкү, 15-сентябрга белгиленген күн тартибине бул маселе киргизилген эмес. Бул маселе алгач жумушчу топтун жыйналышында, андан соң БШКнын жыйынында каралат. Ал эми жумушчу тобунун жыйналышы эртең БШКнын жыйынынан кийин болот" , - дешти мекеменин маалымат кызматынан. 17:23 15-09-2020 Автор: Бактыгүл Султаналиева

Подробнее
15 сентября 2020 г. 13:39

"Манас" эпосун сактоо жана манасчылардын мурасын коргоого багытталган "Манас-Мурас" коомдук фондунун жана "Сайра комуз" фондунун негиздөөчүсү.

"Манас" эпосун сактоо жана манасчылардын мурасын коргоого багытталган "Манас-Мурас" коомдук фондунун жана "Сайра комуз" фондунун негиздөөчүсү. ⠀ Манасчы - бул катардагы кесип эмес, бул ыйык өнөр. Бала кезинен бери элдик оозеки чыгармачылыкка кызыккан Абылкасым мырза манасчыларга колдоо көрсөтүп, бул өнөрдү дүйнөгө таанытууга аракет кылып келет. ⠀ Экономика, финансы, бийлик жашообузда албетте, маанилүү, бирок маданий мурас жана тарых алардан кем эмес, жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү. Ошондуктан бул маселелерге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу керек. ⠀ "Ата Мекен", #6! ⠀ * Абылкасым Шерниязов — кандидат от партии «Ата Мекен»! Абылкасым является основателем Общественного фонда «Манас-Мурас» и фонда «Сайра комуз», которые занимаются уникальной деятельностью в стране — сохранение культурного наследия «Манас» и его прославителей — манасчы. Манасчы это не профессия, не должность, это дар, который очень редок, что вызывает трепет и уважение у любого кыргызстанца. Абылкасым с детства был вовлечен в народную культуру, развивая сообщество манасчы, помогая выйти легендарному эпосу на мировой уровень. Помимо экономики, финансов, власти, денег и многих других факторов в жизни каждого гражданина, мы считаем, что культурное наследие, история и память о нашей истории должны находиться в высоком приоритете у государства и жителей страны. «Ата Мекен», №6!

Подробнее
15 сентября 2020 г. 14:36

Экинчи күн - Лейлек!

Экинчи күн - Лейлек! ⠀ Кыргызстандын ар бир бурчунда, ар бир аймагында биздин партияны таанышат, билишет жана күтүшөт! ⠀ "Ата Мекен" үгүт кербенинин жолугушуулары ар бир район, ар бир айылдан чогулган жактоочуларыбыз жана партиялаштарыбыздын колдоосу менен оңой эле уюштурулду. Анткени биз үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында жолугушуу өткөрүү маанилүү эле. ⠀ Сүрөткө түшүү, жакшы сөз айтуу үчүн эмес, жаңы, жаш "Атамекенчилер" менен тааныштыруу, жаңы дем, жаңы жүздөр, жаңы программаны танытууну максат кылганбыз. ⠀ 24-сентябрга чейин түштүк жергесинде болобуз. Ар бириңиздер менен жолугушууга аракет кылабыз! ⠀ "Ата Мекен", #6! ⠀ * ⠀ День второй — Лейлек! ⠀ Наша партия — одна из немногих партий, кто может со 100-процентной уверенностью сказать, что в каждом регионе нас знают и ждут! ⠀ Организация каравана нам далась легко — сторонников много, со-партийцы представляют каждый район и город. Мы хотели охватить каждую точку страны. ⠀ Не слова ради, не ради фотографий, а чтобы показать новых, молодых и амбициозных "атамекеновцев", которые презентуют нашу программу «Жаны Дем». ⠀ До 24 сентября наша команда пробудет на юге страны, где мы охватим каждый район и село. Будем рады встрече с каждым из вас! ⠀ «Ата Мекен», №6!

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники