О проекте Статистика Проверка

Статьи

4136

Все статьи

4136

Позитивные статьи

0

Негативные статьи

0

Нейтральные статьи
16 сентября 2020 г. 1:22

Кыргызстандын ЛГБТ коомчулугу саясий топторго кайрылды

Кыргызстандын ЛГБТ платформасы социалдык топторду шайлоо маалында терс өңүттө пайдаланбоого чакырды. 14-сентябрда таратылган билдирүүдө айтылгандай, Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында ЛГБТ-адамдар социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында душман катары сыпатталып, айрым саясий партияларды «дискредитациялоо» максатын көздөп жатат. «Тилекке каршы, коомдун бөлүнүп-жарылуусу, ЛГБТ-жарандардын чыныгы абалын, күн сайын кабылып жаткан көйгөйлөрүн билбестиги жана ыплас саясий манипуляция саясатчыларга упай топтоп берет. Кыргызстандын ЛГБТ-платформасы Жогорку Кеңешке аттанган бир да саясий партия менен жана бир да талапкер менен кызматташпай турганын, байланышы жоктугун билдирет», деп жазылат кайрылууда. Ошондой эле соңку жылдары бийлик өкүлдөрү саясий манипуляция максатында ЛГБТ-адамдарга каршы такай терс образ түзүп жатканы сындалган. Кыргызстанда жыныстык азчылык өкүлдөрүнө катаал мамиле жасаларын укук коргоочулар айтып жүрүшөт. 2019-2020-жылдары 8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик жүрүшүн айрымдар «гей-парад» деп баалашкан. Жарандык активисттер коррупцияга каршы эки жолу уюштурган #ReАкция митингин «ЛГБТ топтордун акциясы» катары сыпаттагандар болгон. ЛГБТ коомчулугу аны четке каккан. Парламенттик шайлоо алдында соцтармакта «ЛГБТнын укугун коргойт» деген өңүттө айрым партияларды сындаган посттор жазылган. Кыргызстандын ЛГБТ платформасы - укук коргоочулардын, активисттердин бейформал уюму. 2014-жылдан бери ишмердик жүргүзөт. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган. (SE)

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:22

БШК мүчөсү «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү маселесин кароону сунуш кылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоо мекемесине «Кыргызстан» саясий партиясынын жоопкерчилигин жана аны парламенттик шайлоодон четтетүү маселесин кароону сунуш кылды. Бул сунушун ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Буга Жогорку Кеңештин спикери, аталган партиянын тизмесинде шайлоого аттанган Дастанбек Жумабековдун жаш энеге 50 миң сом сүйүнчү бергени тууралуу маалымат негиз болгон. Абдырахматова Жумабеков кызматтык макамынан пайдаланып, шайлоо мыйзамынын эрежелерин бузган деп эсептейт. «Сунушум - бул иш БШКнын 15-сентябрдагы саат 16:00дө өтө турган жыйынында каралууга тийиш», - деди ал «Азаттыкка». Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары жумушчу сапар менен барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган. Спикердин басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков окуяга мындай түшүндүрмө берди: «Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аркалай берет. Уулдуу болгон келин баласына спикердин атын койгон экен. Ошого акчалай жардам көрсөттү. Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөлү». Төраганын фонду - мамлекеттик каражат. Шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо административдик ресурсту пайдаланган болот. Чөнтөгүнөн акча берсе - шайлоочуну сатып алуу болот. Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган. (SE)

Подробнее
15 сентября 2020 г. 19:44

"Жайдын башында "3 каналдын"

"Жайдын башында "3 каналдын" кенсесине кол салуу болду. Бул окуядан кийин бизде бандиттик тартиптер жана зомбулук системасы орногонун, биз олкобузду, эркиндигибизди жоготуу коркунучу алдында турганыбызды тушунуп, саясатка аттандым. Биз эркин жана онуккон олкодо жашагыбыз келсе, балдарыбыздын келечеги биз учун маанилуу болсо, ирип-чириген коррупциялык спруттан, уурулукту даназалаган жана туу туткан "атка минерлерден", соз эркиндиги менен демократияны жок кылуу аракеттеринен арылышыбыз керек!"

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:22

КСДПнын жетекчиси Абдрахмановдун арызын БШК канааттандырган жок

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Сагынбек Абдрахманов жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) арызын канааттандыруудан баш тартты. Арыз 14-сентябрда комиссиянын жыйынында каралганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Абдрахманов Боршайкомго жазган арызында КСДПнын алты мүчөсүнүн башка партиялардын тизмесинде шайлоого катышып жатканын мыйзамсыз деп эсептеген. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов, Элвира Сурабалдиева, Кожобек Рыспаев, Гүлкан Молдобекова, Анвар Артыков, Нурбек Касымбеков аталган. Буга байланыштуу арыздануучу аталган саясатчыларды тизмесине киргизген «Мекеним Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Ата Мекен» партияларын өз каталарын жоюуга милдеттендирүүнү БШКдан суранган. БШКнын жумушчу тобу аталган талапкерлер арыздарында бир учурда бир нече партиянын мүчөсү экени тууралуу далилдерди келтирбегендигин, мыйзам саясий партияларга башка партиянын мүчөлөрүн талапкер катары көрсөтүшүнө тыюу салбай турганын, бир адам бир партиянын гана тизмесинде болушу керек деген гана норма бар экенин билдирди. Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты 27-майдан бери Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Анвар Артыков жетектейт. Июль айында КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясынын аты аталган мүчөлөрүнүн үчөө партиядан чыгуу тууралуу арыз бергени кабарланган. Сагынбек Абдырахманов жетектеген КСДП шайлоого катышуу ниетин билдирип, бирок, талапкер катары катталган эмес. 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. 4-сентябрда бир айлык үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоого 16 саясий партия катышууда. (RK)

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:23

БШК: айрым жарандар мөөнөтү бүткөн паспорту менен добуш бере алышат

БШКнын чечимине ылайык, эгер мекендештердин паспортунун мөөнөтү 1-январдан 30-декабрга чейин болсо, анда ал документ 31-декабрга чейин жарактуу деп эсептелет.БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын паспортунун жарактуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди. Мындай чечим өкмөттүн токтомуна ылайык кабыл алынган. Буга байланыштуу эгер чет өлкөдөгү мекендештердин паспортунун мөөнөтү 1-январдан 30-декабрга чейин болсо, анда ал документ 31-декабрга чейин жарактуу деп эсептелет. Сөз 2006-жылкы үлгүдөгү, ошондой эле 2004-жылдагы ID-паспорт тууралуу болуп жатат. Натыйжада жарандар 4-октябрдагы шайлоого катышып, добуштарын бере алышат. Мөөнөтү бүткөн паспорттун жарактуулугун узартуу КРде жашагандарга тиешелүү эмес Белгилей кетчү жагдай, мындай паспорттун ээлери 31-декабрга чейин документтин мөөнөтүн узартуу үчүн өздөрү жашаган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигине кайрылуулары керек.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:23

БШК мүчөлөрү Дастан Жумабековду жарыштан четтетүүнү сунуштады. Төрага эмнеден жазды

Учурда БШКнын жумушчу тобу Жумабековдун Таластагы ооруканага жасаган сапарынын мыйзамдуулугун талдап жатат.БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, учурдагы спикер Дастан Жумабековду жарыштан четтетүүнү сунушташты. Ал административдик ресурс колдонуп жана добуш сатып алууга негизделген иштерди жасап жатканын айтышууда. Жумабековдун өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин коштоосунда Кара-Буура райондук ооруканасына барган сүрөттөрү чыккан. Ал жерде көз жарган келинге сүйүнчү пул катары 50 миң сом бергени жазылган. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бүгүнкү жыйында Дастан Жумабековдун же ал кирген "Кыргызстан" партиясын жарыштан четтетүүнү сунуштай турганын билдирди. "Дастан Жумабеков партиялардын тек укуктуулугун сактабай жатат. Үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан маалда спикерлик кызматынан пайдаланууда. Ошондой эле парламенттин маалымат кызматын колдонуп, пиар ишин жасатып жатат. Ооруканага барганы туурасында ЖКнын сайтына маалымат чыккан. Ал эми 50 миң сом сүйүнчү пул бергенин добуш сатып алуу аракети деп эсептейм. Эки мыйзам бузуунун белгилери көрүнүп жаткандан кийин БШК муну карап же өзүн, же партиясын шайлоого катышуудан четтетиши керек. Бул боюнча бүгүн БШКнын жыйында кароосун сунуштайм", — деди Абдрахматова. Азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатат. Тизме БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева да ушул маселени кароону сунуштай турганын билдирди. Ал эми БШКнын маалымат кызматы Жумабековдун аракетин учурда жумушчу топ карап жатканын маалымдады. Эгер мыйзам бузуу белгилери аныкталса, БШК мүчөлөрүнүн кароосуна киргизелет.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:25

Партиялар ортосундагы теледебаттар КТРКнын жаңыланган студиясында өтүп жатат

КТРКда теледебаттардын сезону башталды. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ат салышып жаткан партиялардын ортосундагы телетаймаштар кезек-кезеги менен өтүп турат. Учурда жаш талапкерлердин теледебаттары өтүп жатат. Андан соң, айым талапкерлердин, кийин партия лидерлеринин ортосундагы теледебаттар өтөт. КТРКда теледебаттар өтүп жаткан студиялардын баары жаңыртылып жасалгаланган. Коомдук телерадиоберүү корпорациясында теледебаттар башталды. Алдыдагы парламенттик шайлоонун өлкө үчүн маанилүүлүгүн жана учурдагы пандемия шартын эске алуу менен теледебаттар атайын баскычтарга бөлүнгөн. Буга чейин партия өкүлдөрү өздөрүнүн программаларын калың журтка тааныштырып, аймактардагы элдердин суроолоруна жооп беришкен. Учурда кезек партиялардын жаштар канатына келип, 35 жашка чейинки дымактуу талапкерлер телетаймашта дараметин көрсөтүүдө. Келе жаткан аптада КТРКда өтүүчү теледебаттарга партиядагы айым талапкерлер келишип, өздөрүнүн ойлорун, партиясынын өлкөнүн өнүгүүсүө багытталган программаларын ортого салышат. Ал эми акыркы 3-жумада болсо парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын лидерлери келип, кызыктуу таймаш болот. Теледебаттар өтүүчү студиялардын баары жаңы. Жасалгалоо үчүн акыркы үлгүдөгү технологиялардын баары колдонулду. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ат салышып жаткан партиялардын далалат кылган мүдөө максаттарын элге жеткирүү үчүн КТРКда бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:25

Дастанбек Жумабеков келинге сүйүнчү бергени тууралуу маселе БШКда каралат

4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын катарында талапкер болуп аттанган Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берди. Бул тууралуу Айзада Жамгырчиева фейсбук баракчасына жазып чыкты. "50 миң сүйүнчү пул" эмне болду??? Ай алтындарым, секетиң кетейиндерим! Кече күнү КР ЖК төрөгасы Дастан Жумабеков Таласка болгон расмий иш сапарында жаңы төрөлгөн "Дастан" ысымындагы ымыркайга өзүнүн үй- бүлөсүнүн атынан "50 миң сом" берди! Жакынкы жылдарда Кыргызстанда жаңыдан туулган ар бир ымыркайга мамлекет тарабынан ушундай “сүйүнчү” берилээрине ишендирип кетти",- Айзада Жамгырчиева. Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого аттанган талапкерлер үгүт учурда кайрымдуулук иштер менен алектенбеши, жарандарга акчалай жардам бербеши керек экенин эскерткен. Шайлоо эрежесине ылайык, үгүт маалында адамдарга берилген материалдык жардамдын баары добуш сатып алуу болуп саналат. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов спикердин келинге акча бергени тууралуу маселе караларын билдирди. Ал эми БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Жумабеков өз макамын пайдалануу менен үгүт маалында берген сүйүнчү пул административдик ресурсту колдонуу болуп эсептелерин айтты. Спикердин басма сөз катчысы окуяга мындай түшүндүрмө берди: «Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аркалай берет. Уулдуу болгон келин баласына спикердин атын койгон экен. Ошого акчалай жардам көрсөттү. Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөлү». Анын артынан Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрага акчаны үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары бергенин билдирди.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:26

Добуш берүүгө барганда бет капчан барыңыз. Шайлоо учурунда коопсуздукту сактоо боюнча алгоритм иштелип чыкты

Республикалык штаб ЖК депутаттык шайлоону уюштуруу жана өткөрүү алкагында, COVID-19 вирусунан калкты коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо боюнча алгоритм иштеп чыкты. Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан Шайлоо участогун жана иш орундарын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, каражаттарды колдонуу менен дезинфекциялоону камсыздоо; Ар бир шайлоочуга чейин жана андан кийин идентификация жабдуусун дезинфекциялоо; Кирип келе жаткан жерге колду тазалоочу санитайзер же башка каражат орнотууну, ошондой эле жоопкер адам тарабынан байланышсыз термометрия менен келген жарандардын дене табын текшерүүнү камсыздоо; Беткапты, колкапты жана башка жеке коргонуу каражаттарын Шайлоо участогунун мүчөсү жана келген жарандар милдеттүү түрдө колдонуусу керек; Адамдар арасында социалдык аралыкты сактоо – 1,5-2 метрден кем эмес; Шайлоо участогунда шайлоочулардын беткап тагынуусу абзел; Эмеректин жана техникалык жабдуунун бири-биринен 1,5-2 метрден кем эмес аралыкта жайгашышы шарт. Агитация, шайлоо процессинде, Шайлоо участогунун ишинде санитардык талаптарды сактоо боюнча кененирээк маалыматты жана участокко келбестен шайлоого катышууну төмөндө алсаңыз болот.

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:27

Кыргызстандын ЛГБТ платформасы бир дагы партия менен кызматташпай тургандыгын билдирди

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, адамдын укуктары жана эркиндиктери эң жогорку баалуулуктарга таандык жана эч кимди жынысы, расасы, тили, майыптыгы, улуту, дини, жашы, саясий жана башка ишенимине, билимине, тегине, мүлкүнө жана башка абалына карата кодулоо мүмкүн эмес. ошондой эле башка жагдайлар. Анын үстүнө, Кыргыз Республикасы БУУнун мүчөсү, адам укуктары жаатындагы эл аралык келишимдердин катышуучусу жана аларды сактоого милдеттүү. Акыркы жылдары мамлекеттик кызматкерлер ЛГБТ темасын (лесбиянка, гей, бисексуал жана трансгендерлердин кыскартылышы - ред.) Саясатташтырып, саясий манипуляция максатында ЛГБТ адамдарынын терс көрүнүшүн системалуу түрдө жаратышууда. Ошентип, 2016-жылы конституциялык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-беренесинин 5-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталды, ага ылайык "нике жалаң эркек менен аялдын ортосунда түзүлүшү мүмкүн". Ошол мезгилге чейин, Кыргыз Республикасында ушул пункт камтылып, эгемендүүлүктүн 25 жылында бир жыныстуу нике түзүлгөн эмес. Эксперттер реформага чейин колдонулган никенин конституциялык аныктамасы “үй-бүлө жана нике мамилелерин укуктук жөнгө салууда эч кандай көйгөйлөрдү жаратпайт жана шашылыш өзгөртүүлөрдү талап кылбайт” деп бир нече жолу белгилешкен. Реформанын демилгечилеринин ЛГБТ адамдарына болгон чыдамсыздык сезимине кайрылуусу жана бир жыныстагы гипотетикалык никени дээрлик улуттук коркунуч катары көрсөтүү, эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан "мыйзам долбоорунун авторлорунун чыныгы, саясий кара ниеттерин жаап-жашыруу" катары бааланган. Эгемендүү Кыргызстандын саясий практикасында ЛГБТ адамдарына карата зомбулукка чакыруу иш жүзүндө кадимки көрүнүшкө айланды. Ушундай эле чакырыктарды саясатчылар, анын ичинде парламент депутаттары 2019-2020-жылдардагы 8-марттагы тынчтык жүрүшүнө жана башка коррупцияга каршы жарандык аракеттерге байланыштуу айтышты. Саясий күчтөр ЛГБТ жарандарынын терс көрүнүшүн жаратып, саламаттыкты сактоо, билим берүү, калктын жакырданышы жана бийликтин учурдагы пандемиянын чакырыктарына жана экономикалык кризиске тиешелүү деңгээлде жооп бере албай жаткан көйгөйлөрдөн алаксытуу максатында. ЛГБТнын адамдарын душмандын сүрөтү катары колдонууга болгон тенденция ЖКдеги шайлоо жарышында айрым саясий партияларды социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында "жаманатты кылуу" максатында активдүү колдонулат. Тилекке каршы, коом бытыранды жана уюлдашкан, ошондой эле ЛГБТ жарандарынын чыныгы абалы жана биз күн сайын туш болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө начар маалымдалган чөйрөдө мындай ыплас саясий манипуляциялар алардын демилгечилерине кыска мөөнөттүү саясий дивиденддерди алып келет. Ушуга байланыштуу, Кыргызстандын ЛГБТ платформасы бир дагы саясий партия жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен кызматташпай тургандыгын жарыялады. ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү ар түрдүү жана ар кандай идеологияларды, баалуулуктарды жана принциптерди карманат жана ошого жараша, алардын муктаждыктарын канааттандырган жана алардын үмүтүн актай алган партиялар үчүн добуш беришет. Ошондой эле, биз бийликти саламаттыкты сактоо, билим берүү жана экономика жаатындагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө жана айрым социалдык топторду “эл душмандары” катары колдонбоого, өлкөнүн бардык кыйынчылыктарына жана ийгиликсиздиктерине күнөөлүү деп эсептейбиз. Биз, Кыргыз Республикасынын жарандары катары, пандемия жана экономикалык абалдын начарлашына байланыштуу кыйынчылыктарды коомубуздун бардык башка өкүлдөрү сыяктуу эле баштан кечирип жатабыз. Ошол эле учурда, биз күн сайын туш болуп жаткан ЛГБТ адамдардын терс көрүнүштөрү, басмырлоо жана зомбулук ансыз деле кейиштүү абалды ого бетер курчутат. Биз жарандар жана шайлоочулар катары добуш берүүгө байкоо салып, жигердүү катышабыз. ЛГБТ платформасы тең укуктуулук үчүн күрөштү улантып, ар кандай басмырлоодон жана коррупциядан алыс болгон өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошорун жарыялады. Платформа жөнүндө: Кыргызстандын ЛГБТ платформасы - ЛГБТ уюмдарынын, укук коргоочуларынын жана активисттеринин 2014-жылдан бери иштеп жаткан расмий эмес бирлиги. "Кыргыз Индиго" коомдук бирикмеси Фото www

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:27

"Бир Бол" шайлоочуларды сатып алуу боюнча шектелди. Партиянын берген жообу

Твиттер социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири пост жазып чыккан,анда "Бир Бол" партиясы добуштарды пара менен алмаштыргандыгы айтылган. Ал жерде Бишкектин 1030-шайлоо участогуна таандык жарандын коңшулары, "Бир Бол" партиясын колдоп добуш берүү үчүн тургундардан маалыматтарды чогултуп жатат деп айтылган. Кийин белгилүү болгондой, басылманын автору сунушталган акчадан баш тарткан. Ошол эле учурда БШКнын басма сөз кызматы Vesti.kgге билдиргендей, бул басылмалар БШКнын алдындагы Ыкчам жооп тобуна изилдөө үчүн жөнөтүлдү. Өз кезегинде Vesti.kg сайтына комментарий берген «Бир Бол» партиясы паракорлукка каршыбыз деп ишендирип, мындай аракеттерге баргандар жооп беришерин айтышты. "Биз шайлоочуларды сатып алууга каршыбыз жана башка партияларды мындай ыкмаларды колдонбоого чакырабыз", - деп жооп берди партия. - Басылманын авторунан толук маалыматтын бардыгын бизге жөнөтүп коюусун сурандык. Эгер бул тастыкталса, анда пара алгандарга олуттуу чаралар көрүлөт. Эльдос Казыбеков Фото www

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:27

БШК Дастан Жумабеков жаңы төрөлгөн ымыркайдын үй-бүлөсүнө 50 миң сом берген-бербегени мыйзамдуубу аныктайт

Парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков Таласка болгон иш сапары учурунда үй-бүлөсүнүн атынан жаңы төрөлгөн үй-бүлөгө Дастан аттуу балага белек кылып 50 миң сом тапшырды. Бул тууралуу журналист Айзада Жамгырчиева социалдык тармактардагы баракчасына жарыялады. Анын айтымында, спикер жакынкы жылдары Кыргызстанда ар бир жаңы төрөлгөн мамлекет ушундай "сүйүнчү" чыгарат деп ишендирди. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова буга реакция жасап, кесиптештерине депутаттыкка талапкер Дастан Жумабековдун же “Кыргызстан” партиясынын каттоосун жокко чыгарууну сунуштады. Анын айтымында, ЖК төрагасы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана КРнын ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын эки талабын - административдик ресурстарды колдонууга жол бербөө жана шайлоо өнөктүгүн өткөрүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө сыяктуу талаптарды бузган. Vesti.kg Борбордук шайлоо комиссиясынан түшүндүрмө сурады, алар бул маселе маалымат жана үгүт иштери боюнча жумушчу топтун кезектеги отурумунун күн тартибине киргизилгендигин айтышты. Фото www

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:27

Жамшитбек Калилов шайлоого катышуусу жөнүндө: Мен эч качан коррупция менен алектенген эмесмин

Парламенттик шайлоого катышуусу менен коомчулуктун нааразычылыгын жараткан Транспорт жана жолдор министринин кызматынан кеткен Жамшитбек Калилов чуулгандуу окуя менен Vesti.kg сайтына берген маегинде эч качан коррупция менен алектенбегендигин айтты. Анын айтымында ал Транспорт министрлигин жетектеп турганда, өзүнүн программасын иштеп чыгып, коррупциянын көрүнүштөрүнө каршы ар тараптуу күрөшүп келген. Ошол эле учурда Калилов анын маалыматтарын ачыкка чыгарган жок. "Мен Транспорт жана жолдор министри болуп туруп, коррупция менен күрөштүм" дейт Жамшитбек Калилов. - Аны жок кылуу боюнча программа иштеп чыгып, эч кандай атын атабай , укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта болуп турдум. Сунуштарды бердим. Ошол эле учурда депутаттыкка талапкер бош эмес экендигин айтып жатып, эмне үчүн “Биримдик” партиясынан Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюуну чечти деген суроого жооп берген жок. Эскерте кетсек буга чейин Калилов Транспорт министрлигин жетектеп келген, бирок былтыр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анын кызматтан кетишине чейин коррупциялык жаңжал чыккан - Калиловдун орун басары Азимкан Жусубалиев УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ушундан кийин Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Калиловдун кызмат ордун ээлөөгө укугу жок деп билдирди. Июль айында сот Азимкан Жусубалиевди күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан жана материалдык далил катары алынган акча мамлекеттин эсебине которулган. Көпчүлүк социалдык тармактардын колдонуучулары Калиловдун жаңы саясий дымактары жөнүндө укканда нааразычылыгын билдиришти. Шайлоого талапкерлигин көрсөткөндө Калилов «Кыргыз Темир Жолу» НК Мамлекеттик ишканасынын алдындагы темир жолду долбоорлоо жана куруу боюнча дирекцияны жетектеген. Эльдос Казыбеков Фото www

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:27

Медициналык кызматкер: ҮМБда COVID-19 статистикасын азайтуу боюнча буйрук болгон эмес. Бул шайлоого кандай таасир этиши мүмкүн?

Келе жаткан парламенттик шайлоого байланыштуу борбор калаадагы ҮМБго COVID-19 оорусунун статистикасын кыскартуу тапшырмасы берилгендиги тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына берген маегинде Бишкек шаардык мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин медициналык жардам бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Керимкулова билдирди. "Биз статистиканы кыскарта албайбыз" деди ал. - Статистика шайлоого кандай таасирин тийгизиши мүмкүн? Мындай көрсөткүч болгон эмес. Саламаттыкты сактоо министрлиги туура маалымат берет. Каражаттын жетишсиздигинен ооруканалар жабылды деген туура эмес. Алар жабылган жок: шаймандар, хабдар, штативдер, керебеттер - бардыгы өз ордунда. Алар эч нерсеге тийишкен жок. Оорулуулардын саны кыскаргандыгына байланыштуу ооруканалар убактылуу ишин токтотту . Оорунун эң жогорку чегинде бейтаптардын саны 4 миңге жеткен. Акыркы күндөрү Спорт Ордосунда 30 бейтап калган. Андан тышкары, Керимкулова белгилегендей, бул шаар боюнча 30 бейтапкалган. - Эмне үчүн анда чоң имараттарды колдонуу керек? - деп сөзүн улады медик. - Ооруканалар тынымсыз тазаланып турат. Оорулуулардын саны өссө, клиникалар ишин уланта беришет. Анын үстүнө, пандемия учурунда дарыгерлер иштешкен, аларды негизги жумушунан алаксытууга туура келген. Эскерте кетсек, кыргызстандыкк борбор калаадагы Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна COVID-19 статистикасын кыскартуу боюнча оозеки буйрук берилгенин билдирген. Каражаттын жетишсиздигинен улам ооруканалар жабылгандыгын белгиледи. Анын айтымында, башка жарандарды жуктурган коронавирус менен ооругандар ҮМБга келип дарыланат. Жаран: "Чындыгында шайлоо адамдын жашоосунан жогору турабы?" - деп нааразы болду. Медина Купсулдаева

Подробнее
16 сентября 2020 г. 1:33

Атыр Абдрахматова «Кыргызстан» партиясынын жоопкерчилигин жана аны шайлоодон четтетүү маселесин кароону сунуш кылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоо мекемесине «Кыргызстан» саясий партиясынын жоопкерчилигин жана аны парламенттик шайлоодон четтетүү маселесин кароону сунуш кылды. Бул сунушун ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Буга Жогорку Кеңештин спикери, аталган партиянын тизмесинде шайлоого аттанган Дастанбек Жумабековдун жаш энеге 50 миң сом сүйүнчү бергени тууралуу маалымат негиз болгон. Абдрахматова Жумабеков кызматтык макамынан пайдаланып, шайлоо мыйзамынын эрежелерин бузган деп эсептейт. Спикердин басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков окуяга мындай түшүндүрмө берди: «Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аркалай берет. Уулдуу болгон келин баласына спикердин атын койгон экен. Ошого акчалай жардам көрсөттү. Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөлү». Сүрөт интернеттен алынды

Подробнее

Язык

Партии

Дата

Источники